Бул дүйнөгө келээрден мурда жок экениңизди жана жоктуктан бир учурда бар болуп, жаралганыңызды ойлондуңуз беле?
Бөлмөңүздө ар күнү көргөн гүлүңүздүн капкара, ылай топурактан кандайча болуп сонун жыт жана көркөм түстүү абалда чыккандыгын ойлондуңуз беле?
Чөйрөңүздө учуп сиздин тынбай тынчыңызды алып жаткан чымындын канаттарын кандайча биз көрө албай турган ылдамдыкта кагып жаткандыгын ойлондуңуз беле?
Банан, дарбыз, коон, апельсин кабыктарынын сапаттуу таңгак (орогуч) милдетин аткаргандыгын, бул мөмөлөрдүн даам жана жытынын сакталышы үчүн атайын ушундай орогучка оролгондугун ойлондуңуз беле?
Түнкүсүн сиз уктап жатканда, кокусунан болчу бир жер титирөөнүн сиз жашаган шаарды, үйүңүздү, жумуш ордуңузду жер менен жексен кылышы, дүйнөдө ээ болгон бардык нерсеңизди бир канча секунда ичинде жоготушуңуз мүмкүн экендигин ойлондуңуз беле?
Жашооңуздун бат ылдамдык менен өтүп кетээрин, бир күн алсыз болуп картайышыңызды, сулуулугуңуз, ден-соолугуңуз, күч-кубатыңызды акырындан жоготооруңузду ойлондуңуз беле?
Бир күн, эч күтпөгөн бир учурда Аллах милдеттендирген өлүм периштелерине жолугуп, бул дүйнө менен кош айтышаарыңызды ойлондуңуз беле?
Адамдардын кыска бир мөөнөттө артка калтыра турган бир дүйнөгө эмне үчүн мынчалык берилип, байлангандыгын жана негизги иш-аракетинин акыретке багытталышы керек экендигин ойлондуңуз беле?
Адам – Аллах жараткан жана ой жүгүртө алуу мүмкүнчүлүгүн берген бир жандык. Бирок, көптөгөн адамдар бул абдан маанилүү мүмкүнчүлүктү максатка ылайык колдонушпайт. Ал тургай, «эч ойлонбойт» деп айтууга боло турган адамдар да бар.
Чындыгында болсо, ар бир адам өзү да элестете албаган ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Адам бул мүмкүнчүлүгүн колдонуп баштаганда, ал күнгө чейин байкабаган көптөгөн чындыкты көрөт. Терең ой жүгүрткөн сайын ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгү өсөт жана бул нерсе бүт адамдарга тиешелүү. Эң негизги нерсе – адамдын «ойлонушу (ой жүгүртүшү) зарыл экендигин» байкоосу.
Колуңуздагы бул китептин жазылуу максаты - «талап кылынган багытта ой жүгүртүүгө» чакыруу жана «талап кылынган багытта ой жүгүртүүнүн» жолдорун көрсөтүү. Себеби, ойлонбогон адам чындыктардан толугу менен алыста калат, жаңылуулар жана туура эмес нерселер ичинде өмүрүн өткөрөт. Мунун натыйжасында дүйнөнүн жаратылуу максатын жана өзүнүн бул дүйнөгө келүү максатын аңдай албайт. Чынында болсо, Аллах бардык нерселерди бир максат менен жараткан. Бул чындык Куранда мындайча билдирилет:
Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды бир «ойун жана алаксуу» болсун деп жараткан жокпуз. Биз аларды жалаң гана чындык (хак) менен жараттык. Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Духан Сүрөсү, 38-39)
Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле? (Мүминун Сүрөсү, 115)
Демек, ар бир адам алгач өзүнүн, андан кийин ааламда көргөн нерселердин жана жашоосу бойунча жолуккан ар бир окуянын жаратылуу максатын ойлонушу зарыл. Ойлонбогон бир адам чындыктарды өлгөндөн кийин гана, Аллахтын алдында эсеп берип жатканда түшүнөт, бирок эми абдан кеч калган болот.
Аллах Куранда ар бир адамдын эсеп күнү ойлонуп, чындыкты көрөөрүн мындайча билдирет:
Ал күнү тозок да жакындатылган болот. Адам ал күнү ойлонуп-эстейт, бирок (бул) эстөөдөн ага эмне пайда? (Ал) Айтат: «Аттиң, жашоом үчүн (мурдатан бир нерселер) алып келген болгонумда.» (Фежр Сүрөсү, 23-24)
Аллах бизге дүйнө жашоосунда мүмкүнчүлүк берип турганда, ой жүгүртүү жана алардан жыйынтык чыгаруу менен чындыктарды көрүү акырет жашообузда бизге чоң бир пайда алып келет. Ошол себептен, Аллах элчилери жана китептери аркылуу бардык адамдарды өздөрүнүн жана бардык ааламдардын жаратылуусу жөнүндө ой жүгүртүүгө чакырат. Аятта мындай баяндалат:
Өздөрүнүн нефстери жөнүндө ойлонушпайбы? Аллах асмандарды, жерди жана бул экөөсү арасындагы нерселерди чындык менен гана, жана белгиленген бир мөөнөт (ажал) менен жараткан. Чындыгында, адамдардын көбү Жаратуучуларына жолугаарына ишенишпейт. (Рум Сүрөсү, 8)