Диндерин бир оюн жана шылдың кылып алган, ыйык баалуулуктарга карата акылсыздык менен шылдыңчыл мамиле кылган адамдардын алган жазасы дүйнөдөгү менен эле чектелбейт. Куранда кабар берилгендей, аларды негизи акырет жазасы күтүп жатат. Аллах ыймандууларды бейиш менен сүйүнчүлөгөндөй, каапырларды азап менен коркутууда.
Бүт адамдар дүйнө жашоосунда кылгандарынан улам бир-бирден сурак бере турган дин күнү келгенде, бул адамдар албетте абдан бушайман болушат жана дүйнөдө кылган кылмыштарынын жазасын сөзсүз алышат. Мына ошол күнү өздөрү шылдың кылына турган абалга түшүшөт. Себеби алар бул күнгө туш болоорун күтүшкөн эмес, көбүү менен баш көтөрүүчү мамилелерин улантышкан. Бирок эми кача турган жер жок. Басмырлоочу азап аларды күтүп турат. Мунун себеби – алардын бул дүйнөдө Аллахтын аяттарын шылдыңдашы. Бирок тозоктогу абалы себебинен эми каапырлар өздөрү шылдыңдала турган көрүнүшкө түшүшөт. Куранда алардын мындай абалы төмөнкүчө баяндалат:
Аяттарыбыздан бир нерсе укканда шылдың кылат. Мына ошолор үчүн басмырлоочу бир азап бар. Аркаларынан тозок (аларды ээрчип жүрөт). Чогулткан нерселери аларга эч пайда бербейт. Аллахтан башка тутунган достору да. Алар үчүн улуу бир азап бар. (Жасия Сүрөсү, 9-10)
Көрүнүп тургандай, бул дүйнөдө жаман бир желтенүү менен динди шылдың кылууга аракеттенген ал адамдар билбестен абдан чоң бир тузакка түшүшөт. Алар үчүн чоң бир азап даярдалган жана Аллах алардын бул дүйнөдө кылгандарынын баарын алардын зыянына айланткан. Дин жана ыймандууларды шылдың кылуу менен кылган жамандыгы өздөрүнө тийген. Натыйжада жогору болууну каалап жатып, жогорубуз деп жатышып, басмырланып уял болушкан. Аллах көп аяттары менен бул азаптуу натыйжаны адамдарга эскерткен:
Топтогон жамандыктары өздөрү үчүн ачыкка чыкты жана шылдың кылган нерселери да аларды толугу менен курчап алды. (Зүмер Сүрөсү, 48)
Ошентип кылган жамандыктары алардын башына келди жана шылдың кылган нерсеси аларды ороп-курчады. (Нахл Сүрөсү, 34)
Дүйнө жашоосунда шылдыңчылдыкты тандагандар, Аллахтын аяттарын, элчилерин жана ыймандууларды шылдыңдагандар кылгандарынын жазасы катары тозок оту менен оролушат. Ушундайча динге карата көрсөткөн шылдыңчыл мамилелеринин азабын тартышат. Сабак ала турган башка бир жагдай болсо – бул адамдар үчүн даярдалган тозок азабынын түбөлүктүү болушу. Себеби алар акыретти жана сурак күнүн көрбөй, унуткан сыяктуу, дин күнү келгенде да алар унутулушат жана Аллахтын мээриминен алыс калышат. Албетте, бул – бир адам туш болушу мүмкүн болгон эң коркунучтуу жыйынтык. Бул чындык Куранда мындайча баяндалат:
Алардын кылгандарынын жамандыгы алар үчүн ачыкка чыкты жана шылдың кылган нерселери болсо аларды ороп-курчады. (Мындай деп) Айтылды: «Бүгүнкү күнгө жолугууну унутканыңар сыяктуу Биз да силерди бүгүн унуттук. Силердин мекениңер от. Жана силер үчүн эч бир жардамчы жок.» «Мунун себеби мындай: себеби силер Аллахтын аяттарын шылдыңдадыңар; дүйнө жашоосу болсо силерди алдады.» Ошентип ал жерден (оттон) чыгарылышпайт дагы, (Аллахтын) ыраазылык тилектери да кабыл алынбайт. (Жасия Сүрөсү, 33-35)
Бул бөлүмгө чейин каапырлардын, мушриктердин, мүнафыктардын же дин ахлагын жашабаган адамдардын текебердик себебинен динди, аяттарды, элчилерди жана ыймандууларды шылдыңдаганы, ал тургай, муну бир көнүмүш адатка айлантып алганы жөнүндө сөз кылынды. Чындап эле тарых бою караңгы адамдар өз ойлорунда ыймандууларга азап берүү, алардын күчүн азайтуу, күрөштөрүндө алардын демин басуу үчүн шылдың куралын колдонушкан. Бирок алар унуткан абдан маанилүү бир чындык бар. Убактысы келгенде ыймандуулар да аларды шылдың кылышат.
Бүт адамдар бул дүйнөдө кылгандарынын эсебин бере турган сурак күнүнүн ишке ашаары так бир убада. Ал күнү эч бир адам артка кайта албайт жана бүт адамдар кылгандарынын жаза же сообун толук алат. Мына ошол күн келгенде, Аллахка жана элчисине моюн сунган, алар көрсөткөн жолдо жүргөндөр, б.а. ыймандуулар Аллах алар үчүн жараткан немат-жакшылыктарга толгон бейишке киришет жана Аллахтын каалоосу менен, түбөлүккө чейин ал жерде жашашат. Аллахка жана элчисине баш көтөргөн, Анын динин жана элчилерин шылдың кылган, ыймандууларды шылдыңчыл жана жаман сөздөр менен капалантууга аракеттенген адамдар болсо ар түрдүү азаптары бар тозокко киришет жана «ар дайым» анын ичинде болушат. Ошондуктан ал күн ыймандуулар каапырларды шылдыңдай турган күн болот. Себеби алар ыймандууларды шылдыңдап жатканда бул кылгандары үчүн сурак берээрин жана мунун натыйжасында түбөлүк жазаландырылаарын ойлошкон эмес. Бул дүйнөдө гана жашайбыз, кайра тирилбейбиз деп ойлошуп, акыреттин бар экенин же жокко чыгарышкан же болбосо мүмкүн эместей көрүшкөн. Булар үчүн жазаланаары болсо эч ойлоруна келген эмес. Аларга эскертилгенде эскерткендерди да шылдың кылышкан. Муну менен эле чектелбей, дин ахлагын жашаган, Аллахка моюн сунган, Курандагы сонун ахлак системасын кабыл алган адамдарга да душмандык кылышып, ар мүмкүнчүлүктө аларга шылдыңчыл сөздөр менен кол салышкан. Бирок акырет күнү келгенде ыймандуулардын туура жолдо экени, шылдыңга кала тургандардын болсо ыймансыздардын экени ортого чыгат. Себеби мындай кылуу менен өздөрүнө гана жамандык кылышып, өздөрүнүн түбөлүк жашоосун кыйратышкан болот.
Аллах тозокто бере турган азап абдан күчтүү болгондуктан, мурда эч сезбегендей чоң кыйынчылык, азаптар аларды күтүп жатат. Ал эми ыймандуулар болсо теңдешсиз кооздук жана немат-жакшылыктар менен сыйланышат. Каапырлар дүйнө жашоосунда «коркпостон» шылдыңдаган ал адамдар түбөлүккө чейин немат-жакшылык мекени болгон бейиштерде сыйланышат. Эки тарап тең бир-бирин көрөт жана Аллахтын адилетине күбө болушат. Куранда ал күндөгү абал мындайча сүрөттөлгөн:
Эми бүгүн ыйман келтиргендер каапыр болгондорго күлүп жатышат. Тактылар үстүндө карап (отурушат). Кандай, каапырлар кылгандарынын «оор азабын татыштыбы?» (Мутаффифин Сүрөсү, 34-36)
Бирок дагы бир жолу айта кетүү керек; ал күнү Аллахтын адилети толук көрүнөт. Себеби Аллах бул адамдарга дүйнөдө сабак алганга жетишээрлик бир мөөнөт берип, аларды акыреттин жана сурак күнүнүн жакындыгы жөнүндө эскерткен. Бирок алар ушуга карабастан, абийирдүү болбой, шылдыңчылдыгын улантышкан. Куранда бул чындык мындайча кабар берилет:
Ант болсун, Биз аларды силерди анда жайгаштырбаган жерлерде (силерге бербеген күч жана бийлик мүмкүнчүлүктөрү менен) жайгаштырдык жана аларга угуу, көрүү (сезимдерин) жана көңүлдөр бердик. Бирок угуу, көрүү (сезимдери) да жана көңүлдөрү да аларга эч пайда бербеди. Себеби алар Аллахтын аяттарын жокко чыгарышты. Шылдыңдаган нерселери аларды ороп-курчады. (Ахкаф Сүрөсү, 26)
Көрүнүп тургандай, дүйнө жашоосунда көп мүмкүнчүлүктөр берилген бул адамдар муну жакшы колдонбогондуктан жана шылдыңчыл мамилелерин улантышкандыктан, мындай абийирсиздигинин жазасын тартууга ылайыктуу.
Ыймандууларды шылдыңдаган бул адамдар акыретте ыймандууларга абдан таң калышат. Өздөрү кылгандары үчүн тозокко жөнөтүлгөндө, бул дүйнөдө туура эмес жолдо деп ойлогон ыймандууларды да ал жерде көргүлөрү келет. Жана мына ошондо канчалык алданганын түшүнүшөт. Алар ыймандууларга күлүп жатканда жана аларды шылдыңдап жатканда, бир караса эле өздөрү уят болуп, шылдың кылына турган абалга келген болот. Төмөнкү аятта алардын мындай айоолуу абалы мындайча баяндалат:
Жана айтышат: «Бизге эмне болду, шерир (жаман)дар деп ойлогон адамдарды (бул жерде) көрө албай жатабыз. Биз аларды шылдыңдаган элек; же көзүбүз байкабай калдыбы?» Бул тозок калкынын бири-бири менен талашышы анык бир чындык. (Сад Сүрөсү, 62-64)
Ыймандуулардын бейиште болушу каапырларга чоң бир сокку болот. Себеби бейиш – Аллах ыймандуулар үчүн даярдаган, ичинде түбөлүк жашала турган кемчиликсиз бир мекен. Ал жерде ар кандай немат-жакшылыктар бар. Бул кереметтүү мекен каапырларга көрсөтүлгөндө, ыймандуулардын мындай сонун жерде сыйланышына абдан таң калышат. Чынында болсо баары дүйнө жашоосунда кылгандарынын гана жообун алган болот. Аллах Куранда туура туура эместен бөлүнө турган ал улуу күндү мындайча сүрөттөйт:
(Ал күнү) Заалымдарды кылгандарынан улам коркуп, титиреп жатканын көрөсүң; ал (кылгандары) аларды басып калды. Ыйман келтирип ыкластуу иштерди жасагандар болсо бейиш бакчаларында. Раббилери Кабатында эмне кааласа баары алардыкы. Мына улуу пазилет (жакшылык жана жогорулук) ушул. (Шура Сүрөсү, 22)
Ошентип Аллах убактысы келгенде, бир тараптан, дүйнө жашоосунда ыймандууларды шылдың кылган каапырларга кылгандарынын жазасын берсе, экинчи тараптан, ыймандууларды сабыр кылганы үчүн сыйлайт. Аллах Куранда бул чындыкты мындайча билдирет:
Кимдин таразасы жеңил келсе, мына ошолор өз напсилерин кыйроого салгандар, тозокто да түбөлүк калуучулар. От алардын жүзүн ороп күйгүзөт, анын ичинде алар (эттери шылынып түшкөн) тиштери менен калышат. Аяттарым силерге окулганда, жокко чыгаргандар силер эмес белеңер? «Раббибиз, бактысыздыгыбыз бизди жеңди, биз адашкан бир коом экенбиз.» дешти. «Раббибиз, бизди (оттун) ичинен чыгар, эгер кайра (каапырчылыкка) кайтсак, ошондо чындап заалым адамдар болобуз.» (Аллах) Айтат: «Анын ичине сиңгиле жана Мени менен сүйлөшпөгүлө.» «Себеби чынында Менин кулдарымдан бир топ: «Раббибиз, ыйман келтирдик, Сен эми бизди кечир жана бизге мээрим кыл, Сен мээримдүүлөрдүн эң жакшысысың дешчү, силер болсо аларды шылдыңдадыңар; ошентип (шылдыңыңар) Менин зикиримди (Мени эстөөнү) унуттурду жана силер аларга көп күлчүсүңөр.» «Бүгүн Мен чынында аларга сабыр кылганы үчүн сыйлыгын бердим. Шексиз, алар «кутулууга жана бакытка» жеткендер.» (Мүминун Сүрөсү, 103-111)