Социалдык Дарвинисттердин Тукумсуздаштыруу Жана Өлтүрүү Мыйзамдары

Социал дарвинизмдин эң кеңири масштабдуу жана эң таш боор иш-аракеттеринин экинчиси – бул евгеника. (Адам расасын тукум куучулук аркылуу тазалоого аракеттенген калп бир "илим тармагы".) Биринчи жолу Чарльз Дарвиндин жээни Фрэнсис Гальтон тарабынан 1883-жылы колдонулган евгеника (eugenics) термини грекче эки сөздүн биригишинен турат; eu (жакшы) ve genet (төрөлүү). Эки сөз кошулганда, "төрөлгөндөн жакшы болуу", "тукум куучу тектүүлүк" маанилеринде колдонулууда. Бирок бул түшүнүк маанисиндеги сыяктуу жакшылык эмес, тескерисинче чоң бир жырткычтык жана заалымдыкты камтыйт.

eugenic

A photograph of a 1914 eugenic training class

Евгеника тараптарлары өз расаларын же өз класстарын гана коргоп, өнүктүрүү керек дешкен жана башка расадан же класстан адамдарды "жасалма тандалуу" жасаш керек деп ойлошкон. Мисалы, евгеника теориясынын куруучусу деп саналган англиялык Фрэнсис Гальтондун ою боюнча, Англиянын жогорку классы гана корголушу керек. Бул үчүн болсо Гальтон кедей, оорулуу, алсыз, жөндөмсүз адамдардын көбөйүшүнө тоскоол болуу керек деген.

Фашисттер болсо арий расасына тиешелүү ден-соолугу чың адамдардан башка адамдар мамлекетке жана коомго жүк, жана тукумсуздаштыруу же өлтүрүү аркылуу жок кылуу керек дешкен, жана бул пикирлерин ишке ашырышкан. Фашисттер евгеника саясаты менен жүз миңдеген адамды тукумсуздаштырып, оорулуу, майып, акылы кем, улгайган, жөндөмсүз, багар-көрөрү жок болгон үчүн жүз миңдеген адамды газ бөлмөлөрүнө айдап, ач калтырып же дары берип өлтүрүшкөн.

Евгеника жактоочуларынын эң чоң жаңылыштыктарынын бири – бул алардын адам мүнөзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн көпчүлүгү тукум куучу деп ойлошу же атайылап ошентип айтышы. Мисалы, Гальтон да кошо евгеника тараптарлары боюнча, жалкоолук, кедейлик сыяктуу кааланбаган өзгөчөлүктөр тукум куучу. Жалкоо адамдардын балдары жалкоо болот деп ойлошкондуктан, андай адамдардын үйлөнүшүнө жана балалуу болушуна тоскоол болууга аракеттенишкен. Эволюционисттердин мынчалык логикага сыйбас жана тантык бир догманы да калп "илим" атынан жакташы абдан кызык.

Дарвинисттер калп "илим" атына жактаган евгеника көп адамдардын көп азаптарга кабылышына себеп болгон. Бул заалымдыктын тарыхый өнүгүшүн изилдөө бул жырткычтыкты жактагандардын негизги таянычтарын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзөт. Дарвиндин евгениканы кандайча өз оюнда илим атынан жактап, колдогонун өз сөздөрү менен көрсөтүү бул жагынан абдан маанилүү. Негизи евгеника бузукулугунун түбү Платондун Мамлекет аттуу чыгармасына чейин созулса да, дарвинизм менен бирге калп "илимий" бир көрүнүшкө ээ болуп, ал тургай, дээрлик бир илим тармагына айланган. Гальтондон абдан таасирленген жана мурдакы беттерде расисттик көз-караштарына орун берилген Карл Пирсон евгениканын булагынын эволюция теориясы экенин мындайча билдирет:

... Заманбап евгеника көз-карашы 19-кылымда гана ойгонду. Бул кылымда евгеникага кызыгуунун өсүшүнүн бир канча себеби бар. Эң негизги себеп болсо – эволюция теориясы. Евгеника терминин да ойлоп тапкан Фрэнсис Гальтон пикирлерин жээни Чарльз Дарвиндин доктринасына таяган эле.103

Дарвинден жээни Гальтонго калган мурас: евгеника

old

According to eugenicists, the elderly were also weak individuals needing to be eliminated. No respect or love was shown to them, and it was believed they needed to be removed from society.

Евгеника бузукулугунун фундаменти негизи Мальтус менен Дарвин тарабынан коюлган. Дарвинге да шык берген Мальтустун Экспериментинде евгеникага негиз боло турган негизсиз пикирлер бар эле. Мисалы, Мальтус адамдарды тандалган (селекциялык) айбандарга колдонгон ыкмалар менен көбөйтүүгө болот деген:

Көбөйүүгө көңүл буруу менен, айбандардагы сыяктуу, адамдар арасында да белгилүү бир даражага чейин алга жылуу мүмкүндөй көрүнүүдө. Мээнин берилип берилбеши шектүү, бирок бой, күч, сулуулук, дене өңү жана балким узун өмүр да белгилүү бир деңгээлге чейин өткөрүлүшү мүмкүн.104

Башка көп сөздөрүндөгү сыяктуу, бул сөздөрүндө да Мальтустун адамдарды бир айбан түрү катары баалаганы апачык көрүнүп турат. Мальтустун мындай бузуку көз-карашы Дарвинге да таасир берген жана Дарвин болсо евгеника жөнүндө балээге толгон кээ бир божомолдорун айткан. Адамдын келип чыгышы китебинде кээ бир социалдык иш-аракеттер себебинен алсыздар эленбей жатат жана бул болсо биологиялык артка кетүүгө себеп болушу мүмкүн деген тынчсызданууларын айткан. Дарвиндин бузуку ойлору боюнча, "жапайы адамдар" менен айбандар арасында кемчиликтүүлөр ылдам эленип жатканда, маданий коомдордо мындай адамдардын медицина жана боорукерлер тарабынан корголушу чоң ката эле. Дарвин боюнча, малчылар жасалма тандалуу аркылуу тукумду тазалап жакшыраак өзгөчөлүктөргө ээ жаныбарларды өстүрүп, алсыз жана күчсүздөрдү элеген сыяктуу, адам коомдорунда да бул ыкма колдонулушу керек эле:

Ушундайча маданий бир коомдун алсыз мүчөлөрү өз түрлөрүн көбөйтүшөт. Үй жаныбарларын баккандардын баары мунун адам расасы үчүн абдан зыяндуу экенинен күмөн санашпайт. Кароо талабынын же туура эмес багытталган кароонун канчалык кыска мөөнөттө колго үйрөнгөн бир расаны бузулууга түртөөрү таң калыштуу. Бирок эч ким, адамдардан тышкары, эң жаман айбандардын көбөйүшүнө мүмкүндүк бере турганчалык сабатсыз мамиле кылбайт.105

Жапайы айбандардын дене жана башы жагынан алсыздары эленет жана аман калгандары – көбүнчө чындап ден-соолугу чың индивиддер. Ал эми, биз маданий адамдар эленүү процессине тоскоол болуу үчүн колубуздан келгенин жасайбыз; акылы кемдер, майыптар жана оорулуулар үчүн атайын үйлөрдү курабыз; жакырларды коргоо мыйзамдарын чыгарабыз; медицина адистерибиз ар бир оорулуунун өмүрүн сактоо үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланышат... Ушундайча маданий коомдордун алсыздары өз урпактарын улантышууда. Мал баккан эч бир адам мунун адам расасына чоң зыян алып келишинен күмөн санабайт.106

Оорулуу бир мээден чыккан мындай тантык пикирлер расисттердин, евгеника жактоочуларынын, согушту тутанткандардын жана адамзатты чоң балээлерге түрткөн көптөгөн идеологдун негизги девизи болгон. Дарвин Адамдын келип чыгышынын аягында "жашоо күрөшү" адамзат үчүн пайдалуу, антпесе, адамдар жалкоолошот жана жашоо күрөшүндө жөндөмдүүрөөк адамдар жөндөмсүзүрөөк адамдардан өйдөрөөк абалга келе албайт деген сыяктуу дагы көптөгөн илимге сыйбас сөздөрдү айткан.107

Дарвин бардык мындай бузуку теориялары менен евгеника иш-аракеттерине негиз түзгөн. Эволюция теориясынын "илимий" бир чындык сыяктуу көрүлүшү болсо евгеника жана расисттик саясаттардын кабыл алынып, ишке ашырылышына себеп болгон.

Англияда евгеника

Galton

Galton carried out an illogical and unsuccessful study to determine the common genetic features of criminals, based on fingerprints and face shape.

Англияда евгеника жырткычтыгынын алдыңкысы – Дарвиндин мурда да айтылган жээни Фрэнсис Гальтон эле. Дарвиндин уулу Леонард Дарвин да евгеника бузукулугунун Англиядагы жактоочуларынан жана ишке ашыруучуларынан эле. Ошондой эле, Уинстон Черчилль да евгеника кыймылына колдоо көрсөткөндөр арасында эле.108

Гальтон "күчтүү жашоосун улантат" принцибине баш ийүү керек жана эң күчтүү адамдардын гана дүйнөгө келишине уруксат берилиши керек деп жактаган. Гальтондун мындай илимге жана логикага сыйбас гипотезасы боюнча, адамзат адамдын "эволюциясын" башкара алмак жана ал тургай, андан да жогору бир раса пайда кыла алмак эле. Гальтон "жогорку класстын" жана "жогорку расанын" жогоругу сыяктуу адашкан пикирлерге ишенээрин апачык айтуудан да тартынган эмес. Ал эми африкалык (негр) расасын болсо мээ деңгээли төмөн деп, мындай деген:

... Африкалыктар арасында жарым акылдуу деп атоо керек болгондордун саны абдан көп. Америкада негр кулдар жөнүндө сөз кылган ар бир китеп мунун мисалдарына толо. Мен дагы Африкага болгон саякаттарымда бул чындыктан абдан таасирленгенмин. Африкалыктардын өздөрү жөнүндө жасаган каталары ушунчалык жаш балача, акмакча жана жөнөкөй болгондуктан, өз түрүмдөн уялышыма себеп болду.109

Кээ бир ит түрлөрү кээ бир адам расаларына салыштырмалуу мээ деңгээли жогорураак110 деген жалганды жактаганчалык алдыга кеткен Гальтон негрлерди жана кулдарды баалап жатканда, айдан ачык бир чындыкты байкамаксан болгон; кулдар жөнүндөгү китептердин көпчүлүгү кул ээлери тарабынан жазылган эле. Мындан тышкары, кулдар өздөрүнө такыр жат бир коомдо, эч билбеген бир маданиятта жашап баштагандыктан, көптөгөн кыймыл-аракет, иштерди жат кабыл алышы абдан кадыресе көрүнүш эле. Африканын бир айылына жашоо үчүн барган кандайдыр бир европалыктын да алардын жашоо калыптарына жана маданиятына ыңгайлашууга аракет кылып жатканда, ошол сыяктуу жөндөмсүздүктөрдү жасашы анык.

Эң негизгиси, Гальтондун негрлер же башка өлкөлөргө көчкөн өз мекендештери жөнүндө айткан догмаларынын эч бир илимий таянычы жок. Булар ошол доордун примитивдик шарттарында, материалисттик дүйнө көз-карашы менен мээлери жуулган кээ бир "илимпоздордун" жана "ойчулдардын" оюнан чыгарган гипотезаларынын негизинде айтылган.

Гальтондун стереотиптүү жана акылсыз гипотезалары булар менен эле чектелген эмес. Мисалы, социалдык өнүгүү болушу үчүн мээси жана интеллектуалдык деңгээли төмөн адамдардын көбөйөшүн токтотуу жана беркилердин көбөйүшүн стимулдоо керек деген. Антпесе социалдык бир кыйроо болот деген. Чынында болсо чыныгы социалдык кыйроонун Гальтон жана ага окшогондор ортого койгон кыргындарга, күрөштөргө жана зомбулукка таянган жашоо моделинин ишке ашырылышы менен болоору анык. Гальтон 1907-жылы Гексли (Huxley) университетинде берилген бир конференция учурунда "улутубуздун мээлери жогорку деңгээлдеги класстарыбыздагы адамдардын арасында" деген.111 Гальтон, мындан тышкары, жогорку класска тиешелүү балдарды төрөт учурунда аныктоону жана үй-бүлөлөрүнө бул балдар үчүн 1000 фунт төлөөнү сунуштаган. Жогорку класстын аялдарына алардын эркине карабастан, дагы бир эркек жана бир кыз төрөөнү сунуш кылган.112

Гальтондун өз оюнда жогорку класс катары көргөн адамдардын сан жагынан көбөйүшүнүн коомду алга жылдыраарына ишениши акыл жана логикага сыйбас бир пикир. Болгондо да илимий эмес. Бир коомду алга жылдырган көп элементтер бар. Бирок булардын эң негизгиси коомдогу адамдардын ахлагы жана кулк-мүнөздөрү. Сонун ахлактуу жана күчтүү мүнөздүү адамдардан турган бир коомдун алга жылышы ылдам жана туруктуу болот. Бул өзгөчөлүктөрдүн тукум куучулук менен бирөөдөн бирөөгө берилиши болсо мүмкүн эмес. Жашаган коомунун чындап алга жылышын каалаган адам маани бериши керек болгон негизги нерсе – ар кандай маданий жана таалим-тарбия программалары менен жарандардын руханий күчтөнүшүн камсыз кылуу болушу керек. Гальтон жана ага окшогондор таасирдүү болгон өлкөлөрдө адамдарга айбандай мамиле кылып, байларды көбөйтүүнү, кедейлерди азайтууну каалашы, бул үчүн кылмышты да кадыресе көрсөтүүгө аракеттениши бир жагынан чоң бир заалымдык, экинчи жагынан болсо эч түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир сабатсыздык.

Ошого карабастан, Гальтондун да багыттоосу менен, Англияда евгеника кыймылынын алгачкы иш-аракети төрөлүүлөрдү башкарууда жасалган. Бул – эволюция теориясынын жаңылыштыктарына кабылгандар тарабынан "төмөн адамдар" катары кабыл алынган "жакырларды" жана өз ойлорунда "төмөн" расадан деген адамдарды гана максат кылган бир иш-аракет эле.

1920- жана 1930-жылдары жакырлар тынымсыз көбөйүп, ортоңку жана жогорку класстагы элдердин саны азайып баратат жана бул чоң коркунуч деп кабыл алынган. Мисалы, Жулиан Гексли 1925-жылы Nature журналында мындай деп жазган:

Каалангандардын үлүшү азайып, кааланбагандардын үлүшү өсүп баратат. Муну колго алуу керек.113

Евгенисттердин ою боюнча, "каалангандар" менен "кааланбагандар" арасындагы тең салмактуулукту куруу үчүн эң биринчиден "расаны тазалоо" керек эле. Расаны тазалоо үчүн биринчиден кимдердин кааланган, кимдердин кааланбагандар экенин аныктоо керек болгон. Мындай айырмалоону жасоо үчүн абдан примитивдүү жана акылга сыйбас жолдор колдонулган. Мисалы, Англия менен АКШда адамдардын баш сөөктөрү ченелип башталган. Гальтон да башчылык кылып башталган иш-чаралар менен адамдардын башынын чоңдугу ченелип, ушуга жараша мээлери "аныкталган". Бирок баштын чоңдугу менен мээ арасында байланыш жок экени илим тарабынан кийинчерээк аныкталмак.

Башты өлчөөдөн соң мээ тесттери колдонулуп баштаган. Мээ тесттеринин жыйынтыктарына жараша адамдарды тукумсуздаштыруу, өмүр бою көзөмөлдөө жана башкаруу чечими алынган. Бирок кийинки жылдары колдонулган мээ тесттеринин да ишенимдүү жыйынтыктар бербеши аныкталган. Болгондо да, бул тест жыйынтыктары бааланганда адамдардын чоңойгон чөйрөсүнүн шарттары, алган билими сыяктуу факторлор эч эске алынбастан, ал адамдар тукум куучу мээлүү же эмес деп аныкталып коюлган. Булар эч ишенимсиз, ошол доордун караңгылыгын көрсөткөн баалоолор эле. Ансыз деле максат негизи ишенимдүү жыйынтыктарды алуу эмес, кандайдыр бир жол менен "кааланбаган" массаны, б.а. жакырларды, оорулууларды жана "төмөн" расаларды жок кылуу же изоляция кылуу эле.

АКШда евгеника

poster

The alleged scientific basis of eugenics is the theory of evolution. A poster in which eugenicists stress the link between eugenics and evolution.

Гальтон өлгөн соң евгеника кыймылынын лидерлиги Америкага өттү. Генри Годдард, Генри Фэрфилд Осборн, Гарри Лафлин жана Мэдисон Грант – Гальтондун америкалык мураскорлорунан бир канчасы.

Евгеника жырткычтыгын АКШда жактагандардын башында Рокфеллер институту менен Карнеги фонду турган. Рокфеллер институту Германияда евгеника кыймылынын алдыңкыларынан Кайзер Вилгельм институтун финансылаган жана расаны тазалоо темасына жабышкан Проф. Др. Эрнст Рудинге 1920-жылдары генетикалык изилдөөлөрү үчүн атайын бир имарат тапшырган. Германиядагы акыл оорулууларын тазалоо кыймылы жогору деңгээлде Рокфеллер институту тарабынан колдоо көргөн. Мындан тышкары, Рокфеллер институтунан Нобель сыйлыгын алган Др. Алексис Каррель немецтер жасаган мындай чоң кыргынды кубануу менен алкыштап, акыл оорулуулары менен камактагыларды тобу менен өлтүрүү сыяктуу бир жырткычтыкты эч тартынбастан жактаган.114

Евгеника бузукулугу Американын көптөгөн штатында мажбурлуу тукумсуздаштыруу мыйзамдарынын кабыл алынышына себеп болгон. АКШда жалпы 100 миң адам –көпчүлүгү мажбурдуу түрдө- тукумсуздаштырылган. 20-кылымдын башында Виргинияда 8000 кишинин "ылайыктуу" эмес деген себеп менен тукумсуздаштырылышы – евгеника жырткычтыгынын АКШдагы масштабын көрсөткөн бир мисал гана. Мындай адамдыкка жатпаган иш-аракет 1974-жылга чейин көптөгөн штатта мыйзамдуу эле.115

graph

A graph showing the numbers of sterilizations for eugenics purposes in the USA between 1907 and 1935

Америкадагы евгеника бузукулугунун эң алдыңкы ысымдарынын бири – генетик Чарльз Б. Дэвенпорт (Charles B. Davenport) эле. Дэвенпорт тукум куучулук мыйзамдары менен дарвинизмди байланыштырууга аракет кылган макалалары менен таанылчу. Бирок бул макалаларда айтылган пикирлер далили жок гипотезалар гана эле. 1906-жылы American Breeders Association'дан (Америка селекционерлер биримдиги) евгеника жөнүндө изилдөөлөр жасашын талап кылды. 1910-жылы Eugenics Record Office (ERO – Евгеника жазуу кеңсесин) курду. ERO Station for Experimental Evolution (Эксперименталдык эволюция борбору) үчүн бөлүнгөн каражаттын 13-29%ын алчу. Бул EROнун ошол доордун башка илимий уюмдарына салыштырмалуу көбүрөөк каржыланганын көрсөтүүдө. Бул уюм евгеника жырткычтыгын жайуу үчүн иштей турган көп адамдарга билим берди. Окутулган сабактардын башында эволюция теориясы менен евгеника мыйзамдары турган. Билим алуучуларга мындан тышкары Stanford-Binet сыяктуу евгеника иш-аракеттеринде көп колдонулган кээ бир мээ тесттеринин кандайча жасалаары жана анализ кылынаары да үйрөтүлдү.116

ERO тарабынан окутулган адамдарга изилдөөлөрдү жүргүзүп, маалымат топтоо кызматы тапшырылды. ERO топтогон бул маалыматтары менен ылайыктуу эмес деп ойлогон адамдардын үйлөнүп балалуу болушуна тоскоол болууну максат кылышкан. 1924-жылы ERO тарабынан тукумсуздаштыруу мыйзамынын тексти даярдалды. Бул текстте оорулар кылмыш деп саналып, кишилерди тукумсуздаштыруу сунушталган.

family

The American Eugenics Association gave lessons at state fairs and held competitions at which the "fittest" family was chosen.

Адамдардын эрксиз, мажбурлуу тукумсуздаштырылышы акылга жана абийирге сыйбаган көрүнүш. Генетикалык кемчиликтери барлар, ар түрдүү оорулуулар, денесинде майыптыгы барлар, акылы кем адамдар – боорукердик, мээрим көрсөтүлө турган байкуштар. Дин ахлагы орун алган коомдордо мындай адамдар корголуп, колдоо көрүшөт, муктаждыктарын толук камсыздоого аракет кылынат. Евгеника жырткычтыгын жактагандар өз ойлорунда "кылмышка жакын адамдар" деп атаган кишилерди мажбурлуу тукумсуздаштырууга аракет кылышы же аларды жок кылууну максатташы болсо заалымдыктан башка нерсе эмес. Ал адамдарды керектүү маданий программаларына киргизип тарбиялоого болот, коомго пайдалуу кылууга болот. Ал адамдарды оңдоо кыйын болгондо деле, аларды жок кылууга аракет кылуу эмес, болушунча эң абийирдүү жана адилеттүү чечүү жолун издөө керек.

Чынында эле кийинки жылдары америкалык коомдук пикир алдыңкылары жана коомдогу акылдуу адамдар евгениканын толугу менен бир жырткычтык экенин түшүнүшкөн жана керектүү чараларды алып, бул жырткычтыкты токтотушкан. Бирок фашисттер тукумсуздаштыруу жөнүндөгү алгачкы иш-аракеттеринде Америка мыйзамдарын өрнөк алышкан жана 2 миллион адамды мажбурлуу тукумсуз кылышкан.117

Бул жерге чейинки мисалдардан да апачык көрүнүп тургандай, социал дарвинизмдин жалган жана алдамчылыктарына толгон пикирлери менен адамдар бир-бирине карата кайдыгер кылынып, боор ооруу, мээрим сезимдери толук жок кылынып, адамдар бир-бирине айбанга мамиле кылгандай мамиле кылышына түртүлүүдө. Бул – дин ахлагы адамдарга тартуулаган сонун өзгөчөлүк жана кулк-мүнөздөргө толугу менен карама-каршы. Куранда буйрулган ахлакта алсыз, кароого муктаж, багар-көрөрү жок же оорулуу адамдарды кароо, боорукердик жана өз кызыкчылыгынан баш тартуу менен коргоо бар. Аллах ыймандууларга ар кандай шартта өзүнөн мурда башкалардын бейпилдигин камсыздоону, дайыма сабыр кылууну жана дайыма жоомарттык кылууну буйруган. Аллах Куранда сабырдуулук менен жакшылык кылгандарга мындайча жакшы кабар айткан:

Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип (мындай дешкен): «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз. Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган оор күндөн (кыяматтан) коркобуз.» Эми Аллах аларды мындай күндүн жамандыгынан коргоду жана аларга жаркыраган бир жарык жана бир кубаныч берди. Жана сабыр кылганы үчүн бейиш жана жибек менен сыйлады. (Инсан Сүрөсү, 8-12)

laughlin eugenics

The University of Heidelberg honored H. Laughlin, a prominent eugenist, for his work on "the science of racial hygiene." This newspaper cutting carries the report in question.

The New York Eugenics Record Office (ERO) and Charles B. Davenport

Фашисттик Германияда евгеника

nazi

A great many children were left neglected and unloved because they were not of the Aryan race, and there were even efforts to kill or sterilize them on various pretexts.

Ян Кершоу (Ian Kershaw) тарабынан жазылган жана 1998-жылы жарык көргөн Адольф Гитлердин биографиясында 1920-жылдары Германияда социал дарвинизмдин, евгениканын жана фашизмдин тыгыз байланышта болгонун баса белгиленип, мындай деп айтылат:

Интеграл национализм, национал социализм, социал дарвинизм, расизм, биологиялык антисемитизм, евгеника, элитизм ар кандай деңгээлде бир-бирине аралашты...118

Илим тарыхындагы туура эместиктерди изилдеген Др. Роберт Янгсон (Dr. Robert Youngson) болсо бир анализинде фашисттердин кыргындарынын түпкүрүндө евгеника пикиринин турганын жана евгениканын тарыхтын эң чоң илимий калптарынын бири экенин мындайча айткан:

Евгениканын мындай караңгы жүзүнүн натыйжасы Адольф Гитлердин таза "арийлердин" үйлөнүшүн колдоо менен жана начар өнүккөн гендерге ээ деген алты миллион адамды өлтүрүү менен "мырза расаны" чыгарууга аракет кылып көрүшү эле. Гальтонду геноцид үчүн, ал тургай муну жактоо себеп боло турган натыйжаларды жакшы түшүнбөгөнү үчүн айыптоо көп адилеттүү болбойт. Бирок кантсе да Гальтон чындап евгениканын башкы куруучусу эле жана Гитлерде бул пикир таңуулоого айланган. Ошондуктан натыйжалары жагынан бул көз-карашты бүт доорлордун эң чоң илимий каталарынын бири катары атоого болот.119

Янгсон Гальтондун акыл жана илимге карама-каршы көз-караштарын болгону "илимий бир ката" катары сыпаттоо менен негизи абдан "жакшы ниеттүү" мамиле кылууда. Гальтон жана ага окшогондор айткан пикирлер – дүйнө тарыхында теңдеши аз жырткычтык жана кыргындын негизин түзгөн коркунучтуу бир дүйнө көз-карашы. Фашисттик Германия – социал дарвинисттик дүйнө көз-карашы коомдорго толук колдонулганда кандай чоң балээлердин болоорун көрүү жагынан тарыхый бир сабак.

Фашисттер өз ойлорунда арий расасын "кирдеткен" ар расаны, ар "төмөн", "кемчиликтүү", "жетишпес" жана "оорулуу" адамды өлтүрүүнү бир мамлекет саясатына айлантышкан. Гитлер мындай таш боордуктун себебин өз ойунда мындайча түшүндүргөн:

Чирий турган адамдар... табият узун мөөнөттө зыяндуу элементтерди жок кылат. Адам бүт жандыктар эки тараптуу бир-бирин жок кылууну каалаган бул табият мыйзамынан жийиркениши мүмкүн. Канаттуу бир ийнелик тарабынан кармалат, ийнелик болсо кийинчерээк өзүнөн чоң бир канаттуу тарабынан жутула турган башка бир канаттуу тарабынан жутулат... Табияттын эрежелерин билүү аларга баш ийүүбүзгө мүмкүндүк берет.120

Гитлер табияттагы экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылган кээ бир окуяларды карап, бул адамдарга да тиешелүү деп айтуу менен чоң ката кетирген. Айбанаттардын башка бирөөсүн жем катары көрүшү адамдардын да алсыздарды таш боордук менен жок кылышы маанисине келбейт. Айбандар аң-сезими жок жандыктар. Адамдар болсо акыл, аң-сезим жана абийирге ээ, жана жакшы менен жаманды, туура менен туура эмести бир-биринен айырмалоо, окуяларды анализдөө жөндөмүнө ээ. Адамдар айбандардай жашаш керек дегендер болсо – бул Гитлер сыяктуу руханий ооруларына өз ойлорунда кадыресе бир негиз жасоого аракеттенгендер. Гитлер бул калптарды канчалык таңуулаганын төмөнкү сөздөрү менен айткан:

Эгер ыйык бир буйрукту кабыл алсам, ал мындай болот: "сен түрлөрдү коргойсуң." Бир адамдын жашоосуна абдан жогору баа берилбеши керек. Эгер бирөө табият үчүн маанилүү болсо, табият аны коргоо үчүн керектүү көңүл бөлөт. Бир чымын таштаган миллиондогон жумуртка ичинен абдан азы гана жумурткадан чыгат, бирок ошентсе да чымындар расасы көбөйөт.121

Чынында болсо ар бир адамдын жашоосу - расасы, жынысы жана тили кандай гана болбосун абдан баалуу. Абийирдүү бир адам расасына же материалдык өзгөчөлүктөрүнө карабастан бүт адамдарды коргоо үчүн колунан келгенин жасоого милдеттүү. Гитлердин жана башка фашисттик идеологдордун адам жашоосун мынчалык маанисиз көрүшүнүн жана башка улуттарга карата сезген өчөштүк жана кекенүүлөрүнүн адамзатка канчалык чоң балээлер алып келгенин болсо Экинчи дүйнөлүк согуш бүт адамдарга көрсөттү. Ошондой эле, Гитлердин адашкан дүйнө көз-карашы бир гана башка расалар үчүн эмес, Гитлердин өз мекендештери үчүн да чоң бир балээге айланган. Германияда кеңири масштабда жасалган евгеника мунун мисалдарынын бири.

• Германияда евгеника кыймылынын чыгышы

Wilhelm

Samples of eugenic studies carried out by the Kaiser Wilhelm Institute

1900-жылы немец өнөр-жайчы Альфред Крупп (Alfred Krupp) тарабынан эң жакшы макала жарышы уюштурулган. Жарышта "Ички саясатты өнүктүрүү жана мыйзамдарга киргизүү үчүн дарвинизмдин принциптеринен эмнелерди үйрөнө алабыз?" деген темада жазылган эң жакшы макалага сыйлык берилген.

Жарышта Вильгельм Шаллмайер утту. Шаллмайер маданий коомду, ахлакты жана ал тургай "туура" жана "туура эмести" да өз оюнда жашоо күрөшү менен түшүндүрүүгө аракет кылган. Бүт мыйзамдар бул түшүнүктөргө ылайыкташтырылыш керек; ушундайча ак расанын Австралия аборигендеринин деңгээлине түшүшүнө тоскоол болунат; коом дене жана акыл жагынан алсыз адамдарды коргогон сайын артка кетүү сөзсүз болот деген. Расалык тазалоо жырткычтыгынын Германиядагы негиздөөчүсү жана социал дарвинист Др. Альфред Плоетц (Dr. Alfred Ploetz) Шаллмайердин бузуку пикирлерин толугу менен колдоорун жана ак расаны коргоо керек экенин айткан. Мисалы, согуш учурларында расаны коргоо үчүн расалык жактан төмөн адамдарды гана алдыңкы фронтко жөнөтүү керек деп катуу жактаган. Алдыңкы катардагы аскерлер көбүнчө өлтүрүлгөндүктөн, "ишке жарабаган алсыздар" өлүп, жогорулар өмүрүн улантат деген. Андан да алдыга кетип, төрөт учурунда докторлор тобунун даяр турушун жана наристенин жашашы үчүн жетиштүү деңгээлде "ылайыктуулугун" чечип, эгер ылайыктуу эмес болсо, наристени өлтүрүүнү сунуштаган.122

Мындай жүрөк титиреткен сунуштар фашисттик бийликтен мурдагы евгеника кыймылынын алгачкы кадамдары эле. 1933-жылы 14-июльда фашисттик партияны бийликке алып келген марттагы шайлоодон болгону 4 айдан соң евгеника жана "мээни тазалоо" кыймылы барган сайын жайылып баштаган. Андан мурда евгеникалык максатта тукумсуздаштыруу жасалса да, мыйзамга каршы эле. Бирок эми "Келечек урпактарда тукум куучу оорулардын алдын алуу мыйзамы", көбүрөөк белгилүү болгон аты менен "Тукумсуздаштыруу мыйзамы" тегерегинде евгеникалык жырткычтыктын эркин жасалышына уруксат берилген эле. Бул зомбулуктун башкы негиздөөчүсү Мюнхен университетинин психиатрия профессору Кайзер-Вилгельм институтунун башчысы профессор Эрнст Рудин эле. Рудин Тукумсуздаштыруу мыйзамы кабыл алынгандан көп өтпөстөн, фашисттик партиядан кээ бир адвокат жана адистер менен бирге, мыйзамдын маанисин жана максаттарын түшүндүргөн бир баяндама жарыялады. Мыйзамдын максаты, кыскача айтканда, немец идеалына жете алуу үчүн улуттун "таза эмес жана кааланбаган" элементтерден тазаланышынын камсыздоо эле.

Байкуш жана коргоого муктаж абалдагы бул адамдардын евгеника жырткычтыгы сунуштаган адамгерчиликсиз мамилелерге кабылышы социал дарвинизмдин жалгандарына алданган адамдар тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн. Бул адамдардын ар бири жардамга муктаж оорулуу жана алсыз. Алсыз адамдарга каалагандай мамиле кыла алабыз деп ойлогон фашисттер бийликте турган мөөнөт бою жүрөк титиреткен сахналарга себеп болушкан.

racist

Германияда кабыл алынган бул примитивдик мыйзам боюнча, тукумсуз кылуу адамдын каалоосу болбостон да мүмкүн эле. Расмий бир доктор полициянын жардамы менен керек болсо мажбурлап тукумсуз кылууга мыйзам жагынан укуктуу эле. Америкалык социал дарвинист, расист жана фашизм жактоочусу Лотроп Стоддард (Lothrop Stoddard) Into the Darkness – Nazi Germany Today (Караңгылыкты көздөй – учурда фашисттик Германия) аттуу китебинде Германияга болгон бир сапары учурунда евгеника соттору жөнүндө көргөндөрүнөн сөз кылат. Стоддард ден-соолук кызматтынан кургак учук бөлүмүнөн бир кызматкер менен болгон бир маегинде ага мындай деп айтылганын билдирет:

Кургак учук менен ооруган адамды дарылоо ал адамдын социалдык баркына жараша аныкталат. Эгер барктуу бир жаран болсо жана айыктыруу мүмкүн болсо болушунча каржоо жасалат. Эгер айыктыруу мүмкүн эмес деген чечим алынса өмүрүн куткаруу үчүн эчтеке жасалбайт. Себеби аны жашатуу ага да, коомго да пайда бербейт. Германия белгилүү санда гана адамды бага алат. Биз Национал социалисттер социалдык жана биологиялык барктуу (баалуу) адамдарды гана кароого милдеттүүбүз.123

Ислам ахлагында болсо адамдар материалдык мүмкүнчүлүгү, кызматы жана абалы кандай гана болбосун, дарылануу мүмкүнчүлүгүнөн бирдей пайдалануу укугуна ээ. Бир адамды денесинде кээ бир кемчиликтери болгону үчүн же бай болбогону үчүн өлүмгө таштоо – апачык кылмыш. Муну коомго колдонууга аракет кылуу болсо коомдук кыргын жасоо маанисине келет.

Фашисттик Германияда Тукумсуздаштыруу мыйзамы барган сайын кеңейтилген. 1933-жылы 24-ноябрьда "коомдук ахлакка каршы чыгууну көнүмүш адатка айландыргандарды" да тукумсуз кылуу чечими алынды. Фашисттердин "расалык кирдөө гипотезалары" ошентип "коомдук ахлакка каршы чыгуу кылмышын" да камтыган. Кийинки жылдар национал социалисттердин коркунучтуу пландарынын тукумсуздаштыруудан гана турбаганын көрсөттү.

• Нюрнберг мыйзамдары

nazism

Posters designed in the light of Nazi Aryan race propaganda. The people in these posters, with blond hair, long skulls, narrow noses and blue eyes, are totally compatible with the Aryan ideal...

Фашисттердин чыныгы максаты үчүн Тукумсуздаштыруу мыйзамы жетиштүү эмес эле. "Тазаланган арий расасын" пайда кылуу үчүн 1935-жылы Нюрнберг мыйзамдары чыгарылды. Бул мыйзамдар жырткычтык жана караңгылыктын кагаздагы абалы эле. Бул мыйзамдар менен арий расасынын "тазаланаары" кабыл алынган.

Расаны тазалоо иш-аракеттери эң башка мамлекеттик кызматкерлердин ата-тегин изилдөөдөн башталган. Арий расасына тиешелүү эмес деп түшүнүлгөн кызматкерлер пенсияга чыгууга мажбурланды. Нюрнберг мыйзамдары немец калкын экиге бөлгөн; мамлекетке баш ийгендер жана саясий укуктар да кошо толук жарандык укуктарга ээ болгондор. Еврейлер, цыгандар жана башка расалардан адамдар болсо баш ийгендер гана эле, жарандык укуктарга ээ эмес эле. Нюрнберг мыйзамдарынын экинчиси болгон "Немец канын жана немец баркын коргоо мыйзамы" (кыскача "Кан коргоо мыйзамы" катары белгилүү) улуттун "расалык тазалыгын" кепилдөөнү максаттаган. Жаңы мыйзам боюнча, немец жарандары менен немец баш ийгендердин үйлөнүшү кылмыш эле. Андан да, бул мыйза "кааланбаган адамдар" изоляция кылынышы үчүн келечектеги иш-чараларга бир негиз түзгөн.

• Жогорку расаны аныктоо программалары

nuremberg

One of the Aryan race propaganda posters used by the Nazis

Евгеника программасында алгачкы кадам – фашисттердин жаңылыштыгы боюнча жогорку жана корголо турган расанын кайсы өзгөчөлүктөргө ээ экенин аныктоо эле. Ал боюнча, жогорку расанын өзгөчөлүктөрү мындай эле:

Саргымтыл, узун бойлуу, башы узун, бети кууш, жаагы күчтүү, бийик кемерлүү, мурду кууш, жумшак чачтуу, көзү ачык өңдүү жана денеси кызгылт-сары өңдүү.124

Оорулуу жана таңуулоочу бир мээнин түшүмү экени оңой гана байкалып турган ушул жана ушуга окшогон критерийлер илимге да туура келбейт, ахлак жагынан да кабыл алууга мүмкүн эмес. Мурда да айтып кеткендей, адамдарды түсүнө, көзүнүн, чачынын өңүнө карап бөлүүнү эч бир логика жана ахлак менен түшүндүрүүгө болбойт.

Коюлган ушундай акылга сыйбас критерийлерге карабастан, фашисттерге расаларды бир-биринен бөлүү анчалык оңой болгон эмес. Бул үчүн башты ченеп, илимий баалуулугу жок кээ бир мээ тесттерин колдонуу сыяктуу көптөгөн примитивдик ыкмалар менен адамдарга ар кандай ченөөлөрдү жасашкан. Керектүү жогорку раса өзгөчөлүктөрүнө ээ деп ойлогон аялдарды атайын үйлөрдө кармашкан жана бул жапайылык уланган мөөнөт бою фашисттик офицерлер тарабынан кош бойлуу кылынган. Мындай ахлаксыз "адам өстүрүү фермаларында" аталары белгисиз балдар дүйнөгө келди. Бул балдар "жогорку немец расасынын" келечек урпактары эле. Бирок бул фермаларда эч күтүлбөгөн бир жыйынтык алынды. Бул фермаларда төрөлгөн балдардын IQ орточолору эне-аталарынын орточолорунан төмөн эле.125

T4 эвтаназия программасы: "илимий" кылмыштар

skull

Skull measurements, hair color, lung capacity and fingerprints were used by eugenicists to identify those who were not "superior."

Фашисттер бардык мындай мыйзамдар менен бирге дагы бир топ акылсыз иш-аракеттерге негиз түзүштү. Адамзатты уялткан мындай иш-чаралардын бири – "акыл оорулууларынын жалпылай кыргыны" деп атоого болгон "Т4 эвтаназия программасы" эле. Программанын аты иш-чара жүргүзүлгөн борбордун Берлиндеги дарегинин баш тамгаларынан коюлган: Tiergartenstrasse 4.

Фашисттик Германияда эвтаназия "расалык тазалоону" камсыздоо үчүн тукумсуздаштыруудан соң колдонулган экинчи ыкмага айланган. Т4 эвтаназия программасы менен айыктыруу мүмкүн болбогон, дене же акыл жагынан майып, руханий проблемасы бар адамдар жана улгайгандар өлтүрүлүштү. Бир тарапта газ бөлмөлөрүндө күнөөсүз наристелер, аялдар, улгайгандар башка расадан болгону үчүн гана геноцидге кабылса, башка тарапта бир расадан болгонуна карабастан алсыз жана күчсүз көрүнгөнү үчүн миңдеген байкуш таш боордук менен өлтүрүлгөн. Гитлер мындай таш боор программаны 1939-жылы баштаган жана 1941-жылга чейин расмий ишке ашырууну уланткан. Бирок кылмыштар 1945-жылы фашисттер жеңилгенген чейин мыйзамсыз улантылган.

T4 "Geheime Reichssache" (Жашыруун немец өкмөтү маселелери) катары белгилүү болгон буйрук жана чараларды да камтыган жана буларды аткаруу кызматкерлери сыр сактоого мажбур эле. Фашисттик доордо эвтаназия иш-аракеттери жөнүндө көп маалымат болбогонунун эң негизги себептеринин бири – бул программа менен окутулган жана колдонулган кызматкерлердин кийинчерээк согуштун эң кооптуу фронтторуна аскер катары жөнөтүлүшү эле. Булардын бири Югославия фронту болчу. Бул өлкөдөгү тирешүүнү жүргүзгөн партизандар колго түшүрүү ордуна бүт душман аскерлерди өлтүрүүлөрү менен атактуу эле. Эвтаназия күбөлөрүнүн көпчүлүгү ушул фронтко жөнөтүлүү менен жок кылынган.

young

Hitler was aware of the importance of genes for Nazi Germany. The new generation, raised in the light of twisted Nazi propaganda, was planned to be followers of Hitler. Youth was one of the areas most concentrated on by Nazi propaganda experts. A number of young people with superior physical characteristics were brought together at special eugenic camps, to be used as private stud farms. By this perverted and immoral method, it was believed that the German race would become purified and improved. Young people were brainwashed with Nazi propaganda to become blindly devoted to that ideology. These people, poisoned by Nazi propaganda from a very young age, were made unable to distinguish right from wrong.

Германияда "Расалык тазалоонун" негиздөөчүсү болгон Альфред Плетц Fundamental Outline of Racial Hygiene (Расалык тазалоонун жалпы долбоору) аттуу китебинде оорулууларды жана майыптарды өлтүрүү жөнүндө алгачкы сөз кылган киши болду. Плетцтин бузуку логикасы боюнча, алсыздардын жана оорулуулардын корголушу жана багылышы "расанын корголушу жана тазаланышы" жагынан такыр туура эмес эле. Бул бузуку көз-караш боюнча, алсыздар эленүүнүн ордуна корголуп жашатылып жаткан эле. (Чынында болсо акылы жайында болгон коомдо ошондой болушу керек. Алсыздар корголуп, колдоо көрүшөт.) Плетц майып же кемчиликтүү төрөлгөн бир наристе Докторлор кеңеши тарабынан берилчү аз дозада бир морфий менен ылдам өлтүрүлүшү керек деп сунуштаганчалык заалым эле.

Плетцти башкалар да ээрчиди. 1922-жылы укукчу Карл Биндинг жана психиатрист Альфред Гоша The Release of the Destruction of Life Devoid of Value (Барксыз өмүрдү кыйуу уруксаты) аттуу эвтаназияны жактаган бир китеп чыгарышкан. Китепте оорулуу жана майыптар өздөрүнө да, коомго да жүк, жана аларды өлтүрүү көп жоготуу болбойт, ал "ишке жараксыз" адамдардын өмүрүн сактоонун чыгымы абдан жогору жана мамлекет бул акчаны бир топ натыйжалуу тармактарга корото алат дешти. Өз ойлорунда чечим катары дене жана акыл майыптарын өлтүрүү керек дешти жана бул үчүн диний жана мыйзамдык тоскоолдуктарды жок кылууну каалашты.126 Гошенин акылга сыйбас гипотезаларынын бири – адам өмүрүн коргоо жөнүндөгү ахлактык баалуулуктардын жакында жок болоору, "керексиз" өмүрлөрдүн жок кылынышы коомдун жашашы үчүн мажбурдуу нерсеге айланаары эле.127

atrocity

A 1945 cartoon showing how all of Hitler's policies ended in death and savagery

Мунун канчалык коркунучтуу бир сунуш экенин жакшыраак түшүнүү үчүн бул адамдар сунуштаган модельдер ишке ашырылган бир коомдо жашап жатканыңызды элестетүү жетиштүү болот. Кулагы укпаган бир карындашыңыз, көздөрү көрбөгөн бир апаңыз, руханий проблемасы бар бир кошунаңыз, буттары иштебеген бир чоң атаңыз, айыктырууга мүмкүн болбогон бир оорусу бар чоң энеңиз, улгайган атаңыз көз алдыңызда өлүмгө алып кетилсе жана бул жырткычтыкты жасагандар муну "илим" атынан коомдун жакшылыгы үчүн жасап жатабыз дешсе, оюңузга эмне келмек? Албетте, бул догмалардын эч бир илимий тарабы жок экенин толук түшүнүп, жакшы көргөн жана жакын адамдарыңыздын өлтүрүлүшүнүн чоң заалымдык экенин билмексиз. Бул догмалардын мээси ордунда болбогон адамдардын тантырактары экенин оңой гана түшүнмөксүз. Бул жырткычтыктын сизге жана бүт тааныштарыңызга эч сүрөттөлгүс азаптар берээри анык. Башта фашисттик Германия турган евгеника истериясына кабылган көптөгөн коомдордо мына ушундай азаптар болуп, мындай кылмыштар ал коомдордун абийиринде терең жаралар калтырган.

Эволюционисттердин болуп өткөн зулумдуктардын чоңдугуна көз жумуп, адамдарга унуттурууга же бул кылмыштарды жокко чыгарууга аракет кылышынын натыйжасыз экенин унутпаш керек. Канчалык жашырууга аракет кылышпасын, чындыктар апачык көрүнүп турат. Дарвинизмдин калптары пайда кылган идеологиялык негиз себебинен адамзат абдан чоң азаптарды тартып, чоң жоготууларга кабылды.

Eugenicists

Eugenicists invented special terms with no place in medical literature. For example, members of other races or the mentally ill were diagnosed as having a "weak mental state" and were later left to die. Above: mentally ill Americans of the time

Ошол эле доордо эвтаназия жырткычтыгы бир эле Германияда эмес, эң башында АКШ кошо көп өлкөлөрдө жайылып баштаган. АКШда Рокфеллер институтунан Др. Алексис Каррельдин 1935-жылы Man The Unknown (Билинбеген адам) аттуу китеби чыкты жана бул китеп үч жыл ичинде 9 тилге которулду. Каррель китебинин "The Remaking of Man" (Адамдын кайрадан жасалышы) аттуу акыркы бөлүмүндө коомдук маселелерге "чечим" катары евгеника жана эвтаназияны көрсөттү. Акыл оорулууларын жана кылмышкерлерди ылайыктуу газдар бар кичи эвтаназия институттарында өлтүрүү керек деп айтуу менен кылмышты төмөнкү сөздөрү менен жактоого аракеттенген:

Майып жана кылмышкерлердин көп болушу чечилбеген бир маселе. Алар катардагы адамдар үчүн чоң жүк. Мурда да көңүл бургандай, абактарды жана акыл ооруканаларын кароо жана элди гангстерлерден жана акыл оорулууларынан коргоо үчүн көп суммалар керек. Эмнеге бул керексиз жана зыяндуу жандыктарды коргоп жатабыз? Анормалдуулар нормалдуулардын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат. Бул чындыкты жакшылап караш керек. Коом эмне үчүн кылмышкерлерден жана акыл оорулууларынан үнөмдүү бир ыкма менен кутулбайт? Жоопкерчиликтүүнү жоопкерчиликсизден бөлүүгө аракет кылууну, кылмышкерге жаза берүүнү, кылмыш кылганына карабастан күнөөсүз деп кабыл алынгандарды өзүнчө бөлүп отурууну уланта албайбыз.

alexis

Dr. Alexis Carrel, a supporter of the eugenic perversion

Биз адамдарды соттой турган жөндөмдө эмеспиз. Бирок коом маселе жараткан кооптуу элементтерден коргонушу керек. Муну кантип жасоого болот? Албетте, чыныгы ден-соолукту чоңураак жана илимий жактан өнүккөн ооруканаларды куруу менен камсыз кыла албаган сыяктуу, чоңураак жана бейпилирээк абактарды куруу менен ийгиликке жете албайбыз. Германияда өкмөт төмөн түрлөрдүн, акыл оорулууларынын жана кылмышкерлердин көбөйүшүнө каршы натыйжалуу чараларды көрдү. Идеалдуу чечим – ушул сыяктуу бүт кишилерди кооптуу экени далилденген соң ылдам жок кылуу...

Ошол эле учурда кылмышкерлерге каршы да абдан натыйжалуу күрөшүү керек. Балким абактарды жок кылуу керек. Кичирээк жана чыгымы аз уюмдар булардын ордуна келиши мүмкүн. Маанисиз кылмыштардан өкүм чыгарылган –андан соң кыска мөөнөт ооруканада калуу шарты менен- камчыланып же башка илимий ыкмалар менен кармалышы тартипти сактоо үчүн чоң ыктымалдуулук менен жетиштүү болот. Чоңураак кылмыштарды жасагандар газдары бар кичи эвтаназия уюмдарында адамча жана аз чыгымдуу ыкмалар менен жок кылынышы керек. Ушуга окшош ыкманы жаза талап кылган бир кылмышы бар, акылы ордунда болбогон адамдарга да колдонууга болот. Заманбап коом өзүн нормалдуу индивиддерге ылайыктуу абалда уюштуруу жагынан күмөндө болбошу зарыл. Философиялык системалар жана сезимтал стереотиптер мындай муктаждыкка жол ачпашы керек. Жеке адамдын өнүгүшү цивилизациянын түпкү максаты.128

Др. Каррель китебинде кылмышкерлерди жана коомго зыян берчүдөй көрүнгөн адамдарды өлтүрүү эң жакшы жана эң "үнөмдүү" чечим болот деп айтууда. Мурда да айтылгандай, социал дарвинизм коомдун маселелерине чечим издегенде, окуялардын адамгерчилик жагын эске албастан, абдан механикалык, адамгерчиликсиз, таш боор жана заалым, адам абийирине эч туура келбеген чараларды сунуштоодо. Адамдар, өзгөчө "кааланбаган" адамдар айбан же буюм сыяктуу кабыл алынышы керек дейт.

carrell

Бул жерде бир нерсени түшүндүрө кетүү зарыл: кылмыш менен жана кылмыш кылгандар менен күрөшүү коомдор үчүн абдан маанилүү. Бул күрөш сөзсүз пикирдик чөйрөдө жүргүзүлүшү зарыл. Бир жагынан, кылмыш кылууга негиз түзгөн шарттар жок кылынышы керек, экинчи тараптан болсо кылмыш кылган адамдарды ар кандай маданий, таалим программалары менен коомго кайтарууга аракет кылуу зарыл. Дарвинизмдин адамды бир айбан түрү кылып көрсөткөн калптары ар кандай кылмышка негиз түзүүдө; кылмышты, уурулукту, зордуктоону, зомбулукту жана ар кандай жамандыкты кадыресе көрсөтүүдө. Адамдарга алгач кылмыш кылууну кадыресе көрсөтүп, анан кылмыш кылганы үчүн аларды өлтүрүү аркылуу жазаландырууну сунуштоо – эч түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир көрүнүш. Ошондуктан, маалыматы аз болгондуктан же бул пикирлер себеп боло турган балээлерди ойлонбогондуктан, эволюция теориясын жактоону уланткандардын коркунучтун масштабын түшүнүшү абдан маанилүү. Кылмышкерлерди "өлтүрүү" аркылуу коомго бакубаттык алып келүүгө аракеттенүү – абдан жапайы, жырткыч жана варвардык ыкма. Кылмыштуулукту жана кылмышкерлерди азайтуунун эң натыйжалуу жана тамырлуу жолу – бул коомду руханий жактан күчтөндүрүү, билим берүү, жашоо шарттарын жакшыртуу, бакубаттыкты көтөрүү. Эң негизгиси, коомдун диний ишенимин, Аллах коркуусун жана сүйүүсүн күчтөндүрүү. Аллахтан корккон, өлгөн соң дүйнө жашоосунда кылгандарынын жообун жаза же сыйлык катары алаарын билген, Аллахты сүйгөн бир адам Аллахтын жараткандарын да сүйөт. Башка адамдарды сүйүп, урматтайт, дайыма сонун ахлакта болот. Бул түшүнүк бир коомдо канчалык жайылса, ал коом ошончолук бакубаттык жана бейпилдикте болуп, өнүгөт.

• Гитлердин кылмыштарга уруксат берген жашыруун буйругу

order

This authorization, known as the "Führer-Order," empowered Nazi doctors to kill those patients whose deaths they regarded as necessary. It constituted the alleged "legal" basis of the crimes perpetrated by Nazi doctors.

Фашисттик Германияда чыгарылган расисттик мыйзамдардан соң кезек элге евгеника иш-аракеттерин, өзгөчө эвтаназияны кабыл алдырууга келген. Бул үчүн ар түрдүү пропаганда ыкмалары колдонулган. Бул ыкмалардын башында кинолор турган. Максат – адамдарды "мынчалык ишке жараксыз адамдын өмүрүн сактоо үчүн эмнеге мынча көп убара болуу керек" деген калпка ишендирүү эле. Гезиттерде акыл оорулууларына канчалык акча коротулаары жана бул акчаларды башка кандай пайдалуу иштерде колдонууга мүмкүн экени жөнүндө кабарлар жана макалалар жарыяланган. Бул кампания ушунчалык масштабдуу болуп, окуу китептерине чейин жеткен.129

1938-жылдардын аягында Германияда биринчи эвтаназия жасалып баштаган. 1938-жылдардын аягына жакын Лейпцигден Кнауэр аттуу бир адам Адольф Гитлерге бир кат жөнөткөн. Катта сокур, акылы кем жана мүчөлөрү кем төрөлгөн баласынын жанын кыйуу үчүн бир доктор талап кылганын жазган. Катына жооп катары Гитлер жеке доктору профессор Карл Брандтты Лейпцигге жолдогон жана натыйжада наристе докторлор тарабынан өлтүрүлгөн.130

Гитлер Др. Карл Брандт жана Филипп Боулерге өзгөчө учурларда эвтаназияга уруксат берүү укугун берген. "Гитлердин буйругу" катары эскерилген укук документинде мындай деп айтылган:

Боулер менен Др. Брандт аттары айтылган кээ бир докторлордун кызмат укуктарын (полномочие) кеңейтүү боюнча жооптуу. Бул боюнча, оору абалынын экспертизасынан соң адам акылы –бул оорулуулар үчүн- мээримдүү бир өлүм үчүн чечим чыгара алат. Колу, А. Гитлер.131

Кылмышты күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланткан бул укук фашисттик Германиянын психиатрлары тарабынан жасалган кылмыштарга "мыйзамдык" негиз эле түзбөстөн, кийинчерээк Нюрнберг окуяларында жана башка кээ бир окуяларда күбөлөрдүн бул укукту бир буйрук катары жоромолдошу жасаган кылмыштарын "жеңилдетүүчү" бир себеп катары колдонулган.

T4 эвтаназия программасы кантип ишке ашырылган?

Hadamar

Smoking chimney from the ovens used to burn the corpses at the Hadamar killing center

1939-жылдын ортолорунда эвтаназия программасы менен байланыштуу даярдыктардын акыркы баскычы башталган. Психиатрия комитети жана кеңешчилер тарабынан даярдалган анкеталар октябрь айында акыл ооруларына тиешелүү оорукана жана уюмдарга жөнөтүлгөн. Анкетадагы суроолор төмөнкүлөрдү камтыган: "оорулуунун аты, үй-бүлөлүк абалы, улуту, эң жакын тууганы, тынымсыз кабар алышабы, кимдер келип турушат, акчалай камсыздоо кимдин мойнунда, качантан бери ооруканада, качантан бери ооруп жатат, диагноз, башкы белгилер, төшөккө таңылганбы, кишендеби, айыгышы мүмкүн эмес бир оорудан же арыздан улам жатабы, согуш жарадарыбы? Жана оорулуунун расасы." Бул анкеталар Т4 программасында иштеген башчы топтор тарабынан таркатылган.

Т4 системасында 4 астыңкы топ курулган жана кандайдыр бир иликтөө учурунда бул топтор чыныгы булакты жашырышмак. Т4түн түпкү тобунан келген буйруктарды бул астыңкы топтор ишке ашырышкан. Кандайдыр бир оорукана же үй-бүлө өлүм буйругун же формасын иликтегенде, бул түпкү топко жетиши, 4 астыңкы топтун артында кандайдыр бирөөнү табышы мүмкүн эмес эле.

Бул төрт топко параллельдүү иштеген дагы бир топ бар эле; алар өзгөчө наристелердин өлтүрүлүшүндө адистешишкен. Бул топтун аты Realms Committee for Scientific Approach to Severe Illness due to Heredity and Constitution (Тукум куучу жана денеге байланыштуу олуттуу ооруларга илимий подход үчүн эл комитети) эле жана бул уюмга көз-каранды иштеген дагы эки астыңкы топ бар эле. Charitable Company for the Transport of The Sick (Оорулууларды көчүрүү үчүн көмөкчүлөр биримдиги) деп аталган уюм оорулууларды өлтүрүү борборлоруна алып баруу кызматын аткарышкан. Charitable Foundation for Institutional Care (Уюмдук кароо үчүн көмөкчүлөр фонду) аттуу уюм болсо акыркы даярдык жана жөнгө салууларды жасаган.

Bernburg

Photographs from different angles of the Bernburg killing center

Фашисттердин ынсапсыз иш-аракеттеринин бири – өлтүрүлгөн оорулуулардын үй-бүлөлөрүнөн "кылмыш чыгымдарынын" алынышы эле; бирок үй-бүлөлөр жакындарынын өлтүрүлүшү үчүн төлөгөнүн билген эмес.

Келген анкеталар акыл ооруканасында ал оорулууларды караган доктор же психиатрлар тарабынан толтурулган. Анкеталар кайра келгенде Т4түн психиатрлары жана башка адистер тарабынан анализ кылынган. Эч бир оорулуу текшерилип, каралган эмес. Бир оорулууну өлтүрүү чечими ошол анкетадагы маалыматтар боюнча алынган.

Анкеталар жөнөтүлүп баштаганда кээ бир акыл ооруканалары жана ылайыктуу имараттар өлтүрүү борборлору жана кылмыш үйрөтүү окуу жайлары катары колдонуу үчүн кайрадан уюшулган. Имараттардын ичиндеги өлүм бөлмөлөрү жуунуу бөлмөлөрү сыяктуу камуфляж кылынган.

Бул жүрөк титиреткен система мындайча иштеген: анкета жооптору келген соң өлүмүнө чечим алынган оорулуулар турган уюмга бир маалымдама жөнөтүлүп, согуш жарадарларына орун даярдоо же бул оорулуулардын жакшыраак дарылана алышы үчүн башка бир жерге которулаары билдирилген. Бул оорулуулар алдыңкы уюмдардын бири болгон жана оорулууларды ташууга милдеттүү уюм тарабынан жыйналган жана өлтүрүү борборлорунун бирөөсүнө алып барылган. Бул борборлорго келгенден кийин бир канча саат ичинде өлтүрүлүшкөн.

euthanasia

The left picture shows a model of the Bernburg Psychiatric Hospital. Blue arrows indicate the route taken by patients on their way to the killing area, and the circled building contains the crematorium and gas chambers. Far right: Dr. Kathe Leichte, a professor in the field of social sciences, was sent to the Ravensbrück concentration camp in 1940. In 1942, she was gassed to death by the Gestapo at the Bernburg Euthanasia Institute. Right: Margarita Singer, the daughter of a professor of zoology, was killed under the euthanasia program..

Өлтүрүлгөндөр акыл жагынан айыкпаган оорулуулар гана эмес эле. Эвтаназия ылдамдаган сайын фашисттер башка өз ойлорунда "кааланбаган" кишилерди да буга киргизишкен. Руханий бузуктугу барлар, шизофрениктер, улгайгандан улам алсыздык сезгендер, эпилептиктер, шал, паркинсон, кыртыш катуулашы жана мээ шишиги сыяктуу башка органикалык неврологиялык оорулуулар үчүн да өлүм буйруктары берилген. Наристелер да ошол сыяктуу өлтүрүлүшкөн, жетимканалар жана түзөт жайлары өлтүрүлө турган жаңы талапкерлер үчүн терең изилденген.

hangman

Бир нерсени айта кетүү керек, өлтүрүлгөн оорулуулардын 50%ы эгер жашашына мүмкүндүк берилгенде, айыгуу мүмкүнчүлүгү бар оорулуулар эле.132

Мурда да айтылгандай, Т4 операцияларын жана өлүм борборлорун жашыруу үчүн алардын катардагы акыл ооруканалары сыяктуу көрүнүшүнө абдан маани берилген. Бул чындык Нюрнберг окуяларында KdF'нин (бул термин фюрердин канцлери маанисинде колдонулат) II бөлүгүнүн шефи жана эвтаназия программасынын ишке ашырылышынан жооптуу негизги кишилердин бири Виктор Брак тарабынан моюнга алынган. Брак Нюрнберг окуяларында өлүм бөлмөлөрүнө кирип баратканда оорулуулардын колдорунда кол арчу менен самын бар экенин жана чындап жуунабыз деп ойлошконун айткан. Душтардан болсо суу ордуна өлтүрүүчү газ берилген.

Кылмыштарды ишке ашырган окуучуларды Гитлердин кол алдындагы жогорку чиндүү офицерлери тандашкан жана ал адамдар абдан катуу окутулушкан. Башында кылмыштарды карашып, таалим алуу уланган сайын оорулууларды бөлмөлөргө алып барышып, өлүм газын оорулуулар турган бөлмөгө берип башташкан. Андан соң оорулуулардын жандалбастаганын карап турушуп, өлгөнүнө ишенген соң бөлмөлөрдү желдетип денелерди чыгарышкан. Ушундайча миңдеген күнөөсүз адамдарды өлтүрүшкөн.

gas

Top left: The way to the gas chambers Top right: Dissecting room Bottom left: Observation window used to ensure that all "patients" were dead Bottom right: Sprinkler installed to make patients think they were going to bathe when they were sent to the gas chambers

Бул кылмыштардын баары катуу коопсуздук чаралары астында ишке ашырылып, сыртка биртке да маалымат чыкпашы үчүн ар түрдүү чаралар көрүлгөн. Себеби бул имараттарда өлтүрүлгөн адамдар "башка расадан" да адамдар эмес эле. Көпчүлүгү немец же австриялык эле. Эгер немец калкы өз мекендештеринин ушундайча өлтүрүлгөнүн билип калышса, фашисттердин муну түшүндүрүшү кыйын болгондуктан, ар түрдүү коопсуздук чарасы көрүлгөн.

Бир желдет (палач) сыяктууга айланган окуучулар белгилүү мөөнөттөн соң кылмыш жасоого көнүшүп, ал адамдардын жалбарганынан, кыйкырыктарынан жана жандалбасташынан таасирленбей башташкан. Бул процесс бою болсо окутуучулары тарабынан жакшылап анализ кылынып, реакциялары кагазга алынып, ушуга жараша алар жөнүндө рапорттор жазылган. Ошондой эле, бул окуучулар өз элинен болгон адамдарды оорулуу болгону үчүн гана мынчалык оңой өлтүрө алышса, "төмөн расадан" адамдарды мындан да оңой өлтүрөт деп кабыл алынып, келечектеги "кеңири масштабдуу" иш-аракеттер үчүн тарбияланышкан. Бул кылмыштарды кылууга чыдай албаган же реакция көрсөткөн окуучулар болсо согуштун алдыңкы фронтторуна жөнөтүлүшкөн жана бөлүктүн командири тарабынан "өзүн-өзү өлтүрүү бөлүгүнө" алынышкан.

Желдеттикке үйрөтүлгөн окуучулар күйгөн адам этинин жытына, өлүп бараткан адамдардын кыйкырыктарына жана жандалбасына карата чыдамкай, өлүмгө алып бараткан адамдар менен жуунууга бараткан сыяктуу тынч гана сүйлөшө алган, таш жүрөктүү, "кемчиликсиз киши өлтүргүчтөр" катары тарбияланышкан. Окуучулар ар кандай сыйлыктарды алышып, кубатталышкан. "Ар кандай сыйлыктардан" тышкары, 2-класс немец темир крест белгисин алышчу. Бул белгинин берилүү себеби катары болсо "Немец өкмөтүнүн жашыруун маселелери" көрсөтүлгөн.

Элдер убакыттын өтүшү менен бул институттарда эмнелер болуп жатканын түшүнүп баштаганда протесттер башталган. Натыйжада Гитлердин кылмыштарды токтотуу буйругун бергени жарыяланган. Бирок кылмыштар токтогон эмес, ыкма гана өзгөртүлгөн. Андан соң өлтүрүүчү ийне же ач калтыруу сыяктуу ыкмалар колдонулган жана өлүктөр топ-топ көмүлүшкөн. Ушундайча эвтаназия жырткычтыгы согуш бою уланган.

Атайын кыймыл 14f13

Monument

Monument to those killed under the euthanasia program Left: "Nazis also murdered 200,000 'sick.'" Milliyet report dated October 10, 2003

Көптөгөн "кааланбаган" акыл оорулуусу жана "пайдасыз адамдар" өлтүрүлгөн соң Т4 программасы 14f13 коду менен иштөө чөйрөсүн кеңейткен. Программа акыл оорулуулары жана изилдөө институттары менен чектелсе, эми көбүнчө жашаган жердеге шарттардан улам ооруп калган немец жана австриялык абактагылар менен жыйноо лагерьлериндеги еврейлерге, польшалыктарга жана цыгандарга багытталган эле.

14f13 операциясынын башталыш датасы 1941-жылдын декабрь айы. Психиатрлардан турган атайын комиссиялар Т4 Берлин тобуна кошулган жана бул кишилер оорулуу жана өз ойлорунда кааланбаган адамдарды тандап, медицина бөлүмдөрүн жана ооруканаларды тазалоо максатында жыйноо лагерльлерине жөнөтүшкөн.

Тандалган оорулуулар көбүнчө алты өлүм борборунан бирөөсүнө жөнөтүлүп, ал жерде өлтүрүлүшкөн. Жыйноо лагерьлеринен тандалган адамдар көбүнчө иштөө жөндөмүнө карап бөлүнүп, иштей албаган абалдагылар өлүмгө жөнөтүлгөн.

1943-жылы өлтүрүү станцияларынын бири Адамарда жаш балдар да өлтүрүлүп баштаган. Бирок алардын арасында шал же акыл оорулууларынан сырткары, балдар үйүндө, жетимканаларда жашагандар да бар эле.133

cruelty hospital

Far left: Construction of a wall dividing the Warsaw ghetto from the rest of the city
Left: Helpless people sent to the Belzec concentration camp
Bottom left: A Gypsy couple at the Belzec concentration camp
Bottom right: A Gypsy used by Nazi doctors experimenting on the drinkability of sea water

Мээримсиздиктин жана таш боордуктун тамыры – динсиздик (атеизм)

God

...Whatever good you do, God knows it. (Surat an-Nisa’, 127)

Фашисттик Германия социал дарвинисттик пикирлердин жашоодо ишке ашырылышы менен бир коомдун кандай абалга келээринин, адамдардын кандай заалымдыктарга кабылаарынын апачык бир көрсөткүчү. Расисттик теорияларды сындаган The Emperor's New Clothes (Императордун жаңы кийимдери) аттуу китептин автору эволюциялык биология профессору Жозеф Л. Грейвс (Joseph L. Graves Jr.) дарвинизм себеп болгон фашисттик Германия трагедиясы жөнүндө мындай дейт:

Фашисттик Германия башынан өткөргөн трагедия – евгеника, расалык иерархия жана социал дарвинизм пикирлери кабыл алынганда эмнелер болоорунун эң ачык мисалы.134

Бул адамдардын эмне үчүн мынчалык кекенген, жек көрүүчү, кайдыгер, таш боор болгонун, кандайча болуп адам душманы киши өлтүргүчтөргө айланганын жакшылап ойлонуу керек. Бул суроонун жообу белгилүү: дарвинисттик пикирлер менен окутулган, адамды барксыз бир айбандай көргөн, жашоо күрөш мекени деп ойлогон жана бул күрөштө өз өмүрүн сактоо үчүн ар кандай жамандыкты өз оюнда "кадыресе" көргөн адамдардын таш боор бир коомду пайда кылаары талашсыз. Адамды Аллах жараткан жана рухунан үйлөгөн, абийирдүү жана акылдуу, баалуу (барктуу) бир жандык катары көрүүнү жокко чыгарган, адам айбан жана өсүмдүктөрдөн айырмасыз бир организм деп ойлогондордун массалык кылмыштарды кылышы, байкуш адамдардын жалбарууларынан жана тарткан азаптарынан эч таасирленбеши толук кадыресе көрүнүш. Мындай адам өзүмө же кызыкчылыгыма бир зыян келет деп ойлогондо, башкаларды эч аябастан, мээримсиздик менен оңой гана өлтүрө алат, аларды бактысыздык, жакырдык, жокчулук жана зулумдук ичинде бир жашоого түртө алат. Мынчалык заалым бир адамдын оорулууларды коргошу, муктаждарга жардам бериши, башкалардын кызыкчылыгы үчүн аракет кылышы мүмкүн эмес. Мындай адам оорулуу жана улгайган эне-атасын да карабайт. Майып бир тууганын кароону керексиз убакыт, энергия жана акча жоготуу деп ойлойт. Мындай бузуку дүйнө көз-карашы жайылса, башкаруучулардан үй-бүлө мүчөлөрүнө, докторлордон билим берүү кызматкерлерине чейин бардык адамдар бул бузукулуктун таасири астында мамиле кылат. Дин ахлагы жок коомдордо башкалар үчүн өз мал-жанын аябоо, сабыр, мээрим, боорукердик, сүйүү, урмат, бекемдик сыяктуу жакшы кулк-мүнөздөрдүн болушу мүмкүн эмес. Чыныгы дин ахлагынын жок болушу бүт коомдорго ушул сыяктуу кыйроо жана балээлерди алып келген.

Compossion to Islamic Morality

In the Ottoman Empire where Islamic moral values prevailed, families looked after not only their own sick, but also those around them. The ailing were cared for in special clinics and efforts were made to treat them using various means. The
poor were offered free health services, and doctors and hospital officials were even punished for demanding money from the poor. In 1871 the Health Inspectors and National Doctors offices were established with the aim of regulating public health services. Some of the measures under this arrangement were as follows:

  • Doctors will examine all patients on specific days and at specific times of the week, and in a specific place, free of charge, making no distinction between rich and poor. The necessary vaccinations will also be given free of charge.
  • Doctors will examine those who are unable to attend physical examination in their own homes, and a predetermined fee will be charged to those who have the means to pay. No fee will be taken from the poor, and costs incurred will be paid to the doctor from municipal funds.
  • Failing to care for the sick without a valid reason, or receiving fees from the poor, will be a cause for sacking.135 Ottoman mental hospitals also employed special treatment methods. In the 15th-century Ottoman Empire, special hospitals were built for mental patients. Efforts were made to heal the sick, depending on their illness, by means of specially selected Turkish melodies, special meals, and flowers. Patients were fed poultry in particular. Every patient's room had two windows, preferably looking out over a rose garden.136

Long before the Ottoman Empire, other Muslim states employed special methods to care for the physically and mentally ill. During the time of the Abbasid Caliphate in particular, the Islamic world attained the highest medical and psychiatric sophistication. The world's first hospitals were built in the Islamic world, and the treatment of the mentally ill by means of suggestion was first applied there. The moral values of the Qur'an gave Muslims the compassion, affection, reason and understanding to do this.

Islamic moral values encourage believers to feel affection and act compassionately towards the poor, the weak, the lowly, the needy and those unable to care for themselves, and to make sacrifices for, care for and protect them. In some of the verses of
the Qur'an, God has revealed how the weak, the poor and the elderly should be treated:

"… Worship none but God and be good to your parents and to relatives and orphans and the very poor. And speak good words to people. And perform prayer and give the alms." (Surat al-Baqara, 83)

It is not devoutness to turn your faces to the East or to the West. Rather, those with true devoutness are those who believe in God and the Last Day, the Angels, the Book and the prophets, and who, despite their love for it, give away their wealth to their relatives and to orphans and the very poor, and to travelers and beggars and to set slaves free, and who perform prayer and give the alms; those who honor their contracts when they make them, and are steadfast in poverty and illness and in battle.

Those are the people who are true. They are the people who guard against evil.(Surat al-Baqara, 177)

They will ask you what they should give away. Say, "Any wealth you give away should go to your parents and relatives and to orphans and the very poor and travelers." Whatever good you do, God knows it. (Surat al-Baqara, 215)

Worship God and do not associate anything with Him. Be good to your parents and relatives and to orphans and the very poor, and to neighbors who are related to you and neighbors who are not related to you, and to companions and travelers and your slaves. God does not love anyone vain or boastful. (Surat an-Nisa', 36)

Булактар

103. K. Ludmerer, Eugenics, In: Encyclopedia of Bioethics, Edited by Mark Lappe, New York: The Free Press, 1978, p. 457.

104. Thomas Robert Malthus, An Essay on the Principle of Population, Sixth Edition, 1826, based on the second edition (1803).

105. Darwin, The Descent of Man, pp.133–134.

106. Ibid., p. 133.

107. Ibid,, p. 945.

108. Allan Chase, The Legacy of Malthus, Chicago: University of Illinois Press, 1980, p. 136.

109. Francis Galton, Hereditary Genius: An Inquiry into its Laws and Consequences, London: Macmillan, 1892, p. 330.

110. Joseph L. Graves Jr., The Emperor's New Clothes, Rutgers Universtiy Press, 2001, p. 96.

111. Ibid., p. 99.

112. Ibid.

113. Nature 116 (1925), p. 456.

114. Bernhard Schreiber, The Men Behind Hitler - A German Warning to the World, p. 18.

115. Bob Brown, "Va. House Voices Regret for Eugenics," Washington Post, February 3, 2001.

116. Graves, Jr., The Emperor's New Clothes, pp. 116-117.

117. Ibid., p. 119.

118. Ian Kershaw, Hitler, New York: W.W Norton & Company, 1998, p. 134.

119. R. Youngson, Scientific Blunders; A Brief History of How Wrong Scientists Can Sometimes Be, New York: Carroll and Graf Pub., 1998.

120. A. Hitler, Hitler's Secret Conversations 1941–1944, With an introductory essay on The Mind of Adolf Hitler by H.R. Trevor-Roper, New York: Farrar, Straus and Young, 1953, p. 116.

121. Ibid.

122. Schreiber, The Men Behind Hitler.

123. Ibid.

124. J. C. Fest, The Face of the Third Reich, New York: Pantheon, 1970, pp. 99–100.

125. Jerry Bergman, "Darwinism and the Nazi Race Holocaust;" http://home.christianity.com/worldviews/52476.html

126. Schreiber, The Men Behind Hitler.

127. Ibid.

128. Ibid.

129. Ibid.

130. Ibid.

131. Ibid.

132. Ibid.

133. Ibid.

134. Graves, Jr., The Emperor's New Clothes, p. 128.