Ыйман келтирбеген адамдар Аллах адамдар үчүн тандап жактырган дин ахлагында болбогондуктан, Курандан толугу менен алыста болушат. Ушул себептен өз ара күнүмдүк жашоолорунда шылдыңчыл мамилелери кеңири тараган.
Мындай бузуку мүнөздүн түбүндө текебердик жана сонун ахлакта болбоо турат. Ичтериндеги бул текебердик ар кандай себептерден улам жана ар кандай түрдө ачыкка чыгат. Турган чөйрөсүндө эң жогорку адам болгусу келген үчүн башкалардын жакшы өзгөчөлүктөрүн көргөндө, аларды шылдыңдашат. Ушундайча ал адамды басмырлоону, аны адамдардын көзүндө уят кылууну жана анын маанайын бузууну максаттайт. Бул адамды башка адамдардын жактырышын жана макташын каалашпайт. Аллах Куранда үйрөткөн чыныгы сүйүүнү, боорукердикти, мээримди сезбегендиктен, шылдыңдоо менен бир-бирин капалантуудан тартынышпайт.
Күнүмдүк жашоолорунда мунун мисалдары көп кездешет. Курбуларынын же башка адамдардын кемчиликтери же каталары жөнүндө өз араларында сүйлөшүп, шылдыңдашат. Буту тайып жыгылган, тамагына бир нерсе жүгүрүп кеткен, тили будаланып бир нерсени туура эмес айтып алган бирөөнү көргөндө ашыкча жана көпкө шылдыңдап күлүшөт. Андан соң ал адам жөнүндө уят кыла турган сөздөрдү сүйлөшөт. Ал тургай, ошол кезде күлүп ал адамды тажатканы аз келгенсип, кийин да ар мүмкүнчүлүктө аны ага эстетүү менен, уялтууга аракеттенет. Шылдыңга кабылган адамдар да ушундай мүнөздө. Кийин ушундай абалга түшкөн бирөөнү көргөндө алар да ал адамдарды шылдыңдашат. Б.а. бүт бул адамдардын арасында «үнсүз» бир караңгылык келишими бар сыяктуу. Ушул себептен аларды шылдыңдаганда алар да андан да көбүрөөк күлүү менен муну басууга аракеттенишет. Кыйналса да муну билдирбөөгө аракет кылышат. Себеби кыйналганымдын билинип калышы уят болуу маанисине келет деп ойлойт.
Мындан тышкары, кээ бир адамдар болсо денесинде бир кемчилиги болгон бирөөнү көргөндө колдору менен ага ишарат кылып, күлүүгө, өз оюнда аны шылдыңдоого аракет кылышат. Кемчилиги бар адам муну көрүшү жана капа болушу мүмкүн экенин билип туруп, мындай начар иш кылуудан тартынышпайт. Адамдардын кийимдерин, чачын, сүйлөө калыбын, диалектикасын, услубун, кызматын жана ал тургай жашоо формасын да шылдыңдоону бир көңүл ачуу катары баалашат. Муну болсо, жогоруда да айтылгандай, бир гана өз текеберлигин канааттандыруу, башкалардын суктанышына тоскоол болуу жана башка адамдарды өз ойлорунда уят кылуу максатында жасашат.
Караңгы коомдордо шылдыңчыл мүнөз ортоңку класстар жана лицей кезинен баштап жаштар арасында жайылат. Мисалы, бир мектепке башка бир шаардан балким байыраак же сулуураак бир окуучу келет. Башка окуучулардын көпчүлүгү аны караңгы адамдардын бир мүнөзү катары кызганышат, бирок муну жабуу үчүн аны ар кандай жолдор менен шылдыңдашат. Дайыма анын кемчиликтерин табууга аракеттенишет, ал тургай, жакшы жактарын да кемчиликтей карашат. Чачы түз болсо «шыпыргы чачтуу», узун бойлуу болсо «таяк» сыяктуу дешип, өз араларында ага жакпай турган аттарды коюшат. Ушундайча ал адам жөнүндө шылдыңчыл бир услуп колдонуу менен бүт баарын бул багытка бурууга, бүт баарын ал адамды басмырлашын камсыздоого аракеттенишет.
Ошол сыяктуу класста алардан аракетчилирээк, жакшыраак окуган бир окуучу бар болсо, муну да жактырышпайт. Аны уят кылуу үчүн ийгилигин жээрий турган аттарды коюп, аны шылдыңдашат.
Класстагы башка окуучуларды да шылдыңдоо үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышпайт. Өзгөчө материалдык нерселерди шылдың үчүн ылайыктуу көрүшөт. Былтыркы жылкы формасын же бут кийимин кийген бирөөнү басмырлоо жана артынан шылдыңдоо көп кездешет. Окуучулардын жашаган району, үйлөрү жана үйлөрүндөгү буюмдар да шылдың темасы болот. Адамдардын аталарынын кесиби, апаларынын иштеген жери, атынын кулакка бейтааныш болушу же ал адамдын атынын таанымал бирөөгө окшош болушу сыяктуу көп жагдайлар шылдыңга себеп боло алат. Кээ бир окуучулар өзгөчө мугалимдерин шылдыңдашат. Мугалим тажрыйбасыз жаңы бир мугалим болсо анын услубун же тажрыйбасыз кыймылдарын шылдыңдашат. Мугалим улгайган болсо кээ бир кыймылдары жай болсо же көзү жакшы көрбөсө ошону шылдыңдашат. Мугалимдердин кийимдери де шылдыңга тема болот. Мисалы, мугалим көбүнчө бир кийим менен жүрсө, кийими үтүктөлбөгөн болсо, муну бир-бирине айтып шылдың кылышат.
Бул ишкана, мекемелерге да тиешелүү. Ал жердеги шылдыңчылдык адамдардын кызмат ордуларына жараша өзгөрөт. Адамдарда көбүнчө кызмат орду жагынан өзүнөн төмөндөргө көбүрөөк шылдың жасалат. Бул кишилер ушундайча текебердигин канааттандырууга аракеттенет. Өзүнөн жогоруларга текебердик кыла албаган үчүн өздөрүнүн кол астындагы же төмөнүрөөк даражада көрүнгөн кишилерди басмырлоого аракеттенишет, муну болсо аларды шылдыңдоо аркылуу жасашат. Мисалы, көбүнчө фирмаларда мүдүрлөр катчыларына карата шылдыңчыл болушат, алардын кылган иштерин, даярдаган нерселерин шылдыңдашат. Ал жердеги шылдыңчылдык мектептегиден башкача. Апачык ат коюу аркылуу эмес, жашыруун жасалат. Берилген жооптордон, басмырлаган мамилелерден, шылдыңчыл көз-караштардан муну көрүүгө болот. Анын жүзүнө карабастан сүйлөшүү, жооп бербей коюу, укпамыш болуу, анын кылган ката же билбеген нерселерине күлүү, шылдыңчыл көз-караштар менен айлананы кароо – мунун кээ бир мисалдарынан.
Шылдыңчылдыктын башка бир түрү ишканаларда атаандаш кишилер арасында кезигет. Мисалы, бир-бири менен атаандашкан эки катчы бир-биринин кемчиликтерин, ката бүткөргөн иштерин бүт ишканага угузууга аракет кылышат. Же бир-биринин дене кемчиликтерин, тандаган кийимдерин, басышын же кандайдыр бир өзгөчөлүгүн шылдыңдоо менен бир-бирин башка адамдар алдында уят кылууга аракеттенишет. Эгер бул экөөнүн бирөөсү жоошураак болсо, беркиси аны басмырлоо максатында дайыма чукуган сөздөрү менен, басмырлоочу көз-караш жана сөздөрү менен аны кыйноого аракет кылат. Көбүнчө башкаларына салыштырмалуу жөнөкөй, жоош адамдар иш шарттарында дайыма басмырланган бөлүктү түзөт. Адамдар Куран ахлагынан алыс мүнөздөрү менен мындай адамдарга тийишишет, бирок өздөрүнөн жогору көргөн, күчүм жетпейт деп ойлогон адамдарга жолошпойт. Ал тургай, андай адамдарга дайыма «жагынууга» аракет кылышат.
Караңгы коомдун күнүмдүк жашоосунда да шылдың кеңири тараган. Куран ахлагынан алыс мындай чөйрөлөрдө шылдыңчылдык коомдун дээрлик бүт тарабында көп байкалат. Өзгөчө жакырлар көп шылдыңдалат. Алардын кийимдери, сүйлөө калыптары жана услуптары, жактырган түсү, жашоо формалары шылдыңга тема болот. Мектептерде, ишканаларда, байлар менен жакырлар чогуу жашаган коомдордо бул көп кездешет. Бирок ошол эле учурда жакырлардын байларды шылдыңдашы да көп байкалат. Эки тарап тең караңгы ахлакта болгондуктан, эч бири бул ахлактын жаман экенин кабыл алгысы келбейт. Болгондо да аларды мындай начар мамилелерден алыс кармай турган бир чек да жок. Аллах коркуусу болбогондуктан, жасаган шылдыңдарынын жазасын акыретте көрөөрүн унутушат. Сурак күнүн ойлонбостон өмүр сүрүшөт.
Мындай дин ахлагынан алыс түзүлүш ичинде чеги жок бир адашууда болушат. Бай бир адамдын кийимдерин кызгануу менен ага ар кандай жаман аттарды коюшат, мисалы «клоун сыяктуу» деп шылдыңдашат. Кийгендери абдан начар сыяктуу бир көрүнүш бергенге аракеттенишет. Бул негизи ал адамды кызганган үчүн жасалат. Мындай ахлактагы адамдар өздөрүндө жок нерсенин баарын кызганышат жана аларга ээ адамдарды шылдыңдоо менен өч алдым деп ойлошот.
Куран ахлагында болбогон адамдар бир-бирлеринин майда-чүйдө дене кемчиликтерин да шылдыңдашат. Мисалы, бир адамдын колдорунун, буттарынын кичинекей же чоң болушун, чачтарынын жок болушун шылдыңдашат. Бою кыска же узун бир адамга ат коюп, дайыма аны эскертип турушат. Адамдын толук же арык болушун шылдыңдашат. Көздөрү алчы болгон, көз айнек таккан адамдарга ат коюп шылдың кылышат. Кулактары жакшы укпаган бир адамды да шылдыңдап капалантышат. Аялдар өзгөчө өз араларында курбуларынын чач жасалгасын же өңүн шылдыңдашат. Кыскача айтканда, караңгы мүнөздөгү андай адамдар арасында дээрлик бүт нерсени шылдыңдоого болот. Күнүмдүк жашоолорунда мунун мисалдары көп. Бир-бири менен жаңы кездешкенде эле шылдыңчыл мамилелери башталат. Мисалы, ал күнү жарашыктуу кийинген бирөөсүнө «Каякка минтип? Тойго баратасыңбы?» деп айтуу менен тынчсыздандырып, кийимим одоно болуп калган экен деп ойлоп калышына себеп болот. Же бири сыпаалык менен «кандайсың» деп акыбалын сураганда, беркиси «сен менин кандай экениме кызыкмак белең?» деп шылдыңчыл кыйытмаларды айтат. Чукуган көз-караш жана сөздөр көп колдонулат. Булардын абдан начар кыймыл-аракеттер экенин түшүнгүлөрү келбейт. Өздөрүнө да ушундай кылынганда азап тартышат, бирок ошондо да мындайын токтотушпайт. Себеби мындай мүнөз алардын караңгы коомунун бир талабы катары табигый кабыл алынган көрүнүш болуп калган. Курбу жолугушуулары жана маектеринде да мындай шылдыңчылдык көп кездешет. Досторунун, жакындарынын артынан шылдыңчыл тамаша жана сөздөрдү көп сүйлөшөт.
Өзгөчө эби келбеген же жөндөмсүз бирөөнү шылдыңдоо – маанилүү бир көңүл ачуу, караңгы адамдар үчүн. Туулган күндөрдө же өзгөчө күндөрдө алган белектерин жактырбай, башка курбулары менен бирге аны шылдың кылышат; берген адам арзан белек алыптыр, жагымсыз нерсе тандаптыр дешет.
Караңгы адамдардын шылдыңчылдыгы дайыма ачык болбошу мүмкүн. Өз ара бири-бирине жасаган эң кеңири тараган жаман мүнөздөрдүн бири – бул чукуган сөздөр жана жаман көз-караштар менен кыйыткан абалда шылдың кылуу. Өзгөчө алардан кызмат орду, даражасы, өзгөчөлүгү же кызмат укугу жагынан жогору бирөөнү түздөн-түз шылдыңдай албагандыктан, өз ара көздөрү менен ымдап шылдыңдашат. Ушундайча тымызын өздөрүн ал адамдан жогору көрүп, ал адамды басмырладык деп ойлошот. Мисалы, бир фирмада башкаруучу бир ката кетиргенде, мисалы тили будаланып кеткенде, ал жердеги адамдар алардан жогору болгон бул адамды ачык шылдыңдай алышпайт. Ошондуктан ымдаган шылдың ыкмасын колдонушат. Бир-бирине башкача карашат, көздөрүнүн ичинде шылдыңчыл бир күлүү болот. Сырттан жакшылап караган бир адам муну, албетте, ошол замат байкайт, бирок ачык кылбагандыктан далилдөө кыйын болот.
Дин ахлагынан алыс коомдордо бүт мындай азап берүүчү мамилелер себебинен адамдар абдан бейпилсиз бир чөйрөдө жашоого мажбур болушат. Бүт баары бир-бирин шылдыңдай турган бир нерсе табышат, бирок өзү шылдыңга калгандар мындан абдан жаман болушат. Ошого карабастан, ал чөйрөнү өзгөртүү үчүн эч аракет кылышпайт. Себеби шылдыңчылдыктын жаман бир көрүнүш экенин, Аллах буйруган ахлакка туура келбестигин айтса, өздөрү да башкаларды шылдыңдай албай калышат. Муну болсо напсилери эч каалабайт. Ушул себептен өздөрүнө жасалган шылдыңчыл мамилелерди жашоонун бир талабындай кабыл алышат. Ушундан улам бир-биринин жаман мамилесин сындашпайт. Аллах Куранда «Кылып жаткан жаман иштеринен бир-бирин кайтарышчу эмес. Кылгандары кандай жаман нерсе эле!» (Маида Сүрөсү, 79) аяты менен ушундай адамдардын мамилелерин кабар берген.
Жыйынтыктасак, Куран ахлагы менен жашабаган бир жерде ар кандай шылдыңчыл мамилени, уят кылуучу сөздү, тынчсыздандыруучу көз-карашты жана шылдыңды көрүүгө болот. Бул себеп болгон азаптуу жана бейпилсиз чөйрөдөн кутулуунун жалгыз жолу – бул Куран буйруган сонун ахлакты өзүнө сиңирүү, жашоо жана жашатуу.
Эй ыйман келтиргендер, бир коом (башка бир) коомду шылдыңдабасын, балким алар булардан жакшыраактыр; аялдар да аялдарды (шылдың кылбасын), балким алардан жакшыраактыр. Өз напсиңерди (өзүңөрдү өзүңөр) бөлүп-басынтпагыла жана бири-бириңерди «начар ылакаптар (тагылган аттар) менен» чакырбагыла. Ыймандан кийин фасыктык (бузукулук) кандай жаман. Ким тообо кылбаса, мына ошолор заалымдардын дал өзү. (Хужурат Сүрөсү, 11)
Аллах жогорудагы аяты менен адамдардын жашоосунда шылдыңчылдыкка толук тыюу салган. Аятта тыюу салынгандардын баарынын караңгы коомдордо кездешүүчү уятсыздыктар экенин мурдакы бөлүмдөрдө айтканбыз. Бирок бул жерде шылдыңчылдыкты Куранга ылайык бир көз-караш менен тереңирээк кароо туура болот.
Аятта көңүл бурулган коомдордун бир-бирин шылдыңдашы, өз маданиятын жогору көрүшү, башка адамдарды басмырлашы – динсиздиктин бир натыйжасы. Бирок Аллах Кабатында жогорулуктун көрсөткүчү – бул адамдардагы Аллах коркуусу жана такыбалык. Материалдык күч, дене өзгөчөлүктөрү, алдыңкы технология же кандайдыр бир дүнүйөлүк нерсе адамдардын бир-биринен жогору кылбайт. Адамдардын ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ болушу, аял же эркек болушу, расасы, ак же кара болушу – бир жогорулуктун белгиси эмес:
Эй адамдар, чындап, Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык жана бир-бириңер менен таанышышыңар үчүн силерди элдер менен уруулар (абалында) кылдык. Шексиз, Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же ата-баба жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Шексиз, Аллах билүүчү, кабар алуучу. (Хужурат Сүрөсү, 13)
Аллах Хужурат Сүрөсүнүн жогорудагы 11-аятында аялдардын да бир-бирин шылдыңдашына тыюу салган. Өзгөчө аялдардын бир-бирине карата шылдыңчыл сөздөрдү колдонушу, чукуган сөздөрдү айтышы караңгы коомдордо көп кездешет. Ал тургай, мындай кыймыл-аракеттер ушунчалык «көнүмүш» болгондуктан, эми аял арасындагы мындай диалог толук кадыресе кабыл алынат. Бир аял башка бир аялдын дене кемчиликтерин мүмкүн болушунча көп сөз кылат. Ал тургай, айкын бир кемчилиги жок болсо да кандайдыр бир өзгөчөлүгүн бир кемчиликтей көрсөткөнгө аракеттенет. Ичиндеги кызганычтык себебинен ар түрдүү жалаага, шылдыңчыл мамилеге барышы мүмкүн.
Ал эми Куранда болсо адамдардын бир-бирин кыйнаган, капаланткан мамилелерди жасашы жаман мүнөз катары бааланган. Аллах башка бир аятында адамдардын бир-бирлерин уруштурган, жашыруун тараптарын изилдеген мамилелеринин жаман экенин мындай бир мисал менен кабар берген:
Эй ыйман келтиргендер, зандан (божомолдон) абдан качынгыла; себеби зандын бир бөлүгү күнөө. Бири-бириңердин жашыруун тарабын изилдебегиле. Кээ бирөөңөр кээ бирөөлөрдү гыйбат кылып (жамандап) аркадан уруштурбасын, силердин бирөөңөр өлүү бир тууганынын этин жегенди жактырабы? Мына андан жийиркендиңер. Аллахтан коркуп-тартынгыла. Шексиз, Аллах тооболорду кабыл кылуучу, абдан боорукер. (Хужурат Сүрөсү, 12)
Аллах башка бир аятында да адамдар арасындагы шылдыңчыл мамилелерге көңүл буруу менен, сөз менен да, көз-караш менен да жасалган шылдыңчылдыкка токтолгон:
Аркадан (адамдарды) уруштуруп турган жана каш көз ишараттары менен шылдың кылган ар бир адамдын абалы оор; (Хумаза Сүрөсү, 1)
Шексиз, бул аяттагы ачык өкүмдөн, мындай бир кыймыл-аракет жасоодон тартынуу керек экени ачык көрүнүп турат. Адамдардын көздөрү жана мимикалары менен болсун, сөздөрү менен болсун, кылган бардык шылдыңчыл мамилелери албетте жоопсуз калбайт. Аллах Куран ахлагын жашабаган, сурак күнүн ойлонбостон, жаман мамилелерди кылган мындай адамдарды жогорудагы аяты менен эскерткен.
Муну да айта кетүү керек, шылдыңчылдык караңгы коом адамдарына гана тиешелүү бир жаман мүнөз. Ыймандуулар арасында мындай жаман көрүнүштөргө эч уруксат берилбейт. Ыймандуулар сулуулук, мээ, байлык, жөндөм сыяктуу ар кандай өзгөчөлүктү адамдарга Аллахтын бергенин билишет. Бир-биринин жакшы тараптарын да кубануу менен кабыл алышат. Напсилерин эмес, Аллахтын ыраазылыгын көздөгөндүктөн, караңгы коом адамдарында болгон текебердик, кызганычтык сыяктуу сезимдерди сезишпейт. Ушул себептен бир-бирине дайыма толеранттуу, жакшы күмөндүү, оң, кичипейил мамиледе болушат. Ошол сыяктуу бир-биринде көргөн кемчиликтерди да Аллахтын бир сыноо катары бергенин билишет. Ушул себептен бул кемчиликтерди жашырып, аларды оңдой турган жакшы иштерди кылышат. Шылдыңчылдыкка жакындай турган кичинекей бир мамиледен, көз-караштан, сөздөн да абдан тартынышат. Ыймандуулардын шылдыңчылдыкка болгон көз-карашын төмөнкү аятта кабар берилген, Аз. Муса (а.с.)дын сөздөрү апачык көрсөтөт:
Муса коомуна: «Аллах анык силерге бир уй союшуңарды буйрук кылууда» деген эле. «Бизди шылдыңдап жатасыңбы?» дешти. (Муса) «Караңгылардан болуудан Аллахка корголоном» деди. (Бакара Сүрөсү, 67)
Көрүнүп тургандай, ыймандуулар шылдыңчылдыкка окшогон бир иш-аракет кылуудан ылдам Аллахка корголонушат. Мындай мамиленин караңгылык экенин билишет. Эң негизгиси мунун Аллахка жакпай турган бир мамиле экенин билиши мындан тартынуулары үчүн эң чоң себеп болот.