BБелгилүү болгондой, дарвинизмдин негизин түзгөн жана эволюцияга түрткү берүүчү «күч» катары көрсөтүлгөн эки механизмдин бири – бул, табигый тандалуу түшүнүгү. Табигый тандалуунун «эволюциялоочу күчүнүн» эң негизги «далилдеринин» бири болсо – бул, жогоруда каралган Галапагос икаясынан тышкары, өнөр-жай төңкөрүшү учурунда Англиядагы Biston betularia түрүнө тиешелүү көпөлөктөрдүн түстөрүнүн карарышы.259 Эволюциянын биринчи кезектеги далили катары кабыл алынган бул мисал биология китептеринин жана эволюционист булактардын дээрлик бүт баарынан орун алат жана эволюция теориясы дегенде көбүнчө эң биринчи ушул мисал эске келет.
Өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөрдү изилдөө аркылуу атакка жеткен англиялык энтомолог Бернард Кеттлуэлл бул мисалды «кандайдыр бир организмде ушул күнгө чейин конкреттүү байкалган, эң ачык эволюциялык өзгөрүү» деп атаган.260 Англиялык генетик Филипп Макдональд Шеппард болсо өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр мисалын «ушул күнгө чейин адамзат тарабынан байкалган жана катталган эң көзгө урунарлык эволюциялык өзгөрүү» деп сыпаттаган.261 Белгилүү популяция генетиги Сьюэлл Райт да бул жөнүндө «көрүнүктүү эволюциялык бир процесс чындап байкалган, эң айкын мисал» деп айткан.262
Эволюция теориясынын Түркиядагы белгилүү жактоочуларынын бири профессор, доктор Али Демирсой болсо бул мисалды табигый тандалуунун «эң таамай мисалы» дейт.263 Профессор Демирсой көптөгөн китептеринде мисал келтирген өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр окуясын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
«Бул багыттагы эң кызыктуу мисал – бир кездерде Англияда заводдун түтүнүнө оролгон бир аймакта жашаган көпөлөктөрдө (Biston betularia) келип чыккан эволюциялык өзгөрүү. Өнөр-жай төңкөрүшүнөн мурда дээрлик толугу менен ак түстө болгон бул көпөлөктөр (ошол доордон калган коллекциялардан байкалгандай) дарактардын сөңгөгүндөгү ак эңилчектердин үстүндө жашашчу. Ошентип алар аңчыларга байкалбай калышаар эле. Өнөр-жай төңкөрүшү учурунда заводдордон чыккан кара түтүндөр бул эңилчектерди карартканда, ачык түстүү көпөлөктөр таамай көрүнө баштаган. Бул көпөлөктөр менен азыктанган аңчылар, өзгөчө канаттуулар буларды оңой кармап башташкан. Бирок, өнөр-жай төңкөрүшүнөн мурда бул түрдүн популяциясында өтө аз санда кездешкен күңүрт түстүү индивиддер бул түс шайкештигинен абдан пайдаланышкан. Белгилүү убакыттан соң популяциянын көпчүлүк бөлүгүн күңүрт түстүү көпөлөктөр түзүп калган.» 264
Алгач «табигый тандалуунун эң негизги мисалы жана эволюциялык биологиянын балким эң белгилүү икаясы» 265 жөнүндөгү эволюционисттердин пикирлерин карайлы.
18-19-кылымдарда Англиядан башталган өнөр-жай төңкөрүшү адамзат тарыхынын эң маанилүү бурулуш чекиттеринин бирине айланган. Завод, фабрикалардын көбөйүшү мурда эч кездешпеген абанын булгануу маселесин пайда кылган. Манчестер, Бирмингем жана Ливерпуль сыяктуу Англиянын негизги өнөр-жай борборлорунда күчтүү булгануу келип чыккан. Ошол эле учурда бул шаарлардын айланасында жашаган кээ бир өсүмдүк жана жаныбарлардын түстөрүндө да өзгөрүүлөр катталган.
Lepidoptera (көпөлөктөр) түркүмүнүн Geometridae (инженер көпөлөктөр) уруусунун Biston betularia түрүнө тиешелүү көпөлөктөрдүн түсүнүн өзгөрүшү да көзгө урунган. Өнөр-жай төңкөрүшүнөн мурда бул түр көбүнчө үстүндө кара тактары бар ачык боз түстүү индивиддерден турган. (Ошондуктан «мурчтуу көпөлөк» деп да айтылат.) 1850-жылдары бул түрдүн күңүрт түстүү индивиддери аз болгон. Кээ бир изилдөөлөр боюнча, алгачкы күңүрт түстүү форма 1811-жылы, кээ бирлери боюнча 1848-жылы Манчестердин айланасынан кармалган.266 Бул түрдүн ачык түстүү индивиддерине «кадимкилер», күңүрт түстүүлөрүнө болсо «меландуулар» деп ат коюлган. Кийинки жылдардагы байкоолордо болсо популяциянын ичинде күңүрт түстүүлөрдүн басымдуулук кыла баштаганы аныкталган. Бир кылымдан соң, 1950-жылдары бул аймактагы көпөлөктөрдүн 90%ы меландуу, б.а. күңүрт түстүү болуп калган. (Айлана-чөйрөнүн булганышына бөгөт коюучу мыйзамдар ишке кирип, булгануу азайган соң бул көрүнүш тескерисине айланган. Ачык түстүү индивиддер, өнөр-жай төңкөрүшүнөн мурдакы кездеги сыяктуу, популяциянын көпчүлүгүн түзүп баштаган.)
18-19. yüzyıllarda İngiltere'de fabrikaların kurulması ve sanayi tesislerinin çoğalmasıyla daha önce yaşanmamış bir sorun olan hava kirliliği ortaya çıktı. Aynı zamanda sanayileşmenin olduğu şehirlerin çevresindeki ortamlarda yaşayan bazı bitki ve hayvanların renklerinde farklılıklar kaydedildi. |
Ачык түстүү индивиддерден турган бир популяциянын бара бара күңүрт түстүү абалга келиши «өнөр-жай меланизми» деп айтылат. Илимий адабиятта көпчүлүгү түнкү көпөлөктөрдөн турган, жалпысынан болжол менен 100дөй өнөр-жай меланизминин мисалдары айтылат.267 Көпөлөктөрдү күңүрт түстүү абалга «меланин» аттуу бир белок алып келет. Бир түргө тиешелүү эки көпөлөктүн күңүрт түстүүсү ачык түстүүсүнө караганда көбүрөөк меланин иштеп чыгат.268
Дагы бир айта кетчү нерсе, көпөлөктөрдөгү меланизмге тиешелүү өзгөчө 19-кылымдан калган статистикалык маалыматтар жетишсиз жана учурдагы илимий стандарттар боюнча кемчиликтүү. Бул багытта көп жылдар бою изилдөөлөрдү жүргүзгөн эки илимпоз Уильям жана Мэри университетинен Брюс Грант менен Ливерпуль университетинен сэр Кирилл Кларк бул чындыкты мындайча айтышкан:
«19-кылым бою жана 20-кылымдын башында меландуулук деңгээлинин сандык каттоолорун бир канча киши жүргүзгөн; ошондуктан меланизмдин өсүшүнө жана жайылышына байланыштуу маалыматтарыбыз үстүртөн гана.»269
Көпөлөктөрдүн түсүнүн өзгөрүшүн алгач англиялык биолог Джеймс Уильям Тутт 19-кылымдын аягында «Англия көпөлөктөрү» аттуу китебинде караган.270 Туттун ою боюнча, таза токой аянттарындагы дарактардын сөңгөгүн каптаган ачык түстүү эңилчектердин үстүнө конгон кадимки көпөлөктөр азыраак байкалат. Бул аларды канаттуулардан коргойт. (Эңилчек – бул, балыр жана козу карындардан турган симбиоздук өсүмдүк тобу.) Өнөр-жай төңкөрүшүнөн соң (түтүн жана кислота жамгырынан келип чыккан) булгануудан улам эңилчектер өлүп, дарактардын сөңгөгү күңүрт түскө айланган. Ошентип меландуу формалар жакшыраак камуфляж болуп калган. Тутт «көпөлөктөр менен азыктанган канаттуулар мурдакыдан жакшыраак көрүнүп калган ачык түстүү көпөлөктөрдү оңой кармап, меландуу формалар болсо көбөйүп баштады» деген. Башкача айтканда, бул кубулушту «айлана-чөйрөнүн шарттарынан жана канаттуулардан келип чыккан табигый тандалуу аркылуу эволюциялануу» менен түшүндүргөнгө аракет кылган.
Дж.У. Туттун көз-карашы бир караганда логикалуудай көрүнгөнү менен, ал жылдары көп тараган эмес. Анткени, түнкүсүн учуп, күндүз дарактарда эс алган бул көпөлөктөргө көбүнчө канаттуулардын аңчылык кылаарын көрсөткөн анык бир далил жок эле. Бул энтомологдордун (чымын-чиркей, курт-кумурска адистеринин) жана орнитологдордун (канаттуу адистеринин) бул теорияга күмөн менен карашына себеп болгон.271
Doğal seleksiyon vasıtasıyla doğada var olmayan bir canlı türü ortaya çıkamaz, sadece canlı türlerindeki sakat ya da zayıf olan bireyler ayıklanır. Sanayi Devrimi kelebeklerinin durumu bu konuda iyi bir örnektir. 20. yüzyılın son çeyreğine kadar olan araştırmalara göre değerlendirirsek, Sanayi Devrimi ile birlikte ağaçların renkleri koyulaşmıştır. Dolayısıyla bu ağaçlarda yaşayan kelebeklerden açık renkli olanlar kuşlar için daha kolay görünür hale gelmiş ve kolayca avlandıkları için sayıları azalmıştır. Koyu renkliler ise sayıca artış göstermişlerdir. Elbette ki bu bir evrim değildir. Yeni bir tür oluşmamış, sadece kelebeklerin nüfus oranı değişmiştir. |
1920-жылдары англиялык биолог Дж.У. Хеслоп Харрисон башка бир теория иштеп чыккан. Анын теориясы боюнча, жаныбарлардагы меланизмдин себеби түздөн-түз абадагы химиялык заттар болуп саналат. Харрисон курамында металл туздары бар жалбырактар менен көпөлөк личинкаларын багып, алардан меландуу формаларды алгандыгын айткан.272 Харрисондун бул сөзү дарвинизмге «сокку» катары кабыл алынган 273, бирок 1940-жылдары неодарвинизм пайда болгон соң, мунун баркы жоголуп, «көпөлөктөрдөгү меланизм табигый тандалуунун натыйжасы» деген пикир үстөмдүккө ээ болгон.
Англиялык энтомолог Бернард Кеттлуэлл 1950-жылдардагы изилдөөлөрү аркылуу өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр менен бирге эскерилген бир изилдөөчүгө айланган. Оксфорд университетинде иштеген Кеттлуэлл тарабынан жасалган кээ бир эксперименттер жана изилдөөлөр илим дүйнөсүндө кызыгууну пайда кылган. Чындыгында Кеттлуэлл да эволюционист болгон жана эволюцияга далил табуу максатында жолго чыккан.
Профессор Кеттлуэлл биринчи экспериментин бир капаста жасаган. Капастагы «мурчтуу көпөлөктөрдүн» бир жерге конгонун, андан соң канаттуулар тарабынан аларга аңчылык кылынганын дүрбү менен байкап турган. Ошентип канаттуулардын эс алып жаткан көпөлөктөрдү кармап жешкенин аныктаган.274
Экинчи экспериментинде Кеттлуэлл ачык жана күңүрт түстүү жүздөгөн көпөлөккө белги койуп, абасы булганган бир аймактагы токойлуу аянтка алып барып, күндүз коюп жиберген. Көпөлөктөрдүн дарактардын сөңгөгүнө жайгашканын жана канаттуулардын жакшыраак байкалган көпөлөктөрдү оңойураак кармаганын аныктаган. Ошол түнү курган тузактарын колдонуп, койо берилген 447 меландуу көпөлөктүн 123үн, 137 ачык түстүү көпөлөктүн болсо 18ин кайрадан кармаган. Башкача айтканда, күңүрт түстүүлөрдүн 27,5%ын, ачык түстүүлөрдүн болсо 13%ын колго киргизген. Ошентип Кеттлуэлл эволюция теориясынын «өнөр-жай меланизми жана канаттуулар көпөлөктөрдүн табигый тандалуусуна себеп болгон» деген гипотезасы далилденди деп жыйынтык чыгарган.275
Кеттлуэлл ушул эле экспериментти абасы булганбаган бир токойдо да жасап көргөн. Жаныбарлардын кыймыл-аракеттери багытындагы изилдөөлөрү менен белгилүү болгон Нико Тинберген да ага жардам берип, дарактардагы көпөлөктөрдү кармап жаткан канаттууларды тасмага тарткан. Бул жолу ачык түстүү эңилчектер менен капталган дарактардын сөңгөгүндөгү күңүрт түстүү, меландуу көпөлөктөр оңойураак байкалып калган. Ошентип булгануу көп болгон токойдогу эксперименттен тескери жыйынтыктар алынган. Ачык түстүүлөрдүн 12,5%ы, күңүрт түстүүлөрдүн болсо 6,3%ы кайрадан кармалган.276 Бернард Кеттлуэлл бул маалыматтарды гипотезасынын тастыкталышына жетиштүү деп ойлоп, алган жыйынтыктарын толкундануу менен жарыялаган.
Эволюционист чөйрөлөр Кеттлвелдин эмгегине ошол замат колдоо көрсөтүшкөн. «Scientific American» журналы бул изилдөөнү «Дарвиндин жетишпеген далили» деген темалуу бир макала аркылуу жарыялаган.277 Буга абдан чоң маани берилип, кыска убакытта эволюционист булактардын негизги мисалдарынын бирине айланган.
Өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр арадан жарым кылымга жакын убакыт өтсө да, дагы эле дарвинизмдин эң негизги далили катары көрсөтүлүүдө. Кеттлуэллден соң мындай эксперименттерди дагы көптөгөн эволюционисттер да кайталаган. (мисалы, 1966-жылы Кларк жана Шеппард278, 1972-жылы Бишоп279, 1975-жылы Лиз жана Крид280, 1975-жылы Бишоп жана Кук281, 1977-жылы Стюард282, 1980-жылы Мюррей жана командасы283)
Бирок бул икаянын баары жараксыз. Төмөнкү саптарда бул изилдөөлөрдөгү катачылыктар менен бирге, өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр жөнүндөгү икаянын эмне үчүн эволюция теориясына эч бир салым кошпой тургандыгы көрсөтүлөт.
İngiltere ve Amerika'daki yoğun araştırmalara göre melanik formlu(koyu renkli) kelebeklerin kirli ve temiz bölgelere göre dağılımı beklenenden çok farklıdır. Böylece Kettlewell'in araştırmalarının doğruları yansıtmadığı ortaya çıktı. |
Профессор Кеттлуэлл изилдөөлөрүн Бирмингемдин жана Дорсеттин айланасында жүргүзгөн. Андан кийинки жылдары көптөгөн илимпоздор Англиянын башка аймактарында ушул сыяктуу изилдөөлөрдү жасашкан. Алардан алынган кээ бир жыйынтыктар изилдөөчүлөрдү таң калтырган. Анткени, күтүлгөндөн тескери жыйынтыктар да алынган. Мисалы, булгануу көп болгон Манчестердин жакын аймагында ачык түстүү көпөлөктөрдүн толугу менен жок болушу күтүлгөн, бирок андай болгон эмес.284 Бул Кеттлуэллдин гипотезасынан тышкары, көпөлөктөрдө меланизмге себеп болгон башка факторлордун да бар экендигинин белгиси болгон.
Башка аймактардагы изилдөөлөр да Кеттлуэллдин тыянактарына туура келген эмес. Ливерпуль университетинен биолог Джим Бишоп Уэльстин элет жана таза аймактарында күңүрт түстүү көпөлөктөрдүн күтүлгөндөн көп чыккандыгын байкаган жана ошонун негизинде «али белгисиз факторлордун» бар экендигин айткан.285 Кеттлуэлл менен бирге да изилдөөлөрдү жүргүзгөн эки изилдөөчү Дэвид Лиз менен Роберт Крид болсо булгануу абдан аз болгон Англиянын чыгышындагы элет жерлеринде күңүрт түстүүлөрдүн үлүшүнүн 80% экендигин аныкташкан. Бул илимпоздор Кеттлуэллдин изилдөөлөрүнүн ишенимдүүлүгү төмөн дешкен:
«Мындан улам, же аңчылык эксперименттери жана адамдардын байкоолору жаңылтышы мүмкүн, же болбосо тандоочу аңчылыктан тышкары, кээ бир фактор же факторлор да меландуулардын (күңүрт түстүүлөрдүн) катышынын сакталышына өз таасирин тийгизет деген жыйынтыкка келебиз.»286
Көпөлөктөрдөгү меланизм жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзгөн зоолог Р.К. Стюард Түштүк Уэльсте күңүрт түстүүлөрдүн жакшыраак жашына алганына (маскировка боло алганына) карабастан, популяциянын 20%ын гана түзөөрүн аныктаган.287 Стюард Англиянын 165 аймагынан маалымат чогулткан. Түндүк кеңдигинин 52-градусунун түндүгүндө күкүрт кычкыл газы (булганууга себеп болуучу химиялык зат) менен меланизмдин ортосунда байланыш бар, бирок 52-градустун түштүгүндө булгануудан башка кээ бир факторлордун да таасири болушу мүмкүн деген тыянакка келген. Кеттлуэллдин катасын төмөнкүчө билдирген: «Бир аймактан алынган жыйынтыктарды Англиянын бүт тарабындагы географиялык вариацияны түшүндүрүү үчүн жалпылап салууга болбойт болушу керек.»288
Изилдөөлөр улантылган сайын Кеттлуэллдин теориясына карама-каршы маалыматтар топтолуп баштаган. «Канаттуулар көпөлөктөргө аңчылык кылып, табигый тандалууга себеп болот» деген тыянак туура эмес болгон. Кеттлуэллдин кесиптештеринин бири Р.Дж. Берри да айткандай, «меландуу «мурчтуу көпөлөктөрдүн» үлүшүнүн канаттуулардын (түстөрдүн айырмачылыгына таянган) визуалдык аңчылыгынан бир топ башка элементтер тарабынан аныкталаары анык.»289
Аягында, 1998-жылы Уильям жана Мэри университетинин биология профессору Брюс Грант менен кесиптештери көпөлөктөрдөгү меланизмдин чыныгы себебин аныктоо максатында жүргүзүлгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялашты. Алардын жыйынтыгы боюнча, меланизм биринчи кезекте атмосферадагы күкүрт кычкыл газынын көлөмүнө жараша көбөйүп же азайып турат.290
Кыскасы, акыркы 20-30 жылдагы илимий изилдөөлөр Кеттлуэллдин гипотезасын тастыктаган жок. Ал тургай, Кеттлуэллдин икаясында өтө чоң жаңылыштыктар жана жаңылтуучу нерселер бар экендиги барган сайын толук айгинеленди.
Эсиңиздерде болсо, Кеттлуэлл мындай деген: «Эңилчектердин түсүнүн күңүрткө айланышы же алардын жок болушу табигый тандалуу процессинин маанилүү бир бөлүгү.» Бул көз-караш канчалык туура?
20-кылымдын акыркы чейрегиндеги изилдөөлөр бул божомолдун да туура эместигин көрсөттү. Дэвид Лиз жана кесиптештери Англиянын 104 аймагында байкоо жүргүзүп, меланизм менен дарактарды орогон эңилчектердин ортосунда эч кандай байланыш жоктугун аныктап, муну «таң калыштуу» дешкен.291 Ошол тушта америкалык биологдор жүргүзгөн изилдөөлөр да бул чындыкты тастыктаган.292 Ал тургай, Кеттлуэлл өзү да 1970-жылдары булгануу азайып эңилчектер кайра калыбына келгенден мурда, көпөлөктөрдө меланизмдин төмөндөп баштаганын кабыл алган.293
Эгер Кеттлуэлл менен эволюционисттердин пикирлери туура болгондо, аба тазаргандан кийин алгач эңилчектер дарактарды каптап, андан соң ачык түстүү көпөлөктөр кайрадан көбөймөк. Башкача айтканда, алгач көпөлөктөр эс алып, жашына турган жерлер пайда болушу керек эле. Бирок мунун мындай эместиги толук далилденди. Мисалы, профессор Брюс Грант менен кесиптештери эңилчектер сейрек өскөн белгилүү бир аймакта ачык түстүү көпөлөктөрдүн үлүшүнүн 93%дан ашаарын көрсөтүшүп,294 мындай тыянакка келишкен: «мурчтуу көпөлөктөрдөгү меланизмдин эволюциясына байланыштуу каттоолордо эңилчектердин ролуна туура эмес басым жасалган.»295 Массачусетс университетинен Теодор Сарджент менен кесиптештери болсо Түндүк Америкадагы меландуу көпөлөктөрдүн үлүшүнүн акыркы убактарда азайгандыгын жана мунун «классикалык икая» жагынан караганда «акылды чаташтыраарын» айтышкан.296
Кыскасы, эңилчектердин бар же жок болушунун көпөлөктөргө эч кандай таасири жок. Кеттлуэллдин эңилчектерди «эволюция процессинин» бир бөлүгү деп ойлошу негизи (төмөндөгү) башка бир жаңылыштыктан келип чыккан.
Изилдөөлөрдө колдонулган «Biston betularia» түрүнө тиешелүү көпөлөктөрдүн биздин темага байланыштуу маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Булар түнкү көпөлөктөр. Түнкүсүн кыймылдап, күндүз эс алышат. Башкача айтканда, караңгыда учуп, күн чыгаардан мурда, т.а. канаттуулар аңчылыкка чыгаардан мурда эс алуучу жайларына конушат жана кечке чейин ошол жерде кыймылсыз турушат.
Кеттлуэллдин эксперименттеринде бул көпөлөктөр эрте менен, т.а. күн чыкканда койо берилип, кечке чейин байкоого алынган. Түнкүсүн кайрадан кармалып алынган. Көңүл буруңуз, изилдөөлөр көпөлөктөрдүн жашоо шарттарына туура келбеген убактарда жасалган. Негизи Кеттлуэлл да муну билген, бирок бул жагдай эксперименттин жыйынтыгына таасир этпейт деген.297
Бирок Кеттлуэллдин бул кылганы өтө чоң катачылык болгон. Күндүн нуру көпөлөктөрдүн жаңылып, жолунан адашуусуна жана натыйжада канаттууларга оңой байкалып кала турган жерге, т.а. дарактардын сөңгөгүнө конушуна себеп болгон. Чындыгында болсо бул түргө тиешелүү көпөлөктөрдүн эс алуучу жайы дарактардын сөңгөгү эмес. Бул жандыктар күндүз дарактардын сөңгөгүндө уктайт деген тыянак – мындан жыйырма жыл мурдага чейин уланып келген бир жаңылыштык.
Бул чындыкты биринчи жолу Хельсинки университетинин илимпозу Каури Микколанын 1980-жылдардын башында, капаста жашаган «Biston betularia» көпөлөктөрүнө жүргүзгөн изилдөөсү көрсөткөн. Зоолог Миккола бул көпөлөктөрдүн кээде гана дарактардын сөңгөгүнө коноорун, кадимки шарттарда туурасынан өскөн, бийик бутактардын астында эс алаарын байкаган.298 Күүгүм сымал бир жарыкта эркин койо берилген түнкү көпөлөктөр эс алуучу орундарын мүмкүн болушунча ылдам жана башаламандык менен тандашкан. Кыскасы, Кеттлуэлл «Biston betularia» көпөлөктөрү дарактардын сөңгөгүндө эс алат (же уктайт) деп эсептеп, өтө чоң ката кетирген.
Бул көпөлөктөрдүн табигый шарттардагы кыймыл-аракеттерин изилдеген илимпоздор да Микколанын жыйынтыктарын тастыкташкан. Сэр Кирилл Кларк менен кесиптештери 25 жылдык изилдөөсүндө бул түргө тиешелүү көпөлөктү дарактын сөңгөгүндө болгону бир жолу көрдүк дешкен.299 Бул тармактагы изилдөөлөрү менен белгилүү болгон эки изилдөөчү, Кембридж университетинен Рори Хоулетт менен Майкл Майерус да ушул сыяктуу жыйынтык алышканын төмөнкүчө билдиришкен: «Көпчүлүк «Biston betularia» көпөлөктөрүнүн бир жерге жашынып эс алаары талашсыз десек болот... (жана) дарак сөңгөгүнүн коргонуусуз жерлери бул көпөлөктөрдүн эч бир формасы үчүн маанилүү бир эс алуучу жай эмес.»300 Кембридж университетинин генетика бөлүмүндө эмгектенген доктор Майерус өзүнүн изилдөөлөрүн «Меланизм: кыймыл-аракеттеги эволюция» аттуу китебине чогулткан. Бул багыттагы 40 жылдан ашуун убакытка созулган жигердүү изилдөөлөрүнө карабастан, табигый жашоодо дарактардын сөңгөгүндө болгону эки «Biston betularia» көпөлөгүн көргөнүн жана Кеттлуэллдин гипотезасы үчүн эң олуттуу маселенин ушул экендигин айткан.301 Чикаго университетинен профессор Джерри Койн, эволюционист болгонуна карабастан, ушул жагдайдын өзүнүн эле Кеттлуэллдин эксперименттерин жараксыз кылаарын мойнуна алган.302
Англиялык биологдор Тони Либерт менен Пол Брейкфилд да бул чындыкты тастыктаган изилдөөчүлөрдөн. Бул илимпоздор 1987-жылы бул түргө тиешелүү көпөлөктөрдүн эс алуу убактысын негизинен тар бутактардын астында же капталында өткөрүшөөрүн далилдешкен.303
Бул жерде токтолуу керек болгон апачык бир чындык бар: Кеттлуэллдин эксперименттеринде табигый тандалууну далилдөө үчүн табигый эмес ыкмалар колдонулган. Бул түргө тиешелүү көпөлөктөр дарактардын сөңгөгүндө эмес, туурасынан өскөн бутактардын астында укташат. Канаттуулардан жана башка аңчы жандыктардан ушинтип жашынышат. Эксперименттерде ушундай апачык чындыктын эске алынбай коюшунун бирден бир себеби – бул, дарвинисттик догматизм. Эволюционисттер дарвинизмге далил табуу үчүн ар кандай бурмалоолорду жасаганга даяр. Бирок, илим ар дайым эволюционисттердин кыялдарын таш каптырууда.
Өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр дегенде көз алдыбызга дарактардын сөңгөгүнө конгон көпөлөктөрдүн сүрөттөрү элестейт. Эволюция жөнүндөгү китептерден ачык жана күңүрт түстүү көпөлөктөрдүн дарактардын сөңгөгүндөгү сүрөттөрүн көрөбүз. Бул жерде мындай суроо туулат: «мурчтуу көпөлөктөр» туурасынан өскөн бутактардын астына жашынса, дарактардын тик сөңгөктөрүндөгү көпөлөк сүрөттөрү кайдан чыккан?
Бул сүрөттөр өткөн жарым кылымдын ичинде көпөлөктөргө эксперименттерди жүргүзгөн ар кайсы изилдөөчүлөргө тиешелүү. Бул сүрөттөр эки ыкма аркылуу алынган. Аныгыраагы, кээ бир көз бойомочулуктар менен тартылган.
Son yirmi senedir Sanayi Devrimi kelebeklerinin ağaç gövdelerinde dinlenmedikleri bilinmektedir. Buna karşın üstteki gibi düzmece ve sahte fotoğraflar evrim teorisine delil üretmek adına ders kitapları ve evrimci yayınlarda halen kullanılmakta; böylece Darwinizm'in sahtekarlıklar ve skandallarla dolu tarihinde özel bir yeri hak etmektedir. |
Биринчи ыкмада өлгөн көпөлөктөр дарактардын сөңгөгүнө ийне же чайыр менен жабыштырылган. (Кеттлуэллден кийинки көптөгөн изилдөөлөрдө ушул ыкма колдонулган.304) Дарактарга ийне менен кадалган же чайыр менен жабыштырылган өлгөн көпөлөктөр сүрөткө тартылып, эч кандай түшүндүрмө берилбестен, бул жандыктар табигый шартта ушинтип жашап жаткандай китептерге чагылдырылган. Даректүү тасмаларда же телевизор программаларында да ушул ыкма колдонулган.305
Экинчи ыкмада болсо бул «Biston betularia» түрүнө тиешелүү көпөлөктөрдүн күндүз жакшы уча албашынан пайдаланылган. Абдан уйкусураган абалдагы көпөлөктөр кол менен дарактарга жайгаштырылып, кыймылсыз турганы үчүн каалагандай сүрөткө тартылып алынган. Массачусетс университетинен биолог Теодор Сарджент айткандай, ушундай жол менен алынып, окуу китептеринде колдонулган көптөгөн фотосүрөттөр бар.306
Калифорния университетинин Молекулярдык клетка биологиясы бөлүмүндө эмгектенген доктор Джонатан Уэллс айткандай, бул ыкма «илим эмес, болгону миф ойлоп табуу».307
Албетте, булар кечиримдүү иштер эмес. Жыйырма жылдан бери бул көпөлөктөрдүн дарактардын сөңгөгүндө эс албай тургандыгы белгилүү. Башкача айтканда, бул сүрөттөр чындыкты чагылдырбайт. Ошого карабастан, бул жасалма сүрөттөр эволюция теориясына далил чыгаруу максатында, окуу китептеринде жана эволюционисттик булактарда дагы деле колдонулууда. Ошондуктан бул сүрөттөрдүн дарвинизмдин сансыз көз бойомочулуктар жана сансыз скандалдар менен коштолгон тарыхында өзгөчө бир орду бар.
P>Бул жерге чейин дарвинисттердин ишенген таянычтарынын бири болгон Кеттлуэллдин эксперименттериндеги кээ бир маанилүү каталарды жана жаңылыштыктарды карадык: Англиядагы жана Америкадагы жигердүү изилдөөлөр боюнча, меландуу (күңүрт түстүү) көпөлөктөрдүн булганыч жана таза аймактар боюнча таралышы күтүлгөндөн такыр башкача; эңилчектер менен меланизмдин ортосунда байланыш жок жана «Biston betularia» көпөлөктөрүнүн эс алуучу жайы дарактардын сөңгөгү эмес. Эксперименттерди четке каккан дагы бир жагдай болсо – бул көпөлөктөрдүн түнкү көпөлөктөр экендигинин эске алынбагандыгы. Мындан башка дагы катачылыктар бар.
Бул катачылыктар акыркы жылдары көптөгөн изилдөөчүлөр тарабынан жазылган илимий макала жана китептерде көрсөтүлүүдө. Майкл Майерустун 1998-жылы чыккан «Меланизм: кыймыл-аракеттеги эволюция» аттуу китеби булардын бири. Чикаго университетинин Экология жана эволюция бөлүмүнүн профессору Джерри Койн 1998-жылы 5-ноябрьда «Nature» журналына чыккан бир макаласында бул китепти тааныштырып, китептин маанисине төмөнкүчө көңүл бурган:
«Мезгил мезгили менен эволюционисттер классикалык бир экспериментти кайрадан карап чыгышат жана корккон нерселери баштарына келип, анын каталуу же толугу менен туура эмес экендигин көрүшөт... Анткен менен, ушул күнгө чейин мисалдардын эң мыктысы мугалимдердин жана окуу китептеринин көпчүлүгү тарабынан табигый тандалуунун жана эволюциянын бир адамдын өмүрүнүн ичинде ишке ашкан модели катары көрсөтүлгөн «мурчтуу көпөлөктөрдөгү», т.а. Biston betularia көпөлөктөрүндөгү «өнөр-жай меланизминин» эволюциясы болгон. Бул икаяны кайрадан карап чыгуу Майкл Майерустун «Меланизм: кыймыл-аракеттеги эволюция» аттуу китебинин негизги маңызын түзөт. Өкүнүчтүүсү, Майерус бул классикалык мисалдын начар абалда... жана олуттуу көңүл бурууга муктаж экендигин көрсөттү.»308
Профессор Койн макаласында мындан башка да олуттуу катачылыктардын бар экенин айтып, чындыкты билген соң кандай сезимде калгандыгын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
«Жыйынтыктасак, Кеттлуэллдин кыймыл-аракет менен байланыштуу эксперименттеринин жыйынтыктары кийинки изилдөөлөрдө тастыкталган жок: көпөлөктөр (өздөрүнүн өңүнө) шайкеш келген жерлерди тандаганга аракет кылышпайт. Майерус бул изилдөөдө дагы көптөгөн кемчиликтерди тапкан, бирок кемчиликтер андан да көп. Кеттлуэллдин документтерин биринчи жолу окуганымда башка маселелерди да аныктадым, кадимки Biston (betularia) икаясын канча жыл бою окуткандыгым үчүн уялдым... Жеке маанайым алты жашымда Жаңы жылдык белектерди алып келген кишинин Аяз ата эмес, атам экенин билген кезимдеги көңүл калуума окшошууда.»309
Изилдөө иштерин негизинен генетика тармагында жүргүзгөн эволюционист профессор Койндун чын жүрөктөн айткан бул сөздөрү көңүл бурбай койбойт. Чындыктардан жана шоктордон качпастан сезимдерин ачык айткан. Илимди негиз тутам деген ар бир эволюционист Койндун «уялуу» жана «көңүл калуу» сезимдеринен үлгү алып, ичи бош дарвинисттик гипотезаларды объективдүү түрдө, түз ниети менен карап чыгышы керек жана эволюционист догмадан эртерээк кутулушу зарыл.
Бернард Кеттлуэлл каталарынан тышкары, өтө маанилүү бир факторду да көрмөксөн болгон. Айлана-чөйрө булганган соң меландуу формалары көбөйгөн организм түрү бир эле «Biston betularia» көпөлөгү болгон эмес; башка чымын-чиркей, курт-кумурскалардын да күңүрт түстүү индивиддери көбөйгөн. Ар кайсы организмдерде болжол менен 100 меланизм учуру катталган.310 Мисалы, «эки тактуу эл кайда көчөт коңузунун» (Adalia bipunctata) күңүрт түстүү формалары көбөйүп, ачык түстүүлөрү азайган.
Көлөмү болжол менен 3,5-5,5 мм болгон «эки тактуу эл кайда көчөт» коңуздарынын түстөрү вариация көрсөтөт.311 Канаттуулар даамын жактырбаганы үчүн бул коңуздарды жешпейт. Башкача айтканда, бул коңуздардын күңүрт түстүүлөрүн канаттуулардан жакшыраак жашынганы үчүн кутулушкан деп айтканга болбойт. Меландуу эл кайда көчөт коңуздары күндүн энергиясын жана айланадагы температураны жакшыраак сиңиргени үчүн, түтүндүү шарттарга жакшыраак ыңгайлаша алышат. Бул кубулуш «термалдуу меланизм» деп аталат.312 Ар бир организм жашаган чөйрөсүнүн шарттарына ыңгайлуу система жана формалары менен жаратылган. Мисалы, «эки тактуу эл кайда көчөт» түрүнүн түстөрү суук абаларда ачыгыраак, ысык абаларда болсо күңүртүрөөк болуп калат.313 Башкача айтканда, аба булганып температура жогорулаганда, бул коңуздардын түстөрү өзгөрүп, күңүрттөрү көбөйөт.
Көптөн бери белгилүү болгон бул чындыктын эмне мааниге келээри анык: көпөлөктөрдөгү меланизм, Кеттлуэлл айткан себептен башка, ар кандай факторлордон болушу мүмкүн. Теодор Сарджент, Крейг Миллар жана Дэвид Ламберт аттуу үч биологдун 1998-жылы чыккан эмгегинде ар кандай ыктымалдуу факторлор көрсөтүлгөн: алардын арасында көпөлөк личинкаларынын уулуу же зыяндуу химиялык заттарга болгон чыдамкайлыгындагы же көпөлөктөрдүн паразиттерге болгон сезгичтигиндеги айырмачылыктар; азырынча толук белгисиз айлана-чөйрө факторлорунун жыйындысы сыяктуу себептер бар. Бул үч изилдөөчү эволюционисттер тарабынан мифке айландырылган өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр кубулушун төмөнкүчө баалашкан:
«Анткен менен, көптөгөн, кайра кайра кайталанган байкоолорго таянып, азыркы учурда бул түшүндүрмөнү (Кеттлуэллдин классикалык түшүндүрмөсүн) колдой турган өтө аз ынандырарлык далил бар деп айта алабыз.»314
Буга окшогон пикирлер көптөгөн илимпоздор тарабынан айтылууда. Италиялык эки биолог Джузеппе Сермонти жана Паола Катастининин ою боюнча, «Кеттлуэллдин эксперименттери ал «эксперимент аркылуу көрсөттүм» деген процессти учурдагы илимий стандарттар боюнча эч кабыл алаарлык деңгээлде далилдей албайт». Сермонти менен Катастини мындай тыянакка келишкен: «Дарвинде болбогон далил Кеттлуэллде да болгон эмес.»315 Бул тыянакты төмөнкүчө чечмелөөгө болот: Дарвиндин колунда эч бир далил болбогон сыңары, учурдагы эволюционисттерде да эч бир далил жок.
Биолог Ацухиро Шибатанинин бул жөнүндөгү пикирлери да эволюционисттерге жакшы сабак боло алат. Япон биологдун бул жөнүндөгү анык чечими мындай: «Өнөр-жай меланизми икаясы, жок дегенде азырынча, неодарвинисттик эволюциянын мисалдарынан өчүрүлүшү керек.» Шибатанинин ою боюнча, неодарвинисттик теорияга ашыкча берилүү башка факторлордун толугу менен унутулуп коюлушуна себеп болгон жана, ошондой эле, өнөр-жай меланизмин табигый тандалуу моделинин негизинде түшүндүрүү үчүн, алсыз бир далилдин ашыкча оптималдуулук менен кабыл алынышына жол ачкан.316 Негизи бул көрүнүш көп деле таң калыштуу эмес. Анткени, дарвинисттер эволюция теориясын кабыл алдыруу үчүн тарыхта ар кандай ыкмаларды колдонушкан. Өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөтөр икаясы – бул теорияны далилдөө максатында ойлоп табылган сансыз ичи бош «эволюциялык далилдердин» бирөөсү гана.
Профессор Джерри Койн болсо бул мисалдын илимий булактардан өчүрүлүшү керек экенин жана мындан чыгарылчу сабактарды төмөнкүчө айткан:
«Эң биринчиден, азыркы күндө, кыймыл-аракеттеги табигый тандалуунун жакшы билинген бир мисалы болгон Biston көпөлөгүн өчүрүшүбүз керек... Кеттлуэллдин иш-аракеттеринин эмне үчүн бүт баары тарабынан, эч иликтенбей кабыл алынганын да ойлонуу зарыл. Балким мындай күчтүү икаялар терең иликтөө эрдигин сындырып койот сыягы.»317
Бул багыттагы бүт илимий жыйынтыктар бир гана акыйкатты көрсөтүүдө: өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр икаясынын эч кандай илимий негизи жок жана жалган эволюциянын жалган далили катары тарыхта өз ордун ээлеши керек. Ошого карабастан, дарвинисттердин бир бөлүгү дагы эле бул икаяны жактап келе жатышат.
Биология китептеринин көпчүлүгүнөн бул икаяны жана жасалма сүрөттөрдү кезиктирүүгө болот. Мисалы, Кеннет Миллер менен Джозеф Левин тарабынан жазылган «Биология» аттуу китептин 2000-жылкы чыгарылышында Кеттлуэллдин изилдөөсү жөнүндө «кыймыл-аракет абалындагы табигый тандалуунун мисал менен көрсөтүлүшү» деп айтылат.318 Ошол сыяктуу эле, Бертон Гуттман тарабынан жазылган «Биология» китебинин 1999-жылкы чыгарылышында бул «табигый тандалуунун заманбап бир мисалы» деп айтылган.319
Ушул сыяктуу сөздөрдү дарвинизмди пропагандалаган энциклопедиялардан да көрүүгө болот. Мисалы, «Britannica» энциклопедиясынын 2001-жылкы чыгарылышында Кеттлуэллдин «классикалык икаясы» терең баяндалган жана туура эместиги далилденген бул изилдөө дагы эле табигый тандалуунун мисалы катары таанытылган.320 Бул энциклопедияда айтылышынча, «Biston betularia» көпөлөгүндөгү өнөр-жай меланизми «эволюциялык өзгөрүүнүн ылдамдыгы жөнүндөгү заманбап көз-караштарга терең таасир тийгизген»321 жана «белгилүү бир аймактагы ыкчам эволюциялык өзгөрүүнүн айкын бир мисалы»322 болгон.
«Life Sciences» энциклопедиясынын «Өнөр-жай меланизми» деп аталган макаласында болсо мындай деп айтылган:
«Мурчтуу көпөлөк кубулушу өнөр-жай меланизминин эң мыкты мисалы болуу менен эле чектелбейт, ошол эле учурда табигый тандалуу аркылуу эволюциялык өзгөрүүнүн да классикалык бир мисалы болуп саналат. Мурчтуу көпөлөктөрдөгү меланизмдин эволюциясы уланып жатат жана азыр деле байкоого болот.»323
Ушул жана ушуга окшогон сөздөр дарвинизмдин фанат тарапкерлерлеринин кыялдарын чагылдырат жана эч бир илимий баалуулугу жок. Заманбап илим бул икаянын эч кандай таянычынын жоктугун жана эволюциялык өзгөрүү деген нерсенин болбогондугун апачык көрсөтүүдө.
Эволюцияны жактоо максатында жазылган бир эволюционист китепте болсо мындай деп айтылат:
«Англиядагы мурчтуу көпөлөк, «Biston betularia» көпөлөгүнүн белгилүү өнөр-жай меланизмин эстеңиз. Аз эле сандагы жогорку класстын биология китебинде бул изилдөө жетишсиз сүрөттөлгөн, бирок ошого карабастан, бул мисалдын эмнени көрсөтөөрүн аз эле окуучунун түшүнөөрү аныкталууда... Ачык түрдө, табигый тандалуу аркылуу айлана-чөйрөнүн басымы бир популяциянын генотибинде (генетикалык түзүлүшүндө) ыкчам өзгөрүүлөрдү жасай алат... Бул байкоолордо көрүнгөн, кыймыл-аракет абалындагы эволюция.»324
Буга окшогон сөздөр дарвинисттик демагогиянын мисалдарынан. Байкалган бир гана нерсе бар: көпөлөк популяциясындагы ачык жана күңүрт түстүү индивиддердин саны убакыт аралыгында өзгөрүп турат. Илимий жактан мында «эволюцияга» далил боло турган эч нерсе жок. 150 жылдык жигердүү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы да ушундай.
Кандай жол менен болсо да дарвинизмди сактап калууну көздөгөн кээ бир журналдардын иш-аракеттери илимге эч туура келбейт. «New Scientist» журналындагы «мурчтуу көпөлөк кыймыл-аракет абалындагы эволюциянын эң мыкты мисалдарынын бири бойдон калууда»325 деген сүйлөмдү буга мисал катары көрсөтүүгө болот.
Ошентип эволюционисттер айласыздан өтө маанилүү бир чындыкты дагы бир жолу тастыкташууда. Эволюциянын эң мыкты жана эң күчтүү далилдеринин бири катары көрсөтүлгөн бул мисал чындыгында эволюциянын көзгө урунарлык бир далили жок экендигин айгинелейт. Бул атактуу далил «абдан күчтүү» далилдери бар делген эволюция теориясынын чыныгы жүзүн ашкере кылат.
Дарвинизмдин пайдубалы «табигый тандалуу» түшүнүгүнө таянат. Чарльз Дарвиндин китебинин атында да бул ачык айтылган: «Түрлөрдүн келип чыгышы, табигый тандалуу аркылуу». Дарвинден бери эволюционисттердин эң негизги аракети мына ушул көз-карашты далилдөөгө багытталган.
Дарвинизмдин белгилүү жактоочуларынын бири, лингвист Стивен Пинкер табигый тандалуунун эволюционисттер үчүн маанисин төмөнкүчө баяндаган: «эч бир далил болбосо да, альтернатива болбогону үчүн, табигый тандалууну бул планетадагы жашоонун түшүндүрмөсү катары кабыл алышыбыз керек.»326 Пинкер «Акыл-эс кантип иштейт?» аттуу китебинде табигый тандалуу аркылуу эволюциялануунун алгачкы мисалы катары көпөлөктөрдөгү меланизм икаясын көрсөткөн. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөндөй, бул икаянын эч кандай илимий баалуулугу жок. Бирок эволюционисттер эч бир далил болбосо да, Пинкерге окшоп эволюцияны «туура» деп кабыл алышууда жана андан соң бүт баарын ошого тууралаганга аракет кылышууда. Ошондуктан өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр икаясы сыяктуу илимий далилдерге карама-каршы келген бир икаяга дарвинизмди сактап калуу үчүн гана ишенип келе жатышат.
Бул икаянын «туура» деп кабыл алынган бир ишеним экендигин америкалык биолог, доктор Джонатан Уэллс төмөнкүчө белгилеген:
«... Бир аз чынчылдык кылган эч бир илимпоз мурчтуу көпөлөктөр мифин «табигый тандалуунун негизги мисалы» деп айтпайт. Далил жок туруп, мурчтуу көпөлөктөрдөгү меланизмди табигый тандалуудан келип чыккан деп айтуу – бул, бир ишеним, илимий тыянак эмес.»327
Уэллс «Эволюциянын иконалары» аттуу китебинде бул икаяга кенен токтолуп, аягында төмөнкүдөй тыянакка келген:
«1986-жылы эволюционист биолог Джон Эндлер учурда өз тармагында классика катары кабыл алынган «Табигый жашоодогу табигый тандалуу» аттуу бир китеп жазган. Ал кездерде Эндлер мурчтуу көпөлөк икаясы жөнүндөгү көйгөйлөрдү билген эмес. Ошондуктан аны себеби аныкталган табигый тандалуу окуяларынын бир канчасынын бири катары тизмеге киргизген. Бирок «табигый тандалуу темасындагы ыкчам жана туш келди изилдөөлөрдүн убактысынын өткөнүн» да айткан. Көп изилдөөчүлөр «табигый тандалуунун ишке ашканын көрсөтүү менен гана тим болсо», Эндлер «бул бир химиялык реакцияны көрсөтүүгө жана андан соң анын себептери менен механизмдерин изилдебей коюуга тете. Табигый тандалууну себептери менен механизмдери жөнүндө маалымат бербестен көрсөтүүнүн алхимиядан айырмасы жок» деп жазган... Кеттлуэллдин табигый тандалууга көрсөткөн далили туура эмес жана өзгөрүүнүн чыныгы себептери божомол бойдон калган. Мурчтуу көпөлөктөрдөгү өнөр-жай меланизмин табигый тандалуунун илимий бир далили, б.а. «Дарвиндин жетишпеген далили» катары көрсөтүүнүн алхимиядан айырмасы жок.»328
Ортоңку кылымда алхимиктер жезди ар кандай металлдар менен аралаштырып көрүп, «сыноо жана жаңылуу» ыкмасы менен жезди алтынга айландыра алаарына ишенишкен. Бирок илим, «сыноо жана жаңылуу» ыкмасын канчалык колдонсо да, алхимиктердин ийгиликке жете албай тургандыгын, мунун бир кыялдануу гана экендигин далилдеп көрсөткөн. Табигый тандалуу жана мутация механизмдери аркылуу түрлөрдүн келип чыгышын түшүндүрүүгө аракет кылган эволюционисттер да алхимиктердин абалына түшүшүүдө. Илимий далилдер дарвинисттердин үмүттөрүн текке кетирип, далилдеринин жараксыздыгын далилдөөдө. Эволюционисттер ойлогондун тескерисинче, бул механизмдер бир түрдү башка бир түргө айландыра албайт. Ар дайым «табигый тандалуу аркылуу эволюциялануу» гипотезасына мисал катары көрсөтүлгөн өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр икаясы да унутулгус эволюционист жаңылыштыктардын бири болгон.
Буга чейин, жогоруда эволюцияга далил чыгаруу максатында бул икаянын кантип мифке айландырылганын, элди ынандыруу үчүн илимге сыйбас жолдордун кантип колдонулганын карадык. Негизи көпөлөктөрдөгү өнөр-жай меланизми менен «эволюциялануу» гипотезасынын ортосунда эч кандай байланыш жок. Бул жерге чейин айтылгандарды унутуп, Кеттлуэллдин икаясын эч ойлонбой кабыл алсак дагы, ал баары бир жалган эволюциянын жалган далили бойдон кала берет.
Кеттлуэллдин икаясын кабыл алсак дагы, андан мындай тыянак чыгат: өнөр-жай төңкөрүшүнөн канчалаган жыл мурда, Англияда «Biston betularia» түрүнө тиешелүү көпөлөктөрдүн арасында күңүрт түстүү формалар болгон. Ачык түстүү индивиддер популяциянын көпчүлүк бөлүгүн түзүп, күңүрт түстүүлөр аз болушкан. Өнөр-жай төңкөрүшү учурунда абанын булганышынын натыйжасында бул абал тескерисине өзгөрүп, популяциянын көпчүлүгүн күңүрт түстүү формалар түзүп баштаган. 1950-жылдары айлана-чөйрөнүн булганышына бөгөт койгон мыйзамдар ишке кирип, булгануу азайган соң үлүштөр кайрадан өзгөрдү; ачык түстүү индивиддер өнөр-жай төңкөрүшүнөн мурдакы доордогу сыяктуу, көпөлөк популяциясынын көпчүлүгүн түзүп калды.
Апачык көрүнүп тургандай, бул жерде көпөлөктүн түсү эмес, анын саны өзгөрүүдө жана бул эч качан эволюцияга далил боло албайт. Ачык жана күңүрт ар кандай «Biston betularia» көпөлөктөрү байкоо жүргүзүлүп баштагандан бери, б.а. болжол менен эки кылымдан бери бар. Эки башка түстөгү көпөлөктөр бири-бири менен жупталышат. Бул көпөлөк популяциясынын генофонду эң башынан бери ар кандай түстөргө тиешелүү гендерди камтыйт. Башкача айтканда, өнөр-жай төңкөрүшүнөн соң гендик маалыматтар өнүккөн жок жана жаңы гендер пайда болгон жок. «Biston betularia» көпөлөктөрү ар дайым бир түр бойдон калган жана бир түр башка бир түргө айланган эмес.
Албетте, бул жерде эволюцияланууга мисал боло ала турган бир окуя жок. Дарвинизмдин кээ бир жактоочулары да бул чындыкты кабыл алышат. Мисалы, белгилүү англиялык биолог жана эволюционист Харрисон Мэтьюз Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» китебинин 1971-жылкы чыгарылышына жазган баш сөзүндө бул жөнүндө мындай деген:
«... (Көпөлөк) эксперименттери өнүгүү абалындагы эволюцияны далилдебейт, анткени, ачык, орто же күңүрт түстүү формалардын популяциянын ичиндеги үлүшү өзгөргөнү менен, бүт көпөлөктөр башынан аягына чейин «Biston betularia» бойдон калууда.»329
Кыскасы, бул көпөлөк түрүнүн ар кандай түстөрдө болушу – генетикалык вариациянын бир мисалы. Айлана-чөйрөнүн шарттарынын өзгөрүшү көпөлөктөрдө жаңы генетикалык маалыматты жана жаңы өзгөчөлүктөрдү пайда кылган эмес. Ачык түстүү көпөлөктөрдүн таза чөйрөгө, күңүрт түстүүлөрдүн болсо булгануу көп болгон чөйрөгө жакшыраак ыңгайлаша алаары анык. Бирок мунун табигый тандалуудан келип чыгаары ушул күнгө чейин илимий жол менен далилдене алган жок.
Ал тургай, көпөлөктөрдөгү меланизмдин кандайдыр бир себептен табигый тандалуудан көз-каранды экендиги далилденсе да, эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби табигый тандалуу болгону бир популяциянын ичиндеги майып, алсыз же айлана-чөйрөнүн шарттарына туура келбеген индивиддерди тазалайт; жаңы түрлөрдү же жаңы органдарды пайда кыла албайт. Башкача айтканда, табигый тандалуунун эволюция кылуучу бир күчү жок.330
Вариация жана табигый тандалуу кубулуштары Дарвин ойлогондой эволюцияны түшүндүрбөйт, тескерисинче жаратылуудан келип чыккан коргонуу принцибине анык мисал боло алат. Аллах ар бир организм түрүн жашоого керектүү системалары менен жараткан. Организмдин генетикалык системасында кээде өзүнүн өзгөчөлүктөрүн (белгилүү чектин ичинде) айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө жараша жөнгө салуу функциясы да бар. Антпесе, климат, азык булактары сыяктуу факторлордун бир азга эле өзгөрүшү ал түрдү тукум курут кылышы мүмкүн.
İşte böyle; çünkü Allah, geceyi gündüze bağlayıp katar ve gündüzü geceye bağlayıp-katar. Şüphesiz Allah, işitendir, görendir. |
Чарльз Дарвин «Бигль» аттуу кеме менен сапарда жүргөндө көргөн көпөлөктөрүнөн катуу таасирленип, сезимдерин төмөнкүчө билдирген: «Көпөлөктөрдүн жана кээ бир какач канаттуулардын кереметтүү сулуулугуна ар бир адам суктанат... Кээ бир тропикалык (көпөлөк) түрлөрүнүн эркектеринин кооздугун сүрөттөгөнгө сөз жетпейт.»331 Дарвин ошого карабастан, туура эмес жолго түшүп, көпөлөктөрдүн эволюция аркылуу пайда болгонун айткан. Анын жолун жолдогон 20-кылымдын эволюционисттери болсо андан да ары кетип, көпөлөктөрдү колдонгонго аракет кылышты.
Эволюционисттер эгер көпөлөктөрдү эволюцияга далил катары колдонгулары келсе, анда көпөлөктөрдүн Дарвинден бери чечилбеген «түрлөр кантип келип чыккан» деген суроого кандай салым кошоорун түшүндүрүп бериши керек. Көпөлөктөрдүн он миңдеген түрүнүн эволюция теориясы боюнча кантип пайда болгонун чечмелеп бериши зарыл. Фоссил калдыктарындагы 48 миллион жылдык көпөлөк фоссилдеринин азыр жашап жаткан үлгүлөрүнөн эч айырмасыз болушунун332 жана миллиондогон жыл бою эч өзгөрбөй, бирдей сакталып келишинин эволюцияга кантип туура келээрин түшүндүрүп бериши керек.
Ошондой эле, эволюционисттер икаяларды жана мифтерди ойлоп табууну токтотуп, төмөнкү суроолорго жооп бериши зарыл: көпөлөктөрдүн канаттарындагы кооз сүрөттөр, көз жоосун алган түстөр жана кемчиликсиз симметрия кантип пайда болгон? Көпөлөктөр кооз көрүнүштөрүн жана душмандарынан сактаган коргонуу системаларын кайдан алышкан? Көпөлөктөрдөгү теңдешсиз учуу механизмдери жана кереметтүү долбоорлонгон системалар кантип пайда болгон? Көпөлөктөрдөгү укмуш комплекстүү метаморфоз процесси кантип келип чыккан? Жумурткадан куртка, курттан куурчакчага, куурчакчадан көпөлөккө айлануунун укмуш татаал программасы көпөлөктүн генетикалык маалыматына кантип жазылган?..
Ушул жана ушуга окшогон суроолорго эволюционисттердин спекуляциядан тышкары, эч кандай жообу жок. Мынчалык кереметтүү түзүлүштөрдү жана кемчиликсиз системаларды табигый тандалуу жана мутация сыяктуу туш келди факторлор менен түшүндүрүүгө болбойт. Дарвинисттер бул ойлоп тапкан механизмдеринин жаңы бир түрдү пайда кыла алаарын көрсөткөн колдорунда бир дагы далили жок экенин билишет. Өнөр-жай төңкөрүшү учурундагы көпөлөктөр икаясы сыяктуу калптар эволюцияны эмес, эволюционисттердин чарасыздыгын гана далилдейт.
Эч күмөнсүз, ааламдагы бүт жандыктар сыяктуу, көпөлөктөрдү да бүт керектүү системалары менен бирге Аллах жараткан. Көпөлөктөрдүн кемчиликсиз көрүнүшү менен теңдешсиз долбоору Аллахтын чексиз илиминин, теңдешсиз чеберчилигинин жана чексиз кудуретинин көрсөткүчтөрүнөн. Жаратуунун бир гана Аллахтын колунда экендиги Курандын бир аятында мындай деп айтылат:
Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улук. (Аьраф Сүрөсү, 54)
260 Timothy A. Mousseau, Alexander E. Olvido, “Geographical Variation”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
261 Bernard Kettlewell, “Selection experiments on industrial melanism in the Lepidoptera”, Heredity, vol. 9, 1955, s. 323.
262 Philip MacDonald Sheppard, Natural Selection and Heredity, 4th edition, London, Hutchinson, 1975, s. 70.
263 Sewall Wright, Evolution and the Genetics of Populations, Volume 4: Variability Within and Among Natural Populations, Chicago: The University of Chicago Press, 1978, s. 186.
264 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayınları, Ankara, 1984, s. 644.
265 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Cilt I / Kısım I, 11. baskı, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998, s. 600.
266 M. Ridley, Evolution, 2nd edition, Cambridge (MA): Blackwell Science, 1996, s. 103.
267 E.B. Ford, Ecological Genetics, 4th edition, Chapman and Hall, London, 1975, s. 329.
268 Bernard Kettlewell, The Evolution of Melanism, Oxford, Clarendon Press, 1973; Michael Majerus, Melanism: Evolution in Action, Oxford, Oxford University Press, 1998.
269 Lee Spetner, Not By Chance!, The Judaica Press, New York, 1998, s. 66.
270 Bruce Grant, Sir Cyril Clarke, “Industrial Melanism”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
271 J.W. Tutt, British Moths, London, G. Routledge and sons, 1896.
272 Jonathan Wells, “Second Thoughts about Peppered Moths”, 1999, http://ğ.arn.org/docs/wells/jw_pepmoth.htm.
273 J.W. Heslop Harrison, “Genetical studies in the moths of the geometrid genus Oporabia (Oporinia) with a special consideration of melanism in the Lepidoptera”, Journal of Genetics, vol. 9, 1920, s. 195-280; J.W. Heslop Harrison, “The Experimental Induction of Melanism, and Other Effects, in the Geometrid Moth Selenia bilunaria esp.”, Proceedings of the Royal Society of London B 117, 1935, s. 78-92.
274 Bruce Grant, Sir Cyril Clarke, “Industrial Melanism”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
275 Bernard Kettlewell, “Selection experiments on industrial melanism in the Lepidoptera”, Heredity, vol. 9, 1955.
276 Bernard Kettlewell, “Selection experiments on industrial melanism in the Lepidoptera”, Heredity, vol. 9, 1955, s. 342.
277 Bernard Kettlewell, “Further selection experiments on industrial melanism in the Lepidoptera”, Heredity, vol. 10, 1956, s. 287-301.
278 Bernard Kettlewell, “Darwin’s Missing Evidence”, Scientific American, vol. 200, Mart 1959, s. 48-53.
279 C.A. Clarke, P.M. Sheppard, “A local survey of the distribution of industrial melanic forms in the moth Biston betularia and estimates of the selective values of these in an industrial environment”, Proceedings of the Royal Society of London B 165, 1966, s. 424-439.
280 J.A. Bishop, “An experimental study of the cline of industrial melanism in Biston betularia (L.) (Lepidoptera) between urban Liverpool and rural North Wales”, Journal of Animal Ecology, vol. 41, 1972, s. 209-243.
281 D.R. Lees, E.R. Creed, “Industrial melanism in Biston betularia: the role of selective predation”, Journal of Animal
Ecology, vol. 44, 1975, s. 67-83.
282 J.A. Bishop, L.M. Cook, “Moths, melanism and clean air”, Scientific American, vol. 232, 1975, s. 90-99.
283 R.C. Steward, “Melanism and selective predation in three species of moths”, Journal of Animal Ecology, vol. 46, 1977, s. 483-496.
284 N.D. Murray, J.A. Bishop, M.R. MacNair, “Melanism and predation by birds in the moths Biston betularia and Phigalia pilosauria”, Proceedings of the Royal Society of London B 210, 1980, s. 277-283.
285 J.A. Bishop, L.M. Cook, “Industrial melanism and the urban environment”, Advances in Ecological Research, vol. 11, 1980, s. 373-404; G.S. Mani, “Theoretical models of melanism in Biston betularia”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 39, 1990, s. 355-371.
286 J.A. Bishop, “An experimental study of the cline of industrial melanism in Biston betularia (L.) (Lepidoptera) between urban Liverpool and rural North Wales”, Journal of Animal Ecology, vol. 41, 1972, s. 240.
287 D.R. Lees, E.R. Creed, “Industrial melanism in Biston betularia: the role of selective predation”, Journal of Animal Ecology, vol. 44, 1975, s. 75-76.
288 R.C. Steward, “Melanism and selective predation in three species of moths”, Journal of Animal Ecology, vol. 46, 1977, s. 483-496; R.C. Steward, “Industrial and non-industrial melanism in the peppered moth, Biston betularia”, Ecological Entomology, vol. 2, 1977, s. 231-243.
289 R.C. Steward, “Industrial and non-industrial melanism in the peppered moth, Biston betularia”, Ecological Entomology, vol. 2, 1977, s. 231-243.
290 R.J. Berry, “Industrial melanism and peppered moths (Blations in America and Britain”, Journal of Heredity, vol. 89, 1998, s. 465.
291 D.R. Lees, E.R. Creed, L.G. Duckett, “Atmospheric pollution and industrial melanism”, Heredity, vol. 30, 1973, s. 227-232.
292 T.D. Sargent, “Melanism in moths of central Massachusetts (Noctuidae, Geometridae)”, Journal of the Lepidopterists’ Society, vol. 28, 1974, s. 145-152; D.A. West, “Melanism in Biston (Lepidoptera: Geometridae) in the rural central Appalachians”, Heredity, vol. 39, 1977, s. 75-81; A.E. Treat, “Biston cognataria (Geometridae): frequency of melanic males in Tyringham, Massachusetts, 1958-1977”, Journal of the Lepidopterists’ Society, vol. 33, 1979, s. 148-149.
293 Bernard Kettlewell, The Evolution of Melanism, Oxford: Clarendon Press, 1973.
294 B.S. Grant, A.D. Cook, C.A. Clarke, D.F. Owen, “Geographic and temporal variation in the incidence of melanism in peppered moth populations in America and Britain”, Journal of Heredity, vol. 89, 1998, s. 466.
295 B.S. Grant, D.F. Owen, C.A. Clarke, “Parallel rise and fall of melanic peppered moths in America and Britain”, Journal of Heredity, vol. 87, 1996, s. 351.
296 T.D. Sargent, C.D. Millar, D.M. Lambert, “The “classical” explanation of industrial melanism: assessing the evidence”, Evolutionary Biology, vol. 30, 1998, s. 316-317.
297 Bernard Kettlewell, “Selection experiments on industrial melanism in the Lepidoptera”, Heredity, vol. 9, 1955, s. 340.
298 Kauri Mikkola, “On the selective forces acting in the industrial melanism of Biston and Oligia moths (Lepidoptera: Geometridae and Noctuidae)”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 21, 1984, s. 409-421.
299 C.A. Clarke, G.S. Mani, G. Wynne, “Evolution in reverse: clean air and the peppered moth”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 26, 1985, s. 189-199.
300 R.J. Howlett, M.E.N. Majerus, “The understanding of industrial melanism in the peppered moth (Biston betularia) (Lepidoptera: Geometridae)”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 30, 1987, s. 40.
301 Jerry A. Coyne, “Not black and white”, Nature, vol. 396, 5 Kasım 1998, s. 35-36.
302 Jerry A. Coyne, “Not black and white”, Nature, vol. 396, 5 Kasım 1998, s. 35-36.
303 T.G. Liebert, P.M. Brakefield, “Behavioural studies on the peppered moth Biston betularia and a discussion of the role of pollution and lichens in industrial melanism”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 31, 1987, s. 129-150.
304 Bernard Kettlewell, The Evolution of Melanism, Oxford: Clarendon Press, 1973, s. 150; J.A. Bishop, L.M. Cook, “Moths, melanism and clean air”, Scientific American, vol. 232, 1975, s. 90-99.
305 Larry Witham, “Darwinism icons disputed: Biologists discount moth study”, The Washington Times, National Weekly Edition, 25-31/1/1999, s. 28.
306 T.D. Sargent, C.D. Millar, D.M. Lambert, “The “classical” explanation of industrial melanism: assessing the evidence”, Evolutionary Biology, vol. 30, 1998, s. 299-322.
307 Jonathan Wells, Icons of Evolution, Regnery Publishing Inc., 2000, s. 155.
308 Jerry A. Coyne, “Not black and white”, Nature, vol. 396, 5 Kasım 1998, s. 35-36.
309 Jerry A. Coyne, “Not black and white”, Nature, vol. 396, 5 Kasım 1998, s. 35-36.
310 Bernard Kettlewell, The Evolution of Melanism, Oxford, Clarendon Press, 1973; Michael Majerus, Melanism: Evolution in Action, Oxford, Oxford University Press, 1998.
311 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Entomoloji, Cilt II / Kısım II, 5. baskı, Meteksan Yayınları, Ankara, 1997, s. 556.
312 E.R. Creed, “Geographic variation in the two-spot ladybird in England and Wales”, Heredity, vol. 21, 1966, s. 57-72; E.B. Ford, Ecological Genetics, 4th ed., London: Chapman and Hall, 1975; P.M. Brakefield, “Polymorphic Muellerian mimicry and interactions with thermal melanism in ladybirds and a soldier beetle: a hypothesis”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 26, 1985, s. 243-267.
313 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Entomoloji, Cilt II / Kısım II, 5. baskı, Meteksan Yayınları, Ankara, 1997, s. 236.
314 T.D. Sargent, C.D. Millar, D.M. Lambert, “The “classical” explanation of industrial melanism: assessing the evidence”, Evolutionary Biology, vol. 30, 1998, s. 299-322.
315 Giuseppe Sermonti, Paola Catastini, “On industrial melanism: Kettlewell’s missing evidence”, Rivista di Biologia 77, 1984, s. 35-52.
316 Atuhiro Sibatani, “Industrial Melanism Revisited”, Rivista di Biologia 92, 1999, s. 349-356.
317 Jerry A. Coyne, “Not black and white”, Nature, vol. 396, 5 Kasım 1998, s. 35-36.
318 K.R. Miller, J. Levine, Biology, fifth edition, Upper Saddle River, NJ: Prentice Hall, 2000, s. 297-298.
319 B.S. Guttman, Biology, Boston, MA: WCB/McGraw-Hill, 1999, s. 35-36.
320 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “heredity: Natural selection in operation”.
321 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “lepidopteran: Importance”.
322 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “peppered moth”.
323 Bruce Grant, Sir Cyril Clarke, “Industrial Melanism”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
324 M. Archer, “The Reality of Organic Evolution”, s. 30-31, D.R. Selkirk & F.J. Burrows, eds., Confronting Creationism: Defending Darwin, New South Wales University Press: Kensington, NSW, Australia, 1988.
325 Jeremy Cherfas, “Exploding the Myth of the Melanic Moth”, New Scientist, 25 Aralık 1986, s.25.
326 Steven Pinker, How the Mind Works, Penguin: London, 1998, s. 162-163.
327 Jonathan Wells, “Significance of the Peppered Moth Argument”, Access Research Network, 2000, http://ğ.arn.org/docs/wells/jw_significancepm.htm.
328 Jonathan Wells, Icons of Evolution, Regnery Publishing Inc., 2000, s. 155. (John Endler, Natural Selection in the Wild, Princeton, NJ: Princeton University Press, 1986, s.164)
329 L. Harrison Matthews, “Darwin’in Türlerin Kökeni kitabının 1971 baskısında yazdığı önsözde”, J.M. Detn & Sons Ltd, London, s. xi.
330 Detaylı bilgi için bkz. Harun Yahya, Hayatın Gerçek Kökeni, Vural yayıncılık, İstanbul, 2000.
331 Charles Darwin, The Descent of Man, Chapter 11: Insects, http://ğ.literature.org/authors/darwin-charles/the-descent-of-man/chapter-11.html.
332 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Butterflies and Moths”.