Шылдың Кылуунун Себеби - Бой Көтөрүү

Бир адамдын өзүн башкалардан өйдө, жогору сезиши «бой көтөрүү» деп аталат. Бой көтөргөн (текебер) адамдар башка адамдарга карата аларды төмөн көргөнүн сездирген бир мамиледе болушат. Бирок бой көтөрүүнү бир эле адамдарга карата жасалган бир жаман мамиле деп ойлоо туура болбойт. Себеби текебер адамдар ошол эле учурда Аллахтын динине моюн сунуу, туура жолго чакырылганда бул жолду ээрчүүдө да бой көтөрүшөт.

Адам абийирин укпаса, напсисинин каалоолорун ээрчисе, Аллах Куранда сүрөттөгөн ахлакта болбосо, напсисинин бул тузагына түшөт. Себеби Аллах Куранда билдиргендей, «... напси –Раббим аны коргобосо- болушунча жамандыкты буйрук кылат...» (Йусуф Сүрөсү, 53). Шайтандын шыбырларын уккан жана өздөрүн эч бир реалдуулугу жок артыкчылыктарга ээмин деп ойлогон адамдар андан соң толугу менен напсилеринин башкаруусунда болушат. Ошондуктан текебер болушу же башкача айтканда бой көтөрүшү – сөзсүз.

Текебердик (бой көтөрүү) – шайтандын да эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири. Куранда билдирилгендей, Аллах периштелерге Аз. Адам (а.с.)га сажда кылгыла деп буйрук кылганда, иблистен башка баары сажда кылган, иблис болсо сажда кылбай өжөрлөнгөн. Албетте, мунун себеби – өзүн акылсыздык менен Аз. Адам (а.с.)дан өйдө көрүшү жана ушундан улам текеберлениши эле. Куранда шайтандын бул абалы мындайча баяндалат:

Жана периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дедик. Иблистен башка (баары) сажда кылышты. Ал болсо кежирленди жана текеберленди, (ошентип) каапырлардан болду. (Бакара Сүрөсү, 34)

... кийин периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дедик. Алар болсо иблистен башкасы сажда кылышты; ал сажда кылуучулардан болбоду. (Аллах) Айтты: «Сага буйруганымда, сени сажда кылуудан эмне тосту?» (Иблис) Айтты: «Мен андан жакшымын; мени оттон жараттың, аны болсо ылайдан жараттың.» (Аллах:) «Андай болсо түш ал жерден, ал жерде текеберленүү сенин (акың) эмес. Ылдам чык. Чынында сен (басынып) уят болгондордонсуң.» (Аьраф Сүрөсү, 11-13)

Бирок шайтандын да, анын жалган чакырыктарын ээрчигендердин да эч кандай артыкчылыгы жок. Тескерисинче бул адамдар Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жокко чыгаруу менен кылган акылсыздыгы аларды уят кылууда. Аллах Куранда өз ойлорунда «мен жогорумун» дегендер жөнүндө «...алардын көкүрөктөрүндө (жүрөктөрүндө) эч жете албаган бир текебердик (каалоосу) гана бар...» (Момун Сүрөсү, 56) деп кабар берген. Бул аяттан да көрүнүп тургандай, каапырлар канчалык каалашса да, күсөгөн жогорулукка жете алышпайт. Себеби жогорулук бир гана Аллахка тиешелүү жана Аллах Ага моюн сунган пенделерин гана жогору кылат. Адашкан каапырларды болсо дүйнөдө да, акыретте да уят кылат. Жогорудагы аяттардан кийинки аяттарда да Аллах каапырлардын кандай бир сокурдук жана түшүнбөстүк ичинде экенин мындайча кабар берген:

Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышы адамдардын жаратылышынан жогорураак (татаалыраак). Бирок көп адамдар билишпейт. Сокур менен (баамдап) көргөн бир болбойт; ыйман келтирип ыкластуу амалдарды кылгандар менен жамандык кылган да. Канчалык аз сабак алып-ойлонуп жатасыңар. Шексиз, кыямат-сааты жакындап келе жатат; мында эч шек жок. Бирок көп адамдар ыймансыз жүрүшөт. (Момун Сүрөсү, 57-59)

Жогорудагы аяттарда да кабар берилгендей, адамдардын көпчүлүгү Аллахтын кудуретин жана улуулугун түшүнө албагандыктан, аларга бир берешендик менен берилген өзгөчөлүктөрдөн улам бой көтөрүп, мактанышат. Мына ушундай адамдардын ичиндеги текебердикти сыртка чыгаруу ыкмаларынын бири – адамдарды шылдыңдоо. Жогоруда да айтылгандай, аларды төмөн көргөнүн сездирүү менен өзүмдү жогору кыла алам деп ойлошот. Ушундан улам дин ахлагынан алыс караңгы коомдордо «шылдыңчылдык» кеңири тараган.

Шылдыңчыл адамдар ичтериндеги текебердик каалоосу себебинен тынымсыз адамдардын кемчиликтерин көрүп, жакшы тараптарын болсо байкашпайт. Мындай адамдардын ар биринин өзүнө жараша текеберленген кээ бир өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, кээ бири ийгилигинен, кээ бири сулуулугунан, кээ бири болсо байлыгынан улам бой көтөрөт. Ушундан улам бул тараптартан кемчиликтүү адамдарга кезиккенде, аларды кемчиликтери менен шылдыңдашат. Аларга мындай өзгөчөлүктөрдү Аллах бергенин жана кааласа бир заматта кайра алып коюшу мүмкүн экенин ойлонбостон, ушундай адашышат.

Караңгы коомдордо дин ахлагынан алыс түзүлүш себебинен шылдыңчылдык жашоонун айрылгыс бир бөлүгүнө айланган. Жаш балдар, жаштар дайыма ушундай мүнөз менен тарбияланып чоңойушат. Алдыда дин ахлагынан алыс жашаган адамдардын өз ара шылдыңчыл мамилелеринин мисалдарына токтолобуз. Жана мындай мамилелери менен өздөрүн кандай азаптуу бир жагдайга салышканына күбө болобуз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Шылдың Кылуунун Себеби - Бой Көтөрүү
  • Караңгы Коомдо Шылдыңчылдык
  • Каапырлар Динге Карата Да Шылдыңчыл Болушат
  • Каапырлар Ыймандууларды Шылдыңдап Жаңылышат
  • Каапырлар Эң Биринчиден Пайгамбарларды Максатташат
  • Каапырлардын Шылдыңдарына Сабыр Кылуу – Ыймандуулар Үчүн Кадыр-Барк
  • Аллах Каапырларды Дүйнөдө Уят Кылат
  • Шылдыңчылдыктын Аягы Жөнүндө Курандан Мисалдар
  • Каапырлар Байкабаган «Улуу Чындык»
  • Заттын Артындагы Сыр
  • Заттын Артындагы Сыр
  • Шылдыңчыл Адамдар Акыретте Алган Натыйжасы
  • Жыйынтык