Аалам Жоктуктан Жаратылды

Materialism is a system of thought that holds matter to be an absolute entity and denies the existence of anything but matter. Having its roots in ancient Greece and gaining increased acceptance, particularly in the 19th century, and becoming famous with the dialectical materialism of Karl Marx, this system of thought claims that matter has existed forever and that it will exist for all eternity. Since it maintains that matter is not created, it does not accept the existence of a Creator.

The founder of dialectical materialism: Karl Marx

The founder of dialectical materialism: Karl Marx

Материализм – бул, затты абсолюттук деп кабыл алган, заттан башка эч нерсе жок деген негизсиз бир көз-караш системасы. Тарыхы байыркы Грецияга чейин созулган, бирок өзгөчө 19-кылымда жайылган, эң көп Карл Маркстын диалектикалык материализми менен даңкы чыккан бул көз-караш системасы зат чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө боло берет дейт. Зат жаратылган эмес деп жаңылганы үчүн Жаратуучубуз Аллахтын бар экенин да жокко чыгарат (Аллахты аруулайбыз).

Материализм, жогоруда да айтылгандай, эң көп 19-кылымда популярдуу болду. Мунун негизги себептеринин бири – ал доордо «аалам кантип пайда болгон» деген суроого жооп катары айтылган «статикалык аалам» модели эле. Бул модель «аалам кантип пайда болду» деген суроого «аалам пайда болгон жок, чексиз мурдатан бери бар болчу жана түбөлүккө чейин боло берет» деп жооп берген. Аалам өзгөрүлбөс жана туруктуу заттардын жыйындысы деп кабыл алынып, мындай аалам Жаратуучубуздун бар экенин кабыл алууну талап кылбайт деп айтылчу.

Бул аалам моделинин тескерисинин далилдениши, башкача айтканда, бир башталышы бар экендигинин жана өзгөрүп тураарынын белгилүү болушу болсо, албетте, Аллахтын бар экендигинин далилдеринин бири болмок. Материалист философ Жорж Политцер Философиянын башталгыч принциптери аттуу китебинде бул чындыкты кабыл алып, бирок «чексиз (түбөлүктүү) аалам» моделинин туура экенине ишенип Жаратылууга (Аллахтын жаратканына) каршы чыккан:

Аалам жаратылган бир нерсе эмес. Эгер жаратылган болгондо, анда ааламдын Теңир тарабынан белгилүү бир убакта жаратылган болушу жана ааламдын жоктон жаратылышы керек эле. Жаратылууну кабыл ала алуу үчүн, баарынан мурда, аалам бар болбогон бир көз ирмемдин бар экенин, анан жоктуктан бир нерсенин пайда болгонун кабыл алуу керек. Бул болсо илим кабыл албай турган бир нерсе.2

Жорж Политцер «бул болсо илим кабыл албай турган бир нерсе» деп негизи илимди эмес, материалисттик дүйнө көз-карашын айтууда. Себеби материалисттердин эң белгилүү негизсиз ишенимдеринин бири – бул, «илим материалист болушу керек» деген жаңылыштык. Политцер бул саптарды жазып жатканда «илим менин тарабымда», «келечектеги өнүгүүлөр да түбөлүктүү аалам көз-карашын тастыктайт» деп ойлогон. Чындыгында болсо заманбап илим 20-кылымдын экинчи чейрегинде башталган бир процесс натыйжасында материалисттер «эгер андай болсо бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алуу керек болмок» деп айткан чындыкты, б.а. ааламдын бир башталышы бар экенин далилдеди. Бул чындык бир канча этап натыйжасында келип чыкты.

Ааламдын Кеңейиши

Edwin Hubble, next to his giant telescope.

1920-жылдар заманбап астрономиянын өнүгүшү жагынан өтө маанилүү жылдар эле. 1922-жылы орус физик Александр Фридман Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, ааламдын статикалык (туруктуу) бир түзүлүштө эмес экенин жана кичинекей эле бир реакциянын ааламдын кеңейишине же кысылышына себеп болоорун эсептеп чыкты. Фридмандын бул ачылышынын маанисин биринчи болуп байкаган бельгиялык астроном Жорж Леметр болду. Леметр бул эсептөөлөргө таянып ааламдын бир башталышы бар жана ал башталыштан бери тынымсыз кеңейип жатат деп болжоду. Ошондой эле, бул башталгыч убактан калган радиацияны да аныктоого болот деди. Негизи Леметрден мурда, 1913-жылы америкалык астроном Весто Мелвин Слайфер (Vesto Melvin Slipher) башка бир изилдөө жасап жатып, бизге жакын жайгашкан кээ бир галактикалардын дүйнөдөн ылдам алыстап баратканын байкаган эле. Слайфердин бул ачылышы ааламдын кеңейип баратканын көрсөткөн биринчи ишарат эле. Бул илимпоздордун теориялык эсептөөлөрү ал кезде көп кызыгуу жараткан эмес. Бирок 1929-жылы байкоодон алынган далил илим дүйнөсүнө бомбадай түштү. Ал жылы California Mount Wilson байкоо үйүндө америкалык астроном Эдвин Хаббл (Edwin Hubble) астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бирөөсүн жасады.

Хаббл башында алыстагы галактикаларды изилдөөнү жана алар чыгарган нурлар жөнүндөгү маалыматтарды колдонуп жылдыздардын кыймылын жана химиялык түзүлүшүн аныктоого аракет кылууну көздөгөн эле. Хаббл менен командасы алыскы галактикалардан келген нурларды бир-бирден анализ кылып, маанилүү ачылыштарды жасашты. Булардын биринчиси, галактикаларда эң көп кездешкен элменттердин суутек менен гелий болушу эле. Бул ачылыш мурдараак илимпоздор тарабынан айтылган маалыматтардын далили сыпатында эле жана илим дүйнөсү тарабынан кадыресе кабыл алынды. Хабблдын экинчи ачылышы болсо илим дүйнөсүндө чоң таң калууну пайда кылды: Хаббл анализ кылган нурлардын баарынын кызылды көздөй жылганын аныктады.

Допплер эффекти деп аталган физика эрежеси боюнча, нур байкоочуну көздөй жакындап келе жатканда «кысылып», байкоочудан алыстап баратканда «узарат». Б.а. байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган нурлардын спектри кызгылт көктү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган нурлардын спектри болсо кызылды көздөй жылат. (Байкоочудан алыстап бараткан бир поезддин үнүнүн барган сайын ичкериши сыяктуу.)

big bang

The universe came into being with the explosion of a single point of zero volume. And that shows that the universe had a beginning.

Демек Хаббл менен командасынын ачылыштары мындай мааниге келет эле: галактикалардын баары бизден алыстап баратышат, жана жылдыздар менен галактикалар бизден эле эмес, бир-биринен да алыстап баратышат. Алыстаган сайын ылдамдык да өсүп барат. Хаббл муну түшүндүргөн жана «Хаббл мыйзамы» деп аталган бир математикалык теңдеме да түздү. Бул теңдеме алыстагы галактикалардан чогултулган жаңы маалымат менен дагы бир жолу тастыкталды. Баары бир-биринен алыстап бараткан бир аалам «кеңейип бараткан» аалам деген жыйынтыкка алып барат. Бул болсо көп жылдар бою илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган жана материалисттер болгон күчү менен жактаган «аалам өзгөрбөс жана түбөлүктүү» деген көз-караштын кулашы деген мааниге келет. Ошондуктан Хабблдын табылгаларына башында өтө каршы чыгылды. Хабблдын табылгаларына болгон материалист жана атеист илимпоздордун реакциясын илимпоз Давид Филькин (David Filkin) Stephen Hawking's Universe (Стивен Хокингдин ааламы: ааламдын сырлары) аттуу китебинде мындайча сүрөттөйт:

Кеңейип бараткан бир аалам – өзгөрүлгүс, аягы жок жана түбөлүктүү бир аалам көз-карашын бекем тутунган атеист илимпоздордун көпчүлүгү кабыл албай турган бир түшүнүк эле. Кеңейип бараткан кандайдыр бир нерсенин өзгөрүлбөй турушу мүмкүн эмес эле. Ушул себептен Хабблдын ачылыштарын көрмөксөн болуу же тоготпой коюу тенденциясы пайда болгон.3

Бирок материалисттер Хабблдын ачылыштарын көрмөксөн болууга канчалык аракет кылганы менен, кийинчерээк алынган жаңы табылгалар менен маалыматтар ааламдын кеңейип бараткандыгынын жокко чыгарылгыс бир чындык экенин далилдеди.

Ааламдын Кеңейип Баратканы Көрсөткөн Чындык: Big Bang (Чоң Жарылуу)

Хаббл тапкан аалам кеңейип баратат деген чындык кыска убакыт өткөн соң жаңы бир аалам моделин чыгарды. Аалам кеңейип бараткан болсо, анда убакытта артты көздөй барсак, алда канча кичинекей бир аалам, андан да ары барганда болсо «жалгыз бир чекит» гана калат.

Илимпоздор теориялык жактан жокко чыгара албаган бул жагдайды математикалык маалыматтар менен жокко чыгарабыз деп ойлошту. Оксфорд университетинен математик Роджер Пенроуз (Roger Penrose) Эйнштейн математикасын колдонуп ар кандай гипотезалар (допущения) үстүндө иштеди. Пенроуздун эмгектери материалисттердин тилегин таш каптырды, себеби математикалык теңдемелер гравитациялык күчтүн көп сандагы затты ичин көздөй чөктүрөөрүн жана бара бара тыгыздыгы жогорураак жана кичинекейирээк «жалгыз бир чекитке» барылаарын көрсөткөн.

Пенроуздун тапкандары Стивен Хокинг тарабынан алга жылдырылды. Роджер Пенроуз менен Стивен Хокинг математикалык жактан ааламдын «сингулярдык (жекелик) чекити» деп аташкан жалгыз бир чекиттен пайда болгонун далилдешти. Сингулярдык термини менен эмне айтылгысы келгенин Дээрлик бүт нерсенин кыскача тарыхы аттуу китебинде Билли Брайсон (Billy Bryson) төмөнкүчө сүрөттөйт:

... Себеби сингулярдыктан башка эч нерсе жок. Аалам кеңейип баштаган кезде чоңураак бир боштукту толтуруу үчүн сыртты көздөй жайылган болбойт. Бар болгон жалгыз нерсе – бул, аалам кеңейген сайын пайда кылган космос. Сингулярдыкты көз алдыңызда караңгы жана чексиз бир боштуктагы бир «кош бойлуу» чекит сымал элестетишиңиз табигый көрүнүш, бирок туура эмес. Себеби космос да жок, караңгылык да жок. Сингулярдыктын айланасында эч кандай айлана-чөйрө жок. Ал басып ээлей турган бир космос жок, ичинде тура турган бир жер жок. Канча убактан бери ал жерде турган, же кыска убакыт мурда укмуштуу бир пикирдей кокустан пайда болгонбу, же эзелтен бери ал жерде туруп, үн-сөзсүз ыңгайлуу убакты күтүп жаткан беле деп да сурай албайбыз. Убакыт жок. Убакытты пайда кыла турган бир өтмүш да жок. Мына ушундай бир жоктуктан ааламыбыз пайда болот.4

Эсептөөлөр ааламдын бүт затын ичинде кармаган бул «сингулярдык чекиттин» укмуштуу бир тартылуу күчү себебинен «нөл көлөмдө» болоорун көрсөттү. Пенроуз менен Хокинг 1970-жылы жазган макаласында ааламдын нөл көлөмдөгү ушул «чекиттин» жарылышынан пайда болгонун айтып чыгышты. Тапкан теңдемелеринин тууралыгы башка эч бир альтернативдүү көз-карашка орун калтырган эмес. Ошентип "Big Bang" (Биг Бенг – Чоң жарылуу) деп аталган теория математикалык жактан да далилденди.

Биг Бенг көрсөткөн маанилүү бир чындык бар эле: нөл көлөм «жоктук» маанисине келгендиктен, аалам «жоктон» «бар» болгон эле. Бул болсо ааламдын бир башталышы бар деген мааниге келет жана натыйжада материализмдин «аалам чексиз мурдатан бери бар» деген гипотезасын жараксыз кылган. Бул жагдай материалист илимпоздор арасында өтө чоң талкууларга себеп болду. Космология профессору Андрей Линде (Andrei Linde) Биг Бенг теориясынан соң жооп берүү керек болгон суроолорду мындайча койгон:

Демейде, Биг Бенг теориясы ааламдын бүт бөлүктөрү кокустан (бир заматта) кеңейип баштаган деп кабыл алат. Бирок ааламдын бүт бөлүктөрү кантип бирдей кеңейип баштай алышкан? Буйрукту ким берген? 5

Линденин суроосунун жообу негизи апачык. Бир нерсенин «жоктон» «бар» болуп калышы бир гана чындыкты көрсөтөт: Жаратууну. Аллах затты жана бүт ааламды жоктуктан, бир гана «Бол» буйругу менен бар кылган. Бир Куран аятында Аллахтын улуу жаратуу күчү жөнүндө мындай деп айтылат:

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Evidence for The Big Bang:
The Shift To Red in The Lights of Galaxies
spectrum of light

Approaching star

The spectra of an approaching star tend towards violet

spectrum of light

Distancing star

The spectra of an distancing star tend towards red

An observer who views the spectra of a distancing object will see that this become increasingly redder. Observations made from the earth have shown that the spectra of light beams of the galaxies and stars in the sky increasingly tend towards red. This means that heavenly bodies constantly move away from us. The discovery of this fact by observations made in the 1920's has proved that the universe has an expanding structure and that it originated in the Big Bang.

Материалист Илимпоздор Эмне Үчүн Биг Бенгди Кабыл Ала Алышкан Жок?

Hubble, space, big bang, telescope

A photograph taken by the Hubble telescope.

Every luminous point in the picture is a galaxy. It is estimated that there are approximately 300 billion galaxies in the entire universe. It is predicted that there are on average 250-300 billion stars in each galaxy. All of the matter and energy making up this giant universe is created from nothing and this is very clear evidence for creation.

Биг Бенг теориясы аны колдогон далилдердин күчү себебинен кыска убакытта илим дүйнөсүндө кабыл алына баштады. Бирок материалисттик философияга жана ал философиянын пайдубалындагы «чексиз аалам» пикирине бекем турууну каалаган кээ бир илимпоздор Биг Бенгге каршы тирешүүгө жана чексиз аалам пикирин сактоого аракет кылышты. Мындай аракеттин себеби алдыңкы материалист физиктерден Артур Эддингтондун «философиялык жактан табияттын азыркы тартиби бир заматта башталган деген көз-караш мага жакпайт»6 деген сөзүнөн түшүнүктүү болуп турган. Б.а. материалист илимпоздор илимий максатта эмес, идеологиялык максатта туура эмес пикирди өжөрлөнүп жакташкан.

Биг Бенг теориясына каршы чыгуулар ар кандай түрдө айтылган. Мисалы, немец химик Вальтер Нернст (Walter Nernst) Биг Бенг теориясы жөнүндө пикири суралганда «бул ачылыштарды кабыл алуу илимге кыянаттык болот»7 деген. Нернсттин бул сөздөр менен айткан тынчсыздануусу материализмге кыянаттык кылуу коркуусу гана эле. Себеби Нернст жана ал сыяктуу көз-караштагылар илимий ачылыштар Биг Бенгди эч талашсыз далилдесе да, илимге каршы чыгып, Биг Бенгди кабыл алгылары келген эмес. MIT (Massachusetts Institute of Technology)'ден физика профессору Филипп Моррисон (Phillip Morrison) BBC'де жарыяланган бир даректүү тасмада Биг Бенгди кабыл алуунун ага оор келгенин, аны жокко чыгарууну абдан каалаганын айткан.8 Ааламдын туруктуу бир ылдамдык менен кеңейиши жөнүндө маанилүү ачылыштарды жасаган Carnegie байкоо үйүнөн Аллан Сэндидж (Allan Sandage) болсо тапкан ачылыштарынын аны өтө таң калтырганын «бул тапкандарым чындык эмес болуш керек!»9 деп айткан.

The New Yorker жазма-авторлорунан Джим Холт (Jim Holt) "Big Bang Theology" аттуу макаласында да айткандай, «Биг Бенг илим тарыхында Аллахтын жаратканын тастыктаганы үчүн кабыл алынбаган жалгыз көз-караш эле.»10 Белгилүү астрофизик Роберт Джастроу (Robert Jastrow) God and the Astronomers (Аллах жана астрономдор) аттуу китебинин "The Religion of Science" (Илимдин дини) аттуу бөлүмүндө Биг Бенг теориясы жөнүндө алынган бүт ачылыштарга карабастан, материалист илимпоздордун теорияны кабыл албай өжөрлөнүшүнүн себептерин изилдеген. Джастроу муну төмөнкүчө чечмелейт (Джастроу бул сөздөрүндө материалист илимпоздорду айткан.):

Мындай каршы чыгууларда өтө кызыктай сезимдер роль ойноодо... Илимпоздун ишеними белгилүү физика эрежелери жараксыз болгон жана тааныбаган күчтөрдүн бир продуктусу катары пайда болгон бир башталгычтын ачылышы менен бирге бузулду. Бул ишке ашканда илимпоз контролун жоготту. Эгер бул ачылыштардын чыныгы маанисин жакшылап анализ кылганда, толугу менен травма алмак. Бир травма учурунда болоор иш болду жана мээ ачылыштардын маанисине каршы чыкты... (Илимпоздор жагынан) Маселенин масштабын бир ойлоп көрүңүз. Илим ааламдын белгилүү бир убакта пайда болгонун далилдеди... Андай болсо ааламдагы зат менен энергияны «Ким» же «Эмне» пайда кылды? Аалам жоктон пайда болгонбу?.. Бул жагдай дин аалымдарынан тышкары бүт баары үчүн күтүлбөгөн, таң калыштуу бир окуя болду...11

Джастроудун бул жоромолу материалист илимпоздордогу таң калууну жана чарасыздыкты толугу менен ортого коюуда. Илимий бүт ачылыштар апачык тастыктаган бир чындык идеологиялык себептерден улам гана жокко чыгарылып, каршы пикир изденүүлөрү өжөрдүк менен улантылууда. Кээ бир илимпоздордун мындай мамилесин башка бир астрофизик Барри Паркердин (Barry Parker) төмөнкү сөздөрү сонун сүрөттөйт:

Албетте, биздин да бир альтернативабыз бар. «Жаратылуу жок (аалам жаратылган эмес) жана аалам дайыма ушундай болгон» дей алабыз. Бирок бул Жаратылууну кабыл алуудан алда канча оор бир альтернатива.12

Материалист илимпоздор оор альтернативаны тандашты жана Жаратылуу чындыгын кабыл албай кежирленишти. Биг Бенг теориясына каршы чыгарылган теориялардын бири болгон «стационардуулук теориясы», илимий чындыктарга карабастан, ушул себептен көпкө чейин өжөрдүк менен жакталды.

Биг Бенгге Каршы Чыгарылган Стационар-Дуулук Теориясынын Жараксыздыгы

Fred Hoyle

Fred Hoyle

Биг Бенг теориясынан тынчсыздангандардын башында англис астроном Сэр Фред Хойл (Sir Fred Hoyle) турган. Хойл 20-кылымдын ортолорунда "steady-state" (туруктуу абал) аттуу 19-кылымдагы түбөлүктүү аалам көз-карашынын уландысы болгон бир аалам моделин чыгарды. Хойлдун модели боюнча, аалам кеңейген сайын зат керектүү санда, кокустан, өзүнөн-өзү пайда болуп баштайт. Негизи Хойл менен командасы чыгарган теориянын ичинде көптөгөн карама-каршылыктары бар болуп, эң негизгиси кийинчерээк бул теорияны жер менен жексен кыла турган жаңы өнүгүүлөргө шарт түзгөн.

Хойл ааламдагы бүт затты түзгөн кээ бир химиялык элементтердин толук кантип пайда болгонун түшүндүрүүнү каалаган. Жылдыздардын да төрөлүү жана өлүм убактары бар жана өмүр бою бүт химиялык элементтерди чыгарышат деген. Бул көз-караш боюнча жылдыздар космостогу суутек атомдорунун тартылуу күчү менен бара бара чоңураак тоголокко айланып пайда болушат. Тоголоктор чоңойгон сайын тартылуу күчүнүн ичти көздөй басымы күчөп, аягында бул басым ушунчалык жогорулагандыктан, суутек атомдорунун кээ бирлери бир-биринин ичине кирип гелийди пайда кылат. Мындай айлануу тынымсыз уланып, жылдыз андан кийинки эң оор элементти пайда кыла турган жарылууларга туш болот. Мындай кысылуу жана жарылуу процесси темирге чейинки көптөгөн жеңил элементтин өндүрүшүнө чейин уланып, аягында ысык темирден турган бир борбор калат.

George Gamov

George Gamov

Бул этап жылдыз жарык чыгарууну уланткан жана ак карлик деп аталган этап болот. Жылдыз жарык чыгарбаган муздак темир бир массага айланганда болсо күрөң карлик деп аталган этапка өтөт. Бир жылдыздын бул акыркы калдыгы, эгер башка заттардын тартылуу күчүнөн келип чыккан бир сүзүшүү натыйжасында жок болбосо, ушундай абалда космосто кала берет эле.

Чоң жылдыздарда болсо тартылуу күчүнүн чоңдугуна жараша жылдыздын өмүрү бүтүп жатканда бүт оор элементтер пайда боло турган жогорку температуралар менен басымдар пайда болот эле. Бул этапта чоң ысык жана жаркыраган чаң булуту сапырылып, пайда болгон элементтерди эң алыстарга чейин жайат.

Хойл менен командасынын бул көз-караштары байкоолор тарабынан тастыкталганда, бир саамга илим чөйрөлөрү аалам түбөлүктүү деген көз-караш да колдоо тапты деп ойлошту. Чындыгында болсо, бүт элементтердин жашоо циклинде суутектен пайда болгонун айткан Хойл теориясы жооп бере албаган өтө маанилүү бир суроо бар эле: бүт элементтердин негизи болгон жана жылдыздарды түзгөн суутек башында кантип пайда болгон? Себеби суутекти пайда кылуу үчүн укмуштуудай жогорку температуралуу бир жарылуу керек эле. Хойл эске албаган бул маанилүү суроого берилген илимий жооп материалисттердин үмүтүн дагы бир жолу таш каптырды.

Биг Бенгдин Жаңы Далилдеринен Реликтилик (Космостук Калдык) Радиация

space

Eta Carinae star is destroyed by a supernova explosion. This and similar explosions always cause disorder. However, the Big Bang, known as the most drastic explosion ever to have taken place, has given way to a space based on extremely precise balances and all the systems therein. This extraordinary balance and order can by no means be explained away by coincidences and it all proves yet again that the entire universe has been created by an exalted and mighty Creator Who is Allah.

Хойл 1940-жылкы бир сөзүндө Эгер аалам ысык бир Биг Бенг менен баштаган болсо, анда бул жарылуунун бир калдыгы болушу керек. Мага бул Биг Бенгдин бир фоссилин (калдыгын) тапкыла.» деген. Материалисттер менен Фред Хойл табылбайт деп ойлогон фоссил көп өтпөстөн табылды.13

1948-жылы физик Георгий Гамов Биг Бенгдин издерин табуу үчүн жаңы бир гипотеза чыгарды. Алгачкы жылдыздардын ортого чыгышы үчүн керектүү суутектин пайда болушун Биг Бенгдин укмуштуу жогорку бир температураны пайда кылышы менен түшүндүрүү мүмкүн эле. Эски галактикалардын издеринен алынган ачылыштар Чоң жарылуу учурунда 80% суутек менен 20% гелийдин пайда болгонун көрсөткөн. Андай болсо бул элементтерди пайда кылган жогорку температуранын радиациясы (таралуусу) арадан миллиарддаган жыл өткөнү менен, дагы эле бар болушу керек эле. Аалам үйлөнгөн шар сыяктуу бүт тарапты көздөй кеңейген болсо, демек төмөн деңгээлдеги бир реликтилик (байыркыдан калган) радиация бүт тарапты көздөй тараган болушу керек эле жана муну аныктоо зарыл эле. Бул из көп өтпөстөн табылды, ошентип Хойл эч табылбайт деп ойлогон фоссил колго киргизилди.

1965-жылы Арно Пензиас жана Роберт Уилсон аттуу эки изилдөөчү мындай толкундарды, негизи аларды издебегенине карабастан, табышты. «Реликтилик (космостук калдык) радиация» деп аталган бул радиация космостун белгилүү бир жагынан келген радиациядан башкача эле. Укмуштуудай бир-багыттуу эле. Башкача айтканда, жергиликтүү, белгилүү бир булактан чыккан эмес эле, жана ааламдын бүт тарабына тараган бир радиация эле. Ошентип көп убактан бери ааламдын бүт тарабынан бирдей көлөмдө алынган жылуулук толкунунун Биг Бенгдин алгачкы доорлорунан калган калдык экени аныкталды. Болгондо да, бул чоңдук илимпоздор мурда эсептеген чоңдукка өтө жакын эле. Пензиас менен Уилсон Биг Бенгдин бул далилин эксперименттик жол менен биринчи көрсөткөн кишилер болгону үчүн Нобель сыйлыгына ээ болушту.

1989-жылга келгенде болсо Джордж Смут менен НАСА командасы Космостук калдыкты аныктоо спутнигин (COBE-Cosmic Background Explorer) космоско жөнөтүштү. Бул спутникке орнотулган сезгич сканерлердин Пензиас менен Уилсондун өлчөөлөрүн тастыкташы сегиз мүнөттү гана алды. Жыйынтыктар сканерлердин ааламдын башталышындагы Чоң жарылуунун ысык, тыгыз абалынын калдыктарын көрсөткөнүн далилдеди. Космостук калдык радиациясын куралсыз көз менен көрүү мүмкүн эмес эле, бирок бүт ааламды ороп турат жана көз жеткен бүт тарапта бар эле. Эгер бул толкундарды көрө алганыбызда, бүт асмандын бүт тараптан бирдей жаркырап турганына күбө болмокпуз.

1992-жылы Джордж Смут COBE'ден келген маалыматтарда байкаган бир нерсе Биг Бенгдин тууралыгын жана «туруктуу абал теориясынын» туура эместигин дагы бир жолу далилдеди. Пензиас менен Уилсондун ачылышынан соң туруктуу абал теориясынын жактоочулары жаңы бир көз-карашты айтып чыгышкан эле. Космостук калдык радиациясынын өтө «жылмакай» экенин, чоң бир жарылуудан соң галактикалар пайда болушу үчүн болсо космостук калдык радиациясында өзгөрүүлөр, б.а. бир аз жылуулук айырмачылыктары болушу керек экенин айтышкан. Мындай жылуулук айырмачылыктары табылмайынча, космостук калдык радиациясы Биг Бенгдин далили боло албайт дешкен. 1992-жылы Джордж Смут «туруктуу абал теориясынын» жактоочулары табылышы керек деген ушул жылуулук айырмачылыгын байкаган эле. 1992-жылы COBE жөнөткөн маалыматтар менен мурдакы аалам картасы арасында өтө кичине айырмачылыктар бар эле. Сүрөттөгү детальдар жакшылап анализденди. Калдык радиациясында өтө аз бир жылуулук айырмачылыктары бар экени компьютерде даярдалган карталарда көз алдыга тартууланды. Мисалы, космостун белгилүү аймактары 2,7251 Кельвин, кээ бирлери болсо 2,7249 Кельвин эле. Бул маалыматтар менен Биг Бенг дагы бир жолу илимий ачылыш жана байкоолор тарабынан тастыкталды.

Көп илимпоздор COBE'ден алынган маалыматарды Бин Бенгдин толук тастыкталышы деп жоромолдошту. Нобель сыйлыгынын лауреаты, химия профессору Генри Ф. Шефер "Stephen Hawking, The Big Bang and God" (Стивен Хокинг, Биг Бенг жана Аллах) аттуу макаласында COBE'дин изилдөө жыйынтыктары жарыяланганда болуп өткөндөрдү төмөнкүчө баяндайт:

1992-жылы COBE'ден келген жыйынтыктар дүйнөнүн төрт тарабындагы бүт гезиттердин башкы беттеринен орун алды. London Times, New York Times сыяктуу гезиттер Lawrence-Berkeley лабораториясындагы команданын башчысы Джордж Смуттун бир жоромолун колдонушту: «Бул Теңирдин жаратуусунун далилдерин кароо сыяктуу бир нерсе.» Бул сөз бүт коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Бир жоромол болсо илим тарыхчысы Фредерик Бернхамдан келди. «Бул жыйынтыктар Теңир ааламды жараткан деген көз-карашты 100 жыл мурдакыдан такыр башка бир абалга алып келди.» 14

Биг Бенгдин дагы бир маанилүү далили болсо космостогу суутек менен гелий газдарынын көлөмү болду. Бүгүнкү күндө жасалган өлчөөлөрдөн ааламдагы суутек-гелий газдарынын катышынын Биг Бенгден калган суутек-гелий катышынын теориялык эсептөөлөрүнө дал келээри аныкталды. Эгер аалам, бир башталышы болбостон, чексиз мурдатан бери турган болгондо, ааламдагы суутек толугу менен күйүп гелийге айланмак.

Булардын натыйжасында Биг Бенг илим дүйнөсү тарабынан толук кабыл алынды. Scientific American журналынын 1994-ж. октябрь айындагы санында жарыяланган бир макалада айтылгандай, аалам тынымсыз, белгилүү тартипте кеңейип баратат жана Биг Бенг модели азыркы кылымдын кабыл алынган жалгыз модели.

Фред Хойл менен бирге көп жылдар бою туруктуу абал теориясын жактаган англис илимпоз Деннис Скиама Биг Бенгди далилдеген мынча далилдер алдындагы абалын төмөнкүдөй баяндайт:

Туруктуу абал теориясын жактагандар менен аны текшерген (тест кылган) жана менимче аны жыгууну көздөгөн байкоочулар арасында бир кездерде өтө күчтүү талаш бар эле. Ал кезде мен да бир роль ойногом. Себеби чындык экенине ишенгеним үчүн эмес, чындык болушун каалаганым үчүн «туруктуу абал» теориясын жактаганмын. Теориянын жараксыздыгын көрсөткөн далилдер чыгып баштаганда Фред Хойл ал далилдерди тосуп алууда лидер ролду аркалады. Мен да ага көмөкчү болуп, бул душманча далилдерге кантип жооп берүүгө болоору жөнүндө ой жүгүртчүмүн. Бирок далилдер чогулган сайын, эми оюндун бүткөнү жана туруктуу абал теориясын бир тарапка таштоо керек экени анык боло баштады. 15

George Smoot COBE satellite

Data obtained from George Smoot's COBE satellite enabled the Big Bang Theory to be irrefutably confirmed.

COBE алган маалыматтар кийинчерээк башка изилдөөлөр тарабынан да тастыкталды. Булардын бири 1998-жылдын аяктарында абага көтөрүлгөн BOOMERANG (Balloon Observations of Millimetric Extragalactic Radiation and Geophysics – Геофизикалык жана галактика сыртындагы радиацияны миллиметрдик байкоо үчүн балон) аттуу байкоо балонунан 2000-жылы алынган жыйынтыктар эле. Антарктика үстүндө 37 миң метр бийиктикте сапар кылган жана сезгич телескопторду көтөргөн балон космостук калдык радиация жөнүндө өтө терең жана так маалыматтарды алууга шарт түздү. Boomerang'дагы аппараттар бир даражанын 100 миллиондон бириндей микро-чоңдуктардагы температура айырмачылыктарын да аныктай ала турган тактыкта эле. Жана алынган жыйынтыктар Биг Бенг теориясынын тууралыгын дагы бир жолу далилдеп, илимпоздорго ааламыбыздын алгачкы доорлору жөнүндө тереңирээк маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Boomerang'дан алынган маалыматтардын Биг Бенгди тастыктаганын алынган жыйынтыктарды анализдеген илимпоздордун бири Чикаго университетинен Майкл Тернер мындайча айтат:

Биг Бенг теориясы менен Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы өтө чоң бир тесттен ийгиликтүү өттү.16

Биг Бенгдин Жеңиши

Big Bang

Бүт бул ачык далилдер Биг Бенг теориясынын илим дүйнөсүндө толук кабыл алынышына шарт түздү. Биг Бенг модели илимдин ааламдын пайда болушу жана башталышы жөнүндө жеткен акыркы чеги эле.

Калифорния университетинен профессор Джодж О. Абель бул чындыкты мындайча мойнуна алат:

Бүгүнкү колдогу далилдер ааламдын миллиарддаган жыл мурда Биг Бенг менен башталганын көрсөтүүдө. Биг Бенг теориясын кабыл алуудан башка жолубуз жок. 17

Биг Бенгдин бул жеңиши менен бирге материалисттик догманын негизи болгон «башталышы жок зат» түшүнүгү да тарых болуп калды. Андай болсо Биг Бенгден мурда эмне бар эле жана «жок» ааламды бул Чоң жарылуу менен «бар» кылган күч эмне эле? Албетте, бул суроонун жообу улуу кудуреттүү бир Жаратуучунун, б.а. Улуу Аллахтын бар экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Белгилүү атеист философ Энтони Флю бул жөнүндө мындай дейт:

Бир нерсени моюнга алуу адам рухуна пайдалуу дешет. Мен да бир нерсени мойнума алам: учурдагы космологиялык консенсус (Биг Бенг модели) бир атеист үчүн өтө азаптуу нерсе. Себеби илим диний булактар тарабынан жакталган бир көз-карашты далилдеди: «ааламдын бир башталышы бар» деген көз-карашты. Ааламдын бир аягы менен башталышы жок экенин кабыл алганыбызда гана, ааламдын учурдагы абалын абсолюттук деп айта алабыз. Мен дагы эле ушуга ишенем, бирок муну Биг Бенгдин алдында жактоонун көп оңой нерсе эмес экенин мойнума алышым керек. 18

Өзүн атеист болууга кежирлик менен мажбурлабаган көптөгөн илимпоздор болсо ааламдын жаратылуусунда чексиз кудуреттүү Аллахтын бар экенин кабыл алышты. Аалам илими жөнүндө маанилүү эмгектерди жасаган белгилүү математик Роджер Пенроуз мындай дейт:

... Бирок ааламдын сөзсүз бир максаты бар экенин көрсөткөн бир нерсе бар: ал ааламдын кокустан ал жерде турбашы. Кээ бир адамдардын ою боюнча, «аалам ошол жерде гана турат.» Ошондой бойдон тура берет. Биз болсо кокустан ал нерсенин ичинде пайда болуп калдык. Бул көз-караштын ааламды түшүнүшүбүздө өтө натыйжалуу же көмөкчү болооруна ишенбейм. Менимче аалам менен анын бар болушунун астында бүгүн али биз көп сезе албаган алда канча терең бир нерселер жашырылган. 19

WMAP Спутниги Биг Бенгди Дагы Бир Жолу Далилдеди

WMAP satellite

This image prepared from data from the WMAP satellite in 2006 represents the expansion of the universe from the first moment of the Big Bang to the present day.

2001-жылы космоско жөнөтүлгөн жана 2003-жылы эң анык натыйжалардын алынышына шарт түзгөн WMAP (Wilkinson Microwave Anisotropy Probe) спутниги да Биг Бенгдин тууралыгын тастыктады жана өтө маанилүү жаңы маалыматтардын алынышына шарт түздү. Science журналы WMAP спутнигинен алынган маалыматтарга таянып жасалган изилдөөлөрдү 2003-жылдын эң маанилүү илимий ачылыштары деп тандады.20 Илимпоздордун көпчүлүгүнүн орток пикири боюнча, WMAP жөнөткөн маалыматтар космологияда бир бурулуш болмокчу.

WMAP тарабынан картасы түзүлгөн космостук калдык 13 миллиард жыл мурдакы убакка тиешелүү эле. WMAP ааламыбыздын 390 000 жаштагы абалын аныктады. Бул калдыктан алынган маалыматтар галактикалар кантип пайда болгону жөнүндөгү көп суроолордун жооптолушуна шарт түздү. WMAPтын расмий сайтынын башкы бетинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн мааниси жөнүндө мындай деп айтылат:

WMAP – бүт ааламдагы космостук калдык радиациясын эч теңдешсиз тактыкта өлчөөнү көздөгөн бир НАСА аныктоочу спутниги. Биг Бенгден калган радиацияга тиешелүү бул сүрөт ааламдын тагдыры жана башталышы жөнүндөгү негизги суроолорго жоопторду сунууда. 21

COBE'деги техникалык каражаттардын сезгичтиги төмөнүрөөк болгондуктан, ааламдагы космостук калдык радиациянын картасы жалпысынан эле түзүлгөн эле. WMAP спутниги болсо толугу менен Биг Бенгден калган космостук калдык радиацияны өлчөө үчүн долбоорлонду жана жөнөтүлдү.

Big Bang, Cosmic background radiation

Cosmic background radiation, one of the greatest proofs of the Big Bang, was discovered in 1965 and has also been studied by the COBE (1992) and WMAP (2003) space satellites.

WMAPдеги өтө алдыңкы аппараттар космостук калдык радиация картасын алда канча детальдуу чыгарды жана аалам жөнүндө көп тармакта анык маалыматтарга жетүүгө шарт түздү. Бул маалыматтар, мындан тышкары, ааламдын кеңейүү ылдамдыгы, курамы, тыгыздыгы сыяктуу эң негизги мүнөздөмөлөр жөнүндөгү көп талаш маселелерге да анык жоопторду берди.

WMAP берген кээ бир маалыматтар төмөнкүдөй:

-Аалам 13,7 миллиард жашта. Мында ката үлүшү 1%дын тегерегинде. Космостун жашы мурда 15-20 миллиард жыл деп болжолдонуп келген.

-Алгачкы жылдыздар Биг Бенгден 200 миллион жылдан кийин жаркырап баштаган. Бул илимпоздорду таң калтырган өтө эрте бир убакыт.

-Ааламдын түзүлүшүндө анын курамын 4% атом (катардагы заттар), 23% белгисиз кара зат, 73% белгисиз кара энергия түзөт. Бул жаңы өлчөөлөр анти-тартылуу сымал бир кызматты аткарган кара энергиянын түзүлүшү жөнүндө да маанилүү маалыматтарды алууга шарт түзөт. 22

Илимпоздор бул маалыматтар «Биг Бенг жана ааламдын кеңейиши теорияларын колдойт жана бекемдейт» дешүүдө.23 WMAP командасынын мүчөлөрүнөн Принстон университетинен профессор Дэвид Н. Спердж (David N. Sperge) болсо изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жөнүндөгү пикирлерин мындайча билдирген:

Бул ааламдын алгачкы доору жөнүндөгү изилдөөлөрүбүз үчүн жапжаңы бир башталыш. Алынган бул сүрөттү Биг Бенгдин алгачкы кездерин түшүнүү үчүн колдоно алабыз. 24

Биг Бенг Талаштарына Акыркы Чекитти Койгон Ачылыштар

timelessness, fate, space, galaxies

Англис, австралиялык жана америкалык илимпоздордон турган эки өзүнчө изилдөө тобу көп жылга созулган изилдөөлөрүндө жалпысынан болжол менен 266 000 галактиканын 3 өлчөмдүү кылып картасын түзүштү. Галактиканын таралышы жөнүндө чогулткан маалыматтарды ааламдын бүт тарабына тараган космостук калдык радиациясы маалыматтарына салыштырган илимпоздор галактикалардын келип чыгышы жөнүндө маанилүү маалыматтарды алышты. Изилдөөлөрдү жоромолдогон изилдөөчүлөр галактикалар Биг Бенгден 350 000 жылдан кийин пайда болгон заттын салыштырмалуу көбүрөөк чогулган аймактарда пайда болгон жана тартылуу күчүнүн таасири натыйжасында формага түшкөн деген жыйынтыкка барышты. Бул ачылыштар Биг Бенг теориясына дагы бир жаңы далилди сунду.

Австралиянын New South Wales штатындагы Англия-Австралия Орток байкоо үйүндө он жылга созулган изилдөөдө болжол менен 221 000 галактиканын космостогу абалдары үч өлчөмдүү бир картага түшүрүү ыкмасы менен аныкталды. Байкоо үйүнүн 3,9 метр диаметрлүү телескобун колдонуу менен жасалган картага түшүрүү иши мурдакы эмгектерден эң аз он эсе масштабдуу эле.25 Байкоо үйү башчысы доктор Метью Коллесс (Dr. Matthew Colless) башчылык кылган илимпоздор тобу алгач галактикалардын бир-бирине карата абалдарын, араларындагы аралыктарды аныкташып, андан соң галактикалардын таралуу формасын модельдеп ал модельдердеги кичине айырмачылыктарды терең анализдешти.

АКШнын Нью-Мексико штатындагы Apache Point байкоо үйү тарабынан жасалган ушул сыяктуу иште болсо –космостун башка бир аймагындагы- болжол менен 46 000 галактиканын абалдары ушул сыяктуу үч өлчөмдүү картага түшүрүлдү жана таралуулары анализ кылынды. 2,5 метр диаметрлүү Sloan телескобу колдонулган изилдөөнүн башчылыгын Аризона университетинен Даниэль Эйзенштейн жүргүздү. 26

Эки топ тең алган жыйынтыктарын Сан-Диегодо уюштурулган Америка астрономия уюмунун кышкы чогулушу учурунда 2005-жылдын 11-январь күнү жарыялашты. Коллесс менен Эйзенштейндин командалары галактикалар арасындагы аралыктардын айырмачылыктары менен космостук калдык радиациясында байкалган айырмачылыктар арасында дал келүүчүлүктү аныкташты. Натыйжада галактикалардын заттын Биг Бенгден 350 000 жылдан кийин пайда болуп бир аз тыгызыраак топтолгон аймактарында түзүлүп башталганы белгилүү болду.

Бул эмгектерде алынган жыйынтыктар Биг Бенг теориясын андан да бекемдеди. Др. Каннон бул колдоону мындайча баса белгиледи:

Изилдөө ааламдын келип чыгышы жөнүндө Биг Бенг теориясына маанилүү колдоо болду. Көп убактан бери ааламды түшүндүрүүдө эң жакшы теориянын Биг Бенг экенин; ааламдын өтө кичинекей бир чекитте өтө чоң бир жарылуу менен башталганын жана жарылуудан бери тынымсыз кеңейип жатканын билчүбүз. Эми болсо өтө ишенимдүүлүк менен бул негизги пикир туура деп айта алабыз. Жана бул боюнча бүт нерсе оңой гана өз ордун табат. 27

Куранда 14 Кылым Мурда Кабар Берилген Чындыктар

planets

We are so peaceful on the Earth where we live that we never realize we exist on a tiny planet moving at thousands of kilometers an hour in a boundless, airless cavity. The fact to be kept in mind, however, is that Earth is a special shelter created for man so that he may live thereon.

Бул жерге чейинкилерди жыйынтыктасак, астрофизиканын талашсыз бүтүмү боюнча, бүт аалам зат жана убакыт чен-өлчөмдөрү менен бирге, бир нөл көз ирмеминде чоң бир жарылуу менен (Big Bang – Биг Бенг) пайда болгон. Биг Бенгден мурда зат деген нерсе жок эле. Зат, энергия, ал тургай, убакыт да болбогон, толугу менен метафизикалык деп атоого мүмкүн болгон бир жоктук шарттарында зат, энергия жана убакыт пайда болгон. Заманбап физика 20-кылымдын аягына жакын гана жеткен бул улуу чындык Куранда бизге 14 кылым мурда кабар берилген:

Асмандар менен жерди бир өрнөк албастан жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)

Белгилүү болгондой, Биг Бенг теориясы башында ааламдагы бүт заттардын чогуу болгонун жана кийин бөлүнүшкөнүн көрсөттү. Биг Бенг теориясы көрсөткөн бул чындык болсо мындан толук 14 кылым мурда адамдардын аалам жөнүндөгү маалыматы өтө чектүү кезде Куранда төмөнкүчө айтылган:

Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине бириккен болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)

Теманын башында да айтылгандай, «ааламдын кеңейиши» Чоң жарылуу теориясынын, б.а. ааламдын жоктон жаратылгандыгынын эң негизги далилдеринин бири. Аалам жаратылгандан бери тынымсыз уланып келген жана заманбап илим тарабынан 20-кылымда гана аныктала алган бул окуядан мындан 14 кылым мурда жөнөтүлгөн Куранда төмөнкүчө сөз кылынат:

Биз асманды «улуу бир кудурет менен» курдук жана күмөнсүз, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)

Тартип Алып Келген Жарылуу

Негизи Биг Бенг атеисттер менен материалисттерге жараткан маселе атеист философ Энтони Флюнун жогоруда мойнуна алганынан бир топ чоң. Себеби Биг Бенг ааламдын жоктон пайда кылынганын эле эмес, ошол эле учурда өтө пландуу, тартиптүү жана контрольдуу пайда кылынганын да көрсөтүүдө.

Мунун себеби – бир жарылуу болгон Биг Бенгден соң ааламда өтө тартиптүү бир түзүлүштүн келип чыгышы. Негизи жарылуулар тартип пайда кылышпайт. Биз көргөн бүт жарылуулар бар болгон тартипти бузуп, талкалайт жана жок кылат. Мисалы, атом жана суутек бомбаларынын жарылышы, вулкандык жарылуулар, табигый газдын жарылышы, күндөгү жарылуулар... Кандай гана жарылууну карабайлы, сөзсүз кыйратуучу натыйжаларга себеп болгонун көрөбүз.

Бирок, бир жарылуудан соң өтө детальдуу бир тартип пайда болгон болсо, анда ал жарылуунун артында бир акыл, бир кийлигишүү бар, жана жарылуу менен бирге чачыраган бүт бөлүкчөлөр чындыгында өтө контрольдуу кыймылдатылган деген жыйынтыкка барабыз.

Биг Бенг теориясына көп жылдар бою каршы чыккан Сэр Фред Хойлдун сөздөрү дал ушул жагдайды айтат:

Биг Бенг теориясы ааламдын жалгыз жана чоң бир жарылуу менен башталганын кабыл алат. Бирок биз билген бүт жарылуулар затты чачыратат жана тартибин бузат. Ал эми Биг Бенг болсо өтө табышмактуу болуп тескери бир натыйжа алып келген. Затты бир-бири менен бириге турган жана галактикаларды түзө турган абалга алып келген. 28

Хойл Биг Бенгдин тартипти пайда кылышын парадоксалдуу деп айтканда, албетте, Биг Бенгди материалисттик бир стереотип менен жоромолдогон, б.а. аны бир «контрольсуз жарылуу» деп караган. Чындыгында болсо, жаратуучубуз Аллахтын бар экенин кабыл албаш үчүн ушундай сөздү айтып, парадоксалдуу абалга түшкөн өзү болгон. Себеби, жарылуунун натыйжасында өтө улуу бир тартип пайда болгон болсо, анда «контрольсуз жарылуу» пикирин бир тарапка таштап, жарылуунун өтө контрольдуу болгонун кабыл алуу керек болот.

Мындай тартип Биг Бенгден кийинки ар бир этапка тиешелүү. Биг Бенгдин натыйжасында пайда болгон зат бүгүнкү күндө «субатомдук бөлүкчөлөр» деп аталган бөлүкчөлөр болгон. Бирок алар өтө тартиптүү биригишип атомдорду пайда кылышкан, болгондо да ааламдын бүт тарабында жана бардык бөлүгүндө. Улуу бир тартип менен түзүлгөн ал атомдор ааламдын белгилүү аймактарында чогулуп, галактикаларды пайда кылышкан. Ал галактикалардын ичинде жылдыздар, жылдыздардын айланасында болсо жылдыз системалары менен планеталар пайда болгон. Бүт бул ири асман телолору кереметтүү даражада тартиптүү. Ааламда болжол менен 300 миллиард галактика бар экенин жана алардын ар биринин ичинде болжол менен 300 миллиарддай жылдыз бар экенин ойлосок, бул тартип менен тең салмактуулуктун канчалык кереметтүү экенин жакшыраак түшүнө алабыз.

Өтө Так Тең Салмактуулуктар

Биг Бенгден соң ааламда пайда болгон мындай кереметтүү тартиптин башка бир тарабы болсо – бул «жашоого ыңгайлуу бир ааламдын» пайда болгондугу. Жашоого мүмкүн болгон бир планетанын пайда болушу үчүн керектүү шарттар ушунчалык көп болгондуктан, алардын кокустуктар натыйжасында пайда болгонун ойлоо мүмкүн эмес.

Белгилүү теориялык физика профессору Пол Дэйвис (Paul Davies) Биг Бенгден кийинки кеңейүү ылдамдыгынын канчалык «өтө так жөнгө салынганын» эсептеп, таң калыштуу бир жыйынтыкка жеткен. Дэйвистин ою боюнча, Биг Бенгден кийинки кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард жолу миллиарддык эле башкачараак болгондо, жашоого мүмкүн болгон бир жылдыз тиби пайда боло алмак эмес жана ааламда жашоо болмок эмес:

Эсептөөлөр ааламдын кеңейүү ылдамдыгынын өтө критикалуу экенин көрсөтүүдө. Эгер аалам бир азга эле жайыраак кеңейсе, тартылуу күчү себебинен өз ичине чөгүп кетет, бир аз эле ылдамыраак кеңейсе, космостук материал толугу менен чачырап кетмек. Бул эки кырсыктын арасындагы тең салмактуулук канчалык «жакшы эсептелген» деген суроонун жообу өтө кызык. Эгер IS убагында (жарылуу ылдамдыгы белгилүү болгон кезде) жарылуу ылдамдыгы чыныгы ылдамдыгынан 1018челик эле башкачараак болгондо, бул керектүү тең салмактуулукту жок кылууга жетмек. Ошондуктан ааламдын жарылуу ылдамдыгы кереметтүү тактыкта белгиленген. Ушул себептен Биг Бенг кандайдыр бир жарылуу эмес, бүт тараптан өтө жакшы эсептелген жана тартипке салынган бир окуя. 29

Ааламдагы бул керемет тең салмактуулук илимий бир журналда мындайча айтылат:

Эгер аалам затыбыздын тыгыздыгы бир азга чоңураак болгондо, анда Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, аалам атомдук бөлүкчөлөрдүн бир-бирин тартуу күчүнөн улам эч кеңейе алмак эмес жана кайра кичирейип бир чекитчеге айланмак. Эгер тыгыздык башында бир азга азыраак болгондо, анда аалам өтө ылдам кеңеймек, бирок атомдук бөлүкчөлөр бир-бирин тартып кармай алмак эмес жана жылдыздар менен галактикалар эч качан пайда болмок эмес. Албетте, биз да болмок эмеспиз! Эсептөөлөр боюнча, ааламыбыздын башталгычтагы чыныгы тыгыздыгы менен пайда болушу мүмкүн болбогон критикалуу тыгыздыгы арасындагы айырма жүздөн бирдин бир квадрильонунан да аз. Бул бир калемди ийненин учуна бир миллиард жылдан соң да тура ала тургандай кылып жайгаштырууга окшошот... Болгондо да, аалам кеңейген сайын бул тең салмактуулук андан да кылдатыраак болууда. 30

Стивен Хокинг болсо Убакыттын кыска тарыхы аттуу китебинде кеңейүү ылдамдыгындагы тең салмактуулукту төмөнкүдөй түшүндүрөт:

Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык критикалуу бир чекитте; Биг Бенгден кийинки биринчи секундада бул чоңдук эгер жүз миллион жолу миллиондон бирге кичинерээк болгондо, аалам азыркы абалына келе албастан өз ичине чөкмөк. 31

Пол Дэйвис бул өтө кызыктуу жагдай жөнүндө мындай дейт:

Өтө кичинекей сандык өзгөрүүлөргө сезгич болгон ааламдын учурдагы түзүлүшүнүн өтө кылдат бир аң-сезим тарабынан пайда кылынганына каршы чыгуу абдан кыйын... Табияттын эң негизги тең салмактуулуктарындагы өтө так сандык тең салмактуулуктар космостук бир пландын бар экенин кабыл алуу үчүн абдан күчтүү бир далил. 32

Бул чындык жөнүндө америкалык астрономия профессору Джордж Гринштейн болсо The Symbiotic Universe аттуу китебинде мындай деп жазат:

Далилдерди изилдеген сайын, маанилүү бир чындыкка кайра кайра туш болобуз. (Ааламдын пайда болушунда) бир табияттан жогору акыл –же болбосо Акыл- кийлигишкен болушу керек. 33

Жыйынтыктасак, ааламдагы кереметтүү системаны изилдегенде, ааламдын пайда болушу менен иштешинин кокустуктар менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес даражада комплекстүү тартип менен кылдат тең салмактуулуктарды камтыганын көрөбүз. Апачык көрүнүп тургандай, бул кылдат тең салмактуулук менен назик пландын укмуштай чоң бир жарылуудан соң өзүнөн-өзү жана кокустан пайда болушу эч мүмкүн болмок эмес. Биг Бенгдей бүт ааламдын заты менен энергиясын ачыкка чыгарган бир жарылуудан соң мындай тартиптин пайда болушу ар бир көз ирмеминин пландуу контрольдонушу менен гана мүмкүн. Бул болсо ааламдын жоктон бар кылган жана анын ар бир көз ирмемин контрольдоп, башкарган Аллахтын жаратуусу.

Жаратылуу Чындыгына Каршы Айтылган Пикирлер Жана Алардын Жараксыздыгы

flowers

[Allah is] the Originator of the heavens and Earth. When He decides on something.
He just says to it, ‘Be!’ and it is.
(Sureat al-Baqara, 117)

Бул жерге чейин каралгандай, Биг Бенгдин аалам жоктон бар кылынган деген мааниге келээри, б.а. Жаратууну далилдеши анык. Ушул себептен материалисттик философияны кабылдаган астроном жана физиктер бул чындыкка каршы чыгуу үчүн өз ойлорунда кээ бир альтернативдүү түшүндүрмөлөрдү чыгарууга аракет кылышкан. Булардын бири болгон «туруктуу абал теориясы» - «аалам жаратылган деген көз-караштан философиялык жактан тынчсызданган» бир катар илимпоздордун үмүтсүз бир аракети.

Материалисттер чыгарган дагы эки альтернатива болсо – Биг Бенгди кабыл алган, бирок Биг Бенгди Жаратуудан тышкары чечмелөөгө аракеттенген модельдер. Булардын биринчиси «ачылып-жабылуучу аалам модели», экинчиси болсо «кванттык аалам модели». Эми кезеги менен бул теорияларды жана алардын эмне үчүн жараксыз экенин карайлы.

Ачылып-жабылуучу аалам модели Биг Бенгди ааламдын башталышы катары кабыл алууга эч чыдай албаган астрономдор тарабынан чыгарылган. Бул модельде аалам Биг Бенгден соң кайрадан өз ичине чөгүп жалгыз чекитке чогулат, анан кайрадан жарылып ачылат, кайра жабылат жана бул айлампа түбөлүк улана берет деп айтылат. Ошондой эле, бул модель боюнча, Биг Бенгден мурда да чексиз жолу аалам жарылып кайра кысылган. Б.а. бул көз-караш боюнча, аалам жана зат чексиз мурдатан бери бар, бирок белгилүү убакыт аралыгы менен жарылуулар жана анан кайра өз ичине чөгүүлөр болуп турат. Азыр биз жашап жаткан аалам болсо бул айлампанын ичиндеги чексиз сандагы ааламдын бирөөсү.

Бул модельди чыгаргандардын кылганы «Биг Бенгди кантип чексиз аалам көз-карашына ылайыкташтыра алабыз» деп ойлонуп, аягында ушундай сценарий жазуу гана болгон. Бирок бул илимге сыйбас бир сценарий, себеби акыркы изилдөөлөр ачылып-жабылуучу бир аалам моделинин мүмкүн эместигин көрсөттү. Себеби аалам өз ичине чөккөн күндө да, белгилүү болгон эч бир физика мыйзамынын мындай Чоң чөгүүнү артка кайтарышы жана ааламды жаңы бир Чоң жарылуу менен кайрадан пайда кылышы мүмкүн эмес. 34

Бул модельди жараксыз кылган эң негизги фактор болсо – бул, эгер чындап аалам дайыма жабылып-ачылып турса дагы, мындай циклдин түбөлүккө чейин улана албашы. Себеби эсептөөлөр циклдик ааламдардын бир-бирине энтропия калтыраарын көрсөтүүдө. Б.а. энергия ар ааламда барган сайын бир аз пайдасызыраак болуп калат жана ар бир жаңы «ачылган» аалам бир аз жайыраак ачылып, бир аз чоңураак диаметрлүү болот. Бул болсо убакыт менен артты көздөй барганда барган сайын кичинерээк ааламдар болушун талап кылат жана кайра эле бир «алгачкы ааламда» токтойт. Б.а. эгер тынымсыз ачылып-жабылган ааламдар болсо дагы, алар башында кайра эле жоктуктан бар болушу керек болот. 35

Кыскасы, «ачылып-жабылуучу» түбөлүктүү аалам модели ишке ашышы физикалык жактан мүмкүн эмес бир фантазия гана.

Биг Бенгди Жаратуудан тышкары түшүндүрө алуу үчүн чыгарылган экинчи модель болсо – бул «кванттык аалам модели». Бул теорияны жактагандар кванттык (субатомдук) физикадагы бир байкоого таянып бир сценарий чыгарышкан. Кванттык физикада субатомдук бөлүкчөлөрдүн боштук (вакуум) ичинде кокустан пайда болуп жана жок болгону байкалат. Бул байкоону «зат кванттык деңгээлде жоктон пайда боло алууда, бул заттын өзүнө тиешелүү бир өзгөчөлүк» деп туура эмес жоромолдогон кээ бир физиктер ааламдын жаратылуусу учурунда заттын жоктон пайда болушун да «заттын өзүнө тиешелүү бир өзгөчөлүк» деп, табият мыйзамдарынын бир бөлүгүндөй көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Чындыгында болсо кванттык физикага салыштыруу жасоонун эч темага байланышы жок жана ааламдын жаратылуусун түшүндүрүүдөн алыс. Big Bang, Theism and Atheism (Чоң жарылуу, теизм жана атеизм) китебинин автору Уильям Лейн Крейг бул жөнүндө мындай дейт:

Ичинде бөлүкчөлөр толкунданган (бир көрүнүп бир жок болгон) механикалык квантум вакууму негизи чыныгы бир «вакуум», б.а. «жоктук» түшүнүгүнөн өтө алыс. Бир кванттык модельде тынымсыз пайда болуп жок болгон бөлүкчөлөр бар болгон кыска убакытка айланаларындагы энергиядан уурдашат. Бул «жоктук» эмес жана ошондуктан заттын бөлүкчөлөрү да жоктон пайда болуп жаткан жок. 36

Б.а. кванттык физикада да негизи зат «жоктон бар» болуп жаткан жок. Болгону айланадагы энергия кокустан затка айланып, кайра ал зат чачырап кайрадан энергия формасына келүүдө. Кыскасы, «өзүнөн-өзү жоктон пайда болуу» деген нерсе жок.

Бирок, бүт илим тармактарындагы сыяктуу, физика тармагында да материалисттик илимпоздор ар кандай критикалуу нерселерди жана детальдарды көрмөксөн болуп, чындыктарды өз көз-караштарына ылайык бурмалоого барышууда. Себеби алар үчүн материализмди, жана натыйжада атеизмди сактап калуу илимий чындыктардын ачыкка чыгарылышынан жана түшүндүрүлүшүнөн алда канча чоң мааниге ээ. Жогорудагы чындыктын түшүнүктүү болушу кванттык аалам моделинин көпчүлүк илимпоз тарабынан четке кагылышына себеп болгон; физик С. Дж. Ишам айткандай, «Теориянын алдынан чыккан өлүмчүл кыйынчылыктар себебинен, кванттык аалам модели көпчүлүк тарабынан кабыл алынган жок.» 37 Ал тургай, бул модельди бүгүнкү күндө аны биринчи болуп чыгарган Р. Броут жана Ф. Шпиндель сыяктуу физиктер да таштап салышты. 38

space

Кванттык модельдин акыркы жылдары атагы чыккан бир версиясы болсо Стивен Хокингден келүүдө. Хокинг Убакыттын кыска тарыхы аттуу китеби менен кызыгуу жараткан моделинде Биг Бенг «жоктуктан бар болуу» маанисине келбейт дейт. Биг Бенгден мурда убакыт болбогону жөнүндө болсо «элестүү убакыт» сыяктуу бир катар түшүнүктөрдү ойлоп тапкан. Хокингдин айтуусу боюнча, Биг Бенгдин 10-43 секундасына чейин «элестүү убакыт» гана бар жана чыныгы убакыт ушул убактан баштап пайда болгон. Хокингдин үмүтү ушул «элестүү убакыт» түшүнүгү аркылуу Биг Бенгден мурда «убакытсыздыктын» гана орун алганын жокко чыгара алуу болгон.

Чындыгында болсо «элестүү убакыт» «бир бөлмөдөгү элестүү адамдардын саны» же «бир жолдогу элестүү машиналардын суммасы» сыяктуу чындыгында нөлгө, жоктукка туура келген бир түшүнүк. Хокинг бул жерде бир сөз оюнун гана жасаган.

Материалист илимпоздордун ааламдагы кемчиликсиз жана жоктон жаратууну тастыктаган илимий ачылыштарга каршы чыгарган көз-караштарынын бири болсо – бул «балким чексиз санда аалам бар жана алардын бири болгон биздин ааламыбыз кокустан жашоого ылайыктуу болуп калгандыр» деген көз-караш. «Көптүк аалам» деп аталган бул теория материализмди сактап калуу аракети менен ойлоп табылган бир көз-караш гана жана эч бир илимий ачылыш муну тастыктаган жок. Белгилүү астрофизик Пол Дэйвис The New York Times гезитинин 2003-ж. 12-апрельдеги санында «Көптүк ааламдын кыска тарыхы» (A Brief History of the Multiverse) темалуу бир макала жарыялаган жана бул көз-карашын жактаганга аракет кылган. Негизи Пол Дэйвистин макаласынын ичинде логикасыздыктар орун алган жана Дэйвис да негизи Аллахтын бар экенин кабыл алат:

Табият эмне үчүн мынчалык акылдуу, ал тургай, күмөн пайда кыла турган даражада жашоого ыңгайлуу? Физика мыйзамдары жашоону жана аң-сезимди эмне үчүн мынчалык коргошот, эмне үчүн жашоого ыңгайлуу бир ааламды түзүү үчүн кызматташтык кылышат? Дээрлик, бир Улуу Акыл (Аллах) булардын баарын белгилегендей. 39

Materialists' Reactions to the Big Bang are a Sign of Their Defeat-

An example of the opposition to the Big Bang is to be found in an essay by John Maddox, the editor of Nature (a materialist magazine), that appeared in 1989. In "Down with the Big Bang", Maddox declares the Big Bang to be philosophically unacceptable because it helps theologists by providing them with strong support for their ideas. The author also predicted that the Big Bang would be disproved and that support for it would disappear within a decade.43 Maddox can only have been even more discomforted by the subsequent discoveries during the next twenty years that have provided further evidence of the existence of the Big Bang.

This fact came as a most disturbing and even totally undermining one to materialists who maintained that the universe is infinite and eternal. That is why materialist scientists embarked on a search for models they thought would rule out the Big Bang and keep the idea of the eternal universe alive. But all their efforts along these lines ended in failure. Some materialists do act with more common sense on this subject. The British Materialist H. P. Lipson accepts the truth of creation, albeit "unpleasantly", when he says:

If living matter is not, then caused by the interplay of atoms, natural forces, and radiation, how has it come into being?…I think, however, that we must…admit that the only acceptable explanation is creation. I know that this is anathema to physicists, as indeed it is to me, but we must not reject that we do not like if the experimental evidence supports it. 44

Ken Miller from Columbia University describes the light the Big Bang sheds on the origin of the universe by saying:

One of the most remarkable findings of cosmological science is that the universe did have a beginning, and a spectacular beginning at that. Discussions of first causes used to be dry philosophical constructs, theoretical arguments against an infinite regression of events backwards in time. The big bang made the first cause real. It placed a wall at the beginning of time, closing to inquiry (but not, of course, to speculation) all events that might have occurred before that cosmic explosion. In the view of many scientists, the big bang casts a distinctly theological light on the origin of the universe.42

Science Finds God, Newsweek

Modern science proves the reality of the creation of the universe by Allah, contrary to what outdated materialists philosophy maintains. Newsweek made "Science Finds God" the cover story of its July 27th 1998 issue.

Мындан тышкары, Дэйвис көптүк аалам теориясынын бир спекуляция гана экенин да мойнуна алат. Дэйвистин айтымы боюнча, көптүк аалам теориясына «ой жүгүртүү жолу менен» барылат. Болгондо да, бул теорияга баратканда «ынандыруучулук бир чекке жетип», «барган сайын көбүрөөк ишенимге таянган бир кабылдоо жасалууда.»

Булардын баары көрсөткөндөй, Биг Бенгге альтернатива катары чыгарылган туруктуу абал теориясы, ачылып-жабылуучу аалам модели, көптүк аалам көз-карашы, кванттык аалам модельдери жана Хокинг модели сыяктуу изденүүлөр чындыгында материалисттердин философиялык стереотибинен гана келип чыгууда. Илимий ачылыштар Биг Бенгдин тууралыгын жана «жоктуктан пайда болуу» маанисине келээрин апачык көрсөтүүдө. Жана ааламдын жоктон жаратылганы Аллахтын жараткандыгынын анык далилдеринин бири.

Колумбия университетинен Кен Миллер Биг Бенгдин ааламдын келип чыгышына жол көрсөтөөрүн төмөнкүдөй баяндайт:

Космология илиминин эң белгилүү ачылыштарынын бири – бул ааламдын чындап бир башталышы, кереметтүү бир башталышы бар деген ачылыш. Баштапкы себеп жөнүндөгү талаштар – убакыт ичинде окуялардын түбөлүккө чейин артка кете алышына каршы колдонулган теориялык бир аргумент эле. Булар натыйжасыз философиялык түшүнүктөр катары кабыл алынчу. Биг Бенг баштапкы себептин чындык экенин көрсөттү. Убакыттын башталышына бир дубал коюп, космостук жарылуудан мурда ишке ашышы ыктымал болгон окуяларды изилдөөнү жапты. Көптөгөн илимпоздордун пикири боюнча, Биг Бенг ааламдын башталышына көрүнөөрлүк бир теологиялык жарык чачты. 40

Жыйынтыктасак заманбап илим жеткен чындык мындай: зат менен убакытты бул экөөнөн тең көз-карандысыз, чексиз кудуреттүү Жаратуучубуз Улуу Аллах жараткан. Биз жашап жаткан ааламды жараткан – бул улуу кудурет, илим жана акыл ээси Аллах.

Материалисттердин Биг Бенгге Болгон Реакциясы Алардын Жеңилгенин Көрсөтөт

All these facts indicate that the claims of the materialist philosophy, which is simply a 19th century dogma, are invalidated by 20th century science. By erroneously deeming everything to consist of nothing but matter, materialism made the great mistake of denying the evident existence of a Creator Who brought matter into being and ordered it. By exposing the great intellect and order prevalent in the material sphere, modern science has proved the existence of an almighty Creator Who rules over the material sphere, that is, Allah. The order we encounter in the universe is also revealed in the world of living beings, causing the greatest support of materialism, Darwin's theory of evolution, to be literally demolished.

Materialism could have held sway over a great number of people for centuries, having even disguised itself with the mask of "science" in the 19th century. Yet it seems that in the 21st century, it will be remembered as a superstitious belief opposing science. Humanity has rid itself of such superstitious beliefs as that the world stands on the horns of an ox, or that it is flat, and so will it rid itself of materialism.

Биг Бенгге карата материалисттик реакциянын бир мисалы материалисттик илимий журналдардан болгон Nature'дин редактору Джон Мэддокс 1989-жылы жазган бир макалада айтылган. Мэддокс «Жок болсун Биг Бенг» (Down with the Big Bang) темалуу макаласында «Биг Бенгди философиялык жактан кабыл алууга болбой турганын» себеби «Биг Бенг менен бирге теологдордун жаратылуу көз-карашына күчтүү бир колдоо табышканын» айтат жана «Биг Бенг алдыбыздагы он жылдан чыкпайт» деген бир көзү ачыктык кылган.41 Бирок Мэддокстун мындай үмүтүнүн тескерисинче, Биг Бенг андан бери өткөн 20 жыл ичинде алда канча күчтөнүп, ааламдын жаратылганын далилдеген дагы көптөгөн ачылыштар жасалды.

Бул чындык ааламдын башы жана аягы жок деген материалисттер үчүн өтө тынчсыздандыруучу болгон. Материалист илимпоздор ушул себептен Биг Бенгди өз ойлорунда четке сүрө турган жана чексиз аалам көз-карашын сактап кала турган модельдерди изденүүгө киришишкен, бирок бул багыттагы бүт аракеттери ийгиликсиз аяктаган.

Кээ бир материалисттер болсо бир аз «акылдуулук» кылышууда. Мисалы, англис материалист физик Х. П. Липсон Жаратылуунун илимий бир чындык экенин «каалабастан да болсо» төмөнкүчө кабыл алат:

Менимче, мындан да алга кетип, жалгыз кабыл алаарлык түшүндүрмөнүн Жаратылуу экенин тастыктоого мажбурбуз. Мунун мен да кошо көп физиктер үчүн өтө оор экенин билем, бирок эгер эксперименттик далилдер бир теорияны колдоп жатса, ал теорияны жакпаганы үчүн гана четке какпашыбыз керек. 42

Материализмдин Бүтүшү

Бул чындыктардын баары 19-кылымдын бир догмасы болгон материалисттик философия пикирлеринин 20-кылымдын илими тарабынан жараксыз кылынганын көрсөтүүдө. Материализм «заттан башка эч нерсе жок» деген жаңылыштыгы менен затты пайда кылган жана тартипке салган бир Жаратуучунун бар экенин четке каккан, бирок өтө чоң жаңылыштык кетирген. Модерн илим материалдык дүйнөдөгү улуу акыл менен тартипти көрсөтүп, материалдык дүйнөнү башкарган улуу күч жана кудурет ээси бир Жаратуучунун, б.а. Аллахтын бар экенин далилдөөдө. Ааламдагы мындай тартип жаныбарлар дүйнөсүндө да бар жана материализмдин эң чоң таянычы деп эсептелген Дарвиндин эволюция теориясы да ушул себептен толугу менен кыйрады.

Материализм кылымдар бою көп адамга таасир берип, ал тургай, 19-кылымда «илим» маскасын кийген болушу мүмкүн, бирок 21-кылымда илимге карама-каршы келген бир негизсиз ишеним катары тарыхта калаары көрүнүп турат. Адамзат дүйнө өгүздүн мүйүздөрү үстүндө турат же дүйнө тегиз деген сыяктуу негизсиз ишенимдерден кутулду, ошол сыяктуу материализмден да кутулат.

Footnotes

2. George Politzer, Principes Fondamentaux de Philosophie, Editions Sociales, Paris, 1954, pp.62-63

3. David Filkin, Stephen Hawking’s Universe: The Cosmos Explained, Basic Books, USA, 1997, p. 75

4. Billy Bryson, A Short History of Nearly Everything, Broadway Books, USA, 2004, p. 10

5. Andrei Linde, »The Self-Reproducing Inflationary Universe«, Scientific American, vol. 271, 1994, p. 48

6. S. Jaki, Cosmos and Creator, Regnery Gateway, Chicago, 1980, p. 54

7. Robert Jastrow, God and the Astronomers, Second Edition, July 2000, USA, p. 104

8. Ibid., p. 104

9. Ibid., p. 105

10. http://slate.msn.com/id/3142/

11. Robert Jastrow, God and the Astronomers, Second Edition, July 2000, USA, pp. 105-106.

12. Barry Parker, Creation: The Story of the Origin and Evolution of the Universe, 2003, pp. 201-202

13. David Filkin, Stephen Hawking’s Universe: The Cosmos Explained, p. 89

14. David Filkin, Stephen Hawking’s Universe: The Cosmos Explained, p. 96

15. Henry F. Schaefer III, “Stephen Hawking, The Big Bang, and God,” online available at http://www.leaderu.com/real/ri9404/bigbang.html

16. Stephen Hawking’s A Brief History of Time: A Reader’s Companion (edited by Stephen Hawking ; prepared by Gene Stone.), New York, Bantam Books, 1982, p. 62-63

17. Jeff Foust, “Big Bang Evidence Found,” Spaceflight Now, May 2, 2001; online available at: http://spaceflightnow.com/news/n0105/02bigbang/

18. George O. Abel, Exploration of the Universe, Holt Rinehart and Winston, 1975, pp. 665-667

19. Henry Margenau and Roy Abraham Varghese, eds., Cosmos, Bios, Theos, La Salle, IL: Open Court Publishing, 1992 p. 241

20. Stephen Hawking’s A Brief History of Time: A Reader’s Companion (edited by Stephen Hawking; prepared by Gene Stone.), New York, Bantam Books, 1982, p. 143

21. Charles Seife, “Illuminating the Dark Universe,” Science, 19 December 2003: 2038-2039.

22. http://nasascience.nasa.gov/missions/wmap

23. http://wmap.gsfc.nasa.gov/

24. http://wmap.gsfc.nasa.gov/universe/uni_life.html

25. http://wmap.gsfc.nasa.gov/

26. http://www.nasa.gov/centers/goddard/news/topstory/ 2003/0206mapresults.html

27. “Galaxy patterns reveal missing link to Big Bang”, 12 January 2005, http://info.anu.edu.au/mac/Media/Media_Releases/_2005/_January/_120105redshift.asp

28. “The Cosmic Yardstick—Sloan Digital Sky Survey astronomers measure role of dark matter, dark energy and gravity in the distribution of galaxies”, January 11, 2005, online available at: http://www.sdss.org/news/releases/20050111.yardstick.html

29. “Universe is flat with a ripple,” January 12, 2005; online available at: http://www.theage.com.au/news/Science/Universe-is-flat-with-a-ripple/2005/01/12/1105423539638.html

30. W.R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville: Thomas Nelson, 1991; originally published by Philosophical Library in 1987, p. 462

31. W.R. Bird, The Origin of Species Revisited, Nashville: Thomas Nelson, 1991; originally published by Philosophical Library in 1987, p. 405-406

32. Bilim ve Teknik magazine, vol. 201, p. 16

33. Stephen W. Hawking, A Brief History of Time, Bantam Books, April 1988, p. 121

34. Paul Davies, God and the New Physics, New York: Simon & Schuster, 1983, p. 189

35. Hugh Ross, Ph.D., The Creator and the Cosmos, Navpress, 1995, p. 76

36. William Lane Craig, “Cosmos and Creator,” Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, p. 19

37. William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, p. 19

38. William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, p. 20

39. Christopher Isham, “Space, Time and Quantum Cosmology”, paper presented at the conference “God, Time and Modern Physics”, March 1990, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, p. 27

40. R. Brout, Ph. Spindel, “Black Holes Dispute”, Nature, vol 337, 1989, p. 216

41. Paul Davies, “A Brief History of the Multiverse,” The New York Times, April 12, 2003

42. Miller K.R., Finding Darwin’s God: A Scientist’s Search for Common Ground Between God and Evolution, [1999], HarperCollins: New York NY, 2000, reprint, p. 225

43. John Maddox, “Down with the Big Bang”, Nature, vol. 340, 1989, p. 378

44. H. P. Lipson, “A Physicist Looks at Evolution”, Physics Bulletin, vol. 138, 1980, p. 138