Дүйнө тарыхынын көп доорлорунда расист (улутчул) коомдорду, башкаруучуларды жана тажрыйбаларды көрүүгө болот. Бирок расизмге алгачкы жолу илимий бир негиз түзгөн киши Дарвин болгон. Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинин подтемасы The Preservation of Favored Races in the Struggle for Life (Жашоо күрөшүндө өзгөчө расалардын корголушу) эле. Дарвиндин "өзгөчө расалардын корголушу" жөнүндө жазгандары жана өзгөчө Адамдын келип чыгышы китебиндеги илимге сыйбас догмалары немецтердин арий расасы, англиялыктардын болсо англо-саксондор жогорку раса деген жаңылыштыгына негиз болгон. Мындан тышкары, Дарвиндин табигый тандалуу теориясы катуу бир жашоо күрөшүнөн сөз кылган. Бул "жунгли мыйзамы" адамзат коомуна колдонулганда, расалар жана улуттар аралык карама-каршылык жана согуштардын чыгышы сөзсүз эле. Чындап эле ошондой болду. Расист жана согушчаак башкаруучулардан философторго, саясатчылардан илимпоздорго чейин доордун алдыңкыларынын көпчүлүгү Дарвиндин теориясын жактады. Түндүк Каролина (North Carolina) университетинин Тарых бөлүмүнөн Проф. Карл А. Шлейнес (Karl A. Schleunes) The Twisted Road to Auschwitz (Аушвицке баруучу кыйыр жол) аттуу китебинде расисттердин Дарвиндин теориясын заматта кабыл алышканын мындайча айтып берет:
Дарвиндин жашоону улантуу күрөшү деген көз-карашы расисттер тарабынан заматта кабыл алынды... Эң акыркы (калп бир) илимий көз-караштар кадыресе кылган мындай бир күрөш расисттер жактаган жогорку жана төмөнкү адам түшүнүгүнүн туура экенин далилдеди... жана алардын арасындагы күрөштү жарамдуу кылды.37
A black slave who was tortured and flogged |
Шлейнес китебинде сөз кылган "Дарвиндин теориясынын расисттердин адам класстары жөнүндөгү көз-караштарын тастыкташы" албетте расисттердин көз-карашын чагылдырат. Расисттик көз-караштарды жактагандар Дарвин айткан догмалар менен бузуку көз-караштарына өз ойлорунда илимий бир таяныч таптык деп ойлошкон. Чынында болсо, Дарвиндин догмалары эч илимий негизге таянбаган сыяктуу, кыска убакыт ичинде теориянын жараксыздыгынын түздөн-түз илим тарабынан ортого коюлушу расисттердин жана Дарвиндин караңгы көз-караштарын негиз туткан дагы көптөгөн агымдын адашып жүргөнүн көрсөткөн.
20-кылымда Дарвинизмден алган колдоо менен расизмди эң күчтүү ишке ашырган күч, албетте, фашисттик Германия болду. Бирок "илимий" расизм бир гана Германияда өнүккөн жок. Эң башта Англия жана Америка болуп көптөгөн өлкөлөрдө расисттик көз-караштагы башкаруучу жана интеллектуалдардын саны барган сайын өсүп баратканда, бир жактан расисттик мыйзам жана жөнгө салуулар көбөйдү.
19-кылымда жана 20-кылымдын баштарында эволюционисттердин дээрлик баары расисттик көз-карашта эле. Көптөгөн илимпоздор расисттик көз-караштарын апачык жактоодон тартынышчу эмес. Ал доордо жазылган китептер менен макалалар мунун эң ачык мисалдары. Түштүк Иллинойс (Southern Illinois) университетинин тарых профессору Жон С. Халлер (John S. Haller) Outcasts from Evolution: Scientific Attitudes of Racial Inferiority (Эволюциядан калып калгандар: расисттик басмырлоого илимий көз-караш) аттуу китебинде 19-кылымда эволюционисттердин баарынын ак раса (европеид) жогору жана башка расалар болсо төмөн раса деген калпка ишенишкенин айтат. Scientific American журналында бул китеп жөнүндө жазылган бир макалада мындай деп айтылат:
Бул көп убакыттан бери ал жөнүндө күмөндөр бар бир теманы далилдендирген абдан маанилүү бир китеп: Түндүк Америкалык илимпоздор 19-кылым бою (жана 20-кылымда да) тереңден жана катуу, дээрлик бир ооздон кабыл алган расизм... Али башынан эле, Африка тамырлуу америкалыктарга бул интеллектуалдар тарабынан кээ бир тараптардан оңдоого, өзгөртүүгө мүмкүн эмес жана сөзсүз төмөн адамдар катары баа берилген.38
Science журналында жарык көргөн бир макалада болсо дал китептегидей кээ бир догмалар жөнүндө мындай жоромол жасалган:
Виктория доорунда жаңы нерсе Дарвинизм эле... 1859-жылдан мурда көптөгөн илимпоздор каралар менен актар бир түрдөнбү деп ой жүгүртүшчү. 1859-жылдан кийин эволюциялык план -өзгөчө Африкалык Америкалыктардын актар менен болгон жакын мамилелериндеги күрөштөрүндө жашоосун улантып уланта албашы сыяктуу- жаңы суроолордун пайда болушуна себеп болду. Абдан маанилүү бир жооп бүт тараптан келген бир "жок" эле... Африкалык төмөн эле, себеби маймылдар менен тевтондор арасындагы "ортоңку звенону" түзгөн.39
Албетте, бул толугу менен жалган бир догма. Адамдардын терилеринин ар түрдүү түстө болушу, ар түрдүү раса же этникалык тамырга тиешелүү болушу бирөөнү башкадан жогору же алсыз кылган бир жагдай эмес. 19-кылымда бул жаңылыштыктын таркашынын негизги себептеринин бири – ал доордун өнүкпөгөн илимий шарттары себебинен көпчүлүктүн караңгы болушу эле.
19- жана 20-кылымдын расисттик көз-караштары менен таанылган илимпоздоруна бериле турган дагы бир мисал – бул Принстон университетинен америкалык биолог Эдвин Г. Конклин (Edwin G. Conklin). Конклин башка расист дарвинисттер сыяктуу бузуку пикирлерин апачык айтуудан тартынган эмес:
Кандайдыр бир заманбап расаны неандерталец же гейдельберг менен салыштыруу муну көрсөтөт... Африкалык расалар ак жана сары расалардан абдан оригиналдуу расага (маймыл сымал аталарга) окшошууда. Ар бир фактор ак расанын жогорулугуна ишенгендерди расанын тазалыгын коргоо, башкалардан айырмасын күчөтүү жана улантуу үчүн аракет кылууга багытташы зарыл.40
Оксфорд университетинин палеонтология жана геология профессору Уильям Соллас (William Sollas) болсо 1911-жылы жарыкка чыккан Ancient Hunters (Байыркы аңчылар) аттуу китебинде расисттик көз-караштарын мындайча билдирген:
Адилеттүүлүк күчтүүнүн колунда жана ар бир расага күчүнө жараша бөлүштүрүлгөн. Бир жерди басып алуу үчүн алдыңкылык маанисине келбесе да, ал жерде укук талап кылууну күч колдонуу камсыздайт. Ошондуктан, колдогу бардык жолду колдонуп, күчтү көбөйтүүгө аракет кылуу – ар бир расанын сыяктуу эле адамзат урпагынын да өзүнө болгон милдети. Илимде, тарбияда, коргонуу тармактарында болсун органикалык дүйнөнүн күчтүү, бирок берешен өкүмдары болгон табигый тандалуунун муну ылдам жана аягына чейин ишке ашырбашы бир жаза, түздөн-түз бул милдеттин аткарылбаганы болот.41
Муну айта кетүү керек: адилеттүүлүк күчтүүгө тиешелүү деп айтуу – коомдук жана коомдор арасы чоң хаосторго жол ача турган олуттуу бир ката. Адилеттүүлүк, шарттар кандай гана болбосун, түсүнө, тилине жана жынысына карабастан бүт адамдар тең пайдалана турган бир түшүнүк. Чыныгы адилеттүүлүк да ушул. Дарвинист расисттер айткан "адилеттүүлүк бир гана күчтүүлөргө тиешелүү" деген догма эч чындыкка коошпогон бир адилетсиздик. Ошондой эле муну да унутпаш керек: ар бир адам өзү жана жашаган коому үчүн бүт нерсенин жакшыраагына, коозураагына, сапаттуураагына жетүүнү каалашы мүмкүн. Бул үчүн аракет да кылышы мүмкүн. Бирок муну кылып жатканда, башкаларга зыян тийгизүү такыр туура эмес. Мунун тескерисин жактоо акылга да, абийирге да карама-каршы келет.
The middle of the 20th century saw another surge of racism in certain regions of the USA. The Ku Klux Klan, whose ideology was based on violence, was one of the most prominent supporters of American racism. This organization supported such errors as the superiority of the white race and caused the deaths of a great many people. |
Кийинки жылдары да расист эмеспиз деп айткан эволюционисттердин да жазууларында –эволюцияга болгон ишенимдеринин табигый бир натыйжасы катары- расисттик көз-караштар кездешет. Булардын бири эволюционист палеонтолог Жорж Гейлорд Симпсон (George Gaylord Simpson), канчалык аны расист дегендерге каршы чыкса да, Science журналында жарык көргөн бир макаласында эволюция натыйжасында расалык айырмалар пайда болгонун жана кээ бир расалардын башкаларга караганда өнүккөн же примитивдик (өнүкпөгөн) экенин жактаган:
Эволюция ар кайсы коомдордо ар башка ылдамдыкта жүрөт. Ушул себептен көптөгөн айбан тобунда кээ бир түрлөр жайыраак эволюциялашат. Ошондуктан бул түрлөр учурда кээ бир өзгөчөлүктөрү жана ал тургай жалпы түзүлүштөрү жагынан примитивдүүрөөк. Көптөр сурагандай, адам расалары арасында, ошол сыяктуу, бир тараптан же жалпысынан, примитивдүүлөр барбы деген суроону узатуу табигый нерсе. Негизи бир расада бир өзгөчөлүктүн башкасына салыштырмалуу өнүккөн же примитивдүүрөөк экенин көрүүгө болот.42
Симпсон тарабынан айтылган бул негизсиз көз-караш эч илимий таянычы болбосо да, ар кайсы чөйрөлөр тарабынан идеологиялык максаттарда кабыл алынды. Ал доордун башка илимпоздору да жазууларында, сөздөрүндө жана китептеринде эволюция теориясынын илимге сыйбас догмаларын жактап жатканда, бир тараптан да расизмди колдошкон. 20-кылымдын биринчи жарымынын алдыңкы расист жана эволюционист антропологдорунан жана ошол учурдун Америка табигый тарых музейинин башчысы Генри Фейрфилд Осборн (Henry Fairfield Osborn) болсо "The Evolution of Human Races" (Адам расаларынын эволюциясы) темалуу макаласында расаларды салыштырып, эч бир илимий далилге таянбаган бир катар жыйынтыктарын айткан:
Орточо жетилген бир африкалыктын мээ стандарты хомо сапиенс (адам) түрүнө тиешелүү он бир жаштагы бир жаш балага окшош.43
Бул илимпоздордун сөздөрүнөн да көрүнгөндөй, 19- жана 20-кылымда эволюционист илимпоздор көбүнчө расист эле жана бул бузуку көз-караштардын коркунучу көрмөксөндүк менен кабыл алынчу. Америкалык илимпоз Жеймс Фергюсон (James Ferguson) 19-кылымда башталган калп илимий эволюциялык расизмдин дүйнөдөгү кыйратуучу таасири жөнүндө мындай дейт:
19-кылым Европасында раса түшүнүгү өнүккөн гуманитардык илимдер үчүн кооптонуу жараткан... Алгачкы физикалык антропологдор 1930-жылдары Германияда жана учурда Түштүк Африкада салттык расизмди тутанткан –арий жогорулугу- түшүнүгүнүн өнүгүшүнө көмөкчү болушту.44
Эволюционист Стивен Жей Гоулд (Stephen Jay Gould) болсо бир макаласында эволюционист антропологдордун расисттик пикирлери жөнүндө мындай дейт:
Расаларга аныктама жана баа берүү жөнүндөгү амбициясына баа бермейинче... 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башындагы антропология тарыхын толук түшүнө албайбыз.45
Эволюция теориясы "илимий жарактуу" болушу менен, 19- жана 20-кылымдын илимпоздору эч тартынбастан жана кооптонбостон, "төмөн" расалар, адамдардан көбүрөөк маймылдарга жакын расалар деген сыяктуу ойдон чыгарылган түшүнүктөр жөнүндө сөз кыла алышкан. Гитлер сыяктуу заалым расист диктаторлор болсо мындай шартты мүмкүнчүлүк деп ойлоп, миллиондогон адамдарды өз оюнда "төмөн", "жетишсиз", "кемчиликтүү", "оорулуу" болгону үчүн өлтүрүштү.
The native Australians or Aborigines, whom Darwinists regarded as inferior, are no different from any other race. The photo on the right shows the native Australian athlete Cathy Freeman lighting the 2000 Olympic flame. |
20-кылым расизмдин таш боордугуна жана мээримсиздигине көп жолу күбө болгондуктан, учурда эволюционисттердин көпчүлүгү 19-кылымдын эволюционисттеринин тескерисинче расизмге каршыбыз дешет. Дарвиндин атын да расизм догмаларынан өз ойлорунда тазалоого аракеттенишет. Дарвин жөнүндөгү макалалардын көпчүлүгүндө Дарвинди калп эле кулчулукка каршы чыккан, жумшак, жакшы ниеттүү, мээримдүү бир адам болгон деп көрсөтүү үчүн атайын аракет кылынганы байкалат. Чынында болсо Дарвин чыныгы мааниде расист, жана табигый тандалуу теориясы адамдар арасында расалык бөлүнүүгө жана расалар арасындагы карама-каршылыкка илимий бир негиз деген жалганга ишенет. Дарвиндин китептеринде, кээ бир каттарында жана жеке күндөлүктөрүндө расист экенин көрсөткөн ачык сөздөрү бар. 19-кылымдын эволюционисттеринин дээрлик баарынын расист болушунун эң негизги себептеринин бири – бул алардын пикирдик башчысы болгон Дарвиндин да расисттик көз-караштарда болгондугу. Мисалы, Дарвин Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде африкалыктар менен аборигендер сыяктуу кээ бир расалар "төмөн расалар" жана жашоо күрөшүндө келечекте эленип, жок болот деген:
Балким кылымдарга созулбаган жакынкы бир келечекте маданий адам расалары жапайы расаларды толугу менен жер бетинен жок кылат жана алардын ордун ээлешет. Башка тараптан, адам сымал маймылдар да, албетте, жок кылынышат. Натыйжада адам менен эң жакын туугандары арасындагы боштук андан да чоңойот. Мунун урматында азыркы Европалык расалардан да маданий расалар менен азыркы африкалыктардан, австралиялык жергиликтүүлөрдөн жана гориллалардан да артта калган бабуин сыяктуу маймылдар калат.46
Дарвин бул сөздөрүндө кээ бир расаларды гориллаларга теңеп, "маданий адам расалары" "жапайы расаларды" жок кылып, аларды жер бетинен толугу менен өчүрөт деген. Т.а. Дарвин жакынкы келечекте боло турган геноцид, расалар кыргыны жөнүндө сөз кылууда. Чындап эле Дарвиндин мындай балакеттүү "божомолдору" ишке ашып, эволюция теориясын "илимий" бир колдоо катары көргөн расисттер 20-кылымда чоң кыргындарды жасашты. Фашисттердин Экинчи дүйнөлүк согушта болжол менен 40 миллион адамды өлтүрүшү, Түштүк Африкадагы апартеид системасы (Түштүк Африка өкмөтү тарабынан жасалган Европалык расалардын башкаларга караганда өзгөчө болуу системасы), Европада Түрктөргө жана башка чет элдиктерге болгон расисттик кол салуулар, АКШда африкалыктарга, Австралияда болсо аборигендерге карата расисттик дискриминация (бөлүүчүлүк), Европанын көп өлкөсүндө бат бат жогорулап турган нео-фашисттик кыймылдар, булардын баары дарвинизмдин расизмге берген калп "илимий" колдоосун колдонуп күчтөнүшкөн. (Фашизм, расизм жана дарвинизмдин байланышы жөнүндө тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Darwinizm'in Kanlı İdeolojisi: Faşizm (Дарвинизмдин кандуу идеологиясы: фашизм), Vural Yayıncılık, Mayıs 2001)
Darwin's book The Voyage of the Beagle |
Дарвиндин расисттик сөздөрү булар менен эле чектелбейт. Мисалы, Түрлөрдүн келип чыгышынан мурда чыккан The Voyage of the Beagle (Beagle'дын сапары) аттуу китебинде Beagle аттуу кеме менен сапарда жүргөндө, кез келген Tierra del Fuego жергиликтүүлөрү жөнүндө аз өнүккөн, артта калган бир адам расасы катары сөз кылып, мындай деген:
Бул шексиз, өмүрүмдөгү мен көргөн эң кызыктай жана эң кызыктуу көрүнүш эле (Tierre del Feugo жергиликтүүлөрүн биринчи жолу көрүү). Бир жапайы менен маданий адам арасындагы айырманын мынчалык чоң болооруна ишенмек эмесмин. Айырма – жапайы бир айбан менен үйдө багылган бир айбан арасындагы айырмадан бир топ чоң. Бүт дүйнө тинтилсе, мындан төмөн бир адам табылбайт деп ишенем.47
Дарвин өз оюнда "варвар" деп атаган Патагония жергиликтүүлөрүн болсо мындайча сүрөттөйт:
... Балким эч нерсе адамды бир варварды өз ийининде көрүүчөлүк таң калтыра албайт – бул адамдын эң төмөнкү жана эң жапайы абалы. Адамдын акылы өтмүш кылымдарды көздөй барат жана анан сурайт, аталарыбыз ушулар сыяктуу адамдар болушу мүмкүнбү? Кыймылдары жана сөздөрү колго үйрөтүлгөн айбандардан азыраак түшүнүктүү эле... Жапайы менен маданий адам арасындагы айырманы сүрөттөп, түшүндүрүү мүмкүн эмес деп ойлойм.48
Дарвин бир катында болсо жаңы Tierre del Feugo жергиликтүүлөрү жөнүндө мындай деген:
Tierra del Feugo'до жылаңач, бойолгон, тир-тир титиреген жана көрүнүшү адамды шок кылган жапайы адамды алгач көргөнүмдө, аталарым аздыр-көптүр ушуларга окшош жандыктар болсо керек деп ойлодум. Ошондо бул мага абдан жийиркеничтүү сезилген. Ал тургай, бул мага азыркы ишенимим болгон салыштырууга мүмкүн болбогондой алыс аталарымдын түктүү жапайы айбандар болгону жөнүндөгү пикиримден да жийиркеничтүү сезилген. Маймылдар таза жүрөктүү айбандар. (Дарвиндин Чарльз Кингслиге каты)49
Бул сөздөрдүн баары Дарвиндин расисттигинин маанилүү көрсөткүчтөрү. Дарвин кээ бир адам расаларын болушунча басмырлап, маймылдарды "таза жүрөктүү айбандар" деген сөзү менен адамдаштырып, мактаган. Дарвиндин расисттигин көрсөткөн булар эле эмес; ал "төмөн" расалар жок кылынышы зарыл, бул табигый тандалуунун бир натыйжасы жана маданияттын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ачык жактаган. Дарвин мындай акылсыз жана абийирсиз ойлорун 1881-жылы июльда У. Грэхем аттуу бир илимпозго жазган катында мындайча билдирген:
Табигый тандалууга таянган уруштун маданияттын алга жылышына сиз ойлогондон көп пайда берээрин жана берип жатканын далилдей алам. Ойлоп көрүңүз, бир канча кылым мурда Европа Түрктөр тарабынан басып алынганда, Европа расалары кандай чоң риск астында калышкан эле, бирок учурда Европанын Түрктөр тарабынан басып алынышы бизге канчалык күлкүмүштүү сезилүүдө. Европа расалары катары белгилүү болгон маданий расалар жашоо күрөшүндө Түрк варвардыгын жеңген. Дүйнөнүн жакынкы бир келечегин караганымда, мындай төмөн расалардын көпчүлүгүнүн маданиятташкан жогорку расалар тарабынан жок кылынаарын көрүп жатам."50
Көрүнүп тургандай, Дарвиндин расисттик келесоолуктары жогорку ахлактуу жана даңктуу бир тарыхы бар Түрк калкына чейин жеткен. (Дарвиндин Түрк калкы жөнүндөгү негизсиз жана душмандык сөздөрүнүн тарыхый жана илимий жактан кандайча кыйратылганын Харун Яхьянын Evrim Teorisinin Irkçı Yüzü: Darwin'in Türk Düşmanlığı (Эволюция теориясынын расисттик жүзү: Дарвиндин Түрк душмандыгы) аттуу китебинен окуй аласыз. Kültür Yayıncılık, İstanbul, Ekim 2001)
Slaves seeking their freedom in Western South Africa in 1904were savagely put down. |
Дарвин өзүнүн бузуку ойлорунда "төмөн раса" катары көргөн калктардын жок кылынышын божомолдоо менен, бир тараптан, эволюция теориясынын расизмге болгон колдоосун көрсөтсө, экинчи тараптан, 20-кылымда ишке ашчу расалык согуштардын, кыргындардын, геноциддердин калп "илимий" негизин түзгөн эле.
Эволюционисттер Дарвиндин атынын расизм менен бирге эскерилишине тоскоол болуу үчүн болгон аракетин кылышса да, Гарвард университетинен Стивен Жей Гоулд Түрлөрдүн келип чыгышы китебине шилтеме жасоо менен Дарвиндин расизмди колдогонун кабыл алууда:
1859-жылдан мурун расизм жөнүндө биологиялык талаштар кездешиши мүмкүн, бирок эволюция теориясынын кабыл алынышы менен мындай талаштар абдан маанилүү болуп көбөйдү.51
Бир эле Дарвин эмес, Томас Гексли (Thomas Huxley) сыяктуу эволюция теориясынын эң алдыңкы жактоочулары да расист эле. Гексли Америка жарандык согушунан кыска убакыттан соң, африкалык кулдар эгемендикке жеткен соң мындай деп жазган:
Айланабыздагы окуяларды байкаган логикасы бар эч бир адам орточо бир африкалыктын ак адамга тең же андан бир аз төмөн экенине ишенбейт. Бул жетишсиздиктердин баары чыгарылганда, ээги узун туугандарыбыз -өзгөчө мамиле жана заалымдык болбогон теңдеш бир чөйрөдө, тиштөөлөр эмес ойлор колдонулган бир жарыштабыз деп элестетсек- чоң мээлүү жана кичине ээктүү атаандашына каршы ийгиликтүү күрөшө алат деп ойлоо чынында акылга сыйбас бир пикир.52
Гексли өз оюнда африкалыктар расасы жөнүндө адамдар эмес, айбандардан сөз кылгандай сөз кылып, африкалыктар акыл жарышында сөзсүз артта калат деген негизсиз жана көп жолу тескериси далилденген бир догманы айтууда. Бул дагы эволюция теориясынын чыныгы жүзүн көрсөтүшү жагынан абдан маанилүү.
1800-жылдардын ортолорунда эволюция теориясы менен бирге ортого коюлган расизм уруктары 1900-жылдардын ортолоруна жакын чыныгы натыйжаларын берип баштады. Эң күчтүүсү Германияда национал-социализм менен бирге пайда болду. Дарвиндин замандашы жана эволюция теориясынын күчтүү бир жактоочусу Фридрих Ницше (Friedrich Nietzsche) Германияда "супер адам" жана "мырза раса" сыяктуу негизсиз түшүнүктөрдү популярдуу кылды. Фашизм болсо сөзсүз болчу бир натыйжа эле. Гитлер менен фашисттер Дарвиндин жунгли мыйзамын улуттук саясатка айлантышты жана 40 миллион адамдын өлүмүнө себеп болушту. (Бул "Дарвин-фашизм коалициясынын натыйжасы: 40 миллион өлүк" аттуу бөлүмдө терең каралат.)
An article titled “Do Races Differ? Not Really, DNA Shows,” published in the New York Times |
Өзгөчө акыркы 10 жылда генетика илиминде алынган ачылыштар биологиялык жактан адамдар арасында расалык айырмачылыктар жок экенин ортого койду. Илимпоздордун көпчүлүгү болсо бул боюнча бир пикирде. Мисалы, Атлантада уюштурулган Илимдин өнүгүшү конгрессинде (Advancement of Science Convention) илимпоздор мындай билдирүү жасашты:
Раса – тарыхта калган окуялар менен шарттандырылган сезимдерибиздин натыйжасы болгон социалдык бир жомок. Эч кандай биологиялык чындыгы жок.53
Two young blacks hanged in 1902, for being members of a different race. In the 21st century, however, it has been realized that in biological terms, there are no differences between races. Milliyet newspaper, February 13, 2001 |
Генетикалык изилдөөлөрдө расалар арасындагы генетикалык айырмачылыктардын абдан аз экени, гендерди кароо менен расаларды айырмалоо мүмкүн эмес экени аныкталды. Бул жөнүндө изилдөө жасаган илимпоздор бир топтогу адамдар арасында да генетикалык жактан 0,2% айырма бар дешет. Расалык айырмачылыктарды аныктаган теринин өңү, көздүн формасы сыяктуу өзгөчөлүктөр болсо бул 0,2%дын 6%ын гана түзөт. Бул болсо генетикалык жактан расалар арасында болгону 0,012%дык бир айырма бар дегенди билдирет.54 Башкача айтканда, расалык айырмачылыктар эч маанисиз деп айтууга мүмкүн болгончолук аз.
New York Times гезитинин 2000-ж. 22-августундагы санында Натали Ангир (Natalie Angier) колу менен жарык көргөн "Do Races Differ? Not Really, DNA Shows" (Расалар айырмалуубу? ДНК көрсөткөндөй көп эмес) темалуу макалада бул акыркы ачылыштар кыскача мындай баяндалган:
Илимпоздор көп жылдар бою коом тарабынан кабыл алынган расалык категориялардын генетикалык деңгээлде байкалбаганынан шектеништи.
Бирок, изилдөөчүлөр –адам денесинин- дээрлик ар бир клеткасынын жүрөгүндө сакталган жана генетикалык материалдын толуктоочусу болгон адам геномун тереңирээк изилдеген сайын, адамдарды "раса" аркылуу бир-биринен айырмалоо үчүн колдонулган стандарттык этикеткалардын абдан аз же эч кандай биологиялык мааниси жок экенине ынанышты.
Биринчи караганда бир адамдын Кавказдык, Африкалык же Азиялык экенин айтуу оңой, бирок анын түпкүрүндөгү өзгөчөлүктөргө түшкөндө жана геном "расанын" ДНК өзгөчөлүктөрү үчүн изилденгенде, мындай жеңилдик жоголот дешүүдө.55
Адам геному долбоорун ишке ашырып жаткан Celera Genomics фирмасынын башчысы Ж. Крейг Вентер (J. Craig Venter) да раса илимий эмес, социалдык бир түшүнүк деп айтууда.56 Др. Вентер жана National Institutes of Health'де иштеген илимпоздор адам геномунун бүт тизмегинин долбоорун чогултканын жана бир гана адам расасы бар деген жыйынтыкка барышканын айтышууда.
Manhattan North General Hospital'дын башчысы Др. Гарольд П. Фриман (Dr. Harold P. Freeman) болсо биология жана раса жөнүндөгү изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын кыскача минтип айткан:
Раса жөнүндө сөз кылганыбызда, гендерибиздин канча пайызы сырткы көрүнүшүбүзгө чагылат деп сурасаңыз, мунун жообу 0,01% тегерегинде болот. Бул генетикалык түзүлүшүңүздүн абдан төмөн деңгээлдеги бир чагылуусу.57
Then when the Trumpet is blown, that Day there will be no family ties between them; they will not be able to question one another. (Surat al-Muminun, 101) |
Ушундай эле жыйынтыкка барган илимпоздордун дагы бири – бул Вашингтон университетинен биология профессору Алан Р. Темплтон (Alan R. Templeton). Темплтон ар түрдүү элдерден адамдардын ДНКларын анализ кылган. Анализдер натыйжасында адам түрүндө көптөгөн генетикалык вариация бар экенин, бирок бул вариациялардын көпчүлүгүнүн жекече экенин байкаган. Элдер арасында кээ бир вариациялар болгону менен, бул вариациялардык абдан төмөн экенин аныктаган. Темплтон алган жыйынтыктарын –эволюцияга болгон стереотиптүү ишенимин коргоо менен- мындайча айткан:
Раса – коомдо маданий, саясий жана экономикалык бир түшүнүк, бирок биологиялык бир түшүнүк эмес. Бирок көп адамдар –генетикалык айырмачылыктар- адам расасынын маңызы деген сыяктуу туура эмес бир ойдо... Мен темага бир аз объективдүүлүк кошкум келди. Бул болушунча тарапсыз анализ жыйынтыгы боюнча, адамзаттын бир-биринен чындап ар түрдүү астыңкы топторго бөлүнүшү деген нерсе мүмкүн эмес.58
Темплтондун жыйынтыктары боюнча, Европалыктар менен Төмөн сахаралык африкалыктар арасында жана Европалыктар менен Меланезиялыктар (Түндүк чыгыш Австралия аралдарынын жээктери) арасындагы генетикалык окшоштук Африкалыктар менен Меланезиялыктар арасындагылан көбүрөөк. Бирок Төмөн сахаралык африкалыктар менен Меланезиялыктар кара түстүү болушу, чачтарынын түрү, башы жана бетинин формасы жагынан бир-бирине көбүрөөк окшошот. Булар бир расаны айырмалоодогу өзгөчөлүктөр, бирок генетикалык жактан бул адамдар бир-бирине аз окшошушат. Темплтон, бул ачылыш көрсөткөндөй, "расалык өзгөчөлүктөр" гендерде көрүнбөйт дейт.59
Популяция генетиктери Luca Cavalli-Sforza, Paolo Menozzi жана Alberto Piazza тарабынан жазылган Адам гендеринин тарыхы жана географиясы аттуу китепте болсо төмөнкүдөй жыйынтыкка барылган:
Бой же теринин түсү сыяктуу тышкы өзгөчөлүктөрдөн жооптуу болгон гендер эске алынбаса, адам "расалары" терилеринин астында абдан окшош. Жеке адамдар арасындагы айырмачылыктар топтор арасындагы айырмачылыктардан бир топ чоң.60
Китеп жөнүндө бир анализ орун алган Time журналында болсо бул жөнүндө төмөнкүлөр айтылган:
Негизи жеке адамдар арасындагы айырмачылыктар ушунчалык чоң болгондуктан, раса түшүнүгүнүн баары генетикалык деңгээлде маанисиз болуп калууда. Авторитеттүү окумуштуулар кандайдыр бир популяциянын башкасынан генетикалык жогорулугунун тузагын курган теориялардын "эч кандай илимий негизи" жок экенин айтышууда. Кыйынчылыктарга карабастан, илимпоздор жомок кыйратуучу бир катар ачылыштарды жасашты. Булардын бири китептин сыртында орун алган: дүйнөнүн генетикалык ар түрдүүлүгүнүн түстүү картасында, тизменин бир учунда Африка бар, берки учунда болсо Австралия. Австралиялык аборигендер менен орто-сахаралык африкалыктардын терисинин өңү жана дене түзүлүшү сыяктуу тышкы өзгөчөлүктөрү окшош болгондуктан, алар бир-бирине жакын деп көпчүлүк тарабынан кабыл алынган. Бирок гендери башкача көрсөтүүдө. Австралиялыктар бүт адамдар арасында африкалыктардан эң узак жана кошуналары болгон түштүк чыгыш азиялыктарга абдан окшошушат.61
Examples of racist practiees little Nigerian girl used for experimental purposes | |||||||
Certain drugs companies test their new products on the citizens of countries in Africa, Eastern Europe, Asia and South America, and during the course of these experiments, moral and professional laws are violated. In 1996, a 10-year-old girl weighing only 18.5 kg (40 pounds) and living in the Nigerian city of Kano suffered terrible pain due to meningitis. A world-famous American drug company was testing an antibiotic—which had not yet been licensed—on children in a camp it had set up. The drug being tested was of great importance to the company: stock exchanges estimated that if the Food and Drug Authority granted permission for the drug to be used, it would bring the company some $1 billion a year. The firm was unable to find test subjects in America, and so had come to Kano. The firm's doctors began giving the girl an experimental daily dose of 56 mg of this drug. On the third day the girl died. Investigations by the Washington Post showed that drugs testing for profit was becoming increasingly widespread in Africa, Asia, Eastern Europe and South America. In order to circumvent the American FDA's strict rules, some American firms were cooperating with doctors in these countries, and tens of thousands of Third World country citizens were being used as guinea pigs in experiments. Although a spokesman for the firm in question stated that the experiments had received the necessary permission, experts stated that the meningitis experiment in Nigeria incident was incompatible with medical ethics and regulations in a number of regards. For example, although experiments of this kind should last at least a year, the one in Nigeria lasted only six weeks. Meningitis sufferers in America were generally given quick-acting drugs intravenously, but the Nigerian girl was given by mouth a drug that had never been tested on children. Again, in the event of negative affects in tests of this kind, the drug should immediately be stopped and another drug administered. But the drug company continued to give the little girl the same drug until she died. The drug in question never received permission to be used with children. In America, it was restricted in adult use on the grounds that it led to kidney disorders and deaths, and was completely prohibited in Europe. This shows just how dangerous it actually was.1 | |||||||
Darwin’s body snatchers | |||||||
Following the publication of The Origin of Species, various enthusiastic Darwinists began looking for the “missing link” in the so-called human evolution. Racist evolutionists believed that the native aboriginal peoples of Australia were one of the primitive stages of human evolution. In order to prove this misconception, they began stealing corpses from Aborigines' graves and selling them to American and European museums. Shocking information appeared in the Australian weekly The Bulletin in 1991, under the byline of David Monaghan.2 He worked on the story for 18 months, carried out research in London, and produced a documentary called “Darwin's Body-Snatchers,” screened in England on 8 October 1990. Some of the information Monaghan provided was along the following lines:
Another study documenting this maltreatment and slaughter inflicted on the Aborigines is the book Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973 edited by Sharman Stone, Parliamentary Secretary to the Australian Minister for Environment and Heritage. Apart from a few comments by the editor, this book consists of such documents as parliamentary records, examination reports, letters to editors and anthropological reports.. In the book, Stone constructs the following relationship between Darwin's theory and the slaughter of the Aborigines: In 1859 Charles Darwin's book On the Origin of Species popularized the notion of biological (and therefore social) evolution. Scholars began to discuss civilization as a unilinear process with races able to ascend or descend a graduated scale. The European was the “fittest to survive.” [The Aboriginal] was doomed to die out according to a “natural law,” like the dodo and the dinosaur. This theory, supported by the facts at hand continued to be quoted until well into the twentieth century when it was noticed that the dark-skinned race was multiplying. Until that time it could be used to justify neglect and murder. 6
As the book's editor makes clear, some European Darwinists portrayed the deaths of Aborigines as proof that this race was condemned to disappear as a consequence of “natural law.” In the 20th century, however, it was realized that these alleged proofs were invalid. The Aborigines had died not because of any laws of nature, but from the maltreatment they'd received. Also, of course, when the numbers of dark skinned people were observed to be increasing, it was realized that these Darwinist claims were untrue. The replies given by a police officer to an investigation carried out by the Royal Commission in 1861 help clarify how racist basis and the maltreatment of the Aborigines were regarded as perfectly natural at the time. The officer was asked:
According to Stone's account, a news report from 1880 said:
Nothing that we can do will alter the inscrutable and withal immutable laws which direct our progress on this globe. By these laws the native races of Australia were doomed on the advent of the white man, and the only thing left for us to do is to assist in carrying them out with as little cruelty as possible. We must rule the blacks by fear.8 These lines again reveal the ruthlessness at the heart of the Social Darwinist perspective. These people were regarded as a species of animal, but were treated in a way nobody would treat an animal, simply because their skin was of a darker color and because they possessed certain different physical characteristics—yet another proof of the cruelty of Social Darwinists. A letter to a newspaper also dated 1880 described the oppression of the Aborigines: This, in plain language, is how we deal with the aborigines: On occupying new territory the aboriginal inhabitants are treated exactly in the same way as the wild beasts or birds the settlers may find there. Their lives and their property, the nets, canoes ... are held by the Europeans as being at their absolute disposal. Their goods are taken, their children forcibly stolen, their women carried away, entirely at the caprice of white men. The least show of resistance is answered by a rifle bullet... [those] who fancied the amusement have murdered, ravished, and robbed the blacks without let or hindrance. Not only have they been unchecked, but the Government of the colony has been always at hand to save them from the consequences of their crime.9 What has been recounted here is only a tiny part of Social Darwinism's dark face, but is enough to suggest the full scale of the disasters that atheism and Darwinism wreaked on humanity. Footnotes1. Yeni Binyıl Newspaper, 20.12.2000 2. David Monaghan, 'The Body-snatchers', The Bulletin, November 12. 1991, s. 30-38 3. David Monaghan, 'The Body-snatchers', The Bulletin, November 12. 1991, s.33 4. David Monaghan, 'The Body-snatchers', The Bulletin, November 12. 1991, s.34. 5. David Monaghan, 'The Body-snatchers', The Bulletin, November 12. 1991, s.33 6. Sharman Stone, Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973, Heinemann Educational Books, Melbourne, 1974 7. Sharman Stone, Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973, Heinemann Educational Books, Melbourne, 1974, s. 83 8. Sharman Stone, Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973, Heinemann Educational Books, Melbourne, 1974, s.96 9. Sharman Stone, Aborigines in White Australia: A Documentary History of the Attitudes Affecting Official Policy and the Australian Aborigine 1697–1973, Heinemann Educational Books, Melbourne, 1974, s.93 |
The theory of recapitulation and racism | ||||
According to the theory of recapitulation proposed by the German atheist and evolutionist Ernst Haeckel, developing embryos repeat the evolutionary process undergone by their alleged ancestors. This claim maintains that during its development in the mother's womb, the human embryo first exhibits fish characteristics, then reptilian ones, before finally turning into a human baby. For long years this was depicted as evidence for the theory of evolution, but eventually it was seen through as completely unscientific and nothing more than a work of imagination.1 In order to supposedly prove his unscientific theory, Ernst Haeckel falsified drawings, trying to make fish and human embryos resemble each other. When this fraud was unmasked, his defense was that other evolutionists had done the same kind of thing.2 Yet the imaginary scenario that Haeckel backed up with forged drawings laid a seemingly scientific foundation for racism in a great many countries, particularly in Germany.
According to the claims of the theory of recapitulation, the features possessed by a human at the embryonic stage or in early childhood are left over from evolutionary adult ancestors. For example, Haeckel and his followers maintained that a “civilized” child possessed the same intelligence and behavioral characteristics as a “savage” adult, and used these claims to prove the superiority of the white race. In his book Ever Since Darwin, Stephen Jay Gould summarizes the support that the theory of recapitulation provided for racism: Recapitulation was Haeckel's favorite argument… Haeckel and his colleagues also invoked recapitulation to affirm the racial superiority of northern European whites, ... Herbert Spencer wrote that “the intellectual traits of the uncivilized… are traits recurring in the children of the civilized.” Carl Vogt said it more strongly in 1864: “The grown up Negro partakes, as regards his intellectual faculties, of the nature of the child…”3 Of course, this claim put forward by Spencer, Vogt and others did not reflect the truth in any way. These claims were gradually invalidated by science itself and abandoned. In his The Panda's Thumb, Gould wrote: This theory, often expressed by the mouthful “ontogeny recapitulates phylogeny,” held that higher animals, in their embryonic development, pass through a series of stages representing, in proper sequence, the adult forms of ancestral, lower creatures. ... Recapitulation provided a convenient focus for the pervasive racism of white scientists...4 Professor George J. Stein, director of the International Security Studies Core at the Air War College, published an article headed “Biological Science and the Roots of Nazism” in American Scientist. “In essence,” he wrote, “Haeckel and his fellow social Darwinists advanced the ideas that were to become the core assumptions of national socialism,”5 thus summarizing the deadly relationship between Haeckel, Social Darwinism and racism. Footnotes1. Keith S. Thompson, "Ontogeny and Phylogeny Recapitulated", American Scientist, vol 76, Mayıs/Haziran 1988, s.273 2. Francis Hitching, The Neck of the Giraffe: Where Darwin Went Wrong, New York: Ticknor and Fields 1982, s.204 3. Stephen Jay Gould, "Racism and Recapitulation," Ever Since Darwin adlı kitabın 27. bölümü, (New York, W.W. Norton & Co., 1977), s. 217 4. Stephen Jay Gould, "Dr. Down's Syndrome", Natural History, vol.89, Nisan 1980, s.144 5. George J. Stein, "Biological Science and the Roots of Nazism," American Scientist, Vol. 76, Jan/Feb. 1988, s. 56. |
A picture by Adam Willaerts showing a British ship sailing to East India. |
Басып алуучулук (колониалдаштыруу) Дарвинден бир топ мурда 16-кылымда Европа өлкөлөрүндө өнүгүп баштаган. Бирок расизм сыяктуу, басып алуучулук да Дарвиндин теориясынан күч тапты жана башкача бир максатка ээ болду. 16-кылым жана кийинки кылымдарда, өзгөчө Өнөр-жай төңкөрүшүнөн соң Европа өлкөлөрүнүн башка материктерге жана өлкөлөргө жайылышындагы максат – көбүрөөк соодалык эле. Европалыктар өндүргөн товарларына базар издеп башташкан жана муну чечүү үчүн башка материктердеги өлкөлөрдү ээлөөнү туура көрүшкөн. 19-кылымдагы империалисттик аракеттер болсо башка себептерде болгон. Ошондуктан бул доордогу империалисттик аракеттер "Жаңы империализм" деп аталууда.
Социал дарвинисттик көз-караш жаңы империализмдин дүйнө көз-карашын түзгөн. Жаңы империализмге жол ачкан дарвинисттик себептердин бири – жогорулук жарышы эле. Бир-бири менен атаандашкан англиялыктар, француздар, немецтер жана башкалар "жашоо күрөшүндө" үстөмдүк кылуу жана "эң күчтүү" улут боло алуу үчүн көбүрөөк жерди ээлешибиз керек деген жаңылыштыкка алдырышкан эле.
Экинчи себеп болсо, башка расалардан жогору экенин далилдөө жаңылыштыгы эле. "Жогору расабыз" деген англо-саксондор менен арийлер "төмөн раса" деп санаган африкалыктарды, азиялыктарды же Австралия жергиликтүүлөрүн басып алууну, алардын күчтөрүн, байлыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талап-тоноону өз ойлорунда "биздин табигый укугубуз" деп ойлошкон. Ошентип экономикалык максаттан көбүрөөк дарвинисттик максаттар менен 19-кылымдын империализми өнүктү.62
Above: A procession of the Britain's Royal Family in India under British colonial rule. Below: The arrival of British forces occupying Palestinian lands in the wake of the Ottoman Empire. Palestine had enjoyed peace and security for hundreds of years under Ottoman rule, but colonial administration brought with it chaos, conflict, and oppression. |
Britannica Энциклопедиясы'нын 1946-жылкы басылмасында жаңы империализмдин социал дарвинисттик тамырлары жөнүндө мындай деп айтылган:
19-кылымдын аягындагы бул жаңы империализм доору руханий колдоосун бүт Европаны чыркыраткан Бисмаркчылык, социал дарвинизм жана күч менен ийгиликти даңктаган ушуга окшош бүт теориялардан алган. Расисттик теориялар салттык ахлактык баалуулуктарга (Христиандык сыяктуу) каршы доордун дээрлик эң басымдуу ишенимине айланып бараткан бул жаңы көз-карашка "илим" жана "табият" аркылуу негиз түзгөн сыяктуу көрүнүүдө.63
Социал дарвинизмдин 19-кылымдын жаңы империализминин чыныгы тамыры экени көптөгөн изилдөөчү жана жазуучу тарабынан кабыл алынууда. Мисалы тарых профессору Гертруда Химмельфарб (Gertrude Himmelfarb) Darwin and the Darwinian Revolution (Дарвин жана дарвиндик төңкөрүш) аттуу китебинде социал дарвинизмдин расизм жана империализм менен болгон жакын байланышы жөнүндө мындай дейт:
Социал дарвинизм көбүнчө мындай кабыл алынган: атаандаштыкты, күчтү жана зомбулукту үрп-адат жана дин ахлагынан жогору кылган бир философия. Ушундайча радикалдуу улутчулдуктун, империализмдин, милитаризмдин, диктаторлуктун, баатырдык культтарынын, жогору адам жана "мырза раса" ишениминин бир баштыгы абалына келген.64
Атактуу немец тарыхчы Вехлер (Wehler) болсо социал дарвинизмдин бул тарабына мындайча токтолгон:
Социал дарвинизм жумушчу же басып алынган элдердин эркиндик каалоолорунун "жашоо күрөшү" ичиндеги экинчи класс адамдардын керексиз протести катары кабылданып, маани берилбешине мүмкүндүк берди. Социал дарвинизмге башкаруучулардын кызыкчылыктары менен болгон байланышындагы бул күчтү берген нерсе – "жокко чыгарууга мүмкүн эмес" бир илимий маанайда сунулган иш-аракет ар түрдүүлүгү эле. Бир идеология катары империализмди колдогондуктан, индустриалдашкан калктар арасындагы тараптарлары тарабынан колдоо көргөн.65
Немец генерал Бернгарди (Bernhardi) 1912-жылы Britain as Germany's Vassal (Германияга баш ийүүчү катары Англия) аттуу китепте немец империализми жөнүндө жазган саптарында социал дарвинисттик көз-караштарды көрүүгө болот:
Дүйнө маданияты үчүн Германиянын басып алуу императорлугун кеңейтүү биздин милдетибиз. Ушундайча гана дүйнөлүк масштабда немец маданиятын саясий же жок дегенде улуттук бириктире алабыз. Ушундайча гана немец маданиятынын адамзаттын өнүгүшүндө эң керектүү фактор экени кабыл алынат. Дүйнөлүк масштабда жаңы аймактарды ээлөө үчүн болгон күчүбүз менен аракет кылышыбыз зарыл, себеби Германияны келечекте төрөлө турган миллиондогон немец үчүн сактап, аларга тамак-аш жана жумуш камсыздашыбыз керек. Алар немец асманынын астында, немец жашоосун жашашы зарыл.66
Дарвинисттик көз-караштардын таасири менен күчтөнгөн империализм себеп болгон көбүрөөк жер ээлөө каалоосу империалисттик өлкөлөр арасындагы согуштарга себеп болду. Дарвинизмдин жаңылыштыктарына таянып, басып алынган жерлердеги жергиликтүү калктарга "төмөн расадан" адамдар катары карашы себебинен чоң зулумдуктар жасалды. Ал жерлерге "маданият алпаруу" үчүн жолго чыкканын айткан империалисттер дарвинизмге таянган бузуку көз-караштары себебинен көптөгөн азап жана көз жашына себеп болушту.
African peoples were exploited for years by Westerners believing in Darwinist deceptions. |
жер жүзүндө ар түрдүү расалар, уруулар, элдер жаратышынын терең сырларынын бири – булар арасында маданий алмашуу жана ошондуктан дүйнөлүк бир маданий байлык болушу. Аллах ар түрдүү адам коомдорун "бир-бири менен таанышышы үчүн" жаратканын Куранда кабар берген (Хужурат Сүрөсү, 13).
Социал дарвинизмдин негизсиз (жалган) дүйнө көз-карашы боюнча болсо адамдар таанышуу үчүн эмес, күрөшүү (карама-каршылык) үчүн бар. Бул көз-караш боюнча, адамзаттын өнүгүшүнүн эң негизги жолу – бул расалар менен элдер арасындагы күрөш. Социал дарвинисттердин логикасыз божомолдору боюнча, расалар арасындагы күрөштө үстөм болуу үчүн жаңы ачылыштар жасалат, натыйжада болсо "маданияттуураак" жана "жогору" болгондор жеңет жана ушундайча адамзат өнүгөт. Адамдар согушуу менен, кылмыш кылуу менен, киши өлтүрүү менен, башкаларды эзүү менен жана аларга зулумдук кылуу менен алга жылат деп айтуу жырткычтыкты жактоо дегенди билдирет. Адамдар же коомдор арасында кээ-кээде ар түрдүү түшүнбөстүк же маселелер жаралышы мүмкүн. Бирок бүт маселелерди тынчтык жолу менен оңой гана чечүүгө болот. Зомбулукка баруу менен маселе чечилет деп ойлоо маселенин эч чечилбес абалга келишинен башка ишке жарабайт. Же болбосо –мурда да айтылгандай- элдердин өз кызыкчылыгын жана келечегин коргой турган чараларды көрүшү туура нерсе. Бирок башка элдердин акыларын көзгө илбей же башкаларды жок кылуу менен өз кызыкчылыгымды көтөрөм деп ишенүү менен саясат жүргүзүү логикага да, абийирге да сыйбайт.
The American Civil War (1861-1865) between the northern states, who demanded that slavery be abolished, and the southern states, who wanted it to continue. The idea of the superiority of the white race became a casus belli, and for four years, countrymen were to fight against one another. Slavery was finally abolished in the United States when the North emerged victorious. |
Учурдагы эволюционисттер "адамгерчиликтүү" жана расизмге каршы адам катары таанытууга аракет кылган Дарвин да расалар арасы күрөштү жактаган жана бул күрөштө "маданийлер" жеңет деген жалганын айтып чыккан. Дарвин жана башка эволюционисттер айткан маданийлер болсо – албетте, "ак раса" эле. Дарвиндин Адамдын келип чыгышы китебиндеги кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:
Маданий расалар варварлар менен согушканда, өлүмчүл климат жергиликтүү расага жардам берген жерлерден тышкары учурларда, күрөш көпкө созулбайт... Бир-бирлери менен атаандашкан улуттардын ийгиликке жетишиндеги эң негизги фактор алардын маданий деңгээли сыяктуу көрүнүүдө.67
Дарвин китебинин башка жерлеринде айткандай, бул сөздөрүндө да "варварлар" менен "маданийлердин" күрөшү жөнүндө сөз кылууда жана үстөмдүк маданийлерге тиешелүү деп айтууда. Мындай ойдон чыгарылган гипотезалары себебинен дээрлик бир кылым бою уланчу хаос жана азаптарга негиз түзгөн.
Дарвинден кийин да көп дарвинисттер расалар арасы күрөштү илимий бир чындык сыяктуу айтып келишкен. Мисалы, 19-кылымдын эволюционист теоретиктеринен жана Францис Гальтондун окуучусу катары кабыл алынган Карл Пирсондун (Karl Pearson) National Life from the Standpoint of Science (Илимий жактан улуттук жашоо) аттуу китебинен алынган төмөндөгү сөздөрү 19-кылым дарвинисттеринин расалар аралык күрөштөргө көз-карашын жана жаңы империализмдин артындагы себептерди көрүү жагынан маанилүү. Пирсон, башка социал дарвинисттер сыяктуу, расалар аралык күрөш керектүү, бир раса ичиндеги күрөш эволюция үчүн жетиштүү эмес деп ойлоодо. Пирсондун эч бир илимий негизи жок бул догмаларынын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Жаман раса жөнүндө айткандарым менимче төмөн адам расаларына тиешелүү. Канча кылымдардан, канча миң жылдардан бери негр африкалыктар Африкада ак адамдар тийишпестен чоң жерлерге ээ болуп келишти? Ошого карабастан, өз ара уруулук согуштары арий расасына бир аз болсо да салыштырууга мүмкүн болгончолук бир маданият пайда кылган жок. Каалашыңызча аларды тарбиялап өстүрбөңүз, баары бир расаны өзгөртө алышыңызга ишенбейм. Тарых мага жогорку деңгээлде маданият куруу үчүн жападан жалгыз бир жолду көрсөтүүдө, расанын раса менен күрөшүшү жана физикалык жана акыл жагынан ылайыктуу расанын өмүрүн улантышы...68
Пирсон жана ага окшогондордун мындай бузуку сөздөрү империалисттерге калп "илимий" бир колдоо болгон. Африка материгин, Азиянын маанилүү бир бөлүгүн басып алган, Австралия жергиликтүүлөрүнө ар түрдүү зулумдуктарды жасаган кээ бир Европа өлкөлөрү басып алуу табияттын бир мыйзамы жана адамзаттын өнүгүшүнүн жалгыз жолу дешкен. (Мындай догманын илимий эч бир таянычынын жок экенин болсо илим дүйнөсүндөгү өнүгүүлөр менен түздөн-түз илим тарабынан далилденди.) Пирсондун ою боюнча, тарых бою аңдабастан жасалган согуштар эми аң-сезимдүү жана алдын-ала пландалып жасалышы керек эле:
... Расанын расага жана улуттун улутка каршы бир күрөшү бар. Алгачкы доорлордо бул күрөш варвар уруулардын сокур жана аңкоо бир күрөшү эле. Учурда, маданий ак адамдын учурунда, бир топ аң-сезимдүү жана улутту тынымсыз өзгөргөн чөйрөгө ылайыктуураак абалга алып келе турган багытта жакшылап жөнгө салынган бир күрөш бар. Улут күрөштүн кандайча жана каякты көздөй жасалаарын алдын ала көрө алышы зарыл...
Сизден улутка, башка улуттар менен аскердик күчтү да, соода жана экономикалык процесстерди да колдонуу менен тынымсыз бир күрөш ичинде болгон уюшкан бир бүтүн катары карашыңызды каалаган элем. Жана сизден ар кандай күрөшкө толугу менен жаман бир нерсе катары карабашыңызды каалагам. Себеби күрөш дүйнө тарыхы бою адамдын алга жылышынын булагы болгон.69
Расалар жана улуттар аралык күрөштөрдүн, согуштардын жана уруштардын алга жылуунун бир жолу экенине ишенген, өз расасы жана улутунан башка раса жана улуттарды "төмөн" көргөн мындай бузуку логика 19-кылымда дүйнөнүн төрт тарабында чоң жерлерди ээлеп алды. Кээ бир империалисттик Европа өлкөлөрү басып алган жерлериндеги адамдарга абдан таш боор мамиле кылышкан. Алардын иш-аракеттеринде аларды адам катары көрбөгөнү, басмырлаганы, төмөн жана алсыз көргөнү, өздөрү менен тең укукта болушун кабыл албаганы апачык көрүнүп турган. 19-кылымда өнүккөн жаңы империализм социал дарвинизмдин дүйнөлүк масштабдагы бир ишке ашырылышы болду.
Дарвинизмдин пикирлерине мынчалык колдоо көрсөтүлүшүнүн себептеринин бири болсо – ошол доордун Европа өлкөлөрүндө адамдардын дин ахлагынан алысташы эле. Дин ахлагы адамдардын тынчтыкта жашашын талап кылат. Аллах адамдарга бир-бирине карата кечиримдүү жана толеранттуу болушун буйруган. Жер бетинде тынчтыкты бузуу, согушту жана күрөштөрдү тутантуу болсо – Аллах Кабатында чоң жоопкерчилиги болгон жамандыктар. Аллах Куранда жер бетинде бузукулукту, адамдарга зыян тийгизилишин сүйбөгөнүн кабар берген:
Ал иш башына келээри менен (же тескери бурулуп кетээри менен) жер бетинде бузукулук чыгарууга, эгинди жана урпактарды кыйратууга аракет кылат. Аллах болсо бузукулукту сүйбөйт. (Бакара Сүрөсү, 205)
A British military ceremony in India |
Басып алуучу мамлекеттердин алдыңкыларына жайылган социал дарвинисттик көз-караштар алардын кол астындагы элдерге болгон саясаттарда да көрүнүп турган. Бул элдерди адам катары санабаган, өз ойлорунда примитивдик бир ортоңку өткөөл форма деп ойлогон бул башкаруучулар басып алган өлкөлөргө көбүнчө азап, кыйроо, бактысыздык алып келишкен. Бул өлкөлөрдүн таш боор саясаттарында социал дарвинизм эң маанилүү факторлордун бири. Мурда да айтылгандай, кээ бир калктардын жогорку раса догмалары жана бой көтөрүүлөрү менен келген зомбулукчу, таш боор, башка улуттарды төмөн көргөн иш-аракеттери социал дарвинизм менен жалган бир "кадыреселикке" жеткен. Ал өлкөлөр мындай саясаттарында өз ойлорунда кылгандарын туура көрүшкөн, бул болсо өжөрлүк жана зомбулуктарын күчөткөн.
Апийим согушу мунун кызыктуу бир мисалы эле. Англия 19-кылымдын баштарында эле Кытайга апийим сатып баштаган. Чынында болсо Англияда апийим өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салынган эле. Императордун уулу да ашыкча апийимден өлгөн соң Император англиялыктардын өлкөгө апийим алып келишин токтотууну чечкен. Өкмөт кызматкери Лин Зексу (Lin Tse-Hsü) Чыгыш Индия фирмасынын эң чоң соода порту болгон Кантонго апийим импортун токтотуу үчүн сүйлөшүүгө жиберилген. Англиялык соодагерлер кызматташууну каалабагандыктан, Зексу апийим кампаларын жаптырган. Бул аскердик бир кийлигишүүнү алып келген. Кытайлыктар толук жеңилишкен жана абдан басмырлоочу бир келишимди кабыл алууга мажбур болушкан: бул келишим боюнча Кытайда апийим соодасы мыйзамдуу деп саналмак. Лин Зексу болсо өкмөттөгү кызматынан алынган жана сүргүнгө айдалган.
British forces brutally suppressing Indians demanding their freedom A British soldier selecting soldiers for the Indian Army |
болсо "жогорулуктарын" Ангола элин кул кылуу менен көрсөтүшкөн. Бул аймакта жашаган калктын көп бөлүгүн кеме менен уурдашкан жана беш жылдыгына "келишим түзүлгөн" жумушчулар катары океандан ары тараптарга жөнөтүшкөн. Бирок "жумушчулардын" аз бөлүгү гана келишимдин аягына чейин жашай алышкан.70 Басып алынган жерлердин дээрлик баарында басып алуучу мамлекеттер өздөрүнө жаккан жерлерди жана ресурстарды тартып алышып, өз өлкөлөрүнөн келген жайгашуучуларга же фирмаларга ал жерлерди беришкен. Жерлеринен айрылган жергиликтүү калкка болсо эч көңүл бурулган эмес. Ал элдердин акчалары, жумуштары, мал-мүлктөрү жана кен байлыктары толугу менен колдонулган.
Англиялыктар басып алгандарынан алган пахта, чай, баалуу таштар сыяктуу чийки заттарды Англияга алып кетишчү. Андан соң бул чийки заттар менен өндүрүлгөн товарлар кайра басып алынган жерлерге алып келинип, абдан кымбат бааларга сатылчу. Индиядан алынган пахта Англияда иштетилип, кайра Индияга сатылчу. Эң кызыктуусу Индияда Индия пахтасына тыюу салынган эле, б.а. англиялыктар саткан пахтаны гана колдонууга мүмкүн эле. Ошондой эле, индиялыктар англиялыктар өндүргөн тузду гана сатып ала алышчу.
Жаңы империализмдин дагы бир адилетсиз иш-аракети – бул каратылып алынган өлкөлөрдүн башкаруучуларына урмат-сыйсыз мамиле кылынышы, ал адамдарга маани берилбеши эле. Бирок мурдакы доорлордо Ханыша Елизаветадан Наполеонго чейин бардык башкаруучулар чет элдик лидерлерге тең мамиле кылышкан. Бирок 19-кылымда Европалыктарда барган сайын күчөгөн «өзүн жогору көрүү адашуучулугу» аларды урматсыз жана катуу кол кылды.
Эң кызыгы болсо, дарвинист империалисттер башка элдерди эзип жатканда, муну өз ойлорунда «төмөн расалардын» жана «артта калгандардын» жүгүн көтөрүү деп көрсөтүшкөн. Алардын ою боюнча, дүйнө өнүгүшү үчүн жогору раса системасы бүт дүйнөгө жайылышы, төмөндөр өнүктүрүлүшү керек эле. Башкача айтканда, басып алуучу күчтөр басып алган жерлерге «маданият» алып бардык дешчү. Бирок кылгандары жана саясаты алардын бул калп «жакшы ниеттүү» сөздөрүнүн чындыкка жатпаганын көрсөткөн. Социал дарвинисттик көз-караштагы 19- жана 20-кылымдын басып алуучу өлкөлөрү барган өлкөлөрүнө бакубаттык, бакыт, маданият эмес, каргаша, уруш, коркуу жана басмырлоону алып барышкан. Басып алуу басып алынган өлкөлөргө кээ бир пайдаларды алып келгени кабыл алынса да, зыяндары абдан көп эле.
Above: King Prempeh, leader of the African Ashanti tribe, and the Queen Mother, submitting to British troops. |
Карл Пирсондун төмөндө орун алган таш боор, адамдыктан, мээримден алыс сөздөрү социал дарвинизмге таянган расисттик жана империалисттик көз-караштардын кыска бир баяны боло алат:
Prince Edward, the Duke of Windsor, receiving gifts from the Maharajah of Koihayur Zulus entertaining British troops celebrating Queen Victoria's birthday by holding a sack race |
Күрөш – бул азап тартуу, олуттуу азап тартуу. Бирок күрөш менен азап ак расанын азыр жеткен өнүгүүсүнүн баскычтары болгон. Эми үңкүрлөрдө жашабай, тамырлар жана кабыктуу жемиштер менен азыктанбай калышы муну түшүндүрөт. Өнүгүүнүн эң ылайыктуу болгон расанын өмүрүн улантышынан көз-каранды болушу –бул кээ бирлерге ашыкча пессимисттик сезилиши мүмкүн- жашоо күрөшүнө аны кечиримдүү кылган өзгөчөлүктөрдү берүүдө. Жакшы металл кызыган металлдан чыгат. Кылыч сокого айлана турган, америкалык, немец жана англиялык соодагерлер дүйнө базарларында чийки зат жана тамак-аш үчүн атаандашпай калган, ак адам менен кара адам өз ара жерди бөлүшө турган жана баары жерди каалагандай иштете алган бир заманды үмүт кылышыңыз мүмкүн. Бирок, мага ишениңиз, ал күн келгенде адамзат өнүкпөй калат. Төмөн расанын көбөйүшүн башкара турган эч нерсе болбойт; таш боор ген мыйзамы табигый тандалуу тарабынан башкарылып, багыттала албай калат. Адамзат токтоп калат... Өнүгүү жолу элдердин калдыктарына толду; кемчиликсиздикке баруучу тар жолду таба албаган төмөн расалардын жана байкуштардын издери бүт тарапта. Ошондо деле бул өлүк адамдар, чынында, адамзаттын учурдагы жогорураак интеллектуалдык деңгээлине жана тереңирээк сезимдик жашоого жогорулашында ишке жараган аттоо таштары.71
A picture of the Congo under French colonial rule. The native peoples in the jungle were slaughtered by whites regarding them as a species of animal. |
Дүйнөдөгү элдердин көпчүлүгүн төмөн көргөн, алардын азаптарын, өлүмүн калп бир эволюция жолунда бир баскыч деп кабыл алган бул "дүйнө көз-карашынын" бүт адамзат үчүн канчалык чоң коркунуч экени көрүнүп турат. Бул китеп бою көңүл бурулган коркунуч да ушул. Эгер бир пикирди, канчалык коркунучтуу болсо да же канчалык илимге, логикага туура келбесе да, бирөөлөр бир ооздон илимий бир чындыктай айтып чыгып, күчтүү пропагандасын жасаса, анда бул пикир жана анын "мөмөлөрү" белгилүү мөөнөттөн соң илими, маалыматы жетишсиз адамдар тарабынан кабыл алынып баштайт.
Дарвинизмдин коркунучу мына ушунда. 19- жана 20-кылымда "жашоо күрөшү", "жогору жана төмөн расалар арасы күрөштөр" сыяктуу түшүнүктөрдүн тууралыгына ишенген адамдар бул догмаларды өздөрүнө калканыч кылышып, ар кандай таш боордуктарды жасашкан же жасагандарга унчугушкан эмес.
Мунун натыйжасында болсо Гитлер, Муссолини, Франко сыяктуу руханий оорулуу, расист, зомбулукчу, кыжырдуу, таш боор диктаторлор пайда болуп, миллиондогон адамдар алардын сөздөрүн алкыштап, он миллиондогондор болсо бул заалымдардын идеологиялары себебинен азап, кедейлик жана коркуу ичинде жашап, көз жумушкан.
In 1827, the French began occupying Algeria. As part of the colonialist mentality of the time, the French regarded nations other than their own as second class, and constructed a system based on oppression of and violence against the Algerians. First of all, education and even speaking in Arabic were banned. Then Algeria was made economically totally dependent on France. Opponents were bloodily suppressed. Below: A picture showing the torture and mistreatment of the Algerian people. | Inset left: İn Nebraska in 1919, a group of some 5,000 whites besieged the courthouse and captured a black prisoner and beat him senseless before shooting him more than 1,000 times and finally burning the body. Large picture: Two young blacks, Thomas Shipp and Abraham Smith, were lynched in Indiana in 1930. Thousands of Whites armed with baseball bats beat the two to death before hanging them. İn the 1930s, the Ku Klux Klan began to grow. These lynchings are just two of the countless examples of the hatred and ruthlessness that racism brings with it. |
A Polish girl whose older sister was killed by the Nazis in 1939. |
Социал дарвинизмдин расалар арасы күрөш улуттардын алга жылышын камсыздайт деген калпы согуштарга да негиз түзгөн. Социал дарвинизм жайылган Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында согуш алсыздардын элениши, күчтүүлөрдүн жашоосун улантышы, адам расасынын өнүгүшү, оордук жана жүк катары көрүлгөн адамдардын жок кылынышы үчүн "эң ылайыктуу жол" катары көрүлгөн.
The Darwinist claim that conflict is an essential part of human nature encourages war between nations. Yet the impact of wars have on innocent civilians is obvious |
Тарых бою адамзат көп согуштарды көргөн. Бирок бул согуштар көбүнчө чек араларда, карапайым калк максат кылынбастан, согушкан өлкөлөрдүн аскердик күчтөрү арасында жүргөн. Социал дарвинисттик максаттарда жасалган согуштарда болсо негизги максат карапайым калк эле. Себеби максат – "ылайыктуу" эмес, алардын оюнда "төмөн" болгон элди жок кылуу жана "керексиз ашыкча адамдарды" азайтуу эле.
Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында согуштун дарвинисттик таянычтары айтылган жазуулар жана сөздөр көп кездешчү. Нью-Йорк Америка Табигый тарых музейи журналы Natural History'нин башкы редактору Ричард Милнер (Richard Milner) Биринчи дүйнөлүк согушта немец интеллектуалдардын дарвиндик жана согушчу көз-караштары жөнүндө мындай дейт:
Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда немец сабаттуулары табигый тандалуунун токтоосуз бир күч, аларды өкүмдарлык үчүн кандуу күрөшкө мажбурлаган бир табият мыйзамы экенине ишеништи. Саясий жана аскердик окуу китептери Дарвиндин теорияларын дүйнө өкүмдарлыгы үчүн жасалган изилдөөнүн "илимий" бир негизи катары өнүктүрүштү. Немец илимпоздор жана биология профессорлору болсо муну толук колдошту.72
Social Darwinist logic formed the basis of ruthless Nazi occupations, during which time millions of Russians were expatriated for slave labor and more millions executed for no crime at all. |
Генерал Ф. Бернарди (F. von Bernhardi) да ушул жылдары The Next War (Эмки согуш) аттуу китебинде социал дарвинизм пропагандасын жасап, согушту мактаган. Согуш биологиялык бир мажбурдук деген Бернарди дүйнөнү ылайыксыздардан тазалоонун эң жакшы жолу согуш деп жактаган. Бернарди "согуш абдан маанилүү биологиялык бир мажбурдук, адамзаттын жашоосунда мажбурдуу бир жөнгө салуучу элемент. Согуш күчтү көбөйтөт жана адамдын өнүгүшүн стимулдайт" деген.73
Согушту "жөнгө салуучу бир элемент" деп айтууну акыл менен да, логика менен да, илимий маалыматтар менен да түшүндүрүүгө болбойт. Согуш – көп адамдардын өлүмүнө жана мал-мүлктүн жок болушуна себеп болуучу, коомдордун келечегинде кайра калыбына келтирүү кыйын болгон оор кыйроолорго себеп болуучу, кыйратуучу бир күч.
Ошого карабастан, тынымсыз согушууну, адамдарды өлтүрүүнү маданияттын бир зарылчылыгы катары көргөндөр согушту тутантуу аракеттерин улантышкан. Мисалы, Бернарди китебинин башка бир жеринде мындай деп жазган:
Согуш улуттардын жашоосу үчүн керектүү бир элемент эле эмес, ошол эле учурда чындап маданийлешкен бир улут эң чоң күч жана жандуулук тапкан маданияттын мажбурдуу бир бөлүгү... Согуш биологиялык жактан туура чечимдерди алат, себеби чечимдери нерселердин табиятына таянууда... Бул – биологиялык бир мыйзам эле эмес, ахлактык бир милдет жана цивилизациянын мажбурдуу бир бөлүгү!74
Young people being obliged to fight, despite all the suffering that war brings with it, represents the dark face of Darwinism. |
Албетте, бул сөздөргө алдангандардын эң чоң жаңылыштыктарынын бири – алардын адамдын табияты согушууга ылайыктуу жана согушуу адамдар үчүн мажбурдуу деп ойлошу эле. Алардын ою боюнча, адамдар согушкан сайын энергия жана жандануу алып турушмак. Чынында болсо бул чоң бир жалган. Аллах адамдарды тынчтыктан ырахат ала турган табиятта жараткан. Хаос жана уруш адамдын рухунда бейпилсиздик жана тынчсызданууларга себеп болот. Адамдын социалдык, экономикалык жана маданий жактан эң ылдам алга жылышы бейпилдик менен коопсуздук өкүм сүргөн чөйрөлөрдө мүмкүн болот. Согуш менен күрөш болсо кыйроо жана жоготууга гана себеп болот. Гертруд Химмерфальб (Gertrude Himmelfarb) Darwin and the Darwinian Revolution (Дарвин жана дарвиндик төңкөрүш) аттуу китебинде социал дарвинизмдин согушка болгон көз-карашы жөнүндө мындай дейт:
Генералдар үчүн эң маанилүүсү согуш муктаждыктары эле, империалисттик окуялар менен улуттук эксперименттер андан кийинки орунда эле. Башкалар үчүн болсо абал тескерисинче эле: империалисттик жана улутчул амбициялар согушту жана милитаризмди алып келди. Ал тургай, ушундайлар да бар эле, согуштун артыкчылыктарын, милитаризм жана улутчулдук сыяктуу милдеттер болбостон да, сүйүшчү; бул эң таза жана эң стереотипсиз социал дарвинизм эле.75
Эволюционист антрополог жана Дарвиндин өмүр баянынын автору Сэр Артур Кейт (Sir Arthur Keith) да согуш тараптары экенин апачык билдирип, жеке оюнда тынчтыкты сүйсө да, мындай тажрыйбанын, б.а. тынчтыктын жыйынтыктарынан коркоорун айтып, такыр туура эмес бир көз-караш көрсөткөн. Беш жүз жыл уланган тынчтык доорунан соң дүйнө «бир канча жаз бою буталбаган жана көп жылдар бою көзөмөлдөнбөгөн ашыкча көбөйүү менен баш көтөргөн бир мөмө бакчасына» айланат деген логикасыз бир божомолду жасаган.76
As long as they do not experience war, people may never realize what a terrible disaster it actually is. It must never be forgotten that war spells sorrow, loss and suffering for millions of innocents. The way to build a world without war and conflict, one full of peace and security, is by the eradication of ideologies incompatible with the religious moral values commanded by God. |
сөздөрү дарвинисттик пикирлердин адамдарды канчалык таш боорлоштурушу мүмкүн экендигинин бир көрсөткүчү. Кейт дүйнө бат бат "буталышы" керек экенине, б.а. дүйнөнүн күчтөнүшүнө тоскоол болгон "элементтер" кесилип ташталышы керек экенине ишенген. Жырткычтыкты апачык жактаган. Кейт айткан "бутоо" – согуштар эле. Согуштарда өлгөндөр, б.а. Кейт "ташталышы керек" дегендер болсо – байкуш аялдар жана эркектер менен күнөөсүз жаш балдар эле. Дарвинизмдин калптарына ишенгендердин бул күнөөсүздөргө боор ооруп, сүйүү, боорукердик сезиши мүмкүн эмес. Себеби алар ишенген теория аларга ак расаны өнүктүрүп күчтөндүрүү үчүн керек болсо алсыз көрүнгөндөрдү жок кылууга болот деген абийирсиздикти сиңирүүдө. Бул болсо тарых бою көп кездешпеген чоң заалымдыктарга себеп болду.
Социал дарвинизмдин согуш жөнүндөгү ушундай бузуку жоромолдору 19-кылымдан баштап тынымсыз уланган согуштардын, жарандык карама-каршылыктардын, уруштардын жана кыргындардын негизги себептеринен. Социал дарвинизм жөнүндө эч нерсе билбеген кээ бир адамдар да түбү ушул теорияга таянган согуш чакырыктары натыйжасында социал дарвинизмдин таасиринде калышкан.
20-кылымдын баштарында болсо бир канча маржинал идеологдор эмес, журналисттерден илимпоздорго жана саясатчылардан бюрократтарга чейин көп адамдар согуштун керек экенине ишенүү жаңылыштыгына кабылышкан.77 Б.а. аялдардын, балдардын, улгайгандардын, муктаж абалдагы адамдардын жок кылынышы, жаштардын фронтко айдалышы "адамзаттын пайдасы үчүн" жакталган.
African- Americans lynched in 1906. |
So long as love of God and feelings of compassion and sympathy for the human beings He created do not prevail, humanity will continue to experience such tragedies. |
Мындай көз-караштарды эң жогорку кызматтагылар да жакташкан. Мисалы, Германия канцлери Бетман-Гольвег (Bethmann-Hollweg) Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда ортоңку класс арасында көп кездешкен славдар менен немецтер арасында бир күрөш сөзсүз болот деген көз-карашта эле.78 Кайзердин да ушундай көз-карашта экени белгилүү эле. Көп тарыхчылар да кабыл алгандай, согуш сөзсүз болот, ал төмөн расалар тазаланышы үчүн табигый жана пайдалуу нерсе деген абийирсиз догма Биринчи дүйнөлүк согуштун эң негизги себептеринин бири эле.
Фашизмдин башчысы деп саналган немец философ Ницше – Германияда социал дарвинизмдин эң алдыңкы жактоочуларынын бири эле. Ницшенин сөздөрүндө да Бернарди ойлогон себептерден улам согуш тараптары экени апачык көрүнүп турчу. Ницшенин ою боюнча, идеалдуу коомдук система согушту негиз тутуш керек эле: "Эркектер согуш үчүн даярдалышат жана аялдар болсо согушчулар кайра дүйнөгө келиши үчүн аракеттенишет; мындан башканын баары акмактык."79 Ницшенин бузуку көз-карашы боюнча, жашоо согуштан гана турат жана бүт баары согуш үчүн эле.
Дарвиндин да, Ницшенин да чоң фанаты болгон Гитлер болсо алардын согушчу пикирлерин ишке ашырган фанат бир социал дарвинист эле. Гитлер милитаристтик пикирлерин эволюция теориясы менен бириктирип, мындай деген:
The 20th century, dominated by Social |
Табияттын баары – күч менен алсыздык арасындагы тынымсыз күрөш жана күчтүүнүн алсыздын үстүнөн түбөлүк уланчу жеңиши.80
Гитлер менен ага окшогондор жактаган мындай пикирлер чынында чоң бир караңгылыктын жыйынтыгы эле. Милитаристтик жана зомбулук пикирлерин өз ойлорунда эволюция теориясы менен илимий негизге таядык деп ойлогондор өздөрүн гана алдашкан эле. Бирок мындай алдануу аркылуу артынан ээрчиткен он миңдеген адамдар менен дүйнө тарыхында теңдешсиз кыйроонун куруучусу болушту.
Жазуучу –жана сионисттик кыймылдын башчыларынан- Макс Нордау (Max Nordau) "The Philosophy and Morals of War" (Согуштун философиясы жана ахлагы) аттуу макаласында Дарвинди согуш тараптарларынын эң алдыңкы ысмы дейт:
During World War I, the Germans employed mustard gas in violation of the rules of war. The picture shows a British soldier killed by that gas. |
Бардык согуш тараптарлары арасындагы эң чоң авторитет – бул Дарвин. Эволюция теориясы жарыяланган соң табигый варварлыктарын Дарвиндин аты менен жашыра алышкан жана жүрөктөрүнүн түпкүрүндөгү заалым каалоолорун илимдин бекем сөзү катары көрсөтө алышкан.81
Колумбия университетинде тарых сабактарына кирген Жак Барзун (Jacques Barzun) болсо Darwin, Marx, Wagner аттуу китебинде дарвинизм ар жеткен жеринде милитаризмди жана согушчулдукту тутантканын жана согушту бир символго айлантканын баса белгилеген:
Согуш дүйнөдөгү адамдык иш-аракеттердин символу, имиджи, стимулу, себеби жана тилине айланды. 1870-1914-жылдар адабиятынын көп бөлүгүн анализ кылбаган бир адам кан төгүү үчүн жасалган аракеттин канчалык чоң экенин байкай албайт. Кылымдын экинчи жарымында пайда болгон согушкерлер согушту ырга айлантышып, согуш күтүүсүнөн абдан ырахат алышкан. Адамзаттын жашоо максаты жашоо күрөшү гана, жана бул күрөштө утулгандардын өлүмүн да кадыресе кабыл алуу керек деп жакташкан...82
Social Darwinist ideas that encouraged conflict afflicted millions all over the world. Babies crying over the body of their dead mother are just a part of the great suffering inflicted by war. |
Барзун ушул эле китебинде социал дарвинизмдин расист, согушчу жана күрөшчү тарабынан 19-кылымдын аягынан баштап өзгөчө Европаны кандайча таасири астына алганын мындайча баяндаган:
In wartime, not only the civilians suffer. Soldiers forced to fight as a result of a philosophy that has inflicted nothing but blood and sorrow on the world are also part of war's cruel face. |
1870-1914-жылдар арасында ар бир Европа өлкөсүндө куралданууну каалаган бир согуш партиясы, таш боор бир атаандаштыкты каалаган индивидуалисттик бир партия, артта калган адамдарды каалагандай башкарууну каалаган империалисттик бир партия, жаттарга каршы ичтен тазаланууну камсыздай турган социалисттик бир партия бар эле... Бул партиялардын баары жеңишти куттукташканда же жеңилгенде, ал тургай, мурдатан эле илимдин кайрадан жанданышы маанисине келген Спенсер (социал дарвинизмдин куруучусу) менен Дарвинди колдошкон. Раса биологиялык эле, социологиялык эле; дарвинист эле.83
Көптөгөн илимпоз менен жазуучулар эмгектеринде аныктап, сөз кылган бул дарвинисттик калптар 20-кылымдын эмнеге согуштардын, кыргындардын, геноциддердин кылымы болгонун түшүндүргөн сөздөр.
White students attacking a black lawyer. Racism is a cause of anger, hatred, aggression and conflict. These students have so taken leave of their humanity as to kill an innocent man solely because of the color of his skin. They are living under the influence of Social Darwinism, whether consciously or otherwise. Top: An Alabama passenger bus in 1930. A separate section marked “Colored Passengers” was set aside for blacks. |
Расизмдин заалымдыгы немецтик фашисттер менен эле чектелген эмес. Дүйнөнүн көп аймактарында расизм себебинен көп балээлер болуп, жүз миңдеген адамдар расизм себебинен өлтүрүлүп, басмырланып, үйлөрүнөн, үй-бүлөлөрүнөн зордук менен алынып, кул кылынган жана айбанга кылгандай мамиле кылынып, өлүмгө түртүлгөн, дары эксперименттеринде тажрыйба катары колдонулуп, алардын өмүрүнө эч маани берилген эмес. Бул китепте берилген мисалдар расизмге таянган жырткычтыктын жана таш боордуктун далилдери сакталып калган мисалдарынын бир канчасы гана.
Материалисттик бир теория болгон дарвинизм сунуштаган коом түзүлүшүнүн кандай экенин жакшылап көрсөтүү зарыл. Социал дарвинизм, башка бардык материалисттик коомдук теориялар сыяктуу, адам өзүнүн алдында гана милдеттүү жана өз кызыкчылыгы үчүн жашаган өзүмчүл бир жандык деп жактагандыктан, эч качан адамдарга жана коомго сонун адеп-ахлак жана бакыт тартуулай албайт. Адам сонун ахлактуу жана бактылуу болушу үчүн өзүмчүл каалоолорунан баш тартышы зарыл. Мунун кандайча болоорун адамга Раббибиздин буйругу болгон дин ахлагы үйрөтөт. Куранда адамга Аллахтын алдындагы милдеттери жана Анын ыраазылыгы үчүн баш ийиши керек болгон ахлактык баалуулуктар билдирилген.
... Help each other to goodness and heedfulness. Do not help each other to wrongdoing and enmity. Fear God... (Surat al-Ma’ida, 2) |
Эгер бир адам Аллахтын буйруктарына, Аллах түшүргөн Китепке ыйман келтирсе жана баш ийсе, анда адамдарга карата сүйүү, мээрим, боорукердик сезимдерине толо болот.
Аллахтан корккон, Аллахты сүйгөн жана Анын буйруктарына баш ийген адамдар башка адамдарды Аллах жараткан жандыктар катары сүйөт, аларды расасына, улутуна, тибине, түсүнө, тилине карап бөлбөйт. Ар биринде Аллах жараткан бир кооздукту көрүп, бул кооздуктан ырахат алышат. Ишенимдери себебинен сылык, мээримдүү, коргоочу адамдар болушат. Ал эми дарвинизмдин жалгандары менен мээси жуулган бир адам болсо башка расаларды, улуттарды жек көрөт, аларды эзүүдөн, ал тургай, жок кылуудан ырахат алат, чөйрөсүнө дайыма конфликт, бактысыздык жана коркуу алып келет. 19- жана 20-кылымдагы расизм менен империализм – ошол дарвинисттик дүйнө көз-карашынын бир натыйжасы.
Аллах Куранда расаларга карап адамдарды бөлүүгө тыюу салып, адамдардын ахлактары жана ыймандары менен Аллах Кабатында жогорулукка жетээрин билдирген:
Эй адамдар, чындап, Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык жана бир-бириңер менен таанышышыңар үчүн силерди элдер менен уруулар (абалында) кылдык. Шексиз, Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же ата-баба жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Шексиз, Аллах билүүчү, кабар алуучу. (Хужурат Сүрөсү, 13)
37. Karl A. Schleunes, The Twisted Road to Auschwitz, Urbana, IL: University of Illinois Press, 1970, pp. 30, 32 ; Jerry Bergman, "Eugenics and Nazi Racial Policy," p. 118.
38. Sidney M. Mintz, American Scientist, vol.60, May/June 1972, p. 387.
39. John C. Burham, Science, vol.175, February 4, 1972, p. 506.
40. Edwin G. Conklin, The Direction of Human Evolution, New York, NY: Scribner's, 1921, p. 34.
41. "Evolution and Ethnicity;" http://www.ncl.ac.uk/lifelong-learning/distrib/darwin/08.htm
42. George Gaylord Simpson, "The Biological Nature of Man," Science, vol.152 (April 22, 1966), p. 475.
43. Henry Fairfield Osborn, "The Evolution of Human Races," Natural History, January/February 1926; 2nd pub. Natural History, vol. 89, April 1980, p. 129.
44. James Ferguson, "The Laboratory of Racism," New Scientist, vol. 103, September 27, 1984, p. 18.
45. Stephen Jay Gould, "Human Equality is a Contingent Fact of History," Natural History, vol.93, November 1984, p. 28.
46. Charles Darwin, The Descent of Man, 2nd ed., New York: A L. Burt Co., 1874, p. 178.
47. Matt Ridley, Nature Via Nurture, Chapter One, "The Paragon of Animals."
48. Charles Darwin, The Voyage of the Beagle, edited David Amigoni, London: Wordsworth, 1997, p. 477.
49. "Evolution and Ethnicity;" http://www.ncl.ac.uk/lifelong-learning/distrib/darwin/08.htm
50. Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, Vol. I, 1888. New York:D. Appleton and Company, pp. 285-286.
51. Stephen Jay Gould, Ontogeny and Phylogeny, Cambridge, Mass: Harvard University Press, 1977 , p. 127.
52. Thomas Huxley, Lay Sermons, Addresses and Reviews, New York, NY: Appleton, 1871, p. 20.
53. Robert Lee Hotz, "Race has no Basis in Biology, Researchers Say," Los Angeles Times, February 20, 1997.
54. Ibid.
55. Natalie Angier, "Do Races Differ? Not Really, DNA Shows," New York Times, August 22, 2000.
56. Ibid.
57. Ibid.
58. Tony Fitzpatrick, "Genetically Speaking, Race Doesn't Exist in Humans;" http://www.eurekalert.org/pub_releases/1998-10/WUiS-GSRD-071098.php (emphasis added)
59. Ibid.
60. Sribala Subramanian, "The Story in Our Genes;" Time, January 16, 1995, p. 38.
61. Ibid.
62. Jim Knapp, Imperialism: The Struggle to Be Superior, http://www-personal.umich.edu/~jimknapp/papers/Imperialism.html
63. Encyclopedia Britannica, 1946 edition, vol. 12, p. 122A.
64. Gertrude Himmelfarb, Darwin and the Darwinian Revolution, Elephant Paperbacks, Chicago:1996, p. 416.
65. Hans-Ulrich Wehler, The German Empire, 180; http://www.geocities.com/Area51/Rampart/4871/Darwin.html
66. T. D. Hall, "The Scientific Background of the Nazi "Race Purification" Program, US & German Eugenics, Ethnic Cleansing, Genocide, and Population Control;" http://www.trufax.org/avoid/nazi.html
67. Darwin, The Descent of Man, p. 297.
68. Karl Pearson, National Life from the Standpoint of Science, Cambridge: Cambridge University Press, 1900, pp. 11-16, 20-23, 36-37, 43-44.
69. Ibid.
70. John Merriman, A History of Modern Europe, vol. 2: From the French Revolution to the Present, pp. 990-991.
71. Pearson, National Life from the Standpoint of Science.
72. Milner, Encyclopedia of Evolution, p. 59.
73. Oscar Levy, Complete Works of Nietzsche, 1930, vol. 2, p. 75.
74. Himmelfarb, Darwin and the Darwinian Revolution, p. 417.
75. Ibid.
76. Ibid.
77. W. Carr, A History of Germany 1815-1990, 4th. ed, p. 205.
78. Ibid., p. 208.
79. Levy, Complete Works of Nietzsche, vol. 2, p. 75.
80. H. Enoch, Evolution or Creation (1966), pp. 147-148.
81. Max Nordau, "The Philosophy and Morals of War," North American Review, 169 (1889), p. 794.
82. Jacques Barzun, Darwin, Marx, Wagner, Garden City, N.Y. :Doubleday, 1958, pp. 92-93.
83. Ibid., pp. 92-95.