Түрк-Ислам Биримдиги Сүйүнчүсү

Бул китеп 2003-жылдын жай айларында жазылды. Эгер мындан 20, 30, 40 же 50 жыл мурдакы убакта болгонубузда, анда бир «Түрк-Ислам Биримдигинен» сөз кылуу да өтө кыйын болмок. Себеби дүйнөнүн абалы да, Ислам дүйнөсүнүн абалы да мындай биримдиктин түзүлүшү үчүн керектүү шарттарда эмес эле. Тескерисинче, мындай бир биримдиктин түзүлүшүнө бөгөт боло турган көптөгөн шарттар бар эле. Бирок дүйнө 1980-жылдардан баштап бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болду жана булар бир Түрк-Ислам Биримдигинен сөз кылууга жана аны куруу үчүн аракеттенүүгө мүмкүндүк берди.

Түрк-Ислам Биримдигинин жолун ачкан бул чоң өзгөрүүлөрдү бир-бирден карайлы.

Мусулмандардын эгемендикке жетиши

darwinizm, leninizm

Дүйнө жүзүндөгү акыркы Түрк-Ислам Биримдиги – бул улуу, салтанаттуу Осмон Империясы эле. Ал кулагандар баштап Ислам дүйнөсү чоң-кичине мамлекеттерге бөлүнүп, ал мамлекеттердин көпчүлүгү көпкө чейин Батыштык мамлекеттердин колониясы болушту. 1920-жылдардан баштап бүт Ортоңку Чыгыш, Түндүк Африка, Индостан жарым аралы жана Тынч океан Мусулмандары Англия менен Франция баш болуп, Европалык колонист мамлекеттердин карамагына өтүштү. Орто Азия менен Кавказдагы Мусулмандар алда канча катуу бир башкаруунун, Советтик Россия диктаторлугунун астында калышты. Балкан Мусулмандары сербдер жана хорваттар сыяктуу мусулман эмес калктардын башкаруусуна өтүшүп, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо бул башкаруулар коммунисттик идеологияны да кабыл алып, Исламга каршы болуп калышты.

Кыскасы, 20-кылымдын көп бөлүгүндө дүйнө Мусулмандарынын көпчүлүгү колония болуп турду. 1950- жана 60-жылдары колониалдаштыруунун бүтүшү менен Мусулмандар да эркиндикке жетип башташты. Англия алгач Индостан жарым аралын, андан соң болсо Ортоңку Чыгышты таштады. Индия жарым аралында Пакистан жана кийин Бангладеш деп атала турган Чыгыш Пакистан курулду. Ортоңку Чыгыштагы Египет, Иордания, Ирак сыяктуу Мусулман мамлекеттер көз-карандысыздыкка жетишти. Түндүк Африка узун жана оор бир процесстен соң француз империализминен кутулду. Африкадагы башка Мусулман өлкөлөр да 1960-жылдары биринин артынан экинчиси көз-карандысыздыкка жетишти. Чыгышта Малайзия менен Индонезия экөө тең 1965-жылы көз-карандысыздыгын жарыялашты.

1980-жылдардын аягында Коммунисттик блоктун жана 1991-жылы СССРдин кулашы менен бул башкаруулардын карамагындагы Мусулмандар да көз-карандысыздыкка жетишти. Орто Азиядагы Мусулман түрк тилдүү мамлекеттер 1,5 кылымдан ашыкка созулган Россия башкаруусунан кутулуп, көз-карандысыз мамлекеттерге айланышты. Коммунизмдин кыйрашы Балкан Мусулмандарына да эркиндик алып келди. Босния жана Герцеговина серб өкүмчүлүгүндөгү Югославиядан кутулуп, Европанын ортосунда бир Мусулман мамлекет катары сахнага чыкты. Албания канкор, жеткен атеист диктатор Энвер Ходжа курган заалым коммунисттик режимден кутулду.

Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдөгү азчылыктардан жана Палестина, Кашмир сыяктуу басып алынган бир канча Мусулман өлкөдөн тышкары, дүйнө Мусулмандары өз саясий эгемендүүлүгүнө ээ. Бул маанилүү саясий өзгөрүү 20-кылым бою мүмкүнчүлүк берилбеген бир «Түрк-Ислам Биримдигинен» сөз кылууга 21-кылымда мүмкүнчүлүк берүүдө.

Атеист идеологиялардын таасиринин азайышы

Ислам өлкөлөрү, жогоруда айтылгандай, 1950-жылдардан баштап көз-карандысыздыкка жетип башташты, бирок көз-карандысыздык дайым эле «аң-сезим» маанисине келе бербейт. Тескерисинче, көз-карандысыздыкка жеткен Ислам өлкөлөрүнүн кээ бирлеринде Ислам ахлагынын маңызындагы баалуулуктарга карама-каршы келген идеологиялык агымдар күчөдү.

1950- жана 60-жылдары Арап дүйнөсүнө терең таасирин тийгизген «Арап социализми» мунун бир мисалы эле. Ислам ахлагында эч кандай орду жок күчтүү бир Арап улутчулдугуна жана кайра эле Исламда орду жок радикалдуу марксист сөздөр менен ыкмаларга таянган Арап улутчулдугу кыска убакытта күчтөнүп, бирок кайра ылдам артка кетти. Арап дүйнөсүнө болсо убакыт жоготуусу менен конфликттерди гана алып келди.

Türk_İslam Birliği

During the twentieth century, major changes took place in the Islamic world: In 1950s and 1960s, many Muslim countries became independent, and in the 1990s, communism collapsed, which enabled most Muslims living under its system to achieve a better and more comfortable life.

Мындан тышкары, Мусулман өлкөлөр ар башка уюлдарга бөлүнүшкөн. Ал кезде дүйнө АКШ менен СССР башчылык кылган эки уюлга бөлүнгөн эле жана Мусулман өлкөлөр орток иш-аракет жүргүзүү мындай турсун, бул эки уюлга дээрлик бирдей болуп бөлүнүшкөн эле. Арап өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Советтер Союзуна жакын болушкан. Мусулман Египет Мусулман Пакистан менен согушуп жаткан Индия менен чогуу «бирикпөөчүлөр» кыймылына лидерлик кылуудан тартынган эмес.

Ислам дүйнөсүнүн саясий, стратегиялык жана маданий мааниде чындап «Ислам дүйнөсү» деп аталышы жана ортого чыгышы Кансыз согуш бүткөн соң гана мүмкүн болду. Кансыз согуш учурунда «Ислам дүйнөсүнөн» сөз кылуу көп мүмкүн эмес эле. Кансыз согуштан соң болсо «Ислам дүйнөсү» маанилүү рольго ээ болду.

Кансыз согуш доорунун калдыктарынын Ислам дүйнөсүнөн тазалануу процесси болсо дагы эле уланууда. Бирок болуп жаткан өзгөрүүлөр Ортоңку Чыгышта толеранттуу жана демократиялык бир маанайдын түзүлөөрүн сүйүнчүлөөдө жана бул болсо Ислам ахлагын түшүнүү, түшүндүрүү жана турмушка ашырууга, албетте, алда канча жакшыраак шарттарды пайда кылууда. Ошондой эле, Мусулмандар арасындагы салт болуп калган кээ бир бөлүнүүчүлүктөрдүн Ортоңку Чыгыштагы акыркы саясий өзгөрүүлөр натыйжасында жумшарышы да маанилүү бир жылыш. АКШнын Иракты басып алышы учурунда Ирактагы сунниттер менен шииттердин тарыхта биринчи жолу бир мечиттерде намаз кылышы жана орток хутбаларды бериши сыяктуу...

Эл аралык мамилелерди маданият түшүнүгүнүн маанисинин өсүшү

Кансыз согуштун бүтүшү Мусулмандарды эки башка саясий лагерьге бөлгөн мажбурлуу бөлүнүүнү жок кылды. Ошондой эле, саясий идеологиялардын ордуна маданияттардын алдыңкы планга чыгышына шарт түздү. Сэмюэл Хантингтон айткандай, эми адамдар «кимдин тарабындасыз» деген суроо менен эмес, «кимсиз»53 деген суроо менен таанытылып калды. Балкандардан Орто Азияга, Ыраакы Чыгыштан Түндүк Африкага чейин өздөрүн мурда «социалист», «югослав», «совет», «анти-коммунист» же «улутчул» деп тааныткан көп адамдардын мындай өзгөчөлүгү эмес, кайсы маданияттын өкүлү экени маанилүү болуп калды.

Сэмюэл Хантингтондун бул чындыкты айткан «маданияттар кагылышуусу» гипотезасы – бул жагынан маанилүү бир гипотеза. Хантингтон 21-кылымда дүйнөнүн улут-мамлекеттер же саясий блоктор тарабынан эмес, көбүрөөк маданияттар тарабынан калыптандырылаарын, негизги өздүк маалыматтын маданият болоорун туура аныктап айткан. Маданияттын динге таянып белгиленээрин да туура болжогон. Хантингтондун маданияттар арасындагы мамиле кагылышууга барат деген божомолу жаңылыштык болгон. Чындыгында болсо, бул китепте да каралгандай, маданияттар арасындагы мамиле кагылышуу эмес достукка жана кызматташтыкка таяна алат; ал үчүн Хантингтонду жана ал сыяктуу ойлонгондорду туура эмес багытка бурган согушчан, социал-дарвинист дүйнө көз-карашынан баш тарттыруу керек.

Дүйнөдөгү адамдардын маданиятка карап аныкталышынын жалгыз себеби кансыз согуштун бүтүшү эмес экенин да айта кетүү керек. Дагы бир маанилүү себеп – бул бүт дүйнөдө атеизмдин кыйрашы жана дин ахлагынын жогорулашы. Бул акыркы эки кылымдан бери дүйнө жүзүндө маданий гегемония курган материалисттик философиянын жаңы илимий жана коомдук өнүгүүлөр натыйжасында кулап башташы менен түз байланышта. Өзгөчө илимий өнүгүүлөр материализмдин таянычтарын кыйратып, натыйжада адамдардын Аллахтын бар экендигинин далилдерин жакшыраак көрө алышына шарт түзүүдө. Аллахка ишеним барган сайын күчтөнгөн, адамдар кайрадан дин ахлагына багыт алган бир доордо, албетте, Исламга болгон ыйман да өсүүдө.

Исламдын дүйнөнүн эң актуалдуу темасына айланышы

Бүт дүйнөдө дин ахлагынын өсүшүндөй кызыктуу дагы бир окуя болууда: бүт диндер арасынан эң көп өскөн дин – бул Ислам. Учурда Ислам дүйнөнүн эң ылдам өсүп жаткан дини жана бул чындыкты бүт адамдар кабыл алышууда. Болгондо да, Ислам дүйнөдөгү эң актуалдуу тема болууда.

Мындан 30-40 жыл мурда болсо абал такыр башкача эле. Дүйнө кансыз согуштун тар идеологиялык калыптары ичинде ойлончу. Болгондо да, материалисттик дүйнө көз-караштарынын таасири менен дин ахлагы адамдардын жана коомдордун жашоосунда аныктоочу роль ойнобойт деген жаңылыштык өкүмчүлүк кылчу. Бирок 1980-жылдардын башынан баштап Ислам бир заматта дүйнөдө эң актуалдуу болуп калды жана Ислам ахлагынын адамдарды жана калктарды кыймылдата турган чоң күч экенин батыштыктар да байкашты.

1990-жылдары батыш дүйнөсүнүн Исламга болгон кызыгуусу андан да өстү. Медиада Ислам жөнүндөгү кабарлардын санынын өсүшү мунун бир көрсөткүчү эле. Исламга болгон эң көп кызыгуу болсо –чындыгында Ислам ахлагына толугу менен карама-каршы келген- 11-сентябрь кол салууларынан соң башталды. Батыштыктар, эң биринчиден америкалыктар, Ислам ахлагы менен жакшыраак таанышуу, Мусулмандарды түшүнүү үчүн өтө аракет кылып башташты. Учурда Батыш медиасынын жана батыштык илимий изилдөөлөрдүн көп маанилүү бөлүгү Ислам дини менен байланыштуу. Булардын бир бөлүгү стереотиптүү жоромолдорду камтыса да, баары бир дүйнөнүн көңүлүн Исламга буруп, көбүрөөк адамдын Ислам ахлагына багыт алышына шарт түзүүдө. (Бул жөнүндө тереңирээк маалымат үчүн караңыз: İslam'ın Yükselişi (Исламдын бийиктеши), Harun Yahya)

Мусулмандар арасындагы глобалдуу байланыш менен көмөктөшүүнүн өсүшү

şehit müslümanlar

Islam is the most rapidly spreading religion in the world. Many people in the West are making an effort to learn about its morality and frankly express the admiration and interest they feel for Islam.

3. Blair: Koran inspired me

Түрк-Ислам Биримдигинин жолун ачкан өтө маанилүү дагы бир окуя болсо – бул 1980-жылдардан баштап барган сайын өскөн, 1990-жылдары интернет баш болгон байланыш технологиясынын өнүгүшү менен өтө ылдамдаган глобалдашуу процесси. Кээ бир Мусулмандар Батыш маданиятынын «унаасындай» көргөн глобалдашууга терс көз-карашта болушууда. Чындыгында болсо, бүт дүйнөнүн бир-бири менен тыгыз маданий мамилелерде болушун жана дүйнөнүн бүт маданияттарынын орток бир тилде байланыш курушун камсыздаган глобалдашуу дүйнө Мусулмандарынын илимге, маалыматка жетишин жеңилдетип, бир-бири менен болгон мамиле жана кызматташтыктарын өтө өнүктүрдү. Натыйжада Мусулман калктардын аң-сезиминин өсүшүнө маанилүү бир себепчи болду.

Интернеттин өзү эле Мусулмандар арасындагы байланыштын канчалык өнүккөнүн көрсөтүүдө. Интернет технологиясы бүт адамдар үчүн да, Мусулмандар үчүн да маанилүү бир немат-жакшылык болду. Интернет урматында орток иш-аракеттердин саны көбөйүп, ошондой эле илим-маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү да өтө кеңейди. Натыйжада Ислам дүйнөсү да кошо, дүйнөнүн төрт тарабында окуган, ойлонгон, пикирлер жараткан жана чечүү жолдорун иштеп чыккан урпактар өсүп-жетилүүдө. Малайзиялык бир коом таануучу жана изилдөөлөрүн Германиядагы Freie Universität of Berlin'де жасаган Фариш А. Нур (Farish A. Noor) глобалдашуунун Ислам дүйнөсүнө болгон таасирлерин караган бир изилдөөсүндө мындай дейт:

Өнүккөн байланыш технологиясы жана илим менен маалыматтын эркин кыймылы урматында Мусулмандар эми Исламдык илимдердин түздөн-түз маңызына жетүүдө эркин; Исламдык көз-караштын негизги китептери жана баяндары эми алыстагы китепканалардагы аз сандагы китеп менен чектелбейт...

Мунун натыйжаларынын бири... Исламдык жактан аң-сезимдүү жана билимдүү жаңы урпактардын жетилиши. Исламдык китептер менен илимге жетүү ошол эле учурда Мусулман аялдардын жана (илимий тарапта алектенбеген) катардагы Мусулмандардын Ислам жөнүндө көбүрөөк маалымат алышына, ой жүгүртүшүнө жана жоромол жасашына шарт түзүүдө. Бул глобалдык Исламдык тармактардын курулушу урматында Мусулман дүйнөнүн төрт тарабында болуп жатат.54

Нур айткандай эми «убакыт менен жер адамдарды бөлбөгөн (чек ара болбогон) бир Ислам дүйнөсү» бар.55

Интернет эле эмес, медиа да дүйнө Мусулмандарын бириктирүүдө. Кандайдыр бир Ислам өлкөсүндөгү бир маселе бир заматта бүт Ислам өлкөлөрүндө жарыяланып, ал жерлерде да актуалдуу болуп, ал жерлердеги Мусулмандардын да маселесине айланууда. Бүт бул мүмкүнчүлүктөр Мусулман дүйнөсүнүн алда канча жаркын бир келечекке жете алаарын көрсөтүүдө.

Батыштыктардын Осмон империясын эңсеши

Китептин башынан бери баса белгилеп, курулушу үчүн чакырык жасалып жаткан Түрк-Ислам Биримдиги Мусулмандарга да, Мусулман эместерге да көп пайдаларды алып келе турган, адилеттүү, демократиялык жана заманбап бир уюм болот. Түрк-Ислам Биримдиги курулса, Батыш баш болуп башка маданияттар да достук жана тынчтык мамилелерин кура ала турган, туруктуу жана ишенимдүү бир бийликти таба алышат. Мусулман атын жамынып чыккан кээ бир радикалдуу агымдарга бөгөт болуу жана тарбиялап айыктыруу иши Түрк-Ислам Биримдигинин жумушу болуп; Батыштын бул жөнүндөгү тынчсыздануулары толугу менен жоюлат.

Osmanlı Devleti'nin üstünlüğü

1. Daily Turkiye, 3.12.2002 (The truth on which the world is agreed...
THE OTTOMANS LEFT AND PEACE CAME TO AN END)
The New York Times wrote that the fragmentation of the Ottoman Empire lay at the root of most of the international problems and conflicts.

2. Daily Milliyet, 28.4.2003 (The Guardian: As the Ottomans Left, the Problems Began)

Түрк-Ислам Биримдигинин жакындап келе жатканын көрсөткөн маанилүү алааматтардын бири – бул сөз кылынып жаткан «Ислам Биримдиги муктаждыгынын» батыштыктардын да түшүнүп башташы. Өзгөчө мурдакы Осмон империясы аймагында бир кылымдан бери уланып келген бийлик боштугу көрүнүп, Осмон империясы моделинин кандайдыр бир жол менен кайрадан кайтып келиши менен мунун чечилээри айтылууда.

Бул жөнүндө батыш медиасында чыккан жоромолдордун бири – бул 2003-ж. 9-мартында New York Times гезитинде жарык көргөн Дэвид Фромкиндин (David Fromkin) "A World Still Haunted by Ottoman Ghosts" (Дагы эле Осмон империясы элестерине толгон бир дүйнө) аттуу макаласы. Макаласына «бир элес АКШны тынчсыздандырат, бул Осмон императорлугу элеси» деп баштаган Фромкин мындай деп жазган:

Бүгүнкү күндө Буш башкаруусундагы амбициялуу ысымдар Иракты басуу менен эле чектелбей, муну Арап Ортоңку Чыгышын реформалоодо бир негиз катары колдонууну да көздөп жатат.

Мурда батыштык өлкөлөр (Англия менен Франция) дагы бир жолу Осмон империясы жерлерин реформалоо ишине киришишкен эле. Бул өлкөлөр Биринчи дүйнөлүк согуштан жеңиш менен чыккан соң Ортоңку Чыгыштын картасын кайрадан чийишти. Ирак жасалма жол менен түзүлгөн мамлекеттердин бири эле.

Биринчи дүйнөлүк согуштан соң Англия менен Франция Осмон империясын жеңип, арап жерлерин контрольдоп калышты. Жана муну менен бирге дагы бир нерсеге ээ болушту: бул жерлерде көп мунайзат ресурсунун табылуу ыктымалы.

Европалыктар менен алардын америкалык бизнес ортоктору бул аймактарда достукча жана туруктуу режимдерди курууну үмүттөндү. 1920-жылдардын башында чек араларды кайрадан чийген соң Англия менен Франция бир мамлекет системасын баштады жана саясий жол башчылык кылууга да аракеттенди. Бирок система чыдай албады. Тескерисинче, аймак андан да туруксуз жана чуулгандуу болду.

Артты караганыбызда, президент Буш кээ бир бөлүктөрүн өзгөртүүнү каалаган Ортоңку Чыгыштын көпчүлүк мүнөздөрүнүн беш кылымдык Осмон империясы башкаруусунда калыптанганы апачык көрүнүп турат.56

şehit müslümanlar

1. Daily Ortadogu, 4.12.2002 - THEY WISH THE OTTOMANS WERE BACK
The fact that present day wars in many countries, from the Caucasus to the Balkans and the Middle East, began with the end of Ottoman rule is on foreigners' agendas.

2. Daily Yeni Safak, 18.12.2001 - (THE OTTOMANS LEFT AND PEACE CAME TO AN END)

vizeler kaldırılıyor

1. Daily Bugun, 17.09.2009 (TURKEY AND SYRIA HAVE LIFTED THE VISA REQUIREMENTS BETWEEN THEM)
2. Daily Zaman , 20.09.2009 (EVERY DAY IS NOW A HOLIDAY ON THE SYRIAN BORDER!)
3. Daily Star , 24.072009 (A GIANT UNION IN THE MIDDLE EAST)
4. Daily Bugun , 18.09.2009 (BASRA AND EDIRNE WILL BE LINKED TOGETHER)

Türk-İslam Birliği

1. Daily Milli Gazete, 6.06.2008 (BEFORE ALL ELSE, TURKISH-ISLAMIC UNION)
2. Daily Sabah, 10.02.2009 (THE NEW OTTOMANS WILL RESOLVE THIS PROBLEM)
3. Daily Vakit, 17.07.2009 (MUSLIMS CAN GET BACK ON THEIR FEET WITH ISLAMIC UNION)

Osmanlı, Balkanlar

Daily Turkiye, 20.10.2008 (THE BALKANS ARE LOOKING FOR THE OTTOMANS)

Англис журналист Тимоти Гартон Эш (Timothy Garton Ash) болсо The Guardian гезитинде 2003-ж. 27-мартында чыккан макаласында да ушул сыяктуу бир анализ жасаган. Косоводогу албандардын жана Түндүк Ирактагы күрттөрдүн көйгөйлөрүн караган Эш «эки жагдайда тең дагы эле, бир кылым өткөн соң да Осмон императорлугунун мурасын көрөбүз» дейт жана макаласын мындайча аяктайт:

Беттешели: (Ирактагы) бул кандуу согуш бүткөндө, 1918-жылга кайра кайткан болобуз, б.а. чоң аталарыбыз Балкандардан Ортоңку Чыгышка чейин туш болгон суроолордун көпчүлүгү менен жана дал ошол аймактарда бетме-бет калабыз. Жана дагы эле буларга бере турган бир жообубуз жок. Кээде Осмон императорлугун кайрадан курушубуз керек деп ойлойм.57

Батыштыктар да «Осмон императорлугун кайрадан куруш керек» деп ойлоп жаткан бир доордо Мусулмандардын бул ишке төрт колдоп жабышышы керек экени анык.

Хижрий 14-кылымдын башынан бери болуп өткөн окуялар Мусулмандардын тарыхтын маанилүү бир бурулуш чекитинде турганын көрсөтүүдө. Бул жоопкерчиликке ылайыктуу болуу – баарыбыздын милдетибиз.

Türkiye lider

1. Daily Hurriyet, 10.02.2009 (ONLY NEW OTTOMAN CAN SAVE THE MIDDLE EAST)
2. Daily Yeni Asya, 27.04.2009 (TURKEY IS AN IMPORTANT COUNTRY)
3. Daily Milliyet, 17.02.2009 (WE APPRECIATE TURKEY'S LEADERSHIP)

Булактар

53. Anouar Boukhars, "The ‘global divide' is not Islam vs. America," Global Beat Syndicate (May 12, 2003).

54. Dr. Farish A. Noor, The Caliphate: Coming Soon To A Country Near You?The Globalisation of Islamic Discourse and its Impact in Malaysia and Beyond (Institut fur Islamwissenschaft; Freie Universitat of Berlin, 2000), 31. Online at: www2.ucsc.edu/globalinterns/cpapers/noor.pdf.

55. Ibid., 26

56. David Fromkin, "A world still haunted by Ottoman Ghosts," New York Times March 9, 2003.

57. Timothy Garton, The Guardian, March 27, 2003.