Бул китепте Түрк-Ислам дүйнөсүнүн учурдагы абалын, Түрк-Ислам Биримдигин куруунун өтө зарылдыгын жана Түрк-Ислам Биримдигинин Мусулмандарга жана башка калктарга бере турган пайдаларын карадык. Мурдакы бөлүмдө да каралгандай, болуп жаткан окуялар Ислам дүйнөсүн өтө чоң жана маанилүү өзгөрүүлөрдүн күтүп жатканын апачык көрсөтүүдө. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын кээ бир хадистеринде берилген маалыматтар жана Куран аяттары да алдыбыздагы доордун, Аллахтын уруксаты менен, дүйнө Мусулмандары үчүн өтө жаркын болоорун сүйүнчүлөөдө. Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу бул кубанычтуу доордун башталышын ылдамдатып, бир эле Мусулмандар эмес, бүт элдер молчулук жана бакубаттыкта жашай турган жапжаңы бир доордун башталышы болот.
Учурдагы абал бир караганда өтө начардай көрүнүшү мүмкүн. Бирок, терс, жамандыктай көрүнгөн бул окуялардын баары – негизи куттуу бир доордун кабарчысы. Согуштар, жокчулук, тарчылык, дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында Мусулмандардын эзилип зулумдук көрүшү сыяктуу окуялар – бул, көпчүлүгү Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан 1400 жыл мурда кабар берилген акыр заман алааматтары. Бул алааматтардын (белгилердин) ишке ашып жатышы Пайгамбар Мырзабыз (сав) сүйүнчүлөгөн Ислам ахлагынын дүйнөгө жайылышынын да жакындаганына ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.) Ошондуктан учурдагы абал Мусулмандардын үмүтсүздүккө түшүшүнө эмес, тескерисинче толкунданып, кубанышына себепчи болушу керек. Ошондой эле, ыймандуулар Аллахтын мээриминен эч качан үмүт үзбөш керек экенин да унутпашы зарыл. Аллах аятында мындайча буюрган:
... жана Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коому гана Аллахтын мээриминен үмүт үзүшөт. (Йусуф Сүрөсү, 87)
Улуу Ислам аалымы Бедиүззаман Саид Нурси да белгилүү Шам хутбасында Ислам дүйнөсүнүн абалын көз алдыга тартуулап, бирок ал себептүү үмүтсүздүккө түшүүнүн чоң коркунуч болооруна көңүл бурган жана Исламдын жаркын келечегин ыймандууларга сүйүнчүлөгөн:
Үмүт үзүү эң коркунучтуу бир оору: Ислам ааламынын жүрөгүнө кирди... ушундай бир үмүтсүздүк болду, бийик адеп-ахлагыбызды өлтүрүп, жалпынын кызыкчылыктарын таштап жеке кызыкчылыктарга көз артып калдык. Ушундай бир үмүтсүздүк болду, руханий күчүбүздү сындырды... Үмүтсүздүк калктардын эң коркунучтуу оорусу... Коркок, пас жана алсыздардын шаңы, шылтоосу... Келечектин континенттерине чындап жана руханий өкүмдар боло турган жана адамзатты дүнүйөлүк жана акыреттик бактылуулукка жеткире турган – бир гана Ислам дини...58
Ислам дүйнөсүнүн жаркын келечегин бизге сүйүнчүлөгөн эң негизги булактардын башында Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистери турат. Хадистерде акыр замандын (кыяматтын алдындагы акыркы доордун) өзгөчөлүктөрү терең сүрөттөлгөн. Ал маалыматтар анализденгенде, акыр заман алааматтарынын бүгүн болуп жаткан жүздөгөн окуяга абдан окшоп жатканын көрөбүз. Адамдардын жаралуу максатынан алыстап коомдордун руханий жактан бузулушу, арамдардын адал саналышы, Аллахтын апачык жокко чыгарылышы, дүйнөнүн бүт тарабын башаламандык менен ызы-чуулардын капташы, адеп-ахлактык бузулуунун көбөйүшү, селдер, жер титирөөлөр сыяктуу чоң табигый кырсыктардын бат бат болуп жатышы, кургакчылык жана жокчулук, согуштардын, кагылышуулардын жана кан төгүүлөрдүн көбөйүшү, бидаттардын (динге кошулган негизсиз кошумчалардын) чыгышы, жакырчылыктын көбөйүшү, чоң окуялардын жана таң калыштуу нерселердин болушу, бейпилдик менен туруктуулуктун дээрлик бүтүндөй жоголушу хадистерде кабар берилген негизги Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан. Кылмыштар, киши өлтүрүүлөр, уруштар күчөй турган акыр заманда Мусулмандарга болгон кысымчылыктар да көбөйөт. Хадистер бул доордо Мусулмандарга карата зомбулук жасалаарын жана Мусулмандардын зулумдукка кабылаарын да кабар берет. Мусулмандардын көпчүлүгү мындай кысымчылык менен зулумдуктан кутулуунун жолун таба албай калышат.
Мындай оор жана чуулгандуу күндөрдөн соң болсо Аллах адамзатка куттуу бир куткаруучу жөнөтүп, ал куткаруучу аркылуу адамдарды караңгылыктан жарыкка чыгарат. «Мехди» (туурага жеткирүүчү, хидаят (туура жол) көрсөтүүчү) наамын алган бул куттуу инсан алгач Ислам дүйнөсүн оңдоп, андан соң болсо бүт дүйнөгө тынчтыктын, сүйүүнүн жана сонун адеп-ахлактын жайылышына себепчи болот. Аз. Мехди (ас) менен бирге Аллахты жокко чыгарган жана дин ахлагына каршы болгон идеологиялар илим-пикир менен толук кыйратылып; Ислам ахлагы өзүнө, Куранда жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүндө кабар берилген чыныгы абалына кайтарылып; Ислам дүйнөсү саясий, экономикалык жана социалдык жактан күчтөнөт.
Ошондой эле, хадистерде кабар берилгендей, акыр заманда Аз. Иса (ас) да кайрадан дүйнөгө кайтып келет. Иса Пайгамбар (ас)дын экинчи жолу жер жүзүнө келиши – акыр замандын эң чоң сүйүнчүлөрүнүн бири. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө кайрадан келишин сүйүнчүлөгөн көптөгөн хадистеринен тышкары, бул кабар Куранда да апачык айтылган. Көп аяттарда Аз. Иса (ас)дын келиши жөнүндө анык сүйлөмдөр орун алган. Аллах Куран аяттарында Аз. Иса (ас)дын өлтүрүлбөгөнүн, асылбаганын, адамдарга ошол сыяктуу көрсөтүлгөнүн, аны көз жумдурганын (б.а. уйкудагы сыяктуу жанын алганын) жана Өз Кабатына көтөргөнүн кабар берген. (Бул жөнүндө тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас) ушул кылымда келет, Харун Яхья). Бул чындык Ниса Сүрөсүндө ыймандууларга мындайча кабар берилет:
Жана: «Биз Аллахтын пайгамбары Мариям уулу Месих Исаны чындап өлтүрдүк дешкени себептүү да (аларга ушундай бир жаза бердик). Чындыгында болсо аны өлтүрүшкөн жок жана аны асышкан жок. Бирок аларга (ошого) окшош көрсөтүлдү. Чындап ал жөнүндө талашка түшкөндөр анык бир күмөн ичинде. Алардын күмөндөн башка бул жөнүндө эч кандай маалыматтары жок. Аны өлтүрүшпөгөнү анык. Жок, Аллах аны Өзүнө көтөрдү. Аллах үстөм жана күчтүү, өкүмдар жана даанышман. (Ниса Сүрөсү, 157-158)
Куранда Аз. Иса (ас) жөнүндө кабар берилген башка бир чындык болсо – бул Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө экинчи жолу келээри. Куранда көп аяттарда кабар берилген бул сүйүнүчтүү кабар Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде да орун алган. Мындан тышкары, көптөгөн Ислам аалымдары да Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө экинчи жолу келиши жана ал убакта шарттардын кандай болоору жөнүндө ар кандай эмгектерди жазышкан. (Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө экинчи жолу келээринин далилдери жөнүндө тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Hz. İsa Gelecek (Аз. Иса келет))
Ар кылымда бир дин ахлагын кошумчалардан тазалоо жана жаңылоо үчүн Аллах тарабынан бир заттын жөнөтүлөөрү Сүнен-и Эбу Давуд, Мектубат-ы Раббани сыяктуу улуу жана барктуу ахли сүннөт аалымдарынын эмгектеринде ачык айтылган:
Эбу Хурайранын риваяты боюнча; Расулуллах (сав) мындай деген: Чындап Азиз жана Жалил Аллах ар жүз жылдын башында бул үммөттүн динин бидаттан (динге кийин кошулган негизсиз кошумчалардан) тазалап, жаңылай турган (илимдүү) бир затты жөнөтөт. (Сүнен-и Эбу Давуд, 5/100)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде акыр заманда чыгаары сүйүнчүлөнгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы катары болсо хижрий календары боюнча 1400-жыл берилген:
«Адамдар 1400-жылы Аз. Мехди (ас)дын жанында чогулушат.» (Risaletül Huruc-ül Mehdi, б. 108)
Бул 100 жылдык мөөнөттө Ислам ахлагы белгилүү бир процесс ичинде бүт дүйнөгө жайылып, дин ахлагына каршы күрөшкөн дажжалият системасы болсо толук жок кылынат. Бирок болжол менен 100 жылдайга созула турган бул бийиктөө доорунан соң, б.а. хижрий 1500-жылдары дүйнө кайрадан бузулуу процессине кирет. Ахли сүннөттүн улуу хадис жана фыкых аалымдарынын бири болгон Имам Ахмед Ибни Ханбел сыяктуу көп аалымдар бир-биринен риваят кылган бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) өзүнө чейин дүйнөдө өткөн убакыттын 5600 жыл экенин кабар берип, адамзат тарыхынын башталышы жөнүндө маанилүү бир маалымат берген:
Ахмед Ибни Ханбел Илелинде жазган. Исмаил б. Абдулкерим, Абдуссамедден, Ал болсо Вехбден риваят кылган:
ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТКӨН. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman, б. 89
Башка көптөгөн хадисте болсо дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндө апачык сөздөр бар:
Энес Маликтен алып айтты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан: ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала буюрган: РАББИҢ КАБАТЫНДА БИР КҮН СИЛЕР САНАГАНДАН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ. «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгын камсыздаса, Аллах ал үчүн түндөрүн орозо менен, түндөрүн болсо иб
адат менен өткөргөндөй, УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ СООП ЖАЗАТ.» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 88-б.)
Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылышкан. Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле: Ал мындай деди, СЕН КӨРГӨН ЖЕТИ БАСКЫЧТУУ МИНБАР УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)
Хижрий 1300-жылдын жана акыркы миң жылдын эң чоң мужеддиди Устат Саид Нурси Азрети болсо Ислам ахлагынын жайылуу убактысы катары хижрий 1500-жылдарды берген. Устат ушул жылдарга чейинки доордун Мусулмандардын ачык жана ашкере үстөмдүк доору болоорун айткан. Андан кийинки жылдары болсо Ислам ахлагынын дүйнөдөгү бийиктөө доору бүтө турганын жана каапырлар үчүн кыяматтын хижрий 1545-жылдарда келээрин айткан. (Туурасын Аллах билет.)
«Үммөтүмдөн бир топ Аллахтын буйругу келгенге чейин (кыяматка чейин) акыйкат үстүндө болот.»
«Үммөтүмдөн бир топ...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «Аллахтын буйругу келгенге чейин» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо; жифр эсебинин натыйжасы 1545 (2120) болуп, каапырдын башына КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ишарат кылат. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)
Улуу ахли сүннөт аалымы Берзенжи Азрети болсо дүйнөнүн өмүрүнүн Хижрий 1600-жылга чейин жете албашын, б.а. Хижрий 1500-жылдар ичинде кыяматтын келишинин Аллахтын уруксаты менен күтүлөөрүн айтат. (Туурасын Аллах билет.)
БУЛ ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮ МИҢ ЖЫЛДАН АШАТ, БИРОК БИР МИҢ БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДАН АШПАЙТ... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, İstanbul, 2002, б. 299)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадиске таянып Суйути Азрети болсо мындай дейт:
«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.» (Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Arapça) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89)
Ахмед Ибни Ханбел Илелинде жазган. Исмаил б. Абдулкерим, Абдуссамедден, Ал болсо Вехбден риваят кылган: ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТКӨН. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman, б. 89)
Башка көптөгөн хадисте болсо дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндө апачык сөздөр бар:
Энес Маликтен алып айтты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан: ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала буюрган: РАББИҢ КАБАТЫНДА БИР КҮН СИЛЕР САНАГАНДАН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ. «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгын камсыздаса, Аллах ал үчүн түндөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй, УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ СООП ЖАЗАТ.» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 88-б.)
Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылышкан. Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле: Ал мындай деди, СЕН КӨРГӨН ЖЕТИ БАСКЫЧТУУ МИНБАР УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)
Хижрий 1300-жылдын жана акыркы миң жылдын эң чоң мужеддиди Устат Саид Нурси Азрети болсо Ислам ахлагынын жайылуу убактысы катары хижрий 1500-жылдарды берген. Устат ушул жылдарга чейинки доордун Мусулмандардын ачык жана ашкере үстөмдүк доору болоорун айткан. Андан кийинки жылдары болсо Ислам ахлагынын дүйнөдөгү бийиктөө доору бүтө турганын жана каапырлар үчүн кыяматтын хижрий 1545-жылдарда келээрин айткан. (Туурасын Аллах билет.)
«Үммөтүмдөн бир топ Аллахтын буйругу келгенге чейин (кыяматка чейин) акыйкат үстүндө болот.»
«Үммөтүмдөн бир топ...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «Аллахтын буйругу келгенге чейин» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо; жифр эсебинин натыйжасы 1545 (2120) болуп, каапырдын башына КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ишарат кылат. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)
Улуу ахли сүннөт аалымы Берзенжи Азрети болсо дүйнөнүн өмүрүнүн Хижрий 1600-жылга чейин жете албашын, б.а. Хижрий 1500-жылдар ичинде кыяматтын келишинин Аллахтын уруксаты менен күтүлөөрүн айтат. (Туурасын Аллах билет.)
БУЛ ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮ МИҢ ЖЫЛДАН АШАТ, БИРОК БИР МИҢ БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДАН АШПАЙТ... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, İstanbul, 2002, б. 299)
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадиске таянып Суйути Азрети болсо мындай дейт:
«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.» (Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Arapça) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89)
Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринен жана улуу Ислам аалымдарынын сөздөрүнөн да апачык көрүнүп тургандай, биз жашап жаткан хижрий 1400-жылдар – Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы. Бул кылымда Аз. Иса (ас) кайрадан жер жүзүнө келип, Аз. Мехди (ас) чыгат жана Ислам ахлагы жер жүзүнө жайылып, орнойт.
Кыямат жакындаганда жана ыймандуулардын жүрөгү өлүм, ачарчылык, фитналар, сүннөттөрдүн жоголушу, бидаттардын (кошумчалардын) чыгышы, жакшылыкка буюруп, жамандыктан тосуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жоголушу сыяктуу себептерден улам алсыздаган кезде менин урпактарымдан Аз. Мехди (ас) аркылуу Улуу Аллах сүннөттөрдү жандандырат. Анын адилеттиги жана берекеси менен ыймандуулардын жүрөгү кубанып, ажем (арап эместер) менен арап элдери арасында жакшы көрүү менен сүйүү орнойт.59
Дүйнө хержү-мерж (фитна, башаламандык) ичинде калганда, фитналар чыкканда, жолдор тосулганда, кээ бирлери кээ бирлерге кол салганда, чоң кичинеге мээрим кылбай, чоңго урмат менен мамиле кылынбаганда Аллах ошол кезде алардан душмандыктын тамырын курутуп, чектен чыгуу мунараларын багынта турган жана мурда мен бутунда кармаган сыяктуу, акыр заманда динди бутунда кармап, мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтура турган бирөөнү (Аз. Мехди) жөнөтөт.60
Магрибде (батышта) ызы-чуулар, фитналар жана коркуу болот... Фитналар көбөйөт.61
Эч ким андан жашына албаган бир фитна чыгат, ал фитна калган жеринен заматта башка бир тарапка жайылат...62
Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда элдер арасында соода менен жолдор тосулуп, адамдар арасында фитналар көбөйөт...63
Күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөнгө чейин Аз. Мехди (ас) чыкпайт жана киши өлтүрүүлөргө жердеги менен асмандагылар чыдай албай турган абалга жеткенде чыгат...64
Аз. Пайгамбар (сав) башында Исламды кандай тик кармаган болсо, Аз. Мехди (ас) да эң аягында ошол сыяктуу Исламды тик кармайт.65
Душмандык менен кекти да жок кылат... Идиш сууга толгон сыяктуу жер жүзү тынчтыкка толот. Дин биримдиги да болот, андан соң Аллахтан башкага сыйынылбайт. Согуш да жүктөрүн таштайт.66
Анын доорунда бөрү менен кой чогуу ойноп, жыландар жаш балдарга зыян тийгизбейт.
Адам бир ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат.
Рийа (эл көзүнө ибадат кылуу), риба (пайыз), зина (ойноштук), ичкилик жоголот, өмүрлөр узарат жана аманат зыян көрбөйт.
Пайгамбар Мырзабызды жаман көргөн эч ким калбайт.67
Адамдарга мал-мүлк менен буюм таркатканда, санабастан мол мол берет.68
Эч кимдин арасында бир душмандык калбайт. Жана бүт душмандыктар, уруштар, көрө албастыктар сөзсүз жоголот.69
... Ал кезде жер менен асман жашоочулары, бүт жапайы жаныбарлар, куштар, ал тургай, деңиздеги балыктар да анын халифалыгына кубанышат. Анын доорунда аккан суулар да суусун көбөйтүшөт. Аз. Мехди (ас) казыналарды чыгарат...70
Менин үммөтүм ал доордо ушундай бир бакубаттыкка жетет; ал күнгө чейин андайды эч көргөн эмес болот...71
Анын адилеттиги бүт тарапты каптайт. Зулумдук менен бузукулукка толгон дүйнө ал келген соң адилеттикке толуп ташат... Жер жүзү коопсуздукка толот жана ал тургай бир канча аял жанында бир дагы эркексиз бейпил гана ажыга барышат.72
Бул жерде кээ бирлери гана орун алган хадистер да апачык көрсөткөндөй, Ислам дүйнөсүн өтө маанилүү жана чоң өзгөрүүлөр күтүп жатат. Аллах бүт нерсе сыяктуу, Ислам калктарына да бир тагдыр жазган. «...Аллах нурун толуктоону каалайт.» (Тообо Сүрөсү, 32) аятында кабар берилгендей, Куран ахлагы бүт дүйнөгө жайылып, динге-сыйбас философиялардын баарынын пикирдик жактан кулаары, жер жүзүнөн фитнанын жоголушу менен бүт адамзатка тынчтык менен кутулуунун келээри Раббибиздин бизге бир сүйүнчүсү. Ислам ахлагы дүйнөгө жайыла турган, адамдар тынчтык менен коопсуздукка жете турган күндөр, Аллахтын уруксаты менен, өтө жакын. Муну унутпаш керек: Аллахтын чындап ыйман кылгандарга убадасы – бул «аларды да алардан мурдакылар сыяктуу күч жана бийлик ээси кылуу.» Аятта мындайча айтылат:
Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат. Алар жалаң гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Ким мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)
Ар бир Мусулман адеп-ахлагын оңдоп, Ислам менен Мусулмандардын пайдасына жасаган жакшы иштеринин санын мүмкүн болушунча көбөйтүп, бул куттуу доорго эң жакшы даярданышы керек. Адамдардын топ-топ болуп Аллахтын динине кирээр убактысынын эртерээк келиши үчүн Мусулмандар көрүшү керек болгон эң негизги даярдыктардын бири болсо – бул Түрк-Ислам дүйнөсүнүн биримдигин түзүү.
Аз. Иса (ас) жер жүзүнө кайрадан келгенде, Аллахтын аятынын бир чагылышы катары бүт пайгамбарлар сыяктуу адамдар арасында кадыр-барктуулугу, өзгөчө болушу жана бийиктиги менен таанылат. Көргөндөр аны заматта таанып, жүрөктөрүндө эч кандай күмөн жаралбайт. Аз. Иса (ас)ды адамдарга тааныткан маанилүү белгилердин бири дүйнөдө эч кандай тууган-уругунун, үй-бүлөсүнүн, мурда тааныган бир да кишинин болбошу болот.
Аз. Иса (ас) кайрадан жер жүзүнө келгенде анын тышкы көрүнүшүн, жүзүн же үн тонун тааныган бир адам да чыкпайт. Дүйнөдөгү бир адам дагы «мен аны мурда таанычумун» дей албайт. Себеби аны тааныган адамдардын баары мындан болжол менен 2000 жыл мурда жашап, дүйнөдөн өтүшкөн.
Аз. Иса (ас) келгенде Куран менен өкүм берет, жана бул доордо Христиан дүйнөсү да динге кийин кошулган кошумчалардан тазаланып, Аз. Иса (ас) аларды Куран ахлагына ылайык жашоого чакырат. Натыйжада Ислам менен Христиан дүйнөсү бир ишенимде биригип, дүйнө «Алтын кылым» деп аталган, тынчтык, бейпилдик, коопсуздук, бактылуулук жана бакубаттык өкүмчүлүк кылган жапжаңы бир доорго кирет. Алтын кылым, куттуу Пайгамбар Мырзабыз доорундагы сыяктуу, бир Бактылуулук кылымы (Аср-ы Саадет) болот. Жер жүзү мурда зулумдукка толгон сыяктуу, эми адилеттикке толот. Түшүм менен мал-мүлк мол болуп, адамдар жардамга муктаж бир адамды да таппай калышат. Технология менен илимдеги өнүгүүлөр натыйжасында адамдардын жашоо сапаты жогорулап, жеңилдик менен комфорт өсөт. Адамдар кайсы тарапка караса, молчулук менен сулуулукту көрүшөт. Адамдар бул доордо жашоосунан ушунчалык ыраазы болушуп, хадистерде кабар берилгендей, улгайгандар жаш болууну тилешет.
Бул жерде кыскача каралган акыр заманда боло турган окуялар жөнүндө Пайгамбар Мырзабыз Аз. Мухаммед (сав) кабар берген хадистердин кээ бирлери төмөндө орун алган.
Бүгүнкү күндө бүт дүйнөдө динге каршы пикир системалары кыйрап, адамдар Аллахка ыйманга жана дин ахлагына багыт алып башташты. Болгондо да, Ислам дүйнөнүн эң актуалдуу темасына айланып, адамзаттын көңүлү акыйкат динге бурулду. Биз жашап жаткан доордун технологиялык мүмкүнчүлүктөрү болсо, бир жагынан, Мусулмандардын бир-бири менен болгон кызматташтыгын жеңилдетсе, экинчи тараптан, адамдарга Ислам ахлагынын сонундугун түшүндүрүү үчүн ар кандай массалык байланыш мүмкүнчүлүгүн берди.
Бирок бир тараптан Ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгүндө жакырчылык менен караңгылык орун алган. Мындан пайдаланган бир катар кишилер Исламдын атын жамынып Исламга сыйбас иштерди жасап, дүйнөнүн Мусулмандарга карата жаман күмөн санашына себеп болушууда. Ислам ахлагына каршы болгон кээ бир чөйрөлөр болсо Мусулмандардын бул абалынан пайдаланып, аларга каршы ар кандай зулумдукту жасашып, андан да чоң зулумдуктарды пландашууда.
Муну чечүү үчүн бүт Мусулмандарды бириктире турган жана аларга туура жолду көрсөтө турган бир Түрк-Ислам Биримдигин куруу керек. Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу үчүн аракет кылуу ар бир Мусулмандын милдети:
Бүт Мусулман өкмөттөр Түрк-Ислам Биримдигине даярданышы керек. Башка Мусулман өлкөлөр менен болгон мамилелерин өнүктүрүп, бир тараптан чыныгы Ислам ахлагынын өз өлкөлөрүндө жакшыраак орношу үчүн илимий-маданий иш-чараларды жасашы керек.
Бүт Мусулман жарандык коомдор, ар түрдүү уюмдар, фонддор, медиа кызматкерлери, эксперттер Мусулмандар арасындагы бөлүнүүчүлүктөрдүн жоюлушу, биримдик менен ынтымактын түзүлүшү үчүн аракет кылышы зарыл.
Ар бир Мусулман барган мечитинде, окуган жеринде, иштеген жеринде, кирген интернет платформасында, мүчө болгон фонддо же уюмда дүйнө Мусулмандарынын биримдиги үчүн аракет кылып, башка Мусулмандарды буга үндөшү керек.
Дүйнөгө жол көрсөтө турган, Мусулмандарга да, Мусулман эместерге да жакшылык суна турган, жер жүзүнө адилеттик менен тынчтык алып келе турган улуу Ислам маданиятынын кайрадан көгөрүшү – бүт Мусулмандардын дубасы. Аллахтын уруксаты менен, Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу бүт ушундай жакшылыктарга бир себепчи болот.
Бул куттуу милдетке кызмат кылгысы келген Мусулмандар;
Келиңиз, Мусулмандарды ынтымакка үндөйлү. Бир-биринин мечитинде намаз окубаган, саламдашпаган, бир-биринин жазган китебин окубаган, кичинекей бир кайчы пикир себебинен бир тууганына душман болуп калган Мусулмандарды жараштыралы. Мындай жасалма бөлүнүүлөр жоголсун. Аллахтын үйлөрү болгон мечиттер бул же тигил топтун, бул же тигил мазхаптын эмес, бүт Мусулмандардын мечити болсун. Мусулмандардын баары бир-бири менен саламдашсын, бир-бири менен сүйлөшсүн. Бир-бирине толеранттуу мамиле кылсын. Жамааттар арасы же кишилер арасы пикир келишпестиктер токтосун. Жана бүт Мусулмандар биримдикте, кичипейилдик жана толеранттуулук менен Аллахка көбүрөөк жакындашуу, Анын динине көбүрөөк кызмат кылуу үчүн аракет кылышсын.
Жана Аллахтын бизге берген төмөнкү буйругун эч качан унутушпасын:
Бардыгыңар Аллахтын жибин бекем кармангыла жана бөлүнүп-жарылбагыла. Аллахтын силерге берген немат-жакшылыгын эстегиле: бир кезде силер өз ара душман болуп, (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү бири-бирине үлпөт (жылуу) кылды жана Анын бул нематы себептүү (бир туугандай) дос болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын туура жолго түшөөрсүңөр деп ушинтип баян кылат. (Али Имран Сүрөсү, 103)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)
58. Bediuzzaman Said Nursi, Hutbe-i Samiye (Damascus Sermon).
59. Al-Muttaqi al-Hindi, Al-Burhan fi `Alamat al-Mahdi Akhir az-Zaman, 66.
60. Ibid., 12.
61. Mukhtasar Tazkirah Qurtubi, 440.
62. Ibn Hajar Haythami, Al-Qawl al-Mukhtasar fi `Alamat al-Mahdi al-Muntazar, 23.
63. Ibid., 39.
64. Ibid., 37.
65. Ibid.
66. Sunan Ibn Majah.
67. Ibn Hajar al-Haythami, Al-Qawl al-Mukhtasar, 43.
68. Sahih Muslim.
69. Ibid.
70. Ibn Hajar al-Haythami, Al-Qawl al-Mukhtasar, 36.
71. Sunan Ibn Majah.
72. Ibn Hajar al-Haythami, Al-Qawl al-Mukhtasar, 23.