Китептин бул бөлүмүнө чейин көбүнчө жандыктардын балдарына карата көрсөткөн жан аябас жана боорукер кыймыл-аракеттери жөнүндө сөз болду. Бирок табиятта жан аябастык, кызматташтык, көмөктөшүү сыяктуу өзгөчөлүктөр бир гана балдарына карата болбойт. Жандыктардын көпчүлүгү өз ара зор бир көмөктөшүү ичинде. Ал тургай кээ кээде түрлөр арасында да көмөктөшүү, кызматташтык сыяктуу кыймыл-аракеттерди кезиктирүүгө болот. Өзгөчө үйүр жана топ-топ болуп жашаган жандыктар топ болуп жашоонун көптөгөн артыкчылыктарына ээ.
Эволюционисттердин бүт табият өлөрчө бир күрөш ичинде, жашоосун улантуу үчүн бардык жандыктар бири-бири менен атаандашууга мажбур деген догмаларын жаныбар коомдорунун жашоосу толук четке кагууда. Жандыктар көбүнчө атаандаштык ичинде эмес, көмөктөшүү, кызматташтык, бири-биринин кызыкчылыктарын коргоо жана жан аябастыктын артыкчылыктарын колдонушууда.
Негизи эволюционисттер да табиятта көрүлгөн мындай апачык чындыкты билишет, бирок муну эволюция теориясы менен байланыштыруунун жолун издешет. Мисалы, атактуу эволюционист Петр Кропоткин Чыгыш Сибирь жана Манжурияда жасаган изилдөөлөрүндө жаныбарлар арасындагы эки тараптуу көмөктөшүүнүн көптөгөн мисалын көргөн жана ал тургай бул темада бир китеп жазган. Кропоткин китебинде жандыктар арасындагы көмөктөшүү жөнүндө мындай дейт:
Жашоо күрөшү түшүнүгү жөнүндө изилдеп баштаганыбызда, бизди эң биринчи таң калтырган эки тараптуу көмөктөшүү мисалдарынын көптүгү болду. Көпчүлүк эволюционист тарабынан кабыл алынган сыяктуу бир гана урпагын чоңойтуу үчүн эмес, ошол эле учурда индивиддердин коопсуздугу жана азык табуу үчүн да мындай көмөктөшүү мисалдарын кезиктирүүдөбүз. Жаныбарлар ааламынын көпчүлүгүндө бири-бирине көмөктөшүү – бул бир эреже. Бири-бирине жардам берүү жаныбарлар ааламынын эң астыңкы баскычындагы жандыктарда да кезигүүдө...108
Бир эволюционист болгонуна карабастан, Кропоткин табиятта көргөн ачык далилдерди көрүп, эволюциянын негизги догмасына каршы бир жоромолду жасаган. Бираздан соң бериле турган кээ бир мисалдардан да көрүлгөндөй, жандыктар жана ал тургай түрлөр арасындагы көмөктөшүү жана кызматташтык бул жандыктардын коопсуздугу жана азык табышы жагынан абдан маанилүү. Табияттагы мындай тең салмактуулук жана система – Аллахтын кемчиликсиз жаратышынын апачык далилдеринен. Табиятта ишке ашкан окуяларга күбө болгондор аң-сезимсиз жандыктардын мынчалык аң-сезимдүү жана акылдуу кыймыл-аракеттер жасашын таң калуу менен кабыл алышууда. Мындай адамдардын бири, физиология жана медицина чөйрөсүндө атактуу илимпоз Кеннет Уолкер (Kenneth Walker) Чыгыш Африкада аңчылык убагындагы көргөндөрүн мындайча баяндайт:
Көп жылдар мурда Чыгыш Африкада аңчылыкка чыкканымда, айбанаттар арасында көргөн көмөктөшүүнүн көптөгөн мисалдары дагы эле эсимде. Ахти (Ahti) чөлкөмдөрүндө ар түрдүү зебра жана жейрен үйүрлөрүнүн коркунучтардан бири-бирине белги берүү үчүн белгилүү жерлерге кароол койгонуна күбө болдум. Зебрага аңчылык кылууга барган эмес элем; бирок жейренге аңчылык кылуум да дээрлик эч мүмкүн эмес эле. Себеби бирөөсүнө жакындаганымда эле кароолдо турган зебра коркунучту байкап, жейрендерге белги берип турду. Жирафтар менен пилдердин да көбүнчө чогуу жүргөнүн көрдүк. Пилдердин ири кулактары, абдан күчтүү угуу органдары бар; бирок көрүү органдары алсыз. Жирафтар болсо көзөмөлдөө мунараларына коюлган кароолдордой. Күчтөрүн кошкондо, көрүнбөстөн же угулбастан, пилдерге да, жирафтарга да жакындашуу мүмкүнчүлүгү жок. Мындан да кызыктуу (абдан кызыктай деп айтуу туурараак болоор) бир кызматташтык носорогдор менен терилерине көмүлгөн кене түрүнөн паразиттерди тазалоо үчүн жондорунда тырманып отурган канаттуулар арасында эле. Бул канаттуулар дайыма карап турушат, жакындаганымды абдан алыстан байкаар замат ачуу кыйкырып жана чокулап конок болуп жаткан айбанатка белги берип жатышты. Носорог качып жөнөгөндө, канаттуулар, бир катардагы жолоочулар сыяктуу, анын жонуна жабышып, ордуларынан айрылышчу эмес.109
Кеннет Уолкердин бул көргөндөрү негизи дайыма кездешүүгө мүмкүн болгон жан аябастык жана көмөктөшүү мисалдарынын абдан кичинекей бир бөлүгү гана. Адам айланасындагы бардык айбанаттарда буга окшогон кыймыл-аракеттерге күбө болушу мүмкүн. Бирок кез келген мындай таң калыштуу мисалдар жөнүндө адамдын ой жүгүртүшү эң маанилүү.
Кокустан пайда болгон, табиятта «жашоо үчүн күрөшкөн» бир жандыктын мынчалык өзүн аябаган кыймыл-аракеттерди жасашынын кандайдыр бир мааниси барбы? Т.а. мындай бир жандыктан мынчалык акылдуу жана жан аябас кыймыл-аракеттерди күтүүгө болобу?
Албетте, жок. Кокустан пайда болгон, аң-сезимсиз бир жандык «акыл» алааматтарын көрсөтө албайт. Башкаларды коргоо керек деп ойлоно албайт. Бул жандыктардын бардык өзгөчөлүктөрүнүн жалгыз түшүндүрмөсү – бул аларды багыттаган, аларга буларды илхам кылган Аллахтын бар экендиги.
Алдыда тереңирээк карала турган мисалдар да Аллахтын айбанаттарга болгон өкүмдарлыгын апачык көз алдыбызга тартат.
Geyik ve zebra sürüleri genellikle birarada yaşarlar. Birbirlerinin düşmanlarını ise çok iyi tanırlar. Örneğin eğer zebralardan biri geyiklere saldırmak üzere olan bir düşmanı fark ederse geyik sürüsünü hemen tehlikeye karşı uyarır. |
Küçük kuşlar bazı hayvanların üzerinde yaşarlar ve tehlike anında çığlıklar atarak ev sahiplerini uyarırlar. |
Doğada evrimcilerin iddia ettikleri gibi sadece yaşamak için savaşan canlılar yoktur. Birçok canlı Allah'ın kendilerine ilhamıyla şefkatli ve fedakar davranışlar sergilerler. |
Көпчүлүк болуп жашоонун эң чоң артыкчылыктарынын бири – бул коркунучтардан көбүрөөк коргоно алуу. Себеби көпчүлүк болуп жашаган айбанаттардын бири коркунучту сезээр замат үн-сөзсүз ал жерден качуунун ордуна, болгон күчү менен чөйрөсүндөгү айбанаттарга эскертүү берет. Ар бир жаныбар түрүнүн өзүнө тиешелүү белги берүү ыкмасы бар. Мисалы, койондор жана кээ бир кийиктер коркунучту сезишкенде, чөйрөсүндөгү айбанаттарга кабар берүү үчүн куйруктарын көтөрүшөт. Жейрендер болсо кызыктай бир секирүү бийин аткарышат.110
Көптөгөн кичинекей канаттуу душмандарын байкаар замат, сайрап белги берет. Сары асма чымчыгы сыяктуу түрлөр белги берип жатышканда, кыска жыштыктагы жана бийик бир үн чыгарышат. Адамдын кулагы муну ичке бир ышкырык сыяктуу кабылдайт. Бул үндүн эң маанилүү өзгөчөлүгү болсо булагынын багытын аныктоого мүмкүн эмес экендиги.111 Бул – үйүрүнө кабар берген канаттуу үчүн маанилүү бир артыкчылык. Себеби канаттуу негизи душманды көргөндө, кыйкырып болгон көңүлдү өзүнө бурууга ыраазы болууда. Бирок үндүн багыты билинбегендиктен, коркунуч салыштырмалуу азайууда.
Топ-топ болуп жашаган курт-кумурскаларда да коркунучту биринчи сезгени бүт топко кабар берет. Бирок коркунучту кабар берген курт-кумурска чыгарган белги жыты душмандын да көңүлүн бурат. Ошондуктан өз тобуна коркунуч жөнүндө кабар берген курт-кумурска өлүмгө да бел байлаган болот.112
Шалбаа иттери ири топ болуп жашашат. Бир шаарга айланган уялары болжол менен 30 айбан жашай турган бөлүктөргө бөлүнгөн. Бул шаардагы айбандардын баары бири-бирин таанышат. Дайыма тунелдин сыртында жана кире бериштерде жайгашкан дөбөчөлөрдүн үстүндө бүт тарапты көрө ала турган абалда арткы буттарына туруп, кароолдук кылган айбандар болот. Кароолдордун бири бир душман көрсө, ышкырык сыяктуу бир катар үргөн үндөрдү чыгарат. Бул эскертүү башка кароолдор тарабынан кайталанат жана эскертүү бүт шаарчага жеткирилип, баарынын кабар алышы камсыздалат.113
Çayır köpekleri daima tetiktedirler ve tehlike anlarında çığlıklar atarak çevrelerindeki tüm hayvanları uyarmalarıyla tanınırlar. |
Бул жерде эң башта көңүл бура турган бир жагдай бар. Айбанаттардын бир-бирлерине жан аябас аракеттер менен кабар бериши, албетте, ойго салат. Бирок бул жаныбарлардын бири-бирин «түшүнүп» жатышы андан да маанилүү. Жогоруда сөз болгон жандыктардын бири, мисалы койон куйругун жогору көтөргөндө, айланасындагы башка жандыктар анын коркунуч белгисин берип жатканын ошол замат түшүнүшөт жана ошого жараша чара көрүшөт. Ал жерден качышы керек болсо качышат, жашынуу керек болсо жашынышат. Бул жерде ойлонуу керек болгон жагдай төмөнкүдөй: бул айбандар бул белгини көрүшкөндө, качышы керек экенин түшүнүп жатышса, анда бир буйрук болоор замат ыкчам ишке ашыруулары үчүн алар мурдатан муну өз ара сүйлөшүп, чечип алышы керек болот. Бул, албетте, эч бир акылдуу адам кабыл албай турган бир көрүнүш. Андай болсо, чындыкты кабыл алуу керек: бүт бул айбанаттар жалгыз бир Жаратуучу тарабынан жаратылышкан жана Анын илхамы менен кыймылдашууда.
Ceylan ve geyikler ilginç zıplama dansları ile diğerlerini tehlikelere karşı uyarırlar. |
Дагы бир мисал катары жондорунда жашаган канаттуулардын кыйкырыгынын коркунучтан кабар бергенин носорогдордун түшүнүп, ушуга жараша чара көрөөрүнө токтолдук. Бул жерде аттап кетүүгө эч болбой тургандай даражада аң-сезимдүү кыймыл-аракеттер көрүлүүдө. Албетте, бир жандыктын коркунуч учурунда башка жандыктарга кабар бере турган бир кыймыл-аракетке «акылынын жетиши» жана башкалар менен келишип, муну ишке ашырышы эч мүмкүн эмес. Андай болсо биз көргөн мындай аң-сезимдүү жана акылдуу кыймыл-аракеттердин бир гана түшүндүрмөсү бар: бул жандыктардын баарынын ээ болгон жөндөмдөрү, жасаган кыймыл-аракеттери аларга үйрөтүлүүдө. Булардын баарын бул жандыктарга үйрөткөн жана жасаткан – бул бүт нерсенин Жаратуучусу, жараткандарын коргоп, колдоочу, чексиз боорукер жана мээримдүү Аллах.
Топ-топ болуп жашаган айбанаттар коркунуч учурунда бири-бирине кабар берүү менен бирге коркунучка да чогуу каршы турушат. Мисалы, кичинекей канаттуулар, ылачын же байуулу сыяктуу жырткыч канаттуулар алардын аймагына келгенде баары чогуу бул жандыктарды торошот. Ошол эле учурда чөйрөдөгү башка канаттууларды да ал жерге чакыруу үчүн атайын бир үн чыгарышат. Кичинекей канаттуулардын мындай чогуулап кол салышы жырткыч канаттууларды көбүнчө ал жерден качууга мажбурлайт.114
Топ болуп учкан бир канаттуу тобу да ушул сыяктуу бүт топтун мүчөлөрү үчүн бир коргоо болуп берет. Мисалы, топ болуп учкан чыйырчыктар араларында көп аралык калтырып учушат. Бирок бир ылачын көрүшкөндө, бири-бирине жакындашышат. Натыйжада ылачындын топтун арасына киришине тоскоол болушат, ылачын топту аралай алса да канаттарынан жаракат алат жана аңчылык кыла албайт.115
Сүт эмүүчү жаныбарлар да тобуна бир кол салуу болгондо, чогуу коргонушат. Мисалы, зебралар душмандарынан качып баратышканда, балдарын топтун ортосуна алышат. Бул жөнүндө мындай бир мисал берүүгө болот: анлис илимпоз Джейн Гудолл (Jane Goodall) Чыгыш Африкадагы изилдөөлөр убагында душмандарынан качкан бир зебра тобунан үч зебранын артта калып, жырткыч айбандар тарабынан курчалганын байкаган. Топторунан үч мүчөнүн коркунучка кабылганын байкаган башка зебралар ылдам артка кайтып, туяктары жана тиштери менен душмандарын качырып, берки зебраларды куткарышкан.116
Көбүнчө бир зебра үйүрү кол салууга кабылганда, үйүрдүн лидери болгон зебра артта калат жана ургаачылар менен тайлар алдыда чуркашат. Эркек зебра артта оңго-солго болуп чуркайт, тебет, ал тургай артка кайтып кол салган айбандарды кубалаган учуру да болот.117
Her biri 350-400 kg ağırlığındaki yetişkin misk öküzleri omuz omuza vererek yavruları ve düşmanları arasında bir siper oluştururlar. Saldırı anında misk öküzleri geri geri gelerek bir daire oluştururlar ve yanda görüldüğü gibi yavruları ortalarına alırlar. Böylelikle yavrulara kesin bir koruma sağlanır. |
Дельфиндер да дайыма топ-топ болуп жүрүшөт жана эң чоң душмандары болгон акулаларга тобу менен каршы турушат. Акулалар балдарына коркунуч туудура турганчалык жакындаганда, эки жетилген дельфин топтон бөлүнүп, акуланын көңүлүн өздөрүнө бурушат. Акуланын көңүлү аларда турганда, топтун башка мүчөлөрү бир заматта акуланы торошот жана баары чогуу акулага сокку берип башташат.118
Sürü halinde yaşamak yavrular için daima bir avantajdır. Örneğin tehlike anlarında sürüdeki yetişkinler yavruları aralarına alarak kesin bir koruma sağlarlar. |
Бирок мындан да кызыктуу дагы бир кыймыл-аракеттери бар. Дельфин бүлөлөрү көбүнчө оркиностор (тунецтер) тобу менен чогуу сүзүшөт жана алар менен азыктанышат. Ошондуктан оркинос аңчылары да дельфин үйүрлөрүн аңдышат жана ыңгайлуу учурда торлорун жайышат. Бирок оркиностор үчүн жайылган торлорго кээде дельфиндер да түшүшөт. Дельфиндер дем алган жандыктар болгондуктан, торго түшүшкөндө, дем ала албай калышып, дүрдөлөңгө түшүп, шок болушат жана деңиздин түбүн көздөй сүзүп жөнөшөт. Бүлөлөрүнө болгон берилгендиктен улам башка дельфиндер да торго түшкөн дельфинге жардамга чуркашат. Бүт бүлөнүн мүчөлөрү торго түшкөн дельфин менен бирге суунун түбүнө түшүшөт жана аны куткаруу үчүн жогору көздөй түртүүгө аракет кылышат. Бирок мындай аракеттеринин натыйжасында көпчүлүгү дем ала албагандыктан, өлүшөт. Болгондо да бул көрүнүш бир дельфин бүлөсүнө гана тиешелүү бир кыймыл-аракет эмес; бүт дельфин бүлөлөрү ушундай учурларда өздөрүн аябай болушунча аракет кылышат.119
Боз киттерде болсо бир ургаачы жаракат алганда, бир же бирден көп эркек кит ага жардам беришет. Ургаачыны дем алышы үчүн суунун бетинде кармашат же аны өлтүргүч киттердин кол салуусунан коргошот.120
Мускус уйлары да бир жырткычка кез келишкенде, качуу ордуна өздөрүнө бир коопсуздук айланасын пайда кылышат. Бүт топтун мүчөлөрү душманга бет маңдай болушуп, артты көздөй жылышып, бир айлана абалына келишет. Балдары бул айлананын ортосунда болушат жана энелеринин узун түктөрүнүн астына жашынышат. Чоңдору балдардын айланасын курчап, аларды толук коргоого алышат. Кол салгандарга атырылган бир мускус уйу душманды качырган соң балдарды коргогон айлананын бузулбашы үчүн ордуна кайра кайтат.121
Жаныбарлардын коркунуч абалдарынан тышкары, аңчылык убагындагы кызматташтыгы жөнүндө да абдан таасирдүү мисалдар бар. Мисалы, пеликандар балык тутууга дайыма көпчүлүк бир топ болуп барышат. Ылайыктуу бир булуң тандашканда жээкке карата бир жарым айлана түзүшөт жана тайыз сууда ары-бери сүзүшүп, бул айлананы кичирейтишет. Бул төгөрөктүн ичине кирген бүт балыктарды кармашат. Тар дарыяларда жана каналдарда эки топко да бөлүнүшөт. Түн киргенде болсо баары эс алуу орундарына кайтышат жана эч ким аларды булуңдагы абалдары же эс алуу жайы тууралуу талашып жатканын көрө албайт.122
Жаныбарлардын бири-бири менен мынчалык жакын болуп жашашы, бири-бирин колдошу, чогуу аракеттениши жөнүндө ар бир адам ойлонушу керек. Себеби башында да айтылгандай бул жерде сөз болгон жаныбарлар – бул аң-сезимдүү, эстүү адамдар эмес, акылы, аң-сезими жок зебралар, канаттуулар, курт-кумурскалар, дельфиндер жана башкалар.
Албетте, акылы бар адам жаныбарлар мындай кызматташтыкты өз эрктери менен жасашууда деп айта албайт. Акылы бар бир адамдын мындай чындыктарга таянып чыгара турган жыйынтыгы төмөнкүдөй: табияттагы бүт нерсе чексиз илим жана күч-кудурет ээси бир Жаратуучунун чыгармасы. Ал Жаратуучу – бүт жаныбарларды, адамдарды, айбанаттарды, курт-кумурскаларды, өсүмдүктөрдү, жандуу-жансыз бүт нерселерди жараткан Аллах. Ал – улуу кудурет, боорукердик, мээрим, акыл, илим жана хикмат ээси. Жана андан соң ага Куранда кабар берилген төмөнкү аяттар жөнүндө ойлонушу зарыл:
«Асмандардын, жердин жана (ал) экөөсү арасындагылардын Раббиси, бийик жана күчтүү, кечиримдүү.» (Сад Сүрөсү, 66)
Afrika kuşları meyvelerini yedikleri ağaçların dallarına resimde görüldüğü gibi dizilirler. Ve meyvelere ulaşamayan arkadaşlarını, meyveleri ağızdan ağıza geçirerek beslerler. |
Топ-топ болуп жүргөн Африка канаттуулары да бири-бирине абдан ыңгайлашкан жана абдан даана бир көмөктөшүү мисалын көрсөтүшөт. Бул канаттуулардын негизги тамагы – бул үстүнө конгон дарак бутактарындагы мөмөлөр. Бутактардын учундагы мөмөлөр менен азыктануу болсо бир караганда бул канаттуулар үчүн абдан оор. Себеби мөмөлөр бутактардын эң уч жагында болгондуктан, топтун мөмөлөргө жакын болгон тараптарына коно алган мүчөлөрү гана алар менен азыктанып, калгандары болсо бутакка конууга орун да таба алышпагандыктан жана мөмөнүн саны да аз болгондуктан ачка калуу коркунучуна кабылышат. Бирок чындыгында эч мындай болбойт.
Чогуу кыймылдашып даракка багыт алган Африка канаттуулары өз ара келишип алгандай, бутактардын үстүнө кезек менен конушуп, жанаша тизилишет. Бутактын учундагы мөмөлөргө эң жакын жерге конгон канаттуулар үзгөн мөмөлөрүн катары менен жанындагы башка мүчөлөргө берип, мөмөнүн ооздон оозго өткөрүлүшүн жана натыйжада бутактын эң төмөнкү жагындагы башка Африка канаттууларына жетишин камсыздашат. Бул айбанаттардын мынчалык жогорку бир жоомарттык кыла турганчалык акыл жана эркке ээ эмес экендигин эске алсак, анда катардын эң башындагы канаттуу топтогон мөмөнүн баарын өзү жеп, башка топ мүчөлөрүнүн азыктануу системасын бузушу керек эле. Бирок топтогу бардык канаттуулар тапкан мөмөлөрүн алгач өздөрү жештин ордуна, эч кездешпеген бир система жана дисциплина менен топтун азыктанышы үчүн мүмкүн болгон эң ыңгайлуу ыкманы жасашууда. Бутактагы мындай кезекте канаттуулардын эч бири бул системаны буза турган бир кыймыл-аракетти жасабайт. Бирок бул көмөктөшүү бир жолкуда эле топтун бардык мүчөлөрүнүн тамактанышын камсыздай албайт. Себеби канаттуулар конгон бутактагы мөмөлөр көбүнчө топтогу канаттуу санынан бир топ аз. Ошондуктан канаттуулар топтогон мөмөлөрүн ооздон оозго өткөрүп, бири-бирине жеткиришсе да, топтун бир бөлүгү мөмө жетпегендиктен, ачка калат. Африка канаттуулары ар бир бутакка конуп жатканда, бутактардын мөмөлөргө жакын болгон тарабына бул жолу эң аякта калган жана жетиштүү деңгээлде тамактана албагандары конуп, бөлүшүү жумушун алгач алар башташат.123
Өзгөчө сүт эмүүчү айбанаттар туут учурунда чоң коркунучтарга кабылышат. Эне да, жаңы туулган балдар да аңчы айбандар үчүн оңой олжо болуп саналат. Бирок көбүнчө бул жандыктардын тууту учурунда жанында тобунан бирөө жардамчы катары турат.
Мисалы, ургаачы антилопа тууй турган убакта топтон алысыраак бадалдардын арасындагы бир жерди тандайт. Туут учурунда болсо жалгыз болбойт. Жанында топтогу башка бир ургаачы ага жардам берүү үчүн даяр турат.
Yunuslar sürü halinde dolaşırlar ve birbirlerini tehlikelere karşı korurlar. Doğum sırasında ise mutlaka anne yunusa sürüdeki diğer yunuslar yardımcı olurlar. |
Туут учурунда көмөктөшүү жагынан атагы чыккан башка жаныбарлар болсо – бул дельфиндер. Дельфин ымыркайлары төрөлөөр замат суу бетине чыгышы керек. Ошондуктан ургаачы дельфин туут учурунда ымыркайга жардам берип, аны мурду менен суунун үстүн көздөй түртөт. Тууттан мурдараак эне дельфиндин кыймылы жайлап калат. Ошондуктан туут учурунда ургаачы дельфиндин жанында ага туутта жардам берүү үчүн үйүрдөгү эки ургаачы дельфин да болот. Жардамчы дельфиндер тууттан мурда ага бир зыян келбеши үчүн эне дельфиндин эки жагында сүзүшөт. Алардын милдети – тууттан мурда кыймылы жайлап калган жана ушул себептен кандайдыр бир коркунучтан сактануу күчү болбогон энени коргоо. Өзгөчө туут учурунда аккан кандын жытынан ал жерге келиши мүмкүн болгон акулаларга карата энени абдан курчашат.
Fil yavrularına genellikle anneleriyle birlikte teyzeleri veya anneanneleri de bakar. |
Алгачкы эки жума бою ымыркай энесинин жанынан эч алыстабайт. Кичинекей дельфин туулгандан бир аздан соң сүзүп баштайт жана бул мөөнөт ичинде энесинен акырын акырын алыстап баштайт. Бирок жаңы тууган эне дельфин баланын ылдам жана кокус кыймыл-аракеттерине ылайык кыймылдай албагандыктан жана аны керектүү деңгээлде коргой албагандыктан, кайра эле жардамчы ургаачы дельфиндер жардамга келишип, ымыркайды абдан аяр коргошот.124
Эне пилге да тууттан мурда жардамчы болуу үчүн дайыма үйүрдөгү башка ургаачы пилдердин бири даяр турат. Жыш бадал жана дарактардын арасында усталык менен жашынган эне жана ага туутта жардамчы боло турган ургаачы пил ымыркай пилди көп жылдар бою коргошот. Ургаачы пил жанында баласы турганда, бир топ катуу кыял жана этияттыкта болот.125
Пилдердин жана башка жандыктардын тууттан мурда өз ара кантип келишим түзүшөөрү, жардамчы боло турган айбандын туут убагынын келгенин жана курдашынын жардамга муктаж болоорун кантип аныктай алаары – сөзсүз сурала турган суроолордон. Айбанаттардын эч бирөөсүнүн буларды өз акыл жана эрктери менен жасай ала турган бир жөндөмү жок. Мындан тышкары, дүйнөнүн бүт тарабында, мисалы пилдер, ушундай жол менен бир-бирине жардам беришет. Бул көрүнүш дельфин жана башка жандыктарга да тиешелүү. Бул – баарынын жалгыз бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын жана ошол Жаратуучунун дайыма көзөмөлү астында экендигинин апачык бир көрсөткүчү.
Çakal yavrularının birçoğu büyüdükten sonra da annelerinin yanından ayrılmazlar. Ve bir sonraki yıl annelerinin yeni yavrularına bakıcılık yaparlar. Yandaki resimde kardeşiyle ilgilenen genç çakal görülüyor. |
Сүт эмүүчүлөрдүн топтору көбүнчө жакын бүлө мамилелери курушат. Мисалы, кадимки бир бөрү үйүрү бир эркек жана бир ургаачыдан, жаңы туулган бөлтүрүктөрдөн жана балким мурдакы тууттан болгон бир же эки бөлтүрүктөн турат. Чоңдордун баары бөлтүрүктөрдү коргоодо жардамчы болушат. Кээде үйүрдөгү ургаачылардын бири «бала бакчалык» үчүн түнү бою уяда калат. Ушундайча бөлтүрүктөрдүн энесине үйүрдүн калган мүчөлөрү менен бирге аңчылыкка барышына шарт түзөт.
Африкалык аңчы иттер да ар бири болжол менен он айбандан турган окшош үйүрлөр ичинде жашашат. Эркектер жана ургаачылар күчүктөрдү коргоо жана багууда эмгек бөлүшүшөт. Ал тургай, күчүктөрдү кароо үчүн жарышка түшүшөт. Бир олжону өлтүргөн соң олжолорун гиеналардан коргоо үчүн чоңдор күчүктөрдүн айланасында айлана жасашат жана эң алгач күчүктөрдүн тамактанышына шарт түзүшөт.126
Бабун үйүрүндө болсо көбүнчө топтун лидери оорулуу же жарадар бабунга жардам берет. Чоң бабундар энесиз же атасыз бир кичинекейди бала кылып алышы мүмкүн. Жетим ымыркайдын топтун ичинде алар менен бирге жүрүшүнө жана түнкүсүн жанында жатышына уруксат беришет. Үйүр орун которуп жатканда, эгер эне жонунда көтөрө албагандай бир ымыркай болсо эне баласын колунан кармап жетелөөгө мажбур болот. Бирок ымыркай бат бат чарчагандыктан, тынбай эс алуу керек болот. Бул болсо топтон артта калууга алып келет. Муну байкаган топтун лидери ылдам артка кайтып, эне бабундун жанында басып, бала эс алган сайын токтоп баштайт.127
Чөөлөр көбүнчө эмчектен чыккан соң да энелеринин жанында болушат жана энелеринин алардан соң тууган балдарын карашат. Жардамчы чөө ымыркайларга тамак алып келип, жырткыч айбандарды уядан алыстатып, балдардын көпчүлүгүнүн өмүрүн улантышына жардамчы болот.128
Бир туугандарын караган жандыктар бир гана чөөлөр эмес. Суу тоогу жана терезе карлыгачы түрлөрүндө да алгачкы уядагы балапандар экинчи уяда жаңы чыккандардын чоңойушуна жардамчы болушат.
Көптөгөн аары канаттуусу жубу болсо башка бир жупка балапандарын кароодо жардамчы болушат. Мындай көмөктөшүүлөр канаттуулар арасында абдан көп кездешет.129
Жандыктардын башка бирөөнүн балдарын багышы, алардын жоопкерчилигин алышы – эволюционисттердин догмаларын толугу менен жараксыз кылган далилдердин бири. Мурда да айтылгандай, эволюционисттер жан аябастык кылган жаныбарлар гендерин кийинки урпакка өткөрүү максатында аракет кылышат, ошондуктан жан аябастыктай көрүнгөн кыймыл-аракеттер түпкүрүндө алардын өзүмчүлдүгүнөн келип чыгат дешет. Бирок бул бөлүмдө да көрүлгөндөй, айбанаттар бир гана өз гендерин алып жүргөн жаныбарларга эмес, башка муктаждык ичиндеги жаныбарларга да жардам беришүүдө. Т.а. мурдараак да айтылган эволюционисттердин «өзүмчүл ген» теориясы да башкалары сыяктуу илимий эч кандай баалуулугу жок. Акылы жана аң-сезими жок бир жандыктын гендерин кийинки урпакка өткөрүү кайгысынын болушу ансыз деле эч мүмкүн эмес. Жаныбардын гендери мындай бир кайгы үчүн программаланган деп айтуу болсо бул программаны жасаган бир акылдын жана аң-сезимдин бар экенин кабыл алуу дегенди билдирет.
Табиятта биз кезиккен ар бир жандык жана бул жандыктар ээ болгон өзгөчөлүктөрдүн баары Улуу бир Жаратуучунун бар экенин апачык көрсөтүүдө. Мына ошол Жаратуучу – бул абдан боорукер жана мээримдүү Аллах.
Кумурскалар, аарылар жана термиттер дисциплина, баш ийүүчүлүк, эмгек бөлүшүү, көмөктөшүү жана жан аябастыкка таянган бир уюшкандык ичинде жашашат. Бул кичинекей жандыктар өз жашоолоруна эч маани беришпей, личинкадан чыккандан баштап өлгөнгө чейин бүт энергияларын личинкаларды жана үйүрлөрүн (колонияларын) коргоо жана тамактандырууга сарпташат. Бир-бирлери менен тамактарын бөлүшүшөт, жашаган чөйрөсүн тазалашат жана ал тургай керек болгондо башкалары үчүн жандарын беришет.
Бүт баары өз милдетин абдан жакшы билет жана аны кемчиликсиз аткарат. Ар бири үчүн үйүрүндөгү башка жандыктар жана өзгөчө коргоосуз личинкалар биринчи кезекте маанилүү. Аарылардын, термиттердин жана кумурскалардын арасында бир дагы өзүмчүл аракетти жолуктурууга болбойт. Ошондуктан үйүр болуп жашаган бул жандыктар кемчиликсиз бир система ичинде өмүр сүрүшөт жана чоң ийгиликтерге жетишишет.
Korumaları ile gezen yaprak kesen karıncalar, ortada: balkarıncaları, altta: larvalara özenle bakan bakıcı karıncalar görülmektedir. Her karınca türünde farklı bir fedakarlık ve dayanışma örneğine rastlamak mümkündür. Kimi yaprak taşıyan arkadaşını korurken kimi de diğerleri için midesine yiyecek depolar. |
Петр Кропоткин китебинде кумурскалардын жана термиттердин өз ара жардамдашуу натыйжасында канчалык чоң ийгиликке жеткендиги менен байланыштуу көргөндөрүн мындайча баяндайт:
Термит жана кумурскалардын кемчиликсиз уя жана имараттары эгер адамдардыкындай чоң өлчөмдө болгондо, абдан өзгөчө экендиги көрүлмөк. Асфальтталган жолдору жана жер бетинде арка абалындагы галереялары, кенен залдары жана дан кампалары, дан аймактары, үрөн жанчуу иштери, жумуртка жана личинкаларды кароодогу акылдуу ыкмалары, ... жана эр жүрөктүктөрү жана жогорку акылдары, булардын баары – талыкпас жана чарчабас өмүрлөрүнүн ар бир баскычындагы көмөктөшүүлөрүнүн табигый бир натыйжасы.130
Бул бөлүмдө кумурска үйүрлөрүндө жана аары уюктурындагы кээ бир жан аябастык жана кызматташтыктар орун алат.
1. Кумурска үйүрлөрүнүн эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул кумурскалардын тамактарын бөлүшүшү. Бир үйүрдөгү эки кумурска кезиккенде, эгер бирөөсү ачка же суусаган болсо жана беркисинин курсагында чайналган жана жарым сиңген азык бар болсо, муктаж болгон кумурска тамак сурайт. Жана курсагы толо болгон кумурска буга эч качан терс жооп бербейт, тамагын аны менен бөлүшөт. Кумурскалар личинкаларын да курсактарындагы азыктары менен багышат. Ал тургай көбүнчө өздөрүнө башкаларга бергенден азыраак калтырышат.131
2. Кумурска уяларында кемчиликсиз бир эмгек бөлүшүү бар жана ар бир кумурска өз милдетин болгон күчү менен аткарат. Бул кумурскалардын бири – бул эшик кайтаруучу кумурскалар. Бул кумурскалар уянын кире беришин кайтарууга милдеттүү. Уяга бир гана өз топторуна тиешелүү кумурскаларды киргизишет жана башкаларды киргизишпейт. Эшик кайтарган кумурскалардын баштарынын чоңдугу уянын кире бериши менен бирдей жана ушундай атайын пландалган баш түзүлүштөрү менен уянын эшигин тосуп турушат. Эшик кайтаруучулар эртеден кечке эч кыймылдабастан, эшиктин кире беришинде күтүшөт.132 Ошондуктан бир коркунуч учурунда душманга биринчилерден болуп ошолор каршы турушат.
3. Кумурскалар ашказанындагы тамакты бөлүшүү менен бирге, тапкан азык булактарын да мүмкүн болушунча көп кумурскага кабар берүүгө аракет кылышат. Кыймыл-аракеттеринде өзүн гана ойлогон бир күрөш жок. Азык булагын биринчи болуп тапкан кумурска курсагын толтуруп уяга кайтат. Кайтып келатканда, курсагынын учун бат бат жерге сүрүп турат жана химиялык бир ишарат калтырат. Муну менен гана чектелбейт, уяга келгенде, кыска убакытта бат-баттан айлануу жасайт. Муну 3-6 жолу кылат. Бул кыймыл-аракет уя курдаштарынын ага көңүл бурушун камсыздайт. Натыйжада табылганы тапкан кумурска азык булагына кайра келатканда, курдаштары да аны ээрчийт.
4. Жалбырак кыркуучу кумурска үйүрүнүн орто бойлуу жумушчулары күнүн жалбырак ташуу менен өткөрөт. Бирок жалбырак ташып баратканда, эч коргоосуз болушат. Өзгөчө бир чымын түрүнөн. Бул чымын түрү жумурткаларын кумурсканын башына таштайт. Кумурсканын денесинде акырындап өрчүп, жумурткадан чыккан чымын личинкасы жандыктын мээсине чейин илгерилеп, анын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Жумушчу кумурскалар жалбырак ташып жаткан убакта бул коркунучтуу душмандардан өздөрүн коргой албай турган абалда болушат. Бирок алар үчүн бул милдетти аркалагандар бар. Ошол эле топто жашаган жапыс бойлуу кумурскалар ташып бараткан жалбырактардын үстүнө чыгып алышат жана чымын кол салган убакта бул кичинекей коргоочулар жалбырактын үстүнөн душман менен күрөшүшөт.133
5. Кээ бир кумурскалар жалбырак биттеринин көп өлчөмдө шекердүү зат камтыган тамак сиңирүү калдыктары менен азыктанышат жана ошондуктан бул кумурскалар бал кумурскалары деп аталышат. Бал кумурскалары жалбырак битинен соргон мындай шекердүү азыкты уяларына ташышат жана ал жерде абдан кызыктуу бир ыкма менен кампалашат. Жаш жумушчу кумурскалардын кээ бирлери «тирүү банка» милдетин аткарышат. Балды жуткан жумушчулар уяга келгенде, ооздорунан балды кайра чыгарышып, балды сактай турган жаш жумушчулардын ооздоруна куюшат. Бал ташуучу кумурскалар денелеринин ылдыйкы тарабын шиширишип, бал чөйчөгү катары колдонушат. Кээде чоңдугу бир жүзүмчөлүк болушу мүмкүн. Ар бир бөлмөдө 25-30дайы буттары менен шыпка жабышып, кыймылдабай турушат. Эгер бирөөсү кулап түшсө, жумушчулар тарабынан мурдакы абалына кайтарылат. Тирүү банкалар өзүндө сактаган бал ал кумурскадан болжол менен 8 эсе оор. Кышкысын же кургак мезгилдерде катардагы жумушчулар бал банкаларына барышып, күнүмдүк азык муктаждыгын камсыздашат. Жумушчу кумурска оозун банка милдетин аткарган кумурсканын оозуна койот жана балды сактап турган кумурска бал чөйчөгүндөгү булчуңдарын кысып, кичинекей бир тамчы бал тамчылатат. Албетте, кумурскалардын өз эрки менен мындай бир кампалоо системасын иштеп чыгышы эч мүмкүн эмес. Болгондо да банка милдетин аткарган кумурска өзүн чоң бир курмандыкка чалууда. Өз оордугунан 8 эсе оор бир жүктү көтөрүп алып, узак мөөнөт бою башы ылдый асылып туруу маанилүү бир жан аябастык жана бул кумурскалардын мындан күткөн эч кандай кызыкчылыгы жок. Чоң бир сабырдуулук менен башы ылдый асылып күтүшөт жана топтогу кумурскалардын бир-бирден тамактанышына жардамчы болушат. Бул ыкманын жана бул ыкмага ылайыктуу дене түзүлүшүнүн кокустуктар натыйжасында пайда болбошу анык чындык. Жана урпактар бою ар бир бал кумурскасы топторунда бул кызматты өз каалоосу менен аркалаган кумурскалар болуп келүүдө. Бул – бардык бал кумурскаларынын Раббилери болгон Аллахтын илхамы менен кыймылдашынын айдан ачык бир далили.
6. Кумурскалар көп колдонгон коргонуу ыкмасы – бул керек болгондо үйүрүн коргоо үчүн өлүмгө бел байлап душмандарына зыян берүүгө аракет кылуу. Көптөгөн кумурска түрү мындай өлүмгө бел байлаган кол салууларды ар кандай жол менен ишке ашырат. Бул кумурскалардын эң кызыктууларынын бири – бул Малайзиянын жамгыр токойлорунда жашаган кумурска түрү. Бул кумурсканын жаагынан денесинин артын көздөй узаган ууга толо бир суюктук бези бар. Эгер кумурска душмандарынын курчоосунда калса, курсак булчуңдарын абдан күчтүү кысып, суюктук безин айрыйт жана ууну душмандын үстүнө чачып, өзү өлөт.134
7. Ургаачы жана эркек кумурскалар көбөйө алуу үчүн өз-өзүнчө курмандыктарга барышат. Жупташуу учурунан кыска мөөнөт өткөн соң эркек кумурска өлөт. Ургаачы кумурска болсо өзүнө ылайыктуу бир уя издейт жана тапканда ал жерге кирип, эң алгач канаттарын үзөт. Андан соң эшикти жаап жумалар бою, кээде айлар бою тамаксыз жана жалгыз калып, ханыша кумурска болуп, алгачкы жумурткаларын таштайт. Бул убакыт ичинде канаттарын жеп жашайт. Алгачкы жумурткадан чыккан личинкаларды өз шилекейи менен багат. Бул – ханыша кумурска өзү жалгыз өзүн курмандыкка чалып өткөргөн бир период. Ушундай жол менен өз үйүрүн куруп баштайт.
8. Эгер уялары басып алынса, кумурскалар кандай гана баага турбасын, балдарын коргоо үчүн аракет кылып баштайт. Уядагы аскер кумурскалар ылдам кол салуу болгон аймакка чабуул койот жана душман менен согушат. Жумушчу кумурскалар болсо жардамга муктаж личинкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн бала бөлмөлөрүнө чуркашат. Личинкаларды жана жаш кумурскаларды ооздору менен уянын сыртына алып чыгышып, душмандары кеткенге чейин аларды бир жерге жашырышат.135 Мындай бир коркунуч учурунда демейде кумурска сыяктуу бир жандыктан өз башын куткаруу үчүн, жашына турган бир жер издеши күтүлөт. Бирок аскер кумурскалар да, эшик кайтарган кумурскалар да, жумушчу кумурскалар да өз өмүрүн ойлошпойт. Баары башкалар үчүн өз өмүрүн ортого койот. Бул – жан аябастыктын эң жогорку чеги. Жана миллиондогон жылдардан бери бүт кумурскалар ушундай кылып келишүүдө.
Бул жерге чейин баяндалгандар – албетте, айбанаттар ааламында болуп жаткан абдан таң калыштуу кыймыл-аракеттерден. Бирок абдан көңүл бура турган жагдай – бул мындай таң калыштуу кыймыл-аракеттерди жасаган жандыктардын өтө кичинекей кумурскалар болушу. Кумурскалар – бул адамдар күн сайын көрүп, көнүп калган, көп маани бербеген жандыктар. Бирок алардын биз байкабаган мындай кыймыл-аракеттерин изилдегенибизде, алдыбызга чыккан акыл – эч көз жумууга болбой турганчалык терең. Көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей нерв байланыштарынан турган бир мээге ээ болгон бул жандыктар алардан эч күтүлбөгөн, аң-сезимдүүдөй окуяларды ишке ашырышат. Себеби бул жандыктар миллиондогон жылдан бери эч адашпастан, бирөөсү да дисциплинаны бузбастан аларга буйрулганды кемчиликсиз аткарышууда. Алар Жаратуучусу Аллахка баш ийишкен жана Анын илхамы менен кыймылдашууда.
Кумурскалар сыяктуу бардык жандыктардын Аллахка болгон баш ийүүчүлүгү Куранда мындайча кабар берилет:
... Чындыгында, асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары – кааласа да, каалабаса да – Ага моюн сунат жана Ага кайтарылышууда. (Али Имран Сүрөсү, 83)
Кумурскалардагы бүт тараптан төп келишкендик жана кызматташуу аары уюктарында да бар. Өзгөчө жумушчу аарылардын жан аябастыктары жумушчу кумурскаларга абдан окшошот. Эки түрдүн жумушчулары тең уяларындагы ханыша жана аларга тиешелүү болбогон личинкалар үчүн өлгөнгө чейин эч токтобостон кызмат кылышат.
Бир аары уюгунда ханыша, ханышаны төлдөтүүгө милдеттүү эркектер жана жумушчу аарылар болот. Уюктун бардык иштери жогоруда да айтылгандай жумушчу аарыларга тиешелүү. Уюктарды куруу, уюктун тазалыгы жана коопсуздугу, ханышаны жана эркек аарыларды багуу, личинкаларды кароо, жумурткалар чоңойо турган бөлмөлөрдү чоңойо турган аарыга (жумушчу, ханыша, эркек) ылайык куруу, ал бөлмөлөрдү даярдоо, тазалоо, жумурткалар өрчүй турган жылуулук жана нымдуулуктун камсыз кылынышы, аары личинкаларынын муктаждыкка жараша азыктандырылышы (аары сүтү, бал жана чаңча аралашмасы), шире, гүл чаңы, суу жана чайырдын топтолушу...
Бир жумушчу аарынын өмүр бою башынан өткөргөн баскычтарын жана бул доорлордо кылган жан аябастыктарын мындайча саноого болот:
1. Бир жумушчу аарынын өмүрү орточо 4-6 жума. Жумушчу тукумдан (куколка) чыккан соң 3 жумадан азыраак бир мөөнөт бою уянын ичинде эмгектенет. Биринчи кызматы өрчүп жаткан аарыларга бакчалык кылуу. Жумушчу кампалардан алган бал жана гүл чаңчалары менен тамактанат, бирок алган тамагынын көпчүлүгүн личинкаларга жедирет. Муну азыкты кайра чыгаруу жана башындагы белгилүү кээ бир бөлүп чыгаруу бездеринен чыгарган гельге окшош затты аларга берүү менен жасайт.
Бул жерде бир сааамга токтоп ойлонуу керек. Тукумдан жаңы чыккан бир жандык жасашы керек болгон милдетин кайдан билет жана муну эмне үчүн эч тоң моюндук кылбастан бардык бал аарылар жасашат? Негизи тукумдан чыккан бир бал аары эч кандай аң-сезим алааматы көрсөтпөстөн, өзүн курмандыкка чалбастан өз жашоосун улантууга аракет кылышы керек эле. Бирок мындай болбойт, аары андан күтүүгө болбой тургандай бир дисциплина жана жоопкерчилик аң-сезими менен бала бакчалык милдетин аткарат.
2. Жумушчу аары болжол менен 12 күндүк болгондо бал муму бездери да өрчүйт. Аары бул убакта личинкалар чоңойтулган жана азыктар жыйналган алты бурчтуу клеткалардан турган уюкту оңдоо жана кошумчаларды жасоо ишин баштайт.
3. Жумушчу аары 12 күндүктөн 3 жумалык болгонго чейин уяга кайткандар алып келген бал маңызы жана гүл чаңчаларын алат. Бал маңызын балга айлантып жыйнайт. Ошол эле учурда уюкту тазалоо ишин жасайт. Өлгөн аарыларды жана башка акыр-чикирлерди сыртка ташыйт.
4. 3 жумалык кезинде эми уюк үчүн керектүү болгон бал маңызы, гүл чаңчасы, суу жана чайырды жыйноого бара ала турган абалга келет.
Жетиштүү куракка жеткен жумушчулар бал маңызы берген гүлдөрдү издөө үчүн сыртка чыгышат. Азык топтоо абдан оор бир жумуш. Бир жумушчу аары 2-3 жума иштеген соң чарчайт жана өлөт.136 Бирок эң негизгиси бир аары өз муктаждыгынан бир топ көп бал өндүрөт. Муну түшүндүрүү керек. Бир гана өз жашоосун улантуу үчүн күрөшкөн, аң-сезимсиз бир жандыктын мынчалык оор бир жумушту өжөрлүк менен, эч токтотпостон улантышын эч кайсы эволюционист калптар менен түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Бул жерде Аллахтын дагы бир аятына кезигебиз. Мурда да айтылгандай, Аллах Нахл Сүрөсүндө бал аарыга бал өндүрүшүн «вахий кылганын» билдирет. Бал аарылардын мындай жогорку жан аябастык өрнөгүнүн жалгыз себеби ушул. Алар Раббилеринин аларга болгон буйругун аткарышууда. Бул чындыктын адамга жүктөгөн милдети болсо Нахл Сүрөсүндөгү аяттын уландысында кабар берилет; «...Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар.» (Нахл Сүрөсү, 68-69)
1. İşçi arılar larvalara bakıyorlar | 3. Kovanın kapısında nöbet tutan arılar | 4. Petekleri temizleyen arılar |
5. Жумушчу аарылар азык издөөгө чыгуудан мурда жасаган абдан маанилүү дагы бир милдети бар: кароолдук.
Ар бир бал аары уюгунун алдында кароол аарылар болот. Милдети – уюкка киргенге аракет кылган бейтааныштарга каршы туруу жана аларды артка чыгаруу. Уюктун жыты жыттанбаган кандайдыр бир жандык башка аарылар жана личинкалар үчүн бир коркунуч жана бир душман деп кабыл алынат.
Бир бейтааныш уюктун кире беришинде пайда болгондо кароол аарылар абдан катуу жооп беришет. Канаттарынын ыкчам бызылдашы жакын жердеги башка аарыларды чакырат. Кароолдор бейтаанышка уулуу ийнелерин колдонушат. Бул уу ошол эле учурда уюкта таркаган бир жытка ээ жана күчтүү бир коркунуч сигналы катары таасир берет. Натыйжада аарылар согушууга даяр болуп, уюктун кире беришине келишет.
Эгер кароол аары душманды чакса, жаралаган жерден уу киргизип, андан да көбүрөөк жыт чыгарат. Жыт канчалык күчтүү болсо, аарылар ошончолук толкунданышып, агрессивдүүрөөк болушат.137
Бир аары уюгун коргоо негизи өзүн өзү өлтүрүү деген мааниге келиши мүмкүн. Бир бал аарынын ийнеси бир кирпинин тикени сыяктуу кичинекей окторго ээ. Ийне көп жандыктын этинен кайра чыкпайт. Аары учууга аракет кылганда, ийне териде жабышып калат жана аарынын курсагынын арка тарабы айрылат. Курсактын айрылган бөлүгүндө уу бези жана аны башкарган нервдер бар. Аары мындай жаракаттануудан өлүп жатканда, уюктун калган мүчөлөрү мындан пайда алат. Өлгөн аарыдан чыккан бөлүп чыгаруу бези курмандыктын жаракатына уу айдоосун уланта берет.138
Кичинекей бир жандыктын дүйнөгө келгенден баштап, эч токтобостон жана чарчабастан башкалар үчүн иштешин, аларга абдан маани беришин жана ал тургай алар үчүн өлүмгө да бел байлашын кантип түшүндүрүүгө болот? Болгондо да дүйнөнүн бүт тарабындагы жана миллиондогон жылдан бери бүт бал аарылар жана кумурскалар бирдей жан аябастыктарды кылышууда. Кыпкыска өмүрүнө сансыз жан аябастыктарды батырган бул жандыктардын Улуу бир Жаратуучу болгон Аллахтын илхамы менен кыймылдашаары апачык бир чындык.
«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо).» (Худ Сүрөсү, 56)
108. Peter Kropoktin, Mutual Aid: A Factor of Evolution, 1902, I. Bölüm
109. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, s. 48- 49
110. Tony Seddon, Animal Parenting, s.42
111. Peter JB Slater, The Encyclopedia of Animal Behavior, s.114
112. Edward O. Wilson, Sociobiology: The New Synthesis , The Belknap Press of Harvard University Press, England 1975, s. 123
113. David Attenborough, Yaşadığımız Dünya, İnkılap Kitabevi 1985, s.178
114. Edward O. Wilson, Sociobiology: The New Synthesis, The Belknap Press of Harvard University Press, England 1975, s.123
115. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 69
116. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.66-67
117. David Attenborough, Yaşadığımız Dünya, s. 185
118. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.66-67
119. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.77
120. Hayvanlar Ansiklopedisi, s.105
121. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 75
122. David Attenborough, Life of Birds, s.140
123. Bilim ve Teknik, Eylül 1992, s.58
124. Hayvanlar Arsiklopedisi, (Memeliler), s.29
125. Hayvanlar Arsiklopedisi, (Memeliler), s. 80
126. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.69
127. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s.72
128. John Sparks, The Discovery of Animal Behavior, s. 264
129. Giovanni G. Bellani, Quand L'oiseau Fait Son Nid, s.20
130. Peter Kropoktin, Mutual Aid: A Factor of Evolution, 1902, I. Bölüm
131. Peter Kropoktin, Mutual Aid: A Factor of Evolution, 1902, I. Bölüm
132. Bert Hölldobler-Edward O. Wilson, The Ants, Harvard University Press, 1990, s.330-331
133. National Geographic, Temmuz 1995, s. 100
134. Bert Hölldobler-Edward O. Wilson, Journey To The Ants, Harvard University Press, 1994, s .71
135. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 43
136. Hayvanlar Ansiklopedisi, Böcekler, s. 97-98
137. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 22-23
138. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, s. 63