Ислам: Дүйнөнү Жарык Кылган Нур

Ислам дини мындан 14 кылым мурда Арабистан жарымаралында келип чыкты. Аллахтын Аз. Мухаммед (сав)га Куранды вахий кылышы жана адамдарга Ислам ахлагын билдириши менен зомбулук, варварлык жана караңгылык ичиндеги арап коому тынчтык, акыл жана маданиятты үйрөндү.

Ислам чыккан 7-кылымдын баштарында Арабистан дүйнөнүн эң башаламан аймактарынын бири эле. Ал аймакта көптөгөн ар кандай уруулар жашап, ар бири башка башка путка (идолго) сыйынчу. Адашкан диндери жана путтары үчүн бир-бири менен согушуп, кан төгүп, ал тургай өз балдарын да өлтүрө турганчалык даражада жырткычка айланышкан эле. Бул адашкан системада сүйүү, боорукердик, жумшак мүнөз эмес, таш боордук, жек көрүү жана зомбулук кадыресе көрүнөөр эле. Аялдар төмөн жандыктар катары кабылданып, жакырлар менен кулдар болушунча эзилишчү.

Бул караңгы жана кандуу дүйнө Ислам ахлагы менен бирге бүтүндөй өзгөрдү. Болгондо да, бир эле араптар эмес, дагы көп калктар Ислам ахлагынын нуру менен нурданды. Исламдын түшүрүлүшү менен бирге илимде, маданиятта, ой-пикирде жана искусстводо мурда көп кездешпеген бир өнүгүү болду.

Аллах Пайгамбар Мырзабыз (сав)га вахий кылган «Жараткан Раббиңдин аты менен оку. Ал адамды бир алактан (бир тиштем эттен) жаратты. Оку, Раббиң өтө берешен; Ал калем менен (жазууну) үйрөткөн. Адамга билбегенин үйрөттү.» (Алак Сүрөсү, 1-5) аяттары менен караңгы бир сабатсыздык менен кандуу зомбулук айлампасы ичиндеги араптар биринчи жолу окууга жана ойлонууга чакырылышты.

Арап коомунун түзүлүшү Ислам менен бирге бүтүндөй өзгөрүп баштады. Мисалы, арап салттары боюнча согуштарда туткунга алынгандардын баары өлтүрүлөөр эле. Ал эми Пайгамбар Мырзабыз (сав) болсо Аллах вахий кылган өкүмдөргө ылайык туткундарга жакшы мамиле кылууну, Мусулмандардын өз тамактарынан аларга да беришин буйруду. Куранда «Өздөрү аны жакшы көрүп турса дагы, тамакты жакырга, жетимге жана туткунга жедиришти.» (Инсан Сүрөсү, 8) аяты менен ыймандуулардын мындай өзгөчөлүгү кабар берилген. Туткунга алынган адамдардан болсо, эгер окуган-жазганды билишсе, аны билбеген Мусулмандарга үйрөтүшү талап кылынган. Арабистан жерлери балким миңдеген жылдан бери биринчи жолу мээримге, кечиримдүүлүккө жана маданиятка күбө болуп, адамзат тарыхындагы эң бийик маданий өнүгүүлөрдүн бири турмушка ашып жаткан эле.

Before the advent of Islam, ignorance prevailed over Arab society.

In the Name of your Lord Who created, created man from clots of blood. Recite: And your Lord is the Most Generous, He Who taught by the pen. (Surat al-'Alaq:1-4)

Жыл өткөн сайын Исламдын адилеттиги жана бийик адеп-ахлагы Арабистанда ар тарапка жайылды. Мусулмандардын адилеттүүлүгү, жоомарттыгы жана чечкиндүүлүгү көптөгөн арап урууларынын Исламга киришине себеп болду. Жеңилгис бир күчкө жеткен Ислам армиясы 630-жылы Меккеге багыт алды. Меккенин путпарасттары (идолго сыйынгандар) жасаган ошончо заалымдыктары үчүн Мусулмандардын алардан өч алаарынан коркуп жатышкан эле. Араптардын салты боюнча, бир согушта жеңилген уруунун эркектери кылыч менен кырылып, аял менен жаш балдары кул кылынчу. Меккенин путпарасттары баштарына анык ушундай күндүн кийилээрин күтүп жатышкан. Бирок Аллахтын чексиз мээрими Аз. Мухаммед (сав)да чагылып турган эле. Пайгамбарыбыз (сав) эч бир Меккеликтен өч алынбашын жана эч кимдин Мусулман болууга мажбурланбашын жарыялатты. Бул улуу кечиримдүүлүк жана толеранттуулук Батыш тарыхчыларынын да көңүлүн бурган. Хаверфорд (Haverford) университетинин мугалимдеринен Майкл Селлс (Micheal Sells) Пайгамбарыбыз (сав)дын мындай бийик адеп-ахлагы жөнүндө мындай дейт:

Аз. Мухаммед (сав) Меккеге келгенде, эч бир кандуу өч алуу жасабастан, аны менен үч жылдан бери согушуп жаткан жана аны жок кылууга аракеттенген Меккеликтерди кучактады. Бул ал доордун адамдары үчүн таң калыштуу бир мамиле эле. Ошондуктан бул жерде бир диндин түптөлүшүндө улуу бир камкордук, кереметтүү бир сылыктык жана мээрим турат.1

Эң негизгиси Меккеликтердин жалган ишениминин жок кылынышы эле. Шаарды караткан Мусулмандар түз Каабаны бет алышты. Анан ыйык сыйынылчу жерге кирилди жана ичиндеги путтар (идолдор) талкаланды. Ал путтар менен бирге Меккеликтердин адашкан ишенимдери жана ал ишенимдер негизинде жасалган бүт зулумдук, адилетсиздик, варварлык жана жырткычтыктар да жок кылынды. Куран ахлагы менен тарбияланган Арабистанда караңгылык доорунун бүт адилетсиздиктери, басып алуулары, кан доолору токтоду. Адамдар арасында урматтоо, сүйүү, мээрим жана адилеттүүлүккө таянган бир тартип орноду.

Ушул себептен кийинки муундар ал доорду «Аср-ы Саадет», б.а. «бактылуулук доору» деп аташмак.

Ислам ахлагынын толеранттуулугу, адилеттиги жана мээрими

Аз. Мухаммед (сав)дын көзү өткөн соң да Исламдын бийиктеши өтө ылдам уланды. Ислам бир канча он жыл ичинде бүт Месопотамияга, Түндүк Африкага жайылды. Батышта Испанияга, чыгышта болсо Индияга чейин жетти.

Бир канча он жыл мурда Аравия чөлдөрүндө мал-чарбачылык кылган араптар Ислам аларга берген бийик акыл, маданият жана аң-сезим менен улуу бир императорлуктун башчыларына айланышты. Бул тарыхта эч кездешпеген бир өсүү эле. 100 жыл ичинде Ислам Императорлугу өтө чоң аймакка жайылды жана өтө күчтүү бир башкарууну курду.

Ал кеңири аймакта Христиандар менен Иудейлер баш болуп, көптөгөн ар кандай диний жамааттар жашап жаткан эле. Мусулмандар каратылып алынган ал жерлердеги бүт башка ишенимдегилерге өтө толеранттуу мамиле кылышкан. Раббибиздин «Динде мажбурлоо (жана кысымчылык) жок...» (Бакара Сүрөсү, 256) өкүмүнө ылайык эч ким динин өзгөртүүгө мажбурланган жок, бүт адамдардын эркин тандоосуна урмат көрсөтүлдү. Чиркөөлөр менен синагогдор жакшылап корголду. Мажбурлап динин өзгөртүү өтө кеңири тараган бир доордо Мусулмандардын мындай толеранттуулугу эч теңдешсиз эле.

The Islamic Imprint c.800-1200

FRANKISH EMPIRE
Iberian Peninsula
UMAYYADS 756-1031
Seville
Cordova
Granada
Tangier
ALMORAVIDS 1056-1147
IDRISIDS 789-926
Barcelona
ZIRIDS 972-1148
ALMOHADS 1130-1259
AGHLANIDS 800-509
Rome
Tunis
Kairouan
Danube
BYZANTINE EMPIRE
Constantinople
Anatolia
Konya
TULUNIDS 868-905
Sahara
AFRICA

HAMDANIDS 945-1004
SYRIA
HEJAZ
Red SeaThe Islamic imprint c.800-1200
The Islamic World c. 1000
Abbasid Caliphate at its greatest extent c.800
Campaigns of Seljuk Turks
Campaigns of Berbers
Further expansion of Islam
ZIRIDS Muslim dynasty, with dates
1000 km
1000 miles

KHAZAR EMPIRE
Caucasus
Tiflis
Manzikert 1071
MESOPOTAMIA
Mosul
Samarra
Baghdad
ISMAILIS (ASSASINS) 1090-1256
RUYIDS 932-1055

Euphrates
Persian Gulf
QARMATIANS 894-1200NEID
Arabian Peninsula
YEMEN
ZAIDI IMAMS from 860
Aden
Socotra
KHWARIZM SHAHS 1077-1231
Amu Darya
Aral Sea
QARAKHANIDS 992-1211
TRANSOXANIA
ASIA
GHAZNAVIDS 977-1186
Nishapur
Hindu Kush
Kabul
Multan
SAMANIDS 819-1005
SAFFARIDS 867-1495
Muscat
Arabian Sea
INDIA
Tropic of Cancer

Исламдык толеранттуулуктун эң даана мисалдарынын бири Иерусалимди каратуу учурунда болгон. Шаардагы Ыйык мазар чиркөөсүнүн патриархы Мусулмандар чиркөөнү бузушат деп корккон. Аз. Өмер чиркөөгө сылыктык зыяратын кылып, эч тынчсыздануунун кереги жок деди. Намаз убагы келгенде болсо патриархтан уруксат сурап чиркөөдөн чыкты жана бир аз алысыраакта намазын окуду. Аль-Акса мечити Аз. Өмер Иерусалимде биринчи намазын окуган ошол жерде курулду. Болгондо да, Мусулмандар Иерусалимге дүйнөнүн эң көз жоосун алган архитектуралык эмгектеринин бирөөсүн тартуулашты. Куббет-үс Сахра (Сахра (Аска) куполу) Аз. Мухаммед (сав) миражга көтөрүлгөн жер деп ишенилген чоң таштын үстүнө жасалган.

Теңдешсиз кооздуктары жана алтын куполу менен Куббет-үс Сахра Исламдын искусство жана маданият түшүнүгүнүн бир көрүнүшү эле.

Qubbat As-Sahra

Say: “We believe in Allah and what has been sent down to us and what was sent down to Abraham, Ishmael, Isaac, Jacob, and the Tribes; and what Moses and Jesus and all the Prophets were given by their Lord. We do not differentiate between any of them. We are Muslims submited to Him.” (Surah Al ‘Imran: 84)

Мындай толеранттуулук шарттарында Мусулман эместерге көргөн каталарын айта ала турган демократиялык бир сын-пикир айтуу укугу да берилген эле. Омейяд халифалары доорунда Дамаскта көп Христиандар мамлекеттик башкарууда маанилүү кызмат орундарында иштешип, өз диний ишениминин талаптарын каалагандай орундатышкан жана кээ бирлери катачылыктарды сындаган эмгектерди эч тартынбастан жаза алышкан.

Ал кезде Европада болсо күчтүү бир фанатизм менен варварлык өкүм сүрчү. Католик чиркөөсү Иудейлерге жана ал тургай башка конфессиялардагы Христиандарга да өтө кысымчылык кылып жаткан эле. Мажбурлап динин өзгөртүү, динди жамынып кыйноо жана кыргын жасоо ал доордун Батыш дүйнөсүнүн кадимки көрүнүштөрү эле. Мусулмандар болсо Аллах Куранда буйругандай, ахли китапка (Христиан менен Иудейлерге) дайыма толеранттуу жана мээрим менен мамиле кылышкан. Сириянын Дамаск шаарындагы Ыйык Жон чиркөөсү мындай толеранттуулуктун дагы бир мисалы эле. Ал жерди караткан Мусулмандар жума намаздарын ошол чиркөөдө кылып башташты, бирок чиркөө дагы эле Христиандарга тиешелүү деп саналган. Алар да жекшемби күндөрү өздөрүнүн диний ибадаттарын орундатышкан. Эки диндин үммөттөрү бир сыйынуучу жерди ынтымактуу колдонушкан.

Мусулмандардын шаардагы саны көбөйгөн сайын Ислам башкармалыгы шаардагы Христиандардан алардын да ыраазылыгы менен чиркөөнү сатып алды. Чиркөөнүн жанына бир мечит курулду жана короодогу кооздуктар Исламдык мотивдер менен байытылды. Византиядан мураска калган устундардын бетине Ислам чеберчилигинин алгачкы кооз өрнөктөрү жайгаштырылды.

Мусулмандардын еврей жана Христиандарга болгон толеранттуулугу Ислам тарыхы бою уланды; Испаниядагы инквизиция жырткычтыгынан качкан еврейлер коопсуздук менен толеранттуулукту Осмон Империясынан табышты. Мусулмандардын еврей жана Христиандарга болгон толеранттуулугунун булагы болсо Куран ахлагы эле. Аллах Куранда Мусулмандарга ахли китапка, б.а. Иудей жана Христиандарга жакшы мамиле кылууну буйруган:

Араларынан зулумдук кылгандарынан тышкары, ахли китап менен эң жакшы жол менен гана күрөшкүлө. Жана айткыла: «Бизге жана силерге түшүрүлгөнгө ыйман кылдык; биздин Кудайыбыз да, силердин Кудайыңар да бир жана биз Ага моюн сунганбыз.» (Анкебут Сүрөсү, 46)

Мусулмандар жана илим

Ислам ахлагы адамзатка туткан нурлардын бири илимий көз-караш болду.

Исламдан мурда араптар менен башка Ортоңку чыгыш элдери аалам жана табият кантип пайда болгон жана кыймылдайт деген сыяктуу суроолор менен эч алектенүшчү эмес. Бул суроолор жөнүндө ойлонууну, булардын жоопторун изилдөөнү биринчи жолу Курандан үйрөнүштү. Аллах Куранда динге ишенгендерге асмандар менен жердин кантип пайда болгонун изилдөөнү буйруган:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жараткан жоксуң. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

Мындай түшүнүк Ислам маданиятында улуу бир илимий өнүгүүнүн башталышына шарт түздү. Дүйнө тарыхында мурда эч кездешпеген бир илимий өнүгүү эле бул. Исламдын илимий көтөрүлүүсүнүн борбору Ислам императорлугунун борбор шаары болгон Багдад болду. Ислам дүйнөсүнүн төрт тарабынан келген илимпоздор, ойчулдар, изилдөөчүлөр Багдаддын белгилүү Даанышмандык үйүндө жолугушуп, Аллах жараткан ааламдын сырларын чечүү үчүн изилдөө жана анализдерди жасашкан.

Мусулман илимпоздор Куран ахлагында болгону себептүү жеткен мындай аң-сезим дүйнөнүн ал кезге чейин кездешкен эң чоң илимий өнүгүшүн алып келди. Ошондой эле Куранда Мусулмандарга үйрөтүлгөн бир даанышмандык болгон ачык ойлуулук Мусулмандардын башка маданияттардын илимий жетишкендиктерин эч стереотипсиз анализдеп, өнүктүрүшүн камсыздады. Мусулмандардын илимий эмгектери илимий темаларда жасалган сансыз изилдөө, байкоо, эксперимент жана эсептөөлөргө толо эле.

Some Muslim Scientists

1. Ibn an-Nafis
2. Thabit ibn Qurra

3. Ibn Sina
4. Al-Kindi

5. Abu al-Qasim al-Zahrawi
6. Muhammad Zakariya ar-Razi

7. Ali Kushji
8. Al-Battani

Учурда дүйнөдө колдонулган ондук сан системасын жана сандарды иштеп чыккандар – Мусулман математиктер эле. Алгебра жана тригонометрия Мусулман математиктердин ачылышы эле. Мусулман илимпоздор астрономиялык байкоолорго өтө маани беришкен. Заманбап астрономия алардын ыкмаларына таянып курулду. Мусулман аалымдар айдын дүйнөнүн айланасындагы кыймылын да эсептешкен жана математикалык формулалар менен кагазга төгүшкөн. Ислам дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарындагы көз жоосун алган архитектуралык эмгектер ушул илимий фундаменттин урматында жасалды.

Мусулмандардын эң көзгө урунарлык ачылыштарынын кээ бирлери болсо медицина тармагында эле. Ал кездерде европалыктар өтө караңгылык менен ооруларды жаман рухтардын каргышы дешкен. Дарылоо деген түшүнүк Европанын оюнда да жок эле. Мусулман илимпоздор болсо изилдөөлөр натыйжасында оорулардын көзгө көрүнбөгөн майда жандыктардан жугаарын аныкташкан. Мунун натыйжасында болсо ооруларды ден-соолугу чың адамдардан изоляция кылып дарылаш керек деген жыйынтыкка барышкан. Ошентип дүйнөнүн алгачкы заманбап ооруканалары курулган. Мусулман ооруканаларында ар кандай типтеги оорулуулар үчүн бөлүнгөн атайын бөлүмдөр жана илимий дарылоо ыкмалары бар эле. Акыл оорулуулары да терапия жана музыка жардамы менен дарыланышкан. Ал кездерде Европада болсо акыл оорулуулары шайтандын кызматчылары деп кабыл алынып, тирүүлөй отко ташталчу. Мусулман докторлордун адам анатомиясы жөнүндөгү изилдөөлөрү ушунчалык жемиштүү болгондуктан, 6 кылым бою Европанын медицина факультеттеринде негизги булак катары колдонулду.

Белгилүү англиялык изилдөөчү Терри Жонс (Terry Johns) тарабынан BBC каналы үчүн даярдалган жана Ислам дүйнөсүн изилдеген бир даректүү тасмада Исламдын мындай жогорку илим деңгээлинен төмөнкүдөй сөз кылынат:

Харран шаарынан бир Ислам ойчулу дүйнө менен айдын арасындагы аралыкты туура өлчөгөн эле. Башка бир Мусулман болсо эгер атом майдаланса, Багдаддай чоң бир шаарды жок кыла ала тургандай күч чыгаарын жазган эле. 1154-жылы Дамаскта курулган медицина факультетинде докторлор анатомия, коргоочу дарылар, гигиеналык операциялар жана кан айлануу системасын окутушкан, Харвиден (Harvey) канча кылым мурда.2

Европалыктардан канча кылым мурда кан айланууну билген Мусулман врачтар оорулууларды импульсун санап иликтешкен. Төрөттөр ал доордун эң санитардык ыкмалары менен жасалган. Мусулман хирургдар колдонгон жана ал доордун медицина китептеринде көрсөтүлгөн операция каражаттары өтө өнүккөн бир медицина билиминин далилдери эле.

Ислам дүйнөсүнүн илим мектептеринде эркектер менен бирге кыздар да таалим алып, илимдин өнүгүшүнө алар да салым кошушкан.

Мусулман илимпоздор нурдун түзүлүшү жана оптика темасында да өтө чоң ачылыштарды жасашкан. Көздүн түзүлүшүн майда-бараттары менен бирге ачкан алгачкы киши – Мусулман оптикчи Ибн эль-Хейтем эле. Ибн эль-Хейтемдин линзалар жөнүндө жасаган укмуш ийгиликтүү эмгектери камеранын табылышына барчу жолду ачты. Көрүү кемчиликтеринин себебин ачкан Мусулман докторлор европалыктардын бул ишке киришишинен толук 1000 жыл мурда ийгиликтүү челкөз (катаракта) операцияларын жасашкан.

Исламдын зор илимий мурасы Европанын 15-кылымда баштала турган илимий бийиктешинин да эң негизги булагы болду. Христиан илимпоздор Мусулмандардан үйрөнгөн маалыматтар жана ыкмалар менен Европа илимин курушту.

Исламдын нуру аларды да жарытты.

Ислам маданиятынын бийиктиги

1. Ali Kushji, supported by Sultan Mehmed II, was famous for his astronomical works.

2-3. Miniature paintings showing the astronomical works of Muslim scientists.

Ислам ахлагы ыймандууларга берген маанилүү бир өзгөчөлүк – бул жогорку чеберчилик жана кооздук түшүнүгү. Куранда кабар берилген бейиш сүрөттөөлөрү мүмкүн болгон эң жогорку сапатты, терең ырахатты жана көз жоосун алган бир көркөмдүктү сүрөттөйт. Бул түшүнүктү жүрөктөрүнө орноткон Мусулмандар теңдешсиз эмгектерди пайда кылышты, башкарган өлкөлөрү дүйнөнүн эң тандалган жана «заманбап» жерлерине айланды. Ислам Арап жарымаралынан төрт тарапты көздөй жайылып жатып, өзү менен бирге улуу бир өнүгүүнү жана байлыкты да алып келди.

Мусулмандар барган жерлеринин баарына маданият алып барышты. Мисалы, Тунисте шаарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн гениалдуу бир тазалоо системасын курушкан. Бир-бирине уланган эки чоң бассейнде эс алдырылган суу бүт тунмалардан тазаланып, анан жабык түтүктөр менен шаарга таратылган. Европалыктардын мындай нерсени ойлонушу да кылымдардан кийин гана мүмкүн болду. Сириядагы Мусулман инженерлер сууну шаарга алып баруу үчүн кереметтүү долбоорлонгон тегирмендерди курушкан.

Борбор шаар Багдад болсо дүйнөнүн эң көркөм жана эң заманбап шаары эле. Архитектурасы жана шаар тартиби жагынан көз жоосун алчу. Багдадга жумуштап барган бир саякатчы мындай деп жазган:

Багдаддын бүт аймактары парктарга, бакчаларга, виллаларга жана майдандарга, чоң базарларга, кооз мечиттерге жана мончолорго толо. Жана бул кереметтүү шаар дарыянын эки тарабында да километрлер бою ушундай кооздукта созулуп жатат.3

Ислам дүйнөсүнүн башка бир көркөм борбору болсо Испания эле. Ал жерде курулган Мусулман Андалусия мамлекети бүт Европанын эң заманбап жана өнүккөн өлкөсү эле. Борбор шаар Кордоба укмуштуу архитектурасы, таза каралган жана жарык көчөлөрү, китепканалары, ооруканалары жана сарайлары менен көз жоосун алчу.

Ал кездерде Париж, Лондон сыяктуу чоң Европа шаарлары кир, караңгы жана кароосуз эле. Ушул себептен Кордобага келген Европалык Христиандар шаардагы кооздукка, маданиятка жана чеберчиликке таң калышчу. Бостон университетинде иштеген тарыхчы Шейла Блэр (Sheila Blair) Кордобанын кооздугун мындайча сүрөттөйт:

9- жана 10-кылымда Кордоба шаары Европадагы эң чоң шаарлардын бири жана эң жагымдуусу эле. Шаарга келген адамдардын бул жөнүндөгү сүрөттөөлөрү бар колубузда. Бүт ал гүлдөр, ал ачык чоң көчөлөр, ал укмуш жарыктандыруу... Түндүктөгү (Христиан) шаарлары болсо караңгылыкта эле. Кордобада гана таза ичүүгө болгон суу бар эле, адамдар чоң үйлөрдө жашашчу. Парижде болсо адамдар дарыя жээгиндеги кичинекей алачык тамдарда жашашчу.4

While Muslims treated their patients in extremely clean and well-kept hospitals, patients in Europe were abandoned to death. A front view of the famous Mansur Hospital at that time (to the left). The picture showing the streets of Venice at the same period reveals the civilizational gap between the two worlds.

Кордобанын кооздугунан сакталып калган өтө аз эмгектердин бири – бул учурда шаардын борборунда жайгашкан Католик собору. Ал собор негизи бир мечит эле, кийин чиркөөгө айландырылган. Мечиттин ичи болсо келгендерди арбап ала турган сулуулукта эле. Кордобага келген Христиан саякатчылар бул кооздуктан өтө таасирленишчү. 10-кылымда Horotzwither аттуу саксон бир монахиня Кордобаны «дүйнөнүн кооздугу» деп атаган.

Андалусиянын эң кооз имараттарынын бири болсо – Ислам чеберчилигинин жана кооздугунун укмуштуу өрнөктөрүн камтыган аль-Хамра Сарайы эле. Сарайдын ар бир майда-баратында Ислам адамдарга тартуу кылган бийик руханияттын ырахаты көрүнчү. Аль-Хамранын бакчалары жердин тартылуу күчүнөн пайдаланып жасалган комплекстүү фонтан системаларына толо эле. Куранда кабар берилген бейиш сүрөттөөлөрү Аль-Хамраны курган Мусулмандардын илхам булагы болгон эле.

Куранда бейиш жөнүндөгү аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Мына ошолор; алар үчүн белгилүү бир ырыскы бар. Ар түрдүү мөмөлөр. Алар даам татышат. Немат-жакшылыктарга толгон (наим) бейиштерде. Бир-бири маңдайында тактылар үстүндө (отурушат). Булактан (куюлган) чөйчөктөр менен айланаларында айланышат. Аппак, ичкендерге ырахат (тартуулаган бир ичимдик). Анда баш балээси да, акылдарын жоготуу да жок. (Саффат Сүрөсү, 41-47)

Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү коюу дарактарга) ээ. (Рахман Сүрөсү, 48)

Астылары өтө жасалгаланган атластан төшөктөр үстүндө жазданышат. Эки бейиштин тең мөмөсүн-алуу (ал жердегилерге) жакын (оңой). (Рахман Сүрөсү, 54)

Болушунча жапжашыл. (Рахман Сүрөсү, 64)

«Өтө кылдат баалуу таштардан жасалган» тактылар үстүндө. Маңдай-тескей жазданышкан болот. (Вакыа Сүрөсү, 15-16)

Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. (Вакыа Сүрөсү, 28-29)

Жайылып-созулган көлөкөлөр, токтобой аккан суу(лар); жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). Бийиктерге салынган төшөктөр. (Вакыа Сүрөсү, 30-34)

Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүндө орноп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 31)

Müslüman bilim adamları, anatomi

Drawings of Muslim scholars showing human anatomy and the digestion and circulation systems.

Muslim scholars in the field of medicine had a high level of knowledge. Their works became basic reference books throughout Europe. The diagram used by Muslim scientists in treating broken bones

Examples from Muslim scientists' works
Müslüman bilim adamları, anatomi Müslüman bilim adamları, anatomi

1. Apparatus designed by al-Haskafi to measure changing water levels.

2-3. The drawings used by Muslim scientists to calculate solar and lunar eclipses.

1. Ibn Sina's notebook in the National Museum of Damascus.

2. The apparatus designed by Muslim scientists to measure blood pressure.

3. Al- Mutadibih's work on the eye's anatomy.

Осмон Империясы жана Ислам маданияты

The hilya below belongs to a special collection. The other ornamental objects of the sixteenth and the seventeenth centuries are displayed in the Turkish Islamic Art Museum.

1299-жылы негизделген Осмон Императорлугу болсо Ислам маданиятынын эң чоң жана эң салтанаттуу императорлуктарынын бири катары көтөрүлүп, адилеттүүлүк жана толеранттуулукка таянган мамлекет түшүнүгү; өкүмдарлыгы астындагы жерлерде калтырган жогорку архитектурасы; текстиль тармагында, каллиграфияда, билим берүүдө иштеп чыккан кемчиликсиз түзүлүшү менен Батыш дүйнөсүнө маанилүү бир өрнөк болгон. Осмон Империясы султандарынын сылыктыгы жана искусство түшүнүгү батыштыктар тарабынан суктануу менен эскерилип, Осмон Империясынын жерлерин көргөн батыштыктар көргөн кооздуктан өтө таасирленишкен.

Осмон Императорлугу тарыхта көп кездешпеген чоңдуктагы бир аймакка өкүмдарлык кылган, эң узун өмүрлүү императорлуктардын бири. (Эң күчтүү убагындагы Рим Императорлугунун жерлери гана Осмон Империясынын жерлеринен чоңураак аймакка жеткен, бирок ал дагы Осмон Империясынчалык көп убакытка чейин анчалык чоң аймакты кармап тура алган эмес.) Европа, Түндүк Африка, Алдыңкы Азия, Месопотамия жана Арабистан тарыхынын маанилүү бир бөлүгү болгон Осмон Империясынын мурасы бүгүн бул аймактарда курулган ондогон мамлекеттин шаарларын кооздоп турат. Көптөгөн Европа шаарларында (София, Белграф, Сараево) сыяктуу Осмон архитектурасынын жана шаарчылыгынын өрнөктөрү дагы эле сакталуу турат.

Осмон Империясы Ислам ахлагына таянып курган мамлекет жана башкаруу системасы учурда көптөгөн саясат таануучу тарабынан эң идеалдуу мамлекеттик түзүлүштөрдүн бири деп көрсөтүлүүдө. Осмон Империясынын дипломатия түшүнүгү бүгүнкү көп тараптуу дипломатия түшүнүгүнө негиз түзгөн.

Батыш маданияты Осмон Империясынын маданиятынан түздөн-түз таасирленген. Осмондуктардын Венгрияга күрүч өстүрүүнү алып барышы, жоогазындын (тюльпан) Бенелюкс (Бельгия, Нидерланды, Люксембург) өлкөлөрүнө 16-кылымда Габсбург элчиси катары Стамбулга келген тарабынан Busbecq тарабынан таанытылышы, италиялыктардын кездеме бойоо жана токуу ыкмаларын Осмон Империясынан алышы, Европа армияларындагы аскердик оркестр салтынын Осмондуктардан алынышы мунун бир канча мисалы гана.5

Бүт бул тарыхый чындыктар Ислам ахлагынын заманбап дүйнөнүн курулушунда алдыңкы ролду ойногонун көрсөтүүдө. Ислам Аз. Пайгамбар (сав)га вахий кылынгандан баштап адамзатты туурага, чындыкка, сулуулукка алып барчу эң жаркыраган нур болгон. Куран ахлагы менен мүнөзү калыптанган Мусулмандар барган жерлеринин баарына толеранттуулукту, акылды, илимди, искусствону, сулуулукту, тазалыкты жана бакубаттыкты алып барышкан. Европа күчтүү бир фанатизм жана варварлык ичинде турганда, Ислам дүйнөсү дүйнөнүн эң заманбап жана эң модерн цивилизациясы болгон. Кийин өнүгө турган Европа маданиятынын негизинде болсо Ислам дүйнөсүнөн үйрөнгөн бүт мындай баалуулуктардын өтө чоң бир ролу болгон. Тарыхчы Евгений Майерс (Eugen Myers) бул чындыкты мындайча баяндайт:

Тогузунчу кылымдын аяктарынан он экинчи кылымга чейин Батыштын илим жана маданиятына болгон Исламдын таасири өтө чоң. Ислам аалымдарынын жана котормочуларынын илимдердин жана адамзаттын өнүгүшүндөгү маданий маанисин эч маанисиз көрүүгө болбойт... Ошондуктан Батыш көз-карашынын тамырлары грек-арап жана еврей көз-карашынын бир аралашмасы.6

In them are two gushing springs. (Surat ar-Rahman: 66)

Ал эми Ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгүндөгү артка кетүүнүн эң негизги себептеринин бири болсо алардын Куранда үйрөтүлгөн акылдуулуктан, чын ниеттен жана ачык ойлуулуктан алысташы болгон. Куран адамзатты караңгылыктардан жарыкка чыгаруучу эң чоң жол көрсөтүүчү. Аллах Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)га билдиргендей:

Алиф, Лам, Ра. Бул бир Китеп, Раббиңдин уруксаты менен адамдарды караңгылыктардан нурга, Ал күчтүү жана мактоого ылайыктын жолуна чыгарышың үчүн сага түшүрдүк. (Ибрахим Сүрөсү, 1)

Учурдагы Мусулмандар Ислам маданиятынын бул салтанаттуу өтмүшүн жакшы билип, аны менен сыймыктанып, жоопкерчилик да сезиши зарыл. Мусулмандардын дүйнөнүн эң улуу маданияттарынын бирин курган ыйык, даңктуу жана кадыр-барктуу бир мурастын өкүлдөрү экенин унутпашыбыз керек. Мусулмандарды башка ишенимдердин жана маданияттардын өкүлдөрү дайыма кызганычтык жана суктануу менен карап келишкен. Белгилүү Ортоңку чыгыш адиси Даниэль Пайпс (Daniel Pipes) бир макаласында Мусулмандардын өздөрүнө ишенээрин жазган соң мындайча жоромол жасайт:

Мындай өзүнө ишенүүнү камсыз кылган факторлордун бири – бул Исламдын алгачкы 6 кылымында жана андан кийинки укмуштуу ийгиликтеринин эскерүүсү. Ал доордо Ислам дүйнөнүн эң алдыңкы маданияты эле; Мусулмандар эң жакшы саламаттык стандарттарына, эң узун орточо жашоо узундугуна, эң жогору сабаттуулук деңгээлине ээ эле. Илимий жана техникалык изилдөөлөрдүн көпчүлүгү алардын контролунда эле жана көбүнчө жеңишке жеткен армияларды курушчу. Бул ийгилик тренди башынан бери апачык көрүнүп турган эле. Б.з. 622-жылы Аз. Мухаммед Меккеден көчүп, бирок 8 жылдан кийин шаарга анын башкаруучусу болуп кайтышкан. 715-жылы болсо Мусулман жеңүүчүлөр батышта Испаниядан чыгышта Индияга чейин созулган бир императорлук курушкан эле. Мусулман болуу жеңүүчү бир маданиятка тиешелүү болуу маанисине келчү.7

Албетте, учурдагы Мусулмандардын милдети бир гана бул салтанаттуу өтмүш менен мактанып тим болбостон, бүгүн жана келечекте да Исламды бийиктетүү үчүн аракеттенүү. Өтмүштөкүнө окшош бир салтанаттын бүгүн да кайрадан курулушу, Мусулмандардын кайрадан дүйнөгө жарык чачкан бир маданият алдыңкылары болушу мүмкүн. Бирок бул багытта жасала турган ар кандай иш-аракет эң башта биримдик жана ынтымак ичинде жасалышы зарыл. Жеке кызыкчылыктарын бир тарапка таштаган, айырмачылыктарды толеранттуулук менен кабыл алган, күчү менен энергиясын бир гана Исламдын, Мусулмандардын жана адамзаттын жакшылыгына колдонгон, көпчүлүктү көздөгөн, сүйлөшүп келишүүнү, тынчтыкты жактаган бир маданият Мусулмандар арасында өкүм сүрсө, Ислам дүйнөсү 21-кылымдын эң чоң маданияттарынын бирин кура алышат. Сүйүү, мээрим, түшүнүүчүлүк, толеранттуулук сыяктуу Ислам ахлагынын да негизи болгон баалуулуктар урматында учурда бир катар Мусулман өлкөлөрдө өкүмчүлүк кылган деспоттук бийликтер да жоголуп, маданий жана экономикалык өнүгүү камсыз кылынып, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында кысымчылыкка алынган, зулумдукка кабылган, таш боордук менен өлтүрүлгөн Мусулмандар тынчтык менен коопсуздукка жетет жана, Аллахтын уруксаты менен, «бактылуулук дооруна» окшош бир доор 21-кылымда кайрадан болот.

We placed between them and the cities We had blessed other clearly conspicuous cities, making them measured stages on the way:
"Travel between them in safety by night and day."
(Surah Saba':18)

We have established you firmly on the earth and granted you your livelihood in it. What little thanks you show!
(Surat al-A’raf: 10)

Allah commands justice and doing good and giving to relatives.
And He forbids indecency and doing wrong and tyranny.
He warns you so that hopefully you will pay heed.
(Surat an-Nahl: 90)

Say: “My Lord has commanded justice.
Stand and face Him in every mosque and call on Him, making your religion sincerely His. As He originated you, so you will return.”
(Surat al-A’raf: 29)

Булактар

1. "Islam: Empire of Faith." An Empires Special, PBS Home Video.

2. Ibid.

3. Ibid.

4. Ibid.

5. L Carl Brown, ed. Imperial Legacy: The Ottoman Imprint on the Balkans and the Middle East (Columbia University Press: 1997).

6. Eugene A. Myers, Arabic Thought and the Western World in the Golden Age of Islam (New York: Frederick Ungar, 1964), 10, 133, 134.

7. Daniel Pipes, "Islam and Islamism," The National Interest (Spring 2000).