Экинчи Басылмага Баш Сөз

Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу Ислам ааламынын эле эмес, ар кандай диндеги, ар кандай улуттагы жана ар кандай көз-караштагы адамдардын кутулушу болот, бул биримдик бүт дүйнөгө сүйүү, бир туугандык, достук, молчулук жана береке алып келет. Түркиянын лидерлиги менен курула турган Түрк-Ислам Биримдиги жер жүзүнүн такыр башкача бир сулуулукка оролушуна, молчулук менен берекенин өтө көбөйүшүнө, искусствонун, кооздуктун жана илимдин абдан өнүгүшүнө, күчтүү жана тамырлуу бир маданияттын курулушуна себепчи болот. Аллахтын уруксаты менен Түрк-Ислам Биримдиги сөзсүз курулат. Бул Аллах белгилеген бир тагдыр.

çiçek

Түрк-Ислам Биримдигинин табигый лидери болсо Түркия болот. Түркиянын лидерлигин бүт түрк тилдүү жана Мусулман өлкөлөр да чын жүрөктөн кабыл алып, каалашууда. Мунун негизинде Түркиянын тарыхый тажрыйбасы жана түрк элинин сансыз окуялар менен далилденген сонун адеп-ахлагы турат. Түрк элинин лидер болуу каалоосу эч качан бир расалык жогорулук көз-карашына таянбайт.

Башкача айтканда, мунун маңызында «биз лидер бололу, башкалар бизге моюн сунсун» же «биз жогорубуз, башка элдер бизге моюн сунушу керек» деген сыяктуу акыл менен логикага сыйбас, болгондо да Куран ахлагына эч туура келбеген бир көз-караш жок. Адеп-ахлактык жогорулук мунун негизи. Лидерлик кызматы да негизи коргоого, колдоого, кызмат кылуу үчүн кыйынчылыкты жана жоопкерчиликти аркалоого бел байлоо иши, бир агалык кызматы сыяктуу болот

Түрк элинин бул тарыхый жоопкерчилигин орундатаарынын эң негизги далилдеринин бири болсо – Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринде акыр заманда Стамбулга жана Түркияга өзгөчө көңүл бурулгандыгы. Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде кабар бергендей, Аз. Мехди (ас) Стамбулда кызмат кылып, чачыранды болгон түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирип Түрк-Ислам Биримдигин курат жана жанында ыйык аманаттар менен бирге чыгат.

Аз. Мехди (Ас)Дын Стамбулду Руханий Каратышы

altın kelebek

Аз. Ибни Амрдан риваят кылынган. Расулуллах (сав) мындай деген: Эй Үммөт! Алты нерсе бар; алар болмоюнча кыямат болбойт... Алтынчысы болсо мединанын ээлениши.

- Айтылды: Кайсы медина?

- Ал айтты: Константинополь (Стамбул)

altın kelebek

(*) Бул Константинопольдун Аз. Мехди (ас) тарабынан руханий ээлениши. (Kıyamet Alametleri, s. 204. Ramuz EI Ehadis 1/296)

Аллах Константинопольду (Стамбулду) өтө сүйгөн досторунун колу менен (Аз. Мехди (ас)) каратат... Алардан оору менен кайгыны алып салат. (Kıyamet Alametleri, s.181)

Аймактар анын (Аз. Мехди (ас)дын) өкүмдарлыгына кирет. Аллах Таала анын (Аз. Мехди (ас)дын) колунда Константинопольдун (Стамбулдун) (руханий) каратылышын жеңил кылат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-ül Ahir Zaman, s. 56)

Аз. Мехди (aс) Түрктөр Арасында Кызмат Кылат

beyaz çiçekler

Аз. Мехди (ас) Румдан, б.а. түрктөрдөн (себеби, илгери Түркия Дийар-ы Рум деп аталган) кетпейт. (İş'afü'r-Rağıbîn'den naklen, Tılsımlar, s. 212.)

Тирмизиде орун алган бир хадисте «Аз. Мехди (ас) араптарга ээ болгонго чейин кыяматтын келбеши» (Тирмизи, Фитен: 43) айтылат, мындан анын араптардын арасынан чыкпашын түшүнөбүз. Себеби араптарга ээ болуу үчүн алардын сыртынан чыгышы керек. (Kıyamet Alametleri, s. 170)

Чыгыштан бир катар адамдар чыгат жана Аз. Мехди (ас)га негиз даярдашат. Аз. Мехди (ас) алар арасында өкүмдар болот. (İbni Mace, Kitab-ül Fiten: 35 (4088) Бул хадис чыгышта жайгашкан же чыгыштан келген бир элдин арасынан чыгаарын көрсөтүүдө – Аллахуалем- булар ал кездерде чыгышта жашап, анан Анадолуга (Түркияга) жайгашкан түрктөргө ишарат кылууда. (Kıyamet Alametleri, s. 171)

Ибни Халдун жана Куртуби Аз. Мехди (ас)дын мешрик (чыгыш), Хорасан (Каспий деңизинин батышындагы аймак) жана Амударья тараптарынан (бул аймактар түрктөр жашаган аймактар) чыгаарын жазышат. (Macdonald, İslâm'ın Ansiklopedisi, 7:478.)

Булардын баары Аз. Мехди (ас)дын иш-аракетин түрктөрдүн арасында жүргүзөөрүн көрсөтүүдө. (Şaban Döğen, "Mehdi ve Deccal", s. 172)

Сеййид Ахмед Хүсамеддин (р.а.) Истихрачнамесинде Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жери жөнүндө мындай дейт:

«Мусулмандардан бир зат келет, ал заттын атак-даңкы Кавказдын эң улуутоосунан айланага күндүн нуру сыяктуу нур болот.» (Osman Yüksel Serdengeçti, Mabedsiz Şehir, Serdengeçti Neşriyatı: VI, s.107)

Аз. Мехди (aс) Чачыранды Түрк Тилдүү Мамлекеттерди Бириктирет

çiçekler

...Жана ар кайсы тарапта менин уулума (Аз. Мехди (ас)га) жардам бере турган чачыранды түрк желектери чыгат. (Gaybeti numani, s. 323)

...Аллах ага (Аз. Мехди (ас)га) Румду, Дейлемди, Синдди, Индияны, Кабилшахты жана Каспийди караттырат. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani s. 274)

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадисинде кабар берилгендей, Аз. Мехди (ас) алгач түрк желеги менен Түркиядан чыгат, анан жашыл желектүү Ислам өлкөлөрүнө да руханий ээ болот. Түрк-Ислам Биримдигинин түзүлүшүнө себеп болот жана ал биримдиктин руханий лидерлигин аркалайт. Бул жөнүндөгү хадис мындай:

Ал жылы кызыл желектин жана анан жашыл желектин ээси болгон уулум (Аз. Мехди (ас)дын) кайыптыгы жарыяланат. (Şeyh Muhammed b. İbrahim-i Numani, Gaybet-i Numani, s. 170)

Аз. Мехди (aс) Дын Жанында Ыйык Аманаттар Болот

Акыр заман хадистерин жазып жеткирген аалымдар акыр заман окуяларын өз доорлорундагы халифалык борборлоруна карап жазып калтырышкан. Ошондуктан Аз. Мехди (ас)дын чыгаар жери катары ар аалым өз доорунун халифалык борбору болгон Ирак, Шам (Дамаск), Куфа, Медина сыяктуу шаарларды белгилешкен. Бирок акыр заман окуялары ишке ашкан жер жөнүндөгү риваяттардын орток чекити – бул ал окуялардын баарынын халифалык борборунда ишке ашаары. Белгилүү болгондой, акыркы халифалык борбору – бул Стамбул. Халифалык өткөн кылымдын баштарында расмий жоюлду жана ошол күндөн бери дүйнөнүн башка эч бир жерине которулган жок. Ошентип бул руханий наамды коргогон жалгыз шаар – бул Стамбул. Пайгамбарыбыз (сав)дын эки желеги, кылычы жана көйнөгү менен башка ыйык аманаттар да Стамбулда Топкапы сарайында сакталуу турат.

Абдуллах б. Шурефеден риваят кылынды: «Аз. Мехди (ас)дын жанында кооздолгон абалда Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги болот.» (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiy-il Ahir Zaman, s.65)

Нуайм бин Хаммад Эбу Жафериден мындай риваят кылды; «Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дын желеги, көйнөгү, кылычы, ишараттары, нуру жана сонун сөзү менен куптан убагында чыгат.» (Ali b. Sultan Muhammed el-Kari el-Hanefi ìRisaletül Meşreb elverdi fi mezhebil Mehdi)

kutsal emanetler

1. The Holy Banner of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace)
2. The sword of the Messenger of Allah (may Allah bless him and grant him peace)
3. The Blessed Mantle, the mantle of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace)
4. The staff of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace). Together with the banner and the pulpit of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace) his staff is regarded as a sign of the caliphate.

Аз. Мехди (ас) Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын желеги менен чыгат. Ал желек тигилген эмес, кара жана төрт бурчтуу. Пайгамбарыбыз (сав)дын көзү өткөндөн бери эч ачылбаган болуп, Аз. Мехди (ас) тарабынан гана ачылат. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-i Mehdiyy-il Muntazar, ss.41-42, 52, 54)

Алааматтарга келсек, (Аз. Мехди (ас)) жанында Аллах Элчисинин (сав) көйнөгү, кылычы, желеги болот. Ал желек Пайгамбардын (сав) көзү өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин эч ачылган эмес. Аз. Мехди (ас) чыкканга чейин ачылбайт. (Kıyamet Alametleri, s.164)

kutsal emanetler

1. One of the Sacred Trusts kept in Topkapi Palace is a cooking vessel said to have been used by the Prophet Abraham (pbuh).

2. The case containing the Sacred Seal of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace), another of the Sacred Trusts in Topkapi Palace. The words "Muhammad, the Messenger of Allah" appear on the seal, in three lines. The first says "Muhammad," the second "Rasul" and the third "Allah."

3. The sword of the Messenger of Allah (may Allah bless him and grant him peace)

Пайгамбар (сав)дын төө жүнүнөн желеги менен чыгат. Ал желек төрт бурчтуу, тигишсиз жана түсү болсо кара. Анда бир хижр (белги) болот. Ал Расулуллах (сав)дын көзү өткөндөн бери ачылбаган болуп, Аз. Мехди (ас) чыкканда ачылат. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, s.23)

Акыр заманда Аз. Мехди (ас) тарабынан гана ачылаары айтылган бул Желектин маанилүү бир өзгөчөлүгү – бул анын Пайгамбарыбыз (сав)дын «көзү өткөндөн бери эч ачылбаган» болушу. Бүгүнкү күнгө чейин Осмон Императорлугу да кошо эч бир өлкө тарабынан Пайгамбар Мырзабыз (сав)га урмат кылып ачылбаган желек алып барылган согуштарда жана аземдерде кабынан да чыгарылган эмес. 1400 жылдан бери ушинтип сакталган желек Аз. Мехди (ас)дын келиши менен Ислам ахлагы орной турган доордо ачылууну күтүүдө.

Түрк-Ислам Биримдиги Курулганда Жер Жүзүндө Эч Кан Төгүлбөйт

çiçekler

Түрк-Ислам Биримдиги китептин кийинки бөлүмдөрүндө терең каралгандай, Куран ахлагына таянган, ошондуктан ар кандай пикирдеги, ар кандай ишенимдеги, ар кандай улуттагы адамга боорукердик жана түшүнүүчүүлүк менен мамиле кылган, бүт адамдардын укугун коргогон, бүт адамдарга бейпилдик алып келген бир бакубаттыктын жана тынчтыктын биримдиги болот. Түрк-Ислам Биримдиги бүт уруштарды, террордук акттарды, анархияны толугу менен токтотот, Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу менен бүт фитналар токтойт. Бул сонун биримдиктин түзүлүшү менен Иудейлер менен Христиандар да коопсуздук ичинде ибадат кыла ала турган, каалагандай соода жүргүзө турган, каалаган жеринде каалагандай отурукташа турган, өздөрүн толук коопсуздукта сезе турган шартка жетишет. Түрк-Ислам Биримдиги бир тамчы да кан төгүлбөстөн, Мусулмандардын сүйүү менен биригиши, боорукердик менен, жакшы сөз менен, акылдуу жана даанышман сөздөр менен достуктун жайылышы натыйжасында курулат.

Түрк-Ислам Биримдиги курулган кезде бүт уруштардын токтошу, бүт курал-жарактардын тынчышы, адамдардын тынчтык менен сүйүү ичинде жашашы Пайгамбар Мырзабыз (сав) да сүйүнчүлөгөн бир чындык. Пайгамбарыбыз (сав) Аз. Мехди (ас) доорунда жер жүзүндө эч кан төгүлбөшүн кабар берген. Аз. Мехди (ас) чыгып, Түрк-Ислам Биримдиги курулган доордо жер жүзүнө жайыла турган тынчтык, адилеттик, кооздук жана бейпилдик хадистерде төмөнкүчө кабар берилген:

Адамдар бал аарыларынын башчыларынын айланасында чогулушу сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын айланасында чогулушат. (Аз. Мехди (ас)) Мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтурат. Адилеттиги ушундай даражада болгондуктан, уктап жаткан бир адам да ойготулбайт жана БИР ТАМЧЫ КАН ДА ТӨГҮЛБӨЙТ. Дүйнө Аср-ы Саадет (Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы бакыт доору) дооруна кайткандай болот. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 29 ve 48)

Аз. Мехди (ас) Пайгамбар (сав)дын жолунан жүрөт, уктап жаткан кишини ойготпойт, КАН ДА ТӨГҮЛБӨЙТ. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, Kıyamet Alametleri, s. 163)

süs

(Аз. Мехди (ас)) доорунда бир адам да уйкусунан ойготулбайт, БИР АДАМДЫН ДА МУРДУ КАНАБАЙТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 44)

Ага (Аз. Мехди (ас)га) моюн сунгандар (Кааба тараптагы) рүкун менен макам арасында моюн сунушат. Уктап жатканды ойготпойт, ЭЧ КАН ТӨГҮШПӨЙТ. (El-Heytemî, El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, s. 24)

Бул (Амир) да (Аз. Мехди (ас)) адамдар жер жүзүн мурда зулумдукка толтурган сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Sünen-i İbn-i Mace, 10/348)

Зулумдук менен бузукулукка толгон ДҮЙНӨ АЛ (АЗ. МЕХДИ (АС)) КЕЛГЕН СОҢ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛУП ТАШАТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 20)

АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА АДИЛЕТТИК УШУНЧАЛЫК МОЛ БОЛГОНДУКТАН, мажбурлап алынган ар бир мал-мүлк кайра ээсине тапшырылат. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, s. 23)

АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН) АДИЛЕТТИГИ БҮТ ТАРАПКА ЖАЙЫЛАТ жана адамдар арасында Аз. Пайгамбар (сав)дын сүннөтү менен мамиле кылат. Ал тургай, бирөөгө мал-мүлккө муктаж болгон ким бар болсо чакыр дейт, ал киши буйругун орундатканда, бир киши гана келет. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, s. 20)

Кыямат келиши үчүн убакыттан бир күндөн башка убакыт калбаган болсо да, Аллах менин ахли байтымдан бир затты (Аз. Мехди (ас)ды) жөнөтөт жер жүзү зулумдукка толгон сыяктуу, АЛ ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Sünen-i Ebu Davud, 5/92)

Аз. Мехди (ас) менден, жер жүзү зулумдук менен кыйноого толгон сыяктуу, АНЫ ТУУРАЛЫК МЕНЕН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Süneni-i Ebu Davud, 5/93)

Идиш сууга толгон сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. Эч ким арасында бир ДУШМАНДЫК КАЛБАЙТ. ЖАНА БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЕКЕНҮҮЛӨР СӨЗСҮЗ ЖОГОЛОТ. (Sahih-i Müslim, 1/136)

... Улуу Аллах Исламды кандай биз менен баштаган болсо Аны менен (Аз. Мехди (ас) менен) аягына чыгарат. Кандай биз аркылуу алар араларындагы ШИРК МЕНЕН ДУШМАНДЫКТАН КУТУЛУП, ЖҮРӨКТӨРҮНӨ ДОСТУК МЕНЕН СҮЙҮҮ ОРНОГОН СЫЯКТУУ, (АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН КЕЛИШИ МЕНЕН) КАЙРАДАН ОШОНДОЙ БОЛОТ. (Ahir Zaman Mehdisi'nin Alametleri, Celalettin Suyuti, s. 20)

... АНЫН (АЗ. МЕХДИ (АС)) ДООРУНДА ЖАКШЫ АДАМДАРДЫН ЖАКШЫЛЫГЫ КӨБӨЙӨТ, ЖАМАНДАРГА КАРАТА ДА ЖАКШЫЛЫК КЫЛЫНАТ. (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, s. 17)