Адамдардын бул дүйнөдө жашашынын максаты – бул Аллахка кулчулук (ибадат) кылуу, Аллах жактырган мүнөздө болуу, Куранда аларга көрсөтүлгөн туура жолдо болуу. Аллах Куранда «...адамдарды жалаң гана Мага ибадат кылышсын деп жараттым.» (Зарият Сүрөсү, 56) деп билдирген. Бирок мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, адамдардын көпчүлүгү ичтериндеги «текебердик каалоосу» себебинен Аллахка моюн сунбайт жана ибадат кылуудан тартынат. Бирок бул адамдар негизи Аллахтын алардан эмне каалаганын да абдан жакшы билишет. Аллах Куранда ага эскертилген чындыктарды абийири менен түшүнгөн, бирок ичиндеги текебердик себебинен акыйкатты жасабаган адамдар жөнүндө мындайча сөз кылган:
Аяттарыбыз аларга көздөрүнө көрсөтүлгөндө: «Бул апачык бир сыйкыр» дешти. Абийирлери кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердик себебинен аларды жокко чыгарышты. Эми сен бузукулардын кандай натыйжага туш кылынганын бир кара. (Намл Сүрөсү, 13-14)
Абийир азабын сезишкендиктен, акыйкат диндин бар экенин билүү, угуу, көрүү бул адамдарда күчтүү бир ичтен тынчсызданууну пайда кылат. Аллахтын атынын эч эскерилбешин, эч кимдин динге маани бербешин, бүт адамдардын алар сыяктуу болушун каалашат. Себеби ошондо гана көңүлүм тынчыйт деп ойлошот. Аллахтын бар экени же дин ахлагы менен байланыштуу бүт нерсе аларга мүнөздөрүнүн бузук экенин жана начар иш-аракеттерин эске салат.
Мындан тышкары, Аллахтын чексиз күч-кудурет ээси экени жана жандуу, жансыз бүт баарынын Аллахка моюн сунушу да ичтеринде «эч жете албаган бир текебердик каалоосу» бар бул адамдарга абдан оор келет. Себеби буларды көргөндө өздөрүнүн Аллахтын алдында канчалык алсыз экенине күбө болушат. Ушул себептен, Аллахтын эске салынышына, Анын улуулугуна суктанылышына чыдай алышпайт. Алар бул апачык чындыктан эч далилсиз баш тартуу менен, жаратылуу далилдерин жокко чыгаруу менен же апачык Аллахтын кудуретинин көрсөткүчү болгон бул кереметтерди көрмөксөн болуу менен көңүлүбүз тынчыйт деп ойлошот. Мына ушундай чоң жаңылыштык ичинде болгон ал адамдар абийир азабынан кутулуу үчүн барган жолдорунун бири – бул алардын динге карата шылдыңчыл мамиледе болушу. Бул адамдардын жаратылуу далилдерине болгон мамилеси бир аятта мындайча баяндалат:
Жок, сен (бул кереметтүү жаратууга жана алардын каапырдыгына) таң калып калдың; алар болсо шылдыңдаганын улантышууда. Аларга насаат айтылганда, насаат албай жатышат. Бир аят (керемет) көргөндө да (аны) шылдыңдап күлүшүүдө. (Саффат Сүрөсү, 12-14)
Аятта кабар берилгендей, бул адамдар кереметтүү чындыктарга шылдыңчыл мамиле көрсөтүшөт. Бул ушунчалык чоң акылсыздык болгондуктан, апачык далилдер да бул адамдардын ыйман келтиришине себепчи болбойт. Алар Аллахты жана Куранды жокко чыгаруу менен өздөрүнүн төмөн акылдарында кадыр-барк жана жогорулукка жетем, айланасындагы адамдардын оюнда жогору болом деп ойлошот. Чынында болсо айланасындагы адамдар да Аллахка абдан муктаж, акыретте суракка алына турган алсыз жандыктар. Алардын оюнда жогору болуп-болбошунун эч бир мааниси жок. Болгондо да ушундай текеберленишине себеп болгон нерселер да – Аллах аларга берген өзгөчөлүктөр. Алар ээ болгон бүт нерсеси үчүн Аллахка карыздар. Бирок бул нерселер үчүн алар шүгүр кылуунун (ыраазычылык билдирүүнүн) ордуна шылдыңчылдыкты тандашат.
Бул бөлүмдө каапырлардын Аллахтын динине болгон мамилелерин Куранда бизге билдирилген мисалдар менен айтып беребиз. Жана бул адамдардын шылдыңчыл мамилелери менен түпкүрүндө өздөрүн канчалык чоң зыянга туш кылганын, мындай мамилелери себебинен акыретте ала турган натыйжасын эскертебиз.
Бир сүрө түшүрүлгөндө алардын кээ бирлери: «Бул кимиңердин ыйманыңарды көбөйттү?» дешет. Бирок ыйман келтиргендер болсо; алардын ыйманын көбөйткөн болот жана алар (бири-бирине) кубанычтуу кабар-айтышат. (Тообо Сүрөсү, 124)
Жогорудагы аятта кабар берилгендей, Аллахтын аяттарын чын жүрөктөн ыйман келтирген адамдар гана түшүнө алышат. Аяттардагы хикматты (терең маанини) алар гана көрө алышат. Каапырлар болсо Аллахтын аяттарын түшүнүүгө алсыз. Болгондо да «бул кимиңердин ыйманыңарды көбөйттү?» деп суроо менен өз ойлорунда шылдың кылууну каалашат. Бирок ыйман келтиргендер үчүн бир сүйүнчү болгон Аллахтын бул жакшылыгынан да кол жуушат. Каапырлардын мындай аңкоологуна жана аяттарга болгон туура эмес мамилелерине Курандын башка бир аятында мындайча көңүл бурулган:
Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)
Жогорудагы аятта кабар берилгендей, Аллахтын бир аятында «чиркей» жөнүндө сөз кылышынын сырын, маанисин каапырлар түшүнүшкөн эмес. Аңкоолуктары себебинен «Аллах бул мисал менен эмне максат кылды?» деп өз ойлорунда шылдыңчыл мамиле көрсөтүшкөн. Бирок учурда илим адамдар «чиркей» деп маани бербеген жандыктардын негизи көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүктөргө ээ экенин аныктады. (Терең маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Sivrisinek Mucizesi (Чиркей керемети). Аллах бул жандыктагы кереметтүү өзгөчөлүктөрдү мындан 1400 жыл мурда кабар берген жана ал доордун каапырлары бул маалыматтарды билбеген үчүн айткан шылдыңчыл сөздөрү менен уят болушкан.
Каапырлардын Аллахка жана Анын динине карата текебер мамилелери өзгөчө Аллахтын аяттары аларга окулганда жана аларга аяттар менен кеңеш берилгенде көрүнөт. Аллах жөнөткөн элчилер менен ыкластуу Мусулмандар коомдоруна алардын батыл (ойдон чыгарылган) системасынын туура эмес экенин айтып беришет. Жалгыз туура жолдун Аллах түшүргөн дин экенин айтып беришип, аларга Аллахтын аяттарынан окушат жана аяттардын маанилерин түшүндүрүшөт. Аяттардагы маани ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, каапырлар ал сөздөрдөгү кереметтүүлүктү байкашат. Бирок мындай улуулукту сезишсе да, текебердиги себебинен чындыктарды жокко чыгарышып, аларга жасалган чакырыктан баш тартышат. Бирок муну менен эле чектелбестен, адашуучулугу себебинен Аллахтын аяттарын шылдыңдашат. Куранда алардын мындай текебер мамилеси жана шылдыңчыл мамилелери мындайча баяндалат:
Ага Аллахтын аяттары окулганда угат, анан (өжөрлүк менен текеберленип) укпамыш болуп кежирленет. Эми сен аны оор бир азап менен сүйүнчүлө. Аяттарыбыздан бир нерсе укканда шылдың кылат. Мына ошолор үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Жасийе Сүрөсү, 8-9)
Аллах каапырлардын мындай шылдыңчыл мамилелерин көптөгөн аяттары аркылуу кабар берген. Жана ыймандууларга мындай сөздөргө туш болгондо, кандай мамиле кылышы керек экенин төмөнкүчө кабар берген:
Аяттарыбыз жөнүндө «шылдыңчыл талаштарга киргендер»; алар башка бир сөзгө өткөнгө чейин, алардан жүз бур... (Энъам Сүрөсү, 68)
Аллах буйруган ибадаттарды, бул ибадаттардын хикматтарын (сырларын) жана өзгөчө намаз жана орозону шылдыңдоо каапырлар арасында кеңири тараган. Аллах бир аятында каапырлардын мындай акылсыз мамилелерин төмөнкүчө кабар берген:
Алар силер бир-бириңерди намазга чакырганыңарда аны шылдың жана оюн кылышат. Бул чынында алардын акыл жүгүртпөс бир коом болушу себептүү. (Маида Сүрөсү, 58)
Каапырлардын ибадаттар жөнүндөгү шылдыңчыл мамилелерине күнүмдүк жашоодо да көп кездешүүгө болот. Мисалы, андай бир адамга 5 убак намаз кылышы, орозо кармашы керек экени эскертилгенде, ошол замат шылдыңчыл маанайга кирет. Сүйлөө услубун, тандаган сөздөрүн, мимика жана кыймылдарын толугу менен шылдыңчыл маанай каптайт. Булардын баары ошол сыяктуу бир жылмайуу менен кошулганда, абдан начар бир көрүнүш пайда болот.
Мындай шылдыңчыл мамилелеринин түпкү себеби – бул башка адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү динге жана диний баалуулуктарга болгон урматты азайткысы келиши. Ушундайча ыймандуулардын адамдарга жасаган чакырыгына да өз ойлорунда тоскоол болууну максатташат. Өзгөчө дин ахлагын жашаган жаш бир адамды көргөндө шылдыңчыл мамилелери даана байкалат. Аны көргөндө өздөрүн көбүрөөк күнөөлүү сезишкендиктен, мындай күнөөкөрдүк сезимин аны шылдыңдоо менен басууга аракеттенишет. Ушундайча аны туура жолдон тосуп кайтаргылары келет.
«Жаштыкты сүр, келечекте диний ибадаттарыңды жасайсың», «ушул жашта дүйнөдөн өзүңдү тартыпсың» деген сыяктуу кыйытма жана шылдың максаттуу сөздөрдү айтып, өз ойлорунда ал адамды уят кылууну каалашат. «Орозо оозуңду ач, мен сенин күнөөңдү мойнума алам» же «Намаз кылуунун эмне кереги бар, али абдан жашсың, улгайганда кыласың» деген сыяктуу акылсыз убадаларды беришип, аны туура жолдон адаштырууга аракет кылышат. Чынында болсо адам акыретте ибадаттарын аткарып-аткарбаганы жөнүндө суракка алынат. Мисалы, 5 убак намаз абдан – болгон көңүл менен, эч кемчиликсиз, өз убактысында, чоң бир кубаныч жана берилүү менен аткарылышы керек болгон бир ибадат. Пайгамбарыбыз (сав) да көптөгөн куттуу хадисинде 5 убак намаздын маанисине көңүл бурган. Эбу Хурейре (ра)дан риваят кылынган бир куттуу хадисинде Расулуллах (сав) мындай буйруган:
«Беш убак намаздар аптага чейин жума, эмки жылга чейин рамазан, чоң күнөөлөрдөн тартынылса, араларындагы каталар үчүн кафарат.» (Müslim), (Riyazü's Salihin, İmamı Nevevi, çeviren: Mehmet Emre, Bedir yayınevi, s. 698)
Дин ахлагынын талабы болгон ибадаттарды шылдың кылууга аракеттенген адамдар эмне гана кылышпасын, ыймандууларга зыян берип, аларды уят кыла алышпайт. Себеби ыймандуулар каапырлардын Куранда кабар берилген бул мамилелерин көргөндө, ансайын толкунданышат жана ибадаттарын андан да берилүү менен улантышат.
Каапырлар шылдың кылуу менен өз ойлорунда ыймандууларга зыян тийгизгилери келет, бирок бул аракеттеринде ийгиликке жете алышпайт; ал тургай билбестен алардын акыреттеги даражаларын жогорулаткан болушат. Б.а. бир мааниде ыймандууларга кызмат кылышат деп айтууга болот. Бирок бул чындыкты түшүнө албагандыктан, аятта көңүл бурулган «акыл жүгүртүү кемчиликтерин» дагы бир жолу көрсөтүшөт.
Каапырдык кылган бул адамдар шылдың кылган дагы бир нерсе – бул «тирилүү». Өлүмдөн кийин адамдардын кайрадан тирилээрин болгон күчү жана акылсыздык менен калпка чыгарышат. Себеби муну кабыл алышса дин ахлагына жараша жашашы керек болот. Мындан тышкары, адамдар өлгөндөн кийин тирилтиле турган болсо, дүйнөдө кылгандарынан сурак да беришет. Жана ал күнү дүйнөдө Аллах Куранда буйругандай жашагандар гана кутулушат. Сурак күнүнөн соң албетте Аллахтын чексиз адилети көрүнүп, күнөөкөрлөр жазаланышат жана жакшы иштерди кылган, Аллахка моюн сунуучу болгондор болсо сыйланышат. Бул апачык бир чындык. Жана ушундайча сурак (дин) күнү каапырлардын чоң жаңылыштыкта экени ачыкка чыгат. Бирок каапырлар дүйнөдө кылгандарынан жоопкерчиликтүү экенин кабыл алгылары келбей, Аллахты жана сурак күнүн унутушат. Натыйжада эң биринчиден өлүмдүн абдан жакын экенин унутууга аракет кылышат. Ал тургай ал жөнүндө шылдыңчыл сөздөрдү, тамашаларды айтуу менен өз ойлорунда анын олуттуулугун жеңилдетүүгө аракеттенишет. Айланасындагы адамдарга өлүм абдан алыс, аны ойлонуп кереги жок деген сөздөрдү айтышат. Бирок канчалык унуткулары келсе да өлүм бир чындык. Аятта мындайча айтылат:
Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, шексиз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды) да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге жасагандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)
Ушул себептен кайра тирилүү жана сурак берүү чындыгын жокко чыгаруу жолун тандашат. Албетте, алардын акылсыздык менен сурак күнүн жокко чыгарышы аларды ал күнгө жолугуудан алыстатпайт, бирок ошондо да муну түшүнмөксөн болуу менен кутула алабыз деп ойлошот. Ал тургай, андан да илгерилеп, муну шылдың кылышат. Ушундайча кайрадан тирилүүгө ишенбегенин жана буга маани бербегенин айланасына далилдегилери келет. Куранда алардын мындай шылдыңчыл мамилелеринен мисалдар берилген:
Ал адам апа жана атасына: «Уф силерге, менден мурда канча урпактар келип кеткен, мени (тирилтилип) чыгарыласың деп коркутуп жатасыңарбы?» деди. Ал экөө (апасы менен атасы) болсо Аллахка жалбарып: «Аттиң сага, ыйман келтир, шексиз Аллахтын убадасы чындык.» (дешет; бирок) Ал: «Бул илгеркилердин жомоктору гана» дейт. (Ахкаф Сүрөсү, 17)
Өзүнүн аңкоо акылын жактырган жана ага абдан ишенген каапырлардын тирилүү жөнүндөгү мындай аңкоо суроолоруна жана туура эмес логикаларына жооп катары Куранда эң сонун мисал төмөнкүчө кабар берилген:
Адам Биздин аны бир тамчы суудан жаратканыбызды көрбөйбү? Эми ал апачык бир душман болуп калды. Өзүнүн кантип жаратылганын унутуп, Бизге бир мисал берип; (мындай) деди: «Чирип-талкаланганда бул сөөктөрдү ким тирилтет экен?» Айткын: «Аларды алгачкы жолу жаратып-кураган тирилтет. Ал ар түрдүү жаратууну билет.» (Йасин Сүрөсү, 77-79)
Адамды жана жер бетиндеги жандуу-жансыз бүт баарын Аллах жараткан. Адам Аллах түшүргөн дин ахлагын жашоого милдеттүү, жана аны жокко чыгарышы адамды бул жоопкерчиликтен куткарбайт. Анткен болсо «дин күнү» келгенде кылгандарынын жазасын сөзсүз алат. Муну да айта кетүү керек: Аллахты жана Анын динин шылдың кылуу абдан чоң бир кылмыш. Жана эч шексиз мунун жазасы абдан оор болот. Бул адамдар Куранда мындайча эскертилишкен:
Диндерин бир оюн жана күлкү кылып алгандарды жана дүйнө жашоосу аларды текебер кылгандарды жөн кой. Аны менен (Куран менен) эскерт; бир напси өз кылгандары менен кыйроого туш болбосун; (мындайдын) Аллахтан башка досу да, шапаатчысы да жок; (кутулуу үчүн) эмне берсе да кабыл алынбайт. Мына ошолор кылгандары үчүн кыйроого туш болгондор; каапырдыкка адашкандыгы үчүн аларга катуу кайнаган суулар жана оор бир азап бар. (Энъам Сүрөсү, 70)
Бул азапты билмексен болгон адамдар бүт доорлордо болгон сыяктуу биз жашап жаткан доордо да бар. Бул адамдар ар бир мүмкүнчүлүктө диний баалуулуктарды жана ыйык нерселерди шылдың кылуудан тартынышпайт. Диний мазмундуу тамаша, анекдоттордон тышкары, карикатураларда да диний баалуулуктарды өз ойлорунда шылдыңдашат. Бүгүнкү күндөгү жана тарых бою жашаган каапырлардын мындай начар мамилелеринин максаты бирдей болгон. Шылдыңчыл мамилелери менен бир тараптан ыймандууларды кыйнагыла келсе, экинчи тараптан адамдардын жүрөгүнө диний баалуулуктарга карата терс таасир берүүгө аракеттенишет. Бирок унутпаш керек, Мусулмандар үчүн каапырлардын мындай мамилелерине кабылуу чоң бир кадыр-барк. Себеби Аллах Куранда ыкластуу Мусулмандардын ушундай мамилелерге кабылышы мүмкүн экенин жана булардын сыйлыгынын аларга эң сонуну менен берилээрин убада кылган. Ошондой эле, Аллах ал шылдыңчыл адамдардын абалын Куранда билдирген жана ыймандуулардан алардан алыс болушун буйрук кылган:
Эй ыйман келтиргендер, силерден мурда аларга китеп берилгендерден диниңерди шылдың жана оюн кылып алгандарды жана каапырларды дос (вели, башчы) кылбагыла. Жана эгер ишенсеңер, Аллахтан коркуп-тартынгыла. (Маида Сүрөсү, 57)