Түрк-Ислам Биримдигинин Батыш Дүйнөсү Үчүн Зарылдыгы

Мусулман өлкөлөр арасындагы саясий жана экономикалык кызматташтыктын Ислам дүйнөсүнө туруктуулук алып келиши Батыштын Мусулмандар менен бир калыптуу бир мамиле курушуна шарт түзөт. Түрк-Ислам Биримдигинин түзүлүшү менен эң алгач өзүнүн ички маселелерин чечкен Мусулман өлкөлөр тышкы дүйнө менен мамилелеринде да бир калыптуу жана туруктуу бир саясат жүргүзүшөт.

Мусулман өлкөлөр арасындагы маселелер да, Мусулмандар менен Мусулман эмес өлкөлөр арасындагы тирешүүлөр да Түрк-Ислам Биримдиги аркылуу тынчтык жолу менен, эң адилеттүү чечилет.

Кагылышуулардын Америка калкына терс таасири

Amerika, müslümanlar

Ислам менен Батыш дүйнөлөрү арасында чыгарылгысы келген жасалма тирешүүнүн жана «маданияттар кагылышуусу» сценарийинин Ислам дүйнөсүнө да, Батыш калктарына да көп зыяны бар. Канчалаган адамдар ушул себептен дайыма коркуп, тынчсызданышууда. Мындай абал өзгөчө 11-сентябрь кол салууларынан соң Америкада өтө күчтөнгөн. Америка калкынын көп бөлүгү медианын бир бөлүгү тарабынан тынымсыз айтылган «жаңы кол салуулар ар качан болуп калышы мүмкүн» деген пропаганда себебинен психологиялык маселелерге туш болушууда. Доктор Уильям Е. Шеленген тарабынан Journal of the American Medical Association (Америка медицина биримдиги журналы)нда жарык көргөн изилдөөдө айтылган сандар маанилүү бир жагдайды көрсөтөт. 11-сентябрь кол салууларынын Америка элине болгон таасирин аныктоо үчүн жасалган экспериментке Вашингтон О.К. жана Нью-Йорктон 2273 киши катышкан жана ал кишилерди анализдөө натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтык алынган:

травмадан соң стресстик бузулуу (PTSD) деп аталган психологиялык оору кол салуулардан мурда өлкө масштабында 4,3% болсо, кол салуулардан соң бул көрсөткүч Нью-Йорктун өзүндө эле 11,2%га көтөрүлгөн. Вашингтон О.К.де да ушул сыяктуу жыйынтыктар табылган. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр телевизордогу кабарлардын мазмунуна жараша бул көрсөткүчтүн өсүшү мүмкүн экенин аныкташкан.38 Булар тирешүүнүн жана кагылышуунун адам рухуна берген терс таасиринин кичинекей бир мисалы гана. Тирешүүнү күчөтүүнүн жана калкты мындан да тынчсыздандыруунун канчалык кооптуу экени апачык көрүнүп турат.44

Amerika-Irak savaş, gazete haberleri

1. Zaman Gazetesi, 19.1.2003

2. Radikal Gazetesi, 16.2.2003

War caused serious divisions in the West, and anti-war demonstrators organized mass demonstrations.

Америка башкаруусунун мындай тынчсызданууларды жоюу жана өлкөсүн потенциалдуу кол салуулардан коргоо үчүн керектүү чараларды көрүшү, албетте, зарыл. Бирок бул багытта колдонулган ыкма калкты андан да тынчсыздандырып, адамдарда дайыма бир коркунуч бардай бир маанай жаратпашы керек. Жүргүзүлгөн саясат бейпилдик маанайын берип, тынчтык ыкмалары гана колдонулушу керек.

Америка калкынын жана башкаруусунун тынчсызданууларын бүтүндөй жоюунун эң негизги жолу болсо Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу болот. Түрк-Ислам Биримдиги мындай коркуу менен тынчсызданууларды жок кылат. Бул биримдиктин түзүлүшү менен Ислам атын жамынып бир катар туура эмес өкүмдөрдү чыгарып, терроризмди туура нерседей көрсөтүүгө аракеттенген киши жана уюмдардын иш-аракеттери токтотулат. Булар чыгарган –жана бүт дүйнө Мусулмандарын күмөн астында калтырган- туура эмес диний чечмелөөлөрүнүн жараксыз экени көрсөтүлүп, Мусулман калктардын алданып, туура эмес түшүнүктө болушунун алды алынат. Мунун натыйжасында Мусулмандар жөнүндө чындыкка эч туура келбеген пропагандаларды жасаган чөйрөлөрдүн пропагандалары да текке кетип, бул багыттагы бүт иш-аракеттер майнапсыз болуп калат.

Толеранттуулук менен тынчтык тараптарларынын диалогу жана кызматташтыгы үчүн ылайыктуу пайдубал түзүлүп, тынчтыкты көздөгөн саясаттар үстөмдүк кылат.

Батыштын бөлүнүү коркунучу

zavallı, yoksul çocuklar

It will be proper and conscientious to divert that part of the budget allocated to weaponry to the education of children and poverty.

11-сентябрьдан соң АКШнын жүргүзгөн саясаты, өзгөчө Ирак согушу Батыш дүйнөсүнүн өз ара талашып-тартышып, бөлүнүшүнө себеп болду. АКШ ичинде согушка каршылар менен согуш тараптарлары арасында өтө олуттуу бир бөлүнүүчүлүк чыгып, тараптар бир-бирлерин «мекен чыккынчысы» же «варварлык» менен айыпташкан. Согушка барган процесс жана согуш бою болуп өткөндөр БУУ жана ЕС сыяктуу негизги эл аралык уюмдар ичинде да олуттуу пикир келишпестиктерге себеп болуп, кээ бир эксперттер Батыш биримдиги бузулуп баратат деп айтып чыгышты. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө миллиондогон адамдын катышуусунда уюштурулган митинг жана демонстрацияларда бул согушка каршы чыгуулар айтылды.

Чындыгында болсо бул процессти эң башынан токтотуу мүмкүн эле. Күчтүү бир Түрк-Ислам Биримдигинин болушу Америка жана Англия башкаруулары баш болуп бүт Батыш дүйнөсүнүн «массалык кыргын куралдары жок кылынсын», «террорго колдоо көрсөтүлбөсүн» деген туура талаптарынын эң ылдам орундатылышын камсыздай турган бир элемент болмок. Түрк-Ислам Биримдигинин жазалары менен кыска убакытта жыйынтык алынып, көп кишинин өлүмү менен материалдык жоготууларга себеп болгон бул согуш балким эч болбостон, кааланган натыйжа алынмак.

Ашыкча коргонуу чыгымдары

savaş uçağı, tanklar

Дүйнө өлкөлөрүнүн бюджеттери анализ кылынганда, көп өлкөдө эң көп үлүштүн коргонуу чыгымдары менен аскердик инвестицияларга бөлүнгөнүн көрөбүз. 20-кылым бою чоң-кичине болуп жалпысы болжол менен 250 согуш болуп, ал согуштарда болжол менен 110 миллион киши өмүрүнөн ажырады. 20-кылымдын башында башталган Биринчи дүйнөлүк согушка 20 өлкө катышып, 10 миллионгон жакын адам өлүп, согуш фронтто эле эмес, калк жашаган жерлерде да көп кыйроолорго себеп болду. Тарыхтын эң чоң согушу болгон Экинчи дүйнөлүк согушка болсо 110 миллион аскер катышып, алардын 27 миллиону фронтто өлүп, карапайым калктан болсо 25 миллион адам көз жумду. Согуш Атлантика океанынан Тынч океанга чейин ири аймакта ондогон өлкөнү кыйратты. Мисалы, Германияда 1,5 миллион үй кыйрап, 7,5 миллион адам үйсүз калган; Орусияда болсо 6 миллион үй кыйрап, 1700дөй шаар жана шаарча менен 70 миң айыл өрттөлүп кыйратылган.39 Бир эле 1990-2000-жылдардын арасында болсо дүйнөнүн 44 аймагында 56 куралдуу кагылышуу жана согуш болду.45

Кыскасы, өткөн кылым өтө кандуу болду. Тилекке каршы, бул жоготуулар адамзатты тынчтыкка багыттаган бир элемент болуунун ордуна, аскердик инвестициялардын андан да көбөйтүлүшүнө, коргонууга бөлүнгөн каражаттын өтө чоң масштабга жетишине себеп болду.

20-кылымдын чоң согуштарынын материалдык чыгымдары да өтө көп болду: Биринчи дүйнөлүк согуш 2850 миллиард доллар, Экинчи дүйнөлүк согуш 4000 миллиард доллар, Корея согушу 340 миллиард доллар, Суэц согушу 13 миллиард доллар, Вьетнам согушу 720 миллиард доллар, Израил-Арап согуштары 21 миллиард доллар, Афганистан согушу (1979-89) 116 миллиард доллар, Иран-Ирак согушу 150 миллиард долларлык чыгым алып келди...46

Бул кылым бою куралданууга бөлүнгөн каражат да күн сайын өстү. 2002-жылы жарыяланган отчеттор дүйнө өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдарынын болжол менен 1 триллион доллар болгонун көрсөтүүдө. Ошол эле учурда 1,2 миллиард адам дагы эле күнүнө бир доллардан төмөн кирешеге ээ. 113 миллион жаш баланын окууга баруу, билим алуу мүмкүнчүлүгү жок. Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 11 миллион жаш бала начар шарттар жана жакырчылык себебинен өмүрүнөн ажыроодо. Мындай шарттар себебинен 48 наристенин бирөөсү өлүк төрөлүүдө.47

Amerika-İsrail videoları

Every year, the American government gives millions of dollars to Israel to establish security and to support it. This is quite normal for nations who are allies. However, a permanent peace in the Middle East will enable such expenses to be lowered so that aid can be increased to such essential social sectors as education, health, and caring for the needy.

Америка Кошмо Штаттары болжол менен 400 миллиард долларлык аскердик каржоолору (чыгымдары) менен куралдануу тизмесинин башында турат. (Террор менен күрөшүү багытында бул каражаттын дагы 45 миллиард долларга көбөйтүлүшү Конгресстен талап кылынды.) АКШнын аскердик чыгымдары G7 өлкөлөрүнүн жалпы аскердик чыгымдарынан көбүрөөк.48 АКШдан кийин 60 миллиард доллар менен Орусия, Орусиянын артында болсо 42 миллиард доллар менен Кытай турат.49 Мындан тышкары, АКШнын 40тан ашуун өлкөдө аскердик базасы, БУУнун 190 мүчөсүнүн 132синде болсо аз же көп санда болсун аскерлери бар. Булардан тышкары, чет өлкөлөргө көрсөтүлгөн аскердик жардамдардын да Батыш өлкөлөрүнүн, өзгөчө АКШнын бюджетинде маанилүү үлүшү бар.

Дүйнөнүн жалгыз супер күчү болгон Америка экономикасына мынчалык чоң аскердик чыгымдар эч оор келбейт деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок сандар, тескерисинче, мындай эмес экенин, бул аскердик чыгымдардын Америка экономикасына өтө терс таасир тийгизип жатканын көрсөтүүдө. 400 миллиард долларлык каражатты коргонуу чыгымдарына бөлгөн Америкада 12 миллиону жаш бала болуп, жалпысы 31 миллион адам ачарчылык чегинде жашашууда. Америка калкынын 3%ынын ачарчылыкта жашаары аныкталган. Ачарчылык көйгөйүндө жашаган бул адамдардын көпчүлүгү мамлекеттен жардам ала албоодо. Муктаждыкта жашаган бул адамдарга жасалган жардамдар 1994-жылдан баштап 1/3ге азайган.50

Бул сандар дүйнөдө өлкөлөр жана маданияттар арасы тынчтыкты орнотуунун жана натыйжада коргонуу чыгымдарын азайтуунун канчалык зарыл экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Түрк-Ислам Биримдиги Ислам дүйнөсү менен байланыштуу бүт кагылышуу жана тирешүүлөрдү жок кылып, глобалдык бир тынчтык жана бейпилдикке шарт түзөт, жана Мусулман өлкөлөрдө эле эмес дүйнөнүн дагы көптөгөн өлкөсүндө да коргонуу чыгымдарынын азайтылышына жол ачат. Натыйжада курал-жарак технологиясына жасалган инвестицияларды, курал-жарактарды өнүктүрүүгө сарпталган акчаларды билим берүү, медицина, маданият сыяктуу тармактарга бурууга болот. Аскердик чыгымдарды азайтуу аркылуу ачарчылык, жакырдык, экологиянын бузулушу, жугуштуу оорулар сыяктуу дүйнөнүн келечегине кооптуулук жараткан көйгөйлөр менен күрөшүүгө көбүрөөк каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Коопсуздук тынчсыздануусунун бир топко азайышы калктардын бакубаттыгын көтөрүп, жашоо сапатын көтөрө турган иш-чаралар жүзөгө ашырылат. Маданият жана билим берүү долбоорлоруна бөлүнгөн каражат мындан да көбөйтүлүп, руханий жактан чың, дене жагынан күчтүү, сүйүү жана мээрим түшүнүгү жогору, толеранттуу урпактар өсүп жетилет.

Тынчтык бүгүнкү күндө, өзгөчө, Ислам дүйнөсү менен жакын байланыштуу болгон үч көйгөйлүү аймакта, б.а. Кавказ, Балкандар жана Ортоңку Чыгышта өтө зарыл. Учурда бул аймактардын баарында аскерлери жүргөн Америка Арап-Израил маселеси себебинен да жыл сайын Израилге өтө көп каражат бөлүүдө. Күчтүү Израил лоббисинин АКШнын өзгөчө тышкы саясатындагы бир тараптуу таасири Конгресстен жыл сайын бул өлкөгө берилген жардамдардын көлөмүндө да роль ойноодо. Экономист Томас Штауфер өз изилдөөсүндө Израилдин АКШ бюджетинен 1973-жылдан баштап жалпысы 1,6 триллион доллар чыгымга себеп болгонун аныктаган. Учурдагы калктын санына бөлгөндө бул бир адамга 5700 доллар дегенди билдирет.51 Албетте, АКШ өз союздаштарына жардам берүүгө укуктуу. Израилден тышкары, башка өлкөлөргө да ар кандай жардамдарды берүүдө, бирок Израилге берилген жардамдын негизги себептеринин жоюлушу Америка экономикасына оң таасирин тийгизет жана Израил жарандарынын келечеги жагынан да жакшы болот. Атеист сионисттердин эң негизги пропагандаларынын бири – бул Израил мамлекети кошуналары тарабынан дайыма коркутулууда жана ушул себептен коргоого муктаж деген пропаганда. Израилдин кошуна Арап өлкөлөрү менен согушуп, кагылышканы, дагы эле кээ бир тирешүүлөрдүн уланып жатканы туура. Бирок мындай абал бир тараптуу пайда болгон эмес. Атеист сионизмдин таасири менен Израил өкмөтү көбүнесе зомбулукчу жана күчкө таянган бир саясат жүргүзгөн.

Учурдагы жагдайды өзгөртүү жана эки калк тең коопсуз жашай турган бир тынчтык маанайын түзүү болсо эч кыйын эмес. Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу бул аймакка тынчтык алып келе турган маанилүү бир кадам болот. Бул биримдиктин курулушу менен Ортоңку Чыгышта жана бүт Ислам өлкөлөрүндө жашаган Христиан жана еврейлердин укуктары эң жакшы корголуп, алардын укугун коргоо үчүн Батыш дүйнөсүнүн өзүнчө стратегияларды иштеп чыгып, атайын каражаттарды бөлүшүнүн кажети жок болуп калат.

Энергетика ресурстарынын кепилдикке алынышы

20-кылымды биринчи жарымында көмүрдөн алынган энергия өтө маанилүү эле, экинчи жарымына болсо мунайзат энергиясы өз мөөрүн басты. Биринчи жарымында өнөр-жайда көмүрдөн алынган буунун күчү колдонулса, Экинчи дүйнөлүк согуштан соң мотор технологиясы жана мунайзаттын колдонулушу өстү. 20-кылымдын аягына жакын болсо табигый газ жаңы бир күч булагы катары пайда болду жана дүйнө экономикасында маанилүү роль ойноп баштады.

Учурда бул эки ресурсу, мунайзат менен табигый газы бар өлкөлөрдүн өндүрүш көлөмү, саясий шарттары, техникалык мүмкүнчүлүктөрү дүйнө экономикасы жагынан критикалык мааниге ээ. 1973-жылы болгон мунайзат шоку – мунайзаттын дүйнө экономикасындагы таасирин көрсөткөн бир мисал. Мунайзат баасынын кыска убакытта өтө өсүп кетиши экономикада начарлоо менен артка кетүүгө себеп болуп, бул абал бүт дүйнө өлкөлөрүнө таасирин тийгизген. Бул сыяктуу шоктор 1973-жылдан кийин да бир канча жолу болгон.

petrol arama çalışmaları

The global economy depends upon the oil exported from the Islamic world, especially the Gulf region. That region alone contains two-thirds of the world's known oil reserves: Iraq has 11% of the world's oil reserves. The United Arab Emirates has 9.2%, Kuwait has 8.6%, Iran has 13%, and other OPEC countries have 22.6%. In addition, research reveals that the oil exports of the Gulf region will increase by 125% between 2000 and 2020. No doubt, the prevalence of stability and peace in these regions, as well as true democracy, will enable humanity to benefit from these resources in the best way. This is only possible through the establishment of the Turkish Islamic Union.

Ушул себептен Батыштын Ислам дүйнөсү менен болгон мамилесинде Мусулман өлкөлөрдүн мунайзат, табигый газ сыяктуу энергия булактары же баалуу элементтер жана металлдар жагынан өтө чоң резервдерге ээ болушу маанилүү роль ойноодо. Бул өлкөлөрдүн гео-стратегиялык абалы да экинчи бир маанилүү жагдай. Батыш дүйнөсү бул ресурстарды башкара алуу жана бул аймакта таасирдүү болуп күчүн бекемдөө үчүн ар кандай стратегияларды иштеп чыгууда, бирок кээде империалисттик көз-караштын калдыктарын камтыган мындай стратегиялар Мусулман өлкөлөрдөгү бейпилдик менен тартипти бузууда. Туруктуулуктун бузулушу, албетте, Батыш дүйнөсүнүн кызыкчылыктарына да терс таасирин тийгизүүдө.

Бүгүнкү күндө АКШ күнүнө болжол менен 20 миллион баррель мунайзат керектейт. 1950-жылдары дүйнө мунайзат өндүрүшүнүн 52%ын камсыз кылган АКШ учурда күнүмдүк керектөөсүнүн 53%ын башка өлкөлөрдөн импорттоодо. Изилдөөчүлөр АКШнын мунайзат резервдери 20 жыл ичинде түгөнөт деп болжолдошууда. АКШ тарабынан импорттолгон мунайзаттын 24%ы болсо Ортоңку Чыгыштан алынат, ошондуктан Перс булуңу аймагы АКШнын келечеги үчүн өтө маанилүү. Ошол сыяктуу, Кавказдагы резервдердин да АКШ үчүн да, дүйнө экономикасы үчүн да мааниси чоң. Европа өлкөлөрүнүн бул аймактардан экспорттолгон мунайзат менен табигый газдан көз-карандылыгы болсо мындан да жогору. Бул аймактардын Батыш дүйнөсүнүн энергия коопсуздугундагы мааниси бул аймактагы өлкөлөр менен Батыш арасындагы кызматташтыкты талап кылууда. Мындай кызматташтыктардын түзүлүп, улантылышы үчүн аймактагы өлкөлөрдүн маданий жана экономикалык өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү зарыл. Ресурстарга бай аймактарда туруктуулук менен тынчтыктын өкүм сүрүшү, демократиялык системанын эң жакшы иштеши ал ресурстарды эң жакшы пайдаланууга шарт түзөт. Бул аймактарда башаламандыктын чыгышы, тартиптин бузулушу ал ресурстардын алып чыгылышына жана өндүрүшүнө да жолтоо болот жана ал ресурстарды башка өлкөлөргө жеткирүүдө да көп кыйынчылыктарды жаратат. Коопсуздук себебинен бул чийки зат ресурстарына жетүүнүн белгилүү убактарда канчалык кыйындашканы белгилүү нерсе. Же болбосо, алда канча үнөмдүү жана кыска жолдорду колдонуу мүмкүнчүлүгү турганда, ушундай эле себептен көп чыгым талап кылган жана узун жолдордон ташуу да өзүнчө бир көйгөй болот. Бул көйгөйлөрдүн баары Түрк-Ислам Биримдиги бул аймакка алып келген коопсуздук аркылуу чечилет.

Түрк-Ислам Биримдиги бул ресурстарды эң сарамжалдуу колдонууда жана ресурстарды пайдаланууда Ислам өлкөлөрү жана башка калктар эч зыян көрбөй турган бир модельдин иштеп чыгылышына салым кошот. Башка тармактардагы сыяктуу, экономикада да биримдикте иш-аракет жүргүзгөн Мусулман өлкөлөр ресурстарды колдонуу темасында да орток саясат белгилешет. Адилеттикке таянган бул саясаттын ар кайсы өлкө башчылары тарабынан тебеленишине жол берилбейт. Бул болсо мунайзат өндүрүшү жана баалары баш болуп дүйнөнүн экономикалык тең салмактуулуктары жагынан өтө маанилүү жагдайларда туруктуу жана тең салмактуу бир саясат жүргүзүлүшүнө шарт түзөт.

Батыштын жоопкерчиликтери

Ар өлкө тышкы саясатын аныктаганда, эң биринчиден өз кызыкчылыктары зыян көрбөй турган, калкына жана өлкөсүнүн келечегине пайда берет деп ишенген бир саясат жүргүзөт. Бирок бир өлкөнүн өз кызыкчылыктары үчүн башка калктардын кызыкчылыгына тоскоол болбошу, аларга зыян тийгизбеши негизги адеп-ахлактык шарт болуп саналат. АКШнын жана Батыш дүйнөсүнүн Мусулман өлкөлөр менен болгон мамилесинде да ушундай болушу керек. Бирок кээде кээ бир Батыш өлкөлөрү Ислам дүйнөсүнө байланыштуу саясаттарды иштеп чыгууда өз кызыкчылыктарын гана ойлоп, Мусулман калктардын эң негизги муктаждыктарын да эске албай коюшууда. Бул болсо кээ бир Мусулман өлкөлөрдө белгилүү чөйрөлөрдө бир Батыш душмандыгына себеп болуп, эки маданият арасында эки тараптуу бир коркуу менен тынчсызданууну жаратууда. Чындыгында болсо, эки тараптын тең тынчсыздануу жана коркууларын толугу менен жоюуга болот.

Бул үчүн Батыштык өкмөттөр, өзгөчө Америка башкаруусу кээ бир «маданияттар кагылышуусун» күсөгөн күч борборлоруна карата этият болуп, алардын пропагандаларына алданбашы керек. Бул күч борборлорун төмөнкүчө санап өтүүгө болот:

1) Дүйнөгө социал дарвинизм көзү менен караган чоң муштумдукту жактагандардын жаңылыштыктары

Darwin

Western imperialists, who sawsome nations as "primitive" and "unevolved," received support from Darwinism. According to this misguided theory, some nations, including the Aborigines of Australia, could not complete their development and thus were supposedly inferior to the white race.

Бул – Батыш дүйнөсүндө дагы эле кээ-кээде өз таасирин көрсөткөн жана батыш калктарынан башка калктарды «примитивдүү (төмөн)» деп караган бир көз-караш. Бул көз-караш – 19-кылымда жана 20-кылымдын башында Батыш өлкөлөрүндө өкүмчүлүк кылган жана «илимий колдоосун» эволюция теориясынан алган империалисттик көз-караштын калдыгы. Белгилүү болгондой, Дарвин бул илимге сыйбас теориясында адамдар маймылдар менен орток бир атадан келген деп айткан. Жана адам расалары арасында теңсиздик пайда болуп, кээ бирлери өтө жогору эволюциялашса, кээ бирлери дагы эле «жарым маймыл» бойдон калган деген. Заманбап илим тарабынан толугу менен кыйратылган бул теория жаңы чыккан кезде көп чөйрөлөр тарабынан кабыл алынды. Батыштык империалисттер да башка калктарды колониалдаштырууда жана кул кылууда өздөрүн туура көрсөтүү үчүн Дарвиндин ушул «илимий» пикирлерин колдонушту. Батыштык «ак раса» жогору, «жашоо күрөшүндөгү» башка расалар болсо төмөн деп, ал калктарды колониалдаштырууну кадимки нерседей көрсөтүүгө аракет кылышты. Колониалдаштырууну болушунча ылдам улантып жатышып, ал калктарга «маданият» алып барып жатабыз дешти. Мунун канчалык чоң жаңылыштык экени кийинчерээк белгилүү болду. Илимдин алга жылышы менен Дарвиндин теориясынын эч кандай илимий баркы жок экени жана чоң бир алдамчылык экени белгилүү болуп, империалисттердин барган жерлерине маданиятка караганда көбүрөөк зулумдук алып барганы аныкталды. Бирок империалисттик көз-караштын жана дарвинист логиканын таасирлери бүгүнкү күнгө чейин аз болсо да жетти.

Бүгүн да Батыш дүйнөсүндө мындай туура эмес ойлордун таасиринде калган кээ бир чөйрөлөр Батыштын башка өлкөлөр менен мамилесин аныктап жатканда «биз жана маданиятыбыз силерден жогору» деген көз-карашка таянышууда. Бул тирешүүгө себеп болуп, учурдагы маселелерди туюкка түртө турган өтө чоң бир жаңылыштык. Батыш маданияты да, Ислам маданияты да өтө тамырлуу маданияттар. Ал тургай, китептин башында айтып кеткендей, Ислам маданияты Батыш маданиятына терең таасирин тийгизген. Маданияттар арасындагы айырмачылыктар бир үстөмдүк темасына же урушуу себебине айланбашы керек, тескерисинче түрдүү түрдүү маданияттар бир-биринин толуктоочусу жана колдоочусу катары кабыл алынышы зарыл.

Ошондой эле, согуштарды жана эл аралык тирешүүлөрдү «жакшы бир курал-жарак рыногу» катары көргөн, акча табуу үчүн гана адамдарды өлүмгө түртүүнү каалаган кээ бир «аскердик-өнөр-жай комплексинин» өкүлдөрүнүн пропагандаларына карата да өтө этият болуу керек.

2) Согушчан бир Христиандыкты жактаган чөйрөлөрдүн жаңылыштыктары

Христиандык – сүйүү менен тынчтыктын дини. Инжилде Христиандарга душмандарыңарды да сүйгүлө, бүт адамдарга жакшылык кылгыла деп буйрулат. Учурда дүйнөдөгү көп Христиандар бул насааттарды угуп, тынчтыкты каалаган мүнөздө болушууда. АКШдагы чиркөөлөр менен Христиан лидерлердин көпчүлүгү да ушундай. Бирок, экинчи тарапта, Ортоңку доордогу кресттүүлөр көз-карашын сактап, Исламга карата өтө кабанаак жана адилетсиз жоромолдорду жасаган кээ бир Христиан лидерлер да бар. Булар мындай туура эмес жоромолдору менен бир тараптан Мусулмандарга зулумдук кылса, экинчи тараптан, Байыркы Осуятка (Ветхий Завет) бир катар маанилерди кошушуп, жакынкы келечекте Мусулмандар менен Батыш дүйнөсү арасында бир согуш болоорун, эң жаманы, болушу керек экенин айтышууда. Израилдин радикалдарына параллелдүү бир «стратегиялык көз-караштагы» мындай Христиандардын жаңылыштыктарын өздөрүнө акылдуу Христиандар көрсөтүшү керек. Кресттүүлөр 1000 жыл мурда жасаган катаны бүгүн кээ бир Христиандар кайталоону көздөбөшү керек.

3) Радикалдуу жана атеист сионисттердин жаңылыштыктары:

Haham Meir Kahane

The Kach, a radical organization established by Rabbi Meir Kahane in Israel that operates in America under the name of the Jewish Defence League, carried out activities against Muslims in Palestine. Kach embraces some fanatical ideas, among them the idea that Jews are superior to all other people and that all non-Jews are animals (goyim). For this very reason, they advocate the ethnic cleansing of all Arabs in all lands ruled and occupied by Israel. The murder of 67 Muslim worshippers, along with the wounding of 300 others, in the Ibrahim Mosque in 1994 was just one of this fanatic group's deeds.
(picture above: Rabbi Meir Kahane)

Исламга каршы бир «кресттүүлөр жүрүшүн» уюштурууну көздөгөндөрдүн башында болсо кээ бир Израилдик радикал саясатчылар жана алар сыяктуу ойлонгон АКШдагы Израил лоббиси турат. Булар Израил Ортоңку Чыгышта өзүн коргошу үчүн басып алган жерлерден кайтып Арап-Ислам дүйнөсү менен жарашуунун ордуна, катуу жана өжөр саясатын улантышы керек деп ойлошууда. 1920-жылдары фашист сионист лидер Жаботинский чыгарган «Темирден дубал» (Iron Wall) стратегиясына ылайык Израилди заманбап бир Спартага* айландыруу, АКШны болсо бул согуш мамлекетинин эң чоң коргоочусу кылуу ниетинде жүрүшөт.

Бул радикалдуу көз-караштан да Америка башкаруусу этият болушу керек. Ошондой эле, Израилдин чыныгы Иудей ишеними талап кылгандай «тынчтыкты жакташы» керек экенин жактаган, араптар менен еврейлердин арасында тынчтыкты каалаган динчил еврейлер да мындай радикалдуу пикирлерге каршы чыгып, дүйнөнү согушка түртүүнү каалагандарга бөгөт болушу зарыл.

Булар бир «маданияттар кагылышуусунун» алдын алуу үчүн Батыш бөгөт болушу керек болгон агымдар. Ислам дүйнөсүндөгү эң негизги маселелердин бири болсо – бул, башынан бери айтылып келе жаткандай, чачырандылык. Мусулман өлкөлөрдүн өкүлү боло турган борбордук бир бийликтин жоктугу Батыш дүйнөсүнүн Мусулмандар менен түзгөн мамилесин бир пайдубалга коюшун кыйындатууда. Кээде бөтөнчө иштер бүт Мусулмандардын мойнуна жүктөлгөнү, кээде болсо бүт Ислам дүйнөсүнө тиешелүү маселелер жекече окуялар деп кабыл алынганы үчүн туура эмес стратегиялар иштеп чыгылып, Ислам дүйнөсүн да, Батыш дүйнөсүн да тынчсыздандырган абалдар келип чыгууда. Мындай жагдайларда Мусулмандардын жалпы пикирин жана талабын билдирген, Мусулмандардын укуктарын коргоп, Батыш дүйнөсүнө жол көрсөткөн бир уюмдун жоктугу көп кыйынчылыктарды жаратууда. Бул дагы Түрк-Ислам Биримдигинин курулушунун маанилүүлүгүн бизге дагы бир жолу көрсөтүүдө.

* Бүт фашисттик системалар тарабынан өрнөк алынган Спарта мамлекети б.з.ч. 8-кылымдарда Ликург (Lykurgos) аттуу бир адам тарабынан аскердик бир мамлекет болуп түзүлгөн эле. Спарта толугу менен бир согушчан жана зомбулукчу мамлекет эле.

Булактар

44. "Study Shows New Yorkers Suffered Most Post-9/11 Psychological Stress," Scientific American (August 7, 2002).

45. Kemal Girgin and Isik Birben, 21. Yuzyil Perspektifinde Dunya Siyaseti (World politics in the Light of Twenty-first Century) (Istanbul: 2002), 25.

46. Ibid., 30.

47. UNDP 2002 Annual Report.

48. "Global Issues That Affect Everyone," http://globalissues.org/Geopolitics/ArmsTrade/ Spending.asp

49. Military Budgets of Selected Countries, 2001. Online at: www.infoplease.com/ipa/A0904504.html.

50. USDA (United States Department of Agriculture) report.

51. David R. Francis, "Economist Tallies swelling cost of Israel to US," The Christian Science Monitor December 9, 2002.

52. The Spartan state, adopted as a role model by all fascist systems, was founded as a military state by the lawmaker Lycurgos around the 8th century bce. Sparta was literally a state of war and violence.