Социал дарвинизмдин расизмге, фашизмге жана империализмге –жана башка тараптан коммунизмге- берген "илимий" колдоосу көбүнчө белгилүү болгон жана көп жазылган бир жагдай. Көп адамдар билбеген бир чындык болсо – бул Чарльз Дарвин да кошо көптөгөн дарвинисттин аялдар биологиялык жактан да, акыл жагынан да эркектерден төмөн деген жаңылыштыкка ишениши. Дарвинисттер эркектер менен аялдар арасында акыл жагынан абдан чоң айырма бар дешет; ал тургай кээ бир эволюционисттер аял менен эркекти эки башка физикалык түргө бөлүшкөн; эркектер Homo frontalis, аялдар болсо Homo parietalis.137
Дарвиндин аялдарды өз оюнда "төмөн" бир түр деп айтышынын себеби – табигый тандалууга таянган бир дүйнө көз-карашында болушу эле. Дарвинисттердин илимге жана акылга сыйбас көз-карашы боюнча, эркектер аялдарга салыштырмалуу согушуу, түгөй табуу, тамак-аш жана кийимге ээ болуу үчүн атаандашуу сыяктуу жагдайларда көбүрөөк тандалууга туш болушат; аялдар болсо тарых бою мындай тандоолордон алыс калышкан. Мындай илимий таянычы жок жыйынтык боюнча, табигый тандалуу эркектерге көп басым жасагандыктан, эркектер бүт чөйрөдө жогору абалга келишип, аялдарга караганда көбүрөөк эволюцияланышкан. Алдыда да карала тургандай, Дарвиндин бул жыйынтыгы илимий ачылыштарга таянган эмес, толугу менен эволюционисттик стереотиптердин натыйжасында ойдон чыгарылып айтылган.
Darwin wrote that being married to a woman provided the man with a "constant companion, a friend in old age, ... an object to be beloved and played with, better than a dog anyhow." These words neatly summarizes Darwin's view of women. Below: A picture of Darwin and his wife |
Көп изилдөөчүлөр Дарвиндин табигый тандалуу жөнүндөгү көз-караштарынын жыныстык бөлүнүүчүлүккө (дискриминацияга) түртөөрүн аныкташкан. Мисалы, тарых жана философия профессору Эвеллин Ричардс (Evelleen Richards) "Дарвиндин аялдардын табияты жөнүндөгү көз-караштары эволюция теориясына да чагылган жана ушул себептен урпактар бою (калп) илимий аял дискриминациясына себеп болгон" жыйынтыгын алган.138 Эволюционист илимпоз Элейн Морган (Elaine Morgan) болсо Дарвиндин биология, этнология жана башка кээ бир илим тармактарын колдонуп, эркектердин аялдар "төмөн жана өзгөртүүгө мүмкүн эмес абалда экинчи класс адамдар" деп ойлошуна түрткү болгонун айтат.139
Эволюционист илимпоз Жон Р. Дюрант (John R. Durant) айткандай, расизм жана жыныстык бөлүнүүчүлүк эволюция теориясынын белгилүү натыйжаларынын экөөсү:
Дарвин көз-карашын айбан менен адамдардын көрүнүшү менен байланыштуу кээ бир байкоолорго таяган. Кичинекей мээси жана кармашы күчтүүрөөк колдору менен логикадан көбүрөөк ички каалоого таянган бир өмүр сүрөт деп айтылган жапайылар табият менен адам арасында орто бир жерге жайгаштырылган. Андан соң Дарвин бул тизмени жаш балдарды жана тубаса акылы кемдерди жана ошондой эле аялдарды да кошуу үчүн кеңейткен. Дарвин аялдардын интуиция, ыкчам кабылдоо жана балким тууроо сыяктуу күчтөрүнүн төмөн расалардын, натыйжада байыркы жана төмөн маданият деңгээлинен адамдардын өзгөчөлүктөрүнө окшош деп ойлогон.140
A human being is an entity with a soul breathed into him or her by God, and who therefore possesses such feelings as love, affection, compassion and respect. |
… And He has placed affection and compassion between you… (Surat ar-Rum, 21) |
Дюрант сөз кылган Дарвиндин жаңылыштыктары Адамдын келип чыгышы аттуу китебинде мындайча орун алган:
Көбүнчө аялдарда интуиция, ыкчам түшүнүү жана балким тууроо күчү сыяктуу мүнөздөрдүн эркектерге салыштырмалуу жакшыраак экени моюнга алынат; бирок бул жөндөмдөрдөн –жок дегенде- кээ бирлери төмөн расаларга жана натыйжада байыркы жана төмөнкү маданият деңгээлине тиешелүү өзгөчөлүктөр.141
Дарвиндин аялдар жана үйлөнүү жөнүндөгү жалпы пикирлери да эске алынганда, аялдарды экинчи класс (төмөн) жандыктар катары көргөнү жана аларды басмырлаганы апачык көрүлөт. Дарвин бул илимге сыйбас көз-карашын теориясына да чагылдырган. Үйлөнүүнүн эмнеге пайдалуу экенин өз оюнда мындайча түшүндүргөн:
Балдар, түбөлүктүү бир дос, карай турган (улгайган жашта дос), жакшы көрүлө турган жана оюн ойной турган бирөө... Эң негизгиси, бир иттен жакшыраак нерсе. Үй жана үй менен алектене турган бир адам. Музыка жана абадан суудан маектер. Булар ден-соолук үчүн жакшы нерселер.142
Кыскача айтканда, Дарвин үйлөнүүнү "бир аял менен достук кандай болгондо да бир ит менен болгон достуктан жакшыраак" деген логика менен керек деп санаган. Дарвин үйлөнүү жөнүндөгү сөздөрүндө бүт өмүрүн бирге өткөрө турган эки адамдын арасындагы достук, сүйүү, урмат, жакындык, бекемдик, ачыктык жана ишеним сыяктуу өзгөчөлүктөрдөн эч сөз кылган эмес. Дарвин үйлөнүү жөнүндө, мындан тышкары, мындай деген:
Убакыт жоготуу; кечинде окуй албайсың, семирүү жана жалкоолук, тынчсыздануу жана жоопкерчилик, китептер ж.б. үчүн азыраак акча бөлүү, эгер көп балалуу болсоңуз аларды багуу басымы... балким аялым Лондонду жактырбайт, анда жаза сезимсиз жана жалкоо бир акмак менен сүргүн жашоосу болот.143
God has created men and women equal. Men and women can each enjoy great success by acting in the light and the reason imparted in them by faith. |
Адамдар айбандардан айырмасыз, өзгөчө аялдар менен жаш балдар айбандарга жакыныраак жандыктар деп ойлогон бир адам үчүн мындай акылсыз жана абийирсиз сөздөр толук кадыресе көрүнүш. Жубайы менен балдарын төмөнкү түр катары көргөн бир адам, албетте, аларды сүйүп, урматтабайт; алар үчүн өз жанын аябоону, аларга сонун нерселерди тартуулоону каалабайт; кызыкчылыгына туура келмейинче аларды карабайт. Негизи Дарвиндин сөздөрү дарвинисттик ахлакта адамга болгон сүйүүнүн, жакындык жана достуктун болбошун дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Дарвин өз оюнда эркектер аялдарга караганда жогору деген пикирин мындайча айткан:
Anyone, male or female, who does right actions and is a believer, will enter the Garden. They will not be wronged by so much as the tiniest speck. (Surat an-Nisa', 124) |
Эки жыныстын мээ күчү арасындагы эң негизги айырмачылыкты эркектердин терең ойлонуу, логика, элестетүү күчү же бир гана сезим жана колдордун колдонулушун талап кылган бүт иштерде аялдардан жогору даражаларга жеткени көрсөтүүдө. Ыр, сүрөт, скульпторлук, музыка, тарых, илим жана философия чөйрөлөрүндөгү алдыңкы аял менен эркектердин тизмеси жасалган болгондо, эки тизмени салыштыруу мүмкүн болмок эмес. Мырза Гальтондун Hereditary Genius (Тукум куучу гений) аттуу китебинде абдан жакшы көрсөткөндөй, эгер эркектер көп темада аялдардан талашсыз жогору болсо, анда эркектердин орточо мээ күчү аялдардыкынан жогору болушу керек деген жыйынтыкты орточолордон алыстоо мыйзамынан чыгарууга болот.144
Албетте, Дарвин бул жаңылыштыкты айтып жатканда, эч кандай илимий далилге таянган эмес. Дарвиндин аялдар жөнүндөгү мындай бир тараптуу жана стереотиптүү пикирлери Дарвиндин замандаш илимпоздору арасында ылдам таркаган.
Женева университетинин табигый тарых профессору материалист Карл Фогт (Carl Vogt) Дарвиндин бардык жыйынтыктарын –эч бир илимий анализсиз- кабыл алган жана "жаш бала, аял менен акылы кем бир ак өспүрүм бир негр менен бирдей мээ өзгөчөлүктөрүнө жана кулк-мүнөзгө ээ, ошондуктан булар төмөнкү класстан деген.145 Фогт андан да алга кеткен жана аялдар эркектерден көбүрөөк төмөн айбандарга жакыныраак деген. Фогттун жаңылыштыктары боюнча, аял эволюциясы эрте токтогондуктан, "өнүгүшү тосулган бир эркек эле".146 Фогттун башка бир бузуку пикири боюнча маданият алга жылган сайын аял менен эркек арасындагы айырма өсмөк, мисалы, Европанын алдыңкы коомдорунда мындай айырма бир топ чоң эле.147 Дарвин Фогттун тантырак сөздөрүнөн абдан таасирленген жана аны эң негизги тараптарларынан катары саноодон сыймыктанган.148
Тарыхтын көп доорунда жана Дарвин жашаган доордо –коомдордун караңгылыгы жана артта калганы себебинен- аялдардын көп чөйрөдө артка түртүүгө аракет кылынганы жана мунун көп жасалганы чындык. Бирок бул толугу менен ошол маданияттан, коомдун жана чөйрөнүн таасиринен келип чыккан жагдай. Дарвин менен тараптарлары айткандай, эч биологиялык артта калуу эмес. Аллах аял менен эркекти тең кылып жараткан. Эркек аялдан жогору деп, аялдарга ушундайча басым жасап, аларга басмырлап мамиле жасоо – дин ахлагы жашалбаган коомдорго тиешелүү бир жапайылык. Учурда тең мүмкүнчүлүктөр берилгенде, аялдардын да эң аз эркектерчелик ийгиликтүү, мээлүү жана жөндөмдүү экени белгилүү болууда жана мунун сансыз мисалы бар.
Кээ бир эволюционист илимпоздор аялдардын "төмөнүрөөк" экенин көрсөтүү үчүн өз ойлорунда аялдардын мээ кубаттуулугунун азыраак экенин далилдөөгө аракет кылышты. Башында аялдардын башын ченөө сыяктуу абдан басмырлоочу жана логикасыз ыкмаларды колдонушту. Мээ канчалык чоң болсо мээ да ошончолук өнүккөн болот деп ойлошкондуктан (мунун илимий жактан жарактуу бир салыштыруу эмес экени учурда так белгилүү), баштарын салыштыруу менен аялдардын төмөн экенин далилдейбиз дешти. Бул негизи Дарвин китебинде сөз кылган илимге сыйбас ыкмалардын бири эле:
Ар түрдүү мээ жөндөмдүүлүктөрү баскычтуу түрдө өзүн-өзү өнүктүргөндө, мээнин чоңойушу дээрлик анык... Адам мээсинин денесине салыштырмалуу чоң болушу –ушул эле катыш горилла менен орангутандыкына салыштырылганда- адамдын өнүккөн мээ күчтөрү менен тыгыз байланышта... Адам мээсинин чоңдугу менен мээ жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүгүшү арасында –жапайылардын жана маданий расалардын, байыркы жана учурдагы адамдардын баштарынын салыштырылышы жана бүт омурткалуулар тизмесинин окшоштуктары менен кубатталган- кандайдыр бир жакын байланыш табылат.149
Дарвин өз доорундагы примитивдик илим шарттарында айткан пикири боюнча, баш сөөгүн ченөө жана мээ көлөмдөрү жөнүндөгү изилдөөлөрдүн натыйжалары эволюция теориясын тастыктоочу маалыматтарды ортого коймок. Бирок илимий маалыматтар менен изилдөөлөр бул көз-караштын тескерисин ортого койду. Ар кандай баш сөөгү ченөөлөрү же мээ көлөмдөрү эч кандай эволюцияны колдой турган маалымат сунган эмес. Бул критерийлердин илимий жактан жарактуу бир салыштыруу эмес экени учурда толук кабыл алынууда.
Аялдардын "төмөн" жыныс экенин краниологияны (баш сөөгү илимин) колдонуу менен далилдейм деп ойлогон илимпоздордун бири – Поль Брока (Paul Broca) эле. Физикалык антропологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Брока адам топторунун баштарын ченөө менен аларга баа берүү сыяктуу примитивдик ыкмаларды колдонгон жана бул примитивдикти жактаган киши эле.150 Брока жасаган "илимий" өлчөөлөрүнөн соң мындай бузуку логиканы айтат: жалпысынан мээ улгайгандарга салыштырмалуу өспүрүмдөрдө, орточо бир эркекке караганда тандамал бир эркекте жана төмөн расаларга караганда жогору расаларда чоңураак... Башка шарттар бирдей болгондо, мээнин өнүгүшү менен мээнин көлөмү арасында маанилүү бир байланыш бар.151
Брока өзгөчө аялдар менен эркектер арасындагы мээ жана баш түзүлүшү айырмачылыктарына кызыккан. Жыйнаган баш сөөгү ченөөлөрүн стереотиптүү жоромолдору менен баалап, аялдар мээ жагынан төмөнүрөөк деген гипотезасын айткан.152 Брока, мындан тышкары, аялдар менен эркектер арасындагы мээ айырмачылыгынын анын доорунда барган сайын чоңураак болуп калганын айткан. Чынында болсо бул пикирин далилдей турган эч бир илимий маалыматы жок эле. Бул пикирин өз оюнда колдоо үчүн башка бир илимге сыйбас гипотеза айткан: ал боюнча, мындай өсүп бараткан айырманын себеби – жогору болгон эркек менен пассивдүү аялга болгон эволюциялык басымдын барган сайын өзгөрүшү эле.153
Gustave Le Bon |
Брока тапкан жыйынтыктардын илимий мааниси жок экенин учурдагы эволюционисттер да моюнга алышууда. Гоулд Броканын илимге сыйбас бул жыйынтыктарына мындай жоромол жасаган:
Броканын маалыматтары атайын тандалып чогултулган жана андан соң мурдакы жыйынтыктар багытында аңкоолук менен колдонулган.154
Башкача айтканда, Брока алган маалыматтарын эволюция теориясынын калптарына ылайык "аңкоолук менен" жана стереотиптүү жоромолдогон.
Баштын көлөмүн колдонуп аялдарды өз оюнда төмөн көргөн эволюционисттер арасында социал психологиянын негиздөөчүлөрүнөн Гюстав Ле Бон (Gustave Le Bon) да бар эле. Ле Бон мындай деген:
Эң мээлүү расаларда... көп санда аялдын мээсинин чоңдугу эң өнүккөн эркек мээсинен көбүрөөк горилланыкына жакыныраак. Мындай төмөндүк ушунчалык ачык болгондуктан, эч ким бир саамга да буга каршы чыкпайт; мунун даражасы гана талаш жаратышы мүмкүн... Аялдар... адам эволюциясынын эң төмөнкү формаларын чагылдырышат жана... өспүрүм, маданий бир эркектен көбүрөөк жаш балдарга жана жапайыларга жакыныраак. Чечимсиздик, логикасыздык, пикирсиздик жана сын-пикир жетишсиздиги сыяктуу темаларда жогорулук көрсөтүшөт. Албетте, тандамал аялдар да бар... бирок алар эки баштуу бир горилладай желмогуздардын туулушу сыяктуу аз кездешет; натыйжада аларды толугу менен унутууга болот.155
Дарвинситтик башка көптөгөн көз-караштарындагы сыяктуу аялдар жөнүндөгү пикирлеринде да жаңылышкан. Аялдардын назик, жумшак, мээримдүү, тактикалуу табияты аларды эволюционисттер ойлогондой артта калтырган эмес, тескерисинче андан да жогору кылган өзгөчөлүктөр. Адамды бир айбан түрүндөй көрүүгө программаланган эволюционисттер мындай адамдык өзгөчөлүктөрдү өз ойлорунда артта калуучулук катары баалаган болушу мүмкүн. Бирок булар адамдын жашоо сапатын жогорулатуучу абдан маанилүү жана сонун өзгөчөлүктөр. Искусство, адабият, технология сыяктуу көптөгөн тармакта өнүгүүнү жана алга жылууну камсыз кылган, эволюционисттер бар экенин эч кабыл алгысы келбеген адамдык өзгөчөлүктөр.
Канчалык Дарвин менен кээ бир замандаштары баштарды ченеп, адамдарды расаларына жана жынысына карап "төмөн" же "жогору" деп класстарга бөлсө да, Дарвиндин көптөгөн пикирлери сыяктуу бул да учурда илим тарабынан жокко чыгарылды. Баш менен мээ чоңдугунун мээ же мээ кубаттуулугу менен эч байланышы жок экени аныкталды.
Мээнин чоңдугу менен мээнин түз байланышта эмес экени негизи табиятта апачык көрүнүп турат. Мисалы, пилдердин жана киттердин мээлери адамга салыштырмалуу абдан чоң. Бирок адамдын бул жандыктардан мээлүүрөөк экени анык. Мындан тышкары, учурда адамдардын башынын көлөмү 700-2200 см куб арасында өзгөрүүдө.156 Бирок бул айырмачылыктар адамдардын мээлери арасындагы айырманы көрсөтпөйт.
Germans using compasses and ruler for skull measurements to determine who was, and was not, Aryan. | Darwin's theses were based not on science, but on the culture and primitive scientific understanding of the Victorian age. |
Баштарды өлчөөдөн тышкары, генетика илими да Дарвиндин аял менен эркек арасындагы айырмалар жөнүндөгү пикирлеринин туура эмес экенин ортого койгон. Генетика мыйзамдары боюнча эркек кыз наристелердин да, эркек наристелердин да гендерин бере алат. Эгер эркек, Дарвин айткандай, биологиялык "жогорку" өзгөчөлүктөргө ээ болсо, анда анын кызы да биологиялык жактан ошондой жогорку өзгөчөлүктөргө ээ боло алат, жана натыйжада аялдар да, эркектер да бирдей өзгөчөлүктөрдү ала алышат. Бирок Дарвин менен замандаштары генетика илими жөнүндө эч нерсе билишкен эмес. Ал тургай, Дарвин бир түр ээ болгон өзгөчөлүктөр бир жыныстан гана келет деп айтканчалык бул темада сабатсыз эле.157 Дарвин, мындан тышкары, генийлик, элестетүү күчү жана логика сыяктуу жогорку өзгөчөлүктөр кыздан көбүрөөк эркек балага берилет дегенчелик караңгы түшүндүрмөлөрдү жасаган.158
But as for those who believe and do right actions. We will not let the wage of good-doers go to waste. (Surah Al 'Imran, 195) |
Куран ахлагында эркек менен аял арасында эч бир айырма жок. Аллах Куранда аялдар менен эркектерге бирдей милдеттерди жүктөп, баарын бирдей нерселерден жоопкерчиликтүү кылган. Бир адамды Аллах Кабатында жогору кылган – бул аял же эркек болушу эмес, Аллах коркуусу, Аллахка болгон терең сүйүү жана жакындыгы жана сонун ахлагы. Раббибиз бир аятында аял болсун, эркек болсун жакшы жана сонун иш-аракет жасагандардын мындай ахлактарынын жообун эң сонун алаарын мындайча кабар берген:
Эркек болсун, аял болсун ишенүү (ыйман) менен ким ыкластуу бир иш (амал) жасаса, алар бейишке киришет жана алар бир "уруктун сыртындагы бүчүрчөлүк" да адилетсиздикке туш болушпайт. (Ниса Сүрөсү, 124)
Аллах Куранда аял болсун, эркек болсун, ыйман келтирген бир адамдын ээ болушу керек болгон өзгөчөлүктөрдү мындайча билдирген:
Момун (ыймандуу) эркектер жана момун (ыймандуу) аялдар бири-биринин досу (велиси). Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тосушат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана Элчисине баш ийишет. Аллах аларга мээримин төгө тургандар мына ушулар. Шексиз, Аллах – Улуу жана Кудуреттүү, Өкүм жана Хикмат Ээси. (Тообо Сүрөсү, 71)
Аллах аятта билдиргендей, бүт адамдардын, жынысына карабастан, жоопкерчиликтери бирдей. Бул жоопкерчиликтерди кемчиликсиз аткарган, бир гана Аллахка багытталган жана Аллахтан коркуп-тартынган эркек менен аялдарды Аллах мындайча сүйүнчүлөгөн:
Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Шексиз Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм... (Али Имран Сүрөсү, 195)
Дарвинисттер критерий катары алган мээ өзгөчөлүктөрү болсо – Аллах адамдарга жынысына карабастан берген жөндөмдөр. Аллах бир аятта "Эй ыйман келтиргендер, Аллахтан коркуп-сактансаңар, силерге туураны туура эместен айырмалоочу бир нур жана түшүнүк (фуркан) берет..." (Энфал Сүрөсү, 29) деп буюрууда. Аллах аятта билдиргендей, сындоо жөндөмү жана натыйжада акыл, жыныска жараша эмес, Аллах коркуусуна жараша өнүгөт.
Ыйман ага тартуулаган акыл менен кыймыл-аракет жасаган ар бир адам аял болсун, эркек болсун көп багытта ийгиликке жете алат, жогору өзгөчөлүктөргө ээ боло алат. Чын жүрөктөн ыйман келтирген бир адам болсо эң көп Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү үчүн аракет кылат.
139. EIaine Morgan, The Descent of Woman, New York: Stein and Day, 1972, p. 1.
140. John R. Durant, "The Ascent of Nature in Darwin's Descent of Man" in The Darwinian Heritage, Ed. by David Kohn, Princeton, NJ: Princeton University Press, 1985, p. 295.
141. Darwin, The Descent of Man and Selection in Relation to Sex, New York: D. Appleton and Company, 1871 (1896 ed.), p. 326.
142. Charles Darwin, The Autobiography of Charles Darwin 1809-1882, New York: W. W. Norton & Company, Inc., 1958, pp. 232-233.
143. Ibid.
144. Darwin, The Descent of Man and Selection in Relation to Sex, p. 564.
145. Carl Vogt, Lectures on Man: His Place in Creation, and the History of Earth, edited by James Hunt, London: Paternoster Row, Longman, Green, Longman, and Roberts, 1864, xv, p. 192.
146. Stephanie A. Shields, "Functionalism, Darwinism, and the Psychology of Women: A Study in Social Myth," American Psychologist, no. 1 (1975): p. 749.
147. Evelleen Richards, "Darwin and the Descent of Women," in David Oldroyd and Ian Langham (Eds.), The Wider Domain of Evolutionary Thought (Holland: D. Reidel, 1983), p. 75.
148. Ibid., pp. 74, 49.
149. Darwin, The Descent of Man and Selection in Relation to Sex, p. 54.
150. Gould, The Mismeasure of Man, p. 83.
151. Ibid., pp. 83, 188.
152. Ibid., p. 104.
153. Ibid.
154. Ibid., p. 85.
155. Ibid., pp. 104-105.
156. Wayne Jackson, More Skull-Duggery, October 7, 2002, http://www.christiancourier.com/penpoints/skullDuggery.htm
157. John Hurrell Crook, "Sexual Selection, Dimorphism, and Social Organization in the Primates," in Campbell (Ed.), Sexual Selection and the Descent of Man 1871-1971 Chicago: Aldine Publishing Company, 1972.
158. Darwin, The Descent of Man and Selection in Relation to Sex, p. 565.