Чарльз Дарвиндин өмүр баянын же эволюция теориясынын тарыхый келип чыгышын баяндаган китептерди караганыбызда, Тынч Океандагы Галапагос аралдарына өзгөчө көңүл бурулгандыгын көрөбүз. Ал тургай, кээ бир биология окуу китептеринде да бул аралдар айтылат. Анткени, Дарвинге теориясын иштеп чыгууда Галапагос аралдары илхам булагы болгон. Бул аралдарды эволюционисттер эволюция теориясынын пайдубалы коюлган жер жана «Дарвиндин лабораториясы» деп аташат. 20-кылымдагы күчтүү дарвинисттик пропаганданын натыйжасында бул аралдардын даңкы өстү.
Галапагос аралдары Түштүк Америка материгинин батышындагы Эквадор жээктеринен 1000 километрдей алыстыкта орун алган жана бири-бирине жакын жайгашкан чоң-кичине аралдардан турат. Бул аралдардын баары бир канча миллион жыл мурда жанар тоодон атылган вулкандар учурунда жер бетине чыккан лава жана магмалардан пайда болгон.
Дарвин «Бигль» (H.M.S. Beagle) аттуу экспедициялык кемеси менен беш жылга созулган сапары учурунда 1835-жылы Галапагоско токтоп, ал жерде бир канча жума байкоолорду жүргүзгөн. Материктен бир топ алыстагы бул аралдардагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардын көп түрдүүлүгү Дарвинди таасирденткен.
Галапагосто көптөгөн өсүмдүк жана жаныбар түрлөрү жашайт. Ал жерде ар түркүн тропикалык дарактар, өсүмдүктөр жана гүлдөр өсөт жана мукурлар, фламинголор, пингвиндер, ири ташбакалар, игуаналар, тюленьдер, көпөлөктөр, чымын-чиркей, курт-кумурскалар, 100гө жакын канаттуу түрү, ар кандай сойлоочулар жана сүт эмүүчүлөр жашашат. Бул аралдарда жашаган өсүмдүктөрдүн 42%ы, кургактык канаттууларынын 75%ы, сойлоочулардын 91%ы жана сүт эмүүчүлөрдүн бүт баары бир гана Галапагоско тиешелүү жана дүйнөнүн башка эч бир аймагында табигый түрдө жашабайт.216
Галапагосту дарвинизмдин негизги символдорунун бирине болсо мукур канаттуулары (вьюрки) айландырган. Галапагос аралдарында 13 мукур түрү, Галапагостун болжол менен 600 километр түндүк чыгышындагы Кокос аралында болсо 1 мукур түрү жашайт. Бул 14 мукур түрү илимий булактарда Галапагос мукурлары же «Дарвин мукурлары» деп аталат. Галапагос мукурлары – узундугу 7 сантиметрден 15 сантиметрге чейин болгон, түктөрү көбүнчө кара, күңүрт түстүү, колго оңой көнгөн жана кыска аралыкка учкан канатYYYтуулар. 14 түр деп классификацияланганы менен, бири-бирине абдан окшошот; дене формасы, түстөрү жана кыймыл-аракеттери окшош. Канаттуулар боюнча адистер өзгөчө тумшугунун формасына, тумшугунун чоңдугуна жана денесинин көлөмүнө карап буларды айырмалашат.
Бул канаттуулардын Дарвинди катуу таасирденткени кээ бир биология окуу китептеринде төмөнкүчө сүрөттөлөт:
«Мукурлар табигый тандалуу аркылуу эволюция теориясын иштеп чыккан Дарвинге жол көрсөтүүдө чоң роль ойногон.»217
«13 мукур түрүнүн тумшуктары менен азык булактарынын ортосундагы шайкештик алардын формасынын эволюциядан келип чыккандыгын ошол замат Дарвиндин оюна салган.»218
«Дарвин бул мукурлардын ортосундагы тумшуктардын көлөмү менен азыктануу адаттарынын айырмачылыктарын алардын ата-бабаларынын Галапагос аралдарына көчүп келишинен соң келип чыккан эволюцияга байланыштырган.»219
Дарвинден бери эволюционисттер учурдагы Галапагос мукурларын илгери Түштүк Америкадан келген бир түрдөн эволюция аркылуу келип чыккан дешет. Бул канаттууларды ар дайым «табигый тандалуу аркылуу эволюциялануунун бир мисалы» катары колдонушуп, эволюциянын эң белгилүү «далилдеринин» бири катары көрсөтүшөт. Ал тургай, Түштүк Каролина университетинен Тимоти Муссо жана Небраска университетинен Александр Ольвидо айткандай, бул канаттууларды биологиялык ар түрдүүлүктүн эволюция аркылуу келип чыгышынын бир далили катары пайдаланышат.220
Эволюционисттер бир түрдүн ар кандай чөйрөлөргө жайгашуусунун натыйжасында ар түрдүү формалардын келип чыгуу процессин «ыңгайлашкан өрчүү» же «ыңгайлашкан бутактануу» деп аташат. «Галапагос аралдарында жашаган мукурлардын эволюциялануу» икаясын мунун негизги мисалдарынын бири катары көрсөтүшөт. Ал тургай, мындай кубулушту бүгүнкү күндө да байкоого болот дешет.
Китептеринде эволюция теориясына кеңири токтолгон Түркиядагы Хажеттепе университетинин профессору Али Демирсой Галапагос мукурларын «өрчүгөн эволюциянын» же башкача айтканда, «ыңгайлашкан өрчүүнүн» «мыкты бир мисалы» дейт:
«Ыңгайлашкан өрчүүнү кичинекей масштабда Галапагос аралдарында жашаган жана эволюциялык өрчүүгө ар дайым жакшы бир мисал катары көрсөтүлгөн мукурлардан көрүүгө болот. Бул канаттуулардын бир бөлүгү жер үстүндөгү канаттуулар жана дан, уруктар менен азыктанышат; кээ бирлери даракта жашап, чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен; кээ бирлери кактустарда жашап, алардын уруктары менен азыктанышат. Бир тамырдан келген бул канаттууларда тумшугунун көлөмү жана формасы жагынан ыңгайлашкан өрчүү даана байкалат.»221
«Life Sciences» энциклопедиясы болсо Дарвин мукурларын «ыңгайлашкан өрчүүнүн жана иш жүзүндөгү эволюциянын эң негизги мисалы» дейт.222
Бул бөлүмдө Дарвиндин жана анын жолдоочуларынын Галапагос мукурлары жөнүндөгү жаңылыштыктарын карап чыгабыз жана бул канаттуулардын эволюция теориясына эч кандай далил болбой тургандыгын илимий маалыматтардын негизинде далилдеп көрсөтөбүз.
Алгач, бул канаттуулардын илимий булактардагы классификациясына кыскача токтолуу керек.
H.M.S. Beagle adlı keşif gemisi. |
Галапагос мукурлары морфологиялык, кыймыл-аракеттик жана экологиялык маалыматтарга карап, 14 түргө бөлүштүрүлөт. Алардын алтоосу жердеги уруктар менен азыктанганы үчүн «жер мукуру» деп аталышат. Жер мукурларынын үч түрү денесинин жана тумшугунун көлөмүнө карап, чоң жер мукуру (Geospiza magnirostris), орто жер мукуру (Geospiza fortis) жана кичине жер мукуру (Geospiza fuliginosa) деп аталат. Калган жер мукуру түрлөрү болсо төмөнкүлөр: тумшугу узунураак жана уруктардан тышкары кактус гүлдөрү менен мөмөнүн маңызын да жеген чоң кактусчул мукур (Geospiza conirostris) жана кичине кактусчул мукур (Geospiza scandens); уруктардан тышкары башка жаныбарлардын жумурткалары жана каны менен азыктанган курч тумшуктуу жер мукуру (Geospiza difficilis).
Галапагостогу алты мукур түрү болсо «даракчыл мукурлар». Эт жебес мукурдан (Platyspiza crassirostris) тышкары, булардын баары чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен курсак тойгузушат. Тоңкулдак мукур (Cactospiza pallida) тумшугуна кактус тикенин кармап алып, курт-кумурскаларды жашынган жеринен чукуп чыгарат. Мангр мукуру (Cactospiza heliobates) саздардагы чымын-чиркей, курт-кумурскаларды кармоо үчүн жоон, түз тумшугун колдонот. Даракчыл мукурлардын калган үч түрү чоң даракчыл мукур (Camarhynchus psittacula), орто даракчыл мукур (Camarhynchus pauper) жана кичине даракчыл мукур (Camarhynchus parvulus) деп аталат. Эт жебес мукур жоон, кыска жана жеңил тумшугу менен жалбырактарды, бүчүрлөрдү, мөмөлөрдү жана гүлдөрдү жейт.
Булбул мукурдун (Certhidea olivacea) тумшугу кичинекей жана ичке. Ал чымын-чиркей, курт-кумурскаларга аңчылык кылат. Кокосчул мукур (Pinaroloxias inornata) болсо Галапагос аралдарынын сыртында жашаган жалгыз түр. Бул түрдүн негизги азыгы жердеги жана дарактардагы чымын-чиркей, курт-кумурскалар.
Бул жерде эң негизгиси бүт мукур түрлөрүнүн тумшугунун формасы алардын азыктануу муктаждыгына толук жооп берет. Галапагос мукурларынын тумшуктарын ар кайсы жумуш үчүн атайын, өз-өзүнчө иштелип чыккан кыпчуур жана кычкачтарга салыштырууга болот.
1. Geospiza magninostris 2. Geospiza fortis 3. Geospiza parvula 4. Certhidea olivecea |
Негизи Галапагосто жашаган мукурларга Дарвиндин атынын ыйгарылышы абдан таң калыштуу. Анткени, буларды биринчи Чарльз Дарвин байкаган эмес; ага чейин алда качан эле бул канаттуулар белгилүү болгон. Бул аралдардагы ири ташбакаларга аңчылыкка келгендер ал жерде мукурлардын да жашай тургандыгын айтышкан. Мисалы, Джеймс Колнетт 1798-жылы бул жандыктар жөнүндө сөз кылган.223 Ал тургай, көп адамдар ойлогондон тескерисинче, Дарвиндин Галапагосто жүргөн кездеги мукурларга жүргүзгөн байкоолору абдан үстүртөн болгон. Сапары тууралуу жазгандарынын бир жеринде гана мукурлардын атын аташы жана «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу белгилүү китебинде бул канаттуулардан эч сөз кылбашы бул акыйкатты ачык айгинелеп турат.224
Чындап эле, Дарвин сапарынан бир топ убакыт өткөн соң гана мукурларга маани берген. Галапагосто жүргөндө бул жандыктарга көп маани бербестен, 13 түрдөн 9унун гана үлгүлөрүн чогулткан. Алардын алтоосун гана мукур деп атап, калгандарын болсо башка канаттуулар катары сыпаттаган. Башкача айтканда, мукур түрлөрүн толук бөлө алган эмес. Ошондой эле, тумшугунун формасы менен азыктануу адаттарынын ортосундагы байланышты да түзө албастан, кайсы канаттуу үлгүсүнүн кайсы аралга тиешелүү экендигин да жазып алган эмес. Иллинойс университетинен Михаэла Хау жана Мартин Викельский айткандай, «Дарвин Галапагос аралдарына барган кездеги бул кайдыгерлигинен улам мукурлардын кийинчерээк иштеп чыккан теориясындагы потенциалдуу ролун байкаган эмес.»225
Англиянын белгилүү орнитологу (канаттуулар боюнча адиси) Джон Гулд Дарвиндин чогулткан мукур үлгүлөрүн 1837-жылы терең анализ кылган. Гулд «бул канаттуулар толугу менен Галапагоско тиешелүү жана Дарвиндин жазгандарынын көпчүлүгү туура эмес» деген жыйынтыкка келген. Бигль экипажынын кармаган мукурларынын жана жазган нерселеринин анализ кылынышы Дарвиндин каталарын айгинеледи.226
Илимдин тарыхчысы Франк Суллоуэй болсо бул канаттуулардын азыктануу адаттары жана географиялык таралышы жөнүндө Дарвиндин чектүү жана көбүнчө туура эмес пикирде болгондугун айткан.227 Галапагос мукурлары Дарвинди эволюциянын бир далили катары таасирденткен деген сөздөр жөнүндө болсо Суллоуэй мындай деген: «эч бир нерсе чындыктан (мынчалык) алыс боло албайт.»228
Кыскасы, Дарвин сапарынан көп жыл өткөн соң гана мукурлар эволюциянын бир мисалы болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Бул жыйынтыгында да кем жана туура эмес маалыматтарга таянган.
Бул жерде дагы бир акыйкатты айта кетүү керек. Галапагос мукурларын мифке айландырган чындыгында Дарвин эмес, 20-кылымдын эволюционисттери болгон. «Дарвин мукурлары» деген терминди биринчи жолу 1936-жылы Перси Лоу колдонгон. Анан аны орнитолог Дэвид Лак жайылткан. Лактын 1947-жылы чыккан «Дарвин мукурлары» аттуу китеби бул темадагы эволюционисттик пропаганданын жол башчысына айланган.229 Неодарвинизмдин бул пикирлерге колдоо көрсөтүшүнүн натыйжасында «Дарвин мукурлары» (орусчасы: дарвиновы вьюрки) бүт адамдар билген бир икаяга айланып, мукурлар эволюционист биологдордун эң көп изилдеген канаттуулар түркүмү болуп калган.230
19-кылымдын аягынан баштап эле Галапагос аралдарына абдан көп зыяратчы келе баштаган. Көпчүлүгү америкалыктардан турган бул саякатчы жана изилдөөчүлөр ал жерден миңдеген канаттуу үлгүлөрүн чогултушкан. Мисалы, 1905-1906-жылдары бир эле Калифорния илимдер академиясы коллекциясына болжол менен беш миң мукурду кошкон.231 Кыска убакыт ичинде Галапагос мукурлары көптөгөн музейдин коллекциясынан орун алган. Албетте, мындай зыяраттардын белгилүү бир себеби бар эле. Мунун максаты Дарвин жарым таштаган жумушту аягына чыгарып, жарактуу бир далил таап, эволюцияны чарасыздыктан куткаруу болгон.
Өткөн кылымда Галапагос мукурларына жүргүзүлгөн эволюционисттик изилдөөлөрдүн дагы бир маанилүү себеби бар эле. Дарвин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде табигый тандалуу аркылуу жаңы түрлөрдүн келип чыгышы өтө жай процесс, ошондуктан аны байкоого болбойт, ой жүгүртүү аркылуу гана түшүнүүгө болот деген. Бирок бул заманбап илим стандарттарына туура келген эмес. Ошондуктан неодарвинисттер эволюция теориясын илим катары көрсөтүү үчүн жаңы «далил» издеп башташкан. Мына ошондо Галапагос мукурлары жөнүндөгү икая аларга куткаруучудай көрүнгөн.
Ошентип бул канаттуулар терең изилдөөлөрдүн борборуна айланган. Көптөгөн эволюционисттер байкоолоруна таянып, өз ойлорун айтышкан. Дэвид Лак «Scientific American» журналында 1953-жылы апрельде жарыяланган макаласында Галапагостогу канаттуулардын эволюциясы жакынкы кылымдарда ишке ашкан, ал тургай, түрлөрдүн ортосундагы айырмалардын далилин дагы деле көрүүгө болот, ошондуктан Галапагос өзгөчө бир жер деп айткан.232 Дагы бир эволюционист Питер Грант болсо Галапагос мукурларынын эволюцияы дагы эле уланып жатат деген.233
Бул канаттуулар жөнүндөгү макалалардын көпчүлүгүнөн Питер жана Розмари Грант ысымдарын жолуктурууга болот. Бул эки изилдөөчү «эволюциянын мукурларга тийгизген таасирлерин» аныктоо максатында биринчи жолу 1973-жылы Галапагос аралдарына барып, бүгүнкү күнгө чейин абдан терең байкоолорду жана изилдөөлөрдү жасашкан. Ошондуктан аларды «Дарвин мукурларынын адистери» деп айтышат.234
Учурда Принстон университетинин Экология жана эволюциялык биология бөлүмүндө иштеп жаткан Питер Грант жана жубайы Галапагостогу Дафни Майор аттуу кичинекей аралдардын биринде бир канча жыл жашап, «орто жер мукуру» аттуу түрдүн индивиддерин изилдешкен. Торлордун жардамы менен канаттууларды кармап, алардын тумшуктарынын, канаттарынын жана денелеринин көлөмдөрүн жазышкан жана ар бирине өзгөчө боолор менен белги коюп, кайра койо беришкен. 1977-жылы аралдагы канаттуулардын жарымынан көбүнө, 1980-жылы болсо дээрлик бүт баарына белги коюп бүтүшкөн.
Ушул ыкма менен урпактан урпакка болжол менен жыйырма миң мукурду үзгүлтүксүз изилдөөгө алышкан. Бул аралда адамдардын жана жырткыч жаныбарлардын жок болушу жана бул мукурлардын үй канаттууларындай колго оңой үйрөнүшү алардын жумушун жеңилдеткен. Мындан тышкары, профессор Грант менен жубайы аралдагы жаан-чачындын көлөмүн да тынымсыз өлчөп турушкан.
Галапагос мукурларына байланыштуу изилдөөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү лабораторияда эмес, канаттуулардын табигый жашоо шарттарында жүргүзүлгөн. Питер-Розмари Грант жана жардамчылары канаттууларга ар кайсы климаттык шарттарда байкоо жүргүзүп, «эволюциянын» канаттууларга тийгизген таасирлерин аныктоого аракет кылышкан. Көңүл буруңуз, бул изилдөөлөрдү жүргүзгөндөрдүн баары жашоонун жана организмдердин эволюциядан келип чыккандыгына ишенген адамдар болушкан жана байкоолору аркылуу бул ишенимине далил табууга аракет кылышкан.
Бул жерде Галапагостун климат шарттарына кыскача токтоло кетүү керек. Бул аралдарда көбүнчө январьдан майга чейин ысык жана жаанчыл, башка айларда болсо салкыныраак жана жаан-чачын азыраак мезгил өкүм сүрөт. Бирок ысык жана жаанчыл мезгил башталгандан кийин жалпы жаан-чачындын көлөмү жылдан жылга бир топ айырмаланышы мүмкүн. Ошондой эле, бул аймакта 2 жылдан 11 жылга чейинки ар кандай аралыкта кайталанган жана күчү ар кандай болгон «Эль-Ниньо» аттуу атмосфералык кубулуш дагы климаттык тең салмактуулуктарды өзгөртүп турат. Эль-Ниньо учурунда Галапагоско өтө көп жамгыр жаайт. Андан кийинки жылдар болсо көбүнчө жаан-чачынсыз, кургак өтөт.
Жаан-чачындын көлөмү уруктар менен азыктанган жер мукурлары үчүн абдан маанилүү. Жаан-чачын мол болгон жылдары жер мукурлары өздөрүнө керектүү азыкты эч кыйынчылыксыз таба алышат. Бирок кургакчыл жылдары аралдагы өсүмдүктөрдүн уруктарынын саны жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Бул кээ бир мукурлардын өлүмүнө себеп болот.
Грант жана кесиптештери 1976-жылы Дафни Майор аралына кадимки өлчөмдө, 1977-жылы болсо анын бештен биринчелик гана көлөмдө жаан-чачын жааганын аныкташкан. 1976-жылдын ортосунан баштап 1978-жылдын январында жаан-чачын кайрадан башталганга чейинки 18 айлык кургакчылык учурунда аралдагы уруктардын абдан азайганын жана көптөгөн жер мукурларынын жок болгонун байкашкан. Жер мукурларынын популяциясы мурдакы жылга караганда 15%га азайган. Алар жок болгон канаттууларды «көпчүлүгү өлдү, бир аз бөлүгү башка жакка көчүп кетти» деп кабыл алышкан.
Peter Grant ve eşinin Galapagos Adalarındaki çalışmalarına büyük emek verdikleri bir gerçektir. Ne var ki saha çalışmalarındaki özen ve titizliği, sonuçları değerlendirme aşamasında göstermemişlerdir. Bulguları, bilime göre değil de evrimci önkabullere göre yorumlamaya kalkıştıkları için de büyük hataya düşmüşlerdir. |
Грант менен командасы дагы бир маанилүү байкоо жүргүзүшкөн. Кургакчылыктан соң аман калган мукурлардын дене түзүлүшүнүн чоңураак жана тумшугунун кененирээк болуп калганын аныкташкан. Аралдагы жер мукурларынын 1977-жылдагы орточо тумшугунун тереңдиги 1976-жылдагы орточого салыштырмалуу болжол менен жарым миллиметрге, б.а. 5%га чоңураак болуп калган. (Тумшуктун тереңдиги тумшуктун денеге бириккен жериндеги эң үстүңкү чекити менен эң астыңкы чекитинин ортосундагы аралыкты көрсөтөт.) Бул изилдөөчүлөр ушул жыйынтыкка таянып, «табигый тандалуу бир гана кичинекей уруктар менен азыктанган мукурларды жок кылды, ал эми чоң, катуу уруктардын кабыгын сындыра алган, чоң тумшуктуу мукурлар болсо жашоосун уланта алышты» дешкен.
Питер Грант 1991-жылы октябрьда «Scientific American» журналында чыккан макаласында бул изилдөөнү эволюциянын түздөн-түз далили деп жарыялаган. Гранттын ою боюнча, орто жер мукурун чоң жер мукуруна айландыруу үчүн 20 табигый тандалуу окуясы жетиштүү болот. Кургакчылык он жылда бир кайталанат деп кабыл алынса, анда бул процесс 200 жылдай кыска убакыт ичинде ишке ашат. Бул божомолуна ката үлүшүн кошуп, мунун 2000 жылга созулушу да мүмкүн экендигин айткан, бирок «канаттуулардын аралдарда жашаган мөөнөтүн эске алганда, бул мөөнөт да абдан кыска» деген. Анын ою боюнча, табигый тандалуунун орто жер мукурун кактусчул мукурга айландырышы болсо мындан да көбүрөөк убакыт алат.235 Грант кийинки макалаларында да бул пикирин кайталап, мукурлар дарвинизмди тастыктайт жана табигый тандалуунун организмдерди эволюция кылаарын далилдейт деген көз-карашынан кайткан эмес.236
Анын бул сөздөрүн эволюционист чөйрөлөр бир кутулуу катары көрүшүп, аны эксперимент жана байкоолордо ар дайым ийгиликсиздикке кабылган «табигый тандалуу аркылуу эволюциялануу» теориясына далил катары көрсөтүштү. Гранттардын изилдөөлөрү Джонатан Вайнердин «Мукурдун тумшугу» аттуу Пулитцер сыйлыгын алган китебинин негизин түзгөн. Вайнер 1994-жылы чыккан китебинде тумшуктагы бул өзгөрүүнү «Дарвиндик процесстин күчүнүн ушул күнгө чейинки эң мыкты жана эң детальдуу далили» деп жарыялаган.237 Ошондой эле, Вайнердин ою боюнча, мукурдун тумшугу «эволюциянын бир иконасы» эле.238 Бул китептен соң Питер жана Розмари Грант дарвинизмдин баатырына айланышты.
Профессор Грант менен анын командасынын Галапагос аралдарындагы изилдөөлөргө зор эмгек коротушканы чындык. Бирок изилдөө учурундагы кылдаттыкты жыйынтыктарды анализдөө учурунда сакташкан эмес. Алынган жыйынтыктарды илимге карап эмес, эволюционисттик ишенимге карап чечмелегени үчүн чоң ката кетиришкен.
Эми Грант баш болгон эволюционисттердин бул жөнүндөгү жаңылыштыктарын карайлы.
Evrimci araştırmacıların ispinoz gagalarındaki dalgalanmayı evrime bağlamaları, bilimsel değil tamamen ideolojik bir çabadır. |
Жогоруда да айтылгандай, Эль-Ниньо өзгөчө Түндүк жана Түштүк Американын батыш аймактарында бир канча жылда бир кайталанат жана ал периоддо Галапагос аралдарында жаан-чачын мол болот. Бул аралдагы өсүмдүктөрдүн жакшы өсүшүнө жана уруктарынын мол болушуна шарт түзөт. Натыйжада жер мукурлары өздөрүнө керектүү азыкты эч кыйынчылыксыз таба алышат. Мындай жаан-чачындуу жылдары мукурлардын саны көбөйөт.
Грант жана кесиптештери 1982-1983-жылдары ушул сыяктуу бир абалга күбө болушкан. Жаан-чачындан улам уруктар көбөйүп, жер мукурларынын тумшугунун орточо чоңдугу 1977-жылкы кургакчылыктан мурдакы абалына кайткан. Бул көрүнүш «тумшуктун көлөмү тынымсыз чоңойо берет» деп күткөн эволюционист изилдөөчүлөрдү таң калтырган.
Галапагос мукурларынын тумшугунун орточо көлөмүндөгү өзгөрүүнүн себеби мындай: уруктар аз болгон кургакчылык жылдары тумшугу орточодон бир аз чоңураак болгон канаттуулар күчтүүрөөк тумшуктары менен катуу, чоң уруктарды чага алышат. Мукур популяциясындагы тумшугу кичине жана алсыз индивиддер айлана-чөйрөнүн шарттарына ыңгайлаша албаганы үчүн өлүп калышат. Ошентип тумшуктун орточо чоңдугу жогорулайт. Майда, жумшак уруктар мол болгон жаан-чачындуу жылдары болсо тескерисинче болот. Мындайда тумшуктары кичирээк жер мукурлары айлана-чөйрөгө жакшыраак ыңгайлашып, алардын саны көбөйөт. Натыйжада тумшуктун орточо чоңдугу кадимки абалына кайтат. Питер Грант менен окуучусу Лилль Гиббс 1987-жылы «Nature» журналында чыккан макаласында муну моюнга алышкан.239
Кыскасы, алынган жыйынтыктар эволюциялык өзгөрүүнүн жок экендигин апачык көрсөтүүдө. Тумшуктун орточо чоңдугу мезгилдерге жараша белгилүү бир чоңдуктун тегерегинде кээде бир аз өсүп, кээде бир аз төмөндөп турат, башкача айтканда, өйдө-төмөн болуп турат. Бирок жыйынтыгында эч кандай өзгөрүү болбойт.
Бул акыйкатты байкаган Питер Грант «табигый тандалууга туш болгон популяциянын (сааттын маятнигиндей) алдыга артка термелээрин» айткан.240 Кээ бир эволюционист изилдөөчүлөр болсо табигый тандалуунун бири-бирине карама-каршы эки багытта да болоорун айтышат.241
Бүт баары билгендей, бир сааттын маятниги канча убакыт термелбесин, баары бир башка жакка жылып кетпейт. Сааттын маятнигин миллиондогон жыл бою тынымсыз иштетсеңиз да, баары бир эч нерсе өзгөрбөйт.
Түштүк Каролина университетинин Астрономия жана физика профессору Дэнни Фолкнер мукурлардын тумшуктарынын орточо көлөмүнүн чоңоюп-кичирейиши эволюцияга далил болбойт дейт:
«Эгер бир багытта микроэволюция болду деп кабыл алсаңыз жана андан соң абал толугу менен баштапкы кейпине кайтса, анда бул эволюция эмес, боло албайт.»242
Галапагос мукурларынын тумшугунун орточо көлөмүнүн азыктын молдугуна жараша кичирейип же чоңоюшунун мындан эч кандай айырмасы жок. Эволюционист изилдөөчүлөрдүн мукурлардын тумшуктарынын орточо чоңдугунун өйдө-төмөн болушуна таянып, эволюция теориясына бир далил таптык деп чыгышы толугу менен идеологиялык себептерден келип чыккан.
Göklerin ve yerin mülkü O'nundur; çocuk edinmemiştir. O'na mülkünde ortak yoktur, herşeyi yaratmış, ona bir düzen vermiş, belli bir ölçüyle takdir etmiştir. |
Грант менен анын командасынын Галапагосто байкаганын дагы бир жолу эстейли: 1970-жылдардан 1990-жылдарга чейин миңдеген орто жер мукурунун (Geospiza fortis) изилденишинин натыйжасында тумшуктун көлөмүндө таза бир өсүү же азайуу тенденциясы аныкталган эмес. Ошондой эле, эч бир жаңы түр же өзгөчөлүк келип чыккан эмес жана белгилүү багытта таза бир өзгөрүү болгон эмес. Алар мына ушуну байкашкан. Объективдүү бир илимпоз спекуляция же бурмалоо жасабастан, бул чындыкты ачык айтышы керек. Бир кубулушту эволюцияга далил иштеп чыгуу үчүн гана апыртуу же чыныгы маанисинен бурмалоо илимге жатпайт. Бирок профессор Грант алган жыйынтыктарына толугу менен карама-каршы жоромол жасап, эч байкабаган бир кубулушту, т.а. бир мукур түрүнүн 200-2000 жыл сыяктуу кыска убакытта башка бир түргө айланышы мүмкүн экендигин айткан жана ошентип илимий изилдөөлөрүн чоң күмөнгө салган. Калифорния университетинин биологу, доктор Джонатан Уэллс айткандай, бул «далилди апыртуу».243
Уэллс дарвинисттердин мындай ыкманы көп колдонушаарын айткан жана мисал катары Америка Улуттук илимдер академиясы чыгарган бир китепчедеги сөздөргө токтолуп, мындай деген:
«Улуттук академия тарабынан 1999-жылы чыгарылган бир китепче Дарвин мукурларын түрлөрдүн келип чыгышынын «өзгөчө ынандырарлык бир мисалы» деп атаган. Китепчеде Гранттардын жана кесиптештеринин төмөнкү нерсени көрсөткөндүгү айтылат: «аралдардагы бир жылдык эле кургакчылык мукурларда эволюциялык өзгөрүүлөрдү пайда кыла алат. Эгер кургакчылыктар аралдарда он жыл сайын кайталанып турса, жаңы мукур түрү болжол менен 200 жылда пайда болушу мүмкүн.» Болгону ушул. Кургакчылыктан соң тандалуу процессинин артка кайтаарын, узун мөөнөттө эч кандай эволюциялык өзгөрүүгө алып келбей тургандыгын айтып, окурмандын башын айлантпастан, китепче бул чындыкты ачык эле аттап кеткен. 1998-жылы бир акциянын баасы 5%га өскөндүгү үчүн, «акция жыйырма жылда эки эсеге кымбатташы мүмкүн» деп, бирок 1999-жылы анын баасынын 5%га төмөндөгөнүн айтпай койгон бир биржа брокери сыяктуу, бул китепче да далилдин абдан маанилүү бөлүгүн жашырып, элди алдаган.»244
Америка Улуттук илимдер академиясы сыяктуу абройлуу жана ишенимдүү деп кабыл алынган бир мекеменин мукурлардан табигый тандалууга жана эволюцияга далил чыгарууга аракет кылып, ушундай алдамчылыкка барышы таң калтырбай койбойт. Беркли университетинин профессору Филлип Джонсон Уолл Стрит журналдагы (Wall Street Journal) макаласында бул жөнүндө мындай дейт:
«Белгилүү илимпоздорубуз бир биржа брокерин түрмөгө түшүрө тургандай маанидеги бурмалоону жасаганга мажбур болгондо, алардын оор абалда калганын түшүнөсүз.»245
Кыскасы, «табигый тандалуу аркылуу эволюциянын эң таамай мисалдарынын бири» катары көрсөтүлгөн Галапагос мукурлары икаясы апачык жалган. Ошондой эле, эволюционисттердин ар түрдүү илимге сыйбаган ыкмаларды колдоноорун көрсөткөн жүздөгөн мисалдардын бири.
Питер Грант менен командасы эволюцияга далил табуу үчүн жолго чыгышканы менен, изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары эволюцияга карама-каршы көптөгөн далилдерди көрсөткөн. Эволюционисттер Дарвинден бери Галапагос мукурларын «ажыратуучу эволюциянын күчтүү далили» деп келишкен. Бирок акыркы изилдөөлөр мунун туура эместигин, бул аралдардагы мукур түрлөрүнүн бири-биринен бөлүнүп чыкпагандыгын, тескерисинче, аралашып бир түргө айланууга умтулгандыгын көрсөттү.
Дафни Майор аралында мукурлардын үч түрү жашайт. Орто жер мукурлары менен кактусчул мукурлар бул аралдын туруктуу жашоочулары. Үчүнчү мукур түрү кичи жер мукуру болсо бул аралды кээ-кээде зыярат кылып турат. Грант менен кесиптештеринин байкоолору боюнча, орто жер мукуру берки эки түр менен кээде жупталат; кактусчул мукурлар менен кичи жер мукурлары болсо бири-бири менен жупталышпайт. Бул жерде маанилүү нерсе мындай: мындан келип чыккан аргындардын (гибрид) жашап кетүү деңгээли «таза кандуу» мукурларга салыштырмалуу жогорураак жана аргындар көбүрөөк балапандуу болушат. Профессор Грант бул жыйынтыктардын негизинде, бара бара бул үч мукур түрү бири-бирине аралашып, жалгыз түр келип чыгышы мүмкүн деген246жана бул процесс жүз жылдан эки жүз жылга чейин созулушу мүмкүн деп божомолдогон.247
Бул кубулуш, албетте, Галапагосто жашаган мукурларды «ыңгайлашкан өрчүүдөн» жана «ажыратуучу эволюциядан» келип чыккан деген дарвинизмге карама-каршы келет. Анткени, бул байкоолор бир атадан бир канча канаттуу түрлөрүнүн келип чыгаарын көрсөтпөстөн, тескерисинче, ар башка канаттуу топторунун бири-бирине окшошуп калаарын көрсөткөн.
Дафни Майор аралындагы бул көрүнүш башка аралдарга да тиешелүү. Эки башка түргө тиешелүү мукурлар кээде өз ара жупталып, аргын балапандарды дүйнөгө алып келишет.248 Бул кубулуш бир караганда маанисиздей көрүнүшү мүмкүн; бирок Галапагос мукурларын 14 түргө бөлгөн эволюционисттерди абдан тынчсыздандырат.
Өз ара окшоштугунан улам, Галапагос мукурларын бири-биринен айырмалоонун татаал экендиги жана адистикти талап кылаары көптөн бери белгилүү. Орнитологдор муну китептеринде көп айтышат.249 Ошондуктан бул мукурлардын 14 түргө бөлүнүшү илимпоздордун арасында талаш-тартыштарга себеп болгон.
Бул жерде «түр» термининин аныктамасын дагы бир жолу эске салуу туура болот. Табиятта бир гана өзүнүн ичинде жуптала алган, структуралык жана функционалдык өзгөчөлүктөрү бири-бирине окшош индивиддерден турган бир популяция «түр» деп аталат. Башкача айтканда, бир организм түрү өзүнүн ичинде гана жупталган жана өзүнүн популяциясынын сыртындагы башка организмдер менен ийгиликтүү жуптала албаган индивиддерден турат. Бул аныктама боюнча, Дарвин мукурларын 14 түргө бөлүү туура эмес. Анткени, алардын көпчүлүк бөлүгүнүн бири-бири менен жупталаары байкалган. Ошондуктан профессор Грант буларды 14 эмес, 6 түргө бөлүүгө болоорун, ал тургай, жаңы изилдөөлөрдүн муну андан да азайтышы мүмкүн экендигин моюнга алган.250
Галапагос мукурларынын генетикалык жактан изилдениши Грант айткан бул абалды апачык тастыктады. Мукурларга жасалган генетикалык изилдөөлөр бул канаттуулардын ортосунда генетикалык айырмачылыктын жок экендигин далилдеди.251 Мисалы, 1999-жылы Макс Планк институту менен Принстон университетинин изилдөөчүлөрүнүн биргелешкен изилдөөсүндө Галапагос мукурларынын салттык классификациясынын молекулярдык деңгээлде аныкталбагандыгы жарыяланган.252 Бул чындыкты «Life Sciences» энциклопедиясы да айткан: «Дарвин мукурларынын түрлөрүнүн ортосунда анык бир генетикалык тосмонун бар экендигин көрсөткөн бир дагы далил жок.»253
Жыйынтыктасак, Галапагос мукурлары – чындыгында бир түргө тиешелүү түрчөлөр. Дарвиндин Галапагос аралдарынан көрүп, «эволюция» деп ойлогон нерсеси чындыгында «вариация». Көрүнүшү ар кандай болгон бул мукурлар бир түргө тиешелүү өзгөчөлөнүүлөр же, башкача айтканда, вариациялар. Ал жерде эч кандай жаңы түр пайда болгон эмес.
Бул жерде көңүл бурган дагы бир жагдай төмөнкүдөй: эволюционисттердин мукурларга мынчалык көп маани бериши жөн жеринен эмес, анткени, мукурлар канаттуулардын арасында эң көп вариация көрсөткөн топтордун бири.254 Ушул себептен вариациядан эволюцияга далил чыгаруу аракеттеринде кеңири колдонулган.
Галапагос мукурларындагы көрүнүштүн кадимки вариация кубулушу экендигин көрсөтүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: 1967-жылы Тынч Океандагы Лайсан аралынан баары бир түргө тиешелүү 100дөй мукур алынып, болжол менен 500 километр алыстыктагы Саут-Ист (Southeast) аралына алып барылган. Болжол менен 20 жылдан кийин, 1980-жылдары жүргүзүлгөн байкоолордо болсо канаттуулардын тумшуктарынын формасынын мурдакыга караганда өзгөрүп калгандыгы аныкталган.255 Бул изилдөө мукурларда вариация мүмкүнчүлүгүнүн көп экендигин көрсөткөн мисалдардын бири. «Not By Chance!» аттуу китептин автору, израилдик биофизик доктор Ли Спетнер да бул көрүнүштүн эволюция эместигин, вариация потенциалынын ал жакка башында алып барылган 100 канаттууда башынан эле бар болгондугун белгилеген.256
Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, вариация эволюцияга далил боло албайт, анткени вариация организмдердеги генетикалык маалыматтын ар кандай комбинацияда биригишинен келип чыгат жана генетикалык маалыматка жаңы бир өзгөчөлүк кошпойт. Бир түргө тиешелүү вариациялардын табигый тандалуу аркылуу тандалышын болсо эволюционист биологдор «микроэволюция» деп аташат. Бирок бул процессте түр өзгөрбөйт жана жаңы генетикалык маалымат иштелип чыкпайт, ошондуктан бул эволюция теориясына эч кандай далил болбойт. Галапагос мукурлары миллиондогон жыл бою ар кандай комбинацияда жупталышса же ар кандай климаттык шарттарга туш болушса, балким жаңы вариациялар келип чыгышы мүмкүн, бирок кандай гана болбосун, баары бир мукур бойдон кала беришет.
Кыскасы, Дарвин менен анын жолдоочулары 150 жылдан бери «эволюциянын далили» катары көргөн Галапагос мукурларындагы вариациялардын чындыгында эволюция теориясына далил боло турган эч бир тарабы жок. Организм түрлөрүнүн ортосунда ашып өткүс «генетикалык дубалдар» бар жана мукурлардын тумшуктарындагы бир аз өзгөрүүлөр бул дубалдардан эволюция аркылуу өтүүгө болоорун эч качан далилдебейт. Эволюционисттер Галапагос мукурлары жөнүндөгү икаяга таянуунун ордуна, «жапжаңы бир түрдү сүрөттөөчү жапжаңы бир маалымат кантип пайда болушу мүмкүн?» деген суроого жооп бериши керек. Бул суроого дарвинизмдин акылга жана илимге сыярлык бир жообу жок. Эволюция теориясын жактагандар да негизи бул чындыкты эң жакшы билишет.
Galapagos Adaları'ndaki farklı ispinoz gagaları bir varyasyon örneğidir ve türlerin evrimi iddiasına bir delil oluşturmaz. |
Гарвард университетинен белгилүү зоолог Луис Агассиз 1872-жылы Галапагосту зыярат кылып, аралдагы жандыктардын арасында «жашоо үчүн күрөш» деген нерсенин жок экендигин, бүт баарынын Жаратуучунун берешендиги менен өмүр сүрөөрүн айткан.257 Чындыгында Галапагостогу колго бат көнгөн жандыктар «табият бир гана «жашоо үчүн күрөштөн» турат» деген дарвинисттерди четке кагат. Өз доорунун эң белгилүү биологдорунун бири катары таанылган профессор Агассиз көзү өткөнгө чейин эволюциянын жараксыздыгын айтып, жашоонун Жаратуучу тарабынан жаратылганын жактаган.258
Галапагостогу жандыктарга эволюция жөнүндөгү ишенимдерин четке коюп, таза акылы менен караган ар бир адам Агассиздин байкоолоруна кошулат. Ойлоп көрүңүз, океандын ортосунда, материктен миң километр алыстыктагы кичинекей аралдарда дүйнөнүн эч бир тарабынан кездешпеген кооз, ар түркүн өсүмдүк, жаныбарлар жашашат. Жапжашыл тропикалык дарактар жана өсүмдүктөр, түркүн түстүү, көз жоосун алган канаттуулар, түрдүү түрдүү организмдер, теңдешсиз кооздуктагы жандыктар... Албетте, түшүнүгү жана билим деңгээли нормалдуу болгон ар бир адам бул жандыктардын түстөрүнө жана көп түрдүүлүгүнө абдан таң калып, учу-кыйырсыз океандын ортосундагы кичинекей кургактыкта кереметтүү жаратылуу мисалынын чагылдырылганын түшүнөт. Негизи ушундай болушу керек. Бирок таң калыштуусу Дарвин менен анын жолдоочулары буларды көрүп, мындан «эволюция» деген акылга жана илимге такыр сыйбаган бир тыянакка келишкен. (Негизи бир адам бүт ааламдагы жаратылуу далилдерин көрө алышы үчүн сөзсүз эле Галапагос аралдарына барышы же бул аралдар жөнүндө документалдуу тасма көрүшү шарт эмес. Адам өзүнүн денесинен үстүндөгү көк асманга чейин, бүт тараптан Аллахтын бар экендигинин, кудуретинин, акылынын жана илиминин сансыз далилдерин көрө алат.)
Сөз болуп жаткан Галапагос мукурларын дагы бир аз тереңирээк карайлы. Канаттарынын геометриясы жыш чөптөрдүн арасында кыска аралыктарга учканга, секиргенге жана ар кандай маневрларды жасаганга эң ыңгайлуу формада долбоорлонгон. Тумшуктарынын формасы, учуу ыкмалары, өзгөчө скелети, дем алуу, тамак сиңирүү жана башка системалары, мамыктарынын комплекстүү жана аэродинамикалык түзүлүшү, уя куруу ыкмалары, сезүү органдары, аңчылык кылуу жана азыктануу ыкмалары, кыймыл-аракеттери, жупталуу жана коомдук иш-аракеттер учурундагы чыгарган үндөрү жана мелодиялары жөнүндө канчалаган томдук китептерди жазганга болот. Галапагос мукурларынын ар бир өзгөчөлүгү кереметтүү долбоор. Бул канаттуунун бир даана клеткасында, ал тургай, бир даана белок молекуласында да Аллахтын бар экендигин далилдеген сансыз далилдер жана кереметтүү өзгөчөлүктөр бар.
Эч күмөнсүз, Аллах бүт жандыктарды кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен жараткан. Галапагос мукурлары да бул акыйкаттын сансыз далилдеринин бири. Дарвинисттер Галапагос мукурлары жөнүндөгү икаялары менен бир гана өздөрүн алдап жатышканын билиши керек.
216 Özge Balkız, “Neden Bizim de Kangurumuz Yok?”, Bilim ve Teknik, sayı: 410, Ocak 2002, s. 85.
217 James L. Gould, William T. Keeton, Biological Science, Sixth Edition, W.W. Norton, New York, 1996, s. 500.
218 Peter H. Raven, George B. Johnson, Biology, Fifth Edition, WCB/McGraw-Hill, Boston, 1999, s. 410.
219 George B. Johnson, Biology: Visualizing Life, FL: Holt, Rinehart & Winston, Orlando, 1998, s. 174.
220 Timothy A. Mousseau, Alexander E. Olvido, “Geographical Variation”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
221 Prof. Dr. Ali Demirsoy, Yaşamın Temel Kuralları, Cilt I / Kısım I, 11. baskı, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998, s. 613.
222 Michaela Hau, Martin Wikelski, “Darwin’s Finches”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
223 Dr. Robert Rothman, “Darwin’s Finches”, 2001, http://ğ.rit.edu/~rhrsbi/GalapagosPages/DarwinFinch.html.
224 Jonathan Wells, Icons of Evolution, Regnery Publishing Inc., 2000, s. 160; Michaela Hau, Martin Wikelski, “Darwin’s Finches”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
225 Michaela Hau, Martin Wikelski, “Darwin’s Finches”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
226 Carl Zimmer, Evolution: The Triumph of an Idea, Harper Collins Publishers, New York, 2001, s. 32.
227 Frank J. Sulloway, “Darwin and His Finches: The Evolution of a Legend”, Journal of the History of Biology, vol. 15, 1982, s. 1-53.
228 Frank J. Sulloway, “Darwin and the Galapagos”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 21, 1984, s. 29-59.
229 David Lack, Darwin’s Finches, Cambridge University Press, Cambridge, 1947.
230 Lee Spetner, Not By Chance!, The Judaica Press, New York, 1998, s. 202.
231 Michaela Hau, Martin Wikelski, “Darwin’s Finches”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
232 David Lack, “Darwin’s Finches”, Scientific American, Nisan 1953.
233 Peter R. Grant, “Natural Selection and Darwin’s Finches”, Scientific American, Ekim 1991, s. 82-87.
234 Jonathan Weiner, The Beak of the Finch, Vintage Books, New York, 1994, s. 19.
235 Peter R. Grant, “Natural Selection and Darwin’s Finches”, Scientific American, Ekim 1991, s. 82-87.
236 Peter R. Grant, B. Rosemary Grant, “Speciation and Hybridization in Island Birds”, Philosophical Transactions of the Royal Society of London B 351, 1996, s. 765-772; Peter R. Grant, B. Rosemary Grant, “Speciation and Hybridization of Birds on Islands”, s. 142-162 in Peter R. Grant (editor), Evolution on Islands, Oxford University Press, Oxford, 1998.
237 Jonathan Weiner, The Beak of the Finch, Vintage Books, New York, 1994, s. 9.
238 Jonathan Weiner, The Beak of the Finch, Vintage Books, New York, 1994, s. 112.
239 Lisle Gibbs, Peter Grant, “Oscillating Selection on Darwin’s Finches”, Nature, vol. 327, 1987, s. 511-513.
240 Peter R. Grant, “Natural Selection and Darwin’s Finches”, Scientific American, Ekim 1991, s. 82-87.
241 Jonathan Weiner, The Beak of the Finch, Vintage Books, New York, 1994, s. 104-105.
242 Gailon Totheroh, “Evolution Outdated”, 2001, http://ğ.discovery.org/viewDB/index.php3?prog ram=CRSCstories&command=view&id=596.
243 Jonathan Wells, Icons of Evolution, Regnery Publishing Inc., 2000, s. 173-174.
244 Jonathan Wells, Icons of Evolution, Regnery Publishing Inc., 2000, s. 174-175; Bkz. National Academy of Sciences, Science and Creationism: A View from the National Academy of Sciences, Second Edition, Washington DC, 1999.
245 Phillip E. Johnson, “The Church of Darwin”, The Wall Street Journal, 16 Ağustos 1999.
246 Lori Oliwenstein, “Any Finch in a Pinch”, Discover, August 1992.
247 Peter R. Grant, B. Rosemary Grant, “Evolution of Darwin’s finches caused by a rare climatic event”, Proceedings of the Royal Society of London B 251, 1993, s. 111-117; Peter R. Grant, B. Rosemary Grant, “Hybridization of Bird Species”, Science, vol. 256, 1992, s. 193-197.
248 Peter R. Grant, “Hybridization of Darwin’s finches on Isla Daphne Major, Galapagos”, Philosophical Transactions of the Royal Society of London B 340, 1993, s. 127–139.
249 Dr. Robert Rothman, “Darwin’s Finches”, 2001, http://ğ.rit.edu/~rhrsbi/GalapagosPages/DarwinFinch.html.
250 Peter R. Grant, “Hybridization of Darwin’s finches on Isla Daphne Major, Galapagos”, Philosophical Transactions of the Royal Society of London B 340, 1993, s. 127–139.
251 James L. Patton, “Genetical processes in the Galapagos”, Biological Journal of the Linnean Society, vol. 21, 1984, s. 91-111; Nancy Jo, “Karyotypic Analysis of Darwin’s Finches”, s. 201-217, R.I Bowman, M. Berson, A.E. Leviton (editors), Patterns of Evolution in Galapagos Organisms, CA: Pacific Division, AAAS, San Francisco, 1983.
252 A. Sato, C. O’hUigin, F. Figueroa, P.R. Grant, B.R. Grant, H. Tichy, J. Klein, “Phylogeny of Darwin’s finches as revealed by mtDNA sequences”, Proceedings of the National Academy of Sciences, vol. 96, Issue 9, 27 Nisan 1999, s. 5101-5106.
253 Michaela Hau, Martin Wikelski, “Darwin’s Finches”, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.
254 Lee Spetner, Not By Chance!, The Judaica Press, New York, 1998, s. 202.
255 S. Conant, “Saving endangered species by translocation”, BioScience, vol. 38, 1988, s. 254-257; S.L. Pimm, “Rapid morphological change in an introduced bird”, Trends in Evolution and Ecology, vol. 3, 1988, s. 290-291.
256 Lee Spetner, Not By Chance!, The Judaica Press, New York, 1998, s. 204-205.
257 Richard Milner, “Our Evolving View of the Galapagos”, Scientific American, Temmuz 2001; Edward J. Larson, Evolution’s Workshop, Basic Books, New York, 2001.
258 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Agassiz, (Jean) Louis Rodolphe”