Жыйынтык

Бул китепте баяндалгандардан көрүнүп тургандай, шылдыңчылдык – Аллах ыраазы болбогон, ыймандуулар абдан качынган, каапырларга тиешелүү бир мүнөз. Бирок Куран ахлагын жашабай, караңгы ахлакты тандаган адамдар шылдыңчылдык себебинен өздөрүн абдан оор бир жагдайга салышат. Дайыма шылдың болуу, уят болуу, адамдардын шылдыңга толгон көз-караштарына кабылуу сыяктуу тынчсыздануулар менен өмүр сүрүшөт. Мындай кыйын чөйрөдөн чындап кутулуунун жалгыз жолу болсо – бул Аллахтан коркуп тартынуу жана Ал буйруган Куран ахлагын жашоо.

Бул китепте, ошондой эле, караңгы коом адамдарынын шылдыңчылдыктарын динге жана ыймандууларга карата колдонулушу каралган. Каапырлар мындай мамилелери менен өздөрүн жогору кылдык жана мындан улам зыян көрбөйбүз деп ойлошу мүмкүн. Бирок китеп бою баяндалгандай, Аллахтын динине, элчилерине жана ыймандууларга шылдыңчыл мамиле кылган адамдар муну билиши керек: эгер мындай жаман мамилелерин токтотуп тообо кылышпаса, дүйнө жана акыретте мындай чектен чыгууларынын жазасын сөзсүз алышат. Болгондо да бул оор бир жаза болот. Дин ахлагынан алыс адамдар Аллахтын аларды дайыма угуп тураарын жана дайыма көрүп тураарын унутпашы керек. Алар шылдыңчыл сөздөрдү айтып жатышканда же ичинен шылдыңчыл ойлорду ойлоп жатышканда, Аллах аларга күбө болуп турат. Жана бүт сөздөрү, кылгандары жана ойлору сурак күнү алардын алдына алып келинет:

Аллахтын асмандардагы жана жердегилердин баарын чынында билип тураарын көрбөй жатасыңбы? (Өз араларында жашыруун чогулуштарды уюштуруп) Шыбырашып жаткан үч кишинин төртүнчүсү сөзсүз Ал (Аллах); бештин алтынчысы да сөзсүз Ал. Мындан аз же көп болсун, каерде болушпасын, сөзсүз Ал алар менен бирге. Кийин кылгандарын кыямат күнү аларга кабар берет. Шексиз Аллах баарын билүүчү. (Мүжаделе Сүрөсү, 7)

Демек, эң акылдуу жол – бул мындай жаман мүнөздөн ылдам кайтуу жана тообо кылып, аны эч кайталабоо. Эң сонун мамиле болсо – Аллахка моюн сунуу, Анын динин жашоо жана сонун мүнөздүү болуу. Мындай кылгандардын дүйнөдө жана акыретте утаары анык. Себеби Аллах жакшы иштерди жасаган кулдарына жакшылыктарды убада кылган. Аяттарда мындай деп айтылат:

Шексиз муттакилер (Аллахтан корккондор) Раббилеринин аларга бергенин алышып, бейиштерде жана булактарда. Себеби алар мындан мурда ихсан (сонун иштерди) кылышкан. (Зарият Сүрөсү, 15-16)

Асмандарда жана жердегилер Аллахтыкы; ошентип жамандык жасагандарды кылгандары үчүн жазаландырат, жакшы иштерди кылгандарды болсо жакшыраагы менен сыйлайт. (Нажм Сүрөсү, 31)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)