Түрк-Ислам Биримдиги Мусулмандарга Кандай Пайдаларды Алып Келет?

Учурда дүйнө саясаты өлкөлөрдүн эл аралык бир биримдиктин ичинде болушун бир өлкөнүн улуттук коопсуздугу жана экономикалык кызыкчылыктары үчүн мажбурлуу кылууда. Көбүнчө географиялык жайгашышына карап түзүлгөн мындай өлкөлөр аралык кызматташтыктарда кен байлыктар, соода аймактары жана ал тургай маданий баалуулуктар да маанилүү бир роль ойноодо. Бир аймакта жайгашкан көп өлкөлөр ушундай уюмдардын астында ресурстарын бириктирип, орток коргонуу келишимдерин түзүп, ар кайсы тармактарда кызматташтык кылышууда. Бул уюмдарда тынчтыкты коргоо, куралданууну контроль астына алуу, келишпестиктерди дипломатия жолу менен чечүү, экономикалык жана социалдык өнүгүүнү камсыздоо, адам укуктары жана демократия сыяктуу глобалдык баалуулуктарды коргоо максатталууда. NATO (Түндүк атлантика келишим уюму), ЕККУ (Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму), ЕБ (Европа Биримдиги), NAFTA (Түндүк Америка эркин соода аймагы), OPEC (Мунайзат экспорттоочу өлкөлөр биримдиги), ASEAN (Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрү биримдиги), G-7 (7 өнөр-жайы өнүккөн өлкө), D-8 (Өнүгүп келе жаткан 8 өлкө), APEC (Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюму) сыяктуу уюмдар эл аралык саясий, аскердик жана экономикалык кызматташтыктардын алдыңкы уюмдарынан болуп саналат.

ticaret, ekonomi, refah

Бул уюмдар убакыт ичинде мүчөлөрүнүн санынын көбөйүшү, географиялык аймагынын өзгөрүшү, этникалык ареналардын кеңейиши сыяктуу себептер менен структуралык өзгөрүүгө дуушар болууда. Баары 20-кылымдын экинчи жарымынан баштап курулган бул уюмдар чындап эле дүйнөдө туруктуулук менен тартиптин орношуна салым кошушуп, экономикалык жана социалдык өнүгүүдө чоң роль ойношту. Бул уюмдарга мүчө өлкөлөр, бир тараптан, өздөрүн экономикалык жана аскердик жактан коргоо астына алышса, экинчи тараптан, өз аймактарында жана эл аралык аренада таасирдүүрөөк бир позицияга ээ боло алышууда. Өнүккөн өлкөлөр да мындай ортоктуктарга муктаж болушууда. Эркин соода аймактарын түзүү, аймактык соода келишимдери, бажыларды алып салуу жана ал тургай, бирдиктүү валютага өтүү (ЕБдеги сыяктуу) мүчө өлкөлөрдүн келечегин кепилдикке алууда. Орток коргонуу келишимдери болсо мүчөлөрдүн аскердик чыгымдарын азайтышына мүмкүндүк берип, бошогон ресурстарды маданий жана билим берүү тармактарына багыттоо мүмкүнчүлүгү туулууда.

Ушул сыяктуу бир уюм түзүүнүн Мусулман өлкөлөргө да көп пайдаларды алып келээри анык. Экономикалык да, технологиялык да өнүгүүнө муктаж болуп жаткан Мусулман өлкөлөрдө туруктуулукту камсыздоо үчүн жасала турган эң негизги кадам Ислам дүйнөсүнүн борбордук бир уюм, б.а. Түрк-Ислам Биримдиги астында биригиши болот.

Экономикалык өнүгүү жана бакубаттыктын жогорулашы

Экономикалык кызматташтык туруктуулукту камсыздоо үчүн да, өнүгүү үчүн да маанилүү. Көп Мусулман өлкөлөрдүн зарыл муктаждыгы экономикасын турукташтыруу жана бекем пайдубал үстүнө тургузуу болууда. Ислам дүйнөсүндө өнөр-жайды өнүктүрүү, керектүү инвестицияларды жасоо зарыл. Толук бир өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы да ачык көрүнүп турат. Билим берүү, экономика, маданий абал, илим жана технология чогуу өнүгүшү керек. Бир тараптан жумуш мүмкүнчүлүктөрүн технологиялык жактан өнүктүрүп, экинчи тараптан иштегендердин билим деңгээли менен сапатын көтөрүү керек. Калктарды көбүрөөк өндүрүүчү болууга стимулдоо зарыл. Көп Мусулман өлкөдө өкүм сүргөн жакырчылыктын, сабатсыздыктын, киреше бөлүнүшүндө теңсиздиктин жана башка социалдык-экономикалык маселелердин чечилишинде экономикалык кызматташтыктардын чоң салымы болот. Эркин соода аймактарын, бажы биримдигин жана бирдиктүү рынокторду түзүү аркылуу мындай кызматташтыкты түптөөгө болот.

Мусулман өлкөлөрдүн көпчүлүгү гео-стратегиялык жактан да артыкчылыктарга ээ жана табигый газ менен мунайзат баш болуп баалуу энергия булактарына жана табигый байлыктарга дагы бай. Бирок Мусулман өлкөлөр бул булактар менен стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү көбүнчө жакшы колдоно албай келишүүдө. Ислам дүйнөсүндө адамдардын 86%ынын жылдык кирешеси 2000 доллардан төмөн, 76%ынын кирешеси 1000 доллардан төмөн, 67%ынын кирешеси болсо 500 доллардан төмөн. Ислам дүйнөсүнүн жалпы мүмкүнчүлүктөрүн караганыбызда такыр карама-каршы бир жагдайдын орун алганы көрүнүп турат.17 Батыш тарабынан керектелген мунайзаттын болжол менен жарымы ушул аймактан (Мусулман өлкөлөрдөн) экспорттолуп, дүйнөнүн айыл-чарба продукттарынын 40%ы да ушул аймакта өндүрүлүүдө.18 Дүйнө экономикасынын Перс булуңу аймагы баш болуп, Ислам аймагынан экспорттолгон мунайзат жана газдан көз-карандылыгы көптөгөн экономист жана стратегдер тарабынан ачык айтылууда.19

Бир эле Перс булуңу аймагы бүгүнкү күнгө чейин табылган дүйнөлүк мунайзат резервдеринин 2/3син камтыйт. Изилдөөлөр Сауд Аравиясынын тастыкталган 262 миллиард баррель резерви бар экенин көрсөтүүдө; бул болсо дүйнө мунайзатынын 25,4%ын түзөт. Дүйнө мунайзат резервдеринин 11%ы Ирак, 9,6%ы Бириккен Арап Эмираттары, 9,5%ы Кувейт, 8,6%ы Иран, 13%ы болсо башка ОПЕК өлкөлөрүнө жана калган 22,6%ы дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тиешелүү.20 Болгондо да, АКШ Энергия министрлиги тарабынан жасалган изилдөөлөр Перс булуңу аймагынын мунайзат экспортунун 2000-2020-жылдары арасында 125%га өсөөрүн көрсөтүүдө.21 Бул азыркы учурдагы сыяктуу келечекте да дүйнөнүн энергия муктаждыгынын көпчүлүгү Перс булуңунан камсыздалат дегенди билдирет. Мунайзаттан тышкары, Ортоңку чыгыштын дүйнөлүк газ резервдеринин болжол менен 40%ына ээ экенин да унутпаш керек. Мунун 35%га жакыны Перс булуңу аймагында.22

Kazakistan, doğal kaynaklar, uzay üssü

Kazakhstan, which left the USSR in 1990, declared its independence in 1991. It has rich oil and natural gas reserves, and one-fifth of the former USSR's fertile agricultural lands. The Baykonur (Leninsk) Space Base, from which the first manned spaceship was launched, remains within its borders.

Мындан тышкары, Алжир, Ливия жана башка кээ бир Түндүк Африка өлкөлөрүнүн жалпы резерви болсо дүйнө резервинин 3,7%ын түзөт.

Ошондой эле, Кавказ жана Орто Азия өлкөлөрү да табигый газ жана мунайзат жагынан өтө бай ресурстарга ээ. Мисалы, Казакстанда ушул кезге чейин табылган мунайзат көлөмүнүн 10-17,6 миллиард баррель экени белгилүү. Табигый газ көлөмү болсо 53-83 триллион куб деп болжолдонууда. Түркменистандын табигый газ кендериндеги көлөм болсо 98-155 триллион куб деп эсептелүүдө жана Түркменистан дүйнөнүн төртүнчү эң чоң газ өндүрүүчүсү.23 Ислам өлкөлөрүнүн кээ бирлери да өтө баалуу кен байлыктарга ээ. Мисалы, Өзбекстан менен Кыргызстан алтын өндүрүшүндө дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнөн. Түркия мааниси акыркы жылдары жакшыраак билине баштаган бор кени жагынан дүйнөнүн эң бай резервдеринин бирине ээ. Тажикстан дүйнөнүн эң чоң алюминий иштетүү заводдоруна ээ.

Мусулман өлкөлөрдүн мындай артыкчылыгы кээ бирлери тарабынан энергия кылымы деп аталып жаткан 21-кылымда азыркыдан да маанилүү болот. Энергия – азыркы коомдордо өнөр-жай, транспорт, урбанизация жана аскердик жактан элдин жашоосунун негизги пайдубалдарынын бири. Өндүрүш жана экономикалык иш-аракеттерди жасоо үчүн эң биринчиден энергия керек. Ушул себептен 21-кылымда энергия булактарын башкаруу астына алуу жана бул тармакта үстөмдүккө жетүү үчүн көп аракет жасалат. Бирок Ислам аймагы колундагы бул артыкчылыкты жакшы пайдалана албай келүүдө. Көп өлкөдө –ресурска бай болгону менен- өндүрүштү көбөйтө турган же чыгарылган ресурстун өлкө өнөр-жайында пайдаланылышына шарт түзө турган керектүү инфраструктура менен технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздиги ал байлыктардын өлкө экономикасына салымын экспорт менен гана чектөөдө. Бул өлкөлөр өз өнөр-жай комплекстеринде мунайзатты иштетип колдонуу, өнөр-жайларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Ал тургай, кээ бир Мусулман өлкөлөр кен байлыктарын изилдей турган, өлкө аймагындагы ресурстарды таап казып чыгара турган мүмкүнчүлүккө да ээ эмес. Чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган изилдөөлөр –белгилүү болгон жерлерден тышкары- башка кээ бир Мусулман өлкөлөрдө да мунайзат менен табигый газ бар экенин аныктоодо, бирок ал өлкөлөр ал ресурстарын эч пайдалана албай келет.

gökdelen

Thanks to joint ventures, each Muslim country will benefit from the other country's experiences, and the investments will benefit both of them. Each country's different geography and economic conditions will turn into wealth and bring abundance.

Албетте, кен байлыктарды туура пайдалана албоо Мусулман өлкөлөрдүн жалгыз экономикалык маселеси эмес. Бирок ушунан баштап дагы көп маселелерди чечүүгө болот. Мусулман өлкөлөрдүн экономикалык системасы жана экономикалык түзүлүштөрү арасында айырмачылыктар бар. Кээ бир өлкөлөрдүн экономикасы кен байлыктарга (мунайзатка бай өлкөлөрдөгү сыяктуу) таянса, кээ бирлеринин экономикасы (географиялык түзүлүшү жагымдуу болгондуктан) айыл-чарбага таянат. Мындай айырмачылык коом түзүлүштөрүндө да кездешет. Кээ бир өлкөлөрдө калктын көпчүлүгү айыл жергесинде жашаса, кээ бир өлкөлөрдө шаар маданияты өкүмчүлүк кылат. Бирок бир өлкөнүн экинчисин муктаж жагынан колдошу, бирөөсүнүн экинчисинин муктаждыгын камсыздашы, бүт баарынын адистешкен тармагында башкаларына көмөкчү болушу аркылуу мындай айырмачылыктарды маанилүү бир байлык булагына айлантууга болот. Буга болсо Түрк-Ислам Биримдиги шарт түзөт.

Muayyad Camisi, tablo

Орток инвестициялар жана орток иш-аракеттер бул багытта маанилүү бир кадам болот. Орток иш-аракеттер урматында бир жагынан өлкөлөр бир-бирлеринин тажрыйбаларынан пайдаланса, экинчи жагынан, инвестициялар эки тараптын экономикасына тең киреше булагы болот. Мусулман өлкөлөрдүн бир-бирине экономикалык колдоо көрсөтүшү, мурда да айтып кеткендей, Ислам ахлагынын да бир талабы. Муктажга жардам берүү жана социалдык көмөктөшүү Мусулмандардын негизги өзгөчөлүктөрүнөн. Куранда көптөгөн аятта муктаждарды коргоо айтылган. Коом ичиндеги социалдык көмөктөшүү эл аралык деңгээлде да жасалышы керек. Болгондо да, бир кызматташтыктын негизинде жасала турган эл аралык көмөктөшүү бир тараптуу болбойт. Ошентип бир тараптан жумуш орундары пайда болсо, экинчи тараптан, эки элдин тең киреше деңгээли көтөрүлүп баштайт. Бир өлкөдө мунайзат өндүрүлсө, балким экинчисинде ал мунайзат иштетилет, айыл-чарба мүмкүнчүлүгү чектүү бир Ислам өлкөсүнүн муктаждыктары айыл-чарбага бай өлкөлөр тарабынан камсыздалат. Жумушчу күчү жетишсиз болгон бир өлкө башка бир Ислам өлкөсүнөн жумушчу күчүн алат, жумушчу күчү бар, бирок өнөр-жайы өнүкпөгөн өлкөлөрдө болсо өнүккөндөрү ар кандай инвестицияларды жасашат. Инвестиция жасалган өлкө да, инвестиция жасаган же инвестицияга өз салымын кошкондор да мындан киреше алышат. Илимий жетишкендиктер менен бөлүшүү жана тажрыйба алмашуу берекени көбөйтүп, технологиялык өнүгүүлөрдөн бүт Мусулмандар толук пайдаланышат.

Ислам дүйнөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана күчүн бириктире турган орток иш-аракеттер менен жогорку технология продуктусу болгон көп нерселерди Мусулман өлкөлөрдө да өндүрүүгө болот. Ислам бирдиктүү рыногу урматында бир өлкөдө өндүрүлгөн продукттар бажы, квота сыяктуу чек ара тоскоолдуктарына кабылбастан, башка өлкөлөрдө оңой гана сатыла алат. Соода аймагы кеңейип, бүт Мусулман өлкөлөрдүн рынок үлүшү чоңойуп, экспорт өнүгөт, бул Мусулман өлкөлөрдөгү индустриалдашуу процессин ылдамдатып, экономиканын өнүгүшү менен технологияда да өнүгүү болот. Мусулман өлкөлөр башка инвестиция топторуна карата орток бир күч түзүшүп, глобалдуу экономиканын маанилүү бир бөлүгүнө айлана алышат.

Мусулман элдердин бакубаттык деңгээли менен жашоо стандарты жогорулап, Ислам дүйнөсүндөгү теңсиздиктер жоюлат. Перс булуңу, Тынч океан жана Түндүк Африка өлкөлөрү арасында ансыз да аймактык эркин соода келишимдери бар. Түркия да кирген экономикалык кызматташтыктар Ислам дүйнөсүндө иштеп жатат. Кээ бир аймактарда болсо эки тараптуу кызматташтыктар бар. Бирок булардын масштабын кеңейтүү, бүт Мусулман өлкөлөрдүн укуктары менен кызыкчылыктары корголгон, баарынын өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн бир кызматташтыктын түзүлүшү азыркыдан пайдалуураак болот.

çöl_ tarım_azarbeycan_ürdün_mısır

Some of the Muslim countries:
1. Morocco

2. Tunisia
3. Morocco

4. Tunisia
5. Amman/Jordan

Булардын баарын борбордук бир уюмдун лидерлиги жана координациясында гана ишке ашырууга болот. Бул үчүн эң биринчиден Ислам өлкөлөрү чыныгы Куран ахлагы жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтү талап кылган адеп-ахлакты өздөрүнө сиңирип-орнотушу, кыскасы Исламдык бир маданий ойгонуу зарыл. Түрк-Ислам Биримдиги мындай маданий ойгонууга да, анын натыйжалары болгон саясий жана экономикалык кызматташтыктарга да жол башчылык кылышы керек. Исламдын Мусулмандар арасындагы көмөктөшүү жөнүндөгү өкүмдөрүн бүт Мусулмандар эсинде тутушу керек. Аллах Куранда адамдарга ач көздүктөн сактанууну, муктаждарды коргоону жана жардамдашууну буйруган. Ыймандуулардын мал-мүлктөрүндө муктаждар үчүн бир үлүш бар. (Зарият Сүрөсү, 19) Бул жөнүндөгү кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

kelebek

Силердин араңардагы пазилет (илим) ээлери жана бай-бардар жашагандар туугандарына, мискиндерге (жакырларга) жана Аллах жолунда хижрат кылган (көчкөн) кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин. Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн. Аллах силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах кечиримдүү, ырайымдуу. (Нур Сүрөсү, 22)

Кеңири мүмкүнчүлүктөрү болгон, нафаканы кеңири мүмкүнчүлүгүнө жараша берсин. Ырыскысы чектүү да, Аллах ага бергенине ылайык берсин. Аллах эч бир жанга ага бергенден ашыкча жоопкерчилик жүктөбөйт. Аллах бир кыйынчылыктын артынан бир жеңилдик берет. (Талак Сүрөсү, 7)

Ошондой эле, Куранда Раббибиз ыймандуулардын бир-биринин велиси экенин билдирген. (Тообо Сүрөсү, 71) Дос, жардамчы, көмөкчү, коргоочу сыяктуу маанилерди камтыган «вели» сөзү Мусулман калктар арасындагы көмөктөшүү менен колдоочулуктун маанисине басым жасайт. Ислам өлкөлөрү арасында бир тууганбыз деген аң-сезим менен түзүлө турган кызматташтыктар Мусулмандарга бакубаттык менен молчулук алып келип, Ислам дүйнөсүнүн канчалаган жылдан бери негизги маселелеринин бири болгон жакырчылыктын жоюлушуна шарт түзөт. Муну унутпаш керек: Куран ахлагы өкүмчүлүк кылган элдерде ачарчылык, жокчулук жана жакырлык сыяктуу маселелер болбойт. Мусулмандар акылдуу, көрөгөч саясат жүргүзүп, башка калктар жана өлкөлөр менен жакшы мамиле түзүп, соода менен өнүгүүгө маани берип, башка маданияттардын тажрыйбаларынан пайдаланып өз коомдорун өнүктүрүшөт. Тарыхта ушундай болгон жана Түрк-Ислам Биримдиги башчылыгында, Аллахтын уруксаты менен, кайра ушундай болот.

gökdelen

1. Moti Masjid, 1662, Delhi

2. Badshahi Mosque, 1673, Pakistan

The men and women of the believers are friends of one another. They command what is right and forbid what is wrong, and perform prayer and give the alms, and obey Allah and His Messenger. They are the people on whom Allah will have mercy. Allah is Almighty, All-Wise. (Surat at-Tawba: 71)

An Interview with Mr. Adnan Oktar By Mpl, November 21st, 2008

Adnan Oktar: What comes to my mind when the Ottoman Empire is mentioned is justice, love, plenty, peace, respect, glory, kindness and beauty, and those glorious Ottoman domes, Ottoman music, Ottoman food, Ottoman manners, those great sayings and words in the Ottoman language and a splendid political mechanism that spread justice across the world. The world needs a new, modern Ottoman Empire in the way it needs water. In other words, a Turkish-Islamic Union under Turkish leadership, a great Turkish-Islamic Union supported by the Turkic states. That means the earth literally becoming a paradise. It means enormous economic wealth for Europe, America, Russia and China. That is because the oil and minerals of all Islamic and Turkic countries will flow to them. They will develop their own trade with the technical means and equipment to be acquired from there. They will come and build hospitals and plants and roads. We will go and do useful things in their workplaces. There will be a mutual exchange of technology, science and art. Terror will come to an immediate end. It will be stopped definitely and totally. There will be no money spent on terror. There are traditions telling us that as a result, since there will be security and stability, plenty and abundance will fall down like rain. There will be stupendous well-being. Our age is the Ottoman age. The age of a Turkish identity. It is the age of the Turkish-Islamic Union. It is the age when Islamic social justice and moral values will dominate. We will see all of this in the next 10 to 15 years, insha'Allah. … Turkish-Islamic Union will put an end to that joylessness. There will be an explosion of joy and happiness. There will be an air of rejoicing. Everyday will be like festival. Syria will still be Syria, for example, in the Turkish-Islamic Union, and all countries will retain their unitary structures. But they will be filled with a fervent love and great abundance. The opening of the borders and an end to oppression means stability. It means the lowering of taxes, an end to all the pressure on people's minds, in other words great well-being.

People are highly talented when it comes to love, joy and business and art. But that pressure on their minds just has to be lifted. There will be a huge dynamism and opening up of minds when that pressure is done away with. Allah will bestow a great power of production and great things will begin to be done. They will build great roads, for instance, and create great works of art and gardens and parks and everything. But they must not be pressurized. They must not be crippled by high taxes, interests and social pressures. By Allah's will, people will do great things in a climate of freedom. That is why there is no need to consider these things in great detail in the Turkish-Islamic Union. These things just need to be resolved: the passport and visa regimes must be lifted. A spirit of joyous love and brotherhood must prevail among countries, based on love and fear of Allah. We are all manifestations of Allah. Christians and Jews too are created by Allah. They live out their destinies. And we feel affection for them as servants created by Allah. Once that is put into practice it will mean a spontaneous end to terror. Terror will come to and without even being told to in such a climate. In such an environment, terror will have lost its whole technical infrastructure. It will have no ideological foundation, no social foundation, no philosophical foundation, no nothing. It will collapse of its own accord. They will surrender themselves and it will all be over.

Бейпилдик менен коопсуздуктун камсыздалышы

Muayyad Camisi, tablo

Дүйнөнүн кээ бир аймактарындагы туруксуздуктар ал аймакка эле таасирин тийгизбестен, бүт дүйнөгө терс таасир берет. Ислам аймагы мындай ушундай бир аймак. Ислам дүйнөсүнүн кандайдыр бир аймагында чыккан маселе бүт бул аймакка түз таасирин тийгизүүдө. Ушул себептен Ислам аймактарындагы өлкөлөрдү бир-биринен көз-карандысыз деп ойлобош керек. Ортоңку Чыгыштагы бир тирешүүнүн таасири Түндүк Африкада сезилет. Каспийде болуп өткөндөр Ортоңку Чыгыш аймагынын келечегине таасирин тийгизет. Перс булуңундагы окуялар Түштүк-чыгыш Азияга түздөн-түз таасир берет. Бул Мусулман аймагынын кайсы бир жеринде кагылышуу, маселе, тирешүү болсо, анын бүт Ислам дүйнөсүндө сезилээрин көрсөтөт. Албетте, бул тынчтыкка да тиешелүү. Көпкө созулган тирешүүлөрдүн –мисалы Арап-Израил маселесинин- тынчтык менен чечилиши бүт Ислам дүйнөсүнө оң таасирин тийгизет.

20-кылым бою Ислам дүйнөсүнүн көп бөлүгү эч тынбаган бир согуш, кагылышуу жана туруксуздуктардын ичинде калды. Бул доор ресурстардын пайдасыз жакка колдонулушуна, экономикалык өнүгүүнүн дээрлик токтошуна, жашоо стандартынын өтө төмөн деңгээлге түшүшүнө себеп болуп, эң негизгиси миллиондогон Мусулмандын өмүрүн алып кетти. Дагы эле кээ бир Мусулман өлкөлөр арасында келишпестиктер уланып, кээ-кээде абал начарлоодо. Мусулман өлкөлөр менен Мусулман эмес күчтөр арасындагы согуш жана кагылышуулар да бейпилсиздик менен туруксуздукка себеп болууда. Түрк-Ислам Биримдигинин курулушунун Мусулмандарга алып келе турган маанилүү пайдаларынын бири бул биримдиктин Мусулман дүйнөсүндө бейпилдик менен коопсуздуктун орношуна себеп болушу болот. Түрк-Ислам Биримдиги Мусулмандар арасындагы кагылышуу жана келишпестиктерди да, Мусулмандар менен башка күчтөр арасындагы согуш, кагылышуу жана келишпестиктерди да ынтымак жана тынчтык жолу менен чечиши керек. Тынчтык, мисалы бир Арап-Израил тынчтыгы Ислам дүйнөсүнө алып келе турган жакшылыктарды кыскача төмөнкүдөй санасак болот:

1. Тынчтык ар бир өлкөнүн куралданууга бөлгөн бюджетинин азайтылышына, ал акчанын элдердин бакубаттыгына сарпталышына шарт түзөт. Бүт Мусулман өлкөлөр орток коргонуу келишиминин мүчөсү болгондуктан, азыраак бир бюджет менен күчтүүрөөк бир коргонуу камсыздалат. Курал-жарак өнөр-жайы жана технологиясына жасалган инвестицияларды саламаттыкты сактоо, билим берүү, илимий жана маданий өнүгүү сыяктуу тармактарга багыттоого болот. Мындан алына турган утуштун чоңдугу сандар менен көрсөтсөк жакшыраак белгилүү болот: Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүнүн куралданууга бөлгөн жылдык жалпы суммасы Перс булуңу согушу чыккан 1991-жылы 70,7 миллиард доллар болгон. Кийинки жылы 52,2 миллиард долларга азайып, бирок андан кийинки жылдары кайра көбөйүп баштаган. 2000-жылы 61 миллиард доллар болгон коргонуу чыгымдары, 2001-жылы 72 миллиард долларды түзгөн.

2. Ислам дүйнөсүнүн кээ бир аймактарындагы туруксуздук менен кагылышуулар башка өлкөлөргө миграцияга себеп болууда. Көптөгөн доктор, инженер, илимпоз, ойчул, жазуучу өз өлкөсүндө өзүн коопсуздукта сезбегени үчүн Батышка көчүп кетишип, ошол жакта эмгектенишүүдө. Бул жөнүндө жасалган бир изилдөө бир эле Арап өлкөлөрүндөгү тышкы миграциянын Арап дүйнөсүнө болжол менен 200 миллиард доллар жоготуу алып келгенин көрсөтүүдө. Арап өлкөлөрүнөн Батышка көчкөндөрдүн 450 миңи жогорку билимдүү.24 Тынчтык орноп, Арап дүйнөсүндөгү ички тирешүүлөрдүн жоюлушу менен бирге мындай миграциянын алды алынып, билимдүү адамдардын миграциясынын токтошу ал кишилердин эмгектеринен эң башында Мусулмандардын пайдаланышына шарт түзөт.

3. Тынчтыктын натыйжасында Мусулман өлкөлөрдүн бир-биринин илимий жетишкендиги жана тажрыйбаларынан пайдаланышы мүмкүн болот. Тынчтык Мусулмандардын бүт тармакта күчтөрүн бириктиришине, бир-биринин кемчилигин толукташына жана натыйжада бир топ эффективдүү болушуна себеп болот.

4. Тынчтыктын орношу менен экономикалык өнүгүү да ылдамдайт. Учурда кээ бир Мусулман өлкөлөр арасында чек ара маселелери баш болуп көптөгөн ар кандай маселелер турат. Ал маселелер экономикалык кыйынчылыктардын көбөйүшүнө себеп болууда. Мисалы, кен байлыктарды ташуу жана дүйнөгө экспорттоодогу кээ бир кыйынчылыктардын түпкүрүндө ташуу маршруттарынын коопсуз болбошу турат. Мындай жагдай суу ресурстарына да тиешелүү. Мусулман аймагынын негизги бир бөлүгү болгон Ортоңку Чыгышта суу келишпестиктерди пайда кылган маселелердин башында турат. Мусулман өлкөлөрдүн бир-бирине көмөк көрсөтүп, келишпестиктерди ынтымак менен чечиши натыйжасында бул маселелерди толугу менен жоюуга болот.

5. Ислам дүйнөсүндөгү ар кандай маданияттар менен этностор тынчтык шарттарында бир байлыкка айланат. Толеранттуулук менен диалог өкүм сүргөн шартта адамдар ачык пикирдүү жана чыгармачылыраак болушуп, ар түрдүү маданияттардын аралашмасынан өтө бай бир маданият курулат.

6. Тынчтык Ислам аймагынан тышкары жашаган Мусулмандардын да күчтөнүшүнө негиз түзөт. Дүйнөнүн көп өлкөсүндө Ислам эң ылдам өсүп жаткан диндердин бири. Ал өлкөлөрдө жашаган ар кайсы элдерге тиешелүү Мусулмандардын биримдиги динге чакыруу иштерине ылдамдык кошуп, Мусулмандардын өз элинин ичинде маданий жактан таасирдүүрөөк болушуна шарт түзөт. Ар кайсы элдерден кичинекей Мусулман топтордун өз-өзүнчө иш-аракет жасашынан келип чыккан натыйжа менен бүт мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип биримдикте жасала турган пикирдик иш-аракеттердин натыйжасы, албетте, бирдей болбойт. Албетте, Мусулмандар өздөрүнүн улуттук аң-сезимин да сакташат, бирок муну менен бирге орток бир Мусулмандык аң-сезими менен ахлагынын өкүмчүлүк кылышы менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган Мусулмандардын бир денедей болушу аларды бир топ күчтүү кылат.

7. Ислам дүйнөсүндөгү тынчтык башка дүйнө өлкөлөрүнө да өрнөк бир модель болот. Ошентип дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы маселелер Ислам дүйнөсүн өрнөк алып тынчтык жолу менен чечилет. Мусулмандар чыныгы Куран ахлагы орногондо, адамдардын бейпилдик менен коопсуздукка жетээринин жандуу мисалы болуп, адамдар Исламдын тынчтыктын жана бейпилдиктин дини экенине күбө болушат. Ислам дүйнөсүндөгү тынчтык балким көп адамдардын Куран ахлагын тандашына себепчи болот.

Кереметтүү бир маданияттын кайрадан курулушу

şehit müslümanlar

So eat from what Allah has provided for you, lawful and good, and be thankful for the blessing of Allah if it is Him you worship. (Surat an-Nahl: 114)

Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу менен бирге бейпилдик менен коопсуздук орун алган, экономикалык кыйынчылыктар жоюлган Ислам дүйнөсүндө билим берүү, илим жана маданиятка бөлүнгөн каражат көбөйтүлүп, улуу бир маданий өнүгүү болот. Ошентип Мусулмандар бүт дүйнөгө өрнөк боло турган жаңы бир маданиятты курушат. Куранда буйрулган биримдик жана ынтымак маанайынын орношу Ислам өлкөлөрүндөгү күнүмдүк жашоого, искусствого, сулуулукка, медицина, илим жана технология багытындагы өнүгүүлөргө түз таасирин тийгизет. Достук менен бир туугандыктын орношу, калктын жашоосунда бейпилдик менен коопсуздуктун камсыздалышы адамдардын ойлонууга жана изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлүшүнө жана эркин пикирдүү жана көрөгөч болушуна негиз түзөт. Башаламандык, жакырчылык жана кыйынчылыктар жоюлганда, жаңы пикирлер, жаңы продукттар чыгып, пайдалуу ачылыштар жасалат жана туруктуу өнүгүү болот. Мусулман дүйнөсү Түрк-Ислам Биримдигин куруу менен мындайга жете алат.

Ислам маданиятынын тарыхын китебибиздин биринчи бөлүмүндө караган элек. Бул маданият келечекте Мусулмандардын кандай шарттарга жетээрине ишарат кылат. Тарыхта Мусулмандардын тамырлуу бир маданият курушунун түбүндө Куран ахлагын негиз тутуу турат. Аллах Куранда адамдарга ойлонууну, байкоо жүргүзүүнү, майда-бараттарды байкай алууну буйруган. Айланасында көргөн нерселерин, ичинде жашап жаткан системаны ойлонуу жана алардын артындагы даанышмандыкты түшүнүүгө аракет кылуу Мусулмандын милдети. Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:

Үстүлөрүндөгү асманга карашпайбы? Биз аны кандай курганыбызды жана аны кандай кооздогонубузду? Анын эч кандай жаракасы жок. Жерди болсо кандай төшөп-жайдык? Анда чайпалбас тоолор жайгаштырдык жана анда «көздүн жоосун алуучу жана көз кубандыруучу» ар бир жуптан канчалаган өсүмдүктөрдү өстүрдүк. (Булар) «Чын жүрөктөн Аллахка багытталган» ар бир кул үчүн «даанышмандык менен караган бир ич көз» жана бир зикир. Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бакчалар жана өнө турган уруктарды өстүрдүк. Жана бир-бири үстүнө тизилген бүчүр байлаган бийик курма дарактарын да. (Каф Сүрөсү, 6-10)

Куран ахлагындагы адамдар догмалардын, жалган ишенимдердин жана ар кандай пикирлердин таасиринде калбастан ойлонушат. Айланада көргөн нерселеринин баарын жана алдынан чыккан ар кандай окуяны ар тараптан карашат. Ошондуктан келечекти көрүп, келечекти ойлоно алышат. Мындай өзгөчөлүгү адамзатка пайда алып келе турган ачылыштарды жасашына, жашоону жеңилдете турган жана комфортту өстүрө турган системалардын иштелип чыгышына себепчи болушат. Түрк-Ислам Биримдигинин түзүлүшү менен бирге ушундай көз-карашка жеткен Мусулман калктарда илим менен технология тармагында жаңы бир чыйыр ачылып, Мусулмандар илим жаратуучу бир маданиятты пайда кылышат.

An Interview with Mr. Adnan Oktar By Baskent TV, February 13th, 2009

Adnan Oktar: No economic union can survive without a spiritual foundation. Nobody will give anyone money or help anyone else, and no Islamic country will give anything to anyone else. The other Turkic states will not help anyone else. The result is a terrible egoism and selfishness. The aim of the Turkish-Islamic Union is a passionate and fervent love. It is fear and love of Allah and a spiritual excitement. People will have no greed in such a climate, and will rather give things away.If they have oil, they will tell others to take it away freely, they will give it as a gift. Turkey will send minerals to Saudi Arabia, for example. And they will send us oil. Workers will leave from here and go and labor for Allah's approval. And they will be paid a lot of money, again for Allah's approval. These things will flow in a climate of friendship and brotherhood. This foundation will bring about wealth. Prosperity will result from that generosity, friendship and altruism and from not being selfish and egotistical. If one approaches matters with egoism and selfishness, with a materialist mindset thinking merely in terms of economic unity, then there will be an economic selfishness everywhere. This selfishness will even stretch into the families. Families will become internally selfish, nations will become internally selfish, as cities and districts. Bonds and love among people will be severed. Wealth is inevitable in a climate of love.I will give money and opportunity to someone I love, and tell him to take free use of my car and home. I will give away all the money I make in my factory. You can have it, I will say. People are very joyous in the face of those they love. But these things are impossible without love. That is why the Turkish-Islamic Union will be based on love for Allah. This is very important.

Ыймандуулардын терең ойлуулугу менен көрөгөчтүгү искусстводо да өзүн көрсөтөт. Искусствонун маңызында ойлонуу, чебердиктерди байкай алуу, көргөндөрүнөн ырахат алып аларды башкалар да ырахат ала тургандай кылып суна алуу турат. Ыйман кылган жана Куран ахлагындагы бир адамдын искусство түшүнүгү өтө бийик болот. Себеби ыймандуулар искусствону Аллахтын бир сулуулугу катары ойлошот жана искусство эмгектерин Аллахтын күчүн жана кудуретин, жаратуу кереметин чагылткан себепчилер катары көрүшөт. Ислам калктарында искусство кишилери Аллахтын жараткан нерселериндеги сулуулуктардан алган илхам менен теңдешсиз эмгектерди жаратышат. Куран ахлагынан жана тереңдигинен жаралган бул эмгектерде теңдешсиз бир жөндөм жана өтө бай бир акыл күчү болот. Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу урматында Мусулмандардын искусство сүйүүчүлүгүн чагылткан дагы өтө көп эмгектер жаралып, шаарлар кооздолуп, укмуш кооз имараттар курулуп, жашоо сапаты абдан көтөрүлөт.

Ислам өлкөлөрү тазалыгы, тартиби, искусство эмгектери, маданий ийгиликтери, технологиялык мүмкүнчүлүктөрү менен алдыңкы планга чыгышат. Мусулман калктар технологиянын бүт мүмкүнчүлүк жана комфортунан болушунча колдонуп, молчулук, байлык жана сулуулук жашоонун бүт тарабын каптайт. Мусулмандар дайыма сулуулуктардын ичинде болуп, адеп-ахлагы менен кошо жашаган жерлери, бакчалары, үйлөрүнүн жасалгасы, кийимдери, уккан музыкалары, көңүл ачуусу, театрлары, кинотеатрлары, сүрөттөрү, маектери да сулуулашат.

Албетте, булардын баарынын турмушка ашышы үчүн бүт Ислам дүйнөсүндө чоң бир ойгонуу талап кылынат. Мусулмандарды өнүгүүдөн артка тарткан негизсиз үрп-адаттар, социалдык түзүлүштөр, көз-караштар жоюлуп, алардын ордуна, Исламдын алгачкы кездериндеги сыяктуу Куран ахлагына таянган, жана натыйжада акылдуу, чечкиндүү, көрөгөч бир адеп-ахлак менен көз-караш орношу керек. Муну унутпаш керек: Ислам дүйнөдөн толугу менен кол үзүүнү талап кылган бир дин эмес. Тескерисинче, Мусулмандын милдети бүт дүйнөнүн чыныгы жүзүн түшүнүү жана ошентип адамзатка жол көрсөтүү болуп саналат. Дүйнөнүн байлык-жакшылыктарына ээ болуу болсо Мусулмандын акысы. Чын ниеттен ыйман кылгандар жана Аллах буйругандай жашагандар Аллах Куранда ыймандуу кулдарына сүйүнчүлөгөн жакшылыктардын баарына жете алышат. Аллах аятында ыймандууларды дүйнөдө да сонун бир жашоодо жашатаарын кабар берет:

Силердин жаныңардагы түгөнөт, Аллах Кабатындагы болсо түбөлүктүү. Сабыр кылгандардын сыйлыгын жасагандарынын эң сонуну менен Биз сөзсүз беребиз. Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 96-97)

Ислам ахлагынын башка адамдарга таанытылышы

«Силерден жакшылыкка чакырган, жакшылыкты (маруфту) буйруган жана жамандыктан (мүнкерден) тоскон бир топ болсун...» (Али Имран Сүрөсү, 104) аяты менен Аллах Куранда ыймандууларга кабар берген негизги милдеттердин бири – бул жакшылыкка буюруп жамандыктан тосуу жана адамдарды Ислам ахлагына чакыруу. Бирок бүгүнкү күндөгү Ислам дүйнөсүнүн чачырандылыгы Мусулмандардын бул негизги милдетин жакшы аткара алышына тоскоол болууда. Бирок өзгөчө акыркы убактарда башка маданияттарда Исламга кызыгуу өсүп, адамдарга чыныгы Куран ахлагын жеткирүүнүн мааниси өтө жогорулады. Аллахтын бар экени, жалгыздыгы, Ислам ахлагынын талаптары; Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын өмүрү; Куранда айтылган өкүмдөр; Ислам коому кандай болушу керек деген сыяктуу темалар акыркы убактарда Батыш дүйнөсүндө эң көп талкууланган маселелер арасында орун алууда. Ислам динине кызыккан адамдар, албетте, эң туура маалыматты Мусулмандардан ала алышат. Ушул себептен Мусулмандар Исламды эң жакшы таанытышы керек. Мусулмандар тарабынан адамдарга Исламды эң жакшы тааныта турган эмгектердин даярдалышы, бул багытта керектүү видео материалдардын камсыздалышы, чогулуш жана конференцияларды уюштуруп мүмкүн болушунча көп адамга жеткирүүгө аракет кылуу, ар бир Мусулмандын айланасындагы адамдарга бул багытта өрнөк болушу өтө маанилүү.

An Interview with Mr. Adnan Oktar By Malatya TV, February 22nd, 2008

Adnan Oktar: I would like to tell my brothers that, insha'Allah, the days that follow will be most excellent. Turkey will be great, and there will be great progress and unity in the Islamic and Turkish worlds. Civilization will take unimaginable steps forward. It will be, insha'Allah, as it was in the time of the Prophet Solomon (pbuh). It will be perfect, and will bring his days to mind. Actually, it will not be exactly like his age, since that has its own unique features in the Qur'an. Every age has its own unique characteristics in terms of splendor and power. It will all be perfect. We now need to strengthen our brotherhood, unity and union, avoid disputes, be compassionate in the face of differences between communities, regard these as a blessing, and hone our brotherhood to perfection. We must seriously stand up against Darwinism and materialism. People can make use of my books to do this and, as you know, can download them for free over the Internet.

Ошондой эле, адамдардын дин ахлагынан жүз бурушунан келип чыккан көп маселелерди чечүүдө да Мусулмандардын биримдиги маанилүү. Дин ахлагына каршы жана жер жүзүндө динсиздик жайылышы үчүн күрөшкөн чөйрөлөр көбүнчө биримдикте иш-аракет жүргүзүшүүдө. Алардын кызматташтыгы бир кызыкчылыкты көздөгөн кызматташтык болсо да, биримдикте болушу максаттарына оңойураак жетишине шарт түзүүдө. Албетте, дин ахлагына каршы болгон ар кандай пикирдик система –Раббибиздин бир мыйзамы катары- жеңилүүгө дуушар болот. Бирок бул пикирдик системалар Мусулмандарга да күчтүү бир пикирдик күрөш милдетин жүктөөдө. Ушул себептен дүйнө Мусулмандарынын шашылыш орундатышы керек болгон милдеттеринин бири өз ара келишпестиктерин бир тарапка таштап, Куран ахлагын жайылтуу жана адамдарды Аллахтын жолуна чакыруу болууда. Раббибиз ыймандууларга бул негизги милдетти бир аятта төмөнкүчө кабар берген:

Каапырлар бири-биринин досу. Эгер силер да андай кылбасаңар (бири-бириңерге жардам берип, дос болбосоңор) жер жүзүндө бир фитна жана чоң бир бузукулук (фесат) болот. (Энфал Сүрөсү, 73)

Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу Куран ахлагын жайылтуу үчүн жасала турган бүт иштерди ылдамдатат. Мусулмандардын биримдикте иш алып барышы, башка багыттардагы сыяктуу, бул багытта да жасалган иштерди берекелүү кылат. Туура маалымат эң ыкчам жана эң жакшы жол менен бүт адамдарга жетет. Азыр деле жалгыз же топ болуп дүйнөнүн ар кайсы аймактарында Мусулмандар тарабынан Исламды жайылтуу жана таанытуу үчүн ар кандай иш-аракеттер жасалууда. Бирок Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу бул иш-аракеттерди жакшы уюштуруп, Куран ахлагын жайылтуу үчүн системалуу бир иш-чара жүргүзүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, Ислам атын жамынып чыгып, бирок чындыгында Исламга туура келбеген зомбулук менен оройлукту көрсөткөн бир катар кишилердин да жолу тосулуп, чыныгы Ислам ахлагынын кандай экени таанытылып, бир катар кишилер жараткан туура эмес имидждер жок кылынат.

Булактар

17. Demetrios Yiokaris, Islamic Leage Study Guide-1997, United Nations: Study Guides. Online at: www.vaxxine.com/cowac/islmclg1.htm.

18. "Islamic Countries have the resources to match the west, scientist", Arabic News.com, 28 May 2000. Online at: www.arabicnews.com/ansub/ Daily/Day/000628/2000062848.html.

19. Anthony H. Cordesman and Arleigh A. Burke, "The Gulf and Transition: Executive Summary and Major Policy Recommendations" (October 30, 2000).

20. Anthony H. Cordesman and Arleigh A. Burke, "The US Military and the Evolving Challenges in the Middle East" (March 9, 2002), 3.

21. Ibid.

22. Ibid., 4.

23. Jim Nichol, "Central Asia's New States: Political Developments and Implications for U.S. Interests," CRS (Congressional Research Service) Issue Brief for Congress (June 13, 2003). Online at: www.ncseonline.org/NLE/CRS/abstract.cfm?NLEid=16833.

24. "$200 billion, Arab loses of brain-drain," Arabic News.com, February 27, 2001. Online at: www.arabicnews.com/ansub/Daily/day/010227/2001022720.html.