Он тогузунчу кылымдын аягында башталган жана бүгүнкү күнгө чейин уланган көптөгөн коркунучтуу көз-караш агымынын, идеология жана иш-аракеттердин артында дарвинизмдин турушу абдан кызык. Дарвинизм бир-бирине карама-каршы уюлдарда турган идеологиялардын да таянычы болууда. Нацизмдин, фашизмдин жана коммунизмдин пайда болушунда жана жайылышында, расисттик жана коммунисттик кыргындардын "кадыресе" көрсөтүлүшүндө маанилүү рол ойногон дарвинизм "жапайы капитализмдин" да "илимий" негизин түзгөн. Өзгөчө Виктория доорундагы Англияда жана "ууру барондор" деп аталган таш боор кээ бир капиталисттердин Америкасында дарвинизм капитализмдин таш боор тарабына колдоо көрсөткөндүктөн, күчтүү талап менен кабыл алынып, күчөтүлгөн.
According to Social Darwinist's cruel morality, no helping hand should be extended to the poor and needy. |
Жапайы капитализмдин эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул алсызыраак фирмаларды жана алсызыраак адамдарды эч нерсеге карабастан эзүүгө, басып алууга жана жок кылууга болот деген жаңылыштыгы. Албетте, бул чоң бир заалымдык жана таш боордук, жана эч кабыл алууга болбойт. Учурда бул жаңылыштык "чоң балык кичинекей балыкты жутат" деген сүйлөм менен айтылат. Б.а. кичи фирмалар дайыма ири фирмалар тарабынан жок кылынат. Бул дарвинизмдин ишкердиктеги ишке ашырылышы.
Муну сындаганда, кээ бир түшүнүктөрдү ачып көрсөтүү туура болот. 20-кылымда дүйнөдө өзгөчө эки түрдүү экономикалык модель эксперимент кылынды: жеке менчик жана эркин ишкердүүлүккө таянган либералдуу экономика менен пландуу экономикага таянган социалисттик экономика. Дүйнөнүн бүт тарабында социалисттик экономикалар ийгиликсиз болуп, коомдорго жакырдык менен кыйынчылык алып келди. Либералдуу экономика болсо талашсыз ийгиликке жетип, коомдорго жана адамдарга көбүрөөк бакубаттык алып келди.
Бирок либералдуу экономика жалпы коомго бакубаттык алып келүү үчүн өзү жалгыз жетиштүү эмес. Либералдуу экономика урматында көбүнчө коомдун жалпы экономикалык деңгээли көтөрүлөт, бирок коомдун баары бул өсүштөн үлүшүн ала албайт. Коомдун бир бөлүгү жакыр бойдон калат жана социалдык адилетсиздик коркунучу пайда болот. Мына ушул коркунучтун алдын алуу жана социалдык адилетсиздикти жоюу үчүн эки нерсе керек:
Maltreated people facing famine or impoverished by war and conflict deserve the help of the wealthy. Under Social Darwinist morality, however, people are not encouraged to assist one another or care for the needy. |
1) Мамлекеттин "социалдык мамлекет" аң-сезими талап кылгандай, жакырларды, алсыздарды, жумушсуздарды коргошу. Алардын пайдасына жөнгө салууларды жасоо.
2) Жалпы коомдо дин ахлагынын талабы болгон "жардамдашуу жана көмөктөшүү" сезимдеринин жайылышы.
Бул эки нерсенин өзгөчө экинчиси абдан керектүү, себеби биринчи пунктту –б.а. мамлекеттин аң-сезимин- да баары бир коомдордун тенденциясы аныктайт. Эгер бир коом күчтүү диний жана ахлактык баалуулуктар себебинен социалдык адилеттүүлүккө маани берсе, ал коомдо ишке ашырыла турган либералдуу экономика экономикалык өнүгүүнү да, социалдык адилеттүүлүктү да камсыздайт. Байлар алган байлыгынын бир бөлүгүн жакырларга жардам берүүгө, алсыздарды колдоого багытталган социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн колдонушат. (Аллах Куранда билдирген экономика модели да ушундай. Ислам дининде жеке менчик бар, бирок мүлк ээлери жакырларга жардам берүүгө, мал-мүлктөрүн "зекет" жана "садака" кылып, муктаждарга жардам үчүн колдонууга милдеттүү.)
Эгер бир коомдун ахлактык баалуулуктары бузулса, мына ошондо либералдык экономика жакырлар менен муктаждар эч жардам көрбөгөн, тескерисинче эзилген, кандайдыр бир социалдык жардам программасы болбогон, социалдык адилетсиздик бир көйгөй эмес, "табигый көрүнүш" катары кабыл алынган "жапайы капитализмге" айланат.
Бул жерде биз сындаган экономика модели – бул либералдык экономика б.а. жеке менчик менен атаандаштыкка таянган эркин экономикалык модел эмес, жапайы капитализм.
Жапайы капитализмдин илхам булагы болсо – алдыда каралгандай, социал дарвинизм.
Дарвинисттик практиканы ишкердикке алгач алып келгендер – бул Американын "ууру барондору" катары эскерилген бөлүгү эле. "Ууру барондор" дарвинизмге ишенишчү жана дарвинизмдин "эң ылайыктуулар жашоосун улантат" догмасы биздин таш боор иш-аракеттерибизди "кадыресе (табигый)" кылат деп ойлошкон.18 Натыйжада болсо ишкердикте кылмыштарга чейин барган таш боор бир атаандаштык башталды. "Ууру барондордун" жалгыз максаты – көбүрөөк акчага жана күчкө жетүү эле. Коомдун бакубаттыгын эч ойлошкон эмес, ал тургай, өз жумушчуларына да эч маани беришкен эмес. Дарвинизмдин экономикага кириши менен миллиондогон адамдын жашоосу азапка айланды. Абдан төмөн эмгек акылар, абдан оор жумуш шарттары, абдан узун иштөө сааттары жана эч бир коопсуздук чара көрүлбөшү жумушчулардын оорушуна, жаракат алышына жана ал тургай өлүмүнө себеп болуп жатты.
In the light of Social Darwinist concepts, low wages, harsh working conditions, long hours of working and the lack of any safety precautions in workplaces led to workers falling ill, being injured or even killed. |
19-кылымда Англияда башталып, бүт дүйнөгө жайылган Өнөр-жай төңкөрүшү менен бирге жаңы заводдор курулган жана бул заводдордо машиналар колдонулуп баштаган. Бирок адам өмүрүнө, өзгөчө жумушчулардын өмүрүнө эч маани бербеген кээ бир фирма ээлери керектүү коопсуздук чараларын көрбөгөндүктөн, көп жаракат алуулар болуп турган. Бул жаракат алуулардын көпчүлүгү өлүм менен же кол-манжалардан же колдордон айрылуу сыяктуу олуттуу майыптыктар менен жыйынтыкталган. 1900-жылдары жылына бир миллион жумушчунун өлгөнү, жаракат алганы же ооруга чалдыкканы аныкталган.19
Өмүр бою заводдо иштеген бир жумушчу үчүн бир органынан айрылуу дээрлик сөзсүз болчу бир натыйжа эле. Жумушчулар арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөр жарымынан көбүнүн өмүр бою колунан же бутунан айрылуудан баштап көрүү же угуудан айрылууга чейин абдан олуттуу жаракаттар алганын же ооруга чалдыкканын аныктаган. Мисалы, катуу чатырчасы бар баш кийим тиккен жумушчулар сымаптан ууланышчу. Радийи бар бойок колдонгон жумушчулардын дээрлик баары аягында ракка чалдыгышчу.20
Кээ бир жумуш берүүчүлөр болсо жумуш шарттарын жана кырсыктарды толук билип турса да, шарттарды жакшыртуу үчүн эч чара көрүшкөн эмес. Болот жасаган ээритүүчү жайларда иштеген көп жумушчулар 12 сааттык жумуш мөөнөтүндө, 40-50 даража ысыкта жана абдан төмөн эмгек акыларга иштешчү.21 1892-жылы АКШ президенти Бенжамин Харрисон орточо бир америкалык жумушчунун күн сайын согуштагы бир аскердей коркунучта экенин айтып, жумушчуларга болгон адамгерчиликсиз мамилени сүрөттөгөн.22
Кээ бир капиталист ишкерлер адам өмүрүнө көп маани беришчү эмес. Бир эле темир жол куруу учурунда жаман шарттар себебинен жүздөгөн адам өмүрүнөн ажыраган.23 Адам өмүрүнө эч маани берилбегенин көрсөткөн анык далилдердин бири – бул америкалык ишкер Ж.П. Моргандын таш боордугу. Ж.П. Морган бирөөсү 3,5 доллардан 5000 даана бузук мылтык алып, алардын ар бирин 22 доллардан АКШ аскердик күчүнө саткан. Б.а. өз өлкөсүнүн аскердик күчүн алдай турганчалык, өз аскерлеринин өмүрүн коркунучка таштай турганчалык ахлактык баалуулугун жоготкон эле. Мылтыктардын бузуктугунан улам аларды колдонгон аскерлердин баш бармактары үзүлгөн.24 Бул мылтыктардан жаракат алган аскерлер Ж.П. Морганды сотко беришип, бирок утулуп калышкан. Себеби ал доордо соттор көбүнчө «ууру барондордун» пайдасына чечим чыгарышчу.25
In 19th-century factories and other industrial enterprises, Social Darwinist and capitalist practices were imposed in their most savage forms. Employers with that mindset regarded workers' lives as worthless and thought of their own interests only. |
Ошол доордун капиталист жумуш берүүчүлөрүнүн бири ага жумушчулары үчүн коргоочу бир чатыр кур деп айткандарга "жумушчулар черепицалардан арзан" деген жоопту бериши ал доордун таш боордугунун дагы бир мисалы.26
Бул заалымдыктардын баарынын түбү изилденгенде, дарвинизмдин таасири апачык көрүнөт. Адамды өз ойунда бир айбан түрү деп кабыл алган, кээ бир адамдар азыраак өнүккөн, жашоо күрөш мекени жана күчтүү гана жеңет деген калпты кабыл алган бир дүйнө көз-карашынын натыйжалары, албетте, таш боордук, мээримсиздик жана азап болот.
Жапайы капитализмдин жактоочулары болгон ишкерлердин көпчүлүгү негизи Аллахка ишенген адамдар болуп тарбияланышкан эле. Бирок кийин дарвинизмдин калптарынын таасиринде калып, ыйманын жоготуп, адашышты. Мисалы, 19-кылымда болот индустриясынын алдыңкы ысымдарынан атактуу америкалык ишкер Эндрю Карнеги (Andrew Carnegie) башында Христиандыкка моюн сунчу, бирок кийин дарвинизмдин калптарына алданган. Карнеги өмүр баянында өзүнүн жана көп досторунун кантип дарвинизмдин таасиринде калганын ачык айтчу.
Бирок Карнеги чындык деп кабыл алган эволюция теориясы баштан аяк чоң бир жалган жана көз бойомочулук болчу. Кийинки жылдары илим дүйнөсүндөгү өнүгүүлөр бул көз бойомолуктун чыныгы жүзүн көрсөттү. Бирок ал доордо көп адамдар сыяктуу, кээ бир ишкерлер да али бул чындыкты түшүнүшкөн эмес эле. Карнеги менен бир катага түшкөн башка ишкерлер да дарвинисттик көз-караштар натыйжасында жапайы капитализмди кабыл алышкан эле. Бул алардын көбүрөөк акча табуу үчүн таш боордук менен атаандашууну, адамдардын өмүрүнө маани бербөөнү, башкалардын жакшылыгын ойлоодон качынууну кадыресе кабыл алышына себеп болду.
Дарвинизм калпына алданган Карнеги атаандаштыкты жашоонун сөзсүз болчу бир мыйзамы деп ойлогон жана бүт жашоо философиясын бул калптын негизинде курган. "Атаандаштык мыйзамы кээ бир адамдар үчүн оор болсо да, раса үчүн эң жакшы жана мунун урматында ылайыктуулар гана өмүрүн улантат" деп айтчу.27
Карнегини эң алгач дарвинизм менен тааныштыргандар болсо ага Нью-Йорк университетинин бир профессорунун үйүндө жолуккан "жаңы бир "адамзат динин" издеген (калп эле) эркин жана сабаттуу ойчулдар" эле.28 Карнегинин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болсо – Дарвинди ээрчигендердин жана социал дарвинизмдин эң алдыңкы ысымдарынын бири Герберт Спенсер эле. Спенсер көптөгөн америкалык ишкерлерге таасир берген. Ал ишкерлер ошол учурдагы шарттардын таасири менен Спенсер менен Дарвиндин бузуку көз-караштарын кабыл алышып, мунун аларды жана алар жашаган коомду кандай туңгуюкка салаарын түшүнө алышкан эмес эле.
In the 19th century, not even children were pitied, being forced to labor for long hours at exhausting jobs. |
Америка табият тарыхы музейинен антрополог жана The Encyclopedia of Evolution (Эволюция энциклопедиясы)нын автору Ричард Милнер (Richard Milner) ошол доордун ишкерлеринин дарвинизмдин таасиринде калышын айтып берип жатып, Карнегинин дарвинизм менен байланышына төмөнкүчө токтолгон:
... Карнеги соода жашоосунда адамды жана дүйнөнү эзген, атаандаштыкта эзип өткөн жана кылгандарын социал дарвинизм философиясы менен "кадыресе" кылып көрсөткөн, күчтүү жана таш боор бир ишкер жолунда көтөрүлдү. Ишкер атаандаштыктын алсыздарды жок кылып, коомго кызмат кылаарына ишенчү. Ишкердик жашоосунда өмүрүн уланта алгандар "ылайыктуулар эле" жана ушул себептен статуска жана сыйлыкка татыктуу болушкан. Карнеги капиталисттик этиканы бир табият мыйзамына айлантты.29
Карнеги жана ал сыяктуу ойлонгон ишкерлердин күчтүү жана таш боор болууну сооданын бир бөлүгү катары көрүшү абдан чоң жаңылыштык. Адамдардын күн өткөрүү, бейпил жана комфорттуу жашоо үчүн соода менен алектениши толук кадыресе (табигый) нерсе. Бирок соода кылууда башка адамдардын зыян тартышына себеп болуу, өз кызыкчылыгы үчүн башка адамдардын оор шартта калышына көз жумуу, өз күчүн арттыруу үчүн алсызыраактарды болушунча эзүүгө аракеттенүү такыр туура эмес. Аллах адамдарга бүт чөйрөдө сыяктуу соодада да чынчыл жана туура болушун, муктаждардын укуктарын коргоп, аларды колдоону буйруган. Алсыздарды эзүү менен жана ал тургай аларды толук жок кылууну максат кылуу менен коомдун кызыкчылыгын көздөдүм деп айтуу болсо чоң бир калп гана.
Карнеги кийинки жылдары да маектеринде, интервьюларында, китеп, макалаларында жана жеке каттарында дайыма дарвинист пикирлерди айткан. Тарыхчы Йозеф Ф. Уолл (Joseph F. Wall) Andrew Carnegie аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт:
Карнеги жарыкка чыккан макала, китептеринде гана эмес, ошол учурдун ишкерлерине жазган жеке каттарында да социал дарвинисттик ишеним системасына көп жолу кайрылуу жасаган. "Эң ылайыктуунун өмүрүн улантышы", "расанын өнүгүшү" жана "жашоо күрөшү" сыяктуу сүйлөмдөр калеминен оңой гана төгүлчү. Соодага чоң бир атаандаштык күрөшү катары баа берчү.30
John D. Rockefeller |
Социал дарвинизмдин пикирлерине сугарылган адамдардын дагы бири – бул атактуу америкалык өнөр-жайчы Жон Д. Рокфеллер (John D. Rockefeller) эле. Рокфеллердин "Сооданын өсүшү – бир гана ылайыктуунун өмүрүн улантышы... бир табият мыйзамынын иштеши..."31 деген сөзү да мунун далилдеринин бири.
Дарвинизмдин ишкердик дүйнөсүнө таасиринин эң даана мисалдарынын бирин Спенсердин Америка саякатынан көрүүгө болот. Ричард Хофштадтер (Richard Hofstadter) Social Darwinism in American Thought (Америка көз-карашында социал дарвинизм) аттуу китебинде муну мындайча баяндайт:
Коноктору Спенсердин ойлорундагы детальдарды толук түшүнө алышпаса да, расмий тамактар анын Кошмо Штаттарда канчалык популярдуу экенин көрсөткөн. Спенсер Англияга кайтуу үчүн кеме бортунда турганда, Карнеги менен Юманстын (Youmans) колдорун кармап, журналисттерге мындай деди: "Мына америкалык эң жакшы эки досум." Спенсердин ою боюнча, бул кыймыл – көңүлүндөгү жеке жакындыктын көп кайталанбаган бир көрсөткүчү эле. Бирок андан дагы, соода маданиятынын көз-карашы менен жаңы билимдин (социал дарвинизмдин) дал келүүчүлүгүн көрсөтүп жаткан.32
Кээ бир капиталисттердин социал дарвинизмди кабыл алышынын себептеринин бири – бул агымдын бузуку пикирлеринин бардар адамдардын мойнунан жакырлардын алдындагы жоопкерчиликти алышы эле. Ахлактык баалуулуктар сакталган коомдордо байлардын жакыр жана коргоого муктаждарды карашы, аларга жардам бериши күтүлсө, социал дарвинизмдин таш боор тажрыйбалары менен бул жакшы сапаттар жок кылууга аракет кылынган. Илимпоз Айзек Азимов (Isaac Asimov) The Golden Door: The United States from 1876 to 1918 (Алтын эшик: 1876-жылдан 1918-жылга чейин Кошмо Штаттар) аттуу китебинде социал дарвинизмдин бул таш боор тарабы жөнүндө мындай деген:
Andrew Carnegie |
Спенсер "эң ылайыктуу өмүрүн улантат" деген сөздү айтты, жана мисалы, 1884-жылы иштей албай турганчалык жарамсыз же болбосо коомго жүк болгон адамдарды жардам берүү объекти кылуунун ордуна, аларды өлтүрүүгө уруксат берүү керек деп жактады. Муну кылуу үчүн болсо ылайыктуу эмес индивиддерди тазалоо жана расаны күчтөндүрүү керек эле. Бул – адамзаттын эң жаман каалоолорун кадыресе көрсөтүү үчүн колдонууга мүмкүн болгон коркунучтуу бир философия эле.33
Жапайы капитализмди ишке ашырган ысымдар дарвинизмди колдошсо, дарвинисттер да ал адамдарды колдошкон. Мисалы, социал дарвинизмдин алдыңкы сөзмөрлөрүнөн Уильям Грэм Самнер (William Graham Sumner) миллионерлер коомдогу "эң ылайыктуу адамдар" деген догмасын айткан. Жана ушул себептен алар өзгөчө укуктарга ээ, атаандаштык жарышында табигый тандалышты деген сыяктуу логикасыз жыйынтыктарды чыгарган.34 Философия профессору Стивен Асма (Stephen Asma) социал дарвинизм жөнүндө The Humanist журналындагы макаласында Спенсердин капиталисттерди колдогону жөнүндө мындай деген:
Спенсер "эң ылайыктуу өмүрүн улантат" деген сөзүн айтты, Дарвин болсо бул сөздү кабыл алып, Түрлөрдүн келип чыгышы китебинин кийинки басмаларында колдонду... Спенсердин америкалык тараптарлары болгон ишкерлер Жон Д. Рокфеллер менен Эндрю Карнегинин ою боюнча, социалдык иерархия табияттын чайпалбас жана ааламдык мыйзамдарын чагылтат эле. Табият күчтүү өмүрүн уланткан, алсыз болсо жок болгон абалда өнүгөт эле. Бул көз-караш боюнча, жашай алган экономикалык жана социалдык түзүлүштөр башкаларына салыштырмалуу "күчтүүрөөк" жана жакшыраак. Бул түзүлүштөрдүн анчалык күчтүү эместери болсо апачык жок болуп кетишти.35
Чынында болсо, мурда да айтып кеткендей, коомдордун алга жылышын камсыздаган негизги элемент – бул руханий баалуулуктар жана бул баалуулуктардын сакталышы. Жардамдашуу жана көмөктөшүү руху күчтүү болгон, адамдар бир-бирине сүйүү, мээрим жана урмат менен мамиле кылган коомдордо экономикалык шарттардагы кыйынчылыктар биримдик маанайы менен оңой гана ашып өтүлөт. Бирок адамдык мамилелер жоголгон, бүт адамдар башкаларды атаандашы катары гана көргөн, мээрим жана түшүнүү болбогон бир коомдо экономикалык бир өнүгүү болсо да, кыйратуучу чоң маселелер пайда болот. Ошондуктан, коомдогу бардык адамдардын бакубаттыгын жана жашоо сапатын көтөрүүчү чараларды көрүү, адамдар бир гана экономикалык эмес, руханий да коопсуздук ичинде боло турган бир чөйрөнү түзүү зарыл. Мунун болсо чыныгы дин ахлагынын жашалышы менен гана мүмкүн экени анык. Дин ахлагына туура келбеген эч бир агым менен идеология, өтмүштө жана учурда көптөгөн мисалдары менен далилденгендей, адамдар эңсеген бакубаттык, бейпилдик жана коопсуздукту эч камсыз кыла алышпайт.
Бул жерге чейин айтылгандардан көрүнүп тургандай, 19-кылымда пайда болгон таш боор капиталисттер иш-аракеттерин дарвинизмге таяшкан. Күчтүү менен байлардын гана жашоого акысы бар деген, жакырлар, алсыздар, майыптар, оорулуулар "ишке жараксыз жүктөр" жана ошондуктан мүмкүн болушунча эзилиши керек деп жактаган дарвинист капиталисттер 19-кылымдан баштап көп өлкөлөрдө заалым система курушкан. Мындай таш боор атаандаштык чөйрөсүндө адамдарды эзүү, сиңирүү, коркутуу, жаралоо, ал тургай өлтүрүү да "кадыресе" кабыл алынып, ар түрдүү ахлаксыз жана мыйзамсыз иш-аракет "табияттын мыйзамдарына ылайык" деп саналгандыктан, андан кайтаруу жана аны сындоо болгон эмес.
Бул система учурда да дин ахлагы жашалбаган көп өлкөлөрдө уланууда. Бай менен кедейдин арасындагы айырма барган сайын чоң ылдамдык менен өсүп бараткан бул өлкөлөрдө муктаж адамдардын шарттары көрмөксөндүк кылынууда. Социал дарвинизмдин жалган пикирлери боюнча, жакырларды коргоо жана кароо табият мыйзамдарына терс кабыл алынгандыктан жана бул адамдар коомго жүк катары көрүлгөндүктөн, кыйналгандар менен кедейлерге жардам колу сунулбоодо.
Бир өлкө ичиндеги адамдардын бакубаттык деңгээлдеринде эле эмес, өлкөлөр арасы бакубаттык деңгээлинде да чоң айырмачылыктар бар. Өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө бакубаттык деңгээли барган сайын өсүп баратса, көптөгөн Үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө ачарчылык, оору, кырсыктар менен жакырлык уланып, адамдар кароосуздуктан жана ачтыктан өлүшүүдө. Чынында болсо, акыл жана абийир менен колдонулса, дүйнөнүн ресурстары бүт адамдарга бакубаттык берүүгө жетишээрлик даражада көп.
The world has enough resources for everyone, but these must be used in a rational and caring manner. Food goes to waste in many parts of the world, while people in many other countries are dying from starvation and poverty. If these people are to attain justice, the Social Darwinist mentality must be entirely eradicated. |
Дүйнө ресурстарынын адилеттүү колдонулушу, кедей жана кароого муктаждардын, ачарчылык жана кедейчиликте ташталгандардын адамдык шарттарда жашашынын камсыздалышы үчүн дарвинизмдин бүт дүйнөдөгү пикирдик таасири жок кылынышы шарт. Дарвинисттик көз-караш менен түшүнүктүн ордун Куран ахлагын сиңирген бир түшүнүк ээлегенде, мындай маселелер өзүнөн-өзү чечилет. Себеби социал дарвинизм алсыздардын эзилишин, "чоңдордун кичинелерди жутушун", айоосуз атаандашууну адамдарга сиңирсе, дин ахлагында болсо мээрим, коргоо, жардамдашуу, көмөктөшүү, бөлүшүү бар. Мисалы, Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде "Жанындагы кошунасы ач жатканда, ток абалда түнөгөн адам (толук) момун (ыймандуу) эмес" деп айткан.36 Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бул хикматтуу сөздөрү – Мусулмандардын боорукердик жана мээриминин көрсөткүчтөрүнүн бири.
Аллах көп аяттарында адамдарга сүйүү, мээрим, боорукердик жана башкаларга жакшылык кылууну буйруп, Мусулмандардын сонун мүнөздөрүнөн өрнөктөр көрсөткөн. Социал дарвинизмде бай, бардарлардын кедейлерди жана муктаждарды эзиши, аларды тебелеп көтөрүлүү сыяктуу бир зулумдук турса, Ислам ахлагында байлардын муктаждарды коргошу буйрук кылынган. Раббибиз бул жөнүндө билдирген аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Силердин араңардагы пазилет (илим) ээлери жана бай-бардар жашагандар туугандарына, мискиндерге (жакырларга) жана Аллах жолунда хижрат кылган (көчкөн) кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин. Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн... (Нур Сүрөсү, 22)
Сенден эмнени садака кылууну сурашат. Айткын: "Жакшылык катары садака кыла турганыңар ата-энеге, жакындарга, жетимдерге, жакырларга жана жолдо калгандарга... (Бакара Сүрөсү, 215)
... Эми булардан жегиле жана кыйынчылык тарткан жакырларды да тойгузгула. (Хаж Сүрөсү, 28)
Алар намаздарында бекем. Жана алардын мал-мүлкүндө белгилүү бир акы бар: жакыр жана кедей(лер) үчүн. (Меариж Сүрөсү, 23-25)
Өздөрү аны жактырышса да, тамакты кедейге, жетимге жана туткунга жедиришет. "Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз. Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган оор күндөн (кыяматтан) коркобуз.» (Инсан Сүрөсү, 8-10)
Nothing changed, despite the passing of one hundred years. Yet the world's resources are rich enough for everyone to live in comfort. What needs to be disseminated is the altruism, cooperation and solidarity required by religious moral values. |
Аллах Куранда жакырга жана алсызга жардам бербегендердин тозокко түшөөрүн да билдирүүдө:
Кылмышкер-күнөөкөрлөрдү; "Силерди ушул тозокко айдап-түрткөн эмне?"
Алар: "Биз намаз кылгандардан эмес элек" дешти.
Images of Great Britain in the second half of the 19th century. While part of the country enjoyed wealth and well-being, another lived in poverty. |
"Кедейди тамактандырчу эмеспиз." (Мүдессир Сүрөсү, 41-44)
Андан кийин аны узундугу жетимиш арш болгон бир чынжырга байлап ал жакка киргизгиле. Себеби, ал улуу Аллахка ыйман келтирген эмес. Кедейге тамак берүүгө чакырбайт эле. Ошондуктан, бүгүн ага эч кандай жакын дос жок. (Хакка Сүрөсү, 32-35)
Мобул маанилүү чындыкты да унутпаш керек: бүт адамдарга байлык жана ийгилик берген – бул бүт мүлктүн жана бүт ааламдын ээси болгон Улуу Аллах. Бир адам "жашоо күрөшүндө" өлөөрчө атаандашып, алсыздарды эзип күчтөнгөнү үчүн бай болбойт. Ар бир адамга бардык мал-мүлктү Аллах берген. Аллах байлыкты адамдар арасында аларды сыноо үчүн бөлүштүрүүдө. Бай бир адам чынында бул мал-мүлкү менен сыналууда. Аллах бир аятында бул чындыкты мындайча билдирет:
Албетте, Биз жер бетиндегилерди ага бир кооздук кылдык; алардын кайсысынын жакшыраак иш-аракет кылаарын сыноо үчүн. (Кехф Сүрөсү, 7)
Демек, адамдын милдети – бул Аллах ага бир немат катары берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү Аллах андан ыраазы боло тургандай кылып пайдалануу. Чын ыкластан ыйман келтирген бир адам колундагы бардык мүмкүнчүлүгүнүн Аллахтын бир берешендиги экенин, Раббибиз кааласа колундагы бүт нерсени андан алышы, же кааласа андан да бир топ көбүн бериши мүмкүн экенин билиши зарыл.
18. Jerry Bergman, "Darwin's Influence on Ruthless Laissez Faire Capitalism," March 2001; http://www.icr.org/pubs/imp/imp-333.htm
19. Robert Hunter, Poverty, New York: Torchbooks, 1965.
20. Jeanne Stellman, Susan Daum, Work is Dangerous to Your Health, New York: Random House Vintage Books, 1973.
21. Otto Bettmann, The Good Old Days! They Were Terrible! New York: Random House, 1974, p. 68.
22. Ibid., p. 70.
23. Howard Zinn, A People's History of the United States, New York: Harper Collins, 1999, p. 255.
24. Ibid.
25. Bettmann, The Good Old Days! They Were Terrible!, p. 71.
26. Ibid.
27. Kenneth Hsu, The Great Dying; Cosmic Catastrophe, Dinosaurs and the Theory of Evolution, New York, Harcourt, Brace, Jovanovich, 1986, p. 10.
28. Joseph F. Wall, Andrew Carnegie, New York: Oxford University Press, 1970, p. 364.
29. Richard Milner, Encyclopedia of Evolution, 1990, p. 72.
30. Wall, Andrew Carnegie, p. 389.
31. William Ghent, Our Benevolent Feudalism, New York: Macmillan, 1902, p. 29.
32. Hofstadter, Social Darwinism in American Thought, p. 49.
33. Isaac Asimov, The Golden Door: The United States from 1876 to 1918, Boston: Houston Mifflin Company, 1977, p. 94.
34. Milner, Encyclopedia of Evolution, p. 412.
35. Stephen T. Asma, "The New Social Darwinism: Deserving Your Destitution," The Humanist, 1993, 53(5):11, 10/3.
36. Sahih al-Bukhari, Al-Adab Al-Mufrad; al-Hakim and al-Baihaqi.