Эволюция Теориясынын Маанилүү Туюктарынын Бири: Жаныбарлардын Кыймыл-Аракетиндеги Аң-Сезим

Жер бетинде аң-сезимге жана акылга ээ болгон жандык – бул адам гана. Дене өзгөчөлүктөрү менен бирге, адамды башка жандыктардан айырмалаган эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул аң-сезими жана акылы ага берген жөндөмдөр. Булар таразалоо жана сындоо жөндөмү, ойлонуу, план түзүү, бир канча баскычты алдын-ала болжолдоо, окуяларга карата чара көрүү, аңдап-түшүнүү, бир максат үчүн аракет кылуу сыяктуу толугу менен адамга тиешелүү өзгөчөлүктөр. Табияттагы башка жандыктар болсо мындай аң-сезимге жана акылга ээ эмес. Ошондуктан, алар план курат, алдын көрө алышат, ал тургай инженерлер араң жасаган эсептөөлөрдү жасап ишке ашырышат, кандайдыр бир темада чечим алышат деп ойлоо туура эмес болот.

Андай болсо, табиятта абдан көп кезиккен акылдуу жана аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди кантип түшүндүрүүгө болот? Мындай акылдуулукту жана аң-сезимди көрсөткөн жандыктардын кээ бирлеринин бир мээси да жок... Бул суроонун жообун берүүдөн мурда жаныбарларда кездешкен аң-сезимдин жана акылдын натыйжасы болгон кыймыл-аракеттерден бир канча мисал келтирүү суроонун маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн пайдалуу болот.

Тосмо (Дамба) Инженерлери – Кундуздар

lion cub

Кундуздар (бобр) чыныгы бир инженер сыяктуу эсептөөлөр жасашат жана уста бир курулуш жумушчусу сыяктуу иштешип, кереметтүү бир долбоорго ээ уялар курушат. Мындан тышкары, кереметтүү усталык менен уясын кура турган агын суунун ылдамдыгын кесе турган тосмолор курушат. Бул үчүн болсо абдан кыйын жана көп баскычтуу жумуштарды кылышат. Эң алгач, бир тараптан азыктануу, экинчи тараптан тосмонун жана уянын курулушунда колдонуу үчүн көп санда устун жана бутак топтоо керек. Бул үчүн дарактарды тиштери менен кемиришип жерге жыгышат. Бирок бул кесүү процесси учурунда маанилүү бир эсептөө жасашаары байкалган: кундуздар көбүнчө шамалдар суунун жээгин көздөй соккон жерлерде иштөөнү тандашат. Ушундайча кундуздар кемирген дарактар суу тарапка жыгылат жана бул кундуздардын устундарды ташуусунда чоң жеңилдик болот.

Кундуз уялары абдан тыкан бир долбоорго ээ. Ар бир кундуз уясында суунун астынан кирген эки эшиги, суунун деңгээлинен бираз өйдөдө бир тамактануу бөлмөсү, бираз өйдөрөөк бир деңгээлде кургак бир уктоо бөлмөсү жана бир желдеткич канал болот.

Кундуздар топтогон материалдарын үстү-үстүнө жыйып, уяларынын сырткы тарабын жасашат. Бирок бул материал жыйындысында эч кандай тешик же жарака калбашына абдан маани беришип, бутактар же ылай менен буларды жабышат.

Бул уяны түзгөн материал уяны эрозиядан сактайт жана сууктан коргойт. Кышында калың кар басып калгандыктан, сырттагы температура –35°Cка чейин түшсө да, уянын ичиндеги температура тоңуу чекитинен өйдө болот. Кундуздар, мындан тышкары, кышкысын азыксыз калбаш үчүн уяларынын жанында жашыруун бир суу-асты азык кампасы даярдашат.

Ал ортодо кундуздар бири-бирине желелер менен байланган, туурасы 1 метрдей болгон каналдарды ачышат жана бул каналдар жардамы менен жүздөгөн метр алыстыктагы кургак жана өйдөрөөк аймактарга чыга алышат. Мындай суу каналдарынын негизги максаты – бул кундуздардын азык ала турган дарактарга жете алышы.

Кундуздар курган тосмолор да өсүмдүктөр жана таштардын жыйындысы аркылуу уянын курулушуна окшош бир ыкма менен жасалат. Кундуздар эки жээк арасында узун үч бурчтуу бир бутак жыйындысы курганга чейин бутактарды бири-бирине байлашат. Материал топтоо жана жаракаларды толтуруу үчүн жыйындыны тырмышып ашышып, агымга карама-каршы багытта иштешет. Суу тосмону ашкан же кычыктардан өткөн жерлерге ылай же бутак кошушат. Натыйжада тосмо тайыз бир агын сууну терең бир көлмөгө айлантат. Бул болсо кундуздарга кышкысын жей турган азыктарын кампалай турган бир мекен болуп берет, сүзө ала турган суунун көлөмүн чоңойтуп, азык жана курулуш материалдарын ташууну жеңилдетет. Мындан тышкары, уяларынын да коопсуз бир «үй» болушун камсыздайт. Ороолор менен курчалган мунаралар сыяктуу кундуздардын үйүнө кол салуу да дээрлик эч мүмкүн эмес.2

Бул жерде кыскача баяндалган кундуздардын мындай кыймыл-аракетинин ар бир баскычы өзүнө акыл, план, эсептөө жана маалыматты камтыйт. Бирок бул өзгөчөлүктөрдүн баарын кундуздарга тиешелүү деп ойлоо, албетте, логикага сыйбайт. Себеби кундуз – бул аң-сезими жок, ошондуктан эч кандай акылдуу аракет кыла албаган бир жаныбар. Демек, кундуздун мындай иш-аракеттеринин булагы эмне деген суроого жооп табуу керек. Мындай акыл жана план кундуздун өзүнө тиешелүү эмес болсо, анда кимге тиешелүү? Албетте, кундуздардын жана эмки беттерде карала турган бардык жаныбарлардын жогорку өзгөчөлүктөрүн жараткан, аларга акылдуу пландар жасаткан, аларды жараткан жана булардын баарын илхам менен буйрук кылган – бул чексиз акыл жана кудурет ээси болгон Аллах.

Kunduz

Kunduzlar, gerçek birer mühendis gibi hesaplar yapar ve aynı usta bir inşaat işçisi gibi çalışarak olağanüstü tasarıma sahip olan yuvalar inşa ederler.

1. Üstte solda bir kunduz, yuvası için gereken barajı inşa ederken görülüyor.
2. Üstte sağda kunduzun inşa ettiği baraj.
3. Altta kunduzun mimari bir başarıyla inşa ettiği yuvasının çizim resmi.

Бир Канча Баскычтуу План Кура Алган Император Курту

Албетте, табиятта бир гана кундуздар акылдуу кыймыл-аракеттер көрсөтүшүп, план жана эсептөөлөр жасашпайт. Бул багытта ийгиликке жеткен сансыз жандуулардын бирөөсү – бул, кундуздан бир топ кичинекей жана андан эң кичине бир аң-сезим жана мээ күтпөй турганчалык болгон бир курт түрү. Бул – император жибегин өндүргөн курт.

Личинка доорун башка курттар сыяктуу була ичинде өткөргөн бул курт личинкадан чыккан соң үстүн бир жалбырак менен жаап, өзүн жашырат. Курттун мындай жашынуу жумушун аткарышы мурдатан аныкталган абдан акылдуу бир пландын натыйжасы жана ар бир баскычы жөндөм талап кылат. Себеби жашыл, жаш бир жалбырак бүгүлбөгөндүктөн, курттун үстүн коргоочу бир кабык сыяктуу жаба албайт жана курттун бул көйгөйдү ушул абалында чечиши керек болот. Курт мындай алгачкы көйгөйдү акылга келе турган эң жөнөкөй, бирок максатка эң ылайыктуу жол менен чечет. Алгач жалбырактын сабын тиштеп үзөт. (Бирок андан мурун жалбырак жерге түшүп кетпесин деп аны жибеги менен бутакка бекем байлайт.) Мунун натыйжасында жалбырак сөзсүз куурап баштайт жана бираз мөөнөттөн кийин тырышат. Кургаган бир жалбырак ошол эле учурда оролот дагы. Ушунун урматында бир канча сааттан соң курт ичине кире ала турган идеалдуу бир жалбырак түтүгүнө ээ болгон болот.

Бир караганда, бул курт бир катар акылдуу аракеттерди жасап, өзүнө коопсуз бир жер даярдады деп ойлошуңуз мүмкүн. Бул туура, бирок курт кургак бир жалбырактын ичине жашынуу менен ошол эле учурда өзүн оңой бир жем да кылып алган болот. Себеби кургак бир жалбырак дайыма түсү менен өзгөчөлөнүп, канаттуулардын көңүлүн өзүнө көбүрөөк бурат жана бул болсо курттун өлүмү дегенди билдирет.

Бул жолу курт дагы бир жол табат жана өзүн канаттуулардын көңүлүн бура турган бир жем болуудан куткарат. Курт бул көйгөйдү бир математик катары ыктымалдуулук эсебин жасоо аркылуу чечет; ичине кире турган жалбырактан башка беш-алты жалбыракты да ошондой кылат жана аларды ичине жата турган жалбырактын айланасына кайра эле өзүнүн жибеги менен байлайт. Натыйжада бутакта бир даана эмес, алты-жети даана кургак жалбырак болгон болот жана булардын бирөөсүндө гана курт жашырынган. Башкалары болсо бош тузактар. Бир канаттуу келип, кургак жалбырактарга багытталса, куртту таап жеш ыктымалдуулугу 1/6 болот.3

Булардын баарынын аң-сезимдүү кыймыл-аракеттер экендиги апачык. Бирок микроскопиялык бир мээси жана абдан жөнөкөй бир нерв системасы бар бир курттун мынчалык аң-сезимдүү, пландуу жана акылдуу кыймыл-аракеттер жасашы мүмкүнбү? Бул курттун бир канча баскычты алдын-ала ойлоно тургандай бир ой жүгүртүү жөндөмү жок да. Курттун муну башка бир курттан үйрөнүү мүмкүнчүлүгү да жок. Негизи аны күткөн коркунучтар бар экенин да билбейт. Андай болсо душмандарды жаңылтуу пикиринин ээси ким?

Бул суроолорду бир эволюционист илимпозго узатсаңыз, эч качан сизге ачык жана так бир жооп бере албайт. Бирок эволюционисттер абдан чарасыз калганда, корголонгон бир түшүнүк бар: инстинкт. Эволюционисттер жаныбарлар мындай кыймыл-аракеттерди инстинкттери менен жасашат дешет. Бул учурда эң биринчи жаралган суроо – бул инстинкттин аныктамасы. Жаныбарлардын мындай кыймыл-аракеттери инстинкттин негизинде болгон болсо, мисалы бир курттун жалбыракты кесип, үстүн жабышы үчүн аны түрткөн бир механизм же болбосо бир күч болушу керек. Же болбосо ошол эле күч кундуздарды тосмолор жана уялар курушу үчүн «түртүшү керек». Жана бул механизм же күч, атынан да көрүнүп тургандай, жандуунун ичинде бир жерлеринде болушу керек.

Инстинкттин Тамыры (Негизи) Эмне?

Gordon R.Taylor's Book Gordon R.Taylor

Gordon R. Taylor, bir evrimci olmasına rağmen, evrimin içgüdülerle ilgili tüm soruları cevapsız bıraktığını söylemektedir.

«Инстинкт» сөзү эволюционист илимпоздор тарабынан жаныбарлардын туулгандан баштап эле ээ болгон (тубаса) кээ бир кыймыл-аракеттерин атоо үчүн колдонулат. Бирок жаныбарлар бул инстинктке кантип ээ болушту, инстинкт менен жасалган бир кыймыл-аракет алгачкы жолу кантип пайда болду жана бул кыймыл-аракеттер урпактан урпакка кантип өткөрүлүп жатат деген суроолорго эч жооп жок.

Эволюционист генетик Гордон Раттрай Тейлор (Gordon Rattray Taylor) The Great Evolution Mystery аттуу китебинде инстинкттер менен байланыштуу мындай туюкту мындайча мойнуна алууда:

Инстинкттик бир кыймыл-аракет башында кантип пайда болууда жана бир түрдө генетикалык жактан кантип жайгашууда деп сурасак, бул суроого эч кандай жооп ала албайбыз.4

Гордон Тейлор сыяктуу мойнуна ала албаган кээ бир эволюционисттер болсо бул суроолордон бүдөмүк, чынында эч мааниси жок жооптор менен кутулууга аракет кылышат. Эволюционисттер боюнча, инстинкттер – бул жандуулардын гендерине программаланган кыймыл-аракеттер. Бул түшүндүрмө боюнча, мисалы бир бал аары абдан укмуштуу жана бир математика керемети болгон алты бурчтуу уюгун инстинкти менен жасайт. Б.а. жер бетиндеги бардык бал аарыларынын гендеринде кемчиликсиз абалда алты бурчтуу уюк куруу инстинкти программаланган.

Бул жерде акылы жана логикасы бар ар бир адамда мындай бир суроо жаралат: эгер жаныбарлар кыймыл-аракеттеринин көпчүлүгүн ушундай кылууга программалангандыктан жасап жатышса, аларды ким программалаган? Эч кандай программа өзүнөн-өзү пайда болбойт. Ар кандай программанын сөзсүз бир программисти болушу керек.

Эволюционисттер, бул суроого бере турган бир жооп таба албаган сыяктуу, бул жөнүндөгү китеп макалаларда мындай бир көз бойомочулук колдонушат: бүт жандууларга алар ээ болгон өзгөчөлүктөрдү «табият эне» берди дешет. «Табият эне» болсо биз билген таш, топурак, суу, дарак, өсүмдүк ж.б.дан турат. Булардын кайсынысы жандууларга аң-сезимдүү жана акылдуу кыймыл-аракеттерди жасата алат болду экен? Табияттын кайсы бөлүгү жандууларды программалоо үчүн талап кылынган акыл жана жөндөмгө ээ? Табиятта көзгө көрүнгөн нерселердин баары жаратылган жана ошондуктан жаратуучу боло албайт. Кайсы акылы бар адам бир атайын бойок менен тартылган сүрөттү көргөндө, «бойоктор кандай кооз бир сүрөт тартышыптыр» деп айта алат? Албетте, бул такыр акылга сыйбас бир пикир болот. Андай болсо өздөрү да жаратылган, эч кандай акылы жана аң-сезими жок нерселерди жаратуучу деп атоо, алар башка жандууларды акыл жана аң-сезим менен кыймыл-аракет кыла турган кылып программалап койгон деп айтуу да ушул сыяктуу эле акылга сыйбайт.

Бул жерде абдан маанилүү бир чындыкты көрөбүз: бул жандуулар ээ болгон мындай өзгөчөлүктөрүн өз акылдары менен таап жасашкан эмес жана бул жандуулар бул өзгөчөлүктөрү менен бирге туулушкан, демек бул өзгөчөлүктөрдү аларга берген, аларды ушундай кыймыл-аракеттерди кыла турган абалда жараткан Улуу бир Акыл жана Илим Ээси бар. Бүт табиятта биз кездешкен мындай акылдын жана илимдин ээси да – бул, албетте, Аллах.

Аллах Куранда бал аарыны мисал келтирүү менен, ал кылган акылдуу кыймыл-аракеттерди ага Өзүнүн илхам кылганын билдирүүдө. Б.а. эволюционисттер «инстинкт» деп атаган же «жаныбарлар муну жасоого программаланышкан» деп түшүндүрүүгө аракет кылган нерсе – бул чынында Аллахтын илхамы. Бул чындык Куранда мындайча билдирилет:

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)

Эволюционист илимпоздор Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу максатында бул апачык чындыкты байкамаксан болушат. Негизи бул жандыктардын кыймыл-аракеттерин түздөн-түз өздөрү изилдешүүдө жана бул кыймыл-аракеттердин түшүндүрмөсүн издешүүдө. Жана баары мындай кыймыл-аракеттерди эволюция теориясы менен түшүндүрүү мүмкүн эместигин билишет. Учурда эволюционист илимпоздор тарабынан жаныбарлардын кыймыл-аракеттери менен байланыштуу даярдалган кандай гана китепти же макаланы окубаңыз дайыма окшош сүйлөмдөрдү көрөсүз: «...муну кылуу жогорку деңгээлдеги бир акылды талап кылат. Бирок жаныбарлар мындай акылы жок туруп, муну кантип жасай алышууда? Бул илим жооп бере албаган бир суроо.»

Manzara

Evrimcilerin "tabiat ana" ve benzeri "kuru isimler" taktıkları doğa, göllerden, dağlardan, ağaçlardan vs. oluşur. Bunlardan hangisi bir kunduza "yuva inşa etme bilgi ve yeteneğini" verebilir? Elbette her canlıya ayrı ayrı yetenekler veren, vücutlarını donatıp düzenleyen üstün güç ve kudret sahibi olan Yüce Allah'tır.

Жогоруда мисал келтирилген император куртунун кыймыл-аракеттери жөнүндө атактуу эволюционисттерден Хоймар фон Дитфурттун (Hoïmar Von Dithfurth) жоромолдору эволюционисттердин жаныбарлардын кыймыл-аракеттериндеги аң-сезим жөнүндөгү жоромолдорунун классикалык бир мисалы боло алат:

Жаңылтуучу окшошторду (башка кургак жалбырактарды) аңчынын алдына коюп, жашынууга болоору жөнүндөгү пикирдин, адамды таң калтырган мындай акылдуу ачылыштын чыныгы ээси ким? Канаттуулардын курт издөө каалоосун ушундайча ичинде калтыра алган, кургак жалбырактар арасынан бир нерселер таба алуу шанстарын белгилүү деңгээлде азайта алган мындай абдан оргиналдуу ачылыш кимдин чыгармасы; (себеби) курт муну туулганда эле мураска алган? ...Булардын баарынын акылдуу бир адам гана өз өмүрүн сактоо үчүн колдоно турган жолдор экенин кабыл алышыбыз керек. Чындыгында болсо, борбордук нерв системасынын примитивдүүлүгүн болсун, башка кыймыл-аракеттерин болсун эске алганыбызда император (Attacus) куртунун белгилүү бир максат коюушу жана бул багытта акыл жүгүртө алышы эч мүмкүн эмес. Андай болсо, курт мындай өзгөчөлүктөрү аркылуу кантип өзүн ушул жол менен коргой алууда?... Өтмүштөгү табият таануучулар мындай окуяларга кездешкен сайын бир кереметтин бар экенине ишенүү менен эле тим болушкан эмес, алар табияттан жогору бир Жаратуучунун, т.а. Аллахтын жараткан жандыктарын коргоо үчүн ушундай бир коргонууну керектүү маалыматтары менен бирге таратты деп айтпай койо алышкан эмес. Чынында болсо, мындай түшүндүрмө табият таануучу үчүн өзүн-өзү өлтүргөнгө барабар... Башка тараптан заманбап илимдин мындай окуяларды «инстинкт» чындыгы менен түшүндүрүүгө аракет кылышынын да көп мааниси жок болууда. Себеби, көпчүлүгүбүз ойлогондон тескерисинче, болуп өткөндөрдү инстинкттин чеберчилиги деп ойлоо, биздин мисалда, курттун кыймыл-аракеттерин туулгандан эле бар болгон кыймыл-аракет калыптарынын бири катары жоромолдоо дегенди билдирет; бул болсо бизди турган ордубуздан көп алдыга жылдырбайт жана суроонун чыныгы жообун табышыбызга жолтоо болот... Бирок тажрыйбада органикалык бир мээси жок болгон куртту акылдуу деп айтуунун мааниси жок. Ошентсе да, башынан бери айтып келе жаткан кыймыл-аракеттерине караганыбызда, булардын абдан өзгөчө бир мааниде «акыл менен жасалгандыктарына» байланыштуу белгилүү критерийлер да көзгө урунууда. Белгилүү бир максатты көздөгөндүк, келечектеги окуяларды божомолдоо, өзүнөн башка жандык түрлөрүнүн ыктымалдуу кыймыл-аракеттерин жана реакцияларын эсепке алуу – булар акылдуулуктун көрсөткүчтөрү болбосо, анда эмне?5

Бул сөздөр – атактуу бир эволюционисттин кичинекей бир курт көрсөткөн акылдуу, пландуу жана бир максатты көздөгөн кыймыл-аракеттерин түшүндүрүү аракеттери. Ушул сыяктуу макала жана китептерде ушуга окшогон демагогиялык сүйлөмдөр же жоопсуз суроолордон башка бир жоромолду же түшүндүрмөнү кезиктирүү мүмкүн эмес.

Негизи эволюция теориясынын ээси Чарльз Дарвин да жаныбарлардын кыймыл-аракет жана инстинкттеринин анын теориясы үчүн чоң бир коркунуч экенин байкаган жана муну «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде апачык, ал тургай бир канча жолу мойнуна алган эле:

Инстикттердин көпчүлүгү ушунчалык таң калыштуу, алардын келип чыгышы окурманга балким теориямды толугу менен жыгууга жетиштүү күчтө көрүнөт.6

Дарвиндин уулу Франсис Дарвин болсо атасынын каттарын топтогон "The Life and Letters of Charles Darwin" аттуу китебинде Чарльз Дарвиндин инстинкттер менен байланыштуу башынан өткөргөн кыйынчылыгын мындайча көрсөткөн эле:

Эмгектин (Түрлөрдүн келип чыгышынын) 3-бөлүмүндө биринчи бөлүк бүтөт жана жаныбарлардын көнүмүш адаттары менен инстинкттериндеги айырмачылыктар жөнүндө сөз болот... Бул теманын эмгектин башталгыч бөлүгүнө коюлушунун себеби – бул инстинкттердин табигый тандалуу менен ишке ашуу пикирин эч мүмкүн эмес деп баалаган окурмандардын ашыгыштык менен теориядан баш тартпашын камсыздоо. Түрлөрдүн келип чыгышында орун алган Инстинкттер бөлүмү өзгөчө «теориянын эң олуттуу жана эң ачык кыйынчылыктарын камтыган» тема.7

Инстинкттер Эволюция Менен Өнүгө Албайт

Эволюционисттер жаныбарлардын кыймыл-аракеттеринин көпчүлүгүн инстинкттин негизинде болот дешет, бирок мурдакы беттерде да айтылгандай, инстикттердин булагын, инстинкттик кыймыл-аракеттердин алгачкы жолу кандайча пайда болгонун, жаныбарлардын ээ болгон маалыматтарга жана кыймыл-аракеттерге кантип жетишкенин түшүндүрө алышпайт. Бирок эч жооп таба албаганда кээ бирлери мындай бир догманы айтышат: «жаныбарлар тажрыйба жолу менен кээ бир кыймыл-аракеттерди үйрөнүшөт жана бул кыймыл-аракеттердин жакшылары табигый тандалуу тарабынан тандалат. Кийин бул жакшы кыймыл-аракеттер генетикалык жол менен кийинки урпакка берилет.»

Бул догмадагы логикалык жаңылыштыктарды жана илимге сыйбастыгын көрүү үчүн көп деле ойлонуунун кереги жок. Эми эволюционисттердин бул догмаларындагы жаңылыштыктарды катары менен карайлы.

Kugu Swan

Bir akla veya şuura sahip olmayan canlıların, yavrularına şefkat göstermelerinin, onları koruyup beslemelerinin bir tek açıklaması vardır: Tüm canlılar Allah'ın ilhamıyla hareket ederler.

1. «Пайдалуу Кыймыл-Аракеттер Табигый Тандалуу Аркылуу Тандалат» Деген Догмадагы Жаңылыштыктар:

Дарвин чыгарган эволюция теориясынын негизги механизмдеринин бири – бул табигый тандалуу. Табигый тандалуу – бул «бир жандык үчүн пайдалуу болгон бир өзгөрүүнүн (бул өзгөрүү түзүлүштүк болушу мүмкүн же жаныбарлардын кыймыл-аракеттери менен байланыштуу болушу мүмкүн) башкаларынын арасынан тандалуу менен ал жаныбарда генетикалык (сакталуучу) абалга келиши жана ушундайча кийинки урпакка өткөрүлүшү» деген мааниге келет.

Бирок бул догмада унутпаш керек болгон абдан маанилүү бир жагдай бар: Дарвиндин бул гипотезасы табиятты пайдалуу жана зыяндуу кыймыл-аракеттерди айырмалай алган, аң-сезимдүү жана чечим чыгара алган бир күч катары көрсөтүүдө. Табиятта мындай айырмалоону жасай ала турган кандайдыр бир күч же аң-сезим жок. Жаныбардын өзү да, табияттагы кандайдыр бир нерсе да «кайсы кыймыл-аракеттин пайдалуу экенин» чече ала турган бир жөндөмгө ээ эмес. Мындай тандоону бир гана табиятты жана ал жаныбарды жараткан аң-сезим жана акыл ээси бир Зат гана жасай алат.

Негизи Дарвин өзү да татаал жана пайдалуу кыймыл-аракеттерге табигый тандалуу жолу менен ээ болууга мүмкүн эмес экенин мойнуна алган, бирок өзүнүн догмасынын кыялына туурараак келээрин жана ошондуктан эч логикага сыйбас жомок сыяктуу болгонуна карабастан, бул догманы жактоону улантканын айткан:

Натыйжада балапан күкүктүн өгөй бир туугандарын уядан ыргытышы, кумурскалардын кулга айлантылышы... сыяктуу инстикттерди атайын тартууланган же болбосо жаратылган инстинкттер катары эмес, бүтүн органикалык жандыктардын алдыга жылышына жол ачкан жалпы бир мыйзамдын, б.а. көбөйүүнүн, өзгөрүүнүн, эң күчтүүлөрдүн жашашынын жана эң алсыздардын өлүшүнүн кичинекей белгилери катары көрүү логикалуу бир жыйынтык болбошу мүмкүн, бирок менин кыялдануу күчүм үчүн бир топ канааттандырарлык.8

Түркиянын алдыңкы эволюционисттеринен Проф.Др. Жемал Йылдырым болсо эненин баласына болгон сүйүүсү сыяктуу кыймыл-аракеттерди табигый тандалуу менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес экенин мындайча мойнуна алган:

Эненин баласына болгон сүйүүсүн эч кандай руханий элемент камтыбаган «сокур» бир механизм менен (табигый тандалуу) түшүндүрүүгө болобу? Биологдор (бул ортодо дарвинисттер) мындай суроолорго канааттандырарлык жооп беришет деп айтуу кыйын, албетте.9

Аң-сезими жана акылы жок бул жандыктарда бир катар руханий өзгөчөлүктөр бар болгон болсо жана мындай руханий өзгөчөлүктөрдү өз эрктери менен алышпаган болсо, демек муну аларга берген бир күч болушу керек. Табигый тандалуу механизми жана табияттын өзү аң-сезимге да, руханий өзгөчөлүктөргө да ээ эмес жана ошондуктан жаныбарлар ээ болгон мындай өзгөчөлүктөрдүн булагы боло алышпайт. Абдан ачык көрүнүп турган чындык төмөнкүдөй: бүт жандыктар Аллахтын эрки жана көзөмөлү астында жашашат. Ошондуктан, аң-сезимсиз жандыктар жашаган табиятта көптөгөн, адамды таң калтырган, «бул жандык муну каяктан билет» же «бул жандык муну кантип ойлонушу мүмкүн?» деген таң калган сөздөрүбүзгө себеп болгон, толугу менен аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди көрөбүз.

Hayvanlarda şevkat

Cemal Yıldırım bir evrimci olmasına rağmen "annenin yavru sevgisini, hiçbir ruhsal öğe içermeyen "kör" bir düzenekle (doğal seleksiyon) açıklamaya olanak var mıdır?" diyerek teorinin önemli bir çıkmazını dile getirmektedir.

2. Табигый Тандалуу Жолу Менен Ээ Болунган Кыймыл-Аракеттер Ген Аркылуу Кийинки Урпакка Өткөрүлөт Деген Догмадагы Жаңылыштыктар:

Эволюционисттердин догмаларынын экинчи баскычында болсо табигый тандалуу жолу менен ээ болунган кыймыл-аракеттер ген аркылуу кийинки урпактарга берилиши керек. Бирок мындай догмалары да көп тараптан акылга сыйбайт. Баарынан мурда жаныбарлар тажрыйба жолу менен бир кыймыл-аракетти үйрөнүшсө да, кийин ээ болунган бир кыймыл-аракеттин генетикалык жактан кийинки урпакка өткөрүлүшү эч мүмкүн эмес. Үйрөнүлгөн бир кыймыл-аракет бир гана муну үйрөнгөн жандыкка тиешелүү болот. Бир кыймыл-аракет түрүнүн жандыктын гендерине өткөрүлүшү (жазылышы) эч мүмкүн эмес.

Эволюционист Гордон Р. Тейлор кээ бир биологдордун кыймыл-аракеттер генетикалык жактан кийинки урпактарга өтүшү мүмкүн деген догмасын «айоолуу (байкуш)» бир догма деп баалайт:

Биологдор белгилүү кээ бир кыймыл-аракет калыптары генге жайгашышы мүмкүн жана чынында мындайлар кездешет дешет. Добжанский (Dobzhansky) мындай догма кылууда: «бүт дене түзүлүштөрү жана функциялар, булардын баары - чөйрөлүк тизмектер убагында пайда болгон гендин түшүмдөрү. Бул абал бүт кыймыл-аракеттердин баарына тиешелүү». Бул туура эмес жана Добжанский сыяктуу атактуу бир адамдын муну догматик болуп жакташы – аянычтуу көрүнүш. Кээ бир кыймыл-аракет калыптарынын генетикалык экендиги туура; бирок баарын генетикалык жол менен берилет деп айтуу мүмкүн эмес.

Генетикалык механизмдин белгилүү кээ бир кыймыл-аракет калыптарын урпактан урпакка өткөрө алаарына байланыштуу кичинекей да ишарат жок экендиги анык чындык. Генетикалык механизм болгону протеин гана өндүрөт. Белгилүү гормондордон көбүрөөк өндүрүү менен кыймыл-аракетке жалпысынан таасир эте алат, мисалы бир жаныбарды агрессивдүүрөөк же пассивдүүрөөк кылышы мүмкүн же бир жандыкты энесине жакыныраак кылышы мүмкүн. Бирок уя жасап жатканда керектүү болгон бир катар кыймылдар сыяктуу белгилүү бир кыймыл-аракет программасын урпактан урпакка өткөрө алаарына байланыштуу эч кандай далил жок.

Эгер кыймыл-аракет чындап эле генетикалык бериле турган болсо, анда урпактан урпакка берилүүчү кыймыл-аракеттин бирдиги эмне? Себеби бирдиктер бар деп гипотеза кылынууда. Эч ким бул суроого жооп бере алган эмес.10

Гордон Тейлор да айткандай, татаал кыймыл-аракет калыптарын генетикалык берилет деп айтуу илимге туура келбейт. Канаттуулардын уя жасашы, кундуздун тосмо курушу, аарылардын уюк курушу сыяктуу тизмектүү түрдө аң-сезимдүү чечимдер, долбоор жана алдын ала пландоону талап кылган татаал кыймыл-аракеттердин генетикалык берилиши мүмкүн эмес экендигин даана көрсөткөн далилдердин дагы бири – бул тукумсуз (туубас) жумушчу кумурскалар.

Кумурска колониясында жашаган тукумсуз жумушчу кумурскалардын толугу менен аларга тиешелүү кыймыл-аракет өзгөчөлүктөрү бар жана ар бир өзгөчөлүгү абдан көп бир маалымат жыйнагы жана эсеп жасай алуу жөндөмүн талап кылат. Бирок жумушчу кумурскалар мындай кыймыл-аракеттеринин эч бирине генетикалык жол менен ээ боло алышпайт. Себеби жумушчу кумурскалар тукумсуз (төрөшпөйт) жана өз өзгөчөлүктөрүн башка урпактарга бере алышпайт. Демек, эволюционисттерге эң алгач мындай суроо берүү керек: эң алгач тукумсуз жумушчу кумурскаларга тиешелүү кыймыл-аракет калыптарына ээ болгон кумурска муну кийинки урпакка кантип өткөрдү? Миллиондогон жылдан бери бир гана жумушчу кумурскалар эмес, аларга окшогон тукумсуз жумушчу аарылар жана тукумсуз термиттер да акыл, жөндөм, кызматташуу, дисциплина, эмгек бөлүшүү жана жан аябастыктын жемиши болгон кыймыл-аракеттерди кылышууда. Бирок алгачкы жолу пайда болгон күндөн бери бул жандыктар өздөрү ээ болгон эч кайсы өзгөчөлүгүн башкасына өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес бойдон келишүүдө.

Hayvanlarda şevkat

Her canlı türünün, örneğin bir pandanın, bir denizatının veya bir kuşun kendine özgü davranış şekli vardır. Öyle ise evrimcilerin iddia ettiği gibi bir canlı biyolojik olarak evrim geçirmişse, davranışlarının da evrimleşmesi gerekirdi. Oysa bu akla ve mantığa aykırı bir şeydir.

Мындан тышкары, бул жандыктар мындай кереметтүү кыймыл-аракеттерди кылуу жөндөмүнө үйрөнүү аркылуу ээ болушту деп да айта албайбыз. Себеби бул жандыктардын баары дүйнөгө келгенден баштап бул кыймыл-аракеттерди кемчиликсиз жасап башташат. Кандайдыр бир темада окуп, белгилүү бир билим алышпайт, бүт кыймыл-аракеттерин тубаса билгендеринин негизинде жасашат. Жана бул дүйнөнүн бардык тарабында жашаган бүт кумурска, бал аары, термиттер жана башка бардык жандыктарга тиешелүү. Андай болсо аларга мындай кыймыл-аракеттерди ким үйрөтүүдө?

Чарльз Дарвин да 150 жыл мурун сураган мына ушул суроого эволюционисттер дагы эле жооп бере алышкан жок. Дарвин мындай туюк жөнүндө төмөнкүдөй сөз кылган:

Жалгыз бир урпакта көнүгүү аркылуу көптөгөн инстинктке ээ болунган жана андан соң кийинки урпактарга тукум куучулук аркылуу берилген деп гипотеза кылуу чоң бир жаңылыштык болот. Биз билген эң таң калыштуу инстинкттер, мисалы бал аары жана кумурскалардын көпчүлүгүнүн инстинкттеринин көнүгүү натыйжасында ээ болунушу мүмкүн эмес.11

Бир жумушчу кумурска же башка бир тукумсуз курт-кумурска катардагы бир жандык болгондо, бардык өзгөчөлүктөрүнүн табигый тандалуу менен акырындап ээ болунганын, б.а. пайдалуу кичинекей өзгөрүүлөр менен пайда болгонун жана буларды тукум куучулук менен тукумдарына өткөрүп берген жандыктардын бар экенин, жана алардын тукумдарынын кайра өзгөргөнүн жана кайрадан тандалганын ж.б. эч токтобостон кабыл алмакмын. Бирок жумушчу кумурска эне-атасынан абдан айырмалуу бир курт-кумурска түрү, жана болгондо да толугу менен тукумсуз; ошондуктан биринин артынан экинчисине ээ болунган түзүлүш жана инстинкт өзгөрүүлөрүн тукумдарына өткөрүп бериши эч мүмкүн эмес. Бул абалды Табигый тандалуу менен кантип байланыштырууга болоору, албетте, суралат.12

Эволюционист Жемаль Йылдырым (Cemal Yıldırım) болсо бул багытта эволюционисттер кабылган туюкту мындай баяндайт:

Мисал катары социалдык курт-кумурскалардан жумушчу кумурска жана жумушчу аарыларды алалы. Булар көбөйүү жагынан тукумсуз; туушпагандыктан жашоолору боюнча ээ болгон өзгөчөлүктөрдү же өзгөрүүлөрдү жаңы урпактарга өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү жок. Бирок бул жумушчулардын чөйрөгө жана жашоо калыптарына ылайыктуулугу абдан алдыңкы деңгээлде.13

Мындай моюнга алуулардан да байкалгандай, жандыктар жасаган таң калыштуу кыймыл-аракеттерди жана ээ болгон инстинкттерди эволюциялык бир механизм менен түшүндүрүүгө болбойт. Жандыктарга тиешелүү жөндөмдөр табигый тандалуу сыяктуу бир механизм менен ээ болунган эмес. Жана ген аркылуу бир урпактан башкасына өткөрүлүшү да мүмкүн эмес.

Sizin yaratılışınızda ve türetip-yaydığı canlılarda kesin bilgiyle
inanan bir kavim için ayetler vardır.
(Casiye Suresi, 4)

Zebra

3. Инстинкттер Эволюциялашып Жандуу Менен Бирге Өзгөрдү Деген Догманын Жараксыздыгы:

Эволюция теориясы бүт жандуулар бири-биринен эволюциялашып пайда болгон дегенди жактайт. Бул догма боюнча, мисалы сойлоочулар балыктардан, канаттуулар болсо сойлоочулардан эволюциялашкан. Бирок ар бир жандуунун кыймыл-аракет калыбынын ар башка экенин унутпаш керек. Бир балыктын кыймыл-аракеттери менен сойлоочулардыкы толугу менен башка башка. Андай болсо жандуунун биологиялык өзгөчөлүктөрү өзгөрүп жатканда, кыймыл-аракеттери да ага ылайык өзгөргөнбү?

Мына ушул суроо эволюционисттер кабылган туюк жана парадокстордун бири. Дарвин да бул парадокс жана туюкту байкаган жана инстинкттердин табигый тандалуу менен ээ болунуп, кийин өзгөрүүгө дуушар болгонун мындайча сындаган эле:

...Инстинкттерге табигый тандалуу менен жетишүү жана алар өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүнбү? Аарыны улуу математиктердин ачылыштарын мурдатан ишке ашырган уюк көздөрүн жасоого багыттаган инстинкт жөнүндө эмне айтабыз?14

Бул парадоксту балыктардан, сойлоочулардан жана канаттуулардан ар кандай түрдөгү жандыктардан мисалдар берип, даанараак көрсөтүүгө болот:

Балыктардын толугу менен өзүнө тиешелүү көбөйүү, аңчылык кылуу, коргонуу жана уя куруу ыкмалары бар. Бул өзгөчөлүктөр суунун астындагы шарттарга кемчиликсиз ылайыкташкан. Кээ бир балыктар көбөйүү мезгилдеринде жумурткаларын деңиз астындагы бир ташка жабыштырышат жана канаттарын кыймылдатып кычкылтек алууларын камсыздашат.

Канаттуулар болсо жумурткаларын атайын даярдашкан абдан өзгөчө түзүлүштөрдөгү уяларда сакташат. Жана жумурткалары өрчүшү үчүн аларды басышат.

Мунун тескерисинче, бир кургактык жандыгы болгон крокодилдер болсо жумурткаларын кумдун астына көмүп, дээрлик 2 ай бою «басылышын» камсыздашат. Кээ бир балыктар уяларын деңиздин астындагы таштардын ичтерине жасашса, кургактыкта жашаган бир катар жандуу түрлөрү өздөрү топтогон ичке бутактар жана дарак кабыктары менен бийик дарактардын үстүнө уялар даярдашат. Канаттуулар болсо уяларын айланадан топтогон чөп жана чыбык-чырпыктар менен курушат.

Сойлоочулардан келип чыккан деп догма жасалган сүт эмүүчүлөрдүн болсо көбөйүү түрү башка жандыктардан толугу менен айырмаланат. Башкалары жумурткалоо аркылуу көбөйүшсө, сүт эмүүчүлөр балдарын айлар бою курсактарында көтөрүп жүрүшөт жана туулгандан кийин балдарын сүттөрү менен тойгузушат.

Ар бир жандуу түрүнүн аңчылык түрү да ар башка. Кээ бирлери көпкө аңдып жатышат, кээ бирлери өздөрүн жашырышат (камуфляж кылышат), кээ бирлери болсо чабуул коюу жана ылдамдыктын артыкчылыгын колдонушат. Байкалгандай, кургактыктагы жандыктар менен деңиз астында жашаган жандыктар көрсөткөн кыймыл-аракеттер бири-биринен абдан айырмалуу жана жашаган шартына жараша өзгөрүүдө.

Демек, жандуулар эволюциялашып жатканда, ошол эле учурда ичтеринен келген добуштун да, б.а. инстикттеринин да көп өзгөрүүлөргө дуушар болушу керек болот. Мисалы, бир балыктын ичинен келген бир добуш менен жумурткаларын таштарга жабыштырып, кийин аларды этияттык менен желпип жатканы чын болсо, анда бир кургактык жандуусуна айлануу баскычында «ичинен келген добуш» да өзгөрүшү керек. Болгондо да бул добуш ушунчалык өзгөрүшү керек, натыйжада бул балык бир заматта бийик жерлерде кемчиликсиз уялар куруп баштасын жана жумурткаларынын өрчүшү үчүн аларды басып жатсын!

Албетте, мындай нерсе эч мүмкүн эмес.

Бул жердеги олуттуу бир кыйынчылык да төмөнкүдөй: эгер бир жандуунун биологиялык түзүлүшү жана натыйжада чөйрөсү өзгөрүп, бирок кыймыл-аракет калыбы өзгөрбөсө, ал жандуу өмүрүн уланта албайт. Мисалы суунун астында өзүн өзгөртө (камуфляж боло) алган бир балык кургактыкка чыккан соң өзүнө жаңы коргонуу системаларын табышы керек. Болгондо да убакыт абдан тар. Бүт кыймыл-аракет калыптары, жашоо калыбы, дене системалары заматта бир чечим менен жана абдан бат өзгөрүшү керек. Антпесе кыска мөөнөт ичинде өзү өлөт жана натыйжада урпагы да уланбайт. Эч кандай аң-сезимге ээ болбогон бир жандуунун мынчалык стратегиялык жана акыл талап кылган чечимдер ала албашы болсо анык. Андай болсо бүт жандуулар кандайча болуп биологиялык түзүлүштөрүнө жана жашаган чөйрөсүнө эң ылайыктуу кыймыл-аракеттерди жасай алышууда?

Дарвин да Түрлөрдүн келип чыгышында теориясына келген мындай сын-пикирге мындайча орун берген:

Инстинкттердин келип чыгышы жөнүндөгү бул көз-карашка мындайча каршы чыгышты: «түзүлүш жана инстинкт өзгөрүүлөрүнүн бир убакта болушу жана бири-бирине толугу менен туура келиши шарт; себеби бирөөсүнүн экинчисинде ылайыктуу бир төп келүүчүлүгү болбогон бир өзгөрүшү өлүмгө алып келмек.»15

Байкалгандай, жаныбарлардагы кыймыл-аракеттерди, инстинкттердин тамырын (түпкүрүн) эволюциялык бир процесс менен, кокустуктар менен же болбосо «табият эне» менен түшүндүрүүгө болбойт. Анда жандыктар алардын өмүрүн уланткан өзгөчөлүктөргө кантип ээ болушкан?

Бул суроого бериле турган жооп чынында абдан ачык жана так. Жандыктарга жөнөкөй эле байкоо жүргүзгөн ар бир адам мындай кыймыл-аракеттердин жаныбарларга тиешелүү эмес экенин же кокустуктардын чыгармасы болушу мүмкүн эмес экендигин апачык көрө алат. Жаныбарлар көрсөткөн кыймыл-аракеттердин булагы алардын денесинде да, табиятта да эмес. Көзгө көрүнбөгөн бир акыл жана күчтүн бул жандуулардын кыймыл-аракеттерин башкарып жатканы анык. Бул акыл жана күч болсо чексиз мээримдүү жана боорукер болгон Аллахка тиешелүү.

polarbear

Жыйынтык: Бүт Жаныбарлар Аллахтын Илхамы Менен Кыймылдашат

Жогоруда айтылгандай, эволюционисттер жандыктардын кыймыл-аракеттери жөнүндө маанилүү көйгөйлөргө кабылышат. Негизи чындык апачык. Аң-сезими жана акылы жок бир жаныбар кичинекей айырмачылыктарды айырмалай алуу, окуялар арасында байланыш кура алуу, туура чечимдер ала алуу, план жасай алуу, бир канча баскыч кийинкисин эсептей алуу сыяктуу акыл жана аң-сезим талап кылган кыймыл-аракеттерди жасап жатса, анда бул жандуудан башка, бул жандууга буйрук берген, ага мындай кыймылдарды жасаткан бир күч сөзсүз бар. Эволюционисттер жандуулар мындай кыймыл-аракеттерди жасоого программаланышкан дешет. Андай болсо бул программаны ким түзгөн? Аарыларды уюк кура турган кылып программалаган күч эмне? Бул суроонун жообу чынында ачык жана так. Жандууларга жөнөкөй байкоо жүргүзгөн ар бир адам мындай кыймыл-аракеттерди жандуулардын өздөрү жасашы же бири-бирин ээрчиген кокустуктардын чыгармасы болушу мүмкүн эмес экенин даана көрө алат. Табиятта бүт нерсеге өкүмдарлык кылган бир акыл жана күчтүн бул жандуулардын кыймылдарына да таасир берип жатканы ачык көрүнүп турат. Бул акыл жана күчтүн ээси – бул бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Аллах.

Бир жандуунун кантип пайда болгонун да түшүндүрө албаган бир теория, албетте, ал жандуунун кыймыл-аракеттеринин себебин жана тамырын да түшүндүрө албайт. Жандуулардын кыймыл-аракеттерин анализдөө ушул жагынан абдан маанилүү. Себеби жасалган изилдөөлөр эч бир жандуунун өз алдынча кыймылдабаганын көрсөтүүдө. Ар бир жандууну жоктон жараткан, көзөмөлдөгөн, дайыма карап турган, жана ар бир жандууга кыймыл-аракетин буйрук кылган – бул жерлердин жана асмандардын жана ал экөөсү арасындагылардын Рабби болгон Аллах. Куранда бул чындык мындайча кабар берилүүдө:

Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо). (Худ Сүрөсү, 56)

donkey

Жандуулардын Жан Аябастыгы Дарвиндин «Бир Гана Күчтүүлөр Жашайт» Деген Догмасын Жокко Чыгарууда

Penguin

Penguenler yavrularını soğuktan korumak için aylarca ayaklarının üzerinde taşırlar.

Жогоруда да айтылгандай, Дарвин айткан табигый тандалуу механизми жашаган географиялык абалдын табигый шарттарына ылайыктуу түзүлүштөгү жана күчтүү жандуулардын жашоосун жана урпагын уланта алаарын, ыңгайлуу түзүлүштө болбогон жана алсыздардын болсо жок болоорун божомолдойт. Дарвинизм жактаган табигый тандалуу механизми боюнча, табият – бул жандуулар бири-бири менен «жашоо» үчүн айоосуз күрөшкөн, алсыздар күчтүүлөр тарабынан жок кылынган бир мекен.

Ошондуктан, бул догма боюнча ар бир жандуу жашоосун уланта алуу үчүн күчтүү болууга, башкаларынан дайыма өйдө болууга жана айоосуз согушууга мажбур. Мындай чөйрөдө болсо өз жанын аябастык, кызматташтык сыяктуу түшүнүктөргө орун жок; себеби булар жандууларга зыян алып келиши мүмкүн. Ушул себептен ар бир жандуу мүмкүн болушунча өзүмчүл болушу керек жана бир гана өзүнүн тамагын, өз уясын, өзүн коргоону, өз коопсуздугун ойлонушу зарыл.

Чындап эле табият бүт жандуулар бири-бири менен айоосуз күрөшкөн, бүт баары бири-бирин жок кылуу, четке чыгаруу үчүн аракет кылган, абдан өзүмчүл жана жырткыч индивиддерден турган бир чөйрөбү?

Бул багытта бүгүнкү күнгө чейин жасалган байкоолор эволюционисттерди дагы бир жолу жалганга чыгарды. Себеби табият – эч эволюционисттер догма кылгандай, бир гана согуш өкүмдарлык кылган бир жер эмес. Тескерисинче, табият көбүнчө өлүмгө тике караган жан аябастыктардын, өз зыянына болгонуна карабастан үйүр үчүн көрсөтүлгөн жанкечтиликтердин, бул үчүн эч кандай пайда албаган жандуулардын жана акылдуу кызматташтыктардын сансыз мисалдарына толо. Өзү да бир эволюционист болгонуна карабастан, Жемаль Йылдырым Evrim Kuramı ve Bağnazlık (Эволюция теориясы жана өжөрлүк) аттуу китебинде Дарвин жана анын доорундагы башка эволюционисттердин эмне үчүн табиятты бир гана согуш мекени деп болжошконун мындайча түшүндүргөн:

alligator

Una hembra cocodrilo lleva a su cría entre sus mandíbulas para protegerla.

19-кылымда илимпоздордун көпчүлүгү жумуш бөлмөлөрүндө же лабораторияларда жабык калгандыктан, (жана) табиятты түздөн-түз таануу жолуна барышпагандыктан, жандуулар согуш ичинде гана деген гипотезага оңой гана ишенишкен. Хакслей деңгээлиндеги атактуу бир илимпоз да өзүн бул жаңылыштыктан куткара алган эмес эле.16

Эволюционист Петр Кропоткин (Peter Kropotkin) болсо жаныбарлар арасындагы кызматташтык жөнүндө сөз кылган Mutual Aid: A Factor in Evolution аттуу китебинде Дарвин жана анын тараптарлары кабылган жаңылыштыкты мындайча баяндайт:

Дарвин жана аны ээрчигендер табиятка «жандуулар тынымсыз бири-бири менен согушкан бир мекен» деп аныктама беришкен. Хакслейдин ою боюнча, жаныбарлар ааламы гладиаторлордун шоуна окшош эле. Жаныбарлар бири-бири менен согушууда, эң ыкчам жана эң куусу эртеси күнү согуша алуу үчүн өмүрүн улантып жаткан эле. Бирок биринчи караганда, Хакслейдин табиятка көз-карашынын илимий эмес экендиги байкалууда...17

Негизи бул абал эволюция теориясынын илимий байкоолорго таянбагандыгынын да бир көрсөткүчү. Эволюционист илимпоздор өздөрү көз-каранды болгон идеологияны колдой алуу үчүн гана табиятта апачык көрүнүп турган кээ бир өзгөчөлүктөрдү өздөрүнө ылайык жоромолдошкон эле. Дарвин табиятка өкүмчүлүк кылат деп кыялданган согуш чындыгында чоң бир «жаңылыштык» гана. Себеби табиятта бир гана өз кызыкчылыктары үчүн жашоо согушун жүргүзгөн жандуулар жашап жаткан жок. Көптөгөн жандуулар башка жандууларга карата жардамкор жана мындан да маанилүүсү «өз жанын аябас». Мына ушул себептен эволюционисттер табиятта кездешкен жан аябас кыймыл-аракеттерди түшүндүрүүгө алсыз. Илимий бир журналда бул темадагы бир макалада орун алгандар мындай алсыздыкты көз алдыбызга тартууда:

Көйгөй жандуулардын эмне үчүн бири-бирине жардам беришинде. Дарвиндин теориясы боюнча, ар бир жандуу өз жашоосун улантуу жана көбөйө алуу үчүн бир согушка кирүүдө. Башкаларга жардам берүү ал жандуунун аман калуу ыктымалдуулугун азайтат, демек узун мөөнөттө эволюцияда мындай кыймыл-аракет жоголушу керек эле. Чынында болсо жандуулардын өз жанын курмандыкка чалышы мүмкүн экендиги байкалган.18

Göklerde ve yerde olanların tümü Allah'ı tesbih etmiştir. O, üstün ve güçlü (aziz) olandır, hüküm ve hikmet sahibidir. Göklerin ve yerin mülkü O'nundur. Diriltir ve öldürür. O, her şeye güç yetirendir.
(Hadid Suresi, 1-2)

swan

Мисалы, бал аарылар алардын уюгуна кол салган бир жаныбарды чагып өлтүрүшөт. Негизи аарылар ушундайча өздөрүн өздөрү өлтүрүшкөн болушат. Себеби чагуу учурунда ийнелерин таштаган үчүн ага байланыштуу бир катар ички органдары да айрылып, денелеринен бөлүнөт. Байкалгандай, аары уюктагы башка аарылардын коопсуздугу үчүн өз жанынан кечүүдө.

Эркек жана ургаачы пингвиндер балдарын өлүмгө даяр болуп коргошот. Эркек пингвин баласын 4 ай буттарынын арасында эч дем алышсыз сактайт. Бул мөөнөт ичинде тамак да жей албайт. Ургаачы пингвин болсо бул убакта деңизге барып, баласы үчүн тамак издейт жана топтогон тамактарын курсагында алып келет. Экөөсү тең баласы үчүн чоң жан аябастыктарга барышат.

Крокодил эң жырткыч жандыктардын бири. Бирок балдарына көрсөткөн мээрими абдан таң калыштуу. Балдары жумурткадан чыккан соң аларды оозу менен сууга чейин алып барат. Андан соң балдары чоңойуп, өздөрүн эптеп калганга чейин крокодил аларды оозунда же жонунда көтөрүп жүрөт. Бала крокодилдер да кандайдыр бир коркунучка кабылаар замат ылдам энелеринин оозундагы коопсуз «үйлөрүнө» качышат. Чынында болсо крокодил бир тараптан жырткыч, экинчи тараптан аң-сезими жок бир жандык; ошондуктан ал балдарын коргоп эмес, тескерисинче аларды да азыктануу үчүн эч айырмалабастан жеши керек эле.

Кээ бир энелер балдары сүттөн чыкканга чейин жашаган коомунан ажыроого мажбур болушат жана натыйжада өздөрүн абдан чоң тобокелдикке ташташат. Тууган соң же жумурткадан чыккан соң көптөгөн жаныбар түрү балдарына көп күн бою, көп ай бою, кээде жылдар бою карашат. Аларды тамак-аш, уя, жылуулук менен камсыздашат, жырткыч жандыктардан коргошот. Бир күндө көптөгөн канаттуу балдарын 4-20 жолу тамактандырат. Сүт эмүүчүлөрдө болсо энелердин өзүнчө көйгөйлөрү болот. Эмизүү учурунда жакшыраак азыктанышы керек болот жана бул үчүн көбүрөөк аңчылык кылышы зарыл. Ошого карабастан, бул мөөнөт ичинде бала чоңойуп жатканда, эне тынымсыз арыктайт.

Негизи аң-сезими жок бир айбан баласын төрөгөн соң таштап кетиши керек эле. Себеби айбандар бул кичинекей жандыктардын эмне экенин аңдап-түшүнө да алышпайт. Бирок ошого карабастан бул кичинекей жандыктардын бүт милдеттерин өз моюндарына алышат.

Жаныбарлар балдарын коркунучтардан коргоодо гана жан аябастык кылышпайт. Көп учурларда өз коомдору ичинде жашаган башка жандууларга карата да абдан «терең ойлонуп» жана «алдын алуучу» аракет кылышаары байкалган. Мунун бир мисалы, чөйрөдөгү азык булактары азайганда байкалат. Мындай учурда күчтүү жаныбарлар үстөмдүк кылып, башка жаныбарларды четке чыгарып, бүт азыктарды ээлеп алат деп ойлонулушу мүмкүн. Бирок окуялар эч эволюционисттер кыялдангандай болбойт. Атактуу бир эволюционист болгон Петр Кропоткин китебинде бул жөнүндө кээ бир мисалдарды берет: Кропоткин бир таңсыктык учуру болгондо, кумурскалардын топтогон азыктарын колдонуп баштаганын, канаттуулардын чогуулап көчкөнүн; бир агын сууда көп санда кундуз жашап баштаганда, жаштардын түндүктү, улгайгандардын болсо түштүктү көздөй жол алганын баяндайт.19 Жогоруда берилген мисалдардан да байкалгандай, табияттагы жандуулар арасында айоосуз бир тамак жана уя күрөшү жок. Тескерисинче, эң оор шарттарда да жаныбарлар арасында абдан сонун бир гармония жана кызматташуу байкалууда. Ар бири шарттарды жеңилдетүү үчүн аракет кылып жаткан сыяктуу. Бирок бул жерде көңүл буруу керек болгон маанилүү бир жагдай да төмөнкүдөй: бул жандыктардын эч бири мындай чечимдерди ала турган жана мындай бир системаны камсыздай турган бир акылга жана аң-сезимге ээ эмес. Андай болсо, алардын биригип орток бир максат коюшун жана бул максатка баарынын баш ийишин, ал тургай бул максаттын коомдун бардык индивиддери үчүн эң жакшы чечим болушун кантип түшүндүрүүгө болот? Албетте, бул жандыктардын баарын жараткан, аларга алар үчүн эң пайдалуу кыймыл-аракетти илхам кылган жана аларды коргоп сактаган – бул ааламдардын Рабби Аллах. Аллах жараткан бүт жандыктарына болгон коргоосун мындайча билдирүүдө:

Жер бетинде ырыскысы Аллахка тиешелүү болбогон эч бир жандык жок. Анын жайгашуучу ордун да жана убактылуу турган жерин да билет. (Булардын) Баары апачык бир китепте (жазылуу). (Худ Сүрөсү, 6)

Табияттагы мындай чындыктар алдында эволюционисттердин «табият – бир согуш талаасы, өзүмчүл болгон, өз кызыкчылыктарын коргогон жеңет» догмасы толугу менен жараксыз болот. Атактуу бир эволюционист болгон Жон Майнард Смит (John Maynard Smith) жандуулардын мындай өзгөчөлүктөрү жөнүндө эволюционисттерге мындай бир суроо узатат:

Эгер табигый тандалуу индивиддин жашоо шансына жана көбөйүшүнө кепилдик берген өзгөчөлүктөрдүн тандалышы болгон болсо, анда өзүн курмандыкка чалган кыймыл-аракеттерди кантип түшүндүрөбүз?20

Урпагын (Тукумун) Улантуу Инстинкти:

Жогоруда айтылгандай, жандууларда байкалган жан аябас аракеттер эволюционисттер тарабынан эч түшүндүрүлө албаган маанилүү бир тема. Табиятта көп санда байкалган жан аябастыктар эволюция теориясынын негизги догмаларын жараксыз кылууда. Атактуу эволюционист Стефан Жей Гоулд (Stephen Jay Gould) табияттагы жан аябастыктын эволюция үчүн «жүрөктү сыгуучу бир көйгөй»21 экенин айтса, эволюционист Гордон Р. Тейлор болсо жандуулардагы жан аябастыкты «эволюция теориясына чоң бир тоскоолдук жаратууда» деп эволюционисттер кабылган туюкту баяндайт. Табияттын жан аябастык, боорукердик сыяктуу толугу менен руханий элементтерди камтышы бүт табиятты заттын (материянын) кокус таасирлешүүлөрү катары караган материалисттик көз-карашка таптак жана даана бир сокку урууда.

Бирок жеңилүүнү кабыл алгысы келбеген кээ бир эволюционисттер «өзүмчүл ген теориясы» деп аташкан бир догманы чыгарышкан. Башчылыгын эволюция теориясынын учурдагы эң күчтүү жактоочуларынан болгон Ричард Доукинс (Richard Dawkins) аркалаган бул догма боюнча, жандуулардын жан аябастык сыяктуу көрүнгөн кыймыл-аракеттери түпкүрүндө «өзүмчүлдүктөрүнөн» келип чыгууда. Себеби бул жандуулар, эволюционисттердин ою боюнча, жан аябастык кылып жатышканда, жардам берген жандуу же жандыктарды эмес, гендерин ойлошууда. Б.а. бир эне баласы үчүн өз жанынан кечип жатканда, чынында өз гендерин коргоп жатат. Баласы кутулса гендерин кийинки урпактарга бере алуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Бул көз-караш боюнча, бүт жандыктар, анын ичинде адам да, бир «ген машинасы» болуп саналат. Жана ар бир жандуунун эң маанилүү милдети – бул гендерин кийинки урпакка өткөрө алуу.

"Eğer aklınızı kullanabiliyorsanız,
O, doğunun da, batının da ve bunlar arasında olan her şeyin de Rabbidir" dedi.
(Şuara Suresi, 28)

Penguin

Эволюционисттер жандуулардын урпактарын улантуу, гендерин келечек урпактарга өткөрүү каалоосуна программаланганын жана ушул себептен бул программасына ылайык кыймыл-аракеттер жасаганын айтышат. Төмөнкү сүйлөмдөр Essentials of Biology аттуу эволюционист бир биология китебинен алынган. Бул сүйлөмдөр эволюционисттердин жандуулардын кыймыл-аракеттери жөнүндө жасаган кадимки түшүндүрмөлөрүнө бир мисал болот:

Өзүн коркунучка таштаган бир кыймыл-аракеттин себеби эмне болушу мүмкүн? Кээ бир жан аябас кыймыл-аракеттер өзүмчүл гендердин бир натыйжасы. Өзүн абдан кыйнап балдары үчүн азык издеген жандуулар, чоң бир ыктымалдуулук менен, генетикалык жактан программаланган кыймыл-аракеттерди жасашууда; булар ата-энелердин балдарындагы гендеринин кийинки урпакка берилишин камсыз кылуучу кыймыл-аракеттер. Бул душманга берилген тубаса, инстинкттик жооптор изилдөөчүлөргө бир максатты көздөгөн кыймыл-аракеттердей көрүнүшү мүмкүн. Бирок булар түпкүрүндө жыт сезүү, үн, сүрөттөлүш жана башка ишараттар тарабынан иштетилген кыймыл-аракет программалары.22

Бул жерде көңүл бурулса, автор жандуулардын кыймыл-аракеттеринин биринчи караганда максаттуудай көрүнүшү мүмкүн экенин, бирок жандуунун буларды билип, ойлонуу менен бир максатты көздөп эмес, программаланып жасап жатканын айтууда. Бул жерде төмөнкүдөй маанилүү суроо туулат: бул программанын булагы эмне? Ген деп аталган нерсе коддолгон бир маалымат жыйындысы гана. Бирок бир маалымат жыйындысынын ой жүгүртүү сыяктуу бир жөндөмү болушу мүмкүн эмес. Гендин да мээси, акылы, таразалоо жөндөмү жок. Ошондуктан, эгер бир жандуунун генинде аны жан аябастыкка багыттаган бир буйрук бар болгон болсо, бул буйруктун булагы гендин өзү боло албайт.

Бир мисал менен ойлонолу. Бир компьютердин өчүрүү (turn off) баскычын басканыңызда компьютериңиз өчөт. Себеби компьютериңиз мурда аң-сезимдүү, акылдуу жана илимдүү бир программист тарабынан «өчүр» баскычын басканыңызда өчө турган болуп программаланган. Көңүл бурсак, компьютер муну өз башынча жасаган жок, же кокустуктан «өчүр» баскычы компьютерди өчүрүүгө жараган бир баскыч абалына келген эмес. Бири аң-сезим, акыл менен бул баскычты программалаган.

Демек бир жандуунун гендеринин урпагын улантуу үчүн жан аябас кыймыл-аракеттерди жасоого программаланган болушу да бул жандуунун гендерин ушундай кылып программалаган акыл жана илим ээси бир Күчтүн бар экенин апачык көрсөтөт. Бул Күч – бүт жандууларды дайыма илхамы менен башкарган, ар бирин көзөмөлдөгөн жана ар бирине кыймыл-аракет калыбын буйрук кылган Аллах. Бул апачык чындык Куранда мындайча билдирилүүдө:

Асмандарда жана жердегинин баары, жандуулар жана периштелер Аллахка сажда кылышат (буйругуна моюн сунушат) жана алар текеберлик кылышпайт. Үстүлөрүнөн (дайыма бир азап жөнөтүүгө кудуреттүү болгон) Раббилеринен коркушат жана буйрулган нерсени жасашат. (Нахл Сүрөсү, 49-50)

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

tiger

Жандуулар Бир Гана Өз Гендерин Алып Жүргөн Туугандарына Эмес, Башка Жандууларга Да Жардам Беришет:

Китептин 3-бөлүмүндө тереңирээк мисалдар менен көрүлө тургандай, жандуулар бир гана балдарына эмес, башка жардамга муктаж жандууларга да жардам беришет. Бул болсо эволюция теориясын туюкка такайт. Себеби бул жерде «генди берүү» көйгөйү да жок. Эволюционист бир журнал 'Scientific American'да эволюциянын мындай туюгу төмөнкүдөй бир мисал менен айтылат:

«Араларында генетикалык бир жакындык (туугандык) жок болгонуна карабастан, эки эркек бабун (бир маймыл түрү) кыймыл-аракеттерде кызматташтыкка жакшы бир мисал боло алат. Эки эркек бабун кандайдыр бир темада талашка киргенде, бабундардын бирөөсү үчүнчү бир бабундан жардам суроодо. Жардам сураган бабун башын тынымсыз атаандашы жана жардам сураган бабун арасында алдыга жана артка чайкайт. Мындай жардамдашуунун эң акылдуу түшүндүрмөсү – бул жардамга келген бабундун келечекте бир кыйынчылыкка кабылганда, жардам көрсөткөн бабундун ага жардам берээрине ишеними катары көрүүгө болот. Бирок эволюция түшүндүрө албаган жагдай – бул жардамдашууда тузакка кантип тоскоол болунаары жана жардам алган бабундун кийин жардамдан баш тартышына эмненин тоскоол болгондугу.»23

Кыскача айтканда, бул жандуулардын Аллах аларга жардам беришин, жан аябастык кылышын буйрук кылгандыгы үчүн мындай кыймыл-аракет жасашканы абдан ачык бир чындык.

Китептин эмки бөлүмдөрүндө көптөгөн жандуу жасаган жан аябас, боорукер жана мээримдүү кыймыл-аракеттерден мисалдар берилет. Бул мисалдарды окуп жатканда, эч унутпоо керек болгон бир чындык бар: бүт бул жандууларга жан аябастыкты, боорукердик жана мээримди илхам кылган – бул аларды эч кемчиликсиз абалда жараткан Аллах.

Булактар

2. John Sparks, The Discovery of Animal Behavior, Little Brown and Company, Boston 1982, s.114-117

3. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi 1, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, Çev: Veysel Atayman, s. 12-19)

4. Gordon R. Taylor, The Great Evolution Mystery, Harper & Row Publishers 1983, s. 222

5. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi 1, Alan Yayıncılık, Kasım 1996, İstanbul, Çev: Veysel Atayman, s. 12-19

6. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, Onur Yayınları, Beşinci Baskı, Ankara 1996, s. 273

7. Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, Cilt I, New York: D. Appleton and Company, 1888, s.374

8. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s. 310

9. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, s. 185

10. Gordon Taylor, The Great Evolution Mystery, s. 221

11. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s. 275

12. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s. 304

13. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, s. 34

14. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s.186

15. Charles Darwin, Türlerin Kökeni, s.302

16. Cemal Yıldırım, Evrim Kuramı ve Bağnazlık, s. 49

17. Peter Kropotkin, Mutual Aid: A Factor of Evolution, 1902, I. Bölüm, (http://www.etext.org/Politics/Spunk/library/writers/kropotki/sp001503/index.html)

18. Bilim ve Teknik, sayı 190, s.4

19. Peter Kropotkin, Mutual Aid: A Factor of Evolution, 1902, II. Bölüm,

20. John Maynard Smith, The Evolution of Behavior, Scientific American, Aralık 1978, cilt 239, no.3, s. 176

21. Gordon Taylor, The Great Evolution Mystery, s. 223

22. Ibid., p.223.

23.Janet L. Hopson and Norman K. Wessells, Essentials of Biology (USA: McGraw-Hill Publishing Company, 1990), p. 838.

24.John Maynard Smith, "The Evolution of Behavior", Scientific American, September 1978, Vol. 239, no. 3, p. 184.