Бул Нерселер Жөнүндө Ой Жүгүртүү Керек (3/3)

Дүйнөнүн Бардык Тарабындагы Ачарчылык Жана Жакырчылык Ойго Салган Нерселер

Гезит Жана Телевизор Кабарларында Көп Көзгө Урунган Кабарлардын Бири – Адамдар Арасындагы Адилетсиздик.

açlık

Дүйнөнүн бир тарабында абдан бай жана жашоо деңгээли абдан жогору өлкөлөр, бир тарапта болсо жей турган тамагы, эң жөнөкөй оорусун дарылоого да дарысы жок, кароо жоктуктан улам өлгөн көптөгөн адамдар жашап жатат. Бул абал көрсөткөн эң негизги чындык – дүйнөдө зулумдук системасынын өкүм сүрүп жаткандыгы. Себеби бай бир канча өлкө үчүн кыйналып жаткан адамдарды куткаруу абдан жеңил нерсе. Мисалы, Африкада ачарчылыктан өлгөн адамдарга жакын жерде ал жерде табылган алмаз кендери менен байыган жана абдан өнүккөн бир маданиятты жашаган коомдор бар. Жакырчылык жана ачарчылык ичинде жашаган жана өлүмгө ташталган бул адамдарды көчүрүү же жашаган жеринде аларды муктаж болгон нерселери менен камсыз кылуу абдан жеңил болгонуна карабастан, ондогон жылдар бойу бул адамдарга жардам берүү бойунча чыныгы натыйжалуу чечүү жолу изделген жок. Бул адамдарга жардам берүү бир канча адамдын колунан келе турган иш эмес. Маселени түп-тамырынан чечүү үчүн көптөгөн адамдардын жардам бериши зарыл. Бирок муну колдогон адам саны – дүйнөдө абдан аз.

Ошол эле учурда дүйнөнүн ар кайсы тарабында миллиондогон акчалар ар кандай себептер менен ысырап кылынууда. Бир тарапта тамактын даамын жактырбай, таштанды таштаган адам менен, бир тарапта ачкадан өлгөн адамдын болушу – дүйнөдө дин ахлагынын жок болушунун натыйжасы болгон зулум чөйрөсүнүн бар экендигинин апачык далили.

Буларды байкаган адам мындай зулумдукту жоготуунун жалгыз жолунун Аллах буйурган ахлакты жашоо экендигин ойлонот. Себеби Аллахтан корккон жана дайыма ариети менен аракет кылган адамдар мындай зулумдукка жана адилетсиздикке жол бербейт. Эч кандай мактанычка, бой көтөрүүгө жол бербестен, керек болсо дүйнөнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен муктаж болгон адамдарга ылдам, так жана маселени түп-тамырынан чечүүчү жолдор менен жардам беришет.

Кедейлерге жана муктаждыкта болгондорго жардам берүүнүн Аллахтан жана акырет күнүнөн коркуп-сактанган адамдарга тиешелүү бир өзгөчөлүк экендиги аяттарда мындай баяндалат:

Жана алардын мал-мүлктөрүндө жакыр жана кедейлер үчүн белгилүү бир акы бар. Алар дин (кыямат) күнүн тастыкташат. Раббилеринин азабынан (дайыма) коркуп турушат. (Меариж Сүрөсү, 24-27)

Өздөрү аны (тамак-ашты) жакшы көргөнүнө карабастан, жакырга, жетимге жана туткундарга тамак беришет. «Биз силерди жалаң гана Аллахтын жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандырып жатабыз. Силерден акы же «рахмат» айтууңарды да күткөн жокпуз. Себеби биз коркунучтуу, оор күн себебинен Раббибизден коркобуз.» (Инсан Сүрөсү, 8-10)

Жакырларга тамак, жардам бербей койуу болсо – Аллахтан коркпогон, динсиз адамдардын өзгөчөлүгү. Аяттарда мындай баяндалат:

(Аллах буйрук берет:) «Аны кармагыла, ылдам байлагыла. Андан кийин алоолонгон оттордун ичине таштагыла. Андан кийин аны узундугу жетимиш арш болгон бир чынжырга байлап ал жакка киргизгиле. Себеби ал Улуу Аллахка ыйман кылбайт эле. Жакырга тамак берүүгө (элди) үндөбөйт эле. Ошондуктан бүгүн ага эч кандай ысык (жакын) дос жок. Ириң жана кан аралашкан (тамак)дан башка бир тамак жок. Муну ката кылгандардан башкасы жебейт. (Хакка Сүрөсү, 30-37)

Дүйнө Жүзүндө Болуп Жаткан Кырсыктар Ойго Салган Нерселер

Адамдар телевизор жана гезиттерде көп жолуктурган кабарлардын бири – кырсык жөнүндөгү кабарлар. Жер бетинде адамдар ар дайым бир кырсыкка кабылышы мүмкүн. Эч күтпөгөн бир учурда күчтүү жер титирөө болушу мүмкүн, өрт чыгышы мүмкүн, сел болушу мүмкүн. Бул кабарларды көргөн бир адам Аллахтын бардык нерсеге күчү жетээрин, кааласа бир шаарды астын-үстүн кылып салаарын ойлонот. Буларды ойлогондо, адамдын Аллахтан башка корголоно турган жана жардам сурай турган бир зат жок экендигин түшүнөт. Эң бышык имараттар, эң алдыңкы технологиялар менен камсыздалган шаарлар да Аллахтын азабынан кутула албайт, бир заматта жер менен жексен болушу мүмкүн.

afetler

1. A flood disaster in Honduras. , 2. disaster in Mali-Gao caused by gusty winds, 3. A town of the coast inundated by river floods 4. sAnother inundated town, 5. A devastated town

Кырсык кабарларын окуган адам, мындан тышкары, Аллахтын бул шаарга кырсыкты бир хикмат (терең акылдуу сырлар) менен келтиргенин ойлонот. Аллах Куранда адашкан коомдорду сабак алып ойлонушсун же кылгандарынын жазасын алышсын деп дүйнөдө да азапка дуушар кылганын билдирүүдө. Демек, бул коом да Аллах ыраазы болбой турган бир ахлак менен жашап жаткандыгы үчүн, балким Аллахтын азабына дуушар болгон болушу мүмкүн. Же Аллах бул адамдарды дүйнөдө ар кандай кыйынчылыктар менен сынап жаткан болушу да мүмкүн.

afetler

An earthquake lasting a few seconds is enough to destroy a whole city. Those who think that these scenes are 'works of nature' are mistaken. This is because nature, an incredibly ill-defined entity, just as all other beings, under the command of Allah.

Бул ыктымалдуулуктарды ойлонгон адам бардык мындай кырсыктардын өз башына да келип калышынан коркот жана туура эмес иштери үчүн Аллахка тообо келтирип, кечирүүсүн суранат.

Эч бир адам же эч бир коом башына келе турган азапты, Аллах кааламайынча, токтото албайт. Дүйнөнүн эң бай жана эң күчтүү өлкөсү болсун, географиялык жактан эч кандай риск жок жер болсун – айырмасы жок, бул абал баарына тиешелүү. Эч бир өлкөнүн башына келе турган бир кырсыкты токтото албастыгын Аллах Куранда мындайча билдирет:

Ал өлкөлөрдүн калкы түнкүсүн уктап жатканда, аларга оор азабыбыз келбейт деген ишенимде беле? Же ал өлкөлөрдүн калкы күндүз ойноп-күлүп жүрүшкөндө, аларга оор азабыбыз келбейт деген ишенимде беле? (Же) Алар Аллахтын тузагынан (түшпөйбүз деген) ишенимде беле? Аллахтын бир тузак курушунан зыянга жолуккан бир коомдон башкасы (акылсыздык менен) ишенимде болбойт. (Бардык бул нерселер) Мурдакылардан кийин жер жүзүнө мурасчы болгондорду туура жолго жеткирүү(гө же ачыкка чыгарууга жетпей)би? Эгер Биз кааласак, аларга күнөөлөрү себебинен бир кырсык жеткирмекпиз; жана жүрөктөрүнө мөөр басып коймокпуз, натыйжада алар укпай турган болуп калышаар эле. (Араф Сүрөсү, 97-100)

Кабарларда көп көзгө урунган кабарлардын бири – экономиканын бузулушу. Өзгөчө пайыз менен байланыштуу күн сайын терс, жаман кабарлар чыгат. Пайызды эми токтотууга болбой турганын, бүт экономикага тескери таасир берип жаткандыгын баяндаган кабарларды окуган бир адам арам болгон бир ишти (акчаны пайызга берүү жана алууну) мынчалык кеңири жайылтуунун натыйжасында Аллахтын адамдардын тапкан пайдаларынын берекесин кысып, жооп кылып жаткандыгын ойлойт. Курандын «Аллах пайыздарды жок кылат да, садакаларды көбөйтөт. Аллах күнөөкөр каапырлардын эч бирин сүйбөйт.» (Бакара Сүрөсү, 276) аятында билдиргендей, Аллах пайыздан келген кирешени жок кылып салышы мүмкүн, берекесин азайтышы мүмкүн. Бул чындык башка бир аятта мындай билдирилет:

Адамдар мал-мүлкүм көбөйсүн деп пайызга берген акчасы Аллах кабатында көбөйбөйт. Бирок Аллахтын жүзүн (ыраазычылыгын) каалап, берген зекет болсо – (соопторун жана кирешелерин) эсе эсе көбөйткөндөр мына ошолор. (Рум Сүрөсү, 39)

Демек, ой жүгүрткөн бир адам үчүн пайыз менен байланыштуу кабарлар да – Аллахтын аяттарынын адамдардагы көрүнүшүн көрсөткөн мисалдардан.

Кооз Жерлер Жөнүндө Ойлонуу

şelale

Телевизор программаларында, гезит жана журналдарда, албетте, Аллах жараткан кооздуктарды көрүү жана булар жөнүндө тефеккүр кылууга (терең ойлонууга) болот. Бул жерлерде орун алган кооз көрүнүш, кооз бир үй, кооз бир бакча же деңиз жээгин кароо же мындай жерлерде болуу ар бир адамга жага турган нерсе. Бул көрүнүштөр баарынан мурун адамга бейишти элестетет. Ыйман келтирген бир адам дүйнөдө да мынчалык чоң нематтар берген, мынчалык сонун кооздуктар жаратып, адамдарга көрсөткөн Аллахтын, албетте бейиште салыштырууга болбой турган сонун жерлер жаратаарын дагы бир жолу эстейт.

Бирок буларды көргөн адамдын акылына мындай нерселер да келет: бул дүйнө бир сыноо мекени болгондуктан, дүйнөдө жаратылган ар бир нерсенин ар кандай кемчиликтери бар. Мисалы, телевизордо көрсөтүлгөн бир жерде бир топ күн эс алууга барган адам мындай кемчиликтерди байкашы мүмкүн. Абасынын ашыкча нымдуу болушу, деңиздин жакпай турганчалык көп туздуу болушу, катуу ысык, чымындар мындай кемчиликтердин бир канча мисалы. Күнгө күйүү жана мунун натыйжасында оору сезүү, саякат агенттигинин уюштуруу иштеринде кемчиликтер, ошол жерде эс алып жүргөн адамдардын жаман характерлүү болуп тажатышы сыяктуу бул дүйнөгө тиешелүү кыйынчылык жана кааланбаган бир абал болушу мүкүн.

Бейиште болсо бул сулуулуктардын чыныгы көрүнүштөрү болот жана адамды тынчсыздандырган эч нерсе болбойт же көңүлгө жакпаган бир да маек болбойт, жаман сөз укпайт. Адам дүйнөдө жолуккан ар бир кооздукта бейишке сагыныч пайда болот. Дүйнөдө Аллах ага берген нематтар үчүн дайыма шүгүр кылат, булардын баарынын Аллах мээримдүүлүк менен берген нематтар экенин ойлоп, бул жакшылыктардан ырахат алат. Бирок чыныгы кооздуктардын бейиште экендигин билгендиктен, өзүн дүйнө сулуулуктарына алдатуу менен акыретти унутуп койбойт. Түбөлүк кооздуктарга ээ боло ала турган Аллахтын бейишине кирүү мүмкүнчүлүгүнө жете ала турган негизде жашоосун өткөрөт.

Илимий Бир Журналда Заттын Атомдордон Тураары Жөнүндөгү Илимий Чындык Эмнелерди Ойго Салат?

madde, atom

Have you ever thought that the building blocks of your watch, the food you eat, the building in which you live, your car, your glasses, your pet, the flowers in your garden, your computer, the seas, the sky and your body are the same ATOMS?

Адам көргөн, билген нерселери жөнүндө ой жүгүртмөйүнчө, терең чеберчиликтерди байкабайт, канчалык таң калаарлык бир чөйрөдө жашап жаткандыгын байкай албайт. Ошондуктан, ыйман келтирген ар бир адам эч токтобостон, Аллах жараткан нерселер жана окуялар жөнүндө ой жүгүртөт. Булар кээде көп адамдар билген нерселер болушу да мүмкүн, бирок ал адам бул нерселерден адамдардан башка жыйынтыктар чыгарышы мүмкүн.

Мисалы, ааламдагы жандуу-жансыз ар бир нерсенин негизги бөлүкчөсү атомдор экени жалпысынан көп адамдар билген бир маалымат. Башкача айтканда, көп адамдар колундагы китептин, отургучтун, ичкен суусунун жана чөйрөсүндө көргөн бардык нерселердин атомдордон тураарын билет. Бирок мунун ары жагын ойлонуу менен Аллахтын жогорку күч-кудуретине күбө болгондор болсо – жалаң гана ариеттүү адамдар.

Мындай бир адам бул жөнүндө бир кабар көргөндө, төмөнкүлөрдү ойлонот: атомдор – жансыз нерселер. Атомдор сыяктуу жансыз нерселер кантип чогулушуп, көрө ала турган, уга ала турган, уккандарын анализдей ала турган, уккан музыкадан ырахат ала турган, ойлоно ала турган, чечим ала алчу, сүйүнө ала турган же кайгыра ала турган адамды пайда кылышты?

Адам аны атом тобунан турган башка жандыктардан толугу менен өзгөчө кылган бул өзгөчөлүктөргө кантип ээ болду?

Албетте, мындай адамга тешелүү өзгөчөлүктөрдү адамга жансыз жана акылсыз атомдор бере алышпайт. Адамды мындай өзгөчөлүктөргө ээ бир рух менен кошо жаратуучунун Аллах экендиги – айдан ачык бир чындык. Жана мунун аркасынан адамдын акылына Аллахтын бир аяты келет. Аятта мындай баяндалат:

Ал – жараткан ар бир нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпактарын бир маңыздан, болгону бир суудан кылды. Кийин аны «оңоп бир калыпка келтирди» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Сежде Сүрөсү, 7-9)

Адам Терең Ой Жүгүртүү Менен Жеткен Кээ Бир Чындыктар...
Бардык Нерселердин Адам Үчүн Жаратылганын Эч Ойлондуңуз Беле?

Аллахка ыйман келтирген бир адам ааламда бар болгон жандуу-жансыз бардык нерселерди жана системаларды терең маани берип анализдегенде, булардын баарынын адам үчүн жаратылганын даана байкайт. Эч бир нерсенин кокустуктан жаралбаганын, Аллахтын бардык нерселерди адамдын жашоосуна эң ыңгайлуу абалда жаратканын түшүнөт.

Мисалы, адам дайыма эч кыйналбастан, дем ала алууда. Алган аба мурунду да ачыштырбайт, башты да оорутпайт. Себеби абадагы газдардын катышы адам денесине эң ылайыктуу көлөмдө куралган. Муну ойлонгон адамдын акылына дагы бир нерсе келет: эгер атмосферадагы кычкылтек азыркы абалга караганда, бираз көбүрөөк же бираз азыраак болгондо, жер бетинде жашоонун жок болушуна себеп болмок. Кээде аба аз бир жерде калганда дем алууда канчалык кыйналганын ойлойт. Ыймандуу адам бул жөнүндө ойлонгон сайын тынымсыз Раббибизге шүгүр кылат. Себеби дүйнө атмосферасы да башка көптөгөн планетадагы сыяктуу оор дем ала алчу абалда болушу мүмкүн экендигин, бирок андай эмес экендигин жана дүйнө атмосферасынын миллиарддаган адамдын эч кыйынчылыксыз дем ала алчу абалда, эч кемчиликсиз бир тең салмактуулук жана система ичинде жаратылганын көрөт.

Жашап жаткан жер планетасы жөнүндө ойлонууну уланткан адам Аллах жараткан суунун адам жашоосунда канчалык маанилүү экендигин ойлонот. Акылына төмөнкүлөр келет: адамдар көбүнчө узак убакытка суусуз калганда гана суунун баркын билишет. Чындыгында болсо суу жашообуздун ар бир секундасында муктаж болгон нерсебиз. Мисалы, клеткаларыбыз, денебиздин бардык чекитине жеткен каныбыздын чоң бөлүгү суудан турат. Эгер мындай болбогондо, кандын агышы начарлап, тамырларыбызда агышы оор болуп калмак. Суунун оңой агуучу касиети биздин денебиз үчүн эле эмес, өсүмдүктөр үчүн да абдан маанилүү. Ушундай касиети негизинде суу жалбырактардын ипичке тамырларынан өтүү менен жалбырактын эң үстүңкү учтарына чейин жете алат.

Океандардагы ири суу массалары болсо дүйнөбүздүн жашоого мүмкүн бир планета болушун камсыз кылууда. Эгер жер жүзүндөгү суулардын кургактыкка катышы төмөнүрөөк болгондо, анда бардык жер чөлгө айланмак жана жашоо жок болмок.

Буларды ойлонгон ариеттүү бир адам дүйнө жүзүндө мындай кемчиликсиз бир тең салмактуулуктун курулушунун, албетте, кокустук натыйжасы эмес экендигин толук түшүнөт. Бардык бул нерселерди көрүү жана ойлонуу ага жогорку күч-кудурет ээси болгон Аллахтын бардык нерселерди бир максат менен жаратканын көрсөтөт.

Ошондой эле, бул жөнүндө ойлонгон мисалдардын абдан чектүү экендиги да ойуна келет. Себеби, дүйнөдөгү тең салмактуу системалар менен байланыштуу мисалдарды санап бүтүрө албайбыз. Бирок ойлонгон адам ааламдын ар бир жеринде байкалган тең салмактуулук, кемчиликсиз системаны көрө алат жана мунун жыйынтыгында булардын баарын Аллах адам үчүн жараткандыгын түшүнөт. Аллах бул чындыкты Куранда мындай баяндайт:

Өзүнөн (бир немат катары) асмандарда жана жерде болгондордун баарын силерге мойун сундурду. Шек жок, мында ой жүгүртө алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Жасия Сүрөсү, 13)

Түбөлүктүүлүк Ойго Салган Нерселер

dünya, uzay

The planet and the whole universe in which we live bear all the properties necessary for our lives. Someone who thinks about this will see clearly that Allah created the whole universe for us.

Түбөлүктүүлүк сөзүн дээрлик элдин баары билет, бирок сиз түбөлүктүүлүк жөнүндө ойлондуңуз беле? Аллахка ыйман келтирген бир адам терең ой жүгүрткөн нерселердин бири – ушул.

Аллахтын бейиш жана тозок жашоосун түбөлүк кылып жаратышы – ар бир адам терең ойлонушу зарыл болгон абдан маанилүү нерсе. Муну ойлонгон адамдын акылына төмөнкүлөр келет: бейиштин түбөлүктүү болушу - өлүмдөн кийинки жашоодо берилген эң чоң немат жана сыйлыктардын бири. Себеби, бейиштеги сонун жашоо эч качан түгөнбөйт. Адам дүйнөдө эң көп 100 жыл жашашы мүмкүн. Бирок бейиштеги жашоо катриллион көбөйтүү катриллион жыл бойу, эч түгөнбөстөн уланат.

Буларды ойлогон адамдын ойуна адамдардын түбөлүктүүлүктү түшүнүүсү кыйын экендиги келет. Мындай мисал түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн: жүз триллион адам болсо жана өмүр бойу санаса, алар жеткен сан түбөлүк жашоо менен салыштырмалуу «нөл» сыяктуу аз болуп калат.

Буларды ойлонгон адам мындай жыйынтыкка келет: Аллах ушунчалык улуу илимге ээ болгондуктан, адам үчүн «түбөлүк» болгон нерсе – Анын кабатында бүткөн абалда. Убакыт алгач жаратылгандан баштап, түбөлүктүүлүк башталганга чейинки ар бир окуя, ар бир ой убакыттары жана абалдары менен бирге Анын илими менен аныкталган жана болуп бүткөн.

Адам ушул сыяктуу тозоктун да чындыктан баш тартуучулар үчүн түбөлүк кала турган бир жер экендигин ойлонушу зарыл. Тозокто ар кандай азаптар, кыйноолор жана оор бир жашоо бар. Тозоктогу чындыктан баш тартуучулар тынымсыз физикалык жана руханий кыйноого алынышат. Бул кыйноолор түбөлүк токтобойт, уйку же эс алуу эч болбойт. Эгер тозоктогу жашоонун бир аягы болгондо, бул катриллиондогон жылдан кийин болсо да, тозоктогулар үчүн бир үмүт болмок. Бирок дүйнө жашоосунда кылган күнөөлөрүнүн жазасы – түбөлүк азап:

Аяттарыбызды жалганга чыгаргандар жана аларга карата бой көтөргөндөр – мына ошолор оттун досу; ал жерде түбөлүк калышат. (Араф Сүрөсү, 36)

Ошондуктан, түбөлүктүүлүктү ойлонуу менен аңдап-түшүнүүгө аракет кылуу ар бир адам үчүн абдан маанилүү. Бир адамдын акырет үчүн аракеттерин көбөйтөт, коркуусун жана үмүтүн күчөтөт. Түбөлүк азаптан абдан коркуп күнөөлөрдөн сактануу менен бирге, түбөлүк бейишке жетүү үмүтү менен жашайт

Түштөр Жөнүндө Эмнелерди Ойлонуу Керек?

Ойлонгон бир адам үчүн түштө маанилүү хикматтар бар. Мындай адам уктап жатып көргөн түшүнүн канчалык «чындык сыяктуу» экендигин, ал тургай ойгонгон абалынан эч канча айырмасы жок экендигин ойлонот. Мисалы, түнкүсүн денеси төшөгүндө жатканына карабастан, түшүндө жумуш сапарына чыгып, адамдар менен таанышып, музыка угуп, тамак жеген болот. Ал тургай, тамактын даамын сезип, музыкага бийлеп, болгон окуялардан улам толкунданып, сүйүнүп-кайгырып, коркуп, чарчап, ал тургай ал күнгө чейин эч колдонбогон жана кантип колдонулушун билбеген бир инструментти колдонгон болушу да мүмкүн.

Денеси бир төшөктө эч жакка барбай бир жерде жатканына жана көздөрү жумулуу болушуна карабастан, тынбай ал жаткан жерден башка бир жерлерге тиешелүү көрүнүштөрдү көргөн болот. Демек, көргөн нерсе – көздөрү эмес. Ал жаткан бөлмө бопбош болгонуна карабастан, үндөр уккан болот. Демек, уккан нерсе – кулактары эмес. Бардык нерсе мээсинин ичинде ишке ашкан болот. Бирок бардык түшүндө көргөн нерселери чындыгында бар сыяктуу абдан чындыкка жакын болот. Сыртта эч биринин чыныгы абалы жок болгонуна карабастан, мынчалык чындыкка жакын көрүнүштөрдү адамдын мээсинде жараткан эмне? Адам уктап жатканда, бул нерселерди (түштөрдү) өзү билип жана каалап туруп курбайт. Мээнин болсо өзүнөн-өзү мындай көрүнүштөрдү, окуяларды жаратышы эч мүмкүн эмес. Мээ – протеин молекулаларынан куралган бир бөлүк эт. Мындай бир заттын өзүнөн-өзү сүрөттөлүштөр жаратты, ал тургай ага чейин эч көрбөгөн адам жүздөрүн, жерлерди, үндөрдү пайда кылды деп айтуу – барып турган акылсыздык. Андай болсо уктап жатканда түшкө кирген көрүнүштөрдү көрсөткөн ким? Буларды ойлонгон адам ачык чындыкты дагы бир жолу көрөт: адамдарды уктаткан, уйку учурунда рухтарын денесинен алган, ойгонгондон кийин кайра берген жана уйку учурунда түштөрдү көрсөткөн – Аллах.

rüya

Allah takes back people's selves when their death arrives and those who have not yet died, while they are asleep. He keeps hold of those whose death has been decreed and sends the others back for a specified term. There are certainly Signs in that for people who reflect. (Surat az-Zumar: 42)

Түштөрдү Аллах көрсөткөндүгүн билген бир адам түштүн хикматтарын жана жаратылуу максаттарын да ойлонот. Түш учурунда, ойгоо учурдагы сыяктуу, башынан өткөргөн окуялар жана адамдардын бар экенине толук ишенүүдө. «Баары чындыгында бар», түшүндө көргөн жашоосунун аягы жок жана улануучу деп ойлоодо. Ал тургай бирөө жанына келип, «азыр уктап жатасың, ойгон» десе ага ишенбейт. Буларды байкаган адам болсо мындай деп ойлойт: «Бул дүйнө жашоосунун да өтүп кетүүчү жана түш сыяктуу бир жашоо эмес экендигин ким так айта алат? Түштөн ойгонгон сыяктуу бир күнү бул дүйнө жашоосунан да ойгоном жана такыр башка көрүнүштөрдү, мисалы акырет көрүнүштөрүн көрөм...»