Эскертүү

Сиз окуй турган бул бөлүм жашоонун абдан маанилүү бир сырын камтыйт. Заттык (материалдык) дүйнөгө болгон көз-карашыңызды түп-тамырынан өзгөртө турган бул теманы абдан көңүл буруп, жакшылап түшүнүп окушуңуз зарыл. Бул жерде айтыла тургандар болгону бир көз-караш, өзгөчө бир подход же кандайдыр бир философиялык пикир эмес; динге ишенген-ишенбегендердин баары кабыл ала турган, учурда илим тарабынан далилденген анык бир чындык.

Заттын Артындагы Сыр

Заттын Артындагы Сыр Темасы – Вахдет-И Вүжут Эмес

Заттын аркасындагы сыр темасы кээ бир адамдардын каршы пикир айтышына себеп болууда. Бул адамдар бул теманын өзөгүн туура эмес түшүнүшкөндүктөн, бул теманы вахдет-и вүжут көз-карашы менен бир деп айтышууда.

Эң алгач баса белгилеп айта турган нерсе, бул чыгармалардын автору эхли сүннөт ишенимине абдан бекем жана вахдет-и вүжуд пикирин жактабайт. Мындан тышкары, вахдет-и вүжут пикиринин Мухйиддин Ибн Араби сыяктуу улуу Ислам ааламдары тарабынан жакталганын да унутпоо керек.

Важдет-и вүжут пикирин түшүндүргөн көптөгөн маанилүү Ислам аалымдары өтмүштө бул китептерде орун алган кээ бир темаларды тефеккүр кылып (терең ойлонуп), баяндагандары чындык. Бирок бул китепте түшүндүрүлгөндөр вахдет-и вүжут пикири менен бир эмес.

Мисалы, вахдет-и вүжут пикирин жактагандардын кээ бирлери туура эмес ойлорго кабылышып, Куранга жана эхли сүннөт ишенимине карама-каршы кээ бир ойлорду айтышкан. Мисалы, Аллах жараткан нерселерди толугу менен жок дешкен. Ал эми, заттын аркасындагы сыр темасын түшүндүрүүдө мындай пикир такыр айтылбайт. Бул тема Аллахтын бүт нерселерди жаратканын, бирок жараткан нерселеринин оригиналын Аллахтын көрөөрүн, адамдардын болсо бул нерселердин мээлеринде пайда болгон сүрөттөлүштөрүн гана көрө алаарын айтууда. Биз көргөн бардык нерселер, тоолор, чуңкурлар, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскача айтканда, биз көргөндөрдүн баары, Аллах Куранда бар деп билдирген, жоктон жаратканын айткан бүт нерселер, жандыктар жаратылган жана бар. Бирок, адамдар бул жандыктардын оригиналын сезим органдары аркылуу көрө албайт, сезе албайт жана уга да албайт. Адамдардын көргөн жана сезгендери – бул нерселердин мээлериндеги копиялары. Бул илимий бир чындык жана бүгүнкү күндө медицина факультеттери баш болуп бардык окуу жайларында окутулган бир тема. Мисалы, азыр бул текстти окуган бир адам бул тексттин оригиналын көрө албайт, бул тексттин оригиналына тийе албайт. Бул тексттин оригиналынан келген жарык адамдын көзүндөгү кээ бир клеткалар тарабынан электрдик импульска айландырылат. Бул электрдик импульс мээнин арка тарабындагы көрүү борборуна барып, бул борборду аракеттендирет. Жана адамдын мээсинин аркасында бул тексттин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, сиз азыр көзүңүз менен көзүңүздүн алдындагы бир текстти окуп жаткан жоксуз. Бул текст сиздин мээңиздин арка тарабындагы көрүү борборунда пайда болууда. Сиз окуган текст – бул мээңиздин арка тарабындагы «копия текст». Бул тексттин оригиналын болсо Аллах көрөт.

Жыйынтыктасак, заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу аны «жок» абалга алып келбейт. Бирок бизге адам тынымсыз мамиледе болгон заттын табияты жөнүндө маалымат берет жана бул маалымат – заттын оригиналы менен эч кайсы адамдын мамиледе боло албашы (аны көрүп, угуп, ага тийе албашы) жөнүндөгү чындык.

Бул чындык Идеализм, матрица философиясы жана заттын чыныгы жүзү аттуу китебибизде мындайча баяндалган:

Сыртта Зат Бар, Бирок Биз Заттын Оригиналына Жете Албайбыз!

... «Зат – бул элес» деп айтуу «зат жок» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, биз көрсөк да, көрбөсөк да заттык бир дүйнө бар. Бирок биз бул дүйнөнү мээбиздин ичинде бир копия –башкача айтканда, кабылдоолорубуздун жоромолу катары- көрөбүз. Ошондуктан, зат – биз үчүн элес.

Ошондой эле, сыртта заттын бар экенин бизден башка көргөн жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, жазып туруучу катары милдеттендирген элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:

Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазуучу жазып жатканда, Ал сөз катары (эмне гана) айтпасын, сөзсүз жанында даяр бир көзөмөлчү бар. (Каф Сүрөсү, 17-18)

Эң негизгиси, эң башта Аллах бүт нерсени көрүүдө. Бул дүйнөнү бүт детальдары менен бирге Аллах жараткан жана Аллах толугу менен көрүп турат. Куран аяттарында мындайча кабар берилет:

... Аллахтан коркуп (күнөөдөн) сактангыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 233)

Айт: «Мени менен араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; шексиз Ал пенделеринен толук кабардар, көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)

Ошондой эле, Аллахтын бүт окуяларды «Левхи Махфуз» аттуу китепте сакталуу тутканын унутпаш керек. Биз көрбөсөк да булардын баары Левхи Махфузда бар. Бүт нерсенин Аллах Кабатында Левхи Махфуз деп аталган «Негизги Китепте» сакталуу экени мындайча билдирилүүдө:

Шек жок, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан бийик, өкүм жана хикмат (терең акыл) толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)

...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коруган бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)

Асманда жана жерде апачык болгон китепте (Левх-и Махвузда) орун албаган жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

Көрүү, угуу, жыт сезүү, даам сезүү, тийүү сезимдерибиздин баары бир-бирине окшош иштөө механизмине ээ. Сыртта бар болгон заттардан келген таасирлер (үн, жыт, даам, сүрөттөлүш (көрүнүш), катуулук ж.б.) нервдерибиз аркылуу мээдеги сезүү борборлоруна жеткирилет. Мээге жеткен бул таасирлердин баары электрдик сигналдар гана. Мисалы, көрүү процесси учурунда сырттагы бир булактан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн арткы тарабындагы торчого жетет жана ал жерде бир катар процесстерден соң электрдик сигналдарга айлантылышат. Бул сигналдар нервдер аркылуу мээнин көрүү борборуна жиберилет. Жана биз бир канча сантиметр кубдук көрүү борборунда түркүн түстүү, жаркыраган, узуну, туурасы, тереңдиги бар (үч өлчөмдүү) бир дүйнөнү көрөбүз.

Ушул эле система башка органдарыбызга да тиешелүү. Даамдар тилибиздеги кээ бир клеткалар тарабынан, жыттар мурун эпителийиндеги клеткалар тарабынан, тийүү сезимдери (катуулук, жумшактык ж.б.) теринин астына жайгаштырылган атайын кабылдагычтар тарабынан жана үндөр кулактагы атайын бир механизм тарабынан электрдик сигналдарга айландырылып, мээдеги тиешелүү борборлорго жөнөтүлөт жана ал борборлордо кабылданышат.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн мындай мисал берүүгө болот: азыр бир кружка кофе ичип жатасыз дейли. Колуңуздагы кружканын катуулугу жана ысыктыгы теринин астындагы атайын кабылдагычтар тарабынан электрдик сигналдарга айлантылып мээге жиберилет. Ошол эле учурда кофенин кескин жыты, аны ичкенде сиз сезген ачуу даам жана кружканы караганда сизге көрүнгөн анын күрөң түсү да – тиешелүү сезимдериңиздин нервдери тарабынан мээге жеткирилген электрдик агымдар. Андан соң кружканы столго коюп жатканыңызда анын жерге тийишинен чыккан үн да кулагыңыз тарабынан кабылданып, мээге электрдик сигнал катары жөнөтүлөт. Жана бул кабылдоолордун баары мээдеги бир-биринен айырмалуу, бирок бир-бири менен байланышта иштеген сезүү борборлору тарабынан жоромолдонот. Сиз бул жоромолдун бир натыйжасы катары бир кружка кофе ичтим деп ойлойсуз. Негизи булардын баары мээдеги сезүү борборлорунда ишке ашкан болот.

Шексиз, бул терең ойлонууну талап кылган абдан маанилүү бир чындык. Ушул кезге чейин сыртты караганыңызда көзүңүзгө көрүнгөндөрдүн баарынын оригиналын көрдүм деп ойлоп келген болушуңуз мүмкүн. Бирок илим да көрсөткөндөй, сезимдериңиздин сыртына чыгып, сырттагы заттардын оригиналдарына жетүү мүмкүн эмес.

Бул жерде кыскача баяндалган бул чындык – өмүрүңүздө байкашыңыз мүмкүн болгон эң чоң чындыктардын бири.

Заттын Оригиналына Жете Албайбыз

Ушул күнгө чейин эч бир адам мээсиндеги кабылдоолордун сыртына чыга алган эмес. Ар бир адам мээсиндеги камерасынын ичинде жашап жатат жана кабылдоолору ага көрсөткөндөн башка эч нерсени көрүп, сезе албайт. Ошондуктан кабылдоолорунун сыртындагы дүйнөдө эмнелер бар экенин эч качан биле албайт. Ушул себептен «заттын оригиналын билем» деп айтуу чоң бир стереотип болот, себеби эч бир адам буга бир дагы далил келтире албайт. Адам мээсинде пайда болгон элести гана көрүп, сезет. Мисалы, түркүн түстүү гүлдөргө толгон бир бакчаны кыдырган бир адам чынында бул бакчанын оригиналын (өзүн) эмес, мээсиндеги копиясын көрөт. Бирок бул бакча ушунчалык реалдуу болгондуктан, ар бир адам мээсинде (элес катары) пайда болгон бул бакчадан чыныгы бакчадан алгандай ырахат алат. Ал тургай, ушул күнгө чейин миллиарддаган адамдар ушул бакча сыяктуу, көргөн бүт нерселеринин оригиналын (өзүн) көрүп жатам деп ойлошкон.

Ошондой эле дагы бир нерсени айта кетүү керек: технология же илимдин өнүгүшү бул темада эч кандай өзгөрүүгө себеп боло албайт. Себеби ар бир илимий же технологиялык ачылыш да кайра эле адамдардын мээсинде пайда болот, натыйжада ал ыкма менен да сырткы дүйнөгө жетүү мүмкүн болбойт. Биз тааныган бирден-бир дүйнө – бул мээбиздин ичиндеги, ал жерде тартылган, үн жана түс коштолгон, кыскача айтканда, мээбизде пайда болгон бир дүйнө.

Мээбизде биз көргөн бул кабылдоолор кээде «жасалма» бир булактан келип жаткан болушу да мүмкүн. Муну мындай мисал менен элестетели:

Алгач мээңизди денеңизден сыртка чыгарып, айнек бир идиштин ичинде жасалма жол менен жашата алдык деп элестетели. Жана мунун жанына ар кандай электрдик сигнал жарата алуучу компьютер койгон бололу. Бул компьютерде белгилүү бир чөйрөгө тиешелүү үн, жыт, катуулук-жумшактык, даам жана дененин сүрөттөлүшү сыяктуу маалыматтардын электрдик сигналдарын жасалма жол менен өндүрүп сактап койолу. Бул компьютерди нервдин ролун аткара турган электрдик кабельдер жардамы менен мээңиздин кабыл алуу борборлоруна туташтыралы жана компьютерде сакталуу болгон сигналдарды мээңизге берели. Бул сигналдарды алган сайын мээңиз (б.а., «сиз») бул сигналдар сүрөттөгөн чөйрөнү көрөт жана жашайт.

Бул копьютерден мээңизге дене көрүнүшүңүзгө тиешелүү электрдик сигналдарды да жөнөтүүгө болот. Мисалы, бир столдо отурганда сиз сезген көрүү, угуу, тийүү сыяктуу сезимдердин электрдик сигналдарын мээңизге жөнөткөнүбүздө мээңиз өзүн офисинде отурган бир кызматкер деп сезет. Компьютерден келген сигналдар улана берген сайын бул кыялдагы дүйнө улана берет. Өзүнүн бир мээден гана тураарын эч качан түшүнө албайт. Себеби, мээнин ичинде бир дүйнө пайда болушу үчүн чыныгы дүйнөнүн бар болушу зарыл эмес, жөн гана керектүү сигналдардын болушу жетиштүү. Бул сигналдардын жасалма бир булактан, мисалы компьютер же башкача бир аппараттан келип жаткан болушу мүмкүн.

Атактуу илим философу Бертранд Русселл бул жөнүндө мындай дейт:

Манжаларыбыз менен столго тийген учурдагы тийүү сезими – бул манжалар учундагы электрон жана протондорго болгон электрдик таасир. Заманбап физика бойунча, столдогу электрон жана протондордун жакындашуусунан пайда болгон болот. Эгер манжаларыбыздын учундагы ошол эле таасир башка бир жол менен жаратылган болгондо, эч кандай стол болбосо да ошол эле тийүү сезимин сезмекпиз. (Bertrand Russell, Rölativitenin Alfabesi, Onur Yayınları, 1974, s. 161-162)

Кабылдоолордун сырткы дүйнөдөгү оригиналын (өзүн) көрүп, сезип жатабыз деп ойлоп алданышыбыз абдан оңой. Бул чындыкка түштөрүбүздө көп күбө болобуз. Түштө толугу менен чындыктай болгон окуяларды башыбыздан өткөрүп, адамдар, заттар, чөйрөлөрдү көрөбүз. Бирок булардын баары элестер гана. Түш менен «чыныгы дүйнө» арасында болсо фундаменталдуу бир айырма жок; экөөсү тең мээде жашалат.

Мээбиз Сырткы Дүйнөдөн Өзүнчөбү?

Буга чейин айтылгандай, сырткы дүйнөнүн өзүн эмес, бизге көрсөтүлгөн кабылдоолорду гана көрүп, сезип жатсак, анда булардын баарын көрүп, угуп жатат деп ойлогон мээбиз эмне? Мээбиз да башка бүт заттар сыяктуу атомдордон, молекулалардан турган бир жыйынды эмеспи?

Сырттагы заттын өзүн көрүп, сезе албаган сыяктуу эле, мээбиздин да өзүн эч качан биле албайбыз. Кабылдоосун (копиясын) гана билебиз. Себеби биз «мээ» деп атаган нерсе да – сезүү органдарыбыз аркылуу кабылдаган бир кесим эт.

Анда булардын баарын кабылдаган (сезген) ким? Көргөн, уккан, сезген, жыттаган, даам сезген мээ эмес болсо, анда эмне?

Мына ушул жерде апачык чындыкты көрөбүз: адам – аң-сезимдүү, көрө алган, сезе алган, ойлоно алган, сындай алган бир жандык катары затты түзгөн атомдордон, молекулалардан такыр башка бир жандык. Адамды адам кылган – бул Аллах ага берген «рух». Адамдын аң-сезимин жана башка бардык адамдык жөндөмдөрүн болжол менен 1,5 килограммдык, болгондо да элес гана болгон, бир кесим этке таңуулоо акылга эч сыйбайт. Куранда бул чындык мындайча баяндалат:

Ал – жараткан ар бир нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпактарын бир маңыздан, болгону бир суудан кылды. Кийин аны «оңоп бир калыпка келтирди» жана ага Рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Сежде Сүрөсү, 7-9)

Бизге Эң Жакын Зат – Аллах

Биз өзүн эч качан биле албаган сырткы дүйнөнү рухубузга сездирген, тагыраак айтканда, буларды тынымсыз жараткан ким?

Албетте, бул суроонун жообу апачык. Адамга «рухунан үйлөгөн» Аллах – айланабыздагы бүт нерсенин Жаратуучусу. Бул кабылдоолордун жалгыз булагы да Ал. Аллах жаратмайынча эч нерсе бар болбойт. Аллах бир аятында бүт баарын тынымсыз жаратканын, жаратууну токтоткондо болсо биз көргөндөрдүн эч бирөөсүнүн бар боло албашын мындайча кабар берген:

Шек жок, Аллах асмандарды жана жерди талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим (абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)

Адам көп жылдан бери уккан, билгендерине таянып, бул чындыкты кабыл алгысы келбеши мүмкүн. Бирок канчалык билмексен, укмаксан болсо да, чындык апачык. Адамга көрсөтүлгөн бардык кабылдоолор Аллахтын жаратышы менен жашайт. Болгондо да, бир гана сырткы дүйнө эмес, адам «өзүм жасап жатам» дегендери да Аллахтын каалоосу менен гана ишке ашат. Бир адам Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө бир кыймыл-аракет жасай албайт, өзүнө тиешелүү бир эркке ээ эмес. Куранда бул чындыкка төмөнкү аяттарда көңүл бурулган:

... силерди да, кылып жаткан (иш)териңерди да Аллах жараткан. (Саффат Сүрөсү, 96)

... ыргытканда (таштаганда) сен ыргытпадың, Аллах ыргытты... (Энфал Сүрөсү, 17)

Булардын баарынан көрүнүп тургандай, чыныгы абсолюттук Зат – бул Аллах. Имам Раббани сыяктуу улуу Ислам аалымдары бул чындыкты «бар болгон жалгыз абсолюттук зат – бул бир гана Аллах, Андан башкалардын баары көлөкө нерселер» деп айтышкан. Аллах асмандар жана жердегилердин баарын ороп курчаган. Аллах Куран аяттары менен да бүт жерде экенин, бүт нерсени ороп курчаганын кабар берген:

Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)

Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Шек жок, Аллах курчоочу, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 115)

Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)

Биз сага: «Раббиң, албетте, адамдарды толук ороп турат» деген элек... (Исра Сүрөсү, 60)

... Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Аллах сизди алдыңыздан, артыңыздан, оң тарабыңыздан, сол тарабыңыздан, б.а. бүт тарабыңыздан курчаган; дайыма, бүт жерде сизге күбө болгон, ичиңиз жана сыртыңызга толук ээ болгон жана сизге күрөө тамырыңыздан жана жүрөгүңүздөн жакыныраак болгон – бир гана чексиз күч-кудурет ээси Аллах.

... Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз. (Каф Сүрөсү, 16)

... Жана билгиле, албетте, Аллах адам менен жүрөгүнүн арасына кирет жана силер чынында Ага алпарылып чогултуласыңар. (Энфал Сүрөсү, 24)

Каапырлар мына ушул жерде чоң жаңылууга түшүшүүдө жана өзүн эч качан көрүп-сезе албаган дүйнөнү жалгыз абсолюттук зат (нерсе) деп ойлошууда. Алар дин жана ыймандуулар жөнүндө шылдыңчыл сөздөрдү сүйлөп жатышканда, Аллахтын аяттарын жокко чыгарып жатышканда, өз араларында бир аятта айтылгандай «шылдыңчыл талаштарга сүңгүшкөндө», жашыруун иштерибиз билинбей калды деп ойлоп жатышканда, чынында Аллах аларды толук ороп-курчаган. Чектен чыккан каапырлар билбей жүргөн эң чоң чындыктардын бири мына ушул. Болгондо да алар ач көздүк менен байланган дүйнө жашоосу да бул чындык менен бирге колдорунан чыгып кетүүдө...