Адамдардын ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук болуучу көптөгөн себептер бар. Бул себептер адамды ойлонуудан, чындыктарды көрүүдөн то сушу мүмкүн. Ошондуктан, ар бир адам өзүнө тескери таасир берген себептерди аныкташы жана алардан кутулушу шарт. Антпесе, дүйнө жашоосунун чыныгы жүзүн көрө албайт. Бул болсо акыретте ага абдан чоң жоготуу алып келет.
Аллах Куранда үстүртөн ойлонуу адатына ээ адамдардын абалын мындайча билдирет:
Алар дүйнө жашоосунун (жалаң гана) тыш тарабын билишет. Акыреттен болсо капылет калышкан. Өздөрүнүн нефстери (напсилери) жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү? Аллах асмандарды, жерди жана бул экөөсү арасындагыларды жалаң гана чындык менен жана белгиленген бир мөөнөт (ажал) менен жараткан. Чындыгында, адамдардын көбү Жаратуучуларына жолугаарына ишенишпейт. (Рум Сүрөсү, 7-8)
Бул бөлүмдө ой жүгүртүүгө тоскоолдук кылган кээ бир себептер жөнүндө сөз кылабыз.
Адамдарды эң көп жаңылткан нерселердин бири «көпчүлүк» кылган нерселердин тууралыгына ишенүүлөрү болуп саналат. Бир адам туураларды ой жүгүртүү менен табуу ордуна дайыма айланасындагы адамдардын үйрөткөндөрүн кабыл алууга багытталат. Көбүнчө ага башында туура эмес көрүнгөн нерселерди башка адамдар кадимки көрүнүштөй кабыл алгандарын көрөт жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин өзү да бул нерселерди кыла баштайт.
Мисалы, айланасындагы адамдардын көпчүлүк бөлүгү бир күн өлөөрүн ойлонушпайт. Ал тургай, өлүмдү эстебөө үчүн бул жөнүндө эч кимди сүйлөтүшпөйт. Муну көргөн адам да айланасын карап, «Элдин баары мындай кылган болсо, мен да ушундай мамиле кылышым туура болот» деп ойлойт жана өлүмдү эч ойлобостон жашап баштайт. Эгер айланасындагы ар бир адам Аллахтан коркуу менен аракет кылса жана акырет үчүн абдан аракет кылып жатышкан болгондо, чоң бир ыктымалдуулук менен бул адам да иш-аракеттерин өзгөртмөк.
Же телевизорлордо, журналдарда ар күнү жүздөгөн кырсык, адилетсиздик, зулумдук, өзүн-өзү өлтүрүү, кылмыш, уурулук, алдамчылык кабарлары чыгат, миңдеген жардамга муктаж адамдар жөнүндө сөз кылынат. Бирок көп адамдар бул кабарларды окуп, гезит барактарын барактап кете берет. Көбүнчө адамдар мындай кабарлардын эмнеге мынча көп экендигин, булардын алдын алуу үчүн эмне кылуу, кандай чаралар кабыл алуу керектигин, ал тургай өздөрү бул багытта эмне кыла алаарын эч ойлонушпайт. Себеби, айланасындагы башка адамдардын көбү да бул нерселерди ойлонушпайт. Көп адамдар «дүйнөнү куткаруу мага калдыбы?» логикасы ичине кирип, милдетти башкаларга жүктөп койушат.
Жалкоолук – адамдардын көпчүлүгүнүн ойлонуусуна тоскоолдук болгон бир себеп.
Ойлонуу жалкоолугунан улам адамдар бардык нерсени көргөн жана көнгөн негизде жасашат. Күнүмдүк жашоодон бир мисал берсек, аялдар үй тазалоодо дайыма апаларынан үйрөнгөн жолду жолдошот. Көбүнчө, «кандай кылсам, оңойураак же тазараак болот» деп ойлонбойт жана жаңы жол издебейт. Ошол сыяктуу эркектер да бир түзөтүү жана ушул сыяктуу бир иш кылыш керек болгондо, бала кезинен ага үйрөтүлгөн ыкмаларды колдонушат. Жаңы бир ыкма, ыңгайлуураак жана акылдуу боло турган бир нерсе кылууга аракет кылбайт. Бул адамдардын сүйлөө калыбы да дайыма бирдей. Мисалы, бир бухгалтердин сүйлөө калыбы жашоосунда көргөн бухгалтерлерге окшош. Докторлордун, банкирлердин, сатуучулардын... Кыскача айтканда, ар бир тармактагы адамдардын өзүнө тиешелүү бир сүйлөө стили бар. Себеби бул адамдар ойлонуу менен эң ылайыктуу, эң кооз, эң сооптуу, жакшыны издеп табышпайт. Дайым көргөндөрүн туурашат.
Маселелерге табылган чечимдер да жалкоолугун көрсөтө турган негизде. Мисалы, бир үйдүн башчысы үйдүн акыр-чикир маселесине мурдакы башчылар колдонгон ыкманын дал өзүн колдонот. Же бир шаар башчысы жол маселесин мурдакы шаар башчылары кандай кылганына карап, чечүүгө аракет кылат. Көп учурда ойлонбогондуктан улам жаңы чечим чыгара албайт.
Албетте бул жерде берилген мисалдар адамдардын күнүмдүк жашоолорунда зыян тарткан нерселер. Бирок булардан абдан маанилүү нерселер бар жана адамдардын бул темаларда жалкоолук кылып ойлонбой койушу аларды чоң жана түбөлүк зыянга учуратат. Адамдын дүйнөдө жаралуу максатын ойлонбошу, өлүмдүн сөзсүз башына келе турган чындык экендигин, өлгөндөн кийин болсо сөзсүз эсеп күнүнө жолугаарын ойлонбой койушу – мындай зыяндын булагы. Аллах Куранда адамдарды бул маанилүү чындыктар жөнүндө ойлонууга чакырат. Бул аяттардан кээ бирлеринде мындайча буйурулат:
Мына ушулар өздөрүн зыянга учураткандар жана жалгандан ойлоп чыгаргандары (жасалма кудайлар да) алардан алыстап-жоголду. Эч шек жок, булар – акыретте эң көп зыян тартуучулар. Ыйман келтирип, салих (чын жүрөктөн жакшы) амал кылгандар жана «Раббилерине жүрөктөрү ыраазы болуу менен байлангандар», мына ушулар болсо бейиш калкы. Ал жерде түбөлүк калышат. Бул эки топтун мисалы; көр жана дүлөй менен көргөн жана уккан (адам) сыяктуу. Мисал катары булар бири-бири менен теңби? Дагы эле кеңеш алып, ойлонбойсуңарбы? (Худ Сүрөсү, 21-24)
Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми кеңеш алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)
Коомдо «терең ойлонуу - көп жакшы эмес» деген сыяктуу кеңири таралган бир ишеним бар. Ал тургай адамдардын кээ бирлери бири-бирине «көп ойлонбо, акылыңдан адашасың» деп эскертишет. Албетте бул – динден алыс жашаган адамдар ойлоп тапкан негизсиз бир ой гана. Адам ойлонуудан эмес, туура эмес ойлонуу, бош элестетүүлөр жана азгырыктарга кабылуудан качынышы зарыл.
Аллах жана акырет ишеними күчтүү болбогон, Куранды жакшы билбеген адамдар жакшы жана сулуулук жөнүндө эмес, туура эмес ойлонгондуктан, ой жүгүртүү натыйжасында чындыгында көп пайдалуу жыйынтыктар чыкпайт. Мисалы, дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин, бир күн келип өлөөрүн ойлонушат, бирок мунун натыйжасында чоң бир көңүл чөгүүгө кабылышат. Себеби, дүйнөдө Аллахтын буйруктарын аткарбастан өткөргөн бир жашоонун акыретте аларга жаман бир жыйынтык даярдаганын жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезишет. Бир бөлүгү болсо «өлгөндө жок болом» деп ишенгендиктен көңүлү чөгөт.
Чындыгында болсо, Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, акылдуу бир адам дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин ойлонгондо, такыр башка жыйынтыктарга барат. Баарынан мурун дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин түшүнүүсү акыреттеги чыныгы жана түбөлүк жашоосу үчүн болгон аракетин жумшоосуна себеп болот. Бул дүйнөдөгү жашоонун эртеби кечпи бүтөөрүн билгендиктен, бул дүнүйөлүк пайда жана эсептерге алданбайт. Абдан тобокелдүү болот. Бул өткөөл жашоодо ишке ашкан эч кандай окуя аны капа кылбайт. Дайыма түбөлүк жана сулуу бир жашоого жетүүнүн үмүтү менен жашайт. Дүйнөдөгү нематтардан (жакшылыктардан) жана сулуулуктардан да абдан көп бакыт алат. Себеби Аллах дүйнөнү адамдарды сыноо үчүн кемчиликтүү кылып жараткан. Бул кемчиликтүү дүйнөдө да адамга жаккан көптөгөн сулуулуктар бар болгон болсо, бейиштеги сулуулуктар кыялдана албай турган деңгээлде сонун деп ойлонот. Ар бир көргөн сулуулуктун акыретте чыныгы абалын көрүүнү үмүт кылат. Жана булардын баарын терең ойлонуу менен аңдап-түшүнөт.
Ошол себептен, бир адамдын «аягында чындыктарды көрүп көңүл чөгүүгө кабылсам» деп кооптонуусу жана мындан улам ойлонуудан качынышы ал үчүн чоң зыян алып келет. Себеби Аллахка болгон ыйманы негизинде дайыма үмүт ичинде болгон жана позитивдүү ойлонгон бир адам үчүн көңүл чөгүүгө себеп боло турган эч кандай окуя жок.
Көп адамдар ойлонуудан, бир нерселер жөнүндө мээ иштетүүдөн алыс болуу менен көптөгөн милдеттерден кутулам деп ойлойт. Ал тургай дүйнөдө мындай кылуу менен көптөгөн нерселерден өзүн «куткарышы» мүмкүн. Бирок, адамдардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири ойлонбостон Раббибизге болгон милдеттерден кача алам деп ойлоолору болуп саналат. Адамдардын өлүмдү жана өлүмдөн кийинки жашоону ойлонбой койууларынын негизги себеби – ушул. Себеби бир адам бир күнү өлөөрүн ойлонсо жана өлүмдөн кийин түбөлүк жашоо бар экендигин эстесе, болгон күчү менен өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн аракет кылыш керек болот. Бирок, акыреттин бар экендигин ойлонбогон учурда мындай милдеттен кутулам деп ойлоо менен өзүн-өзү алдайт. Бирок бул чоң алдануу, жана адам бул дүйнөдө ойлонуу менен чындыкты таппаса, өлүм менен бирге өзү үчүн эч кандай качууга жол жок экендигин түшүнөт. Бул чындык аяттарда мындайча кабар берилет:
Ал, өлүм мастыгы бир чындык катары келип (адамга) «Мына ушул сенин алыстан качкан нерсең» (деп айтылган учур). Сура (Сур) да үйлөндү. Мына ушул эскертүү (ишке ашкан) күн. (Каф Сүрөсү, 19-20)
One of the most important factors that hinder men from deep thought is the overload of their daily affairs. |
Адамдардын көбү бүтүндөй жашоосун бир «жан талашуу» ичинде өткөрүшөт. Белгилүү бир жашка келгенден баштап бир жумушта иштөөсү, өзүн жана үй-бүлөөсүн багышы керек болот. Муну «жашоо күрөшү» деп аташат жана бул күрөштө бир жерден башка жерге жан талашып чуркоодон башка иштерге убакыт калбайт деп арызданышат. Мындай сөз жүзүндө «убакыт жок» учурунда ойлонуу болсо – алар убакыт бөлө албаган бир нерсе. Натыйжада күнүмдүк жашоосу каякка сүйрөсө, ошол тарапка сүйрөлө беришет. Мындай жашоо ичинде айланасында болуп жаткан окуяларга да маани бербей баштайт.
Чындыгында болсо адамдын бул дүйнөдө максаты бир жерден бир жерге чуркап жүрүп, берилген жашоо мөөнөтүн, убакытты коротуу болбошу керек. Негизги маселе – дүйнөнүн чыныгы жүзүн байкоо жана ошого жараша өмүр өткөрүүдө. Эч бир адамдын жалгыз максаты – акча чогултуу, жумушка баруу, университетте окуу, үйлүү болуу эмес. Албетте адам жашоосунда буларды кылышы зарыл, бирок бардык бул нерселерди кылып жатып акылынан чыгарбашы керек болгон маанилүү бир нерсе бар: Ар бир адамдын дүйнөгө жаратылуу максаты – Аллахка кулчулук кылуу, Аллахтын ыраазычылыгы, кечирими жана бейишине жетүү үчүн аракет кылуу. Бул максаттан тышкаркы бардык аракеттер же иштер жалаң гана адамдын чыныгы максатына (т.а. Аллахтын ыраазычылыгына) жетиши үчүн бир «инструмент» гана боло алат. Инструментти максат кылып алуу болсо – шайтан адамдарды ичине түшүргөн чоң бир жаңылыштык.
Бирок, ойлонбостон жашаган бир адам бул инструменттерди өзүнө максат кылып алышы толук мүмкүн. Күнүмдүк жашоодон бир мисал берсек, адамдын иштеп, коомго пайдалуу нерселер өндүрүшү шек жок жакшы бир аракет. Аллахка ыйман келтирген бир адам мындай ишти кубануу менен жасайт жана мунун үзүрүн бул дүйнөдө да, акыретте да Аллахтан күтөт. Бирок башка бир адам ушул эле жумушту Аллахты унутуу менен, жалаң гана бул дүйнөгө багытталган кээ бир кызыкчылыктар үчүн, адамдарга мактануу үчүн бир чоң орунга жетүү ниети менен кылып жаткан болсо, дал ушундай учурда жаңылган болот. Жана акыретте чындыктарга жолукканда, мунун натыйжасында сүрөттөлө албай турган бир бушаймандыкка кабылат. Аллах дүйнө жашоосуна сүңгүп кеткендер үчүн бир аятында мындай дейт:
Силерден мурдакы (мунафыктар (эки жүздүүлөр) жана каапырлар) сыяктуу. Алар силерден күч-кубат жагынан күчтүүрөөк, мал-мүлк жана бала-бакыра жагынан көбүрөөк эле. Алар өз кызыкчылыгы үчүн колдонууну тандашты; силерден мурдакылар өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга багытталган сыяктуу, силер да өз кызыкчылыгыңар үчүн пайдаланууну көздөдүңөр жана силер да (дүйнөгө жана жыргалга) баткандар сыяктуу баттыңар. Дал ошолордун дүйнөдө акыретте бардык кылгандары (амалдары) бошко кетти жана дал ошолор– зыян көрүүчүлөр. (Тообо Сүрөсү, 69)
Адамдар кээ бир нерселерди алгачкы жолу көргөндө, андагы укмушту байкашы мүмкүн жана бул алардын ой жүгүртүшүнө, көргөн нерсени изилдеп үйрөнүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Бирок белгилүү бир убактан кийин бул нерсени көнүмүш көз менен карап калат жана андан таасирленбей калат. Өзгөчө ар күнү жолуккан бир жандык же окуя эми алар үчүн «катардагы» бир нерсе абалына келет.
Мисалы, кээ бир медицина факультетинин студенттери алгачкы жолу өлгөн кишинин денесин көргөндө, мындан абдан таасирленишет. Же алгачкы жолу бир оорулуу көз жумганда, бул окуя аларды терең ойго чөмүлтөт. Балким бир канча мүнөт мурун тирүү, күлүп, пландар түзүп, сүйлөп, бактылуулук сезген бир адамдын бир заматта жансыз, бир буюм сыяктуу денесине кабылышат. Алгачкы жолу аутопсия кылуулары (денени ачып изилдөө) үчүн алдыларына жансыз дене келгенде, бул жансыз денеде көргөн бардык нерсени ойлонушат. Мисалы, бул денинин бат эле чирип баратышы, ичинен чыдатпаган бир жыт чыгышы, жашап жатканда көзгө жагымдуу болгон чачтардын тийгенге да жийиркенитүү абалга келиши ойлоруна келген нерселерден. Мунун артынан мындай деп ойлонушат: Бардык адамдардын денелери бир эле заттардан турат жана бүт денелер сөзсүз ушундай нерсеге кабылат, башкача айтканда, өздөрү да бир күн ушундай абалга келишет.
Бирок бир канча жансыз дене көргөндөн кийин же бир канча оорулуу өлгөндөн кийин бул адамдар үстүндө көнүшүү (үлфет) пайда боло башташы мүмкүн. Эми көргөн жансыз денелерди, ал тургай оорулууларды бир буюм сыяктуу көрүп башташат.
Бул абал албетте докторлорго эле тиешелүү нерсе эмес. Адамдардын көбү үчүн жашоолорунун көптөгөн бөлүгүндө ушундай эле абал бар. Мисалы, оор шарттарда жашаган бир адамга кокусунан жыргал, бейпил бир жашоо сунулганда, көргөн жана ээ болгон бардык нерселердин бир немат (Аллахтан жакшылык) экендигин түшүнөт. Жаткан төшөгүнүн жакшыраак болушу, үй терезесинин кооз жаратылышка карашы, каалаган нерсесин алып жей алышы, кышында үйүн каалагандай ысыта алышы, бир жерден бир жерге машинасы менен оңой жете алышы жана башка көптөгөн нерселер бул адам үчүн нематтар болот. Мурдакы кезин эстеген сайын булардын ар бирөөсүнүн кубанычын жашайт. Бирок туулгандан бери мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон бир адам булардын наркын, баалуулугун анчалык ойлонбошу мүмкүн. Ойлонмойунча бул сулуулуктарга суктануусу, мүмкүн эмес.
Ой жүгүрткөн адам үчүн туулгандан бери мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушу же кийин ээ болушу арасында айырма жок. Себеби эч качан ээ болгон нерселерине көнүмүш көз менен карабайт. Ар бирин ал үчүн Аллах жараткандыгын, Аллах кааласа буларды андан кайра алышы мүмкүн экендигин билет. Мисалы, момундар өздөрүн ташый турган унааларга мингенде мындай дуба кылышат:
... Буларды биз үчүн мойун сундурган (Аллах) кандай Улук, болбосо биз муну (өз кызматыбызга) колдоно албайт элек... (Зухруф Сүрөсү, 13)
Жана биз, албетте, Раббибизге кайтып барабыз. (Зухруф Сүрөсү, 14)
Бишка бир аятта болсо момундардын бакчаларына киргенде, Аллахты аруулоо менен «... МашаАллах, Аллахтан башка күч-кудурет жок...» (Кехф Сүрөсү, 39) деп айтышаары билдирилет. Бул – алардын ар качан бакчаларына киргенде бул бакчаны жараткандын жана кармап тургандын Аллах экендигин ойлонууларынын бир көрсөткүчү. Ойлонбогон бир адам болсо сонун бир бакчаны алгачкы жолу көргөндө, андан таасирлениши мүмкүн, бирок кийинчерээк бул жер ал үчүн барган сайын көнүмүш бир жер абалына келип баштайт. Ичиндеги сулуулуктарга болгон таң калуусу жоголот. Кээ бир адамдар болсо эч ойлонбогондуктан, башынан эле бул нематтарды байкашпайт. Аларга берилген нематтарды «көнүмүш», «болушу керек болгон» нерселер сыяктуу кабыл алышат. Ошондуктан, булардагы кооздуктардан бакыт ала алышпайт.
Мурда да белгиленгендей, адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн ойлонбошу жана капылет калып жашашы адамдын ой жүгүртпөшү үчүн бир себеп боло албайт. Себеби ар бир адам өз башына ээ, көз-карандысыз бир жандык жана Аллах алдында керт башына жооптуу. Ушуну унутпоо керек: Аллах адамдарды дүйнө жашоосунда сынап жатат. Башка адамдардын көңүл кош мамилеси, ой жүгүртпөгөн, чындыктарды байкабаган адамдар болушу да - көбүнчө бул сыноонун бир бөлүгү. Жана чын көңүлдөн ойлонгон бир адам «адамдардын көпчүлүгү ойлонушпайт жана бул нерселерди байкашпайт, эмне үчүн жалгыз мен ойлонойун» дебейт. Ал тургай адамдардын көбүнүн ичинде болгон капылеттигин ойлонуп андан сабак алат жана алардын бири болуп калуудан Аллахка корголонот. Башка адамдар ичинде болгон абал ал үчүн бир себеп боло албашы ачык. Себеби Аллах Куранда адамдардын көпчүлүгүнүн капылеттик ичинде экендигин жана ыйман келтирбегендиктерин көптөгөн аяты аркылуу билдирет. Бул аяттардын кээ бирлеринде мындай буйурулат:
Сен абдан кааласаң да, адамдардын көбү ыйман келтиришпейт. (Йусуф Сүрөсү, 103)
Алиф, Лам, Мим, Ра. Булар – Китептин аяттары. Жана сага Раббиңден түшүрүлгөн чындык. Бирок адамдардын көбү ыйман келтиришпейт. (Рад Сүрөсү, 1)
Болгон анттары менен: «Өлгөндү Аллах тирилтпейт» деп ант ичишти. Жок; бул – Анын үстүндөгү чыныгы убада, бирок адамдардын көбү билишпейт. (Нахл Сүрөсү, 38)
Ант болсун муну алардын арасында сабак алып-ойлонушсун деп ар кандай түрдө түшүндүрдүк. Бирок адамдардын көбү нашүгүрдүк кылышып (шүгүр кылышпай), көшөрүштү. (Фуркан Сүрөсү, 50)
Аллах башка аяттарында адамдардын көпчүлүгүн ээрчип жолдон адашкан, жаратылуу максатын ойлонбостон, Аллахтын буйруктарын аткарбаган адамдар жолуга турган натыйжасын мындайча билдирет:
Ичинде алар (мындайча) жалбарышат: «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка салих бир амал кылалы.» Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак алганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми залимдер үчүн бир жардамчы жок. (Фатыр Сүрөсү, 37)
Ошол себептен ар бир адам ой жүгүртүүсүнө тоскоолдук кылган себептерди жойуу менен, чын жүрөктөн Аллах жараткан ар бир окуя жана ар бир жандык жөнүндө ой жүгүртүүсү, бул ойлордон өзү үчүн бир сабак чыгарышы зарыл.
Мындан кийинки бөлүмдө бир адам күнүмдүк жашоодо жолуга турган кээ бир окуялар жана жандыктар жөнүндө кандай ой жүгүртүшү мүмкүн экендиги жөнүндө сөз кылынат. Максатыбыз – бул жерде сөз кылынган нерселердин бул китепти окугандарга жол көрсөтүүчү болушу жана мындан кийинки жашоолорун «ой жүгүрткөн жана ойлордон кеңеш жана сабак алган» адамдар катары өткөрүшү.