Түбөлүк Жашоо Башталды (1/2)

In the section related to timelessness, we mentioned that all our information is in the memory. All the details pertaining to one's life, everything one sees, hears, knows or feels are bits of memorized information. So are our sensations about time. Now, we will deal with the concept of memory more fully.

şelale, manzara

Аллахтын Чексиз Эс Тутуму Жана Инсандын Чектүү Эс Тутуму

Китеп бойунча түшүндүрүлгөн сыяктуу биз 5 сезүү органыбыз менен сезебиз жана жашайбыз. Беш сезүү органыбыз мүмкүндүк берген нерселерди сезебиз (кабылдайбыз), мунун сыртына эч качан чыга албайбыз. Ичинде жашап жаткан убакыт жана мейкиндикти да ушундай жол менен кабылдайбыз. Мээбиз 5 сезүү органы менен бир нерсени сезе (кабылдай) албаса, аны «жок болду» дейбиз. Ушуга жараша эс тутумубуз кайсы окуяны, көрүнүштү же элести сактап калса, ал биз үчүн бар, б.а., тирүү, эмнени унуткан болсо ал биз үчүн жок. Башкача айтканда, эсибизде жок нерселер жана окуялар биз үчүн өлгөн, өтүп кеткен, жок болгон.

Бирок бул – жалаң гана адамдарга тиешелүү абал; себеби адамдардын эс тутуму гана чектүү. Аллахтын эс тутуму болсо бардык нерседен өйдө, чексиз жана түбөлүктүү. Бул жерде төмөнкүгө токтолуу зарыл: «Аллахтын эс тутуму» түшүнүгүнүн колдонулушу жалаң гана бул теманы түшүнүү максатында колдонулууда, чындыгында эки эс тутум (Аллах жана инсан эс тутуму) арасында эч кандай салыштыруу же окшоштуруу жасоо эч мүмкүн эмес. Аллах – бардык нерселерди жоктон бар кылып жараткан жана бардык нерсени эң майда-чүйдөсүнө чейин билүүчү.

Аллах Куранда Өзүн кээ бир сыпаттары аркылуу тааныткан. Булардын бири – Хафыз, б.а. «жасалган бардык иштерди майда-чүйдөсүнө чейин кармоочу, сактоочу» сыпаты жана бул сөздүн артында абдан маанилүү сырлар жашырылган.

«Левх-И Махвуз»

Аллах кабатында бардык нерсе бир учурда гана болуп бүткөн. Аалам жаралгандан бери ишке ашкан бардык окуялар ушул бир учурга батууда. Жана бул учурга тиешелүү бардык маалыматтар Аллах кабатында бир «Китепте» сакталууда. Куранда Левх-и Махвуз деп аталган «Негизги Китепте» бардык нерсенин маалыматы бар экендиги айтылат:

Шек жок, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан бийик, өкүм жана хикмат (терең акыл) толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)

...Китептин негизи (энеси) Анын кабатында. (Рад Сүрөсү, 39)

...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коруган бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)

Асманда жана жерде апачык болгон китепте (Левх-и Махвузда) орун албаган жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

(Алдыларына) Китеп койулду; эми кылмышкер-күнөөкөрлөрдүн анда (ал китепте) болгондор себебинен катуу коркууга кабылгандарын көрөсүң. Айтышты: «Азаптар бизге, бул китепке эмне болуп жатат, кичине-чоң дебей баарын санап-төгүүдө?» Жасап-кылгандарын (алдыларында) даяр табышты. Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт. (Кехф Сүрөсү, 49)

Аллах башка аяттарында дүйнөдө инсандар башынан өткөргөн бардык окуяларды, акылдарынан өткөн бардык ойлорун, баштарына келген бардык нерселердин бул китепте экендигин мындайча кабардайт:

Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде пайда болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Шек жок, бул – Аллах үчүн абдан жеңил. (Хадид Сүрөсү, 22)

Аалам жаратылгандан бери бар болгон жандуу, жансыз бардык нерселер, ишке ашкан бардык окуялар Аллах тарабынан жаратылууда жана ошондуктан Ал баарын билет; б.а., булардын баары -«Аллахтын эс тутумунда». Левх-и Махвуз да – Аллахтын Хафыз сыпатынын бир көрүнүшү.

binanın yıkım aşamaları

Every moment pertaining to the collapse of these buildings is kept in the Sight of Allah.

Булардын негизинде алдыбызга абдан маанилүү бир чындык чыгууда: Аллахтын эс тутуму - түбөлүктүү, демек анда (Аллахтын эсинде) бар болгон эч нерсе жоголбойт. Башкача айтканда, Аллах жараткан эч бир жандык өлүп жок болбойт, эч бир гүл соолуп жок болбойт, эч бир суусундук түгөнбөйт, эч кайсы убакыт өтпөйт, эч бир тамак түгөнбөйт... Аллах ар бир учурда жаратууда жана бардык нерсе – эзелде (башында) жаратылган жана «түбөлүктүүлүккө ширелген».

«Түбөлүктүүлүккө Ширелген» - Деген Эмне?

Муну мындай түшүндүрүүгө болот: Ар бир нерсе жана окуя жаратылган учурда чындыгында ал үчүн түбөлүктүүлүк башталган болот. Мисалы, бир гүл жаратылганда, чындыгында жок болбой турган болуп жаратылган. Бул жандыктын же нерсенин адамдын элесинен чыгышы (адамдын аны көрбөй калышы), адамдын эс тутумунан (эсинен) өчүрүлүшү (чыгарылышы) – ал жок болду, өлдү маанисине келбейт. Аллахтын эсиндеги, Аллахтын кабатындагы абалы – маанилүү. Жана Аллахтын эсинде – бул жандыктын бар болушу да, жашоосу бойунча башынан өткөргөн абалдары да, өлүмү да бар.

Аллах жоктон бар кылып жараткан бардык нерсени түбөлүктүү кылып жараткан. Бар болгон нерселер үчүн түбөлүк жашоо башталган болот. Муну жакшы түшүнүү үчүн нерселер жана окуялар жөнүндө бирден бирден, жакшылап ой жүгүртүүдө пайда бар. Бирок бул мисалдарга өтүүдөн мурда бир нерсеге токтолуу зарыл: Бул жерде түшүндүрүлгөндөр – шек жок адамдын жашоосунда жолуга турган эң чоң илимдердин бири. Түбөлүктүүлүк түшүнүгү менен байланыштуу бул чындыктарды көп адамдар биринчи жолу угуп, биринчи жолу ойлонуп жаткан болушу мүмкүн. Эң маанилүү нерсе мындай: Аллах Куранда жалаң гана «чын көңүлдөн Аллахка багытталган» (Каф Сүрөсү, 8) адамдардын кеңеш (сабак) ала билээрине көңүл бурат. Б.а., чын жүрөктөн Аллахтан жардам сураган, Анын чексиз кудуретин түшүнүүгө аракет кылган, Раббисинин улуулугун аңдап-түшүнүү үчүн аракет кылган инсандар бул жерде түшүндүрүлгөн чындыктардан да сабак алышат жана бул чындыктарды аңдап-түшүнүп башташат.

Түбөлүктүүлүк Ичинде Адамдар

Аллахтын Халык ысмы – «Бардык нерсенин бар болушу, жана бар болуусу бойунча көрүп башынан өткөрө турган абалдары, окуяларды дайындаган жана белгилеген, жана ошого ылайык жараткан, жоктуктан бар кылган» маанисине келет. Аллах Халык сыпаты менен адамдарды башында апасынын курсагында кезинде жараткандан баштап, алар үчүн түбөлүктүүлүк башталган. Инсан апасынын курсагында башынан өткөргөн өнүгүү (чоңойуу) этаптарын албетте эстей албайт, бирок мунун ар бир кадры (элеси) Аллах кабатында бар жана эч качан жоголбойт. Ошол сыяктуу инсандын алгачкы бөбөк кези жана чоңойуу этаптары да инсандын эсинен өчүрүлөт. Инсан Аллах көрсөтмөйүнчө, бул кадрларды көрө албайт, кээ бирлерин болсо жалаң гана бир эсиндеги окуя катары билет. Жашап жаткан учурундагы көргөн нерселер болсо – ага сездирилген (көрсөтүлгөн) элестер гана. Бирок, Аллахтын түбөлүктүү эсинде бардык нерсе кандай болсо, ошол бойдон турат. Инсандар башынан өткөргөн окуялар жана жашоолорундагы ар кандай майда-чүйдөлөр Аллах тарабынан жаратылган жана эч бири жок болбойт. «... Бул – Аллахтын асмандарда жана жерде эмне бар болсо баарын билээрин жана Аллахтын чындыгында бардык нерсени билүүчү экендигин билүүңөр үчүн.» (Маиде Сүрөсү, 97) аятында билдирилгендей, эң кичинекей детальга чейин бардык нерсе Аллах кабатында сакталат.

Мисалы, Аз. Адамды ала турган болсок; Адам пайгамбардын дүйнөгө жөнөтүлүүдөн мурун бейиште жаратылышы, ал жерде сыналышы менен байланыштуу бардык майда-чүйдөлөр (детальдар) Аллах кабатындагы Негизги Китепте турат. Аллахтын Адамды ылайдан жараткан абалы да, периштелердин Аз. Адамга сежде кылышы да, анын бейиштен чыгарылышы да, дүйнөгө жөнөтүлгөн учур да, дүйнөдө башынан өткөргөн окуялар да бардык майда-чүйдөлөрү менен бирге жандуу абалда турат. Эч бири жок болгон эмес, эң кичине майда-чүйдөсүнө чейин бардык нерсе азыр Аллах кабатында жандуу абалда бар.

Башка бир мисал катары, абдан жакшы көргөн мышыгы өлүп калганы үчүн капаланып жаткан бир адамды элестетиңиз. Чындыгында ал адамдын мышыгынын өлүм учурундагы абалы да Аллах кабатында түбөлүк турган сыяктуу, ал мышыктын кичинекей кезиндеги эң сүйкүмдүү көрүнүшү да, туулгандан ал убакка чейин башынан өткөргөн бардык абалдары да Аллах кабатында жандуу абалда бар. Ошондой эле, мышыктын ээси жумушта жүргөн же жанында эмес кезинде көрбөй калган абалдары да Аллах кабатында жандуу абалда сакталуу. Ошондуктан, эч бир нерсе өлүп жок болбойт. Баары Аллах кабатында бардык абалдары менен бирге жандуу абалда түбөлүк турушат.

Ошол сыяктуу Аз. Сулаймандын Куранда айтылган атынын бутун сылоо учуру түбөлүк Аллах кабатында турууда. Андан кийин аттардын перде артында жоголушу, артынан Аз. Сулаймандын Саба Маликасына кат жөнөтүшү, каттын Малика жана жанындагы аскерлер тарабынан окулган учуру, Маликанын Аз. Сулаймандын сарайына келиши жана сарайдын түбүн «терең бир суу» элестетиши, жана ошол тушта «Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Рабби болгон Аллахка баш ийдим» (Немл Сүрөсү, 44) деп айтышы азыр дагы эле бар жана түбөлүккө чейин бар болот.

Бул мисалдар жөнүндө дагы тереңирээк ой жүгүртөлү жана тереңирээк карайлы. Аз. Нух убагында бир адамдын көйнөгү сөгүлгөндүгүн жана кийинчерээк аны бир тигүүчүнүн тигип бергендигин элестетели. Ал адамдын көйнөгү, бул көйнөк жасалган тигүү жери, андан кийин көйнөктүн сөгүлгөндөн мурдакы абалы жана кайра тигилгенден кийинки абалы, ал тургай ал көйнөктү тиккен тигүүчүнүн көйнөктү тигүү үчүн колдонгон ар бир секунда, кийинчерээк бул көйнөктүн такыр колдонулбас абалга келиши, кыскача айтканда, көйнөктүн нерселер (бар болуу) ааламына келген учурунан баштап, өткөргөн ар бир этабы, ар бир секунда, ар бир учур Аллах кабатында сакталууда. Ал көйнөк азыр дагы эле тигүүчүдө токулууда, ал көйнөк азыр тигилүүдө жана ал көйнөк азыр дагы эле Аз. Нух учурундагы ээси тарабынан кийилүүдө.

Үйүңүздөгү эски саат жөнүндө ой жүгүртөлү. Ал сааттын мындан 200 жыл мурун жасалуу этаптары, сааттын ичинде колдонулган жалгыз бир кылдын жасалуу этаптары, сааттын сыртынын ичине койулушу, кийинчерээк бул сааттын бир дүкөндө сатылышы, анын бир кардар тарабынан сатып алынышы, кийин бул саат бузулуп бир адамга берилиши, сиздин чоң атаңыздын чоң атасынын бул саатты сатып алышы, ал сааттын чоң атаңызга, анан атаңызга жана кийин сизге мураска калышы, сиздин ал саатты үйүңүздүн сонун бир бурчуна койушуңуз, кийин анын маңдайына туруп, «кандай сонун турат» деп ойлошуңуз, кыскача айтканда, ал саат менен байланыштуу алгач жаралгандан баштап, (жүздөгөн жыл) учур учур ишке ашкан ар бир окуя Аллах кабатында турат. Ал саат азыр иштеп жатат, ошондой эле ал саат азыр бузулду, ал азыр сиз тарабынан бурчка койулууда жана ал саат азыр сиздин чоң атаңыздын чоң атасы тарабынан сатып алынууда. Булардын баары эч кемчиликсиз Аллахтын эсинде бар. Ал тургай, бул эски сааттын жалаң гана өтмүшү эмес, мындан кийин өткөрө турган, бирок сиз билбеген үчүн сиз үчүн келечекте ишке аша турган ар кандай окуя да Аллах кабатында белгилүү жана сакталууда. Ал сааттын мындан 40 жылдан кийин сиздин уулуңуздун үйүнүн ылайыктуу бир жерине койулушу да, ал сааттын мындан 300 жылдан кийин толугу менен чирип бузулушу да жана адамдардын көзүнөн алысташы да Негизги Китепте жазылуу.

Бир аятта «Ал алдыларындагыны да, аркаларындагыны да билет. Алар болсо билүү жагынан Аны аңдап түшүнө алышпайт» (Таха Сүрөсү, 110) деп айтылуу менен Аллахтын бул илимине да көңүл бурулууда. (Эң туурасын Аллах билет). Себеби Аллах ар бир нерсенин учур учур, мурда-кийинин, б.а., аяттагы баян менен «алдыларындагыны да, аркаларындагыны да» ар бир этабы менен билет. Аятта «Шек жок, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт» (Ал-и Имран Сүрөсү, 5) деп айтылуу менен бул чындык дагы бир жолу эске салынууда.

Бардык Окуялар «Ушул Учурда» Ишке Ашууда!

Аллах кабатында бардык окуялардын бир учурда ишке ашаарын төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот: Көз алдыңызда бир шаардын сүрөтү турат дейли. Сүрөттө шаардын көчөлөрү, бул көчөлөрдө жүрүп бараткан машиналар, үйлөр жана адамдар тартылган болсун. Жана ушул сүрөттө шаардын бир башынан экинчи башына баруу үчүн жолго чыккан бир адамдын сүрөтү тартылды деп элестетиңиз. Бул адам үчүн шаардын бир башынан экинчи башына чейин белгилүү бир алыстык бар жана тигил башына жетүү үчүн ал адамга белгилүү бир убакыт зарыл. Бул адам азырынча так билбеген белгилүү бир убакыт аралыгында гана бара турган жерине жете алат. Бир эле учурда эки жерде болушу мүмкүн эмес. Бирок мындай абал бул сүрөттү сырттан карап турган бир адам үчүн мындай эмес. Сиз сүрөттү караганда, бир эле учурда шаардын бир башынан экинчи башына чейин баарын көрө аласыз, бул үчүн убакытка да муктаж эмессиз.

Бул мисал – белгилүү бир ченемде жашап жаткан инсандар-бизге да тиешелүү. Биз үчүн бир жерден башка бир жерге жетүү белгилүү бир убакыттын өтүшү жана энергия сарптоо менен гана мүмкүн болот. Бирок бардык бул ченемдерди жараткан жана бардык бул нерселердин үстүндө, бардык кемчиликтерден көз-карандысыз болгон Аллах үчүн Ал жараткан аалам жана анын ичиндеги дүйнөдө болуп жаткан бардык окуялар бир эле учурда ишке ашат.

şehir

For someone who crosses the street from one side to the other, there is a certain distance to be crossed. A person, however, who looks at this street from a bird's eye view, feels no difficulty in seeing every point in this street from one end to another.

Экинчи маанилүү чындык болсо – бул бардык окуялардын баарынын чогуу бир эле убакта ишке ашып жатышы. Себеби, мурда да айтылгандай Аллах кабатында убакыт жок, бардык нерсе бир учурда ишке ашып, бүтүүдө.

Адам пайгамбар чындыгында азыр (ушул учурда) ылайдан жаратылууда, азыр периштелер Аз. Адамга сежде кылышууда, азыр Аз. Адам бейиштен чыгарылды жана дүйнөгө жөнөтүлдү. Бул жерде колдонулган «азыр» сөзү ушул секунда, б.а. сиз ушул саптарды окуп жаткан учурду түшүндүрөт.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн дагы бир мисал берели; Аз. Муса жөнүндө ой жүгүртөлү. Анын апасынын Аз. Муса бөбөк кезинде сандыктын ичине койуп сууга агызган учуру дагы эле бар, ал абал жоголгон эмес жана түбөлүк бар болот. Аллах кабатында Аз. Мусанын Фараонго барып, аны туура жолго чакыруу учуру азыр деле бар жана чындыгында азыр Аз. Муса Фараондун маңдайында турат, бирок ошол эле учурда азыр Аз. Муса Ыйык Өрөөн Тувада Аллахтан вахий алууда жана азыр Аз. Муса жанындагы Исраил уулдары менен бирге Фараондун адамдарынан алыстоодо, азыр Муса пайгамбар асасы менен деңизди урууда жана деңизди экиге бөлүүдө жана деңиздин жарылышы түбөлүк Аллахтын эсинде (эс тутумунда) бар болот.

Аз. Мерйемдин Аз. Исага кош бойлуу болушу, курма дарагынын түбүндө аны төрөшү, кийин коомуна кайтып келиши жана Аз. Исанын бешиктеги кезинде коомундагы адамдар менен сүйлөшүшү, кийинчерээк Аз. Исанын хаварийлеринен (жардамчыларынан) «Аллах кабатында менин жардамчыларым кимдер?» (Сафф Сүрөсү, 14) деп сурашы жана Аз. Исанын Аллах кабатына көтөрүлүшү да сиз жашап жаткан ушул учурда ишке ашууда. Бизге билдирилген өтмүштөгү окуялар гана эмес, өтмүштөгү бизге билдирилбеген окуялар жана келечекте боло турган биз али билбеген окуялар да – чындыгында ушул учурда. Аз. Исанын жашоосу бойунча башынан өткөргөн ар бир секунда, хаварийлерине Аллахтын динин баяндашы, Аллах белгилеген бир убакытта жер жүзүнө кайра жөнөтүлүшү, адамдарды Куранга чакырышы жана ал тургай бул чакырыгы (таблиг) учурунда сүйлөгөн ар бир сөзү, кийин өлүшү жана эсеп күнү тирилтилиши, бейиштин киришинде периштелер тарабынан «Салам» сөздөрү менен тосуп алынышы да чындыгында дал ушул учурда (азыр) ишке ашууда.

Бул нерсе мындан 3000 жыл мурун жашаган бир адамга да тиешелүү. Б.з.ч. 3000-жылдарда түш убагында бир дарактын астында отуруп табиятты тамаша кылган адамдын колуна бир көпөлөктүн конушу, ал адамдын ал көпөлөктү анализдеп карап, Аллахты макташы, ал көпөлөктүн учуп кетиши, ал көплөктүн жаралгандан баштап жашоосу бойунча бардык абалдары Аллах кабатында сакталган жана ошондуктан баары бир учурда, б.а. сиз бул саптарды окуп жаткан ушул учурда ишке ашууда.

köprüden geçen aarç, filim şeridi

Moment by moment, every picture above shows an image of the vehicle crossing the bridge. A person traveling by this vehicle supposes that a particular period of time is spent in crossing the bridge. However, we can see all of these pictures at a single moment.

Бардык бул мисалдар көрсөткөн чындык төмөнкүдөй: Эч бир учур, эч бир кадр, эч бир окуя, эч бир нерсе жок болгон эмес жана жок болбойт да. Телевизордо биз көргөн бир фильм, фильм кассетасында сакталуу, ар кандай кадрлардан турган болсо жана бул кадрларды биздин көрбөшүбүз «алар жок» деген мааниге келбеген сыяктуу, биз «өтмүштө жашалган» же «келечекте жашала турган» деп атаган окуялар да - «жок» эмес, ушул учурда бар.

Бирок муну туура түшүнүү – абдан маанилүү. Бул сахналардын (кадрлардын) эч бири – бир эсте калган окуя же эскерүү же кыял сыяктуу эмес. Булардын баары – учурда сиз жашап, сезип жаткан учур сыяктуу жандуу. Бардык нерсе тирүү сакталууда. Аллах бизге бул элестерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтпөгөн (сездирбеген) үчүн гана биз аларды өтмүш, бүткөн окуялар катары элестетебиз. Жана Аллах каалаганда, бизге бул сүрөттөлүштөрдү (элестерди) көрсөтүшү мүмкүн, бул окуяларга тиешелүү элестерди берүү менен бизге да бул окуяларды жашатышы мүмкүн.

Past, Present and Future; They are All the Same

As has already been clarified, in the Sight of Allah, all events, which have occurred on earth so far, take place at a single moment. What the Prophets Moses, Abraham, Noah, Solomon, and Muhammad, together with all the other prophets (peace be upon them all), went through is experienced in the time we actually live in. Likewise, the experiences of our grandsons, of their grandsons, as well as of all the people who will live until the Day of Judgment take place at one and the same moment. Among these people those who believe are now in heaven, while the disbelievers are in Hell, suffering agonies.

Each incident, each moment in timelessness exists simultaneously everywhere and will continue to exist for all eternity. None of the moments, none of the events, none of the living beings which existed in the past have disappeared, nor will they ever disappear. The Prophet Noah (pbuh) is building the ark right at this moment. The flood at the time of Noah, too, is making its impact right now; everything, every moment related to the flood is taking place during the time you read these lines. These are certainly not the incidents of the past. The ongoing events, as well as the aforementioned incidents, all happen at the same time, since each one of them is fated to remain in the memory of Allah for all eternity.

What our Prophet went through, too, will remain in the Sight of Allah forever. These events are presented to our sensations as if they happened 1400 years ago. However, the truth is, right at this moment, our Prophet Muhammad is ascending to heaven, right now, he is taking refuge in the cave with his friend. Again, this is the moment our Prophet is communicating the message of Allah to disbelievers. Actually these are not events, which occurred in the past. On the contrary, they are incidents doomed to exist for all eternity. The reason why we do not see, witness or experience these events is simply because they are not present in our memory.

The same thing holds true for all the events that took place and the people who appeared on earth throughout history. Philosophers in ancient Greece, those Sumerian people who invented cuneiform writing, Cleopatra, the Egyptian Queen, artists of the renaissance period, scientists of the 19th century, dictators of the 20th century and all other people, even your grandfather, his grandgrandfather and you are, in reality, living at the same moment.

None of these events disappear; they continue to exist without changing. The Crusades, the great migration, World Wars I and II, though seemingly distinct historical events, are actually events happening right at this moment and they will continue to do so for all eternity. Likewise, Egyptian, ancient Mexican, Greek and Anatolian civilizations all existed at the same moment.

The rain, which watered the field of a man who earned his living as a farmer in 1000 BC in Mesopotamia, and the very moment this farmer got wet in this rain are also present in the Sight of Allah. A spider which wove a net in the branches of a willow in the Akkadian period is, likewise, weaving this net just now. The same spider, in a corner of this net, is also waiting for its prey right at this moment. Furthermore, the very same moment you try to visualize this spider in your mind, it is laying its eggs, collecting them on its back, and also taking care of them. Also, at this very moment, the eggs are cracking and its many offspring are hatching.

medeniyetler

All construction stages of these buildings as well as their current state are in the Sight of Allah. Every deed engaged in by the former dwellers of these buildings is kept "right now" in the Sight of Allah.

Nothing is left out or forgotten; Allah created everything with the various reasons. So, nothing disappears, vanishes or is wasted. That people do not see, know or experience these various occurrences does not mean that they are not happening right now. As Allah is unbounded by time, everything has already taken place and finished in His Sight. However, being bound by time, the experiences of an individual appear to be arranged in a series of events the order of which is apparently based on the criterion of the past, the present and the future. However, as also mentioned earlier, "events not yet experienced" are not "yet experienced" for us. Past, future and present are all the same to Allah. That is why Allah knows everything. This fact is also stated in the following verse:

"My son!" (said Luqman), "Even if something weighs as little as a mustard-seed and is inside a rock or anywhere else in the heavens or earth, Allah will bring it out. Allah is All-Pervading, All-Aware." (Surah Luqman: 16)

Сиздин Жашооңуз Да Бир Учур Гана

Бул чындыкты түшүнүү үчүн жалаң гана тарыхтагы мисалдар жөнүндө ой жүгүртүү зарыл эмес. Бул чындык – адамдар абдан узун деп элестеткен жашоолоруна да тиешелүү. Сиз жаңы төрөлгөн, апаңыздын кучагына алгачкы берилген учур жок болгон эмес. Ал кадр же сүрөттөлүш же окуя түбөлүк бар болот. Себеби Аллах кабатында сакталган. Бирок, мурда да айтылгандай, сиз 5 сезүү органыңыздан көз-каранды болгондуктан жана бул маалымат сиздин эсиңизде жок болгондуктан, бул сүрөттөлүштөрдү көрө албайсыз. Бул – жашооңуз бойунча башыңыздан өткөн бардык окуяга тиешелүү. Жаңы мектепке барган күнүңүз, же кичинекей кезиңизде өткөргөн туулган күнүңүз, башыңыздан өткөн бир окуя, мектепти бүтүргөн күнүңүз, университет дипломун алышыңыз, үйлөнүшүңүз жана ушул сыяктуу миңдеген окуялар чындыгында Аллах кабатында бир учурда ишке ашууда. Бул окуялардын эч бири жоголгон эмес жана түбөлүк жандуу абалда бар болот.

Ушул сыяктуу 5 жашыңызда жеген бир балмуздактын даамы, 7 жашта мектепке барам деп эрте менен толкунданып турганыңыз, мектепте география сабагында сыгылганыңыз, математика мугалими доскага жазган узун теңдемелер, жумушуңузда бир ийгиликке болгон мактаныч, жылдар бойу эңсеген нерсеңизди алганы бараткандагы сүйүнчүңүз, кыскача айтканда, жашап сезген бардык окуяларыңыз чындыгында учурунда сиз сезген сыяктуу турат, бирок сиздин мээңизде сакталуу эмес болууда. Мээңизде сакталганы да эсте калган бир нерсе сыяктуу, б.а. өтмүш катары сездирилүүдө. Учурда бар болгон ал кадрларды мээңиз кабылдабоодо. Себеби, дүйнөдөгү сыноо системасы ошондой. Адамдар агуучу бир убакыттан көз-карандыбыз деп ойлошот, окуяларды өтмүш, учур жана келечек деген бөлүктөргө айрылат деп ойлошот. Ушул себептен акыреттин бар экендиги, бейиш, тозок, эсеп күнү сыяктуу нерселердин качан, кантип жана кандайча боло турганын аңдап-түшүнө алышпайт. Аллах кабатындагы убакыт түшүнүгү менен адамдарга тиешелүү убакыт арасында бир байланыш кура алышпайт. Жаратылган ар бир жандуунун, ар бир окуянын жана бардык нерсенин бир фильмди түзгөн кадрлар сыяктуу кадр кадр түбөлүк жаратылганын жана бир эле учурда пайда кылынганын билүү муну аңдап-түшүнүүгө жардам берет.

hayat

The human being in the picture is being born "right now"; he is fishing, he is receiving his diploma, getting married and even having children and grandchildren "right at this moment." Furthermore, he is dying now and likewise, he is being judged in the Sight of Allah.

Аллах кабатында бардык нерсе болуп бүткөн. Эл арасында кеңири жайылган батыл (негизсиз) бир ишеним бойунча, Аллах ааламды жана адамдарды жараткан, аларга бир убакыт берген жана алардын сыналышын күтүүдө. Ааламдын өмүрү бүткөнгө чейин күтөт. (СубханАллах, Аллах – бардык кемчиликтерден аруу). Чындыгында болсо Аллахтын күтүшү деген сыяктуу нерсе болушу мүмкүн эмес. Күтүү – адамга тиешелүү бир алсыздык. Аллах болсо адамдардын кемчиликтери, алсыздыктарынын баарынан өйдө, алыс. Аллахтын Куранда Өзүн тааныткан Куддүс сыпаты – «катадан, капылеттен, алсыздыктан жана ар кандай кемчиликтен абдан алыс» маанисине келет. Ошондуктан, Аллах бардык адамдардын өтмүш, учур жана келечегин жана алар башынан өткөргөн бардык окуяларды бардык майда-чүйдөсүнө чейин билет. Бирок инсан сыналуу жери болгон дүйнө жашоосунда убакытты - агуучу, мурда жана кийини бар бир нерсе катары элестетет. Чындыгында бул бөлүмдө түшүндүрүлгөндөй мурда-кийин, өтмүш-келечек деген нерселер жок. Бардык нерселер, адамдар, жандуулар бир эле учурда жашап жатышат, бардык убакыттар, доорлор, замандар, тарыхтар жана ал тургай бардык күндөр, сааттар, минуталар жана учурлар, көз-ирмемдер бир эле учурда болуп жатат. Адам мүмкүнчүлүгү чектүү болгондуктан, муну көрө албай жатса да бул чындык – апачык. Аллах кабатындагы убакыт менен адамдар көз-каранды болгон убакыт түшүнүгү арасындагы айырма бойунча «Куранда салыштырмалуулук» бөлүмүндө мисалдар берилген. Бул темага бир аятта мындайча көңүл бурулат:

Чындыгында, сенин Раббиңдин кабатында бир күн – силер санап жаткан миң жыл сыяктуу. (Хаж Сүрөсү, 47)

Аллахтын Куранда орун алган сыпаттарынын дагы бири – Хасиб, б.а. «Баарынын жашоосу бойунча жасап-кылгандарынын эсебин бардык майда-чүйдөсүнө чейин билүүчү». Жашалган, жаратылган, бар болгон эч бир окуянын жоголбогондугун эстесек, Аллахтын Хасиб сыпатын жакшыраак түшүнө алабыз. Себеби бардык нерсенин, бардык детальдардын маалыматы Аллахтын кабатында. Аллах бул чындыкты аятта да баяндайт:

Кыямат саатынын маалыматы – шек жок, Аллахтын кабатында. Жамгырды жаадырат; курсактагыларды (бойундагыларды) билет. Эч ким эртең эмне табаарын билбейт. Эч ким кайсы жерде өлөөрүн билбейт. Шек жок, Аллах – билүүчү, (баарынан) кабардар. (Локман Сүрөсү, 34)

Момундардын Аллахтын улуулугун биле (сезе) алышынын, Аллахка болгон баш ийүүчүлүк жана ишенимдеринин (таянышынын) негизги себеби – ушунда. Аллахтын адамдарга канчалык жакын экендигин жана Аллахка канчалык муктаж экендиктерин, Анын улуулугу жанында канчалык кичинекей экендиктерин жакшы билишет. Алардын мындай жогорку ахлагы Куранда мындайча билдирилет:

Айт: «Аллахтын биз үчүн жазгандарынан тышкары, биздин башыбызга эч качан эч нерсе (кырсык, окуя сыяктуу) келбейт. Ал биздин – Мевлабыз (досубуз, ээбиз). Жана момундар жалаң гана Аллахка тобокел кылышсын». (Тооба Сүрөсү, 51)

Айт: «Аллах каалагандан тышкары, өзүм үчүн (болгон) зыяндан жана пайдадан (эч нерсеге) ээ эмесмин.» (Йунус Сүрөсү, 49)

Муну айткан момундар – Аллахтын улуулугун жана кудуретин байкап сезе алган адамдар. Ошондуктан, алар Аллахка чын көңүлдөн мойун сунушат.

Өлүм – Адам Үчүн Жок Болуу Эмес

Өлүм темасы да негизинен эл арасында туура эмес билинет. Өлгөн бир адамга жок болгон сыяктуу көз-караш менен каралат. Көбүнчө адамдардын акырет, түбөлүк жашоо, бейиш жана тозок менен байланыштуу маалыматтары жетишсиз болгондуктан, же өлүмдөн кийин тирилээрине эч ишенишпейт, же бул бойунча ишенимдери так эмес. Ошондуктан бир жакындарын жоготкондо, аны түбөлүк жоголуп кетти деп ойлогондор көп. Чындыгында бул – толугу менен туура эмес түшүнүк. Чындыгында адам туулган (Аллахтын ал адамды бар болуу ааламына алып келген) учурдан баштап, анын түбөлүк жашоосу башталган. Жашоосундагы башка кадрлар сыяктуу өлүм да – бир кадр жана чындыгында ал адам – тирүү. Өлүмдөн мурдакы жана кийинки кадрлар жана ал адамга тиешелүү бардык нерсе – кандай болсо, ошол бойдон сакталуу. Мисалы, өлгөн бир адамдын артынан «абдан жаш болчу, жаман болду» деп айтышат. Чындыгында болсо ал адамга тиешелүү бардык нерселер, бардык өзгөчөлүктөр, башынан өткөргөн бардык окуялар, балалыгы, төрөлүшү, үй-бүлөсү менен бирге жашоосу жандуу абалда ошол бойдон турат. Жок болбойт же жоголбойт, жашалгандар кандай болсо, ошондой сакталат. Дүйнөдөгү сыноонун бир зарылчылыгы катары алар адамга көрсөтүлбөйт, эсинен жана элесинен өчүрүлөт, бирок бул – «алар жок болду» маанисине келбейт.

Аллах кабатында бир адамдын төрөлүшү да, жашоосу да, өлүмү да бир учурда болуп бүтөт. Ал тургай, бул абал бардык адамдарга тиешелүү. Бардык адамдар ушул учурда төрөлүп, ушул учурда өлгөн абалдалар. Кайра тирилип, бейиш же тозоктогу орундарына жайгашышты. Ошондуктан, эч бир адам өлбөйт же жок болбойт, түбөлүк тирүү. Түбөлүктүүлүктүн ичинде бир убакыт жашалууда жана ушуга жараша бүт адамдардын бара турган жери да (бейиш же тозок) белгилүү. Ушул учурда адамдардын бир бөлүгү – бейиште, бир бөлүгү да – тозокто. Бул чындык Куранда да орун алган, бейиш тозок менен байланыштуу көптөгөн аяттарда акырет жашоосу жөнүндө баяндарда өтмүш же учур чак колдонулуу менен алардын чындыгында бир эле учур экендигине көңүл бурулат:

Чындыгында, бүгүн бейиш калкы – «кубаныч жана бакыт толо» бир алаксуу (жашоо) ичинделер. Өздөрү жана жарлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышкан. (Йасин Сүрөсү, 55-56)

Раббилеринен коркуп-коргонгондор бейишке топ топ киргизилишти. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) кароолчулары айтышты: «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк калуучулар катары ага киргиле.» (Алар) Айтышты: «Бизге берген убадасында бекем болгон жана бизди бул жерге мурасчы кылган Аллахка алкоо-мактоолор болсун. Бейиштен каалаган жерибизде конок боло алабыз. (Салих) Амалдар жасагандардын сыйлыгы – кандай сонун. Периштелердин да Арштын айланасын торошкон абалда Раббилерин мактоо менен аруулап жаткандыгын көрөсүң. Араларында чындык менен өкүм чыгарылды жана: «Ааламдардын Раббисине алкоо-мактоо болсун» деп айтылды. (Зүмер Сүрөсү, 73-75)

Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми анын ичине өздөрүнүн киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч бир жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)

Адамдардын жашоосунда абдан маанилүү дагы бир сыр бар. Адамдар өлгөн кишилердин артынан «өлдү» деп карап кайгырып турушканда, чындыгында өздөрү да өлүшүп, ал тургай кайра тирилтилишкен. Адамдын өзүнүн төрөлүшү менен өлүмү да бир учурда болууда. Фильм кадрлары мисалын эстесек, муну түшүнүү жеңилирээк болот. Бардык адамдардын ар биринин жашоосу, өлүмү, тирилиши жана түбөлүк жашоолору менен байланыштуу ар кандай детальдар эч кандай кемчиликсиз Аллах кабатында турат. Башкача айтканда, бардык нерсе ушул учурда ишке ашууда. Өлүү жана тирилүү да ар кайсы учурларда ишке ашкан окуялар эмес. Түбөлүктүүлүк ичинде же убакытсыздык ичинде адамдар төрөлүшкөн, өлүшкөн, тирилишкен жана ушул учурда баары тирүү. Адам Аллах аны жараткандан баштап, түбөлүк бир жандык болот. Б.а., түбөлүк тирүү болот, түбөлүк жашоосу башталат. Орто жолдо «өзүнүн өлүмүн» бир кадр катары көрөт. Ар күнү өзүн жандуу, тирүү көрүп жаткан сыяктуу, бир жолу өлүү катары көрөт.

Муну мындай бир мисал менен түшүндүрүүгө болот. Аллах Куранда уйкунун да бир өлүм сыяктуу нерсе экендигин кабар берет. Демек, адам ар күнү кечинде өлгөнүн көрүүдө, ошол сыяктуу эрте менен турганда тирилишин көрүүдө. Себеби аятта мындай деп айтылат:

Аллах алар өлө турган убакта жандарын алат; өлбөгөндү да уйкусунда (бир өлүмгө жолуктурат). Ушундайча, ал жөнүндө өлүм чечими берилгенди (анын рухун) кармап калат, беркисин (беркисинин рухун) болсо белгиленген бир ажалга чейин (денесине) кайра салат. Шек жок, мында ойлоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар бар. (Зүмер Сүрөсү, 42)

Адам ушундай жол менен тирүү кезин да, өлүү кезин да, кайра тирилишин да тынбай көрүп турууда. Ушул сыяктуу чыныгы өлүмүн да көрөт, бирок төрөлүшү, өлүмү, тирилиши, акыретте бара турган мекени буга чейин эле белгилүү жана адам – Аллах кабатында түбөлүк тирүү. Бардык бул окуялар Аллах кабатында болуп бүткөн. Ошондуктан, эл арасында колдонулган мааниде өлүм менен бирге «жок болуу» болбойт.

Бул чындыктар негизинде эл колдонгон «абдан жакшы инсан эле, абдан жаш бала эле, абдан ден-соолугу жакшы адам эле» сыяктуу сөздөр маанисин жоготот. Себеби, ал абдан жакшы деп айтылган адам да, ал жаш бала да, ден-соолуктуу киши да жок болгон жок, ушул учурда баары эң сонун абалдары менен бирге бар. Аллахтын эсинде түбөлүк баары тирүү, жандуу. Бул – Аллахтын улуулугунун жана илиминин көрсөткүчү. Аллахтын чексиз илими жана кудурети жөнүндө Куранда мындайча кабар берилет:

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Allah is Unfettered by Time and Space
Adnan Oktar (Harun Yahya)

ADNAN OKTAR: We can understand the artistry of Allah with science. For instance, the Big Bang Theory was grasped through science. Almighty Allah tells us in the Qur'an that, "I have created from nothing," and that He also created time and space with a beginning. But science confirms this independently. We look at the Big Bang theory and the universe comes into being from something with zero volume and infinite density, out of emptiness, of nothing. Look something with zero volume and infinite density. What does the Qur'an say? Allah says that He "created from nothing." Zero volume means nothing. They have come round to what the Qur'an says. Almighty Allah says that He later created time and space. People ask, "What was there before Allah?" Or "Who created Allah?" Do you know who can ask that question? A finite being can ask it. Someone created after time. Allah says He created it afterwards. There was no time before. Allah says, "I created time for you." There is no time for Allah. Time is a concept for us.

Look, you have just heard a click. I have now made another click. A belief arose in your brain when you compared the two. That belief is known as time. There is no time in free space. Look at Einstein or Max Planck, they all set it out, but people generally fail to understand since they use complicated scientific terminology. But it is very clear, not complicated at all. Time needs to exist in order to be able to ask "What existed before Allah?" People sometimes find themselves in a quandary since time was created subsequently. An entity confined to time and space can talk about "before" or "after." But there is no before or after for Almighty Allah, Who is unfettered by time and space. In other words, there is one single moment. That is why people must bear that in mind when thinking about things concerning the existence of Allah. That is the answer to the question "Who created Allah?" We can say this since time was created afterward. But if we were to step outside time we would immediately grasp the answer. But we cannot understand since we are fettered by time. (From Mr. Adnan Oktar's interview on Dem TV, October 30, 2009)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Кириш
  • Заттын Аркасындагы Сыр (1/2)
  • Заттын Аркасындагы Сыр (2/2)
  • Убакыттын Жоктугу Жана Тагдыр Чындыгы
  • Түбөлүк Жашоо Башталды (1/2)
  • Түбөлүк Жашоо Башталды (2/2)
  • Жыйынтык
  • Кошумча Бөлүм: Эволюция Жаңылыштыгы