Жаныбарлардын кээ бирлери өмүр бою же узун мөөнөт бою башка үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге жашашат. Мисалы, пингвиндер жана ак куулар өлгөнгө чейин бир эле түгөй менен жашаган жандуулардан. Ургаачы пилдер жана кабыландар болсо энелери жана ал тургай чоң энелери менен бирге жашашат.24
Сүт эмүүчүлөрдө көбүнчө эркектер өздөрүнө бир үй-бүлө курушат. Бул үй-бүлөдө ургаачылар жана балдар болот. Бирок үй-бүлө ээси болуу өзгөчө жетилген жаныбарларга маанилүү милдеттер жүктөйт. Эркек жалгыз жашаган түрдөштөрүнө караганда бир топ көп аңчылык кылышы керек. Мындан тышкары, өзүн оңой гана коргой ала турган болсо, эми коргошу жана колдошу керек болгон башка индивиддер да бар. Болгондо да коргоосуз кичинекейлерди коргоо көбүнчө маанилүү жан аябастыктарды талап кылат.
Жаныбарлардын үй-бүлө кура алышы жана кийин үй-бүлө индивиддерин карай алышы үчүн көп аракет кылышы, өмүрлөрүн коркунучка салышы, бейпилдиктерин бузушу ойго сала турган бир көрүнүш. Жаныбарлар эмне үчүн кыйын жолду тандашууда?
Жаныбарлардын мындай тандоосу Дарвиндин «күчтүү жашайт, алсыз болсо эзилип жок болот» деген гипотезасын толугу менен жараксыз кылат. Себеби бираздан соң абдан көп мисалдарын көрө турганыбыздай, табиятта алсыздар эзилип жаткан жок, тескерисинче көбүнчө күчтүүлөр тарабынан «өлүмгө да тике карап» корголушууда.
Көпчүлүк болуп жашай алуу үчүн баарынан мурда бир үй-бүлөгө тиешелүү жандуулар бири-бирин тааный алышы керек. Чынында эле абдан кеңири чөлкөмдөрдө, абдан көпчүлүк колониялар абалында жашаган жандуулар да өз балдарын, түгөйлөрүн, эне-аталарын же бир туугандарын тааный алышат.
Сүт эмүүчүлөр болсо балдарын көбүнчө жыттарынан таанышат. Баласы төрөлөөр замат эне аны жыттайт жана андан соң баласын эч башка кичинекейлер менен адаштырбайт.26
Бул багытта эң ийгиликтүү жандуулардын бири – бул пингвиндер. Бири-бирине опокшош болгон бул жандууларды абдан көңүл бөлүп караганда да айырмалоо дээрлик эч мүмкүн эмес. Ошондуктан пингвин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирин эч кыйналбастан тааный алышы абдан таң калыштуу. Өзгөчө ургаачы пингвиндин 2-3 ай бою түгөйү жана баласы үчүн тамак издөөгө кетип, кайра келгенде экөөсүн тең тааныганын ойлосок...
Penguenler avlanmaya giderlerken, yavrularını birarada bırakırlar. Böylece yavrular birbirlerine sokularak soğuktan korunurlar. Peki penguenler döndüklerinde yavrularını nasıl tanırlar? Allah, penguenleri birbirlerini seslerinden tanıyabilme yeteneği ile yaratmıştır. Bu sayede birbirinin tıpatıp aynısı olan penguenler, yavrularını ve eşlerini kolaylıkla tanıyabilirler. |
Эне пингвин 2 же 3 айдан кийин кайра кайтып келгенде, жүздөгөн пингвиндердин арасынан баласын жана түгөйүн оңой гана таап алат. Мындан да кызыктуусу жетилген пинвгиндер сууга аңчылыкка чыгуудан мурда топтогу бардык кичинекейлерди топтошот жана аларды бир бала бакчадагы сыяктуу бирге калтырышат. Бул тоңдуруучу суукка карата бир чара болуп саналат. Чогуу турган кичинекейлер бири-бирине абдан жабышышат жана ушинтип жылынышат. Бирок бир көйгөй бар. Жетилген пингвиндер аңчылыктан кайтканда жүздөгөн кичинекейлер арасынан өз балдарын кантип табышат? Бул пингвиндер үчүн көйгөй эмес. Ар бир пингвин кайтып келгенде үнүнүн эң жогорку тону менен кыйкырып баштайт жана ар бир кичинекей пингвин энесин же атасын үнүнөн таанып алардын жанына барат.27 Албетте, миңдеген пингвин арасынан бири-бирин айырмалоону камсыздаган эң ыңгайлуу ыкма – бул үнүнөн таануу. Кандайча болуп көрүнүштөрү опокшош болсо да, бири-бирин айырмалап таануу үчүн пингвиндердин үнү ар бириники ар башка болуп калган? Андан да пингвиндер бири-бирин үнүнөн айырмалоо жөндөмүнө кантип ээ болушкан? Эч бир пингвин мындай өзгөчөлүктөргө жана жөндөмдөргө өз эрки менен акыл колдонуп, жетиши мүмкүн эмес. Булардын пингвиндерге «берилген» болушу керек. Андай болсо бул өзгөчөлүк жана жөндөмдөрдү аларга ким берген? Эволюционисттердин ою боюнча, «табият» берген. Табияттын кайсы элементи жаныбарларга мындай бир аң-сезимди бере алат болду экен? Уюлдагы айсбергдерби? Аска тоолорбу? Албетте, булардын эч бири жооп боло албайт, себеби эволюционисттер көптөгөн күч жана жөндөм таңуулаган табият – бул таштан, кырлардан, дарактардан, муздардан турган, жана өзү да жаратылган бир нерселердин жыйындысы. Демек, жогорудагы суроонун жообу апачык: пингвиндердин ар бирин ар кандай үн жана башкалардын үнүн таануу жөндөмү менен жараткан жана ушундайча алардын жашоосун жеңилдеткен – бул бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах.
Жандуулардын, өзгөчө кичинекейлердин корголушунда «уялардын» маанилүү бир кызматы бар. Ошондуктан көп жандык түрлөрү таң калыштуу ыкмаларды колдонуу менен, көп сандагы архитектуралык майда-бараттарга ээ уяларды курушат. Уяларды курууда ар түрдүү ыкмалар колдонулат. Жандуулар көбүнчө бир архитектор сыяктуу план жасашып, чыныгы бир дубал устасы сыяктуу иштешип, бир инженер сыяктуу техникалык эсептөөлөрдү жасашат, кээде болсо бир декоратор сыяктуу уяларын жасалгалашып, кооздошот. Көбүнчө бул уста куруучулар уяларын даярдай алуу үчүн күнү-түнү эч эс албастан иштешет. Эгер түгөйлөрү бар болсо, жумуштарды бөлүшүп, бири-бирине жардам беришет. Эң көп маани берилген уялар болсо – бул жаңыдан дүйнөгө келе турган балдарына арналган уялар.
Birçok memeli hayvan yavrusunu doğduktan hemen sonra yalayarak temizler ve bu sırada onun kokusunu da tanımış olur. Bu sayede yavrusunu diğer hayvanların arasından rahatlıkla ayırt edebilir. |
Уялардын даярдалуу ыкмалары – аң-сезими жана мээси жок бир жандыктан күтүүгө болбой тургандай кемчиликсиз. Бираздан соң мисалдары бериле турган мындай уяларды жандыктардын өз мээлери менен долбоорлой албашы айдан ачык. Себеби жандыктардын бул уяларды куруудан мурда көптөгөн баскычты пландаган болушу зарыл. Эң алгач жумурткаларынын же балдарынын коопсуздугу үчүн бир уяга муктаж экенин аныкташы зарыл. Андан соң уя үчүн эң ыңгайлуу орунду аныкташы керек, себеби эч бир жандык уясын көзүнө көрүнгөн бир жерге эле жасай бербейт.
Уянын түзүлүшү жана колдонулган материалдар да чөйрөгө жараша «атайын» тандалат. Мисалы деңиз канаттуулары суунун жээгинде жашашкандыктан, кокус болчу суу ташкындарына карата сууга чөкпөгөн жана сууда сүзө алган чөптөрдөн турган атайын уяларды курушат. Камыштуу жерлерде жашаган канаттуулар болсо шамалда термелгенде, уядагы жумурткалар түшпөшү үчүн кенен жана терең уяларды жасашат. Ал эми чөл канаттуулары болсо уяларын температурасы чөйрөгө карата эң аз 10 даража төмөн болгон өсүмдүктөрдүн төбөсүнө курушат. Себеби антпесе, жердин деңгээлинде 45 даража болгон ысыктык балапандар үчүн бир меш таасирин жаратат жана кыска мөөнөттө өлүмдөрүнө себепчи болот.
Çulhakuşları, büyük bir çaba harcayarak, topladıkları çeşitli malzemelerle, bir dala astıkları küre şeklinde yuvalar kurarlar. |
Уялар курулган жерди тандоо илим да, мээ да талап кылат. Чынында болсо бир айбандын суу ташкыны ыктымалынан же жогорку температуранын балдарына зыян берээринен кабардар болушу жана мындай коркунучтардан кантип кутулууга мүмкүн экенин эсептеши мүмкүн эмес. Ортодо аң-сезими, акылы жана илими жок жандыктар, бирок ошол эле учурда аң-сезимдүү, акылдуу жана илимге таянган кыймыл-аракеттер бар. Б.а. аң-сезимдин, акылдын жана илимдин ээси болгон Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу бар.
Жандыктар үчүн балдарынын жашоосу абдан маанилүү жана жумурткалаган же тууган соң алектенген бир гана нерселери бар. Балдарынын корголушуна абдан маани беришет. Мисалы, ремез (көгүчкөн түрүнөн бир чымчык) балдарын коргоо үчүн уя куруп коюп гана тим болбойт, айланага көп санда «жасалма уя» курат. Мунун себеби балдары чоңойуп жаткан чыныгы уяны жасалма уялар арасында жашыруу жана душмандын көңүлүн башка уяларга буруу. Бул – албетте, ремездин өз мээсинен чыгышы мүмкүн болбогон абдан назик пландалган бир жаңылтуу тактикасы. Душмандардан уяны коргоо үчүн колдонулган эң кеңири ыкмалардын бири – бул уяны кургак жалбырактардын же тикендүү бир дарактардын ичине жашыруу. Кээ бир түрлөр болсо бир коңулдун ичинде эне жана жумурткалары бар кезде, аларды коргоо максатында же бул коңулдардын кирген жагын ылай менен жабат же болбосо шилекейлери менен топуракты аралаштырып жасаган шыбагын колдонуп, кире беришке бир төрт бурчтук абалында бир дубал өрүшөт.
Көптөгөн канаттуу түрү өсүмдүк жипчелерин, чөп жана чыбык-чырпык сыяктуу материалдарды өрүү менен балдарынын бейпил чоңойушу үчүн абдан бекем жана өтө кызыктуу уяларды жасашат. Алгачкы жолу балапандуу боло турган жаш бир канаттуу бир уянын кандайча жасалаарын ошол күнгө чейин эч көрбөгөнүнө карабастан, биринчи аракетинде эле кемчиликсиз бир уя кура алат.
Албетте, булардын баары аталган жандуулар өз башынча ээ боло ала турган жөндөмдөр эмес. Демек, канаттууларга жана башка жандууларга кемчиликсиз деп атоого боло турган уяларды курдурган күч кайсы күч? Жандуулар мындай жөндөмдөргө кантип ээ болушат?
Жандуулардын мындай жөндөмдөрү жөнүндө көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай бар: ар бир жандуу туулгандан баштап өзүнүн түрү колдонгон уянын курулушу менен байланыштуу бардык маалыматтарга ээ болот. Бир жандык түрү дүйнөнүн кайсы тарабында болбосун, уясын бирдей абалда курат. Бул – жандуулардын уяларын куруу ыкмаларына кокустан ээ болбогондугунун, бул маалымат жана жөндөмдөрдүн баарынын жандыктарга жалгыз бир күч тарабынан берилгендигинин ачык далилдеринен. Аларга мындай маалыматтарды илхам кылган жана аларды жогорку жөндөмдөр менен бирге жараткан – бул чексиз илим жана күч-кудурет ээси Аллах.
Жандыктардын уялары анализ кылынганда, көрүлгөн архитектуралык чеберчиликтер менен бирге эне жана атанын уяны куруу үчүн көрсөткөн кереметтүү жан аябастыктары да көңүлдү өзүнө бурат. Мисалы, канаттуулар балдары үчүн уяларды абдан назиктик менен курушуп, өздөрүнө жөнөкөйүрөөк уяларды курушат.28 Уялардын курулуш баскычтарын ойлогонубузда болсо, бул жандыктардын канчалык чоң убарачылыктар менен бул уяларды курушканын, канчалык көп күч коротушканын жана канчалык жан үрөшкөнүн түшүнөбүз. Бир канаттуу эң жөнөкөй бир уя куруу үчүн да жүздөгөн жолу учуп чыбык-чырпык топтошу керек. Себеби оозунда ар бир жолкусунда бир же эки бөлүк гана көтөрө алат. Бирок бул канаттууга тоскоол боло албайт жана чоң бир сабырдуулук менен керектүү материалды ташуусун улантат. Куруу убагында эч тажап эринбейт, материалды чарчаган үчүн кем колдонбойт, эч бир бөлүк үчүн эринбейт.
Allah sizi topraktan yarattı, sonra bir damla sudan. Sonra da sizi çift çift kıldı. O'nun bilgisi olmaksızın, hiç bir dişi gebe kalmaz ve doğurmaz da. Ömür sürene, ömür verilmesi ve onun ömründen kısaltılması da mutlaka bir kitapta (yazılı)dır. Gerçekten bu, Allah'a göre kolaydır. |
Дарвиндин табигый тандалуу догмасы боюнча, бул жандуулар бир гана өздөрүн ойлошу керек эле. Эгер күчтүүлөр жашай алган, айоосуз бир күрөш жүргөн бир чөйрө болсо, бул жандуулар алсыз жандууларды жашата алуу үчүн өздөрүн дээрлик «байкуш абалга жеткире турганчалык» аракет кылышмак беле? Же али бул алсыз жандыктар дүйнөгө келе электе алар үчүн эң кооптуу чөйрөнү даярдоону кантип түшүндүрүүгө болот? Бул суроолордун эч бирине Дарвиндин табигый тандалуу гипотезасы да, эволюция теориясы да, атеисттик кандайдыр бир көз-караш да жооп бере албайт. Бул суроолордун жалгыз жана так бир жообу бар; бул жандууларга жан аябастык, сабыр, туруктуулук, аракетчилдик, чечкиндүүлүк сыяктуу өзгөчөлүктөрдү берген – бул Аллах. Аллах аларга бул сезимдерди алсыздар күчтүүлөр тарабынан корголсун, табияттагы тең салмактуулук улансын, бул жандыктардын урпактары алар үчүн белгиленген мөөнөткө чейин жок болбосун жана адамдар үчүн Аллахтын чеберчилигинин, күчүнүн, илиминин, жаратуудагы улуулугунун даана бир далилдери болсун үчүн илхам кылууда.
Бираздан соң архитектура жана жасалгалоо жөндөмдөрү менен таанылган кээ бир жандуулардан мисалдар берилет. Өзгөчө канаттуунун жумурткалары жана балапандары – бир уяда корголууга эң көп муктаж болгон жандыктардан. Ушул себептен Аллах канаттууларга дал муктаж болгондой уяларды курууларын илхам кылууда.
Канаттуулар уя курууда эң уста жандыктар катары таанылышат. Канаттуу түрлөрүнүн өздөрүнө тиешелүү уя ыкмалары бар жана эч жаңылбастан мындай кемчиликсиз түзүлүштөрдү курушат.
Канаттуулардын уя курушунун эң маанилүү себеби – бул жумурткаларынын жана кийинчерээк бул жумурткадан чыккан балапандарынын абдан коргоого муктаж болушу. Өзгөчө эне канаттуу балдары үчүн аңчылыкка кеткенде, балапандары толугу менен коргоосуз калышат. Бирок дарактын баштарына, дарактардагы оюктарга, жаракаларга же чөптөрдүн арасына чоң бир усталык менен жашырылган уялар бул балапандар үчүн маанилүү бир башпаанек милдетин аткарат.
Канаттуу уяларынын дагы бир өзгөчөлүгү – бул балапандарды сууктан коргошу. Балапандар түксүз чыгышат жана ошол эле учурда көп кыймылдай албагандыктан булчуңдарын эч иштете алышпайт. Ошондуктан балапандар тоңбошу үчүн сууктан коргой турган уяларга муктаждык бар. Өзгөчө «өрүлгөн уялар» түзүлүштөрү жагынан мындай жылуулукту балапандарга камсыздай алат. Мындай уялардын курулушу болсо абдан машакаттуу жана оор. Ургаачы канаттуу уяны көп убакыт бою абдан аярдык менен өрүп жасайт. Ошол эле учурда уянын ичин түк, жипче жана кылдар менен толтуруп, натыйжада уянын изоляциясын көбөйткөн болот.29
Terzi kuşları gagalarını iğne olarak ve yaprak liflerini veya örümcek ağlarını da iplik olarak kullanarak, yaprakları birbirine son derece düzgün bir şekilde dikerler. Böylece konforlu yuvalar oluştururlar. |
Ар кандай уя үчүн материал табуу абдан маанилүү. Канаттуулар күн бою жасай турган курулушу үчүн керектүү материалды топтошот. Канаттуулардын тумшуктары жана буттары ар түрдүү материалдарды ташуу жана колдонуу үчүн атайын долбоорлонгон. Уянын курулушу ургаачыга тиешелүү, бирок уя курула турган аймакты эркек тандайт.
Канаттуулар мындай архитектуралык кереметтерди ылай, жалбырак, чырмоок, түк жана кагаз сыяктуу материалдарды колдонуп жасашат. Канаттуу уяларынын өзгөчөлүктөрү колдонгон материалдардан жана куруучулар колдонгон ыкмалардан көз-каранды. Уялар колдонула турган материалдардын ийилчээктиги, чыдамкайлыгы жана катуулугу эске алынып жасалат. Материал кысууга жана керүүгө мүмкүн боло тургандай болушу керек. Мындан тышкары, ар кандай түрдөгү материалдардын бирге колдонулушу уянын коргоочу өзгөчөлүктөрүн өстүрөт. Мисалы, ылай менен өсүмдүк жипчелерин аралаштыруу уядагы жаракалардын жайылышына тоскоол болот.
Канаттуулар топтогон материалдары менен алгач курулуш материалдарын камдашат. Мындай уя курган канаттуулардын бири – бул боор чабалекейлери. Боор чабалекейлери уяларын боор (аска) чекелерине, имарат же коргон дубалдарга цемент менен жабыштырышат. Бул цементти алуу ыкмалары болсо абдан ыңгайлуу. Тумшуктары менен ылай же чопо бөлүкчөлөрүн топтошот жана бул материалдарды курулуш аймагына ташышат. Ылайды жабышчаак шилекейлери менен аралаштырып, асканын бетине сүрүшөт, үстүндө төгөрөк бир ачык калтырышып, түз бир чопо чыны абалында калып беришет. Чопо чынынын ичин чым, балыр жана түк менен толтурушат. Жамгыр жааганда ылайды эзбесин жана уяны кыйратпасын деп бул уяларды көбүнчө бери чыгып турган бир таштын астына курушат.30
Кээ бир Түштүк Африка канаттуулары (Anthoscopus) болсо эки бөлүмгө бөлүнгөн атайын уяларды жасашат. Бул уяларда жумуртка басуу бөлмөсүнүн чыныгы эшиги жашырылган. Уянын башка эшиги болсо ортодо бир жерде. Бул аңчы жандыктар үчүн даярдалган бир көз бойомочулук.31
Муну менен бирге америка заргалдактары түрүнөн бир канаттуу түрү уясын жапайы аары топторунун жанына курат. Себеби бул аарылар жыландарды, маймылдарды, кара тотукуштарды жана өзгөчө бул канаттуулар үчүн өлүм коркунучу болгон бир чымын түрүн өз уяларынын жанына жакын жолотушпайт.32 Заргалдак канаттуусу да мунун урматында балапандарын мындай коркунучтардан коргогон болот.
Индия тигүүчү канаттуусунун тумшугу бир тигүүчү ийне сыяктуу. Жип катары колдонуу үчүн жөргөмүш торунан жибек, уруктардан пахта жана дарак кабыктарынан болсо жипче алат. Бир дарактын өнүп турган жалбырактарын тандайт жана четтери үстү-үстүнө келе тургандай абалда бул жалбырактарды тартып, калыпка салат. Андан соң сүйрү тумшугу менен ар бир жалбырактын бурчуна бир тешик жасайт. Топтогон жөргөмүш тору же өсүмдүк жипчелерин бир тигүүчү ийне-жип колдонгон сыяктуу тумшуктары менен тешиктерден өткөрөт жана түшүп кетүүсүнө тоскоол болуу үчүн ар бир илмекти түйүп койот. Ушул эле жумушту берки учуна да жасап, эки жалбыракты бири-бирине «тиккен» болот. Бир жуп жалбыракты же жалгыз бир жалбыракты өзүнүн айланасында айлантуу үчүн жарым дюжинага чейин түйүккө муктаждык болушу мүмкүн. Андан соң канаттуу бул чөйчөктү чымдар менен толтуруп, төшөйт.33 Мындан тышкары, бул жалбырактар менен оролгон чөйчөктүн ичинде ургаачысы жумурткаларын койо турган жашыруун дагы бир уя тигет.34
Terzi kuşları gagalarını iğne olarak ve yaprak liflerini veya örümcek ağlarını da iplik olarak kullanarak, yaprakları birbirine son derece düzgün bir şekilde dikerler. Böylece konforlu yuvalar oluştururlar. Dikişçi çalıbülbülünün yuvası birbirine diktiği iki büyük yaprağın arasındadır. Terzi kuşları gibi gagasını iğne gibi kullanırken, bitkisel lifleri ve örümcek ağlarını da iplik olarak kullanır. Dokumacı kuşlar, Allah'ın kendilerine ilham etmesiyle kendilerine muhteşem yuvalar kurarlar. Üstte ve sağda dokumacı kuşun yuvasını kurma aşamaları gösterilmektedir. Kuş önce kendine yapraklardan ince uzun şeritler yapar. Sonra bir ayağı ile şeritin ucunu dalın üzerinde tutarken, diğer ucunu gagasıyla idare ederek yuva inşasına başlar. Resimlerde görüldüğü gibi, gagasını mekik gibi kullanarak yaprak liflerini diğer liflerin üzerinden ve altından sırayla geçirir. Soldaki resim ise yuvasının yapımını bitirmek üzere olan bir dokumacı kuştur. |
Topluluk halinde yaşayan dokumacı kuşlar ise küçük odacıklardan oluşan ve kendilerini aşırı sıcakların etkisinden koruyan yuvalar kurarlar. |
Токугуч канаттуулардын уялары учурда канаттуу таануучулар жана башка табият таануучулар тарабынан канаттуулар жасаган эң кызыктуу түзүлүштөр катары айтылууда. Бул канаттуулар табиятта тапкан өсүмдүк жипчелерин жана жип катары колдоно алган ар түрдүү узун өсүмдүк сабактарын «токуу» абалында өрүп, өздөрүнө абдан бекем уяларды курушат.
Токугуч канаттуу эң алгач колдоно турган материалын топтойт. Жашыл жана жандуу жалбырактардан өзүнө ичке узун ленталар кыркат же жалбырактардын орто тамырларын алат. Өзгөчө жандуу жалбырактарды тандашынын болсо бир себеби бар: куураган жалбырактардан алган материалды башкара алышы жана буларды токууда колдонуу абдан кыйын, ал эми жандуу жалбырак жипчелери менен бул жумуш абдан оңой жасалат. Канаттуу алгач сабактуу бир бутакка бир жалбырактан үзүп алган узун бир жипченин учун ороо менен ишин баштайт. Бир буту менен жипченин учун бутактын үстүндө кармап туруп, экинчи учун тумшугу менен башкарат. Жипчелер түшүп кетпеши үчүн аларды түйүп бири-бирине байлайт. Алгач бир төгөрөк жасайт; бул уясынын эшиги. Кийин болсо тумшугун токугуч сыяктуу колдонуп, жалбырак жипчелерин башка жипчелердин үстүнөн жана астынан ирээти менен өткөрөт. Токуу процесси учурунда ар бир жипченин канчалык тартылышы керек экенин эсептей алышы керек. Себеби эгер токуганы жумшак болсо, уя бузулуп калат. Мындан тышкары, дубалдарды качан ийүү керек экенин же сыртты көздөй качан ийилээрин билүү үчүн уянын бүткөн, толук абалын акылында элестете алышы зарыл.
Кире беришти токуган соң уянын дубалдарын токуп баштайт. Бул үчүн башын ылдый кылып турат жана ич тараптан жумушун улантат. Тумшугу менен жипчени экинчисинин астынан өткөрөт жана кийин назиктик менен сыртта калган учун кармайт жана бекем тартат. Ушундайча абдан кереметтүү бир токууну жасайт.36
Байкалгандай, токуучу канаттуу уясын жасап жатканда, дайыма бир канча баскыч кийинкисин алдын ала эсептеп кыймылдоодо. Алгач уясы үчүн эң ылайыктуу материалды топтойт, уяны токууну туш келе бир жерден баштабайт. Алгач кире беришти жасайт жана ал жерден дубалдарды улантат. Каерде ийээрин, каерди кеңейтээрин абдан жакшы билет. Болгондо да буларды жасап жатканда абдан усталык менен, акылдуу жана жөндөмдүү кыймыл-аракеттерди жасайт, кыймыл-аракеттеринде эч тажрыйбасыздык, билбестик ишараты байкалбайт. Бир эле учурда эки ишти жасай алууга (бир тараптан буту менен түшүп кетпеши үчүн жалбырак жипчесин кармап, экинчи тараптан жипченин берки учун тумшугу менен башкарат) жөндөмдүү. Эч бир кыймылы кокустук эмес, тескерисинче абдан аң-сезимдүү жана максатка ылайык.
Токугуч канаттуулардын башка бир түрү болсо жамгырдын таасирин эске алып, «үстүнөн суу өтпөгөн» абдан бекем бир уя курат. Бул канаттуу айланадан топтогон өсүмдүк жипчелерин тумшугундагы бир суюктук менен аралаштырып, өзгөчө бир материал жасайт. Бул суюктук өсүмдүк жипчелерине ийилчээктик жана суу өткөрбөөчүлүк өзгөчөлүгүн берет жана натыйжада уя үчүн кемчиликсиз бир шыбак материалы пайда болот.
Уя бүткөнгө чейин бул процесстерди көп жолу кайталаган токуучу канаттуулар мындай жөмдөмдөргө кокустуктан, аң-сезимсиз ээ болду деп айтуу, албетте, эч мүмкүн эмес. Бул канаттуулар үйлөрүн курууда эч кыйналбастан, бир эле учурда архитектор, бир куруучу инженер жана бир уста сыяктуу иштешет.
Кызыктуу уялар курган канаттуулардын башка бир мисалы – бул Африкада жашаган токуучу канаттуу түрлөрүнүн бири. Бул канаттуулар чоң үй сыяктуу бөлмөлөргө бөлүнгөн, абдан татаал уяларды жасашат. Бул уялардын бийиктиги 3 м, кеңдиги болсо 4,5 метрге жетет жана ичинде дээрлик 200 жуп канаттуу жашай алат.37
Жөнөкөй бир уя куруу жолу турганда, бул канаттуулар эмне үчүн дайыма оор жана көп эмгек талап кылган жолду тандашууда? Бул канаттуулардын өз башынча ушунчалык татаал түзүлүштөргө ээ уяларды курушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болобу? Албетте, болбойт. Табияттагы бүт жандыктар сыяктуу, бул канаттуулар да Аллахтын илхамы менен кыймылдашат.
Кээ бир канаттуулар уяларын жердин астына жашырышат. Мисалы, жээк чабалекейлери дарыя же жээк боюнча тик топурак чептеринин жанынан узун тунелдер казышат. Тунелдерди жогоруга ийилген кылып ачышат жана натыйжада жамгыр жааганда уяларын сел баспайт. Ар бир тунелдин аягында чым жана түктөр менен оролгон кичинекей бир бөлмөчө болот.
Түштүк Америкада жашаган булут чабалекейлери уяларын шаркыратмалардын артындагы боорлорго курушат. Бирок шаркыратманын артына өтүү бир канаттуу үчүн дээрлик эч мүмкүн эмес. Мисалы, жырткыч канаттуулар, балыкчылдар, ак чардак же карга сыяктуу канаттуулар шаркыратманы жарып, артына өтө алышпайт. Негизи ыкчам аккан тонналаган суунун ичинен өтүүгө аракет кылган бир канаттуунун заматта талкаланышын күтүүгө болот. Бирок бул чабалекейлер абдан кичинекей жана ушунчалык бат учушкандыктан, шаркыратманы бир ок сыяктуу жарып, арка тарабына өтө алышат. Ал жер бул канаттуулар жана жумурткалары үчүн абдан коопсуз бир жер, себеби алардан башка эч бир жандык шаркыратманын арка тарабына өтүүгө аракет кылбайт.
Bulut kırlangıçları yuvalarını hiçbir canlının ulaşamadığı şelalelerin arkasındaki kayalıklara kurarlar. |
Бирок бул чабалекейлердин уялары үчүн материал топтоодо бир көйгөйү бар. Буттары ушунчалык кичинекей болгондуктан, башка канаттуулар сыяктуу жерге конуп, буттары менен материалдарды кармай алышпайт. Мунун ордуна абада учкан түк, куураган чөп сыяктуу кээ бир материалдарды кармашат жана буларды жабышчаак шилекейлери менен таштардын үстүнө жабыштырышат.38
Инд океанынын жээктеринде жашаган бир чабалекей түрүнүн мүчөлөрү болсо уяларын үңкүрлөрдүн ичине жасашат. Бул үңкүрлөрдүн эшиктери толкун келген сайын жабылат. Ошондуктан үңкүргө кирүүдөн мурун көбүктүү толкундар үстүндө толкундардын кайра кайтышын күтүшүп, көп кыймылдабастан учушат жана толкун тартылып үңкүрлөрдүн оозу ачылганда ичкери учушат. Чабалекейлер уяларын куруудан мурун суунун үңкүр капталдарында калтырган издерине карап, суу жеткен эң жогорку чекти аныкташат. Жана уяларын бул деңгээлден өйдөрөөк бир жерге курушат.39
Африкада жашаган узун буттуу катчы канаттуулар болсо уяларын бийик жана тикендүү дарактардын ортосуна куруп, душмандарынан коргонот. Американын түштүк-батышында уя курган тоңкулдактар ири кактус өсүмдүктөрүнүн тикендүү денесинен уя тешигин ачышат. Саздак бейиш куштары (королек) болсо тузак уялар даярдашат. Ургаачы бейиш кушу балдары үчүн бир уя даярдап жатканда, эркек бейиш кушу саздактын айланасында ыкчам чуркап, чыныгы уядан көңүлдү башка тараптарга бура турган ар түрдүү тузак уяларды курат.40
Жаңы жаралган кичинекей балапандарга болгон баласаактык дээрлик бүт канаттуу түрлөрүндө байкалат. Булардын бири – альбатрос канаттуулары. Альбатростор дайыма өздөрү туулган жерде жупташышат. Ошондуктан көбөйүү учурларында топтор абалында жыйналышат. Ургаачылар келээрден жумалар мурда эркектер келип, ал жерде мурдатан бар болгон уяларды оңдошот; ушундайча ургаачылар жана балапандар үчүн кемчиликсиз бир бейпилдик камсыздаган болушат. Жумурткаларга болгон жакындык болсо альбатрос канаттууларында абдан кызыктуу. Себеби альбатростор аярдык менен даярдалган уяда жумурткалардын үстүндө эч кыймылдабастан, дээрлик 50 күн бою жатышат.
Бирок балапандарга карата көрсөтүлгөн аяр мамиле жумурткалардын корголушу жана каралышы менен эле чектелбейт. Альбатростор көбүнчө балапандарына тамак табуу үчүн гана керек болсо бир сапарда 1,5 киллометрден ашык жол жүрүшөт.41
Albatroslar, yumurtalarının ve yavrularının korunması için son derece özenli yuvalar kurarlar. Dişi albatroslar çiftleşme yerine gelmeden haftalar önce erkek albatroslar gelerek buradaki yuvaları tamir ederler. |
The male hornbill walls up his mate and eggs in a hole in a tree and looks after them there. |
Көбөйүү мезгили мүйүздүү канаттуулар үчүн машакаттуу аракеттердин башталышы болот. Бул мезгилде балапандардын ден-соолукта чоңойушу үчүн эркек жана ургаачы мүйүздүү канаттуулар алардан күтүлбөгөндөй көп эмгектенишет. Бул үчүн биринчи жумуш – ургаачыга жана туула турган балапандарга коопсуз бир уя куруу.
Жумушту эркек мүйүздүү канаттуу баштайт жана уя куруу үчүн дарактын үстүнөн бир тешик табат. Ургаачысы бул тешиктин ичине кирет жана эркек болсо тешиктин эшигин ылай менен жабат. Бул уяны курууда абдан маанилүү бир жагдай бар. Эркек мүйүздүү канаттуу ургаачы менен балапандардын коопсуздугун камсыздоо жана аларды сырттан келиши мүмкүн болгон маанилүү коркунучтардан, өзгөчө жыландардан коргоо үчүн ылай менен жапкан бул тешикте кичинекей бир терезе калтырат. Ургаачы канаттуу жумурткалардын үстүндө 3 ай бою жатат жана жабык болгон уясынан бир жолу да чыкпайт. Ошондуктан эркек мүйүздүү канаттуу түгөйү үчүн азык табат жана ага ушул тешиктен тамак берет. Балапандар чыкканда, аларды да кайра эле ушул тешиктен тамактандырат.42 Эки канаттуу тең балапандары үчүн абдан сабырдуу жана өздөрүн аябастан аракет кылышат. Ургаачы канаттуу үч ай бою өзү гана араң батканчалык кичинекей бир тешикте эч кыймылдабастан, жумурткалардын үстүндө отурса, эркек канаттуу аларды эч жалгыз таштабайт.
Буга чейинки мисалдардан да байкалгандай, ар бир канаттуу түрүнүн өзүнө тиешелүү бир уя куруу ыкмасы бар. Жана бул ыкмалардын баары аң-сезимдүү, акылдуу жана ойлонуу жөндөмү жок бир жандыктан күтүүгө мүмкүн болбогончолук татаал; ар бирөөсү бир долбоор жана план талап кылат.
Gerçekten hayvanlarda da sizin için bir ders (ibret) vardır... |
Her kuş türünün kendine özgü bir yuva şekli vardır. Flamingolar da kendileri gibi estetik yuvalar inşa ederler. |
Бир ойлонуп көрөлү: алдыбызда аң-сезими жана акылы жок, боорукердик, мээрим же жан аябастык сыяктуу эрдиктерди пландап жасай турган акылга жана эркке ээ эмес жандыктар турат. Бирок ошол эле учурда бул жандыктарда акыл, аң-сезим, план жана долбоордун натыйжасы болгон чыгармалар, абдан мээримдүү жана жан аябас кыймыл-аракеттер апачык көрүнүүдө. Андай болсо бул кыймыл-аракеттердин жана чыгармалардын булагы эмне? Бул жандыктар мындай кыймыл-аракеттерди өз эрктери менен кылуу жөндөмүнө ээ эмес, демек буларды аларга жасаткан, буларды аларга үйрөткөн бир «күч» болушу керек. Мына ушул күч – жердин, асмандын жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби болгон Аллахка тиешелүү.
Çıplak kafalı kaya kuşu çamurdan yapılmış yuvasında otururken görülüyor. | Ebabil kuşunun yavrularını korumak için yaptığı yuva. (solda) |
Fedakar bombus arısı |
Бомбус аарыларынын уя курууда көрсөткөн жан аябастыгы да абдан кызыктуу. Жаш ханыша аары жумурткалоо процессине бираз мөөнөт калганда, үйүр түзүү үчүн ылайыктуу бир жер издеп баштайт. Жер тапкан соң кезек уяны куруу үчүн керектүү түк, чөп жана жалбырак сыяктуу материалдарды табууга келет.
Алгач уянын ортосуна теннис тобунчалык чоңдукта бир бөлмөчө жасайт. Бул бөлмөчө айланадан топтолгон материалдардын бири-бирине байлануусу менен жасалат. Кезек уяга азык топтоого келген болот. Ханыша сыртка чыгаар замат уянын үстүндө төгөрөктөр чийип абада айланып баштайт. Бул учурда багыты дайыма уясына багытталат. Ушундайча уясынын ордун жаттаган болот. Балдын маңызын же гүл чаңчаларын топтоп, жетиштүү азык болду деп ойлогондо, уясына кайра кайтат жана буларды бөлмөнүн ортосуна төгөт.
Бал маңызынын азык катары колдонулбаган бөлүгүн ыргытпайт. Буларды кургатып, бөлмө жасалган материалды бири-бирине жабыштырууда жана ошол эле учурда ал жерди изоляциялоодо колдонот. Бал маңызы менен азыктанган ханыша бир мөөнөттөн соң бал мумун чыгарып баштайт. Топтогон гүл чаңчаларынан кичинекей тоголокчолорду жасайт жана үстүнө алгачкы жумушчуларды түзө турган индивиддер чоңойо турган 8 же 16 жумуртка койот. Жумурткалардын айланасын гүл чаңчалары менен бекем жабат.
Жаңы жумурткалар тоголокчолордун үстүнө туш келе эмес, абдан аярдык менен, белгилүү бир симметрияда коюлат. Бирок балдардын жаралышы сыяктуу, жаралган соң азыктанышы да маанилүү. Ошондуктан жаш ханыша бал мумунан бал идиштерин жасап, булардын ичин бал маңызы менен толтурат. Кичинекейлер 4-5 күн уланган бир жумуртка басуу доорунан соң жумурткадан чыгышканда, алар үчүн даярдалган гүл чаңчасы жана бал маңыздары менен азыктанып башташат.
Көңүл бурулган болсо, бал маңыздарын бир куруучу жумушчусу сыяктуу колдонгон, ошол эле учурда үйүрдү (топту) түзө турган жаш индивиддердин ден-соолукта чоңойушун жана жашашын камсыздаган – акылдуу жана аң-сезимдүү бир жандык эмес; бою бир канча сантиметрден ашпаган кичинекей бир аары. Бул жерде биринчи эле мындай бир суроо туулат: ханыша аары эмне үчүн мынчалык чоң бир жан аябастыкка барууда? Себеби ханыша аары жаңы туулган кичинекейлерди азыктандырган үчүн өз пайдасына эч нерсе таппайт. Ал тургай ордуна жаңы бир ханыша келгенде, чоң бир жан аябастыкка барып, өзү түзгөн тобунан да айрылууга мажбур болот. Андай болсо мынчалык өзүн курмандыкка чалышынын жана жаңы урпактарды пайда кылуу үчүн машакаттуу жумуштарды жасашынын жалгыз бир себеби бар: бүт жандыктар сыяктуу, бомбус аарылары да бир гана Аллахтын илхамы менен мындай жан аябастыкка барууда жана жаңы урпактарды пайда кылууда. Б.а. эволюционисттер жактагандай, табияттагы жандыктар өзүмчүлдүк менен өз өмүрүн улантуу ачкөздүгүнө ээ эмес.43
Антарктиканын суук климатында жашаган ургаачы уюл аюулары эгер кош бойлуу болсо же балдары бар болсо өздөрүнө кар жыйындысынын астынан уя жасашат. Башка учурда уяда жашашпайт. Балдар көбүнчө кыш ортосунда туулушат. Алгач туулганда түксүз, көр жана абдан кичинекей болушат. Кыш ортосунда туулган бул абдан алсыз жана кароого муктаж балдардын жашап кетиши үчүн уялардын болушу шарт.
Кадимки бир уя 2 метр узундуктагы бир тунел менен аянты дээрлик жарым метр болгон төгөрөк бир аянттан турат. Бийиктиги да дээрлик жарым метрдей. Бирок бул жер жөнөкөй бир канча аракет менен жасалган бир башпаанек эмес. Бүт жер кар жана муз менен курчалган мындай бир чөйрөдө кар жыйындыларынын асты абдан профессионалдуу деңгээлде казылган жана балдардын жашоосу үчүн керектүү болгон маанилүү жагдайлар эске алынган болот.
Бул уялардын көбүнчө бирден көп бөлмөсү бар жана уюл аюулары бул бөлмөлөрдү уянын эшигинен бийигирээк деңгээлде даярдашат. Натыйжада бөлмөдөгү ысык абанын эшиктен сыртка чыгышына жол берилбеген болот.
Уянын үстүнө жана эшигине кыш бою кар жыйылат. Уюл аюусу болсо бул кар жыйындысынын ичинде аба гана кире турганчалык тар бир каналды ачык калтырат.44
Эне аюу башпаанегинин чатырын кээде 75 смден 2 метрге чейин жеткен бир калыңдыкта курат. Чатырдын калыңдыгы коргоочу милдетти аткарат. Б.а. уядагы жылуулукту сактайт. Уядагы температура да мунун урматында турукташкан болот.45
Норвегиянын Осло Университетинен изилдөөчү Поль Уоттс (Paul Watts) бул уялардын биринин чатырына бир аппарат жайгаштырып, температураны аярдык менен өлчөгөн жана абдан кызыктуу бир абалды байкаган. Бул узун эмгектин натыйжасында сырттагы температура -30 даражага чейин түшсө, уянын ичиндеги температура 2 же 3 даражадан төмөн эч түшкөн эмес. Эне аюунун кардын калыңдыгына жараша коргоонун да өзгөрүшүн кантип билээри болсо илимпоздорду абдан кызыктырган. Бул жылуу жана корголгон чөйрөдө эне аюу энергия топтойт жана денесиндеги май резервдерин да кышкы уйку периодуна ылайык жөнгө салат.
Бирок булардан да абдан кызыктуу бир жагдай бар. Эне аюу кышкы уйкуга кирген бул периоддо эч энергия коротпоо жана балдарынын жакшыраак азыктанышын камсыздоо үчүн метаболизмин төмөндөтөт. 7 ай бою метаболизминдеги майды протеинге айлантат жана балдарынын азыктанышын камсыздайт. Ошондуктан 7 ай бою өзү эч азыктанбайт. Жүрөктүн согушун мүнөтүнө 70тен 8ге чейин түшүрө алат жана метаболизмин жайлатат. Бул периоддо тамак жебеген сыяктуу, табигый муктаждыктарын (заара сыяктуу) да кылбайт. Ушундайча балдарын тууй турган убакта ашыкча энергия коротпогон болот.
Dişi timsahın yumurtaları için inşa ettiği yuvası |
Флорида Эверглейдсте жашаган ургаачы крокодил жумурткалары үчүн абдан өзгөчө бир уя даярдайт. Алгач чириген өсүмдүктөрдү ылай менен аралаштырат жана бул өсүмдүктөрдөн дээрлик 90 см бийиктикте бир дөбө жасайт. Дөбөнүн үстүндө бир чуңкур жасайт жана бул чуңкурдун ичине бир канча дюжина болгон жумурткаларын жайгаштырат. Жумурткалардын үстүн кайра эле топтогон өсүмдүктөрү менен жабат. Кийин жумурткалары үчүн кооптуу болгон жаныбарлардан уяны коргоп баштайт. Жумурткалар жарылаарда балдарынын үндөрүн уккан крокодил уянын үстүндөгү өсүмдүктөрдөн турган жапкычты алат. Балдары ыкчам жогору көздөй тырмышышат жана эне крокодил балдарын оозуна алып аларды сууга чейин оозунун ичиндеги чөнтөкчөдө ташыйт.46
Амфибия ата-энелер арасында эң уста уя куруучулардын бири – бул кичинекей Түштүк Африка темирчи бака. Уя эркек бака тарабынан курулат. Эркек ылайда бир тешик ачканга чейин айлана абалында айланат. Тешиктин дубалдарын түртүп кеңейтет. Жумушу аяктаганда, бекем бир ылайдан дубал менен курчалган, 10 см тереңдикте бир суу көлмөсүн курган болот.
Темирчи бака бул көлмөдө отурат жана бир ургаачынын көңүлүн бурганга чейин ал жерде жупташуу чакырыгын жасайт. Бул чакырууга келген ургаачы бака суу толгон уяга жумурткаларын жайгаштырат; жумурткаларды эркек төлдөтөт жана экөөсү тең жумурткалар жарылганга чейин аларды көзөмөлдөшөт. Жумурткадан чыккан кичинекейлер (тетарлар) дубал менен курчалган, балыктардан жана курт-кумурскалардан корголгон көлмөлөрүндө бейпил гана сүзүшөт. Чоңойгондо болсо аярдык менен даярдалган бул «бала бөлмөсүнүн» дубалынан тырмышып, сыртка чыгышат.47
Балыктардын да уя кураарын көбүбүз билбейбиз. Бирок таң калыштуу санда көп тузсуз суу балыгы көлмөлөрдүн, көлдөрдүн же дарыялардын түбүндө уялар курушат. Бул уялар көбүнчө шагылдардын же кумдун ичинде ачылган бир чуңкур абалында. Мисалы, сом балыктар жана ала балыктар жумурткаларын ушундай ачкан чуңкурларына койгон соң чуңкурду жабышат жана жумурткаларды өз башынча жарылып чыгышы үчүн калтырышат. Жумурткалар ачык бир уяда коргоосуз калганда болсо ата-энелердин бири же экөөсү кароол болот. Көптөгөн балык түрүндө уянын курулушун жана жумурткаларды коргоону эркек өз мойнуна алат.
Балыктардын кээ бирлеринин уялары болсо кеңири масштабдуу. Түндүк Америка жана Европа боюнча көлмө жана дарыялардагы эркек тикендүү балыктар көптөгөн канаттуунукунан бир топ аярдык менен даярдалган уяларды курушат. Бул балык түрү суу өсүмдүктөрүнүн майдаларын топтоп, бөйрөктөрүнөн чыккан жабышчаак бир суюктукту чачып өсүмдүк бөлүкчөлөрүн бири-бирине жабыштырат. Уяга узун түз бир жыйынды калыбын берүү үчүн анын айланасында сүртүнүү менен сүзөт. Кийин бул жыйындынын ортосунан ыкчам өтүп, алдыңкы жана арткы эшиги бар жана арасынан суу аккан бир тунел жасайт. Бир ургаачы уяга келгенде, кылкандуу балык зигзаг абалында бир бий бийлейт. Ургаачыны тунел абалындагы уясына алып барат жана мурду менен уянын эшигин ишарат кылат. Ургаачы жумурткаларын таштаган соң эркек жумурткаларды төлдөтүү үчүн уянын алдыңкы эшигинен кирип баратып, ургаачыны арткы эшиктен сыртка түртөт. Уя бир канча ургаачы тарабынан жумуртка менен толтурулганда, эркек кароолдукка турат жана тунелдин ичине тузсуз суу агымын камсыздайт. Мындан тышкары, уянын бузулган жактарын оңдойт. Жумурткалар жарылган соң дагы бир канча күн кароолдугун улантат. Андан соң ылдыйкы жагын кичинекей кылкандуу балыктар үчүн «бала бөлмөсү» катары калтырып, уянын төбөсүн алып таштайт.48
Balıkların yuva yaptıkları pek bilinmez. Ancak bir çok balık türü yumurtaları ve larvaları için özenli yuvalar hazırlarlar. Bununla da yetinmeyip yumurtalarının başında nöbet tutarlar. Üstte çakıl taşları ve deniz canlılarının kabukları kullanılarak hazırlanmış bir balık yuvası ve larvalar görülmektedir. |
Бир ойлонуп көрүңүз; архитекторлук илими жок, өмүрүндө эч куруу тармагында иштебеген бирөө алдында материал да, кантип кураарын үйрөтүп турган бирөө да, курула турган имараттын планы да жок туруп, өз алдынча кемчиликсиз бир имаратты кура алабы? Албетте, жок. Адам аң-сезимдүү жана акылдуу бир жандык болгонуна карабастан, андан мындай бир нерсени күтүү кыйын.
Адамдан да күтүүгө болбогон мындай мээ жана жөндөм талап кылган кыймыл-аракеттерди жаныбарлардан күтүүгө болобу? Жогоруда мисалдары берилген жаныбарлардын көпчүлүгү мээ мындай турсун, өнүккөн бир нерв системасына да ээ эмес. Бирок уяларын куруп жатышканда, план жана эсептөөлөрдү жасашат, физиканын эрежелерин колдонушат, токуучулук же тигүүчүлүк сыяктуу жөндөм талап кылган ыкмаларды колдонушат. Болгондо да бул жаныбарлар өздөрүнүн жана балдарынын муктаждыктарын эң ыңгайлуу жол менен камсыздашат. Эң табигый жана кол жетээрлик жолдордон өздөрүнө курулуш материалдарын даярдашып, курулуштарынын изоляциясын да эң оңой материалдар менен камсыздашат. Бир канаттуу же бир уюл аюусунун изоляциянын эмне экенин билиши мүмкүнбү? Же болбосо уясын жылытышы керек экенине акылы жетиши мүмкүнбү? Мындай өзгөчөлүктөрдүн эч бирөөсүнүн бул жаныбарлардын өзүнө тиешелүү эмес экендиги ачык. Андай болсо бул жаныбарлар мындай жөндөмдөргө кантип ээ болушат?
Мындан тышкары, бул жаныбарлар уяларды куруп жатышканда, улуу бир берилгендик жана сабырдуулук менен иштешет. Көбүнчө болсо бул уяларда өздөрү эмес, жалаң гана балдары жашашат.
Бул жаныбарлардын кыймыл-аракеттеринде көрүлгөн акылдын, илимдин жана жан аябастыктын булагынын бир гана жообу бар; булардын баары – бул жаныбарларга Аллах тарабынан илхам кылынган өзгөчөлүктөр. Аллах жаныбар түрлөрүнүн тукумунун уланышы үчүн бул жаныбарларды жан аябас жана иштемчил кылып жаратып, аларга коргонуу, аңчылык кылуу, азыктануу, көбөйүү ыкмаларын өз-өзүнчө илхам кылган. Аларга уяларын курдурган, кемчиликсиз пландар жасаткан, аларды коргогон жана сактаган – бул чексиз мээримдүү жана боорукер Аллах. Эволюционисттер догма кылгандай, «табият эне» да, кокустуктар да бул жаныбарлары абдан татаал уяларды куруу үчүн программалай албайт. Бүт жандыктар Жаратуучуларынын илхамына баш ийишкендиктен, алардан эч күтүлбөгөн кыймыл-аракеттерди жасашат.
Аллах Куранда «Тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур.» (Нахл Сүрөсү, 68) аяты менен бал аарыга уясынын ордун илхам кылганын билдирген. Бал аары сыяктуу эле, жандыктардын баарына уяларынын ордун, куруу ыкмасын, колдоно турган материалдарын Аллах илхам кылууда.
Көптөгөн жаныбар түрлөрү көбөйө алуу, жумурткаларын же балдарын коргой алуу үчүн көп жан аябастыктарды жасашып, кыйынчылыктарга барышат. Ал тургай кээде бул үчүн «өлүмгө тике караган» жаныбарлар бар. Жумурткалоо үчүн киллометрлеген алыска көчкөндөр, абдан пландуу жана көп аракет менен уяларды кургандар, жупташуудан соң же жумурткалаган соң өлгөндөр, жумурткаларын жумалап ооздорунда көтөрүп жүрүп, бул учурда азыктана албагандар, жумурткаларын жумалап кароолого туруп коргогондор...
Түпкүрүндө мындай жан аябастыктардын баары маанилүү бир максатка кызмат кылууда: жандык түрлөрүнүн урпагынын уланышы... Алсыз жана күчсүз ымыркайлар жетилген жана күчтүүлөр тарабынан каралып, корголсо гана жашап кете алышат. Туулганда таштап салынган бир кийик баласынын же кандайдыр бир жерге ташталган канаттуу жумурткасынын, албетте, өз башынча жашап кетүү мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе. Бирок жаныбарлар эч чарчабастан, тажабастан, мындай алсыз балдарынын бүт жоопкерчилигин өз моюндарына алышат. Алардын баары Аллах аларга илхам кылган милдеттерин эч кемчиликсиз аткарышат.
Дагы бир кызыктуу жагдай бар: балдарын жана жумурткаларын абдан аяр карап, коргогон жандыктар – эң аз көбөйгөн жандыктар. Мисалы, канаттуулар жыл сайын аз санда жумуртка чыгарышат жана бул жумурткаларын абдан этияттык менен коргошот. Ошол сыяктуу сүт эмүүчү жаныбарлар да көбүнчө бир же эки ымыркайлуу болушат жана узун мөөнөт бою балдарын карап, коргошот. Бирок бир жолуда миңдеген жумуртка таштаган кээ бир балыктар же курт-кумурска жана чымын-чиркейлер, же жыл сайын бир канча жолу көп санда балалаган чычкандар сыяктуу кээ бир жандыктар болсо жумурткалары же балдарына карата анчалык аяр болушпайт. Бирок көп санда болгон үчүн булардын бир бөлүгүнүн жашашы да тукумдун уланышы үчүн жетиштүү. Андай болбогондо, т.а. көп санда балалагандар ар бир баласын абдан аярдык менен жашатканда, дүйнөнүн экологиялык тең салмактуулугунда маанилүү бузулуулар болушу мүмкүн эле. Мисалы, көп санда балалаган чайыр чычкандары үчүн абал мындай болгондо, чайыр чычкандары бүт дүйнөнү басып ала тургандай санда көбөйүшү мүмкүн эле.49 Албетте, экологиялык тең салмактуулуктун сакталышында маанилүү бир фактор болгон көбөйүүнүн бул жандыктар тарабынан жөнгө салынышы жана аң-сезимдүү бир абалда көзөмөлгө алынып, тең салмакта сакталышы мүмкүн эмес.
Бул жандыктардын эч бири аң-сезимдүү жандыктар эмес. Ошондуктан, урпагынын уланышы үчүн көбөйүшү керек экенин эсептешин да, көбөйүп жатканда табияттын тең салмактуулугун ойлоп, ушуга жараша кыймыл-аракет кылышын да бул жандыктардан күтүүгө болбойт. Табияттын тең салмактуулугунун мындайча сакталып турушу ар бир жандыктын ага жүктөлгөн жоопкерчиликти кемчиликсиз жана кың дебестен аткарышынын, ар биринини жалгыз бир Эрктин башкаруусунда кыймылдагандыгынын маанилүү бир көрсөткүчү. Табиятта эч бир жандык ээнбаш жана көзөмөлсүз эмес. Баары аларды жараткан Аллахка моюн сунган абалда кыймыл-аракет жасашат.
Аллах Куранда Анын уруксаты болбостон, эч бир жандыктын көбөйө албашын, жашай турган жана өлө турганды Өзү аныктаганын мындайча кабар берүүдө:
... Анын илими болбостон, эч бир мөмө бүчүрүнөн чыкпайт, эч бир ургаачы кош бойлуу болбойт жана туубайт да... (Фуссилет Сүрөсү, 47)
Асмандардын жана жердин мүлкү Аллахка тиешелүү. Каалаганын жаратат. Каалаганына кыздар тартуулайт, каалаганына болсо эркек тартуулайт. Же эркектер жана кыздар кылып жуп (эгиз) берет. Каалаганын кысыр калтырат. Чынында Ал – билүүчү, кудуреттүү. (Шура Сүрөсү, 49-50)
Her canlının çekindiği piton yılanı yavrularına karşı çok şefkatlidir. |
Көптөгөн жандык жумурткаларын жана балдарын коргой алуу үчүн көп кыйынчылыктарга барат; аларды жашырат, сынбашы үчүн аяр бир жерге жайгаштырат, аларды жылытат же ашыкча ысыктан коргойт, коркунуч учурунда бүт жумурткаларын башка бир жерге алып барат, жумалап кароолдукка турат, ал тургай оозуна салып көтөрүп жүрөт... Көптөгөн канаттуу, балык жана сойлоочуда мындай жан аябас жана боорукер кыймыл-аракеттерди көрүүгө болот.
Адамдар үчүн абдан кооптуу болушу мүмкүн болгон питон жыланы да жумурткаларына карата абдан мээрман жана коргоочу. Ургаачы питон бир жолкуда дээрлик 100 жумуртка жумурткалайт жана анан өзүн жумурткаларынын үстүнө оройт. Мындай кылышынын себеби аба абдан ысыганда, жумурткаларынын үстүнө көлөкө кылып, аларды салкындатуу, аба температурасы абдан төмөндөгөндө болсо денесин титиретип аларды жылытуу. Жумурткаларын ороп турган убакта аларды башка коркунучтардан да коргогон болот. Натыйжада маанилүү коркунучтар ургаачы питондун балдарына болгон мындай аяр мамилеси урматында жоголот.50
Жумурткаларын ооздорунда көтөрүп жүргөн балыктар болсо бир топ кызык. Мындай балыктар «оозунда жумуртка баскан балыктар» деп аталышат. Булардын кээ бирлери болсо жумурткалар жарылган соң да балдарын ооздорунда сактап, коргоосун улантышат. Мисалы, деңиз түлкүлөрү (raja clavata) кичинекей топтой чоңдуктагы жумурткалары менен ооздору толо абалда жумалар бою сүзүшөт. Кээде жумурткаларды ооздорунда чайкап, аларга кычкылтек берет. Жумурткалар жарылган соң балдар дагы бир канча жума эркек деңиз түлкүсүнүн оозунун ичинде калышат. Бул мөөнөт ичинде эркек өзүнүн дене майы менен жашайт жана дээрлик эч нерсе жебейт.51
Жумурткаларын жана балдарын оозунда алып жүргөн дагы бир жандык түрү – бул бакалар. Мисалы, Ринодерма (Rhinoderma) бакасы жумурткаларын ичинде сактайт. Жупташуу убагында ургаачылар жумурткаларын жерге ташташат жана эркек бакалар жумурткаларды коргоо үчүн чөйрөлөрүндө жыйналышат. Жумурткалар жарылууга даяр болгондо, ичиндеги түйүлдүктөр (тетарлар) кыймылдап башташат. Желатин менен капталган жумурткалар титиреген сайын ар бир эркек алдын көздөй жүткүнөт, мүмкүн болушунча көп жумуртка тутуп оозуна алат. Бул жумурткаларды ооздорунун жанында өзгөчө шишип турган үн чөнтөкчөлөрүнө толтурушат жана балдар ушул жерде чоңойушат. Бир күнү эркек бака кайра кайра бир канча жолу кыйкырат жана кокустан эстейт (эсинейт). Толук чоңойгон жаш бакалар эстеген эркек баканын оозунан сыртка чыгат.52
Австралияда жашаган дагы бир бака түрү болсо жумурткаларын жутат жана аларды бул жолу өзгөчө чөнтөкчөдө эмес, ашказанында сактайт. Бирок балдар сырткы дүйнөдөн коргонуп жатышканда, ошол эле учурда чоң бир коркунучка кабылышат. Себеби белгилүү болгондой, ашказан ичиндеги жумурткаларды эрите ала тургандай күчтөгү суюктуктарды чыгарат. Ошондуктан, балдар (ымыркайлар) ашказанга кирээр замат ашказан кадимкидей күчтүү суюктугун чыгарат жана аларды ээритет. Бирок бул абалга башынан эле чара көрүлгөн. Ургаачы бака балдарын жутканда, ашказан суюктугунун чыгарылышы токтойт жана ушундайча балдардын сиңирилишине бөгөт коюлган болот.53
Yumurtalarını arkasına yapıştırarak haftalarca taşıyan bir kurbağa. |
Кээ бир бака түрлөрү болсо балдарынын кутулушун коопсуздукка алуу үчүн ар кандай жолдорду колдонот. Мисалы, Пипа кургактык бакасы жумурткалаган соң эркек бака пардалуу буттары менен жумурткаларды топтойт жана аярдык менен ургаачысынын жонуна жайгаштырат. Жумурткалар териге жабышат. Астыларындагы тери шишип жана жонундагы жумурткалар болсо териге көмүлүп баштайт. Жумурткаларынын үстүндө ичке бир кабыкча пайда болот. 30 саат ичинде жумурткалар көздөн кайым болот жана ургаачы баканын жону мурдакысындай түптүз абалга келет. Терисинин астында жумурткалар өрчүйт. Он беш күндөн соң ургаачы баканын сырты түйүлдүктөрдүн кыймылдашы менен кыймылдап баштайт. 24-күнү ымыркай бакалар териде тешиктер ачышып, сыртка чыгышат жана сүзүп, өздөрүнө суунун ичинде жашына ала турган коопсуз жерлерди издешет.
Европада жашаган төрөтчү кургактык бакасы өмүрүнүн көпчүлүгүн кургактыкта, суудан алыс эмес топурак оюктарында өткөрөт. Кургактыкта жупташат. Ургаачы жумурткаларын жерге таштаган соң эркек аларды төлдөтөт. Жарым сааттан соң эркек бака жумурткаларды жипке тизген сыяктуу бири-бирине жабыштырат жана кийин буларды арткы буттарынын үстүнө да жабыштырат. Кийинки бир канча жума бою каякка барса, тизмек тизмек жумурткаларын да жанында алып жүрөт. Аягында, т.а. балдар жумурткадан чыгаарда сууга секирет. Жумурткалар жабышкан арткы буттарын бүт түйүлдүктөр чыкканга чейин сууда кармайт. Андан соң кургактыктагы оюгуна кайтат.54
Бул мисалдарда унутпаш керек болгон маанилүү бир жагдай бар. Жогоруда сөз кылынган бакалардын кыймыл-аракет калыптары менен физикалык өзгөчөлүктөрү толугу менен бир-бирине дал келет. Бакалардын бирөөсүнүн ичинде жумурткалар үчүн даярдалган атайын бир чөнтөкчө бар. Баканын ичинде бар болгон мындай бир өзгөчөлүктөн кабардар болушу эч мүмкүн эмес. Бирок бул чөнтөкчөнүн бар экенин билген сыяктуу жумурткаларын жутат. Башка бака түрү болсо – ашказан суюктугунун жумурткаларына зыян берээрин биле албай турганчалык жана бул суюктукту токтотууну ойлоно албай турганчалык даражада ойлонуу жана акыл жөндөмү жок бир жандык. Мындай бир нерсени ойлонгон күндө да, эч бир жандык өз эрки менен ашказанында чыгарылган бир суюуктукту токтото албайт. Дагы бирөөсүнүн жону болсо жумурткаларын көтөрүп жүрүшү үчүн теңдешсиз бир өзгөчөлүккө ээ. Бул жандыктардын физикалык өзгөчөлүктөрү да, кыймыл-аракет калыптары да кокустуктар натыйжасында эч пайда болбой турганчалык татаал.
Бул өзгөчөлүктөрдүн ар биринде бир долбоор жана план бар. Бул бакалардын жана башка бардык жандыктардын физикалык өзгөчөлүктөрү жана кыймыл-аракеттеринин бири-бирине абдан ылайыктуу абалда улуу акыл жана илим ээси Аллах тарабынан жаратылганы апачык. Ар бир жандыкты чексиз мээримдүү жана боорукер болгон Аллах коргоп турат.
Аллах коргоо жана боорукердик сезимдерин илхам кылган жандыктар, албетте, бул жерде саналгандар менен эле чектелбейт. Мисалы, кумурскалар, термиттер же аарылар сыяктуу көпчүлүк чогуу жашаган жандыктарда да эң көп көңүл бурулган нерсе – бул жумурткалар жана личинкалар. Кумурскалар жумуртка жана личинкаларын жер астындагы уяларында даярдаган бөлмөлөрүнө жайгаштырышат. Жумушчу кумурскалар нымдуулук жана температуранын өзгөрүшүнө жараша личинка жана жумурткаларынын бөлмөлөрүн бат бат алмаштырышат. Ошондуктан жумушчу кумурскалар көбүнчө ооздорундагы личинкалар менен бөлмөлөр арасында кыйма-чийме жүрүшөт. Эгер уялары башка жандыктардын кол салуусуна кабылса, жумушчу кумурскалар эң алгач бул бөлмөлөрдү бошотушат жана личинкаларды уянын сыртындагы бир жерге жашырышат.55
1. Birçok kuş türü kalabalık koloniler halinde yaşar. Örneğin aşağıdaki resimde görülen alanda metrekareye 70 yumurta düşmektedir. Ancak buna rağmen kuşlar yumurtalarını veya yavrularını kaybetmezler ve avlanmaktan döndüklerinde onları hemen bulurlar. 2. Küçük yağmur kuşu (üstte solda), sıcak havalarda yumurtalarını serinletebilmek için göğüs tüylerini suya batırır ve bu ıslak tüylerle yumurtalarının üzerinde kuluçkaya yatar. Böylece yumurtalar için gerekli serinliği elde etmiş olur. 3. Albatros (sol altta) ve 4. Kırlangıç (sağ üstte) kuşları da kuluçkada yatarken yumurtaların ihtiyacı olan herşeyi yaparlar. Bu örneklerde görüldüğü gibi kuşlar yumurtalarına büyük bir özen gösterirler. Yumurtalarının korunması için yuvalar hazırladıkları gibi bir an bile onları yalnız bırakmazlar. Şüphesiz bu koruma duygusunu onlara ilham eden esirgeyici ve koruyucu olan Allah'tır. |
Канаттуулардын жумурткаларына жасаган мээрмандык өрнөктөрү болсо абдан керемет. Мисалы, кичинекей жамгыр канаттуусу бир жер чуңкуруна 4 даана жумуртка калтырат. Абанын температурасы абдан көтөрүлгөндө, көкүрөк түктөрүн сууга малат жана кайра келгенде нымдуу түктөрүн жумурткаларына тийгизип аларды салкындатат.56
Негизи жумурткалуу жандыктардын абдан көпчүлүгү жумурткаларын жашаган чөйрөсүнүн температурасына ылайыкташтырат. Мисалы, сууда сүзгөн балырлардан уя курган суучул куштар жумурткаларынын үстүн уя курган материалы менен жабышат. Натыйжада жумурткалары турган жерде жылуулук сакталат.57
Ак куулар болсо жумурткаларынын үстүнө отуруп аларды ысык кармашат. Ургаачы ак куу бүт жумурткалар бирдей жылышы үчүн белгилүү аралыктар менен жумурткалардын үстүнөн туруп, орун которот.58
Athene Kuşu |
Birçok kuş yumurtalarını tehlikelerden koruyabilmek için farklı yeteneklerini de kullanır. Örneğin Athene cunicularia isimli bir tür gece kuşu, derinliği 3 m.'yi bulan bir yeraltı yuvası yapar ve buraya 6-12 yumurta bırakır. Erkek, dişiye kuluçka döneminde yardımcı olur. Kuşların her ikisi de, gelebilecek tehlikelere karşı, yuvanın girişinde nöbet beklerler. Şayet avcı bir kuş yuvaya girmeye kalkarsa, kuşlardan biri yılanların tıslama sesini mükemmel bir şekilde taklit ederek, saldırganı yuvadan uzaklaştırır. 61 |
Кум кушу болсо жумурткаларын жылытуу үчүн абдан өзгөчө бир ыкма колдонот. Ургаачы кум кушу уяга жумурткаларды калтырган соң жумурткаларды кароо милдетин эркек канаттуу алат. Эркек жумурткалардын үстүнө отурат жана уянын үстүнө көкүрөк түктөрүн күбүйт. Натыйжада жандыктын астындагы жылаңач тери канга толот. Бул кандын ысыктыгы үч жумадан ашык мөөнөт жумуртка баскан эркектин жумурткаларын жылытууга жетиштүү болот. Балапандар жумурткадан чыккан соң эркек дагы бир жарым жума балапандар менен алектенет жана андан соң ургаачы менен милдет алмашышат.59
Уяларда жылуулуктун жөнгө салынышы жумурткалардын өрчүшү үчүн абдан маанилүү жана бул маанилүүлүк бардык жандыктардын жумурткаларына тиешелүү. Жандыктардын бул багытта абдан аяр мамиле кылышы жана температураны жөнгө салуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушу абдан кызык. Себеби бир канаттуунун, бир жыландын же бир кумурсканын температуранын мааниси жөнүндө маалыматка ээ болушу жана андан соң жылуулукту керектүү деңгээлде кармоо ыкмасын өз башы менен ойлоп табышы эч мүмкүн эмес. Мындай илимдин чыныгы ээси болсо бул жандыктардан башка бир Зат. Бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Аллах ар бир жандыкта сансыз өзгөчөлүк жаратуу менен чексиз илимин «ой жүгүрткөн адамдарга» көрсөтүүдө.
Аллахтын илхамы менен кыймылдаган бул жандыктар көбүнчө чарчоону билбестен аракет кылышат. Өзгөчө кээ бир канаттуулар биринин артынан экинчисин куруп бир канча уя даярдоого мажбур жана бирөөсүндө кароого муктаж балапандары болсо, башкаларында жумуртка басуулары керек. Мисалы, кичинекей жамгыр канаттуусу жана суучул канаттууларда ургаачы жана эркек күндөрүн бир уяда жумуртка басуу менен башка уядагы балапандарын кароо арасында өткөрүшөт.
Мындан да кызыктуусу – бул суу тоогу жана терезе карлыгачы түрлөрүндө биринчи уядагы балапандардын экинчи уяда жаңы чыккандардын чоңойушуна жардам бериши. Көптөгөн аары канаттуусу жубу да башка жуптарга жардам беришет. Мындай жардамдашуулар канаттуулар арасында абдан көп кездешет.60 Жандыктардын бир гана өз балапандарына эмес, башка балапандарга да жардам бериши, албетте, эволюция теориясы үчүн абдан оор тоскоолдук жаратат. Жандыктардын мындай жан аябастыктарынын баары эволюция теориясынын догмасын тамырынан жыгууда. Эволюционисттер жактагандай, кокустуктар натыйжасында пайда болгон, ар бир жандык өзүн гана ойлогон бир табиятта мынчалык бийик өзгөчөлүк-сыпаттар эч болбошу керек. Бирок табиятта бири-бирине жардам берген канаттуулар сыяктуу сансыз жан аябастык жана көмөктөштүк мисалдары бар. Бул болсо табияттын кокустуктардын эмес, улуу бир күч ээси болгон Аллахтын чыгармасы экендигинин апачык бир далили.
İmparator penguenleri her üreme mevsiminde kilometrelerce yol katederek üreme alanlarına göç ederler. |
Жумурткаларын коргоодо улуу бир чечкиндүүлүк, эч кездешпеген бир сабыр жана таң калыштуу чыдамкайлык көрсөткөн дагы бир жандык түрү болсо – бул император пингвиндери. Антарктиканын оор шарттарында жашаган император пингвиндери март жана апрель айларында (бул Антарктикада кыштын башталышы) көбөйүү жана балдарын чоңойтууга ыңгайлуу аймактарга бир канча киллометрлеген бир сапарга чыгышат. 25000дей пингвин ал жерде чогулуп, жупташышат. Май же июнь айында ургаачы пингвин бир жумуртка тууйт. Жуптар жумурткалары үчүн уя жасай алышпайт, себеби айланаларында кар жана муздан башка эч нерсе жок. Бирок жумурткаларын муздун үстүнө да таштап койо алышпайт, себеби жумуртка суукка чыдабай, ошол замат тоңот. Ошондуктан, император пингвиндери жумурткаларын буттарынын үстүндө алып жүрүшөт. Жумурткалаган соң бир канча саат ичинде эркек ургаачынын жанына келет жана экөөсү көкүрөктөрүн тийишип турушат. Ушундайча эркек ургаачыдан жумуртканы алат. Экөөсү тең жумуртканын музга туруп калбашына абдан маани беришет. Эркек алгач бут манжаларын жумуртканын астына киргизет жана андан соң манжаларын көтөрүп, жумуртканы бутунун үстүнө тоголонтот. Жумурткасын сындырып албаш үчүн болсо бул иштерди абдан аяр жана этият жасашы керек. Мындай татаал жумуштан соң жумшак түктөрү менен жумуртканын үстүн жабат.
Жумуртка өндүрүү ургаачы пингвиндин денесиндеги азык кампасынын дээрлик баарын түгөтөт. Бул жоготууну толуктоо үчүн ылдам тамак табуу үчүн деңизге барышы керек. Ошондуктан жумуртканы эркек пингвин басат.
Бирок бул башка канаттуулардыкынан бир топ кыйын жана сабыр талап кылган бир жумуртка басуу доору. Пингвиндер жумурткаларын бир саамга да буттарынан жерге түшүрө албайт. Ошондуктан кыймылдоо жөндөмдөрү жокко эсе. Бир гана буттарын сүйрөп, бир канча метр жыла алат. Кичинекей куйруктарын үчүнчү бут катары колдонот жана тамандарына туруп эс алышат, бул убакта баалуу жумурткалары музга тийип тоңбосун деп бут манжаларын жогору кылышат. Пингвин түктөрү менен жапкан буттары сырттан дээрлик 80 даража жылуу жана мунун урматында жумурткасы тоңдуруучу суукту эч сезбейт.
Кыш илгерилеген сайын абдан күчтүү бороондор башталат, шамал саатына 120-160 км ылдамдык менен согот. Бул өлтүрүүчү кыш шарттарында эркек пинвгиндер айлар бою эч нерсе жебестен жана дээрлик эч кыймылдабастан балдары үчүн теңдешсиз бир жан аябастык кылышат. Бул оор шарттарда тоңуудан кутулуу үчүн маанилүү бир көмөктөшүү өрнөгүн көрсөтүшүп, бири-бирине абдан жакындашат. Араларына суук киргизбөө үчүн тумшуктарын көкүрөктөрүнө жабыштырышат, натыйжада желкелери түптүз болот жана бири-бирине жабышкан пингвиндер араларында эч боштук калбагандай абалда түктөн (жүндөн) бир чатыр пайда кылышат. Төгөрөктүн сырт тарабындагылар түндүк уюлдун болгон катаалдыгы менен тирешүүгө мажбур. Бирок бул көпкө созулбайт, себеби тынымсыз орун которушат жана кезек менен топтун сырт тарабына өтүшөт. Ушундайча бири-бирин да колдогон болушат. Эч бири төгөрөктүн сыртына өтүүдөн качынбайт. Миңдеген пингвиндердин араларында эч уруш-талаш чыкпастан, айлар бою, эң катаал шарттарда да бирге жашашы жана көмөктөшүү ичинде болушу абдан кызык. Аң-сезимдүү жана акылдуу адамдардын да кызыкчылыктары туура келбей, талаш чыгышы мүмкүн болгон мындай бир жагдайда пингвиндердин мынчалык түшүнүшүп, бири-бирин ойлоп, өз жанын аябас мамилелер кылышы абдан аз кездешкен бир абал. Бардык мындай катаал шарттарга карабастан, пингвиндердин өлүмгө да даяр болуп жумурткаларын таштабашы болсо эволюция теориясынын «алсыздар эзилип, жок болот» деген догматикалык табият түшүнүгүн толугу менен кыйратат. Себеби табият алсыздар эзилип жок болгон бир согуш майданына караганда көбүрөөк, алсыздар күчтүүлөр тарабынан, ар кандай кыйынчылыкка карабастан, корголуп багылган бир жер.
Dişi ve erkek imparator penguenleri yavruları için benzeri görülmemiş fedakarlıklarda bulunurlar. |
Абдан оор өткөн бул 60 күндүн аягында жумурткалар жарылат. 60 күндөн бери эч нерсе жебестен, суукка чыдаган эркек пингвиндер жумурткалар жарылган соң да өздөрүн эмес, балдарын ойлошот. Жаңы туулган ымыркай тамакка муктаж. Эркек пингвин тамагынан аз болсо да сүт чыгарат жана муну баласына ичирет. Мына ушундай критикалык күндөрдө ургаачылар көрүнөт. Ургаачылар кайтканда үн салып башташат жана эркектер да аларга жооп беришет. Жуптар бири-бирин жупташуу убагында үйрөнгөн үндөрүнөн таанышат. 3 ай бою көрүшпөсө да, бул үндү ыкчам тааный алышы – Аллах аларга берген атайын бир жөндөмдүүлүк.
Ургаачынын курсагы аңчылык кылган тамактарына толо. Бул кампалаган тамактарды баласынын алдына чыгарат жана ымыркай алгачкы чыныгы тамагын жейт. Ургаачы келээр замат эркек эртерээк баланы таштап, өзүн ойлонот деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок мындай болбойт, эркек дагы 10 күндөй баланы карайт. Аны бутунун үстүндө коргоосун улантат. Кийин болсо дээрлик 4 айлык ачкалыктан соң алгачкы тамагын жеш үчүн деңизге кайтат.
Эркек пингвин деңиздеги аңчылыктан 3-4 жумада кайтат жана баланы кароо милдетин ургаачыдан кайра алат. Бул жолу ургаачы кайра аңчылык үчүн деңизге кетет.
Ымыркай пингвиндер башында дене жылуулугун өздөрүн камсыздай алышпайт жана жалгыз ташталса, бир канча мүнөт ичинде тоңуп өлүшөт. Ошондуктан эркек жана ургаачы пингвин ымыркайга тамак табуу жана аны сууктан коргоо милдеттерин эмгек бөлүшүү кылышып, кезек менен аткарышат.62 Жана байкалгандай, мында абдан аяр болушуп, керек болсо өз өмүрлөрүн коркунучка салышат.
Ургаачы жана эркек пингвиндердин зор бир көмөктөшүү жана эмгек бөлүшүү ичинде жумурткаларын жана балдарын өлүмгө жана эң катаал шарттарга тике карап, коргошу, кандай гана кыйын болбосун балдарын бир саамга да жалгыз таштабашы аларга Аллах тарабынан илхам кылынууда. Аң-сезими жана акылы жок бир жандыктан бул шарттарга чыдабай жумуртканы бир канча саат ичинде таштап салып, өзүн ойлошу күтүлөт. Бирок пингвиндер Аллах аларга илхам кылган коргоо сезими урматында сааттар же күндөр бою эмес, айлар бою жумурткаларын коргошот.
24. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s. 4
25. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York, 1978, s.4
26. Peter JB Slater, The Encyclopedia of Animal Behavior, Facts On File Publications, New York 1987, s. 87
27. Glenn Oeland, "Emperors of the Ice", National Geographic, cilt. 189, no.3, Mart 1996, s. 64
28. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, Arthaud 1996, s.16
29. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s. 85
30. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York1978, s. 13-14
31. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s.24, 90
32. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s.86
33. David Attenborough, The Life of Birds, Princeton, New Jersey 1998, s. 233, 234
34. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E.P. Dutton New York 1978, s. 47
35. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s. 89
36. Peter JB Slater, The Encyclopedia of Animal Behavior, s.42 ve David Attenborough, Life of Birds, s. 234-235
37. Giovanni G.Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s.88
38. David Attenborough, Life of Birds, s.225
39. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 14
40. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.13-14
41. David Attenborough, Life of Birds, s. 149-151
42. The Marvels of Animal Behavior, National Geographic Society, 1972 sf.301 ve David Attenborough, Life of Birds, s. 228
43. C.Koswing, Genel Zooloji, İstanbul 1945, 145-148,
44. Thor Larsen, Polar Bear:Lonely Nomad of the North, National Geographic, Nisan 1971, s.574
45. International Wildlife, November- December 94, s.15
46. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 15
47. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 16
48. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 17
49. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.6
50. Tony Seddon, Animal Parenting , s. 27
51. Russel Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 19
52. Yaşadığımız Dünya, David Attenborough, s. 105-106
53. Tony Seddon, Animal Parenting, Facts On File Publications, New York 1989, s. 31
54. David Attenborough, Yaşadığımız Dünya, Türkçesi Nejat Ebcioğlu, İnkılap Yayınevi, İstanbul 1985, s. 104-105
55. Tony Seddon, Animal Parenting, Facts On File Publications, New York 1989, s. 19
56. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s. 59
57. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid , s. 72
58. Roger B. Hirschland, How Animals Care For Their Babies, National Geographic Society, s. 6
59. Jacques Cousteau, The Ocean World of Jacques Cousteau, The Adventure of Life, World Publishing, New York 1973, s.44
60. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s.20
61. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s. 104-105
62. David Attenborough, Life of Birds, s. 288-292