Erkeği hamile kalan tek canlı türü denizatlarıdır. Erkek denizatı yumurtalarını aşağıdaki resimde de görüldüğü gibi karnının altındaki kesede haftalarca taşır. |
Эркек деңиз аттары ургаачыларынан алган жумурткаларды сактай ала турган бир жумуртка басуу чөнтөкчөсүнө ээ.
Ургаачы эмбриондорун эркектин жумуртка басуу чөйчөгүнүн ичине таштайт. Эркек болсо бул жумурткалар өрчүп, кичинекей деңиз аты болгонго чейин аларды чөйчөгүнүн ичиндеги плацентага окшош суюктук менен тамактандырат жана жумуртка басуу чөйчөгүнүн ички кыртышындагы капиллярлар аркылуу жумурткаларга кычкылтек берет. Эркектин кош бойлуулук мөөнөтү болжол менен 10-42 күн арасы болот. Бул убакыт бою ургаачы күн сайын жубунан кабар алат. Бул зияраттар жана саламдашуу кыймыл-аракеттери ургаачыга жубунун качан «туушу» жөнүндө кабар берет жана бул убакыт ичинде ургаачы кайрадан жумурткалоо үчүн даярданат.63
Атерина балыктары башка балыктардан өзгөчөлөнүп, жумурткаларын кургактыкта топурактын ичине көмүшөт, себеби жумурткалары ушундай чөйрөдө гана өрчүй алат. Бирок атериналар үчүн кургактыкка кыска мөөнөткө чыгуу да өлүмгө барабар. Бирок мындай коркунучка карабастан, муну жасашат, себеби эгер мындай кылышпаса, тукум курут болушат.
Аллахтын илхамы менен кыймылдаган бул балыктар эң ылайыктуу учур жана эң ылайыктуу шарттарда кургактыкка чыгышат. Атериналар жумурткаларын кумга көмүү үчүн айдын толушун күтүшөт. Себеби ай толгондо, толкундар көтөрүлүп, бүт жээк кумдарын каптайт. Атерина балыктары болжол менен үч саатка созулган суунун көтөрүлүү убактысын колдонушат жана аларды жээкке жеткире турган эң бийик толкундун ичине өздөрүн ташташат. Кургактыкка ушундай жол менен чыга алган ургаачы атериналар суунун сыртында калган бул кыска мөөнөт ичинде усталык менен жыйрылып бүктөлүп жатып кумдун дээрлик 5 см тереңдигине жумурткаларын ташташат.
Бирок коркунуч муну менен бүтпөйт, атерина балыктары деңизге кайра кайта алуу үчүн суу кайра тартыла электе жумурткаларын кумга көмүшү керек. Байкалгандай, бул балыктар жумурткалары жакшылап өрчүй алышы үчүн чоң бир жан аябастыкка барышып, өздөрүн абдан чоң бир тобокелдикке салышууда. Ошол эле учурда абдан акылдуу аракет кылышууда.64
Бир атерина балыгынын жумурткалоо үчүн өзүн коркунучтарга ташташы жана акылдуу кыймыл-аракеттер жасашы жөнүндө ой жүгүртүлгөндө, бул балыктан башка бир акыл жана аң-сезимдин бар экендиги апачык көрүнөт. Жумурткалоо үчүн жүздөгөн оңой ыкма турганда, атерина балыгы жумурткаларын кумга көмүү жолун тандайт. Бул балык, эволюция теориясы жактагандай, жумурткаларын кумга көмүү адатына кокустуктар натыйжасында ээ болду дейли. Анда кандай болот? Балык али биринчи баскычта, кумга жетип жумурткаларын көмүүгө аракет кылып жатканда эле өлөт. Жасап көрүү-жаңылуу жолу менен эң ыңгайлуу учурду табышына эч мүмкүнчүлүк бербей турган шарттардын ичинде жашап жатат жана мындай шартта балыктын тукумунун уланышы эч мүмкүн эмес. Атерина жумурткаларын кумдун ичинде өрчүй ала турган кылып жараткан Аллах балыктарга кумга жете ала турган эң ыңгайлуу учурду да илхам кылууда жана натыйжада алардын жашашын жана көбөйүшүн камсыздоодо.
Ургаачы жаа суучул балыгы майдан июньга чейинки убакта жумурткалайт. Бул периоддо куйругунун астындагы түстүү тагы даанараак абалга келет. Бир көл же агын суунун жээгинде көгөргөн бир жерди тандап, өзүнө айлана абалында бир уя курат. Эркек балык болсо уя куруу убагында айланып сүзүп өсүмдүктөрдү төмөн көздөй бастырат. Ургаачы жумурткаларды таштаар замат жумурткалар өсүмдүктөрдүн сабактарына жана жалбырактарына жабышат. Эркек балык болсо жумурткалардын башында кароол болуп баштайт. Кийинчерээк болсо кайра эле айланып сүзүп, бир суу агымын пайда кылат жана ушундайча жумурткаларды желдетет. Мындан тышкары, эркек жаа суучул балыгы балдарын бойлору 10 сантиметр болгонго чейин коргойт.65
Yumurtalarını Havalandıran Horozbina BalıklarıDişi horozbina balığı, yumurtalarını kayalardaki yarıkların içine ya da denizin dibinde duran şişelerin iç yüzeylerine yapıştırır. Daha sonra ise erkek balık, bu yumurtaların başında nöbet tutmaya başlar. Balık, kuyruğunu sallayarak yumurtaların etrafında bir su akımı oluşturur ve böylece onların yeterli oksijen almalarını sağlar.66 |
Som Balıklarının Zorlu Üreme Yolculuğu: | |
Göç eden som balıkları | Akıntıya karşı yüzen som balıkları |
Som balıkları hayatlarının ilk beş yılını açık denizlerde geçirirler ve bu süre içerisinde vücut kaslarını geliştirip, yağ depolayarak büyük ve güçlü bir balık olana kadar dolaşırlar. Bu beş yılın sonunda, erginliğe erişen som balıklarının artık vücutlarında depoladıkları her kaloriye ihtiyaçları vardır. Çünkü doğdukları tatlı sulara geri dönmeleri ve orada yumurtlamaları gerekmektedir. Som balıkları, yumurtlama alanına ulaşabilmek için çok uzun bir yol katederler. Ve bu yolculuk sırasında, akıntıya karşı yüzerler, hatta çağlayanlarda yukarı doğru atlayarak ilerlerler. Som balıkları, tuzlu sudan tatlı suya geçtikleri andan itibaren beslenmeyi bırakırlar ve son yolculuklarını, enerjilerinin tamamına yakınını kullanarak tamamlarlar. Sonunda üreme işi gerçekleştikten sonra, çok fazla zarar görmüş bedenlerindeki dokuları tükenmiştir ve hemen ardından ölürler. Som balığının bu, kendini feda eden davranışının tek açıklaması vardır: Bu balık Allah'ın kendisi için düzenlediği sisteme itaat etmektedir. Üremek için doğduğu tatlı sulara dönmesi, bunun için belirlenmiş bir vakti hesaplaması ve çok zorlu koşullara rağmen yolculuğundan vazgeçmemesi… Bunların hiçbirini bu balıklar kendi iradeleri ile gerçekleştiremezler. Ve hiçbir balık kendi kararıyla bu kadar planlı ve üstün bir fedakarlık gösteremez.67 |
Жыл сайын декабрь жана январь айларында боз кит Түндүк муз океанынан жолго чыгат жана Түндүк Американын түштүк-батыш жээктеринен өтүп, Калифорнияны көздөй сүзөт. Максаты төрөө үчүн жылуу сууларга жетүү. Эң кызыгы боз кит бул сапары учурунда эч нерсе жебейт. Бирок алдын ала чара көрүп, узун жай күндөрү бою түндүктүн азык жагынан бай сууларындагы азыктар менен өзүнө энергия жыйнаган. Боз кит Батыш Мексиканын тропикалык сууларына жетээр замат тууйт. Балдар энелеринин сүтү менен азыктанат жана майларын кубаттандырышат, натыйжада башка боз киттер менен бирге мартта Түндүк океанды көздөй жасалчу көчкө күч топтогон болушат.68
Sihlid balıklarının yavruları için en korunaklı yer annelerinin ağzıdır. |
Ургаачы жана эркек цихлид балыктары жумурткалары жана балдарына абдан көңүл бурушат. Балыктардын бири жумурткалары турган жердин үстү жагында турат жана тынымсыз куйрук жана канаттары менен аларды желдетет. Ургаачы менен эркек бир канча мүнөттө бир кезек алмашышат. Желдетүүнүн максаты жумурткалар жакшы өрчүшү үчүн көбүрөөк кычкылтек берүү. Бул аракет мындан тышкары, козу карын спораларынын жумурткалардын үстүнө жайгашып, өрчүшүнө да тоскоол болот.
Цихлиддердин жумурткалары менен алектенишинин негизги максаты – бул жумурткаларды таза кармоо. Бул үчүн төлдөнбөгөн жумурткаларды жеп калган жарактуу жумурткалардын жабыркашынын алдын алышат. Кийинки баскычта болсо жумурткаларды турган жеринен алып, кумда казган оюктарынын бирине алып барышат. Ташуу жумушун болсо ар жолкуда ооздоруна бир канча жумуртка алуу менен аткарышат. Бири чуңкурга баратканда, экинчиси кароолдукта турат. Анан муну кайталашат. Балдары жумурткадан чыкканда, ургаачы менен эркек аларды этияттык менен коргошот. Көбүнчө жумурткадан жаңы чыккан балдары чогуу болушат, топтон бирөөсү бөлүнгөндө, ургаачы же эркек бул баласын оозу менен алып, кайра беркилеринин жанына алып барат.69
Тазалыкка маани берген бир гана цихлид балыктары да эмес. Мисалы, ургаачы кырк муун жумурткаларын кандайдыр бир козу карын бактерия коркунучунан коргоо үчүн аларды бат бат жалап турат. Андан соң алардын айланасында бүктөлүп, балдары жумурткадан чыкканга чейин аларды душмандарынан коргойт.70
Ургаачы осьминог болсо жумурткаларын бир жардын оюгуна коюп, аларды дайыма карап турат. Туткачтары менен бат бат тазалап турат жана таза суу менен аларды чайкайт.71
Африка материгине жеткен күн нурлары кээде жандыктар үчүн өлүмгө себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, көптөгөн жандык мындай өлтүрүүчү нурлардан коргонуу үчүн өзүнө көлөкө жерлер издешет. Түштүк Африка төөкушу болсо өзүнөн көбүрөөк жумурткаларын жана балдарын ойлоп, аларды күндүн нурунан коргойт. Бул үчүн алардын үстүндө турат жана бат бат кенен канаттарын жайып, жумуртка жана балдарын күн нурунун тийишинен тосот.72 Бирок көңүл бурулган болсо, бул жандык күндүн нурларына «өз денесин» тосууда. Бул болсо анын жан аябастыгынын абдан даана бир далили.
Bir çok kuş türü yavrularını ve yumurtalarını sıcağın etkisinden korumak için onlara gölge oluştururlar. Bu fedakarca hareketin çeşitli örnekleri resimlerde görülmektedir. 1. 2. 3. Sağda ve en alttaki resimlerde yavrularına ve yumurtalarına gölgelik oluşturan devekuşları görülmektedir. 4. Üstteki resimde ise Zambiya'da yaşayan bir leylek türü yavrusunu sıcaktan korumaya çalışırken görülmektedir. |
Ургаачы курт жөргөмүш жумурткаларын айлана же линза абалындагы жибек бир куурчакчанын ичине койот. Муну бир гана жумурткаларын коргоо максатында даярдаган. Ургаачы бул куурчакчаны курсагынын арка учуна жабыштырат жана бүт жерге муну менен бирге барат. Куурчакча ал жерден түшүп калса, ургаачы кайтып барып аны алат жана кайра курсагына жабыштырат.
Балдары жумурткадан чыккан соң дагы бир мөөнөт бою куурчакчада калат; убактысы келип куурчакча жарылганда, ургаачынын сыртына тырмышышат. Ургаачы аларды ушундайча көтөрүп жүрөт. Кээ бир түрлөрдө балдары ушунчалык көп болгондуктан, кичинекей жөргөмүштөр кабат кабат жыйылып, ургаачынын жонун капташат. Маалыматтар боюнча, кичинекейлер бул мөөнөттө азыктанышпайт.
Башкача бир түр болгон керемет курт жөргөмүшү болсо июнь же июль айларында жумурткалар жарылаарда, куурчакчаны денесинен түшүрөт жана үстүнө бир чатыр өрөт. Чатырдын жанында кароолдукка турат. Кичинекейлер жумурткадан чыккан соң жибек чатырдын ичинде белгилүү мөөнөт калып, өрчүшүн толукташат. Бул периоддо эки жолу түлөшөт, кийин таркашат.73
Жөргөмүш сыяктуу бир жандыктын туруктуулук, көңүл буруу, боорукердик жана сабыр сыяктуу өзгөчөлүктөрдү камтыган кыймыл-аракеттерди жасашы, албетте, абдан ойго салуучу.
Dişi örümcek yumurtalarını ve yavrularını ipek bir kesenin içinde taşır. Bu kese dişi örümceğin cüssesine göre oldukça büyüktür. Bu nedenle, yumurtalarını özenle koyduğu keseyi tutabilmek için parmak uçlarında durmak zorundadır. Yavrular yumurtadan çıkmak üzereyken, dişi örümcek yavrularını koruyacak yeni bir ipek kılıf daha örer. Yavrular eski keselerinden çıktıklarında, bu koruyucu kılıfa girerler ve orada anneleri tarafından korunurlar.74 |
Arizona Sycamore Kanyonu'nda dev su böceğinin (Abedus berberti) erkeği, döllediği yumurtaları sırtında taşır. Bu yumurtalar onun sırtına dişisi tarafından yapıştırılır. Babanın yavrulara özen gösterdiği böceklerden olan bu erkek, yumurtaları ıslatmak ve havalandırmak için her türlü çabayı gösterir. 76 |
Суунун үстүндө жашаган кээ бир курт-кумурскалардын иши абдан оор: жумурткаларын суунун үстүнө ташташса, жумурткалар куурайт, суунун астына ташташса, жумурткадан чыккан балдары дем ала албай калат. Мындай абалда эркек курт-кумурскалар жоопкерчиликти алышат жана суунун үстүнө таштаган жумурткаларды тынымсыз нымдап, желдетишет.
Lethocerus түрүндөгү ири суу курт-кумурскаларынын ургаачысы жумурткаларын сууда сүзгөн бир бутактын үстүнө таштайт. Эркеги болсо бат бат сууга чүмкүп, үстүнө чыкканда бутакка жармашып, сууларын жумурткалардын үстүнө тамчылатат; мындан тышкары кол салуучу курт-кумурскаларды жумурткалардан алыс кармашат. Бирок белостома түрүндөгү ири суу курт-кумурскаларынын (көбүнчө сүзүү көлмөлөрүндө кездешет) ургаачысы жумурткаларын бир клей менен эркектин жонуна жабыштырат. Эркек курт-кумурска суунун үстүндө сүзүшү жана бул жумурткаларды желдетүүсү керек. Арткы буттарын алдыга-артка кыймылдатып же бир бутакка жармашып, сааттар бою буттары үстүндө жаланып, жумурткалардын үстүнө суу чачат.
Ушуга окшош бледиус түрү кынканаттуулар, бембидион түрү кургактык кынканаттуулары жана heterocerus түрү саздак кынканаттуулары толкундарда жумурткаларынын сууда буулушунан кызыктуу жол менен коргошот: тар моюндуу бир шишеге окшош жумуртка кампаларынын оозун суулар көтөрүлүп жатканда жабышат жана суулар төмөндөп жатканда ачышат.75
Курт-кумурскалардын да жумурткалары үчүн мынчалык этияттык кылышы жана аларды акылдуу жолдор менен коргошу абдан ачык жана так көрүнүп турган жаратуу чындыгын дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Avustralya'da yaşayan bu kokulu böcek yumurtalarını büyük bir itinayla korur. Onları bir dalın etrafına birbirlerine yapıştırarak sarar ve kesinlikle başlarından ayrılmaz. |
Kazıcı yaban arısı hiç görmeyeceği yavrusu için büyük bir çaba harcayarak yuva yapar ve yuvanın içine yavrusu için yiyecek depolar. |
Казуучу жапайы аары катары таанылган бир жапайы аары түрү личинкасы үчүн алгач жерде ийилген бир оюк ойот. Бул жерде жапайы аары сыяктуу кичинекей бир жандык үчүн топуракты казып, бир оюк жасоонун канчалык оор экенин айта кетүү керек. Бул үчүн алгач жаагы менен топуракты көтөрөт жана алдыңкы буттары менен чыгарган топурагын артка ыргытат.
Бул жапайы аарынын дагы бир маанилүү жөндөмү бар; жасаган оюгунун айланасында эч качан бир из калтырбайт, абдан уста бир камуфляж устасы. Бул үчүн алгач казган топурак бөлүкчөлөрүн жаагынын астына жайгаштырып бөлүк бөлүк кылып ташыйт жана уядан алыс бир жерге, бир үйүк болбой турган кылып ар жерге таштайт. Ушундайча уясы үчүн коркунуч жараткан курт-кумурскалардын көңүлүн бурбаган болот.
Жасаган чуңкуру жапайы аарынын денесинчелик болгондо, оюктун ичине бир жумуртка жана азыгы бата турган чоңдукта бир бала бөлмөсүн жасайт. Андан соң чуңкурду убактылуу жабат жана курт-кумурскага аңчылыкка чыгат.
Жапайы аарынын бардык түрлөрү курт, чегиртке же кара чегиртке сыяктуу бир курт-кумурсканы кармоодо адистешет. Жапайы аарынын аңчылык кылуу ыкмасы белгилүү болгондон абдан өзгөчө. Себеби жапайы аары жумурткасы үчүн аңчылык кылганда, «жемин» өлтүрбөйт, аны ийнеси менен сайып мунжу кылат жана уясына ташыйт. Андан соң «жеминин» үстүнө жалгыз бир жумуртка таштайт. Мунжу болгон курт-кумурска болсо жумуртка жарылып, личинка азыктанууну каалаганга чейин бузулбастан турат.
Жумурткасынын азыгын жана жашай турган жерин камсыздаган соң жапайы аары үчүн кезек жумуртканын коопсуздугун камсыздоого келген болот. Эми уянын кире беришин абдан этияттык менен топурак жана шагыл таш жыйындылары менен жабат. Андан соң жаагы менен бир шагыл ташын алып, аны чекич катары колдонот жана шагылдарды майдалап топуракты түздөйт. Эң аягында тикендүү буттары менен топуракты тырмалайт; уянын кире бериши толук жабылганга чейин ал жерди этияттык менен шыпырат. Уя толугу менен жашырылган болот, бирок жапайы аары буга ыраазы болбойт жана кошумча бир чара катары уянын жакын жерлерине эки же үч даана бош тузак оюк казат. Бул жабык жана корголгон уянын ичиндеги личинка ал үчүн даядардалган азык менен бир өспүрүмгө айланат жана уядан өз алдынча чыга алат.77
Жапайы аары баласын эч качан көрбөйт. Бирок, ошого карабастан, баласы үчүн машакаттуу жана сабыр талап кылган бир даярдык жасап, ар түрдүү муктаждыгын алдын ала даярдаган. Кылган кыймыл-аракеттеринин баары эч жан аябастан жасалган жана келечекти эске алып, жакшылап пландалган. Биз билгендей бир мээси да жок болгон бир жандыктын буларды өз башы менен жасабагандыгы, ага булардын бардыгы акыл жана илим ээси бир Күч тарабынан жасаттырылганы даана көрүнүп турат.
Мурдараак да айтылгандай, эволюционисттер жандыктар ушундай кыймыл-аракет кылууга программаланган деп айтышат. Эволюция теориясы боюнча бул программанын ээси – бул жансыз жана аң-сезимсиз табиятта ишке ашкан кайра эле аң-сезимсиз кокустуктар. Жандыктар ээ болгон абдан татаал жана кереметтүү өзгөчөлүктөр жөнүндө ой жүгүртүлгөндө, бул догманын канчалык акыл жана логикага сыйбай тургандыгы апачык көрүнүүдө. Бүт жандыктардын Аллахтын илхамы менен кыймылдаганы – акылдуу жана абийирдүү адам оңой гана көрө ала турган апачык бир чындык.
O Allah ki, yaratandır, (en güzel bir biçimde) kusursuzca var edendir, 'şekil ve suret' verendir. En güzel isimler O'nundur. Göklerde ve yerde olanların tümü O'nu tesbih etmektedir. O, Aziz, Hakimdir. |
Tüm Canlıların Yavruları Şefkat Uyandıracak Sevimlilikte Yaratılırlar |
Doğadaki canlı türlerinin birçoğunun yavrularının görünümü ve davranışları, yetişkinleriyle karşılaştırıldığında son derece sevimlidir. Yavruların genellikle daha yuvarlak olan yüzleri, yüzlerine göre daha iri olan gözleri, dolgun yanakları ve çıkık alınları onlara bu özelliği kazandıran etkenlerden bazılarıdır. Bazı türlerde de yavruların rengi yetişkinlerin renginden daha farklıdır. Örneğin yavru babunların rengi siyah ve pembedir, yetişkinlerin rengi ise koyu yeşildir. Bu yavrular topluluktaki diğer hayvanlara da ilgi çekici görünürler. Hatta bazı dişilerin, yavruları annelerinden kaçırarak onlara bakma eğiliminde oldukları gözlemlenmiştir. Bu davranışları, yavrunun rengi siyah pembe rengini kaybederek, yetişkinlerin rengine benzemeye başladığında yok olur.78 |
Ымыркайлар көбүнчө кароого жана коргоого муктаж болуп туулушат. Көбүнчө көр же түксүз болгон, али аңчылык кылуу жөндөмү жок ымыркайлар эгер ата-энелери же үйүрүндөгү башка жетилген жаныбарлар тарабынан корголуп, колдоого алынбаса, кыска убакыт ичинде ачкалыктан же сууктан өлүшөт. Бирок Аллахтын илхамы менен кыймылдаган жандыктар балдарын болгон аракети менен коргошот жана азыктандырышат.
Жандыктар балдарын коргоо керек болгондо абдан кооптуу болуп, жырткычка айланышы мүмкүн. Негизи бир кол салуу же коркунуч сезишкенде, балдарын алып, ал аймактан ыкчам алыстоо жолун көбүрөөк тандашат. Качуу үчүн мүмкүнчүлүк таба алышпаганда болсо, эч тартынбастан өздөрүн кол салгандын алдына ташташат. Мисалы, жарганат жана канаттуулар балдарын уяларынан алган изилдөөчүлөргө кол салышы менен белгилүү.79
Зебралар сыяктуу ири сүт эмүүчү жаныбарлар болсо үйүрлөрүнө гиена сыяктуу душмандары кол салганда, ыкчам топторго бөлүнүшүп, балдарын ортолоруна алышат жана бат качып башташат. Тутулуп калышса, үйүрдүн жетилген чоңдору бул жырткыч айбандарга карата балдарын баатырдык менен коргошот.
Жирафтар болсо кол салууга кабылышканда, музоолорун денелеринин астына түртүшөт жана алдыңкы буттары менен душмандарын катуу урушат. Кийиктер жана антилопалар көбүнчө үркүнчөөк жана бат толкундануучу жандыктар жана балдары жок кезде эртерээк качуу жолун тандашат. Бирок балдарына коркунуч туудурган түлкү жана бөрүлөргө карата сүйрү жана катуу туяктарын колдонуудан тартынышпайт.
Кичинекей жана алсыз сүт эмүүчүлөр болсо көбүнчө балдарын коргоо үчүн аларды жашырышат же коопсуз бир жерге алып барышат. Бирок мындай мүмкүнчүлүк болбогондо, душмандарын балдарынан алыстатуу үчүн аларга кол салышы мүмкүн. Мисалы, абдан үркүнчөөк бир жаныбар болгон койон балдарына кол салган бир душманды алыстатуу үчүн чоң рисктерге барат. Балдарына кол салуу болоор замат уясына чуркайт жана күчтүү арткы буттары менен душманын бир канча жолу катуу тебет. Мындай эр жүрөктүгү көбүнчө жырткыч бир айбанды да артка качырууга жетиштүү болот.80
Жейрендер болсо жырткыч айбандар балдарын кууп баштаганда, ылдам балдарынын артына өтүшөт. Себеби жырткыч айбандар ууларын көбүнчө артынан кармашат. Эне жейрен мүмкүн болушунча баласына жакын чуркайт. Эгер жырткыч айбандар жакындаса, эне аларды алыстатат. Баласы качып бараткан бир жейрен туяктары менен чөөлөрдү тебиши мүмкүн. Же кол салгандарды баласынан алыстатуу үчүн атайылап жырткычтарга жакын чуркайт.81
Кээ бир сүт эмүүчүлөр болсо өңдөрү себебинен табиятынан камуфляж болушат. Бирок кээде балдарына энелери багыт көрсөтүшү керек болот. Мындай жандыктардын бири – бул жапайы эчкилер. Эне эчки баласынын камуфляж өзгөчөлүгүн ал үчүн бир артыкчылык катары колдонот. Баласын бак-дарактардын арасына бир жерге жашырат жана анын турбастан отурушун камсыздайт. Улактын ток кызыл терисинин үстүндөгү ак тактар күндүн нуру менен аралашып, алыстан караганда улак такыр көрүнбөй калат. Үстүндөгү ак тактар өсүмдүктөрдүн арасында жерге тийген күн нурларынын чагылышы сыяктуу көрүнөт. Бир канча метр жанынан өткөн бир душман да улакты байкай албайт. Эне эчки болсо баласы жашырынган жердин жанында аны карап турат. Бирок эч качан көңүлдү уяга бура турган бир кыймыл-аракет жасабайт, абдан этият болот. Тамактандыруу үчүн гана баласы турган жерге келет. Токойго кайра кайтуудан мурда болсо баласын мурду менен түртүп, кайра жерге отургузат. Баласы анча-мынча ордунан турса да, бир шыбырт угаар замат кайра отурат. Улак энесинин жанында чуркай ала турган чоңдукка жеткенге чейин ушундайча жашырынат.82
Кээ бир жандыктар болсо балдарына коркунуч туудурган айбандарды чочутуп, уяларынан алыстатуу жолун тандашат. Мисалы, мыкый үкүлөр (сова) жана башка кээ бир канаттуулар жанына жакындаган душмандарын коркутуп качыруу үчүн канаттарын болушунча ачышат жана натыйжада чыныгы абалынан чоң көрүнүшөт. Кээ бир канаттуулар болсо жыландын үнүн туурап (ышылдап), кол салгандарды качырышат. Чоң көк чымчык канаттуусу болушунча бийик үн менен ышылдайт жана ошол эле учурда канаттарын ачып уянын дубалдарына урат. Уянын ичи караңгы болгондуктан, кол салган жандык эмнеге кабылганын толук түшүнө албайт жана ал жерден ошол замат алыстайт.83
Anne babalar yavrularını çeşitli şekillerde korurlar. Kimi onları güvenli bir yere gizlerken, kimi gözdağı vererek düşmanlarını yavrularından uzaklaştırır. Yukarıda görülen zürafa, yavrusunu yanından hiç ayırmaz. Resimde görülen yavru karaca ise annesi tarafından otların arasına gizlenir ve kesinlikle yerinden kalkmasına izin verilmez. Üstteki resimlerde ise yine anneleri tarafından özenle korunan baykuş yavruları görülmektedir. |
Канаттуу үйүрлөрүндө да чоңдор балапандардын баарын коргоо жоопкерчилигин алышат. Өзгөчө ак чардактар бул канаттуу үйүрлөрү үчүн кооптуулук жаратышат. Жетилген бир же эки канаттуу сүр көрсөтүп, ак чардактарды качыра алышат. Көбүнчө жетилген канаттуулар балапандарды кезек менен коргошот жана милдеттерин тапшырышканда, алысыраак суулардан азыктануу үчүн ал аймактан алысташат.84
Кийиктер эгер балдарына кол салганы жаткан душмандарына күчү жетпешин түшүнсө, өздөрүн эч тартынбастан душмандарынын алдына ташташат жана өздөрүн олжо катары көрсөтүп, душмандын аны кубалашына шарт түзүшөт. Ушундайча душманды балдарынан алыстатышат. Көптөгөн жандыктар ушундай тактиканы колдонушат. Мисалы, ургаачы кабылан аларды көздөй аңчы бир жаныбардын жакындаганын көрсө, балдарынын жанынан алыстайт жана душмандын көңүлүн ылдам өзүнө бурат. Ракундар болсо душмандарынын келгенин көрүшкөндө, балдарын эң жакын жердеги дарактын үстүнө алып чыгышат жана андан соң ылдам дарактын үстүнөн түшүп, душмандардын арасына киришет. Аларды көпкө артынан ээрчитет жана балдарынан жетиштүү деңгээлде алыстаттым деп ишенгенде, душмандарынан кутулуп, акырын балдарынын жанына кайтышат. Албетте, мындай кыймыл-аракеттери дайыма жүз пайыз ийгилик менен аяктабашы мүмкүн. Балдары кутулса да, ата-энелер балдары үчүн өлүмгө кабылышы мүмкүн.85
Tüm canlılara yavrularını korumayı, onlara ilgi ve şefkat göstermeyi ilham eden Allah'tır. |
Кээ бир канаттуулар болсо «жарадар» болуп көрүнүшөт жана ушундайча душмандарынын көңүлүн балдарынан өзүнө бурушат. Бир душмандын жакындаганын көргөн ургаачы канаттуу акырын уясынан алыстайт. Душманынын алдына келгенде жерде тыбырчылап, бир канатын жерге уруп баштайт. Бир тараптан ачуу үндөр чыгарат. Канаттуу жерде бечара абалда тыбырчылап жаткандай көрүнөт. Бирок дайыма этият мамиледе болот жана душманы жете албай турганчалык аралыкта турат. «Жарадар» канаттууну оңой бир олжо катары көргөн жырткыч айбан аны кармоого аракет кылып жатып, уядан бир топ алыстатылган болот. Айбан канаттуунун уясынан жетиштүү аралыкка алыстаганда, ургаачы канаттуу бир заматта «жарадар» туурамчылыгын кылууну токтотот жана кол салган айбан канаттууга жете берээрде ургаачы канаттуу кокустан асманды көздөй сызып, качат. Бул «театр оюну» көбүнчө абдан чындыкка окшош болот. Иттер, мышыктар, жыландар жана ал тургай башка канаттуулар да бул оюнга алданышат. Топурактын үстүнө уя курган канаттуулардын көпчүлүгү уяларын душмандарынан ушундайча коргошот. Мисалы, эне өрдөк балдарынын жанына бир аңчы айбан жакындаганда, суудан көтөрүлө албай жаткан жарадар сыяктуу болуп көрүнүп, көлдүн айланасында канат кагат. Бирок дайыма артындагы кол салуучу менен болгон аралыгын алысыраак кармайт. Кол салуучуну жээкте жашынган балдарынан жетишээрлик алыстыкка алыстатканда, ылдам абага сызып учуп, балдарынын жанына кайтат.
Канаттуулардын «жарадар канаттуу» сценарийине бүгүн да илимпоздор эч кандай түшүндүрмө айта алышпоодо.86 Бир канаттуу мындай бир сценарий даярдай алабы? Бул үчүн абдан аң-сезимдүү бир жандык болушу керек. Тууроо баарынан мурда мээ жана жөндөм талап кылат. Мындан тышкары, бир айбандын эч тартынбастан душмандын алдына бой ташташы жана өзүн кубалатышы үчүн абдан эр жүрөк болушу керек. Андан да кызыктуусу бул канаттуулар мындай кыймыл-аракетти башкалардан көрүп жасашпайт.87 Мындай коргонуу тактикасына жана жөндөмүнө тубаса ээ болушат.
Албетте, бул жерде баяндалгандар жаныбарлар дүйнөсүндө болуп жаткан аң-сезимдүү жана жан аябас кыймыл-аракеттердин бираз бөлүгү гана. Жер жүзүндөгү миллиондогон түрдүү жандыктар өзүнө тиешелүү бир коргонуу системасына ээ. Бирок бул системалардан көбүрөөк булардан чыккан натыйжа маанилүү. Мисалы, бир канаттуу өз аң-сезими жана эрки менен баласын коргоо үчүн өлүмгө да даяр болот деп айтуу акыл жана логикага туура келеби? Албетте, туура келбейт. Бул жерде акылсыз, аң-сезимсиз, боорукердик, мээрим сыяктуу сезимдерге ээ болушу мүмкүн болбогон жаныбарлар жөнүндө сөз болуп жатат. Жана бул жаныбарлардын мынчалык аң-сезимдүү, боорукер, мээримдүү кыймылдарды жасашын камсыздаган, аларды мындай өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан – бул асмандардын жана жердин Рабби болгон Аллах. Аллах бул жандыктарга берген илхамы менен Өзүнүн чексиз боорукердик жана мээриминин мисалдарын көрсөтүүдө.
Bazı kuşlar yaralı taklidi yaparlar ve böylece düşmanlarının dikkatini kendi üzerlerine çekerek yavrularını korurlar. Ve bunu yapmakla önemli bir fedakarlık örneği sergilerler çünkü kendi yaşamları tehlikeye girer. |
Курт-кумурскаларда да ата-эненин балдарын коргоп, аларга маани бергенин алгач 1764-жылы Швециялык табият таануучу Адольф Модьер (Adolph Modeer) байкаган. Адольф Модьер Европа калкан курт-кумурскасынын ургаачысынын ачка жана суусуз абалда жумурткаларынын үстүндө отурганын жана душмандары келгенде учуп качуунун ордуна аларга кол салганын көргөн.88
Бирок көптөгөн илимпоздор башында курт-кумурскалардын балдарына абдан көңүл бураарын кабыл алгылары келген эмес эле. Мунун себеби болсо Delaware университетинен эволюционист курт-кумурска илим адиси профессор Дуглас В. Таллани (Douglas W. Tallany) тарабынан мындайча түшүндүрүлүүдө:
Курт-кумурскалар балдарын коргоп жатканда, ушунчалык чоң коркунучка кабылышкандыктан, кээ бир курт-кумурска адистери мындай өзгөчөлүктүн эволюция процессинде кандайча болуп жоголбогонуна кызыгышууда. Көпчүлүк курт-кумурскалар сыяктуу көп санда жумуртка жасоо мындан бир топ оңой стратегия болмок.89
Dantel böceği larvalarını diğer böceklerin saldırılarına karşı korurken. |
Дуглас В. Таллани бир эволюционист болгонуна карабастан, эволюциянын туюктарынын бирин өзү суракка алууда. Чынында эле эволюция теориясынын догмасы боюнча, курт-кумурскалардын өз өмүрүн коркунучка салган кыймыл-аракеттери элениши (жоголушу) керек эле. Бирок табиятта мындай эленүү болгон эмес. Жандыктардын көпчүлүгү, анын ичинде курт-кумурскалар да, балдары үчүн, ал тургай кээде бири-бири үчүн өлүмдөн да тартынышпайт.
Балдары үчүн өлүмгө тике караган мындай кичинекей жандыктардын бири – бул АКШнын түштүк-чыгыш тарабында ат чалканы чөптөрүнүн үстүндө жашаган тор курт-кумурскалары. Ургаачы тор курт-кумурскасы жумурткаларын жана жумурткадан чыккан соң личинкаларын «өлүмгө даяр болуп» коргойт. Личинкалардын эң маанилүү душмандарынын бири – бул эл көчөрлөр. Бул курт-кумурскалар кескин жана катуу тумшукка окшош ооздору менен мүмкүнчүлүк табышканда, личинкалардын баарын жешет. Ургаачы тор курт-кумурскасынын болсо алардан коргоно турган эч кандай курал-жарагы жок. Колунан келген жалгыз нерсе – бул тынымсыз канат кагып, жонуна жабышуу менен эл көчөрлөрдү кубалоого аракет кылуу.
Бул убакта болсо личинкалар жалбырактын орто тамырын бир унаа жолу сыяктуу колдонушуп, саптан качышат жана бүктөлгөн жаш бир жалбырактын ичине жашынышат. Эгер эне кутула алса, личинкаларын ээрчийт жана алар жашынган жалбырактын сабында кароолдо турат. Ушундайча чоң ыктымалдуулук менен аны кубалай турган душманынын жолун тоскон болот. Кээде эне эл көчөрлөрдү бир мөөнөткө гана кууйт. Бул учурда личинкаларынын туура эмес бир жалбыракка кетишине денелери менен алдын тороп, тоскоол болот жана аларды коопсуз бир жалбыракка жашырат. Бирок энелер көбүнчө курт-кумурскалардын кол салуусу убагында өлүшөт. Бирок алардын мындай жан аябастыгы личинкаларга качып сактанышы үчүн убакыт берген болот.90
Brezilya'da ve Yeni Gine'de yaşayan bu iki böcek türü yavrularının üzerine yatarak onları düşmanlarından korumaya çalışırlar. 91 |
Brezilya tosbağa kınkanatlısının (Acromis sparsa) larvaları, annelerinin koruyucu vücudu altında simetrik bir halka oluştururlar. Anne, yavruları yumurtadan çıkmadan evvel onlara bekçilik etmeye başlar ve larvalarına çobanlık ederek onları besin kaynaklarına götürür. Yavrulardan biri uzaklaşsa veya kaçmaya kalksa onu hemen geri getirir.92 |
Коргоосуз ымыркайлардын коркунучтардан корголушу менен бирге жашай алышы үчүн азыгынын да эне жана аталары тарабынан камсыздалышы керек. Балдарын жырткыч айбандардан коргоо үчүн дайыма этият болгон эне-аталар ошол эле учурда балдарынын азыктанышы үчүн демейкиден бир топ көп аңчылык кылышы зарыл. Мисалы, ургаачы жана эркек канаттуу эртеден кечке балдарын орточо саатына 4-12 жолу тамактандырышат. Тамактандырышы керек болгон көп балдары болгондо, жүздөгөн жолу уядан учуп, азык издеши керек. Мисалы, баласын тумшугунда көтөрүп келген курт-кумурскалар менен азыктандырган чоң бир көгүчкөн канаттуусу күнүнө орточо 900 жолу уяга тамак алып келет.93
Birçok hayvan türü yavrularını beslemek için büyük fedakarlıkları göze alırlar. Örneğin baştankara kuşu yavrularını beslemek için bir gün içinde yüzlerce kez uçuş yapar. Fok balığı ise yavrusunu beslemek için çok fazla kilo kaybeder. |
Сүт эмүүчүлөрдө болсо ургаачылар дагы бир көйгөйгө кабылышат; балдарына керектүү энергияны сүттөрү менен гана бере алышат. Сүт берүү периодундагы энелер болсо демейде жеген тамагынан бир топ көп жеши керек болот. Мисалы, тюлень жалгыз баласын тууган соң дээрлик 10-18 күн эмизет. Ымыркай бул мөөнөт ичинде чоңойот. Бул период ичинде эне болсо жеген тамагынын көп бөлүгүн баласынын сүтү үчүн короткондуктан, азыктана албайт жана бир топко арыктайт.94
Азыктандырышы керек болгон балдары бар эне-аталар демейкиден 3-4 эсе көп энергия коротушат.95
Лозан университетинде жасалган бир изилдөөдө балдарын багуу жана кароонун эне-ата канаттууларга эмнеге тураары аныкталган. Лозан университетинин биологдорунан Хайнц Ричнер (Heinz Richner) жана окуучулары көгүчкөн канаттууларына бир эксперимент жасашкан жана «ата» болуунун кыйынчылыктарын аныкташкан. Эксперимент учурунда Ричнер бир уядагы балапандарды башка уяларга жылдырып, атанын азыктандырууга мажбур болгон балапандарынын санын тынымсыз өзгөрткөн. Эксперименттин жыйынтыгы болсо төмөнкүдөй: көбүрөөк балапан багууга мажбур болгон аталар эки эсе көбүрөөк иштешип, ошондуктан эрте өлүшкөн. «Көп балалуу» аталарда паразиттерге байланыштуу оорулардын үлүшү 76%, кадимки аталарда болсо 36% эле.96
Бул маалыматтар бир канаттуунун баласы үчүн башынан өткөргөн кыйынчылыктарын жана жасаган жан аябастыгын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.
Dalgıç kuşu yavrusuna, onu koruyacak olan tüyleri yedirirken. |
Суучул канаттуулар балдары үчүн сүзүп жүргөн бир уя милдетин аткарышат. Балапандары эне-аталарынын бирөөсүнүн үстүнө чыгышат. Жана жакшылап жайгашкан соң суучул канаттуу балдары түшүп кетпеши үчүн канаттарын акырын капталды көздөй жайат. Суучул канаттуу аларды азыктандыруу үчүн тумшугундагы азыкты башын артка буруп, балапандарынын оозуна сунат. Бирок аларга сунулган алгачкы азык – тамак эмес. Эне же ата эң алгач же суунун бетинен топтогон же болбосо көкүрөктөрүнөн жулган түктөрдү балапандарына жедиришет. Ар бир балапан абдан көп санда түк жутат. Мындай азыктандыруунун себеби эмне?
Балапандар жеген бул түктөр сиңбейт, бирок балапандын ашказанында чогулат. Бир бөлүгү ичегиге ачылган жерде түйдөктөлөт. Балыктардын кылкандары же башка азыктардын сиңириле албаган бөлүктөрү ушул жерде чогулат жана натыйжада бул заттардын балапандын ашказан жана ичегилеринин назик капталдарына зыян беришине жолтоо болунган болот. Канаттуулардын мындай түк жемей адаттары өмүр бою уланат. Бирок алгачкы жедирилген түктөр, албетте, балапандардын ден-соолугу үчүн алынган маанилүү бир чара.97
Кээ бир канаттуу түрлөрүндө болсо эне канаттуу баласына балык кармоо үчүн ыкчам сууга чумкуйт жана балыкты куйругунан кармайт. Канаттуунун балыкты куйругунан кармашынын маанилүү бир себеби бар. Себеби куйругунан кармалган балык балапанга кылкандары тизилген багытта берилет. Бул болсо балапандын балыкты жутуп жатканда, кылкандар багытында жутушун жана натыйжада кылкандарды жутууну жеңилдетет. Эгер канаттуу балыкты куйругунан эмес, кандайдыр башка бир жеринен кармаса, анда ал балыкты өзү жейт.98
Guacharo Kuşu |
Бул канаттуу түрү балапандарын жерден 20 метр бийиктиктеги бир уяга жайгаштырат. Күн сайын түндө дээрлик 5-6 жолу балдарын азыктандыра турган мөмөлөрдү издеп жолго чыгат. Бул мөмөлөрдү тапканда болсо, мөмөлөрдүн жумшак ички тараптарын алгач өзү майдалайт, андан соң майдалаган бөлүгүн балдарына берет.
Түнкүсүн топ-топ болуп азык издөөгө чыккан гуачаролордун бир гана балдарына тамак табуу максатында баскан жолу абдан укмуш: бул канаттуулар түнкүсүн дээрлик 25 км жол жүрүшүүдө.99
Гуачаролор сыяктуу көптөгөн жандыктар балдарына бере турган азыкты алдан-ала даярдашат. Мисалы, пеликандар балык шорпосу даярдашат. Альбатрос түрүнүн энелери да жеген планктон жана кичинекей балыктарды аралаштырып, балдары үчүн бай бир майга айлантат. Кептерлер курсактарында май жана протеинге абдан бай «кептер сүтү» деп аталган атайын бир суюктук өндүрүшөт. Сүт эмүүчүлөрдүн сүтүнөн айырмаланып, бул сүттү эне да, ата да өндүрөт. Көптөгөн канаттуулар балдары үчүн ушуга окшош азыктарды даярдайт.100
Балапандар эне-аталарына абдан муктаж. Ооздорун болушунча ачып, эне же аталарынын аларга тамак алып келишин күтүүдөн башка колдорунан эч нерсе келбейт. Мисалы, ринга балыгы чайкаларынын балапандары ооздорун энелеринин тумшугундагы кызыл чекитти көздөй узатышат. Ал тургай көздөрү али ачыла элек бир арча канаттуусу бираз эле дарак кыймылы болсо энем же атам келди деп ойлоп моюнун жогору узатып, оозун ачат. Жашоолорунун бул доорунда балапандардын ооздору жалтырак ачык түстүү бүртүк капталдары менен тамактын каерге ташталышы керек экенине апачык ишарат кылып турган сыяктуу. Оозунун четтери абдан сезимтал; кандайдыр бир себеп менен балапан оозун ачуусун токтотсо, тумшугунун чекесине акырын бир нерсе тийиши да анын оозун ачышына себеп болот.
Pelikan gibi birçok kuş türü yavruları için kursaklarında hazırlarlar. Daha sonra yavrularının yanına döndüklerinde resimde görüldüğü gibi yavru pelikan annesinin kursağındaki bu besinleri yiyerek yaşamını sürdürür. |
Балапандардын ооздорунун түсү жана сезимталдыгы - өзгөчө уялары оюк ичинде болгон канаттуулар үчүн абдан маанилүү бир жеңилдик. Мунун натыйжасында чоңдордун оюктун караңгы бир бурчундагы балдарынын оозун таап, тамак бериши жеңилдейт.
Gouldian чымчыктарынын уясы ушундай караңгы бир оюктун ичинде. Балапандардын ооз четтеринин бардык тарабында жарыктын келиши менен жаркыраган, көңүл буруучу бир жашыл жана көк түстөрдө, уяларынын тереңдиктерине сүзүлүп, келген жарыкты чагылткан чоң тоголокчолор бар. Бул тоголокчолор караңгыда бир жарык булагы сыяктуу жаркырашат.
Түстүү ооздор кээ бир канаттууларда энелерине балдарынын ордун табуудан сырткары дагы бир нерсени билдирет. Түстөр ошол эле учурда уядагы балапандардын кайсынысынын жакын арада тамактанганын, кайсынысынын тамактанууга муктаждыгы бар экендигин көрсөтөт. Жаш кеневир канаттууларынын ооздору тамактарынын астындагы кан-тамырлардан улам кызыл түстө. Балапандарга азык берилгенде болсо бул кандын көпчүлүгү сиңирилген азыктарды топтоо үчүн ашказанга кетет. Ошондуктан, азырынча ачка болгон балапандар – бул ооздору эң кызыл болгондору. Жана бул багытта жасалган эксперименттер ата-энелердин кайсы балапанга тамак бериши керек экенин аныктоодо ушул түс айырмаларын колдоноорун аныктады.101
Канаттуулардын физикалык өзгөчөлүктөрү менен кыймыл-аракеттеринин жана жашаган чөйрөсүнүн бири-бирине абдан төп келиши – жандыктардын жана алар жашаган табияттын жалгыз бир Жаратуучунун чыгармасы экендигинин ачык бир далили. Эч кандай кокустук мындай кемчиликсиз бир гармонияны жарата албайт.
Yeryüzünde hiçbir canlı yoktur ki, rızkı Allah'a ait olmasın. Onun karar (yerleşik) yerini de ve geçici bulunduğu yeri de bilir. (Bunların) Tümü apaçık bir kitapta (yazılı)dır. |
Табиятта бардык жандыктардын физикалык өзгөчөлүктөрү жашаган чөйрөсү менен абдан төп келишкен. Мунун дагы бир мисалы – бул чөл тооктору. Чөл тоокторунун белгилүү бир байыр алган жери жок. Жумурткалоо убактысы жакындаганда, кумдун майда бир жерине көбүнчө 3 жумуртка туушат. Жөжөлөр жумурткадан чыгаар замат уядан чыгышат жана өздөрүнө тамак катары уруктарды топтоп башташат. Тамактарын өз алдынча таба алышат, бирок уча алышпагандыктан суу муктаждыгын камсыздай алышпайт. Ошондуктан аларга бирөө суу алып келиши керек жана бул милдетти эркек аткарат.
Çöl tavukları, önce su içip, sonra yavrularına su taşımak için tüylerini suda ıslatıyorlar. |
Anne leylek yavrularını serinletmek için kursağında onlara su taşıyor. |
Кээ бир канаттуу түрлөрүндө чоңдор балдарына сууну курсактарында алып келишет; бирок эркек чөл тоогу сууну абдан алыстан алып келүүгө мажбур жана ошондуктан курсагында көтөрө ала турган суунун баарына алыс сапар учурунда өзү муктаж болот. Антпесе, өмүрүн уланта албайт. Бирок суу алып келүү үчүн теңдешсиз бир физикалык өзгөчөлүккө ээ. Канаттуунун көкүрөгүндөгү жана ылдыйкы тарабындагы түктөр ички тарабынан ичке бир жипче катмары менен капталган. Бир суу топтолгон жерге жеткен канаттуу астын кумга жана чаңга сүртөт, натыйжада түктөрүн тазалаган учурда калышы мүмкүн болгон сууну кармоого тоскоол болгон майлардан кутулган болот. Анан суунун жээгине барат. Алгач өзүнүн суусунун кандырат. Кийин суунун ичине чумкуп, канат жана куйругун асманга көтөрүп, денесин алдыга-артка кыймылдатат; натыйжада бардык түктөрү толугу менен сууланган болот. Түктөрдүн үстүндөгү ичке жипче катмары бир губка сыяктуу сууну сорот.
Түктөрү менен денеси арасында алып жүргөн суюк жүк буулануудан абдан корголот. Бирок антсе да 20 милядан алыс учушу керек болгондо, алып бараткан суусунун бир бөлүгү бууланат. Канаттуу аягында кумда урук издеген балдарынын жанына жеткенде, балдары аны көздөй чуркашат. Ата чөл тоогу денесин жогору көтөргөндө, балдары сүт эмген сүт эмүүчүлөр сыяктуу сууну аталарынын денесинен ичишет. Балдары бардык сууну эмишкен соң канаттуу кайра кумдун үстүнө сүрүнүп, өзүн кургатат. Эркек канаттуу бул ишин балдарынын алгачкы түгү түшүү доору бүткөнгө жана өздөрүн өздөрү суу менен камсыз кыла алганга чейин эң аз дагы эки ай бою күн сайын улантат.102
Kuşların anne-babaları, hayvanların en çalışkanlarındandır. Yavrularına gerekli besini bulmak için pek çok uçuş yaparlar. Hatta bazen bu uçuşların sayısı 1000’i bulmaktadır.103 |
Kuşların anne-babaları, hayvanların en çalışkanlarındandır. Yavrularına gerekli besini bulmak için pek çok uçuş yaparlar. Hatta bazen bu uçuşların sayısı 1000’i bulmaktadır.104 |
Чөл тоогунун мындай кыймыл-аракетинде ойлонуу керек болгон көптөгөн жагдайлар бар. Бул канаттуу жашаган чөйрөсүнө эң ылайыктуу өзгөчөлүккө ээ болуу менен бирге эмне кылышы керек экенин да абдан жакшы билүүдө. Себеби аны жараткан Аллах ага эмне кылышы керек экенин да илхам аркылуу билдирүүдө.
Anne baba kuşlar vakitlerinin büyük kısmını yavruları için avlanmakla geçirirler. Allah hepsini çeşitli yollardan rızıklandırmaktadır. Bu resimlerde yavrularının yumurtadan çıkışına yardım ettikten sonra onlar için suya dalarak balık avlayan Yalıçapkınıkuşu görülüyor. | ||
1- Yalıçapkını yumurtalarıyla. | 3- Yalıçapkını avlanmak üzere suya dalarken. | 5- Yalıçapkını avını yavrularına götürürken. |
Көптөгөн курт-кумурска жана чымын-чиркей түрлөрү личинка жана балдарын багышат. Мисалы, казуучулар бир чуңкурда сакталган личинкаларды уруктар менен багышат. Секирүүчү дарак курт-кумурскалары болсо дарактын кабыгында спирал абалында жаракалар ачып, азыктандыруучу суюктуктарды ташыган каналдарды табышат жана кичинекей личинкаларды каналдардан азыктандырышат. Такта курттардын жумушу абдан оор; катуу, сиңбеген жана азоттун көлөмү абдан аз болгон жыгачты балдарына эптеп жедириши керек. Такта курттар жана тактай жечү канаттуулар бул көйгөйдү мындайча чечишкен: тактайдан алгач өздөрү кемирип, сиңирүү системаларында жумшартышат; анан жумшаган тактайды денелериндеги целлюлоза майдалоочу бир клеткалуу жандыктар жана сиңирүү суулары менен аралаштырып, сыртка чыгарышып, балдарына беришет. Дарак кабыгы канаттуулары болсо кабык астында тактай чайнап, ачкан тунельдеринин ичине жумурткалашат жана ал жерлерге целлюлозаны личинкалар чайнай ала турган абалга айлантуучу козу карын түрлөрүн алып келишет.105
Аллах ар бир жандыкка ырыскыны ар кандай түрлөрдө берүүдө. Жогоруда мисал келтирилген курт-кумурска, чымын-чиркейлер да Аллахтын уруксаты менен ырыскыларын тапкан жандыктар. Аллах эне же аталарын себепчи кылып, бул кичинекей жандыктарга да ырыскы берүүдө. Аллах Куранда ар бир жандыктын ырыскысын Өзү берээрин мындайча билдирген:
Өзүнүн ырыскысын көтөрүп жүрө (топтой) албаган канчалаган жандыктар бар, аларга жана силерге Аллах ырыскы берет. Ал – угуучу, билүүчү. (Анкебут Сүрөсү, 60)
Allah, her şeyin Yaratıcısı'dır. O, her şey üzerinde vekildir. |
Көбүнчө алсыз жана кубатсыз болгон ымыркайлар жер которгондо же кооптуу учурларда көбүнчө эне же аталары тарабынан көчүрүлүшөт. Ар бир жандыктын баласын көчүрүү ыкмасы бири-биринен айырмаланат; кээ бирлери жонунда, кээ бирлери оозунда, кээ бирлери болсо канаттарындагы атайын чөнтөкчөсүндө балдарын көчүрүшөт. Балдары мындай көчүү учурунда эч зыян көрүшпөйт жана тездик менен коопсуз бир чөйрөгө жеткирилишет.
Өзгөчө коркунуч учурларында эне-аталардын балдарын көтөрүп, окуя болгон жерден алыстатышы маанилүү бир жан аябастык мисалы. Себеби ымыркайды кандай абалда болбосун көтөрүп жылдыруу жандыктын ылдамдыгын жана кыймылдоо мүмкүнчүлүгүн маанилүү деңгээлде азайтат. Бирок жандыктар ага карабастан балдарын эч ташташпайт.
YAVRULARINI NASIL TAŞIYORLAR? |
Bir çok canlı türü yavrularını tehlikelerden "taşıyarak" uzaklaştırır. Her birinin yavrusunu taşıma yöntemi farklıdır. Aslanlar yavrularının canını hiç acıtmadan enselerinden ısırırlar. Yavru kanguru ise tehlike anında başaşağı olarak annesinin kesesine atlar. Kurbağalar, ördekler, akrepler, ayılar ve kunduzlar da yavrularını çoğunlukla üzerlerinde taşırlar. |
Koalalar yavrularını bir yıl gibi bir süre sırtlarında taşırlar.106 |
Maymunlar ise sırtlarında yavruları olduğu halde daldan dala atlayabilirler. |
Ayı yavruları için de annelerinin sırtı hem korunaklı hem de rahat bir mekandır. |
Жандыктар арасында эң кеңири тараган жылдыруу ыкмасы – бул жонунда көтөрүү. Мисалы, маймылдар балдарын бүт тарапка алып бара алышат. Эне маймыл баласы менен эч кыйналбастан, кыймылдай алат, себеби бала маймыл энесинин курсагындагы жана аркасындагы түктөрдү колдору жана буттары менен бекем кармайт. Коркунуч учурунда эне маймыл аркасында баласын көтөргөн бойдон бир даракка секире алат, бир бутак менен чуркап, башка бир даракка аттай алат.
Кенгурулар жана башка чөнтөкчөсү бар жандыктар жардамга муктаж балдарын ичтериндеги түк менен капталган чөнтөкчөлөрүндө алып жүрүшөт. Ымыркай бир кенгуру беш ай энесинин чөнтөкчөсүндө жашайт. Бул чөнтөкчөдөн чыкканда да дайыма энесине жакын жерде жүрөт. Эгер бир коркунуч сезсе, энесин көздөй чуркайт жана башы менен чөнтөкчөнүн ичине секирет. Эне кенгуру күчтүү арткы буттары менен баласын да көтөрүп качат.
Тыйын чычкандар балдарын чубалжыган курсактарынан тиштери менен көтөрүшөт. Бир эне тыйын чычкан уясы бузулса, балдарын абдан алыс жерге болсо да алып барат. Ар жолкусунда бир баласын алып барат жана баарынын коопсуздукка жеткенине ишенгенге чейин эски уясына кайра барып, карайт.
Ымыркай чычкандар уяларында энелеринин эмчек учтарына бекем жабышышат жана көбүнчө сааттар бою койо беришпейт. Эгер үй-бүлөсүнө кооптуулук пайда болсо, эне балдарын ылдам алып, ишенимдүү жерге кача алат. Балдары эмчек учтарына ушунчалык катуу жабышкандыктан, эне бирөөсүн да жоготпостон, буттары арасында бардык балдарын сүйрөй алат. Коркунуч алыстаганда, эне артында баласы калып калбады бекен деп уясына бир канча жолу кайтып, текшерет.
Жарганаттар түнү бою курт-кумурска же мөмө-чөмө издөө үчүн учуп жүрүшкөндө, балдарын да алып жүрүшөт. Бир кичинекей жарганат энесинин эмчек учтарын сүт тиштери менен тиштейт жана колдору менен түктөрүн бекем кармайт. Кээ бир жарганаттардын үч же төрткө жакын баласы бар жана бүт балдары эненин денесине асылып турса да, жарганаттар уча алышат.
Баласын учканда өзү менен бирге алып жүргөн көптөгөн канаттуу түрү бар. Бир чулдуктун жердеги уясына кооптуулук пайда болгондо, эне чулдук буттары арасында бекем жабышкан бир баласын абдан бат жогору көтөрө алат. Суу тооктору, саз карчыгалары жана көгүчкөндөр ишенимдүү бир жерди көздөй балдары менен учуп баратканда, аларды тумшуктары менен көтөрүшөт. Кызыл куйруктуу ылачындар балдарын туткан олжосун көтөргөн сыяктуу тырмактары менен кармап абага көтөрүп учушат.
Суучул канаттуулар болсо балдарын үстүндө көтөрүп жүрүшөт жана бир душман көрүшкөндө, ыкчам сууга чумкушат жана балдары артында асылган бойдон суунун астында сүзүшөт.
Жумурткаларын жана түйүлдүктөрүн аркаларында көтөрүп жүргөн тропикалык бакалар жана кургактык бакалары балдары менен бирге коопсуз бир жерге секире алышат.
Андан да кызыктуусу кээ бир балыктар балдарын коопсуз бир жерге ооздору менен алып барышат. Бир эркек кылкандуу балык суу чөптөрүнөн турган уясынын айланасында кыдырып жүрүп, жумурткадан жаңы чыккан баласын да коргойт. Эгер бир кичинекей кылкандуу балык уясынан сүзүп алыстаса, атасы да артынан барат. Баласын оозунун ичине тартат жана уяга келгенде оозунан чыгарат.
Кумурскалар өрчүгөн жумуртка жана личинкаларды бир бала бөлмөсүнөн башкасына ооздорунда алып барышат. Күн сайын эрте менен бакча кумурскалар топтогу личинкаларды уянын үстү жагындагы топурак төбөдө күн менен жылыган бир бала бөлмөсүнө алып барышат. Күн асманда жылган сайын личинкалар төбөнүн бир тарабынан экинчи тарабына жылышат. Бакчалар кечинде личинкаларды кечке чейин жылуулук топтолгон уянын түбүндөгү бала бөлмөлөрүнө алып барышат. Бала бөлмөлөрүнүн кире бериштери түнкүсүн салкындаган аба кирбеши үчүн тосулат. Эртеси күнү эрте менен кире бериштер кайра ачылат жана личинкалар кайрадан жогору алып барылышат.
Эгер уяларга кол салынса, кумурскалар кандай баага турбасын, личинкаларды коргоо үчүн аракетин башташат. Кээ бир кумурскалар күрөш аймагына агылышып, душманга кол салышат. Башкалары жардамга муктаж личинкалардын өмүрүн сактоо үчүн бала бөлмөлөрүнүн башына барышат. Жетиле элек кумурскаларды ооздоруна алышат жана аларды уянын сыртына ташышып, согуш бүткөнгө жана душмандар кеткенге чейин жашырышат.107
Байкалгандай, курт-кумурска, чымын-чиркейлерден арстандарга, бакалардан канаттууларга чейин бардык жандыктар балдарын кандайдыр бир ыкма менен ташышып, коргоого алышат. Булардын баары абдан оор жана эне-атанын жашоосун коркунучка салган кыймыл-аракеттер. Бир айбандын мынчалык күчтүү бир коргоо сезимине ээ болушун кантип түшүндүрүүгө болот? Бул жерге чейин терең каралган сыяктуу, жандыктардын баары балдары жетилгенге чейин алардын бардык жоопкерчилигин мойнуна алышат. Алардын ар түрдүү муктаждыгын кемчиликсиз камсыздашат. Жана табияттагы бардык жандыктарда мындай коргоо жана жан аябас кыймыл-аракеттердин мисалдарын көрүүгө болот.
Апачык болгон чындыкты дагы бир жолу көрүүдөбүз: бул жандыктардын баары Аллахтын коргоосунда. Аллах баарына кыймыл-аракеттерин илхам кылат жана алар болсо буга толук баш ийишет. Баары аларды Жараткан Аллахка моюн сунушкан. Куранда бул чындык мындайча билдирилет:
Асмандарда жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «көңүлдөн моюн сунган» абалда. (Рум Сүрөсү, 26)
63. A.Vincent, The Improbable Seahorse, National Geographic, Ekim 1994 ve Bililm ve Teknik, sayı 356, Temmuz 1997, s.34-40
64. Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing Ltd., Phoebus Publishing Company, s. 92
65. Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing Ltd., Phoebus Publishing Company, s. 33
66. Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing Ltd., Phoebus Publishing Company, s. 37
67. Jacques Cousteau, The Ocean World of Jacques Cousteau, Quest for food, s.32
68. Jacques Cousteau, The Ocean World of Jacques Cousteau, Quest for food, s. 35
69. Jacques Cousteau, The Ocean World of Jacques Cousteau, Quest for food, s.53
70. Tony Seddon, Animal Parenting, s. 26
71. Tony Seddon, Animal Parenting, s. 26
72. David Attenborough, Life of Birds, s. 26
73. Hayvanlar Ansiklopedisi, C.B.P.C. Publishing Ltd., Phoebus Publishing Company, s. 246-247
74. Tony Seddon, Animal Parenting, s. 26
75. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s.53-54
76. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s.55
77. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s.43-45
78. Peter JB Slater, The Encyclopedia of Animal Behavior, s. 88
79. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s.1
80. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s.56-58
81. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s. 36
82. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s.47-48
83. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s. 50
84. David Attenborough, Life of Birds, s.258
85. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s .1
86. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s.53
87. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s. 52
88. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s.52
89. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s.52-53
90. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s.51-52
91. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s. 53
92. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s.52
93. David Attenborough, Life of Birds, s. 270
94. Peter JB Slater, The Encyclopedia of Animal Behavior, s. 86
95. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s.20
96. Bilim ve Teknik, Nisan 1998, no. 365, s.12 ve Science et Vie, Şubat 1998.
97. David Attenborough, Life of Birds, s. 256
98. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s. 100
99. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid , s. 123-124
100. David Attenborough, Life of Birds, s.262
101. David Attenborough, Life of Birds, s. 263
102. David Attenborough, Life of Birds, s. 279
103. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, sf. 95
104. Tony Seddon, Animal Parenting, s. 32
105. Douglas W. Tallany, Scientific American, Ocak 1999, cilt 280, n. 1, s. 53
106. Tony Seddon, Animal Parenting, s.34
107. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.36-42