Каапырлар Ыймандууларды Шылдыңдап Жаңылышат

Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, каапырлар негизи Аллахтын буйруктарына каршы болгон үчүн жана Аллахка моюн сунбаганы үчүн өздөрүн абдан күнөөлүү сезишет. Ушундан улам да Аллахтын динине баш ийген ыймандууларга шылдыңчыл мамиле кылышат. Өздөрүнүн туура эмес жолдо, ыймандуулардын болсо туура жолдо экенин билүү ыймандууларга карата кекенүүгө себеп болот. Бир аятта ал адамдардын ыймандууларга карата сезген ачуулануусу мындайча баяндалат:

...Алар силерге жамандык жана зыян тийгизүүгө аракет кылып, силерге оор бир азап бере турган нерсени жактырышат. Жаман көрүү (жана душмандыктары) ооздорунан сырткы чыкты, көкүрөктөрүндө жашыруун сактагандары болсо андан күчтүүрөөк. Балким акыл жүгүртөрсүңөр деп силерге аяттарыбызды түшүндүрдүк. (Али Имран Сүрөсү, 118)

Каапырлардын ыймандууларга мынчалык кекенишинин эң негизги себептеринин бири – бул алардын Аллахка ишениши. Тарых бою Аллахтын буйруктарын аткарган, Аллах жөнөткөн китептерге жана элчилерге моюн сунган ыймандуулар каапырларды ачууланткан. Жер бетинде ыймандуу адамдар калбай калмайынча, каапырлар ушинтип тынчсызданып, ачуулана беришет.

Каапырлар Аллахтын бар экенин жана улуулугун билмексен болгулары келет. Башында да айтылгандай, эгер бүт нерсенин Жаратуучусунун Аллах экенин, бүт окуяларды Анын башкарып турганын кабыл алышса, алар да Аллахка баш ийиши керек болот. Бул чындыктарды билмексен болууга аракет кылып жатканда, ыймандуулардын бар болушу алардын бүт аракеттерин текке кетирет. Ыймандуулар каапырларга жана өз коомуна Аллахтын бүт нерсенин Жаратуучусу экендигин, бүт кудуреттин Аллахка тиешелүү экенин, дүйнө жашоосунун убактылуу, өлүмдүн болсо апачык жана абсолюттук бир чындык экенин, кыскача айтканда, каапырлар унутууга аракет кылган бардык чындыктарды эске салышат. Ушул себептен каапырлар жер бетинде бир дагы ыймандуу адамдын калышын каалашпайт. Мына ушул себептерден улам ыйман келтиргендерге душман болушат.

Албетте, бул душмандыктарын өз ойлорунда көрсөтүүнүн эң оңой жолдорунун бири – бул ыймандууларга маани бербегенин көрсөтүү. Чынында болсо ыймандуулар алардын баалашына эч муктаж эмес. Муну болсо аларга шылдыңчыл мамиле кылуу менен сездирүүгө аракеттенишет. Өзгөчө ыймандуулардын ыйманын шылдыңдоо – каапырлар абдан көп жасаган уятсыздык. Куранда мунун көп мисалы баяндалган:

Жана (кайра) аларга: «Адамдар ыйман келтирген сыяктуу силер да ыйман келтиргиле» деп айтылганда: «Акылы төмөндөр ыйман келтирген сыяктуу ыйман келтирелиби?» дешет. Билип койгула, чынында чыныгы акылы төмөндөр өздөрү; бирок билишпейт. Ыйман келтиргендерге жолукканда: «Ыйман келтирдик» дешет. Шайтандары менен жалгыз калганда болсо: «Шексиз, силер менен биргебиз. Биз (аларды) шылдыңдап гана жатабыз» дешет. (Бакара Сүрөсү, 13-14)

Аяттарда көрүнүп тургандай, каапырлар ыймандууларды өздөрүнөн төмөн көргөнүн көрсөткөн сөздөрдү сүйлөшөт. Ушундайча ыймандуулардын каалоосун, күчүн азайта алам деп ойлошот. Бирок мында да жаңылышат. Себеби Аллахка ыйман келтирген бир адамдын жашоосунда ыйман каалоосунун азайышы, үмүтсүздүккө түшүү, кайгыруу сыяктуу терс көрүнүштөр болбойт. Тескерисинче, ыймандуулар үчүн мындай уятсыз мамилелерге кабылуу чоң бир кадыр-барк жана булар ыймандуулардын каалоосун андан да күчөтөт. Себеби Аллах Куранда тарых бою бүт Мусулмандардын мындай чөйрөлөргө кабылганын кабар берген. Бул үчүн ыймандуулар ар доордо мындай мамилелерге сабыр кылса, акыретте мунун сонун бир сыйлыгын алаарын билүүнүн кубанычында болушкан.

Тарых бою каапырларды эң ачууланткан жагдайлардын бири ыймандуулардын Аллах жөнөткөн элчини ээрчиши болгон. Ыймандуулар «Биз элчилердин баарын Аллахтын буйругу менен гана ага моюн сунулушунан башка нерсе менен жөнөтпөдүк...» (Ниса Сүрөсү, 64) аяты талап кылгандай, Аллахтын элчилерине жана Анын жолунда күрөшкөн ыкластуу Мусулмандарга абдан урмат көрсөтүшкөн. «Эй ыйман келтиргендер, Аллахка моюн сунгула; элчиге моюн сунгула жана силерден болгон башчыларга да...» (Ниса Сүрөсү, 59) аятына ылайык баш ийүүчүлүктө бир-бири менен жарышышкан жана эч тоң моюндук кылышкан эмес:

Булар Аллахтын (койгон) чектери. Ким Аллахка жана элчисине моюн сунса, аны астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизет. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. Ким Аллахка жана элчисине баш көтөрсө жана анын чектеринен чыкса, аны ичинде түбөлүк кала турган отко киргизет. Ал үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Ниса Сүрөсү, 13-14)

Мунун эң маанилүү мисалдарынын бири – бул Пайгамбар Мырзабыз (сав) доорунда Мусулман аялдардын жамынуу аяттарынын түшүшүндөгү баш ийүүчүлүгү. Аллах Куранда жамынуунун ыймандуу аялдарды башкалардан айырмалоочу маанилүү бир өзгөчөлүк экенин кабар берген:

Эй Пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына сырткы кийимдериңерден (жилбаб) үстүңөргө кийгиле деп айт; алардын (эркин жана намыстуу) таанылышы жана кысымга кабылбашы үчүн эң туура жол ушул. Аллах абдан кечиримдүү, абдан боорукер. (Ахзаб Сүрөсү, 59)

Нур Сүрөсүндөгү жамынуу жөнүндөгү аяттар Хижраттан кийинки доордо түшүрүлгөн:

«Шейбе кызы Сафийе мындай деп айтып берет: Биз Аз. Айшенин жанында турганда бир катар аялдар Курейштик аялдардын абалын жана жакшы жактарын айтып беришти. Андан соң Аз. Айше мындай деди; «сөзсүз Курейштик аялдардын жогорулугу бар. Бирок Аллахка ант ичем, мен ансардын аялдарынан көбүрөөк Аллахтын Китебин тастыктаган жана Куранга ишенген жакшы адамдарды көрбөдүм.» Нур Сүрөсүндөгү «баш жамынчыларын жакаларынын үстүнө коюшсун» аяты түшкөндө, күйөөлөрү алардын жанына барышты жана аларга Аллах бул жөнүндө буйруган аятты окушту. Ар бир киши аялына, кызына, эжесине жана жакындарына бул аятты окуп берди. Араларынан эч бир аял баш жамынчысын жакаларынын үстүнө койбой койгон жок. Аллахтын түшүргөн китебиндеги өкүмүнө ишенгендиктен жана тастыктагандыктан жамынчыларын жамынышты...» (İbn-i Kesir, Hadislerle Kuran-ı Kerim Tefsiri, cilt:11, s. 5880)

Пайгамбарыбыз (сав) доорунда ыймандуу аялдар Аллахтын бул буйругун ушунчалык кубаныч, каалоо менен кабыл алып, ошол замат моюн сунушкан эле.

Мусулмандардын ушундай бекем баш ийүүчүлүгү каапырларды ар доордо тынчсыздандырган. Себеби алар дайыма эң абройлуу, эң сөзү өткөн адамдар болгулары келген. Ошондуктан ыймандуулардын Аллах тандаган адамга баш ийиши жана мында бекем болушу алардын ыймандууларга душман болушунун бир себеби болгон. Ушул себептен ыймандууларга жана алар баш ийген элчилерге шылдың толо сөздөр менен кол салышкан:

«Сага катардагы төмөн адамдар ээрчип жатканда, ишенмек белек?» дешти. (Шуара Сүрөсү, 111)

Коомунан алдыңкысы болгон каапырлар: «Биз сенин биздей эле бир адам экениңди көрүп турабыз; сени ою пас эң төмөндөрүбүздүн ээрчип жатканын көрүп жатабыз жана силердин бизден бир артыкчылыгыңарды көргөн жокпуз. Тескерисинче, биз силерди жалганчылар деп ойлойбуз» дешти. (Худ Сүрөсү, 27)

Аяттарда да билдирилгендей, каапырлардын эң негизги каалоолорунун бири – бул өздөрүн эң жогоруга коюшу. Бирок алар өздөрүн канчалык жогору көрүшсө да, чынында акылсыздык менен өмүр сүрүшөт. Эң негизгиси түбөлүк акырет жашоосунун ордуна кыска бир дүйнө жашоосунда жете турган кызмат ордун, акчаны, мал-мүлктөрдү, абройду тандашат. Бул дагы алардын акылсыздыгынын эң чоң далилдеринин бири.