Каапырлардын Шылдыңдарына Сабыр
Кылуу – Ыймандуулар Үчүн Кадыр-Барк

Китептин башынан бери тарых бою дээрлик бүт доордо каапырлардын ыйман келтиргендерге шылдыңчыл мамиле кылганына токтолдук. Жана каапырлардын мындай мамилесинин эч натыйжа бербешин айттык. Бирок муну тереңирээк кароо пайдалуу болот деп ойлойбуз.

Караңгы коомдо бир адам шылдыңдалганда, ага жалаа жабылганда же ал адамга кылбаган нерселери доомат кылынганда, ал адам мындан кайгырып, кыйналат. Муну билген караңгы коом адамдары бир адамдын чечкиндүүлүгүн кайтаруу, аларды алсыздатуу максатында бул ыкманы колдонушат. Ыймандууларга каршы шылдыңчылдык куралын колдонуунун максаты да ушул. Бирок каапырлардын ыймандууларга карата күткөн натыйжаны алышы эч мүмкүн эмес. Себеби каапырлардын шылдыңчыл мамилелерине, сөздөрүнө, куру дооматтарына кабылуу ыймандуулар ансыз да күткөн көрүнүш. Каапырлардын мындай кылаары Куранда ыймандууларга кабар берилген жана ыймандуулар буга карата эскертилишкен:

Ант болсун, мал-мүлктөрүңөр жана жандарыңар менен сыналасыңар жана силерден мурда китеп берилгендерден жана шерик кошуп жаткандардан албетте абдан кыйноо берүүчү (сөздөр) угасыңар. Эгер сабыр кылып, сактансаңар (бул) буйруктарга болгон бекемдиктен. (Али Имран Сүрөсү, 186)

Көрүнүп тургандай, Аллах ыймандууларды мындай абал менен так эскерткен. Ошондуктан каапырлардын аларды шылдыңдашы – ыймандуулардын ыйманынын анык бир көрсөткүчү. Ушул себептен Аллахка ыйман кылган бир адам мындай окуяга кабылганда кайгыруу мындай турсун, тескерисинче сүйүнөт жана ал тургай Аллахтын убадасы ишке ашкандыктан адамдын ыйманы көбөйөт. Б.а. каапырлардын ыймандууларды шылдыңдашы кээ бирлер ойлогондой алардын зыянына болбойт. Тескерисинче, Аллах жараткан бүт окуялар сыяктуу, бул аларга бир жакшылык. Алардын ахлактарынын жогорулугун, ыймандарынын тереңдигин жана акыреттеги даражаларын жогорулаткан бир окуя.

Демек ыймандуулар дин ахлагынан алыс адамдардын шылдыңчыл мамилелерине кайгырышпайт. Андай мамилелер алар үчүн бир мээрим гана жана ыймандуулар сабыр кылуу менен Аллахтын ыраазылыгын жана бейишин үмүт кылышат. Башка бир аятында Аллах ыймандууларга мындай абалга сабыр кылуулары керек экенин мындайча билдирген:

Алардын сөздөрүнө сен сабыр кыл жана алардан жакшы бир бөлүнүү (жакшы сөз жана мамиле) менен бөлүнүп-кет. (Мүземмил Сүрөсү, 10)

Ошондой эле ыймандуулардын кубанычын көбөйтө турган дагы бир нерсе – бул Аллахтын шылдыңдагандарга каршы ыймандууларга жардам берем деп убада кылышы. Аллах бул чындыкты «Шексиз, ал шылдың кылгандарга (каршы) Биз сага жетебиз.» (Хижр Сүрөсү, 95) аяты менен сүйүнчүлөгөн. Шексиз бул ыймандууларга абдан ишеним берет. Куран ахлагын жашабаган адамдар ыймандууларга өз ойлорунда зыян берүү үчүн эмне гана кылышпасын, максатына жете алышпайт. Бүт кылгандары ыймандуулардын пайдасына болот. Себеби бир аятта кабар берилгендей, «...Аллах каапырларга ыймандуулардын зыянына эч качан жол бербейт.» (Ниса Сүрөсү, 141). Аллах башка аяттарында да ыймандууларга болгон колдоосун мындайча кабар берген:

...Шексиз, туура жол (рүшд) адашуучулуктан апачык ажыратылган. Эми ким таагуттан баш тартып, Аллахка ыйман келтирсе, эч качан ажырап кетпей турган, абдан бекем бир тутканы кармаган болот. Аллах – угуучу, билүүчү. Аллах ыйман келтиргендердин велиси (досу). Аларды караңгылыктардан нурга чыгарат; каапырлардын велилери болсо тагут. Аларды нурдан караңгылыктарга чыгарышат. Мына ошолор – оттун (тозоктун) калкы, ал жерде түбөлүк калышат. (Бакара Сүрөсү, 256-257)

Ошондой эле дагы бир нерсени айта кетүү керек: ыймандуулар – каапырлардын ар кандай жалаа-сыпаттоолорунан алыс, жогорку адеп-ахлактуу адамдар. Мындай сонун мүнөзүнүн сыйлыгын болсо дүйнө жана акыретте алышат. Дүйнөдө шылдың болуу ыймандуулардын жогорулугун, иш-аракеттеринин күчүн жана каапырларга катуу таасир бергенин көрсөтөт. Бул ошол эле учурда эл оозунда көп айтылган «мөмө берген дарак таш жейт» сөзүнүн да бир мисалы.

Алардын акылынын күчүн, жогору адеп-ахлагын көргөн каапырлар ыймандуулардын жолун тосууга, аларды жалган жалаалар менен жамандоого аракет кылышат. Себеби ыймандуулардын дүйнөгө тынчтык жана тартип алып келээрин билгендиктен, өз ойлорунда алдын-ала чара көрүп буга тоскоол болууга аракеттенишет. Мисалы, ыймандуулардын Куран ахлагын айтып беришин, адамдарга бул багытта маалымат беришин шылдыңдашат. Же алардын Аллахтын бар экендигинин далилдерин жеткирүү үчүн кылган иш-аракеттерин шылдың кылышат. Мындай кылуудагы алардын максаты - Аллах Куранда билдиргендей, «акыйкатты батыл (жалган) менен жараксыз кылуу» каалоолору (Кехф Сүрөсү, 56). Бирок Аллах Куранда Мусулмандарга мындай сүйүнчү айткан:

Айт: «Чындык келди, батыл (жалган) жок болду. Эч шексиз, батыл жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81)

Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)