Күчтүүнүн үстөм болушу, теңсиздик, раса же этникага таянган дискриминация, зулумдук, адилетсиз атаандаштык жана уруш-талаш, жакырлардын эзилиши, күчтүүнүн алсызды эзиши – коомдор тарых бою көрүп келген жамандык жана зомбулуктардан. Миңдеген жыл мурда да, мисалы Аз. Мусанын доорунда жашаган Фараондун башкаруусунда булардын баарын көрүүгө болот. Фараон байлыгы жана күчтүү аскердик күчү себебинен өзүн дайыма үстөм сезген. Сөздөрүнүн туура экени апачык болгон Аз. Муса менен Аз. Харунду болгон күчү менен жалганга чыгарып, ал тургай аларды өлтүргүсү келген. Фараон, ошондой эле, дискриминациялык (бөлүүчү) бир саясат жүргүзгөн, элин класстарга бөлүп, кээ бирлерин «төмөнкү класс» деп атап, кол алдындагы Исраил урпактарын ар түрдүү кыйноого алып, алардын эркектерин өлтүрүп, аялдарын калтырган. Ушундайча Исраил урпактарынын тукум курут болушун максат кылган. Аллах Куранда Фараондун мындай бузукулуктарын мындайча кабар берет:
Чынында Фараон жер бетинде (Египетте) бой көтөрүп, ал жердин элин бир катар бөлүктөргө ажыратып бөлгөн эле; алардын бир бөлүгүн алсыз кылып, эркек балдарын союп, аялдарын тирүү калтырган. Себеби ал бузукулардан эле. (Касас Сүрөсү, 4)
Же мен ушунан жакшыраак эмесминби, ал төмөн (класстан) бир байкуш жана дээрлик (оюн) түшүндүрө албаган (бир адам). (Зухруф Сүрөсү, 52)
Ошентип өз коомун басмырлады, алар болсо ага моюн сунушту... (Зухруф Сүрөсү, 54)
(Биз) Берекелүү кылган жердин чыгышына да, батышына да ошол кор кылынып- алсыз ташталгандарды мурасчылар кылдык... (Аьраф Сүрөсү, 137)
Күчтүү үстөм кабыл алынган, адамдар класстарга бөлүнгөн, "төмөн" кабыл алынгандарды эзип жок кылуу кааланган, кээ бир адамдар башкаларга адамгерчиликсиз мамиле кылган бузуку коом Фараон башкаруусундагы байыркы Египет гана эмес эле. Миңдеген жылдар мурдатан бери ушул сыяктуу башкаруулар жана иш-аракеттердин көптөгөн мисалдары бар.
Бирок 19-кылымда бул жамандыктардын баары башкача бир формага айланды. 19-кылымга чейин заалымдык, жырткычтык, таш боордук деп аталган мындай иш-аракет жана саясаттар бир заматта "табияттын чындыктарына таянган илимий иш-аракеттер" деген жалганга жамынып баштады. Мындай таш боордуктардын баарына калп илимий фундаментти түзгөн эмне эле?
Darwin's erroneous statement that the weak and powerless need to be oppressed, backed up by his unscientific theory, is one of the main factors behind the spread of inequality and injustice. |
Чарльз Дарвиндин эволюция теориясы... Дарвин 1859-жылы жарык көргөн Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде ортого койгон эволюция теориясы менен жашоонун келип чыгышы жөнүндө кээ бир спекуляцияларды жасаган. Бул спекуляциялары абдан алдамчы бир дүйнө көз-карашынын, Аллахтын бар экенин жокко чыгарган жана кокустуктарды "жаратуучу" деп санаган (Аллахты аруулайбыз), адамды айбан катары кабыл алган, жашоону бир күрөш жана кырчылдаган атаандаштык мекени деп санаган бузуку бир философиянын "илимий" бир чындык сыяктуу кабыл алынышына себеп болду.
Дарвин илимий бир далили болбогон, 19-кылымдын эски илим түшүнүгүнүн бир натыйжасы катары ортого чыккан бул теорияны өзү жалгыз чыгарган эмес эле. Андан болжол менен 50 жыл мурда 1798-жылы Томас Мальтус Essay on the Principle of Population (Калк принцибине эксперимент) аттуу эмгегинде Дарвиндин теориясына негиз түзө турган, чындык менен байланышы жок кээ бир ойлорду айткан эле. Мальтус учурда илимий бир мааниси жок экени далилденген ал эмгегинде калктын саны азыктардан ылдамыраак көбөйөт, ошол үчүн калкты көзөмөлдөп туруш керек деген. Согуштар, жугуштуу оорулар калкты табигый көзөмөлдөйт жана ошондуктан пайдалуу деп жактаган Мальтус биринчи жолу "жашоону улантуу күрөшү" жөнүндө сөз кылган адам болду. Мальтустун адамгерчиликтен алыс болгон бул гипотезасы боюнча, жакырлар көбөйбөшү жана өйдөңкү класстарга жетиштүү азык калышы үчүн аларды коргобой, мүмкүн болушунча жаман шарттарда жашатуу керек эле (тереңирээк маалымат үчүн "Мальтустан Дарвинге таш боордуктун тарыхы" бөлүмүн караңыз). Абийири жана акылы ордунда болгон ар бир адам абдан каршы чыга турган мындай жырткычтыкты кабыл алуу, албетте, чоң бир заалымдык. Дин ахлагы жакырларга, муктаждарга жардам колун сунууну талап кылса, Мальтус менен аны ээрчиген Дарвин ал байкуштардын айоосуздук менен өлүмгө түртүлүшү керек экенин айтышкан.
Мальтустун адамдыкка жатпаган мындай пикирлерин ошол замат кабыл алып өнүктүргөндөрдүн башында англиялык социолог жана философ Герберт Спенсер турган. Дарвинизмдин негизги догмасын кыскача баяндаган "эң ыңгайлашкан өмүрүн улантат" деген сүйлөмү Спенсерге тиешелүү эле. "Ылайык эместер" болсо элениши б.а. өлүшү керек деген Спенсер "адамдар эгер жашоо үчүн жетиштүү толук болушса жашашат жана жашашы да жакшы. Эгер жашоо үчүн жетиштүү деңгээлде толук (түгөл) эмес болушса өлүшөт жана эң жакшысы алардын өлүшү" деген.1 Башкача айтканда, Спенсердин ою боюнча, жакыр, сабатсыз, оорулуу, майып, ийгиликсиз ар бир адам өлүшү керек эле. Булардын баары Спенсердин канчалык коркунучтуу, заалым жана оорулуу бир мүнөзгө жана дүйнө көз-карашына ээ экенин көрсөтөт. Боор ооруу, мээрим жана коргоо сезимин туюу керек болгон адамдарга карата чоң бир таш боордук туюп, дал Мальтус сыяктуу аларды эзип жок кылуунун жолдорун издеген эле. Өкмөттүн жакырларды коргогон мыйзамдарды чыгарышына да тоскоол болууга аракеттенген Спенсер жөнүндө америкалык тарыхчы Ричард Хофштадтер (Richard Hofstadter) Social Darwinism in American Thought (Американын көз-карашында социал дарвинизм) аттуу китебинде төмөнкүдөй жоромол жасаган:
Спенсер жакырлар үчүн даярдалган мыйзамдарга эле эмес, ошол эле учурда өкмөт колдогон билим берүү, саламаттыкты сактоону көзөмөлдөө, жашоо шарттарынын жакшыртылышы жана ал тургай алдамчы докторлорго карата сабатсыз адамдарды өкмөттүн коргоого алышы жөнүндөгү мыйзамдарга да каршы чыккан эле. 2
Мальтус менен Спенсердин таш боор дүйнө көз-караштарынан катуу таасирленген Дарвин болсо Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китебинде түрлөр табигый тандалуу менен эволюциялашат деген жомогун айтып чыкты. Дарвин бир илимпоз эмес эле, биологияны өз алдынча изилдеген. Мындан тышкары, Дарвиндин доорундагы микроскоптор да абдан примитивдүү (жөнөкөй) эле. Ал доордо клетка болгону бир так сыяктуу көрүнгөн, тукум куучулук мыйзамдары болсо эч ачыла элек болчу. Дарвин илим такыр жетишсиз болгон ушул шарттарда чектүү маалыматтары менен иштеп чыккан теориясында табият дайыма артыкчалуу жана эң ыңгайлууларды тандайт, башкаларын болсо элейт, жандуулар ошентип өнүгөт деген ойду жактаган. Дарвиндин башынан эле туура эмес бир фундамент менен курган илимге сыйбас теориясы боюнча, жандыктарды кокустуктар жараткан эле; ушундайча Дарвин жандыктарды Аллах жараткандыгын да жокко чыгарган (Аллахты аруулайбыз). Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышы китебинен соң Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде илимге сыйбас теориясына адамдарды да кошууга аракеттенди. Китебинде "артта калган расалар" бар, бул расалар жакында эленет, ошентип алдыңкылар (үстөмдөр) өнүгүп алга жылышат деп айткан эле. Дарвиндин бул китебинде жана кээ бир каттарында эволюция теориясына адамдарды да кошушу менен социал дарвинизм калыптанды.
Андан кийинкисин болсо Дарвинди катуу жактагандар улантышты. Англияда Спенсер менен Дарвиндин жээни Фрэнсис Гальтон (Francis Galton), Америкада Уильям Грэм Самнер (William Graham Sumner) сыяктуу кээ бир илимпоздор менен кээ бир капиталисттер, Германияда болсо Эрнст Гегель (Ernst Haeckel) сыяктуу дарвинисттер жана андан соң 20-кылымдын канкор диктатору Адольф Гитлер сыяктуу фашист-расисттер социал дарвинизмдин таш боор жана мээримсиз эрежелеринин алдыңкы жактоочулары жана ишке ашыруучуларынан болушту.
Социал дарвинизм кыска мөөнөт ичинде жапайы капитализм аты менен адилетсиз атаандаштыкты эң таш боордук менен ишке ашыргандардын, расисттердин, империалисттердин, жакырларды жана жардамга муктаждарды коргоо милдетин аткарбаган башкаруучулардын өздөрүн коргоо куралына айланды. Социал дарвинисттер алсыздардын, жакырлардын, "төмөн" расадан болгон адамдардын эзилиши, майыптардын ден-соолугу ордунда болгон адамдар, кичи ишканалардын болсо чоң ишканалар тарабынан жок болушу табияттын бир мыйзамы жана адамзаттын алга жылышынын жалгыз жолу катары көрсөтүүгө аракеттеништи. Абийирсиздик экени кабыл алынса да, адамзат тарыхы бою уланып келген адилетсиздиктерди бир заматта "илимий" тон жаап, кадимки нерседей көрсөтүүнү каалашты. Социал дарвинизм таш боордукту бир табияттын мыйзамы жана адамзаттын "эволюциясынын" эң негизги жолу сыяктуу сүрөттөдү.
Өзгөчө америкалык кээ бир капиталисттер өздөрү түзгөн күчтүү атаандаштык чөйрөсүн социал дарвинисттик сөздөр менен өз ойлорунда кадыресе көрсөтүштү. Чынында болсо бул чоң бир алдамчылык гана эле. Адилетсиз жана таш боор атаандаштыкты "илимий" бир таянычы бар сыяктуу көрсөтүүгө аракеттенгендер жалгандарды гана айтып жатышкан эле. Мисалы, Американын эң чоң капитал ээлеринин бири Эндрю Карнеги (Andrew Carnegie) да ушундай жаңылыштыкка кабылгандардын бири эле жана 1889-жылкы бир сөзүндө мындай деген:
Аттандаштык мыйзамы үчүн коом төлөгөн нарк арзан комфорттор жана люкстар үчүн төлөгөн нарктай чоң; бирок бул мыйзамдын артыкчылыктары наркынан жогору –себеби бул мыйзам урматында материалдык өнүгүү кемчиликсиз болот жана бул бизге андан да өнүккөн шарттарды камсыз кылат... Бул мыйзам адам үчүн кээде оор болсо да, раса үчүн эң жакшысы, себеби бүт тармакта эң ылайыктуунун жашашына кепилдик берет. Ошондуктан, чөйрөлүк чоң теңсиздиктер, жумуш мүмкүнчүлүктөрүнүн, индустрия жана сооданын бир канча адамдын колунда топтолушу жана алардын арасындагы атаандаштык мыйзамы сыяктуу шарттарды кабыл алабыз жана жактырабыз. Булар пайдалуу эле эмес, ошол эле учурда расанын өнүгүшүнүн негизи. 3
Көрүнүп тургандай, социал дарвинизмдин ою боюнча, жалгыз максат – бул расанын физикалык, экономикалык жана саясий жактан өнүгүшү. Адамдардын бактылуулугу, бакубаттыгы, бейпилдиги жана коопсуздугу маанилүү эмес. Кыйналган, жардам сурап ыйлаган, балдарына, үй-бүлөсүнө, улгайган эне-атасына тамак-аш, дары-дармек, жашай турган жер таба албаган, алсыз, байкуш адамдарга эч боор оорубайт. Мисалы, бул бузуку көз-караш боюнча, жакыр, бирок жакшы адеп-ахлактуу бир адамга маани берилбейт, ал тургай, бул адамдын өлүшү коомго пайдалуу болот деп айтылат. Ал эми, жаман адеп-ахлактуу, бирок бай адам болсо "расалардын өнүгүшү" үчүн абдан маанилүү кабыл алынат, шарттар кандай гана болбосун ал адамга абдан маани берилет.
Социал дарвинизм ортого койгон мындай бузуку логика бул көз-карашты жактагандарды адеп-ахлактык жана руханий кыйроого түртүүдө. Башка бир социал дарвинист Уильям Грэм Самнер болсо 1879-жылы бул бузуку агымдын калптарын мындайча сөз кылган:
Бул альтернативадан чыга албашыбызды эми түшүнүү керек: теңсиздик, эң ыңгайлуунун жашоосун улантышы; теңдик, ыңгайлуу болбогондун жашоосун улантышы. Биринчи саналган мүнөздөр коомду алга жылдырып, коомдун бардык эң жакшы мүчөлөрүнүн пайдасына болот; кийинкилер болсо артка тартат жана бардык эң жаман мүчөлөрдүн пайдасына. 4
Социал дарвинизмдин эң жапайы ишке ашыруучулары болсо расисттер болгон. Дарвинист расисттер арасында эң коркунучтуусу – бул албетте, фашисттик идеологдор жана кыймылдын лидери Адольф Гитлер эле. Фашисттер Дарвиндин теориясына таянышып, бир жактан евгеника (Дарвиндин жээни Фрэнсис Гальтондун жаман гендерди коомдон тазалоо менен сапаттуу адамдарды түзүү мүмкүн деген догмасы) мыйзамдарын ишке ашырышты, экинчи тараптан болсо геноцид кылмыштарын жасашты. Социал дарвинизмдин эң оор жыйынтыгы фашизмдин колу менен ишке ашты. Фашисттер дарвинисттик көз-караштарды өздөрүнө бир калкан катары көрүшүп ага жашынышты; дарвинисттик илимпоздордун да кеңештери менен төмөн раса деп санаган еврейлерди, цыгандарды, чыгыш европалыктарды геноцид кылышты; акыл оорулууларын, майыптарды, улгайгандарды газ бөлмөлөрүндө өлтүрүштү. Бул кылмыштардын баарын таш боор ыкмалар менен жасашты. 20-кылымда дүйнөнүн көз алдында социал дарвинизм аты менен миллиондогон кылмыш жасалды.
Дарвиндин жээни Фрэнсис Гальтондун башчылыгы менен башталган евгеника кыймылы болсо социал дарвинисттердин башка бир балээси катары ортого чыкты. Табигый тандалууну ылдамдатуу үчүн адам колу менен тандоо жасаш керек деп жактаган жана ушундайча адам түрүн ылдамыраак өнүктүрүүгө болот деп санаган евгеника тараптарлары Америкадан Швецияга чейин көптөгөн өлкөлөрдө өз ойлорунда "керексиз" деп ойлогон адамдарды зордук менен тукумсуз кылышты (бычышты). Үй-бүлөлөрүнө кабар берилбестен жана уруксат алынбастан, жүз миңдеген адам мажбурдуу түрдө, адам катары көрүлбөстөн операция кылынды. Евгениканын эң заалым иш-аракеттери болсо фашисттик Германияда болду. Фашисттер алгач коомдогу майып, акылы кем же генетикалык оорулуу адамдарды тукумсуздаштырышты; анан ошону менен эле тим болбостон, бул байкуш адамдарды массалык өлтүрүп башташты. Жүз миңдеген күнөөсүз адам колу, манжасы, буту болбогон үчүн же улгайган үчүн гана өлтүрүлдү.
Албетте, бул дин ахлагында эч орду болбогон абдан чоң бир зулумдук жана жырткычтык. Аллах адамдарга муктаждарды коргоп, колдоону буйруган. Жакырлардын муктаждыгын камсыздоо; майып адамдарга боорукер жана мээримдүү болуу, алардын акысын коргоо; коом ичинде жардамдашуу жана көмөктөшүүнү камсыздоо – дин ахлагынын талабы болгон сонун ахлак мүнөздөрүнөн. Аллах буйрук кылган ахлакты көзгө илбегендер болсо өздөрүн да, жашаган коомдорун да чоң балээлерге түртүүдө. Социал дарвинизм себеп болгон балээлер бул чындыктын эң ачык мисалдарынан.
The Nazis first sterilized children with mental or inherited illnesses, and then began sending them to gas chambers. Even children lacking just a thumb became the targets of eugenicist killing. |
Социал дарвинизм "табигый көрүнүш" катары көрсөткөн балээлердин дагы бири болсо – бул басып алуучулук (колониалдаштыруу). Басып алуучу мамлекеттердин ошол доордогу кээ бир башкаруучулары басып алган өлкөлөргө жасаган айоосуз мамилелерин социал дарвинизмдин илим, акыл жана логикага эч сыйбаган, далилсиз гипотезалары менен өздөрүнчө туура көрсөтүүгө аракет кылышкан. "Төмөн расалар" "жогорку расалар" тарабынан башкарылышы керек, бул табияттын бир мыйзамы дешип, зулумдукка таянган империалисттик саясаттарын калп "илимий" бир негизге таяшкан.
20-кылымда болгон эки чоң дүйнөлүк согушта болсо тараптар социал дарвинизмдин бузуку логикаларын колдонушуп, согуштарды сөзсүз болчу кубулуштар сыяктуу көрсөтүүгө аракеттенишкен. Күнөөсүз жана алсыз адамдардын өлтүрүлүшүн; үйлөрүнүн, жумуштарынын, жерлеринин, малдарынын таланып-тонолушун; миллиондогон адамдын үйүнөн, журтунан ажырашын; наристе, жаш балдардын да эч ойлонбостон өлтүрүлүшүн эч логикага сыйбаган социал дарвинисттик догмалар менен адамзаттын өнүгүшүнүн бир жолу катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.
Натыйжада социал дарвинизм 19- жана 20-кылымда расизмдин, басып алуучулуктун, адилетсиз жана айоосуз атаандаштыктын, күчтүүнүн алсызды эзишинин жана он миллиондогон адамдар өлгөн согуштардын арткы планындагы күчкө айланды. Социал дарвинизм менен бирге кылымдардан бери уланып келген көптөгөн жамандыктар калп "илимий" бир тонду жамынды. Эволюционист Стивен Джей Гоулддун (Stephen Jay Gould) The Mismeasure of Man (Адамдын туура эмес өлчөөсү) аттуу китебинде Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы китеби жөнүндө жасаган төмөнкү жоромолу бул чындыкты дагы бир жолу тастыктоодо:
1859-жылы Түрлөрдүн келип чыгышы жарыкка чыккан соң каратып алуу, басып алуу, расалардын бөлүнүшү, класстык түзүлүштөр жана жыныстардын ролу жөнүндөгү талаш-тартыштар илим желеги астында жүргүзүлүп баштады. 5
Darwin's book The Descent of Man |
Учурда эволюционисттер канчалык Дарвиндин атын социал дарвинизмдин 20-кылымдагы оор натыйжаларына кошпоого аракет кылышса да, Дарвин апачык бир социал дарвинист эле. Өзгөчө Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде жана жеке каттарында апачык социал дарвинисттик сөздөрдү айткан. Дарвин али 1869-жылы Юго Тиелге (Hugo Thiel) жазган бир катында теориясын коомдорго колдонуу мүмкүн экенин айткан эле:
Түрлөрдүн өзгөрүшү жөнүндөгү көз-карашыма окшош кээ бир пикирлердин ахлактык жана социалдык маселелерге колдонулганын көрүп жатам. Бул темага абдан маани берээриме ишенип кой. 6
Benjamin Wiker's book Moral Darwinism |
Fransiscan университетинде илим жана дин таануу боюнча сабактар өткөн, Moral Darwinism: How We Became Hedonists (Ахлактык дарвинизм: кантип биз гедонист (ырахат сүйүүчү) болуп калдык?) аттуу китептин автору Бенджамин Викер (Benjamin Wiker) бир интервьюда Дарвиндин алгачкы социал дарвинист экенин айткан жана мындай деген:
Жактырсаңар да, жактырбасаңар да, Дарвиндин Адамдын келип чыгышы аттуу китеби окулганда, негизи биринчи социал дарвинисттин жана модерн евгеника кыймылынын атасынын ал экени апачык көрүнөт. Социал дарвинизм жана евгеника түздөн-түз анын табигый тандалуу прицибине таянат.
Менимче, адамдардын дарвинизм жана евгеника сыяктуу темалар арасында байланыш курган бир адамга каршы чыгышынын түпкү себеби теорияга ахлактык жыйынтыктар менен так түшүшүн каалабашында. Бирок мындай жыйынтыктар тексттин ичинде гана эмес, дарвинизм пайда болгондон бери өткөн бир жарым кылымдык убакыт аралыгында калтырган социалдык жана ахлактык таасирлери менен далилденди. 7
Китептин эмки бөлүмдөрүндө да каралгандай, Дарвиндин көп сөздөрү анын социал дарвинисттик көз-караштардын алгачкы булагы экенин апачык көрсөтөт. Учурда эволюционисттер социал дарвинизмдин 20-кылымдагы коркунучтуу жыйынтыктарынан улам бул көз-караштарды ачык кабыл алуудан тартынышууда. Бирок социал дарвинизмдин негизги элементтери болгон атаандаштык, расизм, дискриминация эволюция теориясынын негизинде да орун алган. Эволюционисттер кабыл алышса да, кабыл алышпаса да, дарвинизм кабыл алынган соң чыга турган жыйынтыктар ушулар. Адамдарды кокустуктардын натыйжасы катары көргөн; алар бир аз өнүккөн бир айбан түрү деп ойлогон, "кээ бир расалар башкаларына караганда аз өнүккөн, ошондуктан айбандарга жакыныраак", "табият бир күрөш, кырчылдаган атаандаштык мекени", "күчтүүлөрдүн алсыздарды эзиши менен коом өнүгөт" деген бир теориянын трагедиялык натыйжаларды алып келээри талашсыз. Эволюционисттердин социал дарвинизмди кабыл албаган сыяктуу көрүнүшү эч нерсени өзгөртпөйт. Муну чечүү жолу – эволюция теориясынын илимий жактан туура эмес экендигинин кабыл алынышында. Бул теориянын жаңылыштыктарына алдангандар да бул чындыкты көрүшөөр деген үмүттөбүз.
The perception of war as necessary for the advancement of races or nations is one result of Darwinist philosophy that wreaked such destruction. French streets shattered during World War II, one of the bloodiest wars ever, are proof of this. |
If a society's needy are mistreated and abandoned to their own devices, this leads to tension and anger, unless patience and forgiveness prevail, encouraged by religious moral values. |
Дарвин эволюция теориясын чыгарганда, илим дүйнөсү көп жагынан бир топ өнүкпөгөн эле. Али электрондук микроскоп жок эле, ошондуктан организмдердин детальдары белгисиз эле. Клетка жөнөкөй бир так сыяктуу көрүнүп, көптөгөн органеллден турган, эң аз бир шаардай татаал бир түзүлүштө экени белгисиз эле. Генетика илими али жок болчу, тукум куучулук мыйзамдары да ачылган эмес эле. Көптөгөн биолог жана илимпоздор –анын ичинде Дарвин да- ээ болунган өзгөчөлүктөр кийинки урпакка берилиши мүмкүн деп ойлой турганчалык туура эмес маалыматтарга ээ болчу. (Мисалы, темир устачылык кылганы үчүн кол булчуңдары күчтүү болуп калган бир ата булчуңдары күчтүү балалуу болот деген караңгы бир ишенимде эле.) Дарвин теориясын ушундай илим өнүкпөгөн бир шартта иштеп чыкты. Эволюция теориясынын материалисттик жана атеисттик көз-карашка бир фундамент болушу, бул теория алсыз болсо да, илим дүйнөсүнүн бир бөлүгү тарабынан ошол замат кабыл алынышына себеп болду. Дарвин да, анын тараптары болгон башка бир эволюционист да эволюция теориясы үчүн палеонтология, биология же анатомия сыяктуу илим тармактарынын эч биринен бир далил да көрсөтүшкөн эмес. Ал тургай, кийинки жылдары жана өзгөчө 20-кылымдын экинчи жарымында жасалган байкоо жана эксперименттер, алынган жаңы табылгалар бул теориянын туура эмес экенин апачык көрсөттү.
Бирок эволюция теориясы, илимий бир таянычы болбосо да, идеологиялык мазмуну үчүн гана кээ бир чөйрөлөр тарабынан коомго да колдонулду. Геноциддер, массалык адам өлтүрүүлөр, бир тууган бир тууганын өлтүргөн граждандык согуштар, ондогон өлкөнү кыйраткан чоң дүйнөлүк согуштар менен өткөн 20-кылымдын символуна айланган балээлердин негизин түздү. Дин ахлагы адамдарга тартуулаган мээрим, боорукердик, жардамдашуу, сүйүү, башкаларды ойлоо сыяктуу жакшы мүнөздөрдүн ордун күчтүүлөр гана жеңген, алсыздар эзилип жок кылынган жунгли мыйзамдары ээледи. Илимий жактан эч бир далили болбогон бир теория бир кылымды толук таасири астына алды.
The primitive microscopes of Darwin's time gave the impression that the cell was merely a simple structure of undifferentiated protoplasm. | On the other hand, modernday microscopes have shown how complex and flawless the structure of the cell truly is. |
Социал дарвинисттердин эң чоң жаңылыштыктарынын бири илимий далили жок бир теорияны коомго колдонууга аракет кылышында эле.
Социал дарвинисттердин экинчи чоң жаңылыштыгы болсо жаныбарларга тиешелүү болгон мыйзамдар адамдарга да тиешелүү деп ойлошу эле. Адамдар, жаныбарлардан айырмаланып, аң-сезим, акыл, абийир жана сын-пикир жөндөмүнө ээ. Ошондуктан, социал дарвинисттер айткандай, жунгли мыйзамдарына эч баш ийишпейт. Аллах адамды акылы, аң-сезими жана сын-пикир жөндөмү менен бирге жараткан жана ар бир адам өмүр бою бул жөндөмдүүлүктөрүн эң жакшы колдонууга милдеттүү. Аллах ар бир адамга белгилүү бир өмүр берген. Раббибиз ага берген мөөнөт бүткөндө ар бир адам өлөт, анан бул дүйнөдө жасаган ар бир ишине жооп берүү үчүн кайрадан жаратылат.
Social Darwinist practices inflicted on humanity only hatred and anger, conflict, murder and war. |
Табиятта кээ бир жандыктар жашаган чөйрөсүнө ыңгайлаша албаганда өлүшү же тукум курут болушу мүмкүн. Мисалы, куйругу кара бир койон карга көмүлгөн бир токойдо оңой байкалып калгандыктан, бат эле башка бир жаныбарга жем болушу мүмкүн. Бирок бул дарвинисттер жактагандай жаңы бир түрдүн пайда болушун камсыз кылбайт. Б.а. өлгөн кара түстүү куйругу бар койондордун ордуна башка бир түрдөгү, мисалы куйругу ак кийиктер пайда болбойт. Мындан тышкары, адамдар жаныбарлардан такыр башкача. Адамдар жашоо үчүн табиятка ылайыкташууга мажбур эмес. Тескерисинче, жашаган чөйрөсүн өз каалоосу жана муктаждыгына жараша өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө жана жөндөмүнө ээ. Мисалы, суук климатта үйлөрүн, жылыткычтарын, кийимдерин климатка ылайыкташтыра алышат. Адам коомдорунда табигый тандалуу болбойт, себеби адам акылы жана жөндөмдүүлүктөрү менен мындай эленүүгө тоскоол болот.
Мындай чоң жаңылыштыктар социал дарвинисттердин коомдорду адамдыкка жатпаган бир көз-караш менен баалашына себеп болгон. Алсыздарды, кароого муктаждарды, күчсүздөрдү, майыптарды жардамсыз таштап койуу менен коомдор алга жылат деп ойлошу – мындай акыл жана абийирге сыйбас көз-караштын маанилүү бир мисалы. Чынында болсо өзүмчүлдүк, алсыз жана муктаж адамдарга жардам бербей коюу алга эмес, артка жылдырат. Себеби социал дарвинизм кароосуз жана муктаж абалда таштоо керек деген адамдар – акыл жүгүртө алган, ойлоно алган аң-сезимдүү адамдар. Бул адамдар адилетсиздик, зулумдукка кабылганда, муктаждыкта калышканда –эгер дин ахлагы адамдарга берген сабыр, кечиримдүүлүк, түшүнүктүүлүк сыяктуу жакшы сапаттарга да ээ эмес болушса- аларга мындай мамиле кылгандарды жек көрүп, кекенишет. Ачуусун басуу үчүн, жакынкы тарыхта да көп мисалдары көрүлгөндөй, зомбулукка кайрылышы мүмкүн. Бул болсо чоң уруш-талаштарды жаратышы ыктымал. Мунун натыйжасында бардык материалдык жана руханий мүмкүнчүлүктөр мындай уруштарды басууга колдонулгандыктан, алга жылуу эмес, тескерисинче искусстводон технологияга, экономикадан илимге чейин бүт тармактарда артка кетүү болот.
If the suffering of the last century is not to be repeated, and if this 21st century is to be one of peace, then people need to be made aware of Darwinism's deceptions and dangers. |
Мындан тышкары, евгеника тараптарлары кылгандай, оорулуу же майып адамдарды өлтүрүү чоң бир жырткычтык жана мындай жырткычтык коомдун өнүгүшүнө эч салым кошпойт. Кылмыштын мынчалык ачык жасалышы жана кабыл алынышы коомго көп жоготууларды алып келет. Учурда дүйнө калкынын болжол менен 6%ы майыптар. Бул абдан чоң бир көрсөткүч – болжол менен жарым миллиард адам. Бул шарттарда ар бир адамдын үй-бүлөсүнөн же чөйрөсүнөн көп адамдан айрылып, жакындарынын эң аз бир канча адамдын өлтүрүлүшүнө уруксат берген болот. Бул себеп болчу оор руханий жаракаттар адамдардын руханий ден-соолугун жана тең салмактуулугун бузуп, чоң бир ахлактык кыйроого себеп болот. Апа балдарына, балдар ата-энелерине, бир тууган бир тууганына ишене албаган, ар дайым бирөөсү башкасынын өлүмүнө уруксат бериши мүмкүн болгон бир коомдо абдан олуттуу бир бузулуу жана стресс болоору анык. Мындан тышкары, адамдар майып болгону үчүн гана өлтүрүлгөн бир коом чынында коркунучтуу бир ахлактык бузулууга кабылды дегенди билдирет. Мындай бир коом бүт руханий баалуулуктарын, адамгерчилигин толук жоготкон болот. Кылмыш жолу менен адамзатты өнүктүрөм деп ойлогон адамдын акылында жана руханий абалында маанилүү бир көйгөй бар экендигинде шек жок.
Албетте, эң чоң балээлердин бири – бул «эленүүгө» кабылган адамдар тарта турган азап. Бул азаптар башка адамдардын абийирине да чоң жаракат алып келет.
Төмөндө да айтылгандай, Чарльз Дарвин эч өнүкпөгөн илим түшүнүгү менен чыгарган эволюция теориясынын коомдорго колдонулушу менен келип чыккан социал дарвинизм толугу менен адам табиятына тескери; ишке ашырылганда адамзатты артка тарткан, басмырлаган, стресс жана хаоско түрткөн, кекенүү жана жек көрүүгө себеп болгон, согуштарга, кылмыштарга, уруштарга жол ачкан бир дүйнө көз-карашы. Социал дарвинизм 19-кылымдын экинчи жарымында жана 20-кылымда чыныгы мааниде өкүмдарлык кылган менен, учурда дагы эле көп тармакта терс таасирлери уланууда. Эволюциялык психология, генетикалык детерминизм сыяктуу аттар менен коомдорго дагы эле дарвинизмдин жаңылыштыктарына карап баа берилүүдө. 21-кылым жаңы балээлерден корголушу үчүн социал дарвинизм коркунучтары бүт тараптан адамдарга көрсөтүлүшү зарыл, ошондой эле бул философияга негиз түзгөн эволюция теориясынын бир дагы илимий далили жок экени дүйнөгө билдирилиши керек.
1. Herbert Spencer, Social Status, 1850, pp. 414-415.
2. Richard Hofstadter, Social Darwinism in American Thought, Rev. Ed., Boston: Beacon Press, 1955, p. 41.
3. Mark Kingwell, "Competitive States of America, Microsoft proves it: we're still wrestling with that treasured national ideal," New York Times, June 25, 2000; http://www.spaceshipearth.org/Letters/Editor/Competitive_States_of_America.htm
4. "Modern History Sourcebook: William Graham Sumner (1840-1910): "The Challenge of Facts;" http://www.fordham.edu/halsall/mod/1914sumner.html
5. Stephen Jay Gould, The Mismeasure of Man, New York: W.W. Norton and Company, 1981, p. 72.
6. Francis Darwin, The life and Letters of Charles Darwin, D. Appleton and Co., 1896, vol. 2, p. 294.
7. "Darwin as Epicurean: An Interview with Benjamin Wiker," http://www.touchstonemag.com/docs/issues/15.8docs/15-8pg43.html