Мурда да айтылгандай, Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китепти жазып жатканда, Дарвин көз-караштарынан эң көп таасирленген адамдардын башында англиялык экономист жана демограф Томас Роберт Мальтус турган эле.
Мальтус алгачкы басылмасы 1798-жылы жарык көргөн Essay on the Principle of Population, as it Affects the Future (Коомдун келечектеги өнүгүшүнө таасирлери жагынан калк принцибине бир эксперимент) аттуу китебинде калктын санынын ар 25 жылда геометриялык прогрессия менен (2, 4, 8, 16, 32, 64, 128, 256...), тамак-аш ресурстарынын болсо ушул эле убакытта арифметикалык прогрессия менен (1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9...) өсөөрүн айткан. Б.а. Мальтустун ою боюнча, калктын саны ар 25 жылда эки эселенсе, азык ресурстары бир топ жай өсүш көрсөткөн. Мальтус үч кылым ичинде калк санынын азык ресурстарына болгон катышынын 4096га 13 болоорун айткан. Б.а. Мальтустун бул илимий эмес догмасы боюнча, тамак-аш азыктары ылдам көбөйгөн калкка жетишсиз болуп калмак жана жашоону улантуу үчүн сөзсүз олуттуу бир күрөш ичинде болуш керек эле. Дарвиндин китебинин подтемасында айтылган догма да ушул болчу: Түрлөрдүн келип чыгышы... Өзгөчө расалардын жашоо күрөшүндө корголушу...
Thomas Robert Malthus |
Мальтус Экспериментинде калктын мындай ылдам өсүшүн алдын алуу керек экенин айтып, өз оюнда кээ бир чечүү жолдорун сунуштады. Мальтустун ою боюнча, калктын көбөйүшүн көзөмөлдөөчү эки негизги фактор бар эле: азаптар жана жаман ахлак. Ачарчылык жана жугуштуу оорулар сыяктуу кубулуштар калкты жөнгө салган азаптар эле. Согуш, жаңы төрөлгөн наристелердин өлтүрүлүшү сыяктуу окуялар болсо калкты жөнгө салган башка факторлор эле. Мальтус согуш, ачарчылык, оору жана наристелерди өлтүрүү сыяктуу окуялар менен калкты оңой жөнгө салууга мүмкүн экенин жана ушундайча калк санынын азык ресурстары менен тең салмактуу бир абалга келээрин жазган. Акылы ордунда жана абийирдүү адамдардын баары ойлогондой, бул акыл жана логикага сыйбаган, абдан жапайы бир догма. Коомдордун бакубаттыгын ойлоп, киреше жана жашоо Footnotesынын туура пландалышы, албетте, коомдордун келечеги үчүн абдан маанилүү. Бирок бир коомдун келечегин согуштар, адам өлтүрүүлөр, кылмыштар менен пландоого аракеттенүү, албетте, туура эмес. Жана мунун коомдорго азап жана көз жашы алып келээри анык.
Мындан тышкары, Мальтустун башка дагы логикасыз сунуштары бар эле. Мисалы, жумушчу классынан же жакыр катмардан үй-бүлөлүү жуптар балалуу болбошу үчүн ар түрдүү чараларды көрүү керек деген. Мальтустун көз-караштары 1834-жылы Англияда жакырлар үчүн атайын «иштөө үйлөрүнүн» курулушун камсыздаган жаңы бир мыйзам менен туу чокуга жетти. Бул мыйзам менен иштөө үйлөрүндөгү калктын көбөйүшүн азайтуу үчүн үй-бүлөлүү жуптар катуу эрежелер менен бир-биринен ажыратылышкан.
Негизи мындай чаралардын түпкү себептеринин бири илгертен уланып келген «төмөнкү класстардын» тынымсыз көбөйүшү маданий адамдарды «жоготот» деген коркуу эле. Албетте, бул такыр туура эмес. Эң биринчиден, бир адам материалдык абалы, коомдогу орду же тили, расасы, жынысы себебинен башкасынан артыкча боло албайт. Аллах бүт адамдарды тең кылып жараткан. Адамдарды барктуу, абройлуу кылган – алардын ар түрдүү мүмкүнчүлүк же дене өзгөчөлүктөрү эмес, сонун ахлагы, мүнөзү.
According to Social Darwinism's twisted propaganda one of the most pitiless philosophies in history the weak and powerless must be left to die.. |
Бирок, Франция төңкөрүшүнөн соң мурдакы кадыр-барк жана күчүн сактай албай калабыз деп корккон Англия буржуазиясы жакырлардын санынын көбөйүшүнө тоскоол болуу үчүн Мальтусчулукту абдан колдогон жана бул багытта радикалдуу чараларды алуудан тартынган эмес. Бул дин ахлагынан алыстаган адамдар кабылган жаңылыштыктын натыйжаларынын бири. Ошол доордун алдыңкылары коомдун келечеги бай адамдардын санынын көп болушунда жана жакырлардын болсо азайышында деп ойлошкон. Албетте, бир коомдо бай-бардар адамдардын санынын өсүшү, бакубаттыктын жогорулашы жакшы көрүнүш. Бирок бакубаттыкты көтөрүү үчүн колдонулган ыкмалардын кандай экени абдан маанилүү. Социал дарвинизм жактагандай, жакырларды өлтүрүп, жардыларга зулумдук кылуу менен бай адамдардын санын көбөйтүүгө аракеттенүү эч кабыл алынгыс бир ыкма. Мындан тышкары, бай адамдардын санынын көбөйүшү менен эле коом өнүгүп кетпейт. Бай, бирок дин ахлагы талап кылган чынчылдык, башкаларды ойлоо, жөнөкөйлүк, ыкластуулук, сабыр, толеранттуулук, акылдуулук, эмгекчилдик сыяктуу жакшы сапаттарга ээ болбогон адамдардын көбөйүшүнүн коомго пайда эмес, зыян алып келээри анык. Ошондуктан, коомдорду алдыга жылдыруу үчүн жасалган пландардын ишке ашышы ал коом материалдык жактан өнүгүп жатканда, руханий баалуулуктарга болгон бекемдигинин да күчөтүлүшү менен мүмкүн болот.
Бирок Мальтус менен бир доордо жашаган көп адамдар бул ачык чындыкты байкашкан эмес жана коомдорун кийинки жылдары чоң бир ахлактык кыйроого түртө турган бул бузуку көз-караштарды колдошкон.
Мальтус жакыр класстын көбөйүшүнө тоскоол болуу үчүн сунуштаган таш боор сунуштарынын кээ бирлери төмөнкүдөй эле:
Жакыр катмарга тазалыкты сунуш кылуунун ордуна аларды тескери адаттарга кызыктырышыбыз керек. Шаарларыбыздагы жолдорду тар кылып, үйлөрдү көп адам жашаган жерге айлантып, чума келиши үчүн аракет кылышыбыз зарыл. Айыл жерлеринде айылдарыбызды көлмө суу жээктерине куруп, саздак жерлерде жана ден-соолукка зыяндуу шарттарда да отурукташууга түрткү болуу керек. Бирок эң негизгиси зыяндуу оорулар үчүн көрүлгөн атайын чараларды жана кээ бир ооруларды тамырынан жок кылуу үчүн долбоорлорду жасап, адамзатка кызмат кылып жатабыз деп ойлогон боорукерлерди сындашыбыз зарыл, себеби алар туура эмес кылышууда. 8
Мальтус наристелерди өлтүрүүнү да стимулдаган:
Адилеттүүлүк жана маани берүү темалары жөнүндө эл көзүнө алектенгенибиздин себеби – жакырдын жардам суроо акысын жокко чыгаруу үчүн. Бул максатта эч бир жаңы төрөлгөн баланын жардам суроо акысына ээ эмес экенин айтып, керектүү чаралардын көрүлүшүн сунушташым керек. Салыштыруу үчүн (никесиз) төрөлгөн бала коомдо эч көп баркталбайт, башкалар болсо акырындап анын ордун ээлешет. Элдин санын (кааланган) деңгээлде сактоо үчүн керектүүдөн ашыкча төрөлгөн бардык жаш балдар, жетилгендер өлүп аларга орун болмоюнча, өлүшү керек. 9
Мальтус коомдордун келечеги үчүн жаңы төрөлгөн наристелердин өлтүрүлүшүн кадимки көрүнүштөй кабыл ала турганчалык бузуку көз-карашта эле. Бул саптарды окуган кээ бир адамдар Мальтустун көз-караштары өтмүштө калды жана учурда мындай бузуку көз-караштар кабыл алынбайт деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул бир жаңылыштык. Учурда Кытайда калкты пландоонун жаңы төрөлгөн наристелерди өлтүрүү аркылуу жасалганын эстесек, анда Мальтустун жана аны ээрчиген Дарвиндин бузуку көз-караштарынын коомдорго көпкө уланган жаман таасирлерин жакшыраак түшүнөбүз. Коммунисттик Кытайда дин ахлагын жашоого мамлекет тарабынан тоскоолдук кылынып, өкмөт элин дарвинисттик бир көз-караш менен кароодо. Ошондуктан, коомдук жана ахлактык чоң бузулуудан тышкары, Кытайда адамдар жумуш лагерьлеринде бардык адамга керектүү шарттарсыз мажбурдуу иштетилүүдө, мамлекет уруксат берген сандан ашыкча балалуу болгон бүлөлөрдүн балдары мажбурдуу чогултулуп өлтүрүлүүдө, көз-карашы үчүн да адамдарга өлүм жазасы берилип, өлүм жазасы коомдук церемонияга айлантылууда. Кытайда болуп жаткандар дарвинисттик көз-караштардын таасиринде калган бир коомдун абалын көрсөткөн бүгүнкү күндөн бир мисал.
Мальтустун гипотезалары Англияда жакырлардын абалын андан да жаман кыла турган кысымдык бир мыйзам менен эле чектелген жок, социалдык көйгөйлөрдү андан да татаал жана чечүүгө мүмкүн болбос абалга алып келди. Учурда дагы эле кээ бир чөйрөлөр тарабынан жакталган, дарвинизм деген 20-кылымга азап, согуш, расизм жана динсиздик сыяктуу балээлерди алып келген бир теорияга негиз болгон бул гипотеза эч бир илимий далилге таянбайт. Ал тургай, Мальтус гипотезасын айтып жатканда, эчкилер жана иттер жөнүндө айтылган, канчасы туура экени да белгисиз болгон бир аңгемеден таасирленген.
Экспериментти жазганда Мальтуска таасир берген түпкү окуя Тынч океанындагы бир аралга испаниялык бир саякатчы Хуан Фернандес (Juan Fernandez) тарабынан ташталган деп айтылган эчкилер жөнүндөгү бир аңгеме болгон. Бул аңгеме боюнча, ал эчкилер акырындап аралда көбөйүшкөн жана аралга келген деңиз саякатчылары үчүн азык булагына айланышкан. Эчкилер бир тараптан бат көбөйүп, аралдагы азыктарды түгөтүп башташкан. Испандыктар болсо аларга кол салып соодасына тоскоол болгон англиялык аскерлердин бул аралдагы эчкилерден пайдаланышына тоскоол болуу үчүн аралга ургаачы жана эркек иттерди ташташкан. Эми иттер акырындап көбөйүп, эчкилердин көпчүлүгүн өлтүрүшкөн. Франциялык математик жана төңкөрүшчү Кондорсе Таунсенд (Condorcet Townsend) ушундайча табиятта тең салмактуулуктун түзүлөөрүн жазган жана мындай деген:
Эки түрдүн тең эң алсыздары табиятка карыз төлөгөндөрдүн алгачкылары болушту; эң кыймылдуу жана күчтүүлөрү өмүрлөрүн улантышты. Адам түрүнүн санын да тамак-аш көлөмү жөнгө салат .10
Мурда да айтып кеткендей, бир катар табигый шарттар жаныбарлардын санынын көбөйүшүнө, тукум курут болушуна же сакталышына таасир этиши мүмкүн. Бирок бул адам коомдоруна да тиешелүү деп ойлоо чоң бир жаңылыштык. Мындай жаңылыштыкты ишке ашыруунун болсо кандай коркунучтуу натыйжаларга жол ачаарын тажрыйба көрсөттү.
Таунсенд да бул пикирлерин иштеп жаткан Жакырлар мыйзамына киргизгиси келди. Англиядагы Жакырлар мыйзамы боюнча жакырлар ач калышчу эмес, бирок абдан көп иштетилишчү. Таунсенд болсо жакырларды иштөөгө мажбурлаган бул мыйзам көп кыйынчылык жана ызы-чууга себеп болуп жатат деп чыкты. Мунун ордуна жакырларды "ачарчылык менен жөнгө салуу" менимче туура болот деди. Таунсенддин ою боюнча, "ачкалык эң жапайы айбанды да жоошутат, аларга маданиятты жана баш ийүүнү үйрөтөт жана аларды иштөөгө стимулдайт" эле.11 Албетте, бул абдан таш боор жана абийирсиз бир ыкма. Мындай таш боордуктун түбүндө адамдарды материалдык мүмкүнчүлүгүнө жана тышкы көрүнүшүнө карап бөлүү жаңылыштыгы турат. Дин ахлагына эч туура келбеген мындай бөлүүчүлүк тарых бою коомдук жагдайды бузган, каргаша, анархия жана урушка жол ачуучу бир элемент болгон.
Эчкилер жана иттер жөнүндөгү аңгеме Таунсендден соң Мальтустун гипотезаларынын да негизин түздү. Мальтустан кийин Герберт Спенсер тарабынан айтылган "эң ылайыктуу жашоосун улантат" деген жалгандын жана андан соң Дарвин айткан "табигый тандалуу менен эволюция" жаңылыштыгынын илхам булагы да ушул аңгеме болгон.
Чынында болсо, мурда да басым жасалгандай, айбандарга тиешелүү болгон кээ бир мыйзамдарды адамдарга колдонуу Таунсенд менен башталган, Мальтус, Спенсер жана Дарвин менен уланган тизмедеги адамдардын эң чоң каталарынын бири болгон. Бул кишилер адамдарды радикалдуу жана зордук-зомбулукка таянган чаралар менен гана тизгиндөөгө, ачарчылык, согуш жана кырсыктар сыяктуу факторлор менен башкарууга мүмкүн болгон жапайы жандыктар сыяктуу көрүшкөн. Чынында болсо, адам – акылы, аң-сезими, логикасы бар бир жандык. Айбандар сыяктуу каалоолоруна карап эмес, акылы жана абийири менен кыймыл-аракет кылышат.
God commands people to protect the needy, and to be affectionate and compassionate. The spread of the moral values He commanded will resolve a great many problems. |
Мальтустун теориясы канчалык бузуку болсо да, ошол доордун шарттарында кээ бир чөйрөлөр тарабынан кабыл алынган. Жана кийинки кылымды таасирине алган кээ бир адашкан идеология жана агымдарга да негиз болгон. Бирок, эч бир илимий далилге таянган эмес жана карама-каршылыктарга толо. Булардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
1. Мальтус китебин жазган кезде колунда калктын санынын көбөйүшү жөнүндө колдоно турган бир да маалыматы жок эле. Себеби Англиядагы алгачкы улуттук эл каттоо 1801-жылы, т.а. Мальтус Экспериментин жазгандан үч жылдан кийин жасалган. Ошондой эле, Мальтус 1801-жылы жасалган эл каттоону да колдоно алмак эмес, себеби калктын санынын өсүшүн эсептөө үчүн мурдакы жылдарга тиешелүү эл каттоолор да керек эле. Ошондуктан калктын санынын өсүшүн аныктай ала турган ишенимдүү статистикалык маалыматы жок эле. Догмаларын толугу менен гипотезаларга таяндырган.
2. Мальтустун тамак-аш ресурстарынын өсүү ылдамдыгын эсептей турган маалыматтары да жок эле. Канчалык эгин талаасы бар экенин, канчасынан канча көлөмдө түшүм алынганын эсептей ала турган бир ыкма ал доордо жок болчу. Мында да жалаң божомолдорго таянган.
3. Мальтус айткан эреже өз ичинде да карама-каршылыктарда эле. Мальтус элдер геометриялык прогрессия менен өсөт деген.
Анда жаныбар жана өсүмдүктөр да геометриялык прогрессия менен өсүп жаткан, себеби белгилүү болгондой экөө тең адамзат жашоосунун негизи. Жашоодо адамдар да, жаныбарлар да, өсүмдүктөр да геометриялык прогрессия менен көбөйүшпөйт. Алардын көбөйүшү табигый шарттарга жараша өзгөрүп турат.
Адам да кошо бүт экосистема абдан тең салмактуу бир гармонияда. Табияттагы тең салмактуулук Мальтус менен Дарвин айткандай, «же, болбосо жем бол» деген, калп «жашоо күрөшү» догмасынан абдан алыс.
Кыскача айтканда, Мальтус айткан догмалар эч бир илимий далилге таянбайт, тескерисинче, каталары жана логикасыздыктары далилденген. Дарвин болсо эволюция теориясын Мальтустун гипотезаларга гана таянган, ойдон чыгарылган догмаларынын негизинде чыгарган.
The Claim That “Life is Struggle” is Untrue | |
Out of devotion to Malthus and Darwin, some have carried the idea that “life is struggle” to the ultimate extremes, claiming that not just animals, but all living things compete with one another. The German embryologist Wilhelm Roux claimed that organs were struggling with each other for nourishment, kidneys against lungs, heart against brain. T. H. Huxley even maintained that all the molecules within each organism were competing with each other!1 Biological discoveries of the 20th century showed that no such struggle goes on in nature. Today's biologists refer not to competition as the basis of the organism, but to cooperation. For example, in his book The Lives of a Cell, the biologist Thomas Lewis writes: Most of the associations between the living things we know about are essentially cooperative ones, symbiotic in one degree or another; when they have the look of adversaries, it is usually a standoff relation, with one party issuing signals, warnings, flagging the other off...2 Norman Macbeth, author of Darwin Retried: an Appeal to Reason, describes how Malthus and Darwin were mistaken and how there are no struggles to the death in nature: Darwin took it over from Malthus, who was a sociologist (and a grim one) rather than a biologist. It was not derived from a loving contemplation of plants and animals. Such a contemplation... would not show that “each organic being was striving to increase at a geometrical ratio” or that there was continual struggle...3 In his book Mutual Aid: A Factor of Evolution, Peter Kropotkin describes the error into which Darwin and his supporters fell: The numberless followers of Darwin reduced the notion of struggle for existence to its narrowest limits. They came to conceive the animal world as a world of perpetual struggle among half-starved individuals, thirsting for one another's blood… if we take Huxley… the animal world is on about the same level as a gladiators' show. The creatures are fairly well treated, and set to, fight hereby the strongest, the swiftest, and the cunningest live to fight another day… But it may be remarked at once that Huxley's view of nature had as little claim to be taken as a scientific deduction.4 An article in the Turkish scientific journal Bilim ve Teknik (Science and Technology Magazine) admits the error in claiming that nature is a battleground: The problem is why living things help one another. According to Darwin's theory, every organism carries out a struggle to survive and reproduce. Since helping others would reduce that creature's odds to survive, evolution in the long term should have eliminated that behavior. It has been observed, however, that living things can be altruistic.5 Together, these facts reveal once again that Darwin's theory, produced under primitive scientific conditions, is filled with errors and deceptions. A great many branches of science reveal the invalidity of the theory of evolution. Those who support it, supposedly in the name of science, must not ignore the responsibility they assume in supporting such an unscientific theory, and must abandon this error at once. Footnotes1. http://www.trufax.org/avoid/manifold.html 2. L. Thomas, The Lives of a Cell, New York: Bantam Books INC., (1974) 3. www.trufax.org/avoid/manifold.html 4. Peter Kropotkin, Mutual Aid: A Factor of Evolution, 1902, I. Bölüm. 5. Bilim ve Teknik, sayı 190, s.4 |
Malthus's distorted logic was also applied to children, many of whom were forced to work under very harsh conditions. |
Дарвин Мальтустун Экспериментин 1838-жылы окуган жана күндөлүгүнө мындай деп жазган:
1838-жылы октябрьда, б.а. изилдөөлөрүмдү систематикалык баштагандан 15 айдан соң, кызыккан үчүн гана Мальтустун калк жөнүндөгү эмгегин окуп баштадым. Жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдө мен дайыма байкаган жашоону улантуу күрөшүн ойлогонумда, бир заматта, мындай шарттарда ылайыктуу түрлөрдүн сакталып, ылайыксыздардын жок болоорун түшүндүм. Мунун натыйжасында болсо жаңы түрлөр пайда болмок. Ошондо, кийин үстүндө иштей турган бир теорияга акыры жеткен элем.12
Дарвиндин күндөлүгүнөн көрүнүп тургандай, табигый тандалуу менен эволюция жана жашоо күрөшү түшүнүктөрү Дарвиндин оюнда Мальтусту окуган соң калыптанган. Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышында Мальтустун догмаларын толугу менен кабыл алганын болсо төмөнкү сөздөрүндө мойнуна алган:
Табигый түрдө, бат көбөйгөн ар кандай органикалык жандык, эгер жок кылынбаса, дүйнө кыска убакыт ичинде жалгыз бир жуптун урпагына толмок. Бул анык бир эреже. Жай көбөйгөн адам калкы да акыркы жыйырма беш жыл ичинде эки эселенди жана бул эске алынганда, келечекте бир канча миң жыл ичинде адам урпагы үчүн чындап эле бут койорго жер калбай калат...13
Дарвин Мальтустун теориясы менен табигый тандалуу гипотезасы арасындагы байланышты болсо мындайча түшүндүргөн:
Жашоосун уланта алган индивид санынан көбүрөөгү дүйнөгө келген сайын, ар бир индивиддин ошол эле түрдүн башка индивиддерине каршы, же башка түрлөрдүн индивиддери арасында же физикалык шарттарга каршы, кандайдыр бир жашоо күрөшү болушу керек. Бул Мальтустун көз-карашынын ар кандай даражаларда бүт жаныбар менен өсүмдүк ааламына колдонулушу...14
Дарвиндин Мальтустун адашкан көз-караштарынан колдоо алган бул ойлору чоң бир жаңылыштык жана илимий эч бир мааниси жок. Ал тургай, элдин санын пландоону алсыздар менен жакырларды жок кылуу менен камсыздоону айткан, жетиштүү деңгээлде күчтүү болбогондор жок болушу керек деген бул көз-караш – чоң бир заалымдык. Чындап эле, жашоону бейпилдикти, коопсуздукту жана түшүнүүчүлүктү негиз алган бир жер катары эмес, бир гана жашоону улантууну, бул үчүн болсо өлөөрчө күрөшүүнү талап кылган бир жер катары көргөн бул көз-караш коомдорго чоң балээлерди алып келди.
According to Malthus, the “lower class” had to be brought under control, oppressed, weakened and made to work. When his twisted view was accepted, the working class was forced to labor under the most appalling conditions. |
Мальтус менен Дарвиндин көз-караштары илимий далилдерге таянбаса да, чоң колдоо тапты. Мунун себебин алар жашаган доордон издөө керек. Мальтус менен Дарвин Өнөр-жай төңкөрүшүнөн кийинки доордогу Англияда жашап жатышкан. Англия аристократиясы Өнөр-жай төңкөрүшү менен бирге ордун жана күчүн жумушчу классына алдырып койуудан коркуп жаткан. Бир тараптан болсо арзан жумушчу күчүнө көп муктаждыктары бар эле. Мындай парадокс натыйжасында башкаруучу класс өзүнүн туура эмес түшүнүгү менен мындай жыйынтыкка келди: Англияда "төмөнкү классты" башкарууга алуу, эзүү, күчтөндүрбөө жана иштетүү зарыл. Мальтус болсо ылдам өсүп жаткан элге тамак-аш ресурстары жетпей калат деген гипотезасын айтканда, чечүү жолун "төмөнкү класстын" көбөйүшүн токтотууда көрсөтүү менен, бир тараптан жакырларды коркутуп, экинчи тараптан аларга карата катуу чараларды алууга себеп болуп жаткан. Дарвин Мальтустун гипотезасын табигый илимге жана биологияга киргизүү менен бул догмага калп "илимий" бир көрүнүш берген.
Ричард Хофштадтер (Richard Hofstadter) Social Darwinism in American Thought (Америка көз-карашында социал дарвинизм) аттуу китебинде Дарвиндин Мальтустун гипотезасына берген колдоосу жөнүндө мындай деген:
Мальтусчулук Англияда абдан популярдуу болуп калды... Бул агым ошол эле учурда байларды жакырлар тарткан азаптарга карата аткарышы керек болгон милдеттерден куткарган. Окуялардын агымында Мальтустун туура эмес экени далилденди жана теория саясий экономикадан акырын акырын жоголуп бараткан эле, ага Дарвиндин биологиялык подходунан жаңы колдоо келди.15
Изилдөөчө жазуучу Иан Тейлор (Ian Taylor) болсо Мальтус жөнүндөгү бир макаласында Мальтустун гипотезасындагы бузуку пикирлер жөнүндө мындай дейт:
Those in need of a cheap workforce were the first to support Malthus's misguided views. |
Бүт булардан алына турган сабак – бул Аллахты, Анын улуулугун жана кийлигишүүсүн жокко чыгарган Дарвин жана башкалардын Мальтустун принцибинде оозго алынбас жана калп илимий сунуштарга багыттаган, коркунучтуу бир балээ жана чарасыздыкты табышы. Мальтустун аргументиндеги апачык көрүнүп турган алсыздык жана жетишсиздиктерге карабастан, бул ушундай.16
Мальтустун "таш боор, үмүтсүздүк берүүчү, логикасыз" догмасы илим тарабынан жокко чыгарылса да, бүгүнкү күнгө чейин таасирин улантууда. Иан Тейлор In The Minds of Men (Адамдардын оюнда) аттуу китебинде Мальтус менен башталган жана Гитлер менен аяктаган бул таш боордук тизмесине мындайча токтолгон:
Мальтус көз-карашын кийинчерээк "эң ылайыктуу жашоосун улантат" деген абалга келген эрежеге таяды. Бул түшүнүк Кондорседен Мальтуска, Спенсерге, Уоллеске жана Дарвинге чейин созулат. Эң аягында Адольф Гитлер сыяктуу кишилерге таасир берүү максатында ылдам өнүктү. Бирок унутпаш керек, баарынын башында эчкилер менен иттер жөнүндөгү аңгеме турат.17
Көрүнүп тургандай, Мальтустун заалым көз-караштарынын колдоо көрүшүнүн негизинде буларды өзүнүн таш боордуктарына, кызыкчылыктарына, бузукулуктарына бир тон катары колдонууну каалаган кээ бир башкаруучу жана лидерлердин, идеологиялык максатты көздөгөн бир катар башчылардын маанилүү салымы болгон. Бул чөйрөлөр өз кызыкчылыктарын көздөп колдогон бул таш боор дүйнө көз-карашы себеп болгон балээлер болсо тарыхта эч теңдешсиз масштабга жетти. Алдыда, Мальтус менен башталган бул таш боор жана мээримсиз дүйнө көз-карашынын социал дарвинизм деген ат менен кантип күчөтүлгөнүн жана адамзатка эмнелерди алып келгенин анализдейбиз.
8. Thomas R. Malthus, An Essay on the principle of population as it affects the future improvement of society, Reprint, London: Reeves and Turner, (1798) 1878, p. 412. (emphasis added)
9. Ibid., pp. 430-431, 411. (emphasis added)
10. Karl Polanyi, The Great Transformation, Boston: Beacon Press, 1957, p. 112.
11. Ibid.
12. Sir Gavin de Beer, Charles Darwin, London : Thomas Nelson & Sons, 1963.
13. C. Darwin, On the Origin of Species by Means of Natural Selection, London, 1859, 2nd edition 1964, Cambridge:Harvard University Press, p. 64.
14. Ibid.
15. Hofstadter, Social Darwinism in American Thought, p. 88.
16. Ian Taylor, "Historical Sketch: Robert Thomas Malthus (1766-1834);" http://www.creationism.org/csshs/v04n3p18.htm
17. Ian Taylor, In the Minds of Men, Toronto: TFE Publishing, 3rd. ed., 1991, p. 65.