Киришүү

Жыйырманчы кылымдын адамзат тарыхынын эң караңгы, эң коркунучтуу, эң көп кан төгүлгөн, адамдар эң көп коркуу жана зордук-зомбулукка кабылган кылымдардын бири экенин бүт адамдар билишет жана кабыл алышат. Гитлер, Сталин, Пол Пот сыяктуу диктаторлордун заалымдыгын, миллиондогон адамдарды кантип геноцид кылганын, Гитлердин өз элинен да өз оюнда "ишке жарабайт" деп ойлогондорун кандайча газ бөлмөлөрүндө өлтүрткөнүн; Англиядан Германияга, АКШдан Швецияга чейин көптөгөн Батыш өлкөлөрүндө жүз миңдеген адамдын оорулуу, майып же улгайган болгону үчүн гана кандайча зордук менен тукумсуздаштырылганын же өлүмгө түртүлгөнүн; айоосуз атаандаштык себебинен дүйнөнүн бүт тарабында адамдардын эзилгенин жана басып алынганын; расизмдин кээ бир өлкөлөрдүн идеологиясына айланганын жана кээ бир расалардын адам катары да саналбаганын; Чыгыш менен Батыш, коммунист менен капиталист, оң менен сол арасында тирешүүлөр, кандуу жана кансыз согуштар болгонун; ушул себептен бир эле өлкө калктарынын, ал тургай, бир туугандардын да бир-бирине душман болуп калганын бүт баарыбыз билебиз.

darwinisim

Бирок көбүнчө байкалбаган негизги нерсе – бул 20-кылымды ушунчалык ызы-чуу, хаос, согуш жана уруштарга түрткөн, адамдар арасында кекенүү жана душмандыкка себеп болгон идеологиялык фундамент. Бул идеологиялык фундаменттин негиздери 19-кылымдагы англиялык экономист Томас Мальтус (Thomas Malthus) тарабынан коюлган. Дин ахлагынан алыс жашаган кээ бир адамдар тарабынан кабыл алынган бул бузуку көз-караш кайра эле бир англиялык социолог Герберт Спенсер (Herbert Spencer) тарабынан күчөтүлгөн жана үчүнчү бир англиялык Чарльз Дарвиндин (Charles Darwin) эволюция теориясы менен жайылтылган.

selfishness

Бул үч ысым башчылык кылган идеологиясынын бир талабы катары дин ахлагынын өзгөчөлүктөрүнөн болгон көмөктөшүү, башкалардын жакшылыгын ойлоо, жакыр жана алсыздарды коргоо, бүт адамдарды тең саноо сыяктуу сонун мүнөздөрдү толугу менен артка ташташты. Мунун ордуна "жашоо – бир күрөш талаасы"; "алсыздарды, жакырларды, (алардын оюнда) "төмөн расадан" болгон адамдарды эзүү жана ал тургай жок кылуу кадыресе көрүнүш"; "кырчылдаган күрөштүн натыйжасында "эң ылайыктуулар" жашоосун улантып, башкалар жок болот", ошентип адамзат "алдыга жылат" деген калпты сунушташты.

Чарльз Дарвин эволюция теориясы менен түпкүрү өзүмчүлдүк болгон бул философияны табигый илимдерге киргизүүгө аракеттенди. Аллах табиятта жараткан көмөктөшүү жана жардамдашуу өрнөктөрүн көрмөксөн болуп, "бүт жандыктар жашоо үчүн күрөшөт" деген калпты айтып чыкты. Ал тургай, эч бир илимий далилге таянбастан туруп, ушундай эле айоосуздук адам коомдоруна да тиешелүү деп жактады. Дарвиндин эволюция теориясы коомдорго киргизилгенде, социалдык дарвинизм келип чыкты.

Кээ бирлери социалдык дарвинизм 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болуп, 20-кылымдын алгачкы жарымында таасирин жоготкон бир социалдык теория деп жактаганы менен, чындыгында бул теориянын коомдордун жана адамдардын маданиятына болгон терс таасирлери көпкө уланып, көп зыяндар алып келди. Жашоо бир "күрөш талаасы", адам бул күрөштө жеңүү же жок дегенде бул жырткыч чөйрөдө "өмүрүн улантуу" үчүн жашашы керек деген бузуку көз-караш дин ахлагына толугу менен тескери келген, адашкан бир "дүйнө көз-карашы" катары жайылды. Адамзатка балээ алып келген жаңы жашоо калыптарын пайда кылды. Мындай жаңы жашоо калыптары коммунизм же фашизм сыяктуу тоталитардык жана кандуу идеологиялардын, социалдык адилеттүүлүктү көзүнө илбеген жырткыч капитализмдин, расизмдин, этникалык согуштардын, адеп-ахлактык бузулуунун жана дагы көптөгөн "балээнин" булагы болду.

Социалдык дарвинизм жамандыктарга, таш боор саясат жана иш-аракеттерге бир заматта калп бир "илимий" негиз түзүп берди. Эч бир илимий таянычы болбогон бул агым менен бирге таш боордук, жырткычтык жана зулумдук дин ахлагын жашабаган көп адамдар тарабынан кадимки (кадыресе) нерседей кабыл алынып баштады. Адамдар жана коомдор арасы мамилелерде мээрим, боорукердик, башкаларды түшүнүү, башкаларды ойлоо, көмөктөшүү жана кызматташуу сыяктуу дин ахлагынын талабы болгон жакшы сапаттар унутулду. Зулумдук кылуучулар -өз ойлорунда- заалымдыгыбыздын илимий бир негизи бар дешип, жырткычтыгыбыз кадыресе кабыл алынат деп ойлошкон. Албетте, мындай сөздөрү жана ойлору чоң бир калп жана жаңылыштык эле. Бул китепте өзгөчө эки теманы ачыкка чыгарып, анализ кылабыз:

cruelty

Social Darwinism provided an alleged scientific justification for many ruthlessness that regarded the lives of the poor as unimportant.

Биринчиден, дарвинизмдин коомдордун жана адамдардын жашоосу үчүн эмнеге олуттуу бир коркунуч экенин түшүнбөгөн же түшүнмөксөн болгондорго бул теориянын көпчүлүк тарабынан кабыл алынышынын жана өзгөчө жаштардын бул теория менен тарбияланышынын коркунучтарын көрсөтөбүз.

Экинчиден болсо, "Дарвин жана ар бир эволюционист социал дарвинисттер менен бирдей көз-карашта эмес" дегендерге жооп берип; ар бир эволюционисттин эволюция теориясын кабыл алуу менен бирге түпкүрүндө социал дарвинизмди да кабыл алганын түшүндүрүп беребиз.

Китеп бою да көп жолу айтыла турган төмөнкү чындыкты унутпаш керек: адамдарды бир айбан түрү сыяктуу кабыл алуу жаңылыштыгына кабылган эволюция теориясы сунуштаган жашоо модели таш боордук, сүйүүсүздүк, өзүмчүлдүк, өз кызыкчылыгын ойлоонун үстүнө курулган. Дарвинизм адамдар айбандар сыяктуу жашаган жана мамиледе болгон бир дүйнө курууну эңсейт. Социал дарвинизмдин берген сабактары жана иш-аракеттери да бул чындыкты көрсөтөт. Социал дарвинисттердин бузуку көз-караштары боюнча, улгайган жана жардамга муктаж абалдагы бир адамды бир күнү кечинде үйүндө отурганда, эч себепсиз үйүнөн айдап алпарып өлтүрүү кадыресе нерсе. Майып адамдардын лагерьлерде чогултулуп, өлүмгө түртүлүшү кадыресе кабыл алынат. Адамдардын башын өлчөп, ошого жараша класстарга бөлүштүрүү керек. Бул бузуку көз-караш боюнча, "төмөнкү класска тиешелүүлөр" айоосуз эзилип, басмырланып, жок кылынат. Адамдар жана коомдор ушул жырткычтыкты кылганда гана алга жылаарына ишенген бул адамдар үчүн бул жолдогу адам өлтүрүүлөр, геноциддер, зулумдуктар, таш боордуктар бир ийгиликтей кабыл алынат. Бул ийгиликке жете албаган адамдар, коомдор, маданияттар жана улуттар болсо жок болушу керек.

Албетте, бул абдан бузуку жана коркунучтуу бир көз-караш. Бул коркунучту түшүнүү сөз кылынып жаткан теория жана бул теорияга таянган идеологияларга каршы керектүү илимий күрөштү жүргүзүү үчүн абдан маанилүү. Дарвинизм жана дарвинизмге таянган бардык коом модердеринин адамзатты чоң балээлерге түртө турган модельдер экенин унутпаш керек. Аллах адамдарга буйруган жана Куранда кабар берилген ахлак болсо – коомдорду дайыма бейпилдикке, бакубаттыкка жана тынчтыкка алпарчу бир ахлак.