Шылдыңчылдыктын Аягы Жөнүндө Курандан Мисалдар

Аз. Муса (ас) доорунда жашаган Фараон, белгилүү болгондой, баш көтөрүүчүлүгү жана көпкөндүгү менен тарыхта калган бир адам. Анын жана чөйрөсүнүн текебер мамилеси аяттарда мындайча сүрөттөлөт:

Кийин Муса менен бир тууганы Харунду аяттарыбыз менен жана апачык бир далил менен жөнөттүк. Фараонго жана алдыңкы чөйрөсүнө; бирок алар текеберленишти. Алар «текеберленген-зомбулукчул» бир коом эле. (Мүминун Сүрөсү, 45-46)

Фараон өзү акыйкатты жокко чыгарып, коомун да адаштырууга аракеттенген. Муса Пайгамбарды (ас) өз оюнда уят кылуу жана бүт адамдардын көз алдында аны шылдыңдоо үчүн атайын бир жолугушуу уюштуруп, бирок кайра өзү басмырланып калган. Жанындагы билимдүү сыйкырчыларын адамдар чогулган бир күнү Аз. Муса менен (ас) мелдештирип, натыйжада сыйкырчылар жеңет, Муса Пайгамбар (ас) болсо уят болот деп ойлогон. Бирок жыйынтык ал күткөндөй болбой, Аллах Аз. Муса (ас)ды себепчи кылуу менен сыйкырчылардын тузагын бузуп, Фараонду да анын жакын чөйрөсүн да уят кылган. Куранда бул окуя мындайча баяндалат:

(Муса:) «Силер таштагыла» деди. (Асаларын) таштаары менен, адамдардын көздөрүн сыйкырлап жиберишти, аларды коркутушту жана (ортого) чоң бир сыйкыр алып келишти. Биз Мусага: «Асаңды ташта» деп вахий кылдык. (Ал таштап жибергенде) бир карашты, ал бардык ойлоп тапкан нерселерин топтоп жутууда. Ушундайча чындык өз ордун тапты, алардын бардык кылып жаткандары жараксыз болду. (Аьраф Сүрөсү, 116-118)

Куранда Фараондун Аз. Муса (ас)га карата курган дагы көптөгөн тузагынын текке кеткени кабар берилген. Аллах Фараондун аягын да бүт адамдарга бир сабак катары Куранда мындайча билдирген:

Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; Фараон жана аскерлери көөп, душмандык менен (алардын) артынан кубалады. Суулар аны чөктүрө турган деңгээлге жеткенде, (Фараон): «Исраил урпактары ишенген (ыйман келтирген) Кудайдан башка кудай жок экенине ишендим жана мен да Мусулмандарданмын» деди. Эмиби? Мурдалары болсо сен баш көтөргөн элең жана бузукулук чыгаргандардан элең. Бүгүн болсо сенден кийинкилерге бир аят (тарыхый бир далил, насаат) болушуң үчүн сени бир гана денең менен куткарабыз (бүт адамдарга өлгөн денеңди көрсөтөбүз)... (Йунус Сүрөсү, 90-92)

Бул аяттардан апачык көрүнүп тургандай, Фараон эч күтпөгөн бир жыйынтыкка туш болгон. Абдан чоң толкундардын келе жатканын көргөндө абалдын олуттуулугун байкап, Аллахтан башка Кудай жок экенин түшүнгөн жана жалгыз корголоно турган күчтүн Аллах экенин түшүнгөн. Бүт өмүрүн текебердик жана Аллахка баш көтөрүү менен өткөргөн Фараон биринчи жолу ошондо Аллахка корголонуу муктаждыгын сезген. Бирок чын ыкластуу бир моюн сунуу болбогондуктан, кыйынчылык учурунда көрсөтүлгөн бир мамиле болгондуктан Аллах кабыл алган эмес. Себеби коркунуч же кыйынчылык учурунда Аллахка корголонуу жана кийин кайра шүгүрсүздүккө (нашүгүрдүккө) кайтуу дин ахлагында болбогон адамдардын маанилүү бир мүнөзү. Алар бүт жашоосун шылдың, баш көтөрүү жана зомбулукчулук менен өткөрүп, бир балээге кабылганда тообо кылып кутула алабыз деп ойлошот. Бирок Аллах алардын мындай планын текке кетирет.

Күч-кудуреттин, улуулуктун Аллахка тиешелүү экенин түшүнгөн Фараондун абалы да ушундай болгон. Ошол кезде «моюн сундум» деп айтуу менен кечирилем деп ойлогон Фараон абдан чоң жаңылыштык кылган. Кутулам деп ойлоп жатканда денесинин гана кутулушу жана ушундай абалы менен адамзатка сабак болушу ал үчүн чоң бир басмырлануу болгон. Аллах аны кийинки урпактарга сабак катары басмырлаган. Дүйнө жашоосунда Египеттин өкүмдары болгон, сарайларда жашаган, кол алдында сансыз кулу жана аскери бар, чоң бир күч жана байлык ээси болгон Фараондун бул күчү аны азоо толкундардан куткара алган эмес. Ошондой эле, айоолуу абалга түшүшүнө да тоскоол боло алган эмес. Ушундайча динге карата шылдыңчыл жана тоң моюн мамилесинин жазасын алган. Бул көрүнүшү менен Фараон шылдың кылган эмес, шылдың кылынган гана абалда. Фараон менен жакын чөйрөсүнүн аягы мунун маанилүү бир көрсөткүчү. Аятта мындайча буюрулууда:

Фараон бүлөсүнүн жана алардан мурдакылардын баскан жолу сыяктуу. Алар Раббилеринин аяттарын жалганга чыгарышты; Биз болсо күнөөлөрүнөн улам аларды кыйраттык. Фараон аскерлерин сууга чөктүрдүк. Алардын баары зулумдук кылган адамдар эле. (Анфал Сүрөсү, 54)

Ушул сыяктуу тарыхта көпкөндүгү менен атагы чыккан дагы көптөгөн коомду да Аллах ошого окшош абалга калтырган. Мисалы, көпкөндүгү менен аты чыккан Ад коому Аллах жөнөткөн азап менен кыйратылышкан. Абдан текебер болгон ал адамдар азаптан соң «ичи бош курма дөңгөчтөрү сыяктуу» жерге кулашкан. Муну кабар берген аяттарда мындайча буюрулууда:

Ад (коому)на келсек; алар жер бетинде чектен чыгып текеберленишти жана (мындай) дешти: «Күч-кубат жагынан бизден жогору ким бар?» Алар чынында аларды жараткан Аллахты көрүшкөн жокпу? Ал күч-кубат жагынан алардан жогору. Чынында болсо, алар Биздин аяттарыбызды (билип туруп) жокко чыгарышты. Ошентип Биз аларга дүйнө жашоосунда басмырлануу азабын таттыруу үчүн ошол бактысыз (балээ толо) күндөрү аларга «кулактарды жарган бир бороон» жөнөттүк. Акырет азабы болсо андан да (чоң) бир басмырлануу. Жана аларга жардам берилбейт. (Фуссилет Сүрөсү, 15-16)

Ад (калкы)на келсек; алар ышкырган, азоолуу бир бороон менен кыйратылышты. (Аллах) Аны жети түн жана сегиз күн тынымсыз аларды соктурду. Ошентип ал коомдун ал жерде ичи бош курма жыгачтарындай урулуп жерге жыгылганын көрөсүң. (Хакка Сүрөсү, 6-7)

Аллах каапырларга дүйнөдө белгилүү бир мөөнөт берет, бирок алар чектен чыгууну жана шылдыңчылдыгын улантышса, бул мөөнөт бүткөн соң абдан күчтүү бир жаза берет. Өзгөчө Аллахтын элчилерине каршы жасалган кылмыштар сөзсүз жазасын алган. Аллах Мунтаким (өч алуучу) сыпаты менен элчисине жана ыймандууларга карата жасалган жаман, шылдыңчыл мамилелердин өчүн алган жана кылмышкер күнөөкөрлөрдү жазаландырган. Бир аятта Аллах муну мындайча кабар берген:

Ант болсун, сенден мурунку элчилер да шылдың кылынды, ошондо Мен ал баш тарткандарга бир мөөнөт бердим, кийин аларды (катуу) кармадым. (Бул) Жыйынтык кандай эле? (Рад Сүрөсү, 32)

Башка бир аятта болсо Аллах ыймандууларды шылдыңдаган ал каапырлардын кылган жамандыгынын өздөрүнө сөзсүз зыян алып келээрин кабар берген:

Алардын кылгандарынын жамандыгы алар үчүн ачыкка чыкты жана шылдың кылган нерселери болсо аларды ороп-курчады. (Жасийе Сүрөсү, 33)

Ушул жерге чейин айтылгандардан да көрүнгөндөй, динге жана ыйман келтиргендерге карата шылдыңчыл мамиле кылган адамдар Аллахтын азабынан кача алышпайт. Чектен чыккан, баш көтөргөн, өзүн жогору көргөн ар бир адам Аллах Куранда билдиргендей, дүйнөдө ар кандай балээлерге кабылат. Болгондо да, бул дүйнө жашоосунда гана берилген жаза, акыретте бериле турган жазанын болсо оорураак экени Куранда мындайча билдирилген:

Анан жамандык кылгандардын акыбети, Аллахтын аяттарын жалганга чыгарганы жана шылдың кылганы үчүн, абдан жаман болду. (Рум Сүрөсү, 10)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Шылдың Кылуунун Себеби - Бой Көтөрүү
  • Караңгы Коомдо Шылдыңчылдык
  • Каапырлар Динге Карата Да Шылдыңчыл Болушат
  • Каапырлар Ыймандууларды Шылдыңдап Жаңылышат
  • Каапырлар Эң Биринчиден Пайгамбарларды Максатташат
  • Каапырлардын Шылдыңдарына Сабыр Кылуу – Ыймандуулар Үчүн Кадыр-Барк
  • Аллах Каапырларды Дүйнөдө Уят Кылат
  • Шылдыңчылдыктын Аягы Жөнүндө Курандан Мисалдар
  • Каапырлар Байкабаган «Улуу Чындык»
  • Заттын Артындагы Сыр
  • Заттын Артындагы Сыр
  • Шылдыңчыл Адамдар Акыретте Алган Натыйжасы
  • Жыйынтык