Киришүү

Дин ахлагынан алыс коомдордо адамдардын кемчиликтерин издөө, аларды аныктоого аракет кылуу абдан кеңири тараган. Адамдардын мындай кылышына дүйнөгө болгон ач көздүктөрү жана адамдардан өйдө болуу каалоолору себеп болот. Бул адамдар башка адамдардын каталарын табуу мага жогорулук алып келет деп ойлошот. Бул үчүн көп колдонулган ыкмалардын бири – бул шылдыңчылдык. Адамдарды кемчиликтери менен, алсыздыктары менен же каталары менен шылдыңдаганда, өз кемчиликтерим көрүнбөй калат деп ойлойт. Ушул себептен караңгы коомдордо шылдың – жашоодо көп кездешүүчү бир бузуку кулк-мүнөз. Куран ахлагында болбогон мындай адамдар тынымсыз башкалардын шылдың кылууга мүмкүн болгон тараптарын издеп жатып, бир тараптан өздөрү шылдыңга калуудан тынчсызданышат. Ошондуктан мындай шылдыңчыл мамилелери менен бир-бирлерин бир «зулум чөйрөсүндө» жашатышат.

Бирок бул жерге чейин айтылгандар караңгылыктын шылдыңчыл мүнөзүнүн бир тарабы гана. Негизи бул адамдар өзгөчө туура экенин кабыл алгысы келбеген бир пикирге туш болгондо бул ыкманы колдонушат.

Каапырлардын динге болгон мамилелеринде мына ушул таасир байкалат. Кээ бир адамдар тарых бою Аллах элчилери жана китептери аркылуу аларды чакырган туура жолго баш ийбей өжөрлөнүшкөн. Көпчүлүгү шайтандын жолун ээрчишип, Аллахтын динин жана сурак күнүн жокко чыгарышкан. Албетте, мындай акылсыз мамиленин түбүндө алардын ичиндеги бой көтөрүү каалоосу бар. Каапырлардын бул абалы Куранда мындайча кабар берилген:

Силердин кудайыңар жалгыз Кудай. Акыретке ишенбегендердин жүрөктөрү болсо чындыктан баш тартуучу жана алар текебер (адамдар). (Нахл Сүрөсү, 22)

Аллахка жана акыретке ыйман келтирбеген бул адамдар аларга акыйкат дин баяндалганда, туура эмес жолдо экени жана бул жолдон кайтпаса түбөлүк бир тозок жашоосуна кабылаары кабар берилгенде, муну кабыл алышкан эмес. Өз ойлорунда өздөрүн туура жолдо көрсөтүү үчүн болсо дин ахлагын жана бул ахлактагыларды шылдыңдоого барышкан. Мындай начар жол менен аларга «каршы» бир пикир болгон Куран ахлагын жок кыла алабыз деп ойлошкон.

Албетте, каапырлар чоң жаңылыштыкта. Алардын сөз менен же кол менен жасаган аракеттери да эч натыйжа бербейт. Себеби Аллах Куранда акыйкат диндин дайыма жогору экенин жана каапырлардын аракетинин текке кетээрин мындайча сүйүнчүлөгөн:

... Бирок каапырлардын тузагы текке гана кетет. (Момун Сүрөсү, 25)

Ооздору менен Аллахтын нурун (динин) өчүрүүнү каалашууда. Бирок, Аллах, каапырлар каалашпаса да, Өз нурунун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкасын каалаган жок. Мушриктер каалабаса да Ал динди (Исламды) бүт диндерден жогору кылуу үчүн элчисин хидаят жана акыйкат дин менен Ал жөнөткөн. (Тообо Сүрөсү, 32-33)

Өтмүштөгү сыяктуу учурда жана келечекте да динди жокко чыгарганы үчүн же түшүнүү жөндөмдүүлүгү болбогону үчүн чындыктарга карата шылдыңчыл мамиле кылган адамдар болот. Бирок мындай адамдардын аягы, андай мамилелеринен кайтышпаса, Аллах аяттарында билдиргендей, кылган «маскаралыгы» себебинен абдан азаптуу болот:

Ант болсун, сенден мурдакы элчилер да шылдыңдалышкан, шылдыңга алган нерселери алардан маскаралык кылгандарды толук ороп калды. (Энъам Сүрөсү, 10)

Аларга акыйкат келгенде, аны жалганга чыгарышты; бирок шылдың кылгандарынын кабары аларга келет. Алардан мурда канчалаган урпактарды кыйратканыбызды көрбөй жатышабы? Биз силерди жайгаштырбагандай (көп бир күч жана байлык менен) аларды жер бетинде жайгаштырдык; асмандан алардын үстүнө нөшөр (көп жамгырлар) жаадырдык, дарыяларды астынан актырып койдук. Бирок күнөөлөрү себебинен Биз аларды кыйраттык жана алардан соң башка урпактарды (жасап) жараттык. (Энъам Сүрөсү, 5-6)

Мындан тышкары, бул адамдар төмөнкүнү да билиши керек: ыймандууларга болгон шылдыңчыл мамилелери менен, динге карата шылдыңчыл жана жалаа жапкан сөздөрү менен өздөрүн түбөлүк бир азапка түртүшүүдө. Ошондой эле, алардын доомат жана шылдыңчыл сөздөрү буларга кабылган адамдардын акыреттеги даражаларын көтөрүүдө. Бул – Куранда кабар берилген маанилүү бир сыр:

Каапырларга дүйнө жашоосу жагымдуу кылынды (кооздолду). Алар ыйман келтиргендердин кээ бирлерин шылдыңдашат. Бирок коркуп-тартынгандар кыямат күнү алардан жогору. Аллах каалаганына эсепсиз ырыскы берет. (Бакара Сүрөсү, 212)

Куранда кабар берилгендей, каапыр мүнөздүү адамдар кылымдар бою дээрлик бүт доорлордо бирдей ахлаксыз мамилелерде болушкан. Ал тургай, бир сөздөрдү айтышып, бир мисалдарды беришип, окшош иш-аракеттерди жасашкан. Шылдыңчылдык да мындай мамилелердин бири. Куран ахлагында болбогон адамдардын мындай орток мамилеси – Аллахтын өзгөрбөс бир мыйзамы. Ошондуктан мындай мамилелерге кабылган бир момун (ыймандуу) Куранда айтылган бир чындыкка күбө болгону үчүн толкунданат. Мунун ыймандын бир көрсөткүчү экенин билгендиктен, мындай абалдан абдан кадыр-барк сезет. Мындай мамилелерге сабыр кылганы үчүн акыретте ала турган сыйлыкты билүү болсо кубанычын андан да күчөтөт. Көрүнүп тургандай, дин ахлагын жокко чыгарган же каршы чыккан адамдар ыймандууларга эч зыян тийгизе алышпайт. Бул чындык эске алганда, ыймандуулар үчүн аларды шылдың кылуунун кадыр-барк экени жакшыраак көрүнөт. Аллах Куранда «... силерден мурда аларга китеп берилгендерден жана (Аллахка) шерик кошуп жаткандардан, албетте, абдан кыйноочу (сөздөрдү) угасыңар. Эгер сабыр кылсаңар жана тартынсаңар (бул) буйруктарга болгон бекемдигиңерден» (Али Имран Сүрөсү, 186) деп кабар берген. Жана акыретте ыймандууларды шылдыңдагандардын уят болоорун сүйүнчүлөгөн:

Айткын: «Мамиле (амалдар) жагынан эң көп азапка туш боло тургандарды силерге кабар берейинби?» «Алардын дүйнө жашоосундагы бүт аракеттери текке кетти, (бирок) өздөрүн чынында жакшы иш кылып жатабыз деп ойлошууда.» Мына ошолор Раббилеринин аяттарын жана Ага жолугууну жокко чыгаруучулар. Эми алардын кылгандары текке кетти, кыямат күнү алар үчүн бир тараза койбойбуз. Жокко чыгарганы (каапырдык кылганы), аяттарымды жана элчилеримди шылдың кылганы үчүн алардын жазасы тозок. Ыйман келтирип ыкластуу амалдарды кылгандар... Фирдаус бейиштери алар үчүн бир «конок мекени». Ал жерде түбөлүк жашашат, ал жерден чыккылары келбейт. (Кехф Сүрөсү, 103-108)

Колуңуздагы бул китепте мына ушул чындыктар баяндалып, каапырлар шылдың кылгысы келгенде ичине түшкөн тузагы түшүндүрүлөт. Ошондой эле, шылдыңчылдык түшүнүгү көнүмүштөн тышкары, башка тараптардан колго алынып, Куран аяттары менен түшүндүрүлүүдө.