Дарвин-Гитлер Коалициясынын Натыйжасы: 40 Миллион Өлүк

Социал дарвинизм жөнүндө бул жерге чейин айтылгандардан соң, дүйнө тарыхынын эң ири геноциддеринин биринин куруучусу болгон жана тарыхка эң таш боор жана заалым өкмөттөрдүн бири катары келген немецтик фашисттердин да социал дарвинизм менен тыгыз байланышта болушканын айтуу таң калыштуу болбойт.

Гитлердин жана фашисттик идеологдордун жазгандары, сүйлөгөн сөздөрү менен башка документтер изилденгенде, расист, зомбулукчу жана согушчу саясаттарын дарвинизмге таяшканы ачык көрүнүп турат.

Гитлердин малчылардай болуп адам урпагын тазалайм деп ойлошу; Арий расасын «кирдетип жатат» деп ойлогон расаларды, генетикалык оорулууларды жана алсыздарды жок кылуу керек деши; миллиондогон адамдарды өлтүрүүнү таш боордук менен буйрушу – анын адамдарды айбандай көргөндүгүнүн жана дарвинизмге болгон жакындыгынын кээ бир далилдери. Фашисттик геноцидден аман калгандардын бири Александр Кимел (Alexander Kimel) «Фашисттик террор» аттуу макаласында социал дарвинизм менен фашизмдин байланышына басым жасап, социал дарвинизмге ишенген фашисттердин адамдарга кандайча болуп боор оорубастан айбандай мамиле кылганын түшүндүргөн:

Фашизм социал дарвинизмди кабыл алып адамдарды айбандарга теңеди, колдорундагы жеке тандоо эркиндигин, өзү үчүн ойлонуу жөндөмүн алды. Таш боордук, террор, жалган жана адамдын адам тарабынан таш боордук менен эзилиши кадыресе көрүнүшкө айланды. Эгер адамдарды айбандар сыяктуу табигый тандалуу мыйзамдары башкарса, адамдын аң-сезиминдеги кудайдык жалын алынганда, адамдарга айбандар сыяктуу мамиле кылынышы мүмкүн: жасалма көбөйтүлүшү жана бодо малдардай мамиле көрүшү мүмкүн. Мисалы, согуш менен согуштун каалагандай башкарылышы абдан чоң жоготууларды алып келди. Гитлер болсо абалды жоготууларга тоскоол болуу аркылуу эмес, көбөйүү ыкмаларын өнүктүрүү менен оңдоого аракет кылган. Аушвицте (Ausschwitz) (фашист доктор) Менгеле эгиздерге аларды өлтүрүү, операциялар аркылуу көбөйүү ыкмаларын кантип өнүктүрүү, немец аялдардын төрөө өндүрүмдүүлүгүн кантип эки эселентүү мүмкүн деп "илимий" эксперименттерди жасады. Немецтер көбөйүүчү айбандардай кабыл алынды, S.S. алардын чабаны жана фюрерлери болсо тарбиялоочу мыйзамдары эле. Немецтер сыйлык алган бодо малдар, башка улуттар катардагы бодо малдар, ал эми еврейлер болсо зыяндуу курт-кумурскалар катары кабыл алынып, ошого жараша мамиле кылынган...84

children

Orphaned and neglected children were some of those who came in for the greatest share of Nazi cruelty.

Фашисттер кылымдар бою эч кездешпеген бир геноцид жасап жатышканда, негиз туткан бузуку көз-карашы ушундай эле. Гитлер жактаган "жогорку раса" жалганы бир биологиялык "түр" ичиндеги топтор тең эмес деген калпка таянган. Б.а. Гитлер менен тараптарларынын ою боюнча, кээ бир түрлөр эволюцияда алга жылган, бирок бул түрлөр арасындагы кээ бир индивиддер же топтор артта калган эле. Расизмдин негизин түзгөн мындай бузуку догма Дарвиндин теориясынын эң негизги тараптарынын бири эле. Проф. Карл А. Шлеунес (Karl A. Schleunes) Аушвиц жөнүндөгү китебинде Дарвиндин теориясынын расизмге калп "илимий" бир колдоо көрсөткөнүн мындайча кабыл алат:

Дарвиндин жашоо күрөшү пикири расисттердин жогору жана төмөн адам жана улут түшүнүктөрүн негиздүү көрсөттү жана булардын арасындагы күрөштү тастыктады.85

Эволюционист илимпоздор дал фашисттер каалагандай теориялык негиз түзүшкөн. Мисалы, айбан психологиясынын негиздөөчүсү саналган эволюционист Конрад Лоренц (Konrad Lorenz) расалардын тазаланышын биологиялык түзүлүштөргө салыштырып, мындай деген:

Рактагы сыяктуу, эң жакшы дарылоо – бул паразиттерди кыска убакта тукум курут кылуу. Дайыма коом үчүн көйгөй болгон төмөн адамдардын социалдык таасирлерине каршы евгеникалык коргонуу ыкмаларын колдонуу керек... Бул төмөн элементтер (таза) бир коомдун ичинен натыйжалуу тазаланбаганда –жаман мүнөздүү бир шишик клеткаларынын бүт адам денесинде ыкчам көбөйүшүнө уруксат берилген сыяктуу- өздөрүн да, аларды тамактандырган денени да жок кылышат.86

Кээ бир расаларды же коом ичиндеги алсыз жана муктаж адамдарды бир "рак" сыяктуу көрүү жана аларды таш боордук менен тазалоону каалоо – эч түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон бир жапайылык жана жырткычтык. Фашисттик идеологдор мындай жырткычтыкты дарвинизмдин калптарын айтуу менен калп "илимдин" маскасына жашырууга аракет кылышкан. Race and Reich (Раса жана хан) аттуу китептин автору Ж. Тененбаум (J. Tenenbaum) фашисттик саясаттардын дарвинизм менен кантип калыптанганын мындайча баяндаган:

Күрөш, тандалуу жана эң ылайыктуунун өмүрүн улантышы... бул түшүнүктөрдүн баары жана байкоолор Дарвин тарабынан айтылган. Бирок андан мурда да, он тогузунчу кылымдын немец социал философиясында бул түшүнүктөр кабыл алынып баштаган эле... Мунун бир натыйжасы катары, немецтер жогору раса деген ишенимге таянган бүт дүйнөнү башкаруу доктринасы өнүктү. Бул доктрина ошол эле учурда немец мамлекети менен алсыз улуттар арасындагы "балка менен баталга" мамилесине таянган эле.87

Тененбаум фашисттердин саясий системаларын толугу менен дарвинизмге карап аныкташканын айтып берген соң мындайча улантат:

Саясий сөздүктөрү жер, күрөш, тандалуу жана урпактын түгөнүшү сыяктуу сөздөргө толо эле. Логикаларынын салыштырмасы апачык мындайча айтылган эле: дүйнө – ар түрдүү улуттар жер үчүн күрөшкөн балта кирбеген бир токой. Күчтүү жеңет, алсыз өлөт же өлтүрүлөт...88

rally

Hitler at the Nuremberg rally

Гитлер 1933-жылы Нюрнберг митингинде "жогору расалар төмөн расаларды башкарат... бул табиятта кездешкен бир акы жана жалгыз логикалуу акы" деп айтканда, муну бир табият мыйзамы катары көргөнүн айткан.89 Бирок албетте мындай догмасы менен тарыхтын эң чоң жалгандарынын бирин жактаган.

Гитлердин "Улуттун тагдыры жөнүндө" аттуу докладындагы сөздөрү да дарвинисттик көз-караштарынын кыскача мазмуну:

Жашоонун эң негизги мотивация факторлору арасында өзүн-өзү коргоо жана келечек урпактарды коргоо орун алат. Саясат – бул адамдардын жашоосун улантуу үчүн күрөшүүсү гана. Мындай күчтүү жашоо каалоосу баарына тиешелүү жана бүт улутту багыттайт. Жашоо каалоосу күрөшкө түртүшү керек, себеби бул каалоону канааттандыруу мүмкүн эмес, бирок ал жашоонун негизи. Жашай турган жер чектүү. Ошондуктан адамгерчиликке караганда жашоодо таш боордук негизги нерсе! Адам конфликттер жана көпкө уланган күрөштөр натыйжасында дүйнөнү ээлеген. Бул адамгерчиликтин эмес, күч жана өкүмдарлыкка жеткен күчтүн жогорулугу. Расалар арасында айырмалар бар. Дүйнө маданиятын тандалган класстан (элиталардан) алган. Бүгүн көзгө көрүнгөндүн баары арийлердин эмгектеринин жана ийгиликтеринин бир натыйжасы. Бирок ар бир расанын ичинде натыйжага алып баруучу негизги фактор – ал тарбиялап чоңойткон өзгөчө инсандар. Адамзаттын калыбын демократиялык көпчүлүк эмес, өзгөчө инсандар аныктаган.90

Germany

An image of Germany in 1945

Гитлердин тантыган сөздөрүнөн апачык көрүнгөн мындай бузуку пикирлер ошол доордо көп адамдарга таасир берген. Караңгылыктын да таасири менен он миңдеген адамдар Гитлердин ойдон чыгарган бул гипотезаларын ээрчишкен. Жогоруда да айтылгандай, коомдорду алга күрөш каалоосу же жашоо үчүн айоосуз күрөш жылдырбайт. Ар бир коом бай болуу жана жакшы жашоо үчүн аракет кылат, бирок мындай аракеттин ийгиликке жетиши ал коомдун руханий жана ахлактык баалуулуктарга берген мааниси менен түз байланыштуу. Башкаларды жок кылууга аракеттенүү, эч токтобогон зордук-зомбулук бүт тараптарга кыйроо алып келет. Расалар арасындагы тышкы же маданий айырмалар болсо булардын бирин башкасынан жогору кылуучу өзгөчөлүктөр эмес. Тескерисинче мындай айырмалар тынчтык жана бейпилдик орун алган чөйрөлөрдө маданий байлыкты камсыз кылган баалуу элементтер.

Дин ахлагы да мындай айырмаларды маданий бир байлыкка айлантууну талап кылат. Аллах адамдарга, шарттар кандай гана болбосун, кечиримдүү болууну, адилеттүүлүктөн эч тайбоону, башка адамдарга боорукердик жана мээрим менен мамиле кылууну буйруган. Ыйман келтиргендер Аллахтын ар түрдүү раса жана улуттарды жаратышынын көп терең сырлары бар экенин билет, бир туугандык жана көмөктөшүү маанайында болушат. Адамдарды расаларына карап бөлүү, өзүнүн расасына карап –эч себеби жок туруп- мактанып, бой көтөрүү болсо ыймансыздардын жана Аллахка шерик кошкондордун өзгөчөлүктөрү. Бир аятта каапырлардын өз урпактарын кекенүү менен коргоо амбициялары мындайча кабар берилет:

Ал чындыктан баш тарткандар (каапырлар) өз жүрөктөрүндө «кыжырдуу улут коруучулугун», караңгылыктын «кыжырдуу улут коруучулугун» жасап-күчөтүшкөндө, ошол замат Аллах элчисине жана момундарга «ишеним жана бейпилдик сезимин» түшүрдү... (Фетих Сүрөсү, 26)

Гитлер болсо руханий оорусунун да таасиринен бул бузуку көз-караштарын жактоону улантып, Дарвиндин теориясынын өз көз-караштарына мынчалык окшоштугун негизсиз пикирлерин жайуу үчүн жакшы бир материал катары көргөн. Гитлердин дарвинизмге болгон жакындыгы али 1925-жылы жарыкка чыккан Урушум аттуу китебинде эле көрүнүп турган. Мисалы китебинин 4-бөлүмүндө дарвинизм ийгиликтүү бир Германия үчүн жалгыз негиз деп айткан. Darwin: Before and After (Дарвин: мурда жана кийин) китебинин автору Кларк Гитлердин дарвинизмге болгон жакындыгы жөнүндө мындай жоромол жасаган:

Эволюциялык пикирлер –болушунча ачык негизде- Mein Kampf'тын (Урушум) эң жаман бөлүмдөрүнүн жана (Гитлер) элге жасаган докладдарынын булагы. Гитлер жогору раса дайыма төмөн расаны жеңет деген жыйынтыкка келген.91

cruelty

Hitler and the Nazis reinforced their perverted ideas—the product of their own mental instabilities— with Social Darwinist statements, and carried out the worst slaughter in world history.

The Day Nazi Germany Died (Фашисттик Германия өлгөн күн) аттуу китептин автору Беату Уайлдер-Смит (Beate Wilder-Smith) болсо фашисттик доктринанын негизинин эмне экенин мындайча айткан:

Фашисттик теориянын жана доктринанын эң негизги принциптеринин бири – бул... эволюция теориясынын (жана) ...бүт биологиянын жогору көздөй эволюциялашы жана начарыраак өнүккөн түрлөрдүн активдүү тукум курут кылынышы керек экендиги (жана) ...табигый тандалууга көмөкчү болууга мүмкүн экени жана көмөкчү болуу керек экендиги... ушул себептен (фашисттер) «начар өнүккөн деп санаган еврейлерди жана... караларды жок кылуу үчүн саясий мыйзамдарды кабыл алышты...92

Проф. Жорж Ж. Штейн (Prof. George J. Stein) болсо American Scientist журналындагы "Biological Science and the Roots of Nazism" (Биологиялык илимдер жана фашизмдин тамырлары) темалуу макаласында Гитлердин социал дарвинисттик көз-караштары жөнүндө мындай деп жазган:

... Немец социал дарвинизми Германиянын бүт тарабында билинчү жана кабыл алынчу, ал тургай, илимпоздор да кошо көп немецтер илимий жактан туура деп билишчү. Жакынкы убактарда национал социализм менен Гитлер жөнүндө жасалган илимий изилдөөлөр бул чындыкты байкай баштады... (Дарвин теориясынын практикасы) Фашизмдин эң ачык өзгөчөлүгү эле. Национал социалисттик "био-саясат"... Радикалдуу теңсиздик жөнүндөгү мистикалык-биологиялык бир саясат; жашоо үчүн түбөлүк бир күрөшкө таянат жана эң ылайыктуунун жашашын табияттын мыйзамы катары кабыл алат жана табигый тандалууну бир коомдук саясатка айлантуу үчүн мамлекеттин күчүн колдонот...93

main kampt

Hitler's book Mein Kampf included a great many Darwinist statements.

Проф. Штейн макаласында немец социал дарвинизминин негизинде "адам айбандан айырмасыз бир жандык" догмасынын турганын айтат жана мындай дейт:

Немец социал дарвинизминин кыскача мазмуну мындайча эле... адам жогору же адамдык өзгөчөлүктөргө ээ эмес эле жана табияттын бир бөлүгү гана эле. Башка тараптан, немецтер биологиялык жактан жогорураак бир коомдун мүчөлөрү эле... Саясат – биология мыйзамдарынын жөнөкөй бир ишке ашырылыш эле. Негизи Гегель менен анын курдаштары болгон социал дарвинисттер национал социализмдин негизги гипотезаларына айлана турган пикирлерди иштеп чыгышты... Мамлекеттин орган катары кызматы – евгеника жана жасалма тандалуу (тандоо) эле...94

Штейн макаласында апачык айткандай, национал социалисттердин бул жаңылыштыктары ондогон өлкө катышууга мажбур болгон бир дүйнөлүк согушка негиз түздү. Дарвиндин оюнан чыгарган теорияларына таянып күчтөнгөн фашизм дүйнө тарыхында аз кездешчү бир балээни куруучусу болду. Бул ушунчалык чоң балээ болуп, миллиондогон адамдар көз жумушту жана шаарлар картадан өчүрүлдү. Эң чоң зыянга болсо фашисттик идеологдор пропагандаларында көп күчкө ээ болуп, алга жылат деген немец коому кабылды. Күрөштүн, согуштун, таш боордуктун, башка улуттарды жок кылууга аракеттенүүнүн бир улутту эч алга жылдырбашына адамзат дагы бир жолу күбө болду.

Гитлер болсо өмүр бою фашисттердин өздөрүн жана башка адамдарга болгон көз-карашын кыскача баяндаган "биз фашисттер... варварбыз. Варвар болгубуз келет. Бул урматтуу бир наам жана муну менен дүйнөнү жашартабыз."95 сөздөрү менен жаңылыштыктарынан эч артка кайтпады.

hitler

Сэр Артур Кейт айткандай, эволюционист Гитлер Германиянын тажрыйбасын эволюция теориясына ыңгайлаштыруу үчүн пландуу аракет кылган эле.96 Кейт, мындан тышкары, эволюция теориясы, Гитлер жана согуш үч бурчтугу жөнүндө мындай дейт:

Эгер согуш эволюциянын баласы болсо –жана мен ушундай экенине ишенем- анда эволюция "акылынан адашкан", жана уруулардын, улуттардын жана ар түрдүү расалардын атаандаштыгында ушунчалык таш боор болгондуктан, өнүгүүгө тоскоол болуучу бир ролду аткарган. Эволюциялык мыйзамдар адам табиятына зордук менен кабыл алдырган жазалардан аны куткаруудан башка, согуштан кутулуунун эч бир жолу жок.97

Питер Хоффман (Peter Hoffman) болсо Hitler's Personal Security (Гитлердин жеке коопсуздугу) аттуу китебинде Гитлердин дарвинисттик көз-караштары жөнүндө мындай дейт:

Гитлер күрөшкө ар бир адамды башкаларынан өйдө болуу үчүн аракеттенүүгө мажбурлаган дарвиндик бир принцип катары ишенди; күрөш болбосо чирип, жок болушмак... 1945-жылы апрельде жеңилгенде да Гитлер "күчтүү жашайт" деген ишенимин айтты жана славяндардын өздөрүнүн күчтүүрөөк экенин далилдегенин жарыялады.98

Кыскасын айтканда, көптөгөн тарыхчы жана изилдөөчүнүн көз-караштарынан, ошондой эле Гитлердин жазгандарынан жана сөздөрүнөн да апачык көрүнүп тургандай, фашизм дарвинизмден кубат жана таяныч алган эле. Гитлер менен башка фашист лидерлер бир канча "илимий" аргументтерди колдонуу менен, бүт жеке психопатия, таш боордук жана заалымдыктарын дарвинизмге таяп, өз ойлорунда кадыресе көрсөтүшкөн. Негизи мындай бир идеология жана психологияны иштеп чыгышына себеп болгон маданий чөйрө да жогору деңгээлде социал дарвинизмдин издерине ээ эле. Алдыда карала тургандай, Эрнст Гегель сыяктуу күчтүү дарвинисттердин колу менен Германияга кирген социал дарвинизм 20-кылымдын алгачкы жарымында бүт немец коомуна терең таасир берип, бузган жана фашизмге кабылышына себеп болгон эң маанилүү аң-сезимдик негизди түзгөн эле.

Фашисттик Германияда эволюция жана согуш

conflict

Социал дарвинизмдин бузуку пикирлери боюнча, согуш – коомдорду алга жылдыруучу жана эң ылайыктуунун тандалышын, алсыздардын болсо эленишин камсыздоочу бир жол. Бул бузуку агым согушту алсыз расаларды жок кылганы үчүн гана эмес, ошол эле учурда "жогорку раса" арасындагы алсыз мүчөлөрдү жок кылганы үчүн да позитивдүү бир күч катары кабыл алат. Ушул себептен социал дарвинизм согушту кабыл алат жана стимулдайт. Фашисттер да социал дарвинисттик логика менен согушчулдукту кабылдашкан. Роберт Кларк Darwin: Before and After (Дарвин: мурда жана кийин) аттуу китебинде Гитлердин согушка болгон көз-карашы жөнүндө Урушум китебин булак көрсөтүү менен төмөнкү маалыматтарды берген:

Гитлердин Бириккен улуттар уюмуна, согушка жана тынчтыкка болгон көз-карашы бир эле принциптерге таянат. "Бир дүйнө соту... бир тамаша болмок... Табият толугу менен күчтүн жана алсыздын күчтүү бир күрөшү, күчтүүнүн алсызды дайыма жеңиши. Эгер мындай болбогондо, табиятта чирүүдөн (бузулуудан) башка нерсе болмок эмес. Бул эң негизги мыйзамды тебелеген мамлекеттер бузулат. Жашай турган согушушу керек. Дайыма уланчу күрөш жашоонун бир мыйзамы болгон бул дүйнөдө согушкусу келбегендин жашоого укугу жок." Башкача ойлонгон табиятты "басмырлаган" болот. "Кайгы, бактысыздык жана оору болсо – ал алган катуу жооп".99

nazi war nazi

August 19, 1942: People in the French coastal town of Dieppe murdered by the Nazi garrison. Top right: Germans carrying heavy weapons during fierce fighting on the Norwegian front. Social Darwinist logic caused a great many deaths in the wars of the last century, and a great many countries to be ruined.

Күрөшчү идеология жана согуш истериясы социал дарвинизм менен күчтөнүп, дарвинисттик пикирлер мындай тенденцияларды түрткөн жана бүт коом тарабынан кабыл алынышына себеп болгон абдан күчтүү жана таасирдүү бир катализатор болгон. Расизм, күрөш жана согуш каалоосу ушундайча алгачкы жолу калп "илимий" таяныч тапкан жана илимдин баркына таянып, коомго жокко чыгарууга мүмкүн эмес бир чындыктай сунулган.

Auschwitz

People dying or about to die of starvation at the Auschwitz concentration camp, in which between three and four million people were killed. The Nazis' obsession with the false idea of the master race, which they based on social Darwinism, led to millions of innocents dying in this manner.

aryan

Many German ideologues perversely believed that war and conflict hastened evolution by causing humanity to progress. The Nazis, believing in the alleged superiority of the Aryan race, sparked World War II in order to make their race even more "pure" and cost the lives of some 40 million people.

Фашисттик доордун эволюционист теоретиктеринен Др. Альберт Эдуард Уиггамдын (Dr. Albert Edward Wiggam) 1922-жылы жарык көргөн китебинде жазгандары ошол кездерде Германиянын көз-караш дүйнөсүндө абдан көп кездешкен "жалгандардын" бирин көрсөтүшү жагынан кызыктуу:

Бир кездерде адамдардын мээлери жээндери болгон адам сымал жандыктардан бир аз чоңураак эле. Бирок тебинүү менен, тиштөө менен, согушуу менен... жана душмандарын куулук менен жеңүү аркылуу жана буларды кылуу мүмкүнчүлүгү жокторду өлтүрүү менен адамдардын мээлери чоңойду жана көлөм жагынан болбосо да шамдагайлык жана акыл жагынан өнүктү.100

Толугу менен оорулуу бир мээнин түшүмү болгон мындай ойдон чыгарылган "эволюциялык тарыхтан" чыгарылган жыйынтык болсо ачык эле: фашисттердин негизсиз көз-карашы боюнча, согуш узун мөөнөттө оң нерсе эле, себеби эволюционисттер адамзат өлөрчө уруштар менен гана өнүгөт деп жакташкан. Ошол доордун кээ бир "илимпоздору" болсо бул бузуку көз-карашты жакташкан. Мисалы, дарвинизмдин Германиядагы белгилүү жактоочуларынан, Берлин университетинин профессору Гегель өзгөчө Байыркы Грециянын согушчу шаар мамлекети болгон Спартаны мактап, Спарталыктар тандалган бир раса эле жана ошондуктан ийгиликтүү жана жогору болушкан деген. "Ашыкча даражада ден-соолугу чың жана күчтүү балдардан башкасын өлтүрүү Спарталыктарга үзгүлтүксүз бир күч жана сергектик берген" деген.101 Спарталыктардын мындай таш боор дана жырткыч иш-аракеттерин да кадыресе көргөн Гегельдин ою боюнча, Германия да "Спарта салтын колдонушу керек эле, себеби денесинде кемчилиги бар жана оорулуу наристелердин өлтүрүлүшү өлтүрүлгөн наристелердин да, коомдун да пайдасына бир иш-аракет" эле. Гегельдин абийирсиз жана абдан заалым мындай сунуштары – дарвинизмдин илимге сыйбас догмаларынын канчалык бузуку бир логикага негиз болоорун көрсөтүшү жагынан маанилүү бир мисал.

genocide

Hitler and the Nazis' obsession with establishing a master race led to the deaths of millions of innocents, with millions more suffering inhuman treatment for years.

Гегель менен дарвинизм боюнча, бүт өмүрлөр бирдей маанилүү жана корголушу керек экени болгону "көнүмүш бир догма" эле жана калп "илимий" чындыктарга карама-каршы эле.102 Акылы жана логикасы бар эч ким кабыл ала албаган мындай догмалар бир кездерде Германиянын алдыңкылары тарабынан болушунча колдоо көргөн.

Социал дарвинизм бир гана Германияда эмес эле, дүйнөнүн көп жерлеринде, Кудайдык диндер үйрөткөн сонун ахлакты, бул ахлактагы мээрим, коргоо, жардамдашуу, боор ооруу, сабыр көрсөтүү сыяктуу жакшы мүнөздөрдү жокко чыгарган. Бул мүнөздөрдүн ордуна болсо кызыкчылыгына туура келбегенди өлтүрүү, жок кылуу, таш боор жана мээримсиз болуу сыяктуу –чынында адамдын эң чоң адаштыруучусу болгон шайтанга тиешелүү- мүнөздөрдү жогору деп жактаган. Фашисттердин еврей душмандыгынын тамырында да Кудайдан келген диндерге болгон жек көрүү бар эле.

Нео-фашизмдин дүйнөдө уланып жатышы бизге бул оорулуу идеологиянын дагы эле чоң бир коркунуч болуп жатканын көрсөтүүдө. Бир нерсени унутпаш керек: кандай гана атка жамынбасын, социал дарвинизм адамзат үчүн ылайык көргөн жашоо формасында уруш, күрөш, карама-каршылык, кан төгүү, согуш, азап жана коркуу гана бар. Аушвиц сыяктуу өлүм лагерьлери социал дарвинизмдин практикалык чөйрөлөрү; дарвинизм сөзсүз социал дарвинизмди алып келет. Социал дарвинизм кайрадан эгемен болгон бир дүйнөдө болсо жаңы аушвицтер сөзсүз пайда болот.

Гитлер социал дарвинист болгону үчүн заалым эле

Yugoslavs

Three Yugoslavs, whom the German occupying forces killed and put on public display in 1940.

Терең бир дарвинист болгон Гитлер жана башка фашист башчылар жасаган кыргындарынан, адамдарга көп жыл бою азап бергенден улам өздөрүн күнөөлүү сезишкен эмес, ал тургай, өздөрүн бир баатырдай көрүшкөн. Себеби адамзаттын эволюциясын камсыздаган, келечекте "эволюциялашып өнүккөн урпактар" ыраазычылык билдире турган бир куткаруучубуз деп ойлошкон. Бирок бул калп жана алдамчылык эле.

Гитлердин бузуку идеологиясы боюнча топтоо лагерьлери – күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөн, азап тарткан жер эмес, жогорку расанын сакталышы үчүн оорулуу, алсыз, жаман элементтер изоляция кылынган карантин жерлери эле. Гитлер руханий оорулуу жана көз-карашы бузук эле. Мындай оорулуу мээнин түшүмү болгон кооптуу пикирлерин социал дарвинизмдин пикирлери менен кеңейтип ишке ашырган эле. Ушундайча дарвинизм тарыхтын эң чоң кыйроосун алып келген, адамдарга эң чоң азаптарды жана коркууларды жашаткан бир геноциддин жана көп жылдар бою уланган бир согуштун негизги философиясын түзгөн жалган бир илим катары тарыхта калды. Гитлер болсо бул жалган илимдин ишке ашыруучусу катары.

An Infamous Fascist Coalition: Darwin – Haeckel – Hitler

Ernst Haeckel, the foremost representative of Charles Darwin and Social Darwinism in Germany, made the following comment after reading The Origin of Species:

... [I] found in Darwin's great unified conception of nature and in his overwhelming foundation for the doctrine of evolution the solution of all the doubts which had bothered me since the beginning of my biological studies.1

doctors

Nazi doctors blindly implemented eugenicist practices, causing the deaths of millions when they should have been saving lives.

Haeckel imagined that Darwin's book had lifted all his doubts, but was of course mistaken. The theory of evolution, formulated under the primitive conditions of the time, was unable to advance a valid, consistent and (even more importantly) scientific explanation of how life began. In The Wonders of Life, Haeckel summed up his irrational views regarding the human races that he had developed on the basis of Darwinism:

Though the great differences in the mental life and the civilization of the higher and lower races of men are generally known, they are, as a rule, undervalued, and so the value of life at different levels is falsely estimated. … [The] lower races (such as the Veddahs or Australian Negroes) are psychologically nearer to the mammals (apes and dogs) than to civilized Europeans; we must, therefore, assign a totally different value to their lives. … The gulf between [the] thoughtful mind of civilized man and the thoughtless animal soul of the savage is enormous – greater than the gulf that separates the latter from the soul of the dog.2

These claims of Haeckel's were devoid of any scientific foundation. Nonetheless, his beliefs were adopted by a great many people as scientific fact. Haeckel also developed a kind of materialist belief from the theory of evolution, which he gave the name monism. This perverted idea entirely rejected the existence of the soul and reduced everything to matter. Haeckel wrote:

... we are for the first time enabled to conceive of the unity of nature ... [so that we may have] a mechanico-causal explanation of even the most intricate organic phenomena, [the result being that] the distinction between animate and inanimate bodies does not exist. ... [All natural phenomena, whether] a stone … thrown into the air ... [or] sulphur and quicksilver ... [uniting] in forming cinnabar ... [are] neither more nor less a mechanical manifestation of life than the growth and flowering of plants, than the propagation of animals or the activity of their senses, than the perception or the formation of thought in man.3

In fact, Haeckel was deceiving himself by imagining that he had found the answers to many questions with a materialist perspective. The materialist view, that there is no difference between animate and inanimate bodies and that everything has a mechanical explanation, has been dealt a severe blow by scientific progress and research carried out in the 21st century, and its alleged scientific underpinnings have been totally invalidated. Every new discovery, every scientific advance, has revealed the fact that the universe is a flawless product of creation. The universe is not eternal and infinite, as materialists would have us believe, and did not come into being as the result of mechanical developments and influences. God created the universe and everything within it, and when the time appointed by our Lord comes, the universe will come to an end, as will all human beings and other entities.

On account of his materialist way of thinking, however, Haeckel rejected the Divine religions and the humanity and compassion imparted by religious moral values. He praised the "artificial human selection" practiced by the Spartans (members of the Greek city-state founded in the 9th century BC that rejected art, philosophy and literature and was built solely on military force) by defending eugenic barbarity. During the time of the Spartans, under a special law, newly born babies were subjected to careful examination, those who were weak, sickly or had physical defects were ruthlessly killed. Only strong and perfectly healthy children were allowed to live. Haeckel defended this barbaric Spartan practice that envisaged the murder of innocent babies.4

handicapped

Handicapped or sickly babies are human beings who need to be loved and protected.

This is how Haeckel responded to those who criticized him:

What good does it do to humanity to maintain artificially and rear the thousands of cripples, deaf-mutes, idiots, etc., who are born every year with an hereditary burden of incurable disease? 5

No doubt, this logical framework that Haeckel proposed is inhuman. According to him, feelings of love, compassion and affection should be directed solely towards those who can be of benefit. This selfish attitude flourishes under the twin influences of materialism and Darwinism. People who live by religious moral values, however, feel compassion for the needy and seek to protect them, even if they have nothing at all to gain by doing so. That is true humanity. For example, it is revealed in the Qur'an that true believers offer food to the poor, captives and the needy before themselves, and that they do this solely to gain God's approval:

They give food, despite their love for it, to the poor and orphans and captives: "We feed you only out of desire for the Face of God. We do not want any repayment from you or any thanks." (Surat al-Insan, 8-9)

On the other hand, the monists, led by Haeckel, claimed that not only physical features but also character could stem from genetic defects, and maintained that everyone they considered flawed should be eliminated.

Haeckel's books played an important role in the acceptance of the Nazi eugenics program. Wilhelm Bölsche, Haeckel's student and biographer, directly transmitted Haeckel's Social Darwinist ideas to Hitler. Furthermore, the Archiv für Rassen und Gesellschaftsbiologie ("Archive for Racial and Social Biology," published from 1904 to 1944) became the main organ for disseminating the deceptions of eugenics and false Nazi science, and regularly carried extracts from Haeckel's dangerous works.6

In the words of the historian Daniel Gasman: Hitler's views on history, politics, religion, Christianity, nature, eugenics, science, art, and evolution, however eclectic, and despite the plurality of their sources, coincide for the most part with those of Haeckel and are more than occasionally expressed in very much the same language.7 7

Haeckel defended suicide and euthanasia. According to him, a human being came into being solely as the result of sexual relations between the mother and father. For that reason, when life became burdensome, that person could lose it:

If, then, the circumstances of life come to press too hard on the poor being who has thus developed, without any fault of his, from the fertilized ovum – if, instead of the hoped-for good, there come only care and need, sickness and misery of every kind – he has the unquestionable right to put an end to his sufferings by death. … The voluntary death by which a man puts an end to intolerable suffering is really an act of redemption.8

However, human beings do not come into existence as the result of blind chance. God creates them, and behind human creation there is a purpose that is revealed in the Qur'an:

I only created jinn and man to worship Me. (Zariyat Suresi, 56)

genocide

Skeletal corpses loaded onto lorries were part of daily life in Nazi Germany. Millions of innocent Poles, Gypsies and Jews, whom the Nazis regarded as "inferior races," were killed in such camps.

Books such as A Gypsy in Auschwitz; Shared Sorrows: A Gypsy Family Remembers the Holocaust; and The Nazi Persecution of the Gypsies are just a few of the works revealing the Nazis' persecution of the Gypsies.

Humans are responsible for every action they perform throughout the course of their lives, and will have to account for every moment in the Hereafter. Those like Haeckel, who incite others to suicide and murder, are doubtless assuming a grave responsibility for which they will be unable to account.

In his Wonders of Life, Haeckel claimed that newborn babies were deaf and devoid of consciousness (which is not the case), and thus did not have a human soul. Based on that unscientific claim, he defended the destruction of abnormal newborn infants and suggested that this cannot rationally be classed as murder. As we have seen, Haeckel openly defended murder, and encouraged those around him to murder. Haeckel was sufficiently heartless to support not only voluntary euthanasia, but its compulsory equivalent. He expressed his anger on this subject in these terms: "hundreds of thousands of incurables – lunatics, lepers, people with cancer, etc. are artificially kept alive … without the slightest profit to themselves or the general body."9 The solution that he proposed was this:

... the redemption from this evil should be accomplished by a dose of some painless and rapid poison … under the control of an authoritative commission.10

The savagery he supported had very damaging effects in Germany. Haeckel's research led the way to the euthanasia program known as T4, under which some 300,000 mentally handicapped, those with physical deformities, incurables and other "undesirables" were ruthlessly killed.

Haeckel's cruelty, and the killings Hitler encouraged and permitted, had but one source: Social Darwinism.

The eugenics, euthanasia, forced sterilization, concentration camps, racial purity and gas chambers of the mid-20th century emerged as a result of the Darwin-Haeckel-Hitler coalition, representing the worst and most ruthless cruelty in the history of humanity.

Footnotes 2

1. Daniel Gasman, Scientific Origins, s. 6; Benjamin Wiker, Moral Darwinism: How We Became Hedonists, Intervarsity Press, 2002, s. 257

2. Ernst Haeckel, The Wonders of Life: Popular Study of Biological Philosophy, Çeviri: Joseph McCab (New York: Harper & Brothers, 1905), s.390-91; Daniel Gasman, The Scientific Origins of National Socialism: Social Darwinism in Ernst Haeckel and the German Monist League, (London: MacDonald, 1971), s.39-40

3. Ernst Haeckel, The History of Creation, s. 1.23

4. Ernst Haeckel, The History of Creation, s. 1.75-76

5. Benjamin Wiker, Moral Darwinism, s. 260

6. Robert Jay Lifton, The Nazi Doctors, New York: Basic Books, 1986, s.441, 161

7. Daniel Gasman, Scientific Origin, s. 161

8. Ernst Haeckel, Wonders of Life, s.112-14

9. Benjamin Wiker, Moral Darwinism, s. 262; Ian T. Taylor, In The Minds of Men: Darwin and the New World Order, 3. baskı, TFE Publishing, 1991, s.409

10. Ernst Haeckel, The Wonders of Life, New York: Harper, 1904, s. 119

Булактар

84. Alexander Kimel, "Nazi Terror;" http://www.kimel.net/terror.html

85. Schleunes, The Twisted Road to Auschwitz, pp. 30-32.

86. A. Chase, The Legacy of Malthus; The Social Costs of the New Scientific Racism, New York: Alfred A. Knopf, 1980, p. 349.

87. Arthur Keith, Evolution and Ethics, New York: G.P. Putnam's Sons, 1946, p. 230.

88. The Nuremberg Trials, vol. 14, Washington D.C: U.S. Government Printing Office, p. 279.

89. J. Tenenbaum, Race and Reich, New York: Twayne Pub., 1956, p. 211.

90. Adolf Hitler, Um das Schicksal der Nation, in B. Dusik (ed.), Hitler. Reden Schriften Anordnungen. Februar 1925 bis Januar 1933, vol. 2(2), Munich, 1992, Doc 245.

91. Robert Clark, Darwin: Before and After, Grand Rapids International Press, Grand Rapids, MI, 1958, p. 115.

92. Beate Wilder-Smith, The Day Nazi Germany Died, Master Books, San Diego, CA, 1982, p. 27.

93. George J. Stein, "Biological Science and the Roots of Nazism," American Scientist 76(1): 50–58, 1988, p. 51.

94. Ibid., p. 56.

95. H. Rauschning, The Revolution of Nihilism, New York: Alliance Book Corp., 1939.

96. Keith, Evolution and Ethics, p. 230.

97. Ibid., p. 105.

98. Peter Hoffman, Hitler's Personal Security, London: Pergamon Press, 1979, p. 264.

99. Clark, Darwin: Before and After, pp. 115-116

100. A. E. Wiggam, The New Dialogue of Science, Garden City, NY: Garden Publishing Co., 1922, p.

101. Ernst Haeckel, The History of Creation: Or the Development of the Earth and Its Inhabitants by the Action of Natural Causes, Appleton, New York, 1876, s. 170

102. George Stein, "Biological science and the roots of Nazism", American Scientist 76(1):50–58, 1988., s. 56; Ernst Haeckel, The Wonders of Life; A Popular Study of Biological Philosophy, Harper, New York, 1905, s. 116