2-Бөлүм: Адам Үчүн Жаратылган Жандыктар

YЖер жүзүндөгү организмдердин көп түрдүүлүгүн түшүнүү үчүн сөзсүз эле тропикалык токойлорду же деңиздин астын изилдөө же микроскопту жана башка технологиялык шаймандарды колдонуу шарт эмес. Аң-сезимдүү бир адам үчүн айланасындагы өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнө көз жүгүртүү дагы ар түркүн жандыктардан турган бир дүйнөдө жашап жатканын түшүнүүсүнө жетиштүү болот. Бирок адамдардын көпчүлүгү же бул акыйкатты көрмөксөн болушат, же болбосо бул жөнүндө көп ойлонуунун кажети жок деп, өтө чоң жаңылыштык кетиришет. Анткени биологиялык ар түрдүүлүк жер жүзүндөгү сансыз тең салмактуулуктар жана адамзаттын жашоосу жагынан өтө чоң мааниге ээ. Жандыктардын түрлөрүнөн кандай пайдаларды алаарыбызды жана эгер алар болбосо, эмнелерди жоготоорубузду ойлонуп көрсөк, биологиялык ар түрдүүлүктүн баркын жакшыраак түшүнөбүз.90

Аныгы, төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейин микроорганизмдерди, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды пайдаланабыз. Болгондо да, алар үчүн кандайдыр бир акы төлөбөйбүз. Жандыктар бизге тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдүн эмне үчүн баа жеткис экендигин Филадельфия Табигый илимдер академиясынын биологиялык ар түрдүүлүк боюнча адиси Рут Патрик төмөнкүчө сүрөттөгөн:

«Ар кандай түзүлүштөгү, ар кандай химиялык кошулмалардан турган жана жашоо мөөнөтү ар кандай болгон, көп сандагы түрлөрдүн болушу планетабыздын бүт тарабында адамдар үчүн жашоонун эң негизги фундаменттеринин бирин түзөт.»91

Стэнфорд университетинин белгилүү биология профессору Пол Эрлих болсо бул чындыкты төмөнкүчө сүрөттөгөн: «микроорганизмдер, өсүмдүктөр жана жаныбарлар болбосо, коом азыркыдай көрүнүштө бар боло албайт».92

Биология профессору жана биологиялык ар түрдүүлүк адиси Питер Равен дүйнөнүн адамдын жашоосуна ылайыктуу бир планета болушунда жандыктардын канчалык зор мааниге ээ экендигин төмөнкүчө баяндайт:

«Адамдын бар болушу башка жашоо формаларынан абдан көз-каранды. Бүт адамдар тамак-аш, материал, энергия жана, ал тургай, дем алган абасы үчүн дүйнөнүн флора, фауна жана микроорганизмдерине муктаж.»93

meyveler

Түштүк Флорида университетинин профессору Брайан Нортон болсо дүйнөдөгү көп түрдүүлүктүн маанилүүлүгү жөнүндө мындай дейт:

«Биологиялык ар түрдүүлүктүн баалуулугу – бар болгон бүт нерсенин баалуулугу. Азыркы учурдан дүйнөнүн аягына чейинки бүт өлкөлөрдүн улуттук дүң продукттарынын жалпы көлөмү. Муну билебиз, анткени жашообуз жана экономикаларыбыз биологиялык ар түрдүүлүктөн көз-каранды. Эгер биологиялык ар түрдүүлүк белгилүү деңгээлге азайса, жана балээнин чегин билбесек, анда эч бир аң-сезимдүү жандык калбайт. Алар менен бирге бардык экономикалык жана башка баалуулуктар да жок болот.»94

Айлана-чөйрөбүздөгү өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнөн алган пайдаларыбызга күн сайын күбө болобуз. Бирок, мындан тышкары, көзүбүзгө көрүнбөгөн же биз билбеген организмдер да бар. Алар дагы адамзаттын жашоосу үчүн абдан маанилүү иш-аракеттерди жасашат. Профессор Пол Эрлих бул жөнүндө мындай дейт:

«Биолог эместер көпчүлүгүн билбеген организмдер маданият үчүн мажбурлуу болгон экологиялык системаларда кызмат кылышат.»95

Өзгөчө технологиянын өнүгүшү жер жүзүндөгү көп түрдүүлүктүн маанилүүлүгү жөнүндөгү кээ бир акыйкаттарды көз алдыга тартуулады: ушул кезге чейин маанисиздей же пайдасыздай көрүнгөн көптөгөн организмдер адамзатка ар кандай жаңы пайдаларды алып келүүдө. Мисалы, көрүнүшү кызыктай болгон бир деңиз сөөлжанынан ооруларды дарылоодо колдонула турган химиялык заттар аныкталган. Же болбосо бактерияларды карап көрөлү. Жакын кезде аныкталган бактерия түрлөрү адамзатка зор пайдаларды убада кылууда. Мисалы, АКШдагы Потомак дарыясынын катмарларынан табылган бир микроб түрү озон катмарын бузуучу хлорфторкөмүртек газдарын «ажыратуу» жөндөмүнө ээ.96 Дагы бир мисал, Америкадагы Йеллоустоун улуттук паркынын жылуу (ысык) булактарынан табылган «Thermus aquaticus» аттуу бактерия генетика илиминин өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон.97 Бул микроорганизмден алынган бир ферменттин жардамы менен Адам геному долбоорунун ген тесттеринин жана ген анализдеринин маанилүү бир бөлүгү болгон PCR (полимераза чынжырдуу реакциясы) ыкмасы иштелип чыккан, жана ошентип 1980-жылдары бир канча жумага созулган ДНКнын профилин чыгаруу процесси эми өтө кыска убакытта жасалып баштаган.98

Организмдердин адамзаттын жашоосуна, жер жүзүндөгү экосистемаларга жана тең салмактуулуктарга кошкон салымы абдан көп. АКШнын ар кайсы университеттеринен куралган 11 белгилүү адис99 тарабынан даярдалган «Экосистема кызматтары: табигый экосистемалардын адамзатка тийгизген пайдалары» аттуу макалада бул салымдардын мааниси жана татаалдыгы төмөнкүдөй бир мисал аркылуу сүрөттөлгөн:

«Мисалы, адамдар айга жайгашууга аракет кылып жатат деп элестетиңиз. Айда адамзаттын жашоосуна керектүү негизги шарттардын кээ бирлери кандайдыр бир керемет менен пайда болгон деп кабыл алалы: атмосфера, климат жана жердегиге окшогон топурак түзүлүшү сыяктуу. Адам колонизаторлордун алдындагы эң негизги маселе төмөнкүдөй болот: түшүмсүз жерди жашоого ыңгайлуу абалга алып келүү үчүн дүйнөдөгү миллиондогон түрлөрдүн кайсыларын айга алып баруу керек?

Бир адам бул маселени системалык түрдө төмөнкүчө чечкенге аракет кылышы мүмкүн: алгач бүт түрлөрдүн арасынан түздөн-түз тамак-аш, суусундук, татымал, була (жип), жыгач, дары-дармек, бал мому, каучук жана майлар сыяктуу өнөр-жай продукциялары катары колдонула тургандарды тандап. Ал абдан кылдат тандаса да, тизме жүздөгөн, ал тургай, миңдеген түргө жетиши мүмкүн. Жана бул болгону бир башталыш болот, анткени андан соң аларга керектүү, абдан зарыл түрлөрдү аныкташы керек: бактериялар, козу карындар, топурактын түшүмдүү болушуна жана калдыктар менен органикалык заттардын ажыратылышына көмөк көрсөтө турган омурткасыздар; гүлдөрдү чаңдаштыруучу чымын-чиркейлер, жарганаттар жана канаттуулар; чөптөр, дары чөптөр жана топуракты кармай турган, суунун айлануусун жөнгө сала турган жана жаныбарларга азык бере турган дарактар. Мындай ой жүгүртүүлөрдөн төмөнкүдөй ачык тыянак келип чыгат: эч ким адамзаттын жашоосуна колдоо көрсөтө турган түрлөрдүн кандай курамда болушу (ал тургай, болжол менен канча түрдөн турушу) керек экенин билбейт.

Ал киши түрлөрдү түздөн-түз тандоонун ордуна, башка бир ыкманы да колдонуп көрүшү мүмкүн: айды колониялаштырууга керектүү экосистема кызматтарынын тизмесин түзүп, андан соң алардын ар бирине керектүү түрлөрдү жана алардын санын божомолдоо аркылуу. Бирок белгилүү бир экосистема кызматынын иш-аракетинде кайсы түрлөрдүн маанилүү экенин аныктоо оңой иш эмес. Мисал катары топурактын түшүмдүүлүгүн алалы. Топурактагы организмдер өсүмдүктөргө керектүү азык заттарынын химиялык айлануусу жана физикалык орун которуусу жагынан абдан маанилүү. Өзгөчө топурактагы организмдердин көптүгү абдан таң калыштуу. Мисалы, Даниядагы 0,8 метр квадраттык шибердин астындагы топуракта болжол менен 50 000 майда шакекчелүү сөөлжан жана анын туугандары, 50 000 курт-кумурска жана дээрлик 12 миллион жумуру сөөлжан кездешет. Жана бул эсептөөлөрдүн башталышы гана. Топурактагы жаныбарлардын саны топурактагы микроорганизмдердин санына салыштырмалуу абдан эле аз: бир ууч түшүмдүү топурактын курамында 30 000ден ашуун бир клеткалуу организм, 50 000ден ашуун балыр, 400 000ден ашуун козу карын жана миллиарддаган бактерия кездешиши мүмкүн. Колонизаторлор өсүмдүктөрдүн түшүмдүү жана үзгүлтүксүз өсүп жетилишин, топурактын жаңыланышын, калдыктардын жок кылынышын жана ушул сыяктуу башка кызматтарды камсыз кылуу үчүн айга кайсы организмдерди алып барышы керек? Топуракта жашаган бул түрлөрдүн көпчүлүгү туш келди болсо да анализ кылынган эмес: ушул күнгө чейин эч бир адам микроскоп менен аларга көз чаптырган эмес, ушул кезге чейин эч бир адам аларга ат коюп, аныктама берген эмес, жана көпчүлүк адамдар аларды ойлонууга бир саам да убакыт бөлгөн эмес. Анткен менен, чындыгында, Э.О. Уилсон айткандай: алар бизге эмес, биз аларга муктажбыз.»100

Бул макаланы жазган илимпоздордун айткысы келген ою ачык көрүнүп турат: илимдеги ушунчалык жетишкендиктерге карабастан, организмдердин экологиялык системалардагы абдан маанилүү ролдору жаңы гана аныктала баштады. Бул жагдайлардын баары апачык бир акыйкатты айгинелейт: биз үчүн эч тынымсыз эмгектенген миллиондогон организм түрлөрү кокустуктар аркылуу, өзүнөн-өзү пайда боло албайт; аларды чексиз берешен Раббибиз жаратып, бизге кызмат кылдырып койгон.

Колуңуздагы китептин бул бөлүмүндө организмдерден алган пайдаларыбыздын абдан аз бир бөлүгүн үстүртөн карап чыгабыз. Ошентип «жер жүзүндө организм түрлөрү эмне үчүн мынчалык көп?» деген суроого да кандайдыр бир деңгээлде жооп берген болобуз.

Азык Булагыбыз Болгон Өсүмдүктөр Жана Жаныбарлар

meyveler

Denizi de sizin emrinize veren O'dur, ondan taze et yemektesiniz ve giyiminizde ondan süs-eşyaları çıkarmaktasınız. Gemilerin onda (suları) yara yara akıp gittiğini görüyorsun. (Bütün bunlar) O'nun fazlından aramanız ve şükretmeniz içindir.
(Nahl Suresi, 14)

Жашаш үчүн жейбиз жана ичебиз. Тамактануу аркылуу триллиондогон клеткабыздагы процесстерге керектүү белокторду, аминокислоталарды, углеводдорду, майларды, витаминдерди, минералдарды жана суюктуктарды алабыз. Ден-соолугубуз чың болушу үчүн өз убактысында тамактанып турушубуз керек. Бирок эң негизгиси, тамактануу – оор, машакаттуу же жадатма эмес, тескерисинче көңүлүбүзгө жаккан нерсе. Күнүмдүк азык муктаждыгыбызды канааттандырып жатканда, тамак-аштардан, суусундуктардан, мөмө-чөмөлөрдөн, жашылча-жемиштерден, торттордон, ар кандай таттуу азыктардан укмуш ырахат алабыз. Ушул күнгө чейин татып көргөн бири-биринен даамдуу тамак-аштарды жана суусундуктарды эстегенге аракет кылып көрүңүз: суусаган кезиңизде ичкен ширелер, жайдын ысыгында жеген коон же дарбыз, козунун этинен же балыктан жасалган шишкебек, шоколаддуу балмуздак, пирог, күрүч пудинги, манты, кулпунайлуу торт, плов, бал...

Денебиздин муктаждыктарын камсыздаган бул даамдуу азык заттардын бүт баарын өсүмдүктөр менен жаныбарлардан алабыз. Жер жүзүнүн ар кайсы аймактарында химиялык түзүлүшү жана азыктык баалуулугу ар түрдүү болгон дан эгиндери, мөмө-жемиштер, жашылчалар, кургактык жана суу жаныбарлары кездешет. Бул организмдер миллиарддаган адамды тамак-аш, азык-түлүк менен камсыз кылышат. Мисалы, бир жылда адамдар тарабынан керектелген балыктардын көлөмү болжол менен 100 миллион тонна.101

Анткен менен, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү организм түрлөрүнүн аз бөлүгү гана колдонулууда. Мисалы, белгилүү эколог Норман Майерстин ою боюнча, адамдар тарых бою азык катары 7000 өсүмдүк түрүн пайдаланып келген.102 Жегенге боло турган өсүмдүктөрдүн саны болсо жок дегенде 75000 деп болжолдонууда.103 Өзгөчө тропикалык аймактарда азыктык баалуулугу жогору миңдеген өсүмдүк түрлөрү бар. Миссури Ботаникалык бакчасынын жетекчиси Питер Равен айткандай, 250000 гүлдүү өсүмдүк түрүнүн кээ бирлерин азыркы кезде айыл-чарбада колдонулбаган аймактарда өстүрүп, мол түшүм алууга болот.104

Көп адамдар биологиялык ар түрдүүлүктүн маанисин жакшы түшүнө беришпейт. Буудай, күрүч, жүгөрү сыяктуу кээ бир дан эгиндерин, белгилүү жашылча, мөмөлөрдү жана эт, сүт берген бир канча жаныбар түрүн өздөрү үчүн жетиштүү деп ойлошот. Албетте, бул түрлөр адамдын тамак-аш муктаждыгы жагынан жетиштүү. Бирок булар түз же кыйыр түрдө көптөгөн бактерия, жаныбар, чымын-чиркей, курт-кумурска жана микроорганизм түрлөрүнөн көз-каранды; өз алдынча жашай алышпайт. Падуя университетинен Маурицио Паолетти бул кубулушту төмөнкүчө белгилеген:

«Айыл-чарба экосистемаларындагы түшүмдүн айлануусуна же жаныбарлардын өндүрүшүнө миңдеген өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин байланышы бар. Булардын көпчүлүгү жөнүндө дагы эле маалымат абдан аз.»105

Жер жүзүндөгү миллиондогон организм түрүн кемчиликсиз бир тең салмактуулукта бири-биринен көз-каранды кылган азык чынжырын карап көрөлү. Кандайдыр бир экосистемада жашыл өсүмдүктөр сыяктуу «өндүрүүчү», жаныбарлар сыяктуу «керектөөчү», бактерия жана козу карындар сыяктуу «ажыратуучу», б.а. «майдалоочу» организмдер болот. Жашыл өсүмдүктөр, балырлар жана кээ бир «фотосинтездик» бактериялар жер жүзүнүн теңдешсиз азык өндүрүүчүлөрү; бул организмдер секунда сайын миллиондогон тонна кант молекуласын өндүрүшөт.106 Жашыл өсүмдүктөр өндүргөн органикалык азыктын көлөмү жылына 550 миллиард тоннаны түзөт.107 Адам болсо азык чынжырынын акыркы баскычында турат. Мисалы, биз үчүн мыкты бир белок булагы болуп саналган судак балыгы (тузсуз сууда жашаган окунь балыгы) балырларды жеген майда омурткасыз жандыктар менен азыктанган майда балыктарды жешет. Кыскасы, курсагыбызды тойгузуу жана ден-соолугубузга пайдалуу азыктарды керектөө максатында жеген бир балыгыбыз деңиздердеги көзгө көрүнбөгөн организмдерден кичинекей жандыктарга чейин көптөгөн организм түрлөрүнөн көз-каранды. Бул күн сайын биздин курсагыбызды тойгузган өсүмдүк жана жаныбарлардын азык булагы болгон бүт жандыктарга тиешелүү.

meyveler

Адаттарыбызды жана калыптанып калган көз-караштарыбызды унутуп, жаңыча бир көз-караш менен организмдер дүйнөсүнө көз жүгүрткөнүбүздө, кереметтүү бир жагдайды байкайбыз. Көптөгөн өсүмдүк жана жаныбарлар химиялык түзүлүшү, жагымдуу жыты жана ырахаттуу даамдары менен азык муктаждыгыбызды эч кемчиликсиз камсыз кылышат. Бул кереметтүү шайкештикти жана жер жүзүндөгү азык чынжырынын сансыз өзгөчөлүктөрүн эч качан кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул организмдер атайын план менен жаратылып, бизге теңдешсиз бир сый-жакшылык катары тартуу кылынган. Бизге керектүү азыктардын булагы болгон өсүмдүк жана жаныбарлардын Жаратуучусу болсо – чексүз боорукер жана чексиз мээримдүү Аллах. Бул акыйкат Курандын кээ бир аяттарында төмөнкүчө кабар берилген:

Аллах асмандарды жана жерди жараткан жана асмандан суу түшүрүп ал аркылуу силерге ырыскы кылып ар түрдүү түшүмдөр чыгарган... (Ибрахим Сүрөсү, 32)

Ал жөлөтүлгөн жана жөлөтүлбөгөн бактарды, курма дарактарын, түрдүү даамдары бар эгиндерди, зайтунду жана анарды, окшош жана окшош эместерди жараткан. (Энъам Сүрөсү, 141)

Колдорубуздун жасагандарынан алар үчүн канчалаган жаныбарларды жаратканыбызды көрбөй жатышабы? Ушундайча аларга кожоюн болушууда. Биз буларды аларга моюн сундурдук; бир бөлүгүн минип, бир бөлүгүн(үн болсо этин) жешүүдө. Буларда алар үчүн дагы канчалаган пайдалар жана суусундуктар бар. Ошондо да шүгүр кылышпайбы? (Йасин Сүрөсү, 71-73)

2) Дары-Дармек Жасоодо Колдонулган Организмдер

Бүгүнкү күндө ооруларды дарылоодо миңдеген микроорганизм, козу карын, өсүмдүк жана жаныбар түрлөрү колдонулууда. Көптөгөн дары-дармектер организмдерден алынган химиялык заттарды колдонуу (же ал заттарды лабораторияларда өндүрүү) аркылуу даярдалууда. Мисалы, учурда элдин баары билген ооруну басуучу аспирин дарысы мажүрүм талдын кабыгынан алынат. Кылымдардан бери безгек оорусун дарылоодо колдонулган хинин хина дарагынын тамырларында жана кабыгында жайгашат. Учурда медициналык максатта колдонулган өсүмдүк түрлөрүнүн саны жыйырма миңден ашат.108 Иллинойс университетинин профессору Норман Фарнсворттун айтуусу боюнча, болжол менен төрт миллиард адамдын негизги дары-дармек булагы – бул, өсүмдүктөр.109

Көпчүлүгүнүн аты дагы бейтааныш болгон организмдердин медицинада жана дары-дармек өнөр-жайында колдонулушу күн сайын өсүүдө. Көкүрөктүн жана энелик бездин рагын дарылоодо колдонулган «таксол» Түндүк Америкадагы тис дарагынын кабыгынан; рактын өрчүшүнүн алдын алуучу «скваламин» бир акула түрүнүн боорунан; жүрөк пристубу (кемчилдиги) менен жабыркаган адамдарга жардам берген «дигиталис» дарысы дигиталис өсүмдүгүнөн; Ходжкин оорусунда жана балдардын кан рагында колдонулган эки химиялык зат (винбластин жана винкристин) алжир фиалкасынан алынган. Түндүк Америкада жана Батыш Индия аралдарында кездешкен селебекуйруктардагы (мечехвосты) канды уютуучу бир зат вакциналардагы, дарылардагы жана медициналык аспаптардагы өлүмгө себеп болуучу бактерияларды аныктоого жардам берүүдө.110 Микробдор менен күрөшүүдө колдонулган антибиотиктер көбүнчө бактериялардан жана көк даттардан алынат. Төрөттөрдү жөнгө салууда үч миң өсүмдүк түрү пайдаланылууда.111

tavşanlar

İnsanların hastalıklarının iyileşmesi için uygulanan tedavilerde ve ilaçların yapımında tavşanlar dahil olmak üzere birçok canlı kullanılmaktadır. Kuşkusuz, bu canlıları ve bunların hastalık ve rahatsızlıklara çare olan özelliklerini yaratan Allah'tır.

Организмдер мынчалык көп түрдүү болбогондо, медицина жана дары-дармек өнөр-жайы болмок эмес. Көптөгөн организм түрүнүн адамдардагы кээ бир ооруларды жана ден-соолук көйгөйлөрүн чечип жаткандыгы анык. Анткен менен, ушул кезге чейин табияттагы организмдердин абдан аз бөлүгүнө гана аныктама берилип, аныктама берилгендердин да аз эле бөлүгү изилденди. Мисалы, Калифорния университетинин профессору Питер Брайанттын айтуусу боюнча, тропикалык токойлордогу өсүмдүктөрдүн болжол менен 1%дык бөлүгү медициналык жактан изилденип чыккан.112 Ооруларга жардам берип бербеши ар тараптан изилденип чыккан өсүмдүктөрдүн жана омурткасыз жаныбарлардын саны абдан эле аз.113 Байкалышынча, адамдардын оорулардан айыгышына себепчи боло турган кереметтүү белоктор, молекулалар жана химиялык кошулмалар организмдерде бар.

Ошондой эле, жаңы дары-дармектерди жана вакциналарды сыноодо, жана медициналык изилдөөлөрдө бактериялар, канаттуулар, маймылдар, чычкандар, мышыктар, иттер, коендор, чочколор, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жана дагы көптөгөн организмдер колдонулууда. Мисалы, дрозофила мөмө чымыны генетикалык изилдөөлөрдө көп колдонулат. Армадилла – лепра (проказа) изилдөөлөрүндө колдонулган бир канча организм түрүнүн бири.114 Бир эле АКШдагы илимий изилдөөлөрдө колдонулган жаныбарлардын саны жылына 18-22 миллионду түзөт.115

Муну унутпаш керек: ооруну да, шыпааны да Аллах жаратат. Ооруну дарылоо иш-чаралары жана колдонулган дары-дармектер болгону бир себепчи. Ошол сыяктуу эле, ооруларды дарылоодо жана дары-дармектерди жасоодо колдонулган микроорганизмдер, жаныбарлар жана өсүмдүктөр да шыпаанын себепчилери. Бул организмдерди жана алардын ооруларга шыпаа болуучу өзгөчөлүктөрүн чексиз боорукер жана чексиз мээримдүү Раббибиз жараткан.

3) Биологиялык Ар Түрдүүлүк Жана Продукциялар

Мажбурлуу муктаждыктарыбыздын да, маданий (люкс) муктаждыктарыбыздын да булагы – организмдер. Күнүмдүк жашообузда дээрлик ар дайым колдонулган продукцияларды эстейли: жылынуу үчүн пайдаланылган күйүүчү заттар, жүндөн, пахтадан же жибектен тигилген кийимдер, унаабызды иштеткен бензин, жазууларда колдонулган кагаздар, дарак же пластиктен жасалган эмеректер, өнөр-жайдын омурткасы болгон мунайзат жана мунай продукциялары, жаныбар жана өсүмдүк майларынан жасалган тазалык каражаттары... Албетте, булар жана ушул сыяктуу продукциялар бүгүнкү маданияттын негизги элементтеринен болуп саналат. Жана миллиондогон жылдан бери жашап келе жаткан кереметтүү организмдер болбогондо, бул продукциялар да болмок эмес.

Илимпоздор биологиялык ар түрдүүлүктү бир добуштан теңдешсиз бир казына деп эсептешет жана али изилдене элек түрлөрдө адамзат үчүн сансыз пайдалар болушу керек дешет. Профессор Эдвард Уилсон айткандай, «Жапайы түрлөр – жаңы дары-дармектер, эгиндер, булалар, мунайзаттын ордун ээлей турган заттар жана топурак менен сууну калыбына келтирүү үчүн эбегейсиз бир булак.»116

Адамзатка көптөгөн пайдаларды тартуулай турган өзгөчөлүктөр менен жабдылган дагы бир организм тобу – бул, бактериялар. Мисалы, биотехнология тармагындагы илимий изилдөөлөрдө бактериялар кеңири пайдаланылууда. «Acetobacter xylinum» аттуу бактерия целлюлоза өндүрүүдө, «Alcaligenes eutrophus» аттуу бактерия пластик өндүрүүдө колдонулууда.117 Кээ бир цианобактерия түрлөрүн кагаз өндүрүшүндө жана дарактардан алынган башка продукцияларды өндүрүүдө колдонууга болоору аныкталган.118 2002-жылы жыйынтыктары жарыяланган бир изилдөөгө караганда, «Desulfuromonas acetoxidans» аттуу бир бактерия түрү деңиз баткагын колдонуп, электр энергиясын өндүрөт.119 Кыскасы, бактерияларды ар түркүн өндүрүштөрдү жасай ала турган, теңдешсиз заводдор десек болот.

4) Технологияга Үлгү Болгон Организмдер

yunus, gemi

Yunusların ağızlarındaki burna benzer çıkıntı modern gemilerin pruvalarına örnek olmuştur. Yunus burnu şeklindeki pruvalar su yüzeyini daha iyi yarmakta, böylece daha az enerji harcanarak daha süratli yol alınması sağlanmaktadır.

Океандардын тереңдиктеринен көлдөргө, чөлдөрдөн токойлорго, топурактын астынан атмосферага чейин бүт тарапта көптөгөн таң калыштуу өзгөчөлүктөрү жана системалары бар, ар түркүн организмдер жашайт. Дизайнер-конструкторлор, изилдөөчүлөр жана илимпоздор булардан сабак алышат жана өсүмдүктөр менен жаныбарлардын өзгөчөлүктөрүн үлгү алып, жаңы модель, жаңы долбоорлорду иштеп чыгышат. Бир гана адамдардын жөндөмү менен жасалгандай сезилген көп нерселердин дизайны чындыгында табиятта бар. Чоң тажрыйбадан жана көп жылдык изилдөөлөрдөн келип чыккан түзүлүштөр же технологиялык продукциялардын модельдери организмдерде миллиондогон жылдан бери бар.

Жер жүзүндөгү организм түрлөрү изилденген сайын, технологияда колдонула турган жаңы модельдер аныкталууда. Бүгүнкү күндө он миңдеген изилдөөчүлөр организмдердеги мыкты жана абдан эффективдүү системаларды технологияга киргизүүгө аракет кылышууда. Адамзат бул мүмкүнчүлүктөн абдан кеңири пайдаланууда. Мисалы, кээде биз атын да укпаган бир организм түрүнөн жеңил, бирок бекем продукцияларды жасоодо колдонула турган химиялык заттар алынууда жана ал продукциялар күнүмдүк жашоодон космостук изилдөөлөргө чейин көптөгөн ар кайсы тармактарда колдонулууда. Профессор Эдвард Уилсон организмдердин көп түрдүүлүгүнүн бул пайдасы жөнүндө мындай дейт:

«Биологиялык ар түрдүүлүк келечектеги ачылыштардын майданы... Адамзаттын чыныгы ачылыш майданы – дүйнөдөгү жашоо; бул жашоонун ачылышы жана ага тиешелүү маалыматтардын илимге, искусствого жана күнүмдүк жашоого киргизилиши.»120

Организмдердин өзгөчөлүктөрү адамзат үчүн дайыма түгөнбөс бир илхам булагы болуп келген. Заманбап технологиялык продукциялардын көпчүлүгү табияттагы жандыктарды туурап жасалган. Мисалы, авиация өнөр-жайы канаттуулардагы жана башка жандыктардагы системаларды тууроо аркылуу бүгүнкү деңгээлине жетишти. Аягында, акулалардын ыкчам сүзүшүнө шарт түзгөн сүзгүч канаттар үлгү катары колдонулуп, «winglet» (канатча) деп аталган, учактын канаттарынын учуна тагылуучу тетиктер жасалды жана бул учактардын эффективдүүлүгүн жогорулатып, майдын бир топ үнөмдөлүшүнө шарт түздү.121

Дельфиндердин шуштугуй тумшугу заманбап кемелердин тумшугуна үлгү болгон. Дүйнөдөгү алдыңкы вертолет фирмалары ийнеликтин учуу системасын туураган модельдерди иштеп чыгышкан. Робот өндүргөн фирмалар чымын-чиркей, курт-кумурскалардан илхам алып, кичинекей роботторду иштеп чыкканга аракет кылышууда. («Табияттагы долбоор» жана «Ойлонгон адамдар үчүн» аттуу китептерибизде үлгү жандыктардан көптөгөн мисалдар келтирилген.)

Албетте, жапжаңы продукцияларды жана жаңы ыкмаларды иштеп чыгышыбызга шарт түзгөн үлгүлүү организмдер Аллахтын кереметтүү жаратуусун жакшыраак түшүнүшүбүзгө көмөкчү болууда.

yusufçuk, skorsky

Dünyanın önde gelen helikopter firmaları, yusufçuğun kusursuz yapısını ve manevra yeteneklerini taklit ederek fonksiyonel modeller üretmişlerdir.

5) Генетикалык Ар Түрдүүлүк

Бүт организмдер адамзат көргөн түзүлүштөрдүн эң комплекстүүсү болгон клеткалардан турат, башкача айтканда, организмдердин курулуш материалы – бул, клетка. Клетканын маалымат базасы болсо – ДНК молекуласы. Көзүбүзгө көрүнбөгөн ДНК молекуласына укмуш чоң маалымат жазылган. Мисалы, адамдын клеткасындагы бир даана ДНКда энциклопедиянын бир миллион бетин ээлей турганчалык маалымат сакталат. Бул эбегейсиз чоң маалымат «нуклеотид» деп аталган төрт база аркылуу коддолгон. Бактериянын клеткасында болжол менен бир миллион нуклеотид жубу жана миң даана ген бар; өсүмдүк менен жаныбардын клеткасында болсо 1 миллиарддан 10 миллиардга чейин нуклеотид жубу жана он миңдеген, ал тургай, бир канча жүз миң ген болот. Ар бир түрдүн ДНКсындагы нуклеотиддердин тизмеги, б.а. генетикалык түзүлүшү ар башка. Ал тургай, бир түрдүн ичиндеги ар бир индивиддин ДНК молекуласындагы маалымат тизмеги да ар башка.

Мындан төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат: жер жүзүндө организм түрлөрүнүн эбегейсиз көптүгүнөн тышкары, генетикалык ар түрдүүлүк да укмуш чоң. Ушул кезге чейин жер бетинде жашап өткөн миллиондогон организм түрлөрүнүн жана сансыз индивиддердин бири-биринен айырмалуу болушунун себеби мына ушунда. Түрлөрдүн, алардын ичиндеги вариациялардын жана индивиддердин генетикалык өзгөчөлүктөрү жашаган чөйрөлөрүнө шайкеш келет.

Эбегейсиз генетикалык ар түрдүүлүк миңдеген жылдан бери өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнүн асылданышына жана бир түргө тиешелүү ар башка вариацияларды аргындаштыруу (гидриддештирүү) аркылуу керектүү өзгөчөлүктөгү расаларды алууга шарт түзүүдө. Аргындаштыруу ыкмасы көптөгөн дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш, жашылчаларды, ар кандай өсүмдүк жана жаныбарларды өстүрүүдө колдонулат. Мисалы, адистер кой же уй сыяктуу жаныбарлардын арасынан эң жакшы эт же сүт берген тукумдарды алуу үчүн атайын аргындаштыруу программаларын жүргүзүшөт. Эт менен сүттү жакшы берип, бирок табият шарттарына чыдамсыз уйлар менен эт менен сүттү жакшы бербеген, бирок табият шарттарына чыдамкай уйларды аргындаштыруу аркылуу эки жагынан тең мыкты, асыл тукумдарды алышат.122

DNA

Hücrenin bilgi bankası olan DNA molekülündeki bilgi dizilimi her tür içindeki her bireyde farklıdır. Şimdiye kadar dünya üzerinde yaşamış milyonlarca canlı türü ve sayısız bireyin tümünün birbirlerinden farklı olmasının altında yatan neden de budur.

Буудай, күрүч, жүгөрү сыяктуу күнүмдүк жашообуздун негизги бөлүгү болгон өсүмдүктөр да генетикалык ар түрдүүлүк аркылуу асылданган. Жапайы өсүмдүктөрдү колдонуу аркылуу ооруларга, климат шарттарына, кургакчылыкка чыдамкай жана түшүмү жогору вариациялар алынган. Буга төмөнкүлөрдү мисал келтирүүгө болот: жакында эле Мексикада табылган бир жапайы жүгөрү түрүндө, т.а. Zea diploperennisте, ооруларга себеп болуучу 7 вируска каршылык көрсөтө ала турган гендердин бар экендиги аныкталган.123 Бул жапайы жүгөрүнүн генетикалык түзүлүшү түшүмдүүлүктү жогорулатып, жылына миллиарддаган доллар кошумча киреше алып келет.124 Африкадан табылган бир жапайы арпа түрүнүн өлтүргүч бир вируска каршы гендери жана Азияда өскөн бир жапайы кант камышынын ооруларга чыдамкай гендери тектештеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн; Анд тоолорунан табылган жапайы бир помидор түрү болсо башка помидорлордун курамындагы кантты жогорулатуу максатында колдонулган.125 Дүйнөлүк ресурстар институтунун маалыматтары боюнча, 1930-жылдардан 1980-жылдарга чейин АКШда күрүчтүн, арпанын, буудайдын, пахтанын жана кант камышынын түшүмдүүлүгүнүн эки эсеге, помидордун түшүмдүүлүгүнүн үч эсеге, жүгөрү жана картошканын түшүмдүүлүгүнүн болсо төрт эсеге жогорулашынын негизги себеби генетикалык ар түрдүүлүк болгон.126

Бул жерде төмөнкү илимий чындыкты эске сала кетүү керек: илимди өздөрүнүн идеологиясы үчүн курал катары колдонууга аракет кылгандардын тескерисинче, биологиялык ар түрдүүлүктүн эволюция теориясы менен эч бир байланышы жок. Эволюционисттер табияттагы вариациялардын, б.а. генетикалык өзгөргүчтүктүн булагын өз ойлорунда эволюция теориясынын бир далили катары көрсөтүүгө жана биология жөнүндө терең маалыматы жок адамдарды жаңылтууга аракет кылышат. Чындыгында болсо, генетикалык ар түрдүүлүк толугу менен биологиялык бир процесс жана бул процессте бир түрдүн индивиддериндеги ансыз да бар болгон генетикалык маалыматтар кайчылашып, жаңы ген комбинацияларынан турган индивиддер келип чыгат. Ошондуктан генетикалык вариация учурунда жаңы бир ген да, жаңы бир түр да пайда болбойт. Түр дагы, гендер дагы ошол бойдон, өзгөрүүсүз кала берет. Болгону гендер ар кандай комбинацияларда биригишет. Андыктан бул жерде эч кандай эволюция жок.

Генетикалык ар түрдүүлүк жер жүзүндөгү татаал экологиялык чынжырдын эң маанилүү шакектеринин бири. Стэнфорд университетинин биология профессору Пол Эрлих генетикалык көп түрдүүлүктүн мааниси жөнүндө мындай дейт: «ядролук согуштан тышкары, эгиндердин генетикалык вариациясынын азайышынан да олуттуураак экологиялык коркунуч жок болсо керек.»127

Аныгы, айыл-чарба жана биотехнология тармактагындагы өнүгүүлөргө биологиялык ар түрдүүлүктүн учу-кыйырсыз генетикалык маалымат базасы шарт түздү. Профессор Эрлих айткандай, «табигый экосистемалар ушул кезге чейин адамдарга сансыз пайдаларды алып келди жана дагы көптөгөн пайдаларды алып келе турган потенциалдагы, эбегейсиз генетикалык китепкананы сактап келүүдө.»128

6) Биологиялык Күрөштө Колдонулган Организмдер

bal arısı

Meyve zararlısı böceklerin larvalarıyla beslenen yaban arıları biyolojik mücadelede kullanılan canlılardandır.

Айдоо жерлерге, мөмөлүү дарактарга же токойлорго зыянкеч чымын-чиркей, курт-кумурскалардын көбөйүшүнө көптөгөн организмдер тарабынан бөгөт коюлат. Ар кандай канаттуу, жөргөмүш, паразит, жапайы аары, чымын, эл кайда көчөт коңузу, козу карын түрлөрү жана дагы көптөгөн организмдер зыянкечтердин 99%ын жөнгө салып турушат.129 Көп адамдар эч маани бербеген организм түрлөрү экологиялык тең салмактуулуктардын сакталышына маанилүү салым кошушат. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, бул пайдалуу организмдер зыянкечтерди жок кылуучу химиялык заттарга болгон муктаждыкты азайтып, эгиндерди коргоо аркылуу, экономикага жылына миллиарддаган доллар салым кошууда.130 Зыянкечтерди жок кылуучу дарылардын табияттагы тең салмактуулуктарды бузаарын, пайдалуу жандыктарды өлтүрөөрүн жана адамдардын ден-соолугуна терс таасир тийгизээрин эске алганыбызда, бул организмдердин канчалык маанилүү экенин жакшыраак түшүнөбүз.

Зыянкечтер менен күрөшүүдө пайдалуу жаныбарлар жана организмдер колдонулат. Мисалы, Европадагы жүгөрү курту «Pyrausta nubilalis» менен Япониядагы «Popillia japonica» аттуу зыянкеч табигый душмандары жана паразиттери тарабынан жок кылынышат. Ошол сыяктуу, мөмөлөргө зыяндуу чымын-чиркейлердин личинкалары менен азыктанган жапайы аарылар колдо өстүрүлүп, Калифорниянын жемиш бактарына койо берилет.131 Жыйынтыктасак, табияттагы тең салмактуулуктардын сакталышында ар бир организм түрүнүн белгилүү бир ролу бар.

Бул жерде дагы бир нерсеге көңүл буруу керек. Көп адамдар чымын-чиркей, курт-кумурска дегенде биринчи эле айыл-чарбага жана адамдын ден-соолугуна зыяндуу жандыктарды элестетет. Бирок бул чоң жаңылыштык. Мейдстоун музейинин энтомология (инсектология) профессору Эд Джарзембовски айткандай, ар бир зыянкеч чымын-чиркей, курт-кумурска түрүнө миңдеген зыянсыз же пайдалуу чымын-чиркей, курт-кумурска түрү туура келет.132 Кургактыктагы жана океандардагы азык чынжырында, гүлдүү өсүмдүктөрдүн чаңдашуусунда, жер жүзүнүн тазалыгында жана дагы көптөгөн глобалдык тең салмактуулукта чымын-чиркей, курт-кумурскалардын маанилүү ролу бар. Тагыраак айтканда, адамзаттын жашоосу түздөн-түз же кыйыр түрдө чымын-чиркей, курт-кумурскалардан көз-каранды.

7) Элементтердин Айлануусунда Организмдердин Ролу

kuş

Ушул күнгө чейин жашап өткөн организмдердин жалпы массасы көмүртек жана азот атомдорунун жалпы массасынан эсе эсе жогору. Анда, дүйнөдөгү көмүртек, азот жана башка атомдордун саны чектүү болсо жана космостон маанилүү өлчөмдө зат келбесе, жашоо кантип уланат?

Бул суроонун жообу төмөнкүдөй: организмдердеги элементтер жер жүзүндө тынымсыз айланып турат. Ошондуктан эч нерсе ысырап болбойт. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктары жана өлгөн организмдердеги элементтер текке кетпейт; табияттагы кемчиликсиз айлануу системасы аркылуу кайрадан пайдаланылат. Бул айлануулар негизинен биз атын да укпаган жана эч качан көрбөгөн организмдер тарабынан жасалат.

Дүйнөдөгү элемент айлампаларынын бири – бул, көмүртектин айланышы. Белгилүү болгондой, өсүмдүктөр фотосинтез жасаганда атмосферадан бир көмүртек жана эки кычкылтек атомунан турган көмүр кычкыл газы молекулаларын алышат. Адамдар менен жаныбарлар болсо дем алганда абага көмүр кычкыл газын чыгарышат. Бирок бул катыш атмосферадагы көмүртек тең салмактуулугун сактаганга жетиштүү эмес. Анткени көмүртектин маанилүү бөлүгү өлгөн өсүмдүктөр менен жаныбарларда чогулат. Мына ушул жерде бактериялар менен козу карындар ишке киришип, өлгөн организмдердеги көмүртекти кайрадан атмосферага беришет.

Жашоонун уланышында маанилүү роль ойногон дагы бир айлампа болсо – бул, азоттун айланышы. Аминокислоталарды жана белокторду синтездөө үчүн өсүмдүктөргө азот керек. Бирок атмосферада газ абалында кездешкен азотту түздөн-түз колдоно алышпайт, азотту нитраттар абалында топурактан алышат. Бул айлампаны кээ бир микроорганизмдер ишке ашырышат. Азот нитрит бактериялары тарабынан нитритке, андан соң нитрат бактериялары тарабынан нитратка айландырылып, өсүмдүктөр колдоно ала турган абалга алып келинет. Адамдар менен жаныбарлар болсо өздөрүнө керектүү азотту өсүмдүктөрдөн алышат. Башкача айтканда, азот жандыктар колдоно ала турган формага айланышы үчүн бир клеткалуу организмдер сөзсүз болушу керек. Азот айлануусунун канчалык кылдат тең салмактуулуктарга таянганын төмөнкүчө сүрөттөөгө болот: топуракта азот жетишсиз болсо, өсүмдүктөр жана натыйжада адамдар менен жаныбарлар да жашай алышпайт. Азот нормадан жогору болсо, абанын булганышына жана кислоталуу жамгырга себеп болуучу, озон катмарына жана айлана-чөйрөгө зыяндуу, уулуу газ болуп саналган азот кычкылы атмосферада көбөйөт. Натыйжада ичүүчү суулар булганып, көлдөр, дарыялар жана башка тузсуз суулардагы экосистемалар зыян тартат.133

Жер бетиндеги суунун айлануусунда болсо токойлордун ролу чоң.134 Топуракка сиңген жамгырдын же кардын суулары өсүмдүктөр менен дарактардын иш-аракеттеринин натыйжасында бууланып, кайрадан атмосферага кайтат. Дарактардын жалбырактарынан бууланган суунун көлөмү эбегейсиз чоң. Бул жагынан өсүмдүктөрдү топурактагы сууну денелеринен өткөрүп, атмосферага жиберүүчү өзгөчө бир насосторго салыштырууга болот. Ошентип, суу топурактын тереңине сиңип кетпестен, жер бетинде тынымсыз айланып турат.

Мындан тышкары, фосфор, күкүрт жана башка кээ бир элементтердин глобалдык айлануусунда да организмдердин ролу чоң. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, бул айлануулар натыйжалуулук жагынан да эң жогорку деңгээлде жүрөт. Мунун натыйжалуулугу жөнүндө төмөнкүдөй салыштыруу жасоого болот: азыркы доордун абдан өнүккөн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, таштандыларыбыздын болжол менен 10%дык бөлүгү гана кайрадан колдонулууда.135 Миллиондогон жылдан бери организмдер тарабынан жүргүзүлүп келген айлануулардын натыйжалуулугу болсо 100%га жакын. Албетте, бул организмдерден түзүлгөн системадагы сансыз кереметтердин бири.

element döngüsü

Canlıların yapısındaki elementler yeryüzünde sürekli bir devir ve dolaşım içindedirler. Bitki ve hayvan artıkları ve ölmüş organizmalarda bulunan elementler yok olmaz; doğadaki mükemmel dolaşım sistemleri sayesinde tekrar kullanılırlar. İşte bu element döngülerinden biri karbon dolaşımıdır.

8) Биологиялык Ар Түрдүүлүктүн Экосистемага Пайдалары

Бир көлбү, чытырман токойбу же маржан аскалары болобу, бүт экосистемалардын иш-аракети негизинен организмдер тарабынан жөнгө салынат. Жогоруда айтылгандай, жер планетасында адамзатка ыңгайлуу жашоо шарттарынын түзүлүшүндө ар түркүн организмдердин ролу чоң. Акыркы илимий изилдөөлөрдө бул акыйкаттан тышкары, биологиялык ар түрдүүлүктүн экосистеманын түшүмдүүлүгүн, өндүрүмдүүлүгүн, чыдамкайлыгын жана бекемдигин жогорулатаары аныкталды. Башкача айтканда, белгилүү бир чөйрөдө түрлөрдүн саны өскөн сайын, системанын саламаттыгы жана туруктуулугу жогорулайт.

ağaçlar

Бир канча университеттин 12 илимпозу 136 тарабынан даярдалган «Биологиялык ар түрдүүлүк жана экосистеманын натыйжалуулугу» аттуу макалада айтылгандай, америкалык жана европалык адистердин изилдөөлөрүндө түрлөрдүн саны менен өндүрүмдүүлүктүн ортосунда оң байланыш бар экендиги даана байкалган.137 Башкача айтканда, түрлөрдүн көп болушу өндүрүмдүүлүктү жогорулатат. Мисалы, Миннесота университетинин экология профессору Дэвид Тилман жана анын курдаштарынын жети жылдык эксперименттеринин жыйынтыгы төмөнкүдөй: белгилүү бир чөйрөдө көптөгөн өсүмдүк түрүнөн турган аймак бир же бир канча түрдөн турган аймакка караганда көбүрөөк түшүм берет. 16 өсүмдүк түрү эгилген аймак бир гана өсүмдүк түрү эгилген аймактан 2,7 эсе көбүрөөк түшүм берүүдө.138 Профессор Тилмандын ою боюнча, мунун себеби, көп түр жашаган чөйрөлөрдө ресурстар натыйжалуураак колдонулат. Экосистемадагы түрлөрдү өлкөнүн бизнес тармактарына салыштырууга болот. Бизнес тармактары көбөйгөн сайын өлкөнүн бакубаттыгынын жогорулашы сыяктуу, бир экосистемада түрлөрдүн саны өскөн сайын өндүрүмдүүлүк да жогорулайт.139

Бул жерде маанилүү бир жагдайга токтоло кетүү керек. Бул эксперимент жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына түрлөрдүн өз ара кызматташтыгы себеп болот.140 Ал эми дарвинизмде болсо кызматташтык же биргелешип иштөө деген сыяктуу түшүнүктөр жок. Дарвинизмдин айтуусу боюнча, табият – организмдер бири-бири менен «жашоо» үчүн айоосуз күрөшкөн, алсыздар күчтүүлөр тарабынан жок кылынган бир жер. Кыскасы, байкоолор эволюция теориясын дагы бир жолу четке какты.

Жакында жүргүзүлгөн изилдөөлөр дагы бир акыйкатты көрсөттү: түрлөрдүн көп болушу экосистемалардын чыдамкайлыгын жогорулатат. Биологиялык ар түрдүүлүк кургакчылык, зыянкеч организмдер, оорулар жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу жагымсыз шарттарда «камсыздандыруу» механизми катары кызмат кылат.141 Башкача айтканда, түрлөрдүн саны көп болгон экосистемалар татаал шарттарга жакшыраак туруштук берет. Мындан тышкары, биологиялык ар түрдүүлүк экосистемаларга «ийкемдүүлүк» берет.142 Башкача айтканда, экосистема татаал шарттардан соң мурдакы абалына ылдамыраак кайта алат. Мисалы, Африкадагы Серенгети жайлоосунун түрлөргө бай аймактары жаныбарлар оттоп кеткен соң, бат эле мурдакы абалына кайта алат.143

9) Организмдердин Экологияга Пайдалары

kelebek

Kelebekler, polenleri çiçeklerin erkek organlarından dişi organlarına taşıyarak bitkilerin döllenmesini sağlarlar.

Бул саптарды окуп жатканда, миллиондогон түрдүн жана сансыз организмдердин сиздин колуңуздан эч качан келбей турган иштерди эч кемчиликсиз жасап жаткандыгы оюңузга келдиби? Чындыгында, эгер ушул организмдердин ар бири өз милдетин аткарбаганда, сиз дагы, башка жандыктар дагы жашай алмак эмес.

Өткөн жылдарда организмдердин кээ бир экологиялык кызматтарынын экономикалык наркын эсептеп чыгуу багытында бир катар изилдөөлөр жүргүзүлдү. Анткен менен, бул кызматтардын көпчүлүгү баа жеткис. Стэнфорд университетинен Тейлор Рикетс атмосферадагы кычкылтек тең салмактуулугун мисал келтирүү аркылуу бул акыйкатты төмөнкүчө баяндап берген:

«Биологиялык ар түрдүүлүктүн наркы эсеп жеткис жогору. Адамдын жашоосу өсүмдүктөрдүн кычкылтекти иштеп чыгуусунан көз-каранды болсо, демек бул кызматтын наркын эсептеп отуруунун эч кандай кажети жок.»144

Кычкылтектин иштелип чыгышы: жашоого керектүү эң негизги элементтердин бири кычкылтек жашыл өсүмдүктөр жана цианобактерия аттуу бактериялар тарабынан иштелип чыгат. Адамдар, жаныбарлар жана микроорганизмдер тарабынан коротулган кычкылтек өсүмдүктөр менен цианобактериялар тарабынан фотосинтез процессинде тынымсыз кайрадан иштелип чыгып, тең салмактуулук сакталат. Жашыл өсүмдүктөр жылына болжол менен 500 миллион тонна кычкылтек чыгарышат.145 Атмосферадагы газдардын жана жер жүзүндөгү температуранын тең салмакта кармалышында да жашыл өсүмдүктөр менен айрым бир клеткалуу организмдердин ролу эбегейсиз чоң. Мисалы, табияттагы көмүр кычкыл газынын көлөмү өсүмдүктөр тарабынан тең салмакка салынбаса, парник эффекти келип чыгып, дүйнөнүн температурасы жогорулайт да, мөңгүлөр ээрип баштайт. Натыйжада кээ бир аймактар суу астында калып, кээ бир жерлер чөлгө айланат. Кыскасы, организмдердин жашоосуна коркунуч туулат.

Өсүмдүктөрдүн чаңдашуусу:экосистеманын кызматтарынын бири – бул, гүлдөр менен өсүмдүктөрдүн жаныбарлар тарабынан чаңдаштырылуусу. Гүлдүү өсүмдүктөрдүн болжол менен 220 миң түрү ийгиликтүү көбөйө алуу үчүн жаныбарларга муктаж. Аарылар, көпөлөктөр, чымын-чиркейлер, жарганаттар, канаттуулар, чымындар, жалпысынан жүз миңден ашуун организм түрү бул процессте кызмат кылып,146; чаңчаларды гүлдөрдүн эркектик органынан аялдык органына жеткиришет. Токойлордогу, жайыттардагы, айдоо жерлердеги, бакчалардагы жана башка аймактардагы өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү чаңчаларды ташуучу жаныбарлардан көз-каранды; бул жаныбарлар болбосо, алар да жок болушат.

Адамдар жеген өсүмдүк азыктарынын үчтөн бири жаныбарлар тарабынан чаңдаштырылат.147 Өткөн жылдардагы бир изилдөөгө таянсак, өсүмдүктөрдүн жаныбарлар аркылуу чаңдашуусунун бир жылдык экономикалык наркы 200 миллиард долларга барабар.148 Чаңдаштыруучу жаныбарлардын канчалык маанилүү экендиги акыркы жылдары АКШнын кээ бир аймактарындагы мөмөлөрдүн түшүмдүүлүгүнүн азайышынан дагы бир жолу байкалды; анткени ал аймактардагы жапайы аары түрлөрүнүн жок болушу жана бал аарылардын санынын азайышы мөмөлөрдүн түшүмүнө терс таасирин тийгизген.149

arı kuşu

İnsanların yediği bitkisel besinlerin üçte biri arılar, kelebekler, böcekler, yarasalar, kuşlar, sinekler gibi toplam olarak yüz binden fazla farklı hayvan türü tarafından döllenir. Bitkilerin büyük bir bölümü bu hayvanlara bağımlıdır.

Ошондой эле, миңдеген жаныбар түрлөрү дарактардын уруктарын таратып, дарактардын көбөйүшүнө жана токойлордун пайда болушуна чоң салым кошушат. Мисалы, ак кабыктуу бир кызыл карагай түрү (Pinus albicaulis) «Nucifraga columbiana» аттуу бир канаттуу түрү аркылуу көбөйөт. Бул кызыл карагайдын уруктары бекем оролгон тобурчактын ичинде жайгашкан. Аты аталган канаттуу бул тобурчактан уруктарды чыгарып, аларды жерге көмүү аркылуу кызыл карагайдын урпагын улантышына шарт түзөт.150 Юта штаттык университетинин Токой биологиясынын профессору Рональд Ланнер «Бири-бири үчүн жаратылган экен: канаттуулар менен кызыл карагайлардын биргелешкен жашоосу» аттуу китебинде канаттуулардын кызыл карагай токойлорунун пайда болушундагы эбегейсиз ролун сүрөттөп берген.151

Тазалык кызматтары: таштандыларыңыз чогултулбаса, үйүңүздүн кыска убакытта кандай абалга келээрин элестете аласыз. Бул көрүнүш жер планетасына да тиешелүү. Дарактардан түшкөн жалбырактар, өлгөн жаныбарлар менен өсүмдүктөр, таштандылар жана заводдордун калдыктары үстү-үстүнө чогула бергенде, жер бетинде жашоо болмок эмес. Кумурскалардын, термиттердин, кенелердин, козу карындардын, чымын-чиркей, курт-кумурскалардын, омурткасыз жаныбарлардын жана бактериялардын иш-аракеттери аркылуу бул нерсеге бөгөт коюлат. Миллиондогон организм түрлөрү өлгөн организмдерди жана органикалык калдыктарды ажыратып, минералдарга жана азык заттарына айландырышат. Көптөгөн бактерия түрлөрү бир заводдун монтаждык линиясындагы жумушчулар сыяктуу укмуш кызматташып иштешет. Мисалы, өлгөн жаныбарлардагы же жаныбарлардын акыр-чикирлериндеги азот алгач чириткич бактериялар тарабынан аммиакка айландырылат; аммиак болсо нитрит бактериялары тарабынан нитритке, андан соң нитрат бактериялары тарабынан нитратка айландырылат. Кемчиликсиз иштеген бул системанын урматында, бир жагынан, айлана-чөйрө тазаланып, органикалык заттар кайрадан иштетилсе, экинчи жагынан, организмдер азык менен камсыз кылынат. Бул жандыктар тарабынан бир жылда иштетилип, кайрадан пайдаланууга берилген заттын көлөмү 130 миллиард тоннага жакын деп болжолдонууда.152

Көптөгөн дарак түрлөрүнөн турган токойлор да жер жүзүнүн тазалыгына чоң салым кошушат. Абанын болжол менен 50%ын тазалап, дезинфекция кылышат. Уулуу газдарды жана булганган сууларды фильтрлеп тазалашат. Бир гектар кызыл карагай токою жылына 30-40 тонна, бир гектар бук токою болсо жылына 68 тонна чаң сорот.153

iklimler

Dünyanın dengeli iklim yapısına sahip bir gezegen oluşunda, ağaçlar, bitkiler ve ormanların payı vardır. Bugün belirli bölgelerde sık sık yaşanan sel baskınları ve kuraklıklar ormanların tahrip edilmesinin bazı sonuçlarıdır.

Океандардын тазалыгында кызмат кылган да көптөгөн жандыктар бар. Мисалы, мидиялар сууну фильтрлеп азыктанып жатканда, дагы бир функцияны аткарышат: океандын суусун да фильтрлешет. Бүгүнкү күндө Түндүк Америкадагы Чесапик булуңунун тунук болбошуна ал жерде мидиялардын көп кармалышынын себеп болгондугу айтылууда. Эсептөөлөр боюнча, бир канча жыл мурда Чесапиктеги мидиялар булуңдун бардык суусун үч күн сайын фильтрлеп турушкан.154 Бул булуңдун узундугунун 310 км жана туурасынын 6-40 км экендигин эске алганда, мидиялардын канчалык чоң жумуш аткаргандыгын жакшыраак түшүнөбүз.

Бактериялар менен өсүмдүктөр болсо уулуу калдыктардын тазаланышында адамдарга көмөк көрсөтүшүүдө. Кээ бир өсүмдүк түрлөрү, мисалы сары кычы (горчица) түркүмүнө кирген өсүмдүктөр, оор металлдарды топурактан алып, өздөрүнүн тканьдарына чогултушат, ошентип топуракты уулуу заттардан тазалашат. Коргошун, жез, сымап, кобальт сыяктуу адамдын ден-соолугуна зыяндуу металл жана калдыктар жайгашкан жерлерди тазалоодо ушул өсүмдүктөр пайдаланылууда. Кээ бир бактерия түрлөрү болсо топуракты жана сууну булгаган заттарды компоненттерге ажыратуу кызматын аткарышат; айлана-чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна кооптуу бир катар калдыктарды жок кылышат. Мисалы, бензинди ажыратуучу бактерия түрлөрү дээрлик ар кандай топуракта кездешет.155 Микроорганизмдер 1989-жылы Аляскадагы бир мунайзат танкеринин кырсыгынан соң, ал аймактагы жээктерди тазалоодо колдонулган.

Кыскасы, океандар, кургактыктар жана атмосфера тынымсыз организмдер тарабынан тазаланып турат. Төмөнкү окуя бул кызматтын экономикалык наркын түшүнүүгө көмөкчү болушу мүмкүн: жакында эле Нью-Йоркто суунун сапатынын төмөндөшүнөн улам мамлекеттик тиешелүү кызматкерлер бир изилдөө жүргүзүштү. Эки вариант бар эле: биринчиси, 6-8 миллиард долларга сууну тазалоо объектин куруу же экинчиси, 1-1,5 миллиард долларга сууну ташуучу жана ал сууну табигый жол менен тазалоочу бассейнди калыбына келтирүү. Бул тыянактын негизинде Нью-Йорктун жетекчилери суу бассейнин калыбына келтирүү чечимин алышты. Анткени, изилдөөлөрдүн жыйынтыгы мунун 10 жылда 6 миллиарддан ашуун бир үнөмдөөгө себеп болоорун көрсөттү.156

Климаттын жөнгө салынышы: жер планетасынын тең салмактуу климаттык шарттарга ээ болушунда дарактардын, өсүмдүктөрдүн жана токойлордун да салымы бар. Токойлор абанын нымдуулугун туруктуу сакташат; жайдын температурасын 5-8,5 градуска азайтып, кыштын температурасын болсо 1,6-2,8 градуска жогорулатат, ошентип ысык менен суукту тең салмакка салат.157

Токойлордун жок кылынышы жер жүзүндөгү суунун айланышына жана климаттын тең салмактуулугуна терс таасир тийгизет. Бүгүнкү күндө белгилүү аймактарда селдердин көп болушу жана кургакчылык бул терс натыйжалардын кээ бирлери. National Geographic журналында токойлордун экологиядагы ролу жөнүндө төмөнкүдөй мисал келтирилген:

«Мисалы, Амазонка бассейниндеги токойлор суунун айлануусун камсыз кылган негизги фактор жана жаан-чачындардын жарымы ушул бассейиндин ичинде пайда болот. Тропикалык токойлордун ордунда жайыттар болгондо, температура жогорулап, жаан-чачын азаймак. Бул болсо бүт аймактын климатын бир топко өзгөртмөк.»158

Топурактын корголушу: : дарактар жана чөптөр эрозияга бөгөт коюшат; топуракты жаан-чачындардын жана шамалдын жууп кетүүчү таасирлеринен коргошот. World Watch институтунун жетекчиси Лестер Браундун төмөнкү сөздөрү эрозияга бөгөт коюлушунда дарактардын жана токойлордун маанисин мыкты сүрөттөй алат:

«Айдоо жерлер бир эле айыл-чарбанын эмес, цивилизациянын да пайдубалы... Топуракты жоготуу цивилизациянын алдындагы эң чоң коркунуч. Мунайзат резервдери түгөнсө цивилизация жашоосун уланта алат; бирок топурактын үстүңкү катмарынан ажыраса, бул цивилизация жашоосун уланта албайт.»159

erozyon

Ağaçlar ve bitki örtüsü erozyonu engeller; toprağı, yağmur ve rüzgarın aşındırıcı etkisine karşı korurlar.

Allah, gökleri ve yeri yaratan ve gökten su indirip onunla size rızık olarak türlü ürünler çıkarandır. Ve onun emriyle gemileri, denizde yüzmeleri için size, emre amade kılandır. Irmakları da sizin için emre amade kılandır.
(İbrahim Suresi, 32)

Топуракты байытуу: : топурактын астында, кичинекей болгону менен, өтө чоң кызматтарды аткарган көптөгөн организм түрлөрү жашашат. Ал организмдер топурактын түшүмдүүлүгүнүн азайышына бөгөт коюшат. Мисалы, сөөлжандар, кумурскалар жана дагы көптөгөн организм түрлөрү топуракты астын-үстүн кылып желдетишет жана байытышат. Бир гектарлык аянттагы сөөлжандар бир жылда 10 тоннадай топуракты жутуп, «майдалап» түшүмдүүлүгүн жогорулатышат.160

Профессор Эдвард Уилсон топурактын тереңинде жашаган, биз көпчүлүгүн тааныбаган, бирок биз үчүн абдан маанилүү болгон организм түрлөрүнө төмөнкүчө токтолгон:

«Эң жылаңач чөлдөрдөн тышкары, каерде болбосун колуңузга эки ууч топурак алсаңыз, кумурскалар менен коңуздардан тардиграддар менен бурамаларга чейин, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн миңдеген омурткасыз организмдерди көрөсүз. Колуңуздагы бул түрлөрдүн көпчүлүгүнүн биологиясы белгисиз: эмне жешээри, эмнеге жем болушаары, жашоо айлампаларынын майда-чүйдөлөрү жөнүндө бир аз гана маалыматыбыз бар, биохимиялары менен генетикалары жөнүндө болсо эч нерсе билбейт болушубуз керек. Кээ бир түрлөрдүн илимий аты дагы жок болушу керек. Алардын кандайдыр бирөөсүнүн биздин жашообуз үчүн канчалык маанилүү экендиги жөнүндө да маалыматыбыз жок. Булар жөнүндөгү изилдөөлөр, албетте, адамзаттын пайдасына колдонууга боло турган жаңы илимий принциптерди үйрөтөт бизге. Ар бири өзүнчө бир керемет.»160

Жыйынтыктасак, бул жерде айтылгандар организмдердин аткарган кызматтарынын кичинекей бир бөлүгү гана. Анткен менен, бул маалыматтардын кандай мааниге келээри апачык көрүнүп турат: биз үчүн абдан маанилүү иштерди жасаган организмдердин жардамы менен өмүр сүрөбүз. Өмүр сүрүшүбүзгө себепчи болгон сансыз көп түрлөрдү бири-бирине шайкеш кылып жараткан болсо – ааламдардын Рабби Аллах.

Албетте, биологиялык ар түрдүүлүктөн алган пайдаларыбыз Раббибиздин биз үчүн жараткан сансыз сый-жакшылыктарынын бир бөлүгү. Аллахтын сый-жакшылыктарынын чексиздиги бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:

Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди. Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санаганга аракет кылсаңар, аны санап бүтө албайсыңар. Чындыгында, адам абдан залим, абдан шүгүрсүз. (Ибрахим Сүрөсү, 34)

Булактар

90 Detaylı bilgi için bkz. Yvonne Baskin, The Work of Nature: How the Diversity of Life Sustains Us, Island Press, 1998; Edward O. Wilson, The Diversity of Life, W.W. Norton & Company, 1999.

91 Ruth Patrick, “Biodiversity: Why Is It Important?, s. 15, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

92 Paul Ehrlich, “The Loss Of Diversity, s. 21-22, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

93 Peter H. Raven, “Introduction, s. 1, Peter H. Raven, Tania Williams (editors), Nature and Human Society, National Academy Press, Washington D.C., 2000.

94 Bryan Norton, “Commodity, Amenity, and Morality, s. 205, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

95 Paul Ehrlich, “The Loss Of Diversity, s. 24, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

96 Thomas E. Lovejoy, “Biodiversity: What Is It?, s. 9, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

97 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Polymerase Chain Reaction.

98 Selçuk Alsan, “Yeni Adli Tıp, Bilim ve Teknik, Şubat 2001; Thomas E. Lovejoy, “Biodiversity: What Is It?, s. 13, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

99 Gretchen C. Daily, Stanford Üniversitesi; Susan Alexander, California State Üniver

sitesi; Paul R. Ehrlich, Stanford Üniversitesi; Larry Goulder, Stanford Üniversitesi; Jane Lubchenco, Oregon State Üniversitesi; Pamela A. Matson, California Üniversitesi; Harold A. Mooney, Stanford Üniversitesi; Sandra Postel, Global Water Policy Project; Stephen H. Schneider, Stanford Üniversitesi; David Tilman, Minnesota Üniversitesi; George M. Woodwell, Woods Hole Araştırma Merkezi.

100 G.C. Daily, S. Alexander, P.R. Ehrlich, L. Goulder, J. Lubchenco, P.A. Matson, H.A. Mooney, S. Postel, S.H. Schneider, D. Tilman, G.M. Woodwell, “Ecosystem Services: Benefits Supplied to Human Societies by Natural Ecosystems, 2002, http://esa.sdsc.edu/daily.htm.

101 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Fish, “Fisheries.

102 N. Myers, The Primary Source: Tropical Forests and Our Future, W.W. Norton, New York, 1984.

103 E.O. Wilson, “The Current State of Biological Diversity, s. 15, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

104 Peter H. Raven, “Our Diminishing Tropical Forests, s. 121, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

105 Maurizio Paoletti, “Conservation of Biodiversity, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

106 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Photosynthesis.

107 İ. Atalay, Vejetasyon Coğrafyasının Esasları, Dokuz Eylül Üniversitesi Yayınları, İzmir, 1990, s. 28.

108 Anne M. Borland, “Biodiversity Lectures, 2002, http://ğ.ncl.ac.uk/aes/StudentInfo/Lectures/MSM120/AB-Lec1.doc.

109 Norman R. Farnsworth, “Screening Plants For New Medicines, s. 91, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988;

110 Biyolojik Çeşitlilik Haritası, National Geographic Maps, Ekim 2001; Çağlar Sunay, “Yitirilmekte Olan Cennet Amazon, Bilim ve Teknik, Nisan 1999, s. 76.

111 Matt Walker, “Biodiversity, New Scientist, vol. 170, issue 2288, 28/04/2001, s. 24.

112 Peter J. Bryant, “Values of Biodiversity, 2001, http://darwin.bio.uci.edu/~sus tain/bio65/lec07/b65lec07.htm.

113 Norman R. Farnsworth, “Screening Plants For New Medicines, s. 92, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988; Biyolojik Çeşitlilik Haritası, National Geographic Maps, Ekim 2001.

114 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Leprosy.

115 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Animal Experimentation.

116 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 161.

117 Zuhal Özer, “Yeryüzünün Başarılı Kimyacıları Bakteriler, Bilim ve Teknik, Ocak 1997.

118 David Whitehouse, “Bacteria to make wood products, BBC News Online, 2 Kasım 2001, http://news.bbc.co.uk/hi/english/sci/tech/newsid_1630000/1630158.stm.

119 Elizabeth Pennisi, “Microbes Use Mud to Make Electricity, Science, Vol. 295, No. 5554, 18 Ocak 2002, s. 425-426.

120 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 165-166.

121 Uğur Cebeci, “Uçaklara Köpekbalığı Yüzgeçleri, Hürriyet Pazar, 27 Ocak 2002, s. 9.

122 Ö. Bulut, D. Sağdıç, S. Korkmaz, Biyoloji, Milli Eğitim Bakanlığı Yayınları, İstanbul, 1999, s. 152.

123 Anne M. Borland, “Biodiversity Lectures, 2002, http://ğ.ncl.ac.uk/aes/StudentInfo/Lectures/MSM120/AB-Lec1.doc.

124 Biyolojik Çeşitlilik Haritası, National Geographic Maps, Ekim 2001; Bryan Norton, “Commodity, Amenity, and Morality, s. 203, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

125 Peter J. Bryant, “Values of Biodiversity, 2001, http://darwin.bio.uci.edu/~sustain/bio65/lec07/b65lec07.htm.

126 “Agriculture and Genetic Diversity, World Resources Institute, 2001, http://ğ.wri.org/biodiv/agrigene.html.

127 “Heirloom Corn and the Future of the World, 2002, http://ğ.alternativehealthtalk.com/Herbal%20Genetic%20Diversity%20frontier%20coop.htm.

128 Paul Ehrlich, “The Loss Of Diversity, s. 24, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

129 P. DeBach, Biological Control by Natural Enemies, Cambridge University Press, London, 1974.

130 R. Naylor, P. Ehrlich, “The value of natural pest control services in agriculture, s. 151-174, G. Daily (editor), Nature’s Services: Societal Dependence on Natural Ecosystems, Island Press, Washington, D.C., 1997.

131 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Pest Control.

132 E.A. Jarzembowski, “Insecta (Insects), Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

133 P. Vitousek, J. Aber, R. Howarth, G. Likens, P. Matson, D. Schindler, W. Schlesinger, D. Tilman, “Human alteration of the global nitrogen cycle: causes and consequences, Issues in Ecology, Vol. 1, 1997.

134 “Rainforests Harvest The Skies, Science Daily Magazine, 2002, http://ğ.sciencedaily.com/releases/2002/02/020201075138.htm

135 Alp Akoğlu, “Evrende Geri Kazanım, Bilim ve Teknik, Aralık 2000, s. 29.

136 Shahid Naeem, Washington Üniversitesi; F. S. Chapin III, California Üniversitesi; Robert Costanza, Maryland Üniversitesi; Paul R. Ehrlich, Stanford Üniversitesi; Frank B. Golley, Georgia Üniversitesi; David U. Hooper, Western Washington Üniversitesi; J. H. Lawton, Imperial Üniversitesi; Robert V. O’Neill, Oak Ridge Ulusal Laboratuvarı; Harold A. Mooney, Stanford Üniversitesi; Osvaldo E. Sala, Buenos Aires Üniversitesi; Amy J. Symstad, Minnesota Üniversitesi; David Tilman, Minnesota Üniversitesi.

137 S. Naeem, F.S. Chapin III, R. Costanza, P.R. Ehrlich, F.B. Golley, D.U. Hooper, J.H. Lawton, R.V. O’Neill, H.A. Mooney, O.E. Sala, A.J. Symstad, D. Tilman, “Biodiversity and Ecosystem Functioning: Maintaining Natural Life Support Processes, 2002, http://esa.sdsc.edu/issues4.htm.

138 D. Tilman, P.B. Reich, J. Knops, D. Wedin, T. Mielke, C. Lehman, Diversity and Productivity in a Long-Term Grassland Experiment, Science, Vol. 294, 26 Ekim 2001, s. 843-845.

139 “Diversity of Species Triumphs, Science Daily Magazine, 2001, http://ğ.sciencedaily.com/releases/2001/10/011026074943.htm

140 Sarah Graham, “Not Just a Nice Idea, Preserving Biodiversity Is a Necessity, Scientific American, 5 Temmuz 2001, http://ğ.sciam.com/news/070501/3.html.

141 M. Loreau, S. Naeem, P. Inchausti, J. Bengtsson, J.P. Grime, A. Hector, D.U. Hooper, M.A. Huston, D. Raffaelli, B. Schmid, D. Tilman,10 D.A. Wardle, “Biodiversity and Ecosystem Functioning: Current Knowledge and Future Challenges, Science, Vol. 294, 26 Ekim 2001, s. 804-808.

142 Scott A. Elias, “Evolution of Ecosystems: Terrestrial, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

143 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “Community Ecology: Biodiversity and the Stability of Communities.

144 Taylor H. Ricketts, “Conservation Biology and Biodiversity, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

145 İ. Atalay, Vejetasyon Coğrafyasının Esasları, Dokuz Eylül Üniversitesi Yayınları, İzmir, 1990, s. 29.

146 G.P. Nabhan, S.L. Buchmann, “Pollination services: Biodiversity’s direct link to world food stability, s. 133-150, G. Daily (editor), Nature’s Services: Societal Dependence on Natural Ecosystems, Island Press, Washington, D.C., 1997.

147 S.L. Buchmann, G.P. Nabhan, The Forgotten Pollinators, Island Press, Washington, D.C., 1996.

148 Taylor H. Ricketts, “Conservation Biology and Biodiversity, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

149 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Pollination.

150 G.C. Daily, S. Alexander, P.R. Ehrlich, L. Goulder, J. Lubchenco, P.A. Matson, H.A. Mooney, S. Postel, S.H. Schneider, D. Tilman, G.M. Woodwell, “Ecosystem Services: Benefits Supplied to Human Societies by Natural Ecosystems, 2002, http://esa.sdsc.edu/daily.htm.

151 Ronald M. Lanner, Made for Each Other: A Symbiosis of Birds and Pines, Oxford University Press, New York, 1996.

152 G.C. Daily, S. Alexander, P.R. Ehrlich, L. Goulder, J. Lubchenco, P.A. Matson, H.A. Mooney, S. Postel, S.H. Schneider, D. Tilman, G.M. Woodwell, “Ecosystem Services: Benefits Supplied to Human Societies by Natural Ecosystems, 2002, http://esa.sdsc.edu/daily.htm; P. Vitousek, P. Ehrlich, A. Ehrlich, P. Matson, “Human appropriation of the products of photosynthesis, BioScience, vol. 36, 1986, s. 368-373.

153 Banu Binbaşaran, “Ormanı Geri Getirmek, Bilim ve Teknik, Temmuz 2001, s. 86.

154 Peter J. Bryant, “Values of Biodiversity, 2001, http://darwin.bio.uci.edu/~sustain/bio65/lec07/b65lec07.htm.

155 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Bioremediation.

156 Taylor H. Ricketts, “Conservation Biology and Biodiversity, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

157 Banu Binbaşaran, “Ormanı Geri Getirmek, Bilim ve Teknik, Temmuz 2001, s. 86.

158 Biyolojik Çeşitlilik Haritası, National Geographic Maps, Ekim 2001.

159 Sargun A. Tont, “Toprağın Sesi..., Bilim ve Teknik, Temmuz 1997.

160 K. Lee, Earthworms: Their Ecology and Relationships with Soils and Land Use, Academic Press, New York, 1985.

161 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 135.