1-бөлүм:Жандуулардын Укмуш Көп Түрдүүлүгү

türlerin evrimi

Дүйнөнүн дээрлик ар бир чекитинде адамзат көргөн жана көрө албаган бир жашоо өкүм сүрүүдө. Жер бетинде эч бир жандык жашабаган бир жер жоктой сезилет. Ар кандай шартта ошол шарттарга жана бири-бирине толук ыңгайлашкан көптөгөн организм түрлөрү жашайт. Бир тамчы деңиз суусунан океандарга, бир ууч топурактан материктерге, мөңгүлөрдөн жылуу сууларга, бир канча метр жердин тереңинен биз дем алган абага жана денебиздин ичинен терибиздин үстүнө чейин...

Ошондой эле, жер жүзүндө дене түзүлүшү, системалары, кыймыл-аракет формалары жана өзгөчөлүктөрү жагынан абдан көп түрдүү организмдер жашашат: көлөмү метрдин миллиондон бириндей болгон бир бактериядан бою болжол менен 100 метрге жана салмагы 2500 тоннага жеткен секвойя дарагына, бир ордунда өскөн дарактардан көчкөндө жыйырма миң километр учкан деңиз чабалекейлерине же миңдеген километр жол жүргөн лосось балыктарына, бир канча саат жашаган бир күндүк-чымындардан (Ephemeroptera) он миң жылдан көп жашаган мисалдары кездешкен креозот бадалына, океандарда жалгыз сүзгөн окунь балыгынан миллиондоп бирге жашаган кумурскаларга, кооз жана назик бир орхидеядан радиацияны да сезбеген бир курт-кумурска түрүнө чейин...

Миннесота университетинин экология профессору Дэвид Тилман айткандай, «жер планетасынын эң кызыктуу өзгөчөлүгү – бул, жашоонун болушу; жашоонун эң кызыктуу өзгөчөлүгү болсо – бул, анын көп түрдүүлүгү.»2

Планетабыздагы жашоонун көп түрдүүлүгү илимий чөйрөлөрдө атайын бир термин менен аталат: «биологиялык ар түрдүүлүк». Бул термин жер бетиндеги жаныбарларды, өсүмдүктөрдү, козу карындарды, микроорганизмдерди, кыскасы, бүт организм түрлөрүн камтыйт.

«Биологиялык ар түрдүүлүк» бүгүнкү күндө көп колдонулган бир термин. Бирок кеңири колдонулуп баштаганына аз эле болду. Организмдердин көп түрдүүлүгү жөнүндөгү изилдөөлөр көп жылдан бери улантылып келе жатканы менен, бул илим дүйнөсүнө «биологиялык ар түрдүүлүк» деген термин менен 1986-жылы кирген. Бул түшүнүк 1986-жылы 21-24-сентябрьда Вашингтондо Американын Улуттук илимдер академиясы менен Смитсониан институту тарабынан уюштурулган Биологиялык ар түрдүүлүк симпозиумунда пайда болгон.3 Ошол жылдан соң биологиялык ар түрдүүлүктүн маанисине жана аны биринчи кезекте коргоо керек экендигине көңүл бурган иш-чаралар абдан көбөйдү. Биологиялык ар түрдүүлүк бир илим тармагына айланып, көптөгөн өлкөлөрдө бул теманы изилдөөгө каражаттар бөлүнүүдө жана институттар курулууда. 1992-жылы июнь айында Рио-де-Жанейродо уюштурулган Бириккен улуттар уюмунун Экология жана өнүгүү конференциясынан соң биологиялык ар түрдүүлүк дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн орток темаларынын бирине айланды.

penguenler

Жер Бетинде Канча Организм Түрү Бар?

tavuskuşu

Биологиялык ар түрдүүлүккө аныктама берүү, аны түшүнүү жана белгилүү бир санга түшүрүү үчүн биология илиминде «түр» деген термин колдонулат. «Түр» дегенде биз табиятта өз араларында гана жупталып, көбөйө алган жана дене түзүлүшү менен функциялары жагынан бири-бирине окшош индивиддерден турган бир популяцияны түшүнөбүз. (Бул түшүнүктү «Эволюциянын түрдөшүү туюгу» деген бөлүмдө тереңирээк карайбыз.)

«Жер бетинде канча түр бар» деген суроо кылымдардан бери көптөгөн адамдарды ойлондуруп келген. Бул суроого жооп берүү үчүн көп убакыттан бери кеңири изилдөөлөр жүргүзүлүп келүүдө. Биз жашап жаткан доорго чейинки илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары муну менен байланыштуу так бир сан айтууга болбой турганын, бирок бул сандын өтө чоң экенин көрсөттү. Бул жерде бул темада адистешкен илипоздордун көз-караштарына токтолобуз.

Белгилүү зоолог Эдвард О. Уилсон «биологиялык ар түрдүүлүк» терминин биринчи болуп чыгарган жана бул тармакта күчтүү адис катары кабыл алынган илимпоздордун бири.4 Гарвард университетинин профессору Уилсондун ой-пикири төмөнкүдөй:

«Эч ким жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жана микроорганизмдерди камтыган тирүү организмдердин канча түрү бар экенин билбейт, бирок бул сан жок дегенде 5 миллион, ал тургай, 100 миллионго да жетиши мүмкүн... Эң алгач, биологиялык түрлөрдүн санын ойлоп көрүңүз. Жер бетиндеги организм түрлөрүнүн санын толук билбейбиз. Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 1,5 миллион түргө ысым ыйгарылды, бирок чыныгы саны 10 миллиондон 100 миллионго чейин.»5

Смитсон институтунун экология жана биологиялык ар түрдүүлүк темаларынын адиси Томас Э. Лавджойдун (Thomas E. Lovejoy) көз-карашы болсо төмөнкүдөй:

«Бүгүнкү күнгө чейин 1,4 миллион түргө аныктама берилди жана «жалпысынан канча түр бар» деген суроо негизги суроо бойдон калууда. Түрлөрдүн жалпы саны жөнүндөгү учурдагы божомолдор 10 миллиондон 100 миллионго чейин өзгөрүүдө.»6

Корнелл университетинин профессору Квентин Уилер менен Американын Табият тарыхы музейинин профессору Джоэл Кракрафт бир макаласында бул жөнүндө төмөнкүдөй божомолдорун айтышкан.

«Өткөн эки кылымдан ашуун убакыт аралыгында дүйнөдөгү түрлөр жөнүндө өтө көп маалымат чогултулганына карабастан, алигече биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү суроолордун эң жеңилине да так жооп бере албайбыз: канча түр бар? Божомолдор 3 миллиондон 100 миллионго чейин өзгөрөт.»7

mor çiçekler

Стэнфорд университетинен Тейлор Рикетс болсо жер жүзүндөгү организмдердин түрлөрү жөнүндөгү ой-пикирин төмөнкүчө билдирген: «Жер жүзү биз билген 1,7 миллиондон ашуун түрдү коноктойт жана балким мындан 10 эсе көбү алигече ачыла элек.»8

Падуа университетинен Алессандро Минелли биологиялык ар түрдүүлүк тууралуу учурдагы божомолдордун «өтө белгисиз» экендигин жана 5 миллиондон 130 миллионго чейин ар кандай сандардын аталып жаткандыгын айткан.9 Биология профессору Минеллинин айтуусу боюнча, «дүйнөдөгү түрлөрдү болжолдоо да оңой эмес. Буга кандайдыр бир деңгээлде биологиялык ар түрдүүлүк инвентарыбыздын толук болбошу себеп болууда.».

Encarta энциклопедиясында бүгүнкү күнгө чейин аныкталып, ат коюлган түрлөрдүн санынын 1750000 экендиги; дүйнөдөгү түрлөрдүн жалпы саны тууралуу божомолдордун болсо кээ бир илимпоздордун ою боюнча 10 миллиондон, кээ бирлеринин ою боюнча 100 миллиондон көп экендиги айтылат.10Britannica энциклопедиясына таянсак, аныкталып, ат берилишин күткөн көптөгөн түрлөр бар жана бүгүнкү күндө 10 миллиондон 30 миллионго чейин организм түрү жашайт деп болжолдонууда.11

Дагы бир айта кетчү жагдай, бул божомолдор бир гана бүгүнкү күндө жашап жаткан түрлөргө тиешелүү жана тарыхта тукум курут болгон түрлөрдү эске албайт.

yunus sincap

Sizin yaratılışınızda ve türetip-yaydığı canlılarda kesin bilgiyle inanan bir kavim için ayetler vardır.
(Casiye Suresi, 4)

Биологиялык Ар Түрдүүлүктүн Масштабы

DNA

Her bir insan hücresinin çekirdeğinde, insan vücudunun işlevlerini kontrol etmeye yarayan bir milyon sayfalık bir ansiklopedinin içerebileceği miktarda bilgi kodlanmıştır. İnsanın on milyonlarca türden sadece biri olduğu düşünülürse ortaya olağanüstü bir tablo ortaya çıkar.

Жер жүзү микроорганизм, козу карын, өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнө укмуш бай. Биологиялык ар түрдүүлүктүн масштабын түшүнүү үчүн кээ бир төмөнкүдөй мисалдарды келтирүүгө болот. Профессор Уилсондун эсептөөсү боюнча, ар бир миллион түрдүн бир гана аныктамасы үчүн даярдалган каталог эле 60 метрлик китепкана текчесин ээлейт.12

Эми биологиялык ар түрдүүлүктү башка жагынан карап көрөлү. Түрлөрдүн генетикалык мүнөздөмөлөрүн да эсепке кошолу. Адам түрүнүн, б.а. хомо сапиенстин ДНК молекуласына жазылган маалыматтын өзү эле толук бир миллион энциклопедия бетин ээлейт. Башкача айтканда, адамдын ар бир клеткасынын ядросуна адамдын дене функцияларын башкаруучу бир миллион беттик бир энциклопедияны ээлей турган маалымат базасы коддолгон. Адам он миллиондогон түрдүн бирөөсү гана. Демек, бул маалыматтардын масштабын ошого жараша элестетип көрүңүз. Жер жүзүндөгү кагаздардын бүт баарын түрлөрдүн генетикалык маалыматын жазууга арнасак дагы, баары бир жетпейт.

Бир клеткалуу эукариоттор (протисттер), балырлар, бактериялар, козу карындар, гүлдүү өсүмдүктөр, былпылдактар (Spongia), кораллдар, чымын-чиркей, курт-кумурскалар, канаттуулар, сойлоочулар, балыктар, сүт эмүүчүлөр, кыскасы, организмдердин категориялары укмуш көп. Бул ушунчалык кеңири масштабдуу болгондуктан, кээ бир илимпоздор менен изилдөөчүлөр түрлөрдүн баарын эч качан аныктап, сүрөттөп бүтө албайбыз деп ойлошууда.13

Империал колледжден (Imperial College) эки изилдөөчү Энди Первис жана Энди Гектор Nature журналындагы «Биологиялык ар түрдүүлүктүн көрсөткүчүн аныктоо» аттуу макаласында маанилүү бир жагдайга токтолушкан. Первис менен Гектор компьютер жана интернет технологиялары мындан мурда болуп көрбөгөндөй масштабдуу түр тизмелерин даярдоо мүмкүнчүлүгүн берди жана бүгүнкү күнгө чейин маалымат базаларында триллиондогон байт маалымат чогултулду дешет. Бирок ушундай чоң маалымат, бул илимпоздордун айтуусу боюнча, «океандагы кичинекей бир тамчыдай эле» болуп калат.14

Дагы бир айта кетчү нерсе, түрлөрдүн жалпы саны менен көп түрдүүлүгүнөн башка дагы көптөгөн кереметтер бар. Алардын бирөөсү, ар бир түрдүн ичинде көптөгөн өзгөчөлөнүү, б.а. вариация кездешет. Мисалы, иттердин баары Canis familiaris аттуу бир түргө кирет. Бирок, сырткы көрүнүшү, салмагы, узундугу, түсү, кыймыл-аракеттери жана өзгөчөлүктөрү жагынан бири-биринен айырмаланган жүздөгөн ит расалары бар.

köpekler

Yüzlerce köpek ırkı vardır ve bunların tümünün görünümleri, ağırlıkları, uzunlukları, renkleri, davranış biçimleri ve özellikleri birbirinden farklıdır.

Дагы бир жагдай, кээ бир жандык түрлөрүнүн дене түзүлүшү өмүрүнүн ар кайсы доорунда ар башка болот. Мисалы, монарх көпөлөгү личинка, куурчакча жана жетилген кездеринде дене түзүлүшү, көлөмү, түсү, жашоо чөйрөсү, кыймыл-аракет формасы жана биологиялык системалары жагынан бири-биринен өтө айырмалуу доорлорду басып өтөт.

Аныктама Берилген Түрлөрдүн Саны
Түрлөрдүн
Болжолдуу
Жалпы Саны
Бактериялар
4.000
1.000.000
Козу карындар
75.000
1.000.000
Эукариот бир клеткалуулар
40.000
300.000
Балырлар-океан балырлары
45.000
400.000
Кургактыктагы өсүмдүктөр
270.000
300.000
Тегерек курттар (нематоддор)
25.000
500.000
Рак сымалдар
45.000
150.000
Жөргөмүш сымалдар
80.000
750.000
Чымын-чиркей, курт-кумурскалар
1.000.000
10.000.000
Моллюскалар
100.000
200.000
Хордалуу жаныбарлар
50.000
55.000
Башкалар
130.000
300.000
Жалпысы (болжол менен)
1.900.000
15.000.000

Биологиялык Ар Түрдүүлүктү Көрсөткөн Таблица.

Бул чындыктарды көрүп, жер жүзүндөгү кереметтүү көп түрдүүлүктү байкаган ар бир адам өзүнө бул суроону узатышы керек: ушунчалык көп организм түрү кантип пайда болгон?

Бул суроо эволюционисттердин башын оорутуп, тынчын алган бир суроого айланган жана ошол бойдон кала бермекчи. Бир эле түрдүн «эволюция сценарийин» жазуу да дарвинизм үчүн өтө чоң көйгөй болуп турганда, миллиондогон түрдүн «эволюция аркылуу пайда болушу» чыкпас туюкка айланууда. Туура эмес ишенимдерден кутулуп, абийири менен ойлонгон адамдар болсо төмөнкү акыйкатты эң мыкты түшүнүшөт: бүт организм түрлөрү ааламдардын Рабби Аллахтын каалоосу менен, Ал тарабынан жаратылган. Бул – организмдердин көп түрдүүлүгүнүн бирден-бир жообу, жана мындан башка жооп издөө аракеттеринен эч бир майнап чыкпайт.

arı kuşu

Канаттуулар, сойлоочулар жана сүт эмүүчүлөр сыяктуу чоң жаныбарлар көбүрөөк көңүлүбүздү бурганы менен, эң көп түрү бар организм тобу – бул, чымын-чиркей, курт-кумурскалар. Учурдагы маалыматтар боюнча, жалпы түрлөрдүн болжол менен үчтөн экисин чымын-чиркей, курт-кумурскалар түзөт.15 Бул класска тиешелүү ат коюлуп, аныктама берилген болжол менен бир миллион түр бар.16

Бул таблица биологиялык ар түрдүүлүк тууралуу илим дүйнөсүндө жалпы кабыл алынган подходдорго таянат. Изилдөөлөр тереңдеген сайын жапжаңы ачылыштар жасалууда. Жыл сайын жаңы өсүмдүктөр, жаныбарлар, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жана деңиз жандыктары табылууда. Ар бир изилдөө дүйнөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктүн белгисиз бир тарабын ачууда. Ошондуктан бул таблицадагы сан жана катыштар убакытка жараша өзгөрүүдө.

Биологиялык ар түрдүүлүктүн жер жүзүндөгү таралышы толук белгилүү эмес. Буга чейинки байкоолор боюнча, уюлдардан экваторго жакындаган сайын түрлөрдүн санында жалпы бир өсүш байкалат. Ишенимдүү бир жооп айтылбашынын негизги себеби болсо, кургактыктарда да, океандарда да изилдөөнү талап кылган дагы сансыз экосистемалар бар. Жер жүзүнүн көптөгөн аймактары ушул кезге чейин терең изилдене элек.

Түрлөр жагынан өзгөчө бай аймактар «кызуу аймактар» деп аталат. Алар көбүнчө тропикалык аймактарда жана аралдарда жайгашат. Conservation International аттуу уюм жер жүзүндөгү кургактыктардын 1,4%ын гана түзгөнүнө карабастан, кургактыкта жашаган түрлөрдүн болжол менен жарымын камтыган 25 «кызуу аймакты» аныктаган.17

harita

Dünyanın kara üstündeki biyoçeşitliliğinin sadece %1.4'u gezegenin kara alanlarının üstünde yer almaktadır. Bu bölgesel çeşitlilikte yoğun olan yerler aynı zamanda hızlı büyüyen insan topluluklarına da ev sahipliği yapmaktadır.

Илим Дүйнөсүндөгү Изилдөөл

carl linnaeus

Carl Linnaeus

Илим тарыхынын эң белгилүү ысымдарынын бири Карл Линнейдин Systema Naturae аттуу китебин жарыялаган күндөн бери өткөн болжол менен 250 жылдык мөөнөттө 1,75 миллиондой түргө ат коюлуп, аныктама берилген. Бул сан, жогоруда да айтылгандай, жер жүзүндөгү жалпы түрлөрдүн кичинекей бир бөлүгүн гана түзөт. Ошондой эле, дагы бир белгилей кетчү жагдай, изилдөөчүлөр тарабынан ат коюлган бул түрлөр алигече илимий бир индекстин астына чогултула алган жок. Башкача айтканда, белгилүү болгон 1,75 миллион жаныбар, өсүмдүк жана микроорганизм түрлөрүнүн бүт баарын камтыган бир тизме азырынча жок.18 Муну эки миллионго жакын китептен турган чоң бир китепканада китептердин ордун көрсөткөн, системалуу бир тизменин болбошуна салыштырууга болот.

Түрлөрдүн бүт баарын камтыган бир каталогдун болбошу сөзсүз түрдө кээ бир башаламандыктарга себеп болууда. Илимпоздор буга бөгөт коюу үчүн, ушул кезге чейин ысымдары аныкталган түрлөрдү бир индекстин астына чогултууга аракет кылышууда. Бул багытта жүргүзүлгөн көптөгөн иш-аракеттер бар. Мисал катары, белгилүү болгон түрлөрдү каталогго айландырууну көздөгөн Түрлөр 2000 программасын айтууга болот.19 Бул долбоордун алкагында 2001-жылдын аягында 250 миңдей түр тизмеге киргизилген жана 2003-жылга чейин каталог 500 миң түрдү камтыйт деп пландалууда.20

Биологиялык ар түрдүүлүк менен байланыштуу башка изилдөөлөр болсо азырынча белгисиз түрлөрдү аныктоого багытталган. Бүгүнкү күндө АКШ баш болуп, көптөгөн өлкөнүн миңдеген илимпозу жер жүзүндөгү түрлөрдү изилдешүүдө. Бул изилдөөлөргө бөлүнгөн каражаттардын жалпы көлөмү жүз миллиондогон долларды түзөт. Ошондой эле, бүгүнкү күндө биологиялык ар түрдүүлүктү аныктоо жана түшүнүү максатында изилдөөчүлөрдөн жана илимпоздордон турган көптөгөн кеңештер иш алып барышууда.

Ушундай иш-аракеттердин алкагында 2001-ж. жана 2002-ж. «Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүккө байкоо жүргүзүү жылдары» деп жарыяланып, жер жүзүндөгү түрлөр жөнүндө көбүрөөк маалымат топтоо үчүн атайын бир иш-чаралар башталган.21 Белгилүү биологдор, экологдор жана адистер катышкан бул изилдөө 21-кылымдын илим жана билим берүү тармагындагы эң чоң жетишкендиктердин бири катары бааланууда. Колорадо штаттык университетинин профессору жана Эл аралык биологиялык ар түрдүүлүктү байкоо жылы боюнча кеңештин башчысы Дайана Уолл бул изилдөөнүн маанисин төмөнкүчө сүрөттөгөн:

biyoçeşitlilik

Biyoçeşitliliği araştırmak, ilaçlarda kullanılacak yeni genlerin ve kimyasal maddelerin keşfinden ekinlerin ıslahına veya kirli bölgelerin temizlenmesine kadar birçok fayda verecektir.

«Илимпоздор болжол менен 1,75 миллион түргө сүрөттөмө беришти, бирок божомолдорубуз боюнча, дагы сүрөттөмө бериле турган 12 миллиондон ашуун түр бар. Түрлөрдүн 99%ынын таралышы, тыгыздыгы, сан жагынан көп болушу же тукум курут болуу коркунучу жөнүндө маалыматыбыз жок. Ошондой эле, топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, калдыктарды бөлүктөргө ажыратуу жана сууну тазалоо сыяктуу тармактарда бизге ал түрлөрдүн канчалык пайдасы тийээри жөнүндө да маалыматыбыз толук эмес.

Биологиялык ар түрдүүлүктү изилдөө дары-дармектерде колдонула турган жаңы гендерди жана химиялык заттарды аныктоо, эгиндерди асылдандыруу жана булганган аймактарды тазалоо сыяктуу көптөгөн багыттарда пайда алып келет. Балким, андан да маанилүүсү, түрлөрдүн каерде экендигин, алардын дени сак экосистемалардагы ролун жана аларды кантип коргоо керектигин аныктоо жана кургактыктарыбыз, дарыяларыбыз, океандарыбыз жөнүндө тагыраак маалыматтардын негизинде чечим чыгаруу жагынан өтө баалуу болот.»22

Бул тармакта жүргүзүлүп баштаган дагы бир изилдөө болсо – бул, «Бардык түрлөр» аттуу долбоор.23 Ал долбоордо Эдвард Уилсон жана Питер Равен сыяктуу белгилүү биологиялык ар түрдүүлүк адистери да бар. Долбоордун максаты – түрлөрдүн баарына ат коюп, аныктама берүү жана ар бири үчүн бирден интернет баракчасын даярдоо. Бул иш-аракеттин татаалдагы жагынан илим дүйнөсүндөгү башка долбоорлордон жогору тураары, мисалы Адам геному долбоорунан да кеңири масштабдуу экендиги 2001-жылы 26-декабрда жарык көргөн Science журналында айтылган. Бардык түрлөр долбоорунун изилдөөчүлөрүнүн божомолу боюнча, жер жүзүндөгү түрлөрдүн маалымат базасын түзүүнүн чыгымы 20 миллиард долларды түзөт.24 Бир эле ушул сан дагы долбоордун масштабы жөнүндө көп маалымат берет.

Демек, бул кылымда ушул сыяктуу изилдөөлөр аркылуу мурда тааныбаган жандыктардын ачылышына күбө болобуз десек болот. Кичинекей болобу же чоңбу, ачылган ар бир түр ой жүгүртүп, акылын колдонгон адамдарга Жаратуучунун кудуретин дагы бир жолу көрсөтөт.

Учурдагы Абал

kaplan

Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча изилдөөлөрдүн 21-кылымдын башындагы абалы кандай? Чоң каражат короткон изилдөөлөрдүн жана кеңири масштабдуу иш-аракеттердин натыйжасында жер жүзүндөгү организм түрлөрүнүн канчалык бөлүгү аныкталды?

Бул суроолордун жообу маанилүү. Анткени, биологиялык ар түрдүүлүктүн теңдешсиз бир жаралуу керемети экендигин дагы бир жолу көз алдыга тартуулайт.

Илимпоздордун ою боюнча, дагы жасала турган иштер көп. Профессор Уилсон айткандай, «жер жүзүндөгү биологиялык ар түрдүүлүктүн өтө кичинекей бөлүгү гана ачылды.»25 Башка бир изилдөөчү, Калифорния университетинен Джон Элрой болсо илимий булактардагы түрлөрдүн аттарынын болжол менен бештен биринин жараксыз чыгаарын айткан.26

Эң биринчиден айта кетчү нерсе, билебиз деп кабыл алынган 1,75 миллион түр дагы азырынча илимий критерийлердин негизинде тартипке салынып, классификациялана элек. Профессор Минелли айткандай, «биологиялык ар түрдүүлүктүн түшүндүрмө берилип, ат коюлган бөлүгүндө да олуттуу маселелер бар.»27 Башка бир изилдөөчү, Калифорния университетинен Джон Элрой болсо илимий булактардагы түрлөрдүн аттарынын болжол менен бештен биринин жараксыз чыгаарын айткан.28

Дүйнөлүк ресурстар институтундагы адистердин ою боюнча, жердеги түрлөрдүн санына караганда космостогу жылдыздардын саны жөнүндө жакшыраак түшүнүгүбүз бар.29 Оксфорд университетинен белгилүү эколог Норман Майерс да ушул сыяктуу бир салыштыруу жасаган: «биологиялык ар түрдүүлүк планетабыздын негизги өзгөчөлүгү болгону менен, дүйнөдөгү түрлөрдүн жалпы санына караганда ааламдагы атомдордун жалпы саны жөнүндө көбүрөөк нерсе билебиз.»30

Бул акыйкатка токтолгон дагы бир илимпоз болсо – Джеймс Кук университетинин «Тропикалык жамгыр токойлорунун экологиясы жана жөнгө салынышы» аттуу изилдөө борборунун жетекчиси Нигел Е. Сторк. Профессор Сторк биологиянын негизи болгон биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү маалыматтардын өтө жетишсиз экендигин мындайча белгилеген:

«Акыркы жылдары биологдор жер планетасындагы биз менен чогуу жашаган организмдер жөнүндө өтө аз нерсе билээрибизди кабыл алышты. Өзгөчө, жалпысынан канча түр бар экендигин аныктоо аракеттеринен майнап чыккан жок... Бул биологиянын негизги темалары жана организмдердин таралышы жөнүндө чындыгында канчалык аз нерсе билгендигибиздин далили. Түрлөрдүн канчалык кеңири тараганын айта албайбыз, түр фондунун чоңдугун билбейбиз, жана түрлөрдүн белгилүү бир жашоо шартына, топурак тибине, токой тибине, же кээ бир учурларда бир дарак түрүнө канчалык мүнөздүү экендигин билбейбиз.»31

Бул жерде айтылгандардан кыскача төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: ат коюлган түрлөрдүн көпчүлүгүнүн жер жүзүндөгү таралышы, тыгыздыгы, жашоо аймагынын ичиндеги орду жана генетикалык ар түрдүүлүгүнүн саны менен байланыштуу маалыматтар алигече толук эмес.32Мындан тышкары, жашап жаткан түрлөрдүн көпчүлүгү дагы эле тааныла элек. Канчалаган аракеттерге карабастан, организмдердеги укмуш көп түрдүүлүктүн өтө аз бөлүгү жөнүндө гана маалыматыбыз бар.

Алдыда далилдери менен апачык көрсөтүлгөндөй, жер жүзүндөгү түрлөрдүн укмуш көптүгү «жандыктар кокусунан пайда болгон» деген эволюция теориясын толугу менен четке кагып, бир гана акыйкатты толук далилдейт: жаралуу.

Жер бетиндеги бардык организмдер бир Жаратуучу тарабынан жаратылган. Жана ал Жаратуучу кудурет жана акыл ээси Аллах. Аллахтын бүт жандыктарды жаратышы Курандын аяттарында төмөнкүчө кабар берилет:

Асмандар менен жердин жаратылышы жана аларда ар бир жандыкты көбөйтүп-жайышы Анын (Аллахтын) далилдеринен... (Шура Сүрөсү, 29)

... Анын мүлктө шериги жок, бүт нерсени тартипке салып, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)

Экосистемалар Жана Биологиялык Ар Түрдүүлүк

kunduz

Canlı türleri hem birbirleriyle hem de bulundukları çevre ile mükemmel bir uyum içinde yaşamlarını sürdürmektedirler. Tek bir türün yok olması durumunda bile bütün ekosistem aksar ve denge bozulur.

Экосистема – белгилүү бир аймакта жашаган жандыктарды жана анын айлана-чөйрөсүн камтыган бир түшүнүк. Ичинде жашаган организмдери менен бирге бир көл, бир токой же бир маржан рифи экосистемага мисал боло алат. Мисалы, Сибирьдеги Байкал көлү 2500 өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүн камтыган бир экосистема.33 Ар бир экосистеманын өзүнө мүнөздүү организм түрлөрү болот; түрлөрдүн саны жана өзгөчөлүктөрү чөйрөгө жараша өзгөрөт. Мисалы, Түндүк Америкадагы токойлордо ондогон, Түштүк Америкадагы тропика токойлорунда болсо жүздөгөн дарак түрү кездешет

Бул жерде төмөнкү жагдайга көңүл буруу керек: тең салмактуу жана жашоого ыңгайлуу бир экосистема көптөгөн ар кандай организм түрлөрүн камтыйт. Көп сандагы түрлөр татаал бир системанын ичинде бири-биринен көз-каранды жашашат жана алардын ар бири экосистеманын тең салмактуу иштешинде аздыр-көптүр өз салымын кошушат

Ошондуктан кээде бир эле түрдүн жок болушу да бүт экосистеманын тең салмактуулугун бузушу мүмкүн. Мисалы, 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында аңчылыктан улам Американын түндүк-батыш жана Канаданын батыш жээктериндеги кундуздар дээрлик тукум курут боло тургандай деңгээлге жеткен. Кундуздар деңиз кирписи менен азыктанышчу; ошондуктан алар жоголгондо, деңиз кирпилери абдан бат көбөйүп, балыр катмарларын бузуп башташкан. Балырлардын зыянга учурашы ал жердеги көптөгөн балыктарга жана омурткасыз жандык түрлөрүнө терс таасирин тийгизип, алардын санынын азайышына себеп болгон. Кундуздар коргоого алынган соң, 20-кылымдын аягына жакын кайрадан балырлар көбөйүп, аймактагы тең салмактуулук кайрадан орноду.34

Буга окшогон дагы көптөгөн мисалдар байкалган. Бул мисалдар төмөнкү чындыкты жакшыраак түшүнүшүбүзгө жардам берет: организм түрлөрү бири-бири менен да, аларды курчап турган айлана-чөйрөлөрү менен да кемчиликсиз гармонияда жашашат.

Жер жүзүндөгү абдан көп сандагы организм түрлөрүнөн турган системанын татаалдыгын түшүндүрүүгө «укмуш комплекстүү» деген сөз да жетишсиз болуп калат. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкү акыйкатты ойлонуу зарыл: бардык илимпоздор бириксе жана адамзаттын бардык илимий-технологиялык жетишкендиктери менен материалдык мүмкүнчүлүктөрү бир жерге чогултулса, бул системанын кичинекей бир копиясын да жасаганга күчү жетпейт. Дүйнөгө таанымал биологиялык ар түрдүүлүк тармагынын адиси Эдвард Уилсон бул акыйкатты бир мисал аркылуу түшүндүргөн. Илимпоздордун толук кесип жок кылына турган бир тропика токойундагы түрлөрдү алдын-ала чогултуп, башка бир жерде кайрадан бириктирип койо албай тургандыгын төмөнкүчө сүрөттөгөн:

civcivler

Sizi sarsıntıya uğratır diye yerde sarsılmaz dağlar bıraktı, ırmaklar ve yollar da (kıldı). Umulur ki doğru yolu bulursunuz.
(Nahl Suresi, 15)

>«Миңдеген биолог бир миллиард долларлык бир бюджет менен да бул жумушту аткара албайт. Мунун кандай жол менен аткарылаарын элестете да алышпайт. Токойдун бир бөлүгүндө өтө көп түрлөр жашайт: мисалы, 300 канаттуу, 500 көпөлөк, 200 кумурска, 50 000 коңуз, 1000 дарак, 5000 козу карын, он миңдеген бактерия түрү жана негизги топтордон турган узун тизмеден дагы канчалаган түрлөр. Белгилүү бир жашоо аймагын, туруктуу микроклиматты, белгилүү азыктарды, жашоо айлампасынын (циклинин) этаптарын кыймылга келтире тургандай өзгөчө температура жана нымдуулук айлампаларын талап кылган ар бир түрдүн табиятта белгилүү бир орду бар. Түрлөрдүн көпчүлүгү башка түрлөр менен биргелешип жашашат; ал шериктери менен белгилүү бир конфигурацияда биргелешпесе, жашаганга жана көбөйгөнгө мүмкүнчүлүктөрү болбойт.

Биологдор Манхэттен долбоорунун (АКШ бийлиги тарабынан жүргүзүлгөн жана алгачкы атом бомбасынын өндүрүлүшү менен жыйынтыкталган изилдөө долбоору) таксономиялык эквивалентин тескерисинен ишке ашырып, бүт түрлөрдү классификациялап сактап калса дагы, ал коомду кайрадан бириктире алышпайт. Муну сынган жумуртканы мурдакы абалына алып келүү аракетине салыштырууга болот.»35

Профессор Уилсондун бул сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, бир экосистеманы адамдын акылы жана илими менен да жасаганга болбойт. Демек, бир экосистеманын, эволюционисттер айткандай, сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Бул жөнүндө Корнелл университетинен белгилүү ботаника профессору Карл Никлас мындай дейт:

«Фоссилдердеги (таш болуп сакталган организм калдыктарында), тирүү организмдердеги жана материктердеги биз көргөн экологиялык түзүлүштөрдүн кокустан пайда болгонуна ишенбейм.»36

Албетте, кемчиликсиз гармониялуу экосистемалар улуу бир Жаратуучунун бар экендигин жана бүт баарын Анын жараткандыгын далилдейт. Ошондой эле, жер жүзүндөгү биологиялык ар түрдүүлүктү жана кемчиликсиз тартипти «сокур, контрольсуз кокустуктардын натыйжасында пайда болгон» деген дарвинизмди толугу менен четке кагат.

Эми түрлөргө бай кээ бир экосистемаларды карап, биологиялык ар түрдүүлүктөгү жаралуу далилдерине тереңирээк токтололу.

«Биосфера 2» Долбоорунан Алына Турган Сабактар

zürafa

Эч талашсыз бир акыйкат бар. Жашообуз жер жүзүндөгү миллиондогон организм түрүнөн, кемчиликсиз тең салмактуулуктардан жана кемчиликсиз иштеген экосистемалардан көз-каранды. Ичкен суубуздун тазаланышы, дем алган абабыздын пайда болушу, айдоо аянттарыбыздын түшүмдүү топуракка айланышы, жеген азыктарыбыздын өндүрүлүшү, колдонгон буюмдарыбыздын чийки заттарынын алынышы жана ушуга окшогон сансыз иш-аракеттер организмдер тарабынан жасалат. Көп адамдар организмдер аркылуу келген жана бүт тарабын курчап турган бул сый-жакшылыктардын баркын көп биле бербейт; ал тургай, көбүнчө ойлонуп да койбойт. Бирок, негизи бул нерселер жөнүндө терең ой жүгүртүү зарыл. Төмөнкү бир эле суроо дагы ойлонуу жалкоолугунан жана көнүмүш көз-караштардан кутулууга жетиштүү болот: биз үчүн ушул кызматтардын баарын аткарган бул жандыктар жок болсо эмне болот? Жооп белгилүү: биз да жашай албайбыз. 21-кылымдын алдыңкы технологиясын жана бүт материалдык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонсок дагы, жер жүзүндөгү тең салмактуулуктарды жана жашообузга керектүү шарттарды камсыз кыла албайбыз. Бул акыйкатты дагы бир жолу тастыктаган акыркы илимий изилдөөлөрдүн бири «Биосфера 2» аттуу долбоор болду.

Бул долбоордо 13000 метр квадраттык бир жабык жерде сегиз кишиге, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга эки жыл жашоо аймагын камсыз кыла турган бир экосистеманы пайда кылуу максат кылынган.37 Бул системанын ичинде айдоо аянттары, токойлор жана деңиздер сыяктуу табигый экосистемалардын копиялары орун алган. Биосфера 2 долбоору жүргүзүлгөн аймак ушул кезге чейин экологиялык изилдөөлөрдө колдонулган жабык (бүт тарабы тосулган) изилдөө аймактарынын эң чоңу жана эң комплекстүүсү деп кабыл алынат. Бирок бул долбоор ийгиликке жеткен жок жана көптөгөн илимпоздордун үмүтү таш капты. Рокфеллер университетинен Джоэл Коэн жана Миннесота университетинен Дэвид Тилман «Science» журналындагы макаласында бул демилгенин натыйжасын төмөнкүчө баяндашкан:

«(Биосфера 2 долбоору) Өзгөчө долбоорунда жана курулушунда колдонулган укмуш чоң каражаттарга (1984-жылдан 1991-жылга чейин болжол менен 200 миллион АКШ доллары) жана миллиондогон долларлык күнүмдүк чыгымдарына карабастан, сегиз адамды жетиштүү азык, суу жана аба менен 2 жыл бою камсыз кыла турган жабык бир системаны түзүүгө болбой тургандыгын далилдеди. Биосфера 2нин башчылары, колдорунда Биосфера 2ге сырттан колдоо көрсөтө турган дээрлик чексиз энергия жана технология мүмкүнчүлүгү турганы менен, көптөгөн күтүүсүз көйгөйлөргө жана сюрприздерге туш болушту.»38

1991-жылдан 1993-жылга чейин созулган экспериментте Биосфера 2 объектинде чыккан жана жашоо мүмкүнчүлүгүн жок кылган кээ бир «күтүүсүз көйгөйлөр» төмөнкүлөр болгон: кычкылтектин деңгээлинин 14%га түшүшү, көмүр кычкыл газындагы күтүүсүз көтөрүлүүлөр, азот кычкылынын мээге зыян тийгизе тургандай деңгээлге жогорулашы, көптөгөн организм түрлөрүнүн (мисалы, 25 омурткалуу түрүнүн арасынан 19унун) жок болушу, өсүмдүктөрдү чаңдаштыруучу жандыктардын бардыгынын өлүп жок болушунан улам көпчүлүк өсүмдүк түрлөрүнүн тукум курут болоорунун анык болуп калышы, суулардын булганышы, балырлардын ашыкча өсүп кетиши, кумурска, таракан жана чегирткелердин ашыкча көбөйүшү...39

Кыскасы, канчалаган аракеттерге карабастан, Биосфера 2 жабык системасында жер жүзүндө миллиондогон жылдан бери эч кемчиликсиз иштеп келе жаткан тең салмактуулуктарды жана натыйжада адамдарга, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга ыңгайлуу бир жашоо чөйрөсүн түзүү мүмкүнчүлүгү болгон жок.

ceylan

Özgün tasarımı ve yapımında kullanılan muazzam kaynaklara rağmen, Biyosfer 2 kapalı sisteminde, yeryüzünde milyonlarca senedir mükemmel bir şekilde işleyen dengeleri meydana getirmek; dolayısıyla insanlar, bitkiler ve hayvanlar icin yaşanabilir bir ortam oluşturmak mümkün olmadı.

Жыйынтыгында, популяция профессору Джоэл Коэн менен экология профессору Дэвид Тилман бул долбоордон төмөнкүдөй сабак чыгаруу керек экендигин айтышкан:

«Эч ким, табигый экосистемалар адамдарга акысыз тартуулап жаткан, жашоону колдоо кызматтарын камсыз кыла турган системаларды кантип долбоорлоого боло турганын азырынча билбейт.»40

Тропикалык Токойлор

çekirge

Тропикалык токой же жамгыр токойу дегенде биринчи эле оюбузга көз жоосун алган көпөлөктөр, оригиналдуу көрүнүштөгү чымын-чиркей, курт-кумурскалар, түркүн түстүү канаттуулар, чоң жалбырактуу, бийик, жапжашыл дарактар келет. Тропикалык токойлор – экваторго жакын аймактарда жайгашкан, дайыма жашыл болгон, жыш, бийик дарактардан турган токойлор. Бул токойлордун эң негизги өзгөчөлүгү, анда жаныбар жана өсүмдүктөрдүн укмуш көп түрлөрү жашайт. Миллиондогон километр квадраттык бир тропикалык токойдун дээрлик бүт тарабын ар түркүн организм түрлөрү мекендешет.

250 жылдай мурда Түштүк Америкадагы тропикалык токойлорго биринчи жолу барган европалык изилдөөчүлөр мындай көп түрдүүлүккө абдан таң калышкан. Изилдөөлөрдүн баары мындагы өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнүн көптүгүн улам улам көз алдыга тартуулап келүүдө.

Тропикалык алкактагы токойлор түзүлүшү жагынан бири-биринен абдан айырмаланышат. Бир тропикалык токойдун кеңири аймактарында ар түркүн эңилчек жана козу карын түрлөрү жайгашкан болжол менен узундугу 50 метрге жеткен дарактар орун алган.

Бул дарактардын үстү жагында көптөгөн канаттуу, чымын-чиркей, курт-кумурска жана жаныбар түрлөрү жашашат. Алардын астында болсо пальма, кедр, кызыл дарак, инжир сыяктуу орто бойлуу ар кандай бактар өсөт. Алардын айланасы түркүн түстүү орхидеялар, кактустар, папоротниктер жана балырлар менен курчалган. Токойдун эң астыңкы кабаты болгон чөп кабатын болсо өтө тыгыз өсүмдүктөр каптап турат жана ал жерде ар түркүн чымын-чиркей, курт-кумурска, бактерия жана козу карын түрлөрү жашашат. Кыскасы, тропикалык токойдун эң негизги өзгөчөлүгү – бул, андагы организм түрлөрүнүн абдан көптүгү.

Кургактыктардын 7%ын гана түзгөн тропикалык токойлордо жер жүзүндөгү өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүнүн 50%ындан көбү жашайт. Ошондой эле, изилдөөчүлөр бул чоңдук биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү маалыматыбыз өскөн сайын өзгөрүшү мүмкүн дешүүдө. Бул жөнүндө Смитсон институтунан белгилүү изилдөөчү Томас Лавджой маанилүү бир тыянакка келген: «Тропикалык токойду көбүрөөк изилдөөчү ар кандай ыкмалар менен изилдеген сайын, көбүрөөк биологиялык ар түрдүүлүк бар экендиги аныкталууда.»41

Бул ар түрдүүлүктү элестете алышыңыз үчүн бир канча мисал келтирели: бир гектар (10000 метр квадрат) тропикалык токойдо 600дөн ашуун дарак түрү жашашы мүмкүн.42Амазонка бассейнинин бир аймагында бир күндүн ичинде 440 түр көпөлөк чогулушу ыктымал.43Бир даана дарактын үстүнөн 43 кумурска түрүн 44;, 650 чымын-чиркей, курт-кумурска түрүн көрүүгө болот.45 Ошондой эле, бул аймактагы бир километр квадраттык токойдо жүздөгөн түрдүү канаттууну жолуктурууга болот. Борнеодо 10 дарактан үлгү алынганда, 2800дөн ашуун муунак буттуу түрүн табууга болот.46Тропикалык токойлордо миллиондогон чымын-чиркей, курт-кумурска түрлөрү жашайт деп болжолдонууда.47

karınca

Yağmur ormanlarının tabanında yaşayan mikroskobik canlılar, minik böcekler, bakteriler, mantarlar, yaprak kesenler ve diğer karınca türleri ormanın temizlenmesinden ve toprağın verimli duruma getirilmesinden sorumludurlar.

Көңүл буруңуз. Бул сандар белгилүү бир токойдогу жандыктардын жалпы саны эмес; алардын түрлөрүнүн саны. Буга кошумча адамды таң калтырган дагы бир жагдай болсо – бул, тропикалык токойлордогу кээ бир адистердин ою боюнча миллиондогон, кээ бирлеринин ою боюнча он миллиондогон организм түрүнүн кемчиликсиз гармонияда жана кызматташтыкта жашашы.

Көбүнчө тропикалык токойлордо топурак бай жана түшүмдүү деп элестетилет. Бирок жакында эле бул түшүнүктүн туура эмес экендиги аныкталды. Бул токойлордун топурагы башка токойлорго салыштырмалуу азык жагынан жакыр.48Анда кантип жакыр топурактан өтө бай өсүмдүк түрлөрү чыгат деген суроого келсек, мунун жообу тропикалык токойдун экосистемасынын кемчиликсиздигинде жашырылган.

Тропикалык токойлордогу организм түрлөрү бир бүтүн абалда, өтө кылдат тең салмактуулуктарга таянып жаратылган. Мисалы, тропикалык токойдун астында жашаган микроскопиялык жандыктарды, майда чымын-чиркей, курт-кумурскаларды жана козу карындарды карайлы. Булардын көлөмү чоң дарактарга жана башка жаныбарларга салыштырмалуу абдан кичинекей болгону менен, өтө маанилүү кызматтарды аткарышат: токойдун тазалыгын жана топурактын түшүмдүүлүгүнүн жогорулашын камсыз кылышат. Дарактардан түшкөн жалбырак, бутактарды жана өлгөн жаныбарларды пайдаланып, кайрадан экосистемага кайтарышат. Ошентип эч нерсе ысырап болбойт. Профессор Эдвард Уилсон бул механизмдин маанилүүлүгү жөнүндө мындай дейт: «Жалбырак-кескичтер жана башка кумурска түрлөрү, бактериялар, козу карындар, термиттер жана кенелер менен бирге өлгөн өсүмдүктөрдүн көпчүлүк бөлүгүн кайра иштетишет жана азык заттарды өсүмдүктөргө кайрадан кайтарып, чоң тропика токойлорун аман алып калышат.»49

Тропикалык токойлордо канча миллион организм түрү жашап жаткандыгын дагы эле билбейбиз. Бирок муну эң жакшы билебиз: бул экосистемалардагы ар бир түрдүн өзүнүн милдети жана орду бар жана миллиондогон түр кемчиликсиз гармонияда жашашат. Бул акыйкат «Bilim ve Teknik» журналында Амазонкадагы тропикалык токойлор жөнүндөгү бир макалада төмөнкүчө баяндалган:

papağanlar

Bir yağmur ormanının en karakteristik özelliği insanı şaşkına çeviren canlı çeşitiliğidir. Bir hektar (10.000 metrekare) tropikal orman 600 binden fazla ağaç türü barındırabilir. Amazon Havzası'nın bir bölgesinde, bir gün içinde, 440 tür kelebek toplanabilir. Tek bir ağacın üzerinde 43 ayrı karınca türü, 650 farklı böcek türü görülebilir.

«Амазонка бассейниндеги бул татаал экосистемада түрлөрдүн үзгүлтүксүздүгү бири-биринин жашоосу менен өтө тыгыз байланышта. Өсүмдүк же жаныбар болсун, ар бир түр бул миллион бөлүктөн турган системанын кичинекей бир бөлүгүнө өз салымын кошот. Дарактардын, дарактардагы эпифиттердин (топуракта тамырлаганга муктаж эмес өсүмдүктөр) жана козу карындардын, маймылдардын, вампир жарганаттардын, бүркүттөрдүн, тоту куштардын, дарыядагы кескелдириктердин, пираньялардын жана лилиялардын, көзгө көрүнбөгөн микроорганизмдердин, бүт баарынын өзүнүн экосистемасына ар кандай салымдары бар. Мында өтө кылдат тең салмактуулуктар орун алган. Тропикалык токой бүт ушул түрлөр менен бирге жашайт. Бир эле түрдүн жок болушу да көптөгөн тең салмактуулуктарды бузат.»50

Токойдогу кээ бир түрлөрдүн арасында укмуш бир шайкештик болгондуктан, бири болмоюнча экинчиси жашай албайт. Тропикалык токойдогу дарактардын 90%ы уруктарын жайуу үчүн жаныбарларга муктаж болушат.51Экинчи жагынан, курт-кумурска личинкалары, курттар, канаттуулар жана башка жаныбарлар да бул дарактардын уруктары менен азыктанышат. Мисалы, инжир дарагынын түрлөрү менен инжир чымынынын түрлөрү бири-биринен ушунчалык көз-каранды болгондуктан, өз-өзүнчө жашай алышпайт. Инжир чымындары болбосо инжир дарактары чаңдаша албайт, инжир дарактары болбосо инжир чымындары табигый жашоо аймактарынан ажырайт. Тропикалык аймактардагы 900дөн ашуун инжир түрүнүн ар бири үчүн өзүнчө бир инжир чымынынын түрү бар.52

Бул жерде маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек: инжир чымынынын денесинин жана оозунун түзүлүшү менен гүлдүн түзүлүшү жана көбөйүү органдары, чымындын учуу программасы менен инжирдин гүлдөө убактысы сыяктуу жагдайлар бири-бирине толук шайкеш келет. Түрлөрдүн арасындагы мындай шайкештикти түшүндүрүү дарвинизм үчүн ар дайым чоң бир көйгөй бойдон калууда. Мунун бир гана түшүндүрмөсү бар: өсүмдүктөр менен жаныбарлардын арасындагы шайкештик – Жаратуучунун улуу кереметтеринин бири. Бул системанын акырындап, кичинекей өзгөрүүлөр аркылуу, эволюциянын аң-сезимсиз механизмдеринин натыйжасында келип чыгуу ыктымалдыгы жок. Мисалы, «Xanthopan morganii» аттуу бир көпөлөк түрү менен бир Мадагаскар орхидеясынын ортосундагы шайкеш «достукту» карап көрөлү. Бул көпөлөк шире чогултуп жатканда, узундугу 30-35 см болгон түтүкчөсүн орхидеянын болжол менен 30 см тереңиндеги гүлүнүн ичин көздөй созуп, аны чаңдаштырат.53 ÇГүлдүн тереңинде жайгашкан энелик клетка уруктанышы үчүн, бул орхидея ушундай узун түтүкчөсү бар бир жандыкка муктаж. Башкача айтканда, эки түр тең бири-бирине шайкеш келиши керек. Эволюционисттер муну эч качан түшүндүрө алышпайт. Анткени, өз-өзүнчө эки түрдүн бири-бирине параллелдүү «эволюция процессинен» өтүшү, болгондо да, мунун бир убакта ишке ашышы эч мүмкүн эмес.

Муну мындайча түшүндүрөлү: Мадагаскар орхидеясынын жана сөз болуп жаткан «Xanthopan morganii» аттуу көпөлөктүн «ата-бабаларынын» бою жана түтүкчөсү азыркыдан бир топ кыска болгон деп элестетели. (Эволюция теориясы боюнча, ушундай гипотезадан башташыбыз керек.) Анан ошол кезде эки түр тең бирдей узарып башташы зарыл. Ал үчүн көпөлөк менен орхидея бир учурда түтүкчөлөрүн жана каналдарын узарта турган мутацияларга туш болуп, ал мутациялар бул организмдерде (эч болуп көрбөгөндөй) бир гана пайдалуу өзгөрүүлөргө себеп болушу; мутацияга кабылган индивиддер бир жерде, жанаша жашашы; бири-бири менен байланыш курушу; башка мутацияга туш болбогон индивиддерге караганда артыкчылыктуу болуп, жакшыраак көбөйүшү жана мындай «мутация-селекция (тандалуу)» процесси миллиондогон жыл бою, ар дайым туш келди «катасыз» уланышы керек.

ayet

Tropikal ormanlar fotosentez sırasında atmosferden karbondioksit alıp oksijen vermeleri nedeniyle dünyanın akciğerleri olarak adlandırılırlar.

Буга ишенүү «бир кулпу менен аны ача турган ачкыч өз-өзүнчө, бири-бирине туура келе тургандай формада «кокусунан» пайда болуп калышкан» деген сөзгө ишенүү сыяктуу. Демек, акылыбызга таянсак, бул эки түзүлүштүн Жаратуучу тарабынан жаратылганын кабыл алышыбыз керек. Башкача айтканда, орхидея менен көпөлөк атайын, бири-бирине шайкеш кылып жаратылган.

Тропикалык токойдо жашаган жандыктардын ортосундагы кемчиликсиз шайкештиктин дагы бир мисалын Амазонканын «суу баскан токойлор» деп аталган аймактарынан көрүүгө болот. Суу баскан токойлор Амазонка дарыясынын жана анын куймаларынын жээктеринде жайгашкан жана жылдын көп жаан-чачындуу мезгилдеринде суунун астында калышат. Мына ошол кезде кереметтүү бир окуя болот. Сууга түшкөн мөмөлөрдү жеш үчүн келген балыктар мөмөлөрдөгү уруктарды таратышат. Ошентип кээ бир дарак түрлөрүн чаңдаштырышат.

Мындай суроо туулушу мүмкүн: «тропикалык токойлордогу жандыктар ал жерде жашаган жергиликтүүлөр үчүн албетте маанилүү, бирок бул аймактарда жашабаган миллиарддаган адамга мунун кандай мааниси бар?» Бул суроого илимпоздор жооп беришкен: бул токойлордогу өсүмдүк жана жаныбарлардын жер жүзүндөгү ар бир адам үчүн мааниси чоң. Тропикалык токойлор атмосферадагы көмүртек менен кычкылтектин айланышында, глобалдуу климат системасында, жер жүзүндөгү суунун айланышында жана дагы көптөгөн тең салмактуулуктарда маанилүү роль ойношот. Ошондой эле, жаңы азыктардын, продукциялардын жана дары-дармектердин эбегейсиз чоң булагы болуп саналат. Фотосинтез учурунда атмосферадан көмүр кычкыл газын алып, кычкылтек бөлүп чыгарганы үчүн «дүйнөнүн өпкөлөрү» деп аталышат.

Тропикалык токойлордогу организм түрлөрүнүн эбегейсиз көптүгү дарвинизм үчүн өтө чоң көйгөй болуп саналат. Анткени бул түрлөр эволюционисттерге жомок ойлоп тапканга да мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан эволюционист изилдөөчүлөр тропикалык токойлордогу көп түрдүүлүктүн себебин билбей турганын моюнга алышууда.54Бирок акыйкат апачык көрүнүп турат: бүт организмдер сыяктуу эле, бул токойлордогу бир клеткалууларды да, өсүмдүк жана жаныбар түрлөрүн да Аллах жараткан. Эволюционисттер эгер туюктан кутулууну каалашса, бул акыйкатты кабыл алуулары зарыл.

Эволюция көз-карашынын канчалык акылдан алыс экенин көрсөтүү үчүн бир мисал берели: ондогон ар түрдүү продукциялар өндүрүлгөн бир чоң заводду элестетиңиз. Ал заводдо телевизор, компьютер сыяктуу көптөгөн технологиялык каражаттар өндүрүлөт дейли. Бул заводду жана андагы продукцияларды эске алуу менен өзүңүзгө өзүңүз төмөнкү суроолорду узатыңыз: булар эч бир аң-сезимдүү кийлигишүү болбостон, ар түрдүү элементтердин туш келди биригишинен өзүнөн-өзү пайда болуп калышы мүмкүнбү? Бул жогорку технологиялуу каражаттар убакыттын өтүшү менен күндүн, шамалдын, чагылгандын жана ушул сыяктуу табигый кубулуштардын таасири аркылуу кокусунан пайда боло алабы?

Албетте, пайда болбойт. Заводдун дагы, анда өндүрүлгөн продукциялардын дагы инженерлер, башкаруучулар жана көптөгөн адистер тарабынан долбоорлонуп жасалганын ар бир адам билет. Эми болсо ар бири учурдагы эң татаал электрондук каражаттан да алда канча татаал системалардан турган он миллиондогон организм түрү жашаган тропикалык токойлорду элестетиңиз. Миллиондогон жылдан бери кемчиликсиз гармония жана кызматташтыкта жашап келген сансыз организмдерден турган бул токойлор, эволюция теориясы ойлогондой, кокусунан өзүнөн-өзү, албетте, пайда болбойт. Мындагы улуу Акыл толугу менен ааламдардын Рабби Аллахка тиешелүү.

Маржан (Коралл) Рифтери

Маржан рифтери өлгөн маржандардын, балырлардын жана кабыкчалуу моллюскалардын ташка айланган формаларынын убакыттын өтүшү менен үстү-үстүнө кабатталышынан пайда болот. Тропикалык аймактарда жайгашып, кээде өтө чоң аянтты ээлейт. Түсү жана формасы жагынан эле эмес, анда жашаган организм түрлөрү жагынан да абдан бай. Ошондуктан тропикалык токойлорго да салыштырууга болот. Маржан рифтеринде көзгө көрүнбөгөн планктондордон узундугу 6 метрге жеткен акулаларга чейин ар кандай деңиз жандыктары жашашат.

mercanlar

Marylan Üniversitesi Zooloji profesörü Marjorie Reaka Kudla'ya göre dünyadaki mercan resiflerine halen tanımlanmış toplam tür sayısı 93.000, tahmini sayı ise en azından 950.000'dir. Bu canlıların her birini mükemmel sistemlerle birlikte yaratan Yüce Allah'tır.

Маржан рифтеринде бири-бирине такыр окшобогон он миңдеген организм түрү жашайт: темгилдүү, ала-була, жалтырак түс жана кооз саймалар менен кооздолгон балыктар, топ-топ болуп сүзүп жүргөн балыктар, түркүн түстүү маржандар, ар кандай көрүнүштөгү майда деңиз жандыктары, көз жоосун алган деңиз өсүмдүктөрү, бир гана маржан рифтеринде жашаган губкалар, мидиялар, моллюскалар, деңиз каштандары, крабдар, деңиз жылдызчалары, микроскопиялык жандыктар, омурткасыздар...

Мисалы, Австралиядагы «Чоң тосмо рифтин» (Great Barrier Reef) узундугу 2000 километрди түзөт жана тирүү организмдерден турган дүйнөнүн эң чоң түзүлүшү болуп саналат. Анда 2000дей балык, 400 маржан, 4000 моллюска түрү жашайт.55 Тагыраагы, булар ушул күнгө чейин аныкталган түрлөрдүн саны жана жыл сайын жаңы жаныбарлардын жана бир клеткалуу жандыктардын түрлөрү аныкталууда.

Мэриленд университетинин Зоология профессору Марджори Река-Кудланын айтуусу боюнча, дүйнөдөгү маржан рифтеринде ушул күнгө чейин аныкталган түрлөрдүн жалпы саны 93000, ал эми жалпысынан болжол менен жок дегенде 950000 түр бар.56

Маржан аскаларында (рифтери) да, кургактыктагы сыяктуу, бири-бирин толуктап, бири-биринин муктаждыктарын канааттандыра тургандай кылып жаратылган организмдер толтура. Мисалы, маржандар (кораллдар) кыртыштарынын ичиндеги бир клеткалуу балырлар (zooxanthellae) жана сырткы бетиндеги жашыл балырлар менен биргелешип өмүр сүрүшөт. Маржандар балырлардын фотосинтез аркылуу иштеп чыккан азыгынын бир бөлүгүн алышат. Балырлар болсо, маржандардан өздөрүнө керектүү азык заттарын алышат. Ошондой эле, маржан балыр үчүн коопсуз бир жашоо чөйрөсүн түзүп берет.

balıklar

Маржан рифтери көбүнчө азык заттарга жарды деп классификацияланган сууларда жайгашкан.57Ушундай сууларда кантип рифтер пайда болгон деген суроо көптөн бери кызыгуу жаратып келген.58 Акыркы изилдөөлөр боюнча, рифтердеги көп түрдүүлүктүн бир себеби – ал жандыктардын укмуш бир өндүрүмдүүлүк жана кызматташтык менен иштеши. 2001-жылдын 18-октябрында «Nature» журналында чыккан бир макала маржан рифтеринин оюктарында жашаган ар түркүн губка, мидия, сөөлжан түрлөрүнүн канчалык маанилүү экенин көрсөткөн. Көпчүлүгү кичинекей болгон бул организмдер өсүмдүк планктондорду чыпкадан (фильтрден) өткөрүп, маржандарга керектүү аммиак жана фосфат сыяктуу заттарды бөлүп чыгарышат.59 Кыскасы, рифтердин оюктарында жашаган миңдеген кичинекей организм түрлөрүнөн турган бул система теңдешсиз бир фильтр станциясы сыяктуу кызмат кылат.

Бул экосистемадагы микроорганизмдерден, өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан алган кээ бир пайдаларыбыз болсо төмөнкүдөй: маржандар (кораллдар) деңизден алган кальцийди кальций карбонатына айландырып бөлүп чыгарышат. Теңдешсиз бир химия лабораториясындай иштеп, океандарда жана атмосферада көмүр кычкыл газынын тең салмактуулугунун сакталышында маанилүү рольду аткарышат. Маржан рифтериндеги балык, мидия жана дагы көптөгөн жандыктар жүз миллиондогон адамдын азык булагы. Рифтер көбүнчө суунун бетине жакын жерлерде пайда болгондуктан, жээктерди чоң толкундардын бузуучу таасиринен коргошот. Ошентип эрозиянын алдын алып, бороондордун зыянын азайтышат. Маржан зоокалары себептүү жээк менен рифтин ортосу океанга салыштырмалуу тынчыраак болот. Ошондуктан чоңоюп жаткан балыктар менен кабыкчалуу деңиз жандыктары үчүн ыңгайлуураак шарт түзүлөт.

Мындан тышкары, маржан рифтериндеги түрлөрдүн көптүгүнөн келип чыккан сансыз генетикалык материалдар медициналык изилдөөлөрдө, жаңы дары-дармектерди иштеп чыгууда колдонулууда. «National Geographic» журналына макалаларын жарыялаган авторлордун бири, биолог Дуглас Чадвик рифтердеги организмдерден алган пайдаларыбыздын бир бөлүгүн төмөнкүчө сүрөттөгөн:

papağan balığı

Papağan balıkları geceleri jelatinimsi bir madde ile tüm vücutlarını kaplayarak kendilerini kamufle ederler.

«Медициналык изилдөөлөр маржан рифтеринде жашаган жаңы организмдерди аныктаган сайын, ал жердеги организмдер менен адамдардын ортосундагы байланыштар өсөт. Кээ бирлеринен бүгүнкү күндө сезгенүүлөргө, астмага, жүрөк ооруларына, лейкемияга, шишиктерге, бактериалдык инфекцияларга, козу карынга жана КИТВ (ВИЧ) да кошо бир катар вирустарга каршы активдүү кошулмалар алынды. Изилдөөлөр суу үлүлдөрү жана кээ бир губкалар тарабынан балыктарды качыруу үчүн колдонулган химиялык заттарды кургактыкта чымын-чиркей, курт-кумурскаларды жок кылуучу каражат катары колдонууга болоорун аныктаган. Тропикалык үлүлдүн уусунун фармакологиялык өзгөчөлүктөрүнүн изилдениши морфиумдун ордуна колдонууга боло турган, көз-карандылык пайда кылбай турган бир каражатты аныктады. Маржандардын скелеттери сөөк имплантацияларында жардамчы материал катары колдонуу максатында изилденип жатса, маржандарда жашаган чыбырткычан (камчылуу) жандыктар потенциалдуу бир ооруну басуучу каражатты беришүүдө.»60

Маржан рифтеринде жашаган жандыктардын ар бири кереметтүү система жана өзгөчөлүктөр менен жабдылган. Мисалы, кээ бир балык жана жаныбарлардын түс рецепторлору адамдарга караганда көбүрөөк болот, ошондуктан түстөрдү адамдардан жакшыраак көрүшөт.61Рифтеги балыктардын көпчүлүгү түстөрүн белгилүү өлчөмдө өзгөртө алышат; кээ бир түрлөр муну хамелеондордой бат жасай алышат.62 BЧоң көздүү окуньдар, тыйын балыктар (рыба-белка) сыяктуу кээ бир түрлөрдүн көздөрү абдан сезгич болгондуктан, күндүн нуру жетпеген тереңдиктерде жана караңгы түндө аңчылык кыла алышат. Кирпи балыктар (рыба-еж) ашказандарын шардай үйлөп, тикендерин тикчийтүү аркылуу өздөрүн коргошот.63Тоту куш балыктар (рыба-попугай) түнкүсүн желатин сымал бир зат менен бүт денелерин ороп, өздөрүн жашырышат; күчтүү тумшук сымал ооздору менен маржандарды үзүп, алардын беттериндеги балырлар менен азыктанышат.64 Таштандычы балыктар жана тазалагыч креветкалар балыктардын үстүндөгү мителер менен азыктанышат. Албетте, бул жерде айтылгандар рифтерде жашаган организмдердин татаал системаларынын жана кемчиликсиз өзгөчөлүктөрүнүн бир канчасы гана.

Рифтердеги кээ бир балык түрлөрүнүн түстөрү жашаган чөйрөсүнө окшош болгондуктан өздөрүн эң мыкты жашыра алышат. Ал эми периште балыктар жана көпөлөк балыктар сыяктуу кээ бир түрлөр болсо абдан ачык түстө болушат. Деңиздин астында алыстан эле байкалып калгандыктан, жырткыч балыктар тарабынан оңой эле кармалып, кыска убакытта тукум курут болчудай көрүнөт. Бирок, бул балыктар өзгөчө коргонуу ыкмалары аркылуу өмүр сүрүп келишүүдө. Бул жерде көңүл буруу керек болгон жагдай мындай: эволюционисттер дарвинизмдин божомолдоруна толугу менен карама-каршы келген бул абалды эч түшүндүрө алышпайт. Деңиз биологу Джастин Маршалл – бул жагдайга токтолгон эволюционист изилдөөчүлөрдүн бири. Квинсленд университетинен доктор Маршалл «Scientific American» журналындагы «Риф балыктары эмне үчүн мынчалык түстүү?» аттуу макаласында мунун «табышмактардын бири» экендигин айткан; ошондой эле, анын сырын чечүүнү көздөгөн аракеттерди «жакшы, бирок көңүл калтырарлык» деп сүрөттөгөн.65

kirpi balığı

Kirpi balıkları midelerini balon gibi şişirip, dikenlerini dikleştirerek kendilerini savunurlar.

Чындыгында болсо, бул табышмак дагы, көңүл калтырарлык бир абал дагы эмес. Болгону тарых кайталанууда. Дарвиндин «Азыр болсо табияттагы кээ бир айкын түзүлүштөр мени абдан тынчсыздандырууда. Мисалы, бир павлиндин мамыктарын көрүү мени дээрлик ооруга чалдыктырууда»66 деп айткан кыйынчылыктарына анын жолдоочулары да туш болушууда. Кыскасы, рифтердеги организмдердин көп түрдүүлүгү, теңдешсиз өзгөчөлүктөрү бар жаныбарлар жана түрлөрдүн арасындагы кемчиликсиз гармония дарвинисттер үчүн коркунучтуу түштөй эле көрүнөт. Мындан кутулуунун жолу болсо – түстөрү жана көрүнүштөрү менен таң калтырган риф балыктарынын Аллах тарабынан жаратылганын кабыл алуу.

Өзгөчө аквариумга кызыккандар тропикалык деңиз балыктарын жана маржандарды (коралл) аквариумда багуунун канчалык оор экенин эң жакшы билишет. Анткени, бул жандыктардын рифтердеги табигый шарттарын аквариумда үзгүлтүксүз түзүп берүү кыйын. Ал үчүн аквариумдун туздуулук, жылуулук, pH, жарык жана кычкылтек деңгээли жана, ошондой эле, суунун химиялык курамы белгилүү аралыкта сакталышы керек. Аквариумдагы маржан жана балыктарга чөйрөдөгү кичинекей өзгөрүүлөр да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Идеалдуу шарттар технологиялык аппараттар тарабынан өтө так жана үзгүлтүксүз камсыз кылынмайынча, бул жандыктар жашай алышпайт.

Эми бир канча балык жана маржан түрүнөн турган бир аквариумду иштетүүнүн оордугун эске алуу менен ойлонуп көрүңүз. Маржан рифтериндеги он миңдеген түрлөр өзүнөн-өзү же кокусунан пайда болушу мүмкүнбү? Маржан аскаларынын оюктарында байырлаган балыктардын көз жоосун алган түстөрү, таң калыштуу аңчылык кылуу жана коргонуу системалары, өзгөчө дене түзүлүштөрү, сезүү органдары, системалары, генетикалык маалыматтары кокусунан пайда болушу мүмкүнбү? Рифтердеги өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, планктондордун жана микроорганизмдердин миллиондогон жылдан бери сакталып келген гармониялуу жашоо чөйрөсү улуу бир акылдын кийлигишүүсү болбостон, өзүнөн-өзү эле уланып келиши мүмкүнбү?

Албетте, мүмкүн эмес. Бул суроолорго «болушу мүмкүн» деп жооп берүүнүн акылга сыйбастыгы ойлоно алган ар бир адам үчүн апачык көрүнүп турат. Таң калыштуу өзгөчөлүктөрү бар риф жандыктары теңдешсиз жаратуу далилдеринен, жана Жараткан Аллахтын чексиз чеберчилигин жана чексиз илимин көз алдыга тартуулайт.

Океандын Тереңинде Жашаган Жандыктар

denizanası

Yapılan araştırmalar sonucunda daha önce yaşamın olmadığı sanılan okyanusların birkaç bin metre tabanında şaşırtıcı bir tür zenginliğinin var olduğu ortaya çıkmıştır.

Жээкте басып баратканда же деңизде сүзүп жатканыңызда көзүңүзгө балырлар жана ар кандай деңиз өсүмдүктөрү урунган болушу керек. Алар жана кээ бир микроскопиялык планктондор фотосинтез аркылуу азык иштеп чыгышат. Ошентип деңиздердеги азык чынжырынын (азык тизмегинин) алгачкы этабын пайда кылышат. Бирок эң терең жери 11000 метр, орточо тереңдиги болсо 5000 метр болгон океандарда 100 метрдин тереңине күндүн нуру жетпейт. Ошондуктан ал жерлерде фотосинтез кылганга мүмкүнчүлүк жок. Жогорку басым, 2-4°C тегерегиндеги төмөн температура жана үзгүлтүксүз караңгылык орун алган. Таңсык (дефицит) азык булактары үстүңкү катмарлардан түшкөн калдыктардан жана органикалык заттардан турат. Кыскасы, ал жер адамзат көнгөн чөйрөдөн кескин айырмаланат. Ушундай оор шарттарга карабастан, океандардын тереңинде ар түркүн балыктар, бири-бирине такыр окшобогон омурткасыз жаныбарлар жана микроорганизмдер жашашат.

Океандарда температура, басым, азык заттардын көлөмү жана жарыктын деңгээли тереңдикке жараша өзгөрөт. Суунун бетинен океандын түбүн көздөй ылдыйлаган сайын шарттар өзгөрө берет. Бирок, ар кайсы тереңдикте ал жердин шарттарына ылайыктуу түзүлүш жана системалары бар организмдер жашашат: океандардын тереңдигине ыңгайлуу балыктар, мидиялар, суу лилиялары, губкалар, рак сыяктуулар, креветкалар, крабдар, моллюскалар, осьминогдор, кальмарлар, ийне терилүүлөр, сөөлжандар, деңиз жылдызчалары, деңиз каштандары, медузалар, омарлар, бир клеткалуулар, ысымдары тереңдетилген биология китептеринде гана кездешкен организмдер, табият жөнүндөгү даректүү тасмалардан гана көрүүгө мүмкүн болгон жаныбарлар...

Америкалык белгилүү деңиз экологдору Фредерик Грассл жана Нэнси Масиолек айткандай, океандарда 10 миллион түр болушу мүмкүн.67Бул жерде өзгөчө көңүл бурган, таң калыштуу бир жагдай катары адамдар мурда жашоо жок деп ойлогон бир жерден, б.а. океандардын бир канча миң метр тереңинен көптөгөн түрлөрдүн аныкталышын айта кетүү керек. Рутгерс университетинин Деңиздерди жана жээктерди изилдөө институтунун директору Фредерик Грассл изилдөөлөрүнө таянып, төмөнкүдөй ойун айткан:

«Биз чогулткан үлгүлөр көрсөткөндөй, океандын түбү чындыгында жашап жаткан түрлөрдүн саны жагынан тропикалык токойлор менен жарыша алат. Океандын түбү шарттары жагынан чөлдү эске салат, бирок түрлөрдүн көптүгү жагынан көбүрөөк тропикалык токойго окшошот.»68

Бир изилдөөдө 2100 метр тереңдиктеги океандын түбүнөн алынган ар бир 30х30 сантиметрдик үлгүдөн 55-135 организм түрү табылган.69Түштүк Австралиянын жакынындагы башка бир үлгүдө болсо 10 метр квадраттык деңиздин түбүндө 800дөн ашуун түр бар экендиги аныкталган.70

Мындан тышкары, алигече океандардын абдан чоң бөлүгүнө эч бир илимий изилдөө жүргүзүлө элек. Туския университетинен Франческо Канганелла жана Япониядагы Деңиз илими жана технологиясы борборунан Киаки Като айткандай, «Изилдөөчүлөрдүн аракеттерине жана илимий ыкмалардагы өнүгүүлөргө карабастан, океандардын кичинекей бир бөлүгүн гана оңой изилдегенге болот, жана мындан улам океан дүйнөсүнүн көп бөлүгү азырынча белгисиз.»71 Ошондуктан ар бир жаңы изилдөө буга чейин билинбеген, белгисиз түрлөрдү аныктайт.

21-кылымдын башында төмөнкүдөй биологиялык кубулуш аныкталды: океандын түбүндөгү ылайда жашаган кээ бир бактерия жана архебактериялар метан газы менен азыктанышат. Ошентип биз үчүн абдан маанилүү бир функцияны аткарышат. Бул микроорганизмдер жыл сайын орточо 300 миллион тоннадай метан керектешет деп болжолдонууда. Адистердин ою боюнча, «бул адамдардын айыл-чарба иштери, таштандыларды көмүү же отун, күйүүчү майларды колдонуу аркылуу атмосферага чыгарган метандын көлөмүнө барабар.»72Ошондуктан «Science» журналынын 2001-жылдын 20-июлундагы санында айтылгандай, «Бир кездерде жок деп элестетилген бул метан жеген микробдордун эми болсо планетадагы көмүртектин айлануусу жагынан абдан маанилүү экендиги аныкталды.»73

Бул жерде дагы бир маанилүү кубулуш – бул, бактериялардын арасындагы кемчиликсиз кызматташтык жана тартип. Ушул кылымдын технологиясы менен гана аныктала алган бул кызматташтык кыскача төмөнкүдөй: бактериялар (алардан түзүлүшү жагынан кээ бир айырмачылыктары бар) архебактериялардын кычкылтексиз жерде метан менен азыктанышына шарт түзүшөт; архебактериялар болсо бактерияларды көмүртек менен камсыз кылышат.

Океандардын миңдеген метр тереңинде, кычкылтексиз ылай катмарында жашаган бул көзгө көрүнбөгөн жандыктар эч тынымсыз адамдарга кызмат кылышат. Бул бир клеткалуу организмдер жок болсо, эмне болмок деп ойлонгондо булардын биз үчүн канчалык маанилүү экендигин апачык көрө алабыз: бул микроорганизмдер болбосо, океандардын түбүндөгү эбегейсиз чоң өлчөмдөгү метан газы атмосферага аралашып, парник эффектинен улам глобалдык масштабда температура жогорулап, дүйнөнүн бүт тарабындагы климат тең салмактуулуктары бузулат жана дүйнө биз жашай албай тургандай ысык бир планетага айланат.

2001-жылы океандардын астындагы жер кыртышынын ичинде кээ бир бактерия түрлөрүнүн жашай тургандыгы аныкталган.74 Бул микроорганизмдердин табигый жашоо чөйрөсү океандын миңдеген метр тереңдиктеги түбүнүн дагы 300 метрдей тереңи. Жашоо чөйрөсүнөн тышкары, бул организмдердин иш-аракеттери да адамды таң калтырат. Бул бактериялардын азык булагы – таштар. Таштарды жеп азыктануу аркылуу бүт организмдерге дагы бир өтө маанилүү кызмат көрсөтүшөт: океандарда элементтердин жана химиялык заттардын айлануусуна маанилүү салым кошушат.75 Көңүл буруңуз, жер жүзүндөгү жашоо үчүн өтө маанилүү болгон бул процессти жасагандар, бүт лабораториялар жана бардык илимпоздор бириксе да колунан келбей турган бул ишти ишке ашыргандар – бул, бир клеткалуу организмдер.

yumuşakça

Okyanusun derinliklerinde, yüksek basınç, düşük sıcaklık ve kıt besin kaynakları gibi zor koşullar olmasına rağmen çeşitli hayvanlar, birbirinden farklı renklere sahip yumuşakcalar ve mikroorganizmalar yaşarlar.

Океандын түбүндөгү дагы бир экосистема – бул, жылуу булактар.76 Алар – жер кыртышындагы жаракалардан ичинде ар түрдүү минералдары бар, жылуу суулар чыккан жерлер. 20-кылымдын аягында ачылган бул булактардын айланасынан бүгүнкү күнгө чейин 300дөн ашуун организм түрү аныкталды.77 Кээ бирлери жалтырак кызыл түстүү мамыктары (түкчөлөрү) бар, узундугу бир канча метрге жеткен чоң түтүктүү сөөлжандар, ири устрицалар, мидиялар, осьминогдор жана ар кандай көрүнүштөгү омурткасыздар чогуу жашаган бул чөйрө изилдөөчүлөрдү абдан кызыктырган. Бул организмдер кантип азыктанышат деген суроонун жообу изилденип жатканда, андан да таң калыштуу чындыктар аныкталган.

Жылуу булактын айланасындагы экосистемада жашаган түтүктүү сөөлжан биз билген сөөлжандарга такыр окшобогон, башка бир түр; оозу жана тамак сиңирүү системасы жок. Кыртыштарынын ичинде жашаган бактериялар аркылуу азык муктаждыгын камсыздайт. Түтүктүү сөөлжандын ар бир 28 граммдык кыртышында 285 миллиард бактерия жашайт.78 Ал бактериялар хемосинтез жасашат, б.а. жылуу булактан чыккан химиялык заттарды азыкка айландырышат. Түтүктүү сөөлжан ошол азык менен жашайт. Океандын тереңинде бактериялар азык чынжырынын (тизмегинин) биринчи шакегин (баскычын) түзүшөт. Кээ бир омурткасыздар ушул микроорганизмдер аркылуу, осьминог сыяктуу жаныбарлар болсо ошол омурткасыздар аркылуу өмүр сүрүшөт. Жакынкы жылдарга чейин эч нерсе жашабайт деп элестетилген жерлерде көптөгөн түрлөрдүн жашашы жана алардын өз ара гармониясы таң калтырбай койбойт.

Океандардын түбүндө химиялык заттарга бай, бирок муздак булактардын жакын жерлеринде да ар кандай организмдердин бар экендиги аныкталды. Ар бир жаңы изилдөө жана ачылыштар океандын түбүндөгү жандыктар жөнүндө канчалык аз нерсе билээрибизди далилдөөдө.

Эми ойлоп көрүңүз: океандын тереңдиктерин изилдөөдө колдонулган суунун астында жүрүүчү кемелер болгону 70 жыл мурда иштелип чыккан. Миңдеген метр тереңге түшө ала турган чалгындоо кемеси абдан кылдат долбоорлонуп жасалган. Ал долбоор бир канча илим тармактарынын адистери тарабынан түзүлгөн. Эң терең океандардын түбүндө миллиондогон жылдан бери жашаган ар бир организм түрү дагы ошол шарттарга эң ыңгайлуу түзүлүштө жаратылган. Болгондо да, ал организмдердин клеткаларындагы механизмдер чалгындоо кемелериндеги системалардан канчалаган эсе татаал. Ушундай татаал түзүлүштөрдүн, эволюция теориясы айткандай, өзүнөн-өзү, кокусунан пайда болушу эч мүмкүн эмес. Океандардын тереңиндеги организм түрлөрү жана алардагы теңдешсиз өзгөчөлүктөр – бүт нерсени жараткан Аллахтын чыгармасы.

Бактериалдык Экология

Организмдер дегенде көбүнчө жаныбар жана өсүмдүк түрлөрүн элестетебиз, ал тургай, кээ бир адамдар организмдерди бир гана ушулардан турат деп ойлошот. Бирок, куралсыз көзгө көрүнбөгөнү менен, жер жүзүндөгү бардык организмдердин жалпы массасынын 25-50%ын түзгөн бир организм тобу бар: микроорганизмдер.79

Микроорганизмдердин маанилүү бөлүгүн болсо бактериялар түзөт. Алар тоголок, таякча жана спираль формасында болушат; көпчүлүгүнүн көлөмү 0,001 миллиметрден кичине. Ушунчалык кичинекей болгондуктан, бул сүйлөмдүн аягындагы чекитчелик бир жерге жүз миңдеген бактерия батат.80

Жер жүзүндөгү бүт экосистемалар жана бардык организм түрлөрү түз же кыйыр түрдө бактериялардын иш-аракеттеринен көз-каранды. (Жер бетиндеги жашоодогу жана кылдат тең салмактуулуктардагы бактериялардын ролу алдыда тереңирээк каралат.) Дээрлик бүт жерде жашашат.81 Айсбергдерде, ысык булактарда, туз, кислота, химиялык зат же булгануу деңгээли абдан жогору болгон чөйрөлөрдө, адамдардын, жаныбарлардын кыртыштарында жана органдарында, океандардын жана топурактын кычкылтексиз терең кабаттарында да миңдеген бактерия түрү жашайт. Мисалы, ден-соолугу чың бир адамдын ичегилери 400 бактерия түрүн камтыган кичинекей бир экосистема, жана ичегилердин жакшы иштешинде бул организмдердин өтө чоң ролу бар.82

Бактериялар организмдердин арасында эң көп түрдөн турган, бирок эң аз билинген топтордун бири.83 21-кылымдын технологиясынын да күчү жетпей турганчалык түрлөрү көп. Миңдеген бактерия түрүнөн жана миллиарддаган бактерия индивиддеринен турган бир грамм топурак микроскопиялык деңгээлдеги бир тропикалык токойду элестетет деп айтканга болот. Башкача айтканда, бир тропикалык токойдогу кереметтүү көп түрдүүлүк мисалын микроскопиянын астындагы бир ууч топурактан да көрүүгө болот.

ayı

Mikroskop altında benzer görünen bakterilerin dahi genetik yapıları incelendiğinde, bunların aslında birbirlerinden çok farklı türler oldukları fark edilmiştir. Northwestern Üniversitesi mikrobiyoloğu David Stahl'ın deyişiyle, bir bakteri diğerinden "bir boz ayının bir meşe ağacından farklı olduğu kadar" farklı olabilir.

Микроб жана бактерия түрлөрүн аныктоо багытында бүгүнкү күнгө чейин жасалган илимий изилдөөлөр жасала турган иштердин абдан эле аз бөлүгүн түзөт. Бул организмдерди изилдөөнүн татаалдыгын шарттаган кээ бир себептер бар: бактерия түрлөрүнүн көпчүлүгүнүн лабораторияда, жасалма чөйрөдө көбөйтүлө албашы; бир тамчы деңиз суусунда же бир ууч топуракта да миллиарддаган бактериянын болушу сыяктуу... Бактерия түрлөрүнүн укмуш көптүгү дагы негизи жакынкы жылдары эле, генетика илиминин өнүгүшүнүн натыйжасында аныкталды.

Микроскоптун астында окшоштой көрүнгөн бактериялардын генетикалык түзүлүшү изилденгенде, алардын бири-бирине такыр окшобогон, башка башка түрлөр экендиги аныкталган. Түндүк-батыш (Northwestern) университетинин микробиологу Дэвид Шталь айткандай, бир бактерия экинчисинен «бир күрөң аюу менен бир эмен дарагынын ортосундагы айырмадай» айырмаланышы мүмкүн.84

Профессор Уилсон Табияттын жашыруун бакчасы аттуу китебинде бул организмдер жөнүндөгү акыркы жаңылыктарды төмөнкүчө баяндаган:

«Бирок системанын негизги кара тешиги – бул, бактериялар. Жалпысынан 4000 бактерия түрүнө аныктама берилгени менен, жакында эле Норвегияда жүргүзүлгөн изилдөөлөр токойдогу топурактын ар бир граммында кездешкен 10 миллиард организмдин арасында илимге дээрлик толугу менен жаңы болгон 4000-5000дей бактерия түрүнүн бар экендигин аныктаган, ошондой эле, тайыз суу чөкмөлөрүнүн ар бир граммында да биринчи топко кирбеген жана кайра эле көпчүлүгү жаңы болгон дагы 4000-5000дей түр аныкталган.»85

bakteri

"Bakteriler çok küçük olmalarına rağmen, bilimsel tanımlamanın çok ötesine giden biyokimyasal, yapısal ve davranışsal komplekslikler gösterirler. Günümüzün mikroelektronik devrimine uygun olarak, bakterilerin boyutunu basitlikten çok komplekslikle eşit saymak daha mantıklı olabilir." (James Shapiro)

Бул теманын адистеринин бири, Мэриленд университетинин Биотехнология институтунун жетекчиси Рита Колвелл болсо дүйнөдөгү бактерия түрлөрү жөнүндө төмөнкүдөй сандарды берген:

«Болгону 3000-4000 бактерия түрүнө аныктама берилген. 300 000дей бактерия түрү болушу мүмкүн деп божомолдонууда, бирок бул сан чоң ыктымалдык менен 3 000 000го жакыныраак.»86

Көп адамдар бактерияларды бир гана ооруларга себеп болуучу, зыяндуу организмдер деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Бактериялардын өтө аз бөлүгү гана ооруларга себеп болушат.87 Бул китептин кээ бир бөлүмдөрүндө каралгандай, жер жүзүндө жашоонун пайда болушунда жана үзгүлтүксүз уланышында, организмдер муктаж болгон кылдат тең салмактуулуктардын орношунда бактериялардын өтө чоң ролу бар.88 Бул чындык Чикаго университетинин Биохимия жана молекулярдык биология бөлүмүнүн профессору Джеймс Шапиро тарабынан төмөнкүчө айтылат:

«Бактериялар өтө кичинекей болгону менен, биохимиялык, структуралык жана кыймыл-аракети жагынан илимий тараптан сүрөттөлгүс татаалдыктарды көрсөтүшөт. Бүгүнкү күндүн микроэлектрондук төңкөрүшүнүн негизинде, бактериялардын көлөмүн жөнөкөйлүктөн абдан комплекстүүлүккө тең саноо туурараак болушу мүмкүн... Бактериялар болбосо, жер жүзүндөгү жашоо азыркыдай көрүнүштө пайда боло алмак эмес.»89

Ылдам көбөйүп, ушунчалык кичинекей жана ушунчалык көп болгонуна карабастан, бактериялардын иш-аракетинде эч бир башаламандык чыкпайт. Мунун болсо бир гана түшүндүрмөсү бар: бактериялар менен байланыштуу бүт нерселер, т.а. алардын комплекстүү иштеринен баштап (мисалы, цианобактериялар тарабынан жасалган фотосинтез сыяктуу), индивиддеринин жана түрлөрүнүн санына чейин бүт баары Аллахтын каалоосуна баш ийет. Бактериялардын каерде, качан жана канча санда болушу керек экенин билген жана пландаган, аларды жер жүзүндөгү тең салмактуулуктардын жөнгө салынышына жана дүйнөдөгү адамзаттын жашоосуна ылайыктуу шарттардын түзүлүшүнө себепчи кылган – Аллах.

Булактар

2 David Tilman, Causes, consequences and ethics of biodiversity, Nature, vol. 405, 11 Mayıs 2000, s. 208-211.

3 E.O. Wilson, Introduction , s. 1, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

4 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “The importance of the biosphere.

5 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 142, 157-158.

6 Thomas E. Lovejoy, “Biodiversity: What Is It?, s. 7, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

7 Q.D. Wheeler, J. Cracraft, “Taxonomic Preparedness: Are We Ready to Meet the Biodiversity Challenge, s. 436, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

8 Taylor H. Ricketts, “Conservation Biology and Biodiversity, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

9 Alessandro Minelli, “Diversity of Life, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.

10 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Biodiversity.

11 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “Evolution.

12 E.O. Wilson, “The Current State of Biological Diversity, s. 14, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

13 E.O. Wilson, “Introduction, s. 2, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

14 Andy Purvis, Andy Hector, “Getting the measure of biodiversity, Nature, vol. 405, 11 Mayıs 2000, s. 212-219.

15 Taylor H. Ricketts, “Conservation Biology and Biodiversity, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net; V.H. Heywood, Global Biodiversity Assessment, Cambridge, United Nations Environment Programme, 1995.

16 Alessandro Minelli, “Diversity of Life, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.

17 N. Myers, R.A. Mittermeier, C.G. Mittermeier, G.A.B. Da Fonseca, J. Kent, “Biodiversity hotspots for conservation priorities, Nature, vol. 403, 24 Şubat 2000, s. 853-858.

18 The Species 2000 Organisation, “About Species 2000, http://ğ.sp2000.org/aboutsp2000.html.

19 Species 2000, Indexing the World’s Known Species, http://ğ.sp2000.org/.

20 Andrew Lawler, “Up for the Count?, Science, Vol. 294, 26 Ekim 2001, s. 769-770.

21 “What is IBOY?, http://ğ.nrel.colostate.edu/IBOY/what.html.

22 “Scientists Launch The International Biodiversity Observation Year (IBOY) To Raise Awareness Of Biodiversity, Science Daily Magazine, 2001, http://ğ.sciencedaily.com/releases/2001/01/010103072716.htm

23 All Species Foundation, 2002, http://ğ.all-species.org/.

24 Andrew Lawler, “Up for the Count?, Science, Vol. 294, 26 Ekim 2001, s. 769-770.

25 E.O. Wilson, “Introduction, s. 2, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

26 Peter H. Raven, “Our Diminishing Tropical Forests, s. 119, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

27 Alessandro Minelli, “Diversity of Life, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.

28 “Skeletons In The Closet: One Fifth Of Species Names May Be Invalid, Science Daily Magazine, 14/11/2001, http://ğ.sciencedaily.com/releases/2001/11/011114071056.htm.

29 “How Many Species Are There?, World Resources Institute, 2001, http://ğ.wri.org/wri/biodiv/b02-gbs.html.

30 Norman Myers, “The Rich Diversity of Biodiversity Issues, s. 125, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

31 Nigel E. Stork, “Measuring Global Biodiversity and Its Decline, s. 41, 61, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

32 Ayşe Turak, “Doğaya Sıcak Bakmak, Bilim ve Teknik, Aralık 2000, s. 63.

33 Biyolojik Çeşitlilik Haritası, National Geographic Maps, Ekim 2001.

34 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Biodiversity.

35 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi,

TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 182-183.

36 John Whitfield, “All Creatures Great and Small, Nature, vol. 413, 27 Eylül 2001, s. 344.

37 “Biosphere 2 Center Background, Columbia University, 2002, http://ğ.bio2.edu/history.htm.

38 Joel E. Cohen, David Tilman, “Biosphere 2 and Biodiversity—The Lessons So Far, Science, Vol. 274, No. 5290, 15 Kasım 1996, s. 1150-1151.

39 G.C. Daily, S. Alexander, P.R. Ehrlich, L. Goulder, J. Lubchenco, P.A. Matson, H.A. Mooney, S. Postel, S.H. Schneider, D. Tilman, G.M. Woodwell, “Ecosystem Services: Benefits Supplied to Human Societies by Natural Ecosystems, 2002, http://esa.sdsc.edu/daily.htm.

40 Joel E. Cohen, David Tilman, “Biosphere 2 and Biodiversity—The Lessons So Far, Science, Vol. 274, No. 5290, 15 Kasım 1996, s. 1150-1151.

41 Thomas E. Lovejoy, “Biodiversity: What Is It?, s. 8, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

42 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Rain Forest.

43 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Amazonian Biodiversity.

44 E.O. Wilson, “The Current State of Biological Diversity, s. 9, E.O. Wilson, F.M. Peter (editors), Biodiversity, National Academy Press, Washington D.C., 1988.

45 Çağlar Sunay, “Yitirilmekte Olan Cennet Amazon, Bilim ve Teknik, Nisan 1999, s. 75.

46 Alessandro Minelli, “Diversity of Life, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.

47 Terry L. Erwin, “Biodiversity at Its Utmost: Tropical Forest Beetles, s. 27-40, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997; “How Many Species Are There?, World Resources Institute, 2001, http://ğ.wri.org/wri/biodiv/b02-gbs.html.

48 Encyclopedia Britannica 2001 Deluxe Edition CD, “Environment, Tropical Forest.

49 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 134.

50 Çağlar Sunay, “Yitirilmekte Olan Cennet Amazon, Bilim ve Teknik, Nisan 1999, s. 75.

51 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Rain Forest.

52 D.H. Janzen, “How to be a fig, Annu. Rev. Ecol. Systemat., Vol. 10, 1979, s. 13-51.

53 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Butterflies and Moths.

54 Virginia Morell, “On the Origin of (Amazonian) Species, Discover, Nisan 1997.

55 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Great Barrier Reef; Douglas Chadwick, “Kingdom of Coral, National Geographic, 2002, http://ğ.nationalgeographic.com/ngm/0101/feature2/index.html.

56 M.L. Reaka-Kudla, “The Global Biodiversity of Coral Reefs: A Comparison With Rain Forests, s. 93-94, 102, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

57 Sarah Graham, “Scientists Explain How Corals Thrive in Nutrient-Poor Waters, Scientific American, 18 Ekim 2001, http://ğ.sciam.com/news/101801/1.html.

58 C. Darwin, The Structure and Distribution of Coral Reefs, Smith, Elder & Company, London, 1842.

59 C. Richter, M. Wunsch, M. Rasheed, I. Kötter, M.I. Badran, “Endoscopic exploration of Red Sea coral reefs reveals dense populations of cavity-dwelling sponges, Nature, vol. 413, 18 Ekim 2001, s. 726-730.

60 Douglas H. Chadwick, “Coral in Peril, National Geographic, Ocak 1999, s. 30-37.

61 Justin Marshall, “Why are Reef Fish So Colorful?, Scientific American Presents: The Oceans, Ağustos 1998.

62 Justin Marshall, “Why are Reef Fish So Colorful?, Scientific American Presents: The Oceans, Ağustos 1998.

63 Ayşegül Yılmaz Günenç, “Mercan Kayalıklarında, Bilim ve Teknik, Ekim 1999, s. 82.

64 Ayşegül Yılmaz Günenç, “Mercan Kayalıklarında, Bilim ve Teknik, Ekim 1999, s. 82.

65 Justin Marshall, “Why are Reef Fish So Colorful?, Scientific American Presents: The Oceans, Ağustos 1998.

66 Norman Macbeth, Darwin Retried: An Appeal to Reason, Boston: Gambit, 1971, s.101.

67 J.F. Grassle, N.J. Maciolek, “Deep-Sea Species Richness: Regional and Local Diversity Estimates From Quantitative Bottom Samples, American Naturalist, vol. 139, 1992, s. 313-341.

68 Marcia Collie, Julie Russo, “Deep-Sea

Biodiversity and the Impacts of Ocean Dumping, 2000, http://ğ.oar.noaa.gov/spotlite/archive/spot_oceandumping.html.

69 J.F. Grassle, N.J. Maciolek, “Deep-Sea Species Richness: Regional and Local Diversity Estimates From Quantitative Bottom Samples, American Naturalist, vol. 139, 1992, s. 313-341.

70 G.C.B. Poore, G.D.F. Wilson, “Marine Species Richness, Nature, vol. 361, 1993, s. 579.

71 Francesco Canganella, Chiaki Kato, “Deep Ocean Ecosystems, Encyclopedia of Life Sciences, 2001, ğ.els.net.

72 Raşit Gürdilek, “Dünyayı Kurtaran Mikroplar, Bilim ve Teknik, Eylül 2001, s. 10.

73 Carl Zimmer, “Inconceivable Bugs Eat Methane on the Ocean Floor, Science, vol. 293, 20 Temmuz 2001, s. 418-419.

74 David Whitehouse, “The Microbes That Rule the World, BBC News Online, 28 Eylül 2001, http://news.bbc.co.uk/hi/english/sci/tech/newsid_1569000/1569264.stm.

75 “Researchers Find Glass-Eating Microbes at the Rock Bottom of the Food Chain, Scripps Institution of Oceanography, 2001, http://scrippsnews.ucsd.edu/releases2001/staudigel_rockeaters.html; Editors’ Choice: Highlights of the recent literature, Science, Vol. 293, Number 5539, 28 Eylül 2001.

76 Francesco Canganella, “Hydrothermal Vent Communities, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.

77 “Sea Connections, Smithsonian Center for Education and Museum Studies, 2001, http://educate.si.edu/lessons/currkits/ocean/connect/essay.html.

78 “Sea Connections, Smithsonian Center for Education and Museum Studies, 2001, http://educate.si.edu/lessons/currkits/ocean/connect/essay.html.

79 Richard O. Roblin, “Resources for Biodiversity in Living Collections and the Challenges of Assessing Microbial Biodiversity, s. 467, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

80 M. Encarta Encyclopedia 2001 Deluxe Edition CD, “Bacteria.

81 Tom Fenchel, “Bacterial Ecology, Encyclopedia of Life Sciences, 2000, ğ.els.net.

82 Zuhal Özer, “Bağırsak İçin Bakteri Kapsülleri, Bilim ve Teknik, Nisan 1997.

83 Robert F. Service, “Microbiologists Explore Life’s Rich, Hidden Kingdoms, Science, Vol. 275, Number 5307, 21 Mart 1997, s. 1740-1750.

84 Robert F. Service, “Microbiologists Explore Life’s Rich, Hidden Kingdoms, Science, Vol. 275, Number 5307, 21 Mart 1997, s. 1740-1750.

85 Edward O. Wilson, Doğanın Gizli Bahçesi, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Çev: Aslı Biçen, 2000, s. 158.

86 R.R. Colwell, “Microbial Biodiversity and Biotechnology, s. 282, Marjorie L. Reaka-Kudla, Don E. Wilson, Edward O. Wilson (editors), Biodiversity II, Joseph Henry Press, Washington D.C., 1997.

87 M. Encarta Encyclopedia, 2001 Deluxe Edition CD, “Bacteria.

88 Norman R. Pace, “Microbial Diversity and the Biosphere, s. 117, Peter H. Raven, Tania Williams (editors), Nature and Human Society, National Academy Press, Washington D.C., 2000.

89 James A. Shapiro, “Bacteria as Multicellular Organisms, Scientific American, Haziran 1988, s. 82.