Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы жана Адамдын келип чыгышы аттуу китептери жарыкка чыккан соң көптөгөн эволюционисттер адамдын коомдук кыймыл-аракеттери, сезимдери, баалуулуктары, пикирлери, кыскача айтканда, адамдын рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөр эволюция тарабынан кантип калыптанган болушу мүмкүн деп спекуляцияларды жасап башташты. Дарвин да бул эволюционисттердин арасында эле. Эң кеңири тараган жаңылыштык боюнча, эгер денелерибиздин көрүнүшү жана иштеши эволюция менен калыптанган болсо, анда бул дене менен жасаган кыймыл-аракеттерибиз да эволюция менен калыптанган болушу керек эле. Ошентип жандуулардын биологиялык түзүлүшүн да эволюция менен кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган эволюционисттер адам рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн "эволюциясы" жөнүндө жомокторду токуп башташты.
E. O. Wilson and his book Sociobiolo-gy: A New Synthesis |
Дарвин Түрлөрдүн келип чыгышында эле келечекте психологиянын фундаментинин эволюцияга таянаарын айткан жана бул оюнан чыгарган пикирин мындайча билдирген:
Алыскы келечекте бир топ маанилүү изилдөөлөрдүн чөйрөсүн көрүп жатам. Психология жаңы бир фундаменттин үстүнө курулат; мээ күчү жана жөндөмүнүн баскыч баскыч алынышына таянган бир фундамент. Адамдын тамыры жана тарыхы ачыкка чыгат.181
Айбан менен адам психология ларынын тамырын эволюциялык түшүндүрүү үчүн алгачкы маштабдуу аракетти Гарвард университетинен курт-кумурска изилдөөчү Эдуард О. Уилсон (Edward O. Wilson) жасаган. Уилсон бул аракетти эч ийгиликке жетпесе да, "социобиология" деп атаган.
Уилсон 1975-жылы чыгарган Sociobiology: The New Synthesis (Социобиология: жаңы синтез) аттуу китебинде айбан психологиясынын баарынын биологиялык бир фундаменти бар деди. Бул жаңылыштыгын биологиялык эволюцияга таяган Уилсон айбандар менен адамдардын кыймыл-аракеттерин башкаруучу атайын гендер бар деп ойлогон. Уилсондун түпкү адистиги курт-кумурскалар эле жана китебинин алгачкы 26 бөлүмүндө курт-кумурскалар жөнүндө сөз кылган. Китептин 27-бөлүмүндө болсо бул пикирлерин адамдарга тууралоого аракеттенген. 1978-жылы Human Nature (Адам табияты) аттуу китебинде да кек, зомбулук, жаттан коркуу, адаптация, гомосексуалдык, эркектер менен аялдар арасындагы кулк-мүнөз айырмачылыктары сыяктуу адам кыймыл-аракеттерине жооптуу гендер бар деген спекуляцияларына кеңири орун берген. Уилсон китептеринде жана макалаларында ортого койгон бул пикирлери эч качан бир спекуляциядан ары бара алган жок. Уилсон менен аны ээрчигендердин пикирлери илимий ачылыштар тарабынан эч качан тастыкталбады. Тескерисинче, илимий маалымат жана ачылыштардын баары Уилсон жана аны менен бир пикирдегилердин жаңылганын көрсөттү.
Уилсондун экинчи бир илимге сыйбас пикири – бул "жаныбарлар генди алып жүрүүгө гана жараган инструменттер жана эң маанилүү кызматы бул гендерди алып келечек урпактарга өткөрүү" деген пикири эле. Уилсондун илимге сыйбас көз-караштары боюнча, эволюция гендердин эволюциясы эле, табигый тандалуу гендерди тандап жаткан, ошондуктан эң негизги нерсе гендер эле. Уилсон Sociobiology: The New Synthesis (Социобиология: жаңы синтез) аттуу китебинде эч бир илимий мааниси жок бул пикирин мындайча айткан:
Дарвинисттик мааниде жандык өзү үчүн жашабайт. Негизги функциясы башка жандыктарды өндүрүү дагы эмес; гендерди өндүрөт жана гендердин убактылуу алып жүрүүчүсү кызматын аткарат. Жыныстык көбөйүү менен пайда болгон ар бир жандык – ал түрдү түзгөн гендердин башталгыч жана кокустук бир астыңкы тобу. Табигый тандалуу – бул кээ бир гендердин ошол эле хромосомадагы башка гендерди жеңип, келечек урпактарда өкүлдүккө (орунга) ээ болгон бир процесс. Бул инструмент мүмкүн болгон эң аз биохимиялык татаалдык менен гендерди коргой турган жана жайа турган машинанын бир бөлүгү. Самуэль Бюлердин атактуу "бир тоок – бул бир жумуртканын башка бир жумуртка өндүрүү жолу гана" деген сөзү заманбапташтырылган: организм – бул ДНКнын көбүрөөк ДНК өндүрүшүнүн бир жолу гана.182
Уилсондун пикирлеринин эч кандай илимий негизи жок эле. Анын пикирлери эволюционисттик стереотиптеринин бир натыйжасы эле болгону. Эволюционисттер арасында да Уилсондун спекуляцияларына каршы чыккандар болгон. Булардын бири Стивен Жей Гоулд эле:
Бирок Уилсон бир топ күчтүү пикирлерди айтууда. 27-бөлүм... адам кыймыл-аракеттериндеги –кекенүү, зомбулук, жат душмандыгы, адаптация, гомосексуалдык жана батыш коомунда аял менен эркек арасындагы кулк-мүнөздүк өзгөчөлүктөр сыяктуу- кадимки жана өзгөрүүчү сапаттар үчүн гендер бар экени жөнүндө кеңири масштабдуу бир спекуляция.183
Уилсон менен башталган адам кыймыл-аракеттери жөнүндөгү эволюционист спекуляциялар Ричард Доукинс менен эң акылга жана логикага сыйбас чектерге жетти.
Genes are inanimate structures made up of atoms and devoid of intelligence. It is illogical to refer to them as conscious entities making decisions and selections. Evolutionary psychology, however, is based on this illogicality Violence and aggression are not a legacy inherited from man's alleged animal ancestors and encoded in our genes. Rather, they are results of the poor moral |
Социобиологиянын жана учурдагы бутагы болгон эволюциялык психологиянын гендер жөнүндөгү илимге сыйбас пикирлеринин натыйжасында Оксфорд университетинен эволюционист зоолог Ричард Доукинс тарабынан популярдаштырылган "өзүмчүл ген" калпы пайда болду.
Доукинс сыяктуу эволюционисттердин ою боюнча, бир жандыктын эң негизги максаты – бул өмүрүн улантуу, көбөйүү жана ушундайча гендерин коргоо менен келечек урпактарга бере алуу. Бул пикирдин негизи болсо толугу менен ойдон чыгарылган бир сценарийге таянган.
Эволюция теориясынын бул сценарийи боюнча, бир кездерде жансыз химиялык заттар, кандайдыр бир себеп менен, өздөрүн өздөрү уюштурушуп, өзүн-өзү копиялай алган ДНК базалуу бир система түзүшкөн. Бул ойдон чыгарылган химиялык аралашмадан чыккан алгачкы организм болсо – көбөйүүдөн башка көп деле ишке жарабаган бир ген. Бул ген кандайдыр бир жол менен өзүн копиялоо "чечимин алып", бул ишти баштаган жана жаңы гендерди чыгарган. Бул копиялоолор учурунда пайда болгон каталар натыйжасында болсо ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ гендер пайда болгон. Белгилүү мөөнөттөн соң болсо, бир нерселер болуп, бул генетикалык материалдар ар түрдүү денелерди иштеп чыгууну "үйрөнүшкөн" жана ушундайча аларды алып жүрө турган жана натыйжалуураак өндүрө турган машиналарды жасашкан. Эң жакшы денени коддогон гендер мунун урматында башкаларына салыштырмалуу натыйжалуураак копияланышкан. Эволюционисттер себебин жана кандайын эч түшүндүрө албаган бул жомоктун натыйжасында, бул денелер убакыттын өтүшү менен калып жана функциялары жагынан андан ары өнүккөн дешет. Эч бир илимий далили жок, ишке ашышы эч мүмкүн эмес болгон бул жомок – заманбап дарвинизмдин негизги догмаларынын бири. Чынында болсо, адам денесинин бир даана органы мындай турсун, бул органды түзгөн клеткалардын, бул клеткалардын материалдарынын бир бөлүгүнүн да өзүнөн-өзү пайда болушунун мүмкүн эмес экенин эволюционисттер да абдан жакшы билишет.
Доукинс болсо эволюция теориясынын бул жомогуна таянуу менен, "эволюция негизи гендер арасындагы атаандаштык" дейт жана мунун негизинде адамга болгон бузуку көз-карашын The Selfish Gene (Өзүмчүл ген) аттуу китебинде төмөнкүдөй жыйынтыктаган:
Биз – гендер катары белгилүү болгон өзүмчүл молекулаларды коргоо үчүн көзү жумук программаланган, жашап калган машиналар, робот инструменттербиз. Бул мени дагы эле абдан таң калтырган бир чындык. Муну көп жылдан бери билсем да, эч качан бул пикирге толук көнө албадым. Каалоолорумдун бири – башкаларды да таң калтыра алуу.184
Жогорудан да көрүнүп тургандай, Доукинстин логикасыз пикирлери боюнча, адам болгону "ген алып жүрүүчү бир робот". Бул дүйнөдө жашашынын жалгыз максаты болсо – бул алып жүргөн гендерин көбөйтүү, ага башка гендер менен атаандаштыгында жардам берүү жана кийинки урпактарга өткөрүү. Адам рухунун бар экенин көрмөксөн болуп, адамды механикалык бир инструментке окшоткон бул пикирдин чындыкка эч жакындашпашы ачык көрүнүп турат.
Ошого карабастан, адамды материалисттик жактан түшүндүрүүнү каалаган көп эволюционисттер Доукинстин эч бир илимий жарактуулугу жок бул теориясын колдошкон. Уилсон да Human Nature аттуу китебинде адамдын гендери менен гана мааниге жана максатка ээ экенин айтат:
... Биздики да кошо эч бир түрдүн генетикалык тарыхы (б.а. эволюция) тарабынан түзүлгөн мажбурдуктардан тышкары бир максаты жок... Бир түр өзүнүн биологиялык табиятынан башка кандайдыр бир максатка ээ эмес.185
Илимий негизи жок бул материалисттик ишеним боюнча, эгер жалгыз максат гендердин улантылышы болсо, гендерди коргоого милдеттүү адамдын эч кандай ахлактык баалуулугу болушу мүмкүн эмес. Гендеринин кызыкчылыктары үчүн болушунча өзүмчүл жана таш боор болушу зарыл. Доукинс жана тараптарларынын ою боюнча, бул атаандаштыкта өзүмчүлдөр утат. Доукинс бул бузуку дарвинисттик көз-карашты Өзүмчүл ген аттуу китебинде мындайча жыйынтыктайт:
Биз жана башка бүт айбандар – гендерибиз тарабынан жасалган машиналарбыз. Ийгиликтүү Чикаго гангстерлери сыяктуу гендерибиз кээде миллиондогон жыл бою, болушунча атаандаш бир дүйнөдө өмүрүн улантышты... Бул бизге гендерибизден кээ бир сапаттарды күтүү мүмкүндүгүн берет. Ийгиликтүү бир генден күтүлгөн эң негизги сапат заалым бир өзүмчүлдүк деп ойлойм. Бул ген өзүмчүлдүгү адамдардын кыймыл-аракеттеринде да өзүмчүлдүккө себеп болот. Ошентсе да, көрүлө тургандай, бир ген өзүмчүл максаттарына чектүү бир жан аябастык көрсөтүү менен жете турган кээ бир өзгөчө учурлар бар. Акыркы сүйлөмдөгү "өзгөчө" жана "чектүү" сөздөрү маанилүү. Канчалык андай эмес экенине ишенгибиз келсе да, түрлөрдүн ааламдын сүйүү жана жардамдашуусу эволюциялык жактан мааниси жок түшүнүктөр.186
Nature does not consist solely of a fight to the death. Many living things display exceedingly altruistic behavior, both towards their own young and towards others. |
Доукинстин сабатсыздыгынан чыккан бул теориясы боюнча, адам алып жүргөн гендер өзүмчүл болгондуктан, адам да өзүмчүл. Демек, "өзүмчүл роботтордун" өзүмчүл гендерин коргоо жана көбөйтүү үчүн ар кандай жолду колдонушу күтүлөт. Мындай жандыктардын кылмыш кылбашы, уурулук жасабашы, зордуктоого барбашы үчүн эч бир себеп жок. "Өзүмчүл машиналардын" ахлак эрежелеринин болушун, акылман, абийирдүү кыймыл-аракет кылышын күтүүгө болбойт. Мисалы, бир адамдын өз кызыкчылыгы үчүн башка бирөөнү өлтүрүшү бул учурда бир кылмыш же ахлаксыздык эмес, генетикалык бир мажбурдук болот. Гендер өзүмчүл болгондуктан, кыймыл-аракеттер да өзүмчүл. Көрүнүп тургандай, Доукинстин адамга көз-карашы абдан маанилүү коркунучтарды, коом ахлагын кыйратууга багытталган коркунучтуу пропагандаларды камтыйт.
Чынында болсо, өзүмчүл ген пикири такыр логикасыз жана жомок. Доукинс жана ага окшогондор гендер жөнүндө аң-сезими, эрки жана күчү бар жандыктар катары сөз кылышууда. Чынында болсо гендер – узун ДНК тизмектери. ДНК болсо – бул фосфат жана шекер менен бир-бирине карматылган узун бир нуклеин кислотасы тепкичи. Б.а. узун бир молекула. H2O же H2SO4 (күкүрт кислотасы) сыяктуу, ДНК да бир молекула. "Өзүмчүл суу", "өзүмчүл туз" же "кызганчаак күкүрт кислотасынан" сөз кыла албаган сыяктуу эле, өзүмчүл гендерден да сөз кыла албайбыз.
Эволюционисттер адамды бир зат жыйындысы гана деп көрсөтүүгө жана бул зат жыйындысына эки он беш отуз жолу менен аң-сезим таңуулоого аракет кылышууда. Гендерге аң-сезим таңуулаганчалык логикасыз бир пикирди жакташы болсо – эволюция теориясынын абалын көрсөтүшү жагынан жакшы көрсөткүч. Илгери тактайдан же таштан жасалган путтарда акыл жана аң-сезим бар деп ойлогон путпарасттыктын ордун, учурда молекулаларда, бул молекулаларды түзгөн жансыз атомдордо акыл жана аң-сезим бар деп жактаган дарвинизм ээледи.
Mothers make sacrifices for their children not, as evolutionists would have us believe, to protect their genes, but out of feelings of love, affection and protectiveness. |
Эволюция теориясынын калптары боюнча, табиятта күчтүүлөр гана жашаган, күчтүү бир күрөш чөйрөсү бар. Бирок табияттагы жандыктарга байкоо жүргүзүлгөндө, көпчүлүгүнүн бир-бирине көмөкчү болгону, бир-бирлери үчүн иш-аракеттер жасаганы, ал тургай, башкалар үчүн өз жанын да аябаганы көрүлүүдө. Уилсон эволюция теориясынын негизги пикирине карама-каршы келген бул чындыкты түшүндүрүү үчүн кээ бир негизсиз гипотезаларды айткан жана бул "түшүндүрмөлөрү" социобиологиянын негизин түзгөн. Уилсон түшүндүрмөлөрүн В. Д. Хамилтон "тууган тандалышы" деп атаган башка бир калпка таяган эле. Бул калп боюнча, баласын же өз түрүнөн башка бир жандыкты коргогон, ал үчүн жан аябастык жасаган бир жандык негизи өзүнүн "өзүмчүл гендерин" коргоодо. Максат гендерди кийинки урпакка өткөрүү болгондуктан жана бир эненин гендери баласында да болгондуктан, баласын өз өмүрүн аябастан коргогон эне негизи өз гендерин коргогон болот. Б.а. жан аябастык жасашы негизи өзүмчүлдүгүнөн!
Бул абдан тантырак бир пикир. Эң биринчиден, табияттагы эч бир айбан гендерин биле турганчалык бир аң-сезимге ээ эмес, ошондуктан аларды коргоо сыяктуу бир ойдо болушу да мүмкүн эмес. Анын үстүнө, ал үчүн өз жанынан кечкидей, баласында же жээндеринде да өзүнө тиешелүү гендердин бар экенин билиши мүмкүн эмес. Гендердин бир жандыкты буга багытташы эч мүмкүн эмес. Гендер – бул, жогоруда да айтылгандай, аң-сезимсиз молекула тизмеги.
Мындан тышкары, айбандар бир эле алардын гендерин алып жүргөн айбандарга эмес, кээде башкаларга да жардам беришүүдө. Табиятта мунун көп мисалдары бар. Бул болсо эволюционисттик пикирлер менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир кыймыл-аракет; себеби жан аябастык жасаган бир жандык өз гендерин коргоду деген көз-караштын мааниси жоголууда.
Ансыз деле, гендерин коргоо сезими бул жандыктардын генетикалык түзүлүштөрүндө коддолгон деген пикирди айтуу да эволюционисттердин проблемасын чечпейт. Себеби, анда мынчалык комплекстүү бир кыймыл-аракет гендерге кандайча коддолду деген суроо туулат. Эволюция теориясы кокустук механизмдери менен бир даана гендин да кантип пайда болгонун түшүндүрө албай жатканда, бул гендерге коддолгон маалыматтардын кандайча болуп кокустан пайда болгонун түшүндүрүшү эч мүмкүн эмес. Жандыктардын гендеринде коддолгон ар бир маалымат бир аң-сезимдин чыгармасы. Бул – чексиз бир илим жана акыл ээси болгон Аллахтын жаратуусу.
Социобиологдор табияттагы жандыктардын жан аябастыктары жөнүндөгү пикирлерин адамдарга да колдонууга аракет кылышууда. Б.а. эволюционисттердин ойдон чыгарган пикирлери боюнча, бир эне баласын коркунучтардан коргогондо, керек болсо ал үчүн эч ойлонбостон өз жанынан кечкенде, бул эне негизи гендерин коргоону максат кылууда. Эволюционисттердин адам рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн бар экенин кабыл албашы, булардын баарын эволюция теориясы менен түшүндүрүүгө аракет кылышы эч бир илимий далилге таянган эмес. Эволюционисттер бул логикасыз пикирлери менен адам рухун, аң-сезимин жана абийирин жокко чыгарууда. Чынында болсо адам – руху, акылы, абийири, ойлонуу жана сындоо жөндөмдөрү бар, туура менен туура эмести бир-биринен айырмалай алган аң-сезимдүү бир жандык. Бир эне болсо баласы үчүн жан аябастык кылганда, баласын сүйгөнү, ага боорукердик жана мээрим сезгени, аны алсыз көргөнү үчүн жана коргоо жоопкерчилигин өз мойнуна алганы үчүн жан аябастыктарды жасайт. Мисалы, бир эне баласы кыйналганда, өзүн анын ордуна койот жана бул аны кайгыга салып, тынчсыздандырат, баласынын оорусун басуу үчүн ар нерсеге даяр болот. Булар – кээ бир эволюционисттер жомокторунда айткандай- "ген алып жүрүүчү бир машина" же бир "робот" ээ боло албаган өзгөчөлүктөр.
Негизи эволюционисттер да адам рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөрдү эволюция теориясынын гипотезалары менен түшүндүрө албашын билишет. Мисалы, эволюционист Роберт Уоллес The Genesis Factor (Башталгыч фактор) аттуу китебинин аягында мындай дейт:
Адамдын бир гана генетикалык көбөйүүнү максат кылган акылдуу бир эгоист экенине ишенбейм. Адам ушул. Бирок бул гана эмес. Мындан бир топ кеңири экени анык. Мунун далили абдан жөнөкөй жана көп. Адам рухунун өлчөөгө мүмкүн болбогон бир тереңдиги бар экенин көрө алуу үчүн бир адамдын Иоганн Пахельбельдин "D Majör Canon" аттуу композициясын угушу жетиштүү...187
Уоллес көңүл бурган жагдай абдан маанилүү. Эволюционисттердин чындыкка сыйбас адам аныктамасы боюнча, адам – ген алып жүрүү кызматын аткаруучу бир машина гана. Мындай бир жандыктын уккан музыкасынан ырахат алышы, бир кино көргөндө ырахаттанышы, ал тургай, мындай бир кино тартышы, китеп жазышы, китеп окушу, окугандарын үйрөнүшү, ой бөлүшүшү мүмкүн эмес. Адамдын эволюционисттер сүрөттөгөндөн такыр башка бир табиятта экени апачык жана ар бир адам мунун далилин өзүндө көрүүдө. Адамдай терең бир ойлонуу жөндөмү бар, рухунда жүздөгөн сезим жана ырахатты сезе алган бир жандыктын кандайча пайда болгону жана өзгөчөлүктөрүнүн тамырынын эмне экени – эволюционисттер илимге сыйбас пикирлери менен эч жооп бере албаган суроолор.
Baby Killings: A Barbarity Supported By Evolutionary Psychology |
In 1996-1997 the newspapers reported two shocking cases of baby killings. In the first, two 18-year-old college students brought a child into the world in a hotel room, killed it, and threw the body into a dumpster. In the other, an 18-year-old girl left her school prom and gave birth in a bathroom stall, left the dead child in a garbage can and returned to the dance hall. Both cases resulted in murder charges. While most people ascribed these events to moral collapse or mental disturbance, Steven Pinker, a professor of psychology from Massachusetts Institute of Technology, offered a terrifying explanation: genetic compulsion. In his article published in the New York Times, Pinker claimed that killing a baby on the day it was born did not represent a mental illness because this had been an accepted practice in many cultures throughout history: Killing a baby is an immoral act, and we often express our outrage at the immoral by calling it a sickness. But normal human motives are not always moral, and neonaticide does not have to be a product of malfunctioning neural circuitry or a dysfunctional upbringing. 1 The most striking part of Pinker's quotation is the expression "but normal human motives are not always moral." This reveals an abnormality in his way of looking at things. In other words, even if some behavior is immoral, it can still be regarded as legitimate because it is part of "normal" motives particular to human beings. According to Pinker, the killing of a newborn baby when circumstances make that necessary is allegedly "normal" behavior. According to evolutionists' fictitious claims, mothers under primitive conditions need to make a difficult choice between caring for their already existing offspring and feeding newborn ones. Therefore, if a baby is born sick or is unlikely to survive, then she may prefer to try again by eliminating that individual. This assumption is neither scientific nor true, of course. Nevertheless, a Darwinist mindset propels Pinker to endorse this savagery. This claim proposed by Pinker and others like him will do obvious damage to society. When the concept of genetic compulsion is advanced in moral choices, then someone who commits murder can say, "I had to do it—my genes made me." In such a case, since genes cannot be punished, there is no crime and no criminal. In his claims, Pinker is discounting human reason and conscience, imagining that everything can be explained in terms of genes. Encountering a reaction from society, he makes a few changes to his terminology, but this time finds himself in an internal inconsistency. They make us see it not as a moral horror, but as a genetically encoded evolutionary adaptation...2 Pinker is able to defend the claims in question despite their resting on absolutely no scientific evidence. One of the criticisms of Pinker's claims is that they consist of nothing more than conjecture based on evolutionists' illusory world views. Ferguson, for example, criticized Pinker's logic and stated that he offered no evidence for his claims. The fact is, all of evolutionary psychology is based on proofless conjecture and the power of the imagination. In his book The Wedge of Truth, Phillip Johnson says: Basically, evolutionary psychology proceeds by erecting a mountain of speculation on the basis of fragmentary evidence about primitive cultures.3 Ferguson makes this diagnosis on the subject in his criticism: Conjecture solidifies into fact; the fact then becomes a basis for further conjecture, which evolves into another factual premise, and so on.4 Notes1. Steven Pinker, "Why They Kill Their Newborns," New York Times, 2 November 1997. 2. Andrew Ferguson, "How Steven Pinker's Mind Works", The Weekly Standard, January 12, 1998, p. 16. 3. Philip Johnson, The Wedge of Truth, Intervarsity Press, Illinois, 2000, p. 113. 4. Andrew Ferguson, "How Steven Pinker's Mind Works," The Weekly Standard, p. 16. |
... the handiwork of God Who perfects all things... (Surat an-Naml, 88) |
Адам геномунун тизмегинин жана анализинин жарыкка чыгышы менен бирге, ДНКнын абдан чоң бир күчкө ээ экени жана гендердин биздин ким экендигибиздин аныкталышында абдан маанилүү ролу бар экени жөнүндө кеңири бир пикир пайда болду. Дээрлик күн сайын гезиттерде гендерибиз "башкарган" бир өзгөчөлүгүбүз жөнүндөгү кабарларды көрүп баштадык. "Илимпоздор генийлик генин максат кылышууда"; "Кеннеди трагедиялары рискке кирүү генине байланыштырылды"; "Илимпоздор эркек бир туугандарга болгон изилдөөлөрдүн "гомосексуалдык ген" бар экенин далилдегенин айтышууда"... Шизофрениядан кызганычтыкка, алкоголизмден телевизор көрүү адатына чейин бүт нерсенин гени бар экендиги жөнүндөгү кабарлар көп көп илимий жана илимий эмес гезит, журналдарда орун алууда.
Бүт бул кабар темаларын караган адамдар болсо адам геному жөнүндө бир нерселер билген сайын адамдын мээсинен кулк-мүнөзүнө, ийгиликтеринен ийгиликсиздиктерине чейин ар кандай өзгөчөлүктүн гендеринде коддолгон экенин көрөбүз деп ойлошту. Кээ бирлер жашообуз бир формула гана деген жаңылыштыкка ишенип башташты.
Бир нерсени айта кетүү керек: адам геному жөнүндө жасалган изилдөөлөр абдан баалуу эмгектер. Мындан тышкары, адамдын генетикалык түзүлүшү багытында жасалган эмгектер кээ бир дене оорулары жөнүндө маанилүү маалыматтардын алынышына каражат болгон. Бирок Адам геному долбоорун башкаргандар жана бул тема менен алектенген илимпоздор да апачык айткандай, бул жагдай гендерге реалдуу эмес кээ бир ролдорду жүктөөгө аракет кылууну эч түшүндүрө албайт. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр адамдардын кулк-мүнөздөрүндө, кыймыл-аракеттеринде жана ой жүгүртүшүндө гендердин маани берилбей турганчалык кичинекей бир ролу бар экенин, ар бир кулк-мүнөз үчүн бир гендин болушунун мүмкүн эмес экенин көрсөтүүдө. Мисалы, Institute of Science in Society'ден (Жамаатта илим институту) Мэй-Ван Хо (Mae-Wan Ho) "The Human Genome Map, The Death of Genetic Determinism and Beyond" (Адам геному картасы, генетикалык детерминизмдин өлүмү жана кийинкиси) аттуу макаласында мындай дейт:
Гендердин саны акыркы он жылда айтылган, гендер бир гана денебиздин түзүлүшүн жана кайсы ооруларга кабылаарыбызды эмес, ошондой эле кыймыл-аракеттерибизди, мээ жөндөмдөрүбүздү, жыныстык тандоолорубузду жана кылмышка жакындыкты да аныктайт деген ашыкча логикасыз көз-карашты колдогонго жетиштүү эмес.188
You who believe! Enter Islam totally... (Surat al-Baqara, 208) |
Адам геному долбоорун ишке ашырган эки уюмдун бири National Human Genome Research Institute (Улуттук адам геномун изилдөө институту) башчысы Фрэнсис С. Коллинс да адамды адам кылгандын гендери эмес экенин апачык жана так бир сөздөр менен айткан. Коллинс "Have No Fear. Genes Aren't Everything" (Коркпоңуз. Гендер бүт нерсе эмес) аттуу макаласында мындай дейт:
Адам геномуна болгон он жылдык талыкпас эмгектер генетикалык детерминизм жөнүндөгү коркуулардын орунсуз экенин көрсөткөн жетиштүү далилдерди берди. Биз-адамдардын генетикалык бөлүктөрүбүздүн жыйындысынан бир топ жогору (өйдөдө) экенибизди даана көрсөттү. Гендерибиздин адамдын өрчүшүндө жана көптөгөн адам ооруларынын пайда болушунда маанилүү ролу бар экени талашсыз. Бирок бир жумуртка жана эки жумуртка эгиздер жөнүндө төмөн жана жогорку технология менен жасалган изилдөөлөр адам тажрыйбасында гендердин бүт баарын аныктоочу фактор эмес экенин тактады.189
Коллинс ушул эле макаласында гендердин адам кыймыл-аракеттерине да маанилүү таасир бербегенин айткан. Бир кылмышкердин ДНКсын карап, "генетикалык жактан кылмышка жакынбы" деп изилдөөнүн жана ошого жараша жаза берүүнүн адилетсиз натыйжаларга алып барышы мүмкүн экенин айтууда:
Мээ жана зомбулукчу мамиле сыяктуу оорулар менен байланыштуу болбогон өзгөчөлүктөрчү?... Тиешелүү бир гендин үзгүлтүксүз уланышы миң жылдык эркин эрк түшүнүгүбүзгө терең таасир бериши мүмкүн эле жана адилеттик таразасын эки кооптуу багытта ийиши мүмкүн эле. Эгер зомбулукчу бир кылмыш жасаган бирөө бул генге ээ болсо, адвокаты ДНК коргоосун колдонушу мүмкүн эле ("эгер бул кылмыш гендерде болсо, бул адам таза!") жана коргоо, сот жана жюри тарабынан кылгандарынан жоопко тартылбашы мүмкүн эле. Ошондой эле, эч зомбулук жасабаган, бирок зомбулук гени бар бир адам өмүр бою кылмышка күмөндүү катары көрүлгөн (ал тургай заманбап инфекцияга кабылгандар лагерине жөнөтүлгөн) бир сценарийди элестетүүгө болот.
Эгер гендер чындап кыймыл-аракеттерди башкарганда, жоготкон нерсебиз бир эле адилет системабыз жана бул системанын эң маанилүү эрежеси болгон тең коргоо болмок эмес. Анда тең мүмкүнчүлүк түшүнүгүбүз кайда калмак? Анда жакшылык кылуу пикири эмне болмок? Gattaca аттуу кинодо көрсөтүлгөн коркутуучу "генотократияны" элестетиңиз. Наристелер төрөлөөр замат ДНКларында жазылган мээ жөндөмдөрүнө жана кесип потенциалдарына жараша топторго бөлүнгөн бир дүйнө.190
They will ask you about the Spirit. Say: "The Spirit is by command of my Lord. You have only been given a little knowledge." (Surat al-Isra', 85) |
Коллинс макаласында адамдарга тиешелүү кыймыл-аракеттер гендерде коддолгон деген пикирдин логикасыздыгын биолог Жон Жо МакФадденден (John Joe McFadden) алган бир окшоштуруу менен мындайча түшүндүрүүдө:
Биолог Жон Жо МакФадден тарабынан айтылган бир окшотууну колдонсок; жеке кыймыл-аракеттерибизди жана мээбиздин башка натыйжаларын коддогон гендерди издөө Император концертин табуу үчүн бир скрипканын кылдарын же пианинонун клавишаларын изилдөөгө окшошот. Негизи адам геномун болжол менен 30 миң генибиздин ар бири молекулярдык биология катары белгилүү болгон өзгөчө жана кереметтүү концертте ойногон атайын бир инструментти көрсөткөн эң чоң оркестрлердин бири деп элестетүүгө болот. Ар бир инструмент маанилүү жана ар бири туура (жана болушунча татаал) үндү пайда кылуу үчүн гармонияда болушу зарыл. Ошол сыяктуу, гендер да мээнин өнүгүшү үчүн абдан маанилүү жана функционалдык нейрондор менен нерв өткөргүчтөрдү өндүрө алуу үчүн "гармонияда" болушу шарт. Бирок бул эч качан гендер акылды пайда кылат деген мааниге келбейт, бир виола же пикколонун (кичинекей флейта) соната жасай албашы сыяктуу.191
Коллинс макаласынын аягын болсо абдан маанилүү бир чындыкка бөлгөн. Адамды адам кылган өзгөчөлүктөрдүн ДНКдан көз-каранды эмес экенин билишибиздин дагы бир маанилүү себеби бар деген Коллинс Аллахтын жогорку жаратуусуна көңүл бурууда:
Көпчүлүгүбүз үчүн ДНК адамдыгыбыздын негизги заты деген пикирди жокко чыгаруу үчүн илим механикасынан сырткары абдан күчтүү дагы бир себеп бар. Бул абдан чоң бир күчтүн бар экенине болгон ишеним... кээ бир илимпоздор жана жазуучулар руханий тенденцияны толугу менен жомок катары кабыл алышууда. (Албетте, бул алардын абдан чоң бир жаңылыштыгы.) Ричард Доукинс "биз – ДНК тарабынан жасалган жана максаты ошол ДНКнын копияларын өндүрүү болгон машиналарбыз. Бул бардык жандыктардын жашашынын жалгыз себеби" деп айткан. Чындап эле ошондойбу? Адам болууну бир бактерия же курт-кумурска болуудан өзгөчө кылган бир нерсе жокпу?
Генетикалык жана молекулярдык биология ар доордо жана бүт адам маданияттарында орток болгон ааламдык туура жана туура эмес түшүнүгүнүн кантип пайда болгонун түшүндүрө алабы? Грекчеде agape (мээрим-сүйүү) деп айтылган өзүмчүл эмес сүйүүнүн себебин түшүндүрө алабы? ДНКбыз рискке карабастан башкалар үчүн жан аябастык кылуунун себебин түшүндүрө алабы? Эволюциялык психологдор гендердин натыйжалуу таркашына тоскоол болгон адам кыймыл-аракеттери жөнүндө ар кандай түшүрдүрмөлөрдү жасашканда, бул пикирлери бизге чындыкка туура келбечүдөй сезилүүдө.
Бар болушубуздун сырлары илимдин гана колунда деген пикир өзүнчө эле бир динге айланды... Илим, албетте, табиятты түшүнүүнүн туура жолу; бирок илим бизге адам мүнөзүнүн, табияттын жана ошондой эле илимдин чөйрөсүнөн сыртта калган башка тараптардын бар экенин жокко чыгарышыбыз үчүн эч себеп бербейт.192
God does not forgive anything being associated with Him but He forgives whoever He wills for anything other than that. Anyone who associates something with God has gone very far astray. (Surat an-Nisa', 116) |
Коллинс да көңүл бургандай, шекерден, фосфаттан жана көмүртек-суутек-азот-кычкылтек кошулмаларынан турган молекула тизмектеринин адамга сүйүү, жакындык, искусстводон ырахат алуу, сүйүнүү, энелик сезими, ээ чыгуу, амбиция, жан аябастык сыяктуу сезимдерди тартуулашы мүмкүн эмес. Адам, руху жокко чыгарылганда, бир эт менен сөөк жыйындысы гана болуп калат. Бул эт менен сөөк жыйындысынын ойлонушун, математикалык эсептер жасашын, жеген тамагынын даамынан ырахат алышын, көрбөгөн бир досун сагынышын, көргөн бир кооздукту жактырышын камсыз кылган – өздөрү да заттык нерселер болгон гендер эмес. Адам – Аллах жараткан, денесинен өзүнчө рух берген бир жандык. Адам – денесинен, гендеринен, мээсинен жана клеткаларынан такыр башка, өзүнчө бир жандык. Адамдын руху бар бир жандык экени Куранда мындайча кабар берилет:
Ал – жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «оңдоп, бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр бар кылды. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сежде Сүрөсү, 7-9)
Адамдын руху – Аллах Өзүнөн үйлөгөн бир рух. Аллахтын бар экенин жана адам ээ болгон метафизикалык өзгөчөлүктөрдү кабыл алгысы келбеген эволюционист материалисттер "бүт баары гендерде коддолгон" деген калпты айтуу менен адамдарды бул чындыктан алыстаткылары келген. Чынында болсо гендердин адам рухун жарата албашы апачык көрүнүп турат; буга эчтекеге карабастан жабышып алышкан.
Бул адашкан ишеним негизи жаңы деле эмес. Тарых бою "путпарасттык" (идолдорго сыйынуу) катары белгилүү болгон. Байыркы путпарасттар тактайдан жонуп жасаган путтарын (идолдорун) биздин кудайыбыз деген сыяктуу, эволюция теориясы да гендерди жалган кудайлар катары кабыл алышып, гендер бүт нерсенин максаты жана жаратуучусу дешүүдө. (Аллахты аруулайбыз.) Бирок бул абдан караңгы жана догматикалык көз-караш –эволюция теориясына таяныч болот деп үмүт кылынган- илимий ачылыштар менен кыйратылды. Гендер жөнүндөгү эң маанилүү жана тарыхый изилдөөнүн башындагы илимпоз Коллинс да эволюционисттер "кудай" деп жарыялаган гендердин эч кандай күчү жок экенин жана адамдын гендерден өйдө метафизикалык бир жандык экенин апачык айткан.
Путпарасттык, б.а. эч күчү жок заттарга кудайлыкты таңуулоо – тарых бою уланып келген бир каапырлардын салты. Учурда болсо бул салтты эволюционисттик көз-караш менен улантууда. Аллах Куранда эч бир күчү жок нерселерди кудай тутунгандар жөнүндө мындай деп билдирет:
Андан башка, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да жеткире албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жайууга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) кылып алышты. (Фуркан Сүрөсү, 3)
Аллах каапырлардын мындай ишениминин адашуучулугун башка бир аятта мындайча кабар берет:
Айткын: "Андан (Аллахтан) башка (кудай деп) атаганыңарды чакыргыла, алар силерден зыянды да алыстата алышпайт, (аны пайдаңарда) айланта да алышпайт. (Исра Сүрөсү, 56)
Аллахтын акылы бар адамдарга буйругу болсо мындай:
Аллахтан башка, сага пайдасы да, зыяны да болбогон(кудайлар)га сыйынба. Эгер сен (мындай) кылчу болсоң, анда чындыгында зулумдук кылгандардан болосуң. (Йунус Сүрөсү, 106)
180. Barbara Burke, "Infanticide," Science 84, May 1984, p. 29.
181. Charles Darwin, On the Origin of Species, 1859, p. 449.
182. E. O. Wilson, Sociobiology: The New Synthesis, Cambridge, 1975, p. 3.
183. Gould, Ever Since Darwin.
184. Richard Dawkins, The Selfish Gene, 1976, Oxford: Oxford University Press, opening pages.
185. E. O. Wilson, On Human Nature, Cambridge, Mass.: Harvard University Press, 1978, pp. 2-3.
186. Dawkins, The Selfish Gene, 2nd. ed.,1989, Oxford: Oxford University Press., p. 2.
187. Robert Wallace, The Genesis Factor, New York: William Morrow and Co.,1979, pp. 217-218.
188. Mae-Wan Ho, "The Human Genome Map, the Death of Genetic Determinism and Beyond," ISIS Report, February 14, 2001; http://www.i-sis.org.uk/HumangenTWN-pr.php
189. Francis S. Collins, Lowell Weiss ve Kathy Hudson, "Have no fear. Genes Aren't Everything," The New Republic, 06/25/2001.
190. Ibid.
191. Ibid.
192. Ibid.