Бул Нерселер Жөнүндө Ой Жүгүртүү Керек (2/3)

Бакчада Баратып...
Табият Сулуулуктары Ойго Салган Нерселер

orkide

Flowers developing from their buds without being puckered at all as if ironed.

Аллахка ыйман келтирген адам табиятта сулуулуктарды көргөндө Раббибизди аруулап, мактайт. Бар болгон бардык сулуулуктарды бардык нерсенин ээси жана башкаруучусу болгон Аллах жаратканын билет. Бардык сулуулук, кооздуктардын Аллахка тиешелүү экендигин, Анын Жамал (Жемал) сыпатынын көрүнүштөрү экендигин билет.

Адам табиятта баратканда, абдан көп кооздуктарга жолугат. Жалгыз бир чөптөн сары гүлгө, чымчыктардан кумурскаларга чейин ар бир нерсе алар жөнүндө ойлонуу талап кылган детальдарга толо. Адам булар жөнүндө ой жүгүрткөн сайын Аллахтын күч жана кудуретин түшүнөт.

Мисалы, көпөлөктөр абдан кооз жана көзгө жаккан жандыктар. Ипичке тюль (түл) сыяктуу канаттарынын үстүндөгү симметрия, сүрөттөрдүн кол менен сызылган сыяктуу абдан кооз болушу, бири-бири менен дал келген, фосфордуу түстөрү - Аллахтын теңдешсиз чеберчилиги жана жогорку жаратуу күчүнүн далилдеринен.

Ошол сыяктуу жер жүзүндөгү сансыз түрдөгү өсүмдүктөр жана дарактар да Аллах жараткан сулуулуктардан. Ар бири экинчисинен толугу менен айырмалуу түстөргө ээ гүлдөр, ар кандай көрүнүштөгү бак-дарактар адамдарга ырахат бере турган көрүнүштө жаратылган.

Ыйман келтирген адам гүл, роза, тюльпан жана башка гүлдөрдүн кантип бырышсыз болгондугун, бүчүрдүн ичинен кантип үтүктөлгөн сыяктуу түптүз болуп чыккандыгын ойлонот.

Аллах жараткан дагы бир сулуулук – бул гүлдөрдүн укмуштай жыттары. Мисалы, бир гүлдүн тынымсыз айланага жайган, эч өзгөрбөгөн күчтүү бир жыты бар. Эң акыркы технология менен да мындай гүл жытынын өзүндөй жыт алына албай келүүдө. Лабораторияларда бул гүл жытын тууроого аракет кылынганда, табылган натыйжа абдан эле табигыйдан алыс. Бир гүлдүн жытына окшоштурууга аракет кылуу менен өндүрүлгөн жыттар көбүнчө адамдарды тынчсыздандырган оор жыттар болууда. Ал эми гүл жыты болсо эч кандай тынчсызданууга себеп болбойт.

manzara, çiçekler

All beauty one sees in nature is evidence of Allah's exalted and unique power of creation. Paradise, on the other hand, is too flawless to be compared to the beauty of the world.

Ыйман келтирген адам булардын ар биринин Аллахты аруулап мактоо, жараткан кооздуктарда Аллахтын чеберчилигин жана илимин тааный алышы үчүн жаратылган нерселер экендигин билет. Ошол себептен бакчасында баратып, бул кооздуктарды көргөндө, «МашаАллах, Аллахтан башка күч-кудурет жок» (Кехф Сүрөсү, 39) деп айтуу менен Аллахты мактайт. Аллахтын бардык бул кооздуктарды адамдардын кызматына сунгандыгын жана акыретте муну менен салыштырууга болбой турган жогору сулуулуктарды ыйман келтиргендерге берээрин эстейт. Жана ушундан улам Раббибизге болгон сүйүүсү эсе эсе өсөт.

kelebek, çiçek

Every view we enjoy presents us the art of Allah. Upon seeing the beauty of a garden, one should exalt Allah saying, "It is as Allah wills, there is no strength but in Allah."

Бакчада Жүргөндө, Көргөн Бир Кумурска Жөнүндө Ойлондуңуз Беле?

karınca, yaprak taşıyan karınca

An ant industriously carrying food to its nest.

Адамдар көбүнчө чөйрөлөрүндө көргөн жандыктар жөнүндө ой жүгүртүү керек деп ойлонушпайт. Күн сайын көргөн жандыктардын абдан кызыктуу өзгөчөлүктөрү болушу мүмкүн экендиги акылдарына да келбейт. Чындыгында, ыйман келтирген адам үчүн Аллах жараткан ар бир жандык кемчиликсиз жаратылуу издерине ээ. Кумурска да мындай жандыктардын бири.

Ыйман келтирген бир адам бакчада баратып көргөн бир кумурсканы көрбөгөн сыяктуу өтүп кетпейт. Анын таң калаарлык өзгөчөлүктөрүн көрүп, Аллахтын кемчиликсиз жаратуусуна күбө болот.

Мисалы, бир кумурсканын басышын анализдөө да ойлондурбай койбойт. Миллиметрдик ичкеликтеги буттарын адашпастан, катары менен кыймылдатат, кайсы бутунун алгач, кайсынысынын кийин кадамдалаарын абдан жакшы билет. Эч адашпастан ылдам кыймылдай алат.

Мындай кичинекей жандык өз денесинен бир топ чоң нерселерди көтөрөт. Болгон аракети менен аларды уясына ташыйт. Денесине салыштырганда абдан узак аралыктарды басат. Учу-кыйыры жок жер бетинде мындай караганда эч жол көрсөткүч болбогонуна карабастан, ал эч жаңылбайт жана каякта болсо да уясын табат.

Адам бакчада катарга тизилип, чоң аракет менен уяларына азык ташыганга аракет кылып жаткан кумурскаларды көргөндө, бул кичинекей жандыктын мынчалык болгон аракети менен иштешинин кандай максаты бар болушу мүмкүн деп ойлонот. Анан бир кумурсканын өзү үчүн эле эмес, тобундагы башка кумурскалар, ханыша кумурска жана кичинекей, жаш кумураскалар үчүн да тынбастан азык ташыганын байкайт. Мынчалык кичинекей жана өнүккөн акылы да болбогон кумурска мындай аракетчилдик, дисциплина, камкордукту кайдан билет деген нерсе ойго салат. Бардык бул нерселерди ойлонгондон кийин мындай жыйынтыкка келет: кумурскалар да башка жандыктар сыяктуу Аллахтын илхамы менен аракет кылышат, жалгыз Анын буйругуна баш ийишет.

Чырмооктордун «Акылдуу» Кыймылы Ойго Салган Нерселер

sarmaşık

The ivy winding itself around an object looks like the movement of a conscious being.

Бакчада кыдырып жүргөн бир момун Аллах жараткан сулуулуктардын бири болгон чырмоокторду көргөндө, алар жөнүндө да ойлонот. Себеби ойлонгон адам үчүн чөйрөсүндөгү ар бир нерседе сабак алына турган далилдер бар.

Мисалы, чырмооктордун өздөрүн бир бутакка же кандайдыр бир буюмга орошу терең ой жүгүртүлө турган нерсе. Эгер чырмооктун мындай өсүшү тасмага түшүрүлүп, ылдамдатылып карап көрүлсө, чырмооктун акылдуу бир жандык сыяктуу кыймылдаганын байкайбыз. Чырмоок үстүндө бир бутак бар экенин көргөн сыяктуу бутакты көздөй өсөт жана таң калыштуу абалда чырмалат. Ал тургай кээде бир канча жолу оролуу менен бекем чырмалат. Ушундай жол менен ылдам кыймылдайт, жолу бүткөндө, артка кайтуу же төмөн көздөй түшүү менен өзүнө жаңы бир жол табат. Буларга күбө болгон бир момун Аллах жараткан бардык жандыктардын өздөрүнө тиешелүү, кемчиликсиз системалар менен жаратылганын дагы бир жолу көрөт.

Мындан тышкары, бир чырмооктун аракеттерин карап турганда, анын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгүнө күбө болот. Чырмооктун капталдарына кол чыгаруу менен өзүн дубалга бекем жабыштырганын көрөт. Акылы жок бир өсүмдүк өндүргөн жабыштыруучу нерсеси ушунчалык күчтүү болгондуктан, жабышкан жерин дубалдан чыгарганда, дубалдын бойогун чыгарып салышы да мүмкүн.

Мындай бир өсүмдүктүн бар болушу, буларды көрүп ал жөнүндө ойлонгон бир момунга бул өсүмдүктү жараткан Аллахтын кудуретин дагы бир жолу көрсөтөт.

Дарактар Ойго Салган Нерселер

ağaç

Bright green and living leaves growing out of the dry wood of a branch, water reaching the threadlike veins of the leaves at heights of many meters, the leaves not drying out under the burning sun… these are only a few of the numerous subjects about which trees make one think.

Дарактарды ар күнү, ар жерден көрөбүз, бирок узун дарактын эң учундагы бутактын, эң жогорку жалбырагына чейин сууну кантип жеткиргенин ойлондуңуз беле? Мындай бир салыштыруу жасоого болот. Көп кабаттуу үйдүн астындагы суу идишиндеги суунун гидрофор (сууну көтөрүүчү насос) же кандайдыр бир мотор болбостон, жогорку кабатка чыгаруу мүмкүн эмес. Ал тургай биринчи кабатка да жеткире албайсыз. Андай болсо дарактарда да сууну өйдө көздөй айдай турган гидрофор сыяктуу күчтүү насос системасы болушу керек. Антпесе, дарактын жогорку тарабына жана бутактарына суу жетпегендиктен, дарактар кыска убакытта эле куурап, жок болот.

Бирок Аллах ар бир даракты керектүү бардык курал-жарагы менен кошо жараткан. Ал тургай көптөгөн дарактардагы насос системасы биз жашаган көп кабаттуу үйдөгү насос системасы менен эч салыштырууга болбой турган деңгээлде күчтүү, жогору. Айланасындагы бардык нерселерге «көргөн бир көз» менен караган адам бул нерселерди көргөндө ойлоно турган нерселердин бири да – ушул.

Башка бир нерсе – жалбырактар менен байланыштуу. Көргөн нерселери жөнүндө ойлонгон бир адам даракты караганда, көргөн жалбырактарды көнүмүш, кадимки бир нерсе катары карабайт. Ал жалбырактар менен байланыштуу көп адамдын акылына келбеген нерселерди ойлонот. Мисалы, жалбырактар – абдан жука. Бирок, буга карабастан кууруй турган ысыкта да кургабайт, солубайт. Адам 40 градустук ысыкта бираз турса, терисинин түсү өзгөрөт, ашыкчасы менен суу жоготот. Бирок жалбырактар ипичке тамырларынан аз гана суу ала алганына карабастан, күндөр бойу, кээде айлар бойу ысыкта соолубай, жапжашыл болушат. Бул нерсе да – Аллахтын бардык нерселерди теңдешсиз илим менен жараткандыгын көрсөткөн бир жаратылыш укмушу. Ыйман келтирген адам бул жаратылуу укмушу жөнүндө ойлонуп, Раббибиздин улуулугун дагы бир жолу көрүп тасбих айтат.

Гезит Окуп Жатканда, Телевизор Көрүп Жатканда...

Адамдар көбүнчө күндүз же кечинде үйлөрүнө кайтканда, гезит же телевизор кабарларын тынымсыз көрүп, окуп турушат. Бул кабарларда да ариеттүү бир адам үчүн ойлонуп, сабак алына турган, Аллахтын аяттарын көрсөткөн далилдер бар.

Кол Салуу, Күч Колдонуу, Кылмыш Окуяларынын Көп Болушу Ойго Салган Нерселер

şiddet

In societies that fear Allah, none of these scenes take place

Ар күнү гезиттердин үчүнчү беттеринде жана телевизор кабарларында көптөгөн адам өлтүрүү, жарадар кылуу, уурулук, каракчылык, алдамчылык, өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу окуялар жөнүндөгү кабарларды көрүүгө болот. Мындай окуялардын мынчалык көп болушу, адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн мындай кылмыштарды кылууга мынчалык жакын болушу болсо адамдарга Аллахтын динин жашабаган адамдар жолуга турган зыяндарды көрсөтөт. Бир адамдын акча алуу үчүн кичинекей бир баланы барымтага алышы, аны катуу коркутушу, ал тургай өлтүрүп да койушу, куралын мээлеп, эч кыйналбастан, маңдайдагы адамды атып салышы, башка бир адамдын пара алышы, өзүн-өзү өлтүрүшү, алдамчылык кылышы... Булардын баары – бул адамдардын Аллахтан коркпогондугунун, акыреттин бар экендигине ишенбегендиктеринин бир натыйжасы. Аллахтан коркуп, кылмыш-күнөөлөрдөн сактанган, акыретте эсеп берээрин билген бир адам бул нерселердин эч кайсынысын эч качан кыла албайт. Себеби, бул кылмыштардын баарынын акыреттеги жазасы – тозок.

Бир адам «мен атеистмин, Аллахка ишенбейм, бирок пара албайм (кылмыш кылбайм)» деши мүмкүн. Бирок, Аллахтан коркуу болбогон бир адамдын бул сөзү эч качан туура чыкпайт. Себеби шарттардын өзгөрүшүнө жараша анын мындай кылмыш кылуу ыктымалдуулугу абдан жогору. Мисалы, бир адам акчага абдан муктаж болуп турганда, уурулук кылуу же пара алуу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүлүп турса, бул сөзүндө тура албай калышы толук мүмкүн. Же мындай бир адамдын жаны коркунучта турганда, сөзүндө турбайт. Бул адам оор шартта пара алуудан качынса да, башка бир күнөө ишти жасашы мүмкүн. Бирок Аллахтан корккон бир адам үчүн шарттардын же жердин өзгөрүшү эч нерсени өзгөртпөйт. Ыйман келтирген бир адам кандай шарт болбосун, акыретте эсебин бере албай турган нерсени эч качан жасабайт.

Ошондуктан, ар күнү гезиттерде, телевизорлордо, достук маектерде арызданылган, «бул коомго эмне болду мынчалык» деген ойго алып келген окуялардын себеби – динсиздик. Бардык мындай кабарларды көргөн момун буларды ойлонбостон, өткөрүп жибербейт, мындай абалдан чыгуунун жалгыз жолунун адамдарга динди түшүндүрүү, рухий байлыктарды жандандыруу экенин ойлонот. Себеби, Аллахтан коркуп-сактанган, акыретте эсеп берээрин билген адамдардан турган коомдо мындай окуялардын болушу мүмкүн эмес. Мындай коомдо бейпилдик жана ишенимдүүлүк эң жогорку даражада болот.

Сааттар Бойу Талаш-Тартыш Менен Коштолгон Телевизор Программалары Ойго Салган Нерселер

Көргөн нерселери жөнүндө ой жүгүрткөн адам үчүн телевизорлордо бат бат болуп турчу талаш-тартыш программаларда да сабактар бар.

Мындай программаларга ошол күнкү тема менен байланыштуу жана бул темада эң көп маалыматы бар адамдар чакырылат. Бул адамдар сааттар бойу бир тема жөнүндө сүйлөшүшөт, бирок чыгуу жолун таба албайт жана бир жыйынтыкка да бара алышпайт. Чындыгында болсо ал талаш-тартышка катышкандар – бул маселени чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар.

Көптөгөн маселелерди чечүүнүн жолу да – айдан ачык. Бирок адамдардын жеке кызыкчылыктары, чөйрөлөрүнүн таасири астында калышы, чын көңүлдөн бир чечүү жолун издөөнүн ордуна өзүнүн атак-даңкын көтөрүү аракети бардык маселелерди бурчка такайт.

Бардык бул нерселерге күбө болгон ариеттүү бир адам бул окуялардын булагынын – адамдардын Аллахтын дининен алыс болушунун натыйжасы экендигин ойлойт. Себеби Аллахка ыйман келтирген бир адам эч качан чечүү жолу жок сыяктуу ойго кабылбайт. Аллах жараткан ар бир окуяда бир хикмат бар экендигин, дүйнөдө дайыма сыналып жаткандыгын, акылын, күчүн, билимин Аллах ыраазы боло турган негизде колдонуш керек экендигин билет.

Мындан тышкары, мындай программаларды көрүп жаткан бир момун Аллахтын бир аятын эстейт:

... Адам, абдан талашып-тартышканга жакын. (Кехф Сүрөсү, 54)

Мындай программалардагы чөйрө адамдардын талашып-тартышуучу, тагыраак айтканда урушчаак тарабын ачыкка чыгарат. Бул адамдардын көбүнчө аларга багытталган суроолорду да түшүнө албашы, жалаң гана өзүнүн сөзүн ылдам айтып калууга аракет жасашы, бири-биринин сөзүн оозунан жулуп алышы, үнүн көтөрүп, бат эле ачууланышы, ал тургай маңдайындагы адамдарга жаман сөздөр айтып тилдеп башташы – бул адамдардын тескери тараптарын даана байкоого шарт түзөт.

Аллахтан корккон, толугу менен ариеттүү жана туура жүргөн адамдар топтолгон чогулуштарда бул сыяктуу узун жана натыйжасыз бир чөйрө эч качан түзүлбөйт. Мындайда максат – Аллах ыраазы боло турган чечимди табуу жана адамдарга эң көп пайда келтирүү болгондуктан, акылга жана ариетке (көңүлгө) эң жакын, эң туура ыкма табылат жана эч убакыт коротулбастан, ишке ашырылат. Баары жүрөгүнөн алынган чечимге ыраазы болгондуктан, эч кандай талаш-тартыш чөйрөсү жаралбайт.

Бир адам каршы чыккан болсо, эгер бул адамдын ойу туура себептерге таянып, көрсөткөн жол туурараак болсо, бул сунуш ошол замат кабыл алынат. Себеби Аллахтан коркуп-сактанган адамдар башкалар сыяктуу бой көтөрүү менен сөз түшүнбөгөн, кежир характер көрсөтүшпөйт. Аллах Куранда билдиргендей, «... Жана ар кандай билимдүү адамдан дагы бир билимдүүрөөк бар» (Йусуф Сүрөсү, 76) деп айтуу менен, эң туурасын ишке ашырышат.

Сааттар бойу уланган жана эч кандай натыйжа чыкпаган талаш-тартыштар – адамдарга дин сунган сонун ахлак жана жакшы характер болбогон бир коомдо эмнелер болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп, сабак алууга шарт түзөт.