Чарльз Дарвин чыгарган эволюция теориясы учурда илим дүйнөсүндөгү абройун абдан бат жоготту. 20-кылымдын баштарында материалисттик чөйрөлөр тарабынан колдоого алынган жана адамдарга илимий бир чындык сыяктуу пропаганда кылынган бул теориянын жараксыз экендиги эми толук ачыкка чыкты. Бул жерде эң негизги фактор 20-кылымда эволюция теориясы менен жакын байланыштуу болгон микробиология, биохимия, палеонтология сыяктуу илим тармактарындагы жетишкендиктер болду. Бул илим тармактарындагы жетишкендиктер натыйжасында жандуулуктун эволюция теориясы айткандай кокустуктар менен, бири-биринен эволюциялашып пайда болушунун эч мүмкүн эмес экендиги аныкталды (тереңирээк маалымат үчүн «Эволюция жаңылыштыгы» бөлүмүн караңыз).
Кулаган бул теория жандуулуктун келип чыгышы менен байланыштуу догмаларына эч кандай илимий далил алып келе албаган сыяктуу, жандуулар ээ болгон сансыз кереметтүү өзгөчөлүктөрдүн тамыры жөнүндөгү суроолорду да жоопсуз калтырат. Эволюционисттерди туңгуюкка такаган мындай темалардын бири – бул китептин темасы болгон «жандуулардагы жан аябастык, башкалар үчүн өздөрүн курмандыкка чалышы».
Табиятта биз көп кездешкен жан аябастыктар, жандуулар арасындагы достук жана кызматташтыкка таянган мамилелер, боорукердикке толгон кыймыл-аракеттер... Булардын баарынын эволюция теориясы үчүн маанилүү жана чечилбес көйгөйлөр болушунун себеби эмне?
Дарвин эволюция теориясын чыгарганда, догмаларын түпкүрүндө эч кандай эволюция кылуучу күчү болбогон бир механизмге таяндырган эле: табигый тандалуу. Дарвиндин көз-карашы боюнча, бүт жандыктардын атасы бир эле жана жашаган чөйрөсүнүн шарттарына ылайыкташуулары натыйжасында бири-биринен айырмалуу абалга келишкен эле. Жашаган чөйрөлөрүнө эң жакшы ылайыкташкандар өздөрү жетишкен өзгөчөлүктөрүн кийинки урпактарга өткөрө алышмак. Ошондуктан, күчтүүрөөк жана чөйрө шарттарына жакшыраак ылайыкташа алган индивиддер жок болуудан кутулушмак. Дарвиндин мындай гипотезалары табиятта бир «жашоо согушу» бар, бул согушта күчтүүлөр жеңип, алсыздар эзилип жок болот деген көз-карашты жактап жаткан эле. Дарвиндин бир жакын досу жана эволюция теориясынын эң күчтүү жактоочуларынын бири болгон Жулиан Хакслей (Julian Huxley) табиятты мындай сыпаттаган эле:
Бул аренада алсыздар менен жөндөмсүздөрдүн элениши (жок болушу), күчтүүлөр менен жөндөмдүүлөрдүн эгемендиги (башкарышы) сөзсүз.1
Табият чындап эле эволюционисттер жактагандай бир гана күчтүүлөр жеңген, алсыздар эзилип жок болгон, өзүмчүлдүк жана абдан күчтүү бир жашоо күрөшү өкүмчүлүк кылган бир жерби?
Бул суроонун жообун табияттагы жашоого байкоо жүргүзүү менен берүүгө болот. Табиятта албетте жандуулар азыктануу үчүн же коопсуздуктарын камсыз кылуу үчүн аракет кылышат. Ар бир жаныбар жашоосун улантуу үчүн аңчылык кылууга мажбур же өзүн коргоо үчүн кол салууга барышы мүмкүн. Бирок табият бир гана мындай көрүнүштөрдөн турбайт. Табиятта жандуулардын көпчүлүгү балдары же үй-бүлөлөрү үчүн кээде тобундагы башка жандуулар, ал тургай башка түрлөр үчүн таң калыштуу жан аябастыктар көрсөтүшүп, өз жандарын аяшпайт. Жан аябастык менен бирге кызматташтык, достук, бири-биринин кызыкчылыгын көздөө сыяктуу өзгөчөлүктөр жаныбарлар ааламында көп кездешет.
«Табият бир гана согуш мекени» деген догманы жактаган эволюция теориясы жаныбарлар ааламындагы мындай жан аябастык мисалдарын эч түшүндүрө алышпайт. Табияттагы жашоо эволюция теориясынын негизги догмасын апачык жана толугу менен жараксыз кылат. Эволюция теориясы душмандарынан качып кутулган бир зебранын эмне үчүн кайра артка кайтып душмандары тарабынан курчалган башка зебраларды, болгондо да өз өмүрүн коркунучка салып, куткарганын эч качан түшүндүрө албайт. Же болбосо, эмки бөлүмдөрдө тереңирээк карала тургандай, жумурткаларын жашата алуу үчүн өлүмгө да ыраазы болуп, жээкке чыккан атерина балыктарынын мындай кыймыл-аракеттери эмне үчүн табигый тандалуу менен эленип жок болбоду деген суроого жооп бере албайт.
Жаныбарлардагы жан аябастык жана кызматташтык мамилелери эволюция теориясынын жараксыз экендигин дагы бир жолу жана дапдаана көрсөтүү менен бирге, маанилүү бир чындыктын да далилдерин ортого коюуда: бүт ааламдын Улуу бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгын жана ар бир жандыктын Жаратуучусу болгон Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет жасагандыгын.
Эмки бөлүмдөрдө акылы жана аң-сезими жок жаныбарлардын укмуштуу жана таң калыштуу кыймыл-аракеттеринин бир бөлүгүн окуйсуз. Акылдуу жана абийирдүү ар бир адам мындай кыймыл-аракеттердин бир гана бардык жандыктардын өкүмдары болгон Аллахтын күчү жана көзөмөлү менен болушу мүмкүн экенин оңой гана түшүнөт. Себеби Аллах Куранда да билдиргендей:
Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 4)
Allah'ın yaratmak için tasarım yapmaya ihtiyacı yoktur Kitap boyunca yer yer kullanılan 'tasarım' ifadesinin doğru anlaşılması önemlidir. Allah'ın kusursuz bir tasarım yaratmış olması, Rabbimiz’in önce plan yaptığı daha sonra yarattığı anlamına gelmez. Bilinmelidir ki, yerlerin ve göklerin Rabbi olan Allah’ın yaratmak için herhangi bir 'tasarım' yapmaya ihtiyacı yoktur. Allah'ın tasarlaması ve yaratması aynı anda olur. Allah bu tür eksikliklerden münezzehtir.
Allah'ın, bir şeyin ya da bir işin olmasını dilediğinde, onun olması için yalnızca "Ol!" demesi yeterlidir. Ayetlerde şöyle buyurulmaktadır:
Bir şeyi dilediği zaman, O'nun emri yalnızca: "Ol" demesidir; o da hemen oluverir. (Yasin Suresi, 82)
Gökleri ve yeri (bir örnek edinmeksizin) yaratandır. O, bir işin olmasına karar verirse, ona yalnızca "OL" der, o da hemen oluverir. (Bakara Suresi, 117)
1. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, Bilgi Yayınları, s.47