Акш, Ортоңку Чыгыш Жана Түрк-Ислам Биримдиги

11-сентябрь күнү Нью-Йорк Дүйнөлүк соода борборуна жана Пентагонго жасалган, миңдеген күнөөсүз адамдын өлүмүнө, көп адамдардын жаракат алышына себеп болгон кол салуу дүйнө тартибин кайрадан калыптандыра турган бир доордун башталышы болду. Көптөгөн теоретиктер тарабынан ар кандай көз-караштар айтылды. Кээ бир адистер бул террордук кол салуу кагылышууларды мындан да көбөйтөт десе, көпчүлүгү Американын мындан соң жүргүзө турган саясатынын токтоолук менен адилеттикке таянышы зарыл экенине көңүл бурушту.

şehit müslümanlar

The 9/11 attacks that targeted innocent people were denounced by Muslims, like the rest of the world.

Кол салуудан соң Америка Кошмо Штаттары террорго каршы кеңири масштабдуу бир күрөш баштады. Ошол замат бүт дүйнө өлкөлөрү менен эл аралык уюмдар АКШга бул күрөшүндө колдоо көрсөтүштү. Террорго жана террорго колдоо көрсөткөн бүт элементтерге каршы жүргүзүлгөн бул күрөштө негизинен аскердик чаралар колдонулду. Бирок убакыт көрсөткөндөй, кээ бир ийгиликтер алынганы менен, бул күрөштүн маселени толук чече албаганы апачык көрүнүүдө.

Мунун негизги себептеринин бири террор менен күрөшүүдө стратегиянын –көбүнчө- аскердик чараларга таянганы жана илимий жана маданий тармакта аскердик күрөшкө колдоо көрсөтө турган иш-чаралардын жетиштүү деңгээлде жасалбаганы болду. Бир социо-психологиялык жана идеологиялык маселе болгон террорду «террорго колдоо көрсөткөн режимдерди алмаштыруу» сыяктуу аскердик ыкмалар менен чечүүгө аракет кылуу туура эмес болот. Бул, бир тараптан, ортодо күнөөсүз адамдар да өмүрүнөн ажырай турган бир трагедия болсо, экинчи тараптан, радикализмди жана натыйжада терроризмди күчөтүүчү бир фактор болот. Террорду толугу менен жок кылуу террористтик топтордун пропагандаларын таасирсиз кыла турган пикирдик бир күрөш менен гана мүмкүн болот, аскердик күрөш болсо белгилүү деңгээлде гана пайда бере алат.

Ушул себептен террор менен күрөшүүнүн эл аралык укук эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү жана мүмкүн болушунча тынчтык ыкмаларынын колдонулушу зарыл. Укукту жана эң негизги адам укуктарын тебелеген жана карапайым калктын өлүмүнө себеп болгон ар кандай иш-аракеттин башталыш себеби туура эле болгон ал күрөшкө көлөкө түшүрөөрүн унутпаш керек.

Muayyad Camisi, tablo

АКШ башкаруусу да террорго каршы стратегия белгилеп жатканда бул чындыктарды эске алышы керек. Эң негизи террорду пайда кылган идеология жок кылынышы зарыл. 11-сентябрьдын себеби деп кабыл алынган «Исламдык террорду» чыгарган негизги булак – бул Исламды зомбулук үчүн бир себеп катары колдонууну каалаган бир катар радикалдуу топтор. Ал топтордун идеологиялык түзүлүшү же кандайча таалим алганы терең изилденгенде, маңызында алардын дарвинисттик көз-карашта экени заматта ачыкка чыгууда. Ошондуктан мындай топтордун Исламды жамынып чыгышынын эч кандай мааниси жок, себеби алар чындыгында дарвинисттик көз-караштагы адамдар. Ошондуктан дарвинизмге каршы күчтүү бир пикирдик күрөш жүргүзүү жана чыныгы дин ахлагынын, Курандын маңызындагы сүйүүнү, боорукердикти, мээримди адамдарга үйрөтүү зарыл.

Ислам ахлагын туура түшүнүү жана Исламды туура эмес түшүнүп жашагандарды андан тосуу болсо Мусулмандар жасай ала турган бир иш. АКШнын бул багыттагы саясаты Ислам дүйнөсүнүн ичинен чыга турган бир чечүү жолун (китептин башынан бери айтылып келе жаткандай бул чечүү жолу Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу) колдоп, анын жолун ачышы керек.

Американын саясатынын ушул багытта калыптанышы АКШ үчүн да, Ислам дүйнөсү үчүн да жана бүт дүйнө үчүн да өтө пайдалуу болот. Буга каршы болгондор дүйнөнү канга бөлөгөнү жатышканын эске алып дагы бир жолу ойлонушу керек. Ошондой эле, АКШ башкаруусу бир катар жаман ниеттүү күч борборлорунун бул багыттагы туура эмес пикирлерине маани бербей, алардан алыс болушу керек. Ал күч борборлору Исламды бир дин жана маданият катары «душман» көрүп жаңылган, Батыш менен Ислам дүйнөлөрү арасында кандуу бир согуш болушун өтө каалаган кээ бир идеолог жана стратегдер. Булар АКШ башкаруусунун террор менен күрөшүү саясатын «Ислам менен күрөшүүдөй» көрсөтүү жана ошондойго алып келүү үчүн жан үрөшүүдө. Америка башкаруусунун мындай «Батыш-Ислам согушу» сценарийлерин толугу менен четке каккан акылдуу сөздөрү 11-сентябрьдан бери оң натыйжаларды берди. Бирок ал сөздөрдүн жасалып жаткан саясаттарга да багыт берип жатканы дүйнө коомчулугу тарабынан байкала тургандай анык көрүнүшү керек.

АКШ дүйнө тынчтыгынын орношуна кандай көмөк көрсөтө алат?

şehit müslümanlar

Paul Wolfowitz, the former American Deputy Secretary of Defense, was one of the theoreticians of the "Bush Doctrine" developed after 9/11.

11-сентябрь окуялары менен бирге Америка башкаруусу жаңы бир тышкы саясат жана улуттук коопсуздук стратегиясын белгиледи. Террордук кол салуулардан бир жумадан соң президент Буштун калкка кайрылуусунда негизги багыттары айтылган жана «Буш доктринасы» деп да аталган бул стратегия көптөгөн талаштарды да жаратты. АКШнын өз өлкөсүн коргоо үчүн дайыма душмандан мурда аракет кылаары маанисине келген –жана бул мааниде белгилүү жерлерде туура кабыл алуу мүмкүн болгон- бул стратегиясы жаңы бир доордун башталышы эле. Кол салуулардан соң түзүлгөн психологиялык маанайда Америка президенти Жорж Буштун коргоо сезимдеринен пайдаланып белгиленген бул стратегия АКШдагы кээ бир чоң муштумдукту жактаган чөйрөлөр тарабынан башка багыттарга тартууга аракет кылынды. Ал чөйрөлөр бул стратегияга таянып АКШнын дээрлик бүт Ортоңку Чыгышты көздөгөн жана болжол менен 20 жылга созула турган бир согушка даярданышы керек экенин айтып чыгышты. Мунун чоң жаңылыштык экенин жана террорду күчөтөөрүн айткан башка чөйрөлөр болсо бул стратегиянын чоң рисктерди камтыганына ишарат кылышууда. Ал рисктерге өтүүдөн мурда бул доктринада орун алган «алдын алуучу кол салуу» түшүнүгүнө кыскача токтолуу туура болот.

Учурда дүйнөнүн жалгыз супер күчү болгон АКШнын дүйнөнүн ар кайсы аймактары жөнүндө саясий пландары менен стратегияларынын болушу табигый нерсе. АКШ кийлигишүүлөрү кээ-кээде оң натыйжалар берген мисалдар да бар. Мисалы, 1990-жылдары Босния-Герцоговинаны, андан соң Косовону көздөгөн Сербия зомбулугун токтотууда АКШнын Сербияга болгон аскердик жана дипломатиялык кийлигишүүлөрүнүн чоң пайдасы болду. Бул жерде негизгиси АКШнын кийлигишкен аймактарда ар кайсы топтордун укуктарын коргогон, адилеттүү, адам укуктарын урматтаган жана тынчтыкты көздөгөн бир саясат жүргүзүп-жүргүзбөгөнү, кыскасы эл аралык укукка баш ийип-ийбегени маанилүү.

şehit müslümanlar

American intervention in Bosnia-Herzegovina and Kosova played a major role in restraining Serbian violence.

Эл аралык мамилелерде бир өлкөнүн өз коопсуздугун көздөп алган чаралары белгилүү деңгээлде толеранттуулук менен кабыл алынат. Албетте, ар бир өлкө өзүнүн коопсуздугун жана келечегин коргоону каалайт, бул үчүн ар кандай стратегияларды иштеп чыгат. Бирок бул коргоо сезими эч качан башка улуттардын же өлкөлөрдүн укуктарына адилетсиздик менен кийлигишүүнү камтыбашы керек. Бир өлкөнүн өз жарандары үчүн да, дүйнө калктары үчүн да жүргүзө турган эң кооптуу жана ийгиликтүү стратегиясы – бул тынчтык менен бейпилдикти коргоону көздөгөн стратегия. Тынчтыкты жактаган ар кандай стратегия адамзатка бакубаттык менен бейпилдик алып келет. Тынчтык менен тартипти бузууну көздөгөн ар кандай иш-аракет болсо өтө кооптуу жана зыяндуу.

АКШ башкаруусу ичинде кээ бир чөйрөлөр тарабынан жакталган «алдын алуучу кол салуу» түшүнүгү да өтө рисктүү бир стратегия. Бул стратегиянын кээ бир жактоочулары ар мамлекеттин коргонуу укугунан өтө эле ашып кеткен бир көз-карашта болушууда. Алардын туура эмес пикири боюнча, «келечекте коопсуздугума бир коркунуч жаратышы мүмкүн» деген шылтоо менен ар кандай кол салууга негиз түзүлүүдө. Бул болсо ар кандай маселени аскердик чаралар менен чечүүнү көздөө дегенди билдирет. Бирок аскердик чаралар менен эле анык ийгиликке жетүүнүн мүмкүн эместиги анык. Дүйнө тарыхы мындай мисалдарга толо.

şehit müslümanlar

The twentieth century was full of wars that killed millions of people and caused heavy material losses. In this new century, humanity must seek peaceful solutions to all such problems.

Көп жаңылыштыктарды камтыган бул логика боюнча, эл аралык мамилелер укукка эмес, күчкө таянат. Алардын талабы боюнча Америка «күчүн» көрсөтүп, душмандарына дагы эле күчтүү экенин «эң жакшы» көрсөтүп коюшу керек. Чоң муштумдукту жактагандар АКШ согушуп гана аскердик үстөмдүгүн уланта алат жана дайыма «биринчи урушу» керек деген жаңылыштыкка түшүшкөн. Албетте, бүт Америка башкаруусу мындай кооптуу ойдо эмес.

Чоң муштумдукту жактагандар кээ-кээде Америка саясатында активдүү болуу менен бирге, башкаруу жана кеңешчи кадрларында токтоо жана тынчтыкты көздөгөн бир саясат жүргүзүү керектигин жактаган көп кишилер да бар.

АКШ баш болуп бүт дүйнө өлкөлөрүнүн дайыма тынчтыкты көздөшү, ар кандай шартта тынчтыкты жактап-колдошу керек экени анык. «Күчтүүнүкү туура», «маселелер колдонулган күчкө жараша чечилет» деген сыяктуу жаңылыш пикирдеги чөйрөлөр мындай сөздөрү менен өз өлкөлөрүн да олуттуу бир туюкка камашууда.

Бул туюктун бир тарабы, башында да айтып кеткендей, террордун күчөп кетүү коркунучу. Экинчиси болсо согуштардын АКШга жүгү. Учурда көп стратегдер Американын экономикалык жактан да, саясий жактан да күчүн жоготуп баштаганына көңүл бурушууда. Аскердик күч АКШ үчүн чоң бир артыкчылык болуу менен бирге, чоң муштумдукту жактагандардын тилине кирип, дайыма согушуп, согушка даярдык көрүүнүн Америка экономикасына катуу сокку ураары көрүнүүдө. Ошондой эле, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда согушууга мажбур болгон бир Американы көп адамдар адам укуктары, демократия жана эркиндик сыяктуу глобалдык баалуулуктардын коргоочусу катары көрбөй калышат. Чоң муштумдукту жактагандардын саясаты натыйжасында бүт элдер тарабынан урмат көргөн бир Американын ордуна, андан коркулган гана бир Америка келип чыгат. Натыйжада ар кандай аскердик жеңиштерге жетишилсе дагы, булар экономикалык жактан оор абалда калган жана дүйнөлүк масштабда имиджи бузулган Америка калкы үчүн чыныгы бир ийгилик болбойт. Негизи Америка башкаруусунун да мындай абалга түшкүсү келбеши анык, ушул себептен чоң муштумдукту жактаган чөйрөлөрдүн туура эмес пикирлеринен этият болуп, токтоо, акылдуу бир саясат жүргүзүүнү токтотпош керек.

savaş karşıtı haberler

The fact that war is not a solution has been expressed many times by American citizens and civil society, such as the American National Council of Churches. Many religious leaders have stated that pious Americans are in favor of peace.

1. United for Peace and Justice is an NGO that uses the Internet to call for peace.

2. Veterans against the Iraq war is another NGO that carries out an anti-war campaign.

Мындан тышкары, бул чөйрөлөр мындай пикирлери менен башка өлкөлөргө кандай мисал болоорун да ойлонушу керек. Башка өлкөлөрдүн да өздөрүн коргоону көздөп иш-аракет башташынын жана эл аралык укук менен эрежелерге баш ийбей башташынын эмнелерге алып бараарын эске алуулары зарыл. Орусия, Кытай, Индия –жана албетте Израил- сыяктуу ядролук куралы бар өлкөлөр да ушул сыяктуу бир «алдын алуучу кол салуу» стратегиясын ишке ашырууга өткөн болсо, дүйнөнүн кандай чоң бир башаламандык менен кагылышуу ичине кирээри анык. Мындай ыктымалдык жөнүндө сөз болушунун өзү эле канчалык чоң коркунуч.

Албетте, бүт өлкөлөр сыяктуу улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана өзүн потенциалдуу коркунучтарга каршы коргонуу АКШнын да укугу жана эл аралык коомчулук, өзгөчө 11-сентябрь окуяларынан кийин, АКШнын мындай укугуна урмат көрсөтөт. Бул укукту АКШнын да, дүйнө өлкөлөрүнүн да пайдасына боло тургандай кылып колдонуу болсо таштала турган кадамдардын эл аралык укукка ылайык аныкталышы менен мүмкүн болот. Бул стратегиянын каалагандай турмушка ашырылышынын алдын ала турган эң негизги элемент эл аралык укук жана ал укуктун тегерегинде эл аралык коомчулуктун макулдугунун алынышы болот. Антпесе стратегияны турмушка ашыруучулардын өз өлкөлөрүн чоң бир кризиске түртүшү жана дүйнө тынчтыгына да кооптуулук туудурган элементтерге айланышы анык.

Бүт бул себептерди эске алып Америка башкаруусунун бул стратегиясын дагы бир жолу карап чыгышы шарт. Дүйнө тынчтыгын сактоону жана туруктуулукту камсыздоону көздөгөн бир Американын колдоно турган ыкмасы чоң муштумдук менен зомбулук эмес, токтоолук, акылмандык жана адилеттик болушу керек.

Террор менен күрөшүүдө АКШ эң биринчиден илимий-маданий иш-аракеттерди колдошу керек. Маселелердин зомбулук менен чечилишин жактаган, адамдар арасы байланыштар кызыкчылыкка гана таянат деген, зомбулукту кадыресе кабыл алган ар кандай идеологиянын илим-пикир менен жок кылынышы террордун булагын жок кылуу дегенди билдирет. Адамдарга ушуга окшогон жамандыктарды сиңирген жана дин ахлагына каршы чыккан идеологиялардын ордуна, абийирдүү болууну, толеранттуу мамиле кылууну, сүйүү менен боорукердикти буйруган чыныгы дин ахлагынын жайылышы террор баш болуп көптөгөн коомдук маселелерди тамырынан чечет.

Бул багытта жасала турган илимий-маданий иш-чараларда АКШ башкаруусу жарандык коомдор менен кызматташтык жасаса болот. Акыркы убактарда бул багытта иш-аракет жүргүзгөн жарандык коомдордун саны көбөйдү жана бул кубанычтуу көрүнүш. Бирок маселе толугу менен чечилиши үчүн жасалган иш-аракеттердин масштабы кеңейтилиши керек жана ал иш-аракеттер мамлекеттик башкаруу тарабынан колдоого алынышы зарыл.

Мындан тышкары, Америка башкаруусу Христиандыктын негизги баалуулуктарынын да согуш менен душмандыкка каршы экенин унутпашы керек. Аллах адамдарга жер жүзүндө башаламандык чыгарбагыла, бейпилдик менен коопсуздукту бузбагыла деп буйруган. Ишенимин негиз туткан бир Америка дүйнөгө коркуу менен тынчсыздануу эмес, бейпилдик менен коопсуздук бериши, жана тынчтыкты көздөгөн мамилеси менен бүт адамзатка өрнөк болушу зарыл. Ыймандуу Христиан экенин көп жолу баса белгилеген Буш башкаруусунун мүчөлөрү Инжилде Аз. Иса (ас)дын аларга «Тынчтыкты орноткондор кандай бактылуу» (Матфей, бап 5, 9) сөздөрү менен жер жүзүндө тынчтык элчилери болушун буйруганын унутпашы керек.

bahçe, çeşmeler

Not so! All who submit themselves completely to Allah and are good-doers will find their reward with their Lord. They will feel no fear and will know no sorrow. (Surat al-Baqara: 112)

Each person faces a particular direction so race each other to the good. Wherever you are, Allah will bring you all together. Truly Allah has power over all things. (Surat al-Baqara: 148)

Бул багытта америкалык дин аалымдары да Америка башкаруусуна оң чакырыктарды жасашууда. Америка улуттук чиркөөлөр кеңеши тарабынан (50гө жакын кол менен) президент Бушга кайрылып жазылган бир кат бул чакырыктын мисалдарынын бири. Али Ирак согушу баштала электе жазылган бул кат маанилүү эскертүүлөрдү камтыган:

... Бул катты Аллах тарабынан бизге берилген немат-жакшылыктар калкыбыз жасай турган иштер себебинен зыян тартышы мүмкүн деген тынчтыздануу менен жазып жатабыз. Америка чиркөөлөрү жана чиркөөлөргө караштуу уюмдардын лидерлери катары сиз тараптан жана башкаруудагы кээ бир кишилер тарабынан Иракка карата пландалган «алдын алуучу аскердик кол салуу» жөнүндөгү сөздөрүңүз бизди тынчсыздандырды.

Саддам Хусейиндин коңшуларына жана өз элине жана ал тургай Американын кызыкчылыктарына карата бир кооптуулук экенин кабыл алуу менен бирге, мындай аскердик иш-чараны бүтүндөй туура эмес деп ойлойбуз. Адеп-ахлактык баалуулуктарга таянып, Американын Иракка кол салышына каршыбыз...

Саддам Хусейин өкмөтүнө каршы жасала турган аскердик бир иш-чара жана андан кийин боло турган окуялар көп сандагы катардагы жарандардын өлүмүнө же жаракат алышына себеп болуп, көптөгөн күнөөсүз адамдар жапа чегишет... Миллиондогон жарандарыбыздын өкүлү болгон Христиан лидерлер катары өкмөтүбүздүн биз үчүн маанилүү болгон адеп-ахлакка жана баалуулуктарга ылайык иш-аракет жасашын; согушту эмес тынчтыкты жакташын, эл аралык коомчулук менен бирге болушун, эл аралык мыйзам менен келишимдерге урмат көрсөтүшүн жана адам өмүрүн баалашын талап кылабыз.25

Согуштар себеп болгон кыйроолор

Согуш – согуштун бүт тараптарына дайыма азап менен көз жаш алып келүүчү, чоң жоготууларга себеп болуучу өтө чоң бир зулумдук. Дин ахлагы адамдардын келишпестиктерди тынчтык жолу менен жоюуну, ымалага келүүнү талап кылат. Дин ахлагындагы бир адам кекенүү, өч алуу, ачуулануу сыяктуу жаман өзгөчөлүктөрдөн качынып, кечиримдүү жана толеранттуу болот. Адамдардын дин ахлагынан алысташы болсо өлкө ичинде да, өлкөлөр арасында да уруштарга түртүүчү бир абалды пайда кылат. Жакынкы убакта болуп өткөн эки чоң дүйнөлүк согушка да дин ахлагына туура келбеген идеологиялар себеп болду.

Darwinism is The Root of Terrorism

Darwinism's encouragement of conflict, barbarity and war is in fact far more serious in scale than what is superficially touched on above. It is evident that Darwinist philosophy has brought humanity nothing but blood, suffering and tears. People educated in the Darwinist mindset have been brainwashed with ruthless ideas to treat one another as if they were animals and even regard killing one another as perfectly normal. Ideologies that favor violence and inflicted terrible disasters on mankind in the 20th century supported, on the basis of Darwinism, "conflict or war against those who are not of us" and even adopted this as their most important operational technique. Horrifying acts of terror in the present day show how particularly influential the false idea of "man as a fighting animal," which is inculcated by Darwinism in people's subconscious minds, is. What supposedly justifies terror and violence for these people is such dangerous slogans, based on Darwinism, as "only the strong survive," "big fish eat little fish," "war is a virtue" and "man advances by waging war." Actually, once Darwinism is done away with there will be no more philosophies of "conflict."

The three Divine religions that most people in the world believe in, Islam, Christianity and Judaism, all oppose violence. As we shall be seeing in the sections that follow, all three religions wish to bring peace and harmony to the world, and oppose innocent people being killed and suffering cruelty and torture. Conflict and violence violate the morality that Allah has set out for man, and are abnormal and unwanted concepts. However, Darwinism sees and portrays conflict and violence as natural, justified and correct concepts that have to exist. For this reason, the root of the terrorism that plagues our planet is not any of the Divine religions, but in irreligion, and its expression in our times: "Darwinism" and "materialism." Since Darwinism is taught in just about all schools in almost every country in the world, as if it were a scientific fact, it is inevitable that new generations of terrorists will emerge. That is why it is a matter of the greatest urgency for young people taught that their ancestors were animals that came into being by so-called chance, that they have no responsibility toward Allah and that they can only survive by being victorious in war and conflict should be kept away from such dangerous ideas. Young people brought up in the light of such corrupt ideas can become ruthless enough to slaughter innocent children and perpetrate all kinds of actions that violate reason and good conscience. Indeed, the communist, fascist and racist terror groups that have plagued the world in the last century have all been the product of this education system.

In conclusion, the solution lies in a powerful cultural campaign against Darwinism, the true root of terrorism, and teaching young people fear of Allah and to behave rationally and virtuously. The result will be societies that produce people full of peace, feeling of safety, forgiveness and compassion, as Allah reveals in the Qur'an.

10 миллиондон ашык адам көз жумган Биринчи дүйнөлүк согуш Европадан Ортоңку чыгышка чейинки өтө чоң аймакта көп кыйроолорду алып келди. Биринчи дүйнөлүк согуштай эч кандай акылга сыярлык себепке таянбаган Экинчи дүйнөлүк согуш да өтө кандуу аяктады; 55 миллион адам бул таш боор согуштун себебинен өмүрүнөн ажырады. Болгондо да, бул согушту көргөндөр тарыхта көп кездешпеген жырткычтыктарга, концлагерьлерде миллиондогон күнөөсүз адамдын жок кылынышына күбө болушкан.

Болуп өткөн эки чоң дүйнөлүк согуш жана алар себеп болгон кыйроолор, тилекке каршы, адамдардын согуштун канчалык чоң балээ экенин түшүнүшүнө жетиштүү болгон жок. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин да дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде кагылышуу жана согуштар болуп өттү. Кыргындар уланды. Бир канча адамдын саясий амбициялары жана кызыкчылыктары себебинен миллиондогон адам өлүп, он миңдеген адам майып болуп, шаарлар кыйратылып, өлкөлөр урандыга айланды. Согуштар адамдарга материалдык эле зыян тийгизбестен, согушка күбө болгон кишилердин психологиясынын бузулушуна, бир урпактын руханий жабыркашына себеп болду. Бомба сөзүн укканда, бир униформа көргөндө да жүрөгү түшкөн, титиреп корккондор, согуштарда көргөн жырткычтыкка толгон көз ирмемдер себебинен көп жылдар бою шизофрениялык маанайда жашагандар, элге кошулуп жакшы жашай албай кыйналгандардын баары согуштардын натыйжасы эле.

gökdelen

The two world wars caused great destruction and killed millions of people. Humanity needed a long period of time to heal their wounds.

Do not corrupt the earth after it has been put right... (Surat al-A'raf: 56)

gökdelen

Not a trace will remain of these painful sights once Darwinism has been intellectually eradicated and the Turkish-Islamic Union has been built. The warmth, affection, compassion and love brought with them by the moral values of the Qur'an will enfold all people, and all will, no matter what their faiths or beliefs, live together as brothers.

Бүгүн да маселелерди согушуп чечебиз деп ойлогондор, аскердик чараларга гана таянгандар, Ортоңку Чыгыш баш болуп дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жаңы согуш пландарын түзүп жаткандар бул адамзаттын трагедиясын дагы бир жолу эстеп, мындай коркунучтуу пландарынан баш тартышы керек.

Мындан тышкары, Ирак согушунун чыгымы жөнүндөгү изилдөөлөр да мунун башка бир тарабын көз алдыга тартат. Бул изилдөөлөр өтө ойлондураарлык маалыматтарды ортого коюп, бүт Ортоңку Чыгышты камтый турган бир согуштун бүт дүйнөнү астын-үстүн кыла турган натыйжалары болоорун көрсөтүүдө.

Ирак согушунун чыгымдары жана андан алынуучу сабактар

şehit müslümanlar

The cost of invading Iraq became a major topic of discussion before and after the war.

Ирак согушунан мурда жана кийин согуштун чыгымдары жөнүндө өзгөчө АКШда ар кандай статистикалык изилдөөлөр жасалды. Ар кайсы уюмдар жана кишилер тарабынан жасалган бул изилдөөлөр согуштун Америкага болгон чыгымын ар кайсы тараптан карашкан. Бул изилдөөлөр согуштун түз таасирлеринен тышкары, кыйыр таасирлеринин да маанилүү экенин ортого койду.

Мисалы, Америка Сенатынын Тышкы мамилелер комитетинин башчысы сенатор Джозеф Байден тарабынан жасалган изилдөө чыгымдардын 100 миллиард доллар тегерегинде болоорун болжолдойт. Сенатор Байден мындан тышкары, Иракты кайрадан куруу үчүн 50 миллиард доллар талап кылынаарын жана жалпы чыгымдардын болжол менен 150 миллиард доллар болоорун айтат. Учурда согуш АКШнын жеңиши менен аяктагандай көрүнүүдө жана балким чыгымдар эсептелген лимиттер ичинде болгондур. Бирок бул согуш учурунда болгон трагедияларды унуттурбайт жана мынчалык каражаттын Америка калкынын бакубаттыгы үчүн колдонуунун ордуна согуш үчүн колдонулушун эч туура деп көрүүгө болбойт.

Чоң муштумдукту жактаган чөйрөлөр тарабынан көп деле чыгым эмес деп кабыл алынган 100 миллиард доллар АКШнын 0-12 жаш арасындагылардын билим алышына бөлгөн каражатынын үч эсесине, эл аралык мамилелерге бөлгөн каражатынын болсо төрт эсесине барабар. Мынчалык каражат менен Америкада камсыздандыруусу жок бүт жаш балдардын беш жыл бою бүт медициналык чыгымдарын камсыздоого болот. Америка калкынын жашоо деңгээлин мындан да жакшыртуу үчүн колдонууга мүмкүн болгон бул каражаттын миңдеген адамдын өлүмүнө себеп болгон бир согушка сарпталышынан, албетте, сабак алуу керек. Мындан тышкары, мунун эң жакшы шарттарды эске алып жасалган бир эсептөө экенин кайрадан эске салуу керек. Көптөгөн пенсияга чыккан аскердик кызматкер жана коргонуу стратегдери –согуштан кийин боло турган потенциалдуу рисктерди да эске алып- чыгымдын муну менен бүтпөшүн айтышууда.

savaş karşıtı haberler

The Turkish Islamic Union will be a giant step toward world peace. Thanks to this unity, various problems will be resolved peacefully, justly and quickly.

Америка тарыхында болуп өткөн согуштар согуштардын пландалгандан көбүрөөк чыгымга турганын көрсөтүүдө. Мисалы, Линкольндун Казына министри боло турган согуштун Түндүккө 240 миллион долларлык чыгым алып келээрин пландаган, бирок согуштун бюджетке жүгү пландалгандан 13 эсе көп, б.а. 3 миллиард 200 миллион доллар болгон. Ошол сыяктуу, Вьетнам согушу үчүн 1966-жылдын бюджетинде 10 миллиард доллар бөлүнүп, согуштун 1967-жылы жайында аяктаары болжолдонгон, бирок согуш 1973-жылга чейин созулуп, согуштун бюджетке түз таасири 110-150 миллиард доллар болгон.26 Кыска убакытта бүтөт деп ишенишкен Вьетнам согушу 47 миңден ашык Америка аскеринин фронтто, 11 миң аскердин башка себептерден өлүмүнө, 303 миң аскердин жараланышына себеп болгон. 1 миллиондон ашык катардагы жаран көз жумган бул согушта 225 миң вьетнамдык аскер өлүп, 570 миң аскер жараланган.27

şehit müslümanlar

Бул мисалдар согуштун жүрүшүндө күтүлбөгөн өзгөрүүлөр болгондо чыгымдардын эселеп өсөөрүн көрсөтүүдө. Ар согушта эки тарап үчүн тең адамдык жоготуулардын да, финансылык жоготуулардын да өсүп кетээри мүмкүн экенин эске алып, Ирактагы согуштай бир согуштун эч кайталанбашын максаттоо зарыл. Америка башкаруусу Ортоңку Чыгышта кургусу келген тынчтыкчыл, бейпил, демократиялык абалдын согуш жолу менен курула албашын унутпаш керек. Аскердик бир ийгиликке жетишилсе дагы, мындай жол менен ал аймакта туруктуу бир бейпилдик жана коопсуздукту камсыз кылуу өтө оор болот. Фронттук согушту жеңүү бир аймакты коомдук жана саясий өкүмдарлык астына алууга жетиштүү болбошу мүмкүн. Ортоңку Чыгыш өтө назик тең салмактуулуктарга таянып турган бир аймак. Тарыхый тажрыйбалар көрсөткөндөй, чет элдик күчтөрдүн бул назик тең салмактуулуктарды эң адилеттүү сакташы, аймактагы бүт калктар ыраазы боло турган бир тартипти орнотушу эч оңой эмес. Муну аймактагы калктар менен орток маданияты бар бир күч гана жасай алат. Бул бүт Мусулман өлкөлөрдү бириктирүүчү жана Ислам ааламынын өкүлү болгон борбордук бир бийлик болушу керек. Бул бийлик болсо – бир эле Ортоңку Чыгышта эмес, Батыш менен Ислам дүйнөсү арасындагы бүт маселелерди да чече ала турган Түрк-Ислам Биримдиги. Ошондуктан АКШ баш болуп батыштык күчтөрдүн стратегиясы бүт Мусулман өлкөлөрдү тынчтыкты көздөгөн, толеранттуу жана конструктивдүү бир көз-карашта бириктире турган Түрк-Ислам Биримдигинин курулушуна колдоо көрсөтүү жана бул биримдик менен орток иш-аракет жүргүзүү болушу керек. Натыйжада АКШга батышта Марокко менен Мавританияга; чыгышта болсо Индонезияга чейин созулган чоң бир аймакта диалог жана кызматташтык түзө ала турган ишенимдүү бир саясий биримдик пайда болгон болот.

Көптөгөн америкалык стратег жана ойчул тарабынан да ишарат кылынган бул чындык белгилүү экономист жана Йель университети мугалимдеринен профессор Уильям Нордхаус (William Nordhaus) тарабынан даярдалган "The Economic Consequences of a War With Iraq" (Ирак менен болгон согуштун экономикалык натыйжалары) аттуу отчеттун «жыйынтык жана сунуштар» бөлүмүндө мындай дейт:

Саясий жактан да жалгыз иш-аракет жүргүзүү, өзгөчө Ислам өлкөлөрүнүн колдоосун албастан иш-аракет жасоо, бир жагынан, мелүүн чөйрөлөрдүн тынчсызданышын жаратса, экинчи тараптан, радикалдуу иш-аракеттерге негиз түзөт...28

Согуштун артында ким турат?

Согуштун бүт терс жактарын жана зыяндарын көз алдыга тартуулаган бул жагдайга карабастан, Американын кандайча болуп мындай бир согушту баштаганын, албетте, ойлонуш керек. Көп эксперттер экинчи Ирак согушу негизи 11-сентябрьдан да, массалык кыргын куралы жөнүндөгү күмөндөрдөн да бир топ мурда пландалган деген көз-карашты айтышат.

Бул согуш Ортоңку Чыгышка багытталган жаңы Америка стратегиясынын бир бөлүгү. Бул стратегияны иштеп чыккандар 1997-жылы эле Америка Саддамды атышы жана бийликтен түшүрүшү керек деп чечишкен. Бул багыттагы биринчи ишарат 1997-жылы ортого чыккан. Вашингтондогу бир топ стратег Израил лоббисинин таасири менен түзгөн PNAC аттуу «think-tank» (мээ борбору) менен Иракты басып алуу сценарийин жактап башташкан. PNAC'тын эң белгилүү ысымдары болсо кийин Жорж У. Буш башкаруусунун эң таасирдүү ысымдарына айлана турган Коргонуу министри Дональд Рамсфельд жана вице-президент Дик Чейни эле. Негизи АКШ лидерлигинде туруктуу бир дүйнө куруу деген туура бир максатта жолго чыгышканы менен, Израил лоббисинин таасири менен, бул максат Ортоңку Чыгышта бир согушту талап кылат деген пикирге алданышкан эле. Бирок маселени ар тарабынан караганда болсо, бул пикирдин олуттуу бир жаңылыштык экенин апачык көрө алышат. Эгер максат туруктуулукту камсыздоо, тартип орнотуу болсо согуштун эч качан тартип орнотуучу бир натыйжасы болбошу анык. Тескерисинче, согуш орногон тартипти жер менен жексен кылып, адамдарга көп жоготууларды алып келет. Туруктуулуктун тынчтык менен камсыздалаары тарыхый чындык.

American Casualties From Major Wars
Amerika savaş maliyetler
American Cost of Major Wars

The tables above reveal the losses inflicted on America by the great wars in which she participated.

Philadelphia Daily News гезитинде Уильям Банчтын калеминен жазылган "Invading Iraq Not A New Idea For Bush Clique :4 Years Before 9/11, Plan Was Set" (Иракты басып алуу Буш командасы үчүн жаңы бир пикир эмес: 11-сентябрьдан 4 жыл мурда план даяр болчу) аттуу бир макалада бул жөнүндө мындайча жоромол жасалган:

Чындыгында Дональд Рамсфельд, вице-президент Дик Чейни жана кичинекей бир консервативдүү идеологдор тобу Американын Иракты басып алышын 1997-жылы эле башташкан болчу –б.а. 11-сентябрь кол салуусунан 4, президент Буштун кызматка келишинен 3 жыл мурда.

PNAC (Project for the New American Century-Жаңы Америка кылымы долбоору) деп аталган бул кызыктай жана белгисиз саясат тобуна Чейни, Рамсфельд, Рамсфельддин жакын жардамчысы Пол Вулфовиц жана Буштун бир тууганы Джеб Буш да кирген. Жана ошол кездерде эле, 1998-ж. январьда, президент Клинтонду Иракты басып алууга көндүрүүгө аракет кылышкан эле. Рамсфельд тарабынан кол коюлуп Клинтонго жөнөтүлгөн кат «Сизге Американын жана союздаштарынын кызыкчылыктарын дүйнө жүзүндө кепилдикке ала турган жаңы бир стратегияны апачык башташыңызды сунуштайбыз» деп башталган кат «бул стратегия, эң биринчиден, Саддам Хусейиндин режиминин кулатылышын максатташы керек» деп уланган эле.29

PNAC мүчөлөрүнүн Саддамды кулатууну мынчалык каалашынын себеби эмне эле? Ушул эле макалада бул жөнүндө мындай деп жазылат:

Мунайзат PNAC'тын Ирак жөнүндөгү саясий сөздөрүндө арткы планда орун алганы менен, негизги фактордой көрүнбөйт. Пенсильвания университетинен саясат илими профессору жана Ортоңку Чыгыш адиси Ян Лустик (Ian Lustick) Буштун саясатын сындап, мунайзаттын согуш тараптарлары тарабынан негизинен согуштун чыгымын каржылай турган бир элемент катары каралганына көңүл бурат.

PNAC'тан Шмитт болсо «мен Техастанмын жана мен тааныган мунайзатчылардын баары аскердик бир операцияга каршы» дейт, «мунайзат рыногу туруксуздукту каалабайт.»

Профессор Лустиктин ою боюнча болсо, (согуш үчүн) күчтүүрөөк, бирок жашыруун бир мотивация булагы Израил болушу мүмкүн. Буш башкаруусундагы бүркүттөрдүн Ирактагы бир күч демонстрациясынын палестиналыктарды Израил үчүн пайдалуу болгон бир тынчтык планын кабыл алууга көндүрөт деп пландашканын айтат.30

Кыскасы АКШнын Иракты бомбалоо долбоорунун чыныгы түзүүчүсү Израил жана анын АКШдагы бутактары. АКШнын Ортоңку Чыгыш саясатына Израилдин өтө тең салмаксыз таасир тийгизиши бул этапта дагы бир жолу болгон. АКШнын чечим алуу механизмдерине таасир тийгизген кээ бир Израил тараптары радикалдуу сионисттер Вашингтонду Израилдин Ортоңку Чыгыш стратегиясына ылайык иш-аракет жасоого мажбурлоодо. Муну болсо АКШ менен Израилдин кызыкчылыктары бирдей деп жактап жасашууда. Чындыгында болсо АКШнын Ортоңку Чыгыштагы кызыкчылыгы – Израилдеги радикалдуу сионист көз-карашты колдоо жана натыйжада арап дүйнөсүнө душман болуу эмес, Израилди тынчтык менен мелүүндүккө чакыруу жана араптар менен Израил арасында адилеттүү бир сот жана жараштыруучу роль ойноо. Иракка кол салуу планынын иштеп чыгылышында да Израилдин таасирин көрүүгө болот. Израил лоббиси кийинчерээк Буш башкаруусунда таасирдүү кызматтарга келе турган кээ бир стратегдерди Иракка каршы согуш ачуу керек деп туура эмес багытташкан жана бул болсо Ортоңку Чыгышта көп күнөөсүз адамдын өмүрүн алып кете турган, жаңы кагылышууларды жарата турган жаңы бир согуштун жолун ачкан.

Бул согуш стратегиясын жактагандар «Америка кызыкчылыктарынан» сөз кылганы менен, негизи жактаган нерсеси Израил кызыкчылыктары эле. Себеби чындыгында Американын бүт Ортоңку Чыгыш менен согушуу, бул аймактагы калктарды өзүнө каршы тукуруу сыяктуу бир стратегияда эч кандай кызыкчылыгы болбойт. Американын, кээ бирлери айткандай, «анти-исламдык» бир идеологиясы жана стратегиясы да жок. Мурда да айтып кеткендей, 1990-жылдары Сербия жырткычтыгына туш болгон Балкан Мусулмандарынын (босниялыктардын, косоволуктардын жана Македония Мусулмандарынын) эң чоң колдоочуларынын бири Америка болгон. Америка Мусулман калктар менен кагылышкан жалгыз аймак – бул Ортоңку Чыгыш, жана бул Американын бир катар башкаруучуларынын бул өлкөнүн тышкы саясатында укмуштай чоң күчү бар Израил лоббисинин таасири менен, Израилдин кызыкчылыгына карап иш-аракет жасашынан келип чыгууда. Бул кишилердин бул багыттагы туура эмес багыттоолордун таасиринен кутулуп, Ортоңку Чыгыштагы абалды стереотипсиз анализ кылышы алда канча адилеттүү бир мамилени иштеп чыгылышына көмөкчү болот.

savaş karşıtı haberler

Although oil seems to be the real reason for the war against Iraq, researchers say that very different reasons lie behind the scenes.

Мына ушул себептен Американын 11-сентябрьдан кийин кабыл алган жана бүт Ислам дүйнөсүн жөнгө салууга багытталган стратегиясы израилдик радикалдардын Ортоңку Чыгыш планы тарабынан терс багытка бурулууда. Израил жок кылынуудан корккондуктан, курулган күндөн бери Ортоңку Чыгышты кайрадан түзүүнү, өзү үчүн коопсуз жана башкарууга мүмкүн абалга алып келүүнү максаттоодо. Бул максатта ондогон жылдан бери АКШга болгон таасирин колдонуп, Вашингтондун Ортоңку Чыгыш саясатына багыт берүүдө.

Чындыгында болсо Мусулмандар менен урушуу Израилге да пайда алып келбейт. Иудей жана Христиандардын да, Мусулмандардын да бул аймактарда каалагандай ибадат кылуу жана жашоо укугу бар. Бирок Израилде таасири күчтүү атеист сионисттердин жүргүзгөн саясаты Мусулмандарга зулумдук жасоо менен эле чектелбестен, Христиан жана Иудейлердин да тынчын алууда. Израил бүт Ортоңку Чыгыш менен тынымсыз согушуунун ордуна, басып алган жерлерден артка кайтып, чыныгы бир тынчтык орнотуу жолун тандаса, бул өз жарандары үчүн да, бүт Ортоңку Чыгыш элдери үчүн да алда канча жакшы болот. Ошондуктан Ортоңку Чыгышты согушка түрткөн, болгондо да, глобалдуу бир «маданияттар кагылышуусун» чыгарууну каалаган атеист сионист көз-карашка каршы пикирдик күрөш жүргүзүү Израилдеги 4,5 миллион Иудей жарандардын коопсуздугу үчүн да зарыл.

Атеист сионизм бул аймактарда жашаган бүт еврей эмес адамдарды зомбулук жана террор жол менен мекендеринен сүрүп чыгууну жана ал тургай, керек болсо кырууну көздөп, динчил Иудейлерге да өтө көп кысымчылыктар жасап жатканын унутпаш керек. Расист, шовинист жана басып алуучу бир идеология. Бирок сабатсыздык же туура эмес маалымат себебинен атеист сионист идеология Иудей жана Христиан дүйнөсүндө кээ бир кишилерге да таасир бере алышууда. Радикалдуу көз-караштардын таасири астында калгандарга чоң жаңылыштыкка түшүшкөнүн көрсөтүү жана туура жолго чакыруу жер жүзүндө тынчтыктын орношун каалагандардын баарынын жоопкерчилиги. Бул үчүн чын жүрөктөн ыйман кылган, динчил Иудейлердин, Христиандардын жана Мусулмандардын биримдикте иш-аракет жүргүзүшү абдан маанилүү. Адамдардын атеист жана радикалдуу сионизм деп аталган фашист, социал-дарвинист, басып алуучу идеологиядан эртерээк кутулуп чындыкты көрүшү менен дүйнө тынчтыгынын алдындагы чоң бир тоскоолдук жоюлуп, зомбулукка колдоо көрсөткөндөр тынчтыкты жактап калышат.

çöl_ tarım_azarbeycan_ürdün_mısır

The relation of the pro-war group to Israel caused serious arguments in America. Patrick Buchanan's article, "Whose War?" deals with information that appeared in the media about this subject. "Is It Good for Jews?" an article that appeared in the New York Times, discusses the benefits Israel will get from the invasion of Iraq. The two articles in the National Review called attention to the error of presenting all Jews as being pro-war.

Түрк-Ислам Биримдиги жарым кылымдан ашык убактан бери көп азаптарга туш болгон Палестинанын эле эмес, Израилдин да кутулуусу болот. Курган чоң дубалдары менен негизи өзүн камап алган Израил Түрк-Ислам Биримдигинин адилеттиги, тынчтыкчылдыгы, боорукердиги натыйжасында түшкөн туюгунан кутулуп, бүт аймакка бейпилдик менен коопсуздук келет. Бул аймактар Осмон империясы башкаруусунда болжол менен 400 жыл бою бир туугандык менен достуктун мекени болгон. Иудейлер, Христиандар, Мусулмандар бир тууганча чогуу жашап, каалагандай ибадаттарын кылышып, каалаган жерине барышып, эркин соода кылышкан жана коопсуздук ичинде өмүр сүрүшкөн. Өтмүштөгү мындай сонун жашоонун бүгүн андан да жакшыраак болуп кайра келишинин жолу болсо – Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу.

çöl_ tarım_azarbeycan_ürdün_mısır

Palestine must be a land where Jews, Christians and Muslims can live together in peace. It is possible to re-establish the security that once prevailed in Palestine under Muslim rule.

An Interview with Mr. Adnan Oktar by Tasca
(Turkish Arab Association for Science, Culture and The Arts), November 21st, 2008

Adnan Oktar: The Turkish-Islamic Union is an international one. But let us refer to it as "among brothers," a work among brothers. Of course we are trying to contact all the Turkic states. We are trying to reach all Islamic countries, but Christians and Jews are also entrusted to us by Allah. I feel a great affection for them, and a powerful love and urge to protect them. That is why I particularly want to see Armenia in the Turkish-Islamic Union. I particularly want Israel to be in it. I want them to see the love, concern, interest, support and help they will be given, how free they will be, and the friendly and loving manner they will be treated. Look at how the Jews have been devoted to the Prophet Moses (pbuh) for thousands of years. That is an excellent thing. Christians have been loyal to the Prophet Jesus (pbuh) for 2000 years. And that is excellent, too. But they are unaware. We are living in times resembling the period between the Prophet Jesus (pbuh) and the Prophet Muhammad (may Allah bless him and grant him peace). They may not have realized. They may not have understood the Qur'an. There are people who are inciting them against the Qur'an. But the more they have learned the more they have begun to realize. They have begun realizing the invalidity of belief in the Trinity, for example. The Jews, for instance, have better begun realizing the importance of belief in the Hereafter. It was in the Torah, but they took it out. But belief in the Hereafter can still be seen in the Torah. They have begun strengthening it under the influence of the Qur'an. The more these people are told about Islam and the Qur'an, at least they correct their polytheistic and false beliefs. That is a great success, a blessing and a beauty. In one verse Almighty Allah tells us to unite under a common word, the oneness of Allah. We are calling on people to do that, and they are our brothers. Theirs are old forms of Islam. They have been corrupted, but they are still old forms of Islam, and they are the People of the Book. For that reason, they are just as deserving of love, respect and protection as Muslims. They will therefore enjoy peace and security.

Иудей дин аалымдары баштаган тынчтык үчүн орозо чакырыгы

Ирак кризиси башталгандан баштап дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан дин аалымдары тынчтык үчүн ар кандай иш-чараларды жасашты. Булардын бири Шалом аттуу еврей тынчтык уюмунун башчыларынан раввин Уоскоу баштаган «Тынчтык үчүн орозо» чакырыгы эле. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн ар кайсы мазхаптарды жана ишенимдерди карманган ондогон дин аалымынын бул чакырыкка кошулушу менен үч Аллахтан келген диндин үммөттөрүнүн тең чындыгында согушка каршы экени дагы бир жолу көрсөтүлдү. Чакырыкта кыскача мындай деп айтылган:

Америкалыктарга чыныгы тынчтыкты издөө жана дуба кылуу үчүн орозо кармоо чакырыгын жасайбыз.

Бизге тынчтык менен адилеттикти буйруган, кечиримдүү Аллахтын аты менен...

Аллах бизге тынчтыкты издешибизди жана тынчтык үчүн аракет кылышыбызды буйруйт. Өтө тынчсыздануу менен Ирак өкмөтүнүн да, Америка башкаруусунун да Аллахтын бул буйругун негизги максат катары көрбөгөнүн көрүп жатабыз...

Аллах бизге коңшуларыбызды сүйүүнү, чет элдиктерге жакшы мамиле кылууну жана өзүбүзгө жасалышын каалабаган нерсени башкаларга да жасабашыбызды буйруйт...

Аллах бизден ачтарды тойгузууну, үйсүздөргө үй табууну, жакырларды кийинтүүнү, дүйнөнү сулуулашыбызды, рухтарыбызды жана ойлорубузду эркин кылуубузду каалайт...

Аллах бизге кадам жасоодон мурда ойлонушубузду жана дуба кылышыбызды буйруйт.

Жетиштүү жана ачык далилдер табылбастан башталган бул согуштун башкаларга эмес, өз үй-бүлөлөрүбүзгө да өлүм алып келээрин кайгыруу менен көрүп жатабыз.

Бул согуш ишенимдерибиз жана салттарыбызда ыйык деп кабыл алынган көп жерлер жайгашкан бул аймакты өрттөп талкалайт.

Бул чоң коркунуч убагында Аллахка кайрылабыз...31

çöl_ tarım_azarbeycan_ürdün_mısır

Both in Israel and America, many Jews advocate peaceful coexistence with Muslims and that both sides make sacrifices in order to establish this peace. Jews who advocate peace severely criticize the Israeli policy of violence against the Palestinians as well as the Iraqi war. In its website, Tikkun, a Jewish organization in America, reveals the blunders of pre-emptive military action. News about the anti-war demonstrations in Tel-Aviv in which both Jews and Arabs participated (above left).

An article by Rabbi Arthur Waskow, "Why Jews Should Oppose War on Iraq," stresses that Judaism is against all kinds of violence and belligerence.

jewsnewspapers_nowar

1. This advertisement, prepared by the Shalom group, explains why sincerely religious Jews have to oppose war.
2. Middle Picture: Rabbi Waskow ,
3. Right is the text of the call, "Fast for Peace."

Саддам Хусейиндин дарвинист идеологиясы

şehit müslümanlar

Saddam Hussein was one of the many Arabs misled by the "Arab socialism" that pervaded the Arab world in 1960s.

Ирак согушунун биринчи күнүнөн баштап негизги максаты Саддам Хусейинди бийликтен түшүрүү деп айтылган. Албетте, кандай себеп менен болсо дагы маселени согуш жолу менен чечүүнү каалоо туура эмес болот. Согуш бою канчалаган адамдардын көз жумушу согуштун эч башталбашы керек болгон жаман бир тандоо болгонун көрсөтүүдө. Бирок экинчи тараптан, Саддам Хусейиндин да Иракка жана аймакка зыян тийгизген жана бийликтен түшүшү керек болгон бир диктатор экенин көрүү керек.

Саддам Хусейин 1960-жылдары арап дүйнөсүн каптаган «Арап социализми» агымы туура эмес жолго салган көп адамдардын бири. Арап социализми ашыкча бир улутчулдук менен фанаттык бир үчүнчү дүйнө солчулдугун бириктирген жана негизинен Советтер Союзунан колдоо көргөн бир кыймыл эле. Советтер Союзунун сталинист режими менен окуусу арап социалисттеринин да дүйнө көз-карашына тамга басты. Ушул себептен зомбулукчу, кысым көрсөтүүчү жана согушчу бир саясат иштеп чыгышты. Саддам бул туура эмес идеологиянын Ирактагы өкүлү болгон Баас партиясынын алдыңкы бир аскери эле. Жаш кездеринде уюштурган Cihaz Hanin аттуу террордук мафиясы аркылуу Бааска каршы саясий топ менен кишилерге ар кандай киши өлтүрүүлөрдү уюштурду. Баастын 1963-жылкы биринчи төңкөрүшүнөн соң Саддамдын башкаруусунда бир «сурак борбору» курулуп, ал жерде көп адамдарга коркунучтуу кыйноолор жасалган. Саддамдын жаңы «кыйноо ыкмаларын» чыгарганы белгилүү болгон.

Сталинист идеологиянын таасири менен таш боор мүнөзгө айланган Саддам Хусейин бийлик жүргүзгөн убакыт бою таш боор ыкмаларды колдонду. 1980-жылы Иранга кол салып 8 жылга созула турган өтө кандуу бир согушту баштады. 10 жылдан кийин болсо Кувейтке кол салды. Өлкө ичинде да өзүнө каршы деп ойлогон киши менен топторго каршы жырткычтык жасады. 1988-жылы Түндүк Ирактагы Халабджа айылына каршы химиялык курал менен жасалган жана 5 миң күнөөсүз адамдын оор өлүмү менен аяктаган кол салуу Саддам режиминин адамзатка каршы кылмыштарынын бири эле.

Булардын баары Саддамдын Иракка лидерлик кыла ала турган сыпаттагы бир адам эмес экенин көрсөтүүдө. Бир лидерден талап кылынган нерсе – бул өз калкына бейпилдик, коопсуздук, бакыт жана бакубаттык алып келиши, жана коңшуларына жана дүйнөгө туруктуулук менен тынчтык алып келиши.

Бүгүн эми Саддам бийликтен кулатылды, бирок согуштан кийинки бул процесстеги стратегиялар да өтө зор мааниге ээ. Ортоңку Чыгышта туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн Саддамды бир жырткычтай көрсөтүү эмес, аны зомбулук менен таш боордукка түрткөн идеологияны жана шарттарды аныктоо жана аларды оңдоо үчүн аракет кылуу зарыл. Саддамды канкор бир диктатор кылган – ал жактаган радикалдуу Баас идеологиясы жана ар кандай маселени күч менен ал тургай кан менен чечүү керек деген фашисттик маданият эле. Бул идеологияны жана бул маданиятты Арап дүйнөсүнөн тазалоо, анын ордуна Ислам ахлагынын талабы болгон мээримдүү, сүйүүгө толгон, адамгерчиликтүү, маданий адамдар менен элдерди тарбиялап өстүрүү үчүн кеңири масштабдуу бир билим берүү жана агартуу саясатын жүгүзүү керек. Куран ахлагы толугу менен өкүмчүлүк кылган бир коомдо мындай маселелер эч качан чыкпайт.

Мындан тышкары, мындай согушчаак идеология менен маданияттын Багдадда эле эмес, дүйнөнүн башка көп жерлеринде да, ал тургай, кээде динди жамынып да ортого чыгып жатканын унутпаш керек. Муну чечүү үчүн болсо чыныгы дин ахлагын адамдарга эң натыйжалуу жол менен түшүндүрүп жеткирүү зарыл.

Тартип менен туруктуулук Түрк-Ислам Биримдиги натыйжасында орнойт

şehit müslümanlar

The radical Ba'th ideology made Saddam adopt a cruel policy even toward his own citizens. However, in order to totally eliminate the detrimental effects of this ideology, a cultural struggle must be carried out against the ideologies in question.

Ирак согушунун Ортоңку Чыгышта кеңири масштабдуу жана көпкө созулчу бир туруксуздукка жол ачуу ыктымалдыгы өтө жогору. Белгилүү болгондой, Ирак согушу баштаган учурларда Америка саясатында таасирдүү болгон кээ бир чөйрөлөр бул согушту Ирак менен эле чектебестен, бүт Ортоңку Чыгышты жана, ал тургай, Кавказ менен Түштүк Чыгыш Азияны камтыган аймакты керек болсо согушуп, кайрадан түзүүнү көздөшкөн. Ал доордо жогорку бийликте орун алган кээ бир ысымдардын «Американын керек болсо 40-50 өлкөгө каршы иш-чара башташы мүмкүн экенин» айтышы бул чөйрөлөрдүн пландарын дагы бир жолу көрсөтөт.27 PNAC'тын түзүүчүлөрүнөн Уильям Кристолдун «Америка калкынын согушууга даяр болушу дайыма жакшы нерсе»28 деген сөзү да бул көз-караштын дагы бир мисалы. Булардын баары балким бул планды жасагандар да аягын көрүүгө «өмүрү жетпей турган» тынымсыз бир согуш дегенди билдирет.

Дүйнөнү өтө чоң азап менен кыйроого түртө турган мындай согуштар эл аралык тартип менен түзүлүштүн кыйрашына себеп болуп, тең салмактуулуктарды астын-үстүн кылып, ал аймактын адамдарына эле эмес, бүт адамзатка терең таасир берет. Буга чейин да айтып кеткендей, АКШ жана башка бүт дүйнө өлкөлөрү улуттук кызыкчылыктарын эң жогорку деңгээлде коргоо укугуна ээ. Бул аларга коопсуздугуна коркунуч туудура турган абалдарга каршы чара көрүү укугун да берет.32 Бирок, бүт өлкөлөр сыяктуу, дүйнөнүн жалгыз супер күчү болгон АКШнын да бул укугун глобалдык тең салмактуулуктарды жана дүйнө тынчтыгын эске алып колдонушу зарыл.33 Өлкөлөрдүн улуттук коопсуздук стратегияларынын эл аралык мыйзамдарга туура келиши ар кимдин башына келгендей иш-аракеттерди жасашына жол бербегендиктен, өтө маанилүү. Мындан тышкары, терроризм сыяктуу бүт дүйнө коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлар учурунда көп тараптуу кызматташтыктарды күчөтүү жана эл аралык биримдикти түзүү ийгиликке жетүүгө шарт түзөт. Колдонула турган стратегия зомбулукту зомбулук менен басууга аракет кылуу эмес, мелүүн жана демократиялык күчтөрдү колдоо аркылуу тирешүүнү азайтуу жана уруштарды токтотуу болушу керек. Муну унутпаш керек: 21-кылым бүт элдердин бакубаттыгы менен коопсуздугу камсыздалган бир кылым болушу үчүн тынымсыз согушуп «күчтүүнүкү туура жана күчтүү үстөм болгон» бир дүйнөнү куруу максатынан баш тартуу шарт.

Бай кендерден бүт элдердин бирдей пайдаланышы, дүйнө тынчтыгына коркунуч туудурган элементтерди жок кылуу, экономикалык туруктуулукту камсыздоо, демократиялык режимдерди күчтөндүрүү, адам укуктарынын корголушу, диктатор жана тирандардын зулумдуктарынын токтошу, жашоо деңгээлинин жогорулашы АКШ менен Батыш күчтөрүнүн эле эмес, бүт Мусулмандардын да талабы. Кээ бир стратегдер тарабынан жакталган жана Мусулмандарды душман көрсөткөн көз-караштар бүт Ислам дүйнөсүнө каршы бир фронт түзүү деген мааниге келет; бул болсо такыр туура эмес жана өтө кооптуу бир көз-караш. Учурда динди туура эмес чечмелеп, кээ бир ойдон чыгарылган, жалган ишенимдердин таасири менен чыныгы дин ахлагынан бүтүндөй алыстап радикалдуу маанайда жүргөндөр Ислам дүйнөсүндө эле эмес, Христиан жана Иудей ааламында да бар жана алар дүйнө тынчтыгына көп зыян тийгизишүүдө. Бул зыянды жоюу, радикалдуу ар кандай агымды токтотуу үчүн акылдуу, тынчтыкты сүйгөн, маданий жана чын ниеттүү динчил адамдар биримдикте болушу керек. Ушундайча согушту жалгыз жол деп көрсөткөн, коопсуздукту согушуу менен гана камсыздаса болот дегендердин жаңылыш пропагандалары текке кетип, мындан да көп кан менен көз жашы төгүлүшүнө жана материалдык жоготууларга себеп боло турган аракеттердин алды алынат.

şehit müslümanlar

1. NTV MSNBC 23.04.2003
2. Tercüman Gazetesi, 04.04.2003

3. Yeni Şafak Gazetesi, 250.4.2003
4. Star Gazetesi, 29.04.2003

Some circles in the American government seek to secure stability and order in the Middle East through war. If their policies are followed, wars will follow one another and the so-called goal of establishing security will bring the entire region closer to war. However, establishing the Turkish Islamic Union will eliminate the possibility of war and thus enable a permanent order to exist.

Мындай биримдикти түзүү үчүн батыштыктар бүт стереотиптерин бир тарапка таштап, Ислам дүйнөсүн жакшыраак таанып түшүнүшү, Мусулмандар болсо биримдик түзүп Ислам дүйнөсүнүн өнүгүшүн көздөгөн орток саясаттарды иштеп чыгып башташы зарыл. Эки тарапта тең уюштурулган маданий жана маалымат программалары менен эки тараптуу түшүнбөстүктөрдү жоюуга болот. Радикализм негизи сабатсыздыктан келип чыккан бир маселе. Маалымат (таалим) программалары менен Батыш дүйнөсү Исламды туура таанып, Ислам дүйнөсүндө орногон кээ бир жалган жана ойдон чыгарылган ишенимдер жоюлуп, мунун натыйжасында эки тараптуу толеранттуулук жана түшүнүүчүлүк орнойт. Толеранттуулуктун, тынчтыктын жана коопсуздуктун негизги душманы болгон жек көрүү, ачуулануу жоюлуп, тынчтыкта чогуу жашоо маданияты курулат. Мунун урматында маданияттар арасы бир кагылышууну болжогондордун тескерисинче, маданияттар арасы тынчтык орноп, маданий алмашуу жана мамилелер калктардын алга жылышына көмөкчү болот. Тарыхта гректердин вавилондуктардан, финикийликтердин египеттиктерден, араптардын гректерден, перстердин орто азиялыктардан, византиялыктардын араптардан, батыш европалыктардын болсо араптар менен византиялыктардан таасирленип алга жылганы сыяктуу, азыркы заманда да маданияттар арасында толеранттуулукка таянып курула турган мамилелер маданий байууга жана алга жылууга шарт түзөт.

Учурда мындай толеранттуулук маданиятынын өнүгүшүнө Батышта да, Ислам дүйнөсүндө да муктаждык бар. Кээ-кээде кээ бир Мусулмандар, Куран ахлагына жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сүннөтүнө бүтүндөй карама-каршы келгенине карабастан, башка диндеги жана улуттагы адамдарга жаман мамиле кылууну туура көргөн фанаттык түшүнүктүн таасиринде калышууда. Чындыгында болсо, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын доору баш болуп тарых бою Ислам калктары адилеттик менен толеранттуулуктун борбору болушкан. Өткөн 1400 жылдын тарыхы башка өлкөлөрдө зулумдук көргөн Христиан менен Иудейлердин Мусулмандардын коргоосу менен мээримине корголонушунун мисалдарына толо. Бул чындыктарды эске алып, тынчтыкка эң көп муктаждык болгон азыркы доордо Мусулмандардын Куранда буйрулган ахлакты жана куттуу Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын жашоосун негиз тутуп бүт дүйнөгө өрнөк бир модель чыгаруулары зарыл. Бул модель Ислам аймагына туруктуулук менен демократия алып келебиз деген тышкы күчтөрдүн мындай сөз айтышына зарылдык калтырбастан, Ислам дүйнөсүн өз маңызындагы баалуулуктар менен тартипке салып өнүктүрөт. Мунун лидери болсо курула турган Түрк-Ислам Биримдиги болот.

Пайгамбарыбыз (сав)дын ахли китапка болгон мамилеси бүт Мусулмандарга өрнөк болушу керек

şehit müslümanlar

Allah calls to the Abode of Peace and He guides whom He wills to a straight path. (Surah Yunus: 25)

Аллах Куранда Иудейлер менен Христиандарды «ахли китап» деп атаган жана Мусулмандар менен ахли китаптын арасындагы мамиленин кандай болушу керек экенин детальдуу кабар берген. Ислам дини жаралгандан баштап Мусулмандар менен ахли китап арасында толеранттуулук менен түшүнүүчүлүк алдыңкы планда болгон. Ахли китапта –китептери жана кээ бир ишенимдери кийинчерээк бурмаланып кеткен болсо да- негизи Аллахтын вахийине таянган көптөгөн адеп-ахлактык баалуулуктары, арам жана адал түшүнүктөрү бар. Куранда Мусулмандар ахли китап менен сый-урматтуу жана маданий мамилелер курууга үндөлөт. Ахли китаптын тамагы Мусулмандарга, Мусулмандардын тамагы болсо аларга адал; Мусулман эркектер ахли китаптан аялдар менен үйлөнө алышат (Маида Сүрөсү, 5). Бул өкүмдөр Мусулмандар менен Христиан жана Иудейлер арасында жылуу коңшулук мамиле жана туугандык байланыштар куруу мүмкүн экенин, эки тараптын бир-биринин тамакка чакырууларына бара алышаарын көрсөтөт.

Мусулмандар үчүн бул багытта да эң сонун өрнөк Пайгамбар Мырзабыз (сав) болот. Аз. Мухаммед (сав) Иудей жана Христиандарга карата дайыма өтө адилеттүү жана мээримдүү мамиле кылып, Аллахтан келген диндердин үммөттөрү менен Мусулмандар арасында сүйүү жана ынтымактын орун алышын каалаган. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жана андан кийин да Христиан жана Иудейлердин өз диндеринде каалагандай жашашына мүмкүндүк бере турган жана автономдуу жамааттар катары бар болушун камсыз кылган келишимдер түзүлүп, кепилдиктер берилген. Ислам дининин алгачкы жылдарында меккелик мушриктердин азап жана кысымчылыктарына туш болгон Мусулмандардын бир бөлүгү Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын кеңеши менен Эфиопиядагы Христиан хан Нежашиге корголонушкан. Пайгамбарыбыз (сав) менен бирге Мединага көчкөн ыймандуулар болсо Мединада жашаган Иудейлер менен кийин келе турган бүт урпактарга өрнөк боло турган бир чогуу жашоо моделин чыгарышкан. Исламдын жайылуу доорунда да Арабистандагы Иудей менен Христиан калктарга көрсөтүлгөн толеранттуулук Мусулмандардын ахли китапка болгон толеранттуулугу менен адилеттигинин маанилүү бир мисалы катары тарыхка кирген.

Мисалы, Аз. Пайгамбар (сав) Христиан Ибн Харрис б. Каъб жана Христиан коомуна жаздырган келишим текстинде: «Чыгыш менен батышта жашаган бүт Христиандардын диндери, чиркөөлөрү, жандары, намыстары жана мал-мүлктөрү Аллахтын, Пайгамбардын жана бүт ыймандуулардын коргоосунда. Христиан дининде жашагандардан эч ким Исламды кабыл алууга мажбурланбайт. Христиандардан бирөө кандайдыр бир кылмышка же адилетсиздикке туш болсо Мусулмандар ага жардам көрсөтүүгө милдеттүү» деген пункттарды жаздырган соң: «... Ахли китап менен эң жакшы бир жол менен гана күрөшкүлө. Жана айткыла: «Бизге жана силерге түшүрүлгөнгө ыйман кылдык; биздин Кудайыбыз да, силердин Кудайыңар да бир жана биз Ага моюн сундук.» (Анкебут Сүрөсү, 46) аятын окуган.

An Interview With Mr. Adnan Oktar By The Gulf Today, November 2nd, 2008

Adnan Oktar: The people of Israel are descended from the prophets, they are the children of our own prophets. They follow the law of the Prophet Moses (pbuh), and they have brought that law, that faith, right down to the present day. It is therefore irrational and incompatible with good conscience to try to deprive these immaculate people of their state and nation, to seek to exile them or refuse them the right to life. Muslims are affectionate and compassionate and full of love. They are our brothers, of course, and have the right to live. They are first-class people, who live as they choose, trade and engage in art and science in the region. So why should they be exiled or troubled or deprived of the right to peaceful life? No reasonable person could accept that. Nor do I accept it. Of course they must live in peace and happiness, and have their security guaranteed. They will live in plenty and abundance in the Turkish-Islamic Union. The commandment of the Qur'an is crystal clear, as are the Sunnah and practices of our Prophet (may Allah bless him and grant him peace). The people of the Book were perfectly at ease in the time of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace). The people of Israel were perfectly at ease. They were living in Jerusalem then, in the region that is Israel. They were happy and wealthy. Our Prophet (may Allah bless him and grant him peace) treated them with love and affection. One can marry Jewish girls, eat meat they have prepared, sit down at their tables, visit their homes and be friends with them, and that was what happened in the time of the Prophet (may Allah bless him and grant him peace) and is his Sunnah. The same applies to Christians. As you know, one of the Prophet's (may Allah bless him and grant him peace) wives was a Christian. She is our mother, whom we recall with love and respect. I am not only talking about Judaism here. The same goes for Christians. They are also people with the right to live in happiness and peace, with the right to comfortable lives, with the right to live in wealth and abundance, and we must see they enjoy and rejoice in it.

Расулуллах (сав)дын ахли китаптын той тамактарына катышканы, оорулууларын зыярат кылганы жана аларды коноктогону жөнүндө риваяттар бар. Ал тургай, Нажран Христиандары зыяратка келгенде Аз. Мухаммед (сав) аларга кийимин жерге төшөп, отургула деген. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын египеттик бир Христиан Аз. Марияга (же Мариямга) үйлөнүшү да бул түшүнүктүн бир мисалы. Пайгамбарыбыз (сав)дын көзү өткөн соң да Мусулмандардын ахли китапка болгон жылуу мамилесинин пайдубалы Аз. Мухаммед (сав)дын өмүр бою бул коомдорго көрсөткөн толеранттуулугуна таянган.

Мусулмандар ахли китапка адилеттүү жана толеранттуу мамиле кылышкан

şehit müslümanlar

Only argue with the People of the Book in the kindest way-except in the ease of those of them who do wrong-saying, "We believe in what has been sent down to us and what was sent down to you. Our God and your God are one and we submit to Him."(Surat al-Ankabut: 46)

Христиандык Палестина аймактарында жаралып, бирок ал доордун кысымчыл башчылары себебинен көбүрөөк учурдагы Сирия жана Ирак аймагында жайылган эле. Пайгамбарыбыз (сав) Исламга чакырып баштаган доордо Арап жарым аралынын түштүгүндө да ар түрдүү Иудей жана Христиан уруулар бар эле. Ошондуктан Ислам дини жаралгандан баштап Мусулмандар Иудей жана Христиандар менен байланышта болуп келишкен.

Исламдын жайылышы жана күчтөнүшү менен бирге аймакта жашаган ахли китап Мусулмандардын башкаруусуна өттү. Бул доордо да ахли китап менен Мусулмандар арасында түшүнүүчүлүк жана толеранттуулук уланды. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Христиан жана еврей уруулар менен ар кандай келишимдер түзүлүп, бул калктарга коопсуздугу менен укуктарын кепилдикке ала турган убадалар берилген. Христиан уруулардан жербалыктар менен эрзухтуктарга берилген кепилдиктер мунун мисалдарынан. Бул документтер Мусулмандардын башкаруусуна өткөн же Исламдын өкүмдарлыгын тааныган ахли китаптын укуктук, диний жана социалдык укуктарын кепилдикке алган келишимдер эле. Күнүмдүк жашоодо кандайдыр бир маселе чыкканда ушул документтерге карап маселелер чечилчү. Мисалы, дамасктык Христиандардын бир маселе чыкканда, аларга берилген кепилдикти ал доордун халифасы Аз. Өмерге көрсөтүп, аны чечишин талап кылышканы тарых китептеринде орун алган бир маалымат.35

Бул мисалдан көрүнүп тургандай, Аз. Мухаммед (сав)дын көзү өткөн соң анын ордуна келген халифалар да Пайгамбарыбыз (сав) сыяктуу Аллахтын адилетин ишке ашырууда өтө кылдат болушкан. Каратылган аймактарда ал жердин жергиликтүү калкы да, жаңы келгендер да тынчтык менен коопсуздукта жашашкан. Биринчи халифа Аз. Абу Бекирдин Сирия сапарына чыгаар убакта берген төмөнкү буйругу Куран ахлагынын сонун бир мисалын көрсөтөт:

Эй адамдар, жүрөктөн моюн суна турган он эреже айтамын: кыянаттык кылбагыла жана акыйкат жолдон чыкпагыла. Жаш баланы, аялды жана улгайган адамдарды өлтүрбөгүлө. Курма дарактарын өрттөп жок кылбагыла жана кайсы бир мөмөлүү даракты да кеспегиле. Төөлөрдөн, үйүрлөрдөн же топтордон кайсы бирин өлтүрбөгүлө. Өзүңөр үчүн сактагыла. Өмүрүн акыреттик иштерге арнаган адамдарга жолугасыңар, аларды жалгыздыгына калтыргыла. Ар кандай тамактарды сунган адамдарга жолугасыңар, жегиле, бирок Аллахтын атын эстөөнү унутпагыла.36

Исламдын ылдам жайылышы кыска убакта Христиан көп жашаган жана Византия императорлугунун эки негизги аймагы болгон Сирия менен Египеттин жана Сасаниддердин карамагындагы Ирактын Мусулмандардын карамагына өтүшүнө шарт түздү. Бул доор ахли китап Мусулмандардын адилеттигине жана мээримине жакындан күбө болгон бир доор болду. Ислам карамагына кирген эч кайсы аймакта ахли китапка диниңерди өзгөрткүлө, салттарыңарда бир тарапка таштагыла деп айтылган жок, бул багытта эч кандай кысымчылык жасалган жок. Учурдагы социалдык тартипти өзгөртө турган, Христиан жана Иудейлерде тынчсыздандыра турган эч кандай адилетсиз кийлигишүү жана иш-аракеттерге мүмкүндүк берилген жок. Ал тургай, Рим католик же Византия ортодокс чиркөөлөрү тарабынан канчалаган кылымдан бери кысымчылыкка алынган ар кандай Христиан конфессиялары Мусулмандардын карамагына өтүүнү бир кутулуу катары көрүп, Мусулмандардын башкаруусунда болууну тандашкан. Батыштык тарыхчы Филип К. Хиттинин ою боюнча;

Исламдын өкүмдарлыгы астында чыгыш миң жылдан бери уланган батыш өкүмдарлыгынан ойгонду жана өзүнүн оюн айтуу мүмкүнчүлүгүн алды. Болгондо да, бул жаңы каратуучулар (Мусулмандар) тарабынан талап кылынган салык эски башкаруучулар тарабынан талап кылынгандан азыраак эле жана каратылган калктар диний ибадаттарын эркинирээк жана азыраак кийлигишүү менен жасоо мүмкүнчүлүгүнө жетишишти.37

Христиандык тарыхынын адиси Самуил Х. Моффеттин ою боюнча болсо:

Алгачкы халифалар убагында жана ички согуштар болгон башаламандык жылдар бою да, кандайдыр бир согушта кадыресе болгон көрүнүштөрдөн тышкары, (Мусулмандар тарабынан) каратылган Византия жана Перс аймактарындагы Христиандарга жасалган мамиле көңүл бураарлык даражада жакшы болгон эле.38

gökdelen

You who believe! Show integrity for the sake of Allah, bearing witness with justice. Do not let hatred for a people incite you into not being just. Be just. That is closer to heedfulness. Fear Allah. Allah is aware of what you do. (Surat al-Ma'ida: 8)

Allah commands you to return to their owners the things you hold on trust and, when you judge between people, to judge with justice. How excellent is what Allah exhorts you to do! Allah is All-Hearing, All-Seeing. (Surat an-Nisa': 58)

Ислам башкаруусундагы ахли китаптын социалдык жана диний жашоосу изилденгенде төмөнкүдөй абалды көрөбүз:

Ислам аймактарында толугу менен бир ишеним эркиндиги өкүм сүргөн. Эч ким динин таштаганга мажбурланган эмес жана бул калктардан көтөрүлүш жасагандарга кайрадан карамакка өтүшкөндө да ушундай эле эркиндиктер берилген. Ислам башкаруусу патриарх шайлоолору, дин кызматкерлеринин дайындалышы сыяктуу маанилүү темаларда да –бир канча өзгөчө жагдайдан тышкары- кийлигишкен эмес, жана эч кийлигишпей турганына көптөгөн келишимдер менен кепилдик берген. Ал калктар өз тилдерин жеке жашоолорунда да, ибадат жерлеринде да каалагандай колдонууну улантышкан. Мисалы, Византия чиркөөсүнөн бөлүнгөн несториандыктар алар колдонгон грек тилин таштап, сирия тилин колдонууну каалаганда эркин тандоо жасай алышкан. Христиандарга жана еврейлерге тиешелүү бүт мектептерде каалагандай дин таалими улантылган. Мындан тышкары, монастырьлар баш болуп (бул окуу жайлар диний лидерлерди жана дин аалымдарын чыгаруучу окуу жайлар), жеке диний таалим берген уюмдар да автономдуу бойдон калышкан. Ошол сыяктуу, башка диндегилердин ибадатканалары Мусулман башкаруулар тарабынан жакшылап корголгон. Каратуулар учурунда ибадатканаларга тийилген эмес. Синагогдор менен чиркөөлөрдүн корголоору жөнүндөгү көптөгөн кепилдиктер Пайгамбарыбыз (сав) доорунан баштап ахли китап менен түзүлгөн келишимдердеги маанилүү өкүмдөр болгон. Алгачкы доорлордо түзүлгөн келишимдерде Мусулмандардын сапар жолдорунда жайгашкан монастрьларда турушуна уруксат берилген пункттар бар. Бул Мусулмандардын ахли китап менен болгон мамилелерин эки тараптуу сый-урмат менен түзүүгө, алар менен диалог абалында болууга көңүл бургандыгынын бир ишараты. Мындан тышкары, бузулган чиркөөлөрдүн оңдолушуна, жаңы синагогдор менен монастрьлардын курулушуна да дайыма уруксат берилген. Мисалы, Меда сыртында жайгашкан жана патриарх Мар Амме тарабынан мурда өрттөлгөн Ыйык Сергий Монастры Аз. Осмон доорунда кайрадан курулган. Египет акими Укбенин несториандыктар курган бир монастрьга жардам бериши, Муавия доорунда Урфа чиркөөсүнүн оңдолушу, Александрияда Маркос чиркөөсүнүн курдурулушу сыяктуу дагы көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Учурда Палестина, Сирия, Иордания, Египет жана Ирак аймактарында жайгашкан чиркөө менен синагогдордун дагы эле бар болушу Мусулмандардын башка Аллахтан келген диндерге болгон урматынын бир көрсөткүчү. Бүгүн Христиандар тарабынан маанилүү зыярат жерлеринин бири деп кабыл алынган Тур тоосундагы Синай чиркөөсү жана ал чиркөөнүн жанындагы мечит Мусулмандардын толеранттуулугунун дагы бир мисалы.

Kitap Ehli

... There is a community among the People of the Book who are upright. They recite Allah's Signs throughout the night, and they prostrate. They believe in Allah and the Last Day, and enjoin the right and forbid the wrong, and compete in doign good. They are among the righteous. (Surah Al 'Imran: 113-114)

People of the Book! Our Messenger has come to you, making clear to you much of the Book that you have kept concealed, and passing over a lot. A Light has come to you from Allah and a clear Book. By it, Allah guides those who follow what pleases Him to the ways of Peace... (Surat an-Nisa': 15-16)

Мусулмандардын мындай толеранттуулугу, эч күмөнсүз, Куран ахлагына моюн сунууларынан келип чыгууда. Куранда «монастрьлардан, чиркөөлөрдөн, синагогдордон жана ичинде Аллах көп эстелген мечиттерден» сөз кылынып, ал мечиттерди коргоого көңүл бурулат. Аятта мындайча айтылат:

... Эгер Аллахтын адамдардын кээ бирин кээ бири менен сүрүшү (жеңилүүгө дуушар кылышы) болбогондо, монастрьлар, чиркөөлөр, синагогдор жана ичинде Аллахтын ысмы көп эстелген мечиттер сөзсүз бузулуп жоголмок. Аллах Ага (Анын динине) жардам бергендерге сөзсүз жардам берет... (Хаж Сүрөсү, 40)

şehit müslümanlar

Allah commands you to return to their owners the things you hold on trust and, when you judge between people, to judge with justice. How excellent is what Allah exhorts you to do! Allah is All-Hearing, All-Seeing. (Surat an-Nisa’: 58)

Ахли китап үрп-адаттарынын жана ишенимдеринин негизги бөлүгү болгон майрамдарын да Мусулман башкаруусу астында каалаган ибадатканада, каалагандай белгилеп, ал тургай, кээде Мусулман башкаруучулар да ал майрамдарга катышышкан. III. Несториан патриархынын каратуудан соң досуна жазган каты Мусулман башкаруучулардын ахли китапка болгон мээриминин жана толеранттуулугунун бир Христиандын оозунан айтып берилиши жагынан сонун бир мисал:

Араптар... бизге эч зулумдук кылышкан жок. Чындап алар динибизге, дин кызматкерлерибизге, чиркөө жана монастрьларыбызга урмат көрсөтүштү...39

Ислам башкаруулары ахли китаптын диний ишенимдерине көрсөткөн урмат менен аларга берген эркиндиктерден тышкары, ал кишилерге жасалган адилеттүүлүк да жогорку даражада болгон. Мусулман лидерлердин адилеттик түшүнүгү ахли китаптын өз мыйзамдарына ылайык иштеген соттору бар болгонуна карабастан, көп кишинин доосунун Ислам сотторунда каралышын талап кылышына себеп болгон. Бир кезде Ислам сотторуна кайрылган Христиандардын санындагы өсүш несториандык патриарх Тимасавустун Христиандарды эскерткен бир декларация жарыялашы менен аяктаган.

Каратылган жерлерде жашаган ахли китап туткун статусунда эмес, «зымми» статусунда көрүлүп, натыйжада укуктук бир статуска ээ болушкан. Зыммилик «жизйе» деп аталган белгилүү бир өлчөмдө салыкты төлөгөн жана Мусулман башкаруусун тааныган Мусулман эместерге берилген бир статус эле. Мунун негизинде жан жана мал-мүлк коопсуздугу камсыздалып, дин жана абийир эркиндигинен пайдаланышып, аскерге баруудан бошотулушуп, өз ара келишпестиктерди өз укуктарына жараша чечүү укугун сакташкан жана эгер зарыл болсо төлөгөн жизйе салыгы да кээде кайра кайтарылып берилген. Көп тарыхчылар зыммилердин ал доордун шарттарында өтө толеранттуу жана адилеттүү башкарылганын кабыл алышат. Белгилүү тарыхчы Бернард Льюис бул жөнүндө мындай дейт:

... Алардын (зыммилердин) абалы Батыш Европада чиркөөдөн башкача ойлонгондордун абалынан бир топ өйдө эле. Зыммилер диндеринин талаптарын эркин аткара алуу укугуна ээ эле. Ишенимдери себептүү эч качан өлүм же сүргүн жазасына тартылышкан эмес.40

Пайгамбар Мырзабыз (сав) «ким зыммиге зулумдук кылса же көтөрө албаган бир жүктү жүктөсө, ал менин душманым» деп зыммилерге болгон мамилени ыймандууларга сүрөттөгөн. Бул адеп-ахлакка ылайык Мусулмандар алардын карамагындагы Мусулман эместерди коргоону негизги милдеттеринин бири катары көрүшкөн.41 Византия армиясы менен болгон бир согуш учурунда Ислам аскерлери аларды керектүү деңгээлде коргой албаган бир жагдай түзүлгөндө, Мусулмандардын алган жизйени калкка кайра кайтарып бериши Пайгамбарыбыз (сав) Мусулмандарга үйрөткөн сонун адеп-ахлактын маанилүү мисалдарынын бири.42 Мусулмандардын зымми калкка болгон боорукердиги менен жакшы мамилесинин дагы бир сонун мисалы болсо – бул Аз. Өмердин улгайган бир зыммиге айткан «жаш кезиңде сенден жизйе алып, улгайганыңда сени таштап коюу болбойт» деген сөзү.43 Мусулман эместерден жизйе салыгы алынып, Мусулмандардан алынбашын бир адилетсиздик деп кароо туура болбойт. Себеби Мусулмандарга аскерге баруу милдети жүктөлсө, Мусулман эместер мындан бошотулушкан.

An Interview With Mr. Adnan Oktar By Akhaber, November 2nd, 2008

Adnan Oktar: The Turkish-Islamic Union I am talking about is based on love, and has nothing to do with racism or pretensions to greatness. It is Allah Who is great, and we are merely His servants. It is a concept that embraces all nations, protects and watches over them, includes Christians and Jews and is eager to welcome them into the Turkish-Islamic Union. That is not how it was before. There was the idea of Turkish Union, which included some skull measuring idea. It could be interpreted as [Turks] being the greatest and strongest race, and other races were therefore nothing. But there is no such thing. Allah creates all races. They are all our brothers. Russia will be revived in the Turkish-Islamic Union. We want Armenia to join. We want Georgia to join, and we even want Israel to be included in it. We have many Turkish brothers from among the Karaite Jews. Even if they are not Turkish, they are the children of the Prophets Moses and Abraham (peace be upon them both), descended from the prophets. We will embrace them all, insha'Allah. Just so long as they love Allah with great fervor, pay attention to what is lawful and forbidden, and continue to respect the prophets and the angels. There can be no division or separation among us as long as they do that, insha'Allah.

An Interview With Mr. Adnan Oktar By Azerbaijan Azernews, October 23rd, 2008

Adnan Oktar: Of course Turkey will be a Great Turkey, that is for certain. I underline that, not 99% but 100%. Turkey will be the leader of the Turkish-Islamic world. The whole world will see this in 10 to 20 years. I am here, you are here, everyone is here. This is very clear, by the will of Allah. There is no other alternative to this. This is the destiny of humanity, insha'Allah. That is how it will be. There is already Turkish predominance in the Islamic world. Turkic countries are mainly Muslim. But within Islam, Christianity and Judaism are seen as brother faiths. They are regarded as the People of the Book and regarded with love. They are also a part of the Turkish-Islamic Union. Israel, for example, is also a part of the Turkish-Islamic Union because Judaism is an old Islamic faith. But after Islam came, Islam has become the real, true faith, of course. Thus the former has been annulled. The faith brought by the Prophet (may Allah bless him and grant him peace) is the valid faith now. But their abiding by that law and by that faith is accepted by the Qur'an. Allah tells us of the People of the Book, that there will be People of the Book. We invite them to Islam, but they are in any case the People of the Book even if they are not Muslims. That is the law. That is because they are loyal to the law of the Prophet Moses (pbuh), and continue with it. Christianity is loyal to the faith of the Prophet Jesus (pbuh), and they continue as a community loyal to him. We call them the People of the Book. One can marry them, Muslims can take their daughters as wives. One can eat their food, eat animals they have slaughtered. You can eat meat prepared by Jews. You can eat their food, go and eat in their homes. One can be their guest, talk with them, and you can go and stay in their homes, and they in yours. What does this mean? It means an air of close brotherhood and friendship. What does what I am describing mean, for someone to get married, take someone into his home, live with her as his wife for years and combine their lives together? It is a bond of close friendship and brotherhood. Christians are also a part of the Turkish-Islamic Union. Any Christian country bordering an Islamic country can join the Turkish-Islamic Union if it so wishes. They can be invited to join, and join with no difficulty if they accept. And they will be welcomed with joy. Therefore, Turkey will be the leader of the Muslims and Christians and Jews. It is and will be the leader. And it will offer them all peace, security and justice.

Мусулмандар менен Иудейлер жана Христиандар канчалаган кылым бою бир шаарларда, ал тургай, бир маалаларда чогуу бейпилдик жана коопсуздукта жашашкан. Ахли китап үммөттөрү Мусулмандардын башкаруусунда болгон аймактарда каалагандай соода кылып байышкан жана ар кандай кесипке ээ болуп мамлекеттик кызматтарда иштешкен, ал тургай, Сарайда да кызматка ээ боло алышкан. Көз-караш жана ой-пикир эркиндигинен эң жогорку деңгээлде пайдаланып, илим менен маданият алардын жашоосунун бир бөлүгүнө айланган жана бүгүнкү күнгө чейин жеткен эмгектерди жаратышкан. Социалдык укуктарын колдонушуна тоскоол боло турган эч кандай кысымчылыкка туш болушкан эмес. Ал убакта Европада башка диндеги жана конфессиядагы кишилердин коомдон бүтүндөй четке түртүлүп, ал тургай, өлтүрүлүп, башкача пикирлерди камтыган китептердин массалык өрттөлгөнүн ойлогонубузда, Ислам башкаруусу берген эркиндиктин масштабын жакшыраак түшүнө алабыз.

Kitap Ehli

… Each one believes in Allah and His angels and His Books and His Messengers. We do not differentiate between any of His Messengers. They say, “We hear and we obey. Forgive us, our Lord! You are our journey’s end.” (Surat al-Baqara: 285)

Among the people of the Book there are some who believe in Allah and in what has been sent down to you and what was sent down to them, and who are humble before Allah. They do not sell Allah’s Signs for a paltry price. Such people will have their reward with their Lord... (Surah Al ‘Imran: 199)

Булардын баары Аллах Куранда ыймандууларга буйруган ахлактын бир талабы. Куран ахлагын орундаткан Мусулмандардын башкаруусундагы аймактарда дайыма коопсуздук менен тынчтык өкүм сүргөн. Элдин бактылуулугу менен бакубаттыгын негиз туткан бул башкаруулар алардан кийин келе турган көп урпактарга өрнөк боло турган бир системаны курушкан. Бүгүн да Ислам дүйнөсүнүн негизги муктаждыгы – бул Куран ахлагына багыт алуу жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жолунан жүрүү.

Бул тарыхый чындыктардын баары дагы бир маанилүү жагдайга ишарат кылууда: Ислам дүйнөсүнүн Куран ахлагын негиз тутуп кайрадан түзүлүшү Мусулмандар үчүн эмес эмес, бул аймактарда жашаган башка диндеги калктар үчүн да, Ислам дүйнөсүнүн сыртындагы маданияттар, мисалы, Батыш дүйнөсү үчүн да маанилүү. Куран ахлагын негиз туткан күчтүү мамлекеттердин болушу Батыш дүйнөсүнүн Ислам аймагы жөнүндөгү тынчсызданууларын толугу менен жок кылып, дүйнө тынчтыгынын негизги таянычтарынын бири болот.

Булактар

25. "Church Leaders Against War In Iraq," Houston Independent Media Center (October 10, 2002). Online at: http://houston.indymedia.org/news/2002/ 10/4622.php.

26. Arthur Okun, The Political Economy of Prosperity (Washington, DC: Brookings, 1970), chapter 3.

27. "Vietnam War," Britannica Online. Online at www.britannica.com.

28. William D. Nordhaus, "The Economic Consequences of a War with Iraq" Yale University (October 29, 2002). Online at: www.econ.yale.edu/~nordhaus/iraq.pdf.

29. William Bunch, "Invading Iraq not a new idea for Bush clique," Philadelphia Daily News January 27, 2003.

30. Ibid.

31. "Invitation to sign Multi-Religious Call to Fast for Peace," The Shalom Center (October 26, 2002). Online at: www.endthewar.org/frontps/faith/calltoprayer.htm.

32. John Pilger, "The truths they never tell us," New Statesman (November 26, 2001).

33. Grant Havers and Mark Wexler, "Is U.S. Neo-Conservatism Dead?" The Quarterly Journal of Ideology 24, nos. 3-4 (2001).

34. Orhan Atalay, Dogu-Bati Kaynaklarinda Birlikte Yasama (Coexistence in Eastern-Western Sources) (Istanbul: Gazeteciler ve Yazarlar Foundation Publications, 1999), 95.

35. Levent Ozturk, Islam Toplumunda Hristiyanlar (Christians in Islamic Community) (Istanbul: Iz Publications, 1998), 123; al-Tabari, Ta'rikh I (History I) (1850).

36. Al-Tabari, Ta'rikh 1, cited in Majid Khadduri, War and Peace in the Law of Islam (Baltimore: Johns Hopkins University Press, 1955), 102; reprint New York: AMS Press, 1979.

37. Philip K. Hitti, History of Arabs from the Earliest Times to the Present (London: Macmillan, 1958), 143.

38. Samuel H. Moffet, A History of Christianity in Asia, vol. 1, Beginnings to 1500 (New York: Orbis Books, 1998), 338.

39. W. H. C. Frend, "Christianity in the Middle East: A Survey Down to A.D. 1800," in Religion in the Middle East, ed. A. J. Arberry, vols. I-II (Cambridge: 1969), I:289.

40. Bernard Lewis, The Arabs in History (Oxford: Oxford University Press, 1993), 101-03.

41. Abu Dawood.

42. Abu Yusuf, no. 139.

43. "Caliph Omar and the Blind Beggar." Online at: www.geocities.com/am_1_99/ CaliphOmar1.html.