Бул китептин негизги темасы болгон «заттын чыныгы негизи» (заттын негизи) түшүнүгүн түшүнүү адамдын жашоого көз-карашын жана жашоосун өзгөртө турган бир чындык. Жашооңуздун максаты, келечек максаттарыңыз, идеалдарыңыз, каалоолоруңуз, маанилүү деп эсептеген нерселериңиз, ээ болгон байлыгыңыз менен түздөн-түз байланыштуу.
«Заттын негизи» темасы жаңы тема эмес. Адамзат тарыхы боюнча көптөгөн ойчулдар жана илимпоздор ойлонуп келген бир тема. Адамдар бул темада илгертен эки топко бөлүнүп келишкен. Материалисттер деп аталган бир топ адамдар затты абсолюттук, бар болгон бир нерсе катары карашып, ойлорун ушуга негиздөө менен жаңылып жашап келишкен. Экинчи топтогулар болсо чын жүрөктөн терең ойлонуудан коркпостон, алдын көздөй ой жүгүртүшүп «заттардын» чыныгы жүзүн, негизин түшүнүп жашашкан. Бирок, акыркы кылымда өнүккөн илим жана технология бул темадагы талаштарды токтотту жана мурдатан белгилүү болуп келген чындыкты, б.а., заттын абсолюттук мааниде жок экендигин далилдеди.
Бул тема адамдын жашоосуна бүтүндөй таасир бергендиктен, абдан маанилүү. Себеби, ар бир адамдын бул жашоодо чектүү жашоо мөөнөтү бар жана Аллах адамды бул мөөнөт ичинде сынап жатат. Бул мөөнөттүн аягында болсо, адам сөзсүз бул дүйнөдө тандаган жолу, ахлагы жана жүрүм-турумуна жараша натыйжасын алат, топтогондоруна жараша түбөлүк жашоосу аныкталат. Тагыраак айтканда, адам бул дүйнөдө кандай жашоону тандаса, түбөлүк жашоосунда ошого жараша натыйжасын алат, каталарын оңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбойт.
Бул тарабынан караганда, адамдардын бул дүйнөдөгү жашоо мөөнөтүнүн канчалык маанилүү экендиги байкалат. Колуңуздагы китептин маанилүүлүгү дал ушуну менен байланыштуу. Адамдын кыска сынак мөөнөтү бар жана анын натыйжасын түбөлүк жашоосунда сөзсүз алат. Демек, бул мөөнөттү эң акылдуу негизде пайдалануусу зарыл. Жана эгер мындай кылбаса акыреттеги бушаймандык эч жардам бербейт.
Бул максатта китептин максаты – инсанга Куран аятында айтылгандай «жападан жалгыз» (Энъам Сүрөсү, 94) Жаратуучусунун алдына бара турган «ал күнү» артка кайтпай турган бир бушаймандыкка туш болуусунан мурун жардамчы болуу.
Максатка жетүү үчүн алгач «заттын негизи» темасы илимий тараптан каралат. Башында да айтылгандай, бул жерде түшүндүрүлгөндөр эч кандай философиялык көз-караш же ой жүгүртүү эмес, илим тарабынан далилденген чындыктар. Бул тема татаал, түшүнүксүз жана оор эмес. Ошондуктан, ойлонуудан тартынбаган жана чындыктарды ак жүрөк менен кабыл алган адам чындыкка оңой жете алат.
Азыр окуп баштай турган бул тема бүгүнкү күнгө чейин ойлонуп жообун таба албаган же толугу менен түшүнө албаган көптөгөн суроолоруңузга жооп берет. Натыйжада бейиш, тозок, акырет сыяктуу сөздөрдү терең түшүнүп, жашоонун максатын билип жашайсыз.
Акыл жана выжданга (ак көңүлгө) ээ болгон киши ичинде жашаган чөйрөсүнө, галактикаларга, планеталарга, алар ээ болгон тең салмактуулукка, атомдун структурасындагы тең салмактуулукка, аааламдын ар бир бөлүгүндө байкалган тең салмактуулуктар, айланасындагы сансыз жандуу түрүнө, алардын жашоосуна, таң калаарлык өзгөчөлүктөрүнө, жана өзүнүн денесине байкоо жүргүзгөндө, бир Улуу күчтүн бар экендигин заматта байкайт. Айланасындагы мындай кемчиликсиз чөйрөнүн жана тактыктардын өзүнөн-өзү пайда болбостугун, алардын сөзсүз бир Жаратуучусу бар экендигин оңой эле түшүнөт.
Булардын Баары Ким Тарабынан Жаратылды?
Ааламдын ар бир бөлүгүндө байкалган «жаратылгандык» ааламдын өзүн-өзү жаратпагандыгын ачык көрсөтөт. Мисалы, бир татынакай чымчык жогорку чеберчиликти көрсөткөн өң-түс жана кооз көрүнүшүн өзү жаратпайт. Ааламдагы миллиметрдик тактыктагы тең салмактуулуктар өздөрүн өздөрү жаратып, тең салмактуулукка койуусу мүмкүн эмес. Өсүмдүктөр, адамдар, бактериялар, көпөлөктөр өздөрүн өздөрү жаратышкан эмес. Булардын баарынын «кокустуктан» жаралып калуу ыктымалдуулугу акылга, илимге жана логикага сыйбайт.
Демек, көзүбүзгө көрүнгөн нерселердин баарынын Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгы ачык-айкын... Жана алардын эч кимиси «Жаратуучу» боло алышпайт. Анда, Жаратуучу - көзүбүзгө көрүнгөн бардык нерселерден башка, жогору бир зат. Ал Жаратуучу көрүнбөйт, бирок жараткан бардык нерселери Анын бар экендигин жана сыпаттарын көрсөтөт.
Аллахтын бар экендигин түшүнбөгөндөр ушул жерде жаңылышат. Алар Аллахты көздөрү менен көрмөйүнчө Ага ишенбөөгө өздөрүнө шарт койуп алышкан. Себеби, алардын ойу бойунча бардык Ааламды курчаган, чексизге чейин уланган бир материялар, заттар бар жана Аллах бул топтошкон заттардын эч бир жеринде эмес. Миңдеген жарык жылы алыстарга барышса да, Аллахка жолугушпайт. Ошол себептен Аллахтын бар экендигин кабыл алышпайт. Натыйжада ааламдын ар бир бөлүгүндө көрүнгөн «жаратылгандык» өзгөчөлүгүн жашыруу, ааламдын жана жандуулардын жаратылбагандыгын куру сөз менен далилдөөгө мажбур болушат, бирок муну эч качан далилдей алышпайт. Себеби, ааламдын ар бир бөлүгү, чекити Аллахтын бар экендигинин далилдерине толгон.
Аллахтан баш тарткандардын бул негизги жаңылыштыгына Аллахтын бар экендигин кабыл алган, бирок туура эмес Аллах ишенимине ээ болгондор да кабылышат. Коомдун маанилүү бөлүгүн түзгөн бул адамдар айланада бардык жерде көрүнгөн «жаратылгандык» мисалдарынан баш тартышпайт, бирок Аллахтын «каерде» экендигине байланыштуу ар кандай батыл- (Аллахтан далил жок болуп туруп, адамдардын ой, күмөндөрүнөн чыгарган нерселер) негизсиз ишенимдери бар: алардын көпчүлүгү Аллахты «асманда» деп элестетишет. Ойлорундагы туура эмес көз-карашы бойунча, Аллах алыстардагы бир планетанын артында отурат жана кээ-кээде гана «дүйнө иштерине» кийлигишет. Же эч кийлигишпейт; ааламды бир жолу жаратып, аны таштап койгон, адамдар өздөрүнүн тагдырын өздөрү жасашат, аныкташат…
Кээ бирөөлөр болсо Куранда билдирилгендей Аллахтын «бардык жерде» экендигин угушкан, бирок мунун маанисин толук түшүнүшпөйт. Алардын көңүлдөрүндөгү туура эмес пикирлеринде, Аллахты радио толкундар сыяктуу же көрүнбөгөн, сезилбеген бир газ сыяктуу заттар менен курчалган сыяктуу элестетишет.
Чындыгында болсо, Аллахтын «каерде» болгондугуна байланыштуу бул пикир да буга чейинки саналган бардык пикирлер да орток бир жаңылыштыкка таянат: бул адамдар эч кандай далили жок бир «ишенимди» кабыл алышууда, натыйжада Аллах менен байланыштуу ар кандай күмөндөргө туш болушууда. Балким мунун натыйжасында Аллахтын бар экендигин кабыл албай келишүүдө.
Бул Кандай «Ишеним»?..
Бул «ишеним» - заттын бар экендиги жана негизи менен байланыштуу. Адамдар заттын бар экендигине ушунчалык бекем ишенишүүдө жана натыйжада чындап эле зат барбы же болбосо, заттар жөн гана көлөкө нерселерби (элестерби) деп эч качан ойлонгон эмес. Илимдин акыркы жетишкендиктери бул «ишенимди» жыгып, абдан маанилүү жана таасирдүү бир чындыкты ортого койду. Куранда да ишарат кылынган бул чындыкты терең карайлы.
Stimulations coming from an object are converted into electrical signals and cause effects in the brain. When we "see", we in fact view the effects of these electrical signals on the mind. |
Илим аркылуу окуяларды түшүнүп, эсептей аласыз, бирок ааламды түшүнө албайсыз. Мына дарак, катуулугун сезип жатасыз; мына суу, даамын сезип жатасыз; мына шамал, сизди салкындатып жатат. Ушунчага ыраазы болууга мажбурсуз. Альберт Камус
Жашап жаткан дүйнөбүз менен байланыштуу бардык маалыматтар бизге беш сезүү органыбыз аркылуу келүүдө. Башкача айтканда, биз көзүбүз көргөн, колубуз сезген (тийүү), мурдубуз сезген жыт, тилибиз сезген даам, кулагыбыз уккан бир дүйнөнү тааныйбыз. Туулгандан бери бул сезүү органдарыбызга көз-каранды болгондуктан, «тышкы дүйнөнүн» сезимдерибиз бизге тааныткандан башкача болуу ыктымалдыгын эч ойлонгон эмеспиз.
Чындыгында болсо, бүгүнкү күндө көптөгөн илим тармактарындагы изилдөөлөр башка бир чындыкты табуу менен сезимдерибиз жана биз сезген дүйнөгө байланыштуу маанилүү шектердин жаралышына алып келди.
Бул чындык бойунча, биздин «тышкы дүйнө» катары сезгендерибиз, кабыл алганыбыздын баары -жалаң гана сезүү органдарыбыз тарабынан жөнөтүлгөн электрдик сигналдардын мээбизге жасаган таасирлери. Көрүү органыңыз менен сезген түркүн түстөр, сезүү органыңыз менен сезген катуулук же жумшактык сезими, тилиңиз менен сезген даамдар, кулагыңыз менен уккан ар кандай музыкалар, үндөр, ар кандай жыттар, жумушуңуз, үйүңүз, ээ болгон бардык байлыгыңыз, бул китептин саптары, ошондой эле, апаңыз, атаңыз, үй-бүлөңүз жана жашооңуз бойунча көргөн, билген, тааныган, көнүп калган бүт дүйнө сезүү органдарыңыз тарабынан жөнөтүлгөн электрдик сигналдардан гана турат. Башында түшүнүүгө оор сыяктуу сезилген менен бул илимий бир чындык болуп саналат. Бул маанилүү илимий чындык жөнүндө Б. Руссел жана Л. Виттгенштейн сыяктуу атактуу философтордун ойлору төмөнкүдөй:
… мисалы, бир лимондун чындап эле бар болуп болбогондугун жана кандай процесс натыйжасында пайда болгондугун суроого жана изилдөөгө болбойт. Лимон жөн гана тил менен сезген даам, мурун менен сезген жыт, көз менен көрүнгөн түс жана көлөмдөн турат жана жалаң гана ушул сыпаттары илимий бир изилдөөнүн темасы боло алат. Илим заттар дүйнөсүн эч качан биле албайт.
Фредерик Вестер бул темада илимдин жеткен акыркы чегин мындай баяндайт:
Кээ бир ойчулдардын «адам бир элес, чындыгында бардык жашалып жаткандар өткүн жана алдамчы, бул аалам бир көлөкө» деген сыяктуу сөздөрү бүгүнкү күндө илим тарабынан далилденген сыяктуу.
Атактуу философ Джордж Беркелейдин бул таң калыштуу чындыкка түшүндүрмөсү төмөнкүдөй:
Аларды көргөн, аларга тийген жана сезимдерибиз бизге билдирген үчүн затттардын бар экенине ишенебиз. Чындыгында, сезимдерибиз жалаң гана мээбизде бар болгон элестер. Анда, сезимдерибиз аркылуу сезип көргөн заттар – элестерден башка нерсе эмес, жана бул элестердин мээбизден башка жерде сөзсүз бар болушу зарыл эмес... Бардык нерселер мээде гана болгон нерселер болсо, анда ааламды жана заттарды мээнин сыртында бар деп ойлогонубузда, жаңылган болобуз... Андай болсо, бизди курчаган нерселер, заттардын эч бири мээбиздин сыртында бар эмес.
Теманы толук түшүнүү үчүн алгач тышкы дүйнө жөнүндө бизге маалымат берген сезүү органдарыбыз жөнүндө сөз кылалы.
All we see in our lives is formed in a part of our brain called the "center of vision" which occupies only a few cubic centimeters. The brain is insulated from light. Inside the skull is absolutely dark; and the brain itself has no contact with light that exists outside. |
Көрүү процессинин кандайча болгондугу жөнүндө көп адамдар терең ойлонушпайт. Адамдарга «кантип көрөбүз?» деп сурасак, алар «албетте көзүбүз менен» деп жооп беришет. Бирок, көрүү процессинин илимий түшүндүрмөсүн караганыбызда, абал мындай эмес экендигин көрөбүз. Көрүү процесси абдан көп баскычтардан турат. Көрүү учурунда белгилүү бир заттан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн алдыңкы тарабындагы линза ичинен сынуу менен өтөт жана көздүн арка тарабындагы торчого тескери болуп түшөт. Бул жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылган көрүү сигналдары нервдер аркылуу мээнин арт тарабындагы көрүү борбору аталган кичинекей бир жерге жетет. Көрүү процесси чындыгында мээнин арт тарабындагы бул кичинекей жарык эч кире албаган капкараңгы бир чекитте ишке ашат.
Негизинен бардык эле адамдар билген бул илимий чындыкты тереңирээк ойлонуп көрөлү. Биз «көрүп жатам» дегенибизде, чындыгында көзүбүзгө келген сигналдардын (фотондордун таасиринин) электрдик сигналга айланып, мээбизде жараткан «таасирин» көрөбүз. Башкача айтканда, «көрүп жатам» дегенибизде, чындыгында мээбиздеги электрдик сигналдарды көрөбүз. Демек, көрүү көзүбүздө жыйынтыкталуучу бир процесс эмес, көзүбүз - көрүү процессине ортомчу болгон бир сезүү органыбыз гана.
Жашообуз бойунча көргөн бардык сүрөттөлүштөр мээбиздеги бир канча см3 болгон, жаңгактай көлөмдөгү көрүү борборунда пайда болот. Окуп жаткан бул китеп да, компьютериңиз да, көзүңүзгө көрүнгөн сонун табияттар, чексиздей сезилген деңиздер да, бир жарышка катышып жаткан көптөгөн адамдар да ушул кичинекей бир жерге батууда. Бул жерде абдан маанилүү дагы бир чындык бар: башыбыз мээбиздин ичине жарык, нур киргизбейт. Б.а., мээнин ичи – капкараңгы, демек, жарыктын мээге жетүүсү мүмкүн эмес. Көрүү борбору деп аталган жер – эч кандай жарык жете албаган, балким жашообузда эч качан көрбөгөндөй караңгы. Бирок, сиз ушундай капкараңгы жерде жаркыраган, түркүн-түстүү бир дүйнөнү, ааламдарды көрөсүз. Түркүн түстүү табият, тоолор, мөмө-чөмөлөрдүн түстөрү, гүлдөрдүн дизайндары, күндүн жаркыраган нуру, көчө толо адамдар, жолдо сызып бараткан машиналар, магазиндеги түрдүү кийим-кечелер сыяктуу бардык нерсе ушул караңгы бир жерде жаралат. Өзгөчө бул караңгылыкта түстөрдүн кандайча жаралаары али аныктала элек. Клаус Будзински мындай дейт:
«……инсан көзүнүн нур менен түстөрдү кабылдаган түйүн катмарынын муну көрүү нервдери аркылуу кандайча мээге жеткирээри жана мээде кандай физикалык-физиологиялык таасирлер жаратаары суроосуна бул илим чөйрөсүндөгү илимпоздорубуз жооп бере алышпайт.»
Р.Л. Грегори биз жөнөкөй кабыл алган көрүү системасындагы бул таң калыштуу укмуш жөнүндө мындай дейт:
Көрүү кубулушуна ушунчалык көнүп калгандыгыбыздан, жооп берүү зарыл болгон суроолор бар экенин байкоо да терең кыялдануу күчүн талап кылат. Бирок элестетип көрүңүз. Көздөрүбүзгө кичинекей, башаламан сүрөттөлүштөр берилүүдө жана биз чөйрөбүздө аларды толук кандуу буюмдар, заттар катары көрүп жатабыз. Торчолордогу сигналдардын натыйжасында заттар дүйнөсүн кабылдап жатабыз жана бул чындыгында бир укмуш, таң калыштуу нерсе.
Бул абал башка сезүү органдарына да тиешелүү. Добуш, тийүү (кол менен ж.б.), даам сезүү жана жыт сезүү да мээде электрдик сигнал катары кабылданат.
The scent of a perfume, a flower, any delicious food, the sea, or other odors we like or dislike, we perceive entirely in our brain. |
Угуу кубулушу да дал ушундай: сырткы кулак чөйрөдөгү үн толкундарын кулак лакатору жардамы менен топтоп ортоңку кулакка берет. Ортоңку кулак кабыл алган үн толкундарын күчөтүп, ички кулакка берет. Ички кулак болсо, бул үн жыштыктарын электрдик сигналга айландырып, мээге жөнөтөт. Көрүү кубулушу сыяктуу угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.
Көздөгү абал кулакка да тиешелүү. Б.а., адамдын башы ич тарапка жарыкты өткөрбөгөн сыяктуу үндү да өткөрбөйт. Буга карабастан, мээде эң таза үндөр кабылданат. Бул үндөр ушунчалык таза болгондуктан, ден соолугу жайында бир адамдын кулагы бардык нерселерди эч кандай кошумча ызы-чуусуз угат. Үн өткөрбөгөн, тымтырстык өкүм сүргөн мээңизде бир оркестрдин симфониясын угасыз, көчө толо адамдардын бардык үндөрүн угасыз, бир жалбырактын шуудураган үнүнөн учактардын дүңгүрөткөн үнүнө чейин кеңири аралыктагы бардык үндөрдү кабылдай аласыз. Бирок ошол учурда атайын бир аппарат менен мээңиздин ичиндеги үн өлчөнсө, ал жерде толук жымжырттык өкүм сүрүп жаткандыгы аныкталат.
Жыт сезүү органыбыздын иштеши да ушуга окшош: ванилин жыты, гүл жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган областындагы кыймылдуу түкчөлөрдө жайгашкан кабыл алгычтарга келет жана бул кабыл алгычтар менен реакцияга кирет. Бул реакция мээбизге электрдик сигнал катары берилет жана жыт катары кабылданат. Натыйжада биз сонун же жаман деп атаган бардык жыттар учуучу молекулалардын реакцияларынын электрдик сигналга айландырылгандан кийин мээдеги кабыл алынуусунан башка нерсе эмес. Бир атырды, бир гүлдү, жакшы көргөн бир тамагыңызды, деңиздин жытын, көңүлүңүзгө жаккан же жакпаган ар кандай жытты мээңизде кабылдайсыз. Бирок, жыт молекулалары эч качан мээге жетпейт. Үн жана көрүнүштөрдө болгон сыяктуу жыт сезүүдө да мээбизге жеткен – жалаң гана электрдик сигналдар. Жыйынтыктасак, туулгандан бери сырттагы заттарга тиешелүү деп эсептеген жыттар – сезүү органдарыңыз аркылуу кабыл алган элекрдик сигналдар. Бул жөнүндө Беркелей: «Алгач түстөр, жыттар ж.б. чындыгында бар деп кабыл алынды; бирок кийинчерээк мындай көз-караштардан баш тартылды жана булардын сезүү органдарыбыздын кабылдоосу натыйжасында гана бар экендиги аныкталды.» деп айтат.
Ушул сыяктуу адамдын тилинин алдыңкы тарабында төрт ар кандай типтеги химиялык кабылдагычтар жайгашкан. Алар туздуу, таттуу, кычкыл жана ачуу даамдарга туура келет. Даам сезүүчүлөрүбүз бир канча процесстен кийин бул элестерди химиялык сигналдарга айландырышат жана мээге жөнөтүшөт. Жана бул химиялык сигналдар мээ тарабынан даам катары кабыл алынат. Бир шоколадды же жакшы көргөн бир мөмөнү жегениңизде сезген даамыңыз электрдик сигналдардын мээ тарабынан ошондой кабылданышы болуп саналат. Сырттагы затка болсо эч качан жете албайсыз; шоколаддын чыныгы абалын көрө албайсыз, жыттай албайсыз жана даамын сезе албайсыз. Мисалы, мээңизге келген даам сезүү нервдериңиз иштен чыкса, ошол учурда жеп жаткан бир нерсеңиздин даамынын мээңизге жетиши мүмкүн болбой калат жана натыйжада даам сезе албай каласыз.
Rays of light coming from an object fall upside-down on the retina as seen in the above picture. Here, the image is converted into electrical signals and transmitted to the center of vision at the back of the brain. The center of vision is a very tiny place. Since the brain is insulated from light, it is impossible for light to reach the center of vision. This means that we view a vast world of light and depth in a tiny spot that is insulated from light. Even at the moment when we feel the light and heat of a fire, the inside of our brain is pitch dark and its temperature never changes. |
Бул жерде дагы бир чындыкты байкайбыз: бир тамакты даамдаганыбызда башка бирөөнүн ал тамактан алган даамынын же бир үндү укканыбызда башка бирөөнүн уккан үнүнүн биздики менен бирдей экендигине так ишене албайбыз.
Бул жөнүндө Линкольн Барнетт мындай дейт:
Эч ким өзүнүн кызыл деп кабыл алган өңүн же до нотасынын угулушун башка бир адамдыкы менен бирдей же бирдей эмес экендигин биле албайт.
Биз сезүү органдарыбыздын бизге бергенин гана биле алабыз. Себеби, сыртыбыздагы чыныгы нерселерге түздөн-түз жете алышыбыз мүмкүн эмес. Аны мээбиз гана кабылдоодо. Натыйжада бир эле нерсени ар кимдин мээси ар кандай кабылдап жаткан болушу мүмкүн. Мунун себеби – кабыл алынган нерсенин кабыл алганга жараша болушу.
Тийүү (сезүү) сезимибиздин иштешинде да ушул эле процесс жүрөт. Бир нерсеге тийгенибизде сезүүнү кабылдоочуларыбыз тышкы дүйнөнү жана заттарды таануубузга жардамчы боло турган маалыматтарды терибиздеги сезүү нервдери аркылуу мээге жиберет. Тийүү сезими мээбизде жаралат. Көпчүлүгү элестеткен сыяктуу тийүү сезимин сезген жерибиз колубуз же терибиз эмес, мээбиздеги сезүү борбору болот. Биз заттардан келген электрдик сигналдардын мээбизде анализдениши натыйжасында катуу же жумшак, ысык же муздак сыяктуу заттарды аныктоочу ар кандай сезимдерди сезебиз. Демек, бир затты таануубузга мүмкүнчүлүк берген ар кандай маалыматтарды бул сигналдар аркылуу алабыз. Атактуу илим философу Бертранд Русселл бул жөнүндө мындай дейт:
…Манжаларыбыз менен столго тийген учурдагы тийүү сезими – бул манжалар учундагы электрон жана протондорго болгон электрдик таасир. Заманбап физика бойунча, столдогу электрон жана протондордун жакындашуусунан пайда болгон болот. Эгер манжаларыбыздын учундагы ошол эле таасир башка бир жол менен жаратылган болгондо, эч кандай стол болбосо да ошол эле тийүү сезимин сезмекпиз.
Сыртыбыздагы дүйнөнүн толугу менен сезүү органдары аркылуу таанылышы илимий чындык. Джордж Беркелей Инсан билиминин принциптери бойунча бир изилдөө аттуу эмгегинде мындай дейт:
"…Көрүү аркылуу жарык жана түс, алардын даражалары жана айырмалары жөнүндө пикирге ээ болом; Тийүү сезими аркылуу жумшак же катууну, ысык жана муздакты, кыймылды жана тоскоолдукту сезем... . Жыт сезүү мага жыттарды; даам сезүү даамдарды, угуу болсо үндөрдү үйрөтөт... Бул сезимдердин кээ бирлери бир учурда сезилгендиктен, аларга бир ат берилет жана алар бир нерсе, зат катары кабыл алынат. Ушундайча, мисалы, белгилүү бир абалдагы бир түс, бир даам, бир жыт, бир кебете жана бир катуулук бирге сезилгенде «алма» деп аталган бир нерсе катары таанылат; башка сезимдер таш, дарак, китеп сыяктуу башка сезиле турган нерселерди пайда кылышат...».
Демек, көрүү, угуу, жыт сезүү, даам сезүү жана тийүү (сезүү) менен байланыштуу борборлордогу маалыматтарды анализдеген мээбиз жашообуз бойунча заттын, материянын биздин сыртыбыздагы «чыныгы абалы» менен эмес, мээбизде жаралган абалдарына жолугууда. Биз болсо, мээбизде жаралган көрүнүштөрдү сырттагы чыныгы зат катары кабыл алуу менен жаңылабыз. Бирок, буга чейин байкалган сыяктуу мындай жаңылууга кабылбастан, бул чындыкты байкаган ойчулдар жана илимпоздор да албетте болгон.
Ал тургай, атактуу Түрк материалист Али Демирсой да бир убакта бул чындыкты кабыл алган:
Бирок чындыгында ааламда биз көргөн сыяктуу жарыктык, биз уккан сыяктуу үн жана биз сезген сыяктуу ысыктык бар эмес. Б.а., сезүү органдарыбыз тышкы чөйрө менен мээ арасында бизди жаңылтууда жана мээде чындык менен байланышы жок элестерге себеп болууда.
All we see in our lives is formed in a part of our brain called the "center of vision" which lies at the back of our brain, and occupies only a few cubic centimeters. Both the image of a small room and the boundless landscape you see when you gaze at the horizon fit into this tiny space. Therefore, we see objects not in their actual sizes existing outside, but in the sizes perceived by our brain. |
Жогоруда каралган физикалык чындыктар бизди талашсыз бир жыйынтыкка алып келет: Биз көргөн, тийген, уккан жана «дүйнө» же «аалам» деп атаган заттардын жыйындысы жалаң гана мээбизде жаралган электрдик сигналдар болууда. Ошондуктан, мисалы, айран ичип жаткан адам чындыгында айрандын чыныгы абалы менен эмес, мээсиндеги кабылданышы менен байланышы болот. Адамдын «айран» деп атаган нерсеси – айрандын ак түсү, өзүнө тиешелүү даамынын, суюктук сезиминин электрдик маалыматтар аркылуу мээде кабылданышы болот. Шоколад жеп жатканда да абал ушул сыяктуу эле; шоколаддын абалы, даамы, жыты жана катуулугуна байланыштуу электрдик маалыматтар мээде кабылданат. Эгер мээге баруучу көрүү нервин кесип (үзүп) койсоңуз, шоколаддын сүрөттөлүшү бир заматта жок болот. Же мурундагы кабылдагычтардан мээге уланган нервдердин үзүлүшү жыт сезүүңүздү биротоло жок кылып салат.
Себеби, көрүп жаткан дарагыңыз, жытын сезген заттар, буюмдар, даамын сезген шоколадыңыз, ичкен айраныңыз жана башкалар мээнин электрдик сигналдарды кабылдап, ошондой түшүнүшүнөн башка бир нерсе эмес.
Бул жерде ой жүгүртүш зарыл болгон жана адамдарды жаңылтышы мүмкүн болгон бир нерсе – алыстык сезими. Алыстык, мисалы бул китеп менен араңыздагы аралык мээңизде жаралган бир боштук сезиминин кабылданышынан башка нерсе эмес. Бир адамдын абдан алыста деп элестеткен заттар да чындыгында мээсинин ичинде. Мисалы, адам асмандагы жылдыздарды карайт жана аларды миллиондогон жарык жыл алыста деп ойлойт. Чындыгында болсо, жылдыздар – анын ичинде, мээсиндеги көрүү борборунда. Саякаттап баратып учактан ылдыйдагы бир шаарды карап, аларды километрлер алыста деп ойлойт. Чындыгында бардык ири, чексиздей сезилген шаарлар, ичиндеги адамдар менен кошо адамдын мээсинде болууда.
Бүгүнкү күндөгү бардык илимий жетишкендиктер биз көргөн сүрөттөлүштөрдүн мээбизде экендигин так далилдөөдө.
Бирок, бул жерде адамдарды жаңылткан эң маанилүү бир фактор бар: денеңизди көрүшүңүз сизди бөлмөнүн ичинде экениңизге ишендирет. Чындыгында денеңиз да – мээңизде жаралган бир сүрөттөлүш. Бул жөнүндө Бертрант Русселл мындай дейт:
Түздөн-түз физика илими менен байланыштуу айта турган нерсебиз – бүгүнкү күнгө чейин денебиз деп ойлогон нерсенин чындыгында физикалык заты жок өзгөчө дизайнда жасалган илимий бир структура болушу.
Бул таамай бир чындык. Эгер биз тышкы дүйнөнү жалаң гана сезүү органдарыбыз аркылуу сезип жатсак, денебизди тышкы дүйнөдөн өзүнчө бөлүп кароо туура эмес болот.
Себеби, денебизди да бизге тааныткан – мээбизге жеткен электрдик сигналдар (импульстар). Бул импульстар да башкалар сыяктуу мээбизде ар кандай сезимдерге айландырылат. Мисалы, колдорубуз менен денебизге тийгенибизде пайда болгон тийүү сезими, жерин тартылуу күчү натыйжасында пайда болгон дененин оордук сезими, денебизден чагылган жарык нурлары пайда кылган көрүү сезими ж.б.... Бардык бул кубулуштар мээ тарабынан бир «сезимдер, элестер жыйындысы» катары бааланат. Жана биз денебизди сезебиз. Бул илимий чындыктар тарабынан да тастыкталууда. Биз өмүрүбүз бойунча чыныгы денебиз менен эмес, мээбизге жеткен денебизге тиешелүү сезимдер менен жашайбыз. Бул сигналдар акылыбыз тарабынан «денебиз» катары кабылданат.
Бул абал башка бардык сезимдерибизге да тиешелүү. Мисалы, сиз жаныңыздагы бөлмөдөн телевизордун үнүн угуп жатам деп ойлогонуңузда чындыгында мээңиздеги үндү угуп жатасыз. Жаныңызда бир бөлмө бар экендигин жана андан үн келип жаткандыгын далилдөө мүмкүн эмес. Бир топ алыстан келип жатат деп ойлогон үн да, жаныңыздагы адамдын сүйлөшү да чындыгында мээнин бир канча сантиметр кубдук угуу борборунда кабылданууда. Бул кабылдоо борборунун сыртында оң, сол, алды, арты сыяктуу түшүнүктөр жок. Б.а., үн оңдон, солдон же абадан сизге келбейт; үндүн келүү багыты жок.
Биз сезген жыттар да ушундай; эч бири бизге алыстан келбейт. Жыт сезүү борборунда пайда болгон таасирлерди сырттагы заттардын жыттары деп ойлойсуз. Чындыгында болсо бир гүлдүн көрүнүшү көрүү борборунда пайда болгон сыяктуу, анын жыты да жыт сезүү борборунда. Сыртта болсо гүл да, анын жыты да жок.
Ушул эле чындыктар ысыкка да тиешелүү. Жашаган заманынын улуу ойчулдарынан болгон Джордж Беркелей ысыктык жана муздактык сыяктуу сезимдердин мээнин сыртында бар деп эсептөөнүн туура эместигин мындай мисал менен түшүндүрөт:
...мисалы, (сенин) колдоруңдун бирөөсү ысык, экинчиси муздак болсун. Орточо жылуулуктагы бир суу идишине колдоруңду салганда, ошол эле суу бир колуң үчүн жылуу, экинчи колуң үчүн муздак сезилбейби?
Беркелей туура жыйынтыкка келген. Эгер бул сыпаттар заттын өзүндө бар болгондо, эки колдун да бир эле нерсени сезиши керек болчу.
Сезимдерибиз бизге тааныткан «тышкы дүйнө» бир эле убакта мээбизге жеткен электрдик сигналдардын жыйындысынан башка бир нерсе эмес. Мээбиз жашообуз бойунча бул сигналдарды анализдейт жана жыйынтыктайт. Биз болсо бул сезимдерди заттын «сырттагы» чыныгы абалы катары кабыл алып, жаңылуу менен байкабастан өмүр өткөрөбүз. Жаңылабыз, себеби сезимдерибиз менен заттын өзүнө эч качан жете албайбыз. Бул сүйлөм өзгөчө маанилүү.
Себеби, «тышкы дүйнө» деп элестеткен сигналдарды анализдеп маанилүү абалга алып келген биздин мээбиз. Мисалы, угуу сезимин карап көрөлү. «Сырткы дүйнөдөгү» үн толкундарын ритмге айландырган чындыгында мээбиз. Б.а., музыка мээбизде жаралган бир сезим. Түстөрдү көргөнүбүздө негизи көзүбүзгө ар кандай жыштыктагы жарык толкундары келет. Бул ар кандай жыштыктагы толкундарды түстөргө айландырган мээбиз. «Сырткы дүйнөдө» түс жок. Лимон сары, асман көк, дарактар жашыл эмес. Алар биз аларды ошондой кабылдаганыбыз үчүн гана ошондой. «Сырткы дүйнө» толугу менен кабылдагандын кабылдоосуна жараша. Түс сокурдугу мунун далили. Көздөгү торчодо пайда болгон кичинекей бузулуу түс сокурдугуна себеп болот. Бул абалда кээ бирлери көктү жашыл, кээ бири кызылды көк, кээ бирлери болсо түстөрдү боз түстүн ар кандай абалдары сыяктуу кабылдайт. Сырттагы заттын түстүү болуп болбошу маанисиз болуп калат.
Атактуу ойчул Беркелей да бул чындык жөнүндө мындай дейт:
Кыскача айтканда, бир эле нерселер бир эле убакта кээ бирлери үчүн кызыл, кээ бирлери үчүн ысык, кээ бирлери үчүн тескерисинче болуп жатса, демек, биз жаңылуулардын таасириндебиз жана «заттар» биздин мээбизде гана бар...
Демек, жыйынтыктасак, биз заттарды алар түстүү болгондуктан же сыртта заттык бир абалы бар болгон үчүн түстүү кылып көрбөйбүз. Эгер түстөр биздин сыртыбызда бар болгондо, түс сокурдугу деген нерсе болбойт эле. Кыскача айтканда, заттарга жүктөгөн (аларга тиешелүү деп эсептеген) бардык сыпаттар (түс, даам ж.б.) «сырткы дүйнөдө» эмес, ичибизде.
Бул жерге чейин мээбизде жаралган элестер (сезимдер) дүйнөсүнүн бар болушу жана бул дүйнөнүн чыныгы абалына эч качан жете албастыгыбыз жөнүндө сөз кылдык. Бул дүйнөнүн чындап бар экендигин кантип биле алабыз?
Албетте, биле албайбыз. Тескерисинче, ар бир зат жалаң гана сезимдердин жыйындысы экендигин, бул сезимдер да жалаң мээде бар экендигин эске алсак, бар болгон дүйнө жалаң гана сезимдерден турат деп айтууга болот. Биз тааныган жалгыз дүйнө мээбиздин ичинде бар болгон, ал жерде калыптанган, добуш жана түс берилген, кыскача айтканда, мээбизде жаралган дүйнө жана биз бар экендигине так ишене ала турган жалгыз дүйнө да – ушул дүйнө.
Мээбизде көрүп жаткан сүрөттөлүштөрдүн чындап (зат катары) бар экендигин болсо эч качан далилдей албайбыз. Бул сүрөттөлүштөр (сезимдер, элестер) «жасалма» (табигый эмес) бир булактан келиши да мүмкүн.
Муну төмөнкүдөй бир мисал менен элестетип көрсөк болот:
Алгач мээңизди денеңизден сыртка чыгарып, айнек бир идиштин ичинде жасалма жол менен жашата алдык деп элестетели. Жана мунун жанына ар кандай электрдик сигнал жарата алуучу компьютер койгон бололу. Бул компьютерде белгилүү бир чөйрөгө тиешелүү үн, жыт, катуулук-жумшактык, даам жана дененин сүрөттөлүшү сыяктуу маалыматтардын электрдик сигналдарын жасалма жол менен өндүрүп сактап койолу. Мисалы, эч нерсе жашабаган бир тоонун чокусунда денеңизден сыртка чыгарылган мээңизге ушундай эксперимент жасайлы. Бул компьютерди нервдин ролун аткара турган электрдик кабельдер жардамы менен мээңиздин кабыл алуу борборлоруна туташтыралы жана компьютерде сакталуу болгон сигналдарды тоонун чокусундагы мээңизге берели. Бул сигналдарды алган сайын мээңиз (б.а., «сиз») бул сигналдар сүрөттөгөн чөйрөнү көрөсүз жана жашайсыз. Мисалы, бир стадиондо болуп жаткан футбол матчы менен байланыштуу акылга келген ар кандай өзгөчөлүк - сезүү органдары менен кабылдана ала турган негизде - өндүрүлгөн же сакталган болсун. Тоонун чокусунда жалгыз мээңиз менен ал мээңизге туташтырылган компьютер гана болгонуна карабастан, сиз өзүңүздү бул жасалма жол менен жаратылган дүйнөнүн (мисалы, матчтын) ичинде жашап жаткандай сезесиз. Матчта жүрөм деп ойлойсуз, кээде ачууланып, кээде сүйүнөсүз. Ал тургай көп кишинин арасында кээде жаныңыздагы адам менен түртүшүп кетесиз жана аларды бар деп ойлойсуз. Эң кызыгы бардык нерсе ушунчалык чындыкка жакын болгондуктан, бул чөйрөнүн жана өзүңүздүн денеңиздин бар же жок экендиги жөнүндө эч күмөн санабайсыз.
For you, reality is all that can be touched with the hand and seen with the eye. In your dreams you can also "touch with your hand and see with your eye", but in reality, then you have neither hand nor eye, nor is there anything that can be touched or seen. In your dreams, there is no material reality that makes these things happen except your brain. You are simply being deceived
What is it that separates real life and dreams from one another? Ultimately, both forms of living are brought into being within the brain. If we are able to live easily in an unreal world during our dreams, a similar state of affairs can equally be true for the world we live in while awake. When we wake up from a dream, there is no logical reason not to think that we have entered a longer dream called "real life". The reason dreams are considered fancies and the world 'real' is only a product of habits and prejudices. This shows that you may well be awoken from the life on earth, which you think you are living right now, just as you are awoken from a dream.
Же болбосо, бир столдо отурганда сиз сезген көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдердин электрдик сигналдарын мээңизге жөнөткөнүбүздө мээңиз өзүн офисинде отурган бир кызматкер деп сезет. Компьютерден келген сигналдар улана берген сайын бул кыялдагы дүйнө улана берет. Өзүңүздүн бир мээден гана турганыңызды түшүнүшүңүз болсо, эч качан мүмкүн болбойт. Себеби, мээнин ичинде бир дүйнө пайда болушу үчүн чыныгы дүйнөнүн бар болушу зарыл эмес, жөн гана керектүү сигналдардын болушу жетиштүү. Бул сигналдардын жасалма бир булактан, мисалы компьютер же башкача бир аппараттан келип жаткан болушу толук мүмкүн. Бул бойунча жасалган эксперименттер бул чындыкты тастыктоодо.
Америкада Клевланд ооруканасынан Др. Уайт электроника адиси болгон достору менен бирге «Сиборгдун» жашатылышы бойунча чоң ийгиликке жетишкен. Др. Уайт бир маймылдын мээсин изоляция кылып, башынын сыртында өзүнчө бир жерде кычкылтек жана кан менен бага алган. Жасалма жол менен жасалган бир «Жүрөк өпкө машинасына» туташтырылган мээ мындай абалда 5 саат жашаган. Бул изоляцияланган мээ туташкан Электро Энсафелограмм аппараты айлана-чөйрөдө чыгып жаткан үндөрдүн мээнин угуп, ага реакция бергендигин E.E.G. каттоолорунда көрсөткөн.
Демек, тыштан берилген жасалма сигналдар аркылуу да тышкы дүйнөнү сезишиңиз мүмкүн. Беш сезүү органыңыздын жардамы менен сезе турган символдор бул үчүн жетиштүү. Бул учурда мындай символдордон тышкары тышкы дүйнө деген бир нерсе жок болот.
They will say, "Alas for us! Who has raised us from our resting-place? This is what the All-Merciful promised us. The Messengers were telling the truth." (Surah Ya Sin: 52)
Чындыгында заты жок болгон сезимдерди (элестерди) зат деп кабыл алуу менен жаңылууга кабылышыбыз абдан оңой. Бул чындыкты түшүбүздө абдан көп жашайбыз. Түшүбүздө толук чындык сыяктуу окуяларды башыбыздан өткөрөбүз, адамдар, заттар, чөйрөлөрдү көрөбүз. Чындыгында болсо, алардын баары сезимден башка нерсе эмес. Түш менен «чыныгы жашоо» арасында болсо негизинен бир айырма жок; экөөсүн тең мээбизде жашайбыз.
PRESENTER: There is a hadith that reads "The worst of you is he who loves the world."
ADNAN OKTAR: No, if they knew what this world was, they would not love it or be so attached to it. They have no ideas what it is. For example, I am picking this cup up; it is perfectly clear. It can be seen 3-dimensionally. It does not seem to be an image. It also appears to be at a distance from me, such is the high quality image that forms. And the sense of touch also arises.
That is also in my brain. But it is as if I am touching it at a distance. In other words, since the quality of sensation is 3-D, it really gives me the impression I am touching it at a distance. And it has a taste. Lime. It is sweet, and has a scent. Now let someone who does not believe come here. But these things all form in my brain. Because of this image and the 3-D quality of the senses; all five senses are such high quality. Allah creates sensations to a very high quality. They are flawless, immaculate and very sharp. But they are sharper in the Hereafter, of course....
CIHAT GUNDOGDU: As you have said, the hadiths say "People are asleep, and wake with death." Insha' Allah.
ADNAN OKTAR: "People are asleep, and they wake with death." They wake, and again go to another kind of asleep, of course. This is very clear, it totally clarifies the issue. "People are asleep, and they wake with death." That is the essence of what I am talking about. And our Prophet (may Allah bless him and grant him peace) says it. In the same way is illogical to cry over or be saddened by a dream, so it is illogical to cry over or be saddened by anything in this world. (Mr. Adnan Oktar's live interview on HarunYahya.tv, 4 March 2010)
1. R. L. Gregory, Eye and Brain: The Psychology of Seeing, Oxford University Press Inc. New York, 1990, p. 9
2. Lincoln Barnett, The Universe and Dr.Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, p.20
3. Orhan Hancerlioğlu, Dusunce Tarihi (The History of Thought), Istanbul: Remzi Bookstore, 6.ed., September 1995, p.447
4. Rita Carter, Mapping the Mind, p. 113
5. Muhyiddin Ibn al-'Arabi, Fusus al-Hikam, p. 220