Баш Сөз

Өтө кеңири бир аймакты жана болжол менен 1,5 миллиард Мусулманды камтыган Ислам дүйнөсүнүн негизги муктаждыктарынын бири болгон «Түрк-Ислам Биримдигин» колго алган бул китебибизде мындай биримдикти куруунун зарылдыгы жана шашылыштыгы жөнүндө сөз кылабыз.

Бүгүн Ислам дүйнөсүнүн абалы анализ кылынганда биринчи көзгө урунган жагдайлардын бири Мусулмандардын өз ара бөлүнүүчүлүгү болот. Кээ бир Ислам өлкөлөрүнүн арасында терең түшүнбөстүк жана карама-каршылыктар бар. Ал тургай, жакында эле Иран-Ирак согушу, Ирактын Кувейтке кол салышы, Пакистан-Бангладеш согушу сыяктуу Мусулман өлкөлөр арасында согуштар болуп өттү. Мусулман өлкөлөрдө көбүнчө этникалык жана саясий маселелер себебинен келип чыккан согуш менен уруштар да –мисалы Афганистанда, Йеменде, Ливияда, Иракта же Алжирде болгон сыяктуу- Ислам дүйнөсүнүн болушу керек болгондой болбой жатканын көрсөтүүдө. Мындан тышкары, Ислам дүйнөсүнүн төрт тарабында бир-биринен өтө айырмалуу диний жоромолдор, көз-караштар жана модельдер орун алган. Эмненин чындап Исламга туура келип, эмненин туура келбешин аныктай турган, бул багытта дүйнө Мусулмандарынын жалпысына багыт бере турган, аларды бир пикирге алып келе турган борбордук бир бийлик жок. Католиктердин Ватиканы, ортодоксалдык Христиандардын Патриархтары бар, ал эми Ислам дүйнөсүндө болсо диний бир биримдик жана борбор жок.

Бирок Ислам ахлагынын маңызында биримдик бар. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын көзү өткөндөн бери Ислам дүйнөсүнүн дайыма бир лидери болуп, ал макам Мусулмандардын диний темалардагы жол көрсөтүүчүсү болуп келген.

Учурда да Ислам дүйнөсүнүн баарына жол көрсөтө турган заманбап бир борбордук бийликти түзүүгө болот. Демократиялык негиздерге жана укуктун үстөмдүгү принцибине таянган борбордук бир Исламдык бийликтин жана бир Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу Ислам дүйнөсүнүн маселелеринин чечилишинде өтө маанилүү бир кадам болот.

Türk İslam Birliği

Китептин эмки бөлүмдөрүндө терең карала тургандай, бул Түрк-Ислам Биримдиги;

1) Куран ахлагынын талабы болгон сүйүү, боорукердик, бир туугандык жана мээримге таянган бир түшүнүктө болушу зарыл, бүт адамдарды коргоп-колдоону көздөшү керек, бүт адамдарга өтө сапаттуу жана жаркын бир жашоо стандартын сунуусу зарыл.

2) Демократ жана тарапсыз (светтик) бир түзүлүштө болушу керек, Түрк-Ислам дүйнөсүн руханий бир лидерликтин астында бириктирип, бүт мамлекеттердин эгемендигин коргогон бир көңүл биримдигин курушу керек.

3) Ислам дүйнөсүнүн баарына кайрыла алышы керек, ошондуктан эң негизги Исламдык баалуулуктарга жана негиздерге таянып, белгилүү бир мазхаптын же тарикаттын өкүлү болбошу керек.

4) Адам укуктарына, демократияга, эркин ишкердикке колдоо көрсөтүп, Ислам дүйнөсүнүн экономикалык, маданий жана илимий жактан өнүгүшүн негизги максат кылып белгилеши керек.

5) Башка өлкөлөр жана маданияттар менен өтө ынтымактуу мамилелер түзүп, массалык жок кылуучу курал-жарактарды контрольдоо, терроризм, эл аралык кылмыштуулук, экологияны коргоо сыяктуу темаларда эл аралык коомчулук жана Бириккен улуттар уюму менен кызматташтык кылышы керек.

Those who desire a conflict between civilizations will cause more bloodshed and losses around the world. Establishing the Turkish Islamic Union will be the most important handicap before those who advocate conflicts.

6) Ислам дүйнөсүндөгү башка диндеги жана улуттардын (мисалы Иудей жана Христиандардын) жана Ислам өлкөлөрүнө келген чет элдиктердин укуктарынын корголушу, алардын коопсуздугунун камсыздалышы жана урмат көрсөтүлүшү сыяктуу жагдайларга маани берилиши керек, ар кайсы диндеги, ар кайсы пикирдеги адамга сүйүү жана мээрим менен мамиле кылуу керек.

7) Палестина, Кашмир, Моро сыяктуу, Мусулмандар менен Мусулман эместерди карама-каршылыкка алып келген көйгөйлөргө адилеттүү жана тынчтык менен чечиле турган чечүү жолдорун табууга маани берүү керек. Бир тараптан Мусулмандардын укуктары жакталып, экинчи тараптан ал көйгөйлөрдүн Ислам дүйнөсүндөгү кээ бир радикалдуу элементтер тарабынан туюкка түртүлүшүнүн алдын алуу зарыл.

Ислам дүйнөсүнүн мындай акылдуу, даанышман жана адилеттүү бир лидерликке жетиши учурда көп маселелерге туш болгон 1,5 миллиард Мусулман үчүн да, дүйнөнүн бүт башка адамдары үчүн да өтө жакшы болот. Куран ахлагына таянып курула турган бир Түрк-Ислам Биримдиги бүт дүйнөнүн адилеттик менен коопсуздукка жетишине, Куран ахлагы алып келген кемчиликсиз кулк-мүнөз урматында бейпилдиктин орун алышына себепчи болот. Мусулмандар Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын доорунан бери адамзатка акыл, илим, ой-пикир, искусство, маданият сыяктуу тармактарда өрнөк болуп, «адамдардын жакшылыгына» чоң эмгектерди жаратышкан.

Европа ортоңку кылымдын караңгылыгында жашап жатканда, дүйнөгө илимди, акылдуулукту, медицинаны, искусствону, тазалыкты жана дагы көп нерсени Мусулмандар үйрөтүшкөн. Курандын нурунан жана даанышмандыгынан келип чыккан мындай Исламдык өнүгүүнү кайрадан баштатуу үчүн өтмүштөгү сыяктуу бүгүн да Мусулмандар Куран ахлагын жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын сүннөтүн негиз туткан бир жол башчылыкка муктаж.

güvercin

Бул долбоорду кантип ишке ашырууга болот? Бул суроону кийинки бөлүмдөрдө карайбыз. Бирок, жогоруда да айтып кеткендей, бул багытта бүт Түрк Ислам өлкөлөрү менен бирге өзгөчө Түркияга чоң роль түшкөнүн кайрадан эске салуу керек. Себеби Түркия, бир тараптан, тарыхый жана социологиялык фундаментинин талабы катары, экинчи тараптан, Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде сүйүнчүлөгөндөй, биз жашап жаткан акыр заманда өтө маанилүү милдеттерди аркалайт. Бул маанилүү милдеттердин башында Түрк Ислам дүйнөсүнүн биригишинде алдыңкы ролду ойноо турат. Муну унутпаш керек: Түркия биз сөз кылган мааниде бир Түрк-Ислам Биримдигин курган жана 5 кылымдан ашык убакыт бою ийгиликтүү башкарган Осмон Империясынын мураскору. Бул милдетти кайрадан аркалай ала турган бир коомдук фундаментке жана мамлекет салтына ээ. Болгондо да, Түркия Ислам дүйнөсүнүн Батыш менен мамилелери эң өнүккөн өлкөсү; бул болсо Батыш менен Ислам дүйнөсүндөгү маселелерди чечүүдө ортомчулук кылышына мүмкүнчүлүк түзөт. Түркиянын тарыхтан бери толеранттуу жана оор басырыктуу түшүнүктө болушу, Түркиянын Ислам дүйнөсүндө дүйнө Мусулмандарынын көпчүлүгү тутунган ахли сүннөт ишениминин өкүлү болушу да аны Түрк-Ислам Биримдигине лидерлик кылууга талапкер кылган негизги бир сыпаты.

Урматтуу Аднан Октардын Art Tv (Арт Тв) Интервьюсу, 19-Август 2008-Ж.

Арт ТВ: Агай, бул сөздөрүңүздөн көрүнүп турат, Түркиянын Ислам Биримдиги темасында өзгөчө сиздин эмгектериңиздин кээ бирлеринде да мен буларды окудум. Түрк-Ислам Биримдигине өзгөчө маани бересиз. Өзгөчө көңүл бурасыз. Муну бир аз чечмелесек, Ислам Биримдигине басым жасаган сөздөрүңүз бар. Түрк-Ислам Биримдигине басым жасаган сөздөрүңүз бар.

Аднан Октар: Ооба

Арт ТВ: Түркияда түрк, лаз, черкез баары бир бүтүн деген сөздөрүңүз бар. Муну кааласаңыз бир аз чечмелейли. Жана Түркияда Мусулмандар, өзгөчө Мусулман ааламында Түркиянын маанисин өтө жакшы түшүнүп башташты, сиздин бул боюнча көз-караштарыңыз кандай? Түрк-Ислам Биримдигинин мааниси, чындап өзгөчө бир абалга келеби сиздин оюңузча?

Аднан Октар: Пайгамбар Мырзабыз (сав) акыр заман хадистеринин баарын Түркия негизинде баяндаган. Баары Стамбул менен Түркия. Жана түрк элинин алдыңкы ролду ойноорун айткан риваяттары бар. Б.а. Мехдилик окуясында да дайыма түрктөрдөн сөз кылынат. Түрк калкы куттуу бир эл. Исламдын дайыма желегин желбиреткен. Биринчиден эр жүрөк, баатыр бир эл. Жоомарт, сөзүндө турат. Армиябызда да мындай өзгөчөлүктө көрө аласыз. Барып чет өлкөдө кайсы өлкөгө гана барбаңыз, түрк аскерин сүйүшөт, «алар келе көрсүн, баары кетсин, түрк аскери келсин» дешет. Мисалы, Сомалиге барыңыз, «баары кетсин, түрк аскери келсин» дешет. Афганистанга барыңыз, түрк аскерин кучакташат. Эмне үчүн? Себеби жоомарт, чынчыл, боорукер,

Арт ТВ: Ыймандуу.

Аднан Октар: Ыймандуу, Аллахтан коркот, акыл менен иш кылат, мына ушундай бир элге Аллах Исламдын желегин алып жүрүүнү насип кылат. Ислам ахлагын жайуу милдетин ушундай бир элге берген болот Аллах иншаАллах. Осмон Империясы убагында да бул ушундай эле, б.а. түрк дегенде, түркмүн дегендин баары түрк. Ал жагынан карасаңыз, мен мисалы сеййидмин, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын урпактарынанмын, бирок таза кандуу түркмүн. Таза түрк. Себеби Аллах бул элди, түркмүн дегендин баарын бир руханий коргоо астына алгандай, ушундай бир өрнөк адеп-ахлакты, өрнөк Исламды жашаган бир эл, мисалы азыр сураңыз Ислам ааламында баарынан сураңыз. «Исламды эң жакшы ким жашайт?» деп. Түркия дешет. Эң акылдуу, эң эстүү, эң адилеттүү, акыл менен жашаган – бул түрктөр. Эң таза, таптазалар. Ошон үчүн бир пикирде, баары Түркия лидер болсун дешет, түрк ааламы да, Ислам ааламы да ушундай дейт. Ансыз да түрк ааламынын көпчүлүгү Мусулман, бирок Христиандар да биздин бир туугандарыбыз. Иудейлер да биздин бир тууганыбыз. Армяндар да, грузиндер да баары биздин бир тууганыбыз. Себеби Осмон Империясы элдеринин ичинде булардын баарын боорубузга басканбыз, Осмон Империясына, түрктүккө кызмат кылган адамдар. Исламга, Куранга кызмат кылган адамдар. Мисалы, эң барктуу усталар, искусство чеберлери баары армяндардан чыккан. Гректерден чыккан. Еврей илимпоздор, еврей искусство адамдары, Иудей искусство адамдары өтө чоң кызматтарды кылышкан, сарайларда кызмат кылышкан. Кийин ушундай бир фитна чыгарылды. Расизм фитнасы менен алар менен арабызда бир кекенүү, уруш бар сыяктуу болуп калды, масондор ушундай тымызын оюн ойношту. Ушундай бир грек дегенде, армян дегенде, адамдардын мээсине орноп калды ал тургай. Мисалы, ал таптаза адамдар, байкуш адамдар грекмин дегенден, армянмын дегенден тартына турган абалга алып келишти аларды, Иудеймин дегенден тартына турган кылып коюшту. Бул бир масондук оюн. Ахли китап (иудей менен христиандар) биздин бир туугандарыбыз алар. Алар Аз. Ибрахимди сүйүшөт. Аз. Исмаилди сүйүшөт. Аз. Исхакты, Аз. Йакубду сүйүшөт. Жалгыз Аллахка ишенишет. Бир эле пайгамбарларды сүйөбүз. Бир периштелерди сүйөбүз. Жана баары акыйкат диндердин эски абалдары. Эски акыйкат диндер. Албетте Ислам дини акыркы акыйкат дин иншаАллах. Бирок алар да ахли китап. Аллах аларды Куранда ахли китап деп айткан. Ошон үчүн бул кекенүү, душмандыктын баары жоголот. Расизм балээси, улутчулдук балээси, эмне кереги бар? Түркия бир агалык кылса, окуяга бир киришсе, абал толугу менен тынчтанат. Ошон үчүн Түрк-Ислам Биримдиги өтө, өтө, өтө шашылыш бир милдет. Улгайган, жаш адамдар, миңдеген адам өлдү Грузияда. Күнөө эмеспи?

Түркиянын бир күн кеч калышы да жоопкерчиликтүү кылат аны. Ылдам киришиш керек. Муну сунуштасын Түркия, эгер бир киши каршы чыкса, мага келип айтышсын. Б.а. Сирияга барып сунуштаңыз Түркия менен бириккиле деп, Сирия эки күн да ойлонбойт. Азербайжанга сунуштаңыз, ансыз да алар өздөрү сунушташууда. Азербайжан өзү каалап жатат. «Түркия менен биригели» деп көп жолу айтышты. «Эки мамлекет бир эл болуп биригели» дешти. Ошон үчүн мунун расмий ооздон айтылышы зарыл. Бирок расмий ооздон айтылышы үчүн ылдыйдан өкмөткө талап кылынышы зарыл. Б.а. «ушундай бир нерсе каалайбыз» деп талап кылуу керек, бирок муну өтө өжөрлүк менен айтуу керек, өкмөт ага таянып чечкиндүүлүккө жетиши үчүн. Ишке киришсин бул өтө маанилүү. Б.а. фонддор болсун, уюмдар болсун, элдер, бүт Мусулман бир туугандарыбыз, бүт Түрк эли катары буга көп басым жасашыбыз керек. Сөзсүз Түрк-Ислам Биримдиги, Түрк-Ислам Биримдигинин лидери болуп иншаАллах Европа Биримдигине кирели. Лидер болуп кирүү бизге жарашат. Жана Европаны да өнүктүрөлү. Американы да өнүктүрөлү. Россияны да өнүктүрөлү. Бүт дүйнөнү байыталы. Түркиянын миссиясы – бул дүйнөнү байытуу, күчтөндүрүү, тынчтыкты орнотуу, бейпилдик алып келүү, б.а. биздин расисттик көз-карашыбыз жок түрк эли катары.

Эң аягында муну белгилей кетүү керек: бул китепте айтылган чечүү жолдорун токтоосуз турмушка ашыруу өтө маанилүү. Себеби кээ бир чөйрөлөр Ислам дүйнөууда. Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу менен бирге бул коркунуч толугу менен жоюлат. Тарсү менен Батыштын ортосунда бир «маданияттар кагылышуусунун» болушу үчүн күн өткөн сайын көбүрөөк аракет кылып, кайраштырышыхтагы тажрыйбалар ачык көрсөткөндөй, ар башка маданияттардын чогуу жашашы негизи бир байлык жана бир жакшылык. Ар кайсы маданияттарды камтыган бир мамлекет өз ичинде айырмачылыктар болгону үчүн эмес, ал айырмачылыктарды башкаруу –же башкара албоо- сыяктуу себептерден маселелерге туш болууда. Же маданияттар бир-бирине карата толеранттуу болуп болбошуна, өз ичтериндеги толерантсыз элементтерди башкарып башкара албашына жараша урушушууда же тынчтык менен кызматташтык жолун тандашууда. Бүгүн да толеранттуулук менен достуктун ордуна, Батышта да, Ислам дүйнөсүндө да душмандык менен кагылышууну тандагысы келген кээ бир чөйрөлөр кездешүүдө. Булардын себебинен Ислам менен Мусулмандар жөнүндө кээ бир түшүнбөстүктөр менен стереотиптер уланып, бул Ислам дүйнөсүнө бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Батыштыктар болсо ар кандай түшүнбөстүктөр себебинен керексиз эле тынчсызданышууда. Бул кыйынчылыктардын баарын жок кыла турган бир чечүү жолуна өтө шашылыш бир муктаждык бар.

Бул китепте баяндала тургандай, бул кооптуу кагылышуу каалоосунун алдын алууда Ислам өлкөлөрүнүн биримдикте болушунун, б.а. «Түрк-Ислам Биримдигинин» чоң ролу болот.

Call to the way of your Lord with wisdom and fair admonition,
and argue with them in the kindest way.
Your Lord knows best who is misguided from His way.
And He knows best who are guided.
(Surat an-Nahl: 125)