Мурдакы бөлүмдөрдө адамдардын зарыл болгон негизде ойлонбогондуктарын, ойлонуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрбөгөндүгү жөнүндө сөз кылдык. Бирок бул жерде туура эмес түшүнүлбөшү керек болгон бир нерсе бар. Албетте ар бир адам жашоосу бойунча дайыма акылынан бир нерселерди өткөрөт. Адам мээси бопбош болгон учурлар, уйку абалынан тышкары, дээрлик жок. Бирок бул ойлордун көпчүлүк бөлүгү акырети үчүн пайда бербей турган, «бош жана керексиз» адамды эч кандай жыйынтыкка жеткирбеген, адамга эч кандай пайда алып келбеген, пайдасыз ойлор.
Адам күн ичинде эмне ойлонгонун эстегенге аракет кылса жана аларды бир жерге жазса, күндүн аягында аларды анализдесе, көпчүлүгүнүн канчалык пайдасыз экендигин түшүнөт. Же булардын бир бөлүгүн пайдалуу деп ойлосо да, туура эмес ойлонгон болушу мүмкүн. Себеби көбүнчө адамдарга туура сезилген нерселер чындыгында аларга акыретте бир пайда алып келбей турган ойлор болушу мүмкүн.
Адамдар күнүмдүк жашоолорунда бош иштер менен алек болуп, бош нерселерге убакыт коротушкан сыяктуу бош ойлорду ойлоп да убактысын пайдасыз өткөрүшү мүмкүн. Аллах Куранда «Алар «толугу менен бош» нерселерден жүз бурушкандар» (Мүминун Сүрөсү, 3) аяты менен момундарды мактоодо жана бул жакшы аракетти мисал көрсөтүүдө. Аллахтын бул буйругу шек жок адамдардын ойлоруна да тиешелүү. Себеби ойлор, эгер адам аларды башкарбаса, адамдын акылынан тынбай агып кете берет. Адам бир ойдон экинчисине байкабастан өтө берет. Кечинде үйүнө баратып, кыла турган соода-сатык жөнүндө ойлонуп баратып, эки жыл мурун бир досунун айткан сөзү эсине келип калганын байкайт. Бул башы бош жана пайдасыз ойлор күн бойу тынымсыз улана бериши мүмкүн.
Чындыгында болсо, ойлорго ээ болуу адамдын өзүнүн колунда. Ар бир адам акылы менен өзүн, ыйманын, акылын, кыймыл-аракеттерин, чөйрөсүн өзгөртө ала турган ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул бөлүмдө капылет ичинде болгон адамдардын негизинен эмнелер жөнүндө ойлоноору жөнүндө сөз кылабыз. Бул нерселердин терең түшүндүрүлүү себеби – бул китепти окуган адамдардын, мисалы эртеси күн жумушка же мектепке барганда же кандайдыр бир жумуш жасап жатканда ойлорунан бул жерде айтылгандар сыяктуу бир ойлор өткөндө, ошол замат бош нерсе ойлонуп жаткандыгын байкоолору жана ойлорун башкарып өздөрүнө чындап пайда бере турган нерселер жөнүндө ой жүгүртүүлөрүнө жардамчы болуу.
Адам ойлорун жакшылык алып келе турган багытта башкарбаган учурда улам улам бош элестетүүлөргө кабыла бериши мүмкүн же болбогон окуяларды ойунда болгон сыяктуу элестетип, жок нерсе үчүн кайгырып, стресске, тынчсызданууга же коркууга кабылышы мүмкүн.
Мисалы, баласы университет сынагына даярданып жаткан бир адам али сынак боло электе эле, баласы сынактан өтпөй калса эмне болоорун элестетет: «Уулу келечекте жакшы бир жумуш, жетиштүү акча таба албаса, анда үйлөнө албайт. Үйлөнсө да той чыгымдарын кантип жабат? Сынактан өтө албаса, атасынын сынакка даярдоо курсу үчүн берген акчалары бошко кеткен болот, ошондой эле башка адамдарга уят болушат. Же эң жакын досунун баласы сынактан өтүп, анын баласы өтпөй калса...»
Мындай бош элестетүүлөр ушинтип улана берет. Чындыгында болсо уулу али сынакка кире да элек. Дин ахлагынан алыс болгон ар бир адам жашоосу бойунча ушул сыяктуу бош элестетүүлөргө кабылуудан кутула албайт. Албетте, мунун бир себеби бар. Куранда адамдардын бош элестетүүлөрдөн кутула албашынын себеби катары «шайтандын сөздөрүн тыңдоо» айтылат:
Аларды, кандай жол менен болсун, жаңылтып-адаштырам, болбогон (ар кандай) элестетүүлөргө кабылдырам... (Ниса Сүрөсү, 119)
Жогорудагы аятта көрүлгөндөй, бош элестетүүлөргө кабылган, Аллахты унуткан жана ойлонбогон бир адам түпкүрүндө дайыма шайтандын азгырыктарына ачык. Башкача айтканда, бир адам дүйнө жашоосуна алдануу менен акылын, эркин колдонбой, ариетине (выжданына) карап аракет кылбай жана өзүн окуялардын агымына таштап койсо толугу менен шайтандын башкаруусуна кирет. Шайтандын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – адамдарга азгырык жана бош элестетүүлөр, кооптонуулар бериши. Дал ушул ойлордо курулган мындай бош элестетүүлөр, көңүл чөгүү жана «мындай болсо мен эмне кылам?» сыяктуу коркуулар шайтандын азгырыктары менен болот.
Бирок, Аллах бул абалдан өзүн куткаруу үчүн адамдарга жол көрсөткөн. Куранда шайтандан бир азгырык келгенде, адамдарга Аллахка корголонуулары жана ой жүгүртүүлөрү билдирилет:
(Аллахтан) Коркуп-сактангандарга шайтандан бир азгырык келгенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), андан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Шайтандын) Бир туугандары болсо, аларды адашууга түртүшөт, андан кийин алардын артынан калып калышпайт (тынбай азгырышат). (Араф Сүрөсү, 201-202)
Аяттарда кабар берилгендей, ой жүгүрткөн адам туурасын байкайт, ойлонбогон адам болсо шайтан аны каякка айдаса, ошол жакка кете берет.
Эң негизгиси мындай ойлордун (бош элестетүүлөрдүн) адамга эч кандай пайда алып келбешин, тескерисинче, чындыктар, маанилүү окуялар жөнүндө ойлонууларына тоскоолдук болоорун билүү жана ойлорду булардан тазалоо болмокчу. Адам бош ойлордон тазаланганда гана керектүү багытта ойлоно алат. Мындай жол менен Аллах Куранда буйрук кылган сыяктуу «бош нерселерден баш тарткан» болот.