Жыйынтык

Бул китепте дээрлик ар бир адам көргөн, бирок көбүнчө байкамаксан болуп койгон же чындап ойлонбогон кээ бир чындыктарга токтолдук. Апачык көрүнүп тургандай, жер жүзүндө организм түрлөрү эбегейсиз көп. Бул түрлөр адамзаттын жашоосуна ыңгайлуу айлана-чөйрө шарттарын түзүшөт жана адамзаттын бүт муктаждыктарын камсыз кылышат. Башкача айтканда, биологиялык ар түрдүүлүктүн (biological diversity) ар бир адам үчүн мааниси чоң. Дагы бир маанилүү нерсе, сансыз микроорганизмдерден, өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан турган бул системада кемчиликсиз бир гармония жана тең салмактуулук бар. Бул чындыктар жөнүндө, албетте, терең ойлонуу керек.

Бул китепте, ошондой эле, эволюция теориясынын акылга, логикага жана илимге толугу менен карама-каршы келээрине токтолдук. Жашоонун келип чыгышын кокустуктарга таянган эволюция процесси аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылуунун канчалык акылсыздык экендигин бир мисал менен карайлы.

manzara

Кымбат баалуу эмеректер, буюмдар, сүрөттөр, айкелдер, жасалгалар жана искусство чыгармалары менен кооздолгон даңазалуу бир сарай элестетиңиз. Ал сарайды курууда жана жасалгалоодо ар түркүн дарактар, ар кандай түстөгү айнектер, кымбат баалуу мраморлор, алтын, күмүш, бронза сыяктуу кымбат материалдар, алмаз, изумруд, жакут сыяктуу баалуу таштар колдонулган болсун. Ал сарайдын бүт тарабын байлык жана кооздуктан тышкары, жагымдуу бир гармония дагы курчап турат дейли.

Бир адам чыгып, ушундай кереметтүү сарайды «көп жылдын ичинде өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болуп калган» деп айта алабы? Бир адам бул сарайды «күндүн нуру, жаан-чачын, шамал жана чагылган сыяктуу табият кубулуштарынын таасири менен, металлдардан, чийки заттардан жана элементтерден өзүнөн-өзү курулуп калган» дей алабы?

Албетте, акылы жайында болгон эч бир адам мындай сөздү айтпайт. Сарай мындай турсун, андагы бир сүрөттүн да өзүнөн-өзү же кокусунан пайда боло албашын ар бир адам кабыл алат. Мындай сарайдын адис кишилер тарабынан курулаары анык. Бир адам сарайды курган чеберлерди, дизайнерлерди, архитекторлорду жана декораторлорду өз көзү менен көрбөсө да, эч качан андан күмөн санабайт.

Эми эң даңазалуу сарайдын байлыгынан сансыз эсе жогору турган жер жүзүндөгү санап бүткүс организм түрлөрүн элестетип көрүңүз. Эволюционисттердин «жашоо жана жандуу организм түрлөрү табигый кубулуштардын, кокустуктардын жана туш келди факторлордун натыйжасында пайда болушу мүмкүн» деген сөзүн ойлонуңуз. Бул көз-карашты да, албетте, кабыл алууга болбойт. Анткени, бул жогоруда сүрөттөлгөн сарайды «өзүнөн-өзү же кокусунан пайда болду» дегенден да акылга сыйбас бир сөз. Колуңуздагы бул китепте илимий тыянактардын жана далилдердин негизинде көрсөтүлүп берилгендей, жандуу организмдердин эбегейсиз көп түрдүүлүгүн эволюциянын көңдөй түшүнүктөрү менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт.

Жашоо жана биологиялык ар түрдүүлүк кемчиликсиз бир долбоордон, улуу жаратуудан келип чыккан. Бул болсо чексиз кудуреттүү, чексиз илимдүү жана чексиз акылдуу бир Жаратуучунун бар экенин далилдейт. Ал Жаратуучу – асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагы бүт нерсенин Рабби Аллах.

Жогорку технологиялуу микроскоптордон гана көрүнгөн микроорганизмдерден абдан бийик дарактарга чейин, бүт организм түрлөрү Жараткан Аллахтын бар экендигин жана жалгыздыгын көз алдыбызга тартуулайт. Ар бир сүрөттүн өз сүрөтчүсүн таанытышы сыяктуу, жандыктардын түрлөрү да өздөрүнүн Жаратуучусу Аллахты бизге таанытышат. Айланыбыздагы ар бир жандыкта Раббибиздин чексиз кудуретинин, илиминин жана чеберчилигинин белгилери бар. Бул акыйкат кээ бир аяттарда мындай деп айтылат:

Асмандар менен жердин жаратылышы жана аларда ар бир жандыкты көбөйтүп-жайышы Анын (Аллахтын) далилдеринен. (Шура Сүрөсү, 29)

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

şelale

Бактерияларды, кургактыктагы жана океандардагы өсүмдүктөрдү, жашылчаларды, мөмө-жемиштерди, дарактарды, балыктарды, чымын-чиркей, курт-кумурскаларды, канаттууларды, сойлоочуларды, сүт эмүүчүлөрдү, кыскасы, биз тааныган жана тааныбаган жандыктардын баарын Аллах жараткан. Кээ бир аяттарда Аллахтын ар түрдүү жандыктарды жаратуусу жөнүндө мындай деп айтылат:

Ал асмандан суу түшүрөт. Аны менен бүт нерсенин өсүмдүгүн өстүрөт, андан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо тизилген дандарды чыгаруудабыз. Жана курма дарагынын бүчүрүнөн да жерге самсаалаган бутакчалар, - бири-бирине окшогон жана окшобогон – жүзүмдөрдөн, зайтундан жана анардан бакчалар (өстүрүүдөбүз). Мөмөсүнө, түшүм бергенде жана жетилгенде бир карап көргүлө. Эч күмөнсүз, ыйман келтире турган бир коом үчүн мында чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Энъам Сүрөсү, 99)

Аллах жандуулардын баарын суудан жаратты. Алардын кээ бирлери курсагы менен сойлоп жүрөт, кээ бирлери эки буту менен жүрөт, кээ бирлери болсо төрт буту менен басат. Аллах каалаганын жаратат. Эч шексиз, Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Нур Сүрөсү, 45)

Ар бир адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин, рухуна терең ырахат тартуулаган, бүт муктаждыктарын камсыз кылган жана ага теңдешсиз бир сый-жакшылык катары тартууланган ар түрдүү жандыктар менен аралашып жашайт. «Жандыктардагы бул кереметтүү ар түрдүүлүк кантип пайда болгон?» деген суроого жооп табуу үчүн жасалган бүт илимий байкоолор жана изилдөөлөр болсо Курандын аяттарында кабар берилген бир акыйкатты тастыктады: жашоону жана жандыктардын түрлөрүн Аллах жараткан. Бул акыйкатты түшүнгөндөр болсо бүт нерсенин жаратуучусу Аллахты жакшылап таанып-билүүгө, Ага гана ибадат кылууга, Ага гана шүгүр кылууга, Ал каалагандай өмүр сүрүүгө жана Анын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүүгө аракет кылууга милдеттүү.

ayet

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)