Бул жерге чейин түшүндүрүлгөндөрдүн негизинде, чындыгында «үч ченемдүү бир мейкиндиктин» жок экендиги, мунун толугу менен элестердин негизинде пайда болгон бир пикир (ой) экендиги жана бардык жашоонун «мейкинсиздик» ичинде болуп жаткандыгы ортого чыгат. Себеби, физикалык бир дүйнөнүн бар экендигине байланыштуу колдо ишенимдүү эч кандай далил жок. Ичинде жашап жаткан аалам – жарык жана көлөкө оюнунан түзүлгөн сүрөттөлүштөрдүн жыйындысы. Мунун тескерисин жактоо болсо акыл жана илимден алыс бир батыл (негизсиз) ишеним болот.
Бул абал китептин башында сөз кылынган материалисттик философиянын биринчи гипотезасын жокко чыгарат. Бул гипотеза – материянын (заттын) абсолюттук жана чексиз экендиги гипотезасы. Материалисттик философиянын экинчи гипотезасы болсо – убакыттын абсолюттук жана чексиз экендиги гипотезасы. Бул гипотеза да – биринчи гипотеза сыяктуу батыл (негизсиз) бир ишеним.
«Убакыт» деп аталган элес – чындыгында бир учурду башка бир учур менен салыштыруу ыкмасы гана. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө болот. Бир нерсени урганыңызда андан белгилүү бир үн чыгат. Ошол эле нерсени беш минутадан кийин кайра урганыңызда дагы бир үн чыгат. Адам, биринчи үн менен экинчи үн арасында бир убакыт периоду өттү деп ойлойт жана аны убакыт деп атайт. Чындыгында болсо, экинчи үндү уккан убакта биринчи үн мээдеги бир элес гана болгон болот. Жалаң гана эсинде болгон бир маалымат. Адам эсиндегилерди жашап жаткан учур менен салыштыруу аркылуу убакыт элесине ээ болот. Эгер мындай салыштыруу болбосо, убакыт элеси да болбойт.
Ошол сыяктуу бир адам бөлмөгө эшиктен кирип, анан ал бөлмөнүн ортосундагы бир отургучка отурган адамды көргөндө салыштыруу жүргүзөт. Ал көргөн адам отургучка отурган убагы, анын эшикти ачышы, бөлмөнүн ортосун көздөй басышы менен байланыштуу сүрөттөлүштөр (элестер) мээде орун алган маалыматтар гана. Убакыт элеси отургучка отуруп жаткан адам менен бул маалыматтар арасында салыштыруу жасалуу менен пайда болот.
Кыскача айтканда, убакыт мээде (эсте) сакталган бир топ элестер арасында салыштыруу жүргүзүү менен пайда болууда. Эгер бир инсандын эске тутуу жөндөмдүүлүгү болбосо, мээси мындай жыйынтыктар чыгар албайт жана натыйжада убакыт элеси да жаралбайт. Бир адамдын «мен отуз жаштамын» деп айтышынын себеби – мээсинде ошол отуз жылга тиешелүү кээ бир маалыматтардын топтолушунун натыйжасы. Эгер эске тутуу жок болсо, аркасында мындай бир убакыт кесиндиси бар экендигин ойлонбойт, жалаң гана жашап жаткан бир көз ирмем учур менен жашайт. Бул нерсе абдан маанилүү.
Бул тема бойунча ойчул жана илимпоздордун сөздөрүнөн мисал келтирүү менен теманы тереңирээк түшүндүрүүгө аракет кылалы. Нобель сыйлыгынын ээси, атактуу генетика профессору жана ойчул Франсуа Жакоб Мүмкүндөрдүн ойуну аттуу китебинде убакыттын тескери агышы менен байланыштуу мындай дейт:
Тескерисинен көрсөтүлгөн фильмдер убакыт тескери аккан бир дүйнөнүн эмнеге окшой тургандыгын элестетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сүт чыныдагы кофеден бөлүнүп, сүт идишине жетүү үчүн абага уча турган бир дүйнө; жарык бөлүкчөлөрү бир булактан чыгуунун ордуна бир тузактын (тартылуу борборунун) ичинде топтолуу үчүн дубалдардан чыга турган бир дүйнө; сансыз суу тамчыларынын таң калыштуу чогуу аракети менен суунун сыртын көздөй ыргытылган бир таш бир адамдын колуна келүү үчүн бир ийри сызык бойунча уча турган бир дүйнө. Бирок убакыт тескери аккан мындай дүйнөдө мээбиздин процесстери жана эс тутуунун пайда болушу да ушул сыяктуу тескериге айландырылган болот. Өткөн чак жана келер чак үчүн да дал ушундай болот жана дүйнө бизге толугу менен азыркы көрүнүп жаткан сыяктуу көрүнөт.11
All events that seem to have taken place in the past, or which will take place in the future, or are taking place in the present, have actually already taken place and ended in the Sight of Allah, Who is not bound by time or place. In the same manner, eternity has also been experienced and ended in the Sight of Allah. Just like the concurrent existence of the shots in a reel of film. |
Мээбиз белгилүү бир катарга койуу ыкмасына көнгөндүктөн, азыркы учурда дүйнө жогоруда түшүндүрүлгөн сыяктуу иштеген жок жана «убакыт дайыма алдын көздөй агууда» деп ойлойбуз. Чындыгында болсо, бул – мээбиздин ичинде чыгарылган бир чечим жана ошондуктан, толугу менен салыштырмалуу бир нерсе. Эгер эс тутуубуздагы маалыматтар тескери көздөй ойнотулган фильмдердеги сыяктуу тизилсе, биз үчүн убакыттын агымы да тескери көздөй ойнотулган фильмдердеги сыяктуу болот. Мындай учурда өтмүштү келечек, келечекти болсо өтмүш катары кабылдап баштайбыз, жашообузду азыркынын тескериси болгон бир абалда жашайбыз.
Чындыгында, убакыттын кандай аккандыгын, же агып акпагандыгын эч качан биле албайбыз. Бул абал убакыттын абсолюттук бир чындык эмес экендигин, жалаң гана бир элес түрү экендигин көрсөтөт.
Убакыттын бир элес (сезим, кабылдоо) экендиги XX кылымдын эң ири физиги деп эсептелген Эйнштейн сунган Жалпы салыштырмалуулук теориясы менен да далилденген. Линкольн Барнетт Аалам жана Эйнштейн аттуу китебинде мындай дейт:
Абсолюттук космос менен бирге Эйнштейн чексиз өтмүштөн чексиз келечекти көздөй аккан адашпаган жана өзгөрбөгөн бир универсалдуу убакыт теориясын да четке какты. Салыштырмалуулук теориясын түшүнбөстүктүн негизги себеби адамдардын убакыт сезиминин да түс сезими сыяктуу бир элес экендигин кабыл алгылары келбегендигинен пайда болууда... Космос заттык нерселердин ыктымалдуу катары болгон сыяктуу, убакыт да – окуялардын ыктымалдуу катары. Эйнштейндин төмөнкү сөздөрү убакыттын өзгөчөлүгүн эң жакшы түшүндүрөт: «Бир адамдын жашоосу бизге бир тизмектелген окуялардын ичинде курулган сыяктуу көрүнөт. Бул тизмектен эсибизге келген окуялар «мурдараак» жана «кийинчерээк» өлчөөсүнө жараша тизмектелген сыяктуу. Ушул себептен бир адам үчүн мен-убактысы, б.а., субъективдүү (жекече) убакыт бар. Бул убакыт өзүнчө өлчөнө албайт. Окуялар менен сандар арасында ушундай бир байланыш курамын, чоң бир сан мурдакы бир окуяга эмес, кийинки бир окуяга тиешелүү болот».12
Эйнштейндин бул сөздөрүнөн «убакыттын алдын көздөй аккандыгы» жөнүндөгү көз-караштын толугу менен бир шарттуу түшүнүк экендигин түшүнөбүз.
Эйнштейн Барнетт айткандай «космос жана убакыттын да бир сезим (элес) экендигин, түс, форма жана чоңдук түшүнүктөрү сыяктуу бул түшүнүктөрдү да аң-сезимден бөлүүнүн мүмкүн эместигин көрсөткөн». Жалпы салыштырмалуулук теориясы бойунча «убакыт да – аны өлчөгөн окуялардан сырткары өзүнчө, көз-карандысыз бар болгон бир нерсе эмес».
Убакыт бир элес (сезим) гана болгон болсо, анда ал – толугу менен кабыл алган (сезген) адамдан көз-каранды, б.а. салыштырмалуу түшүнүк.
Убакыттын агуу ылдамдыгы аны өлчөгөнүбүздө колдонгон инструментке жараша өзгөрөт. Себеби адамдын денесинде убакыттын агуу ылдамдыгын абсолюттук тактыкта өлчөй алчу табигый бир саат жок. Линкольн Барнетт айткан сыяктуу «түстү айырмалай турган бир көз жок болсо, түс деген бир нерсе болбогон сыяктуу, убакытты көрсөтүүчү бир окуя жок болсо, бир көз ирмем, бир саат же бир күн сыяктуу түшүнүктөрдүн эч кандай мааниси жок болот.»
Because every event is shown to us in a definite series, we think that time always moves forward. For example, a skier always skies down a mountain, not up it. A drop of water does not rise up from a pool, but always falls down into it. In this situation, a skier's position on a mountain is in the past, while his position down the mountain is the future. However, if the information in our memories were to be displayed in reverse, as we would rewind a film, what is for us the future, that is the downhill position, would be the past and the past, that is the uphill position, would be the future.
Убакыттын салыштырмалуулугу түшүбүздө абдан даана байкалат. Түшүбүздө көргөндөрүбүздү бир топ саат болгондой сезгенибизде, кээде чындыгында бир канча секунда же минута гана уктаган болобуз.
Бул теманы жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир мисал берели. Атайын жасалган жалгыз терезелүү бир бөлмөдө кандайдыр бир убакыт калдыңыз дейли. Бөлмөдө бир саат болгон болсун. Ошондой эле, бөлмөнүн терезесинен күндүн белгилүү бир аралыктар менен чыгып, батып жатканын көргөн бололу. Арадан бир канча күн өткөндөн кийин, «бул бөлмөдө канча күн турдуңуз» деп суралса, бере турган жообуңуз саатка улам карап жана күндүн канча жолу чыгып, батканына карап топтогон маалыматыңызга жараша болот. Мисалы, бул бөлмөдө 3 күн болдум деп эсептедиңиз дейли. Бирок, эгер сизди бул бөлмөгө койгон киши келип, «чындыгында бул бөлмөдө эки күн турдуң» десе жана терезеден көргөн күндүн жасалма экендигин жана бөлмөдөгү саат атайын батыраак иштетилгендигин айтса, бул учурда сиз жасаган эсептин эч кандай мааниси калбайт.
Бул мисал да көрсөткөндөй, убакыттын агуу ылдамдыгы менен байланыштуу маалыматыбыз жалаң гана кабылдаган адамга жараша өзгөрмөлүү булактарга таянат.
Ушул сыяктуу убакыттын агуу ылдамдыгынын ар кандай шарттарда ар ким тарабынан ар кандай сезилиши да убакыттын психологиялык бир кабылдоо (сезим) экендигин далилдейт. Мисалы, бир досуңуз менен жолуга турган учурда анын 10 минутага кечигиши сиз үчүн түгөнбөстөй сезилген, абдан узак бир убакыттай сезилиши мүмкүн. Же эрте менен мектепке же жумушка баруу үчүн ойгонгон уйкусу канбай калган бир адам үчүн дагы бир 10 минуталык уйку абдан узак сезилиши мүмкүн, ал тургай ушул кыска убакытта уйкусунун көп бөлүгүн уктагандай сезиши мүмкүн. Кээде болсо мунун тескериси болот. Студенттик жылдарда 40 минуталык бир кылым сыяктуу сезилген бир сабактын аркасынан 10 минуталык бир танапис абдан бат өтүшү мүмкүн.
Убакыттын салыштырмалуулугу илим тарабынан да тастыкталган бир чындык. Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы убакыттын ылдамдыгынын нерсенин ылдамдыгына жана тартылуу борборуна болгон алыстыгына жараша өзгөрөөрүн көрсөтөт. Ылдамдык өскөн сайын убакыт кыскарууда; жай өтүү менен «токтоо» чекитине жакындашууда.
Муну Эйнштейндин бир мисалы менен түшүндүрөлү. Бул мисалда, бирдей жаштагы эгиздердин бирөөсү Дүйнөдө калып, экинчиси жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен космоско саякатка чыгат. Космоско чыккан адам кайтып келгенде, эгиз бир тууганы андан бир топ улгайган болот. Мунун себеби – космосто саякатта жүргөн бир тууганы үчүн убакыттын жай агышы. Дагы бир мисал: ылдамдыгы жарык ылдамдыгынын 99%ына жакын болгон бир ракета менен космоско саякатка чыккан «бир атанын жашы 27, дүйнөдө калган уулунун жашы 3тө болсо, 30 дүйнө жылынан кийин ата дүйнөгө кайтканда, уулу 33 жашта, атасы болсо 30 жашта болот».
1- 30 years ago | 2- Today |
One twin sister takes a space trip at a speed close to the speed of light. When she returns thirty years later, the sister who stayed on the Earth will be much older compared to the sister who went into space. |
Убакыттын салыштырмалуу болушу сааттардын жайлашы же ылдамдышынан эмес; бардык материалдык системанын атомдон төмөнкү деңгээлдеги бөлүкчөлөргө чейин ар кандай ылдамдыктарда иштешинен келип чыгат. Убакыт кыскарган мындай чөйрөдө инсан денесиндеги жүрөктүн согушу, клеткалардын бөлүнүшү, мээнин иштеши сыяктуу процесстер жай иштеп калат. Натыйжада адам убакыттын жайлашын эч сезбестен, жашоосун уланта берет.
Салыштырмалуулук теориясы менен ортого койулган бул чындыктар көптөгөн илим адамдары тарабынан тастыкталып келүүдө. Бул теория менен байланыштуу Исаак Асимовдун жыйынтыгы мындайча:
Эйнштейндин Салыштырмалуулук теориялары жарыкка чыккандан бери 84 жыл өттү. Бул убакыт ичинде теориялар бир канча жолу текшерүүдөн өттү жана Эйнштейн ар жолкусунда туура болуп чыкты16
Заманбап илимдин бул жетишкендиктери бизге көрсөткөн жыйынтык – убакыттын материалисттер ойлогондой, абсолюттук бир чындык эмес, салыштырмалуу бир элес (кабылдоо) экендиги. Эң кызыктуусу – XX кылымга чейин илим билбеген бул чындыктын мындан 14 кылым мурда түшүрүлгөн Куранда билдирилгендиги. Куран аяттарында убакыттын салыштырмалуу бир түшүнүк экендигин көрсөткөн түшүндүрмөлөр бар.
Заманбап илим тарабынан тастыкталган, убакыттын психологиялык бир кабылдоо экендиги, окуяга, чөйрөгө жана шарттарга жараша ар кандай кабылданышы мүмкүн экендиги жөнүндөгү чындыкты көптөгөн Куран аятында көрүүгө болот. Мисалы, бир инсандын жашоосу Куранда билдирилгени бойунча абдан кыска убакыт:
Силерди чакыра турган күн Ага мактоо айтуу менен жооп бересиңер жана (дүйнөдө) абдан аз убакыт калдык деп ойлойсуңар. (Исра Сүрөсү, 52)
Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерде топтой турган күндө алар бир-бирлерин таанышат... (Йунус Сүрөсү, 45)
Кээ бир аяттарда болсо, инсандарга убакыттын алар ойлогондон кыска бир периоддо өтөөрү билдирилет.
Айтты: «Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» Айтышты: «Бир күн же бир күндүн бираз бөлүгүчөлүк болдук, эсептегендерден сура.» Айтты: «Аз (убакыт) гана болдуңар, чындыгында билген болгонуңарда.» (Мүмин Сүрөсү, 112-114)
Башка кээ бир аяттарда убакыттын агуу ылдамдыгынын ар кандай чөйрөлөрдө ар кандай экендиги билдирилет:
... Чындыгында, сенин Раббиңдин кабатында бир күн силер санап жаткан миң жыл сыяктуу. (Хаж Сүрөсү, 47)
Периштелер жана Рух (Жабраил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыгышат. (Мераж Сүрөсү, 4)
Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат. Кийин (иштер) силер санап жаткан миң жылга тете бир күндө кайрадан Ага көтөрүлөт. (Сежде Сүрөсү, 5)
Бул аяттар – убакыттын салыштырмалуу экендигинин абдан ачык баяны. Илим тарабынан XX кылымда гана жетишилген бул жыйынтыктын мындан 1400 жыл мурда Куранда билдирилиши – албетте, Курандын убакыт жана мейкиндикти толугу менен ороп-курчап турган Аллах түшүргөндүгүнүн бир далили.
Time is a concept totally dependent on the perceiver. A certain period of time can seem long to one person while it seems very short to another. To understand who is right, various devices such as a clock or a calendar are needed. Without these, it is impossible to make a precise reckoning about time. |
Курандын дагы көптөгөн аяттарында колдонулган ыкма убакыттын кабылдоо гана экендигин ачык көрсөтөт. Өзгөчө баяндарда (кыссаларда) муну көрүүгө болот. Мисалы, Аллах Куранда баяндалган момундардын (мүмин) тобу болгон Кехф эхлин (үңкүр кишилерин) үч жүздөн ашык жыл бойу терең уйку абалында калтырган. Андан кийин ойготкондо, бул кишилер абдан аз убакыт уктадык деп ойлошкон, канча уктаганын биле алышкан эмес:
Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). Кийин эки топтон кайсынысынын канча тургандыктарын жакшыраак эсептээрин көрсөтүү үчүн аларды ойготтук. (Кехф Сүрөсү, 11-12)
«Ушундайча, бири-биринен сурашсын деп аларды тирилттик (ойготтук). Араларынан бир сүйлөөчүсү айтты: «Канча турдуңар?» Айтышты: «Бир күн же күндүн бир (канча сааттык) бөлүгүнчөлүк турдук.» Айтышты: «Канча турганыңарды (болгонуңарды) Раббиңер жакшыраак билет...» (Кехф Сүрөсү, 19)
Төмөнкү аятта баяндалган бир окуя да убакыттын чындыгында психологиялык бир кабылдоо экендигинин маанилүү бир далили.
Же асты үстүнө айланган, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени инсандарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге күчү жете турган экендигин билем.» (Бакара Сүрөсү, 259)
Байкалгандай, бул аят убакытты жараткан Аллахтын убакыттан көз-карандысыз экендигине апачык басым жасоодо. Инсан болсо, Аллахтын ал үчүн белгилеп койгон убакыттан көз-каранды. Аяттан байкалгандай, инсан канча уктаганын билүүгө да дарамети жетпейт. Демек, (материалисттердин туура эмес түшүнүгүндө болгон сыяктуу) убакыттын абсолюттук экендигин айтуу акылга эч сыйбайт.
Убакыттын салыштырмалуу экендиги бизге абдан маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: Бул салыштырмалуулук ушунчалык ар кандай болгондуктан, биз үчүн миллиарддаган жылдарга тете убакыт башка ченемде бир секунда гана болушу мүмкүн. Ал тургай, ааламдын башынан аягына чейин өткөн абдан узун убакыт, башка бир ченемде бир секунда да эмес, бир «көз ирмем (замат)» болушу мүмкүн.
Көптөгөн адамдар түшүнө албаган, материалисттер болсо такыр түшүнө албастан, баш тарткан тагдыр чындыгынын негизи дал ушул чындык менен байланыштуу. Тагдыр – Аллахтын өтмүш жана келечектеги бардык окуяларды билиши. Адамдардын көпчүлүгү «Аллах али жашала элек окуяларды алдын ала кантип билет» деп сурашат жана тагдыр чындыгын түшүнө алышпайт. Чындыгында болсо, «жашала элек окуялар» - биз үчүн жашала элек окуялар. Аллах болсо убакыт жана мейкиндиктен көз-каранды эмес, бул түшүнүктөрдү Ал жараткан. Ошондуктан, Аллах үчүн өтмүш, келечек жана азыркы учур баары бир жана баары жашалып, бүткөн.
Линкольн Барнетт Жалпы салыштырмалуулук теориясынын бул чындыкка кандайча ишарат кылгандыгына Аалам жана Эйнштейн аттуу китебинде токтолот. Барнеттин ойу бойунча, нерселерди (материяны, жандыктарды) толугу менен «абдан улук космостук бир акыл» гана аңдап түшүнө алат. Барнетт «космостук акыл» деп атаган Эрк (Күч) – бүтүндөй ааламдарга өкүмдарлык кылган Аллахтын илими жана акылы. Биз бир сызгычтын башын, ортосун, аягын жана араларындагы бардык бөлүктөрүн бир бүтүн катары (толугу менен) оңой гана көрө алганыбыз сыяктуу, Аллах да биз көз-каранды болгон убакытты башынан аягына чейин бир көз-ирмем (учур) катары билет. Инсандар болсо окуяларды убактысы келгенде гана жашап, Аллахтын алар үчүн жараткан тагдырына күбө болушат.
Every existing thing is created with a destiny. Even before a vase is manufactured, it is determined in Allah's Sight who will make it and in what style, who will buy it and from where, in what house and in what corner it will be placed, and on what day, in what moment and why it will fall and be broken. |
Бул жерде коомдо кеңири таралган туура эмес тагдыр түшүнүгүнө да токтоло кетүү керек. Бул туура эмес тагдыр түшүнүгүндө Аллахтын инсандарга бир «маңдайга жазып» белгилеп койгону бар, бирок алар (адамдар) кээде буларды өзгөртө алаары сыяктуу батыл (негизсиз) бир ишеним бар. Мисалы, өлүмдөн калган бир оорулуу жөнүндө караңгылык менен «тагдырын жеңди» сыяктуу сөздөрдү айтышат. Чындыгында болсо эч ким тагдырын өзгөртө албайт. Өлүмдөн кайткан киши тагдырында өлүмдөн кутулуу жазылгандыгы үчүн өлбөй калган болот. «Тагдырымды жеңдим» деп айтуу менен өздөрүн алдаган бул сөздөрдү айтышы жана мындай ойлорго кабылышы да тагдырында бар. Аятта «... Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чындыгында, бул – Аллах үчүн жеңил.» (Фатыр Сүрөс, 11) деп айтылуу менен булардын баарынын тагдырда бар экендиги чындыгына көңүл бурулат. Себеби, тагдыр – Аллахтын илими жана бардык убакытты бир эле учурда билген жана бардык убакыт жана мейкиндикке ээ (өкүмдар) болгон Аллах үчүн бардык нерсе тагдырда жазылган жана бүткөн.
Аллых үчүн убакыттын бир эле учур экендигин Куранда колдонулган баяндоо ыкмасынан да түшүнүүгө болот; биз үчүн келечекте боло турган кээ бир окуялар Куранда мурда эле болуп өткөн окуялар сыяктуу баяндалат. Мисалы, акыретте инсандардын Аллахка бере турган эсеби жөнүндөгү аяттар бул окуяны мурда эле болуп бүткөн окуя сыяктуу баяндайт:
Суръа (сур) чалынды, ушундайча Аллах каалагандан башка асмандарда жана жерде болгондор сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар буттарында туруп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды... (Чындыктан) Баш тартуучулар тозокко бөлүк бөлүк айдалышты... Коркуп- корунгандар болсо бейишке бөлүк бөлүк киргизилди. (Зүмер Сүрөсү, 68-73)
Ушул сыяктуу башка көптөгөн мисалдар төмөнкүлөр:
(Эми) Ар бир напси жанында бир айдоочу жана бир күбө менен бирге келди. (Каф Сүрөсү, 21)
Жана сабыр кылгандыктары үчүн бейиш менен жана жибек менен сыйланышты. Ал жерде тактылар үстүндө жастанып-сүйөнүшкөн. Ал жерде (куйкалаган ысык) күн жана (тоңдуруучу) суук көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 12-13)
Көрө алгандар үчүн тозок да көрсөтүлүп койулган. (Назиат Сүрөсү, 36)
Эми бүгүн ыйман келтиргендер каапыр болгондорго күлүп жатышат. (Мутаффифин Сүрөсү, 34)
Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми (анын) ичине киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)
Байкалгандай, биз үчүн өлүмүбүздөн кийин жашала турган бул окуялар Куранда жашалган жана бүткөн окуялар катары баяндалууда. Себеби, Аллах биз көз-каранды болгон салыштырмалуу убакыт ченемине көз-каранды эмес. Аллах бардык окуяларды убакыт жоктукта каалаган, адамдар аларды жасаган жана бардык бул окуялар жашалып, аягына чыккан. Кичине, чоң ар кандай окуялардын бардыгынын Аллахтын билүүсү менен ишке ашаары жана бир китепте жазылуу болгондугу чындыгы жөнүндө төмөнкү аятта кабар берилет:
Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)
The facts discussed in this chapter, namely the truth underlying matter, timelessness, and spacelessness, are extremely clear indeed. As expressed earlier, these are not some sort of philosophy or way of thinking, but crystal-clear scientific truths, impossible to deny. On this issue, rational and logical evidence admits no other alternatives: The universe—with all the matter composing it and all the people living on it—is an image, a collection of perceptions that are experienced in our minds and whose original reality we cannot contact directly.
Materialists have a hard time in understanding this.
One main reason why materialists cannot comprehend this is their subliminal fear of the implication they must face if they comprehend it. Lincoln Barnett tells of the fear and anxiety that even "discerning" this subject inspires in materialist scientists:
Along with philosophers' reduction of all objective reality to a shadow-world of perceptions, scientists became aware of the alarming limitations of man's senses.17
Any reference to the fact that we cannot make contact with original matter, and that time is a perception, arouses great fear in a materialist because these are the only notions he relies on as absolutes. In a sense, he takes these as idols to worship; because he believes in the deception that he has been created by matter and time, through evolution. (Allah is beyond this.)
When he feels that he cannot get to the essence of the universe he lives in, nor the world, his own body, other people, other materialist philosophers whose ideas he is influenced by—in short, to anything—he feels overwhelmed by the horror of it all. Everything he depends on and believes in suddenly vanishes. He feels the despair which he, essentially, will experience on the Day of Judgment in its real sense as informed in the verse"On that Day they will offer their submission to Allah and the things they invented will abandon them."(Surat an-Nahl: 87)
From then on, this materialist tries to convince himself that he's really confronting external, original matter, and makes up "evidence." He hits his fist on the wall, kicks stones, shouts, and yells. But he can never escape from the reality.
Just as materialists want to dismiss this reality from their minds, they also want other people to discard it. They realize that if the true nature of matter becomes known to people in general, the primitiveness of their own philosophy and the ignorance of their worldview will be laid bare for all to see. No ground will be left on which they can rationalize their views. These fears explain why they are so disturbed by the facts related here.
Allah states that the fears of the unbelievers will be intensified in the Hereafter. On the Day of Judgment, they will be addressed thus:
On the Day We gather them all together, We will say to those who associated others with Allah, 'Where are the partner-gods, for whom you made such claims?' (Surat al-An'am: 22)
In the Hereafter, unbelievers will bear witness to their possessions, children and close friends leaving them and vanishing. They had assumed themselves to be in contact with their originals in the world and associated them with Allah. Allah stated this fact in the verse "See how they lie against themselves and how what they invented has forsaken them!" (Surat al-An'am: 24)
Материянын (заттын) чындыгы жана убакыттын жоктугу жана мейкинсиздик темалары каралган бул бөлүмдөгүлөр чындыгында абдан ачык чындыктар. Мурдараак да айтылгандай, булар – эч кандай бир философия же бир көз-караш эмес, баш тартууга мүмкүн болбогон илимий чындыктар. Илимий чындык болушунан сыркары, акылга таянган жана логикалык далилдер да бул темада башка альтернатива жок экендигин көрсөтүүдө: Аалам – аны түзгөн материялар (заттар) жана ичиндеги адамдар жана убакыт менен бирге элестерде (сүрөттөлүш) болгон бир нерсе. Б.а., элестердин (кабылдоолордун, сүрөттөлүштөрдүн) жыйындысы.
Материалисттер бул чындыкты түшүнүүдө кыйынчылыкка кабылышат. Материалисттердин бул чындыкты түшүнө албагандыгынын себеби болсо – алар түшүнүшкөндө кабыла турган чындыктан (көңүлдөрүндө) абдан коркуулары. Линкольн Барнетт бул теманы «сезүүнүн» эле материалист илимпоздорду канчалык коркуу жана кооптонууга алып келээрин мындайча баяндайт:
Философтор бардык заттык чындыктарды элестердин бир көлөкө дүйнөсү абалына алып келип жатышканда, илимпоздор адам сезимдеринин чектерин коркуу жана кооптонуу менен сезишти.
Материянын жана убакыттын бир элес экендиги жөнүндөгү чындык материалисттерди коркутса, ыйман келтиргендерге тескери таасир берет. Аллахка ыйман келтирген инсандар материянын аркасындагы сырды түшүнүшкөндө, чоң кубанычка бөлөнүшөт. Себеби, бул чындык – ар кандай суроолордун ачкычы. Бул кулпу ачылган убакта бардык сырлар ачыкка чыгат. Адамдар балким түшүнө албай жаткан көптөгөн суроолорун бул чындык жардамы менен оңой гана түшүнүшөт.
Натыйжада, мурда да айтылгандай, өлүм, бейиш, тозок, акырет, ченем (абал) өзгөрүшү, түбөлүктүүлүк (чексиздик) сыяктуу темалар түшүнүлгөн болот жана «Аллах каерде?», «Аллахтан мурда эмне бар эле?», «Аллахты ким жаратты?», «Кабыр жашоосу канчага созулат?», «Бейиш жана тозок каерде?», «Бейиш жана тозок азыр барбы?» сыяктуу маанилүү суроолордун жообу оңой гана табылган болот. Жана Аллахтын бардык ааламды кандай бир системада жоктон бар кылып жараткандыгы аңдап түшүнүлөт. Ал тургай, бул сыр жардамы менен «качан» жана «каерде» сыяктуу суроолор маанисин жоготот. Себеби, убакыт жана мейкиндик деген түшүнүктөр жок болууда. Мейкинсиздик түшүнүлгөндө, бейиш, тозок, дүйнө - баарынын чындыгында бир эле жерде экендиги түшүнүлөт. Убакытсыздык түшүнүлгөндө, бардык нерсенин бир учурда болуп жаткандыгы түшүнүлөт; эч бир нерсени күтүүнүн зарылдыгы жок, убакыт өтпөйт, бардык нерселер (окуялар) ансыз деле болуп бүткөн. Б.а., түбөлүктүүлүк (түбөлүк, чексиз жашоо) чындыгында башталды.
Бул сырды түшүнүү менен бирге дүйнө ыйман келтирген инсан үчүн бейишке окшоп баштайт. Адамды сыккан ар кандай материалдык кооптонуу жана коркуулар жоголот. Муну түшүнгөн адам бүт ааламдын жалгыз гана Ээси бар экендигин, Анын бардык материалдык дүйнөнү каалагандай жараткандыгын жана адамга түшкөн жалгыз милдеттин Ага мойун сунуу, бардык нерсени Андан суроо керек экендигин аңдап түшүнөт. Эми ал адам «ар түрдүү көз-карандылыктан эркиндикке жетүү менен» (Ал-и Имран Сүрөсү, 35) Аллахка бай ийген болот. Бул сырды түшүнүү – бул дүйнөдөгү эң чоң утуш, ийгилик.
Adnan Oktar: The subjects on which people concentrate most are those such as the existence of Allah, death, what will happen in the Hereafter, and destiny. In other words, no matter how much they try not to let on, this is the subject that occupies their brains day and night. That is because every night, there is a film on the TV about someone dying. Even if a person sees a dead insect, it would remind him of death, and when he thinks about himself it reminds him of death again.
People are very troubled when it comes to destiny. There are still objections raised, even though I have talked about it at such length, they are still saying things. They say that Allah has created destiny, of course. There is predestination, but there is also partial free will, they say, in other words a very small power unique to us that Allah—may Allah forbid—cannot control, which belongs to us. In other words, Allah does not know what we will do, or He knows, but only vaguely (Surely Allah is beyond that). And when we do something Allah shows us two paths, but cannot know which we will go down. We choose that path with our own free will (Surely Allah is beyond that). And that comes up as a surprise information, may Allah forbid, for Allah. That is to say something emerges that He encounters for the first time, and Allah thus tests us, and He understands accordingly (Surely Allah is beyond that). There is no such thing at all. Both preordination and partial free will are created by Allah Himself.
Look, there exists just one single moment. What does a single moment in time mean? It means an infinitely short space of time. What we call "an instant" is an infinitely short time. Allah has created and completed infinite before and an infinite after within that infinitely brief moment. There is nothing to be done. There is nothing one can do. So how is that partial free will of yours not part of destiny? Consequently, such egocentric people who regard themselves—may Allah forbid—as divine, cannot get over this point one way or another. The fact that Allah has created preordination and also partial free will disturb them for some reason. The second thing that disturbs them is the fact that Allah is everywhere. They want Allah to be up in the sky. They want Him to be in one specific point in the sky. Not everywhere in the sky, just in one specific location there. That means, relative to infinity that makes it a place that can count for nothing. That is because compared to infinity, no matter how large something in a given place is, anything covering a given volume—may Allah forbid, we do not carry such a belief—is still infinitely small. Isn't it? It is infinitely small. It exists but is very small.
Someone wrote recently saying that if Allah is in our room, and everywhere in our bodies, then we must ourselves be Allah, may Allah forbid! We worship the Essence of Allah. Being a Manifestation of Allah is one thing, the Essence of Allah is different, isn't it? We worship the Essence of Allah. Of course we are Manifestations of Allah and Allah exists everywhere. He is also in our bodies. Some people do not want Allah to be in their bodies. And they do not therefore want Him to be in the room, either. Where do they want Him? Up in the sky and far, far away. They want Him to be there, quadrillions of kilometers away, may Allah forbid!
Why do they say it has to be like this, why do they believe in this, I really don't understand. It means that when such people are asked if Allah is here, they would say He is not. Where is Allah? Up in the sky, but Allah is not here, they would say. Consequently, they would say Allah is not on earth (may Allah forbid), right? They would say Allah is up in the skies but He is not here. They say only His knowledge can reach us, but not Him. They say: "we are the absolute beings, Allah is but a shadow".
I used to hear that in my childhood. Prove that Allah exists, they used to say. And then they would say; "Can you show a TV image, or a radio sound, or your own mind? Can you show us the inside of your mind?" Then they used to say since you can't show your own mind, you can't show Allah, either, that was their explanation. It is true that Allah cannot be seen or touched, and is not an object. He is not an entity with time and space. He is outside time and space. But these people's real aim in that is very different. For instance they say there was a young girl, and the Messenger of Allah (may Allah bless him and grant him peace) came by. He asked "Where is Allah?" She replied "He is in the sky." "You are right", said the Prophet (may Allah bless him and grant him peace). They show this as a proof and believe that Allah is in the sky. Alright, Allah is in the sky. When a child points upward, she points to the skies and she is in Arabia. Someone at the North Pole raises his hands to the sky and prays to Allah, or at the South Pole. Someone at the Equator raises his hand. People all around the whole globe point their hands upwards. Other entities on Mercury or Uranus and all other planetary systems also point upward. In that event, a state of affairs arises that actually covers the whole voids of space, doesn't it? Since everyone everywhere raises his hand, and since the sky is everywhere. For example, for someone on Mercury, the skies is also the Earth, and when he points upward he is pointing toward the Earth. And when someone on Earth raises his hands to the skies he would be pointing to another planet. For that reason, the result is a situation covering the whole 360 degrees.
They have failed to appreciate that. Once we said that, these people pulled up in their tracks instantly and these peculiar beliefs were never raised again. But such people still turn up from time to time and say these kinds of things. There are still those who insist on partial free will. OK, partial free will does exist, but within destiny. It exists within the destiny created by Allah. It is created and over and done with inside destiny. You choose, you make your own choice, but it is within your own destiny. For that reason, may Allah forbid, you do not have the means to make a surprise for Allah. In other words, you cannot do anything that Allah does not know.
You just do something that already exists, that has already happened before, that is all.
11. Francois Jacob, Le Jeu des Possibles, University of Washington Press, 1982, p.111
12. Lincoln Barnett, The Universe and Dr.Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, pp. 52-53
13. Lincoln Barnett, The Universe and Dr.Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, p.17
14. Lincoln Barnett, The Universe and Dr.Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, p.58.
15. Paul Strathern, The Big Idea: Einstein and Relativity, Arrow Books, 1997, p. 57
16. Isaac Asimov, Frontiers
17. Lincoln Barnett, The Universe and Dr.Einstein, William Sloane Associate, New York, 1948, pp.17-18