Дарвинизм Жана Адеп-Ахлактын Бузулушу

Ахлактык бузулуунун тынымсыз өсүшү; бир канча урпак мурда айыпталган, жамандалган, тыюу салынган, кабыл алынбаган иш-аракеттердин убакыттын өтүшү менен акырындап кабыл алынып башташы, ал тургай, белгилүү мөөнөттөн соң идеал тутулган, кеңири жайылган бир иш-аракет абалына келиши – көп адам байкабаган, бирок абдан маанилүү бир көйгөй. Коом ичинде зомбулуктун, алдамчылыктын көбөйүшү, жубайлардын бир-бирин оңой гана алдашы, ал тургай, кээде эки тараптын тең муну кабыл алышы, ажырашуулардын көбөйүшү, жакынкы убакка чейин ахлаксыздык (уятсыздык) деп кабыл алынган жашоо формаларынын жана кыймыл-аракеттердин "башкача тандоо", "маржиналдуулук" аттары менен "кадыресе" кабыл алынып, жайылышы, гомосексуализм сыяктуу бузукулуктардын кабыл алынышы, баңги зат жана ичимдикке болгон көз-карандылыктын олуттуу өсүшү, тоноо, шарлатандык, чөнтөкчүлүк сыяктуу окуялардын санынын көбөйүшү, адамдардын кылмышты оңой жасай турган абалга келиши, кылмыштуулуктун жана кылмышка жакындыктын өсүшү, адамдардын бир-бирине болгон сүйүү жана урматтын калбай калышы, ушактоонун көбөйүшү – ахлактык бузулуунун бир канчасы гана. Өзгөчө кээ бир Батыш өлкөлөрүнүн абалы бул бузулуунун канчалык кооптуу экенин апачык көрсөтүүдө.

Philip Johnson

Phillip Johnson and his book Defeating Darwinism

Бүт мындай терс көрүнүштөрдүн тамырында "адамдар эмне үчүн бар" деген суроого берилген туура эмес жооптор турат. Адам чынында аны жоктон жараткан Улуу Аллахты таануу үчүн бар. Адамдын жүрөгү Аллахты эстөө менен гана тынчтанат; Аллах "...Билип койгула; жүрөктөр Аллахты зикир кылуу (эстөө) менен гана тынчтанат" (Рад Сүрөсү, 28) деп буюруу менен, адамдар туура эмес жерлерден издеген бейпилдиктин жалгыз чыныгы булагын билдирүүдө. Адамга дүйнөдө бактылуулук жана бейпилдик бере турган жашоо формасы болсо – бул Аллах адамдарга буйрук кылган дин ахлагы.

Мына ушул чындыктын унутулушу ахлактык бузулууну, ал болсо бактысыз, үмүтсүз, көңүлү чөккөн адамдарды пайда кылууда.

Мындай ахлактык чөгүүнү пайда кылган эң чоң факторлордун бири болсо – бул адамды Аллахтын кулу катары эмес, кокустан пайда болгон өзүмчүл бир айбан катары көргөн дарвинисттик идеология. Бул илим жана акылга сыйбаган көз-караш боюнча, адамдын айбандардан өзгөчө мыйзамдарга жана ахлактык баалуулуктарга ээ болушун күтүүгө болбойт. Жашоо – күрөш мекени жана адам өмүрүн улантуу жана ийгиликтүү болуу үчүн башка адамдар менен өлөрчө күрөшүп, таш боор болушу зарыл. Бул болсо сонун ахлакка тиешелүү өзгөчөлүктөрдү жокко чыгаруу дегенди билдирет. Калифорния Беркли университетинин профессору Филипп Е. Жонсон (Phillip E. Johnson) Defeating Darwinism (Дарвинизмди жеңүү) аттуу китебинде 1960-жылдардан баштап, диний ишенимдердин алсыздашы жана материалисттик дүйнө көз-карашынын жайылышы менен коомдук жашоодо пайда болгон терс көрүнүштөр жөнүндө мындайча сөз кылган:

1960-жылдар Экинчи Америка көз-карандысыздык декларациясын пайда кылды деп айтуу дээрлик туура болот; бул кээ бир адамдардын Аллахтан үзүлүп-бөлүнүшүнүн декларациясы. Мындай бир декларациянын артынан бир топ кеңири масштабдарда ахлактык жана укуктук көйгөйлөрдүн пайда болушун күтүү керек, чындап эле ушундай болду...159

Майкл Дентон болсо 20-кылымга из калтырган балээлерге дарвинизмди эске албастан баа берүүгө мүмкүн эмес экенин баса белгилеп, мындай дейт:

Дарвинисттик төңкөрүшсүз жыйырманчы кылымды түшүнүүгө болбойт. Акыркы сексен жыл ичинде дүйнөнү таасири астына алган терс социалдык жана саясий агымдар дарвинизмдин интеллектуалдык жазасы болбостон ишке ашмак эмес. Он тогузунчу кылымда барган сайын жогорулаган секулярдык көз-караш башында эволюциянын кабыл алынышын жеңилдеткен деп айтылса, учурда жыйырманчы кылымдын агностикалык жана күмөн саноочу көз-карашынан чоң ыктымалдуулук менен баарынан көп дарвинизмдин жооптуу экенин эске салуу туура болот. Бир убактарда материализмдин натыйжасы болгон (теория) учурда анын таяныч чекитине айланды.160

Эми дарвинизмдин ахлактык кыйроо жана бузулууга негиз түзгөн пикирлерин бир-бирден санап анализдөө туура болот.

Дарвинизм атеизмге негиз түзөт

violence

Anger, aggression and violence rise in societies that do not live by religious moral values, where people turn away from moral attributes such as the affection, compassion, forgiveness, patience and tolerance commanded by God.

Дарвинизмдин материалисттик чөйрөлөр тарабынан абдан жакталышынын эң негизги себеби – бул дарвинизмдин атеисттик тарабы.

Атеизм байыркы доорлордон бери бар болгон. Бирок дарвинизм менен бирге атеисттер кылымдардан бери жооп бере албаган "жандуулар жана адам кандайча пайда болду" деген суроого (калп) "илимий" бир жооп таптык деп ойлошту. Ааламдагы тартип жана тең салмактуулук кокустуктар натыйжасында пайда болгонун айтып, ааламда эч кандай максат жок дешти. Бирок бул көз-караштардын баары 20-кылымдагы илимий, саясий жана коомдук өнүгүүлөр менен кыйрады. Астрономиядан биологияга, психологиядан коомдук ахлакка чейин көптөгөн ар кайсы тармактагы ачылыш, байкоо жана жыйынтыктар эволюция теориясынын гипотезаларын жана атеизмдин бардык гипотезаларын тамырынан кыйратты.

Дарвинизмдин сөзсүз атеизм менен натыйжаланаарын көптөгөн эволюционист менен материалисттер да кабыл алышууда. Муну биринчи жолу ачык Томас Гексли айтып, эволюция теориясы толук кабыл алынганда, динге ишенимдин жоголоорун айткан.

Cornell университетинин тарых профессору Уильям Провайн (William Provine) ошол эле учурда бир эволюционист. Провайн эволюция теориясына ишенген бир адамдын жашоого болгон көз-карашынын динге толук карама-каршы келээрин айткан.161

American Association for the Advancement of Atheism (Атеизмдин өнүктүрүлүшү үчүн Америка биримдиги) башчысы Чарльз Смит (Charles Smith) болсо "Эволюция – атеизм" деп айтуу менен бул чындыкты кабыл алат.162

Беркли университетинин профессорлорунан Филипп Жонсон эволюция теориясынын атеисттик жана дин ахлагына туура келбеген пикирдик агымдар үчүн маанисин мындайча түшүндүрөт:

... Дарвинизмдин кабыл алынышы Аллахтын бар экендигин жокко чыгаруу маанисине келген жана натыйжада Аллахтын вахийине таянган диндин ордуна эволюциялык натурализмге (материализмге) таянган адашкан бир ишенимди пайда кылды. Бул адашкан ишеним илимдин эле эмес, өкмөттөрдүн, укуктун жана ахлактын да негизги ишенимин түздү, модернизмдин негизги философиясы деп саналды.163

Жонсон да айткандай, дарвинизмге жана материализмге эч ойлонбостон ишенген көптөгөн илимпоздор өз ойлорунда илимди Аллахты жокко чыгаруунун бир инструменти катары колдонууну өздөрүнө эң негизги максат кылып алышкан. Чынында болсо илим – бул Аллахтын бар экендигинин далилдерин адамдарга көрсөткөн маанилүү бир инструмент. Мунун эң негизги көрсөткүчтөрүнүн бири – бул өзгөчө акыркы жыйырма жыл ичинде илим дүйнөсүндө жаратылуу чындыгын жактаган илимпоздордун санынын абдан жогорулаганы. Жүргүзүлгөн ар бир изилдөө, байкоо жана ачылыш, алынган ар бир маалымат бүт ааламда абдан назик жана абдан кемчиликсиз бир тең салмактуулук бар экенин көрсөтүп, ааламдын жогорку жана улуу бир Акылдын эмгеги экенин ортого коюуда. Бул Акыл – ар кандай кемчиликтен аруу, жогорку күч-кудуреттүү Улуу Аллах.

Молекулярдык биолог Майкл Дентон дарвинизмдин атеизмди (динсиздикти) алып келгенин жана адамдын өзүнө болгон көз-карашында чоң бузулууга себеп болгонун мындайча түшүндүрөт:

aggression

Дарвинисттик теория адамдын Аллах менен байланышын үзгөнү жана аны максаты жана аягы жок бир ааламдын ичинде максатсыз калтырганы үчүн таасири ушунчалык тереңден кыйратуучу болгон. Учурда адамдардын адамзатка көз-карашына жана ааламдагы ордуна мынчалык тереңден, терс багытта таасир берген башка эч бир көз-караш жок. Дарвиндин жаңы жана төңкөрүшчү (ошол эле учурда акыл жана илимге сыйбас) көз-карашы дүйнөдөгү бүт түрлөрдүн –мурда ишенилгендей, Аллахтын жаратышынын эмес- табигый жана кокустук процесстердин натыйжасында пайда болгонун айтат. (Аллахты аруулайбыз.) Бул адашкан пикирдин кабыл алынышы... Батыш коомунун секулярдашуусунда даана бир кызмат аткарган...164

Коомдордун Аллахка болгон ишениминин жоголушу же алсыздашы – ал коомдор үчүн эң чоң руханий кыйроо. Аллах коркуусу болбогон, өлүмдөн кийин чыныгы түбөлүк жашоосуна жолугаарын, дүйнөдө кылгандарына жараша бейиш же тозокко бараарын жокко чыгарган адамдар абдан кооптуу, ишенимсиз, зомбулукчу, кылмышка жакын, мээримсиз жана өзүмчүл болууда.

Hajj

They do not measure God with His true measure. God is All-Strong, Almighty. (Surat al-Hajj, 74)

Аллахтан коркпогон бир адам үчүн эч чек жок. Мыйзамдар тарабынан жазаландырылбашын же кандайдыр бир жол менен андай жазалардан кутулаарын ойлогондо, ар түрдүү ахлаксыздыкты жана мыйзамсыздыкты жасай алат, коом ичинде ар кандай бейпилсиздикке себеп болушу, адамдарды алдашы, аларды кыйнашы мүмкүн жана ушул сыяктуу көптөгөн зулумдуктарды жасашы ыктымал.

Аллах коркуу жана Аллах сүйүүсү болсо адамдардын сонун ахлакты жашашын, Аллах ыраазы боло тургандай мамиледе болушун камсыздайт. Бул бир коомду алга да жылдырат, күчтөндүрөт дагы. Тескерисинде болсо уруштар, карама-каршылыктар, согуштар, таш боордуктар, адилетсиздиктер түгөнбөйт.

Аллах адамдарга жакшылыкты, кооздукту, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты жана тартипти буйрук кылат. Аллах Куранда мындайча буюрууда:

Мадйан (коомуна болсо) бир туугандары Шуайбды (жөнөттүк. Шуайб аларга) Айтты: "Эй коомум, Аллахку ибадат кылгыла, силердин Андан башка Кудайыңар жок. Силерге Раббиңерден апачык бир далил келди. Өлчөөнү жана таразаны толук кылгыла, адамдардын (акысы болгон мал-мүлктөрүн) буюмун наркынан түшүрүп-кемитпегиле жана тартипке коюлган соң жер бетинде бузукулук чыгарбагыла. Бул силер үчүн жакшыраак, эгер ишенсеңер." (Аьраф Сүрөсү, 85)

Ага ыйман келтиргендерди коркутуп, Аллахтын жолунан тосуу үчүн жана анда кемчилик издеп (мындай) ар жолдун (башын) тосуп-отурбагыла. Эстегиле силер аз (жана алсыз) кезиңерде Ал силерди көбөйттү. Бузукулук чыгаргандардын кандай натыйжага туш болгонун бир карагыла. (Аьраф Сүрөсү, 86)

tiger

Дарвинизм адам жоопкерчиликсиз жана максатсыз деген жалганды жактайт

Эволюционист Жорж Гейлорд Симпсондун (George Gaylord Simpson) төмөнкү сөздөрү дарвинизмдин адам жөнүндөгү толугу менен жаңылыштыктарга таянган көз-карашын апачык көрсөтөт:

Адам – ааламда түшүнүү жөндөмүнө жана потенциалына ээ жалгыз жандык. Бирок аң-сезимсиз жана акылсыз заттардын бир түшүмү. Ошентип дүйнөгө келишин өзү камсыздаган адам өзүнүн алдында гана жоопкерчиликтүү.165

landspace

Кадимки дарвинисттик калптардын бири болгон бул пикир – коомдук чөгүүнүн түпкү себептеринин бири. Дарвинисттер адам дүйнөгө өзүн-өзү алып келди деген калпты айтып жатканда, бир дагы илимий далил айта албай, идеологиялык себептер менен бул калпты кармап калууга аракет кылышууда. Бул калп пикир боюнча, адамдын бар болушунун алдын-ала аныкталган эч бир максаты жок. Бул "максатсыз" жандык ансыз да бир күнү өлүп, жок болот. Чынында болсо чындык башкача. Аллах адамды жоктон жараткан. Адамдын жаратылышынын белгилүү бир максаты бар жана бул максат Куранда билдирилген. Аллах адамдарды Ага кулчулук (ибадат) кылуулары үчүн жараткан. Ар бир адам бул дүйнөдө тагдырында белгиленген мөөнөтчөлүк жашайт жана бул мөөнөт бүтүп өлгөн соң кайрадан тирилтилет. Жана ар бир адам акырет күнү бул дүйнөдө кылгандарынан сурак берет. Эволюционисттердин болгон аракети менен бул чындыкты жокко чыгарууга, унутууга жана унуттурууга аракет кылышы болсо бул чындыкты эч өзгөртпөйт. Бул дүйнөдө турганда бул катадан кайтпаган болсо, Аллахты жана акырет күнүн жокко чыгаргандардын, адам максатсыз бир жандык дегендердин сурак күнү келгенде сезе турган бушаймандыгы абдан чоң болот. Раббибиз мындай бушаймандыкты Куранда төмөнкүдөй кабар берген:

Оттун үстүндө токтотулганда аларды бир көрсөң; (мындай) дешет: "Аттиң (дүйнөгө дагы бир жолу) кайра кайтырылып, Раббибиздин аяттарын калпка чыгарбай жана ыймандуулардан болгонубузда кана." (Энъам Сүрөсү, 27)

Адамдарга "максатсызсың" деген пикирдин сиңирилиши аларды чоң бир стресске жана боштукка түртүүдө. Бул калпка ишенгендер жашоону абдан маанисиз жана керексиз көрүшүүдө, бул болсо чоң бир руханий чөгүүгө себеп болуу дегенди билдирет. Учурдун алдыңкы эволюция жактоочуларынан Ричард Доукинстин акыл жана логикасыз сөздөрү да – бул материалисттик көз-караштын кадимки бир мисалы. Доукинс "адамдар бир ген машинасы жана жашоосунун жалгыз максаты бул гендерди кийинки урпакка өткөрүү" дейт. Доукинстин ою боюнча, ааламдын да, адамдын да бар болушунун башка максаты жок. Бул адашуучулук боюнча, бүт аалам менен адамдар кокустуктардын жана хаостун натыйжасы. Бул батыл (далилсиз, жалган) ишенимдин адамдарды үмүтсүздүк жана бактысыздыкка түртөөрү апачык. Өлгөндө жок болом деп ойлогон бир адам үчүн бул дүйнөдөгү эч нерсенин бир мааниси калбайт. Достуктардын, сүйүүнүн, кылган жакшылыктарынын, башынан өткөргөндөрүнүн эч бир жообу жана уландысы болбойт деп ойлогон бир адамга эч бир кооздук ырахат тартуулабайт.

Muminun surat

Did you suppose that We created you for amusement and that you would not return to Us? (Surat al-Muminun, 115)

Андан дагы, бул бузуку логика себебинен адамдар кылган жамандыктары үчүн жаза албайбыз деп ойлошот. Бул болсо адамдардын кандайдыр бир жол менен жашырууга мүмкүн деп ойлогон же жаза албайм деп ойлогон жамандыктарды эч тартынбастан жасашына себеп болот. Калп айтуудан, эки жүздүүлүк кылуудан, бирөөлөрдү ушактоодон, адилетсиз киреше алуудан, таш боордуктан, уурулуктан жана ал тургай кылмыш кылуудан да тартынбай калат. Мындай бузуку ойго кабылган адамдардын саны көбөйгөн коомдордо болсо тартип жана туруктуулук жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес.

Дарвинисттик пропагандалардын адамдын маанайына берген зыяндын эң маанилүү мисалдарынын бири Доукинстин Unweaving The Rainbow (Радуганы алып салуу) аттуу китебинин баш сөзүндө төмөнкүчө айтылган:

Биринчи китебимдин басып чыгаруучусу китепти окуган соң, андагы суук жана кайгылуу кабардан абдан стресске киргенин жана үч түн бою уктай албаганын мойнуна алды. Кээ бирлери болсо менден эрте менен кантип ойгонгонумду сурашат. Алыскы бир өлкөдөн бир мугалим болсо мага сын-пикир толо бир кат жөнөттү. Катында ошол китепти окуган бир окуучусунун ага көз жаштарын төгүп келгени жана жашоонун бош жана максатсыз деп ойлоонун ага терс таасир бергени жазылган эле. Мугалим башкалардын да "боштук пессимизминен" таасирленбеши үчүн окуучусуна китепти башкаларга көрсөтпө деп кеңеш бериптир.166

Доукинстин бул моюнга алуусунан да көрүнүп тургандай, дарвинизм адамдарга сиңирген пессимизм жана максатсыздык коомдор үчүн чоң бир коркунуч. Бул коркунучтун эң маанилүү тараптарынын бири – бул адамдарга Доукинс айткандай "кайгыга салуучу чындыкты" айтышы эмес, тескерисинче "кайгыга салуучу бир жалганды" сунушу жана аларды "кубаныч берүүчү чындыктан" бөлүүгө аракет кылышы. Бул кубаныч, бакыт жана бейпилдик берүүчү чындык – бул адамдын жалгыз, ээнбаш, ташталган, максатсыз бир жандык эмес экени, аны жараткан Аллах аныктаган бир максаты бар экени жөнүндөгү чындык.

Dhariyat

I only created jinn and man to worship Me. (Surat adh-Dhariyat, 56)

Аллахтын адамдарды бир максат менен жаратканын унуткан коомдор болсо ахлактык жана руханий кыйроого кабылышы сөзсүз. Баңги зат жана ичимдик көз-карандыларынын, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылгандардын, түнт болуп "жашоого таарынгандардын", депрессия, стресс сыяктуу психологиялык тынчсыздануулары бар адамдардын көпчүлүгү – жашоосунун чыныгы максатын билбеген адамдар.

Профессор Фред Хойл (Fred Hoyle) бир эволюционист болгонуна карабастан, Түрлөрдүн келип чыгышы менен келген нигилизм (жашоо максатсыз жана адам баалуулуктары маанисиз деген жаңылыштык) философиясынын кооптуулугу жөнүндө мындай дейт:

Түрлөрдүн келип чыгышы жарыкка чыккан соң калп сабаттуу көз-караштар кабыл алган нигилист философиянын адамзатты автоматтык түрдө өзүн жок кылуу процессине тапшырганы жөнүндөгү пикир эч эсимден чыкпайт. Ошондо балээлер үчүн таймер иштеп баштаган.167

Аллах ар бир адамды Ага кулчулук (ибадат) кылышы үчүн жараткан жана ага Өз рухунан үйлөгөн. Адам жансыз заттардан кокустуктар натыйжасында пайда болгон бир жандык эмес. Адам – Улуу Аллах жараткан, акыл жана абийир берген, ар кандай немат-жакшылыктарды тартуулаган бир жандык. Дарвинисттер жана материалисттер максатсыз жана ээнбаш деп ойлогон адамдын негизи абдан маанилүү, абдан жогору жана баалуу бир максаты бар: Аны жараткан, жоктон бар кылган, жок кезинде ага жан жана аң-сезим берген Улуу Раббибизди жашоосунун ар бир көз ирмеминде ыраазы кылуу, Раббибиздин буйруктарына абдан көңүл коюу жана күчтүү каалоо менен баш ийүү, бул үчүн болсо Аллахтын мээримине жана түбөлүк улана турган бейишке жетүүнү үмүт кылуу. Адамдын чыныгы жашоосу – бул өлүмүнөн кийин баштала турган акырет жашоосу. Адам бул дүйнөдө бейишке жетүү үчүн жашайт.

Аллах адамдардын ээнбаш эмес экенин Куран аяттарында мындайча кабар берет:

Адам "ээн баш жана жоопкерчиликсиз" калтырылам деп ойлойбу? (Кыямат Сүрөсү, 36)

Биз силерди максатсыз жараттык жана чындап Бизге кайтарылып келбейбиз деп ойлодуңар беле? (Мүминун Сүрөсү, 115)

Социал дарвинизмдин "адам бир айбан" деген калпы

Dawkins

Richard Dawkins and his The Blind Watchmaker

Дарвинизм боюнча, адам бир айбан түрү. Бул акылга жана илимге сыйбас пикирге алдангандар болсо адамдын бардык өзгөчөлүктөрү "айбан аталарынан" мурас калган дешет. Бул болсо бир адамдын өзүнө жана башка адамдарга болгон көз-карашына абдан терс таасир берет. Адам бир айбан түрү катары көргөн башка адамдарга, алардын ойлоруна, жашоосуна маани бербейт. Бир адамдын өлүмүн бир чымындын же иттин өлүмүнөн маанилүүрөөк көрбөйт. Бир адамдын ач же муктаж абалда болушу аны айбан катары көргөн жана айбандардын ансыз да күрөш жана атаандаштык жолу менен өнүгөөрүн ойлогон бир адамды тынчсыздандырбайт. Мындай кооптуу бир көз-караш адамдардын бир-бирине болгон сүйүү жана урматтоону толук жок кылат. Мына ушул себептен дарвинизмдин калптарына алдангандардын дагы бир жолу ойлонушу жана бул калптын эмнелерге алып келээрин унутпашы маанилүү.

Жорж Гейлорд Симпсон дарвинизмдин адамга көз-карашы жөнүндө мындай дейт:

Дарвиндин дүйнөсүндө адамдын башкача бир айбан түрү катары аталышынан башка өзгөчө эч бир статусу жок. Толугу менен табияттын бир бөлүгү жана андан өзүнчө эмес. Жашаган ар бир жандыкка –амеба, ичеги курту, бүргө, деңиз балыры, дуб дарагы же маймылга- жакындык даражасы ар түрдүү болсо да, аларга окшошот. Салыштырсак, маймылдар сыяктуу бир туугандарга ээ болуудан көрөкчө, ичеги курту сыяктуу кырк эки жээндүү болуу бизге азыраак жагышы мүмкүн.168

aggrieved

According to Social Darwinist propaganda, the death of a human being is no different to that of a fly. Darwinism attaches no great importance to human beings. Even the condition of these children may have no effect on the consciences of people deceived by Darwinist propaganda.

Чынында болсо бул илимге да, акыл жана логикага да туура келбеген бир пикир. Адамдар менен айбандар Аллах жараткан башка башка жандыктар. Айбандар айбандык каалоолору менен кыймыл-аракет кылышат жана аң-сезими жок. Адам болсо сын-пикир жөндөмү, аң-сезими бар бир жандык. Адам бир айбан түрү дегендердин максаты – бул жунгли мыйзамдарын адамзат коомдоруна киргизүүгө аракет кылуу. Бул болсо адамдардын бейпилдигин жана бакубаттыгын камсыз кылган ар түрдүү кооздукту жок кылуучу коркунучтуу бир хаоско себеп болот.

Дарвин да каттарынын биринде бул бузуку көз-карашын айткан жана адамдын айбандардан эволюцияланышы калпына таянуу менен пикирлеринин кандайдыр бир маанисинин болуп болбошуна кызыккан. Дарвиндин сөздөрү төмөнкүдөй:

Төмөн айбандардан өнүккөн адам мээси ишенген нерселердин кандайдыр бир мааниси же ишенимдүүлүгү барбы же жокпу деген темада акылыма дайыма коркунучтуу бир күмөн келет. Бир маймылдын мээсиндеги ишенимдерге –албетте эгер бар болсо- бирөө жарым ишенмек беле?169

Дарвиндин сөздөрү эволюционисттин адамга көз-карашынын канчалык коркунучтуу экенин ачык көрсөтөт. Дарвиндин мындай тантырак ойлору Батыш дүйнөсүнүн маанилүү бөлүгүндө барган сайын жайылган жана учурда көп өлкөлөрдө, ал тургай, мектептерде окутулган окуу китептеринде да адамдарга "айбансыңар" деген түшүнүк сиңирилүүдө. Мисалы, 1994-жылы чыккан Biology, Visualizing Life (Биология: жашоону элестетүү) аттуу окуу китебинде мындай деп айтылат:

Сиз бир айбансыз, сөөлжандар, динозаврлар, көпөлөктөр жана деңиз жылдызчалары менен орток бир мурасты бөлүшөсүз.170

Илим жана теология темаларында университетте сабак берген жана Moral Darwinism: How We Became Hedonists? (Ахлактык дарвинизм: кантип биз гедонист болуп калдык?) аттуу китептин автору Бенжамин Викер Дарвинден мурда жана кийин адамга көз-карашында кандай чоң өзгөрүү болгонун айтат. Адамдар менен айбандар арасындагы басып өткүс айырмачылыктар эске алынбастан, адамдарды айбандарга теңөө жаңылыштыгынын кантип жайылганын мындайча айтып берет:

aggrieved

An example of the suffering inflicted on innocent people by Social Darwinist philosophy. Present-day terrorist attacks are also the result of Darwinist values, which maintain that human beings are the same as animals, and have inflicted nothing but blood, suffering and tears on humanity.

... Салттык ахлактын баары болбосо да, көпчүлүгү адамдар башкача бир түр деген гипотезага таяйт. Ушул себептен кылмышка тыюу салынышы адам табияты жагынан айтылат. Өлтүрбөгүлө! Эмнени өлтүрбөгүлө? Курт-кумурскалардыбы? Кумурска жегендердиби? Орангутандардыбы? Жок, башка бир күнөөсүз адамды өлтүрбөгүлө. Бирок дарвинизм менен бирге, адамзат менен башка айбандар арасындагы түр айырмачылыгы толугу менен бозомук болуп калат. Андан соң чийүү керек болгон ахлактык бир сызык жок болуп калат, себеби түрлөрдүн сызыгы өчүрүлгөн.

Ричард Доукинс жана Питер Сингер сыяктуу дарвинисттер бул адашуучулукту толук моюнга алышууда жана пропаганда кылышууда. Доукинс Blind Watchmaker (Сокур саатчы) аттуу китебинде мындай дейт:

Өзүбүздү ааламдагы бир айбан катары көргөнүбүздө, андан ары ахлакыбыздын же бүт жандыктарга тиешелүү экенин кабыл алышыбыз керек же болбосо ахлакыбыздын кандайдыр бир негизи бар экенин жокко чыгарышыбыз керек. Көбүнчө дарвинисттер экөөсү үчүн тең логикасыз нерсе айтышат. Кээ бир айбандар адамдар менен бирдей ахлактык деңгээлде дешет. Кээ бир тараптарынан болсо адам баласын кандайдыр бир айбан катары карашат. Бир тараптан, айбан укуктары үчүн күрөшүп, башка тараптан болсо формасы өзгөргөн, улгайган жана алсыз адам баласы үйдө багылган айбандарга көрсөтүлгөн боорукердиктен "сыртта тутулушу" керек дешет.171

Көрүнүп тургандай, эволюция теориясынын адамды бир айбан түрү катары көрсөтүүнү каалашынын негизги себептеринин бири – бул бүт ахлактык баалуулуктар жок болгон бир дүйнөнү эңсеши. Эгер адам дарвинизм жактагандай бир айбан түрү болсо, бул чынында такыр туура эмес, анда ахлактык эч бир баалуулуктун ал тургай ахлак түшүнүгүнүн да адамдар үчүн бир мааниси калбайт. Мунун бир коомго берчү зыяндары болсо элестетилгенден жогору болушу мүмкүн. Мына ушул себептен бүт адамзат дарвинизмге жана бул илим көз бойомочулугунун калптарына карата абдан этият болушу зарыл.

Nahl surat

God commands justice and doing good and giving to relatives. And He forbids indecency and doing wrong and tyranny. He warns you so that hopefully you will pay heed. (Surat an-Nahl, 90)

Дарвинизм адамдардын айбандардан айырмасы жок дегенде, муну бир гана физикалык же биологиялык мааниде айткан жок, адам менен айбан кыймыл-аракеттери да бир-биринен айырмасыз деген пикирди кабыл алдырууга аракеттенүүдө. Ошондо адамга айбан "аталарынан" мурас калган деп айтылган зомбулук, зөөкүрдүк, өзүмчүлдүк, айоосуз атаандаштык, зордуктоо, гомосексуализм сыяктуу жаман өзгөчөлүк жана мамилелер адамдар үчүн "кадыресе, табигый кыймыл-аракеттер" статусуна алып келинүүдө. Мисалы, эволюционист илимпоз Ж. П. Дарлингтон (J. P. Darlington) мындай дейт:

Биринчиден; өзүмчүлдүк менен зомбулук тубаса, эң алыскы аталарыбыздан бизге мураска калган. Демек, зомбулук адамдар үчүн табигый нерсе; эволюциянын бир натыйжасы.172

Демек адамдардын ар түрдүү кылмыштарды жасашы кадыресе кабыл алынып, кылмыш кылуу кечиримдүү кабыл алынууда, ал тургай, көбүнчө жазаландырбаш керек деп жакталууда. Гоулд Ever Since Darwin (Дарвинден бери) аттуу китебинде криминология адиси италиялык профессор Чезаре Ломброзо (Cesare Lombroso) менен башталган бул көз-караш жөнүндө мындай дейт:

Кылмыштуулук жөнүндөгү биологиялык теориялар көп деле жаңы эмес, бирок Чезаре Ломброзо (италиялык бир врач) бул талашка жапжаңы, эволюциялык бир багыт берди. Тубаса кылмышкерлер акыл-эси кем же оорулуулар эмес эле; мурдакы бир эволюциялык баскычка ылдый түшкөн, "ата-бабаларын" тартып калгандар эле. Примитивдик жана маймыл сымал аталарыбыздын генетикалык өзгөчөлүктөрү генетикалык репертуарыбызда сакталган. Кээ бир индивиддер нормалдуудан ашыкча аталык өзгөчөлүктөрдү алып төрөлөт. Кыймыл-аракеттери кээ бир жапайы коомдорго туура келсе да, бүгүн ал кыймыл-аракеттерди кылмыш дейбиз. Тубаса кылмышкерди аяса болот, себеби өзүн башкара албайт.173

Ломброзонун пикирин түшүндүргөн эволюционист Гоулддун сөздөрүнөн апачык көрүнүп тургандай, кылмыш кылуу толугу менен адамдын эркинен тышкары, адамдарга "аталарынан мурас калган" бир кыймыл-аракет катары кабыл алынууда. Чынында болсо бул чындыкка сыйбас бир пикир. Аллах бүт адамдарды ага дайыма жамандыктарды буйруган напсиси жана ал жамандыктан сактанышын, жакшылык кылышын буйруган абийири менен бирге жараткан. Аяттарда мындайча айтылган:

Напсиге жана ага бир калып бергенге, кийин ага жаман-бузукулукту жана андан сактанууну илхам кылганга (ант болсун). Аны тазалаган чындыгында кутулууга жетти. Жана аны (баш көтөрүү, күнөө, бузулуулар менен) курчаган да албетте кыйроого туш болду. (Шамс Сүрөсү, 7-10)

Ошондуктан, ар бир адам кылган ишинин жакшы же жаман экенин, мамилесинин сонун же жаман экенин билет. Жана ар бир адам жамандыктан сактанып, жакшылык кылууга милдеттүү. Жакшылык кылгандар сонун мамилелеринин сыйлыгын алса, жамандык кылгандар кылган жамандыктарынын жазасын сөзсүз тартат. Ар кандай кылмыш менен ахлаксыздыкты кадыресе көрсөткөн эволюция теориясы болсо адамдарды бул дүйнөдө да, акыретте да чоң бир балээнин ичине түртүүдө.

Адам – айбан эмес. Адам – Аллах ага рухунан үйлөгөн, акылы, эрки, абийири, акылмандыгы, туураны туура эместен айырмалоо аң-сезими бар, ойлоно алган, чечим ала алган, сындай алган, жаза жана сыйлык бере алган, башынан өткөргөндөрүнөн сабак ала алган, Аллах сынап жаткан бир жандык. Мындай өзгөчөлүктөрдүн баары башка жандыктарда жок жана болушу да мүмкүн эмес. Себеби булар адамдын дене түзүлүшү менен, гендери менен байланыштуу өзгөчөлүктөр эмес. Булардын баары адамдын рухуна тиешелүү өзгөчөлүктөр.

Демек, руху жана акылы бар адам бул чындыкты сезиши керек, жана ошого жараша кадыр-барктуу, эрктүү жана абийирине карап өмүр сүрүшү зарыл.

"Жашоо күрөшү" жалганы себеп болгон жаман ахлак

Мурда да айтылгандай, дарвинизмдин эң негизги жаңылыштыктарынын бири – бул "жашоо күрөшү" жана "күчтүүнүн жашашы" деген сүйлөмдөр менен кыскача айтылган көз-караш. Эволюционисттердин туура эмес пикири боюнча, жашоо - адам да кошо, бүт жандыктар үчүн бир күрөш, уруш жана атаандаштыктын мекени. Мындай бир дүйнөдө сүйүү, урмат, кызматташтык, башкалардын жакшылыгын көздөө сыяктуу сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнө орун жок.

Чарльз Дарвин Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде адам бүгүнкү абалына күрөш менен келди жана алга жылуу үчүн күрөштү улантышы шарт, эч бир мыйзам менен бул алга жылууга тоскоол болбош керек деген жалганын айтып чыккан:

Адам баласы, башка бардык айбандар сыяктуу, бүгүнкү жогорку абалына, албетте, ылдам көбөйүшүнүн натыйжасында жашоо күрөшү менен келди жана эгер мындан да жогору көздөй жыла турган болсо, оор бир күрөшкө кириши зарыл.

Антпесе, кыска убакытта жалкоолошуп, жогорураак жөндөмдөргө ээ адамдар бул согушта жетиштүү деңгээлде ийгиликке жете алышпайт. Ошондуктан табигый көбөйүү коэффициентибиз эч бир ыкма менен жок кылынбашы зарыл. Бул бизди ар кандай жамандыктарга түртсө да. Бүт адамдар үчүн ачык атаандаштык болушу зарыл.174

Дарвинизм алып келген караңгы дүйнөдө эң негизги нерсе – бул бир адамдын өмүр бою жандалбас бир күрөш ичинде болушу. Чынында болсо бул пикир илимий тараптан жараксыз жана акыл менен логикага туура келбейт. Бул кооптуу пикирлердин ишке ашырылышы менен пайда боло турган чөйрөдө чынчылдык, баатырдык, башкаларга эч кызыкчылыксыз жакшылык кылуу жана бекемдиктин ордун алдамчылык, өзүмчүлдүк, көз бойомочулук, туруксуздук сыяктуу өзгөчөлүктөр ээлейт жана ушундай жаман мүнөздүүлөр гана утушат. Дарвинизмдин мындай бузуку дүйнө жана ахлак түшүнүгү таянган негиздер эволюционисттер тарабынан китеп саптарында көп көп айтылып, адамдардын аң-сезимине сиңирилүүдө.

Мисалы, Yale университетинин биология доктору Лоррейн Ли Ларисон Кудмор (Lorraine Lee Larison Cudmore) "The Center of Life" (Жашоонун борбору) аттуу бир макаласында эволюционисттик жашоо көз-карашында мээрим менен боор ооруга орун жок экенин апачык кабыл алууда:

Эволюция – катуу жана сөзсүз болуучу нерсе. Мээримге же чынчыл бир күрөшкө орун жок. Көптөгөн организмдер төрөлөт, ушул себептен, булардын көпчүлүгү өлүшү зарыл. Эң негизгиси – бул кеткен кийинки кишиден көбүрөөк сиздин гендериңизди алып жүргөн бала калтырып калтырбаганыңыз.175

Китептин башка бөлүмдөрүндө каралган расизм, жапайы капитализм, евгеника сыяктуу социал дарвинизм күчөткөн адашкан жана кооптуу көз-караш жана тажрыйбалардын баары – дарвинизмдин "жашоо күрөшү" жана "күчтүү жашайт" деген жаңылыштыктарынын натыйжалары. Чынында болсо жашоо – күрөш мекени эмес. Адамдын жалгыз күрөшү өз напсиси менен жана башка жамандыктар менен болушу керек. Адам өз кулк-мүнөзүндөгү жана айланасындагы жамандыктар менен күрөшүү аркылуу өзүнө да, адамдар арасында да сүйүү, мээрим, боорукердик, тынчтык, бейпилдик, урмат, бекемдик, кубаныч, бакубаттык сыяктуу сонун нерселерди алып келүүгө аракет кылышы зарыл. Аллах ыраазы болгон жана адамдар үчүн тандаган дин ахлагы да муну талап кылууда.

Социал дарвинизм адамдын өмүрүнө маани бербейт

statistics

The graph below shows the enormous rise in crime levels over the last 30 years. The more societies distance themselves from religious moral values, the greater the ensuing moral collapse and crime levels.

Дарвинизмдин "жашоо күрөшү" догмасы жана "адамдар бир айбан" деген калпы ишке ашырылганда, адамдын өмүрү маанисиз болуп калат. Кандайдыр бир себеп менен адам өлтүрүү, бир адамды ачкалыкка, өлүмгө таштоо, согуш чыгаруу, кыргын жасоо, террордук акт жасоо, акыл оорулуусу, майып болгону үчүн же башка бир расадан болгону үчүн адамдарды жок кылуу "кадыресе" жана оңой болуп калат.

Бул бузуку логиканы ээрчип адам өмүрүнө маани бербегендердин бири – бул америкалык социал дарвинист профессор Е. А. Росс. Росстун бузуку пикирлери боюнча, Христиан дини ортого койгон коомдук көмөктөшүү жана жакшылыкты сүйүү культу акылы кемдердин жана акмактардын төрөлүшүнө жана көбөйүшүнө жараган коргоочу бир калкандын пайда болушуна" себеп болгон. Жана анын ою боюнча, "Мамлекет майыптарды, мисалы дүлөй, дудуктарды коргоого алууда, анан булар болсо көбөйүп майып бир раса пайда кылууда". Булардын баарына "табигый эволюциялык өнүгүүнө" тоскоол болгону үчүн каршы чыккан Росстун ою боюнча, "дүйнөнү оңдоонун бирден бир жолу – бүт акмактарды, жөндөмсүздөрдү жана майыптарды" өз алдынча (коргоосуз) таштоо менен табигый тандалуу процессинде тазаланышын күтүү.176

Мунун канчалык таш боор бир пикир экени апачык көрүнүп турат. Адамдын абийири бар жана абийири алсыздарды, муктаждарды, жакырларды коргоосун буйрук кылат. Антпесе, эгер адам "адам сыяктуу ойлонуу" жөндөмүнөн айрылса, анда айбандан да төмөн болуп калат. Себеби айбандар арасында да күчтүү бир көмөктөшүү жана жардамдашуу бар. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Canlılarda Fedakarlık ve Akılcı Davranışlar (Жаныбарлардагы жан аябастыктар жана акылдуу кыймыл-аракеттер), Харун Яхья)

fear

According to the Darwinist mindset, which regards man as a species of animal, humans are of little worth. Under Social Darwinist logic, nothing must be done to help people who are suffering in pain and fear; and such people are abandoned without help or protection. However, under Islamic moral values, every believer is responsible for striving to ensure others' peace, security and well-being.

Росс адамга баа бербеген жалгыз социал дарвинист эмес. Анын коркунучтуу пикирлерин жактаган көп дарвинисттер бар.

Мисалы, Принстон университетинин биоэтика профессору эволюциялык психолог Питер Сингер олуттуу дене майыптыгы бар адамдардын жашанынын мааниси жок деп кабыл алынышы керек дегенчеликке жеткен. Бул заалымдыгын төмөнкү таш боор сөздөрү менен айткан:

"Эгер олуттуу майып бир адам баласын адам эмес бир айбан менен, мисалы ит же чочко менен салыштырсак... адам эместин дайыма жогору өзгөчөлүктөрү бар экенин көрөбүз... Адам баласынын хомо сапиенс түрүнө тиешелүү болушу гана бул баланын бир чочкодон же иттен өзгөчө мамиле көрүшүнө себеп болот. Бирок түрдүн бир мүчөсү болуу өз башынча ахлак менен байланыштуу эмес."177

Сингер дарвинисттик жырткычтыкта бир топ алдыга кетип, акылы кемдерди тамак-аш максатында же илимий эксперименттер үчүн өлтүрүүгө болот деген. Албетте, бул абдан жийиркеничтүү бир жырткычтык. Бирок дарвинисттик логикада мындай жийиркеничтик жана жырткычтыктар да жакталууда. Сингердин сөздөрү төмөнкүдөй:

Акылы кемдердин жашоо укугу жок жана ошондуктан аларды –адам этине багытталган бир каалоо өнүктүрүшүбүз керек болсо- тамак-аш үчүн же илимий эксперимент максатында өлтүрүүгө болот.178

Right To Die Society (Өлүү укугу жамааты) мурдакы башчысы Джозеф Флетчер (Joseph Fletcher) да акылы кемдер жөнүндө ушул сыяктуу пикирлерди айтууда:

Эң төмөнкү деңгээлдеги мээге же акыл жөндөмүнө ээ эмес адамдар – канча органы иштесе да, канчалык жашоо функциялары автоматтык түрдө ишке ашса да, адам эмес... Акылы кемдердин кандайдыр бир жоопкерчиликтери жок, эч болгон эмес жана болбойт. Бул акылы кем адамдардын адам эмес экенин билдирет.179

Жаңы төрөлгөн наристелердин өлтүрүлүшү болсо адам өмүрүнө маани бербеген дарвинизм "кадыресе" кабыл алган таш боор, жырткыч иш-аракеттердин экинчиси. Дарвинизм, эгер жаңы төрөлгөн наристени багуу ал ата-эне үчүн кыйын болсо, аларды жашоо күрөшүндө артка тарта турган болсо, эволюциялык жактан бул наристени өлтүрүү керек болот деген абийирсиз бир пикирди жактоодо. Мисалы, Дарвин жаңы туулган наристелерди өлтүрүү айбандарда көп кездешет жана бул калкты көзөмөлдөөдө маанилүү бир фактор деген. Эволюционист Барбара Берк (Barbara Burke) Science журналындагы бир макаласында бул жөнүндө мындай дейт:

Кээ бир айбан түрлөрү ичинде баласын өлтүрүү табигый бир нерсе катары көрүлөт. Бул, адамдар үчүн да, примат аталарыбыздан калган бир өзгөчөлүк катары табигый көрүлүшү мүмкүнбү?... Чарльз Дарвин Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде жаңы төрөлгөн наристелерди өлтүрүүнүн, адамзат тарыхы бою, калктын санынын көбөйүшүнүн алдын алуу үчүн колдонулган бардык ыкмалардын арасынан балким эң маанилүүсү экенин жазган.180

Гегель сыяктуу дарвинисттер болсо евгеника бөлүмүндө да каралгандай, өзүн-өзү өлтүрүүнү жакташып, жашоого чыдай албайм дегендердин өзүн-өзү өлтүрүү укугуна ээ экенин айткан. Бирок Аллах адамдарга өз жанын кыюуну арам кылган.

Евгеника, эвтаназия жана расизм сыяктуу бөлүмдөрдө да каралгандай, бүт мындай жапайы иш-аракет жана ишенимдер – дарвинизмдин адам өмүрүнө эч маани бербеген бир идеология экенин көрсөткөн мисалдар. Жана илимий эч бир баркы жок тантырак ойлорго гана таянган.

Чынында болсо ар бир адамдын өмүрү абдан маанилүү. Куран ахлагында адамдар бир-бирин абдан баалуу жана маанилүү көрүшөт жана бир-биринин жакшылыгы үчүн аракет кылышат. Бир момун (ыймандуу) өзү муктаж болуп турса да, тамагын башкасына берет:

Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундарга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедиришет. (Инсан Сүрөсү, 8)

Мусулмандар жакырларды жана жетимдерди коргоого, алардын мал-мүлктөрүн адилеттүүлүк менен аларга берүүгө, жолдо калгандарга жардам берүүгө, алсыз калган аялдарды, эркектерди, жаш балдарды жана улгайгандарды коргоого милдеттүү. Аллах, мисалы, бир аятында ата-энеге "уф" деп да айтпа деп буйруган (Исра Сүрөсү, 23) жана бүт адамдарга бир-бирине эң сонун сөздөрдү айтышын буйруган (Исра Сүрөсү, 53). Башка бир аятта болсо Аллах "... Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот. Ким аны (өлтүрүлүшүнө тоскоол болуп) тирилтсе, бүт адамдарды тирилткендей болот..." (Маида Сүрөсү, 32) деп буюрууда.

Бүт адамдар бир-бирин руху жана акылы бар, баалуу, маанилүү адамдар катары көргөн бир коомдун тынчтык, бейпилдик, коопсуздук, сүйүү жана урматка толоору анык.

Булактар

159. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism, Intervarsity Press, 1997, pp. 103-104.

160. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, 1988, p. 358.

161. William Provine, "Evolution and the Foundation of Ethics," MBL Science, (A Publication of Marine Biological Laboratory at Woods Hole, Massachusetts), vol. 3, no. 1, pp. 25-29; The Scientist, September 5, 1988.

162. Bert Thompson, Evolution as a Threat to the Christian Home, Apolegetics Press, USA.

163. Johnson, Defeating Darwinism, p. 99.

164. Denton, Evolution: A Theory in Crisis, pp. 17, 67.

165. George Gaylord Simpson, Life of The Past:An Introduction to Paleontology, New Haven: Yale University Press, 1953.

166. Richard Dawkins, Unweaving The Rainbow, New York: Houghton Mifflin Company, 1998, p. ix.

167. Sir Fred Hoyle, The Intelligent Universe, 1983, p. 9.

168. George Gaylord Simpson, "The World into Which Darwin Led Us," Science 131 (1960), p. 970.

169. Francis Darwin (ed.), Life and Letters of Charles Darwin (1903; 1971 reprint), vol. 1, p. 285.

170. George B. Johnson, Biology: Visualizing Life, Holt, Rinehart and Winston, Inc., 1994, p. 453.

171. "Darwin as Epicurean: An Interview with Benjamin Wiker;" http://www.touchstonemag.com/docs/issues/15.8docs/15-8pg43.html

172. P. J. Darlington, Evolution for Naturalists, 1980, pp. 243-244.

173. Stephen Jay Gould, Ever Since Darwin, New York: W. W. Norton & Company, 1992, p. 223.

174. Darwin, The Descent of Man and Selection in Relation to Sex, p. 403.

175. Lorraine Lee Larison Cudmore, "The Center of Life," Science Digest, November 1977, p. 46.

176. Thomas F. Gossett, Race: The History of an Idea in America, Dallas: Southern Methodist University Press, 1963, p. 170.

177. Peter Singer, "Sanctity of Life or Quality of Life?, Pediatrics, July 1983, pp. 128-129.

178. Martin Mawyer, "Death Act Dies in California," Fundamentalist Journal, June 7, 1988, p. 61.

179. Ibid.

180. Barbara Burke, "Infanticide," Science 84, May 1984, p. 29.