Каапырлар Эң Биринчиден Пайгамбарларды Максатташат

Тарых бою ар доордо каапыр (чындыкты калпка чыгарган) адамдар болгон жана ал адамдар Аллахтын динине жана ыймандууларга каршы күрөшүшкөн. Бул – Аллахтын өзгөрбөс мыйзамы. Каапырлардын ыймандууларга каршы колдонгон күрөш ыкмалары белгилүү жана булардын негизгилеринин бири – бул шылдыңчылдык. Ал тургай, шылдың кылганда колдонгон тактикалары жана сүйлөгөн сөздөрү да дайыма окшош. Бул чындык Куранда мындайча айтылат:

Фараон (коому), андан мурункулар жана жер менен жексен болгон шаарлар (калкы да баары) ошол ката менен (тарых сахнасына) келишти. Ошентип Раббилеринин элчисине баш көтөрүштү... (Хакка Сүрөсү, 9-10)

Аяттарда көңүл бурулгандай, кылымдар бою каапырлар дайыма окшош, көтөрүлүшчү мамиледе болушкан. Фараон, Эбу Лехеб, Фараондун коому, Нух Пайгамбар (а.с.)дын коому, Ад коому, Семуд коому, Лут коому жана башкалар – Куранда дайыма пайгамбарларга карата колдонгон чектен чыккан, шылдыңчыл сөздөрү менен эскерилген жана аягында мындай жаман «тайманбастыктан» улам кыйраган коомдор. Ал адамдар пайгамбарларды эле эмес, дин менен байланыштуунун баарын, ибадаттарды, намазды, диндин өкүмдөрүн акылсыздык менен шылдыңдашкан. Бирок, албетте, Куранда кабар берилгендей, аягында кыйроого дуушар болгон, кыйратылгандардан болушкан.

Өтмүштөгү коомдордун элчилерине болгон мындай мамилелери Куранда көп айтылган бир чындык:

Кайран ошол пенделер; аларга бир элчи келсе эле, сөзсүз аны шылдың кылышчу. (Йасин Сүрөсү, 30)

Аларга кайсы бир элчи келсе эле, сөзсүз аны шылдың кылышчу. (Хижр Сүрөсү, 11)

Көрүнүп тургандай, пайгамбарларга ушундай аңкоолук менен жана урматсыз мамилелерди көрсөтүү – каапырлардын белгилүү бир мүнөзү. Ар доордо ушундай кылганы көрүнүп турат. Бүт бул коомдордун текеберленишинин жана аягында шылдыңчылдыкка барышынын себеби болсо шайтан. Шайтан жер бетинде Куран ахлагынын жашалышын каалабагандыктан, адамдарды уятсыздыкка, дин ахлагына каршы мамилелерге чакырат. Шылдыңчылдык да – ушундай жаман нерселердин бири. Ал эми пайгамбарлар болсо – бул акыйкат динди жашаган жана башкаларга жеткирген адамдар. Адамдарды шайтан жана анын тузактары менен эскерткен жана аларга шайтандын каапыр системасына баш ийбөөнү үйрөткөн адамдар. Ушул себептен шайтан каапырларды эң биринчиден пайгамбарларга каршы күрөшүүгө багыттайт. Адамдарды пайгамбарларга каршы чыгууга жана шылдыңчыл иш-аракеттерге чакырат. Коомдордун арасында пайгамбарларга каршы күрөшкөн, аларды шылдыңдаган адамдар – мына ошол шайтанды ээрчиген адамдар.

Бирок шайтандын бул аракеттеринин эч натыйжа бербешин унутпаш керек. Тескерисинче каапырлардын мындай шылдыңчыл мамилелери, көңүлгө тийүүчү сөздөрдү айтышы элчилердин акыреттеги даражаларын жогорулатып, Аллахтын ыраазылыгына жана немат-жакшылыктарына жетишине себеп болот. Бул куттуу инсандар аларга жасалган жаман мамилелерге сабыр кылганы үчүн Аллахтан сонун бир сыйлык үмүт кылышат. Туура туура эместен бөлүнө турган «дин күнү» келгенде, эки тарап тең жообун алат. Элчилер менен жанындагы ыймандуулар акыретте сыйлык алышса, дүйнөдө аларды шылдыңдоону өздөрүнө жакшы бир иш деп ойлогон каапырлар жаза алышат. Бул натыйжа үчүн Аллах алар үчүн белгилеп койгон белгилүү бир убакыт гана бар, жана бул мөөнөт өтүшү керек. Бул Куранда кабар берилген бир чындык:

Каапырларга дүйнө жашоосу жагымдуу кылынды (кооздолду). Алар ыйман келтиргендердин кээ бирлерин шылдыңдашат. Бирок коркуп-тартынгандар кыямат күнү алардан жогору. Аллах каалаганына эсепсиз ырыскы берет. (Бакара Сүрөсү, 212)

Ант болсун, сенден мурунку элчилер да шылдың кылынды, ошондо Мен ал баш тарткандарга бир мөөнөт бердим, кийин аларды (катуу) кармадым. (Бул) Жыйынтык кандай эле? (Рад Сүрөсү, 32)

Аяттардан көрүнүп тургандай, караңгы, сабатсыздардын элчилерди шылдыңдашы – Аллах Куранда билдирген бир мыйзам. Тарых бою бүт пайгамбарлардын башына келген бул окуя алардын күрөшүү чечкиндүүлүгүн жана каалоосун гана көбөйткөн. Пайгамбарлар Аллахтын адилеттүүлүгүнө ишенгендиктен, шылдыңчыл каапырлардын акыретте татыктуу жазаны алышаарын да билишет. Ошондуктар каапырлар жана алардын башчысы шайтан эч максатына жете албайт. Аллах Куранда каапырлардын элчилер менен болгон мындай күрөшүнүн алардын «аңкоолугун» көрсөтөөрүн төмөнкүчө кабар берген:

Биз элчилерди сүйүнүчтүү кабар айтуучулар жана эскертүүчүлөр кылып гана жөнөтөбүз. Каапырлар болсо акыйкатты батыл (жалган) менен жараксыз кылуу үчүн күрөшүшүүдө. Алар Менин аяттарымды жана эскертилгендерин (азапты) шылдың кылышты. Ага Раббиңдин аяттары насаат менен эскертилгенде, жүз бурган жана колдорунун алдынан жөнөткөндөрүн (амалдарын) унуткандан да заалымыраак барбы? Биз чындыгында, жүрөктөрүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болгон бир парда (тарттык), кулактарына бир оордук койдук. Сен аларды туура жолго чакырсаң да, алар түбөлүккө чейин эч туура жолду (хидаят) таба алышпайт. (Кехф Сүрөсү, 56-57)

Куранда каапырлардын өзгөчө кайсы учурларда мындай бир услупка бараары, кандай ыкмаларды колдоноору да көп мисалдар менен билдирилген. Алдыда каапырлардын элчилерге көрсөткөн жаман шылдыңчыл мамилеси жана мунун натыйжасында алган басмырлоочу жазасы баяндалат.

Аллах Тандаган Элчини Өз Ойлорунда Жактырбашы

Дин ахлагынан алыс коомдордо адамдардын баалуулуктары мал-мүлк, акча, атак-даңк, кызмат орду жана даражасы сыяктуу материалдык кызыкчылыктарга таянат. Ушул себептен бул коомдорго элчи жөнөтүлгөндө адамдардын көпчүлүгү ушул критерийлерге карап баалашат. Эгер элчиде бул материалдык өзгөчөлүктөрдү өз ойлорунда жетишсиз деп ойлошсо, аны Аллахтын тандаганын, аларга жол башчы катары жөнөтүлгөнүн кабыл алгылары келбейт. Бул адамды Аллахтын тандаган болушу, анын Аллахтан корккон жана жакшы адеп-ахлактуу болушу алардын туура эмес көз-карашы боюнча маанилүү эмес. Элчинин жакшы тараптарын жана жогорку адептүүлүгүн байкабагандыктан жана текебер болушкандыктан, анын тандалган болушу аларга оор келет. Анын өздөрүнөн жогору экенин, аларды туура жолго чакырганын тастыктап, ага моюн сунуунун ордуна баш көтөрүүчү жана шылдыңчыл мамилени тандашат. Аллах Куранда каапырлардын мындай мамилесин мындайча кабар берген:

Сени көргөндө, сени шылдың гана кылышууда: «Аллахтын элчи кылып жөнөткөнү ушулбу?» (Фуркан Сүрөсү, 41)

Аяттан көрүнүп тургандай, бул адамдар элчини өздөрүнүн туура эмес системасына карата баалашып, жактырышпоодо. Бул жөнүндөгү башка бир аят мындай:

Каапырлар сени көргөндө, сени шылдың гана кылышууда (жана:) «Силердин кудайларыңарды тилдеген ушулбу?» (дешет.) Чынында болсо Рахман (Аллах)тын сөзүн (Китебин) жокко чыгаргандар ошолор. (Анбия Сүрөсү, 36)

Куранда бул жөнүндө башка мисалдар да берилген. Аз. Муса (ас) Фараондун коомуна элчи кылып жөнөтүлгөндө, Фараон менен коому пайгамбарларын шылдыңдоо жолун тандашкан. Мунун себеби – алардан жакыр көрүнгөн Муса Пайгамбардын (ас) элчи кылып тандалышы жана аларды акыйкат динге чакырышы. Алардын батыл (жалган) динин өзгөртүүнү көздөлүшү ал каапырлардын текебердигине оор келген. Мындан улам тарыхтагы бардык каапырлар сыяктуу пайгамбарларын шылдыңдап башташкан:

Фараон коомунун ичинде кыйкырды; "Эй коомум, Египеттин мүлкү менен мобул астымдан агып жаткан дарыялар меники эмеспи? Дагы эле көрбөйсүңөрбү?" деди. "Же мен ушунан жакшыраак эмесминби, ал төмөн (класстан) бир байкуш жана дээрлик (оюн) түшүндүрө албаган (бир адам)." "Эми (эгер чынчыл болсо), үстүнө алтындан билериктер ташталышы же жанында аны менен бирге периштелер келиши керек эмес беле?" (Зухруф Сүрөсү, 51-53)

Жогорудагы аяттардан көрүнүп тургандай, Фараон каапыр мүнөзүнүн бардык өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон. Аз. Муса (ас)ды өзүнүн караңгы критерийлерине жараша баалап, анын жогорку адебин жана Аллахка жакындыгын түшүнө алган эмес. Колундагы мал-мүлктөрүн саноо менен коомуна таасир берүүгө аракет кылган. Жана ушундайча караңгылыктын адашкан критерийлерин негиз алуу менен өзүнүн жогору экенин далилдейм деп ойлогон.

Бул мисалдан да көрүлгөндөй, каапыр мүнөздүү адамдардын ою боюнча, эгер элчилик же бир өкүмдарлык бериле турган болсо алардын арасынан бирөөгө берилиши керек. Ошондуктан, пайгамбарларга берилгендерди кызганышат. Ошол замат шылдың жана жаман сөздөрдү сүйлөп башташат. Мисалы, «Зикир (вахий) арабыздан ага калды беле? Жок, ал абдан жалган айткан, өзүн жакшы көргөн бир көпкөн адам.» (Камер Сүрөсү, 25) аятындагы сыяктуу, элчиге бир катар жаман жалааларды жабышат. Бирок пайгамбарлар – абдан сонун мүнөздүү, Аллахтын буйрук жана тыюуларына абдан кылдат, абдан жөнөкөй жана бүт кудуреттин бир гана Аллахка тиешелүү экенин билген адамдар. Мындай жалаалар болсо аларды кызганган караңгы адамдардын далилсиз айыптоолору гана.

Ишенбеген адамдардын пайгамбарларга жапкан жалааларынын бири – бул «акылсыздык». Муну да шылдыңчылдык менен айтышат. Куранда бул жөнүндө мындай бир мисал берилген:

Коомунун алдыңкыларынан каапырлар: «Чынында биз сени «кем акыл» көрүп жатабыз жана чынында биз сени жалганчылардан деп ойлойбуз» дешти. (Худ:) «Эй коомум» деди. «Менде «кем акылдык» жок; бирок мен чынында ааламдардын Раббинен бир элчимин» деди. (Аьраф Сүрөсү, 66-67)

Худ Пайгамбарга (ас) жабылган бул жалаа дээрлик бүт доорлордо Аллахтын элчилерине айтылган бир доомат. Каапырлардын жогорудагы сөздөрүндөгү шылдыңчылдык ачык көрүнүп турат. Чынында болсо элчилер абдан акылдуулугу менен белгилүү адамдар. Каапырлардын мындай айыптоодогу максаты болсо – бул коомдорун алардан алыстатуу. Башкача айтканда, элчиге моюн сунууларына тоскоол болуу менен өз кызыкчылыктарын коргоо. Куранда бул жалаанын дагы көп пайгамбарларга айтылганы жөнүндө мисалдар бар:

(Фараон:) «Шексиз, силерге жөнөтүлгөн элчиңер чынында бир жинди» деди. (Шуара Сүрөсү, 27)

«Ал бир жинди адам гана, аны белгилүү мөөнөт акмалап тургула.» (Мүминун Сүрөсү, 25)

Бул мисалдар да көрсөткөндөй, элчилердин же ыймандуулардын бирине «жинди» же «акылы кем» деген жалаа жабылышы – негизи өтмүштө бүт пайгамбарларга айтылган жалаа жана шылдың болгондуктан, чоң бир кадыр-барк. Каапырлар мындай жалаалары менен ыймандуулардын күчүн, чечкиндүүлүгүн азайтып, алардын сооп иштерине тоскоол боло алабыз деп ойлошот. Бирок ыймандуулар үчүн шылдыңдалуунун жоромолу жана аларга берген таасири такыр башка. Караңгы адам аны шылдыңдаганда мындан улам басынып, кыйналат. Ыймандуулар болсо тарых бою бүт ыймандууларга жана элчилерге айтылган сөздөрдүн аларга да айтылышынын алардын туура жолдо экендигинин дагы бир көрсөткүчү катары түшүнөт жана мындан улам кубаныч сезишет. Мындан тышкары, каапырлардын мындай түшүнбөстүгү жана уятсыздыгы алардын күчүн көбөйтөт жана дин ахлагын жайууга болгон бекемдигине, чечкиндүүлүгүнө себеп болот.

Элчинин Жана Ыймандуулардын Куран Ахлагында Болушун Шылдыңдашы

Ыймандуулар Аллахтын буйрук жана тыюуларына жараша жашашса, каапырлар тескерисинче напсилерине карап жашашат. Напси болсо жакшы мүнөздүү болууну, таза, намыстуу, чынчыл, чын ыкластуу, адилеттүү, толеранттуу, токтоо, боорукер болууну каалабайт. Тескерисинче уятсыздыкты, калпычылыкты жана ар кандай жаман мүнөздөрдү адамдарга кадыресе көрсөтөт. Ушул себептен, ыймандуулардын жакшы жана таза болушу, жана мындагы чечкиндүүлүгү каапырларга көп жакпайт. Ыймандуулардын сонун мүнөздүү мамилелерин көргөндө, өздөрүнүн мүнөздөрүнүн жаман экенине дагы бир жолу күбө болушат. Бирок текебер болушкандыктан, муну кабыл алгылары келбейт. Алардын Куран ахлагына ылайык иш-аракеттерин көргөндө, жаман жана шылдыңчыл сөздөрдү айтуу менен ыймандуулардын сонун мүнөзүн басмырлоого аракет кылышат. Каапырлардын мындай мамилеси жөнүндө Куранда мындай бир мисал берилген:

Коомунун жообу: «Лут бүлөсүн шаарыңардан сүрүп чыгаргыла. Таза калгысы келген адамдар имиш» деген гана болду. (Намл Сүрөсү, 56)

Белгилүү болгондой, Лут Пайгамбар (ас) жөнөтүлгөн коом жыныстык бузукулуктарды жасаган, чектен чыккан бир коом эле. Аз. Лут (ас) аларды акыйкатка, туура жолго, жакшылыкка жана тазалыкка көп жолу чакырса да, алардан баш тартышып, пайгамбарларына баш көтөрүшкөн. Аз. Лут (ас) туура жолго чакырууну улантканда болсо чектен чыгуулары абдан күчөп, элчини жана ыймандууларды мекендеринен сүргүн кылуу чечимин алышкан. Муну кылып жатып алардын тазалыгын жана намыстуулугун шылдыңдашкан. Бирок, албетте, башка бардык чектен коомдорго берген сыяктуу, Аллах бул коомго да кылгандарынын жазасын берген жана аларды кыйраткан. Каапырлардын жалааларына, шылдыңчыл мамилелерине сабыр кылган ыймандууларды болсо сонун бир сыйлык менен сүйүнчүлөгөн. Б.а. Лут Пайгамбарга (ас) жана аны менен бирге айыпталган бардык ыймандууларга каапырлардан көргөн бул мамиле улуу бир кадыр-барк болуп кайткан. Өздөрүн Мусулмандардан жогору көргөн ал адамдарга чыныгы кадыр-барк жана абройдун кимге тиешелүү экенин Аллах Куранда мындайча билдирген:

«Ант болсун, Мадинага кайтсак, күчү жана кадыр-баркы көп болгондор кедей жана алсызды, албетте, ал жерден сүрүп-чыгарат.» дешет. Чындыгында болсо ызаат (күч, кадыр-барк жана улуулук) Аллах, Анын Элчиси жана момундарга тиешелүү. Бирок мунафыктар билишпейт. (Мүнафикун Сүрөсү, 8)

Ким ызаатты (кадыр-барк) кааласа, бүт ызаат Аллахка тиешелүү. Жакшы сөз Ага көтөрүлөт, ыкластуу амал да аны көтөрөт. Жамандыктарды ойлоп түзгөндөр болсо; алар үчүн оор бир азап бар. Алардын түзгөндөрү (пландары) «текке кетип бузулат». (Фатыр Сүрөсү, 10)

Элчинин Иштерин Шылдыңдашат

Каапырлар да, мүнафыктар да ыймандуулардай таза акылга ээ болбогондуктан, алардын кылган иштерин түшүнө алышпайт. Дүйнөгө тиешелүү кээ бир нерселерди түшүнө алгандыктан, өздөрүн абдан акылдуу элестетишет. Дин менен байланыштуу чындыктарды түшүнүүдө алсыз экенин кабыл алгылары келбейт. Дин ахлагынан алыс адамдардын «акылы жетпес» адамдар болоорунун Аллахтын өзгөрбөс бир мыйзамы экенин түшүнө алышпайт. Өздөрүнүн байкуш абалда экенин байкай албагандыктан, кадимки каапыр мүнөзүн көрсөтүү менен өздөрүн жогору сезишет жана Аллахтын элчилерин шылдыңдашат. Куранда мунун мисалдарын көп көрүүгө болот. Мисалы, Шуайб Пайгамбар (ас) жөнөтүлгөн коомун жаман иштерден тоскондо, алар катуу каршы чыгышып, аны шылдыңдашкан. Негизи өз коому да Шуайб Пайгамбардын (ас) сонун ахлактуу бир адам экенин абдан жакшы билчү. Бирок Аз. Шуайб (ас) алардын напсилерине терс келген бир нерсени буйрук кылгандыктан ошол замат каршы чыгышкан. Пайгамбардын Аллахка ибадат кылышын шылдыңдашкан:

«Эй Шуайб, аталарыбыз сыйынган нерселерди таштоону же мал-мүлкүбүз жөнүндө каалаганыбызды кылуудан баш тартышыбызды сенин намазың буйрук кылып жатабы? Себеби сен чынында жумшак пейилдүү, акылы жайында (чынчыл бир адам)сың» дешти. (Худ Сүрөсү, 87)

Муну менен байланыштуу Курандагы башка бир мисал болсо Нух Пайгамбар (ас) убагында болгон. Аллах Аз. Нух (ас)га коомуна келе турган азаптан сактанышы үчүн бир кеме жасашын буйрук кылган. Аз. Нух (ас) кемени жасап баштаганда коомунун каапырлары бул ишин шылдыңдап башташкан:

Нухка вахий кылынды: «Чынында ыйман келтиргендерден башка эч ким ишенбейт. Демек алардын кылгандары үчүн кайгырба. Биздин көзөмөлүбүз астында жана вахийибиз менен кемени жаса. Зулумдук кылгандар жөнүндө Мага кайрылба. Себеби алар сууга чөгүшөт.» Кемени жасап жаткан. Коомунун алдыңкылары ага жолуккан сайын Аны шылдыңдап жатышкан. Ал: «Эгер бизди шылдыңдасаңар, (силер) шылдыңдаган сыяктуу биз да силерди шылдыңдайбыз» деди. «Эми келечекте билесиңер. Басмырлоочу азап кимге келет жана тынымсыз азап кимди басат.» (Худ Сүрөсү, 36-39)

Аягында Аллахтын Нух Пайгамбар (ас)га болгон убадасы ишке ашып, Нух коому басмырлоочу бир азап менен кыйратылган. Ал адамдар бул дүйнөдө жашап турган кезде Аллахтын кудуретин түшүнө алышкан эмес. Акылсыздыгы себебинен Аллахтын азабын алыс көрүшүп, дүйнөдөгү мал-мүлк жана күчү менен ал азаптан кутула алабыз деп ойлошкон. Ушундан улам Аллахтын буйругун аткарган ыймандууларды шылдыңдашкан. Бирок шылдыңдары өздөрүнө кайтып, каапырлар кылгандарынын жазасын бул дүйнөдө эле абдан катуу алышкан. Ошондой эле аларды күткөн акырет азабы бар; Аллах акыреттеги азаптын дүйнөдөгүгө салыштырмалуу абдан күчтүү экенин Куранда көп жолу кабар берген. Бул да көрсөткөндөй, ыйман келтиргендерди шылдыңдагандар кылгандарынын жазасын сөзсүз алышат.

Керемет Талап Кылып Кыйынчылык Чыгарышы

Каапырлардын элчилерге карата мамилелеринин бири – бул алардан керемет алып келүүсүн талап кылуулары. Бул талабыбыздын ишке ашышы мүмкүн эмес деп ойлошкондуктан, ушундайча элчилерди кыйын абалда калтырууну көздөшөт. Элчилер бул талапты аткара албай элдин көзүнчө уят болушат деп ойлошот. Бул жөнүндө Куран аяттарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

(Мындай) Дешти: «Сен сыйкырлангандардан ганасың». «Сен бизге окшош эле адамсың жана биз сени чынында жалганчылардан деп ойлойбуз». «Эгер чынчыл болсоң, анда асмандан үстүбүзгө бир бөлүк түшүрүп жибер». (Ал) Айтты: «Раббим кылганыңарды жакшыраак билет». Аягында аны калпка чыгарышты, ошентип аларды ошол көлөкөлүү күндүн азабы кармады. Чынында ал улуу бир күндүн азабы эле. (Шуара Сүрөсү, 185-189)

Каапырлар: «Ага Раббиңден бир аят (керемет) түшүрүлгөндө кана!» дешет... (Рад Сүрөсү, 27)

Негизи мындай талаптарынын түпкү себеби – бул алардын Аллах тандаган кишини жактырбаган, өздөрүн жогору көргөн адашкан пикирде болушу. Төмөнкү аяттарда каапырлардын төмөн акылдары менен пайгамбарларды жактырбаган мындай адашкан көз-карашы билдирилген. Каапырлар аяттарда кабар берилгендей, өздөрүн жогору көргөнүн ага шылдыңчыл талаптарды койуу менен билдиришкен:

(Мындай) Дешти: «Бизге жерден булактар чыгармайынча сага эч качан ишенбейбиз». «Же сага тиешелүү курма жана жүзүмдөрдөн бир бакчаң болуп, арасынан шаркырап аккан дарыялар чыгарышың керек». «Же өзүң айткандай, асманды үстүбүзгө бөлүк бөлүк түшүрүшүң керек же Аллахты жана периштелерди алдыбызга (күбө катары) алып келишиң керек». «Же алтындан бир үйүң болушу керек же асманга көтөрүлүшүң керек. Бизге биз окуй ала турган бир китеп түшүрмөйүнчө сенин көтөрүлгөнүңө да ишенбейбиз». Айткын: «Раббимди улуулайм; мен элчи кылынган бир адамдан башкасы эмесмин». Аларга хидаят (туура жол) келгенде, адамдарды ишенүүдөн (ыймандан) алардын: «Аллах элчи кылып бир адамды жөнөттүбү?» деген сөздөрү гана тосуп койду. (Исра Сүрөсү, 90-94)

Жогоруда да айтылгандай, мындай талаптар жана шылдыңчыл мамилелер өтмүштө жашаган жана мындан кийин жашай турган бардык каапырлардын орток өзгөчөлүгү. Булар Аллах Куранда кабар берген окуялар. Ар доордо Аллахтын элчилерине жана диндар адамдарга ушундай күрөш ыкмалары колдонулган. Бирок каапырлардын мындай аракеттери эч качан алар каалаган натыйжаны берген эмес. Эмки бөлүмдөрдө тереңирээк карала тургандай, Аллах каапырлардын тузактарын, пландарын дайыма бузган жана аларды күтпөгөн азаптар менен кармаган.

Ант болсун, алардан азапты белгилүү бир коомго (же белгилүү бир мөөнөткө) чейин кечиктирсек, сөзсүз: «Аны тоскон эмне?» дешет. Кабарыңар болсун; аларга бул келе турган күнү алардан кайра тосулбайт жана шылдыңдап жаткан нерселери аларды бекем оройт. (Худ Сүрөсү, 8)

Азап жөнүндө сени шаштырып жатышат. Эгер белгиленип коюлган бир ажал (бир мөөнөт) болбогондо, аларга азап келген болсо керек эле. Бирок алар билбей турганда, аларга байкатпай келип калат. Азап жөнүндө сени шаштырып жатышат. Чынында болсо тозок ал каапырларды чынында ороп-турат. Азап аларды үстүлөрүнөн жана буттарынын астынан орой турган күнү (Аллах): «Кылгандарыңарды таткыла» дейт. (Анкебут Сүрөсү, 53-55)

«Эгер чындыкты айтып жатсаңар, бул убада кылынган (азап) качан?» дешет. Айткын: «Балким шаштырып жатканыңардын (азаптын) бир бөлүгү силерге келип да калгандыр». (Намл Сүрөсү, 71-72)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Шылдың Кылуунун Себеби - Бой Көтөрүү
  • Караңгы Коомдо Шылдыңчылдык
  • Каапырлар Динге Карата Да Шылдыңчыл Болушат
  • Каапырлар Ыймандууларды Шылдыңдап Жаңылышат
  • Каапырлар Эң Биринчиден Пайгамбарларды Максатташат
  • Каапырлардын Шылдыңдарына Сабыр Кылуу – Ыймандуулар Үчүн Кадыр-Барк
  • Аллах Каапырларды Дүйнөдө Уят Кылат
  • Шылдыңчылдыктын Аягы Жөнүндө Курандан Мисалдар
  • Каапырлар Байкабаган «Улуу Чындык»
  • Заттын Артындагы Сыр
  • Заттын Артындагы Сыр
  • Шылдыңчыл Адамдар Акыретте Алган Натыйжасы
  • Жыйынтык