Жыйынтык

Бул китеп бойунча түшүндүрүлгөндөрдүн негизинде Аллахтын бүт жерди жакындан ороп-курчап тургандыгы жөнүндөгү чындыкты абдан жакшы түшүнүүгө болот. Инсан элестерден турган бир дүйнөдө элестерден турган бир дене менен убакытсыздык ичинде жана элестүү (кыялдагы) бир мекенде жападан жалгыз бир абалда Раббиси (Жаратуучусу) тарабынан сыналууда. «Аны жалгыз (жападан жалгыз) кылып жаратканымды (бул адамды) Мага тапшыр» (Мүдессир Сүрөсү, 11) аяты да мунун ачык бир далили.

Бул китепте түшүндүрүлгөн чындыктар жакшы түшүнүлгөндө, Куран аяттары жана ааламдагы бардык нерселердин мааниси абдан жакшы аңдап-түшүнүлөт. Инсан бардык нерселер (анын ичинде өзү (денеси) да) элестерден гана турган бир дүйнөдө жашап жатат. Бардык нерселер элестерден турган бул элестер дүйнөсүндө жалгыз абсолюттук нерсе – Аллах, Андан башка Илах жок. Адамдардын Аллахты унутуу менен абдан маани берген, алар үчүн диндерин таштаган, артынан кууган бардык нерселери – чындыгында бош нерселер:

Мына - ушундай; шек жок, Аллах, Ал – Хак (Чындык) жана шек жок, Андан башка алар сыйынган (теңирлери) болсо – батыл (негизсиз, далилсиз). Шек жок, Аллах – улуу, бийик. (Локман Сүрөсү, 30)

Адам – бир экранда 3 ченемдүү, абдан тунук, абдан чындыкка жакын бир фильм көрүп жаткан сыяктуу абалда. Бул экранга дээрлик жабышып турган сыяктуу болгондуктан, эч фильмден бөлүнүп (чыгып) ичинде турган чөйрөнү көрө албайт. Аллахтын алдында экенин жана сыналып жаткандыгын унутуп, өзүн өз алдынча (көз-карандысыз) бир күч сезет жана өзүн абдан маанилүү элестетет. Натыйжада экранда көргөн элестүү (кыялдагы) денеси, мал-мүктөрү, элестүү үй-бүлөсү жана досторуна ээ чыгып, алар менен бой көтөрүп, мактанат. Чындыгында болсо «Асмандардын, жердин жана алардын арасында болгон бардык мүлктөр Аныкы болгон (Аллах) – кандай улук...» (Зухруф Сүрөсү, 85) аятында да белгиленгендей, бардык бул нерселердин чыныгы ээси – Аллах. Аллах бир заматта адамга көрсөткөн экрандагы сүрөттөлүштөрдү (элестерди) алып койсо, адам чындыгында жападан жалгыз экендигин түшүнөт жана бул апачык чындыкты коркуу менен байкайт. Экранда көргөн элестер жана экрандагы денесине өзүнүкү сыяктуу ээ чыгып алгандыгы жана булар менен бой көтөрүп, мактангандыгы үчүн абдан уят болот.

Бул чындыктар жөнүндө ой жүгүрткөн адам Аллахтын алдындагы алсыздыгын жана кичинекейлигин да түшүнөт. Адам Аллахка мойун сунган, Анын буйруктарына баш ийген учурда гана кадыр-баркы өсөт, түбөлүктүүлүк ичинде сонун бир жашоо өткөрө алат. Аллахтын ага түбөлүккө бейиш сүрөттөлүштөрүн көрсөтүшүн үмүт кыла алат. Себеби, бул дүйнө элес катары бар болгон сыяктуу, бейиш жана тозок да элес катары бар. Аларга тиешелүү бардык сүрөттөлүштөр (элестер) да Аллахтын эсинде сакталып турат. Жана Аллах каалаган адамга каалаган элести көрсөтүүдө.

Аллахтын кулдарынан каалаган нерсеси абдан ачык: Анын улуулугун аңдап-түшүнүүлөрү, Аны мактап баш ийүүлөрү жана Ал койгон чектерди ашуудан сактануулары. Бирок кээ бир адамдар капылеттин күчтүүлүгүнөн өздөрүнүн Жаратуучусун унутушууда же Андан баш тартышууда. Бул жерде аларды жаңылткан эң маанилүү нерсе – алар бар деп ойлогон көптөгөн адам топтору. Бул адамдар досторун, курбуларын, сырдаштарын, бирдей көз-караштагы бардык адамдарды бар деп ойлогондуктан жана жалгыз экендигин унутушкандыктан, ушундай адашууга кабылышууда. Чындыгында болсо, бир адамдын чөйрөсү канчалык толо адам болбосун, ал – жападан жалгыз. Жана ага Аллахтан башка жардам бере ала турган эч ким жок:

… Өздөрү үчүн Аллахтан башка бир (векил) коруучу дос жана жардамчы таба алышпайт. (Ниса Сүрөсү, 173)

Адамдар «Жана алардын баары кыямат күнү Ага «жападан жалгыз жана бирден» келишет.» (Мерйем Сүрөсү, 95) аятында кабар берилген сыяктуу кыямат күнү да кайрадан Аллахтын алдына жалгыз барышат. Өздөрү сыяктуу Аллахтан жана динден алыс болгон, бул күнгө жолугаарын унуткан шериктери, достору жана жакшы көргөндөрү да жандарында болбойт. Ал тургай алар баш ийип, артынан ээрчиген шайтан да аларды таштап кетет:

Себеби ал чындыгында мага келгенден кийин мени зикирден (Курандан) адаштырды. Шайтан да инсанды «жападан жалгыз жана жардамсыз» таштоочу. (Фуркан Сүрөсү, 29)

Бул чындыктарды чын көңүлдөн ой жүгүрткөн ар бир инсан оңой гана түшүнө алат. Себеби Аллах аяттарында бардык нерсени абдан ачык баяндаган. Адам көптөгөн адамдардын арасында болсун, бир кинозалда болсун, бир чогулушта болсун, жакшы көргөндөрү менен бирге болсун, көчө толо адамдардын арасында болсун айырмасы жок, чындыгында ал – жалгыз. Бул ачык чындыкты кээ бир эски ишенимдери себебинен түшүнө албагандардын абалы бир аятта мындайча баяндалат:

... Бул – шек жок, алардын акыл жүгүртпөгөн бир коом болушу себептүү ушундай. (Хашр Сүрөсү, 14)

Эски ишенимдерден алыстаган жана Раббиси ага сунган бул абдан маанилүү маалыматтар жөнүндө терең терең ой жүгүрткөн адамдар болсо – момундар. Ошолор гана сабак алып, ойлоно алышат:

Сага Раббиңден түшүрүлгөндүн чындыгында хак (чындык) экендигин билген адам – ошол көрбөгөн сыяктуубу (ошону менен бирби)? Таза акыл ээлери гана сабак алып, ой жүгүртө алышат. (Рад Сүрөсү, 19)

Келиңиз сиз да Раббиңиз болгон (сизди жоктон бар кылып жараткан) Аллахка мойун сунуңуз, Ага чын көңүлдөн баш ийиңиз.

Жана көрбөгөн, ой жүгүртпөгөн адамдардан болуп калуудан кутулуңуз.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)