Жыйынтык

"Ахлактык кыйроо экономикалык кыйроого да айланды!...", "Өспүрүм сойкулар...", "Жаш англиялыктардын ою боюнча зордуктоо кадыресе", "Финляндияда 400 гомосексуал жана лесбиянка үйлөндү", "Гей тою", "Ачуу басылбай жатат", "Коррупциянын чеги жок", "Коррупция стресси", "Баңги затты колдонуп баштоо жашы 13 болду", "Баңги затты эркин кылуу керек!", "Зулумдук бүт тарапта", "Жетишпестикте согуш", "Желмогуздук токтосун деген адам жок", "Согуш, скандал, көтөрүлүштөр жылы", "Сербиялыктар фашисттерди туурашты", "Жарандарды танка менен эзишти", "Жер бети порох казаны сыяктуу", "Дүйнө от менен көз жашына буулду", "Кылмыш буму", "Алкоголь суудай ичилүүдө", "Европа жаштары алкогольго баш ийди", "АКШ зомбулуктун алдын ала албай жатат", "Адамгерчилик калбаптыр", "Руханий кыйроо", "Америкалык жаштар ахлактык кыйроодо", "Адамзат жалгыздыкка чуркоодо"...

… Only in the remembrance of God can the heart find peace. (Surat ar-Ra'd, 28)

Булар ар түрдүү гезиттердерде ар кайсы даталарда биринчи беттен чыккан кээ бир мисалдар; дээрлик күн сайын гезит жана телевизор кабарларында биз көрүп турчу кээ бир кабарлар. Ушул жана ушул сыяктуу кабарлардын саны ушунчалык көп болгондуктан, адамдардын көпчүлүгү мындай окуяларга көнүп калышкан. Көп адамдар дүйнөнүн төрт тарабында тынымсыз каргаша, уруш, анархиялардын болуп жатканын, бир өлкөнүн адамдарынын да бир-бири менен урушуп жатканын, эч түгөнбөгөн коррупцияларды, жакыр жана муктаждарга жардам колунун сунулбашын, стресс, депрессия сыяктуу руханий кыйынчылыктардын барган сайын жайылышын, өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн санынын көбөйүшүн терс кабыл алышпоодо. Дээрлик бүт дүйнө жүзү согушчаак, урушчаак, тиш табышпас, азап жана стресс толо, адилетсиздик өкүмчүлүк кылган бир жашоону кабылдаган жана бүт адамдар муну кабыл алган сыяктуу.

Минтип кабылдануунун негизги себептеринин бири – бул бүт мындай терс көрүнүштөрдүн "кадыресе (табигый)" кабыл алынышы, "адам табиятынын" мажбурлуу натыйжалары сыяктуу көрүлүшү. Чынында болсо булар адамзатка эгемендик кылган батыл (жалган) бир "дүйнө көз-карашы" алып келген натыйжалар. Бул батыл көз-караш – материалисттик жана дарвинисттик дүйнө көз-карашы. Бул китепте каралгандай, социал дарвинизм болсо бул көз-караштын абдан маанилүү бир бөлүгүн түзөт.

Адамдардын көпчүлүгү билсе да, билбесе да, дарвинисттик-материалисттик бир жашоого багытталууда. Жакыр адамдардын же "Үчүнчү дүйнө өлкөлөрү" элдеринин жакырчылыгына кайгырылбашы, зулумдукка учураган адамдарга карата кайдыгер болуу, өзүмчүл бир жашоо формасынын жайылышы, кекчил, урушчаак, атаандаш ахлактын жайылышы, ал тургай өзгөчө ишкердик дүйнөсүндө булардын кадыресе кабыл алынышы, адамдардын башка адамдарды сүйүп, урматтабашы – бул дүйнө көз-карашынын башкы мүнөздөрү. Китеп бою да каралгандай, дарвинист-материалисттик көз-караш зордуктоодон согушка чейин ар кандай абийирсиздикти кадыресе көрсөтүүдө жана ушундайча ага чакырууда.

Fussilat

Who could say anything better than someone who summons to God and acts rightly and says, "I am one of the Muslims"? (Surah Fussilat, 33)

Негизи дээрлик ар бир адам дарвинист-материалист көз-караштын азабын кандайдыр бир жол менен тартып жатат. Расисттик зомбулуктарга кабылган негр бир окуучудан өзүмчүл жана кайдыгер балдары тарабынан каралбай ташталган улгайган бир ата-энеге, башчысы тарабынан оор шарттарда төмөн эмгек акы менен көп сааттар бою иштетилген жумушчулардан жашоосун бош жана максатсыз деп ойлогон, жоопкерчиликсиз жана ээнбаш бир өмүр сүрүү менен өзүн материалдык жана моралдык стресске түрткөн жаштарга чейин көп адамдар бактысыз, азап жана стресске толгон бир өмүр сүрүшүүдө.

Бул айлампанын токтошу, адамзаттын тынчтыкка, бейпилдикке жана бактылуулукка, сүйүү жана урмат толо бир дүйнөгө багытталышы үчүн материалисттик дүйнө көз-карашы илимий-пикирдик жактан жеңилиши зарыл. Бул үчүн адамдардын материализмдин таянычы болгон дарвинизмдин илимий кыйраганын жана дарвинизм ишке ашырылганда канчалык чоң балээлерге себеп болоорун билиши абдан маанилүү.

Ошондой эле, дарвинизм жаңылыштыгына кабылгандар да маанилүү бир чындыкты байкашы зарыл. Бүт кемчиликтерине жана жаңылыштыктарына карабастан, өжөрдүк менен жактаганга аракет кылган эволюция теориясынын илимий эч бир жарактуулугу калган жок. Учурда илим дүйнөсүндөгү ар бир ачылыш бул чындыкты дагы бир жолу бекемдеп, эволюция теориясы тарыхтын чаң баскан беттерине көмүлүүдө. Болгондо да, китепте мисалдары менен баяндалган, тарыхый көптөгөн тажрыйба көрсөткөндөй, эволюция теориясы сунган жашоо модели зулумдук, адилетсиздик, таш боордук менен бир мааниге келет жана адамдарга азап, көз жашы жана жоготуудан башка эч нерсе алып келбейт. Ушул себептен, дарвинисттердин да эволюция теориясы түрткөн жамандыктарды байкашы, стереотиптеринен кутулуу менен акылга жана илимге сыйбас бул теорияны жактоодон эртерээк баш тартышы зарыл. Бул китеп сөз болуп жаткан жаңылыштыкка кабылгандардын канчалык олуттуу бир ката кетирип жатканын байкашына себеп болот деп үмүттөнөбүз.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)